Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Көлөмдүү кара сөз
© Качкыналы Сыдыгалиев, 2010. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2011-жылдын 23-марты

Качкыналы СЫДЫГАЛИЕВ

Балчелекчи полковник жана анын кеңеши

(Илимий повесть)

Бул чыгармада жазуучу өзүнүн турмуштук тажрыйбасын пайдаланып, кыргыздарга байыртан белгилүү балдын дарылык касиетин ынанымдуу жана илимге жакын мүнөздө ачып берген.

К.Сыдыгалиев. Аманат: аңгемелер, повесть. — Б.: 2010 китебинен алынды.

 

 

«Уккан ушак, көргөн чындык», – деген макал бар эмеспи. Мен көргөн-билгенимди, башыман өткөргөндү айтып берейин. Жаштарга сабак болсо, башкаларга пайдасы тиерине ишенем.

Мен Социализм учурунда политтех институттун куруучу факультетин бүтүрүп мастер болуп орноштум. Мени жаш адис деп шефке алган прораб Жамангул деген отуз беш, отуз жети чамасындагы киши. Жашы улуу болсо да жөнөкөй, тамашакөй. Мени Борукчу деп атыман айтпай Бокен дечү. Бара-бара Борукчу атым өчүп Бокен аталып кеттим. Жаңы бүтүп, жаңы иштеп жерге бутум тийбей турган кезегим. Көп кабат үй курган жумушчулар башынан чогуу иштеп, ынтымактуу коллектив экен. Жамангул «Иштегениң эл үчүн, үйрөнгөнүң өзүң үчүн» – деп мени туштарапка чапкылатып, жумушчулардын үстүнөн каратып коёт. Мен да өз ишиме такмын. Айтканын аткарам. Айрым күнү камаз машинага жүктөлгөн кирпичти атам тааныбаган үйгө түшүртүп бер дейт. «Эмне үчүн?» – деп сурабайм. Түшүрөм. Кирпич түшүргөн үй акча берет. Аны чыпчыргасын коротпой Жамангулга апкелип берем. Айрым учурда иш бүткөндөн кийин ишемби күнү той болот да калат. Бүт жумушчу чогулуп арак ичип, калбаса, консервага тоюп гүүлдөшүп жыргашат. Мен ичкилик ичпейм. Бозодон башканы ичип көргөн эмесмин. Эл менен катар отуруп тамак жеп, минералдык суудан ичем.

– Ээй, Бокен иним, – деди Жамангул бир күнү экөөбүз өзүбүзчө отурганда, – элиң бөрү болсо бөрү бол, түлкү болсо түлкү бол деген илгеркилер. Биз кара жумушчулар менен иштешебиз. Экөөбүздүн тилибиз иштейт, алардын колдору иштейт. Катуу иштегенде каржалып чарчашат. Аларга анда-санда, колдон келсе арбир жумада бекер тамак берип көңүлүн көтөрүш керек. Сен алар менен бирге ичип, бирге жүрбөсөң алар сага ишенбейт, сени «биздин киши эмес» – деп жактырбайт. Ишеничтен чыксаң алар ыргылжың иштеп тилиңди албай, планың да аткарылбайт. Текшерүүчү келсе сенден кутулуш үчүн аларга былыгыңды айтып таштайт. Андыктан өндүрүштүн кызыкчылыгы үчүн эл менен ичип, жеп бирге болушуң керек. Бирок ичет десе эле бөтөлкөнүн түбүнө түшүп кетиш жарабайт.

– Алиги «налева» саткан кирпич, тактайларды кантип «исписать этебиз»?

– Андан коркпо. Анын да жолу бар. Үйрөнөсүң, – деп Жакем камырабайт.

Ушинтип жүгүрүп иштеп жүрдүм. Ден соолук жакшы. «Башы оорубаган кишинин кудай менен иши жок» деп начальнигимен башканы билбейм. Министрине да, доктуруна да күнүм түшүп көрө элекмин. Аракты да элден калышпай ичем, бирок мас болбойм. Эл грипп менен ооруса мен оорубайм. Элге жуккан грипп мага жукпайт. Жакем ооруп же өз иши менен чыкпай калса анын ишин мен аткарам. Бары-жогун билгизбейм. «Диспансеризация», – деп врачтар поликлиникага чакырса барбайм. Убакыт жок. Кол бошобойт. Жылына бир жолу көчмө рентген келгенде элди айдап флюрографиядан өткөрүп, өзүм да өтөм.

Тынбай иштеген эмгегим сая кеткен жок. Эки жылдан кийин Жамангулду башкы инженер кылып башка жакка которуп, мени анын ордуна калтырышты. Кудай берди. Өзүм хан, өзүм бек. Чөнтөктө акча толтура. Устатымдын үйрөткөнүн улап элдин көңүлүн алам. «Налевийден» түшкөн акчадан айрым учурда чоңдорумду да ресторанга апарып сыйлап коём. Майрам болгондо жаздын күнү коллективти сөзсүз талаага алып чыгам. Ойноп, күлүп чардайбыз. Акыйкатта эл менен эл болуп, ишенимге толук кирип алдым. Бекер акча мени курутуп иш учурунда да иче баштадым. «Көп баскан аяк бок басат» болуп бир сапар кылжыктап кызуу болуп келип жаңы тургузулуп аткан үйдүн экинчи кабатынан кулап кеттим. Бактым бар экен топуактуу жерге түшүп аман калдым, бирок көчүгүм менен тийип белим ооруп турууга чамам келбеди. Медициналык тез жардам чакырып траматологияга апарып рентгенге салса эки бел омурткам сынып калыптыр. «Компрессионный перелом», – деп диагноз коюп гиписке салып чалкаман жаткырып коюшту. Жалдырап эки ай гиписте жаттым. Кудай менен медиктин ким экенин ошондо билдим. Онтосом да кудай дейм, ойлонсом да кудай дейм. Мени дарылаган врачтарды, сестраларды кудайымдан артык көрөм. Бечера врач, сестра санитаркалардын иштеген иштери оор экен. Аларга жарыбаган аз акча айлык бергенге жаным кейийт. Санитарканын меМени солдой кылып бир эле сапар оодарганы, даарат кылдырганы канча турат?..

Эки айдан кийин гиписти алып, белиме карсет кийгизишти. Эки балдак менен аягыма туруп акырын-акырын палатада жылдым. Көнгөндөн кийин үйгө чыгарышты. Белимен кыймылдай албайм. Сыздатып оорутат. Травматолог гиписти алгандан кийин колун жууп чыга берген. Такай невропатологто дарыланам. Ошонуну айтканын аткарам. Төрт айдан кийин ВТЭКке жиберип экинчи группа майыптык (инвалидтик) беришти. Күнөө өзүмдө экенин жакшы билем. Иш учурунда ичкилик ичпесем, мас болуп дубалдын кырына чыкпасам бул балээ жок эле. Бирок коллектив, профсоюздун жетекчиси мастыгымды жашырып «кырсык иш учурунда болгон» деп акт жазып колдоп беришти. Ушинтип бекерден табылган арам акча аш болбой, арак түбүмө жетти. Дарыланбаган докдурум, барбаган табыбым калган жок. Молдого да түшүп дем салдырып, тумар тактырдым. Бир жылдан кийин жалгыз балдак менен басып, кийинки жылы балдакты таштап, таякка таяндым. Докдурлар курортко барып дарыланууга руксат беришти. Мен мурун даалдап жүрүп байкаган эмес экенмин, кыргыз жергеси курортко бай жер экен. Баарына бардым. Ылай, ванна, массаж алдым. Мурункудан алдаканча жакшы болуп калдым, бирок белимдин сыздаганы кетпейт. Карсетти таштагандан кийин мышыктын терисин кур кылып жазатып алып белиме кыштыр, жайдыр байланып жүрдүм.

Кеч күз болчу. Күн жылуу. Эркиндик бульварында отурсам алтымыш чамасында улгайган салабаттуу киши келип учурашып катарыма отуруп калды. Мурун бул кишини көргөн эмесмин. Сөздөн сөз чыгып:

– Аксакал сиз мурун бул жерде жок элеңиз, кайдан келдиңиз? – деп сурадым.

– Сурап калдың, айтып берейин. Алгач таанышалы, – деди карыя, – менин атым Бошкул. Айылдык болом. Шаарда уулум иштейт, ошонукуна келгем.

– Иштейсизби?

– Жок. Пенсиядамын.

– Канчадасыз?

– Канча бересиң? – деп карыя мага суроолу карап калды.

– Алтымыш жашты араң-араң берем, аксакал.

– Аз айтып койдуң, балам. Мен быйыл сексен бештин тамагын жеп жатам.

Мен таң калып калдым. Сексен бешке чыкса да кыркма сакал, муруту араң эле буурул болуп, бетинде бырышы жок. Отуруп-турганы тың, укканы, көргөнү мыкты. Сексен беш жаштын жыты да билинбейт.

– Өтө эле жаш көрүнөсүз, карыя, бул карыбастын секирети бар чыгар? Айтып бербейсизби, – деп тамаша чынга салып сурадым. Ал мени жүрөгүмдүн түпкүрүндөгү оюмду окуп аткансып бир аз тиктеп турду. Тааныбаган аксакал кишиге такып ашыкча суроо бергенимди өзүм да байкап калдым.

– Жаштыкты узартып, карылыкты артта калтыргандын секирети бар. Аны кийин айтып берем. Андан көрөкчө өзүң жөнүндө айтчы. Жаш экенсиң, бирок чалга окшоп таяк алып жүрүпсүң. Бир жериң ооруйбу? – деди.

Мен өзүмдү тааныштырып башыман өткөргөндү, кантип, кайда, кимге дарыланганымды бажырап айтып бердим. Ал үн катпай, сөзүмдү буспай укту да:

– Сен жакшы эле аракет кылган экенсиң, бирок так кезер айыга албапсың. Мага келсең мен сөзсүз айыктырам, – деп калды.

«Сокурдун тилегени эки көз» – эмеспи, жагымдуу жакшы сөздү укканда кубанып кеттим.

– Кантип айыктрасыз? Сиз эмне өзүңүзчө элди дарылайсызбы? – деп сурадым.

Аңгыча карыянын музыкалду чөнтөк телефону добуш берип калды. Ал телефон менен бир аз сүйлөшкөндөн кийин ордунан туруп, «келсең табасың» деп кетип баратканда жашаган жерин тактап айтып берди, бирок эмне менен дарылашты айткан жок. Сурасам: «Мага ишенип май айында келсең эмне менен дарылашты ошол жерден көрөсүң» – деп күлүп койду.

Мен отуруп калдым. Тыкан басып кетип бараткан карыянын артынан карап «Бу деле баягы көп табыптын бири го», – деп ойлоп тим болдум. Бир көргөн кишини издеп баруу оюма да келген жок. Бирок каран калган белдин оорусу какшап тынчытпады. Бейтааныш карыянын табышмактуу сөзү оюман чыкпады. Кыш өтүп жаз келди. Майдын орто ченинде Бошкул атаны издеп бардым. Автобуздан түшкөн жерден сураштырсам бир аял:

– Бошкул атабы? Аны биздин айылдагылар балчелекчи полковник дешет. Ал киши тээтиги тоонун этегинде. Бал челек багат. Жакын эле. Барсаңыз табасыз, – деп колун жаңсап жолун көрсөттү. Мен жөө жөнөдүм. Айылдын айланасы, тоонун этеги жаратылыштын жашыл тукабасына оронуп, өрүк, алмалар гүлдөп, аба атыр жыттанып болуп турган учуру экен. Көйкөлгөн көк чөп, саймалаган гүлдөр көздүн жоосун алат. Жаратылыштын жагымдуу таасири көңүлдү дегдетет. Аялдын көрсөткөн багыты менен келатам. Жакындаганда тоонун этегинде, шар аккан суунун боюнда элүүгө жакын аарынын бал челеги көзгө урунду. Баары тең көгүлтүр боёкко боёлуп, эки катар тизилиптир. Айланасына кыркалай тигилген алма, алча, бактар бутак жайып дүпүйүшөт. Айланта мал кирбегендей кылып тикенек зым тозулуптур. Ачык тегиздикте эскирген кичирээк боз үй, эки палатка турат. Бак-шактын чоңоюп калганына караганда көптөн бери жайлаган конушка окшойт. Мени алыстан көрүп Бошкул карыя астыман утурлай чыгып:

– Кел Борукчу уулум. Убара болуп калган жоксуңбу? – деди.

Мен карыянын эстутумунун мыктылыгына таң калдым. Шашып жүргөндө бир айтылган атты унутпаптыр. Кол алып учураштык. Алжайды учкай салт боюнча сураштык. Казкатар тизилген балчелектен аарылар дуулдап зуулдап учуп челектин кичине тешигинен кирип чыгып жатышат. Ал суратпай эле:

– Тиги четтеги обочодогу чатыр керектүү курал коючу, бал тартуучу чатыр. Ортоңку чатырга келген конок, балдарым келсе түнөшөт. Четтеги боз үйдө өзүм жашайм. Үйгө камалбай сыртка отуралы деп шырдакты алып чыгып көк чөптүн үстүнө жая салды. Көрпө төшөктү да төшөп, эки жаздыкты апкелип таштап койду. Ал киши айылдын сыртында болсо да кадимки үйдөгүдөй бапырап кенен жашарына түшүндүм. Жардам берейин десем «сен бүгүн мага коноксуң» – деп жакындаткан жок. Баарын өзү бүтүрдү. Мени алыстан көрүп чай койгонбу, же өзү үчүн койгонбу ким билсин самоордогу чайы кайнап калыптыр. Дасторкон жайып нанын, майын апкелди. Мен да алып келгенимди чыгарып армян конягын ачайын десем:

– Аныңды ачпа Бокен, балам, – деди карыя колун жаңсап, – аны ачсаң балээге калабыз.

– Эмне болуп?

– Аары ичкиликти, атырды жаман көрөт. Анын жыты келсе эле жабалактап келип талашат. Мен военный акедемияны бүтүп казакстандын какыраган чөлүндө аскер врачы болуп иштеп жүрдүм. Аскердик даражам полковник. Космодромду кайтарган жердеги полкто иштечүмүн. Жанакы космонавтар жерге конгондо биринчи болуп биз жетип барып медициналык жардам берчүбүз. Жер шарты начар болуп оорукчал болуп кеттим. Өпкөп өнөкөт бронхит, боорум гепатит болуп калды. Пенсияга убактым келер менен отставка кеттим. Айылга келип атайын аары менен алек болуп калдым. Алгачкы учурда беш челек аарыны орустардан сатып алып огородко койгом. Тажырыйбам. Бир сапар шаардан чачымды алдырып, атыр септирип келип, сетканы башыма кийип алып балчелектин капкагын ачсам ичиндеги аарылардын баары дуулдап учуп чыгып түтөткөнгө моюн бербей жабышып таласа болобу. Көйнөккө жабышып чагышат. Качып кутула албай айлам кетип душдагы сууну агызып астына туруп алдым. Айланып-айланып жүрүп анан кетишти. Аарынын арактын, атырдын жытын жактырбаганын мурун да уккам, ага анчалык көңүл бөлчү эмесмин. Көзүм көргөндө, жинденген аарыга таланганда гана ишенип жүрөм. Ага карабай аарыны өстүрүп, балы менен, башкасы менен дарыландым. Диета кармап, ичкиликти оозума алганым жок. Таза аба, аарынын таасири менен оорумдан таза сакайдым. Карыбаганым, жаштыгымдын узакка созулганы ушундан болду го деп ойлойм. Жаз келип, күн жылыганда аарынын эшигин ачам. Балын жеп түгөтүп койгондорго сактап койгон рамадагы балды салам. Алар күч алып, чөп көтөрүлүп гүл ачылганда ушул жерге четине көчүп чыгам. Талаанын чөбү куурай баштаганда мен жогорулап көчө баштайм. Талаада эгин чабыла баштаганда жайлоого көчүп кетем. Тоолу жер сууктай баштаганда кайра талаага түшүп, кеч күздө, аба ырайына жараша аарыны жылуу жумшактап кышкыга даярдайм. Ушинтип күндүн кандай өткөнү сезилбей калат. Аарылар кышкы уйкуга кеткенде мен каникул алып эл кыдырып, жер кыдырам. Мага курорттун анчалык деле зарылчылыгы жок, антсе да жылыга курортторго барам. Эл менен эрмектешем.

– Байбичеңиз, балдарыңыз келип турушар?

Бошкул аксакалдын талуу жерине тийип алдым көрүнөт бир аз тунжурап отурду да:

– Ээ, балам, «көп жашаган курдашынан айрылат» деген кыргыздын макалы бар. Кемпирим мындан төрт жыл мурун сексенге чыгып каза болгон. Бир уул, үч кыздуумун. Кыздар тууруна конгон. Өздөрү менен өздөрү. Уулум Бишкекте юстиция тарабында иштейт. Балдар, неберелер келип турат.

Бошкул ата бир челекти ачып раманы алып чыкты да, түтүн менен аарыларын үйлөп түшүрүп төрт бурч, үч бурч кылып соткадан кесип келип тарелкага салып, үстүн целофан менен жаап койду.

– Ал балам, балдан. Саамалык. Быйыл күн жылуу болуп бал челекке толуп калды. Эртең-бүрсүгүндөн бал тартам, – деди.

Биз чай ичип тамактанып отурдук. Сөз четке чыгып баратканда мен тизгинин кайра аарыга буруп коём.

– Аарынын балы да, башкасы да дары, аны кийин айтып берем, – деди карыя, – дарычылыгынан башка балын жесең тамак, сатсаң акча. Эң негизкиси таза абада тынбай иштегениң өзү эле физкультура. Алачыкта газ бар, аны жаан-чачында колдонбосом тамакты от жагып бышырып, чайды самоорго кайнатам. Отко бышкан тамак даамы болот. Аны кийин көрөсүң. Байбичем барда эки же үч бээ байлачу элек. Эми бээ байланбай калды. Бээ байлагандар менен бартирлик соода кылам. Ал мени кымыз менен камсыз кылат, мен кыштык бал берем. Жайлоого чыкканда малчылар менен козу союп, кымыз алып шерине жейбиз. Бул бал баккан киши балалуу кишидей болуп үйдөн алыс кете албай калат. Мени шеринеге чакырганда бир баласын жибертип мен жокто челектерди карап турат. Антпесе жайлоодо мал көп, карап турбасаң аралап челектерди оодарып кетишет. Андан көрөкчө өзүң жөнүндө айтчы? Ооруган жериң кандай? Атайы дарыланайын деп келдиңби же жөн эле көрөйүн деп келдиңби?

– Дарыланайын деп келдим. Белдин ооруганы оңолбос болду.

– Дарылансаң мындай. Бүгүн эс ал. Эртең бир аарыга чактырам. Бүрсүгүнү заараңды райондук ооруканадагы лабороторияга алпарып текшертип келесиң. Баары туура болсо, жакса дарылайбыз. Болбосо үйүңө кетесиң. Макулсуңбу?

– Макулмун, бирок аарынын чакканынан корком.

— Аарынын чакканынан коркпой эле кой, балам, – деди, – анын чакканы ийне сайнандай эле болот. Ага кийин көнүп кетесиң. Сен башкадан корк.

– Эмнеден?

– Аллергиядан. Аарынын уусуна аллергияң болсо дарылоого болбойт. Анда бүгүн эле үйүңө кетебер. Аллергияң болбосо дарылайбыз.

– Аны кантип билебиз?

– Шашпа. Баарын көрөсүң. Баарын билесиң! Ар нерсенин убагы бар. Шаарда кездешкенде узак, карыбай жашоонун сырын сурадың эле. Узак жашоонун өзүнүн закону бар. Биринчиден адамдын тукуму (гени) узак жашагандар болуш керек. Экинчиден туура тамактануу. Эт менен майга качырбай, карандай чайды какшатып ичпей жашылчага көбүрөөк басым жазоо керек. Үчүнчүдөн жаман адаттан (ичкилик, наркотик, тамаки) алыс болуу. Демек узак жашоо биринчи фактор тукумдан болсо, калган эки фактор адамдын өзүнөн. Карыбас үчүн айтылган эки факторду так аткаргандан башка талыкпаган эмгек, жашка жараша кыймыл керек, – деди.

Эртеси Бошкул ата чечиндирип өпкө, жүрөгүмдү тыңшап, кандын басымын ченеп, ооруган омурткамды басып көрдү да бир аарыны кармап келип белиме чактырып, саатынкарап туруп бир минутадан кийин аарынын ийнесин пинцент менен чымчып сууруп таштады. Аары чагаарда коркконумду айтпа, ооруканада жатканда ийнеден да мынчалык коркчуу эмесмин. Эртеси эртең менен даярдап койгон бөтөлкөгө заарамды чогултуп райондук ооруканага апарып лобарторияга текшерти келдим. Анализди, аарынын чаккан жерин Бошкул ата карап туруп:

– Дарылаганга болот. Бир айга жакын мага конок болосуң. Бир ай сени дарылайм, – деди.

– Бир ай дарылана турган болсом мага руксат бериңиз, үйгө барып келейин.

Карыя бир жумага руксат берди. Үйгө барып кийимдеримди, бир айлык тамак ашымды алып келсем балды тарттырып бир нече флягка толтуруп куюп коюптур. Эртеси дарылоону баштады.

Биринчи күнү белимди бир аарыга чактырды, эртеси эки аарыга, үчүнчү күнү үч аарыга чактырып, күндө бир аарыдан кошоберип он беш аарыга жеткирди. Бир чакканда он беш аары чакчуу болду. Аары чакканда каламадай болуп калдайып шишип, ысып чыгат. Чыдайм. Анан беш күн эс алдырды. Дагы заарамды лабороторияга текшерттирди. Белимдин ооруганы жакшы болуп калды. Көнгөн өнөкөт боюнча таякты колуман түшүрбөйм, бирок отурган жерге унутуп калчу болдум.

Бошкул атанын сөзүндө да, жүрүш-турушунда да аскердик закалка сакталыптыр. Күн тартиби эсептелген. Кээде гана эл келип режим бузулуп калбаса, бузулбайт. Эртең менен эрте, таң агарганда туруп 1,5-2 км аралыкты басып келип, дене тарбия жазайт. Турнике тартылат. Анан душтагы муздак сууга чайканып сүлгү менен эти кызарганча сүртүнөт. Жуунуп, тазаланганча күн да чыгып калат. Самоорду коюп кайнаганда чайга чакырат. Бир үзүм нан менен бир чыны чай ичип, артынан жылуу сууга эритилген 100 граммга жакын балды шашпай жутуп алат. Күн шашкеден өтүп калганда башына торлуу баш кийим кийип, түтөтүп, бал челегин ачып иштейт. Колуна мээлей кийбейт. Аары жабалактап жабышып жүрсө да, чакса да тоотпойт. Бир оокумда келип бир аз уктайт. Түштө, кечте тамактанганда тамакты жарытып көп жебейт. Суусундука чай ордуна кымыз же айран ичет. Балчелекте иштээр иши жок болсо, тушап, аркандап багып жүргөн атын токуп минип жакынкы малчыларга же айылга барып келет. Бош убактысында радио угат же китеп окуйт. Жалгыз талаада жүрсө да жалаң эле республикалык эмес дүйнөлүк саясат менен кабардар. Политика жөнүндө сүйлөшсөң оозуңду ачырып таштайт. Өтө билимдүү адам…

Мени да аарыга чактырганда бир саат эс алдырып жаткырып анан бел ооруга ылайыктуу физкултура жазатып, күнүнө бир нече ирет турникке тарттырып, асылдырат. Турнике асылып турганда булчуң эт эмес омурткалардын тарамыштары да чоюла ооруган жер азая түшөт. Бул туриникти мага окшогон бели ооругандарды тарттырып, асындырып дарылаш үчүн атайын жазаткан экен.

Беш күндүк танапистен кийин белимди аарыга кайра чактырды. Бул сапар биринчи чакканда эле үч аарыга чактырып баштады. Анан күнүнө үчтөн кошуп дагы он бешке жеткирип эки күн катары менен чактырды да:

– Балам бир курсту бүттүк. Кудай жакшылыгын берсе жакшы болуп калдың-деди, – эгер ооруганы кайтоолдоп кыйнаса дагы бир курсту өткөрөбүз. Экинчи курсту талаанын чөбү гүлдөп бүткөндө мен жайлоого көчөм, ошондо келип чактырсаң болот.

Бошкул карыя талаада, жайлоодо жалгыз бекер жатпаптыр. Аары жөнүндө, аарынын балынын дарылыгы жөнүндө илимий китеп жазыптыр. Аарыга чактырып эс алып атканда:

– Ме балам, мабул китепти оку. Менден сураган сурооңо жоопту ушундан табасың, – деген. Мен кызыгып ал китепти бир нече ирет окуп чыккам. Кетээрде:

– Жолдош полковник! Келирки келгенге чейин ушул китебиңизди дагы окуп, руксат этсеңиз көчүрүп алайын. Башка ооругандар да окусун, кандай дейсиз? – дедим.

– Ал балам. Көчүрсөң көчүрүп ал. Мен бул китепти өзүм үчүн эмес эл үчүн жазгам. Бирок сенден суранарым кайра апкелип бер, бул акыркы экземпляры.

Мен Бошкул ата менен коштошуп, таякчан келип, таягы жок жолго чыктым. Келип полковниктин жазганын шашпай көчүрүп, бирнече экземпляр кылып машинкага бастырып алдым. Ал китеп төмөнкүчө жазылыптыр.

 

БИРИНЧИ БӨЛҮМ

 

ААРЫНЫН БАЛЫ

Аары адам баласына байыртадан бери белгилүү. Анын 30 миңе жакын түрү бар. Денеси түктүү, узундугу негизинен 1,5 см. Айрым учурда узундугу 5 см-дик аарыны кездештирүүгө болот. Аарынын ооз органдары кемирүүгө, жалоого ылайыкталган. Байыркы адамдар балды тамак жана дары катары колдонгон. Эгипетте 6000 миң жылга жакын мурун тоок, көгүчкөн менен катар аарыны да багышкан. Индияда 4000 жыл мурун аарычылык жакшы өнүккөн. Индиялыктар өсүмдүктүн, жаныбарлардын жана миниралдардын уусу менен ууланганда бал менен дарылашкан. Ал эми Кытайда (2-3 миң жыл б. э. ч) аны дары катары колдонушкан. Палестинада да аарычылык жакшы өнүккөн. Аскага көп аарылар уялагандын негизинде жайдын ысыгында асканын бетинен бал агып турган. Ошол себептен Палестинди «жерден сүт жана бал аккан жер» деп аташкан. Гректин саякатчысы Страбон (63 жыл б. э. ч) араптар балды көп пайдалангандыгы жөнүндө айткан. Араптар элге балды кудай сыйлык кылып берген деп түшүндүрүшкөн жана аны элексир деп аташкан. Бал жаштыкты жана кубаттуулукту сактайт деп түшүнүшкөн. Грециянын улуу математиги Пифагор (500-580 жыл б. э. ч) «менин узак өмүрүм бал ичкенге байланыштуу» деген. Ошондой эле байыркы замандагы гректин философу Демокрит да (370-460 жыл б. э. ч) жүздөн ашык жашаган. Ал ден соолугун сактоо үчүн бал менен ичти, май менен сыртты майлоо керек деп айткан. Көрүнүктүү врач жана акын Авицена (980-1037 жылдары) «Жаштыгыңды сактагың келсе, сөзсүз бал же» деп бекеринен айткан эмес. Ошондуктан ал көбүнчө 45 жаштан ашкан адамдардын бал жеп жүрүүсүн сунуш кылган. Белгилүү римдик врач Галеч (130-200 жылдары) ар түрлүү ооруларга каршы балды кенен колдонгон.

Мына ушинтип кылым өткөн сайын аары жөнүндөгү түшүнүк кеңейе берди. Онунчу кылымда Киевте жөнөкөй аары багуучулук пайда болгон. Азыркы аарычылыкка орус багуучусу Прокопович П. И. салымын киргизди. Ал 1814-жылы бөлүүнүчү бал челекти жаратты. Америкалык аары багуучу Леронцо Лерон Ланстрод 1851-жылы биринчи болуп жылып турма рамкалуу бал челекти тапты, ал ушул күнгө чейин өзүнүн касиетин жоготпой колдонулуп келе жатат.

Азыркы учурда да бал менен дарылоо эл арасында жана медицинада кеңири колдонгондун негизинде көп институттар жана клиникалар балдын тамак катары пайдаланышын жана дарылык касиетин изилдеп жатышат.

ААРЫЛАР БАЛДЫ КАНДАЙЧА ИШТЕП ЧЫГАРАТ?

Бал артүрлүү өсүмдүктөрдүн ширесинен бал тартуучу аарынын иштеп чыгарган продукциясы. Шире (нектар)-өсүмдүктөрдүн гүлдөрүнөн чыккан жагымдуу жыты бар таттуу суу, анын составында 8-74% кант болот. Ал эми аарылардын ширелерди балга айландырышы өтө татаал процесс. Ага баардык жумушчу аарылар катышат. Жумушчу аары жемсөөсүн ширеге толтурат. Жемсөөдөгү ширенин аз бөлүгү аарынын өз тамагына жумшалат, калганын бал челекке алып келет да кабыл алуучу аарыга өткөрөт. Кабыл алган жаш аарылар болот да, алар сыртка чыкпай бал челектин ичиндеги жумушту иштешет. Кабыл алган аары көп жолу (120-240 жолу) ширени тумшугуна чыгарып кайра жутат. Ушул процедурада ширеге бал челектин ичинде жүрүп турган жылуу абанын тийгизген таасири менен ширенин көпчүлүк суусу бууга айланат жана ферменттер, органикалык ж. б. заттар менен аралашат. Мындан кийин ширенин тамчысын бош уянын көзүнө жайгаштырат. Ал эми башка аарылар уядан-уяга көп жолу которот, бул учурда да ширенин суусу буулана берет да коюлуп барып балга айланат. Ширедеги суу 90% чейин болот, ал эми балда 16-20% гана суу калат. Ферменттердин тийгизген таасири астында ширедеги канттар (сахарозы) бөлүнүп жүзүм кантына (глюкозага) жана фруктозага айланат. Уялар балга толгондо аарылар аны мом менен чаптап коёт. Мына ушундай ыкмадан кийин бал көпкө сакталат. Бир бал челектен сезонунда 150 кг. чейин бал алууга болот. 1 кг. бал чогултуш үчүн аары 120 000-150 000 ге чейин учуп шире алып келиши керек. Эгерде бал тарткан гүлдөр бал челектен 1, 5 км. алыс болсо, аары бир жолку шире үчүн 3 км. аралыкка учат, ал эми 1 кг. бал чогултуш үчүн 360-460 миң км. аралыкка учуш керек. Бул аралык 11 жолу жер шарынын экваторунун айланасынан көбүрөөк.

БАЛДЫН СОСТАВЫ ЖАНА АНЫН ТҮРЛӨРҮ

Балдын составы эң эле татаал бирикмелерден турат. Анын составына: глюкоза, сахароза, декстрин, суу, белоктук заттар, белоксуз азоттук заттар, ферменттер, органикалык кислота, минералдык заттар, витаминдер ж. б. кирет. Бал бирнече түргө бөлүнөт. Гүлдүн балы– өсүмдүктөрдүн гүлдөрүнөн алынат. Ал өзүнүн жыты, даамы менен айырмаланып турат. Балдын экинчи түрү – пад балы. Пад деген таттууча суюктук. Кантка окшогон азоттук, минералдык ж. б. заттарды кармайт. Ал кээ бир өсүмдүктөрдүн жалбырактарынан жана сабактарынан чыгат (дуб, клен, кызыл тал, кызыл карагай ж. б.), ошондой эле аарылар кээ бир курт-кумурсканын бөлүп чыгарган таттуу заттарын чогулткандан да пайда болот. Аарылар шире чогулткан мезгилде гүлдөгөн өсүмдүктөр жок болуп падды бал кылып тартат. Мындай бал гүлдүн балына салыштырганда күңүртүрөөк, жыты азыраак жагымдуу келет. Составында көбүрөөк минералдык заттарды кармайт. Кээ бир учурда пад жана гүлдүн балынын аралашмасын кездештирүүгө болот. Балдын дагы бир түрү-уулу бал. Уулу балды мас кылуучу бал деп да атайт. Мындай балды билип алуу пайдалуу жана кызыктуу. Уулу бал аз жолугат, бирок анын болушу илгертеден бери белгилүү. Гректин полковедеци Кисенофорт гректин жана персидтердин согушунда жеңгенден кийин 10 000 солдаты менен Кичи Азия аркылуу келе жатып, балдын көп жерине түнөгөн. Солдаттар балды тойгончо жешкен. Көп өтпөй эле бал жеген солдаттардын жүрөгү айнып, кусуп, башы айланып, эсучун жоготушкан. Кийинки күнү гана жоокерлер эсучун жыйып, төртүнчү күнү кадимки абалына келишкен. Бирок ушундай оор ууланууга карабай бир да адам өлүмгө дуушар болгон жок. 1877-жылы Батуминин долинкасынан уулу бал табылган, ал Ксенофонттун жоокерлери ууланган жерден алыс эле. Ушул себептен ошол райондун тегерегинде жашагандар балдын жалаң гана момун алып, балын жешпейт. Балдын уулулугу ошол райондордо көп таралган рододендрона деген өсүмдүктөрдүн ширесинде алколоид андромедотоксиндин таасиринин негизинде пайда болгону аныкталган. Балдан уулангандар Персияда, Мавританияда, Түндүк Японияда, Кавказда, Турцияда, Болгарияда ж. б. жерде болгону белгилүү.

Уулануу белгилери балды жегенден кийин 20 минут же 2 саат убакыт өткөндөн кийин пайда болушу күтүлөт. Алы начар, арык адамдар ууланганда тез жана оор абалда башталат. Эти кычышат, жүрөгү айланып, көңүлү караңгылайт, эсучун жоготот, тамыры алсыз согот, кээде тамырдын согушун аныктап билүү да кыйын болуп калат. Айрымдарынын тамыры минутасына 30-50 жолу араң согуп калышы мүмкүн. Бети көгөрүп, оор дем алып, муздак тер басат. Мына ушундай абалда болуу 4-5 саатка чейин созулат. Бул учурда ууланган адамдын кардын суу менен жууп, ич алдыруучу дарыдан берүү керек. Сырткы көрүнүшүнөн уулу бал жөнөкөй балдан бир аз гана айырмаланат. Ал күйгөн кант жыттанып турат. Балдын уусун жоготуу үчүн 40-50о температурада кайнатуу талап кылынат.

Бал туура сакталса он жылга чейин бузулбайт. Тамак катары, дары катары колдонула берет. Аарынын балы ным тарткыч келет. Нымдуу жерде, 11-12о градус жылуулукта бал тез эле ачып кетет. Ушул себептен балды 5-10о температурада, жел жүргөн жерде жана жыты жок жайда сактоо керек. Бал жытты тез эле өзүнө тартып алат. Бөтөлкөдөн жана карападан жасалган идиштер балды сактаганга ылайыктуу, ал гигиеналык талапка толук жооп берет. Жыгачтан жазалган (липа, осина, ольха терек) челектерге сактоого болот. Дубдун челегине сактаган бал карайып кетет. Темир жана цинктен жазалган идиштерге сактоо болбойт, анткени андан уулу зат пайда болот.

БАЛДЫН ДАРЫЛЫК КАСИЕТИ

Аарынын балы жаратылыштын эң жакшы дарысы катары эл арасында байыртадан бери эле колдонулуп келген. Эгипетте 3500 жыл мурун оорулуну бал менен дарылаган. Гректин врачы 2500 жыл мурун жараны дарылаганда рецептин составына балды кошкон. Тажиктин көрүнүктүү врачы Абу Али Иби Сина (Авицина) өзүнүн медицина жөнүндөгү китебинде бал кошулган көп рецепти берген. Ал: «Бал кубат берет, аппетитти ачат, тамактын сиңишин жакшыртат, какырыктын чыгышын жеңилдетет, жаштыкты сактайт жана эске тутууну ордуна келтирет» деген. Орус эли жараны жана башка ооруну бал менен мурунтан дарылап келгени белгилүү.

Балдын дарылык касиети негизинен анын составында глюкозанын көп болушуна байланыштуу. Ал боордун коргонуу жана ууларды сыянсыз түргө айландыруу функциясын, жүрөк-кан тамырдын тонусун жана организдин инфекцияга каршы турушун жогорулатат. Ошондой эле анын дагы бир дарылык касиети составында витаминдердин, ар түрлүү микроэлементтердин, минералдардын жана бактерияга каршы заттардын болушунда.

Бал организмге тез эле сиңгендиктен кантка караганда мүнөз тамак катары көп колдонулат. Балды тамак катары туура өлчөмдө баарлык дени соо жана оорулу адамдар ичүүгө болот. Ал эми дары катары адам тез-тез ооруганда, алсыз болуп, арыктаган учурда, кан азайганда, боор, жүрөк, ичеги-карын, бөйрөк, бездердин оорусунда жана невроздордо пайдаланууга болот. Ошондой эле ар кандай оорулардын алдын алууда да балдын мааниси зор. Ал организмдин иммуннобиологиялык реактивтүүлүгүн жогорулатат. Бул учурда 100-150 г балды суткасына 3-6 жолу бөлүп, бир-эки айга чейин ичет. Балды дем алуу органдардын дартына да ичүүгө болот. Мисалы: ринитте, фарингитте, синуситте, ларингитте, трахейитте, бронхитте, бронхиялык астмада ж. б. ооруларда. Ушул ооруларда балды инголяция түрүндө колдонот. Балды аялдардын оорусунда, теринин жарасында жана сезгенишинде, көздүн оорусунда да колдонот.

Азыркы учурда элдик медицинада гүлдүн балынан ар түрлүү жолдор менен дарылануу жана оорунун алдын алуу жүргүзүлүп жатат. Алсак, бетти тазалоо жана бырыштардын алдын алуу үчүн, ошондой эле башка ооруга да колдонгон рецептин саны көп. Ошону үчүн кээ бирөөнү көрсөтө кетсек болот.

1. Эки калай кашык унга, 1 жумуртканын агын, 1 чай кашык балды кошуп аралаштырат. Алынган массаны тазалаган бетке 10-15 минут жабат. Убакыт өткөндөн кийин жөнөкөй суу менен бетин жууйт.

2. Бир жумуртканын сарысына, 1 калай кашык бал кошуп аралаштырып, бетке сыйпап 10-15 минут коёт. Убакыт өткөндөн кийин жөнөкөй суу менен жууйт. Бул масканы ар күнү эртең менен жасоого болот.

3. Спирт 25 г суу 25 г. жана ага 100 г балды аз гана ысытып кошуп, аралашканча чайкайт. Мындай массаны бетке 10-15 минут кармайт. Бул бетти тазалайт, жумшартат жана дизенфекция кылат.

4. Бир калай кашык балды, 2 стакан жылуу сууга эритип 5-7 минут жатаарда бетин жууйт. Процедура бүткөндөн кийин самынсыз бетин суу менен чайкайт Муну балдын суусу деп атайт. Бал бетке жакшы сиңип, бет жумшарат жана бырышы азаят.

5. Теринин жарасына да таза балды жабууга болот же 20-40% бал кошулган май дары колдонулат. Ваннаны 30% балдын эритмесинен жасайт. Эритмени өлчөмдүү идишке куюп, денени 20-30 минут кармайт. Суунун температурасы 32 градустан ашпоо керек. Көзгө 20-30% балдын эритмеси же майы колдонулат.

Бал ашказандын кычкыл маңызы жогорулаганда төмөндөтөт. Ушул себептен гастритте, ашказандын жана 12 эли ичегинин жарасында кеңири колдонот. Ашказандын жана 12 эли ичегинин жарасында балды 1,5-2 саат эртең мененки, түшкү тамактан мурун, 3 саат кечки тамактан кийин ичиш керек. Ашказан ооруганда балды керектүү температурадагы суу менен ичүү пайдалуу. 30-60 г балды бир стакан жылуу сууга эритип алып ичсе ашказандын слиздерин суюлтат, ооруганын басат, жүрөктүн айланганын жана зарынаны жоготот. Көңүлү көтөрүлүп, уйкусу да оңолот. Оорулу тез эле эттене баштайт. Дарылануу 1-2 айга созулат. Керек болсо курсун кайталаса болот. Кычкыл маңызы төмөндөгөн гастритте 1 кашык балды, 1 стакан муздак сууга эритип тамактын алдында ичиш керек. Бул учурда кислоттуулугун жогорулатат.

Балды суткасына 150-180 г ашык колдонуунун кажети жок. Анткени балды көп жегенде тез эле тана баштайт, кээде жүрөктү да айландырат.

Боордун негизги функциясынын бири ууларды сыянсыз түргө айландыруу. Боордун оорусунда глюкозаны кеңири колдонот. Эгерде балды колдонсо жалаң гана глюкоза эмес, боорго керектүү көп заттарды да алат. Боордун оорусунда 1 чай кашык балды, 1 стакан алманын суусуна эритип 3 маал ичет. Курч жана өнөкөт бөйрөктүн оорусунда бал жакшы жардам берет. Анткени балда бактерияга каршы заттар жана витамин С. Р, ж. б. заттардын таасири астында оорунун заара кылышы жакшыртылып, уулу заттарды денеден чыгарууга жардам берет. Бөйрөктүн оорусунда алдын алууда жана дарыланганда суткасына 80-120 г балды лимондун же итмурундун маңызы менен ичүү керек.

Кийинки учурда окумуштуулар балдын жүрөккө жана кан тамырга тийгизген таасирине көп көңүл бөлүп жатат. Бал өзүнүн өзгөчө составы аркасында жүрөктүн кан тамырын кеңейтет, тканга кислороддун келишин көбөйтүп, алмашуу процессин жакшыртат. Зааранын чыгышынын жакшыртылышынын негизинде шишикти азайтат. Жүрөктүн оорусунда 1 чай кашык балды күнүнө 3 жолу сүт, быштак ж. б. менен ичүүгө болот. Жүрөктүн оорусунда балды көп өлчөмдө ысык чай менен ичүүгө болбойт, анткени тердетип жүрөктү көп иштетет.

Балды мындан башка ар түрлүү ооруларда колдонот. Алардын кээ бир рецептери төмөнкүчө:

1. 100 г бал, 100 г чалган май, 100 г каздын майы, 15 г алоэнин согу, 100 г какаону бирге ысытып (кайнатпаш керек) 1 чай кашыктан эртең менен жана кечте ысык сүт менен ичет.

2. 150 г алоэнин маңызы, 250 г. бал, винону (кагор) аралаштырып 4-8о караңгы жерге 4-5 күн коюп, бир калай кашыктан тамактан жарым саат мурун күнүнө 3 жолу ичет.

3. 100 г бал, 100 г каздын же чочконун майы, 100 г какао жана 15 г алоэнин согун аралаштырып 1 чай кашыктан 1 стакан ысык сүт менен ичет. Көрсөтүлгөн рецептер кургак учукта колдонулат. Ошондой эле алы кеткен, тамакты күчтөп иче турган жана көбүрөөк витамин керектелүүчү ооруларда колдонот.

4. 1 стакан ашкана кызылчасынын, 1 стакан сабизтин, 1 стакан хрендин маңызы, 1 стакан лимондун маңызына, 1 стакан балды кошуп, бир калай кашыктан тамактан бир саат мурун же 2-3 саат тамактан кийин күнүнө 3 жолу ичсе гипертония оорусу менен ооргандарга жардам берет.

5. 1 кашык балды, 1 стакан ысык чай же сүт менен кошуп ичишти суук тийип ооруп калганда (тумоодо) сунуш кылат.

6. 2 калай кашык кургак (жаңысы болсо 100 г) малина жемишин бир стакан сууга кайнатып, 10-15 минуттан кийин 1 калай кашык бал кошуп жылуу боюнча тердеш үчүн ичсе болот.

7. 1 калай кашык кургатылган мать жана мачеха өсүмдүгүн 1 стакан сууга кайнатат. Саал муздагандан кийин чыпкадан өткөрүп, бир калай кашык бал кошот. 1 калай кашыктан күнүнө 3 жолу ичсе, какырыкты оңой чыгууга жардам берет.

8. 1 кашык балды 1 стакан жылуу суу менен жатаар алдында ичсе жакшы уктайт, ошондой эле неврастения оорусуна да пайдалуу.

9. Трахеитте, бронхитте, ренитте, ларингитте, синуситте 30% сууга эритилген балды инголяция менен колдонот. Инголяцияны үйдүн шартында төмөнкүдөй жол менен жасоого болот. Чайнекке бираз суу куюп, электр плиткасына коёт. Кайнагандан кийин ал сууга 1 чай кашык бал салып, плитканы өчүрөт да, чайнектин чоргосуна резина түтүк киргизилет. (жок болсо ак кагаздан түтүк кылынат) Ошол түтүк аркылуу 15-20 минут убакытка чейин дем алып туруу керек. Эгерде муздап баратса керегине жараша плитканы ысытып алууга болот.

Эскертүү: Албетте аарынын балы баардык эле адамга жага бербейт. Анткени кээ бир кишилердин организми балга өтө сезгич (идиосинкразия) келет. Аллергия болгондо мындай адамдар балды жегенде бөрү жатыш, кычыткы, баш оору, температуранын көтөрүлүшү, ичеги-карындын иштешинин бузулушу күтүлөт. Инголяция түрү менен пайдаланганда астманын пристубу жана демдин кысылышы мүмкүн. Кант диабет оорусунда бал жакпайт, зарыл керек болсо врачтын кеңеши менен гана ичүү сунуш кылынат. Бал менен дарылануу этияттыкты талап кылат.

 

ЭКИНЧИ БӨЛҮМ

 

ААРЫНЫН УУСУ

Жумушчу жана ургаачы аарыларда душмандарынан сактануу жана уясын коргоо үчүн боорунун (брюшка) учунда атайын коргогучу бар. Ал ийнеден, эки уулу безден жана ууну чогултуучу резервуардан турат. Ийненин уч жагы кетик болгондуктан кирген жеринен кайра чыгышка тоскоолдук кылат. Аары чаккандан кийин ийнесин киргизген бойдон калтырып өзү учуп кетет. Бирок бирнече сааттан кийин чаккан аары өлүп калат. Териде калган аарынын ийнеси өзүнчө тереңдеп кире берет да резервуардагы уу акырындык менен денеге сиңет. Эгерде аары чагары менен ийнени сууруп таштаса анын уусу көп анча денеге тарабайт. Бир аарыда 0, 1-0, 3 мг уу болот. Ал эми жаш аарылардын уусу болбойт. Аарынын уусу – апитоксин (грек сөзү. апис-аары, токсикон-уу) өңсүз коюча суюктук. Анын балга окшош жыты бар, даамы өтө ачуу. Реакциясы кычкыл (рн-4, 5 – 5, 5) Салыштырма салмагы – 1, 131. Составы эң татаал, ал майга окшогон, минералдык заттан, аминокислот жана белектордон турат. Белоктук комплекс үч фракцияга бөлүнөт. Ноль фракциясы (Ф-0), Фракция 1 (ф-1), фракция 2 (ф-2). Фракция-0 белогунда уулуу касиет жок. Фракция-1 кандын кызыл клеткасын эритет, булчуң эттин волокнасын (чубасын) жыйрылтат, кандын басымын төмөндөтөт, перифериялык жана борбордук нервдик синаписти блокировать этет. Жогорку температурага туруктуу. Составында 13 аминокислот бар: гликоголь, аланин, валин, лейцин, изолейцин, серин, аргинин, аспиргиновая жана глютаминовая кислоталар, Фракция-2 составында 18 аминокислот бар. Жогорку айтылгандан башка:тирозин, цистин, метионин, фенилаланин жана гистидин. триптофон, пролин. Мындан башка 2 актифтүү фермент фосфолипаза А жана гиалуронидаза бар. Аарынын уусунда төмөнкү химиялык элементтер кездешет: водород, углевод, азот, калий, темир, магний, фосфор, жез, күкүрт, маргенец, йод, хлор. Аарынын уусу көптөгөн микробту өлтүрөт жана анын өсүп-өнүүсүн токтот. Эгерде ууну 1:50 000 эсебинде суюлтса, ал суунун эритмесинде микроб жашабайт.

ААРЫНЫН УУСУНУН ОРГАНИЗМГЕ ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ ЖАНА АНЫН ДАРЫЛЫК КАСИЕТИ

Аарынын уусу аары чаккан жерди жана жалпы эле организмде өзгөрүштү пайда кылат. Эгерде дени соо адам аарынын уусуна туруштук бере алса 5-10 аары чакса да анын организиминде анчалык реакция болбойт. Чаккан жер аз гана ачышат, ооруйт, анча эмес кызарып жана шишип чыгат. Эгерде организмге көп санда уу кирсе жалпы организмдин ууланышы күтүлөт. Жеңил ууланганда, сабыркап, температурасы көтөрүлөт, башы ооруйт, денесине бөрү жатышка окшогон тактар пайда болушу мүмкүн. Ал эми оор түрдө ууланган болсо айтылган белгилерден башка кусуу, ичи өтүү, деми кыстыгуу, эриндери көгөрүп, тамыры тез-тез согуп, кандын басымы төмөндөп, эсинен танып, титиреп жатып калышы күтүлөт. Ууланган адамга убактысында жардам бербесе, дем алалбай өлүп калышы мүмкүн. Аарынын уусуна адамдын сезгичтиги ар кандай. Адабиятта дени соо адамды бир гана аары чакканда 20 минут өткөндөн кийин өлүп калганы жазылган. Аары айрыкча көздү, алкымды, тамак бездерин, жумшак таңдайды, моюндун күрөө тамырынын тушун чакканда коркунуч туудурат. Аарынын уусуна өзгөчө аялдар, балдар жана картаң кишилер өтө сезгич келишет. Ал эми такай аары багып жүргөндөр анын уусун көп сезишпейт. Мисалы, эзелтен бал челекке иштеп жүргөн адам 1000-ге жакын аары чакканда да эч кандай ууланган эмес. Адамды 500 аары чакса өлтүрүп коюшу мүмкүн. Ал эми 200-300 аары жалаң гана адамды ууландырбастан, айбандарды да ууландырат. Курт кумурскалар да ууланат. Анын уусуна каршы иммунитети (кабыл албоо) бар жаныбарлар да бар. Алсак курбака, ташбака, жылан, көк кытан, аюу жана кирпи чечендер аарынын уусун сезишпейт.

Аарынын уусун дары катары колдонуу илгертеден бери белгилүү. Байыркы заманда Египетте, Индияда, Кытайда, Грецияда ж. б. жерде аарынын уусу менен дарыланышкан. Х1Х кылымда кызыл жүгүрүктү, шакыйды, нервтин оорусун дарылашкан. Биринчи болуп Париж университинин профессору Лангер 1897-жылы аарынын уусунун химиялык жана формокологиялык касиетин изилдеген, ал эми 1915-жылы биринчи жолу аарынын уусунун препаратын алган. Азыркы учурда арынын уусунун препараттары кеңири колдолунат. Аны укол, териге сыйпап сиңирүү ж. б. жолдор менен берилет.

Аарынын уусунан жасалган дарыларды: Кызыл жүгүрүккө, муундун, булчуң эттин сезгенишинде, куяңда, нервтин оорусунда, аллергиялык ооруда, бронхиялдык астмада, жай бүткөн жана кандын тканга начар келишинен көпкө айыкпаган жарада, облитерациялоочу эндоартериитте, тромбофлебитте ж. б. ооруларда колдонот. Аарынын жаңы уусу (аарынын чаккан ийнеси менен барган уу) ооруларга жакшы жардам берүүнүн негизинде, аарыга чактырып дарылануу ушул күнгө чейин кеңири пайдаланууда.

Аарынын уусу менен дарылануунун алдында организдин ага болгон сезгичтигин текшерүү талап кылынат. Ал үчүн белдин терисин спирт жана эфир менен тазалап, кайнап муздатылган суу менен сүртүп тазалаган жерге аарыны коюп чактырып, ийнесин 5-10 секунд өткөндөн кийин алып ташталат. Бул учурда организмге аз гана уу кирет. Кийинки күнү заараны анализге өткөрөт. (ууну көтөрө албаса заарада кант жана белок болуп калышы мүмкүн). Экинчи жолу аарынын ийнесин бир минуттан кийин сууруп таштайт. Эртеси күнү заараны дагы лобараториялык жол менен текшерет. Организмдин сезгичтиги туура болсо дарылоону баштоого болот. Аарыга чактырганда аарынын аркасынан эки манчасы же пинцет менен кармап чага турган жерге коёт. Ийнесин бир сааттан кийин сууруп таштайт. Дарыланып жаткан убакыттын ичинде жумасына бир жолу заарасын анализге өткөрөт жана күнүнө 100 г бал ичүү сунуш кылынат.

Аарыга чактырууну төмөнкү схемада жүргүзүүгө болот. Биринчи күнү бирди, экинчи күнү экини, дагы ушинтип күнүнө бирден кошуп он аарыга чейин жеткирет. Мындан кийин үч күн дем алат. Экинчи курсун баштаганда үч аарыдан чактырып, үчтөн күнүнө кошот. Баардыгы болуп 180-200 аарыга чактыруу керек. Адам аарынын чакканын жакшы көтөрө албаса, беш аарыга чейин азайтса болот. Аарыны ооруга, адамдын күчүнө жараша чактырат. Куяңда белге, өнөкөт муундун сезгенишинде белге жана муунга, гипертонияда белге, кулактын артына. Төшөккө сийүүчү ооруларда 2,5 см киндиктен төмөн, айыкпаган жарага 5 см жаранын жээгинен алысыраак. Кызыл жүгүрүктө, астмада көөдөндүн алдыңкы жана арткы бетине ж. б. жерге койсо болот.

Аарынын биринчи чаккан жерине 4-5 күндөн кийин кайра койсо болот, анткени кызарганы жана шишигени тарап калат. Албетте аарыга чактуруунун мындай ыкмалары врачтын кеңеши менен гана ишке ашууга тийиш.

Аарынын уусу менен дарыланган учурда ичкилик ичүүгө болбойт. Процедура алгандан кийин жарым же бир саат жатып эс алуу талап кылынат. Аарынын уусу өзүнүн касиети боюнча жыландын уусуна жакын. Уунун күчтүү биологиялык таасиринин негизинде төмөнкү ооруларда алууга болбойт: өтө катуу ооруганда, жугуштуу ооруда, ириңдеген процессте, туберкулёздо, боордун, бөйрөктүн сезгенишинде, кант диабетинде, жин ооруда, кандын оорусунда, бойго бүткөндө, этек кир келген учурда, жүрөктүн иштешинин 2-3-чү даражада начарланышында!

ААРЫ ЧАККАНДА ЖАНА УУЛАНГАНДА ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

Аары чагары менен дароо ийнесин алып таштоого аракеттенүү керек.

Ийнесин кол менен чымчып алса, уусун резервуардан сыгып, организмге калтырып коюшу мүмкүн. Ушул себептен ийне же бычактын учу ж. б. менен алып таштоо зарыл. Ордун этил спирти, нашатыр спирти, йод, арак, чесноктун маңызы ж. б. менен сүртүү пайдалуу. Ууланган белгилери болсо төшөккө жаткырып, ууланууну жок кылуучу жана жүрөк менен кан тамырдын иштешин жакшыртуучу дарыларды берүү керек. Ууланган учурда сөзсүз врачка кайрылуу талап кылынат.

 

ҮЧҮНЧҮ БӨЛҮМ

 

МАТКАЛЫК СҮТ

Жумушчу аары алкымындагы атайын бези аркылуу баалу тамак затын чыгарып, аны менен келечектеги аарынын личинкасын тамактандырат. Ушул затты маткалык сүт деп атайт. Аны аарылар пергадан даярдайт. Аарылар ургаачы аарынын жумурткасын момдон атайы курулган уяга орноштуруп маткалык сүт менен толтурат. Маткалык сүт жөнөкөй уяда да болот, бирок аарынын ургаачысынын уясында, жөнөкөй аарынын уясына салыштырганда 100 жолу көптүк кылат. Жумушчу аарынын личинкаларын биринчи үч күндүктө гана маткалык сүт менен тамактандырат, ал эми ургаачы аарынын личинкасын беш күнгө, кийин чоңойгондо жайда жана жазда жумуртка салуу учурунда тамактандырат. Ургаачы аарынын личинкасы 5-6 күндүн ичинде салмагы 3000 жолу өссө, ал эми жумушчу аары араң эле 1500 жолу кошот. Ургаачы аары 16 күндө өсүп чыкса, жумушчу аарыга 21 күн керектелет. Мындайча айтканда маткалык сүттү көп алган личинкалар тез өсүп жана тез жетилиши анын пайдалуулугун аныктайт. Бир бал челектен 40-80 маточник (ургаачы аарынын личинкасы жаткан уя) алууга болот, аны төрт күндүк личинкадан чогулткан пайдалуу. Ар бир маточниктен 0, 3-0, 4 г жакын сүт алат. Маткалык сүттү атайын кашык менен пробиркага чогултат. Пробирканын ички бетин момду эритип, жука катмар менен шыбап коёт. Пробирканын оозун жел киргиз кылып мом менен чаптайт. Антпесе абада өзүнүн касиетин тез жоготот.

Жаңы матканын сүтү саргыч-ак келген каймакка окшогон суюктук. Даамы кычкыл. Бөлмөнүн температурасында, күн тийсе саргарып кургап калат. Ушул себептен аны нолго жакын температурада сактоо зарыл. Химиялык составы өтө татаал. Составында: 65% суу, белоктук заттар – 14-18%, углевод – 19%. май 1,7 – 5,7% жана минералдык туздар да, микроэлементтерди, В-1, В-2, В-6, В-3, В-13, С, Н, РР, витаминдерди, ферменттерди, аминокислоталарды ж. б. заттарды кармайт. Составына микробко каршы заттар болгондуктан ачыбай көпкө сакталат.

Матканын сүтүнүн дарылык касиетине 1953-жылы француздук агроном Кайлас биринчи болуп көңүл бөлгөн, ал маткалык сүттү колдонсо жаштыкты жана көңүлдүн сергектигин сактайт деген. Ошондон бери эксперименттер жана клиникалык изилдөөлөр жүргүзүлүп, кишинин жана жаныбарлардын организмине таасирин тийгизгенин аныкташкан. Жаныбарларга жүргүзгөн экспериментте матканын сүтүнүн таасири менен канда гемоглобин, эротроциттин саны жогорулайт, жүндөрү калыңдап жана жалтылдайт, орточо жашы узарат, төл берүүсү көбөйөт. Жаш тооктун жумурткалашы жогорулаган, ал эми картаң туубаган тооктор кайра тууй баштаган.

Москвадагы медициналык институтта арыктаган балдарга маткалык сүттү берген. Бул балдар дени соо балдарга салыштырганда бою кичирээк, салмагы азыраак, тамак ичкени начар, өңү кубарыңкы, уйкусу бузулган, алсыз балдар эле. Маткалык сүттү алгандан бир нече күндөн кийин балдардын тамак ичкени жакшырып, эттенип, кандын составы ордуна келип, теринин бырыштары жоголуп, көңүлү ачылып, ойноп, күлүп калышкан. Башка клиникадагы иштегендер да анын пайдалуу жактарын аныкташкан. Маткалык сүттү жүрөк-кантамырлар оорусунда да колдонот. Ал кандын басымын жогорулатат. Жүрөктүн инфаркт оорусунан кийинки учурунда жана стенокардияда жүрөктүн жакшы иштешине жардам берет, оорусун азайтат же такыр эле жок кылыт. Көңүлү ачылбаган нерв оорусунда да аялдардын этек кири токтогон же токтоор маалдагы нервтик өзгөрүштө, акыл эмгеги же кара жумуш иштеп чарчагандарга жакшы жардам берет. Кары адамдардын жалпы кубаттуулугун жогорулатат. Көздөрү жакшы көрүп, эске тутуу процессин жакшыртат. Организмде алмашуу заттар жогорулап холестериндин өлчөмү төмөндөйт. Ошондой эле бет майдын составына кошулуп беттин терисинин бырыштарын азайтыш үчүн пайдаланат.

Маткалык сүттү 1 г алып, 100 г. балга аралаштырып бир чай кашыктан тилдин астына же оозго кармап туруп сиңирет. Бир курска 1 – 5 г маткасынын сүтү керектелет.

Маткалык жаңы сүттү 10-100 мг тилдин астына же 30 минут тамактын мурун ач карынга ичсе болот.

250 мг маткалык сүттү, 100-120 г балдык сиропко кошуп, бир чай кашыктан жарым саат тамактан мурун ичиш керек.

1 бөлүк матканын сүтүн, 20 бөлүк аракка аралаштырып 5-10 тамчыдан тамактан бир саат мурун күнүнө 4 жолу ичсе болот. Матканын сүтү 20 мг глюкоза 0, 5 г ага 1-2 тамчы бал кошуп таблетка түрүндө күнүнө 2-3 жолу тилдин астына коюш керек. Фармокологтор матканын сүтүнөн «Апилак» дарысын табледка түрүндө чыгарат. Ал балдарга жашына жараша свеча түрүндө, ал эми чоңдорго бир таблеткадан (0, 01) күнүнө үч жолу тилдин астына колдонот.

Эгерде адам маткалык сүткө сезгич келсе, уйкунун бузулушу күтүлөт. Бул учурда өлчөмүн азайтууга же таптакыр ичпей коюга туура келет.

Маткалык сүттү жана анын препаратын, адиссондун оорусунда жана ушул препараттарга адамдар өтө сезгич келген учурда (идиосинкразияда) колдонууга болбойт.

 

ТӨРТҮНЧҮ БӨЛҮМ

 

ПРОПОЛИС

Прополис – аарынын клейи. Ал чайырдуу жабышкан зат. Өңү күңүрт жашыл, даамы ачуу, жыты өзүнчө кайыңдын жытындай жагымдуу. Убакыт өткөн сайын прополис каракоңур же кара түскө келип, жыты жок тыгыз массага айланат. Аарынын клеи менен аарылар бал челектин ички бетин жылмалайт, уянын ичин шыбайт, тешикти кичирейтет, жыртык-тешиктерин жана жарылган жерлерди бүтөйт. Кокустан чычкандар, курт кумурскалар бал челекке кирип өлүп калса өлүгүн прополис менен чаптайт. Ушунун аркасында алар бал челектин ичинде чирип жана сасып кетишинен сактайт.

Прополисти аарылар ар кандай өсүмдүктөрдүн чайырдуу заттарынан жыйнашат. Аарынын чайырын жайында чогултууга болот. Аны рамкадан кырып алып 100-500 г-дан тоголоктоп, жакшы жабылган идишке салып, караңгы жана салкын жерге сактоо керек. Туура сакталган прополис 1-5 жылга өзүнүн дарылык касиетин жоготпойт. Ал эми жаңы эле чогултулган прополистин дарылык касиети жогору болот. Прополисти сезонунда бир бал челектен 100-150 г чогултуп алууга болот. Аны көбүрөөк алуу үчүн бал челекке атайын магазинче жайгаштырып артынан тешип коёт. Тешиктин диаметри 10 мм чейин болууга тийиш. Бул учурда аары ал жерди тез эле беките баштайт. Ушундай метод менен бир бал челектен 400 г-га чейин прополисти чогултуп алууга болот.

Прополистин химиялык составында: 55%ке жакын чайыр жана бальзам, 10%ке жакын эфирдин майы, 30%ке жакын мом жана 5% чаңча кармалат. Прополистин бальзамында күрөң спирт, күрөң кислота жана дубилдик заттар болот. Чаңчанын болушуна байланыштуу прополисте минералдык заттар, витаминдер, микроэлементтер жана антибиотикалык заттар бар. Салыштырма салмагы 1,11 – 1,27. Эрүү температурасы 80-104о чейин. Муздатканда морт жана үбөлөнгүч болуп калат.

Прополисте нервтин ооруй турган сезимин жок кылуучу касиети бар. Ушул касиет кокаинден 3,5 жана новокаинден 5,2 эсе күчтүүрөк кылат. Прополис кээ бир бактерияны (стрептококк, стафилакокк ж. б.) өлтүрөт. Ушул себептен илгертен бери аны жараны айыктыруу максатында колдонуп келишкен. Прополистин 10% майын кесикке, жарага, күйүккө, үшүккө, абсцесске колдонот. Ал ириңди тазалап, жаратты тез бүтүрөт. Эмчек эмизип жүргөн аялдын эмчегинин үрпү жарылып кеткен учурда сыйпаса жакшы жардам берет. Май дарыны жазаш үчүн эмалирленген идишке 100 г вазелинди же малдын майын кайнаганга чейин эритет, андан кийин оттон чыгарып 50-60о чейин муздатат, ага 10 г майдаланган прополисти салып 70-80о ысытат. Оозун жакшылап жаап 8-10 минут тынбай аралаштырат. Бүткөндөн кийин марлиге чыпкалайт. Сууганча аралаштырып, суугандан кийин жабык идишке салып салкын жерге сактайт.

Акыркы учурда 10-15% сары майга даярдалган прополисти өпкөнүн өнөкөт сезгенишинде, ангинада жана туберкулездо колдонот. Даярдалган майды бир чай кашыктан 2-3 жолу 1 – 1,5 саат тамактын алдында же 1,5 саат тамактан кийин жылуу сүт менен ичет. Туберкулездо 2 ай ичип, 2-3 жума дем алыш кылат. Кийинки курсунда прополисти 5 г көбөйтүп 30 г чейин жеткирсе болот.

Спиртке 20-30% прополистин эритмесин төмөндөгүчө даярдайт: 100 г майдаланган прополиске 500 мл. 96о спирт кошуп 30 минут чайкап аралаштырып 2-5 күнгө караңгы жерге коёт. Тунганда кезеги менен чайкап аралыштырып туруу керек. Убактысы бүткөндөн кийин марлиге чыпкалайт. Эритмени 30-40 тамчыдан 1-1,5 саат тамактан мурун жарым стакан жылуу сүт же суу менен ичет. Прополистин 2-4% эритмесин стоматологияда афтаны, эрозийди, жараны ж. б. ооруларды дарылаш үчүн колдонот. Карындын жана 12 эли ичегинин жарасында 2-4% прополисти спирттик экстракты 20 тамчыдан суу, сүт же 0,5% новокаиндин эритмеси менен 1-1,5 саат тамактан мурун же 1,5 саат тамактан кийин үч маал ичет.

Прополистин жакшы жагы ичкенде организмди ууландырбайт. Ал кээ бир микробтор бөлүп чыгарган ууну зыянсыз түргө айландырат. Прополисте бактерияга каршы таасири фитонциттин болушуна да байланыштуу, ал ысытканда прополистен бошоп чыгат. Ушул себептен бронхитте, ринитте жана трахеитте инголяция жолу менен да пайдаланат.

Прополисти таза түрүндө чорлорду кетирүүгө колдонот. Бул үчүн чорду 10-15 минут ваннага кармап турат, андан кийин терини сүртүп, жылыткан бөлүк прополисти жука катмар кылып чорго жабат да бинт менен 5 минутка байлап коёт. Ушундай процедураны үч жолу кайталайт. Ваннадан кийин жумшаган чорду оңой эле алып таштоого болот.

Азыркы учурда окумуштуулар аарынын дагы бир продукциясы болгон перганы изилдеп жатат, ал гүлдүн чаңчасынан чогултулат. Аарылар гүлдүн чаңчасын денесиндеги жүндөрдүн жардамы менен чогултат. Аны шире менен суулап, шилекей менен аралаштырып, арткы бутунун чуңкуру аркылуу алып келип көзчөлөргө жайгаштырат. Анын 2/3 – 4/5 тереңдиги толгондон кийин үстүн бал менен чаптап таштайт, ушул чаңчаны перга деп атайт. Гүлдүн чаңчасы жана перга аарылардын жашоосунда чоң рольду ойнойт. Алар жетишпесе аарылар көбөйбөй, ошондой эле матканын сүтү да болбой калат Жумушчу аарылар тез эле алсызданып, ишке жараксыз болуп, убактысына жетпей өлүп калат. 10 000 аарыны өстүрүү үчүн 15 кг чаңча жана перга керек. Бал челек кышта пергасыз калса, жазда жаңы аарыны чыгаруу кыйын болот жана жайда аз бал берип калат. Химиялык составында суу, белоктук заттар, май, кант, минералдык заттар, аминокислота, витаминдер ж. б. энзимдер кирет.

Клиника жана эксперименталдык изилдөө боюнча:кандын оорусунда, гастритте, колитте, ич катканда, гипертония оорусунда, невроздо, мээнин сезгенишинде, эркектердин уруктукту бөлүп чыгаруу бездин сезгенишинде, подаграда, эндокриндик системанын бузулушунда колдонот. Көп рецептин бири төмөндөгүчө: 50 г бал, 10 г гүлдүн чаңчасын 100 г жаңы сүт менен аралаштырат. Эгерде бал кристал түрүндө болсо, этияттык менен ысык сууга коюп эритүү керек. Муздагандан кийин бир чай кашыктан күнүнө 3 жолу ичет, балдарга нанга сүйкөп берүүгө болот.

Аарынын дагы бир продукциясы мом. Ал жумушчу аарынын атайы безинен иштелип чыгарылат. Таза мом суудан жеңил, 60 – 65о температурада эрийт. Медицинада мом платырды, кремдерди жасоого колдонот. Аарынын мому тери аркылуу жакшы сиңет, ага жылмакай жана жагымдуу өң берет. Ошону үчүн косметикалык кремде пайдаланат.

Азыркы учурда аарынын продукциялары баалуу дарылардын бири экендигинде талаш жок, туура колдонсо көп ооруларды айыктырганга жардамы тийет.

 

Чындыкты билүүнүн жалгыз критериясы тажырыйба деп бекер айтылбаса керек. Окуганын, укканын кимде ким өзү текшерип көргөндө чындыктын бары жогуна көзү жетет эмеспи. Илгертеден бери жашап келеткан касиеттүү аарынын продукциясынын баарлыгы адам үчүн баа жеткиз дары экенин Бошкул атанын китебин окуганда түшүндүм. Ал врач катары аарынын продукциясынан кайсы ооруга кандай кылып дары жазаарын, кантип колдонорун бергени жалаң эле медиктер эмес, медицинадан кабары жок карапайым калкка да түшүнүктүү. Ар ким өзү даярдап алса болот. Кыскасын айтканда аарыга жонтеримди тозуп берип чактырып, оорумдан айыгып, аарынын көп ооруга дарылыгы бар экенине ишендим. Азыр курулушта эмес кантор ишинде иштеп элге пайдамды тийгизип жүрөм…

 

© Качкыналы Сыдыгалиев, 2010. Бардык укуктар корголгон 
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 13970