Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия
© Турар Кожомбердиев. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун үй-бүлөөсүнүн жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2010-жылдын 3-декабры

Турар КОЖОМБЕРДИЕВ

Кызыл гүл

Атактуу кыргыз акынынын тандалган ырлары.

 

Кызыл гүл

Кызыл гүл, кыз жүзүндөй канталаган,
Жаныңда акын турат анталаган.

Мен сени көргөн кезде көпөлөк – деп,
Ойлогом мен жеткенче көкөлөйт – деп.

Желбиреп учуучудай канаттарың,
Көзүмдү жалбырттатты манаттарың...

Чыпчын гүл, учпашыңа ишенбедим,
Кол менен сабагыңды «кишендедим».

Учушту унуткансыңбы конуп алып?
Багынттың сезимиме толуп алып.

Өтүгүм жанчмак сени, балким, сылтып,
Колумда калем эмес, болсо мылтык.

Тамыры, сабагы бар көпөлөгүм,
Соолуба, күндү карай көкөлөгүн!

 

* * *

Эс алуу жок бутту керип жай алып,
Колдон келсе жашыргым жок аянып.
Ар кандайча кыялданат буурул баш,
Алаканды жаздык өңдүү таянып.

Табуу кыйын, канча мээни катырба,
Канча тушка калем сапты матырба.
Толгонуунун толкунунда термелем,
Тоо башында, шамал канат чатырда.

Курдаш кылып замананын арышын,
Эл кыдырам кара, күрөң, сарысын.
Эркелетип мотурайган балдардын,
Чекесинен өөп чыгам баарысын.

Сокурларга карек болуп төрөлөм,
Уулу жокко бөбөк болуп бөлөнөм.
Кан майдандан майып болуп кайтканга
Оң колтукка балдак болуп жөлөнөм.

Дүлөйлөргө ырдын шаңын тийгизип,
Бети чаарды сулуу кызга сүйгүзүп.
Кор болгондун тасмалына нан болуп,
Колу жоктун папиросун күйгүзүп...

Алпурушуп иштей берип түн менен,
Кубалашып жылдыз, турмуш, үн менен
Байкабайле ыргып чыгып чатырдан
Сүзүшкөнүм эсте калды күн менен.

Кирпигимди, мурутумду куйкалап,
Туруп калам чачтарымды уйпалап.
Күн да күлөт, от чагылып көзүнөн,
Томпок болгон сол чекесин сыйпалап.

 

* * *

Кай бирде биз көрмөксөн болгон менен
Чырылдап жүрөгүбүз ыйлап турат.
Жалындай көңүлүңдү тутандырып
Жалганды өлтүргүн деп кыйнап турат.

Кай бирде көрөм десе көрбөгүн – деп
Катабыз кирпиктерге көзүбүздү.
Анакей-мынакей – деп будамайлап,
Чындыктан качырабыз өзүбүздү.

Канчалык көрмөксөнгө салсаң дагы,
Уктатпай баса берип абийир кыйнайт.
Киргилди, каралыкты жашырдың – деп,
Кирпиктин астындагы чындык ыйлайт.

 

* * *

Көктүн көгүш көшөгөсү сүзүлүп,
Каркыралар учат сап-сап тизилип.
Каркырага канат болуп жөнөдү,
Өмүрүмдөн да бир барак үзүлүп.

Өмүрүмдөн да бир тамчы тизилип,
Дагы бир тал күмүш чачты тагынып.
Учуп барат менин оттуу өмүрүм,
Каркырага канат болуп кагылып...

Каркырага таазим кылып ийилип,
Өмүрүмө кол булгалайм сүйүнүп.
Жаз келгенде кайра келет өмүрүм
Жаңы көйнөк, жаңы чапан кийинип.

 

* * *

Жылт этип күндөр кулап санатыма
Айланды жазды тосуу адатыма.
Чыйырчык сулуу жаздын бир чымчымын
Чыпыйтып ката келди канатына.

Кылымдын кызыктарын көрүп алып,
Күлмүңдөйт күмүш тиштүү кыргыз тоолор.
Ааламдын алдыңкысын көрүп алып,
Аңкаят алтын тиштүү кыргыз тоолор.

 

Алакан

Чымчыктын кармап алдым балапанын,
Жупжумшак уя болду алаканым.

Учурсам, бошондурсам балапанды
Уя деп тегеренет алаканды.

Зып этип кайра консо учкул канат,
Алакан калт-калт этет, толкунданат.

Алакан канаттанткан канчаларды?
Түгөнбөйт, жума берсең манчаларды.

Көтөрөөр, чыдаар беле алаканым,
Чаалыгып конуп калса жердин шарын?

 

Өлүм жана мен

Мейли тоодо көк шибери төшөлгөн,
Мейли кышта муз жаадырып көшөргөн.
Мейли күздө алма багын аралап,
Мейли жазда көнөктөгөн нөшөрдөн...

Төшүбүзгө бир сабак гүл тагынып,
Бир ботинка, бир чапанды жамынып.
Дайым бирбиз. Өлүм мага ор казып,
Мен өлүмдүн мүрт кетишин сагынып.

Бир көйнөктү, бир күрмөнү кийинип,
Мен шаңдансам ал бет тытат күйүнүп.
Кызыл туудай дайым жеңип өлүмдү
Кылым бою жашагым бар сүйүнүп.

Кышта, жайда, күздө, мейли жаз мында,
Биз жашайбыз бир көк, бир күн астында.
Өлүм мага капкан салат кайсалап,
Мен тилеймин ал калсын деп жаздымда.

Бирбиз, «доспуз», бирок тынбайт тебишмей
Бирок болбойт ортобузда келишмей.
Жакалашмай. Аңга түртүү. Аңдышуу.
Барскандай муштум менен беришмей.

Жыл айлансын жаз, жай, бирде кыш келип,
Жашылдантсын сүйүү, бакыт жыш келип.
Оңолдурбай кайда жүрсөм өлүмдү
Оңколотом удаа-удаа муш берип.

 

* * *

Бир сезим дүрт эткизет тийген токтой,
Коюу түн – дүйнө менен иши жоктой.
Алдыга максатына учуп барат,
Жер шары өз огунда аткан октой!

Бирөөлөр ушул кезде конок сыйлайт,
Бир жерде нан сураган жетим ыйлайт.
Бир жерде жанталашып оору жатат,
Катуу дарт жүрөк мыкчып жанын кыйнайт.

Бир жерде таңды күтүп жатышкандыр,
Бир жерде эмгек күүсүн тартышкандыр.
Бир жерде алп бүркүттөр канат серппей
Тумшугун канаттарга катышкандыр.

Бир жерде бык-бык этип жылан сойлоп,
Бир жерде короо көздөп, бөрү жойлоп.
Бир жерде балдар чуркап келаткандыр,
Бардыгы балык издеп, өзөн бойлоп.

Бир жерде чал уктабайт ээр сомдоп,
Бир жерде кемпир алек, билик оңдоп.
Бир жерде кербенчилер ойгонгондур,
Кайрадан нарларына жүгүн комдоп.

Эх, турмуш! Канча окуя ар бир күндө?
Ойлойсуң көп нерсени жайкы түндө.
Жүгүрөт күлүк ойлор чар-тарапка
Жер шары чимирилет жүрөгүмдө...

Карасам терезеден оттор жанат
Бийикте күр-р дей түшөт учкул канат.
Жүрөктө жердин шары чимирилет,
Жүрөгүм жер шарындай салмактанат!

 

Жалпак таш

Энеке салбыратып куудай чачты,
Эскерип жүрүш үчүн күлгүн жашты,
Уулунун мүрзөсүнө алыс жактан,
Көтөрүп келген эле жалпак ташты.

Айныбай ай артынан айлар конуп,
Күттүрбөй күн артынан күндөр соолуп.
Жайнаган бейиттерден айырмалап,
Жалпак таш калып калды белги болуп.

Энеке жылдап-жылдап жашын төктү,
Билгизбей уурдап кетти мезгил көптү.
Мен көрдүм жалпак таштын ортосунан,
Тамган ый тешкен эки көзөнөктү.
Бейиттен элдер өтөт салып башты,
Муздак жел ичиркентип тарайт чачты.
Таң калам карап турат наристе кыз
Тамган жаш тешип салган жалпак ташты.

 

Өмүр жолу

Буркурап гүлдестеси күчтүү колдо,
Оркестр коштоп барат оңдо-солдо.
Жарашып эмне кийим кийсең дагы,
Жаш өмүр бара жатат даңгыр жолдо.

Бутуңдун кенен-кесир ташталышы –
Бул деген өмүрүңдүн башталышы!

Бааланып ар мүнөтүң – ар бир жылдай,
Басалбай күлүк буттар эми зылдай.
Илгерки даңгыраган өмүр жолу
Ичкергенден ичкерип болду кылдай.

Баш жагы бир кучак ай, бир кучак күн!
Арт жагы өмүрүңдүн жылдызсыз түн.

 

© Турар Кожомбердиев. Бардык укуктар корголгон

 

Турар Кожомбердиевдин үнү жазылган аудиофайлды (мр3) көчүрүү. Акын өз ырларын окуйт

 


Количество просмотров: 5653