Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Аваз Жокей, 2010. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2010-жылдын 1-декабры

Аваз ЖОКЕЙ

Асыл апа, Артист эже жана “Бони М”

Автор кезектеги аңгемесинде бүгүнкү “чиновник дүнүйөкор байлардын” турмушун мыскылдап көрсөткөн.

 

— ...Кызмат деген колдогу... таранчыбы, же чымчыкбы, айтор учуп кетсе кур жалак каласың дейт экен го... Кызматта турганыңдан пайдаланып тезинен бир той берип албайлыкбы?! Ыя? Качаңкыга чейин кошумчабызды кошуп жүрө беребиз. Бизден башкалардын баарысы, арты эле эки-үчтөн той берип коюшту. А биз болсок аш да, той да берелекбиз. Биз деле анча-мынча бергенибизди чогултуп албайлыкбы? Ыя? Буга эмне дейсиң?.. Гезитиңди таштачы, эми эле көрсөң да...

Абдан Жагынбаевич башын көтөрүп аялына карады.

— Ыя?.. Эмне дейсиң?

— Элдин баары аш-той берип жатат, биз эле карап отура беребизби дейм?!

— Кудай сакта, кимдин ашын бериш керек?

— Мен мисалга айтып жатам. Биз, эмне, той бералбайбызбы?

— Кайсыл той? Кимге той?

— Маселен, сенин элүү жылдыгың...

— Койчу, элүүдөн эбак ашпадымбы...

— Аны ким санап жүрүптүр. Же болбосо экөөбүздүн күмүш тоюбуз.

— Ооба, сенин эки күйөөдөн чыкканыңды, менин үч жолу үйлөнгөнүмдү кошсок туура элүү жыл болот! Алтын той кылбайлыкбы?

— Анын баарын ким эсептеп жүрүптүр, өзүңдөн башка? Какшыктабай, андан көрө бирдеме ойлоп таппайсыңбы. Мага караганда эки дипломдуусуң, билимдүүсүң...

— Кудай аткан немесиң го, эми жок немени кайдан табайын?

— Башыңды иштетсең боло мындай бир, облустук жетекчисиң го бакандай болгон...

Ойлонуп көрчү... Бери апкелчи гезитиңди, жабышып калбай...

Аялы Айнаш эри Абдан Жагынбаевичтин колунан гезитти жулуп алып жанына өзү жабыша отурду. Анан эки колдоп эринин башын укалап кирди.

— Келчи бери, мээңди бир аз жибитип берейин. Мүмкүн бир жакшы ой кирип кеткиси бардыр...

— Мынча эмне шаштың, убагы келсе аш да... тү ата, той да беребиз.

— А эртең сени жумуштан алып салсачы?

— Таш оозуңа! Эмнеге алмак эле?

— Ким эле сага кепил боло алат? Эртең эгер дагы революция болсо биринчи губернатор кетет, анан сен кетесиң. Кызматты атаң энчилеп берген эмес да...

Абдан Жагынбаевичти аялынын айтканы муюттубу, же анын жасаган укалоосу башын айланттыбы, саамга көзүн жумду. Ансайын Айнаш да билгичтик менен эринин башын укалап жатты.

— Туура айтасың. Атам энчилеп берген эмес. Атам байкуш коммунизмге ишенип жүрүп, китептен башка дүнүйө жыйнабай о’дүйнөгө кете берди. Апам болсо, кудайга шүгүр, аман-эсен...

— Эмне дедиң?... Апам аман-эсен дедиңби?.. Апабыз каякта турат?

— Дени-кардың сообу?! Каякта болмок эле, айылда жашайт да... Кичүү үкөмдүн колунда...

— Ыя? Ошондойбу?.. Мм-мм... Канчага келип калды апабыз?

— Та-ак!.. Мурдагы жылы сексенге чыкты го дейм...

— Мына! Мына! Таппасаң сыйпалап кал! Апабыздын тоюн бербейликби, сексен жылдыгын, ыя?

— Кантип? Сексенден ашып кетпедиби?

— Ашса ашсын, эмнеси бар экен? Аны ким эсептеп жатыптыр?

— Биз эмнеге беришибиз керек? Берсе, тиги, айылдагы баласы берсин.

— Ой, макооо... Ой, кечирип кой, жаным.... Биринчиден, ал үкөңдүн шарты болсо эбак эле той бермек. Экинчиден, балдардын улуусу сенсиң, той бергенге сенин да жүз пайызга акың бар.

— Макул, акым бар дейлик, а бирок, апам болбой койсочу?

— А биз, алгач айтпайбыз да... Биздин үйгө да жашап, шаарга барып эс алып келиңиз, курортко да жиберебиз деп алдап алып келбейликби... Анан тойдон кийин кайра айылына жеткизип койобуз.

— Жок, болбойт!

— Кызыксың сен! Министриң деле биринчи небересин отургузуп, дүңгүрөтө той берип, депутаттардын баарын чакырбады беле! Биз да шылтоолоп эл катары той берип, анча-мынча дүнүйө жыйнап албайлыкбы?

— Эми, азырынча неберебиз жок болсо кимдикин кесип той беребиз? Меникинби?

— Койчу, эми, тамашаңды... Андан көрө ардансаң боло, апаң сексенге чыкса да унчукпай койдуң! Куттуктаган да жокбуз... Эми канча жашайт, ким билеет? Бир жолу апаңды кубантып койсоң боло! Бир тууган апаң го...

Абдан Жагынбаевич кашка башын кашып саамга катуу ойлонду.

— Балээсиң ээ, Айнаш?! Башың катуу иштейт ушу сенин. Болуптур, качан эми?

— “Темирди кызуусунда сок” дегендей, эртең жөнөсөк, бүрсүгүнү келип калабыз. Айылга ишсапар менен баратам деп кызматтык машинеңди айдат. А мен кайним менен келинге белек-бечкек даярдап алайын.

***

Ошентип улуу баласы Абдан Жагынбаевич Асыл апаны айылдан үйүнө алып келди. Апасы алгач көнө албай жүрдү. Акырындап аралаша баштады шаар турмушуна. Зериккенде сыртка чыгып тегерек четтеги дүкөндөрдү кыдырып келет. Кичи райондун чакан базарына барып ошол жерде отурган пенсионер байбичелер менен да таанышып алды. Кээде алар менен кечке сүйлөшүп отурат.

Арадан апта өтпөй келини Айнаш алыстан баштады:

— Апа, келиңиз чай ичелик. Кандай эс алдыңыз?

— Жакшы, айланайын.

— Эми биздин үйгө эле жашай бериңиз. Ванна-туалеттерди колдонгонду үйрөнүп алдыңыз...

— Рахмат, айланайын.

— Быйыл сексен үчкө чыгат турбайсызбы?

— Ооба, айланайын.

— Эми улуу балаңыз чоң кызматта туруп сексен жылдыгыңызды убагында белгилебей сизге абдан уят болдук.

— Ой, айланайын, эчтекемес. Туулган жылды ким эле ойлоп жүрүптүр?

— Ошо да, эч ким ойлобой... Шартыбыз да жок болуп... Апа кайгырбаңыз, азыр деле кеч эмес.

— Ботом, эмне кеч эмес?

— Сиздин сексен жылдыгыңызды белгилеп койолук деп ойлодук.

— Койгула, айланайын, анын кимге кереги бар?

— Андай дебеңиз. Душман көзүнө ырымдап коюу керек. Антпесек эл сөз кылат: “жалгыз энесин барктай алышбайт экен” деп. Балаңыздын да дос-душмандары бар дегендей. Сиз эч кам санабаңыз, сиз тойдун төрүндө койкойуп гана отуруп бересиз.

— Отурбай калайын, кереги жок. Мен үчүн убара болуп жүрөсүңөрбү?!

— Анын эч кандай убаракерчилиги жок.

— Кандайча убара болбойсуңар? Тойго даярданыш керек, конокторду күтүш керек...

Анан үйүңөр да тар экен...

— Ой, апа, азыр той дегенди кафе-ресторандарда эле өткөрсө болот. Коноктор белгиленген убакта келип, үч-төрт саат отурушат да, батасын берип кете беришет. Шаарда ушундай оңой... Айылда го белгилүү, үйдө той беребиз деп аябай убара болуп жүдөшөт.

— Ким билет, айланайын. Силерди аяп жатбайынбы... Оңой эле болсо өзүңөр билгиле...

Айнаш кайненесин тез эле көндүрдү. Күйөөсү болсо каякка качмак эле, Абдан

Жагынбаевич каршылык кылган жок. Ошентип той күнүн белгилешип, кызуу даярдана башташты. Министр, губернатор, облжетекчилер, тууган-урук, жекжааттар, достор, баарына бир ай мурда чакыруу кагаздары таркатылды. Жакшы кафеге сүйлөшүлдү. Анын жарым акысын берип, калганын тойдон кийин деп макулдашты. Антпесе, акча жетпей, ар кимден акча ала берип карызга белчеден батышты. Үч күн калганда Абдан Жагынбаевич мал базардан семиз бээни камазга жүктөп касапчыларга жеткизип сойдуруп келди. Бир чейрегин үйгө калтырып калганын кафеге жеткизди. Келбеген коноктор тойдон кийин келиши мүмкүн. Үйдө болсо Айнаш жардамчылары менен бака-шака болуп акыркы даярдыктарды жүргүзүп жатты...

Асыл апа болсо аларга жолтоо болбоюн деп базарга кетип калат да, кечке ошол жерде памперс саткан Батма аттуу байбиче менен кобурашып отурат. Дагы жакшы, пенсиясынан калган анча-мынча акчасына нан-пан алып экөө чай ичишет. Кечинде келсе үйдөгүлөр дале тыпырчылашып жүрүшөт. Асыл апа эптеп бир бурчтан оорун таап чапанын жамынып уктап калат.

Ошол той болот деген күнү да таң атпай Асыл апа базарга барып Батма байбиченин жанында отурду.

— Бүгүн сөөктөрүмдүн баары ооруп какшап турат, ушул магниттик бороон болот окшойт,— деп Батма байбиче буттарын кармалап онтолоду.

— Бүгүн жумушка чыкпай койсоң деле болмок, — деди Асыл апа аны аяп.

— Чын эле, мени ким кыйнады жумушка чык деп... Маа десе өлүп кетсин! Жүрү, кеттик үйгө мени менен, конок болуп келесиң, — деди Батма байбиче памперстерин чаар сумкеге кайра салып жатып.

Ансыз деле убакыт кенен, той кечинде башталат. Асыл апа аный деп айталбады, памперстерин салышып, автобус менен Батма байбиченикине жөнөштү.

Көп кабаттуу тамдын экинчи кабатында Батма байбиче жалгыз турат экен. Балдары бой жетип, өздөрүнчө жашайт. Кээде келип апасынын акыбалын сурап турушат. Байбиченин оокаты өзүнө жетиштүү эле.

— Анан эмне соода кылып базарда жүрүсүң? — Асыл апа таң кала сурады.

— Үйдө отуруп жадаганымдан чыккам базарга. Бул деле эрмек экен. Кечке эл арасында болуп, өзүңө окшогондор менен эрмектешип сүйлөшөт экенсиң...

— Аның да туура...— дегенсип Асыл апа башын ийкеди.

Кечке кобурашып аркы-беркини сүйлөшүп, чай ичип отуруп убакыттын өткөнүн да байкабай калышты.

— Кокуй кой, мен жылайын, балдарым издеп калышпасын. Андан көрө, жүрбөйсүңбү мени менен, тойго барып жанымда отуруп келесиң. Жалгыз өзүм койкойуп отургандан уялып турам.

— Кой, болбойт! Бул жер айыл эмес, чакырылгандар гана барышат. Ресторанда ар биринин өзүнүн орду бар дегендей... Жүр, андан көрө сени аялдамага узатып койоюн.

Экөө ээрчишип тепкичтен түшүп баратканда Батма байбиче чалынып жыгылып, ала салып кетти.

— Кокуй, бутум! Бутум ий, бутум! – деп ал туралбай бутун кучактап кыйкырып ыйлап жиберди.

— Алда кокуй күн ай! – деп Асыл апа кейип-кепчип эткээл курдашын тургузалбай айланчыктап тегерене берди.

— Сынган окшойт... Бутум кыймылдабай жатат... Догдур чакыралык... – деп Батма байбиче чөнтөгүнөн уюлкасын алып эптеп өзү “тез жардамга” телефон чалды.

Анысы да шашпай келди. Антип-минтип Батма байбиченин бутуна шакшак коюп, анан машинеге салып жөнөткүчө бир топ убакыт өтүп кетти. Машине кеткенден кийин гана Асыл апа эки жагын карап, кайда жүргөнүн эми эстеди. Далбастап аялдамага шаша жөнөдү. Жетип келсе, кудай жалгап, автобус да келип калды. Шашып кирип бош орунга отуруп демин басты, эки жагын каранды, тааныган бирөө да жок. Айылда болсо тааныштардын баары келип учурашмак...

***

Тойдун башталаарына бир сааттай убакыт калганда Абдан Жагынбаевич апасын эстеди:

— Айнаш, апам кана? Кийинтип келип бая эле кафенин төрүнө Отургузуп койбойт белең!..

— Мен эмне, ойноп жүрөмбү?! Биякта тыйын чычкандай тыпырчылап...

Тырманаарга да дарман жетпей жатса... Атүгүл, өзүмдү караганга да убактым жок. Машинеңди жибере кой, апаң “качан алып кетет?” деп үйдө отургандыр койкоюп...

Жиберген машинеси кайра тез эле келди. Шопурдан үйдө апасы жок экендигин угуп

Абдан Жагынбаевич аз жерден чалкасынан кетип кала жаздады:

— Соо эмес!.. Каякка кетиптир?.. Айнаш! Айнаш дейм! Кана апам? Үйдө жок экен деп келбедиби тиги жиберген бала!

— Кандайча жок? Ии, бетим! Эми канттик? Элге эмне дейбиз? Бүгүн той экенин билип туруп кетип калганын карачы! Атайын кылды да! Ушундай болоорун билгем... Эми тойду токтотобузбу?..

— Бежиребей коё турчу! Тоюң менен сенин... Андан көрө апамдын амандыгын тиле! Бас, жөнө, өзүң карап келгиниң! Бол, отур машинеге!

Айнашты машине менен жөнөтүп коюп, Абдан Жагынбаевич кафенин алдында ары-бери басып жүрдү. Демейде кечигип келчи коноктордун асты акырындап келе баштады. Аргасыздан алар менен жылмая учурашып куттуктоолорун кабыл алып жатты. Тууган-урук, жек-жааттар да убагында келишти. Баарынан кечирим сурап, коноктор толук келгенде гана кафеге киришерин түшүндүрүп айтты. Тамадага тапшырма берди. Ал да улам микрофон менен акыбалды түшүндүрүп бакылдай берди, музыкасын коюп ырдай берди...

Дагы жакшы облустук жетекчилер менен губернатор бир аз кармалабыз деп айттырып жибериптир. Коллегиясы бүтөлек окшойт. Борбордон келаткан министр да кечигип жатты. Абдан Жагынбаевич тынчсызданып ары-бери басып жүрүп тердеп да чыкты, улам галстугун бошотуп, бетаарчысы менен желкесин, бети-башын сүртө берди...

Тээ бир оокумда айласы куруп, үмүтү үзүлөөрдө машинеси келип кафенин эшигине тыкыз токтоду. Абдан Жагынбаевич сүйүнгөнүнөн жаш балача жүгүрүп барып алдыңкы эшигин ачты. Жарашыктуу кийинген элечектүү апанын колунан кармап машинеден түшүрүп жатып чоочуп кетти... Апанын өңү башка! Көз айнек кийген!.. Аңгыча Айнаш тиги чоочун “апанын” экинчи колунан кармап, күйөөсүнө шыбырады:

— Унчукпа! Сыр билдирбе! Апабыз табылгыча убактылуу отуруп берсин. Шашпасаң анан баарын түшүндүрөм... Мен бул эжени... “апабызды” ордуна отургузайын, сен конокторду киргизе бер...— деп тиги чоочун көз айнекчен “апаны” жетелеп кафеге кирди.

Арга жок, чыдамы кеткен коноктор кирсин деп тамадага баш ийкеди. Ошол маалда губернатор баш болгон облустук жетекчилердин машинелери да келе баштады. Сүйлөшүп алгансып министрдин машинеси да келип токтоду. Алардын алдын тосуп, кош колдоп колун кысып кафеге киргизди. Араң турган коноктор топурашып жапырт ээрчиди.

Кафенин ичи жык толду. Атайын коюлган секиде Асыл апанын ордунда креслодо чалкалап чоочун кемпир жалгыз отурду. Бирок, көпчүлүк тааныбаган соң алмашылган апаны эч ким байкаган жок. Туугандар менен тааныгандар сураса акырын бир шылтоону айтып түшүндүрүш керек эми...

Тамада какылдап өзүнүн көнүмүш ишин баштады...

***

Асыл апа мурда эстеп калгандай туптуура беш аялдамадан кийин автобустан түшүп эки жагын карады. Ары басып, бери басып, тааныш имараттарды көрбөдү... Көрсө, шашкалактап жүрүп башка автобуска отуруп алган турбайбы!.. “Кудай аткырдыкы, эми канттим? Кимден сурайм? Эмне деп сурайм? Же дарегин билсемчи...” Бели ооруп чарчагынан аялдамадагы отургучка кыйшайды. Эми эмне болот? Келини Айнаш жинденип атса керек?.. Ошентип ойго батып отуруп саамга үргүлөп да кетти.

— Эне, үшүп каласыз, бу жерде уктаганга да болбойт, үйүңүзгө барбайсызбы, караңгы кирип кетти... – деп бирөө ийинге акырын түрттү.

Көзүн ачса жанында бир милийса турат.

— Ботом, туура эмес иш кылдымбы? Ыя?...— Асыл апа чоочуп кетти, эки жагына элеңдеп, саамга түшүнбөй жатып анан барып эстеди. — Ии, айланайын, келгениң ырас болбодубу!.. Үйүмдү таппай жатам... Уулум жардам бер, эми...

— Эмне, жашаган жериңизди билбейсизби?

— Эсимде жок. Шаарда тамдардын баары эле окшош экен... Мурда айылда жашагам, анан, азыр улуу баламдыкына келгем, бир апта болду... Облустук ишкананын жетекчиси уулум, аты Абдан, Абдан Жагынбаевич... — Асыл апа далбастап эптеп милийсага акыбалын түшүндүрдү.

— Апа, мен шашып жүрөт элем... Мейли, жүрүңүз, облмилийсага баралык.

Кудай жалгап облмилийса жакын экен. Асыл апаны кезмет бөлүмүнөтапшырды.

— Апаны көп убара кылбай тезинен үйүн таап жеткиргиле, — деп тиги милийса өктөм сүйлөп кетип калды. Сыягы ал да чоң окшойт деп ойлоду Асыл апа.

Кезметтеги милийса балдар облжетекчи болгон соң обладминистрацияга телефон чалып Абдан Жагынбаевичтин дарегин тез эле билип алышты.

Милийсанын машинесине отургузуп Асыл апаны үйүнө алып жөнөштү.

***

Сыртта көпкө күтүп ачыгып калышканбы, коноктор стол үстүндөгү болгон тамакты шапылдата шыпырып жеп-ичип жатышты. Алгач министр менен губернатор сүйлөп, андан соң калган жетекчилер төрдө отурган “Асыл апага” каалоолорун төгүп-чачып айтып жатышты. Анан, албетте, эң башкысы сүйлөгөндөрдүн ар бири колун кысып, Абдан Жагынбаевичке акча салган конверттерин бергенди унутушкан жок. Чөнтөктөр толгон сайын кымылдап, алып кет дегенсип Айнашка улам акырын белги берет. Ал болсо күйөөсүнүн жанына келип, ары карап сумкесин толтурат да, белек-бечкектер турган бөлмөдө турган сейфти ачып конверттерди улам салып койот...

Ара-чородо каалоо айтуучулар ырдап-бийлеп жаткан убакта Айнаш төрдө элечек кийип жалгыз отурган “Асыл апага” барып акыбалын сурап турду. Бу саамда негедир “апанын” кабагы салыңкы.

— Кандай эже, курсак ток элеби?

— Баары жыргап отурушат, мен эле куурчактай болуп оозума эчтеке албай...

— Алдыңызда үстөл үстү жайнап турат го, тартынбай ала бериңиз!

— Аны айткан жокмун... Беркисинен мага деле жүз грамм бербесең... ичим ооруй баштады.

— Коюңузчу, болбойт да... Сиз деген “сексенге” чыкпадыңызбы!

— Каяктагы “сексен”? Жетимишке араң чыктым! Жок дегенде жетимиш граммдан... коньяк куй эми! Үйдөн ичим ооруганда коньяктан жүз грамм ичсем басылып калчу.

— Кантип эми? Бөтөлкөнү сиздин үстөлгө койсом уят го...

— Жашырганды да билбейсиңер! Кичинекей чайникке куй, алып келипжаныма кой!

Көргөн киши чай ичип аткан экен десин.

— Макул, эми. Бирок, эже, абайласаңыз. Борбордон келген министр,губернатор баш болуп облустук жетекчилер, жек-жааттар ж.б. урматтуу кишилер отурат... Бизди уят кыла көрбөңүз.

— Эч кам санаба. Жаш эмесмин. Мен деген “Эмгек сиңирген артист” болом! Мени менен сыймыктанышыңар керек! Мен айтканды аткарбасаңар.., кыйналып турам, кетем!

Арга жок, Айнаш “Асыл апанын” айтканын аткарды.

Көп өтпөй “эмгек сиңирген артисттин” көңүлү көтөрүлүп, көздөрү күлмүңдөй баштады. Элечек да бир жагына кыйшайып калыптыр. Бир аздан соң Айнашты дагы чакырып алып... чылым сурабаспы:

— После коньяка мен сигарет чекчү элем...

— Кудай сакта, эже! Болбойт да... Биздин апабыз чылым чекпейт да!

— Апаңар чекпесе койсун, за то мен чегем да...

— Эже бир саат чыдап туруңуз...

— Ээ, мейли... Бирок, тамадага айтып кой, мага деле сөз берсин. Мен да эл катары сүйлөп, каалоомду айтып, ырдап берейин, бийлеп берейин... Эжең убагында Маскөөгө барып Кремлде ырдаган!

— Айланайын эже, былкылдабай эле тынч отуруп бериңиз. Ошентип сүйлөшпөдүк беле...

— Ооба, сүйлөшкөнбүз... Апаңдын ордуна отуруп берсем төрт миң сомберем дегенсиң.

Мен макул болгом. Бирок, жумуштун ушунчалык кыйын экендигин мен билбептирмин... Былкылдабай какайып кечке отурат экенсиң... Өзүм пенсионер болсом... Дагы төрт миң бересиң! За вредность!..

— Кудайдан корксоңуз боло, эже!

— Кайсыл кудайдан? Анда, кудайдан сурап башка бирөөнү таап алгыла. Я ухожу!..

— Болуптур, эже, болуптур!

— Акчаны азыр алып келесиң! А то после, тойдон кийинки тополоңдо унутуп каласыңар...

— Макул, эже! Азыр...Мына, сегиз миң сом. – Айнаш сумкесин аңтарып, конверт алып чыгып артист эженин колуна карматты.

***

Эки милийса жигиттин коштоосу менен үйгө келишсе — үй жабык. Асыл апа өзүн күнөөлүү сезип, аябай кейиди:

— Аа кокуй күн, алардын баары тойдо болсо керек, мени кечке күтүп отурушат да... Ка-ап, кийинип алсам болбойт беле, элечегим да бар эле... Менин жанымда тамдын ачкычым да жок...

— Той кай жерде болмок?

— Бир кафени айтты эле... Атың өчкүр...

— Болуптур, жүрүңүз, тойго ылайыктуу кафелерди кыдырып издеп көрөлү...

Милийсанын машинесине түшүп жаткан Асыл апаны кошуналар таң кала карап турушту.

Машина жалтылдаган кызыл жарыгын жаркылдатып, “улуп-уңшуп” андан ары жөнөдү.

***

Антракта коноктордун баары кафенин алдындагы атайын аянтта “Бони М”-дин музыкасы менен жер тытып бийлеп жатышты. Бийлебегендер чылым чегип бийлегендерди карап турушту.

Абдан Жагынбаевич менен Айнаш болсо белек-бечкек бөлмөсүндө тойго түшкөн акчаларды санап, долларын, евросун, сомдорун өзүнчө бөлүп ирээттеп отурушкан. Аңгычакты тамада кирип:

— Абдан Жагынбаевич, сыртта милйсалар келди, сизди чакырып жатышат, — деди.

“Дагы эмне балекет болду?” деп эрди-катын ээрчишип эшикке чыгышса эки милийса, ортосунда колго түшкөн коёнго окшоп башын шылкыйтып... кашайгыр десе, Асыл апа турат.

— Апа, барсыңбы?! – Апасын эми эстеген Абдан Жагынбаевичтин биринчи сөзү ушул болду.

— Эмне болду?! Деги тынчылыкбы? — Бул экинчи жана акыркы сөзү болду окшойт: тизелери бүгүлүп, башы айланып, жер көчүп бараткансыды.

— Жөн жүрбөй милийсага түшүп калган турбайбы! – Бул Айнаштын биринчи сөзү. – Кашай-гы-ыр! Артист эжеге акчасын берип койбодумбу?! – деп кыйкырды экинчи сөзүндө.

Жабалактап элдин баары карап турду: түшүнбөгөндөр оозун ачып, түшүнгөндөр оозун жаап, бүлкүлдөп күлүп... Бирок, көпчүлүгү, эчтеке менен иши жок меймандар “Бони М”-ге кошулуп өлө сонун бийлеп жатышты. Беттери кызарган, элечеги кыйшайган, көз айнеги тумандаган “имениница” — Артист эже алардын чок ортосунда шылкылдап, улам секирип өлө берилип бийлеп жүрдү...

АЯГЫ

 

© Аваз Жокей, 2010. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 1918