Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Аскаров Ч., 2010. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2010-жылдын 22-ноябры

Чынтемир АСКАРОВ

Боксер

(повесть)

Повестте жетимдиктин оор турмушунан тартып дүйнөлүк деңгээлдеги профессионал боксерлукка жеткен кыргыз жигиттин татаал тагдыры баяндалат. Кыргыз адабиятында сейрек кездешүүчү спорт темасынан сырткары, бактылуу да, армандуу да махабат, жеңилүү жана жеңиш, адашуу менен табышуу сыяктуу адам тагдырында болуучу күтүүсүз окуялар чебер сүрөттөлөт.

 

Мисир күндө үйүнөн чыгып, аялдамага келип, автобусту күтүп турат. Бул күнү андан эрте келген, кичинекей отургучта отурган баланы көрдү. Колунда бутту майлоочу шетка бар. Керектүү буюмдарын жая салып:

— Байке, бут кийимиңизди щеткалап берейинби?-деди.

Мисир жүдөңкү баланы карап турду да, боору ачып кетти. Он эки, он үч жашар балага эмне эле мынчалык эрте турмуштун запкысы түштү экен деп ойлоп койду ичинен.

— Мейли. Автобус өтүп кетпес бекен?

— Жок өтпөйт. Мен бат эле.

— Рахмат, балакай. Мына он сом. Ушу жетеби?

— Беш сому ашыкча. Ме алыңыз. Арам акчанын мага кереги жок.

— Кой, ала бер. Атайы берип жатпаймынбы,— деди Мисир.

Бала кыйыктанып жатып зорго алды. Дилинин тазалыгына, акчага эч азгырылбаганына бир жагы таң калып, бир жагы сүйүнүп турду. Ар бир бала ушундай ак жүрөк болуп өссө кандай жакшы болмок эле деп ойлоп койду. Кимдин баласысың деп сурайын деди эле, автобус аялдамага токтоп, ага убактысы болгон жок. Чоң калпакты көзүнө чейин түшүрө кийип, улам маңдайына түртө коюп, мурдун шыр-шыр тарткан, колун карала торала кылып эптеп жан багайын деп убараланган баланынын элеси Мисирдин көз алдынан кетпей койду. Иштен келатканда жолугайын деди. Бирок ал ордунда жок болуп чыкты. Үйгө келгенде креслого жайлана отурду да чылымын бурулдата тарта баштады. Тамакка табити тартпай ой басты Мисирди. Дал ушул аялдамадагы баладан да алда канча кичинекей кезинде ата-энесин көрбөй калып, жетимдиктин запкысын тартпады беле. Эми карачы тиги балага да менин башымдагы жетимдик келип турса керек. Макул болсо багып алайын. Мен аны АДАМ деген атка татыктуу кылып тарбиялап чыгарам. Мисир ушинтип ойлоп койду да, анан башынан өткөндөрдүн баарысын эстей баштады.

...Мисир балдар үйүнө кандайча түшүп калганын эстей албайт. Эмне болсо да он үчкө чыкканча балдар үйүндөгү эжекелеринен тарбия алып чоңойду. Бирок ата-энедей болуу кайда. Оюндагысы кээде аткарылбай калып, ызаланган күндөрү, ыйлаган күндөрү болду. Анын үстүнө балам бар эле деп издеп келген бир да адам болгон жок. Ошонткен менен тагдырына таарынбай, кийин чоңосом эл катары жашап кетермин деп ойлоп жүрдү.. Күндөрдүн биринде эле анын тагдыры өзгөрүлдү да калды. Ал мындайча...

Кийинки кездерде Мисир Виктор деген бала менен ынак болуп кетти. Анын айтымында бир жыл мурда Новосибирск шаарына барып алма сатып жүргөн жигит менен таанышып калат. Ага кол кабыш кылса акча бере коюп, өзүнө жакындатып, бир күнү Кыргызстанга баралы, алма алып кайра бат эле келип калабыз дейт. Жүрөгүндө кымындай да кири жок бала ага ишенип ээрчип алат. Тиги жигит жолдо келатып ууруларга акчасын алдырып коюп, Бишкекке келгенде Виктор карабай коет. Көчөдө тентиреп калат. Акыры милициялардын колуна түшүп, алар балдар үйүнө апкелип тапшырат.

— Баарынан апамды сагындым. Ал мен жок кантип жалгыз жашап жатты экен,— деди бир күнү Виктор,— эми ага кантип жетем?

— Акча табыш керек.

— Аны билип турам. Кантип, каяктан табабыз.

— Кийимдерибизди сатсак кантет? Бизде кийимдердин эскиси, жаңысы болуп үйүлүп жатпайбы,-деп Мисир акылдуу болуп чыга калды.

— Туура айтасың. Базарга салып көрөлү.

Экөө базарга келишти. Арзан сатылган товарлардын кардарлары табыла койду. Бир азыраак тапкан акчаларына сүйүнүшүп, түз эле темир жол вокзалына келишти. Кудай жалгап поезд Новосибирскини көздөй бир аздан кийин жүргөнү жатыптыр.

— Эже, бизди ала кетиңизчи. Бир аз акчабыз бар эле,—  деп жалдырап жиберишти кондуктор аялга.Ал балдардын түрү түспөлүнө карап калды. Экөө тең жүдөө болгону менен жылдыздуу балдар экен. Көздөрүнөн жаш алганы турат. Өзүнүн да ушул курактуу эгиз уулдары бар. Ошондонбу боору ачый түшүп, колдорундагы акчаларын да албай, поездге киргизип жиберди.

— Бирөөлөр аты жөнүңөрдү сураса Нина Иванованын балдарыбыз деп койгула. Анан силерге эч ким тийишпейт,— деди алар отура турган купени көрсөтүп жатып.

Экөө Новосибирскиге келип түшүштү.Виктор апасы кайда жана кайсы көчө, кайсы үйдө жашарын так билет экен. Экөө тең көп буйдалбай үйгө кирип барышты. Ксеня апа баласынын жоголуп кеткенине, минтип өзү таап келгенине жетине албай сүйүнүп, баласын кучактай ыйлап жиберди. Тиги кухня бөлмөсүнө киргизип, алдыларына тамак ашты жайнатып койду.

— Бул бала кайдан?... Ксеня апа маңдайында отурган Виктордон сурады.

— Кыргызстандан. Балдар үйүндө жүргөндө экөөбүз бир туугандай болуп кеткенбиз.

— Орусча билеби?

— Анча-мынча.

— Анча-мынча билсе, биердеги балдар менен ойноп жүрүп үйрөнүп кетет.

Мисир убактылуу эле жүрүп кайра балдар үйүнө барып калармын деп ойлонгон. Ал эми Ксеня апанын азыркы сөзүнө да, оюна да түшүнгөн жок.

Тамак ичип бүткөндөн кийин Виктор бөлмөлөргө кирип андагы буюм тайымдар менен тааныштыра баштады.Мисирдин өзгөчө көңүлүн бурган Ксеня апанын бөлмөсүндөгү сүрөт болду. Анда Виктор үч жашар гана бала экен. Атасы Дмитрий Григоревич Викторду алдына алып жанына Ксеня апаны отургузуп түшүптүр.Аны көрүп Виктор оор үшкүрүп алды:

— Карачы атам өлгөнүнө он жыл өтүп кетиптир...

Викторго эле жакшы болду. Өз үйү өлөң төшөгү, эркелетээр апасы бар. А мен болсом бул жерде артыкбаш адаммын. Ксеня апа бир күнү эле кабагын чытып урушуп койсо кирерге жер таба албай калам го. Кетем десем акча берер бекен? деп терең ойго түшүп жүрдү Мисир. Бирок Ксеня апа ал ойлогондой мыжыңдай берчүлөрдөн эмес экен. Кең пейил, адамкерчиликтүү, боорукер жан болуп чыкты. Бара-бара Викторду кандай көрсө, Мисирди да ошондой көрчү болду. Мындай камкордукка бөлөнгөн Мисир кетүүнү таптакыр оюнан чыгарып койду. Окусак болот эле деп коет экөө тең. Бирок колдорунда эч кандай документ жок, алтынчы класста окуганбыз дешсе кайсы мектеп ишене коет. Ошентип үйдө эмне кыларын билишпей, көчөгө чыгышып, балдар менен ойноп, кеч кире үйгө келе турган болушту.Ксеня апа муну көрүп билип жүрсө да балдарына эч нерсе дебеди.

Бир күнү көчөдө кетип баратып үч балага жолугушту.

— Кайда баратасыңар?-деди шапкесин кыйшыгынан кийген бирөөсү.

— Эмне, көчөдө басса болбойбу?— деп жооп кылды Мисир.

— Эмне-е?!.. Көйнөгүнүн топчусун чече салып көкүрөгүн дагдайта жакындады бирөөсү Мисирге.

— Көчөдө басса болбойбу деп жатам.

— Болбойт! Көчө биздики. Руксат алыш керек дос. Ал үчүн бир аз, бир аз налог төлөп туруш керек. Кана чөнтөктөрүңөрдү сыйпалап көргүлөчү.

— Сыйпалаганда эмне, эч нерсе жок.

— Жок болсо андан да жакшы. Балдар булардын эч нерсеси жок экен э-х-ее, эмне кылалы?.. Мүмкүн үстүндөгү кийим кечектери бир нерсе турар. Азырынча шапкеси жакшы экен, ала турайык деп Мисирдин башынан шапкени шыпырды да, ары жакка ыргытып жиберди.

— Койгулачы достор, кое бергилечи.

— Кантип кое бере алабыз. Чөнтөгүңдө көк тыйын жок болсо. Кана балдар ишке киришели. Биринчи бул бышыгын, анан экинчисин чечиндирели. Мүмкүн өздөрү эле чечинип берет чыгар. Кана... кана.... Ой боло турган эмеско... Али булар кичинекей турбайбы. Өзүбүз эле чечиндирет экенбиз. Мисирди бутка бир тепкенде чалкасынан жыгылып түштү. Шымын шыпырып алып, шапкенин үстүнө ыргытып жиберди.

— Эми көйнөгүңдү өзүң эле чечип берерсиң? Мисир шашпай ордунан турду да көйнөгүн чечип колуна карматарда жаак талаштыра коюп калды.Тиги бала эс учун билбей жерде сулк жатты. Виктор кийимин чечтирбей, экөө менен алышып жатыптыр. Бирөөнүн арт жагынан келип кулак түпкө согуп калды эле кыңкая түшүп барып, зорго оңолуп, качкан бойдон кетти. Үчүнчү баланы оңой эле жерге жыгышып, жанын көзүнө көрсөтүп ийлей турганда арт жактан бирөө:

— Койгула балдар, ачууга алдырбагыла,— деп арага түшө калды. Экөө тең ыргып турушту да тиги кишини карап калды. Тулку бою чымыр, 25— 27 курактагы адам. Тигилерди уруп коюшкандарына күнөөлүүдөй сезип баштарын жерге салып турушту экөө тең. Бир жагы ошолордун бирөөсүнүн атасы болуп жүрбөсүн деп коркуп кетишти.

— Тиги баланы ордунан тургузууга жардамдашкыла,— деди.

Ал эс ала түшүптүр. Ордунан тура калып өзү эле үстү башын күбүндү да, Мисирден жалтактап коркуп турду.

— Экинчи мушташпагыла. Кайра дос болуп жүргүлө,— деп бейтааныш адам кол алыштырып жараштырып койду. Мисир менен Виктор кетүүгө камынганда:

— Токтогулачы балдар, акылдаша турган сөз бар,— деди. Эмне айтаар экен деп аң-таң болуп карап калышты эки бала.

— Каерде окуйсуңар?

— Эч жерде окубайбыз байке.

Айтсамбы, айтпасамбы дегендей ойлуу туруп калды бейтааныш адам.

— Окубасаңар бир жумуш бар балдар.

— Кандай жумуш?... Байке, кандай иш болсо да иштегибиз келип жүрөт.

— Боксер болгуңар келеби силердин.

— Бизден боксер чыкпайт ко дейм байке. Мисир Виктордон мурда жооп кылды ага

— Чыкканда да кандай чыгат. Мушташыңарды көрүп турбадымбы. Айрыкча сенин муштумуңдун күчү зор экен,— деп Мисирдин жанына келип булчуңдарын кармалай кетти,— сенден бир нерсе чыгат. Эртеден баштап машыгып көргүлөчү. Аты жөнүн Волков Семен Трофимович экенин айтып, машыктыруучу жайдын адресин кагазга жазып колго карматты.

Үйгө келгенден кийин Ксеня апага айтты эле:

— Бокс деген кыпкызыл мушташтын ичинде жүрө турган, кыпкызыл кырсыктуу оюн. Эртеби кечпи өмүрүңөргө залалы тийип калышы мүмкүн. Мен аны каалабайм,— деп Ксеня апа чалкасынан кетти.

Ээленип алган экөө Ксеня апанын айтканына көнө коебу, эртеси эле Максим Трофимович айткан жерге келип калышты. Ойдогудай техникалык каражаттары бар экен. Элде мурда бардыгын кызыгуу менен карап чыгышып, анан ар биринде ойноп көрүштү. Тиги жерде ар түрдүү салмактагы штангалар. Болжолу алар да бул жерде керектелет окшойт.

— Кана. Ишти баштайлыбы балдар,— деп Максим Трофимович балдарды катарга тургузду,— эми жаңы келген балдар менен таанышып алгыла, бирөөнүн аты Виктор, мунусунун аты Мисир же Миша деп койсоңор болот. Улуту кыргыз. Тааныштыңарбы. Кана чуркай баштайлы...

Бул жерге такай келип жүргөндөр алтоо эле экен. Экөөбү кошулгандан бери сегиз болуп бир аз көбөйүп калышты. Максим Трофимович саны эмес сапатына баа берип, келечеги жок балдарды көпкө кармап турбайт экен. Ошон үчүн мындагылар жан талашып машыгууларды өткөрөт окшойт. Муну түшүнө койгон Мисир мени көп кармабайт го деп ойлоп жүрдү. Бирок Максим Трофимович негедир көңүл бөлүү менен мамиле кылганын сезип калды. Өзү да күндөн күнгө күчкө толуп баратканын байкайт. Муштум соккусунун күчүн текшерип, анын улам өйдөлөп баратканын көрүп Максим Трофимович да, өзү да сүйүнүп калып жүрдү.

Ушинтип жүргөн күндөрдүн биринде Красноярск шаарында 13— 17 жаштагы өспүрүмдөрдүн ортосунда бокс боюнча беттешүүлөр болорун Максим Трофимович өзүнүн балдарына билдирди да:

— Ага чейин бир ай бар. Мындан ары тыным албай машыгууну жүргүзөбүз,— деди. Чынында эле ушундай болуп чыкты. Оор нерселерди көтөрүү, бут булчуңдарын чыңоо үчүн жантайма жерлерден өйдө көздөй жөрмөлөө, скакалкада секирүү, чуркоо жана башкалар адатка айланды.Эки экиден атаандашып боксташуу техникалык чеберчиликтерин өстүрө берди. Беттешүүгө бир күн калганда машыгууларды азайтып тыныгуу берди Максим Трофимович.

Мына стадион. Эл жык-жыйма. Төрт жерде ринга орнотулган. Мына ушул рингалардан күчтүүнүн күчтүүсү сынала берип, акырында чемпиондук үчүн жан талашкан мушташ өтүп, жеңгени бул турнирдин чемпиону болуп калат.

Мисирдин мындай эл көп чөйрөгө биринчи чыгышы. Канчалык өзүн өзү токтоо кармайын деген менен тиги жайнаган көздөр өзүнө эле кадалып тургансып жалтактап денеси титирей түштү.

— Мисир, сага эмне болгон? Өзүңдү карма. Минтсең жеңилип каласың,— деди Максим Тровимович үйрөнчүк “ кол баласын” бокска кое берерде.

Ортомчу судья кол кармаштырып эрежени бекем сактагыла деген болду да гонг угулар менен:

— Бокс! – деп колун кесе үн катты.

Атаандашы сүрдүү. Көзүн жылаандай ойноктотуп, октой атылганы турат. Шапа-шупа эки ирет коюп калды Мисирди. Сокку анчалык катуу болбогондуктан Мисир эч нерсени сезген жок. Ага каршы да эч нерсе колдоно албай, качуу менен алек болуп калды. Тиги жеңүүгө ишеним менен эс алууга чыкса, Мисирдин көңүлү чөгүп, кол капты ыргыта бере жаздап үстөлгө отурду.

— Сага эмне болгон? Мен сага ишенип жүрсө...— деп кейий сүйлөдү Максим Трофимович,— бул беттешүүдөн жеңилсең экинчи мага келбей эле кой. Баарын мен айткандай кыл. Сол кол менен үч жолу тап берип, оң колуң менен ылайыгына жараша ичке же бет талаштыра сок. Түшүндүбү? Тур эми...

Экинчи раунд. Чын эле бокстан ушу беттешүү менен кетип каламбы. Кетпейм. Мен жеңбесем Максим Трофимовичтин ою жаман,— деп чымыркана түштү.Тиги анын оюн билип коюптурбу, бокс башталар менен мурункудан да бешбетер күчөп чыкты. Максим Трофимовичтин айтканын эстеп сол колун удаа жумшап жиберди эле анын бири таамай тийип калды. Бирок күчтүн баары оң колдо экенин Мисир жакшы билчү. Эми дал ошентип сол кол менен алаксытып барып оң муштум менен таамай уруу керек. Бирок техникалык жактан такшалган тиги бала жакында кармата турган эмес. Кайра удаа эки соккуну Мисирге жумшоого үлгүрдү. Дагы бир жолу ал алга умтулуп сокку жөнөтөрдө бетинин ачылганынан пайдаланып Мисир ээк талаштыра согуп калды. Атаандашы килемдин үстүндө кантип кулап түшкөнүн өзү да билбей турду. Отургандар дуу көтөрүлүп:

— Азаматсың Мисир! Азаматсың Мисир!— дешип кыйкырып жиберишти.

Бул жеңиш машыктыруучусун да, өзүн да көп нерсеге шыктандырып койду. Бирок экинчи боксер менен бетешүүдө биринчидей болгон жок.Очко жагынан бир аз өйдө болуп, жан жактагы судьялар Мисирге жеңишти ыйгарышты. Эми алдыда күмүш медалды жеңүү максаты турду. Ошондуктан Максим Трофимович “кол баласына” көптөгөн техникалык ыкмаларды үйрөтүп да, айтып да жатты. Дагы эле:

— Сен жеңишиң керек! Сен жеңишиң керек! – деп кайталай берет.

— Бокс! Ортомчу судьянынын үнү жай чыккан менен заардуу угулат. Анткени кан кайнатып, жан кейиткен кыл чайнашка чакырык таштап жатпайбы.

Биринчи раунд тең тайлашуу менен өттү. Чынын айтканда Мисир мындай сологой менен биринчи беттешиши. Ошондонбу катуу соккуга эч бир амал айла таппай койду, канча аракет кылса да. Каршылашы да чечкиндүү эч нерсе кылган жок. Тим эле илбирстей аңдыйт да турат. Оюнда бир сокку менен бүтүрөм деп жаткан го деп ойлоп коет Мисир.

— Сол колунан асыр бол,— деп кеңеш берди Максим Трофимович.

— Оба түшүнөм. Өткөндөгү салгылашын көргөм. Анын сол колуна оң колумду каршы кое алам.

— Болуптур, ошент,-деп Максим Мисирдин далысынан ургулап койду.

Экинчи раунд. Тиги Мисирдин сол колунун бир жолку соккусуна карабай ичке кирип, эки жолу бет талаштыра уруп калды. Мисир экинчи катуу соккусунан кийин башы эңги деңги боло түштү. Эси ордуна келе электе сол колдун соккусуна кабылып, кетенчиктеп барып, кол таяна отура калды. Судья алаканын жайып санай кетти. Өзүн оор сезип ордунан турду Мисир. Раунд аяктаарына жакын калганын түшүнгөн Мисир улам тигинин колдорун кармай калып, кучакташа калат. Ушинтип очко жагынан да, жеңем деген ишениминен да утулуп үчүнчү раундга чыкты. Намыс баарынан бийик окшобойбу.Чарчанып, үстүнөн тер чыпылдап чыкканы менен тигиге биротоло чөгөлөбөй, раунддун аягына чейин туруштук бере алды. Бул менин биринчи жана эң акыркы беттешүүм болсун деп ойлоп койду ичинен. Максим Трофимович болсо:

— Буга сен капаланба. Бокста баары боло берет.Ушинтип барып чыйраласың. Ким эле бир күндө атактуу боксер болуп кетиптир,— деп жоошута сүйлөдү.

— Жок, Максим Трофимович менден эч нерсе чыкпайт. Андан көрө мага жардам кылып акча бериңиз. Кыргызстанга, өз мекениме кетким келип жатат,— деп жалооруй карап турду Максим Трофимовичке.

— Акча да бербейм. Эч жакка да барбайсың! – деп ачуулана кетти машыктыруучусу.

Виктордун да кабагы салыңкы эле. Ал биринчи беттешүүдө эле тажрыйбасы аз боксердон жеңилип калып Максим Трофимовичтин ишенимин таптакыр чыгып калды. Анын үстүнө мурда эле сенде боксерлук эч кандай мүнөз байкабайм деп жүргөн. Мына ошондогу айтканы туура келип, беттешүүдө өтө начар жагын көрсөтүп, өзү да уялып калды. Максим Трофимович да ичине эч нерсени сактабаган ачык адам.Ошондонбу Викторду чакырып алып, эртеңден баштап сен бокска келбей эле кой деп балп эткизе айта салды.

Виктор жолмо жол ага кыжырланып, ачуун токтото албай койду. Үйгө киргенде апасынын ооруп калганын көрдү. Ошондо гана үйдө апасына каралаша турган адам керектигин билди.

— Эмне тез жардам чакырайынбы апа.

— Чакырсаң чакыр. Бирок айтып коеюн тиги сандыкка сак боло көргүлө. Анда баалуу буюмдар бар.

— Андан кам санабаңыз апа. Көздүн карегиндей сактайбыз. Анан көрө өзүңүздүн сак саламат болуп кетишиңизди ойлоңуз.

Виктор үйдүн ачкычын апасынын колунан алгандан кийин телефон менен тез жардам машинасын чакырды.Тез жардам бат эле келди. Эки баласы коштоп барып ооруканага жаткызды да, үйгө кеч кайтышты. Викторго апасынын сандык жөнүндөгү айтканы көкүрөгүнөн чыкпай турду. Мунун ичинде кандай кымбат баалуу нерселер бар болду экен деп сандыкты көргөн сайын ойлой калат. Акыры чыдамы кетип Мисирди чакырып алды.

— Сандыкты ачып көрбөйлүбү. Кайра жаап коебуз да.

— Апам урушсачы. Сен го өз баласысың. Мени кууп жиберет.

— Бир нерсесин алмак белек. Эч нерсесине тийбейбиз. Макулбу?

— Өзүң бил Виктор. Мен коркуп жатам.

— Коркпой эле кой. Андан көрө кычкачты апкел. Бул эки мыкты сууруп алсак эле сандык ачылат.

Экөө көпкө убараланып жатып сандыкты ачышты. Ксеня апанын кийимдеринен башка көзгө эч нерсе урунбады.

— Ксеня апанын баалуу буюмдары ушубу?— деп Мисир каткырып жатып күлдү. Виктор сандыктын түбүнө чейин аңтар теңтер кылып жатып матага оролгон бир нерсени алып чыкты. Оромосун ачып карашса акча. Экөөнүн тең көзү алайып кетти. Байкуш Ксеня апа эч бирөөдөн акча сурабай, же бирөөлөргө көз кор болбой, бизди да эч нерседен кем кылбай, диңилдетип багып жатканы, топтоп койгон ушундай каражатынан тура.

— Тим эле көп ко. Санайлыбы,— деди Виктор акчаларды жыттап жыттап жатып,— чиркин, укмуш бурулдайт экен.

— Ушинтип отура беребизби, бол санап жыйнаштырып коелу.

Экөө санап чыгышты. Ашык кеми жок жүз миң доллар экен.

— Буга каалагандай квартира, каалаган машинаны алабыз. Кел ошентели. Буга апам урушпайт деле. Бекер чачып же бирөөгө алдырып жибербей, кайра орду толуп турмуштагы эң керектүүлөрдү алганыбыз аны капалантпайт болуш керек.

Экөө ээн тамда көпкө акылдашты. Акчаны иштетип миллиондун үстүнө дагы миллион кошо турган коммерциялык иштерди ойлонуштурушту. Боксерлук клуб ачса да болот деп койду Мисир. Алар ой менен байып, акчаны кайда жумшаарын билишпей отурганда эшиктин коңгуроосу кагылып калды.

— Ксеня апа, өлдүк Виктор,— деп Мисир кийимдерди шаша— буша сандыкка сала салды. Виктор болсо акчаны кучактап кышындагы муздак сууга түшүп чыга калгандай калтырап титирейт.

— Эсиң оогондон соосуңбу? Салбайсыңбы акчаны сандыкка,— деп Мисир шаштыра кетти. Сандыкты жаап эшикти ачса коңшу аял экен. Ксеня апаны сурап жок экенин билгенден кийин үйдөн чыгып кетти. Лакылдаган жүрөктөрү басылганча диванда бир топко чейин отурушту да, анан гана буюмдарды, акчаны орду ордуна коюууга киришишти. Сууруган мыктар өз ордуна келбей, кулп бир аз кыйшайгансып калды. Уурлук ушунчалык коркунучтуу жана сүрдүү боло тургандыгын экөө тең ушундан улам түшүнгөндөй болушту.

Ксеня апа ооруканадан чыгып келери менен сандыкты карады.Мыгы суурулганын көргөнү менен сыр алдырган жок. Куураган балдар канчасын жок кылды экен. Бүтүндөй жок кылып жибербесе болду деп тынчсыздана түштү. Алар өз бөлмөлөрүнө кетип уктаганда гана сандыктын оозун ачты. Акчанын түгөл экенин көрүп ичинен кымыңдап сүйүндү. Мындан ары буларга толук ишенүүгө болот деп койду ичинен.

Ксеня апа отуз алты жыл бою бир мектепте, бир эле кызматта— завучтукта иштеп жүрүп пенсияга чыккан аял. Өмүрлүк жолдошу кайсы бир электр тармагына караштуу чоң мекемелеринин биринде директор болуп, элүү алты жаш курагында иш орунунда отуруп эле кайтыш болуп кеткен экен. Көрсө тээ союздун убагында эле бардар жашап, акырындап акча топтой берген тура. Мына эми ошондогу тапкан ташыгандарынын үлүшүнүн үзүрүн карыганда Ксеня апа көрүп жатат. Өзү гана эмес эки алмончоктой балдарды багып, айткандарын айткандай орундатып, бирөөлөрдөн өйдө кылбаса, кем кылбай карап жатканын айтпайсыңбы.Муну Мисир жакшы түшүнүп Ксеня Николаевна деп атынан атабай апа деген сөзгө өткөнүнө көп болду. Алгач апа деген сөз Ксенянын күлкүсүн келтирип жүрсө, эми таптакыр үйрөнүп калды.

Мисир мурда эне мээримин билбей өссө, эми эне мээримин орустун бир жөнөкөй аялынан тапты. Ксеня апа канчалык бооруна тарткан сайын Мисир да имерилчектеп жанынан чыкпай бир боорундай жакшы көрүп кетти.

Адам баласы күнүмдүк тиричилик менен алек болуп жүрүп, күн түнгө, түн күнгө айланып зыпылдап өтүп жатканын билбей калат эмеспи. Мисир да алгачкы боксташкан күндөн бери алты жыл өткөнүн билбей калыптыр. Бул аралыкта 96 бетешүүнү өткөрүп, Европанын жана Азиянын чемпиондуктарын жеңип алууга жетише алды. Ошондуктан любтелдик бокстан профессионал бокска чыгышың керек деп Максим Трофимович какшап айта баштады. Мисир професионал боксчулардын ар бир мушташын көрүп жүрөт. Жанын уучтап ойногон оюн. Ал тусун рингден сүйрөп алып бараткан боксерлорду да көргөн. Анан да үч-төрт раунд эмес, он беш раундга чейин өткөнүн айт. Буга жүрөгү тоодой, өпкөсү казандай адамдар гана туруштук бере алат ко деп ойлоп жүргөн. Бирок Максим Трофимович айтканынан кайтпады. Менин тилимди албасаң анда бөлөк машыктыруучу таап ал дей баштады. Канчалык жүрөксүнгөн менен бактымды мындан да сынап көрөйүн деп акыры макул болуп, ага карата машыгууларды өткөрө баштады.

Мисир күн сайын эрте менен эрте турат да эки— үч чакырымдй жерге чуркап кайра кайтат. Бир күнү кайра келатып алды жагынан чуркап келе жаткан кызды көрдү. Кыз Мисирди көрөрү менен токтоп калды. Өзү да токтой калып көзүн албай карап турду. Татынакай. Бир кашык суу менен ичип жиберүүчүдөй. Бала болуп башына жүн чыкканы мындай сулууну көргөн эмес. Көзү чачырап эмне кыларын билбей турду.

— Мен сизди тааныйм деди кыз. Мисир Абдырахманов деген сиз эмессизби?

— Ооба менмин. Кайдан тааныйсың?

— Биздин шаарда болуп өткөн бардык беттешүүлөрүңө барып, боксерлордун ичинен сизди кумир тутуп жүрөм. Европа, Азиядагы боксташканыңызды телевизордон гана көрө алдым.

— Анда таанышып койбойлубу?

— Мейли атым Света.

— Атым Мисир. Кыздын колун кармады. Жылуу. Ал жылуулук бүткөн боюн дүрүлдөтүп жибергендей болду.

— Сиз кыргыз болосуз да.

— Ооба кыргызмын.

— Биякка каяктан келип калдыңыз?

— Тагдыр айдап. Эмесе Кыргызстанда эле жүрөт элем го.

— Кыргызстан кооз жер деп уккам. Ысык— Көл деген көлүңөрдү укмуш сонун дейт. Чын эле кышында тоңбойбу?

— Тоңбойт. Эмнеге тоңбой тургандыгын мен да түшүнө албайм.

Кыз менен мындан башка эч нерсе деп сүйлөшө албады.Бири бирин бир аз карашып турду да, экөө эки тарапка бет алды. Жигит болуп ээгине мурут бүткөнү кызга ашык болгону азыр гана. Бирок бир дегенде кандай сулуу кызга жолукту! Үйгө келгени көпкө чейин төшөктө ооналактап кыз жөнүндө ойлоп жатты. Мени жакшы тааныйт экен. Эртең жолугат чыгар. Ал да спорсмен го, сөзсүз чуркап чыгат. Анан сүйлөшөбүз. Мен жагымдуу мамилем менен аны таң калтырбасамбы.

Эртеси Мисир чуркап жүргөн жерлерден канча караган менен кызды көрө да, жолуктура да албады. Колундагы бакыт кушун учуруп жибергендей кайгырды. Анан да адресин алып калбаганын айтпайсыңбы.

Бул арада Максим Трофимович машыктырууну күчөтүп жиберди. Чарчаганыңа карабай чуркатат, өйдөгө жөрмөлөтөт, оор нерселерди көтөртөт, тренажердо көнүктүрөт, мишенге жакын туруп алып:

— Тез!.. Тез!...Катуу ур, мындан да катуу,— деп кыйкыра берет. Техникалык жаңы ыкмаларга көнүктүрүш үчүн мен, мен деген боксерлор менен кыл чайнаша мушташтырат. Кечке чаалыгып чарчап келген уулун көргөндө Ксеня апа:

— Суранам ушуну таштачы. Бирде болбосо кырсыктап калып жүрбө деп аяп кетет.

— Жакында оор салгылашуу турат. Эгер биринчи эле кармашта жеңилсем анда биротоло таштайм апа. Тынчтык кылып Виктордой болуп машинеде таксоват эткеним жакшы эмеспи.

— Ырас айтасың балам. Жаныңды жанга урбай, жай турмушта жүргөнүң кандай канимет.

WBO версиясындагы беттешүү дал Москва шаарынын стадионунда өтмөк болду. Бул бир жагы Мисир үчүн жакшы шарт. Аба ырайы башка чет мамлекеттерге караганда бул жердин аба ырайына көнүп калгандай эле болгон. Анткени канча жолу бул жерден беттешүүлөрдү өткөрүп, канча жолу келип кетпеди. Демек бул жагы мага плюс деп ойлоп койду Мисир.

Матч шаан шөкөт менен ачылып, биринчи эле беттешүүсү Кубалык боксер болуп чыкты. Албетте боксерлук жактан дүйнөгө атагы чыккан мамлекет.Анын үстүнө ким менен беттешүүлөрдү өткөрбөсүн оңойлук менен жеңиле койбойт. Бул жагы коркунучту жараткан менен корооз корооздун көзүн чокумайынча жеңиш жок дегендей көзүн чокубаса да талылуу жерин таап чөгөлөтүү Мисирдин эң башкы максаты эле. Манас атанын арбагы колдодубу, кудай таалам берген күч кубатынанбы жетинчи раундда барып кубалык боксерду жерге жармаштырды!

Экинчи беттешүүнү америкалык Кара менен өткөрдү. Кара онунчу раундда гана бир бурчтан экинчи бурчка чегинип тайсалдай баштады. Акыры Мисирдин барскандай муштумуна туш келип, канатка илинип калды. Каранын машыктыруучусу ошол замат кол жоолукту дал ортого ыргытып жиберди. Стадиондун бетин бербеген эл, дуу көтөрүлүп:

— Азамаатсың Мисир! Азаматсың Мисир!— деп кыйкырып жатышты.

— Биз сени мененбиз,— деген кыргыз жигиттерди көргөндө көзүнөн жаш кылгыра түштү. Бирок бул толук чемпиондук эмес эле.Алдыда чемпиондук алтын курдун ээси украиналык каардуу боксер Семен Клименко турган.

Бул боксердун беттешүүсүн Мисир да, Семен Трофимович да көрүп жүрөт. Бою да, колу да узун. Жакындай түшкөндө эле оң же сол колун тосо калат. Эки колунда тең күчтүү соккулар бар. Анткен менен Мисирдин эки мушташын көрүп айбыга түшсө керек. Мисирге эки ортомчу кишилерди сүйлөшүүгө жибериптир. Оюнда эч нерсе жок, машыгуудан жаңы эле чыгып келе жатса үч адамдын үстөлдө отурганын көрдү. Бирин жакшы тааныды. Семен Клименконун машыктыруучусу, бири болжолунда бокс федарациясынын президенти болуу керек деп болжолдоду. Максим Трофимович болсо алардын жанында адаттагысындай чылымын бурулдатып тартып отурат.

— Эй!— деп, анан колун булгалады Максим Трофимович,— бери кел. Сөз бар.

Мисир алардын жанына келгенде отургучту жылдырышты. Тигилер ордунан тура калышып саламдашып, тим эле бир тууганын көргөндөй жалпаңдашат. Столдун үстү ичкиликке да, тамакка да толо.

— Сенин бүгүнкү мушташыңды көрүп аябай ыраазы болдум. Кичинекей кыргызстандан сендей боксер чыгат деп ким ойлоптур. Азаматсың! Кана колуңду берип койчу,— деп Семендун машыктыруучусу кайра ордунан тура калды. Жанындагысы да жеңишти кутуктап Мисирдин колун кармады. Стакандарга аракты куюп анын бирөөсү:

— Жеңишти дал азыр белгилеп койсок кантет?— деди.

— Белгилеш керек да,— жанындагысы коштоп кетти.

— Жок мен ичпейм. Өзүңөр билесиңер үч күндөн кийин кайра рингиге чыгам.

— Биз жөн келип отурган жерибиз жок,— деди Семендун машыктыруучусу,— ошол ринга жөнүндө сүйлөшөйүк деп келдик.

— Ал кандай сөз? Мисир таң кала аларды карап калды.

— Семен экөөңөрдүн мушташыңарды тынчтык жол менен бүтүрөйүк деп келдик.

— Кандайча?...

— Ал мындай. Азыр сен жыйырма беш миллион долларды ал да, матчка чыкпай эле кой. Чемпиондук анда кала турсун. Сен жашсың. Кийин деле жетишесиң.

— Бул кандай болуп кетти Максим Трофимович. Мындайды биринчи угуп отурам.

— Ачууланба Мисир. Сабыр кыл. Койкоңдоп туруп кетпей отур.

— Демек сен макул эмессиң да. Былчылдата жан талашып мушташканды жакшы көрөт экенсиң да! Тиги катуу нервденип кеттиби бет териси кыймылдай түштү.

— Былчылдашса былчылдашам. Үйрөнгөн өнөрүбүз ушу болгондон кийин акчага сатылган адам, адам эмес. Тайсалдабай чыксын мушташка. Дал ушинтип айтыңыз Семенго.

— Катуу тяк жеп өлүп жүрбө.

— Көрдүм ошондон келгенин!

Семендун жактоочулары орундарынан турушту. Максим Трофимовичти карап:

— Эй, Максим мунуң ороңдогон жаман неме го,— деп үстөлдөгү жайнаган тамактарын таштап басып кетишти.

Матч башталганча үч күн Максим Трофимович тынчый да, уктай да албай койду. Мисир профессионал бокска эки жолу эле катышса, Украиналык боксчу Семен он эки жолку бетешүүгө катышып, алтоон накаут менен, калганын очко менен жеңген боксер. Демек теңдеши жок мелдешти түшүнбөй, Мисирдин ага карата чамынып жатканын туура көргөн жок. Андан көрөкчө миллионду алып, кийинки беттешүүгө даяданууну эп көргөн. Эми баары чечилди. Өз акылын, билгендерин калтырбай түшүндүрүп, бир кудайга жалынып “кол баласын” рингге алып чыкты Максим.

Биринчи раунд башталды. Узун бут, узун колдуу Семен жанына жакындата турган эмес. Жаңы эле жакындайын дегенде чекеге муш жеп калат Мисир. Кээде соккусу күрс деп тийип башты солкулдатып жиберет. Коргонуусу темир чеп сыятуу бекем. Беттешкен үч мүнөттүн аралыгында бир эмес, жарым сокку да уралбай, көңүлү чөгө үстөлдө отурду Мисир.

— Ич жагы ачылып калып жатпайбы. Ич жагына ур. Анан бет жагы ачылат. Анан сокку бер. Көңүлүңдү чөгөрбө. Муштумуңду андан тезирээк жөнөтүүгө аракет кыл. Түшүндүңбү?...

Экинчи раунд башталды. Семен эми соккуну шыбап кирди. Бирок машыгууда такшалгандыктанбы анын баарын көтөрүп кетти. Көптөн кийин гана Семендун ич жагы ачыла түшкөнүн байкап калды. Сол колу менен ичке согуп калды эле ыңк деп, ошол замат оң колун бетти көздөй жумшаганда мурду былч дей түштү. Мисирдин соккусу оор экенин түшүндүбү качырып киргендин ордуна мурдагы темптен жайлап калды. Антсе да узун колдуу неме раунд аяктаарга жакын калганда эки жолку катуу соккуну узатууга үлгүрдү. Стадиондо отурган Семендун күйөрмандары орундарынан тура калышты.

— Семен накаут!... Семен накаут!... деп кыйкырып жатышты.

— Мисир биз биргебиз! Сок Семенду!— деген кыргыз жигиттеринин үндөрү ар кайсы тараптан чыга калып жатты.

Чарчанып турса да жанагы кыргыз жгиттеринин үндөрү чыккан жакты карады. Стадиондо алар аз эле. Бирок ар бири кыргыз желегин көтөрүп алып тынымсыз булгалактап жатат. Бизди уятка калтырба. Кантсең да жең деп дем берип жатканы го. Ким эле жеңбейин дейт. Колдон келсе каршылашын азыр эле сулатып, стадиондун ичин дүңгүрөтүп, түшүп кетмек. Бирок тагдыр ташы кимге оборун билбей, үчүнчү раундда бардык күчүн жумшап, үстөмдүктү ал эмес, мен жүргүзүшүм керек деген жакшы ой менен ордунан турду. Мына эки үч соккуну бет талаштыра коюп калды Мисир. Моюну кыйшая түштү Семендун.

— Соккуну улант! Соккуну токтотпо! – жан алы калбай кыйкырып жатты Максим Трофимович. Аны кайдан уксун. Артка кетенчиктей берип кайра ичке кирерде Семендун муштумуна туш келип, кол кабы кашты сыдырып өттү. Ортомчу судья боксту ошол замат токтото салды. Каштан кан агып чыкты. Доктор дароо келди да оор абал түзүлгөнүн Максим Трофимовичке айтты.

— Токтотсок кантет Мисир?

— Мынча болду, өлсөм да мушташам,— деп Мисирдин көктүгү кармап калды.

— Каш жагыңды абайла,корго, сага кыйыныраак болуп калды,— деп Максим Трофимович санааркай түштү.

Эми Семендун аңдыганы эле оң жактагы көздүн үстү болуп калды.

Андай, бир жерди аңдыганда, өзү да алданып калат окшобойбу. Семен ошентем деп отуруп, кайра өзү эки катуу соккуну жеп деми сууй түштү. Үстүнөн көл шал тер чыгып, өпкөсүн кага үстөлүндө дем алып отурду.

Професионал бокста биринчи экен. Үчүнчү раундга жетпей жеңилет деген тажрыйбалуу боксчулардын берген маалыматтары суу кечпей калды. Кайра тиги кыргыз жигит басымдуулугун көрсөтүп жатат. Жеңип калышы мүмкүн деген божомолдорго келишти мен, мен деген мыкчегерлер.

Төртүнчү раунда Семендун күйөрмандарынын кыйкырык сүрөөндөрү менен башталды.

— Семен накаут! Семен накаут! Бүтүр! Сок! Мисир кай тарабын карабасын ушундай кыйкырыктар. Ал да дем, күч, кайрат берет окшобойбу азыр эле жерге кулата тургансып чамынып кирди Семен. Эки үч муштум оюндагысындай аткарылып Семен үстөмдүк кылууга өттү. Мисир артка буйтап чегинип, бурчка барып такабаса экен деп жаңы гана кача баштаганда Светанын:

— Качпа Мисир. Мен мында отурам,— деген үнүн угуп калды. Мисир атайы эле эле тигинден алыстай түшүп Света жакты карады. Кайдан жайдандыр суурулуп чыгып ринганын жанына келип калыптыр. Манжалырын эрини менен өпкүлөп аны Мисирди көздөй узатып жатат. Баарын түшүндүм деди ичинен Мисир. Эми жеңилсем мага өлүм гана ылайык. Негедир тулку боюна күч кубат агылып киргендей чарчанганын да сезбей, кабыландай кайратка келгенсип калды. Аны Семен кайдан билди дейсиң, канаттын бурчуна такап алып былчылдата муштоону көздөдү.Семендун ою таш капты. Мисирдин эки таамай соккусу эле Семенду бөк түшүрдү.

— Ура-а, чемпион! Ура-а, чемпион!— деген үндөр стадионду дүңгүрөтүп жиберди. Фото сүрөтчүлөр, теле, радио журналистер тегерегине толуп кетти.

— Улутуңуз корея же кытай эмеспи? Аныгын айтыңыз. Кыргызстандан мындай боксер чыкты деп биринчи угуп жатабыз.

— Укпасаңар уккула, мен Кыргызстандын кулунумун. Кыргызмын! Кыргызмын! Уктуңарбы! Мисир элди жиреп баратканда ушуну айтууну гана үлгүрдү.

Ичте жуунуп тазаланып, чекчээ кийинип стадиондун сыртына чыкканда Светаны издеди. Аны кантип эстен чыгарсын. Жүрөк оту басаңдап баратканда аны жалбырттатып тутандырган ошо эмеспи. Жаным Света, сенин көзгө көрүнбөгөн сыйкырдуу энергияң канча күч кубат болду деп айткысы келди. Бирок уюктан чыккан кумурскадай жайнаган элдин арасынан кантип таба алсын.Ошентсе да эки жагын карап элеңдеп тура берди. Виктор менен Максим колунан тарткылады эле:

— Бара бергиле, мейманканадан жолугабыз,-деп жооп кылды. Светаны таппасына көзү жетип кетүүгө камына бергенде астынан үч кыз чыга калды. Колдорунда Мисирдин сүрөтү тартылган альбом.

— Кол коюп бериңизчи деп тегеректеп алышты. Мындайга Мисирдин биринчи туш болушу. Чөнтөгүнөн ручка алып кол койгондон кийин кыздарды карап калды. Он сегизге толо элек жапжаш кыздар. Мисирдин колтугунан кармашып бура бастырышпайт.

— Биз сизди сүйүп калдык. Кимибизди жактырасыз? — дейт анын бирөө. Мисир аң-таң боло эмне дээрин билбей калды. Биринен бири сындуу, биринен бири сулуу. Ошентсе да карегинен от чачып, жүзүнөн нур төгүлгөн четтеги кыздын колунан кармай калды.

— Бул кыргыз кыз эмес, японка. Тиги экөөнүн ичи таарый, эмне кыларын билбей кайсалактап турушту да:

— Да ну, вас,— деп колун шилтешип басып кетишти.

Экөө таксиге түшүштү.Кыз жайланып отургандан кийин гана:

— Биз кайда баратабыз,— деди.

— Мен жатып жүргөн мейманканага. Ал тим эле комфорт. Кыз унчуккан жок. Экөө түз эле мейманкананын ичиндеги кафеге киришти. Бет маңдай отуруп калышты. Мисир бет алдындагы кызды эми гана жакшылап көңүл буруп карады. Кара көз, кара каш. Ажары муздай тунук. Маңдай чачы өзүнө жарашыктуу тегизделип, калган бөлүгү ай далысында төгүлөт.Өзүндө да, кыймыл аракетинде да назиктик. Жаңы ачылган жоогазын гүлүндөй үлбүрөйт. Орус тилине тили так келбегени менен сүйлөй да, түшүнө алат экен.

— Япониядан кантип келип калдыңар?— деди Мисир.

— Атам министр болчу. Саясий жактан куугунтукталды. Россияда атамдын досу бар эле. Ошол куткарып жүрөт. Келгенибизге жети жыл болду. Камап коебу деп кете албай жүрөбүз.

— Эмне жашооңор начарбы?

— Жок, эмнеге жаман болмок эле. Баары бар.

Официантка бир бөтөлкө вино, тамактын түр-түрлөрүн столдун үстүнө жайнатып койду. Эки стаканга вино куюп бирин кызга жылдырды.

— Муну ичпейм,— деп кыз стаканды өзүнөн ары түрттү.

— Эмнеге?...

— Ичип көргөн эмесмин.

— Менин жеңишим үчүн ичпесең таарынам,— деп Мисир эки үч курдай айтып жиберди.

— Кыйнасаңыз кетем анда.

Баятан бери көчө кызы го деп отурса, эми эмнеге ээрчип келди экен деп башы маң.

— Кыргызстан бул жерден алыспы?

— Самалет менен барса жакын эле.

— Мени ала кетет белеңиз?

Күтүлбөгөн суроого эмне дээрин билбей кыйпысыктай түштү Мисир. Э-э, ээрчип келгени ушу турбайбы деди ичинен. Бирок үйлөнүү жөнүндө бир да башына келбей жүргөндө кыздын суроосун карасаң. Анын ондон бир гүлү ачыла элек го. Эмне эле мени ээрчип кеткиси келип жатат десе, мындай кыздарга мендей боксерлорго турмушка чыгуу ушунчалык кызык көрүнсө керек го деп ойлоп койду ичинен.

Тамак жеп бүтүштү. Мисир музыкага заказ берди. Кыздын аты Чен Мун Юан экен. Мисир аны толук айталбай:

— Чен бийлейлиби?— деди

— Мейли.

Кыздын ичке белине Мисирдин колу ороло түштү.Жагымдуу жыт буркурап, айдай сулуу кыздын денеси денесине тийишкенденби дене бою балкып, тагдыр ушундай кызга жеткизгенине ыраазы болуп, кубанычы койнуна батпай жатты. Кыз баятан бери кысынып жатса, эми тартынууну коюп Мисирдин көкүрөгүнө башын жөлөдү. Балбылдаган көздөрү менен утур карап коет. Канча айткан менен жаштык жалындаган кез эмеспи. Ал караган сайын кучагын кыса коюп, төгүлгөн чачтарынан жыттагылап жатты.

Бий аяктап, экинчиси башталарда Чен кетүүгө камынды. Бирок Мисирден кыз толук жооп алган жок. Болот же болбойт дей элек. А Мисир болсо би аз кызып алгандыктан кыздын айткандары оюнан чыгып кетип, колтугунан кармап, өз бөлмөсүнө сүйрөгүлөй баштады. Таарынтып албайын деп кыз Мисирдин эркине көнүп берди. Кызды кооз креслого отургузуп муздаткычтан бир бөтөлкө шампан алып чыкты. Чен шампандан атказ кылган жок. Экинчисин,анан үчүнчүсүн ичишти. Баятан бери сактанып отурган Чен кантип кызый түшкөнүн билбей калды.

— Мен мурда эле боксташып жүргөнүңдө сүйүп калгам. Кантип жолугаарымды билбей жүрчүмүн. Акыр сага жеттим. Эми сени эч кимге бербейм,-деди кыз чын сырын айтып.

— Чен мени түшүнсөң.

— Түшүнбөйм. Түшүнгүм да келбейт! Сен мендиксиң. Түшүндүңбү,сен мендиксиң!

Чен чындап ачылды. Мисирдин астына отуруп алып эрининен соруп жатты. Мисирдин денеси бүтүндөй дүрүлдөп алапайын таппай кетти. Мисир бүгүн муну менен жатып, эртең кошо алып кетейин деп ойлонду. Андай болгондон кийин ата-энесине билдирүү керекко. Антейин десе эртеңки самалетко белет алып койгон.Чен да жүрөгү бир нерсени сезгендей Мисирдин астынан тура калды.

— Мисир сен качан кетесиң? Эртең киного баралы ээ. Мен сени издетпей эле ушу жерге келип калам.

— Чен менден алыстабачы. Мен али бул жерде көп жүрөм.

Мисир калпты ышкырта айта салды. Анткени бүтүндөй жан дүйнөсү чыңалып калган эле.

Шампандан түгөнгүчө ичишти. Чендин муздай бети кызыл боек төгүлгөндөй кызарып чыкты. Мисир үзүлө суктанып, азыр кучагына эркелетип өппөсө ушул жерден эле мүрт кете тургансып турду.

— Жаным Чен, бүгүндөн баштап мен сендикмин, сен мендиксиң...

Эрте менен төшөктөн жаңы эле турушканда эшик тыкылдай калды. Максим Трофимович менен Виктор экенин Мисир дароо баамдады.

— Сен кете бер Чен, эртең ушул жерден жолугушабыз.

Эшик ачылар менен кыз сыртка атып чыкты.

— Мунуң ким?— деп Максим Трофимович жактырбай заардуу карап алды.

— Сүйгөн кызым. Мен аны алам.

— Башың барбы!?— деп ого беш бетер зиркилдеди,— сендей боксер үчүн мындай кыздардын миңи артыңдан ээрчийт. Эмитен үйлөнө турган болсоң бокстан кеткиниң! Мен да сени экинчи карабайм!

— Апам ооруп калыптыр. Азыр кетпесек болбойт! – деди Виктор.

Мойнунан байланган иттей болуп араң көндү Мисир.

Красноярскиге учуп келип үйүнө келгенде Ксеня апа чын эле ооруп жатыптыр. Ага каралап жүргөн аялды көчөдөн бир машина коюп кетип ошол күнү эле жан бериптир. Бул Мисирдин эртең матч болот деген күнүндө болгон. Ксеня апа Мисирдин келбесин түшүнүп бул жөнүндө билдирген эмес эле. Өлгөн аялдын мүрзөсүндө болуп, келгенде эле Ксеня апанын кан басымы жогорулап кетиптир. Ошондон бери төшөктөн жылбай жатканын балдарына айтып шолоктоп ыйлап жиберди. Ооруканага апарышканда врач:

— Коркпой эле койгула, анча коркунучтуу эмес,— деп сүйүндүрүп койду.

Красноярскиге келгени күн жаанчыл болуп басылбай туруп алды. Ага карабай мурдагы чуркап жүргөн жерлеринен күндө чуркап өтөт. Бир жагы машыгуу болсо, бир жагы боксташып жатканда гипностой таасирин тийгизген Света алдынан чыга калабы дейт. Жолукса сага ырахмат. Кандай күч кубат бердиң. Мен аны өмүр бою унуталбайм демек. Бирок канча көргүсү келген менен Кросноярскиден биротоло көчүп кеткендей эч бир жерден көрүнбөй койду. Ошентип жүргөндө Максим Трофимович Ысык-Көлгө барып келсек кантет деп калыптыр. Мисир сүйүнүп кетти. Жерин сагынбаган эл болбойт, элин сагынбаган эр болбойт дегендей чыны менен эле аябай сагынып калганын эми сезди.

Максим Трофимовичтин Кыргызстанды көргөнү ушу. Бала чагынан баштап бир чырпык сайылбаган, көк тиреген имараттардын айланасында өскөн. Азыр да жашап келатат. Эми ээн талаа, бак даракка бай жерлерди көрүп, кооздукка көңүлү көкөлөй түштү. Анан калса көлдү көрүп суктанганын айтпа! Эрте мененки айдарым жел менен толкундар чыбырчыктап, жээкке келгенде шарпылдап турат экен. Көк менен сулуулукту талашкандай көл көпкөк болуп туптунук, таптаза. Ыссысаң леп-леп салкын жел согуп, чачтарыңды сеңселтип, бети башыңды аймалайт.Чулп этип көлгө түшүп, чыга калганда кири жок жууп койгондой кумдарда чалкасынан түшүп, кумга, күнгө кактангандар канча. Башка жерлерде да көлдөр бар, бирок бул көл өзгөчө экенине баа берип турду Максим Трофимович.

Эки күн көлдө болуп, анан жайлооду да көрө кетейик деп Виктор экөө жолго чыгышып, Мисирди таштап кетишкен. Эми Мисир ээн эркин бактын аллеясында басып келатып, арыраакта өзүн көздөй басып келаткан кызды көрдү. Тааный коюп,”ой, Айжан го” деп кыйкыра бере жаздады.

...Айжан экөө балдар үйүндө бир болуп, бир класста окушчу. Айжан жүдөө жүргөнү али эсинен чыкпайт. Ал турсун чачын да убакты жуубай саксайтып жүргөнүн Мисир шылдыңдап, жуубасаң мына деп кара май сыйпап жеткизбей качып кеткен күндөрү болгон . Ага карабай Айжан Мисирди абдан жакшы көрө турган. Бир күнү Мисир катуу ооруп калды. Айжан жок дегенде балдар үйүнөн алган нанын үнөмдөп Мисирге апарып жүрдү. Кереги жок, оорукананын тамагы жетишет дегенге ынанчу эмес. Көгөрүп калган көк бет экенсиң деп таарынтып алган бир жолу.

Бир күнү ойдо жок жерден Айжан сенин аны мунуңа жетет деп 200 сомду Мисирге суна калды.

— Бул кайдагы акча? Бир жерден уурдап алдыңбы?— деген Мисир.

— Кантип уурдамак элем. Базардан келатып жолдон 500 сом таап алдым. Ала бер, берген акчаны. Менде дагы үч жүз сом бар,— деп болбой жатып таштап кеткени азыр эсине түштү. Мисир анын боорукерлигин, кылган жакшылыктарын кантип унута койсун.

Мына ошол кыз Мисирге жакындап келатты. Ал да дароо Мисирди тааныды. Бир гана өзгөчөлүгү бир кездеги илмийген бала кең далылуу, денеси келбетине жарашкан толук зыңгыраган жигит болуптур.

Экөө кол алыша учурашып, бир биринен бөлүнө албай аллеяда жапжай басып баратышты.

— Атактуу боксер болуп кетиптирсиң Мисир. Теледен көргөн сайын сүйүнүп жатам. Менин классташым деп ар кимге айтып мактана берем. Бирок Россиянын желеги менен чыгып жүрөсүң го. Кичинекей мекенибиздин да атын чыгарып койбойсуңбу.

— Машыктыруучум таарына турган. Азырынча мейли деп эле жүрөм. Кези келгенде Кыргызстандын атын көкөлөтпөсөмбү.

— Ошент Мисир. Бөлөк жердин султаны болгончо, өз элиңдин ултаны бол дейт ко кыргыздар.

— Аның туура. Эми көлгө түшөлүбү?

Экөө көл жээгине келгени менен сууга түшүшпөй, өткөн кеткендерди айтып отурса түгөнөр эмес.Мисир анын кылган жакшылыктарын бүтүндөй айтып, анан али турмушка чыга элек болсоң бир жашасак кандай болот деген ойду айтты. Айжан:

— Болбойт,— деп кесе сүйлөдү.

— Эмнеге?...

Айжан Мисирдин көкүрөгүнө башын коюп ыйлап жиберди.

— Сенин мындай оюң бар экенин билсем өмүрүм өткөнчө күтөт элем го.

— Азыр деле кеч эмес ко Айжан. Кетели Россияга. Буйруса көп жүрбөй келип калабыз Ата-Журт, кыргыз элибизге.

— Баарын түшүнүп турам Мисир. Мен куруюн. Күйөө табылбай тургансып өзүмдөн он жаш улуу кишиге турмушка чыгып алгам. Жыргаган турмушта жашаган жокпус. Батерден батерге көчүп жүрдүк. Ага деле мейли десем бир күнү мени таштады да кайра кайрылбай койду. Айла жок Нарында агам бар эле ошонун колуна келдим. Жеңем түшүнүктүү адам. Сен мен дешпей ынтымактуу эле жашап жатабыз.Менин шартым сурасаң ушундай Мисир. А сен болсоң бүт дүйнө тааныган боксерсуң. Кандай кызды болбосун чекесинен чертип аласың. Дүйнө, даңк баары бар. Мени кой. Тагдыр маңдайыма эмне жазса ошону көрөрмүн.

Айжан көз алдынан тамчылаган жашты эми гана бет аарчысы менен сүртүп, Мисирдин көкүрөгүнөн башын көтөрдү. Мисирди карады. Жүрөгү бырчаланып жаткандай жигиттин ойлуу отурганын көрдү. Мисир ушул отурушун туурагандай көл тымтырс толкунсуз томсоруп турду. Өздөрү да бир топко чейин кыймылдашпай, же сүйлөшпөй отура беришти. “Турмушка чыкса эмне экен, үйлөнө бербейминби. Башка бирөөлөрдү бактылуу кылганча Айжанды бактылуу кылганым жакшы. Ал менин айтканымдан чыкпаган жароокер, боорукер жар болот. Мен аны кичинекейинен бери билем го” деген ойго түшүп, кайра Максим Трофимовичтин айткандарын эстеди. “Сенин үйлөнүшүңө али эрте. Бокстагы крьераң жаңы башталды. Ошондуктан аял алууну башыңдан алып таштагын. Мынчалык болгондон кийин ой максатың, дитиң бир гана бокста болсун. Ааламга жылдыздай көрүнгөнүңдө гана мен сени чыныгы адам деп эсептейм.”

Айжан ордунан турду. Мисир артынан ээрчий басып колтуктай калды.

— Сен бүгүн кетпечи Айжан. Мейманканага барып, кумардан чыга сырдашалы.

— Сырдашканда эмне. Баары бүткөн, баары кеч. Мен эмес мындайраак эле бассаң солкулдаган кыздар сага жармашат. Кое бер мени.

— Мени таарынтып кетип каласыңбы?...

Айжан тык токтой калды. Мисирди карады. Көздөрүндө сүйүү уялап, каректери тигилип турат.

— Сени таарынткым келбейт,— деп Мисирди кучактай калды,— мен сени кичинекей күнүмдөн бери сүйүп келгем.

Мисир мейманкага ээрчитип барып, бир кишилик бөлмөсүнө киргизди. Ичинде эмне гана жок. Каалаганыңдын баары бар. Карачы таланттын күчү деп ойлоду Айжан. Ал башында ким эле, эми ким болгон. Анан бир окуя эсине түштү. Өзүнөн эки жаш улуу бала менен мушташып көйнөгүн ала-даласын чыгарып тамак жеп отурган балдардын үстүнө кирип келет. Тарбиячы катаал эле.

— Чык эшикке үстү башыңды таптаза кылып, башка көйнөк кийип келмейинче биер эмес, короонун ичине аттаттырбайм,-деп урушат. Мисир чыгып кеткен. Бир убакта далдайган чоң көйнөк кийип келиптир. Жарашсачы. Жарашпаган менен жаңы эле да. Балдар муну көрүшүп баары апендинин көйнөгүн кийип келгенсиңби дешип каткырып калышты. Тарбиячы эжеке:

— Муну эми Мисир, эгер жыртылбаса дагы эки жыл кийесиң,— деп аябай күлгөн эле. Бирок бул көйнөктү тартып алуу Мисирге оңойго турган жок. Жан аябай мушташып, өжөрлүгүнө, кайтпастыгына салып отуруп, тартып алган болчу.

— Азыр да ошондой өжөрсүңбү?— деп күлдү Айжан.

— Өжөрлүк кыла турган жерде өжөрмүн. Сендей боорукер жанга боорумду төшөйм,— деди Мисир.

Экөө сүйлөшүп, тамактанып бүткөнчө караңгылык кирип калды. Бөлмөнүн ичи дем болуп ыссып чыкты. Экөө терезени кенен ачып коюп, айланага кызыга көз чаптырып турушту. Күн ачык эле. Көк көгүлтүр көлдөй көпкөк болчу. Таза аба терезени көздөй леп-леп согот. Жылдыздар кудум алтын шакектей жылтылдашып, учкундай жарыгын чачат. Табийхаттын ушул керемет көрүнүшү таасир эттиби экөөбүнүн кучактары чырмалыша түштү...

Айжан бирөө түрткүлөп жибергендей көзүн умачтай ачып ойгонуп кетти. Ордунан туруп эшикти карады. Асманда тырмактай да булут жок болгондуктан чыгыштан сүттөй аппак таң агарып келатыптыр. Түндөгү ачып койгон терезе ошо бойдон ачык экен. Аны жаап Мисирдин жанына келди. Эч нерсе билбей уктап жатат. Бетинен өөп, ойгонобу деп ойлонду. Ойгоно турган түрү жок. Кетейин деди. Караңгыда эрбеңдеп кайда барат. Деги кайсы жумушу калып баратат дейсиң. Жата турайынчы деп жана эле кийген халатын кайра чечип, ары жактагы креслонун үстүнө ыргытып жиберди да, жыпжылаңач бойдон Мисирдин жылуу койнуна кирди.

Күн көтөрүлүп калган менен экөө тең катуу уктап жатышты. Эшикти бирөөлөр такылдата баштады. Уйкудан чоочуп ойгонушуп, шаша-буша кийимдерин кийине калышты.

— Кудай алгыр Максим Трофимович менен Виктор го. Дайым ушинтип тынчтык бербейт,— деп Мисир өзүнчө эле күңкүлдөп алды.

Эшикти ачканда экөө босогону талашып кирип келди. Айжан телевизордун жанына келип аны иштетти да, тушма туш коюлган креслого отура калды. Максим Трофимович ага өзгөчө жылуу мамиле кылган болуп, баш ийкей учурашып, колунан өөп койду. Анан Мисирге жайлоого барып ат минип куш салганын, боз үйдөн кымыз ичип эт жегенин, чабандын ити кубалап кетип зорго кутулганын айтып түгөтө албады. Айжан анын узаргандан узарып бараткан сөзүн уккусу келбей бөлмөдөн чыгып эшиктин оозунан Мисирди күтүп турду. Айжан чыгар менен Максим Трофимовичтин:

— Аял алуу жөнүндө башыңдан алып чыгар дебедим беле. Сен көөп баратасың. Тилимди албай баратасың!— деген ачуулуу үнү чыкты. Айжанга аны даана угуп, ошол замат ылдыйкы этажга түштү да, бактысыз тагдырына ызаланып, бактын арасындагы аллея менен артынан шайтан кубалап келаткансып катуу чуркап баратты. Мисир сыртка чыгып Айжанды таппай калды. Тагдырдын тамашасыбы, Чен Мун Юанды да, дал ушинтип таппай калган. Карачы ал окуя экинчи ирет кайталанып отурат.

Көлдө бир ай жүрүп жакшы эле эс алып калды Мисир. Табына келип күч кубатын кайда жумшаарын билбей шаңшыган бүркүттөй эргип калыптыр. Максим Трофимович аны түшүнүп чемпиондук наам үчүн күрөшө турган талапкерди караштыруу үчүн WBO уюмунун жетекчилерине кайрылды. Ал бат эле табыла койду. Ал Германиянын Лейпциг шаарында өткөрүлүп,таймаш 17 раунга чейин созула тургандыгы белгиленди. Каршылашы Мексикалык Кара деген боксер болуп чыкты. Тулку бою коргошундай уюган Кара, Мисирге аябай сүрдүү көрүндү. Бирок биринчи раунддун экинчи мүнөтүндө эле Мисирдин барскандай оор соккусу жаак талаштыра таамай тийип, каршылашы эч нерсе билбей жерде сулап жатты. Мындай болорун Мисир өзү да билбей калды. Бул беттешүү бардык беттешүүлөрдүн ичинен эң жеңили да, атак даңкты бийикке көтөргөн сыймыктуу да беттешүү болду. Бирок күчтүүмүн деп ар кандай машыгууларды токтотуп коюуга болбойт эле. Анын үстүнө Максим Трофимович да талапты улам жогорулатпаса эч кандай басаңдаткан жок. Анткени бүгүн болбосо дагы бир күнү чемпиондукту талашкан атаандашы чыга калат.

Мисир таң эрте туруп, күндө чуркоочу аллеяда күн чыкканча чуркап жүрдү. Мына кызык, алды жактан өзүн көздөй чуркап келе жаткан Светаны көрсө болобу. Маңдайы жарыла сүйүнүп кетти. Светанын жанына келип токтой калды. Экөө жылуу учурашты.

— Света, Светочка, сен баягыда кайда куруп кеттиң?

— Кайда кетмек элем. Эл менен кошо чыктым. Агам Москвада тышкы иштер министирлигинде иштейт. Ал машинасына салды да үйүнө алып кетти.

— Демек Красноярский менен Москванын ортосунда тайраңдап жүрө берет турбайсыңбы.

— Менин тайраңдап жүргөнүмө ичиң таарып жатабы?

— Ичим таарыбайт дечи. Бирок сенин көрүнбөй калганыңдан кийин кандай катуу кайгы чектим дейсиң. Сени издеп бүт ааламды кыдыргым келип кетти. Анткени Семен Клименко менен беттешүүмдө сенин кубаттаган бир сөзүң эле канча күч, энергия берди. Эмне, сенде гипностук күчтүү энергия жокпу?

— Кайдагы гипностук, кайдагы энергия. Ошондо сени жеңилип калабы деп аябай коркком. Анткен менен сен азаматтык кылдың. Жеңдиң. Ал жеңиш кандай сыймыктуу болду. Анан Кара менен беттешүүң тим эле андан да сонун болуп кетпедиби.

— Света анда сен номур биринчи күйөрманым турбайсыңбы?

— Ооба да. Кокус жеңилип калсаң кандай абалда кала турганымды элестеп көрсөң. Мүмкүн ошол жерде эле эсим ооп жыгылып калмакмын.

— Алтын кыз экенсиң Света. Мен сени киного чакырсам барат белең?

— Мейли, эгер күндүзгү сеанска апарсаң.

Экөө башка эч нерсе дешпей, жолугушуу убакытты белгилешти да, эки тарапка бөлүнүп кетишти.

Мисир болжошкон жерге эрте келди. Ал үчүн сааттын жебеси такыр жылбай калгансып убакыт өтпөй койду. Ал отурган жердин ары жагында эле мотурайган кичинекей балдар чуулдашып ойноп жатышты. Апалары көлөкө жерде отурушуп, аларга көз салып отурушат. Негедир ушулардай, татынакай балалуу болууну каалап кетти. Алардын чоңураак бирөөсү жанына келди да учурашып:

— Сиз чемпион Мисир Абдрахманов эмессизби?— деди.

— Ооба мен Мисир Абдырахмановмун.

— Байке, мен да боксер болгум келет.

— Азамат экенсиң. Мен сага өз кол кабымды берем. Кийин чоңоюп боксер болгонуңда ал сени колдоп жүрөт. Макулбу?

Ушинтип тиги бала менен кызуу сүйлөшүп жатканда Света Мисирдин арт жагынан келип көзүн алаканы менен баса калды.

— Колуңдан тааныдым, сен Светасың.

— Жок адаштың.Мен башкамын.

— Сенсиң. Сенсиң.

Света каткырып күлүп жанына отура калды. Ал укмуштай сулууланып, буркураган атырды себинип келиптир. Мурда бир кашык суу менен ичип жиберүүчүдөй кыз деп баамдаса, эми көктөн түшө калган периштедей көрүнүп кетти көзүнө. Негедир мурда болуп көрбөгөндөй толкунданып, жүрөгү лакылдай сокту.

— Эмне, киного баралыбы?

Мисир ыңгыранып жай козголду. Киного көп кызыкпайт. Бир кезде түнү күнү менен телевизордон көрө берип эми тажап калыптыр. Бирок киного барабыз деп койбоду беле. Сөзүнөн танса Света жалганчы неме экен деп түшүнөбү деп ойлонду. Аерде эл көп болуп чыкты. Мисир ичинен кымылдай түштү да:

— Паркка барсак кантет?— деди.

— Мейли.

Паркта жаштар көп экен. Кулакты тундурган, күчтүү үн менен чыкан музыканын ыргагында экөө бийлеп жатышты. Светанын кыска көйнөктөн чыгып турган ууздай аппак балтыры тизесине тийип, төшүндө тырсыйганы менен денеге былпылдап урунган эки “алмасы” Мисирдин бүтүндөй тулк— турпатын балкытып жибергенсиди. Өзүн өзү кармай албай, бийди токтотуп:

— Света, жүрчү далдаа жерге отуралычы,— деди.

Ар кайсы жерге коюлган бош отургучтар көп экен. Ээн эркин жерде жанаша отурушту экөө. Света Мисир бул жерден ага эмне деп сөз баштаарын билбей, маңдайына түшкөн сеңселген чачтарын өйдө силке салып Мисирге карап коет. Мисир болсо балтырын улам кызыга карап, кызды чоочутпай, өзүнө кантип тартып алардын амал айлаларын ойлоп отурду. Чен Мун Юан менен да, Айжан менен да бат эле мамилелешип кеткен. А Света андай көрүнбөйт. Ошентсе да тиш кагып калган эмеспи, адатынча колун белине оролто салып, кызды өзүнө тартты. Бурулдаган жыты каңылжаарын жарып жиберип, букадай мурдун көтөрүп чүйрүй калганын байкабай калды. Кыздын жүзү бир карыштай эле жерде тургандыктан үзүлө түшүп өбүүгө умтулганда, өмүрү жигит жандап жүрбөгөн кыз чоочуп ордунан ыргып турду.

— Эмне мени сүйбөйсүңбү?— деп таарына түштү Мисир.

— Сүйөм. Бирок баары үйлөнгөндө гана.

— Света, андай болсо бүгүн десең бүгүн, эртең десең эртең үйлөнөбүз.

— Атам улутчул киши. Ага билдиришим керек. Мен алардын акылына көнбөй кайда барам.

— Мейли айтып көр.

Бул күнү экөөнүн сөзү ушуну менен үзүлдү.

Света көпкө көрүнбөй жүрүп, кайра баягы Мисир чуркап жүргөн жерден жолукту.

— Таарынып калган жок белең?— деди Мисир

— Жок, кайра сагынып калдым.

— Деги сага түшүнбөй койдум. Шайтан алып кеткендей жок болосуң да, кайра табылып каласың. Деги ооруган жоксуңбу?

— Эмнеге ооруйт элем. Москвага барып сен жөнүндө жеңеме айттым. Анын ою түз экен. Мени менен кошо келди. Ал атамдарга айтат. Баары ойдогудай чечилет окшойт Мисир.

— Чын элеби Света?... Сен макул экенсиң э-э-э. Келчи алаканыма салып көтөрүп алайын.

— Койчу Мисир көп айландыра бербечи. А-а-а-й, башым айланып баратат...

— Өптүрөсүңбү? Өптүрсөң азыр эле токтотом.

— Өптүрөм байкеси, өптүрөм.

Экөө ушундай жагымдуу маанайда жолугушту. Аллеяда бирге басып баратып тамашалашат. Кубалашып ойной кетет.Тамаша сөздөрдү айтып каткырышып калышат. Чынында Света өтө шайыр, ичине эч нерсени сактай албаган ачык кыз. Анан да бой көтөрбөй, ууртунан күлкү төгүлгөндөй жаркылдап жайнайт. Сылык сыпаа илбериңки мүнөз, уккулуктуу назик үнү Мисирди таң калтырбай кое алган жок. Ушунун баары жүрөгүнө жылуулук сээп, биротоло сыйкырланып калгандай болду. Эми Светасыз күн күндөй болбой, түн түндөй болбой кала турганын кыздын жанында туруп жүрөгү менен сезип жатты.

— Анда тойду эртелетейинби?...

— ..........

Мисир кызды автобустун аялдамасына чейин жеткизип, жылуу коштошушту.

Светанын атасы Иван Сергеевич шаардагы мединститунун ректору экен. Апасы педагогикалык илимдерди кандидаты, доцент. Света ушундай илим, билимге канык үй бүлөдө тарбияланган уулдан кийинки жалгыз кыз. Мисир бул жөнүндө уккандан бери Светаны айтсам урушуп экинчи кызга жологус кылып коебу деп корунуп жүрдү. Андай ойдо болгон менен Светага ашык болгондон кийин кайда качат. Акыры Света менен үйгө кирип барды. Стол үстүндө үчөө отурган экен. Бирөө кечээ жакында Москвадан атайы учуп келген жеңеси.

Экөө эмне айтаарын билбей босогодо туруп калышты.

— Апа, мен айткан жигит ушул. Аты Мисир. Кыргызстандык.

Үйдүн ичи чымын учса угулчудай тынчтык бир саамга өкүм сүрдү.

— Эмне туруп калдыңар. Отургула.

— Иван Сергеевич, Света экөөбүз бири бирибизди жакшы көрүп калдык баш кошоюк дедик эле.

— Анын баарын тиги келинибиз Мария айтып койгон. Көп кабатыр болбой биздин катарыбызга отура койгула. Биздин үйдө бирге болгонуңарды элде мурун белгилеп коелу.

Иван Сергеевич Света айткандай улутчул да эмес экен. Света менен Мисирди карыш жылдырбай Марияга тамак жасаттырып столго арактын түр-түрлөрүн коюп тээ түн бир оокумга чейин чер жасыша отурушуп, эртеси күнү эле той өткөрүү үлпөтүн өткөрүүнү чечишти...

Света Мисирдин көңүлүн калтырбаган, жанга жагымдуу жароокер жар болуп чыкты. Өмүрдүн таттуулугун, кызыгын жарынын ошондой асыл сапаттарынан көрүп ичинен сүйүнүп жүрдү. Карачы тагдыр өмүрлүк жарыман да, бокстук өнөрүмдөн да кенен жол ачып берди. Мындан бөлөк кудай таалам кандай бакыт берет мага. Мен чексиз бактылуумун,— деп сыймыктана түшөт, чарчанып чаалыккан машыгууларды өткөрүп кыйналган күндөрүндө да.

Ошентип жүргөн күндөрдүн биринде Мисирге кат келип калды. Анда минтип жазылыптыр.

“Балам Мисир, мен сенин атаң болом. Турмуштун айынан сени балдар үйүнүн жанына таштап кеткем. Сени издеп барбаганым да чын. Арактын артынан жүрүп алкаш деген атка конуп, андан арылганыма эки жыл болду. Апаң учук ооруудан али күнчө айыга элек. Биздин көзүбүз барда бир келип кетсең мен эмес урук туугандарыбыздын баарын сүйүндүрүп койбойт белең.

Сен атактуу боксер болуп кетиптирсиң. Мен эмес бүтүндөй кыргыз эли сыймыктанып жатат. Алар сени макташса төбөм көккө жеткенсип калам.

Сенин чын атың Мисир эмес Мүнүр. Муну балдар үйүндөгүлөр адашып жазып койсо керек. Мурда менин балам экениңди күмөн санап жүрсөм эми башка эмес өз балам экениңди ишенем”.

Атаң Абдырахман.

Мисир окуп бүткөндөн кийин баарын Светага айтып берди.

— Андай болсо жакшы болуптур, барбайлыбы Мисир.

— Эмне деп барам. Мени карабай талаага таштап кеттиң эле. Жетимдик жыргал экен. Жыргап жашадым. Миң бир ирет рахмат деп, тим эле шумдуктай ыраазымын деп барамынбы. Андай ата-энени ылайдан жасап эшигимдин алдына тургузуп алам.

— Мисир анча каттуу кетпегин. Кандай деп, эмне десең да алар сени жарык дүйнөгө алып келген адамдар. Эч болбосо бир көрүнүп, таанышып коюушуң керек.

— Чын, чынына келгенде алар менин чыныгы ата-энелерим эмес. Менин аброюма, байлыгыма кызыккан бир шылуундар болсо керек болжолумда. Мен бул катка ишене албайм. Алар бул дүйнөдө бар экенине да ишене албайм.

Экөө көпкө чейин талашып тартышып бир жыйынтыкка келе алган жок. Бирок арадан көп убакыт өтпөй эле дагы ошондой маанидеги кат келип калды. Каттын аягында мындай деп жазган кошумча сөзү бар:

“Балам көзүбүз өтүп кетсе бизди таптакыр көрбөй каласың. Бизден кеткен каталыктар болсо кең пейилдик кылып кечир.”

— Бул дагы атаңданбы?— деп сурай калды Света.

— Ооба тынчтык бербейт окшойт.

— Баралы Мисир. Мен Кыргызстанды көргүм келип жатат,— Света жароокерлене Мисирдин мойнуна асылып бетинен чопулдата өбө кетти,— Барайлычы э-э. Макулсуң э-э?

— Сен айткандан кийин бүттү да, жаным. Светаны так көтөрүп айлантып жатты.

— Э-э-й Мисир, койчу башым айланып баратат...

Мен атаңмын деген кишинин үйү кичинекей айылдын кылда башында экен. Аны да канча убара болуп жүрүшүп зорго табышты. Эшиктин астына келип машинаны токтоткондо жепирейген жер тамдын эшигин чыйк— чуйк эткизе ачып бир аял чыга калды. Жүдөө. Жоолугун кашына чейин түшүрүп байлап койгон. Жоолуктун чекесинен чыгып турган таралбаган буурул чачтары турмуштун запкысын тартканынан кабар бергенсийт. Ал кайра үйгө кирип:

— Эй, Абдырахман, эшикке бирөөлөр келди. Бирөөсү орус кыз экен.

— Аты жөнүн сураган жоксуңбу? Мүнүр болуп жүрбөсүн?

— Ээ кудай, Мүнүрүм болуп калса кана...

Экөө эшик талаша атып чыгышты. Абдырахман сөзсүз балам болуш керек деп мойнунан кучактай:

— Сен Мүнүрсүң. Менин баламсың. Балам экениңе эч күмөнүм жок. Эмне мостоесуң!... Мени карачы, апаңды карачы. Окшоштугубуз бар бекен сага?...

— Чын эле Мүнүр турбайбы, айланайын алтыным ай, аман-эсен тура. Батма апа эми гана эсине келгендей Мисирге жармаша калып буркурап ыйлап жиберди. Мисир дале мисирейип турду. Жүрөгү аларга жылыр эмес. Анын үстүнө ата-энеси экенине толук ишенбейт. Ишенген күндө да багып какпаса, балам деп эркелетпесе, эне мээримин, ата сүймөнчүлүгүн көрбөсө асмандан түшө калгансып эми эле чыга калса аларга эмне дээрин билбей турду. Анткен менен Мисирдин боору таш жагы жок, боорукерлик жагы көп эле.Ошол боорукерлиги баарын жеңди окшойт, экөөн эки колтугуна кучактай калып:

— Ата, апа баары турмуштун айынан болгондон кийин баары кечиримдүү. Кудайым силерге өмүр берип, көп жашатса экен,— деп ийиге түштү.

— Балам, кичинекейиңде оң ийниңде бир кал бар эле. Ал эмдигече чоңоюп калган чыгар.

— Ооба ата, туура айтасыз. Ал кал оң ийнимде. Буурчактай болуп калган.

Бул кабар кичнекей айылдын баш аягына жетти окшойт, эл дүйнөлүк боксерду көрөбүз деп дүрбөп, тамдын айланасына чогулуп калышты.

— Айланайын калайык калк! Өзүңөр билесиңер бир кезде турмуштун түз жолунан адашып, өз канымдан жаралган баламдан да ажырап калган элем. Мына ал табылды. Чыныгы аты Мисир эмес Мүнүр. Ошон үчүн менин балам экенин билбей жүргөм. Эми мына аты адашса да, өзү адашкан жок. Киндик тамган жерин таап келип отурат.Аман болуп, иши бийиктей берсин, колуңарды жазып оомийин деп койгула,-деп Абдырахман ата сүйлөп бүтөрү менен үндөр жаңырып кетти.

— Оомийин!

— Омийин!

Элдин көбү тарап, Абдрахман атанын жакындары калышты. Алар көпкө кызуу сүйлөшүп анан тарап кетишти. Света болсо арыраакта эле агып жаткан чоң суунун жээгинде отуруптур.

— Кокуй, келинибиздин жанында эч ким жокко. А-а-ай, Света, аякта эмне кылып жүрөсүң? — деп келинин кол булгалап чакырды. Үйдө дасторкон жайылуу экен. Же стул, стол жок, кийиздин үстүнө бир кабат төшөктү салып коюптур. Света мындай жерде отуруп тамак жеп көргөн эмес. Анын үстүнө кандайча оңтойлуу отурарын билбей, акыры бир колу менен жерди таяна, бутту сунуп жиберди.

— Кокуй антип отурбайт, мына минтип отурат,-деп көрсөтө кетти да,— азыр аялдар келет,— минтип жоолук салынып, минтип жүгүнөсүң деп үйрөттү Батма апа. Арадан көп деле убакыт өткөн жок. Аялдар топурашып киришип, топуратып чачыласын чачып киришти.

— Божемой, койгулачы, башыма тийип жатат,— деп Света башын колу менен жаба салып, эшикке качып чыккысы келип отурду. Бирок чыга албады. Батма апа кыска тигилген көйнөгүнүн этегинен кармай калып, тынч отур дегендей тартып калат. Келген аялдардын бири да кур эмес. Башына жоолук салып, көйнөккө деген болуп, мата — кечелерин таштап кетет. Булардын каада салты кызык экен,— деп ичинен ойлонуп коюп отура берди Света.

Кеч кирип баратты. Опур-топур басаңдабай кайра көбөйүп кеткенсиди.

— Үйгө келинди соксойтуп отургузуп койбой, бир кыздыбы, бир келиндиби кошуп тиги Алыбектин үйүнө апарсаңчы Батма. Бул жерге эми аксакалдар келишет,— Абдырахман ата келининин үстүнө кире албай, терезенин жанына барып заңкылдады.

Мисир ошол жерде жүргөн туугандары менен мал союшуп, тамак даярдашып, келгендерди тосуп, кайра узатып түнү бою тынган жок. А Света болсо жаңгыз бир бөлмөдө жатып Мисир качан келер экен деп ойлоп жатып уктап кетти.

Корооз кыйкырып, иттердин ав-авлаган үндөрү, мечит тараптан молдонун азан айтканы Светаны ойготуп жиберди. Күн чыгып чыкпай көчөдөн өтүп бараткан койлордун маараганы, уйлардын мөөрөгөнү угулду. Шаарда кыйма— чийме өткөн машиналардын дүрүлдөгүнөн кутулуп, мында тынч жашоо болор десе мында да тынчы жок дүйнө бар турбайбы деп ойлоп койду өзүнчө.

Эшикке чыкты. Бийик-бийик тоолор айылдан бир чакырым алыстыкка жетпеген аралыкта турат. Тоо боорунда өскөн түрлүү түстөгү гүлдөр ушул жерден эле көрүнөт экен. Ошоякка, андан да алысыраагына баргысы келди. Мисирди тиги үйүнүн тегерегинен карады. Ат союп жаткан жерден көрдү. Түз эле Мисирдин жанына барып, касапчылардын кыймыл аракеттерине кызыга карап турду. Алардын бирөө спортивкачан, көкүрөгү ачык көйнөкчөн келинди көрүп күлүп жиберди.

— Мисир, алдагы келин аерде эмне туру?— деп Абдырахман ата тээ алыстан үн салды.

— Тоого чыгайыкбы деп жатат ата,— жооп кылды Мисир.

— Бар. Барып келгиле. Элди чакырып тойчук бергенче али көп бар.

Кара жумуштан, же азыркыдай тиричиликтен алыс өскөн Мисир атасы бул түйшүктөн куткарып койгонуна сүйүнүп кетти.

Жол тоонун этеги менен сууну жээктей кете берет экен. Анын аягы түгөнөр эмес. Суунун четиндеги бадалдар да дал ошондой. Сууну жээктеп түгөнбөйт.

— Ө-ө--х, — деп отура калды Света андан ары басканды каалабай.

Отурууга көрпөдөй көк шибер, тегереги жайкалган түрдүү гүлдөр эле. Света бул кооздукка бөлөнүп рахаттана түштү. Көңүлү эргип, чалкасынан түшүп, асмандагы аппак пахтанын үзүндүсүндөй болуп жылып бараткан булуттарды кызыгуу менен карап жатты. Гүлдөр салкын желге ыргалды. Бети башты аймалап жыпар жыт сапырыла каңылжаарга жете өрдөдү. Табийхаттын мындайда таасири күчтүү окшобойбу. Башын көтөрө калып Мисирди карады. Ал бир тутам гүлдөрдү терип алыптыр. Аны Светага суна койду.

— Эх, кандай жытту гүлдөр!

— Сен мындан да жыттуусуң Света.

— Чын айтасыңбы?

— Чын эле.

— Чын болсо мени карачы.

— Карадым.

— Көзүм күйүп турабы?

— Күйүп турат.

— Табият таасир бердиби сага да?

— Берди.

— Анда сен эмне кылышың керек?...

— Света, мен келатканда эле түшүнгөм.

— Түшүнсөң, кана... Кел...

— Жөнчү. Какыраган жерге күнүбүз түшүп калыптырбы?...

— Сен дайыма ушундайсың,— деп Света таарынгандай ордунан туруп өйдөгө кеткен жол менен басып кетти. Мисир жарым сааттан ашык чөптүн үстүнөн тургусу келбей ооналактап жатты. Түнү менен уктабаганы денесин шалдыратып коюптур. Бир убактан кийин гана Света мынча эмне жоголуп кетти деп ордунан туруп эки жагын карады.

— Света-а-а!-деп тоо жаңырта кыйкырып алды. Светадан жооп болбоду. Жол менен бир топ жерге өйдөлөп барып келди. Эч кандай караан көрүнбөйт. Көз мелжиген тоонун боору менен өйдөлөп чыгып, бир таштын үстүнө отурду. Бул жерден кокту колоттор, тиги суу жээктей өскөн бадалдар, шаркырап аккан суунун тиги жана бул жээги алаканга салгандай көрүнүп турат. Баары көрүнгөн менен Светаны карай берип көзү талыды. Кандайча жок болуп кетет? Бул ортолордо жүрсө көзгө көрүнөт эле го. Таарынтып албадым беле. Ызаланып же суу ичейин дегенде сыйгаланып сууга түшүп кеттиби? Ушуларды ойлоп жүрөгү оозуна кептеле түштү. Ылдыйга түшүп сууну карап турду. Тоодон түшкөн суу тулпардай атырылып, көбүк чача, күркүрөп шаркырап агып жатат. Бул суу адам эмес төөнү да ала салдырып, таштан ташка жанчып, күм-жам кыла тургандай.

— Света-а-а! Света-а-а-а-а...

Тоо кошо жаңырды. Тоонун тиги бетинен кекиликтердин үн алышып сайрагандары угулду. Аны Мисир таң кала кулак төшөп укканы менен кайра эле Светанын көрүнбөгөнү жүрөгүн жанчып, башын оорутуп баратат.

— Света-а-а! Света— а-а!— деп заңкылдап кыйкырды,— мен эми сенин айтканыңдын баарын орундатам. Келчи. Көрүнүп койчу жаным.

Света көптн кийин гана калың бадалдын ичинен суурулуп чыгып тамашалаганын ойлоп күлүп жиберди. Мисирдин баятан берки күйүп бышканын оюна да кирип чыкпай жол менен келатты.

— Ө-ө-өх!— деп жанын колуна кармап отурган Мисир жеңилдене түштү. Ошол замат Светага жете барды да, бүркүт коенду алгандай баса жыгылды.

Айылга келгенде:

— Ыраса убакты келбедиңерби,— деп Батма апа алдыларынан тосуп чыкты.

Элдер агылып келе баштады. Келгендер эле Мисир менен учурашат. Кандай чемпион. Биз сени дайыма телевизордон боксташканыңды көрөбүз.Азаматсың. Бирок сенин биздин айылдын кулуну экениңди билбептирбиз да. Эмки беттешүүңдө кайсы жерде болбо, айылыбыз менен көчүп барабыз дешип жатса, Мисир өз жериңдин топурагы алтын турбайбы деп ойлоп койду.

Эл дүрбөп барып ары жактагы тегизге топтолушуп калышты. Мисир эч нерсени түшүнгөн жок. Элдин арасынан аппак сакалын жайкалткан, узун бойлуу аксакал чыга калды.

— Бери кел айланайын балам,— деп Мисирди ортого чакырып алды,— сенин ийгилигиң муногу турган сенин ата, агайин-туугандардын ийгилиги. Андан да кандай кубаныч, кандай сыймык.Биз эмес бүтүндөй кыргыз журтчулугу сыймыктанат. Сенин оң кулагыңа да, сол кулагыңа да айтаар сөз бар. Биз көргөнү Росиянын гимн ойноттуруп, Россиянын желегин бийикке көкөлөтүп келатасың. Ошол жерде табияланып, ошол жерден өнөрүңдү өркүндөтүп ушул даражага жеттиң. Бир жагы аның да туура, бир жагы россиялыктар менен аралаша жашап боор тартып калганбыз. Ошондой болсо да эмки беттешүүңдө кыргыз желегин бир желбиретип коюуңду суранат элек.

— Ошент Мисир!

— Ошент Мисир!

Жаштар ортого келип Мисирди өйдөгө ыргытышып:

— Биздин Мисир чемпион!

— Биздин Мисир чемпион!— деп жатышты.

— Болду балдар. Токтоткула,-деп буйрук бере сүйлөдү жанагы аксакал. Жаштар өз-өз орундарына туруп калышты.

— Ата салты ушундай Мисир балам. Сендей атагы чыккан балбандарын кур койчу эмес кыргыз эли. Биринчи бул калпакты башыңдан түшүрбөй кийип жүр. Чепкен бороон чапкындаган бороондон, жаан чачын күндөрдө жаан чачындан сактап жүрсүн,— деп кийгизип бүтөр менен ары жакка кол булгай калды.

— Эми бул тулпардай болуп ар бир мелдешиңде байгени бербей жүр. Урган сайын муштумуң күчтүү болсун деп бул камчыны тартуулайбыз. Аны унутпай үйүңдүн бир бурчуна илип кой. Келинчек алып бактылуу жашап жатыптырсың, колуңа куш кондурайлык. Боосунан бекем карма. Бош кармап учуруп жибербе. Анда коломтоң аңгырап, үйүңдөн береке кетип калат. Эми эмне дейли калайык калк. Балабызга бата берип коелу, алаканыңарды жайып койгула.

— Балам, колуңдан тап кетпесин, башыңдан бак кетпесин, ойлоруң желдей болсун, пейилиң көлдөй болсун, максатка эрте жеткин, бүркүттөй шаңшып өткүн, жакшылык жасап өткүн, элим деп жашап өткүн, Манас ата колдой жүрсүн, ишиңди оңдой жүрсүн.

— Омийин!

Света кыргыздын мындай каада салтын өмүрү көргөн эмес. Бир жагы кызыга, бир жагы таңдана карап туруп, анан үйгө кирип кетти.

Мисир Краноярскийдеги үйүнө келгенде ага дагы бир кат келип калыптыр. Аны Света ичин ачпай Мисирдин колуна карматты.

“Мисир, сүйүнчү, сен балалуу болдуң. Атын Болот койдум. Эмнеден экенин билбейм, ээгинин бармактай жеринде кара так болуп төрөлдү. Жаны аман болсо ал эч нерсе эмес ко. Жөн эле тагдыр экөөңөрдү тогоштурса, билип ал дегеним го. А мен жөнүндө эч нерсе ойлонбой эле кой. Турмушка чыгып алгам.”

Сенин Айжаның.

Каттын кайдан жана кимден келгенин Света кызыга сурады эле, атамдардан келиптир деп тим болду.

Кудая шүгүр, Мисирдин жашоо шарты көптөрдөн өйдө болбосо кем эмес. Хандын сарайындай үйү, дачасы бар. Кымбат баадагы машина сатып алган. Кайда барам десе, барат. Жолдон тосуп жолто болгон гаишниктерди көрө элек.Тоскон күндө да:

— А-а, бул чемпион турбайбы,— деп чест берип жылуу узатышат. А Света болсо Мисирге турмушка чыккандан бери эч жерде иштебейт. Үй иштери менен алек болуп, кээде Мисир менен машинага түшүп кыдырып кетет. Жакында Мисир ага айттырбай эле жаңы машина алып берген. Эми ал айдайм десе айдап, барам деген жерине каалаган убагында кете берет. Көбүнчө атасыныкына көп каттайт. Алар да из суутпай келип турат. Тилегендери эле күйөө баласы менен кызынын амандыгы. Кайнатасы Иван Сергеевич Мисир жөнүндө жакшы сөздөр угуп калса көөдөнүн көтөрүп сыймыктанып калат.

Баса, Виктор апасы экөө бир жашайт. Виктор бокстан жолу болбогондон кийин электр жагына окуп кеткен. Бул жагынан андан өткөн мастер жок. Табыштуу, оокатуу болгондуктан Мисирден эч нерсе сурабайт. Берсе да албай коет. Ксеня өз апасындай болуп калгандыктан Мисир Света экөө белекке деген болуп анын көңүлүн көтөрө турган ар нерселерди алпара берет. Светаны тим эле жакшы көрөт. Кетпе, мени менен бол дей берет. Виктор аял албай жүрөт. Күндө үч маал какшайм. Сендей эле келиним болсо кудайга миң мертебе ыраазы элем дейт. Анан үшкүрүнө, жашым да келип калды, эч болбосо келинимди көрүп өлсөм арманым жок эле деп армандай берет.

Максим Трофимович Мисир келгенден бери машыгуулар азайып кетти деп кабагы ачылбай капа. Күчтүү боксерлор көбөйүп баратат.Минтип жүрсөк чемпиондукту алдырып коебуз. Анан ага жетип көр. Баса, Сергей Клименко үч каршылашын артта калтырып, жакынкы айлардын ичинде америкалык Жек Кени менен чыгат экен. Жеңгени сенин чемпиондугуңду талашат.

— Семендун баягыдагы жеңилиши эси көөнүнөн чыгып кетпептирби. Ал шүмшүк Жекти жеңип мени менен чыкса экен. Тим эле тери ийлегендей кылбасамбы.

— Антип мактанба Мисир. Ал сени оңой эле ийлеп коюшу мүмкүн. Бир пайыз талант болсо, токсон тогуз пайызы эмгек менен адам максатына жетет. Мүмкүн ал ошончолук даярдык көрүп жаткандыр. Өткөндөгү беттешүүлөрү күчтүү боксерлордун катарына кошуп койду. Эмки каршылашы Жекти билесиң, 12 беттешүүсүндө жетөөн накаут менен бүтүргөн. Ошон үчүн Мисир катуу даярдык керек. Жалаң муштумга ишенип отурсаң жеңилип каласың.

Максим Трофимовичтин айткандарын эки кылбай орундатып келатат. Азыр эмне укпай коймок беле, баарына макул болуп машыгууларды жан аябай өткөрө баштады.

Ошол арада Ксеня апа катуу ооруп калып о дүйнө салды. Мисирдин жүрөгүнө тийген зор сокку болду. Канча айткан менен өз апасынан өйдө асырап, бапестеп бакты. Тентектик кылып койгондо кол көтөрмөк турсун тил тийгизген жок. Пейли кенен, колу ачык, жамандыкка барбаган, кимге болсун жакшылык тилеп жашаган жанда жок адам эле. Түн уйкусунан кетип, уктаса каяктагы коркунучтуу түштөрдү көрүп, кыйналып жүрдү көп күнгө чейин Мисир. Ушундай учурда бокска эч ким, эч жактан чакырбаса экен деп тиледи кудайдан. Анткен менен Жек Кени менен Семен Клименконун беттешүүсү так аныкталып, күнү, саатына чейин белгиленди. Максим Трофимович Мисирге бир нерсе айта салып, болбос жерден жүрөгүн оорутуп албайын деп машыкпай койгон күндөрүндө да унчуккан жок.

Мисир машыктыруучусу менен базарга чыгышып, жаңы чыккан спорттук кийим кечелерди, спорттук товаларды карап жүрүшкөн. Ары жакта эл топтошо калганын көрүшүп экөө тең алардын жанына басып барышты. Эки адам эки корооз кармашып турушат. Тургандар да эки бөлүнүп алган. Ортодо акча чогултуп жүргөндөр да экөө.

— Силер кайсы тарапта болосуңар? Кана 500 рублден таштагыла.

— Кое тур жигит, элде мурда кайсы короозго күйөрман болорубузду тандап алалы. Чаар топучан жигит акча сала турган баштыкчасын көтөрүп ары басып кетти.

— Кызыл корооз чапчаң көрүнөт, ошого күйөрман бололу Максим Трофимович.

— Жок, чаар корооздун буттары балпайып, алибеттүү болуп турбайбы.

— Жок, Максим Трофимович кызыл короозго өтөлү. Эгер ал жеңилсе, анда келерки беттешүүмдө менин жеңилишим дей бериңиз.

— Сен магияга көп ишенесиң, аныңды мен такыр жакшы көрбөйм, такыр жактырбайм.Реалдуу турмушка ишенүү керек. Бул жерде эки корооз урушат. Жеңгени жеңет, жеңилгени жеңилет. Аны төлгө кылууга эч болбойт.

— Жок, Максим Трофимович мен төлгө кылам. Эгер кызыл корооз жеңилсе анда мен рингге чыгат деп ойлонбой эле коюңуз. Ал мага берген аяны.

— Антип айтпагын Мисир, кызыл корооз жеңилсе да сен рингге чыгасың!

Корооздун ээлери эки короозду кое беришти. Эки корооз а дегенде эле катуу салгылашууга өтүштү. Канат жая тебишип, бүкчүйө бирин бири карап калат.

— Таң калбагыла туугандар биринчи раунд буларда да ушундай болот,— деп ортомчу болгон судья карап тургандарды дуу күлдүрүп койду.

Чаар корооз кызылдын жанын коер эмес. Тепкенде да таамай тээп, кызылды мүдүрүлтө коет. Максим Трофимовичтин жаны чыгып:

— Айтпадым беле Мисир, айтпадым беле Мисир,—  деп улам кайталап айта баштады.

Мына чаар корооз кызылдын ээк тажысын бекем тиштеп, өзү менен кошо айландырып кирди. Ал тараптагылар дуулдата кол чаап жиберишип, качан кызылды алсыздандырып качыра берер экен деп тирмийип карап турушту. Кызыл, чаар корооздун кычкачтай тумшугунан кутулган менен ээк таажысы канталап калды. Тебишип, бири-бирин чокулашып отуруп экөө тең энтиге чарчап калышты. Ээлери корооздорун дем алдырышып, оозуна суу куюшуп үстүнө суу чачып коюп жатышты.

— Менин короозум экинчи раунга жеткизбечи эле, эмне болуп жатканын билбейм, карачы узарып кетти,— деп чаар корооздун ээси күңкүлдөп калды. Кызылдын ээси менин короозум мындай эле, тигиндей эле деп ооз да ачкан жок.

Эки короозду кайра кое беришти. Бир аз тебишкенден кийин чаар, кызылдын кылтыйып чыгып турган таажысына тумшугун матырып алып, кызылдын тартынганына карабай жакында кое бере турган эмес. Бул матырылган тумшук кызылдын мээсине чейин жетип жатса керекко, көзүн ачып жумуп анан:

— Кы-ыйк,— деп жиберди. Быякта туруп Мисирдин бүткөн бою титиреп кетти. Чын эле жеңилип калабы? Анда, анда менин жеңилишим.

Максим Трофимович да тилин тишине басып эч нерсе дей албай турат. Анын башында бир гана түшүнүк бар. Кызыл корооз жеңилсе Мисирди трос менен сүйрөгөн күндө да бокска барбайт. Ал бир айтпайт, бир айтса айтканынан кайтпайт. Мындай өжөрлүгүн аны менен бирге иштеп келаткандан бери жакшы түшүнүп, бул мүнөзүн түк туура көрбөй келатат Максим Трофимович.

Кызыл корооз эптеп жатып, тигинин тумшугунан бошонуп, таажысынан кан чыкканына карабай тебишүүгө өттү.Чаар экинчи ирет кызылды чокуй албады. Кайра кызыл каршылашынын таажысынан бир чокуп калды эле, кан чыга түштү. Экөө тең өпкөсүн кагып калганда ээлери токтото койду.

— Эми корооздор чарчап калды. Байгени тең бөлүшүп тим койбойлубу,— деди чаар корооздун ээси.

— Жок, уруштурбай койсок болот эле. Эми до конча,— деп кызыл корооздун ээси орус аралаштыра сүйлөп сөзүнө бекем туруп алды.

— Эми туу-угандар, үчүнчү раунд,— деп ортомчу болгон тамашакөй жигит элдерди дагы бир ирет күлдүрүп алды.

Чаар корооз бүт дареметин жумшап койгонбу, же жана таажысы катуу чокулуп калганбы үстөмдүгүн кызыл короозго алдырып койду. Кызыл, чаардын дал чокуган жеринен кайра чокууга үлгүрдү.

— Кыйк, кыйк. Кыйк.

Кызыл каршылашынын таажысын канжалатып, жакында кое турган эмес. Чаар корооздун ээсинин жаны чыгып кетип, кандайча урушуп жаткан корооздордун жанына барып калганын билбей калды.

— Түт! Түт! Кызылды чоочутуп, тумшугунан ажыратайын деди эле, ортомчу анын костюмунун этегинен тартып ордуна отургузуп койду.

— Эрежени бузгандыгы үчүн Маматжан акага 500 рубл штраф,— деп ортомчу судья элге жарыя кыла салды.

Кызыл корооздун өжөрлүгүнөнбү чокуган жерин түк кое бербей койду. Ал турсун эбин таап үстүнө чыгып оңтойлонуп отуруп алды. Чаардын таажысынан аккан кан көзүнө жакындап баратты.

— Укмушуң кургур о-о-й! Ушундай да болот экен э-э-э, — дешип таң калышып карап турушту тургандар.

— Жеңишти кызылга бериш керек.

— Чаардын күчү бар али. Кое туралы.

Кызыл тиги такыр кыймылдабай жатып калгандыктанынанбы үстүнөн учуп түштү. Чаардын башы айлана түшкөнбү ордунан калтаңдап зорго турду. Турары менен кызылдан катуу соккуну жеп чалкасынан жыгылып, буттарын асмандата тыбырчылатып жатып калды.

— Жеңи-иш!— деп кыйкырып жибергенин билбей калды Мисир.

Кызыл корооз Мисирдин чөгүп жүргөн көңүлүн көтөрүп койду. Анын үстүнө Светанын жаркылдап жайнап турушу Ксеня апаны эстен чыгарууга кадыресе дем. Демек машыгууну солгундатпай, бир ай болобу, бир жылга созулабы эч бир токтотпой күчөтүү керек. Мисирдин бул оюн ырастап, Максим Трофимович да тыным албай машыктыруунун үстүндө болду.

Даярдык катуу жүрүп жатканда Семен Клименко Жек менен чыкпай эле жеңишти Жекке бере тургандыгын басма сөздөр жарыя кылып жиберди. Бул басма сөздөрдүн жаңылыштыгы эмес, чындык болуп чыкты.

— Эх, саткын ал акчага сатылды.

— Жок Мисир ал куулук кылып жатат. Жек Кени сени жеңсе, ошондо ал аренага чыга калат.

— Менден коркуп жатабы?

— Мүмкүн. Сени менен мушташканча Жек менен мушташуу аз болсо да жеңилдикке турат.

Жек Кени өзүнүн бул артыкчылыгын кое берген жок. Чемпиондук курдун ээси Мисир Абдрахмановду ошол эле америкадагы Вашингтон шаарына беттешүүгө чакырды. Мисир тайсалдаган жок. Кантип тайсадайт, бул кур түбөлүктүү эмес да. Күчтүүнүн күчтүүлөрү гана ээ болуп турат.

Вашингтондо эрте менен күн жаап, түшкө жакын күн ачылып кетти. Стадиондун ичине эл батпай, отуруу эмес турууга орун жоктой.

Мына Мисир айылынан кийип келген ак калпак, ак чепкенин кийип рингге чыкты. Стадиондогулар жапырт тура калышып дүңгүрөтө кол чаап жиберишти. Анткени мында отурган бокстун күйөрмандары Мисирдин кандай боксер экенин жакшы билишет. Бир жагы Мисирдин башкача кийинип чыкканына мындагыларга кызык көрүндү.

Кыргызстандын жана Американын гимни жаңырды. Алып баруучу ар бир боксчу жөнүндө айтып түшүнүк берди. Ортомчу судьянын үнү катуу чыкты.

— Бокс!

Жек Кенинин бою Мисирге караганда жапыс болгон менен мойну дөңгөчтөй жоон, эки ийни да, булчуңдары да буржуят. Буга чейин ошол буржуйган булчуңдардын жардамы менен далайлардын эсин оодарган. Эми да ал ойдон алыс эмес. Илбирстей аңдып, коргонуу чегин кандай бузуунун амал айлаларын ойлоп жатты Жек. Өзүнө тийген анча мынча соккуларды сөз дебей, ичке кирип барып, Мисирди эки курдай согуп калды.Улам үстөмдүгүн көрсөтүп алдыга жүткүнүп Мисирди бир сокку менен кулатууну ойлоп коет. Бирок Мисир да техникалык жактан болобу, күч жагынан болобу оңой атаандаш эмес эле. Улам соккусунан буйтап өтөт. Бирок Жек амалдуулук кылды. Акыры канаттын бурчуна кептеп алууга үлгүрдү. Жаңы гана бокс башталып, Жектин күч энергиясы зарптала электе Мисирдин минтип туруп калышына Максим Трофимович ичине чок түшкөндөй күйүп бышып кетти. Жек оңтойсузданып калган Мисирге эки оор соккуну узатып жиберди. Мурда мындай болуп көрбөсө да азыр мурдунан кан токтобой агып калды. Доктор аны тазалап кайра оюнга кошту. Сокку катуу тийгенин, бирок аны көтөрүп кеткенине Жек таң калды. Башка беттешүүлөрдө мындай соккуларды “жегендер” жер сыйпалап калар эле.

— Өзүңдү кандай сезип жатасың?— деп сурады Максим Трофимович.

— Катуу тийип калды. Раунд бүтүп калганы жакшы болду.

— Эми сак бол. Калыбыңа келгенче коргоно тур. Анан тигиден качпай чабуулга өт. Айтып коеюн сол колду үч жолу жумшап, төртүнчүсүндө оң колуңду.

Экинчи раунд...

Чоң ишеним менен чыккан Жек жан талаша мушташууга кирди. Тапыратып урганынын кайсынысы күчтүү болгонун четте отурган судьялар билбесе күйөрмандар тиги кыргыз жигитти ийледи го деген ойдо дуулдата кол чаап жиберишти. Буга Мисир муюган жок. Чынында эле Жектин коргонуусу күчтүү экен. Мисир анын коргонуусун эч буза албай, же бир соккусун жөнөтө албай арманда. Ал күчөгөндөн күчөп баратат. Он сокку жеп шалдырай түштү Мисир.Раунддун жармысы өткөндөй болду. Жектин таблодогу очкосу жайнап кетти.

— Сага эмне болгон Мисир! Көзүңдү ач!— деп кыйкырып жатты байкуш Максим Трофимович. Аны угуу кайда, кулактары чуулдап, башы маң болуп, акылы качан ордуна келерин билбей жатты.

— Миси-и-ир! Светанын үнүн укту. Ал кантип келип калганы белгисиз, Максим Трофимовичтин жанында турат. Света ушул сапар да дем, күч бергенсиди. Жек болсо раунддун акырында бир катуу соккуну жөнөтүп алайын деп атырылып келатканда Мисирдин муштуму кандайча былч,былч деп тийгенин билбей калды. Мисир болгону эки сокку урганы менен жүрөгүндө зор ишеним пайда болуп, дем алууда чыйрала түшкөнүн сезди. Өткөн жылы эле барып келип таанышкан туугандарынын жүзүн тиги трибунанын алтынчы катарында отургандарын көрдү. Ышкырып, кыйкырышып жатышат.

— Мисир сени мененбиз! Сок! Аяба!...

— Ура-а-а! Мисир жеңет.

Корооз менен адам баласынын эрегиш мушташы окшош турбайбы. Байкуш чаар корооз жеңүү үчүн кандай жан талашты эле. Бирок кызыл аябагандай күчтүү экен да.Акырында үстүнө чыгып отуруп алганын айтпайсыңбы деп ичинен ойлонуп жатып, өзүн өзү токтото албай күлүп жиберди.

— Көңүлүң көтөрүңкү го Мисир. Сага эмне болду?

—  Баягы корооздордун урушканын эстедим да.

—  Баятан бери мен да эстеп отургам. Максим Трофимович Мисирден беш бетер ыкшып жатып күлдү.

— Азыр үчүнчү раунд. Сенин төлгөң келеби?

— Мүмкүн. Кудайдан болуп кызыл корооздой жеңишке жетсем кана.

Үчүнчү раундга эч кандай мушташ болуп өтпөгөндөй Мисир рингге сергек чыкты. Жанагы эки муштумдун өчүн кайтарып, ал турсун ушул раундда бүтүрөм деген ой менен ачуун ташкындатат Жек. Бирок ар кимдин ойлонгону боло бербейт окшобойбу. Муштумун жаак талаштыра жөнөтөрдө Мисир андан ыкчамдык кылып ичке эки жолу уруп калды эле ыңк, ыңк дей түшүп ичин баса калды. Табарсыкка тийип калдыбы деп ортодогу судья дароо оюнду токтото салды. Жок жеңил накдаунд экен. Судья билип туруп унчуккан жок. Бокс кайра башталды.Мисир качырып барып бир соккондо артка чалкалай кетенчиктей түштү. Экинчи соккусу ээкке таамай тийип Жек чалкасынан жыгылды. Буттарын тыбырчылатып турайын деди эле туралбады. Бул чаар корооздун абалы Жектин абалына окшошуп кетти.

Европа, Азиянын жана дүйнөнүн үч жолку чемпиону Мисир Абды-ы-рахмано-ов!

Микрофондон айтылган катуу үн стадионго гана эмес, сыртта да жаңырды. Ортодогу судья Мисирдин колун көтөрдү.Стадион дүңгүрөп кетти. Өз элинде, өз жеринде жеңилген Жек уялганынан ордунан араң көтөрүлүп, бурчка барып, элди карай албай башын шылкыйтып турду. Максим Трофимович менен Виктор Мисирди колдоруна көтөрүшүп, рингди бир айланды. Мисир болсо алардын үстүндө бужуйган булчуңун, таштай түйүлгөн муштумун көрсөтүп сүрөткө тартылып жатты.

Жеңиш жана дүйнөлүк атак даңк жүгөн салдырбаган азоо аттай адамды көптүрүп да, өзүнөн башка кишини киши дебей акшыңдатып коет эмеспи.Эгер Мисирдин ордунда башка киши болсо дал ошентмек. Бирок Мисир таптакыр андай мүнөз жок. Бокста гана каардуу көрүнгөнү менен андан чыккандан кийин жөнөкөй эле манжапыс адам. Эл менен аралашып, эл менен баарлашканды жакшы көрөт. Бул интелегент, же бул бай, же бул кембагал экен деп бөлүп жарбайт. Баары менен бирдей мамиле кылат. Максим Трофимович Мисирдин ушул жагын баалап, “сенин айтканыңдан кайтпаганың болбосо, башка жагыңды жүз пайызга жактырам” деп калат.

Үйдө баары бар, жетиштүү болгону менен Светанын төрөбөй келатканы Мисирди ойлонтпой койгон жок.

— Качан балалуу болобуз,— деп калат кээде Светага.

— Эмнеге ашыгабыз. Али жашпыз,-дейт Света.

— Каяктагы жаштык. Жыйырма жетиге чыгып калбадымбы.

— Отузга чыкканыңда балалуу болсоң деле кеч эмес.

— Ай сен, дарыланып жүргөндөн соо эмессиң го дейм. Жашырбачы.

— Кайдан билип жүрөсүң,— Света Мисирдин мойнунан кучактай калып эркелей кетти, — эми мындан ары антпейм.

— Биротоло төрөбөй калабы деп жаным чыгып жүрсө, ой шайтандын кызы десе-е-е. Мисир сүйүнгөнүн жашыра албай Светаны алдына отургузуп алып бетинин эч жерин койбой өөп жатты.

Убакыт бат өтөт тура. Светанын оорлоп калганы көп болуп, төрөтүнүн күнү жакындап келатты. Өткөндө эки жолу барып доктурларга көрүнүп келген. Азыр эрте, кийин бир келип кет деген эле.

Ошол күнү Света эрте туруп алыптыр. Мисир кызуу уйкуда болчу.

— Мисир, мени доктурга жеткизип келбейсиңби. Света жылаач жаткан Мисирди адатынча кучактап, бетинен өөп ойготкусу келди. Мисир ныксырап, ары бери ооналактады да:

— Дайыма сен ушинтип тынчымды ала бересиң. Машинаң туру го, айдап кете бербейсиңби,— деп ордунан тургандан эринип койду.Ошондон эки саат өтпөй Света авариядан катуу жаракат алып ооруканага түшүп калганын кабарлашты. Светанын үстүнө доктурлар зорго киргизишти.

— Аялың менен коштошуп кал. Ал көз жуумп баратат,— деди медсестралардын бири.Чыны менен эле эч нерсени билбейт. Бир жолу гана көзүн жылтыратып ачты.

— Света-а-а! Көзүңдү дагы аччы. Мени укчу. Мени таштабачы... Сенден айрылсам кайгыда жүрүп өлөм. Кетпечи. Мени карачы, жаным...

Башы шылк эткенде өкүрүп өксүп ыйлады Мисир. Айласы кетип жер тепкилей баштаганда ошердегилер чогулуп калышты.

— Кайрат кыл жигит. Эми аны кайра кайрып ала албайсың. Жайын даярдагыла,— деп дарыгер сыртка чыгып кетти.

— Келинди кыргызстанга алып кетели. Сага да эртеби, кечпи өлүм келет. Экөөңөрдүн жаткан жайыңар жанаша болсун,— деп акыл салды Абдырахман ата.

— Жок ата, Света өз мекенинде эле кала берсин. Эгер тиги дүйнөдө чыны менен эле жашоо болсо, экөөбүз табышып алабыз,— деди.

Абдрахман ата менен Батма апа Светаны койгондон кийин да кеткен жок. Баласынын кайгысы экөөнүн тең жүрөгүн тилип турду. Анын үстүнө Мисир уйкусунан чоочуп көп ойгончу болду. Света, Светочка сен кайда кетип баратасың. Кое турчу. Мына, мына жетейин деп калдым,— деп колун созуп ордунан тура калат. Ушинтип жүрүп акыл эстен ажырап калабы деп ата-эненин жаны калсачы.

Кайгымды басамбы деп бир күнү Мисир кафеге кирди. Өзүнчө бир столдо ээн эркин отуруп арак ичип кызып калганда, жанына үч жигит отура калды.

— Биз сизди тааныбыз деди,—  тигилер,— сиз тамак албай эле коюңуз. Биз сизди сыйлайлы деп атайы келдик.

 — Эмне, менин акчам жок деп отурасыңарбы? Кана айткылачы, канча бөтөлкө ичүүгө кудретиңер бар. Авицантка кел бери. Столго баарын жайнат. Доллар десең, доллар мына, керек болсо бул кафени толугу менен сатып алам.

Мисир чөнтөгүнөн пачкасы менен акчасын алып чыгып столдун үстүнө таштап койду. Жигиттин бирөө ордунан тура калды да:

— Байке биерге мынча акчанын кереги жок. Азы эле кетет. Андан көрө ичип жеп отуралы. Сиздей чемпион менен бир отурган кандай сыймык,— деп тиги жигит акчаны чөнтөгүнө салды.

— Во, түшүнөт экенсиңер. Куйгула арактан, түнү менен отуруп арак ичебиз. А-а, силердин араңарда боксер барбы?

— Үчөөбүз тең боксербуз.

— Абдан жакшы болду. Кимиңер мени менен чыгасыңар?

— Курсакты толтуруп, арактан ичип алалы байке. Андан кийин күч сынашып көрөлү. Кана алып жиберели.

Тиги жигиттин алып жиберели дегени эле бүтпөй койду. Ошетип отуруп Мисир бокска чыкмак түгүл бирөөнүн бетинен шалпылдатып өөп жатканын бир билет...

Түшүндө Светаны кубалайт. Жетпейт. Кар баскан бийик тоонун үстүнө чыгып кетет Света. Жан талашып ага чыгып мына жетейин дегенде көздөн кайы болуп кетет. Албуут аккан дайрадан көрөт Светаны. Агып кетем деп ойлобой дайрага түшөт. Жетейин дегенде дагы көздөн кайым болот. Ушинтип кыйналып жатып ойгонуп көзүн ачты. Эки жагын карады. Жалаң бомуждардын арасында жатканын көрдү. Оңгондору жок баары апсайган-сапсайган. Экөө тиги жерде куса албай термелип турат. Жанында жаткан картаң киши:

— Сен чемпион Мисир Абдырахманов эмесиңби? Тиги ордунан туруп Мисирди карап калды,— заманың менен куруп кал э-э-эй, ушундай кишилер да түшөт экен ээ бул жерге.

— Аксакал, мен ал эмесмин. Анын инисимин.

— А-а ошондой дейм да.

Мисирдин башы айланып баратат. Тамагы кургап, суу ичкиси келген менен эч ким бир тамчы да суу таап бере турган эмес. Ары бери басып кайсалактай берген соң жанагы киши:

 — Арак бар. Ичип алсаң башың басыла түшүп, денең жайылып, жыргай түшөсүң,— деп стакан менен бөтөлкөнү шагыратып так Мисирдин маңдайына тура калды. Экөө эки стакан ичишти. Мисирдин башы басылбай эле кайра катуу ооруп, ал мээни кемирип кесип жеп баратат.

— Эшикте сизди кишилер күтүп жатат,— деди милиционер жигит кирип келип.

Сыртта Виктор менен Максим Трофимовичтер туруптур. Экөөнүн тең кабагы кар жаагандай бүркөк. Дулдуюп унчукпай келатып чөнтөгүн карады. Бир тыйыны да калбаптыр. Кечээги үч жигиттин кандайча жанына отура калганын ошондо гана түшүндү.

— Мунуң жеткен уят ко,— деп, анан күлдү Максим Трофимович,— солктуруучу жай жакшы бекен?

Мисирден жооп болгон жок. Үйгө түксүйүп кирип келгенде Абдырахман ата да, Батма апа да унчуккан жок. Кантсин күйүттөн го. Бир жолу мас болсо мас болгондур деп койду өздөрүнчө. Мисир да арак жаман жакка апарарын жакшы түшүнгөн менен отуруп отуруп ичи күйүп чыкканда, ал өрттү басам деп кайра эле ичип алат. Ал турсун өмүрүндө тартпаган тамекини оозунан түшүрбөй калды. Мисирдин мындан аркы келечеги кандай болорун Максим Трофимович да түшүнбөй, келет, аракты кой, тамеки тартканды ташта, машыгууну өткөрөйлүк, дүйнө эли аренадан көргүсү келип жатат дейт. Света менен менин карьерам кошо куруду. Мен эми чаар корооздой бутумду тыбыратып жаткым келбейт дей салат. Мейли аренага чыкпасаң чыкпа, аракты таштачы, ушуну эле суранам дейт Максим Трофимович.

Арак кимди гана оңдуруп коймок эле. Ал күчтөн тайып баратканын билип жүргөнү менен көптөн бери өзүн күзгүдөн да карабаптыр. Мына күзгүнүн жанына келди. Баягы Мисир жок, өзүн өзү тааныбай турду. Болтойгон бети шылынып, көздөрү үлдүрөп, кулактары эле делдейет.

— Биз сен деп келсек, бул жерде жашоо болбой калды,— деди бир күнү Абдрахман ата,— биз эми кетели. Аракты таштап адам болуп калсаң бизди издеп барарсың. Барбасаң эмне демек элек, өз билгениңди кылып жүрө бер.

— Эмне деп жатасыз ата?

— Уккан жоксуңбу? Биз кетели деп жатабыз.

—  Чыдабай калдыңарбы?

— Ооба.

— Сиз эки айга чыдабай жатасыз? Апам канча жылга чыдады эле. Мен канча жылга чейин чыдап жашадым эле. Эми мунун баары сиздин эсиизден чыгып кеттиби?...

— Кой Мисир, атаң менен айтышпа. Биз эч жакка кетпейбиз. Сенден башка дагы колубузга кармаар бала болсо анда иш башка эле. Маңдайыбызга бүткөн жалгызыбыз болгондон кийин баарын көтөрөбүз Мисир. Суранаарыбыз эле аракты таштачы.

— Светадан ажырагандан бери жашагым келбей жүрбөйбү. Ал кандай сүйкүмдүү, жароокер жан эле. Эми андайды издеген менен эч жерден таба албайм.

— Минтип мөңкүрөй берсең өзүңдү жоготуп аласың балам. Ансыз да келечегиңдеги даңгыр жолуңду буудуң окшойт. Эгер ишенимден кете элек болсоң айтчы, ага да макул болойлук.

— Ишеним бир убакта келсе келер. Азыр өзүмдүн ал абалымды түшүнүп турам. Мен мурункудай эмесмин. Анын үстүнө Ксеня апаны, Светаны каралачу элем. Эми каралай турган эч кимим жок. Краноярскинин элине, жерине ыраазычылыгымды билдирип, мекениме, Кыргызстаныма кетишим керек. Ал эми аракты болсо бүгүндөн баштап кан буугандай токтотоюн...

Максим Трофимович үйгө киргенде Мисирдин соо отурганын көрүп сүйүнүп кетти. Мейли ичип жүрдү. Ал, күчүн жоготту. Бирок анын баарын кайра жарым жылдабы, бир жылдабы калыбына келтирсе болот да. Демек анда дагы бир шанс бар деп өзүнчө ойлонуп койду машыктыруучу.

Батма апа дасторкондун үстүнө бар тамагын жайнатып, бир бөтөлкөнү кое салды.

— Муну ким ичет?— деп Максим Трофимович Мисирди карап койду.

— Конок шаанисин кылып ичип койбойсузбу Максим Трофимович.

— Мейли, сен ичсең менда ичем. Жалгыз ичип түк көрө элекмин.

— Мен бүгүндөн баштап ичпейм деп убада берип койдум ата-энеме. Мен бир гана сүйлөйм го. Аны жакшы билесиз Максим Трофимович.

— Билем, билем. Анан боксту эмне кылабыз? Семен Клименко беттешүүгө чакырып жатыптыр.

— Айтып кой Максим Трофимович стадиону жок эле жерде, беттешүүгө чыгат деп. Ал мени мындан ары Краснояскиден эмес, Бишкектен издесин.

Максим Трофимовичтин көзү чакчайып кетти.

— Тамашалабасаңчы.

— Тамашасы жок Максим Трофимович. Шарт ушундай болуп калды. Мен сизге өмүр бою ыраазымын. Ушул даражага жеткизген сиз болдуңуз.

Максим Трофимович тилин жутуп алгандай эч нерсе дебей туруп калды...

***

...Эртеси аялдамага эрте келдим десе, дагы эле тиги бала өзүнөн эрте келип, кичинекей отургучуна отуруп калыптыр.

— Ботинкаңызды майлап берейинби,-дейт шашыла.

— Мейли. Атобус өтүп кетсечи.

— Өтпөйт. Мен бат эле... Бала колдорун шыпылдата бир жерине кыл жаткызбай майлай салды.

— Атың ким?

— Болот.

— Атаңдын атычы?

— Курулуш.

— Жалган айтпачы.

— Чын.

— Андай болсо апаңдын атын айтып койчу.

— Айжан.

— Айжан?... Ал каякта?

— Түрмөдө.

— Сен жакшы бала экенсиң. Түрмөгө кантип түшүп калганын айтып бере аласыңбы?

— Айтып бере алам.

— Анда айтчы. Сен чындыкты айтып берсең, билесиңби мен сага велосипед сатып берем.

Атам күндө мас болуп келчү. Мас болгон сайын апамды урчу. Анан мага асылчу. Бул менин балам эмес көзүн курут дей берчү.Апам аны кет десе да кетчү эмес.Анткени биз отурган тамды апам сатып алган да.Эптеп бир жыл жашады. Бир күнү мас болуп келип экөөбүздү тең тамдын бурчуна тургузуп алып, силерди өлтүрсөм там меники болот деп колуна балтаны алып экөөбүздү карай ыргытып жиберди эле ал бизге тийбей дубалдан ыргып барып кроваттын жанына түшкөн. Ал кайра бизди урайын деп келатканда апам аны күч менен итерип жиберген. Кроваттан же балтадан экенин билбейбиз чекеси айрылып канап чыкты. Анысына карабай:

— Жоголгула. Бул тамга басып келсеңер өлтүрөм деп эшиктин илгичин илип кирип кеткен. Бир сааттан кийин келсек өлүп калыптыр. Жан жанынын баары кан. Анын баарына күнөлүүсүң деп апамды жети жылга камап салды. Бир жылдан кийин бошоном дейт. Билбейм келерине да ишенбей калдым. Үй бузулуп кетпесин деп жетимиштеги чоң апамды апкелип ташташкан. Экөөбүз жашап жатабыз. Анын пенсиясы бат эле түгөнүп калат. Анан мен жардам берейин деймин да.

— Чоң апа дегениң Курулуш атаңдын апасыбы?

— Ооба.

— Сотто болгонду болгондой айтып бердиң беле?

— Айткам. Апамды бошотпой коюшту го.

— Сенин чыныгы атаң ким? — деп сурадың беле апаңдан.

— Сурагам. Боксер деген.

— Мисир деген жок беле.

— Билбейм ушуга окшош ат болчу.

— Мени карачы.

— Эмнеге?

— Ээгиңдеги кара так кичинекейиңде эле бар беле?

— Ооба.

— Сен менин балам экениңди билесиңби?

— Билбейм.

— Билбесең, билип ал. Мен сенин атаңмын.

— Ата-а-а! Мисирдин мойнуна жармаша түштү,— мен сиздин табарыңызды ишенип жүргөнмүн. Мен жетим эмесмин, атам келет деп жүргөнмүн.Менин атам боксер деп жүргөнмүн. Чын эле боксерсузбу?

— Чын эле боксермун. Биерде боксерлордун клубун ачканмын. Сени өзүмдөй кылып боксер кылып өстүрөм. Сен ыйлабасаң балам. Боксерлордун көзүнөн эч убакта жаш тамбайт.

— Апама барабызбы?

— Барабыз балам. Эртең эле барабыз. Сени кошо ала кетем. Үчөөбүз, анан чоң ата, чоң апаларың бар, бирге жашайбыз. Көрөсүң го эң бактылуу адамдардан болобуз.

Эртеси баары Мисир айткандай болуп чыкты. Түрмөгө барып Айжанды чакырып алышты. Айжан таң калды. Нечен ай, нечен жылдар көрүшпөй жүрүп Мисирди эсинен чыгарып коюптур. Анан да канынан жаралган баланы таап, бул жерге өзү келет деп ким ойлоду дейсиң.

— Айжан Саламатпы? Айжан али өз көзүнө ишене албай, араң баш ийкеп, анан көз ирмебей карап турду.

— Мен сага келдим Айжан. Бишкекке көчүп келгем.Төрт жылдан бери жалгызмын. Болот менен акылдаштым. Ата. сени менен жашайм дейт. Ал эми түрмөдөн чыгарып кетүүгө бар күчүмдү жумшайм.

— Мени эмне кыласың. Башкадан бакыт тап. Мен куруюн, тагдырдан жолум жок жан болдум,-деп телмире жер карады.

— Балдар үйүндө дайыма ээрчишип бир жүрчү эмес белек. Аны унутуп коесуңбу?

Тагдыр ошондо эле экөөбүздү жакындаштырып койгон. Аны сен эле унутуп койбосоң, мен эч качан унуталбайм.

 — Убактыңар бүттү,— деди милиционер жигит.

Айжан экинчи этажга чыгып, терезенин жанына келди да, жол жакты карап турду.

Мисир зонадан чыгып, көчө боюндагы камоктон баласына балмуздак алып колуна карматты. Машинасына отуруп айдай бергенде машинанын артынан кара түтүн бурулдап чыкты. А Айжандын жүрөгүндөгү ээлеп алган кара түтүндөр эми гана тазара түшкөндөй болду...

 

© Аскаров Ч., 2010. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 2989