Главная / Көркөм кара сөз, Көлөмдүү кара сөз
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2011-жылдын 23-марты
Аманат
(Аңгемелер)
Жазуучу бул аңгемелер жыйнагында өзүнүн турмушунан алынган кызыктуу жана тарбиялык мааниге ээ окуяларды көркөмдүү маанайда баяндап берген.
К.Сыдыгалиев. Аманат: аңгемелер, повесть. — Б.: 2010 китебинен алынды.
МАЗМУНУ
Аманат
Карт бойдок
Өкүм
Бекмамат
Кудайчы
Аяз ата
Ыймансыз аял
Сүрөтүң ай. сүрөтүң
Күн тийген жердин күкүгү
Айланпалуу арман күн
Туруксуз махабат
Шашылыш кат
Кайып болгон күйөө, кечирилгиз күнөө
АҢГЕМЕЛЕР
АМАНАТ
Тагдырга айла жок тура… Адам өмүрүндө күтпөгөнгө кездешип, көрбөйм дегенди көрөт экен. Мен онунчу классты бүтүп институтка кирем деп ойлогом, бирок айыл чарба институтуна экзамен тапшырып конкурстан өтпөй калдым. Колунан нанын алдырган балага окшоп сумсайып үйгө келсем атам жарыктык:
– Институтка өтпөй калдым деп кайгырба. Эчнерсе эмес. «Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрүт» дейт. Быйыл өтпөсөң эмдиги жылы өтөсүң. Ал жылы өтпөсөң кийинки жылы өтөсүң. Андан көрөкчө жылыңды бекер өткөрбөй шопурдун окуусун окуп ал, кийин пайдасы тийет. Кудай кулум десе, пайгамбар үммөтүм десе биз да машиналуу болобуз. Ошондо мени машина менен той-топурга, конокко алпарып турасың, – деди.
«Карынын сөзүн капка сал» болуп атамдын айтканы менен шофердун курсуна кирдим. Аны ийгиликтүү аяктап үйгө келсем атам жарыктык бапыраңдап:
– Азаматсың уулум, азаматсың! Адам болот деген ушул. Эми иште. Тиги участкалык оорукананын башкы врачты Айымкан эжең санитарлык машинасына шопур таппай жүрөт. Келирки жылга чейин шопур болуп иште. Анан экзамен тапшырып институтка кетесиң. Ойноп кетпей оку, институтка кирүү экзамеге даярдан. Окууну бүтүп ветврач болуп келсең мен пенсияга чыгам, – деди.
Атамдын жетинчи класс билими бар. Кичинесинен баштап мал менен өсүп, мал менен чоңойду. Кийин бой жетип үйлөнгөндө койчу болуп иштеп баштаптыр. Ошо күндөн ушу күнгө чейин чабан болуп иштейт. Ал мал менен киндиктеш болгондонбу же башка адистикти каалабайбы ким билсин мени зоотехниктин же ветврачтын окуусун окуйсуң дейт. Мен макулмун, бирок ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңип кетпедиби…
Мен атамдын айтуусу боюнча санитарлык машинага шофер болуп иштеп калдым. «Ана-мына дегенче, ачып көздү жумганча», – деп Манас эпосунда айткандай мен бутум жерде, көкүрөгүм көктө болуп боз уландын «делбетап» оорусу менен ооруп жүргөндө тез эле жыл которулуп май айы келип калды. Эртерээк аскердик парсыман кутулайын деп атама айтпай өз каалом менен аскерге кеттим. Ал жерде шоферлук милдетти аткардым. Андан келгенден кийин кайра айылдагы ооруканага шофер болуп орноштум. Сыртта жүрүп, эл менен болуп аскердин тартибин көрүп келгенден кийин мен өзүмдү жигит сезип «мастык, жаштык, макоолук» башымдан алыстагансыды. Ишке да жоопкерчилик менен мамле кылам.
Айымкан эже айылдык он беш койкалык ооруканада жалгыз врач. Эртең менен ооруканада жаткандарды карап, көрсөтмө берип, анан амбулаторияга отуруп оорулуларды кабыл алат. Аны бүткөндөн кийин чакырган ооруларга барат. Үйдөгү тура албаган, температура болгон оорулударды машинага отуруп алып кыдырып карайт. Ичарада чарбалык ишке чабагандап жөнөйбүз. Айыл жеринде эжени түнкүсүн да эл жөн жаткызпайт. Бири ооруп чакырып келсе, бири төрөп чакырып келет. Айтор Айымкан эже да тынчыбайт, мени да тынчытпайт. Күндүз го күндүз. Иш учуру. Кечте жаштар менен чогулганда ичкилик да ичпейм, анткени күтүлбөгөн чакырыктар болуп калышы мүмкүн…
Бир сапар тогузунчу майда жолдошумдун туулган күнү болуп калды. Классташтарды бүт чакырыптыр. Айылдаш эмес ар тараптагылардын баары чогулуптур. Ойноп күлдүк. Ашык ичип көзүм тунарып үргүлөп отурганда Айымкан эже шашып кирип келип: «Асыке, бир киши бычак жеп катуу жарадар болуп келиптир. Райондук ооруканага тез жеткириш керек», – деди.
– Аскербек машина эмес бутуна туралбай отурат, – деди жолдошум кычап.
– Оо, кокуй Асыке, ушинтмек белең. Оорулу өлүп калса убал, сообу мойнубузга жүктөлөт го… Кантчимүн эми, – деп чыгып кетти.
Айымкан эже машина издеп таппаптыр. Санитарлык машинага отургузайын десе майрам күнү шофер да жок. Ат арабаны коштуруп, оорулуну чөп төшөгөн арабага жаткырып алып районго алып жөнөптүр. Чоң жолго чыкканда жолдо келаткан машинаны кармап алып ооруканага жеткиргенде операциялык столго жетпей оорулу жан тазилим болуптур. Мына ушундан кийин мен ичкиликтен кагылдым. Менин ичкеним жалаң гана өзүмө эмес, көп элге зыяны тийерин түшүндүм. Чогулган жерде чочоюп отурам, ичпейм. Жоро жолдош да түшүнүп кысташпайт.
Бир сапар түн ортосунда санитарка чакырып келди. Барсам Айымкан эже шаша сүйлөдү:
– Тез жүргүз машинаңды, Асыке, аркы айылда бир аял кечетен бери толготуп төрөй албай жатыптыр. Айтышпаптыр. Чыкырган кишинин айтуусуна караганда өтө кыйналып эсинен танып атат дейт. Уккандырсың төрөгөн аял эсинен танса аны кыргыздар «карабасты» дешет. Айтуусуна караганда ахвалы оор көрүнөт…
Учуп жөнөдүк. Барсак эл чогулуп, аялдар ичте, эркектер сыртта топурап турушуптур. Бираздан кийин:
– Асыке, тарт машинаңды бери! Алып чык носилканы! – деп буйрук берди.
Мен насилканы көтөрүп киргенде төрөгөн аял алка-шалка тердеп кыңылдап араң эле үнү чыгат. Носылкага жаткырып алып жөнөдүк. Айымкан эже жанында. Мен өңгүл-дөңгүдөн этият айдап түз жолдон машинаны учуруп баратам. Бир окумда:
«Токтот, машинаны!» деген буйрук катуу чыкты. Мен машинаны токтотор замат «кел бери!», – деди. Барсам аял төрөп баштаптыр. Экөөлөп төрөтүп алдык. Эркек экен. Аялдын астына салган шейшеп, эженин белкурчоосунан төмөн кан. Ал канга чөмүлгөнүнө карабай аялдын аман төрөгөнүнө кубанып жүзү жарык. Биз аялды ооруканага жеткирип керебетке жаткырганда артыбыздан туугандары башка машинага түшүп жетип келишти. Кубанганды айтпа, аялдын күйөөсү дүкөнчүнү түнкүсү барып ойготуп, дүкөнүн ачтырып бир яшик шампан алып келишти. Шампан жалпыбызга куюлду. Айымкан эже наристеге, энесине ден соолук, узак өмүр, жакшылык тилеп:
– Туугандар, бул аялдын аман эсен төрөп алышына себепкер алдакы шофер жигит. Асыкем убагында мени жеткирбесе, жолдон токтотуп жардамдашпаса иш чатак болмок. Мен Асыкемдин ак эмгегине ыраачылыгым билгизем, – деди.
Таң куланөөк тартып жакшылыктын жышааны кошул-ташыл болуп күн да жаркырап нурун чачып, тоо артынан чыгып келаткан экен. Мен бир аялды ажалдан алып калбай, дагы бир адамды жарык дүнөйгө келгенине көмөктөш болгонума кубанып турдум, бирок ананкыны ойлоп шампанды албай тарткынчыктаганда:
– Колдогу насипти алып жибер, Асыке. Биз бүгүн ичүүгө татыктуубуз. Бир бокал шампан экөөбүздү бузбайт. Алып жибер, алтыным, – деди. Эл да жаалап жиберди. Таңдын атышы менен таттуу шампанды ырхаттанып жуттум. Бүгүнкү кубаныч менин келечек жашоомо чыйыр жол салганын байкабай дагы бир чыны шампан ичтим…
Айымкан эженин адамкерчилиги, боорукерлиги, өзү ооруп турса да эл үчүн эмгектенгени таасирин тийгизбей койгон жок. Баарыдан да өткөндө мен мас болуп кирпигим көтөрө албай отурганда, «алкоголик, пьянкеч, ары жок акмак» деп тилдештин ордуна сен деп үн катпаганы мени катуу уяткарды. Мен алымды билбей ичип алып бир адамдын өмүрү өчкөнүнө себепкер болгонум жети өмүрүмдү жерге киргизип ичкиликтен баш тартууга аргасыз кылды.
Мен институтка барбай ошол бойдон шофер болуп иштеп калдым. Эженин кичүү кызы, Назгүл беш жашта эле. Апасы аны Нази деп эркелетчү. Иштен кийин чакырык болсо үйдө карар кишиси жок кызын алып алчу. Ал оорулуну көрүп чыкканча Нази ойноп жанымда отурар эле. Айрым учурда, машина оорукананын жанында турганда «Аскербек байке, кататься эткизчи» деп келип калчу. Мен аны машинага отургузуп бир аз ойнотуп келчүмүн. Эрки менен болуп эркелеткенге мени ал жакшы көрчү. Жанымдан чыкчуу эмес. Айымкан эже менен биртоп жыл бирге иштешип, кийин шаарга кеттим. Мурун автобуз айдап, кийин таксиге өттүм. Шаардан үй сатып алып иштеп жүрдүм. Табылга жакшы, атам москвич машина сатып берди. Анан кырсык болуп капысынан капталдан чуркап чыккан тентек баладан качам деп жолдун жээгинде келаткан аялды уруп кеттим. Жамбашы сынып, өзү аман калды. Мени сот үч жылга кезип жиберди. Мен түрмөдө отуруп чыкканча Айымкан эже а дүйнө өтүп кетиптир. Анын аманаты менин мойнумда калды. Ошол учурда Айымкан эженин кызы Нази турмушка чыгып нике тою кафеде ө
ткөрүлмөк болуптур. Мен эженин аманатын көтөрүп ошол тойго барып, улуу баласын таап:
– Арадан көп жыл өтсө да сен мени унута элек чыгарсың, – дедим өзүмдү тааныштырып, – мен апаңдын кол астында шофер болуп иштегем. «Чакырылбаган конок душмандан жаман» деген кеп бар. Ошентсе да апаңдын аманатын тапшырайын деп бүгүн Назинин тоюна келдим.
– Тааныйм байке, кантип сизди тааныбай коёюн. Машинаңызга нечен түшүп ойнободумбу. Сиз үчүн орун табылат. Айтыңызчы, ал эмне аманат?
– Аны качан мага тост бергенде айтып, ошондо ошол аманатты Назинин колуна тапшырам.
Ал кайтып сураган жок. Суроого оозу батпады. Той башталып бир орун табылып мени эл арасына отургузду. Музыка ойноп, ырлар төгүлүп, тостор айтылып жатты. Кечээки мойнума асылып эркелеген кыз эрге чыгып күйөөсүнүн жанында отурат. Түйтөйгөн кыз баралына жетип ачылган гүлдөй бажырайган сулуу кыз болуптур. Апасына окшоштугун айтпа… Аны көрүп айылдагы өткөн күндөр эсиме түшүп өрттөнүп отурганда микрофон аркылуу тамаданын бакылдаган сөзү чыкты:
– Азыр, учурунда Назинин апасы Айымкан апа менен бирге иштешкен, Аскербек байкеге сөз берилет!
Бул тосту канчалык күтүп отурсам да «Назинин апасы менен бирге иштешкен» деген сөздү укканда жүрөгүм сыздап чыкты. Эжем башкы врач болуп туруп бир жолу да атымдан толук айтчу эмес. Ар дайым өз уулундай «Асыке», – деп эркелетчү. Атын укканда мээримдүү, жарокөр мүнөзү көзүмө элестей түштү. Мен микрофонго баратканда Нази урматтап тийген жары экөө орундарынан туруп турушту. Өмүрүмдө мынчалык толкунданган эмесмин. Тамада сунган микрофонду калтаарый алып:
– Урматтуу куда, кудагыйлар, урматтуу туугандар, урматтуу коноктор, урматтуу кыз, күйөө каало тост айтардын алдында бир тарыхый окуяга кичине көңүлүздөрдү бурууга уруксат этиңиздер. Мен шаарда таксиз болуп иштеп жүрүп айылга келип калсам Айымкан эже жолугуп «Асыке эрим баш кошкондо ушул алтын саатты белекке берди эле. Жүрбөй калганда мастерге оңдотсом кайра токтоп калды. Сен шаардагы жакшы мастерге оңдотуп, дагы бир атаңкына келгенде алакел» деп мобул алтын саатты берди эле, – деп саатты жогору көтөрдүм. Ичкиликке гүүлдөп калган эл тынчый түштү. Мен сөзүмдү уладым, – саатты оңдотуп биртоп убакыттан кийин келсем эже отпускада экен. Кийин бир келсем ооруканага жатып калыптыр. Аманатты бирөө аркылуу бергенден ишенбей саатты гаражка катып коюп иштеп жүрүп, кокустук болуп киши койгузуп алып түрмөгө кезилип кеттим. Мөөнөтүн бүтүп келсем эжем каза болуптур. Саат ордунда экен. Алтын саатты өзүнө бере албасам да кызына берейин деп тойдун болоорун угуп атайы келдим. Алтыным Нази, кичинеңде көтөрүп нечен ойноттум эле, анда бала элең, эми апаңдын ордун басып үй бүлөнүн очогун куруп жатасың. Куттуктайм. Бактылуу болгула. Кармаган колуңар ажырашпасын. Учурунда апаңа бере албаган алтын саатын сага берип коюга уруксат эт, – деп саатты колуна тагып бетинен өптүм. Нази мойнуман кучактап, айкалышкан колун жазбай токтоп калды. Анын көзүнөн аккан жылуу жашы мойнумдан ылдый агып койнума кирди. Эл туруп дүркүрөтө кол чаап жатышты…
КАРТ БОЙДОК
Тагдыр адамды кандай гана калчабайт. Бирде айкүр тургузуп, бирде чик түшүрөт эмеспи. Тагдырдын тартибине көнбөскө айлаң да жок, баш ийбеске чамаң да жетпейт. Мен медициналык институтту бүтүп «шашылыш хирургияда» хирург болуп иштеп калдым. «Отурган кыз ордун табат» болуп такай ошол жерде иштеп келем. Кудайга шүкүр, иш жаман эмес. Он беш жылдын ичинде күндөп-түндөп операция жазап көз көнүгүп, кол жатыгып калган. Ар күнү бир тажырбалуу врач, үч — төрт жаш адистер иштешет. Дем алышта, өзгөчө майрам күндөрү иш көп. Оору да, кырсык да көп кездешет. Ага жараша дежур врачтардын саны да көбөйөт.
Бейшемби күн болчу. Мен кабинеттеги диванда эс алып жаткам. Түнкү саат он эки ченде оорулуну кабыл алып аткан жаш хирург чуркап келип:
– Агай, медициналык тез жардам «аппендицит» менен ооруган бир оорулуну алып келди. Сизди тааныйт экен. Аты Муктар. Сизди келсин деп сурап атат, – деди шашкалактап.
Айлыбыз ар башка болсо да Муктар менен мектепте чогуу окуганбыз. Ал бала чагында шок, тамашакөй болчу. Кыздардын артына отуруп калса чачтарын байлаштырып чырылдатып, балдарды күлдүрүп жатчу. «Тентек бала тез токтолот» деп кийин зыңкыйган токтоо жигит болду. ВУЗга да бир жылда кирдик. Мен мединститутка, ал пединститутка. Ал институтту бир жыл мурун бүтүп, аспирантурага кирип философиядан кандидаттыгын жактап, доцент болуп өзү бүтүргөн институтта иштейт. Балдарга сабак берет. Кыркка чамалап калса да ушу убакытка чейин үйлөнө элек. Жолдоштор менен чогуу болуп калганда биз аны «карт бойдок» деп тамашалайбыз. Ал ага көнүп калган. Кабагым-кашым дебейт. Мен халатымды кийинип барганда Муктар кабыл алуу бөлмөдө кушеткада жатыптыр. Бозогону аттай берип:
– Ассолому алейкум, карт бойдок. Кайдан? – деп тамашаладым.
Муктар «жатабер» дегенге болбой ордунан туруп учурашты. Ичи ооруп, эти ысып, температурасы көтөрүлүп, алдан кетип калыптыр. Тамаша сөз эмес, сиркеси суу көтөрбөй турган учур экен. Эмне болгонун сураштырганда:
– Жайлоого эс алайын деп баргам, – деди Муктар, – ал жерде кымыс ичип, эт жеп, ууга чыгып жакшы эле жүргөм. Кечээ жүрөгүм айланып, ичим өтүп ооруй баштады. Мен саамал кымыз ичкенден көрүп көп анча маани берген жокмун. Эртеси ооруганы тарабады. Чочулап тамак да, кымыз да ичпедим. Кечте ичим катуу ооруп чыдатпай койгондуктан талаага түшүүгө аргасыз болдум. Жылкычы тууганга айтсам жакшы атын токуп мингизип, бир кишини кошуп берип талаага жөнөттү. Мен шаарга келип «шашылыш хирургияга» телефон чалсам сени операцияда деди. Көктөн издеген дарыгерим жерден табылып медициналык тез жардам чакырып ушинтип келип калдым.
Досумду жаткырып көрдүм. Ичи катуу ооругандан ичтин булчуң эттери чыңалып, таштай болуп кол тийгизбейт. Өтүшүп кеткен аппендицит экен. Шаша жуунуп киргенде жардамчы хирург Муктарды энеден туума кылып жылаңачтап, столго жаткырып, операцияга даярдап жатыптыр. Мен Муктардын аяк жагында туруп колумду спирт менен тазалап, сестра берген стерилдүү резина мээлейди кийдим. Көзүмдүн кареги Муктардын чатындагы операция болгон жерине илине түшкөндө анын азаптуу жашоосу көз алдыма тартылып жүрөгүм зырр дей түштү. Түшүндүм. Үн катпадым. Операция жазадык. Аппендицити ириңдеп жарылып кетиптир. Аппендицин кесип таштап, ириң болгон жерин жууп тазалап, антибиотикти ошол жерге арбын төгүп ириң чыкканга резина түтүк коюп тигип таштадык. Операция көпкө созулду. Мен кескен жердин терисин тигип бүтүп:
– Муке, бактың бар экен, дагы жарым күн кечиксең сенден ажырап калмак экенбиз. Эми айыгасың, бирок анча-мынча ооруганга чыдаш керек, – деп чыгып кеттим.
Палатага которуп жанынан чыкпай дарыладым. «Жетим улакка кайыр шыбак» деп аракет кылган акыбетибиз кайтты. Жакшы болуп көңүлү ачылып калды. Кечки дежурда кабинетке чакырып, өзүм жазап келген тамакты астына койдум. Тооктун этинен жеп, сорпосунан ичип бетине кызыл жүгүрдү. Сөздөн сөз чыгып, балачакты, студенттик турмушту эстеп:
– Муке, сен менден сыр жашырчуу эмес элең, бир суроо берсем тарынбай, тайсалдабай жооп бересиңби? – дедим.
Ал кандай суроо береримди сезди окшойт алгыр бүркүттөй тирмие тиктеп калды.
– Ал эмне суроо?
– Жөнөкөй эле жолдоштук суроо. Макул десең, тарынбасаң айтам.
– Айтабер, доктурдан жашыра турган эч нерсе деле калбады окшойт…
– Аның чын, Муке, мен баарын көрдүм. Аял албаганыңдын сырына да түшүнгөнсүп турам. Илгерки чала чарпып уккан ушак чын окшойт. Айып көрбөсөң ошол ушактын чыны, калпын айтып берсең. Доктурдун оозу дайыма кулпулануу, айткан секрет ошол жерде калат, – деп калдым.
Муктардын кызарган өңү кубарып чыкты. Мага тик карай албай, жерди, дубалдагы анатомиялык сүрөттөрдү тиктеп көпкө унчукпады. Анан терең улутунуп алды да:
– Мага окшогон акмакка сооп жок, – деп кейип баштады сөздү, – айтса айтып берейин. Сот бирөгө күнөө коюп түрмөгө кессе берген жылын отуруп чыгат, ал эми менин күнөөм кечирилгиз күнөө. Өмүр бою, өлгөнчө эстен чыкпаган күнөө. Менин күнөөм жаштыктын-мастыктын күнөөсү. Алабарман алды-артымды карабай жашагандын күнөөсү. «Шибегени капка каталбайсың» дегендей жылаңачтаганда жалаалу жарамды көрүп калганыңды сезип турам, Ырыспек дос, – деди.
Дагы жүрөктү эскен тынчтык өкүм сүрдү. Табалагандай болбоюн деп мен да досумдун көзүнө тик карай албадым.
– Бул окуя студент кезекте болгон, – деп Муктар сөзүн улады, – анын чет жакасын сен деле билесиң. Силер менен бирге окуган Канымкүл деген сулууча келген кыз бар эле, аны курсташтары Катя дешчү. Мен ошол кыз менен таанышып калдым. Ата-энеси эрте каза болуп, каралашар туугандары жок балдар үйүндө чоңоюптур. Согуш учуру. Каатчылык. Кокусунан мага үйдөн акча келип киного барбасак, айына бир гана жолу стипендия алганда гана барабыз. Жашообуз оор болсо да сүйүүбүз жеңил болду. Төртүнчү курска барганда мен аны алам деп, ал мага тийем деп макулдаштык. Эрди катындай болуп эркин жашап жүргөндө силер менен чогуу окуган Назира деген кызга ашык болуп калдым. Бир кыздын этегин кармап жүрсөң ошол кыз мыкты, сулуу деп ойлойт экенсиң, ал эми башка кыздын торуна чалынганда мурунку менен кийинкини пендечилик кылып салыштырат экенсиң. Мен да ошол обужок ооруга кабылдым. Катяны Назира менен салыштырганда Катя шооно эшпей калды. Катя балдар үйүндө тарбиялагандыктанбы же кудай берген өзүнүн мүнөзүбү ким билсин бетке айтма, орой сүйлөгөн адаты бар эле. Ал эми Назира сулулугу жагынан да, мүнөзүнөн да, кылыгынан да Катядан алдаканча артык эле. Акыркы курста Назирага үйлөнмөк болдум. Катя менен Назира экөө жолдош экенин билбей, бирин бирине көрсөтпөй экөө менен кездешип жүрдүм. Экөөнүн тең боюна бүтүп калды. Катяныкы мурунурак, Назираныкы кийинирек. Экөө сырдашып, келечек күйөөлөрүн айтышканда экөөнүн тең күйөөсү мен болуп чыгыптырмын. Катя менен Назира урушуп, кекетип-мокотуп сотко беребиз дешти. Эмне кыларымды билбей айлам кетти. Качып жүрөм. Студенттик жатаканадан чыгып, бир кишинин времянкасында жашап калдым. Бир күнү Назира жолугуп менин квартирама күндүз сүйлөшкөнү келмек болду. Мен макул болуп колдо болгон тыйынга нан, кант алып даярдап койдум. Түшкө жакын Назира келди. Чай кайнатып чай ичип отурганда Катя чакыртпай келип калды. Ал мурункудай ызырынбай, урушпай деле жайдары. «Эми кимбизге үйлөнөсүң?» деп Катя суроону кабаргасынан койду. Чайнаган наным тамагымдан өтпөй кыңк-мыңк этип эч нерсе айта албадым. Чайдан кийин экөөнөн оолактап керебетте отурганда Назира келип кучактап «Коркпо, экөөбүз тең сага күйөөгө чыкпайбыз. Бизди алдабаган, чындап сүйгөн жигитибиз бар» деди. Ишенер ишенбесим билбей делдейип отурганда экөө темир керебетке басып колумду керип байлап таштады. Жүрөгүм жамандыкты сезип:
– Чечкиле колумду, кыйкырам-деп тыбырчыладым эле Катя сүлгүнү оозума тыгып таштады. Бир оокумда Назира маска апкелип оозумду, мурдумду жаап бир ачуу нерсени маскага тамчылатканын билем, калганын билбей калыптырмын. Көзүмдү ачсам керебетте кийимчен жатам. Колум бош. Чатым эле какшатып ооруйт. Сыйпалап кармаласам бычып ташташыптыр. Тамак ичкен эски үстөлдүн үстүндө кагаз жатат. Алып окусам: «сен биздин турмушубузду буздуң, бактыбыздан ажыраттың. Биз ага жооп кайтарууга аргасыз болдук. Кокус милицияга арызданып барсаң анда сени сөзсүз өлтүрөбүз. Ал колубуздан келет. Биз камалып кетсек да биздин артыбызда дос, туугандар бар. Бизге эми баары бир. Эркектик кылбай иттик кылганыңды мойнуңа алып, тынч отур. Биз эчкимге айтпайбыз» деп жазышыптыр. Отуруп алып ыйладым. Асынып өлгүм келди, бирок өлөлбадым. Окууну бүтүп аспирнтурага калдым. Кадидаттыкты жактадым. Келечек болбогон соң жашоо мен үчүн супсак, кызыксыз. Жашаш үчүн айласыз тамак ичип жеш керек экен. Малга окшоп башыма тамактан башка ой келбейт. Келин, кыздар тийшсе, тамашаласа эркектик кылып эдиреңдемиш этем. Жалтак болуп турмуштан тажап эмне кыларымды билбей, иштегим келбей, ичкиликке жеңдирип жүдөп жүргөндө бир аял келип, аты жөнүмдү сурап алып:
– Сиз Катяны билесизби? – деп провакциялык суроо берип калды.
– Кайсы Катяны?
– Кайсы Катяны! Кайсы Катяны! дейсиз. Студенттик турмушта боозутуп таштап кеткен Катяны эмне унутуп калдыңызбы. Ошол Катя сизди чакырып жатат. Ал азыр ооруканада. Ахвалы оор. Мен анын дарылаган доктурумун.
Мен түшүндүм, бирок Катя эмнеге чакырганын түшүнбөдүм.
– Болуптур, – дедим тааныбаган аялдан кутулууга аракет кылып, – эртең барам.
– Кечиресиз, – деди врач. – Эртең кеч болуп калат. Эртең аны таппай калышыңыз мүмкүн. Ал мени сизди колунан жетелеп кел деген. Жүрүңүз! Кежирленсеңиз милиция чакырып айдатып барам.
Албуут, өжөр аял экен. Айласыз ээрчип жөнөдүм. Клиникага барсам Катя кандын «лейкоз» оорусу менен ооруп жууган чүпөрөктөй купкуу болуп жаткан экен. Алы жок. Мени көрүп көзүнөн жаш акты. Жанакы мени зордоп айдап келген врач башына кош жаздык коюп, бийиктете отургузуп чыгып кетти.
– Ат баспайм деген жерин үч басат дейт, мен сени көрөйүн деген көзүм жок эле, бирок оору аргасыз кылды. Сенден боюма бүткөнүн жакшы билесиң. Бала чоңоюп аборт жазоого болбой калганын да билесиң. Бирок жолдош кыздын айлына качып барып төрөгөнүмдү билбейсиң. Мен эркек төрөгөм. Баркы жок уул болду деп атын «Барыктабас» койгом. Фамилиясы өзүмдүн фамилиямда. Ошол уул азыр он экиде. Сага окшош. Акыл эстүү болуп чоңойду. Окуусу жакшы. Мени көрүп турасың, бүгүн же эртең тиги дүйнөгө жол тартам. Менин көзүм жумулса ага жардам берер киши жок. Көзүм тирүүсүндө сени уулуң менен тааныштырайын, кийин менин көзүм өткөндө өз колуңа алып тарбиялап алсын деп чакыртып отурам. Ал эми Назиранын турмушу да мактанарлык эмес. Учурунда аборт жазаткан. Казак жигитке күйөөгө чыккан. Азыр Алматыда жашайт, бирок төрөбөй калып, төрөт үйүнөн бала алып багып алды деп уктум, – деди Катя көзүнөн жашы жамгырдай агып. Анын авалын көргөндө, уулумдун атын укканда баарлык кордук-зордук эсимден чыгып мен да жашып отурдум. Палатадагылар биздин ыкы-чыкыбызга түшүнбөй башка жаман ойду ойлошкону сезилип турат.
– Сен сыртка чыгып күтүп тур, бираздан кийин Барыктабас келет ошондо чогуу сүйлөшөлүк, – деди Катя.
Мен чыгып кеттим. Кокусунан козголгон окуянын баары түшүмдөгүдөй сезилет. Деги уктаган жокмунбу деп өзүмдү өзүм чымчып да көрдүм. Уктабапмын. Дүкөнгө барып тамак аш алып ооруканын астындагы скамейкада отурсам бир жаш бала келип палатага кирип кетти. Көптөн кийин ошол бала чыгып «апам сизди чакырып атат» деди. Көтөрүнүп кирип бардым. Уулу экөөбүз Катянын бетмаңдайына отурганда:
– Балам, алтыным, Барыктабасым, атаң ушул киши. Сен ушул кишинин канынан жаралгансың. Менин көзүм өткөндө сен атаңдын колуна барасың. «Атам болсо ушуга чейин кайда жүргөн» деп өгөйлөбөй, тарынбай, тарынтпай атаңдын айтканы менен болуп бактылуу жаша, каралдым. Менин көзүм өтсө атаңдан башка каралашар кишиң жок, уулум. Турмушка туура түшүн.
Мен жанымда отурган уулумду кучактап бетинен өбө албадым, көзүмдүн жашы көл болуп бир да сөз айталбадым. Барыктабас экөөбүз сыртка чыктык. Мен баланы ээрчип алардын үйүнө бардым. Бир бөлмөлү үйү бар экен. Апасы инвалидтикке өтүп өтө начар жашаганы көрүнүп турат. Ошол эле күнү Барыктабасты дүкөнгө ээрчитип барып бир сыйра жайкы кийим алып бердим. Иштен кийин келип Барыктабас экөөбүз Катяга барып, анан үйгө келип чогуу тамактанабыз. Көпчүлүк учурда уулумкуна түнөп калам. Дем алыш күндөрү ээрчитип барып эки бөлмөлүү үйүмдү көрсөттүм. Үч жуманын ичинде бала мага жакын болуп калды. Бир айга жетпей Катя каза болду. Аны баарлык шарты менен жерге тапшырдык. Барыктабастын окуусу аяктаганча экөөбүз анын үйүндө чогуу турдук. Анан биздин эки үйдү үч бөлмөлүү үйгө алмаштырып чогуу жашап калдык. Балам колума келгени мен өзүм үчүн эмес, балам үчүн жашашымды түшүнүп жаңы күч менен, келечек үмүт менен ишке кириштим. Баштап, таштап койгон докторлук диссертациянын үстүндө күнү-түнү эмгектенип аны бүттүм. Буюрса жакында жактайм. Жанакы мага келип жүргөн жигит менин уулум. Ал азыр айыл чарба институтнда окуйт. Бир сапар эзилип отуруп:
Кабаттап сүйгөн махабат,
Кайгыга салды башымды.
Картаң чалга тең кылды,
Гүлдөгөн кырчын жашымды,
– деп бир түрмөк ыр жазыптырмын. Качан, кара теке сүзгөн кайсы кайгылуу күндө жазганымды билбейм. Аны уулум таап алып:
– Ата, бул кайгылуу ырды сен жаздың беле? – деп сурап калды.
– Балам, бул ыр менин муң зарым. Арманым, – дедим. Кетирген каталыкты уулума айталбай жүрдүм эле, отургузуп алып болгон окуяны ийне жибине чейин жашырбай айтып берип, сенден суранарым мен кетирген каталыкты сен кетирбе, каралдым. Шашпай, тандап бирди сүй да түбөлүк ошо жарың менен жаша, – деп жаман акылымды айттым.
Бала чакты, студенттик мезгилди эстеп шаңдуу башталган сөз көңүлдү кирдетип, ойго чөмүлтүп аяктады…
ӨКҮМ!
Күн түшкө жакын болуп калган. Врач оорулуларды кабыл алып поликлиникада отурганда ага тааныш киши кирди. Бирөө арпасын кам оруп койгонсуп нааразы болгон түрү бар. Ал отурбай атып адатынча омуроолой баштады.
– Кирейин десем сырттагы кишилер киргизбейт. Суранып, тиленип жатып бир минутка араң кирдим, – деди Жумабек, – үстүңө киши кере албаган сен тим эле пайгамбар болуп калган турбайсыңбы…
– Ананчы, – деп күлдү Касен, – пайгамбар болуп кишилердин тозоко же бейишке чыгарын билбесем да келгендердин эмне менен ооруганын билем. Бул жагынан пайгамбарлыгым бар.
Жумабек кыркка такап калган киши, мектепте мугалим болуп иштейт. Тарыхтан сабак берет. Кийин директор болуп жогорку тепкичке көтөрүлгөн. Илгертеден тааныш. Теңтуштук, жолдоштук жагы бар. Айылдын шарты боюнча жамандык, жакшылыкта чогуу болуп калышат. Өзүн өзгөлөрдөн өйдө сезген кырс мүнөздүү адам. Ал мүнөзү директор болгондон бери өөрчүп кеткендигин бирге иштешкендер айтып жүрүшөт. Өткөн жумада көчөдөн жолугуп калып оорусун айтканда «поликлиникага кел, көрөйүн» деген. Келер замат эшик ачык болбогонго, эртеден бери дөөмөттө сарыгып турган оорулулар чуулдап киргизбегенге кекетип-мокотуп отурганы да ошондон. «Сырын билген байталдын сырт жагынан чыкпагын» деп сөздү алыстатып баштады:
– Эмне иш менен келдиң эле, Жуке?
– Поликлиникага жөн иш менен келмек беле. Ооруп келет. Сага көрүнөйүн деп келдим. Кел деп айтканыңды унутуп калдыңбы?
– Билем аны, унута элекмин. Карточкаң барбы?
– Кайдагы карточка… Бу поликлиникага биринчи келишим. Мен өмүрү ооруп көргөн эмесмин…
– Токто, токто, Жуке, грипп менен да ооруган жок белең? Ооруганга справка алган жок белең?
– Ооругам. Оорусам да силерге келбей үйдөн эле дарыланып айыгып алчумун.
– Деги эмнең ооруйт?
– Аш казаным ооруйт. Тамак ичсем да, ичпесем да сыздап ооруйт. Апетит жок. Кийинки учурда жатарда ичкен тамагым сиңбей калчу болду.
Касен Жумабек келгенде эле байкаган. Мурун бышкан боорсоктой тысырыйган толук болчу, азыр жаак эттери шылынып арыктай түшүптүр. Кыртышы эскирген арабадай кыйчылдаган жолдошун тыңшап, жаткырып көрүп:
– Жуке, өнөкөт гастрит менен ооруп калыпсың, аны такташ үчүн анализге канды, заараны, карындын ширесин тапшырышың керек, – деп лобараторияга жолдомо жазып берди. Анализден каны азайып, заарасы түгөнүп калатургансып кыйылып атып араң макул болду.
Жумабек экинчи ирет врачка келди. Касен анализдерди шашпай карап чыгып:
– Жуке, анализдериң жакшы, бирок аш казандын, каныңдын анализинде саал өзгөрүш бар. Азырынча ушул дарыны дарыканадан алып ичип тур, эмки жумада кардыңды рентгентке көрсөтүп кел, – деп дарыга рецепт жазып берип, рентгенге жолдомону колуна карматты.
Жумабек врач жазып берген суюк дарыны, таблетканы ичкенден кийин ооруган жери саал азайганы менен жакшы болалбады. Элдин айтуусу боюнча табыпка барып дарыланып жүрдү. Рентгенге барган жок. Барууну ойлоп да койгон жок. Оорулунун тагдырына тынчы кеткен врач эки жума өткөндөн кийин сестраны атайы үйүнө жиберип чакыртты. Келген жок. Бир жума өткөрүп дагы чакыртты. Мында да келбеди. Бир күнү көчөдөн кездешип калды. Кызуу экен.
– Ээ, Жуке, эмне чакыртса келбей качып жүрөсүң. Рентгенден сөзсүз өтүшүң керек.
Кел, өзүм ээрчитип барып рентгенологко дайындап коёюн. Дөөмөт күтпөйсүң…
Касендин «эмне качып жүрөсүң?» – деген тамаша сөзү Жумабекке жакпай калды. Ал врачты жаман көзү менен тиктеп:
– Сенин дарыңды да, рентгениңди да урдум, – деди опурула сүйлөп, – мен врачы жок эле айыгам.
– Кантип?
– Табыпка барып дарыланып жүрөм, – деди мактанч менен басмырлай сүйлөп, – ал ичеги кардың таптаза. Врачтар бок билбейт. Калжыраптыр. Тамакты ылгабай иче бер. Ичиң катуу ооруса элүү грамм таза спирт же жүз грамм арак ич деген. Ошонун чөптөн кайнатып жазаган дарысын ичкенден бери түзүк. Арасында ушинтип арак да ичем. Сага экинчи барбайм. Билип кой…
– Эй, Жуке, антпе. «Ат баспайм деген үч басат» дейт. Келип калышың мүмкүн. Сага айтар кеңешим, сен ал табыпка барба. Алар эчнерсени билишбейт. Убакытты чоё берсең ооруңду күчөтүп алсың. Кечиктирбей тезинен рентгенге көрүнүп келгин. Тил ал, Жуке!
Ушул учурда дагы бир тааныш кошулуп сөздүн нугу башкага бурулуп кетти. Кетерде Касендин айткан сөзүн Жумабек укмак түгүл ага көңүл да бөлбөй басып кетти. Арадан үч ай өттү. Ооруган жери басылбай, күч кубаты төмөндөп баратканын сезди. Каяша айткан доктуруна кайра баруудан намыстанды. Касен чыдабады. Сестра аркылуу чакыртып рентгенологко өзү апарып тапшырды. Рентгенден өтүп кабинетке келгенде врачтын жазганын окуп чыгып:
– Жуке, ооруңду такташ үчүн дагы бир текшерүүдөн өтүшүң керек болуп калды, – деди.
– Ал эмне текшерүү.
– Гастроскопия. 1 Билесиңби Жуке, бул изилдөөнү райондук оорукананын шартында жазоого мүмкүн эмес. Бизде андай аппарат жок. Болсо да ага иштей турган адис да жок. Сен Бишкекке барып кардыңды көрсөтүп текшерилип кел. Бул сөзсүз керек.
– Ушу сен ооруну дарылаганды билбейт окшойсуң го, – деди Жумабек сурданып, – келгенде эле анализ, рентгенге жибересиң. Же мени убара кылайын, кыйындыгыңды, врачтыгыңды көрсөтөйүн дейсиңби?!
Касен терепевт болуп иштегенине он беш жыл болгон. Тажырыйбасы да кудайга шүгүр. Ушул арада республиканын жана Россиянын борборунда үч ирет билимин өркүндөтүп келген. Өзүнүн адистиги боюнча газет, журнал алып такай окуйт. Учурдагы медицинанын талабына толук жооп берет, бирок ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет болуп райондук масштабда керектүү аппараттар жок. Он беш жыл оорулуларды дарылап жүрүп көптөгөн алкыштарды алды, көптөгөн өлүмдөрдү көрдү, көптөгөн кыйынчылыктарды башынан өткөрдү. Жаман, жакшы нааразы сөздөрдү уккан, бирок бир адамдан мынчалык шылдың, басмырлаган сөздү уккан эмес. Аны билимдүү, илимдүү педегог жолдошунан угуп отурат.
– Кечиресиң, Жуке, – деди Касен аста сүйлөп, – өткөргөн анализдин баарлыгы өзүңдүн кызыкчылыгың үчүн жазалып атат. Тил алып барып кел. Барбай убакытты уттурсаң кеч болуп калат. Кеңеш бериш менин милдетим, аткарыш сенин милдетиң. Өзүң бил, Жуке.
– Деги менин оорум эмне? Диагнозун айтчы?
– Диагнозуң баягы эле гастрит. Карындын өнөкөт оорусу. Бирок рентгендин көрсөтүүсү боюнча бир жерде жара бар. Ошону такташ үчүн сен борбордогу институттка барып көрүнүп келишиң керек.
– Кайсы институтка. Ал жерде институт деген, клиника деген толтура.
– Онко институтка.
– Эмне меники ракбы?
– Жок, Жуке, сеники рак оорусу эмес, айттымго кардыңда жара бар. Ошону тактап кандай жол менен дарылашты билишибиз керек.
– Барбайм, – деди Жумабек ордунан жулкунуп туруп, – барсаң өзүң бар, – деп эшикти тарс жаап чыгып кетти.
Касен отуруп калды. Медицинада оорулу адамдын нервин сакташ үчүн, көңүлүн бузбаш үчүн, келечек үмүтүн үзбөс үчүн айрым учурда калп айтууга туура келет. Өзгөчө ажал алкымдан алган ооруну. Бул гумандуу калп. Мындай гумандуу калпка Азирети Мухаммед пайгамбар да уруксат берген. Анткени өлөтурган оорулуү медиктердин сөзүнө ынанса калган кыска өмүрүндө даалдап жүрүп жарык дүйнө менен коштошот. Калп кеңештин ушундай жакшы жактары бар. Бирок айрым адамдар ишенбей сарсанаа болуп, кайышып, кыйналып жүрүп көз жумат.
Адамды эриткен да тил, куураткан да тил эмеспи. Муну элдин баары билет. Медицинада бул өтө маанилүү маселе. «Ойлонбой айтсаң, онтоткон ооруга жолуктурасың» деген медиктердин арасында эске сактарлык канаттуу сөз бар. Бул чындык. Врач оорунунун анык-даныгын тактабай туруп болжол менен бир ооруну айтып койсо, ошол айткан оору жок болсо да ишенип, акыры нерв ооруга чалдыгып, ооруп калышы ыктымал. Муну медиктер «ятрогенный оору» дейт. Касен жолдошунун рак оорусун жашырып «өйдө тартса өгүз өлөт, ылдый тартса араба сынат» болуп кыйноодо калган учуру…
1. гастроскопия-лампачколуу шлангини жутукуруп карындын оорусун көрүү.
Мезгил суудай агып токтобой өтүп жатты. Арбир өткөн күн райымсыз ажалдын пайдасына эсептелип жатканын Жумабек түшүнгөн жок. Ойлоп да койбоду. Касен жеме укса да «башың баш, байбалчагың кара таш» деп таштап койбой сестраны дагы жиберди.
– Касен Тажыбаевич, – деди сестра врачка олуттуу тиктеп, – Жумабек шылдыңдап, басмырлап урушуп атса да сиз эмне эле ага жабышып калдыңыз. Сиздин кеңешиңизди укпаса, сиздин аракетти түшүнбөсө, баалабаса, сизге ишенбесе каалаган врачына барсын. Ишенген кишисине көрүнсүн. Мен барганда өтө жек көрүү менен кабыл алып: «Эмне келдиң? Сени дөөпөрөз доктуруң жибердиби? Айтып кой ага, барбайм! » деп кирет. Мен билген кеңешимди айтсам уккусу келбейт. Өткөндө короого итин агытып коюп чыккан жок. Айлам кетип кечте аялы иштен келгенде барып айттым.
– Аялы эмне дейт?
Ал менин көзүмчө: «Жуке, кайра-кайра чакыртпай барбайсыңбы. Аны врач катары баалабасаң да, сыйлабасаң да, жолдош катары сыйласаң боло. Ал сага жамандык ойлогон жокко акыры…» десе: «Убактым жок. Анын чакыргандан башка иши да жок» деп үйүнө кирип кетти.
– Кежирлигиңден бирди көрөсүң го… – деп аялы артынан кейип-кепчип тим болду.
– Эч нерсе эмес, – деди Касен сестрага мээримдүү карап, – азыр бизге түшүнбөсө кийин түшүнөт. Бүгүнкү чакырык акыркы болсун. Ачууңду келтирбей, капаланбай барып кел. Мында макул болбосо өзү билсин. Бала эмес. Кыйналса өзү кыйналат. Оорусу башкага жукпайт. Бирок биз аны өлүмгө сүйрөп бараткан ажалды көрүп, билип туруп унчукпай койсок абийир кечирбейт го…
Бул сапар Жумабек аялы Сабираны ээрчитип келиптир. Баякыдай эле корсулдаган сөз, кырчылдаган мамле. Чогуу отуруп сүйлөшкөндөн кийин коштошуп чыгып баратканда:
– Сабира, сен бир минутка калчы, – деди Касен.
Эри жалт карап, жамандык ойлоп, эч сөз айтпай чыгып кеткенден кийин:
– Сабира, эриң мага туура түшүнбөсө да сен мага туура түшүнүшүң керек. Жумабектин кардында шишик бар. Баарлык белгиси рак оорусуна шайкеш келип турат. Эгерде мен айткан диагноз туура чыкса тезинен операция жазаш керек. Башка жол жок. Каяктагы табыптарга барып оорусу создугуп кетти. Рак оорусу менен ооругандарга кеч операция жазалса анын баары «а дүйнө» кеткенин көрүп, билип, угуп, катташып жүрөсүң. Эриңди эртерээк онкого барганга көндүр…
Ушул учурда эшик шарт ачылып Жумабек кубарып, кумсарып кирип келди.
– Мага чыгарган «өкүмдү» аялыма угузтуңбу, ыя? Менин оорум жөнөкөй оору эмес эле рак экен да, ыя? Мен бүткөн киши экемин да…Мага чыгарган өкүм өлүм өкүмү экен да… Мен аялыма жебиреп айтканыңдын баарын сыртта туруп уктум. Айт ачыгын, менин оорум эмне оору? Ракбы же башкабы?
– Ачууланба, – деди Касен кол салуучудай атырылган жолдошунун жүзүнө тигиле карап, – сүйлөшкөн сөздү аңдып уккан маданияттуулукка жатпайт. Бул бир. Экинчиден шыбыр сөздү бекер уктуң. Биздин жашыруун сөз сенин пайдаңа айтылган сөз болчу. Менин сөзүмдү угуп аны «өлүм өкүмү» десең аның да туура. Кудай да «сактансаң сактайм» деген. Сактаныш керек. Сен айткан өкүм ишке ашпас үчүн тезирээк адистештирилген институтка барып көрүнүп кел. Акчаңды билбеген табыптарга коротпой, убакытты созбой, билген адистерге дарыланып келгениң оң, Жуке.
Жумабек бул сапар да эшикти тарс жаап чыгып кетти. Аялы «бул ушундай укпаган кежир…» деп кобурап артынан жөнөдү. Врач менен сестра бирин бири тиктеп калаберишти.
Арадан төрт жума өткөндөн кийин арыктап, алсырап операциядан кийин Жумабек келди. Баягыдай атырылган түрү жок. Тунарып өчүп бараткан көзү менен врачты суроолу тиктеп:
– Мен сени акыйкатта түшүнбөпмүн, – деди Жумабек, – айтканың туура чыкты. Карында дары менен айыкпаган жара бар экен. Дагы бираз кечиксең операция жазаганга жармай калмак экен дешти. Операция жазап карынымдын теңин кесип ташташты. Чыгарда дарылаган врач : «бара-бара баары жакшы болот» деди, бирок алым начар. Сен айткан «өкүм» ишке ашканы турат окшойт…Тилиңди албай табыптарга бекер барыптырмын…
Касен Жумабектин операциясын билет. Мурун эле уккан. Кеч болуп, рактын оорусу бооруна, ичегисине тарап кетиптир. Ачып, кайра эле жаап койгон. Оорулунун колуна жазып берген кагазда «дигнозу карындын жара оорусу, операция жазап үчтөн эки бөлүгү кезилген» деп жазган. Бирок өзү карындын өтүшүп кеткен рак оорусу экенин билбейт. Балким баамдайт… Бул оору менен бир ай жашайбы же бир жыл жыл жашайбы белгисиз. Жанынын бектигине, күчүнүн көптүгүнө, шишиктин тез күчөшүнө байланыштуу.
Касен а дүйнө кете турган жолдошу коштошуп шамалдагы ийилген талдай өчөйүп ичин басып кетип баратканда артынан армандуу тиктеп туруп: «Оо, кырдуу бычак кылган жалган дүнүйө. «Чындыкты айтсаң тилиң күйөт, чындыкты айтпасаң дилиң күйөт» болду го. Жукем мага түшүнбөй, врачтык кеңешимди ойго албай, баалабай акыры жарык дүйнө менен коштошмок болду. Бул да тагдыр. Алгачкы айтканда макул болгондо тагдырды ооздуктап, ажалды жеңип чыгышка мүмкүнчүлүк бар эле го… Эми болбой калды, кантейин…», – деп ойлоп, жакын жолдошуна сыр алдырбай ичинен коштошуп калаберди…
БЕКМАМАТ
Өлмөскан байбиче күндөгү маалда почто жашигиненен газетти алганда көк конверт түшүп кетти. Эки жылдан бери эч бир кат кармап көрбөгөн аял уулунун элеси учкундай жылт этип жүрөгү туйлап чыкты. Буга окшогон туура сокпогон жүрөктү медиктер экстросистолия деп коюшат. Ал көпчүлүк учурда нерв системанын таасиринде болот. Катты алып эч нерседен капары жок, короодо иши менен алек болуп аткан чалынын жанына келип:
– Ээ, баланын атасы, сизге кат келиптир, бийлеңиз, – деди.
– Кимден экен?
– Алганда көрөсүз. Бийлеңиз. Болбосо бербейм.
Карим аялына күлө карап «Така-так. Така-так » деп ырдап, колун уча турган куштун канатындай делпилдетип жайып, бармагын шакылдатып, жаш чагында бийлеп көнгөн бийин Өлмөсканды айлана бийлеп үч бүктөлүп ийилип колун сунду. Байбичеси кубаныч менен катты чалынын колуна карматты.
Карим Эргешов пайгамбар жашында. Өмүр бою шофер болуп иштеп былтыр пенсияга чыкты. Аялы Өлмөскан өзүнөн беш жаш кичүү. Фабрикада жумушчу болуп иштеп ал дагы пенсияда. Өзбек туугандар менен кыз алып, кыз беришип өтмө катар. Кыргыздын салты өзбекке өтүп, өзбектин салты кыргызга өтүп аралашып кетишкен. Каримди түштүк элинин салты менен Карим аке дешет. Анын Бекмамат, Бексамат деген аты да окшош, өзү да окшош эки уулу бар. Бекмамат армияга кетип, жоокердик милдетин Россиядан өтөп жүрүп каза болуп, бир офицер денесин темир гробка салып жеткирип келген. Оштогу гарнизондон аскерлер келип, мусулмандык өлүк расмийин жазап бүтүп көмөөрдө армиянын салты боюнча асманга ок атып салтанаттуу көмүшкөн. Бексамат бала чагында чымчыктын баласын алам деп бактан жыгылып жамашынан жабыркап аскерге барбай калган. Сылтып басат. Бутуна байланыштуу шаардагы медициналык мектепти бүтүп, фельдшерлик диплом алып, ооруканада рентгент лобарант болуп иштейт. Бекмамат тартиптүү, ата-энеге күйүмдүү бала эле, «Аганы көрүп ини өсөт» болуп Бексамат да ата-энесинин ою менен болгон артыкча боорукер бала. Кудай берсе быйыл үйлөнтөбүз деп турушат.
…Көптөн бери колуна кат кармабаган Карим аке кемпири берген катты калтаарый колуна алып, ары-бери оодарып карап чыкты да «бул алыстан келген кат көрүнөт», – деп кобурады. Чалынын жаш чагындай жаркылдап айланып бийлегенине жетине албаган Өлмөскан шаштырды:
– Кимден келсе да ачыңызчы тезирээк!
Карим аке шашпай катты ачып, эки бүктөлгөн баракта шурудай тизилген жазууга кадалды. Кат орусча жазылыптыр. Кыска гана «Здравствуйте, Карим аке, биз сиздердикине жакында барабыз. Болгон кепти ошондо сүйлөшөбүз. Саламым менен Бекмамат», – деп жазыптыр. Эрди-катындын эч нерсеге түшүнбөй ооздору ачылды да калды. Карим аке уулунун атын окуганда Бекмамат уулу тирилип тура калчудай катка үңүлө тиктеп томсоргондо кемпири шаштырды:
– Бекмаматыңыз ким? Баламдын атына окшош сиздин досторуңуз эмеспи? Качан келерин жазыптырбы?
– Бекмамат деген досум эмес таанышым жок, байбиче, – деди Карим аке улутунуп, – качан келээрин жазбаптыр. Ким келээрин, эче киши келээри айтылбайт. Канвертте Россиянын печаты турат. Эмне болсо да алыстан келетурган кишиге окшоп калды.
Табышмактуу каттан кийин тааныбаган мейманды күтүүгө даярдана башташты. Төрт бөлмөлүү чоң үйдү да, эки бөлмөлүү кичи үйдү да актап, сырдап, айлананы тазалап коюшту. Короодогу гүлдүн чөбүн жулуп, түбүн жумшартты. Анан калса Карим акедей күжүрмөн адам аз кездешет. Эртең менен эрте туруп, аялы, уулу уктап жатканда короону тазалап, үйдүн тушундагы чоң жолго да суу чачып аны да зымылдатып шыпырат. Аны бүткөндөн кийин огордко айдаган көк-сагын отоп, гүлгө атайын чачыратма «лейка» чакасы менен суу куят.
Тааныбаган кишинин катын апрель айында алышкан. Май айы да, июнь айы да өтүп мейман күтүү унутулуп да калгансыды. Бирок дем алыш күнү Карим аке үй бүлөсү менен сөөрүдө чай ичип отурганда дарбазанын түбүнө такси келип тактоп өзбек шофердүн бакылдаган үнү чыкты:
– Карим аке, бамысыз?
– А, бармын. Киребериңиз!
– Сизге конок апкелдим, Карим аке, – деп калитканы ачып балалуу орус аялды киргизип, өзү таксиде отурган клиентти менен шашылыш жүрүп кетти.
Коноктун атын укканда узундуу-кыскалуу болуп үй бүлө бүт тура чуркашты. Балалуу аял бозогону аттап, алдыга өтө албай үй ээлерин телмире тиктеп туруп калды. Орто бойлуу, чачы сары, көзү көк, бети аппак, сымбаттуу сулуу орус аял экен. Жанында турган эки жаш чамасындагы азият улутуна окшогон каратору эркек бала энесинин этегине уйгактай жармашып артына жашынат. Секунттук тынчтыктан кийин:
– Здравствуйте, Карим ата, – деди келген аял.
Карим аке уккан кулагына, көргөн көзүнө ишенбей дал болду да калды. «Бул эмне дейт? Аке деп айтам деп ата деп жатат окшойт» деп ойлоп жооп айтты.
– Здраствуйте, дочка, – деди Карим аке, ушул окуяны түшүндө көрүп жаткансып өзүнө өзү ишене бербей – сиз адрестен адашкан жоксузбу?
– Билбейм. Адристи көрсөтсөм таксиз алып келип ушул үйгө киргизип койду.
– Сиз ким болосуз?
– Мен Катя. Сиздин «снаха» болом.
– Какой снаха?
– Мен Бекмаматтын аялы. Бул бала Бекмаматтын баласы. Бекмамат чон атасы Карим атага келди.
– Оо, кудай, эмне дейт? Бекмаматтын келинчегимин дейби. ыя? Бул бала Бекмаматтын уулу дейби, ыя? Куруп калган кулагым калп уккан жокбу, ыя. Оо, кудай, – деп Өлмөскан жакын келип тактап сурады:
– Сиз Эргешов Бекмаматтын аялысызбы?
– Ооба.
– Бул бала Бекмаматтын баласыбы?
– Ооба.
Өлмөскан Катяны кучактап бетинен өптү. Коркуп чырылдап ыйлаган баланы тыбыратып кучактап көтөрүп өпкүп да атат, ыйлап да атат. Туйлаган баланы энесине берип, шаша келинге өздөрүн тааныштырып кирди:
– Бул, – деди колун жаңсап көрсөтүп, – Бекмаматтын атасы, балаңдын чоң атасы. Мен апасы. Бул Бекмаматтын иниси Бексамат. Кириңиз үйгө берекем. Сиз бизге кубаныч апкелдиңиз. Кириңиз үйгө…
Катя Бексаматты кирпик какпай тиктеп турду да эринин элесин инисинен көрүп мойнунан кучактап болоктоп ыйлап жиберди:
– Бул братына Бексамат коёндой окшош экен, – деп шолоктоду. Аны укканда ата-энесинин көзүнөн жаш булактын суусундай акты. «Торпогу тоз жаласа, музоосу муз жалайт» болуп чоңдор кубанычтан ыйласа, бала коркуп чарылдап жатты. Ага караган адам жок баары кубаныч менен кузалыктын казанында боркулдап кайнап жатышты. Ыйлап басылгандан кийин чогуу сөрүгө барып отурушту. Өлмөскан апа келинине айтарга сөз таппай, берерге аш таппай ары-бери чуркап шашып калды. Жакшылыктын кабарын угушка баары дилгир. Дасторкон жайылгандан кийин орус аялдын оозун тиктеп отуруп калышты. Карим аке каргылданган үнү менен сурады:
– Кызым, катты Бекмаматтын атынан жазганыңызды түшүндүм. Ошо катта барганда айтам деген кепти айтып бериңиз.
– Айтайын, – деди Катя, – бул сөздү айтыш мага оор, сиздерге да угуш кыйын. Бирок чындыктан чыга албайсың. Айтайын. Мен ооруканада медсестра болуп иштөөчүмүн. Бекмамат армияга барып шофер болуп иштеп командирди тартып жүрдү. Экинчи жылы ал коменданттан уруксат алып шаарга ойноп чыкканда таанышып калдык. Ал мага жагып, мен ага жагып кездешип жүрдүк. Службанын акыркы жылында биз никесиз үйлөнүштүк. Боюма бүтүп калды. Сиздерге мен жөнүндө кат жазган жок, мен службамдын мөөнөтү бүткөндө атам менен апама «сюрприз» кылып барып калабыз деген. Ошол жерден ЗАГСга туралык деп макулдаштык. Ага чейин кырсык болуп кетти. Армиялык учения болгон. Ошол ученияда Бекмаматты бензевозго отургузуп, ал машина менен бензин тартып учения болгон жерге жеткирип турган. Учениянын экинчи күнүндө вензовоз капталдан оодарылып, бензин төгүлүп өрттөнүп кеткен. Бекмамат эптеп чыгып өрттөн кутулса, жанындагы солдот кабинадан чыга албай күйүп жан тасилим болду. Бекмаматтын денесинин көп жери күйүп госпитальга жаткан. Ал адам болбосун билип, өмүрүнүн акырында «Боюңдагы бала кыз болсо да, уул болсо да торолгондо чоң атасы менен чоң апасына алпарып көрсөтүп, тааныштырып кел» деп сиздердин адрести берген. Эзилип жүрүп эркек төрөдүм. Сүйгөнүмдүн атын унутпайын деп уулумдун атын Бекмамат койдум. Мен Бекмаматтын керээзин аткарып ушинтип атам тааныбаган жерге сиздерди издеп келип калдым. Ал эми мен көргөн кордукту, мен көргөн тозокту эл көрбөсүн. Ата-энемдин никесиз, анын үстүнө башка улуттук жигиттен боюма бүткөнүн угуп алып урушканын, жектегенин угуп аз жерден асынып өлүп калган жокмун. Бекмаматтын сүйүүсү, анын аманаты мени аман алып калды. Баарына чыдадым. Болгону ушул. Айтканга кыска болгон менен азабы аккан дарыядай узун. Азыр да ал азаптан кутула албай жүрөм.
Катя карегин каптаган жашын бет аарчысы менен кургатып ыйлап да атты, сөзүн токтотпой мукактанып сүйлөп да жатты. Бекмаматтын уулу атасы Бекмаматка окшоштугучу, тим эле оозунан түшкөн түкүрүккө окшош. Бири кем дүйнө ушинтип эки жашты эрте ажыратып, жакындарын ыйга чөмүлттү.
Бүркөлгөн күн ачылгандай, жааган жаан басылгандай биртоптон кийин ый да басылып, кабак да ачылды. Карим аке кубангандан отурарга орун таппай, басарга жер таппай калды. Короодо дубал бойлото катар тигилген роза гүл келинди күтүп тургансып бажырайып тегиз ачылыптыр. Аңкыган жыпар жыты көңүлдү көккө алып учат. Карыя кайчысын алып, розадан кесип, тикенин сыдырып таштап гүл дестени келинине сунду:
– Келишиңиз менен куттуктайм, балам, – деп Катянын колуна карматты. Кандай кабыл алат деп жол бою санааркап келген Катя гүл дестени алганда гүлдөй жайнап, Бекмаматтын көзү тирүүсүндө үйрөткөнү боюнча ордунан туруп «рахмат, ата» деп эңкейип үч ирет жүгүндү. Аны көргөн кайын атасы менен кайын энеси орус келини түшүнбөсө да «бай бол, бактылуу бол, кудай тилеген тилегиңди берсин» деп алкап жаналы калган жок. Жакшылыктын жышааны үйдө өкүм сүрүп кубаныч деңиздей толкуду.
Төрт бөлмөнүн бирин бошотуп, небереси менен келинине эки керебет коюп беришти. Бала бат эле чоочун элге көнүп кетти. Чоң атасы колунан түшүрбөйт. Кайда барса мойнуна мингизип көтөрүп жүргөнү жүргөн. Базарга апарып, дүкөн кыдыртып каалаган оюнчугун алып берет. Келининин ийкемдүүлүгүн, кичипейилдүүлүгүн айтпа, Өлмөскандын оорун колдон, жеңилин жерден алып жыргатты. Уулу Бексамат иштен кийин, дем алыш күндөрү орус жеңесин шаар аралатып көрсөтөт. Ошол учурда чагынча Жалал-Абад шаары жашыл бак-даракка чөмүлүп, анделек бышып базарга сатылып калган учур эле. Базардагы жайнаган жер-жемишти, тамак ашты көрүп «шаарыңар жакшы экен, биздин базарда мындай жер-жемиш жок» деп Катя таң калды. Кийинки дем алышта Бексамат Катяны курортту көрсөткөнү алып кеткенде:
– Ээ, байбиче, – деди Карим аке кемпирине кайрылып, – неберебизди жетим кылбай, орустардын ортосунда түрткүнчүк, жек көрдү кылбай, келин менен уулду баш коштуруп койсок кантет?
– Сиз мен ойлогон ойдун нака үстүнөн түштүңүз, баланын атасы, – деди Өлмөскан, – түндө жаткандан кийин неберемди ойлоп көпкө уктай албай койдум. Биринчи ирет сүйлөшүп баланы алып калсак деп ойлодум, бирок баласын береби, бербейби деген ой кетти. Анан кайра кыргыздын кылым карыткан салты боюнча баланы энесинен ажыратпай уул, келиндин башын бириктирип койсокбу деп да ойлоп кеттим эле….
– Балдар макул болор бекен?
– Түшүндүрүш керек, баланын атасы, түшүндүрүш керек. «Жылуу сөзгө жылан ийнинен чыгат» дейт. Сиз уулуңуздун жүрөгүнө жылуу сөздөн ачкыч тапсаңыз уулуңуз жок дебейт. Бекмамат берекем ушул кызга бекеринен ашык болбоптур. Келин сулуунун сулуусу. Жарокер, акылдуу, ишмер, иши да уулуңуздукундай доктурлук. Баш кошсо бирге барып, бирге келип иштеп турушат. Байкашымча уулуңуз жеңесин өтө урматтап сыйлайт. Жакшы көрөт. Ал келин сыйга татыктуу, бир гана жетишпеген жери орустугу, дини, тили башка…
– Сиз туура айттыңыз, байбиче, эң негизгиси неберебизди жетим дедирбей, түрткүнчүк кылбай аталуу кылып өзүбүз чоңойтконубуз жакшы. Ал эми дитин койсо кыргыздын тилин келин тез эле үйрөнүп кетет. Биринчи ирет Бексаматты көргөндө келин каза болгон эрине окшоштуруп кучактап ыйлап жибергенде мен үчүн Бекмамат тирилип келгендей эле болду.
– Уулуңузга окшош небереңиз келгени Бекмаматтын тирилгени ушу да, балдардын атасы, же жалганбы? – деди Өлмөскан көзүн жашылдантып.
– Чын байбиче, чын. Кудай бизге берди. Эми ушул жакшылыкты колдон чыгарбайлы.
Кемпир чал макулдашып Карим аке уулун ээн бөлмөгө чакырып:
– Балам, ата-уул болуп сени менен акылдашар бир иш болуп турат, – деди.
– Ал эмне иш?
– Байкеңдин уулу Бекмаматты көрүп турасың. Тим эле атасынын өзү. Ушуну алып калалык деп турабыз.
– Энеси берет бекен?
– Кеп ушунда, уулум. Апаң сүйлөшсө «баламдан ажырабайм» деп болбой атыптыр.
– Анан эмне кылыш керек?
– Баланы алып калыштын бир гана жолу бар.
– Ал кандай жол?
– Сен ага үйлөнүшүң керек.
– Коюңуз ата тамашаңызды, мен агамдын төшөгүн тепсей албайм. Бул оюңузду кулагыма экинчи угузбаңыз.
– Балам, чырагым. Илгери кыргыздын боорукер жакшы салты болгон. Эри каза болсо «бала жетим калат, бирөөнүн колунда кор болот» деп балалуу аялды кетирчүү эмес. Инисине же агасына нике кыйып койчу. Сен акеңдин арбагын сыйласаң, канынан жаралган тукумубузду кор кылбайм десең Катяга үйлөн. Мен сени зордобойм, бирок ата катары акыркы ирет суранам. Ойлон, – деп чыгып кетти.
Бексамат оңтойсуз абалда калды. Ызага чөмүлүп үйдөн чыгып кетти. Ал сыртта жүргөндө Өлмөскан келини менен сүйлөшүп макулдатып койду. Бексамат көчө бойлоп, паркты аралап бушайман болуп көпкө жүрдү. Көпкө ойлонду. Катяга үйлөнүүгө макул болбосо, ата-энеси небересинен ажыраса кусалыктан чөгүп кетерин сезип турат. Катя жарокер, жагат, бирок агасы кучактап сүйгөн аялды кантип кучактайт? «Ары тартса араба сынат, бери тартса өгүз өлөт» болуп жүрүп кечте үйгө келип акырында агасынын арбагын сыйлап, баласын бала кылып өстүрүш үчүн атасынын айтканына макул болгонун билдирди. Карим акенин кубанганын айтпа, небереси түбөлүк колуна каларын жүрөгү туйганда баланы кучактап кайра кайра өпкүлөп жашып кетти…
Эки жаш баш кошуп бактылуу жашап калышты. Күркүрөгөн күздө үйлөнүү той өткөзмөк болуп, Катянын ата энесине тойго келүүсүн өтүнүп бир ай мурун «заказной» кат жиберишти…
КУДАЙЧЫ
Мен көр оокат менен Ош базарына барсам, эл көп өткөн жерде адатагыдай эле жети-сегиз адам кудайы сурап отурушуптур. Бул биздин капиталистик доорунда көнүмүш болуп калган. Эч буйдалбай өтөбердим. Бир аз картошка, бир кило эт алып кайра келатып жайдын саратынында эркектин спорттук курткасын кийип, башына тытылган калың жоолук салынып, чачы кайчы менен тарбылала кылып алынган төрт-беш жаштагы баланы кучактап бир кемпир четте кудайы сурап отуруптур. Өңү негедир жылуу учурайт. Чөнтөктөн бир сом алып бечерага берип коёюн деп кайрылып калдым. Улам ага жакындаган сайын кадамым өзүнөн өзү жайлап, бутум шилтенбей калды. Эптеп маңдайына токтоп, тааныдым. «Саламатсызбы, эже?» – дедим. Ал саламымды алик албай кунары кеткен көзү менен мени кайдыгер бир тиктеп тим болду. Адашып атамбы же кулагы катуубу деп күмөн санап үнүмдү бийик чыгарып сурадым:
– Сиз Салый эжесизби?
Кемпир бу сапар башын көтөрүп, алаканы менен күндөн көзүн калкаалап менин жүзүмө тигиле тиктеп алды да:
– Ооба, менмин. Салыймын. Сен кимсиң? – деди.
Анын каргылданган үнүндө ызага баткандык, корунгандык сөзилип турду. Көпкө тиктешине караганда көзү да начар көргөнү байкалат.
– Мени тааныбай жатасызбы жарыктык, мен Бусурманкул эмесминби.
– Кайсы Бусурманкул?
– Билесизби айылдагы Ташболотту, мен ошонун баласы болом.
– А, алиги арабакеч Ташболотбу? Билем. Согушка атам менен бирге кетип келбей калбадыбы, кайран киши. Аны кантип унутайын. Бул каран калган шаарга келип кийинкилерди тааныбай да, билбей да калбадымбы…
Армандуу дүйнө. «Аргымакты арыганда, эрди карыганда көр», – деп бекер айтпаптыр.
Салый эже ким эле? Учурунда кер маралдай керилген, айтар сөздөн эринген, жылдызы жанган, жигиттердин сугун арттырган айылдагы аялдардын сулуунун сулуусу эмес беле…
Салый эже өзүбүздүн айылдык кыз болчу. Мен бала кезде бойго жетип, он беш-он алтыга келип калган. Шыңга бойлуу, мүчөсү келишкен, аппак жүзүнө бакыракай көзү жарашкан, киши менен сүйлөшкөндө күлүп жадырап жайнап нур чачып турчу. Ченеп тигилген чыт көйнөгүнөн бели кындай, бети айдай болуп «мени көрдүңбү?» дегенсип кыз баланын жетилип калган денеси гүлдүү көйнөктү тиреп, сүрөттөй тартылып көздүн жоосун алчу. «Адамды жакын кылган акылдан эмес мүнөздөн» деп анын жумшак мүнөзү эркек, аялдардын баарына жакчу. «Мектептеги агай, эжелер да муну жакшы көрөт» деп эл кеп кылып калар эле. Салый эже он сегизге жашы жетпесе да оозго илинип, көзгө көрүнүп, куда түшө тургандар четтен чыгып калганда «Багы жокко, дагы жок» болуп согуш чыгып кетти. Жашы туура келген кишилер, күчкө толгон жигиттер армияга жапырт аттанышты. Алардын артынан жашы жеткендер убай-чубай кетебашташты. Тылдагы жумуш чал-кемпирлерге, аялдарга, мадра баш бизге окшогон балдарга калды. Бейиш жашообуз тозокко айланды. Согуш батышта өрт болуп кан төгүлүп жатса, биз тылда күндүр-түндүр тынбай иштеп жаттык. Кыйналганды, ачка болгонду айтпа…Эл кирпиктен тартса жыгылгандай болуп чарчаса да кабагым, кашым дечү эмес. «Согуштагы атабыз үчүн, агабыз үчүн, балдарыбыз үчүн, совет эли үчүн иштешибиз керек, жоокерлерди тамак, кийим менен камсыз кылышыбыз керек» деген ураандын астында тыным албай иштейберчүбүз. Салый эже курактагылар соко айдап, чалгы чаап, кары кишилерге кол, бут болуп сугатка жардамдашып эгин сугарып, кулак байлочу. Жумуштун оорун аткарышчу. Анын апасы курактуулар бир же эки гектер кызылча алып багышчу. Биз жазда буудайдын отоо чөбүн отоп, күздө эл менен бирге орок оруп, машак терчүүбүз. Кырманда күндөп-түндөп малаташ тарткан атка минип эгин бастырчубуз. Ачка кылжыйып чөп тырмап, чөмөлө салганды айтпа…
Күз айы болчу. Иш оор. Кол күч жетпейт. Кызылча казылып аткан. Аялдар күндүз күрөктөп кызылча казып бир жерге үймөктөп, кечте беш-алтыдан чогулуп чырактын жарыгы менен кызылча аарчып, бириникин бүтүрүп, анан экинчисине өтүп турушчу. Караңгыда биргелешип иштөөнүн негизги максаты чогуу отуруп эрмектешип иштөө экен. Мен аны кийин түшүндүм. Айдын жетиси-сегизи болуп жер жарык болбосо да күүгүм көлөкө эле. Мен апамды ээрчип, Салый эже «кой, эс ал. Эртең жумушка барасың» дегенге болбой ал да апасына жардам берип келип калды. Темир уста жазап берген оор бычак менен кызылча аарчып отурабыз. Мен үргүлөй баштадым. Апам жарыктык:
– Салый садагасы, сен кызылча аарчыганыңды кой, бизге демге дем кошуп ырдап бер, – деп калды. Аялдар колдоп кетти. Салый эже кызылча аарчыганын токтотпой ырдап кирди. Үнү бийик, уккулуктуу, укмуштай мукамдуу экен.
Ай тийген тоолор беш кабат, Күн тийген тоолор беш кабат, Молотуп колхоз баш жакта,
Алтын куйрук жез канат.
Жекеле жаштык бизде эмес,
Атадан калган салтанат.
Күмүш куйрук жез канат.
Бүгүнкү жаштык бизде эмес,
Илгертен калган салтанат.
Ойноп күлгүн жаш чакта.
Ойнобо деги күлбө деп,
Жазылган бекен устапта,
– деп махабат ырын созолонтту. Аялдар коштоп, сүрөп «Бали! Бакылуу бол! Атаң аскерден аман келсин! Соктур!» – деп өчүп бараткан отко куурай таштагансып, күнү иштеп чарчап, ага да болбой түнкүсүн каржалган аялдар жандана түштү. Анан ошол мезгилде эл оозунан түшпөгөн, жүрөгүн эскен ырга өттү. Аталардын, агалардын армияга кетенин, кан кечип согушканын, сүйгөн жигиттер ал жакта, сүйгөн кыздары бул жакта зарыгып күтөкөнүн. Душман жеңилип, фашистердин талкаланышын тилеген ыр биринин артынан бири төгүлүп жатты. Менин уйкум ачылып кетти. Бир маалда карасам колдорундагы асма чыракты жылдыздай жылтылдатып айлана-чөйрөдөгү аялдар келе баштады. Бир аздан соң эл толуп кетти. Согуш жөнүндөгү ырды ырдаганда бышактаган үн, мурдунун суусун шор тарткан ыйдын ызасы угулат. Мен анда экинчи класста окусам да ал ыйга анчалык маани бербепмин. Бул ый эмес эле жүрөктөн агып чыккан кан экенин түшүнбөпмүн. Башка түшкөндө гана билип жүрөм. Салый эженин атасы мурун каза болгон. Менин атамдан кийин кара кагаз келип, эл чогулуп «Атаң согушта душман менен салгылашып баатырлык менен каза болду» деп угузганда гана армандуу ырдын азаптуу сырын ошондо билип жүрөм.
Салый эже атадан жалгыз эле, эл көргөн кордукту көрүп жетим болуп кала берди. Кырк төртүнчү жылдын сентябрь айынан баштап мугалимдердин жогунан РАЙОНО аны баштапкы класска мугалим кылып коду. Бирден төртүнчү класска чейин сабак берет. Эртең менен түшкө чейин мектепте иштеп, түштөн кийин колхоздун ишине кол кабыш кылат. Энесинин кызылчасынан чыкпайт. Мен да андан окуп калдым. Согуш аяктап калган жылы Мукай деген жигит аскерден келип калды. Бечаранын колуна, көкүрөгүнө осколка тийиптир. Зымпыйып майып болгонун билгизчүү эмес. Ал келери менен башкарма биргадка жардамчы кылып дайындап койду. Аңгыча каран калган кандуу согуш жеңиш менен аяктап Мукай Салый эжеге үйлөндү. «Жарашыктуу жуп болушту», – деп апамдын айтканы эсимде. Салый эже бирнече жыл төрөбөй жүрүп кийин боюна бүтүп калды. Апам жарыктык өз келининин боюна бүткөндөй кубанганын айтпа. Эл да кубанып калышты. Айлыбызда жетинчи класска чейин мектеп болгондуктан мен башка мектептен окууга аргасыз болуп, башка айылга барып жатып окудум. Онду бүтүп институттка кирдим. Сыртта жүрүп айылдан алыстап, анда-санда барганда жаңылыктарды укпасам айыл менен анчалык катташым жок. Периштедей болгон, эмгекчил, эрки күчтүү ошол Салый эженин бомж кейпин көрүп туруп зээним кейиди. Суроо берүүгө оозум батпай:
– Эже, жүрүңүз, чайханага кирип тамактаналы, – дедим.
Тамактын атын укканда бала жалт карап оозуна толо калган шилекейин ирмеп жутуп алды. Чагымда ачка окшойт. Чайханага кирип бирден лагман жеп, тандыр нан менен чай ичтик. Балага кокакола алып бердим. Курсак тоюп көңүл жайланганда:
– Салый эже, бул абалга кайдан капталдыңыз? Кудайы сураганча айылда отурганыңыз оң болбойт беле? – деп жүрөктү өйүгөн суроону узаттым.
Салый эже ичкен ашы өзөгүнө түшүп кеттиби же менин суроом өзөгүнө өрт таштадыбы ким билсин бир аз үн катпай, анан терең улутунуп алды да:
– Ээй, иним, – деди кейиген кейпин жазбай, – ээси эки кылайын десе, кудай бир кылыптыр дейт. Анын сыңарындай менин чоң тилегим бар эле, бирок аным ишке ашпай калды. Сенин эсиңде барбы, жокбу билбейм сен окууга кеткен жылы менин алты айлык боюмда бар болчу. Аман эсен көз жарып эркек төрөп алдым. Атын Жеңишбек койдук. Кубанып чагынча той өткөздүк. Жеңишбек жети айга толуп калганда атасы кан түкүрө баштады. Докдурга барып рентгентке түшсө өпкөсүндөгү осколко козголуп, өпкөсү сезгенип калыптыр. Кийин өпкөсү ириңдеп кетиптир деп айтышты. Дарылап айыктыра албады. Өлүп тынды, алтыным. Бир жыл аза күтүп, оорукчал апамдын колуна кайра келдим. Апам ооруга туруштук бералбай жыл өтпөй ал да каза болду. Ушинтип атам салдырган заңгыраган чоң үйдө уулум экөөбүз калдык. Ырмайып-чырмайып уулумду чоңойттум. Ал коларага жарап, үйлөнүп айылда иштеп калганда «Горбачовтун кара баскан кайра куруусу» башталды. Кайра куруу заманынын таасиринде кыргыздар эгемендүүлүкө ээ болуп, Кудай бетин көрсөтпө «Өзүбүзчө мамлекет болдук» деп дуулдап кубанып, өзү билип, өтүгүн төргө илип калышты. Сен өзүң жакшы билесиң демократиянын таасири менен мамлекет башына мурун өндүрүштө иштеп көрбөгөн, пахта менен кызылчанын эмне экенин билбеген окумуштууну преизидент кылып шайлап алышты. Ал кылымга жакын кашыктап чогулткан эл байлыгын чөмүчтөп чачып таламанга салды. Алдуусу жулуп алып, амалдуусу алдап алып, карапайым калк кашайып куржалак калышты. Эл мүлкү таланып, завод, фабрика токтоп, колхоз, совхоз жоюлуп иш жок, эл тенте башташты. Чыйрактары чет мамлекетке барып жалданып иштеп, айылдык эл агып шаарга киришти. Ошондо уулум айылдагы үйдү сатып шаарга барабыз деп калды. «Ээй, кулунум, кулактуу болобуз деп мүйүзүбүздөн айрылып калбайлы. Бул замандын түрү жаман. Көнгөн жерибизде жашаганыбыз оң го» десем болгонжок. Үйдү, колдогу бирин экин малды сатып Бишкектен үй алдык. Балам майда соода кылып жүрүп чоң бизнеске өтүп кетти. Турмуш оңолуп, курсак тойду. Жакшы жашап турганда үйдү күрөгө коюп чоң акча алып Россиядан тавар апкелгени кетти. Ошобойдон кайрылган жок, каралдым. Кабарын да билалбадык. Аялын артынан издетип жиберсем, уулумду бандиттер өлтүрүп кеткенин кат менен угузду. Өзү ошол жердеги тажик жигитке күйөөгө чыгып ошо бойдон кайрылган жок. Бир күнү кридитке акча берген банк милиция менен келип бизди үйдөн кууп чыкты. Талаада калдык. Ушул неберем экөөбүз квартирада жашап турдук. Чекесинен колдогу үй оокатты сатып түгөтүк. Акча жок квартираны бошотуп берүүгө аргасыз болдук.
– Эми кайда жашайсыз?
– Чала тааныш бир аял боору ооруп терезе, меши жок кичинекей кампасын бошотуп берген. Ошондо жашайбыз.
– Оокат кандай?
– Көрүп турбайсыңбы… Амалым түгөнүп, айлам кеткенде бетти тултуйтуп, аппак бетти карайтып айласыз кудайы сурап отурам. «Кирейин десем жер катуу, өлөйүн десем жан таттуу» болуп турган учуру. Акыры башка бир өлүм деп өлүп да алат элем, бирок неберемди кантем? Көкүрөктө жан турганда небереме каралашайын. Көзүм өтсө өз күнүн өзү көрөр, балким энеси келип калар, эмне болсо да кудайдын бир айтканы бардыр…
– Айылга барбайсызбы?
– А, иним айылдагы элдин баары кыйналып, уйунун сүтүн, тоогунун жумуркасын балдарына бербей сатып жан багып аткан эл мени батырабы? Батырбайт. Анын үстүнө эримдин ал жерде бир да тууганы жок. Мен кимге батам?..
Салый эженин арыз муңун укканда жүрөгүм сыздап чыкты. Көңүл көтөрөр, жан эритер сөз таппай калдым. Кастарлаган падышабыз иштин көзүн көрө билбегендиктен жалпы элди кедей кылып, итке мингизип коюп качып кетти. Кыз, келиндер жокчулуктун айынан денесин сатканы жанды кейитип, намыска тийет. Айла канча, колдон коко тыйын жардам болбогон соң какшап айтып, каңырыгың түтөп тим болосуң. Кыргыздын кылымдап жаралган боорукер салты топон сууга аккансып жоюлуп баратат. Башка улуттун жаман жагын алып коркутмай, тономой, алдамай, өлтүрмөй, ата-энесине карабай кетиш күндөн күнгө көбөйүүдө. Байга кедей көзкор. Капитализм закону ушул экен. Алдуусу жашамай, алсызы тебеленип, тепселип жок болмой. Мен политех институтун бүткөм. Инжинермин. Азыр иш жок сантехник болуп иштейм. Тапканым чай, нанга эптеп жетет. Кээде эти бар тамак жеп калабыз.
«Эже, барына насыр, жогуна кайыр» дейт эмеспи, капа болбой муну алыңыз деп сатып алган продуктамды кемпирге карматтым. Эртеден бери чыйралып, чымырканып отурган Салый эженин көз жашы жамгырдай агып кетти.
– Берекем, – деди Салый эже ээ-жаа бербеген көз жашына эрк берип, – ырахмат кагылайын. Ылайым эле жамандык көрбө. Балдарыңдын убайын көр. Өмүрлүү бол алтыным, – деп алкады.
Мен дарегин алып, колдон келген жардамымды берүүгө ниеттенип жолго түштүм.
Кайра базарга кирип эки кило картошка алып үйгө кайттым…
(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)
Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн
© Качкыналы Сыдыгалиев, 2010. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Количество просмотров: 4600 |