Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Көлөмдүү кара сөз
© Качкыналы Сыдыгалиев, 2005. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2011-жылдын 27-марты

Качкыналы СЫДЫГАЛИЕВ

Бой тумар

(Аңгемелер)

Бул жыйнакка автордун ар мезгилде жазган, жарык көрө элек аңгемелери топтолду.

К.Сыдыгалиев. Бой тумар: аңгемелер. – Б.: 2005 китебинен алынды.

 

МАЗМУНУ

Өчпөгөн сүйүү
    Ыр десте 
    Бакытысы кыйылган кыз 
    Атанын керээзи 
    Кудайберген 
    Тиги дүйнөдөн кат 
    Арбак 
    Гүл өскөн бейит 
    Бой тумар

 

ӨЧПӨГӨН СҮЙҮҮ

Мен райондук ооруканада врач терепевт болуп иштегениме көп жыл болгон. Нечен оорулуну дарылап айыктырып, нечен адамдын ый-муңуна ортоктош болдум. Кара чач кардай болуп агарды. Канчалык көп иштеген сайын, ошончолук жоопкерчиликти көбүрөөк сезип мөгдүп келген адамдарга жардам берүүгө аракеттенесиң. Бирок "Акыл жетсе, ал жетпейт" болуп баарлык ооруну айыктырыш колдон келбейт. Азыркы мезгилдеги медицинанын күчү жетпейт.

Өнөкөт ооруну дарылап жакшы болгондон кийин чыгарсаң үйгө барганда режим сактабай оорусу кайтоолдоп калат. Өзгөчө нерв оорусу. Нерви ооруган адамды дарылаш үчүн анын ички дүйнөсүнө сүңгүп кирип, оорунун жашынган жеринен ачып көрүп, ошого жараша дары берип, ошого жараша мамле кылып дарылашың талапка ылайык.

Быйыл, жакында эле менин палатама жыйыра жаштагы келин жатты. Келбети келишкен, ажарлуу аял экен. Анын сулуулгун кандай мактасаң жарашчудай. Бирок ооруга алдырып боюн таштап коюптур. Бетине бетмай, эрдине эндик сыйпамак түгүл жөндөп жуунбайт. Кундуздай кара чачын желкесинен чорт кырктырып таштаганга куйругун кестирген таандай көзгө серт көрүнөт. Оорусу көп. Колит, гасрит, гепатит, холецистит, невростения деп айтор жолдомосуна андан башка да оорунун атын толтуруп жазыптыр. Анан калса акыйкатта оорубаган жери жок. Кайсы мүчөсүн карабагын, эмне болуп оорурун сурабагын баары ооруйт. Ал ооруган жерин ушунчалык сүрөттөп айтат дейсиң, уккан кишини ынандырып таштайт. Өзгөчө башынын, жүрөгүнүн ооруганы, уйкусунун кеткени, көңүлү ачылбаганы басымдуулук кылат. Дарылап баштоодон мурун изилдеп, текшерип кирдик. Анализин алдык, рентгенге салдык, ЭКГ, УЗИ менен текшердик. Айтор башынан баштап бутуна чейин карап чыктык. Баары жакшы. Райондун масштабындагы медициналык аппараттар анын мүчөсү бузулбай иштеп атканын далилдеп көрсөттү. Келинди тебелеп-тепсеген нерв, санаа экени айдан ачык болду. Мен да биринчи көргөндө эле "Невростения" оорусу деп ойлогом. Ошол себептен оорунун тарыхын толтурганда биринчи "Невростения" деп, анан калган оорусун улай жазгам.

Эми дарылаш керек болду, дарылаганда да чындап, чыдап, талыкпай дарылаш керек болду. Ал үчүн "Миң кишинин атын билгенче, бир кишинин сырын бил" деп келиндин ишенимине кирип, сырын тартыш дарылоонун негизки өзөгүн түзмөкчү. Бирок Адлет ачылбай койду. Качан болсо тумандай түнөрүп, телевизор көрбөй, эл менен сүйлөшкөндөн качып жүрдү. Акыркы күндөрү келиндин мүнөзүндө аз да болсо өзгөрүү пайда болду. Мени менен жалгыздап сүйлөшүп, эл барда сөз катпай дудук болуп калат. Бир күнү иштегендер үй-үйүнө тарап кеткенден кийин ээн калган кабинетке чакырып алдым. Нервти тынчытуучу дарыны үстөкө босток бергенден уйкусу ачылбай, муун-жүүнү бошоп чарчаңкы тартып калыптыр.

— Адлет отур, — дедим бетмаңдаймдагы орунтукту көрсөтүп, — ийри отуруп түз сүйлөшөлү. Мындан аркы дарылоонун планын кеңешели.

Адлет отуруп калды. Ушул эки жылдын ичинде врачтар отур деген жерге отуруп, тур деген жерге туруп жүрүп менин айтканым ал үчүн көнүмүш сезилгени байкалып турду. Үн каткан жок, сөздү мен баштадым:

— Адлет, — дедим аста сүйлөп, — жазаган анализ, аппараттык текшерүү баары жакшы. Сен онтогондой оору жок. Бирок бир нерсе бар. Ал сенин нервиң. Нервиң катуу оору. Ушул каран калган нервтин аркасынан баарлык мүчөң какшап ооруйт. Соо турса да тынчтык бербейт.

Жер тиктеп салбырап отурган Адлет башын көтөрүп кандайдыр бир жанданган көз караш менен менин дидарыма тигилди. Мен аны байкамаксан болуп сөзүм уладым:

— Нервти дарылаш үчүн, ал эмнеден ооруганын билиш өтө зарыл. Сен дарылаган врачың катары мага ишенип турмушуңдагы жамандык, жакшылыгыңды төкпөй-чачпай мага айтып беришиң керек. Ансыз болбойт. Агерде сен ишеним көрсөтүп жардамдашпасаң мен сени айыктырууга гарантия бере албайм.

Адлет сөз айтуунун ордуна бетин алаканы менен басып шолоктоп ыйлап кирди. Ал бакырбаса да, кыйкырбаса да өзөгү өрттөнүп жатты. Ичтеги бугун чыгарып алсын деп мен да тим койдум. Шорголоп аккан көз жашы азайып, диртилдеген ийни токтоп калганда туруп барып валерианка дарыны сууга кошуп жуткуздум. Адлет үн сөз катпай бираз олтурду да үшкүрүп алды. Ал үшкүргөндө оозунан жалбырттаган жалын чыккансып ыссык деми бетмаңдай отурган мени каптады. Бетарчысы менен жашын кайра-кайра кургатып:

— Айта берсе арман көп, агай, — деди Адлет улутунуп, -турмушум тууралу бир да врач сураган эмес, сиз биринчи сурадыңыз. "От дегенден ооз күйбөйт" эмеспи, таржымалымды айтып бергенден айыгып кетериме ишенбейм, бирок сиз өтүнүп жаткан соң айтып берейин.

Адлет ой учугун топтоп токтоп калды. Бөлмө тымтырс. Тынчтыкты бузган тамдын керегесинде илинген чыкылдаган саат, тынчтык бербей терезеден терезеге урунуп дыңылдаган кашка чымын болду.

— Менин оорумдун башталышы алыс, тамыры терең, — деди Адлет, -мен борбор шаарда жашап, шаардан орто мектепти бүттүм. Бешке чыкканда атам жол кырсыгынан каза болуп жетим калдым. Апам өңдүү-түстүү эле, заводто жумушчу болуп иштеп жүрүп соодада дүкөндүн директору болгон кишиге турмушка чыкты. Андан бир кыз, бир эркек төрөдү. Бирок өгөй атамдын пейли ошондо эле жаман болчу. Апамды сабап баш көтөртпөй кор тутчу. Ачкөз, зөөкүр болчу. Акча десе аскадан учуп түшчү. Колунда мансабы бар адамга кошомат кылып, кедей-кембагалды адам катары көрчү эмес.

Адлет көөдөндөгү күйбөй түтөгөн демин чыгарып, көздүн жашын кургатып алып сөзүн улады:

— Мен биринчи класстан баштап, онунчу класска чейин Жоробек деген бала менен чогуу окудум. Анын ата-энеси карапайым жумушчу болчу. Ал жакшы окуучу. Өзү жоош, боорукер бала эле. Мурун кубалашып, койгулашып ойноп жүрүп сегизинчи класстан баштап бизде кандайдыр жагымдуу сезим жаралып, бири бирибизди сыйлап жакын болуп кеттик. Айрым сабакты бирге даярдап, бирге киного барчу болдук. Ошол балалык сезим бара-бара сүйүүгө айланды. Көрбөй калсам сагынып, телефон чалып Жоробектин үнүн укканда кадимкидей каниет алчу болдум. Социализм жоюлуп, капитализм кирип келгени атама жакты. Ал бир ашкананы, бир дүкөндү менчиктештирип алып, дагы эки камокту элдин көп жашаган жерине орноту. Акчаны күрөп берип өзү да жакшы ишке турду. Кыскасын айтканда элди иштетип, каймагын калпып алган акча атамдын жаман пейлин огобетер бузуп, киши тааныбай дөөгүрсүдү. Кайра куруу мезгили Жоробектин атасына жаккан жок, завод токтоп, штат кыскарып ишсиз калды. Эски жигули машинасын айдап, такси кылып, күндүр-түндүр киши тартып жан багышты. Мен үйдөн апарган тамакты танапис учурунда Жоробек экөөбүз чогуу жечүбүз. Даяр тамак жок болсо ага булучка, пирожка сатып берип сыйлачумун. Бир күнү сабак даярдайлы деп ээрчишип үйгө барсак атам менен апам үйдө экен. Жупуну кийимчен ээрчип кирген баланы көрөр менен атамдын кабагына кар жаап, көзүнөн от чачырады. Сабакты чала-була даярдап Жоробек жолго түштү. Ал кеткенден кийин атам:

— Ай, Адлет, тиги самсаалатып ээрчитип келген селсаягың ким? — деп сурады.

Мен атамдын арам пейлине түшүнүп "Бирге окуган бала, атасы карапайым жумушчу" деп жооп бердим.

— Эмне, мындан башка порядочный кишинин баласы менен окубай, бирге баса албай калгансыңбы?— деди атам атырылып. "Сырын билген байталдын сырт жагынан чыкпагын" демекчи, жүйөлүү жооп айтсаңда жүрөгүңдү сууруп алган өгөй атамдын пейлинен коркуп дудук болдум да калдым. Ал адатынча албуутанып:"мээң жок, мээң болсо келечек жөнүндө ойлошуң керек. Жакшыга жанашыш керек, жанакыдай селсаяктан качыш керек. Акмак. Акылсыз!" деп каарып кирди. Апам атама болушуп бир жагынан ал да ажылдап чыкты. Бул тогузунчу класста болгон окуя. Мен муну Жоробекке айтканым жок. Аядым. Биздин алоолонгон сүйүүбүздү өгөй атамдын суук мамлеси өчүрө албады. Тескерсинче күчөп алоолонуп бараткансыды. Бир күн көрүшпөй калсам сагынып куза болуп калчу болдум.

Онунчу класска барганда биздин сүйүү жалындап чыкты. Окууга да катуу кириштик. Экзамен келгенде ар күнү чогуу даярданып сынактан да жакшы өттүк. Акыркы экзаменди тапшырып, парктты аралап, кафеге кирип көңүл ачтык. Күн кеч болуп калды. Көчө-көчөгө электр шамы жагылган мезгилде үйгө жөнөдүк. Жоробек мени узатып келди. Жолдон келатып келечек жөнүндө кеп кылып, институттун акыркы курсунда үйлөнүшмөккө убадалаштык. Телегейибиз тегиз болуп үйгө жакындап калганда алдыбыздан сомодой болуп үчөө чыкты. Бакылдап сүйлөгөн сөзүнө караганда кызуу көрүнөт. Жүрөгүм бир балээни сезип:

— Жоке, артка кетеличи, тиги келаткандардын кейпи жаман көрүнөт, — дедим. Ал эркектик кылып, эрдемсинип:

 — База бер алтыным, коркпо, — деп жоошутуп колун арта салып белимен кучактады. Биз кыналып база бердик. Жакындаганда жанакы үчөө астыбыздан тороп, далдайган сары жигит:

 — Кучакташып кайда баратасыңар? — деп күркүрөдү.

Жокемдин колу белимден бошоп ит көргөн мышыктай жумшаган денеси жыйрыла түштү.

 — Үйгө баратабыз, — дедим чепеңдеп.

 — Бул салпаяк эмнең болот?

 — Классташым.

 — Классташыңбы?— деди кекерлеп, -антип анткорсунбай эле ойношум деп чыныңды айтпайсыңбы! Сен муну менен ойноп бүттүң. Эми биздин кезек. Бүгүн биз менен ойнойсуң. Ыктыярың менен барсаң аман каласың болбосо союп таштайбыз.

Жанакы жигит каруумдан кармады. Жоробек сунган колду булкуп бошотуп мени калкоолоп арабызга кирип:

 — Байке, кечирип коюңуз. Биз бүгүн онунчу класстын акыркы экзаменин тапшырып үйгө кубаныч менен келатабыз. Тозбоңуз жолду, байке, — деди.

 — Эй, сопляк, жаныңдан үмүт кылсаң жогол, болбосо азыр бирди көрөсүң. Үйүңө жетпей, аттестатыңды албай каласың, — деди экинчиси.

Биз кетүүгө аракет кылганда сары жигит шап билегимден кармап:

 — Алгыла, салпаякты! Сүйлөгүз, каяша айткыз кылгыла! — деди.

Экөө Жоробекке жабышып, сары жигит мени караңгы жакка сүйрөп жөнөдү. Кыйкырганга чамам келтирбей оозумду бекем басып алды. Көчөдө калган экөө Жоробекти тепкилеп киришти. Мен карышкыр бөктөргөн койдой тырмышып, тытышып баратам. Караңгы жерге жеткенде бетарчысын алып оозума шыкай тыгып, колумду артыма качырата кайырып:

 — Кана ыктыярың менен мамлеге келесиңби же киймиңди тытып чечиндирейинби?— деп киркиреди.

Менде жан жок, жамандыктан кутулбасымды сезип коёндой калтырадым. Башымды чайкап "жок" деп белги берип, мурдуман күңкүлдөдүм эле өпкөгө бир коюп көтөрүп жерге чапты. Көйнөгүмдү, ич киймимди тыта баштаганда элдин чуусу, бирөөнүн энтигип чуркап келатканы эшитилди. Сары жигит олжосунан айрылган жырткычтай артын кылчак карап коюп жылып жөнөдү. Карасам Жоробек. Ал келип кыса кучактап, бетимен өөп:

 — Алтыным, кордогон жокбу?— деди.

 — Эчтеке болгон жок, баары аман, — депмин шашканымдан.

Ал колуман дегдеңдетип жетелеп баратып:

 — Абириң төгүлбөсө болгону, кийим табылар, — деп кайрат айткан болду.

Коркуп калган жаным туш тарапты алактап карап, карбаластап баратып сурадым:

 — Тиги экөө кайда? Сени аябай тепкилешдиби?

 — Тепкилешти, — деди Жоробек, — бирөө менен бетмебет салгылашып атканда экинчиси артыман тепти эле кулап түштүм. Оонап жатканда жерден колума бир нерсе урунду. Кармасам жарым метр арматура темир экен. Туракалып бирөөнү башка чаптым эле ал ошол жерге кулады. Экинчисин чапканда башка тийбей ийинге тийди. Ал каршылык көрсөтө албай качып жөнөдү.

Биз чуркап көчөгө чыкканда жыгылган жигиттин жанына эл чогулуп калыптыр. Атам да бар экен. Патурулдагы милиционер да келип калды. Атам мени менен Жоробекти көрүп көзүнөн от чачырады.

 — Ата, үчөө кол салып, Жоробек мени балээден куткарып чыкты, — дедим шашып.

 — Сен ушуну көрмөксүң, шерменде— деди атам боор оорурдун ордуна ызырынып, — ушундай болмоксуң, — деп айтпаганды айтып табалап, элдин көзүнчө төгүлгөн абиримдин калганын көңтөрүп таштады.

Милиционер сураштырып, медициналык тез жардам чакырып эсучун билбей жаткан хулиган жигитти ооруканага жиберип, Жоробек экөөбүздү милицияга алып кетти. Биз өз-өзүбүзчө түшүнүк жазып бердик. Атам артыбыздан келип, Жоробекти жержеберине жетип жамандады. "Мунун хулигандыгын билем" деп каратып туруп калп айтты. Милиционер Жоробекти камап, мени бошотушту. Үйгө келгенде уккан жемени мен айтпайын, сиз укпаңыз.

Адлет ушул жерге ич күптүлүккө алдырып сүйлөй албай отуруп калды.

Мен чыдамсыздык менен:

 — Анан эмне болду? Жолдошуңду эче күндөн кийин бошотту?— деп сурадым.

 — Жоробек бошогон жок, — деди Адлет турмушуна тарынганын билгизгенсип кабагын карыш түшүрүп, -атамдын аракети менен үч жылга түрмөгө кесип жиберди. Соттун чечими чыгып, жакындарына коштошууга руксат бергенде элдин эң артында жанына барып:"Жоке, сенин актыгыңды, адамкерчилигиңди эл билбесе мен билем. Үч жыл тез эле өтөт. Кайгырба. Мен сени күтөм"— дедим. Жокем ушул сөздү укканда көзүнөн жаш тегеренип кетти.

 — Ырахмат, Адлет, — деди Жокем элдин көзүнчө бетимен өөп, -мен сага ыраазымын. Эл ишенбесе да сен ишенсең болгону. Аман болсок көрүшөбүз, жакшылыктан үмүт үзбөйлү, — еп бурулуп басып кетти.

Мен да эл менен аралашып ээрчип алдым. Машинага түртүп түшүрүп жатканда карасам көзүнөн жаш салаалап агып туруптур ардагымдын...

Адлет жаш балача бышактап ыйлап, бетарчысын алып бууракандап аккан жашын кургатты. Мен да тим койдум. Ыйы көптөн кийин басылды.

 — Арадан бир жыл аласалып өтүп кетти, — деп Адлет сөзүн улантты, -ошол жылы мен унвеситетке кирип бир курсун бүтүрдүм. Экинчи курска көчкөндө амниция болуп Жокем бошонуп түрмөдөн чыгып келди. Кубанганды айтпа, тилекти кудай берип, чөккөн көңүл көтөрүлүп, маанайыбыз күндөй жаркырады. Атам менен апама көрүнбөй эгиз козудай ээрчишип ойноп күлдүк. Күкүк менен Сейнептей бири бирибизди издешпей, коркуп корголобой баш кошууну чечтик.

Убада бекип, ишеним арта берди. Сактап жүргөн биринчи сүйүүмдү нике расмисин күтпөй сүйгөнүмө арнадым. Аңгыча кыш да келип калды. Январдын ортосунда, кечки саат он ченде жетелешип Жоробектикине кирип бардык. Биздин жакшы тилекти угуп, Жокемдин ата-энеси кубанып, жетине албай шашып калышты. Апасы сактап жүргөн ак жоолугун сандыктан алып башыма салып, бетимен өөп бактылуу, ырыстуу, ыймандуу келин болушумду каалап ээн бөлмөгө киргизди. Бир аял келип көшөгө тартып артына отургузуп койду.

Аңгыча коңшу-колоңдор, шаардагы жакын туугандары келип шаан— шөкөт башталды. Түнү менен ачуу басарга бармак болушту. Бир койду бирөөдөн карызтап таап, үч миң сом алып, бир сумке ичкилик көтөрүп ачуу басарга жөнөштү. Ата-энемдин сырын билген жаным:"Ата, апа мен Жоробекке өз эрким менен келдим. Кудаңарды жакшылап тозуп алгыла" деп кат жазып бердим. Кайнатам баш болуп үч киши жигулиге отуруп, койун богажникке салып алып жөнөштү. Менде жан жок. Эшик ачылса эле селт этип карайм. Акыры мен ойлогондой болду. Барган кудаларын боктоп кууп чыгып, артынан апам, атам, сомодой болгон эки жигитти ээрчитип кирип келишти. Эшикти ачып, бозогону аттабай туруп:

 — Эй, басмачылар, уурулар, менин кызым кана?— деди атам бакырып. Баарыбыз селейип-селейип ордубуздан турдук. Арстандай аркыраган атамды көргөндө мен эмес бөлмөдөгү толтура отурган аялдар эмне кыларын билбей калышты. Кайнатамдын иниси астынан тороп:

 — Кулдугум бар, куда. Келиңиз. "Кыз берген күйүнөт, келин алган сүйүнөт" деген кыргыздын макалы бар. Ичиңиз күйгөнү көрүнүп турат. Эми куда болдук. Бир ачууңузду бериңиз, — деп колун бооруна алып бөжүрөдү.

 — Кудадан айлан, — деди атам айкырып, -сага окшогон томаятан, жарыбаган жалчыдан куда күткөнчө күтпөй койгонум артык. Жаныңарды бага албай атып келин алгандан айлансыңарбы. Менин кызым доллар төлөп унверситеттен окуйт, силер аны окута аласыңарбы? Окута албайсыңар жарыбаган селсаяктар. Чыгар бери кызымды, алып кетем!!

— Кириңиз, куда, — деди кайын атамдын иниси колун боорунан түшүрбөй, — даам ооз тийиңиз. Акылдашалы. Макулдашалы. Кызыңызды алгыңыз келсе анан деле алып кетиңиз.

Атам болгон жок. Анын кирбесине көзү жеткен кайын атамдын иниси колтуктан алып жетелейин деди эле жыга түрттү. Бул одоно мамлени күтпөгөн киши онтоп атып ордунан араң турду. Кол эмес, сөз кайырган жок. Атам, катарында кажылдап турган апамды желкесинен түртүп үйгө кийирди.

 — Шерменде катындан шерменде бала туулат, — деди атам бак-бак этип, -алып чык ары жок, абири жок кызыңды.

Ачуу менен ызанын казанында кайнаган апам атырылып мага кирейин деди эле менин жанымда отурган кыз-келиндер жабалактап эшикке тыгын болуп киргизбей туруп алышты. Улгайган аялдар апамдын туштарабынан чыгып жалынып жалбарышты эле болгон жок. Айкырып, өкүрүп үйдү үч көтөрдү. Аялдар арачалап мага жеткизген жок. Аржакта база калчу арстандай акшыйып турган атам аттап-буттап жетип келип тыгын болгон аялдарды каруусунан кармап туштушка бирден ыргытты. Бурчтагы тартылуу турган көшөгөнү бир жулкканда үзүлүп түштү. Ачууга алдырган апам сөзгө келбей колуман алып сүйрөдү. Мен "Барбайм, апа, ордуман козгоп жеңил баа кылба" деп тырмышып болбой койдум.

 — Барасың, — деди апам албуутанып, -атаң макул болбогон соң калууга акың жок.

Кыз келиндер мени бир жакка тартып, апам бир жакка тартып тирүүнүн көк бөрүсү болдум.

 — У, бети жок шерменде, — деди атам кыз-келиндерден колумду зордоп бошотуп, жабышканын силкип ыргытып, -бас үйгө. Кайсы бетиң менен ушул үйгө келин болом деп келдиң. Зам министирдин баласына турмушка чык десе "Окуумду бүтмөйүн эрге тийбейм" деп болбой коюп, эми түрмөдөн чыккан хулиганды көргөндө эрге тийгиң келип калган экен да... Эрсиз калсаңда Жоробекке чыкпайсың. Уктуңбу? Муну сол кулагың менен бир ук, оң кулагың менен бир ук. Сен мен айткан эрге тийесиң, ага тийбейсиңби дүйнөдөн так өтөсүң. Дайны жок тырышсаң милиция чакыртып селсаяк эриңди азыр каматам деп коркутуп атып мени алып кетишти. Үйгө апкелип бөлмөмө камап ташташты. Экинчи кабат болсо да үйүбүздүн терезеси темир тор болуп анык камакта калдым. Атам эртеңменен ишке кетерде эшикти ачып, итчесинен бирөө аркылуу тамак киргиздирип кайра жаап ачкычты алып кетет. Түштө, кечте да ушинтет. Тамак жүрөккө баспайт. Апама жалынып да, жалбарып да, урушуп да эшикти ачтыралбай койдум. Ачыш, алпештеген кызын бошотуш күнкор болгон апамдын колунан келген жок. Мен эң мурун туталанып, тумчугуп унчукпаган менен кийин чыдабай, ачууга алдырып, кыйкырып, эшикти тарсылдатып тепкилеп тынчын алдым. Бирок ага да болгон жок. Айлам кетип көчөдөгү өткөн, кеткенге кыйкыра баштадым. Кошуна-колоңдор да шекшип калды окшойт каңыр-күңүр сөздөр чыгып жатканын сездим. Жардамы тийеби деп жолдош кызымды апкелип тынчытууга аракет кылышты. Анын келгени бир чети жаман болсо, бир чети жакшы болду. "Жоке, мен кандай абалда калганымды барган кыздын өз оозунан угарсың, ал эми сага айтарым, билгизерим жүрөгүмдүн астында жаңы жаралган персентиң калды. Мен муну сүйүнчүлөп айтамбы деген ойдо элем, бирок тилегиме жетпедим. Кош, Жоке, "Жамандыкты амандык жеңет" дейт, аман бол. Тирүү болсок көрүшөбүз. "деп кат жазып берип жибердим. Барган сайын башым ооруп, алым кете баштады. Апкелген тамагын ичпей койдум. Күндүз да, түнкүсүн да кыйкырып, эшикти тепкилей бердим. Арадан бир жума өткөндөн кийин ак халат кийген сомодой-сомодой болгон үч эркек киши кирип келишти. Көрсө медициналык тез жардамды чакырыптыр. Алар колу-бутумду байлап, бир ийнени жамбашыма сайып, бираздан кийин алып жөнөштү. Самбилге салып "Волга" машинанын ичине киргизгенин билем, калганын билбей калыпмын. Көзүм ачсам палатада жатам. Оолукма оорулуларды карап палатадан чыкпай отурган кишиден:

 — Айтыңызчы, агай мен каерде жатам?— деп сурадым.

 — Эмне келгениңди билбейсиңби?— деди күлүп.

 — Билбейм.

 — Билбесең билип ал, — деди жанакы киши, -сен жиндиканада жатасың.

Жиндикананын атын укканда көңүлүм караңгылай түштү. Айласыз жатып калдым. Эртеси орто бойлуу, чачын тармалдаткан жаш врач келип аркайсынын башын чаргытып сурай баштады. Мен анын суроосуна жооп бербей:

 — Доктор, мен жинди эмесмин. Соомун, коёбер үйгө, — дедим.

Ал деле мени угар түрү жок. Ачуум келип суроосуна жооп бербей тескери карап жатып алдым. Тажаганда кетип калды. Ушул абал менен он күн жаттым. Башкы врач келип көрүмүш болуп "Сенин койгон диагнозуң туура" деп жанакы секелек врачты мактап кетип калат. Апам тамак апкелет, мен аны албай, бет алып сүйлөшпөй койдум. Бара-бара арыктап, ичим, бөйрөгүм ооруй баштады. Эки ай өткөндөн кийин таятам келип алып кетти. Айылда жүрүп эркек төрөдүм. Эркиндикке чыксам да оорум күндөн күнгө күчөгөндөн күчөп тынчымды алды. Көрсөтпөгөн табыбы, бакшы, молдосу калган жок. Акыры ушул жерге жатып калдым.

Адлеттин сөзүн бузбай аягына чейин уктум. Улам сүйлөп, улам токтоп туталанып атты. Ал башынан өткөндү айткан сайын, онтоткон оорусу сүйүү менен чырмалышканын сезген сайын качандыр бир уккан айың сөз эсиме түшүп, кулагыма жаңырып турду. Аңгеменин акырына чыгыш үчүн суроо таштадым:

 — Айтчы Адлет, — дедим суз тарткан келиндин карегине кадалып, -сени ата-энең алып кеткенден кийин Жоробек менен жолугушкан жоксуңбу?

 — Жок, — деди Адлет күнөөлү кишиче жер карап, -жолуккан жокмун. Аны атам үйгө киргизмек түгүл көчөгө жолотпой кууду. Кийин мени Россияга окуганы кетти деп сурагандарга калп айтыптыр.

 — Таятаңкына барганда кабарыңды Жоробекке билдирген жоксуңбу?

 — Билдирген жокмун.

 — Эмне үчүн?

 — Жинди болуп жиндиканага жатып чыксам, жинди аталсам, оорукчал болсом менин кимге керегим бар. Билбегени жакшы.

 — Өзү сураштырып издеп келген жокбу?

 — Келген жок. Келсе да тоо арасындагы унут калган айылдан мени кайдан тапмак элде. Таппай эле койсун, анын издебегени жакшы.

 — Бул оюң туура эмес, — дедим, -мен сенин оюңа кошула албайм. Анткени сен өзүңдү ойлоп Жоробекти ойлобой атасың. Ал балким сенден жаман, сенден артык кыйналып аткан чыгар.

 — Кыйналса кыйналган чыгар, — деди Адлет көңүлсүз, -бирок ушул убакка чейин издеп келбегенине капамын. Барган сайын, убакыт алыстаган сайын жүрөк муздап, кечеки алоолонгон сүйүү өчүп бараткансыйт.

 — Деги анын кайда экенин билесиңби?

 — Билбейм, — деди Адлет тарынч түр менен, -билгим да келбейт.

Адлеттын бүркөлгөн кабагына, жаш аккан көзүнө карап сурадым:

 — Кайын атаңдын аты ким?

 — Сагындык.

 — Мен аны тааныйм, — дедим келинден көзүмдү албай, -анын уулу Жоробекти да тааныйм. Ал куулук-шумдугу жок жакшы бала.

Мен Жоробектин атын айтканда Адлеттин карагат көзү бакырая түштү. Местейип бурчту караган жүзүн мага буруп таңыркоо менен сурады:

— Сиз Жоробекти тааныйсызбы?

-Тааныйм, — дедим башымды ийкеп, -анын атасы менен бирге окугам. Ал онунчу классты бүтүп шофер болуп шаарга иштеп кеткен. Мен мединститутту бүтүп айылга келгем. Катташпасак да саламыбыз түзүк. Ал айылга келгенде же мен шаарга барганда жолугушуп калабыз. Менин билүүмчө Жоробек үйүндө жок.

 — Анан кайда?

 — Түрмөдө.

 — Түрмөдө-ө?— деди Адлет таңыркап, — Эмне болуп түшүптүр?

 — Атаң "урду, өлтүрөм деп коркутту" деп жок жалааны жаап бир жылга кестирип жибериптир деп укккам. Мен билгенден Жоробектин келер учуру болуп калды. Балким келип да калган чыгар...

Бул сөздү укканда Адлеттин өңү бузулуп, денеси безгек болгондой калтырап чыкты.

 — Ме-ме-мен, — деди Адлет кекечтенип, -мен аны унутту деп жүрсөм, көрсө дагыда мен үчүн түрмөгө түшүп азап тарткан экен да...

Адлет көпкө ыйлады. Бул сапар тарынчын унутуп сүйгөнүнө боору ооруп ыйлады. Ал ыйлаган сайын менин да зээним кейип көзүмө жаш алдым. Көптөн кийин:

 — Ыйлаба балам, — дедим, -ыйдан пайда жок. Мурун мен сенин жөн гана дарылаган доктуруң болсом, азыр таанышың, аяш атаң болуп калдым. Сен мага ишен, мен сени дарылап айыктырам. Жоробектин кайда экенин билип келем. Бактылуу болууңа жардамдашам. Чыда бираз, — деп соороттум. Мына ушул күндөн баштап Адлетттын мага мамлеси өзгөрдү. Ээн калып эркин сүйлөшчү болдук. Мурун үйдөн баласын апкелсе анчалык карачу эмес эми эзилип өөп, эркелетип калат.

Дүйшөмбү күнү суранып алып атайын Бишкек шаарына келдим. Коңгуроону шыңгыратсам Сагындык өзү чыкты. Сагынышкан жаныбыз кучакташтык да калдык. Үйгө кирсем дивандын үстүнө жаңы кастюм шым, көйнөк-кечек кылып бир сыйра кийчү киймдерди жыйып коюптур. Аларды алып, орун бошотуп жатып:

 — Баякы бактысыз уулубуз бүгүн түрмөдөн чыкмак болуптур ошого баралы деп даярданып жаттык эле, — деди кобурап.

Көктөн тилегеним жерден табылып сурадым:

 — Качан жөнөйсүңөр?

 — Азыр.

 — Мен да барам.

Сагындык таңыркай карап, ишенер ишенбесин билбей жылмайып күлүп:

 — Барсаң бар, — деди.

Даяр турган жигули машинага мен, Сагындык, анын аялы болуп үчөөбүз отуруп Молдовановкага жөнөдүк. Жолдон Жоробектин келинчегин дарылап атканымды, анын Жоробектин айынан ооруп кыйналганын айтып бердим. Экөөтең келинине боору ооруп көзүнө жаш алышты. Издеп барып небересин көрбөгөнгө капаланып, өзүн өзү жемелешти.Түрмөгө барып бозогосунда күтүп турдук. Биртоп убаракерчиликтен кийин Жоробек чыгып келди. Каран калган түрмөнүн кара кийминенби же чачын тасырайтып алдырып койгондонбу өңү керсары болуп кыйналганы сезилип турду. Кубаныч менен кучакташып, өбүшүп көрүштүк. Үйдөн алып келген киймин кийгизгенден кийин атасы унут калган докментке кеткенде жалгыздатып Адлеттын көргөн кордугун, ооруп ооруканада жатканын айтып берсем кубаныч менен кусалык кошул-ташыл болуп бетин жүзарчы менен басып алып шолоктоп ыйлады. Айтарын айтып алып бир чети жайсыз абалда калсам, экинчи чети аялына өчпөгөн сүйүүсүн көрүп кубандым. Жоробектин талабы боюнча түз эле ооруканага жөнөдүк. Аларды биздин үйгө отургузуп коюп Адлетка бардым. Болгон окуяны айтканым жок. Машинага отургузуп алып үйгө апкелдим. Эшиктен аялым тозуп алып жетелеп үйгө киргизди. Залга кирер менен күткөн Жоробек да, билбей келген Адлет да "түшүмбү же өңүмбү" дегенчелик кылып бирин бири тиктеп туруп калышты. Биртоптон кийин:

 — Адлет, — деди Жоробек кулачын жайып, -мына мен келдим. Кутулуп келдим. Эми бизди эч ким ажырата албайт, — деп кадам таштаганда Адлет" Жоке" деп бир бакырып алып боюн таштады. Жыгылып баратканда Жоробек колуктусун шарт кучактап боюна кысты. Биз акырын жылып сыртка чыктык. Самоор койдук. Чай кайнагандан кийин чогулуп отуруп чай ичтик. Стакан кагыштырып жакшы каалабузду айттык. Адилеттин таятасы той өткөрүп эки жаштын никесин кыйгызды.

 Адлет тез эле сакайып кетти. Өчүп бараткан сүйүү кайра алоолонуп жанып жаштардын бактылуу жашашына кубанып дарыгерлик ишимди али да улантып келатам...

 

ЫР ДЕСТЕ

Биздин үй бүлө көп балалуу, ынтымактуу үй бүлө эле. Атам да, апам да педегог болушчу. Экөө тең айлыбызда мугалим болуп иштешчу. Атам тарыхтан, апам матиматикадан сабак берчу. Апам иштин көптүгүнө, үй турмуштун оордугуна карабай эки эркек, үч кыз төрөптүр. Улуубуз эркек, ортосунда үч кыз, анан мен болчумун. "Көкүрөк күчүгүм" деп атам да, апам да мени жакшы көрүшчү.

Мен эс тартканы атам менен апамдын "сенай" дешип айтышканын же кабак бүркөп карашканын көргөнүм жок. Бул ынтымак апамданбы же атамданбы эч түшүнчү эмесмин, ал кезде ынтымактын ылдый-жогор жагы эмнеден турарын оюма да албапмын. Ойлосом да акылым жетпесе керек. Бирок алардын мамлесин байкап турар элем. Атам сырттан суз кирсе апам өзү чарчап турса да астына калыңдап төшөк салып, чыканагына кош жаздык коюп:

 — Асаш, чарчап келдиңго, чай кайнаганча эс ал, — деп карбаластап калар эле. Атам да үн катпай апам берген жаздыкка чыканактап жатып чайдын келерин күтчү. Айрым учурда уктап кетчу. Ал уктап калганда "Табылды" деп атыман айтпай:

 — Ай, Табыш, акырын, атаң уктап эс алсын, — деп эшикти кыйчылдатпай акырын жаап койчу. Самоордогу чай кайнаганда терезеден шыкаалап карап атам уктап атса отун өчүрбөй биртопко кайнатчу. Бөксөрүп баратканда эшикти ачып акырын бутунун учу менен басып кирип атамдын бейкапар бешенесине бир топ тиктеп туруп, кастюмунун же көйнөгүнүн учунан акырын кармап тартып:

 — Асаш, ай Асаш, тур чай муздап калды, — дээр эле. Ойгонгон атам уйкулуу көзү менен апамды жалдырай тиктеп башын көтөрчү. Жанакы суз тарткан өңү өзгөрүп, чекесинин бырыштары жазылып калар эле. Дасторкон жайылып, самоордогу чай буусун бүркүп келгенде туруп барып колун жууп жанакы апам салып берген жумшак төшөккө балпая отуруп тердеп-кургап чай иччүү. Арачолодо апам билбеген мектептеги окуяларды айтып берчү. Мен анын айтканын түшүнсөм да, түшүнбөсөм да тыңшап отура берчүмүн. Апам да атамдын айтканын момурап укчу. Сөзүн бузчуу эмес. Бирок ал укканда бирде атамдын оозун таң кала тиктеп, бирде жымыңдап күлүп, бирде мостоё түшчү. Атам сөзүн бүткөндөн кийин гана апам сүйлөчү. Айта турган оюн, бере турган кеңешин кийин айтчу. Экөө бир нерсени талаша кеткенде апам акырын гана "Шашпа, мезгил көрсөтөт" деп койчу. Кийин негизинен апам айткандай болуп чыкчу. Ошондонбу же башкаданбы айтор атам апам менен көп кеңешчү.

Апам өзгөчө тартипти сактачу. Атам бир жакка кетпей, үйдө болгондо ансыз бизди дасторконго чакырчуу эмес. Отурсак да тамакка кол салчу эмесбиз. Күтчүүбүз. Атам колун жууп ашканада узун коюлган үстөлдүн башына балпайып отурчу. Атам алмайынча, "алгыла" деп айтмайынча бирибиз да тамакка кол салчу эмесбмз. Бул апамдын үйрөткөнү. Апам ар качандан бир качан:

 — Байкагыла балдар, дасторконго отурганда улуу киши биринчи болуп алмайынча тамакка кол салуу адепсиздик болот. Силер бул адепти сактасаңар адамкерчилигиңерди сактаганыңар. Силер бул жөнөкөй ишиңер менен улууларды сыйлаганыңар, — дечү.

Биз да апамдын айтканын эки дечү эмеспиз. Бул биздин үй бүлөдө закондо жазылбаган эреже эле. Апамдын айтканы, койгон талабы менин сезимиме, ошондой эле башка балдарына өтө таасирин тийгизчүү. Бул үйдө атанын улуулугу апам айтпаса да сезилип турчу. Биз дагы атамды улуу инсан, кудай таала биздин бактыбзга атайын жаратып жибергендей сезилчү. Ата сөзүн эки дебей чоңойгонубуз да мына ушундан болуп калды.

Бир сапар атам ройонго барып кеч келди. Адаттагыдай кечки тамакка отурганда:

 — Кана Асаш, райондо эмне жаңылык бар экен? Эмнеге чакыртыптыр сүйлөй отур, — деди апам.

 — Райондо эч деле жаңылык жок, бирок РАЙОНО мени мектепке завуч болуп иштеп бер деп чакыртыптыр, — деди атам.

Апам атамдын кайдыгер түрүнө суроолу бир карап алып сурады:

 — Анан эмне болду?

 — Мен макул болгон жокмун.

 — Эмне үчүн?

 — Ээ, байбиче, — деди атам сүт куйган чайын ууртап коюп, — эл менен чырылдашып завучтуктун кереги эмне.

Апама атамдын сөзү жакпай калды сыяктанды. Ал биразга токтой калып:

 — Бекер кылыпсың, — деди, — эл сыйлап, өкмөт сыйлап аткан соң макул болуш керек эле. Азыр завуч болсоң, кийин деректор болмокмуң. Анын эмнеси жаман?

Атам жылмайып күлдү.

 — Сен абайлап карачы, — деди чайын дасторкондун үстүнө коюп, — өмүр бою деректор же завуч болгон адам барбы? Жок. Демек мен да ошонун биримин. Бир жыл завуч болуп, элдин баарын каршы кылып алып анан шомпоюп чыга бергенден эмне пайда?

 — Завучка элдин баары эле каршы болбойт го? Өзүңдү алчы, сен кайсы завуч менен каршысың?

 — Сен үстүртөдөн ойлоп атасың, — деди атам олуттуу, — сен экөөбүз деген тартиптүү мугалимбиз. Сабакка даярданып, канспектисин жазып барабыз.Кечикпейбиз. Убагында келип, убагында кетебиз. Керек болсо кеп, сөз айтпай каалашынча иштеп беребиз. Ал эми башкаларды алчы, эмне болгонун көзүң менен көрүп турасың. Бирөөнүн чолоосу тийбесе, башкалар атайы сабакка даярданбай келишет. Сабакты начар өткөрүшөт. Балдарды начар окутушат. Бала менен, алардын ата — энеси менен байланыштары жок. Ишке ичип келишет. Демек ошол жаман адатыңды ташта. Жакшы бол деп айтышың керек. Айтканыңды баары тегиз түшүнбөйт. Урушууга, тилдешүүгө туура келет. Көздү жуумп коюп иштөөгө бет чыдабайт. Чынбы?

 — Чын.

 — Чын болсо мага туура түшүн, байбиче. Күнөөлөбө. РАЙОНОго да, мектептин директоруна да ушуну айттым.

Апам үн каткан жок. Кантсе да атамдын завуч болбой койгонун жактырбаганы сезилип турду. Апам да, атам да сүйлөшүп алгансып үй турмушунда да калыс болчу. Идиш аяк жууганда апам кыздарына бөлүп берип тытыштырбаса, атам огородко иштегенде баарыбызды айдап чыгып алыбызга жараша иш тапшырчу. Саатка карап иштөөчүбүз. Бир мезгилде отуруп, бир мезгилде турчубуз. Кааласак калганына жардамдашчуубуз, каалабасак атам барып бүтүрүшүп жибер деп айтчу эмес. Бирок баары тегиз ишин бүтмөйүнчө тамакка да жиберчүү эмес. Убакытты утуш үчүн, эртерээк тамакка барыш үчүн айласыз атама айтырбай калганыбызга жардамдашып жиберчүбүз. Көбүнчө жабалакташып баары мага жардамдашар эле. Апам мени уят кылганы эсимден кетпейт. Бир сапар апам экөөбүз автобузга отуруп ройондун борборуна жөнөп калдык. Кийинки айылга барганда жаш келин күйөөсү менен түштү. Мен терезеден чалкыган талааны карап кете бердим. Ошондо апам ордунан туруп:

 — Кел балам, отур, кыйналасың, — деп ордунан турду. Аны көрүп мен да ордуман туруп апама орун бошоттум. Ал мени жаман көзү менен бир карап алды да ордума отурду. Үйгө келгенде:

— Я, балам, сен эмне үчүн боюнда бар аялга орун бошотуп бербегениң кандай? — деди.

Мен үн катпадым. Апам башымдан сылып:

 — Сен байка балакай, — деди, — улуулар келгенде орун бошотуп бер. Бир саат туруп тургандан жаш адам чарчабайт, ал эми улгайган адамга, боюнда бар аялга оор. Мына ушундан кийин автобуздан улуу адамды көрсөм эле апамдын тарбиясы эсиме түшөт.

Бир сапар кызы Алмашты, Сурманы маңдайына отургузуп алып:

 — Айланайындар, менин алтындарым, силер экөөңөр тең турмушка чыгып үйлүү, жайлуу болдуңар. Ошол үй кеме болсо, силер ошонун башкаруучусуңар.Кемени капитан кандай айдаса ошол жакка барат. Силер да капитансыңар. Абайлагыла. Эриңерге дайны жок кажылдабагыла. Эрди жаман кылган да, жакшы кылган да аял болот. Ошол себептен эриңерди көтөргүлө. Балдарынын көзүнчө коркпосоң да корккон болоп, ачууң келсе да билгизбегиле. Атасын баласына жамандабагыла. Силер жалаң гана эрге чыккан жоксуңар, силер анын ага тууганына кошо чыктыңар. Ошол себептен аларды да сыйлоого милдеттүүсүңөр. Уктуңарбы менин алтындарым, — деп айтып атыптыр.

Атам жокто, улуу — кичүүбүз чогуу болгондо:

 — Силерден сураанарым атаңарды сыйлагыла. Атаңар жаман болсо да, жакшы болсо да силердин атаңар. Ал сыйга татыктуу. Ал силер деп каржалып жүрөт. Ачуусу келсе айтышпай кечиримдүү болгула. "Балам балалуу болгондо билесиң" деп силер да үйлүү-жайлуу болсуңар. Силер да балалуу болосуңар. Ата сыйлагандын атагы чыгат, балдарым. Ушуну унутпагыла. Эрин кор туткан аял, атасын сыйлабаган бала эч качан жыргап кетпейт. Ошол үчүн атаңарды пайгамбардай сыйлагыла. Атаң болбосо силер жаралмак эмессиңер, — деп ачык айтчу. Апам акыйкатта атамдын атына сөз жугузбай, үстүнө кыл жугузбай сыйлап турчу. Ал анткен сайын биз да атамды кудай тутчуубуз. Биз да апамдын айтканынан чыкпай, жолун жолдоп атамды сыйлоого аракет кылчуубуз. Элдин арасында да атам менен апам жөнүндө аңыз сөздөр айтылып калар эле.

"Бактылуу жашайм десеңер, ынтымактуу болгуңар келсе Асанкан менен Анаргүлдөн үлгү алгыла" деп калышаар эле. Апам күжүрмөн жан эле, бирок бара-бара көзү начарлай баштады. Кийин доктурга барса "Глаукома" деп диагноз коюптур. Болгондо да аз кездешчү, тынбай күчөй берген түрү экен. Бишкекке келип, респуликалык оорукананын көз бөлүмүндө операция жазатты. Кийин экинчи көзү да начар көрө баштады. Дагы операция жазады. Бирок болгон жок.

Майы түгөнгөн чыракка окшоп акырындап барып, элүү үч жашында көрбөй калды. Жетелеп киргизип, жетелеп чыгарчуу болдук. Турмуш деген турмуш да. Эң улуу агабыз Байыш борбор шаарда иштейт. Журналист. Келген сайын ар түрлүү апараты көтөрө келип, бизди киного тартып, магнитофонго жазып кетет. Атамдан кийин эле бизди окутуп чокуткан ошол. Баарыбыз ошонунун үйүндө жатып окудук.

Андан кийинки эжем Алмаш политтех институтту бүтүп, шаарга иштеп калды. Андан кийинки Сурма, юрфакты бүтүп ал да шаарда иштейт. Андан кийинкиси Бурма медик. Шаардык ооруканада терепевт. Мен атам менен апамдын жолун жолдоп айылда мугалим болуп иштейм. Балдарга матиматикадан сабак берем. Баарлыгыбыз жогорку билимдүүбүз. Баарыбыз үйлүү-жайлуубуз. Баарлыгыбыз бактылуубуз.

Бактынын кушун колунан качырган апам гана. Көрбөйт. Жетелетип жүрөт. Мурун атам жетелечү эле, кийин атам каза болуп апам таза кор болду. Колдон келишинче көңүлүн көтөрүгө аракеттенебиз. Туулган күнүн бөлөк-бөтөн киши кошпой жылда өткөрөбүз.

Быйыл күтүлбөгөн окуя болуп кетти. Байыш байкем чет мамлекетке камандировкого кетип апамдын туулган күнүнө катташа албай калды. Антседа магнитофонго ыр десте жазып берип жибериптир. Апамдын туулган күнү кыш айы болчу. Январдын үчүндө бороондун болуп турганына карабай, кардын сапырылып көз ачтырбай жолтоо кылганын тоотпой эжелерим үй бүлөсү менен чогуу келишти. Кечке даярдык көрүп кобур-собур, күлкү төгүлүп, Неберелер бири кыйкырып, бири ойноп үйдүн ичи чуручуу. Апама бул жагат. Көрбөсө да неберелерин үндөрүнөн тааныйт. Аттарын билет. Кечте залдагы узун үстөлгө толуп отурдук. Кыздары тост сүйлөп апкелген белектерин берип, бетинен өөп, мойнунан жыттып жыргап атышты. Эң акырында Бурма эжем:

 — Апа, уулуң Байыш загран камандировкага кетип баратып мобул радио-магнитофонду угуп жүрсүн деп берип жибериптир. Атайын сизге арнаган ыр десте бар экен. Каршы болбосоң ушуну угалык, — деди.

Апам уулунун атын укканда башын көтөрүп, сөз чыккан жакка мойнун буруп тыңшап калды.

 — Угалык, — деди апам муңайыңкы үн менен, — берекем алыс жолдо жүрүп апасын унутпаптыр. Анысына ырахмат. Ал да мага окшоп баласынан сый көрсүн, — деп алкап койду. Аңгыча неберелеп мушташып чуу салып, тамдын шыптысы жарылып кете жаздады. Байкемдин магнитофонго жазган ыр дестени тынч угуш үчүн Сурма эжем чамынып, тура калып:

 — Ай, басмачылар жүргүлө, силерге өзүңөрчө сый дасторкон жазап берем, — деп баарын айдап чыкты. Үй акыйкатта тымтырс болуп кулагыбыз тынчый түштү.

Ошондо Алмаш эжем магнитофонду узун шнурга жалгаштырып менин жаныма койду.

Бурма эжем мага кол шилтеп:

 — Кана, Табыш, куй шампандан Байыш байкемдин тосун ичебиз, — деп калды.

Мен бокалдарды толтурдум. Чай куюп чуркап жүргөн келинчегим да менин жаныман орун алды. Бурмаштын буйругу менен магнитофондун тетигин бастым эле мурун даярдап койгон магнтофон кыр-шыр этип тилге кирип, Байыш байкемдин коңур үнү чыкты:

 — Урматтуу апа, — деп баштаптыр сөзүндө, -сиз бизди жоктон бар кылып жаратып, ич этиңди ийге келгенче тепкилетип, кыйналып төрөп, азап менен чоңойттуңуз. Анысы аз келгенсип аз акчаңарды зарп кылып баарыбызды окутуп жогорку билимдүү адам кылдыңыздар. Биз балалык парсыбыздан башка, сиздердин эмгегиңиздерди эч качан унутпайбыз. Колубуздан кандай жакшылык келсе баары сиздики. Балдарыңыздын, небереиңиздин убайын көрүңүз, апа. Мен бир айга чет мамлекетке кетип туулган күнүңүздө келалбай калдым. Туулган күнүңүз менен кызуу куттуктайм. Ылайым эле оорубаңыз. Дениңиз болоттой бек болуп узак — узак жашаңыз. Балдарыңыздын, небереңиздин убайын көрүңүз, жан апа. Мен өзүм алыс болсом да сиз менен, сиз жарыкка апкелген бир боорлорум менен биргемин. Аз дебей, көп дебей ушул ыр дестени кабыл алыңыз апа. Ушул ыр дестени угардын алдында, апамдын туулган күнүнө арнап, ден соолугу узун болушун тилеп кагыштырып бир бокалдан шампан алып койгула. Жакшылап кагыштыргыла, үнү мага эмес бүткүл ааламга угулсун. Менин ушул суроомду канаатандыргандан кийин ыр дестени уккула.

 — Ура-а! — деди Бурма, — байкемдин алтындыгы ушунда. Ал бизди унутса да апамды эчкачан унутпайт. Алалы.

 — Кеттик!

Шампанга толуп турган бокал тийишкенде ыраазы болгондой өзгөчө, демейдегиден узакка жагымдуу үн салып басылды.

Апам орто бойлуу, бети айга окшоп тегерек, акжуумал, адамды өзүнө тарткан жылдыздуу адам. "Сыр аяктын сыры кетсе да сыны кетпейт" деп азыр да көркү бузулбай жылдызы жанып турат. Сокур болуп кор болгону болбосо өзүнүн жашынан алдаканча жаш көрүнчү. Байкемдин үнүн магнитофондон укканда өңү тамылжып, ууртуна күлкү кадимки көздүү кезиндей пайда болуп, маанайы көтөрүлүп чыкты. Апамдын ушул кубанчы айланага жарык чачып биздин да бактыбызды балбылдатып жандырып жиберди.

 — Балекет-мээнетиңди алайын Бакышым, — деди апам жаңы эле коңгуроо үнүн баскан бокалды кошколдоп кармап, — алыс жүрсө да жаман апасын унутпаптыр.

Ырахмат. Бактылуу бол. Мен ушул шампанды Бакышым үчүн, ошонун аман-эсен эли-жерине кайтып келиши үчүн алайын.

 — Жо-о-ок, болбойт, — деди Бурма эжем чырылдап, — бул тост сиздин ден соолука, сиздин арабыста узак жашаш үчүн багышталган тост. Сиз биздин тосту эмес уулуңуз Байыштын тостусун алып жатасыз. Алыңыз. Байкеме арнап өзүнчө алабыз.

Олтуруштун бул бурулушун күтпөгөн апам колундагы шампанды ууртап-татып, бөлүп-бөлүп алып жиберди. Апам жетелетип калгандан бери шампанга эрдин тийгизгени болбосо алчуу эмес. Бул сапар алып жиберди. Тартынган жок. Биз да бири-бирибизге көз ымкашып кубанып кол чаап алып жибердик.

Кайталанып куюлган бокалдагы шампан көздүн жоосун алып, көбүрүп, көтөрүлүп барып тырс-тырс жарылып турду. Чырды Бурма баштады. Ал боклды апамдын колуна карматып:

 — Тынч отургула, — деди Бурма бакылдап, — азыр апам сүйлөйт. Апамдын тостусунан кийин гана ыр дестени угабыз. Ансыз ыр да жок, ыр десте да жок.

Апам тартынган жок, Байыш байкеме узак өмүр, түгөнгүз бакты каалап алып жиберибүздү өтүндү. Биз кагыштырып алайлык десек Бурма дагы чырдап:

 — Жок, болбойт, — деди, — апам байкеме каалаганы чын болсо өзү алып жиберсин, болбосо биз да албайбыз.

Апам Бурмасынын эркелегенине жыргап күлүп:

 — "Чегирткенин алын көрүп канын сор" деген, — деди, — менин алым көрүп туруп кыйнаганың шариятка да, шартка да ылайык келбейт. Бул тамашаң артык болгонсуп турат,алтыным.

Апамдын сөзүндөгү тарынч нотаны түшүнгөн Бурма атып туруп апамдын мойнунан кучактап:

 — Антпечи, алтын апам, антпечи, — деди балбыраган бетинен кайра-кайра өпкүлөп, — ушу сени эле мас болуп калсын деп кантип ойлоюн. Жөн эле жетине албай жатпаймынбы. Ичпесең ичпе. Ич деп сени эч ким кыйнабайт.

 — Апам ичет, — деп бержактан мен да жиреп өттүм, — улуу баласы Байыш байкем үчүн ичпесе анан ким үчүн ичет. Ичип жибер апа.

Апам шампанды ооз тийип жерге коюп:

 — Кана эми ыр дестени угалы. Бул бокалдагы шампанды түгөтүүгө убадамды берем, — деди.

Биз байкемдин урматына алып жибердик. Бөлмө шаңга бөлөнүп кубаныч менен магнитофондун кнопкасын бастым. Бир аз пауза боло түшүп байкемдин бакылдаган үнү угулду. Ал:

 — Апамдын эрке уулу, көкүрөк күчүгү Табылды ырдайт, — деди. Мен таң калып оозумду ачтым. Аңгыча менин бала чактагы "Белек кылып беремин" деген балдыр-шалдыр ырым бөлмөдөгү чуулдагандардын жаагын жап кылды. Бири күлүп укса, бири мостоюп угушту.

Жаз келгенде талаада,
    Саймаланат жашыл чөп.
    Колго соккон килемдей,
    Кызыл-тазыл гүлдөр көп
.

Жыты аңкып жыпардай,
    Айланага чачылат.
    Көрүп туруп көп гүлдү,
    Чөккөн көңүл ачылат
.

Тандап гүлдүн жакшысын,
    Мен чогултуп теремин.
    Гүл дестени апама,
    Белек кылып беремин
.

Менин үнүм магнитофондон чыкканда апамдын жүзүндө жылмаю пайда болуп, жылдызынын нуру төгүлүп турду. Башын оң жагына кыйшайта, мойнун ошол жакка буруп, кулагын тосуп укту. Андагы менин үнүмдү, таттуу тилимди уккан сайын жаны кирип "дагы укпай каламбы" дегенсип дем тарткандан кысканып катып калды. Күтүлбөгөн жорукка мен да таң калып ыржайып күлгөнүмдү айтпа, тим эле бирөө сыйкырлагандай оозум ачылып калыптыр. Качан гана " Бали, бали!"— деген мактоо үндөр чыгып, шатырата кол чабылганда аңырдай ачылган оозум жабылды. Апам:

 — Балакетиңди алайын, Табышымдын бала кезиндеги ыры тура. Муну кантип сактап, кайдан таап жазды экен. Мен муну укканда Табышымдын жаңы окууга барган кези эсиме түшүп кетти.

 — Биринчи класстагы ыры, — деди Сурма эжем, — муну сиздин туулган күнгө Байыш байкем арнап жазып, Табышыңды тарсылдатып сабап жүрүп жататкан.Анан атамдын жанынада туруп ырдап берген.

 — Билем, билем, — деди апам жаркылдап, -ырдаганда да кыймылын келтирип кыйкырып сонун ырдаган. Ал эми байкеси сабап ырдатты дегениң калп, Табыш бул ырды чын дили менен жаттап, силерге мактанып ырдаган. Эл унутса да мен муну унуткан жокмун.

Апамдын айтканы жагып мен да компоюп калдым.

 — Кана, кана уландысын угалы, — деди Сурма. Мен магнитофондун тетигин кайра бастым. Байкемдин коңур үнү угулду:

 — Азыр, — деди Байыш байкем жайма жай сүйлөп, — Кыргыз филармониясынын артиси Асанкан кызы Бурма " Элмира" деген ырды ырдап берет. Сөзү, обону К. Тагаевтики.

Биз кол чаап калдык. Элмира эжем бетин алаканы менен басып "Эмне деп ырдадым экен?" дегенсип көзү чекчейди. Магнитафондон төгүлүп ыр чыкты.

 — Айий, апа, бул мен күйөөгө чыга электеги ыр тура, — деди Бурма, — биз ага көңүл бөлбөй кубаныч менен ырды аягына чейин уктук. Апам Бурмага жалынып ыраазычылыгын айтты. Артынан Жумамүдүн Шералиевтин музыкасына жазылган "Ырдап кой" деген ырын Сурма эжем ырдап, "Карап койчу жылмайып" деген ырын Алмаш эжем ырдады. Жумамүдүн Шералиевтин обонуна жазылган ырларды апам жакшы көрчү ошол себептен байкем ушул ырларды тартуулаганды ылайык көрсө керек. Канткен менен күтпөгөн ырга апам да кубанып, биз да кубанып калдык. Бул ойдо жок, күтпөгөн кубаныч бөлмөнү өзгөчө шаңга бөлөп жиберди.

Апамдын шаштыруусу менен магнитофондун кнопкасын кайра бастым. Баякы эле тааныш Байыш байкемдин үнү чыкты.

 — Мен азыр апама арнаган өз ырымды окуп берейин. Муну мен мурун жазгам. Бирөө обон жаратса ырдап берейин дегем, бирок аны күтпөй азыр окуп берүүнү туура таптым. Темасы "Апакем". Уккула!

Биз дем тартпай тыңшап калдык. Магнитафон бир нече секунт пауза берип анан байкемдин келтирип окуган үнү угулду.

Адамдын асылы экен апа деген,
    Бала үчүн бал ордуна капа жеген.
    Алтындай апакемди бир жаратып,
    Бериптир ыйык кылып сени эгем.

Кыз жандап жүрсөм дагы ишти бүтүп,
    Уктабай отурасың түндү күтүп.
    Уулуңдун улгайганын эске албай,
    Жүрөсүң карысаң да мага түтүп.

Бираз күн көрбөй калсаң сагынасың,
    Уулуңа миң жалбарып жалынасың.
    Көргөндө көздөн жашың мөлт агызып,
    Кубанып дайра болуп агыласың.

Сен барда калбайт гүлүм асты солуп,
    Сен барда океандай бактым толук.
    Апаке тээк болуп жашап турчу,
    Жаркырап маңдайыма чолпон болуп.

Биз кубаттап кыйкырып шатырата кол чапканда апам ээгин көтөрүп, кирип келген уулун көрчүдөй эшик жакка мойнун буруп:

 — Балекет мээнетиңди алайын Байышым, — деди терең ыраазы болуу менен, — апасына арнап ыр жазганын кара. Ылайым эле калемиң колуңдан түшпөсүн. Бактылтуу, таалайлу бол.

Биз магнитофон аркылуу баарыбыз ырдадык. Апам да ыраазы болбгондой болду. Ыр десте ушуну менен түгүндү дегендей кылып:

 — Кана апа, кана эжеке-жезделер апамдын ден соолугу үчүн, Байыш байкемдин жакшы ыры үчүн алып жиберели, — дедим. Бирок апам менин тостумду жактабай, колдобой коомай сүйлөдү:

 — Токточу, Табыш, — деди акырын гана, — балким артында дагы бир нерсе бар чыгар. Болсо ошону угалычы, болбосо анан ичели.

Көңүл көтөрүлүп, асмандап калган рюмка апамдын аста айткан өтүнүчүнө таканч бералбай орундарына акырын келип туруп калышты. Мен кнопканы бастым. Комуз күүсү угулду. Ал акырындап, төмөндөп калганда Байыш байкемдин каргылданган үнү чыкты. Анын үнү ыйлап басылгандай туюлду. Комуз күүсү дале бир топко уланып анан:

 — Урматтуу, апа, урматтуу менин бир боорлорум атам тирүү болсо бүгүн силердин ортоңордо ойноп-күлүп олтурат эле. Байбичесинин ажарлуу жүзүнө тигилип нечен-нечен тамаша сөздөрдү айтат эле. Ал азыр жок. Анткен менен анын айтып кеткен кеби, ырдап кеткен ыры тасмада калды. Силер ушуну дагы бир жолу кайталап угуп койгула.

Атамдын атын укканда арбагы эшиктен кирип келчүүдөй баарыбыз ачык турган эшикти карадык. Апам ээгин көтөрүп, тамдын шыптысын карап тургансып көзүн алайта тиктеп сумсайды. Биз атамдын "эмне ыры болду экен?" деп ой жүгүрткөнчө магнитофондон колдураган комуздун үнү, элдин бали деп сүрөгөн үнү угулду. Ыраматылык атам ырдап атыптыр:

Ырдоодон кантип качайын,
    Алтындай сөзүм чачайын.
    Байбиче, алтымышка чыккан тоюңда,
    Көңүлүң ырдап ачайын.

Издешип жүрүп табыштык,
    Турса да жолдор тосулуп.
    Бактылуу бирге жашадык,
    Балапан кезде кошулуп.

Атамдын армандуу тарыхы эске түштү. Атам апамдан туура беш жаш улуу эле. Апам январдын башында төрөлсө, атам аягында төрөлгөн. Жаңы жылды кошпогондо бир айда экөөнүн туулган күнүн майрамдап жыргачубуз. Апам көзү көрбөй пенсияга элүү үчүндө чыкты, Атам апамды караш үчүн ал да пенсияга чыккан. Экөө эгиз козудай ээрчишип жүрөр эле. Апамдын көзү көрбөй калганга атам байкуш алынын келишинче, күчүнүн жетишинче көңүлүн көтөрүүгө аракет кылар эле. Байбичесинин алтымышка чыккан торколуу тоюнда ушул ырды ырдаган болчу. Байбичесинин тоюн өткөрүп коюп, кийинки жумада инфаркт оорусунан каза болгон. Бул ыр биз үчүн, биздин үй бүлө үчүн, апам үчүн тарыхый мааниси чоң эле. Атамдын комуз билбесе да колдуратып черткени, курдаштарынын кубатоосу менен ырдаган ыры уланып атты:

Мен жаңы чыккан акынмын,
    Асылым сага жакынмын.
    Алтындай сендей жарыма,
    Кул болууга макулмун
.

Ушул магнитафондон төгүлгөндө апамдын көрбөгөн көзү ачылып ууртуна жылмаю пайда болду. Мен бирде магнитофонго карап, бирде апама карадым.

Кийинки куплет төгүлдү:
    Жаңылса тилим күлбөгүн,
    Кайгырып кийин жүрбөгүн.
    Юбилей тоюң куттуктап,
    Чалың ырдайт билгенин.

Байбиче болгон убагың,
    Кут болсун алтымыш курагың.
    Акын болуп алдыңда,
    Аптыгып ырдап турамын.

Алтымышка толгонуң,
    Чынар терек болгонуң.
    Көзүм көрбөй калды деп,
    Көп эле капа болбогун.

Алла таала тил алса,
    Көзүң болуп берейин.
    Адамды тарткан өзүңө,
    Сөзүң болуп берейин.

Булут болуп көктөгү,
    Жамгырымды төгөйүн.
    Саамайың сылап, бетиңден,
    Сагынып күндө өбөйүн.

Шамал болуп сергитип,
    Коюнуңа кирейин.
    Кадырлаш жарым Анаргүл,
    Жаныңда эсен жүрөйүн.

Ушул куплет абага чыкканда апамдын ээк эттери кыймылдап, жаактын булчуңдары тартыла баштады. Биз бири бирибизди тиктеп сумсая түштүк. Жалаң эле апам эмес жалпыбызга таасир берди. Магнитофон эч нерседен капарсыз ыраматылык атамдын ырын эфирге чыгарып жатты:

Жайдары мүнөз өтө элек,
    Жарокер кезиң кете элек.
    Бактылуу болгун байбиче,
    Кызыңдын кызын жетелеп.

Уулуңдун көрүп урматын,
    Жүзгө чыккын ылайым.
    Жетмиш жылдык тоюңда,
    Ушинтип ырдап турсун жубайың.

Саламат болгун, сак болгун,
    Балдардын сүйгөн энеси.
    Санааңда калсын сакталып,
    Чалыңдын ырчы элеси.

Деп бүтүрүптүр. Биз магнитофондогу шатыратып чабылган колду, мактаган кыйкырыкты укпай эле апама тигилдик. Апам байкуштун азиз болгон көзүнөн жашы салаалап агып турду. Биз дагы көз жашы кылдык. Магнитофондун үнү өчүп бөлмөдө шор тартылган гана мурундун үнү угулат. Эжелерим апама билгизбеске аракет кылса да апам сезип жанында отурган мени өзүнө тартып маадайымдан сылап, бетимди жууп жаткан жашты сезе коюп:

 — Сен да ыйлап атасыңбы, жарыгым, — деди.

Мен жашыралган жокмун.

 — Ыйлап атам, — дедим апамдын мойнунан кучактап, — мен эмес баарыбыз ыйлап атабыз, апа. Атам жарыктык бул ырды сага арнап жазып, комузун колдуратып ырдаган болуп окуп берген. Аны сен көргөн эмессиң. Биз аны сага айткан эмесбиз, апа. Ошол арбагы бүгүн жаңырып жатканга баарыбыз ыйлап атабыз, апа. Байыш байкем бизди ыйлаталы деп атайы ушуну жазып берген окшойт.

 — Байкеңден айланайын, — деди апам бетимен өөп, — байкең болбосо атаңдын күкүктөй үнүн, ырдаган ырын угат белек. Менин туулган күнүмдө эскини эске салган байкеңе ырахмат. Болбосо күн өткөн сайын байкуш атаң унутулуп баратпайбы...

Эл билбесе да, бирге жашаган мен апамды жакшы билем. Ал эч качан атамды унутпайт. Эртең менен тамак ичкенден кийин кобурап ичинен куран окуп атама багыштап бата кылат. Ал турганы турган. Кээде атам түшүнө киргенде эртең менен кубаныч менен мага айтып берет. Ошенткен апам ушул. Атам уктаса түшүндө, ойгонсо эсинде.

"Кападан кийин кубанч бар" демекчи эскини эстеп, көз жашы кылып алып кнопканы бастым эле Муса Баетовтун ыры төгүлдү. Анын артынан башка ырлар чыгып шаңга шаң, күлкүгө күлкү уланды. Байыш байкемдин ыр дестеси бизди бирде ыйлатып, бирде шаңга бөлөдү...

1998-жыл

 

БАКТЫСЫ КЫЙЫЛГАН КЫЗ

Салый наркоздон кийин көптө барып ойгонду. Көзүн ачса шыптыда люмененция жарыгы күйүп туруптур. Оозунда резина түтүк, колу байлануу.

Бутун кыймылдатса ал да темир керебетке таңылуу экен. Башы каңгырап, мээнин ордуна коргошун толуп калгансып эң эле оор. Көз кыйыгын оң тарапка чаптырса оозуна түтүк тыгылып бир киши жатат, сол тарабына чаптырса ал жерде да колу-буту керебетке таңылуу бир кишинин онтогону угулат. Ак халат кийген эки адамдын карааны элес-булас көрүнөт. Кайдан келип, кантип бул жерге туш болгонуна акылы жетпей койду. Мурдунан үн салып добушун чыгарды эле:

 — Ай, Марипа тигил оорулу эсине келди окшойт, кара, — деген үн чыкты.

Башына көгүш чепчик кийген, оозуна маска тагынган сестра жетип келди. Ал Салыйдын колунан кармап, уйкунун карааны алыстай элек көзүнө сынай тигилип сурады:

 — Кандай?

Салый жаш толгон көзүн ачып — жаап тирүүлүгүн билгизип жалдырай тиктегени болбосо сөз айталган жок. Башын ийкеп белги да бере албады. Ал оорулунун оюн билгенсип сөзүн бөлүп-бөлүп тактап сүйлөдү:

 — Тынч жатыңыз, — деди сестра үнүн бийик чыгарып, -кыймылдасаңыз кан тамырдагы ийне чыгып кетет. Азыр ооздогу түтүктү алууга эрте. Алсак дем алалбай каласыз. Чыдаңыз.

Салый сестранын сөзүнөн кийин гана оң колунун вена кан тамырында ичке резинага улаштырган ийне турганын, ал аркылуу кара кочкул кан тамчылап атканын көрдү. "Ии, мага кан куюп аткан экен го?" деп ойлоп койду. Бирок эмнеге байлалуу жатканын, эмнеге кан куюп атканын түшүнбөдү. Акылы жетпейт. Ичин бирөө аттиш менен аткый кармап кысып аткансып ооруп жанын көзүнө көрсөтөт. Чыдамы кетип онтоп жиберди. Жанакы сестра жылаңач денесине жабылган шейшепти силкип таштап санына бир ийнени сайды. Арадан бир аз убакыт өтүп Салыйдын ооруган жери басылып уктап кетти. Көптөн кийин көзүн ачса эс алып, салмактанган башы жеңилдей түшүптүр. Жанакы туманданып көрүнгөн жарыктар, медициналык аппараттар даана көрүнүп калыптыр. Оозундагы түтүк жаагын карыштырып оозду же жаптырбай, же сүйлөтпөй дале турат. Шишедеги каракочкул кан штативи менен алынып кетиптир.

Бираз жаткандан кийин отуз жаш чамасындагы врач жигит келип кандын басымын өлчөп, шейшепти ачып, кескен жаратты басып көрүп:

 — Оозуңуздагы түтүктү алсам капа болбойсузбу?— деп тамашалады.

"Өлөлбай жатып өлөң айтыптыр" демекчи врачтын ушул сөзү оорулунун күлкүсүн келтирди, бирок күлмөк кайда... Терең дем алса ичин оорутуп үстүртөдөн дем алып аткан оорулу жакшылыктын кабарын укканга врачтын карегине кадалып ырайымдуу жалдырады. Ал этияттап жыландай жылмышкан резина түтүктү кекиртегинен сууруп алганда Салый көкүрөктү кере дем алып дүнүйөнүн кеңдигин сезгенсиди.

 — Кандай?— деди врач жылдыздай жымыңдап күлүп, -түтүгү жок дем алган жакшы бекен?

Оорулу бир нече ирет шуулдата дем алып аптыга сүйлөдү:

 — Жакшы эмей, агай...

 — Жакшы болсо кыймылдабай жатыңыз.

 — Суу бериңизчи?

 — Суу ичүүгө болбойт, — деди врач түшүндүрүп, -ичсеңиз кузуп коёсуз.

Кыйналсаңыз да чыдоого туура келет.

 — Мен кайдамын?

 — Сиз реанимациядасыз.

Салый бул сөздү түшүнө бербей анан барып эстеди. Катуу ооруган адамды жаткырчу, жанынан врач менен сестра кетпей такай туруп дарылоочу бөлүм экенин туюнду.

 — Бираз чыдаңыз, — деди врач, -эртең менен палатага которобуз.

 — Колумду чечип коюга болобу?

 — Болот, оонабай, ойдолобой тынч жатсаңыз...

 — Ойдолобойм, агай.

Врач оорулунун колун байлаган жипти чечип, сандан керебетке таңган сызманы тартып бекитип койду. Медиктердин "кулап кетпесин" деген пейлин, аракетин Салый да түшүндү. Оорутпаска жазаган ийнеден кийин жаны бир аз жай алып ойго кетти...

...Салый эрте жетим калды. Апасынын айтуусунда атасы жол кырсыгынан каза болуптур. Энеси жумушчу болсо да жанын үрөп бир кыз, бир уулду чоңойтту. Салый да бала кезинен камчы салдырбай, энесин сөзгө калтырбай жибектей созулуп жакшы өстү. Мектепти төрт-беш менен аяктап, жетилүү аттестатын алды. Бул энеге кубат берип кубандырды. Кайра куруу заманы келип, капиталистик доор үстөмдүк кылып жогорку окуу жайы да көпчүлүк жаштар үчүн кол жеткиз болуп калды. Кызы өзүнчө аракет кылып унувеситетке өтө албай кабагы карыш түшүп келгенде энеси Айшакан катуу кайгырды. " Атасы болсо ушул кордукту көрөт беле?" деп ичинен боздосо да сыртына чыгарбады. Айла канча, шарт ушундай Акчаң жок болсо окуй албайсың. Өкмөттүн эсебинен окуганга орун аз. Жол тийбейт.

 — Алтыным, камыкпа, — деди апасы кызын кучактап, жаш тамган бетинен өпкүлөп, -сенчилеп өтпөй калган жаштар толуп атат. Санаса сан жетпейт. Мен деле жогорку билимдүү болбосом да силерди кор кылбай жалгыз чоңойттум. Сен дагы бул жашоодон ордуңду табасың.

 — Жок, апа, — деди Салый ызалуу, -мен окушум керек. Быйыл кирбесем эмдиги жылы медициналык акедемияга кирем.

 — Кантип киресиң каралдым?

 — Иштейм. Акча чогултам.

 — Иш жок да бул шаарда. Завод, фабрика токтоп калганын көрбөй турасыңбы? Пенсияга бир жарым жыл калганда мен иштеген мекеме ана жабылат, мына жабылат деп сезибизди алып атат. Иш табыш кыйын.

 — Табам, апа, — деди Салый, -сөзсүз табам.

 — Кантип табасың?

 — Ишке орноштурчу жерге барам, иштеген мекеменин баарын кыдырам.

 — Аның ырас, — деди Айшакан кызынын сөзүнө муюп, -аракет кылса берекет болот. Аракет кылып көр. Кызыр даарып кызмат табылып калса ажеп эмес.

Арадан аз убакыт өттү. Салый ооруканага санитарка болуп орношуп иштеп жүрдү. Бир сутка иштеп, эки сутка бош. Биринчи маянасы эки ай кечигип тийди. Ал айлыгына бир аз ун, бир литр чөп май, анча-мынча картошка алып келип бош күнүндө пирожки жазап сата баштады. Алгачкы күндөрү жакшы өткөн жок. Ары-бери өтүп байкап жүргөн улгайган аял Салыйдын жанына токтоп:

 — Иш илгери Сакен!— деди.

Жалт караса өзү иштеген бөлүмдөгү медсестра аял экен. Уялып кетти.

 — Уялба, кызым, — деди сестра токтоо, -азыр уяла турган заман эмес. Андан көрөкчө айтчы, соодаң кандай?

 — Жакшы болбой атат, эже.

 — Эмнеге?

 — Билбейм, пирожкамды эл жакшы албайт.

 — Акыл айтсам угасыңбы?

 — Угам эже, — деди Салый, -сиздикин укпаганда кимдикин угам. Айтыңыз.

 — Айтсам, биринчиден пирожкаңды мындан калыңыраак жаза, ортосу дөмпөйүп турсун, экинчиден таза кийинип, идишиңди таза карма.Идиштеги пирожкиңди чаңга бастырбай целофан менен жаап ал. Ооруканадан өткөн санитарлык китепчеңди чөнтөгүңө сала жүр. Санитарлык врачтардын бири-жарымы текшерип келсе пайдасы тийет.

Салый мед сестра эжесинин айтканындай кылды. Кийинки келгенде алдына ак фартук тагынып, атайын тамак кармай турган темир кыпчуур алып, пиражкасынын бетин целофан менен жаап чыкты. Таза кийингенге анын сымбаттуу келбетине ак фартук жарашты да калды. Көп элдин ичинен ал ак кууга окшоп бөлүнүп, өзгөчөлөнүп көзгө түшүп турду. Кечеки көрүп жүргөн жанындагы аял:

 — Ие, Сакен күйөөгө тие тургансып жасанып чыгыпсың да, — деп тийишип өттү.

Салый кың дебеди. Жооп да айта албады. Анткен менен пирожки ала турган эл жабалактап алгач Салыйга келчү болушту. Мурунку өлчөмдө жазап келген пирожкасын эл заматта талап кетишет. Акчага акча, демге дем кошулуп соодасы өргө тартты. Ара-чолодо апасы да кол кабыш кылып жиберет. Салый иштегенден бери бул үй бүлө тамакты кенен жеп калышты. Акча тамчылап чогула баштады. Күн артынан күн өтүп жатты. Салый ишке барат, иштен келет. Анан эс албай камыр жууруп, пирожка жазап сатат. Тыным албасада кабагым кашым дебейт. Жакшылап кийингенге көркүнө чыгып, жүзү ачылган гүлдөй бажырайып көздүн жоосун алат. Кечээки карабай кеткен жоро-жолдоштору кайрылып келе башташты.

Бир сапар чачын кырктырып, жоон санын жаппаган көйнөк кийген сары кыз келчү болду. Андан кийин эрдин эпсиз боёгон, жолдошунан да кыска этек көйнөк кийинген, өзүн ээн эркин алып жүргөн дагы бир кыз пайда болду. Айшакан алардын тамеки тартканын көрүп Салыйдан сурады:

 — Я, кызым, тиги келип жүргөн кыска этек кыздарың ким?

 — Алар менин жолдошторум. Сарысы классташым, аты Гуля. Экинчиси Гулянын жолдошу. Назгүл. Жолдоштору аны Надя дешет. Алар да онунчу классты бүтүп бош жүрүшөт.

 — Аларың кыз башы менен, жашабай жатып тамеки тартышат экен го?

Салый "билбейм" дегендей кылып кашын серпип, ийнин куушуруп койду. Кызынын чытылган кабагынан, тырчыган кейпинен апасынын сөзү жакпайкалганы сезилди, антсе да апасы назаат сөзүн улады:

 — Келген кыздардын жүрүш-турушу мага жакпайт, — деди апасы, -тамаки тарткан жакшылыктын жышааны эмес. Алар бир күнү сени сызга отургузат. Кеч боло электе алардан оолак жүр,балам.

 — Кызыксыз, — деди Салый апасынын сөзүн жактыра бербей, -кыска көйнөк кийген азыр мода. Аны жаштар эмес токтолгон аялдар да кийип атышат.Тамекини көпчүлүк кыздар тартат, анын эмнеси жаман? Ооруса өзү ооруйт, зыян болсо өзүнө зыян...

 — Жакшы кыз эч качан тамаки тартпайт, — деди апасы өз оюн аныктап, -тамеки тартуу, сан этин көрсөтүп, эмчегин чыгарып көйнөк кийүү адепсидик. Ага окшогон кыздардан жакшылык күтүп болбойт. Ага окшогондор жашоосуна үстүртөдөн карап жеңил ойлуу келишет. Сен жакшы кыз болом десең аларга кошулба. Алардан оолак жүр.

 — Сиз да сүйлөй берет экенсиз, — деди Салый тиртиңдеп, -кыз менен жүрбө, бала менен баспа дей бериштин эмне кереги бар. Акыры мен бала эмесмин го...

 — Сен иштеп бир аз акча тапсаң эле кыйын болуп калдым деп ойлойсуң го, — деди апасы капаланып, -андай болбойт, каралдым. Жашоонун жолу өтө татаал.Кыз баланын жолуна капкан салгандар көп болот.Байка.Ошол капканга түшсөң чыга албайсың. Анда кеч болуп калат. Эмитен ойлон, кызым.

Салый оюнун оргуштаган жерине келгенде ичи ооруп, көзүнөн чаар чымын учуп онтоп жиберди. Анын бакырбаса да жан кейиткен алсыз үнүн угуп врач жанына басып келди.

 — Агай, — деди Салый врачтын керегине жашылданган көзү менен кадалып, -мага эмне операция жазашты?

 — Билбейсизби?

 — Билбейм, агай. Мага айтышкан жок.

Врач шар жооп айтпай токтоп калды. "Коркутуп аламбы" деп ачык айткандан ийменип турду. Бирок чындыкты толук айтпаса да аздап айтууга туура келди. Антпесе оорулу тынчыбасын көрүп турат.

 — Билесизби, — деди врач, -сиздин жатыныңыза операция жазашкан, бирок кандай операция, кантип жазаганын билбейм.

 — Канды эмнеге куйдуңуздар?

 — Кан көп кеткен, — деди врач түшүндүрүп, -ошол себептен кандын эретроцитарлык массасын куйдук. Бул кан табылбай жатып табылды. Бактыңыз бар экен. Калган сурооңуз болсо дарылаган доктуруңузга бересиз, азыр тынч жатыңыз. Ооруганды база турган ийне сайсын, — деп сестрага промедол дарыны сайуга буйрук берип коюп катардагы аппарат менен жазалма түрдө дем алып аткан ооруга басып кетти.

Ийне сайгандан кийин Салыйдын ооруган жери басаңдан жаны эсала түштү. Баягы эле бүтпөгөн ой, тебелеген санаанын кучагына кайра кирди.

...Бара-бара Салыйдын тааныштары көбөйө баштады. Улам бири туулган күнүнө чакырып той, тамаша да арбыды. Барган жерине кур кол барбайт. Белек берүү асеми турганы турган. "Колунда наны бар бала сүйкүмдүү" деп теңтуштарынын арасында кадыр баркка ээ болуп калды. Элчилеп кыска этек көйнөк кийип, аздап шампан ичип, шампан жок жерде виного өттү. Кээде арак, коньягын да алып жиберет. Пендечилик кылып, жаштар чогулган жерге көбүрөөк барып, көңүл ачууну эңсейт. Ушул ой барган сайын басымдуулук кылып, денесине кан менен тарап жатканын туйса да ага анчалык маани берген жок.

Бир сапар көчөнүн боюнда пирожкасын сатып турса Гуля, Наташа жигитери менен шарактап келип калышты. Кызуу экен. Экөөнү тааныйт, алар тиги кыздардын жигиттери. Үчүнчүсүн биринчи көрүп олтурат. Ал орто бойлуу, чачы сары, кырдач мурун, көзү көгүш жигит экен.

 — Жигиттер ашык болуп жүргөн Салый деген сулуу кызыбыз ушул, — деди Гуля адатынча ыржалактап күлүп, -таанышып коюңуз!

 — Таанышканга бирдеме дейт бекен?— деди Наташа жиреп.

 — Албетте бирдеме дейт да, — деди Гуля, -ал жаатынан камсанабаңыз. Биздин жигит деген жөнөкөй жигит эмес, супер жигит.

Баары каткырып күлүп көчөнү шаңга бөлөдү. Кыз-жигиттер тегеректеп шаракташканда Салыйдын тааныштары, жанында туруп соода кылгандар да көңүл бөлүп карап калышты. Көк көз жигит:

 — Саламатсызбы, карындаш. Таанышып коёлу, менин атым Мукаш, — деп колун сунду. Салый негедир өзүн оңтойсуз сезип, "эл эмне дээр экен" деген ой менен туштарапка көз кыйыгын чаптырып уяңкырады.

 — Ай, бийкеч маалкатпай колуң берип, атыңды айтып кой, — деди Гуля.

Салый түшкөн кирпигин көтөрө албай колун сунуп атын айтты. Мукаш кыздын назик колун кармап силкип-силкип койду да:

 — Таанышкандык үчүн, Салый үчүн шампандан салют бергиле!!— деди.

Наташа менен Гуля каткырык сүрөөндүн коштоосу менен сумкаларындагы шампанды алып чыгып биринин артынан бирин тарс-тарс дегизе ачып жигиттер камдап турган стакандарга көбүртүп-жабыртып куйду. Өздөрү ичип, Салыйдын жанындагыларга да куюп ичиришти. Бул өзү Салыйдын соболосун көтөрүп кетти, бирок өзү негедир шарактаган жаштардын тамашасынан канаттанууну сезген жок. Булар жаңы жигитти жаңыча, шаңдуу атайы тааныштырганын туюп тим болду.

Мына ушундан кийин алардын тобуна ушул көк көз жигит пайда болду. Анын оргу-баргы мамлесине, ажыкыс мүнөсүнө Салый да көнүп кетти. Ырдап, бийлешти. Бирок Мукаш канчалык жабышса да Салый боюн салган жок. Ал оюн-тамашадан ажыкыстанып бетинен өпкөнү болбосо, кучактатып бооруна тарттырбады. Анын акча тапкычтыгын, майда бизнесте иштегенин мактап арага Гуля түшсө да аны менен ачылып сүйлөшүүгө дити барбады. Негедир жүрөгүнүн тереңинен аны сыйлабагандыктын туманы кетпей туруп алды.

Таанышкандан кийин арадан эки ай өтүп кетти. Эл күткөн май айы келип бак— дарактар жашыл көйнөк кийип, жер бети ар түрлүү гүлгө саймаланды. Кайда барбагын аба атыр жыттанып көңүл көтөрүлүп, жүрөк дегдейт.Канаттуунун сайраганы, куушуп ойногону ааламда албан өзгөрүш болуп жатканын сездирбей койбойт.

Салый биринчи май күнү пирожкасын арбын бышырып алып элдин көп жүргөн жерине барды. Соодасы жакшы болду. Чаканын түбүндө анча-мынча калганда эски жолдоштору келип калды.

 — Май майрамыңыз менен куттуктайм Сакиш, — деди Мукаш биринчи болуп, — ушул май айындай жадырап-жайнап жаш болуп турууңузду калайм, — деп колун сунду. Салый да кол алышып куттуктоо сөзүн айтты.

 — Издебеген жерибиз калган жок, — деди Гуля Салыйдын бетинен өөп, — эски саткан жериңе да бардык, үйүңө да бардык. Барбаган жерибиз калган жок. Жок дегенде ушул улуу күндө, майрамда соодаңды токтото турсаң боло.

 — Бүгүн сатуучу да көп, алуучу да көп— деди Салый айтылган сөзгө ичинен териксе да сыр билгизбей, -иштей турган күн.

Гулянын сөзү Салыйдын жарасын чукуп өткөнүн билген Мукаш алжактап күлүп:

 — Салый туура айтат, бүгүн сооданын күнү. Жакшы иштесе жөнөкөй күндүн он күндүгүн бир күндө таап алат. Андан көрөкчө Сакиштин табарын сатууга жардамдашалы. Бүткөндөн кийин чогуу майрамдайбыз, — деди.

 — Туура, — деди Гуля, — мактап башта!

 — Ысык, пирожка! Жаңы пирожка! Арзан пиражка! Жеген дагы арманда, жебеген да арманда. Алгыла! Арманда калбагыла!— деп Мукаш кыйкыра баштады. "Сүрөөн жарашса, баспаган ат чуркайт" болуп эл мурункудан да көбөйүп, дөөмөт күтүп ала баштады. Чаканын белинен ылдый калган пирожканы тез эле талап кетишти. Тавары өткөнгө Салый да кубанып калды. Үйүнө барып, майрамдык киймин кийинип жолдоштору менен талаага чыгып кетишти.

Акыйкатта майрам ойдогудай болду. Көйкөлгөн көк чөп, жайнаган гүл көңүлдөгү кирди жууп агартып жиберди. Кечээки көр оокат ойдон чыгып ойноп күлүштү. Гуля менен Наташанын жигиттери кыздарына демейдегиден сүйкүмдүү мамле кылышса, көзү көк, чачы сары Мукаш Салыйдын жанынан чыккан жок. Баарлык учурда кошомат кылып, жагынууга аракет кылды. Салый да адатынча алыстатпай кыз кылыгын көрсөтүп, көңүлүн көтөрүп курсант кылды.

Мукаш кызып калган. Гуля менен Наташа жигиттери менен жетелешип бак аралап кеткенде Мукаш Салыйдын колунан кармап сурады:

 — Сакиш, айталбай жүргөн сөзүм бар, ошону айтсам угасыңбы?

Салый шампан ичип, көңүлү көтөрүлүп турса да Мукаштын оюн, эмне айтарын ойноктогон көзүнөн эле сезди. Аны кагажылатып басып кетүүнү өөн көрүп баш ийкеди:

 — Айтыңыз, угайын.

 — Сакиш, — деди Мукаш Салыйдын колун чоп дегизип өөп, -сен макул десең эки тукур, бир бакыр болуп баш кошуп оокат кылалы. Эмки жумада мен сени бөктөрүп айылга алып кетейин. Макулсуңбу?

Салый билсе да, ушул сөздү айтарын күтсө да жүрөгү опколжуп коркуп кетти. Сүйбөгөн жигит менен качып кетүүнү ойломок түгүл, түшүнө да кирген эмес.

 — Азыр ачык айта албайм, — деди Салый жооткотуп, -көрүшөлү.

 — Жок, азыр айт. Же бар, же жок де!

 — Айта албайм, Мукаш. Ойлонушум керек, макулдашышым керек.

 — Ким менен акылдаашарыңды өзүң бил, — деди Мукаш ажыкыстанып, -эмки жумада баары бир алакачып кетем. Көрөсүң го...

Арадан аз убакыт өткөндө кошоктошкон кыз-жигиттер да келип калышты. Жакшы сөз, жагымдуу тост айтылып ичкилик кайра уланды. Мукаш Салыйдын шампанына аздап арак кошуп берип жатты. Күн кечтеп калганда кызып алышкан кыз-жигиттер Гуляныкына жөнөштү. Ичкилик суудай агып, бийден үй титиреди. Улам жаңылап тост айтылып, улам ичип, улам бийлеп атышты.Барган сайын Салыйдын алы кетип, буту бүктөлүп, айлана кошо бийлеп калды. Ошол учурда Гуля, Наташа келип бир стакан арак кошкон ачуу винону зордоп ичиришти. Мына ушундан кийин эс учун жоготуп уктап калыптыр. Эртең менен ойгонсо баары жерге салынган төшөктө катары менен жылаңач жатышат. Өзү да энеден туулма болуп Мукаштын жанында жатыптыр.

 — Вино ичпей атамдын канын ичип калсамчы, — деди Салый капалуу кобурап, -ит болгон экемин. Абиримди төккөн экен, түбүмө жеткен экен, көккөз шүмшүк.

Салый киймин таап кийинип алып сыртка чыкса алгачкы автобуздар жүрүп калыптыр...

Салыйдын ою ушул жерге такалганда көңүлү караңгылап, кулагы чуулдап, жер көчүп, биртоптон кийин басылды. Өзүнө жаңы эле келгенде эки санитарка каталка арабаны сүйрөп келип ошого жаткызып палатага алып жөнөштү. Каталкада чайпалып баратып өткөн тагдырын ойлойт, анысы туманданып бири келип бири кеткенсийт. Антсе да орчундуу окуя эсинде...

Салый үйгө түйтүйүп киргенде эле кызынын авалын эненин жүрөгү дароо сезди, бирок батынып сурай албай, башына келген жаман ойду айта албай күйпөлөктөп:

 — Сакинтай, эмне болду? Өңүң жаман, бир жериң ооруган жокбу?— деп тынчсызданды. Бирок Салый бети чыдап энесине ачыла албады, "Ооруган жерим жок, уктабаганга саал кыйналып турум. Пирожкага камыр жууруйун деп эрте келдим" деп калпты кашкайта айтты. Бирок энеси негедир ишенген жок. "бир кырсыкка кептелген го?" деген күдүк ой жүрөгүн мыжып кала берди.

Май майрамдан кийин шамал учуруп кеткенсип баякы ичкилик ичкен жолдошторунун бири келбеди. Өзү издеп барбады. Арадан он күн өткөндөн кийин Гуля кездешти эле Салый айтпаганды айтып коёберди. Мына ушундан кийин жан менен катташпай, жакындашпай жалгыз жүрдү, бирок тамака табити тартпай, ичсе жүрөгү айланып кыйналды. Анын баарын жетишпеген оокатка чегерип тынбай иштей берди. Бир күнү апасы Салиманы көңүл коюп тиктеп туруп сурады:

 — Сакинтай, бир жериң оорубайбы?

 — Жок, апа.

 — Тамактын жыты жүрөгүңдү айландырабы?

 — Айландырат. Тамак ичким келбейт?

 — Этек кириң жайындабы, кызым?

 — Жайында эмес, апа, — деди Салый, — этек киримди көрбөгөнгө үч айдан ашык убакыт өттү.

 — Мен билгем, — деди Салыйдын апасы туталанып, -"этегиң жайылып" калганда эле шектенгем. Алиги таң атпай келген түнү бир балээ болгонун сезгем. Айт чыныңды жашырбай, ошондо эмне болду эле?

Салый айласыз баарын айтты. Ким менен болгонун, ким менен ичкенин жашырган жок.

 — Ошол сени жылаңачтаган жигит кайда?

 — Ошондон кийин көргөн жокмун.

 — Бир да кайрылып келген жокбу?

 — Келген жок.

 — "Ак көңүлдүн аты арыбайт" деген ушул. Эртең доктурга баргын. Боюңдагынын канча ай болуп калганын билгин. Боюңда болсо жанакыкөк көз желмогузга барып айткын. Балаңды энеңдин төрүндө төрөбөй эриңдин төрүндө төрөгүн.

Ушул сөздү укканда Салыйдын башына чагылгандын огу тийгендей болду. Ошондо гана бир түндө абирии гана төгүлбөй бойго да бүтүп калышы мүмкүн экенин туйду. Эртеси аялдар доктуруна барса: "Боюңда бар, төрт айга жакындап калыптыр" деген сөздү укту. Аборт жазатайын десе"Бала чоңоюп калды, алууга болбойт"деген жоопту айтышты.

Салый көк көз жигитти издеп баргандан намыстанды. Өлсө да ошол көк көз жигиттин көзүн, кебете-кепширин көрбөй өлгүсү келди. Ары ойлонуп, бери ойлонуп өзүнчө дарылаган доктурга барып, акчасын төлөп аборт жазатып үйгө машина менен келип түштү. Энеси жок экен.Керебетине барып сулады. Бирок кан токтогон жок, эң мурун шейшепти өзү которгонго үлгүрсө, кийин алы келбей солуп жатты. Бара-бара үй караңгылап көзү жумулду.

Салый мына ушуну гана билет. Башкасын билбейт. Палатага апкелип керебетке жаткыргандан кийин улгайып калган аял доктор келип көрдү. Салый жүлүнгө сайылып жүдөткөн суроосун берди:

 — Доктур, мага эмне болду? Эмне үчүн операция жазадыңыздар?

Врач Салыйдын саамайынан сылап:

 — Кызым бир ажалдан калдың, — деди, -бирок энелик касиетиңден айрылдың.

 — Эмне үчүн?

 — Аборт жазаганда жатының тешилип кан көп кетиптир. Жаныңды сакташ үчүн жатыныңды алып таштоого туура келди.

 — Эми төрөбөймүнбү?

 — Күйөөгө чыксаң болот, бирок төрөбөйсүң. Өз бактыңды өзүң кыя чаптың, кызым. Бул бактысыздыка билип туруп бардың. Жок дээрсиң, танаарсың, андай эмес. Ичкилик ичкен кыздын бактысы ушинтип тайкы болот. Экинчиси бойдогу бала чоңоюп калган соң аборт жазоого болбойт, аны билип туруп, врачтын айтканын аткарбай ага да бардың. Дагы жакшы, апаң жумуштан эрте келип медициналык тез жардам чакырыптыр, болбосо сен бул жарык дүйнө менен алдакачан коштошмоксуң. Аял ар качан этият болуш керек, болбосо анын жоосу көп. Сүйүүнү байкап сүйүп, ойноп-күлүүнүн да жолун, шартын билиш керек кыз бала. Ар нерсенин чеги бар, кызым...

 Салый врачтын сөзүн дем тартпай укту. Апасынын айтканын эстеди, бирок айтылган кеңешти аткарбагандыгынын азабын тартканын сезди.Азыр кеч болуп калды. Улутунуп, үшкүрүп « энөөлүгүмөн,эссиздигимен Алла таала аялга берген бактыдан айрылган экемин» деп ичтен сызып тим болду...

 

АТАНЫН КЕРЭЭЗИ 

Күн бешим болуп, аба салкын тартып калган. Көптөн бери ооруп төшөктө жаткан Муратбек карыя үн катып чакырууга дарманы келбей жанында турган чыныны калай кашык менен каңгыратты эле залда телевизор көрүп отурган тестияр небереси чуркап келди. Өң түздөн кетип, эриндери көгөргөн чоң атасын көрүп бозогону аттар менен селейип токтоп калды. Карыя алсыз колун көтөрүп, сөөмөйүн кыймылдатып "бери кел!" деп жаңсаганда небереси жанына коомай келип токтоп, оорулунун анда — санда ирмелген көзүнө тигилди. Чоң атасы ыкшып жөтөлүп араң дегенде "атаң кайда?" деп сураганга алы келди.

Шаарда туулуп өскөн небереси чоң атасынын айткан сөзүнө түшүнбөй шишиген көзүнө тигилип дудук болуп жалдырады. Өлөр алдында небереси менен өз тилинде сүйлөшө албаганга чоң атасынын өзөгү өрттөнүп, оозу кургап, деми кыстыгып үнү киркиреп чыкты:

 — Дочинка, где папа? Срачно позави! — деди карыя.

Небереси байлоодон бошонгон музоодой папасын чакырганы таскактап чуркап кетти. Өмүрү өчүп бараткан карыя уулу менен сүйлөшкүсү, акыркы сөзүн айткысы келди.

Муратбек карыя жогорку билимдүү. Кыргыз унверситинин тарых факултетин бүткөн. Билим берүү тармагында өмүр бою иштеп келген. Катардагы мугалимдиктен баштап, мектептин директорлугуна көтөрүлүп, бир нече жыл РАЙОНОнун башчысы болуп иштеди. Унверстеттеги окуганын эсептебегенде элүү беш жыл эмгектенип жакшылык, жамандыкты башынан өткөргөн кыраакы адам. Эки ордендин, бир нече медалдын ээси.Эми жүрөгү ооруп, буту жоон санына чейин шишип чыккан Доктурга көрүнсө "карылыктан пайда болгон жүрөктүн өнөкөт оорусу" деген. Бул оорудан айыгарына көзү жетпеген карыя азыр өз үйүндө, өлөң төшөгүндө жатат. Жаны кыйналып, түз жата албай аркасына төрт жаздык койгузуп, ийнинен дем алып энтигип отурат. Атасынын оорусу катуулаганда, "адам болбосун" доктурдан укканда уулу Арстанбек отпуска алып, үй бүлөсү менен үстүндө. Эскирген эшик кыйч эткенде Муратбек жумган көзүн ачты. Кирип келген кишинин өңү түзүн ажырата албай, ким экенин тааный албай сейрек кирпигин кайра-кайра ирмеп тиктеп калды. Бирок тунарыктаган көзү ачылар эмес. Агы да боз, көгү да боз, айтор айлана бүт боз тартып туруп алды. Атасынын тилсиз жалдырап тиктеп калганынан Арстанбек чочуркап жанына келип:

 — Ата, эмне болду, бир жериңиз ооруп атабы? — деди.

Атасы уулун үңүлө тиктеп, тунарган көзүн айнекти сүрткөнсүп бетарчысы менен кайра-кайра сүртүп алды да:

 — Келдиңби, балам? — деди.

 — Келдим, — деди Арстанбек, бир нерседен шектенгендей.

 — Келсең жакшы болуптур, — деди атасы, -аркы кардиамин деген дарыдан бир чай кашык куй, анан бир чыны кымыз апкел.

Арстанбек атасына суроолу тиктеди, анткени доктор кардиамин деген дарыны он беш тамчыдан күнүнө үч мертебе бер, кымызды ичирбегиле ансыз да денеси сууга толуп шишип атат деген.

Уулунун коркуп, таң калганын көзүнөн байкаган кыраакы карыя өктөм үн катты:

 — Коркпо, балам, — деди Муратбек күрсө-күрсө жөтөлүп, -кардиаминди көптөн бери ичип сырын билем, бир чай кашыктан ууланбайм. Оорумдан өлсөм өлөм, бирок ал дарыдан өлбөйм. Ал мага көптүк кылбайт. Менин өмүрүм мөрөгө жетип калды. Күчтөп дары ичип, ал күчүмдү жыйып сага айтарымды айтып калайын. Апкел балам, коркпо!

Арстанбек атасынын айтканын аткарды. Дарыны ичип, чыныдагы кымызды калтырбай жутуп жиберди. Бир аз шалдырап жаткандан кийин карыянын авалы оңолуп, денеси жеңилдеп, тунарган көзү ачылып айлана тунук көрүнө түштү. Ал туруп турган уулуна тигиле карап алды да:

 — Отур балам, мен жашаарымды жашадым. Табихаттын заңы боюнча силер менен коштошоор мезгил келди. Бул менин тагдырым. Тагдырдан качып болбойт. Көзүмдүн тирүүсүндө, күчүмдүн барында сага айтаар керээзимди айтайын, — деди карыя.

Арстанбек атасынын оозунан керээз айтарын укканда жүрөгү дүпүл согуп, кулагы чуулдап, денесин майда калтырак басып чыкты. "Асыл атамдан айрылат экемин" деген ой башына келе түштү. Атасынын тер жыттанган мойнунан кучактап, кыл баскан бетинен, көгөргөн эрдинен өпкүлөп жиберди.

 — Антпечи ата, — деди Арстанбек жашып, -сен өлбөйсүң. Дагы жашайсың. Дагы көп жылга чейин бизге туу болуп туруп бересиң!

Бул жарык дүйнөдөн кетиш, эл журттан түбөлүк бөлүнүш ар бир адам үчүн кыйынга турары жашыруун сыр эмес дечи, бирок Муратбек карыя ага бел байлап койгон. Кара ашына соёр малын, кант, чайына чейин алдырып даярдаткан. Ал түгүл мындан бир ай мурун туулган күнүнө шылтоолоп жакындарын, балдарын, неберелерин бүт чакырып сыйлаган. Анда ага туугандары Муратбек карыя менен акыркы жолу кездешип, коштошуп атканын билишкен эмес, бирок Муратбек карыя сыр алдырбай коштошуп, адатынча акыл сөзүн айтып, көчөгө чейин узатып чыккан. Алар узап кеткенче кол булгап карап турган. Ошол кайратту адам эми уулу жашыганда пендечилик кылып муун-жүүнү бошоп барып токтоду. Сыр алдырган жок.

 — Отур балам, — деди Муратбек карыя карегин чайыган жашты билгизбей кургатып, -жакыныраак отур. Мезгил келгенде ажал сенден да, менден да сурабайт. Алар жанын алып тынат. Ага чейин ата-бала болуп азыраак маектешели. Сөзүм бурба, тоскоолдук кылба. Алым барында айтарымды айтып калайын.

Арстанбек орунтукту алып, керебетке такай коюп отуруп атасынын оозун тиктеди. Муратбек карыя жөтөлүп, ийнинен терең дем алып алды да:

 — Балам, биз социализм доорунда жашадык, — деди каргылданган үн менен, -бул доор бизге окшогон майда улуттун, кедей-кембагалдын бактысына жаралган. Башкасын айтпаганда да көчмөн кыргыз элин үйлүү, жайлуу, билимдүү, илимдүү кылды. Ат ордуна машина мингизди, бирок алгачкы демократия жоюлуп өз оюңду айтсаң, өкмөттүн жетишбеген жагын сынга алсаң, орус болуп бараткан балдарыңды кыргыз болсун, кыргызча сүйдөсүн деп далаалат кылсаң улутчулсуң деп тырпыратып баса калчу. Баякы Сталиндин тушундагы куугун сүргүн, күнөөсүз камалып, айыпсыз атылгандан кийин бир да адам баш көтөрүп сөз айталбай калган. Улуу калктын төбөлдөрүнүн ынтымагы жогунан СССР тигишинен сөгүлүп ар бир республика өзүнчө мамлекет болду. Демократиянын касиети менен кан төгүлбөй, кыргын болбой өзүбүзчө мамлекет болуш бул майда улуттун бактысы. Азыр ар ким өзү билгенди кылат, кандай кааласа ошондой сүйлөйт, бирок демократия деп даалдай бербей өз улутунун, өз мамлекетинин өзүшүнө өнүгүшүнө кам көрүш керек.

Кария сүйлөгөнгө чарчап энтигип чыкты. Бир аз дем алып оңдонуп отуруп:

 — Балам угуп тур, кааласаң жазып ал, — деди.

Арстанбек үстөлдүн тартмасынан дептер, калемсабын алганда атасы бирде энтигип, бирде ыкшып жөтөлүп токтоп-токтоп сүйлөп кирди:

 — Балам, адам бол, бирөөнүн ийгилигине, байлыгына ичи тарлык кылба.

Элде болсо сенде болот. "Жалгыз жүрүп жол тапканча, көп менен жүрүп адаш" деген макал бар, жалпы элдин жакшы жашашына көмөктөш бол.

Бай болууга, бар болууга аракет кыл. Бай адам жакынына, ошондой эле жалпы элге көбүрөөк пайдасы тиерин унутпа.

Болгонго каниет кыл, бирок жетишкенге желпинип колуңду куушуруп отуруп калба. Аракет кылсаң малга мал, жанга жан кошулат.

Бул жарык дүнөдөгү баарлык нерсе адам үчүн жаралган. Аларды алып өзүнүн жана улуттун кызыкчылыгы үчүн пайдалануу ар бир инсандын милдети, бирок көбүн алам деп азынан кур калба.

Баарлык проблеманы бир күндө чечүүгө болбойт. Бул жарык дүйнөдө көп жылдап чечилүүчү проблема чачтан көп. Ага элге багыт берген, жол көрсөткөн, улуттун уюткусу болчу акылдуу адам керек. Ар нерсенин өз убактысы, өз мезгили бар. Андыктан шашпа, шашкан шайтандын иши, балам.

Ар ишке чыдамдуу болуп чыдап күткөнгө үйрөн, мезгил келгенде сенден качкан дөөлөт ээсин тапкан малга окшоп айланып өзү келет.

Ар нерсенин алдын ала кара. Жеңишке өлүп жетпей тирүүңдө жет. Жеткен ийгиликтин пайдасын көр. Сен көз жумганда сенин ийгилигиң, байлыгың балдарыңа, неберелериңе каларын, алар сенин тирүүңдөгү тапкан дүйнөң менен, артыңда калган аброюң менен жакшы жашаарын, сенин ишиңди, идеяңды улантарын унутпа.

Балам, турмушуңдагы көргөн окуяңды эске сакта. Ал кайталанса бекеринен болбосун эсиңе ал. Ойлон, анализде, андан тыянак чыгар. Жакшы болсо жакта жардамдаш, жаман болсо аны токтотууга аракет кыл. Сен бир кетирен каталыгыңды экинчи кайталаба.

Жаңжалга жакын болбо. Эки адам урушса орточу бол. Муну менен эки кишинин көңүлүн аласың, алсыздын сообуна каласың. Тынчтыкка салым кошосуң. Тынчтык бар жерде ырыс уялайт, тукуму өзөт.

Болбогон ишке чыр салуу, кыйкырып чуу чыгаруу ал адамдын кыялынын кырстыгы, оройлугу, өзүнүн албуутугу. Кыялын башкара албаган адам жакшы болсо да жаман. Жаман каап сүйлөйт, жакшы таап сүйлөйт, балам.

Чыр чатакка чыдабай, күнүмдүк оор турмушту көтөрө албай, бирөөгө эрегишип өлүмгө өзүң барба. Өлгөндүн өз шору. Сен өлсөң жер огунан жылып кетпейт, сен болбосоң да турмуш аккан дайрадай ага берет, өмүр өз нугу менен өтө берет, бирок артта калган балдарыңа, жакындарыңа кыйын болот.

Жаңы күн келсе — жаңы ой, жаңы проблемма жаралат. Мезгил өзгөрсө эл өзгөрөт. Сен эски оюңдун этегине жармашпай, мезгилдин этегин карма. Жаңы талап менен жаша. Сен мунуң менен улуттун тез өнүгүшүнө, маданияттуу өзүшүнө жардамдаш болосуң.

Балам, башчы болуш оңой, балбан тууганың болсо оор ташты көтөрүп койгондой эле ишке коё салат, бирок эл башкарыш кыйын. Эл мүдөөсүн билбеген, мактанып сүйлөгөн адамдан түңүл. Өзү үчүн өгүздөй күчүн жумшап өзгө үчүн эч ойлонбогон адам улутка жакшылык кылбайт, жолдош да болуп жарытпайт. Андайдын барынан жогу.

Адам адашса өз башына, жетекчи адашса эл башына. Жетекчи иште болсоң ар бир ишти миң ойлонуп бир чеч. Сенин чечимиң,баштаган багытың элиңе жакшылык алып келсин.

Акылы кем өз оюн өзгөгө бербей, айтканынан кайтпай, өжөрлүгү менен ишти бузат. Андай кыялдан алыс бол. Адамдын акылы алган тажыйбасына байланыштуу. Акылдуу адам ал акылды элден алып, элге берет. Дипломатиялык, чеберчилик мүнөз ишкер адамдын негизги куралы.

Иштен коркпо, ишсиз калгандан корк. Эмгек менен өзүң байып, элдин байышына салымың кош. Байлыкты элдин кызыкчылыгына жумшап, улутуңдун баркын көтөр. Бай улутту башка эл сыйлайт, аны менен акылдашат Байлыгы жок улут башка элге кул, көзкаранды. Элинин этеги тизесине жетпей колу ашка жетпей кор болот. Өтө кедей акылсыздыктын белгиси. Акылдуу адам ар дайым жакшы жашарын унутпа.

Жашоо күрөш, жаратылыш ырайымсыз. Жаратылыш менен күрөшө билбеген адамга бул жарык дүйнөдөн орун жок. Ар бир адам, ар бир улут өзүн сактап калуунун камын көрүү мыйзам ченемдүүлүк. Андыктын талыкпай аракет кылыш керек. Улуттук маселени ишке ашырганга улут үчүн күйүп бышкан дили таза, акылдуу, билимдүү, маданияттуу жетекчи керек. Жетекчи уюштура билсе, эл мүдөөсүн түшүнө билсе эл аны колдору шексиз.

Сен өзүң үчүн карыз сурасаң бааң түшөт, эл үчүн карыз сурасаң баркың өзөт. Карыз алган акчаны арам жемсөөлөргө жедирбей улуттун кызыкчылыгына жумшаш жетекчинин кыраакылыгына, колунун тазалыгына байланыштуу. Башчы адамдын калыс болгону баарлык элдин бактысы.

Балам, "карапайым адаммын, колуман эмне келет" деп кор тутпа өзүңдү. Сен чоң күчсүң. Имарат бир кирпичтен тургандай биримдик да бир кишиден курулат. Эң мурун өзүңдү, анан балдарыңды биримдикке тарбияла. Балдарыңа кичинесинен улутуңдун салтын, сыйчылдыгын, баалулугун, кеменгерлигин , артыкчылыгын үйрөт. Сезимине сиңир. Ар бир адамдын жүрөгүндө улуттун кызыкчылыгы ойноп турса бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарыш оңой. Ансыз аз улут, көп улутка жем болорун унутпа.

Сен элиңдин көрүнүктүү адамы экениң дайыма эсте турсун. Колуңдан келишинче, акылыңдын жетишинче иште, болбогонду болтурууга аракет кыл.

Сен сайган чырпык кийин чынар терек болуп көлөкө берет. Ал көлөкөдө элиң көлөкөлөйт, эл менен бирге сенин балдарың,небере, чөбөрөлөрүң да көлөкөлөйт. Бул жашоо, бул дүнүйө ушундай, атадан балага өтүүчү мурас.

Жашаган адам жарала элек наристеге кам көрүү парс. Бул эч качан бүтпөйт, бул чексиздик. Акыр кыяматка чейин бул салт кала берет…

Тарыхы жок эл болбойт. Эгерде тарых ар түрлүү жагдай менен учурунда айтылбай, жазылбай калса аны толуктоо, чындыкка чыгаруу кийинки муундардын, илимпоздордун милдети. Аз калк эң мурун тарыхынан ажырап, анан тилинен ажырап, кийин салтынан ажырап жок болуп кеткени белгилүү. Улутумду сактайм десең дилиңди да, тилиңди да, салтыңды да сактоого күрөшкүн. Өзүң үлгү бол. Мына шаардык жаштарды алалы, алардын көпчүлүгү иште да, көчөдө да, үйдө да өз тилинде сүйлөшпөйт. Ал эми алардын балдары кыргыз тилин такыр билбей калышты. Буга ким күнөөлү? Албетте буга өз тилинин өнүгүшүнө шарт түзбөгөн мамлекет күнөөлү, бирок орчундуу факторду айтпай коюш калыстыкка жатпайт. Тумандатпай ачыгын айтсак өз баласын өз эне тилинде сүйлөтпөгөн ата-эне жалаң эле күнөөлү эмес, ал улутуна чыккынчы деп айтсак жаңылыштык болбойт. Алар балдарынын, улутунун келечегине, өнүп өзүшүнө карбагандар. Карды кампайганга каниет кылып кара күчкө каткырып жашагандар. Кандай гана шартта болбосун бала эне тили менен оосанып, эне тилин сүйлөп чоңоюш керек. Мектепте башка тилде окуп, улуттук адабияттык тилге алы келбесе да, адабият китепти чайналып окуса да турмуштагы келди-кетти сөздү билиш ар бир инсанга парс. Өз улутнун тилин билбеген өзгө улуттун дилине тез эле багынып берери жашыруун сыр эмес. Балаңды өз тилинде так сүйлөтүп, башка элдин тилин да билүүгө үйрөт. Балдарың кош тилдүү болуп чоңойсо бул ата-эненин, улуттун сыймыгы, балам.

Улутум өзсүн десең бири бириңерди колдогула, жаман көрсөң да бири бириңерге жардам бергиле. Өлсөң да өз улутуң аруу жууп, ак кепиндеп көмөрүн жадыңдан чыгарба, балам.

Ата бабабыз тилин, улутун кан төгүп салгылашып жүрүп сактап келген. Сен ал тарыхты билип, сен аны өркүндөтүшүң керек. Бүгүнкү доордо радио, телекөрсөтүү, газет, журнал эң күчтүү курал. Аны пайдаланып улутту тарбиялоо, биримдикке үндөө бүгүнкү муундардын милдети. Улуттук идиология болбосо жаштар башка агымга түшүп, башка динге кирип кеткенин көрүп билип турасыңар.

Улуттун күчү биримдикте. Бүгүн ал жардам берсе, эртең сен жардам бересиң. Кыргыз элинде "ашар" ыкмасы менен иштөө, башыңа оор иш түшкөндө чогулуп жардам берүү биримдиктин белгиси. Бул ата-бабанын салтын өөрчүтүү, улантуу, мезгилдин талабы.

Санжырада көптөгөн майда улут чоң улуттун арасына сиңип өзүнөн өзү жок болуп кеткени айтылат. Кыргыз эли аз калк. Туш тарабы чоң өлкөлөр менен, калкы көп улуттар менен чектеш. Андыктан алар ар түрлүү шылтоолор менен акырындап кирип түбөлүккө орун очок алышынан сактаныш азыркы мамлекет жетекчилеринин, ошондой эле жалпы элдин милдети. Чоочун улутту көбөйтүп алып анын тепсендисинде кайра өзү калыштан сактаныш керек!

Ар бир адамдын ишинен, сөзүнөн, жүрүш турушунан маданияттуулун, улутка канча таасири тийерин байкоого болот. Сен ошол адамдын жакшы жагын үйрөн, аны башкага үйрөт. Улуттун маданиятуулугу өзсө ой да, сый да өзөт. Мамле жакшырат.

Бирөөнүн оюн, аракетин түшүнө бил. Жакшы болсо, улутуңа пайдасы тийсе ал ойду баарлык жагынан колдо.

Эски муундун кадры эстафетасын кийинки муунга өткөрүп бериш мыйзам ченемдүү. Ал мезгил келбей койбойт. Келет. Бирок сен ошол эстафетаны кантип өткөрөсүң ошону ойлонушуң өтө маанилү. Ар бир инсандын тирүүсүндөгү эмгеги кийинки муунга өрнөк болот. Тургузган имараттарың кулап жыгылганча эстелик болот. Улуттук эстафетанын касиети мына ушунда Жаңы муундун адамы эски муундун адамына караганда күчтүү, акылдуу болору шексиз. Анткени жыл жылган сайын илим жогорулап,техника өзүп,адамдын сезими өзүп, жашоонун талабы да татаалдашат. Коом канчалык күчтүү болсо адам да шартка жараша такшалып цвилизация да өзгөрөт.

Ар бир доор аккан дайрадай өзгөрүп турат. Жаңы доорго жараша жаңы илим, жаңы техника жаралат. Акыл өзгөрөт, талап татаалдайт. Бүгүнкү муун мурунку муундан кабыл алган байлыкты сактап, аны көбөйтүп, жакшыртып кийинки муунга өткөрүп бериш ар бир инсандын милдети.

Демократиянын да ченеми бар. Ар бир иш улут башчысынын көз алдында болушу зарыл. Эл эч качан чаржайыт, өзүм билемдиктин агымына түшпөс керек. Жаман жакка багыт алган иш көбөйө электе, тамырын жая электе токтотуш, пайдалуу жакка багыт бериш кыраакы жетекчинин милдети.

Улутуңдан кадр даярдаган негизки милдетим деп ойло. Кадр улуттун келечеги. Өз улутуңдан кадр болсо ал эч качан, эч жакка кетпейт. Өлсө сөөгү да, өрнөгү да өз жеринде калат.

Киндик кан тамган жер ар бир адам үчүн ыйык, аны душмандан коргош ар бир инсан үчүн парс жана даңк!

Тажырибасы жок адамдан жакшы ишти күтпө. Кадрды тарбиялаш керек. Өзө турган, келечеги бар акылдуу жаш муундарды колдоо, аны жаш кезинен жоопту кызматка коюп, төмөнтөн өйдө иштетип үйрөтүү, такшалтуу улуттун милдети. Жакыным деп, досум деп, таанышым деп такшалбаган, иш билбеген начар кадрды жоопту кызматка коюш өзүмчүлдүк, улуттун кызыкчылыгын ойлобогондук, ачыгын айтса акылсыздык!

Мамлекет башында туруп кадр тандай албаган, өз улутун өзгө улуттан кем көргөн жетекчиден түңүл, ал жеткен магурттуктун белгиси.

Жакшы адисти, келечеги бар жаштарды көз жаздымда калтырба. Керектүү адисти чет мамлектке жиберип окутушка, үйрөтүшкө, тарбиялашка аракеттен Билимдүү, билгиликтүү кадр келечектин адамы. Улуттун кенчи, ишеничи.

Уулум, биримдикте болом деп башка улутту ассынтпагыла, кемсинтпегле, жектебегиле, кайра алардын жакшы жагын үйрөнгүлө, аны улутуңардын кызыкчылыгы үчүн пайдалангыла. Ал үчүн интернационалдуулукту сактагыла дагы да үйрөнгүлө, бирок өз улутуңдун туусу бийик турарын унутпагыла.

Кыргыз болгондугуңарга сыймыктангыла! Кыргыз болбосо Кыргыз Республикасы болмок эмес. Кыргыз республикасы болуш жана ошол респуликада жашаш жалаң эле кыргыздардын бактысы эмес, башка бирге жашаган улуттардын да бактысы. Анткени кыргыз элинин меймандостугун, жат элге койнун ачкан ак пейил калк экенин бирге жашаган башка улут эмес, аралашкан чет эл да, дүйнө жүзү да айтып отурат. Бирок атына сүйүнбөй затына сүйүн. Кыргыз болуп туруп эли кыргызча сүйлөшпөсө, кыргызча иш жүргүзбөсө мамлекет болдум деп мактанганың артыкбаш. Ар бир мамлекет өз тилин, өзгөчөлүгүн сактаганда гана улут атын актай алат. Эскерте кетер нерсе кыргызмын деген мамлекеттик жетекчи кыргыз эне тилин билбесе, эне тилинде сүйлөбөсө, эне тилинде сүйлөөгө аракеттенбесе андан өз улутуна жан кейиткен жетекчи чыкпайт. Ушуну эстей жүрүш азыркы доордун талабы, балам.

Мамлекетте жашаган баарлык улут ошол мамлекеттин ишин аткарат, өнүгүүгө, өзүүгө салымын кошот, бирок бул агымды башкара билиш, улутту кагыштырбай калыстык кылуу жетекчинин милдети, жергиликтүү улуттун адамкерчиликтүүлүгү жана маданияттуулугу. Сен ушуни дилиңден чыгарба, уулум.

Азыркы мезгилде башка улуттан куда күтүү салтка айланып калды. Бул жакшы, улуттун тукуму жакшыртылат. Сен башка улуттун адамын өз дилиңе, өз тилиңе үйрөтсөң курандын айтуусу боюнча сенин жети атаң тозокко түшпөйт экен, балам.

Азыр кыргыз жергесинде жердештик, урууга бөлүнүү азайса да айрым адамдар эски көз караштан арылбай келатат. Куелечекке кам көрбөгөн адам бир кызмат болсо билсе-билбесе да ал ишке даярдыгы жок өз уруусунан, жакынын, жердешин коё салат. Бул жан тартыш маданиятсыздыктын белгиси элдин тагдырына кайдыгерлик карагандык. Ушундан этият бол. "Туура бийде тууган жок, тууганчыл бийде ыйман жок" деген накыл сөздү унутпа. Татыктуу кадр көз жаздымда калбасын, ага туштук орун бериш калыс жетекчинин милдети.

Балам, кыргызсың. Аз калксың. Бириңди бириңе чагыштырган душмандан арыла элексиңер. Ал болот, болобермекчи… Андыктан силер бирибириңерди укканга үйрөнгүлө, бири бириңерге түшүнгөнгө үйрөнгүлө. Бири бириңерди сыйлаганга, колдогонго үйрөнгүлө. Аз элдин куралы биримдик. Биримдиктүү болгула! Ансыз аз элде жашоо болбойт.

Уулум ичкиликтен алыс бол. Ичкиликке кызыкпа. Ичкиликтен оңуп кеткен адам болгон эмес . Ичкиликти салтка айландырып такай ичкен улут оңбойт. Тукуму бузулат. Ал улуттан бара-бара акылы кем бала төрөлөт. Андан келесоо бала жаралат. Ичкиликке жакын болсоң душманыңдын чырагына май тамызасың. Ал сенин терс жагыңды пайдаланат. Мас кылып абириңди кетирет. Акыры ишсиз, анан талаада каласың. Ичкиликке берилген калкына эмес өзүнө жакшылык кыла албайт. Бир жутум ичкилик үчүн элин, жерин, намысын сатат. Ал эми наркотикти,баңгиликти айтпай эле коёюн,алардын өмүрү алкаголиктерден кыска экенин өзүң көрүп,билип турасың.

Карыя ушул жерге келгенде ыкшып жөтөлүп, дем тарканы оорлоп жаздыкка башын койду. Тынбай сүйлөгөндөнбү же жанакы ичкен дарысынын күчү кеттиби эрди көгөрүп чыкты. Уулу шашып чыныдагы кымызды оозуна кармап ууртатайын деди эле карыя аны колунун сырты менен түртүп:

 — Балам, — деди атасы уулун тунарган көзү менен телмире тиктеп, -алым кетип тилим күрмөөгө келбей баратат. Оюмдагыны толук ортого сала албай калдым Калганын өзүң ойлон. Кыргыз эли башынан сыйчыл, сен ал салтты ула. Улуу, кичүүнү сыйла. Кайсы жерде жүрсөң да, кайсы шартта болсоң да элиңди унутпа. Кош бол, балам, — деп карыя көзүн жумду. Ошол бойдон экинчи ачкан жок.

Уулу бул жарык дүйнөдөн өтүп бараткан атасына ыраазычылык менен жалдырай тиктеп көзүнөн жашын агызып: "Ата, асылым, өмүр бою кыргыз деп жашап, кыргыз деп тигил дүйнөгө кетип баратасың. Бул жалаң эле мага калтырган керээз эмес, баарлык кыргыз элине калтырган керээзиң экенин түшүнөм. Башым токмок, каруум казык кылып керээзиңди аткарууга, алтындай сөзүңдү бир ууч кыргыз калкы эмес ааламга жеткирүүгө аракеттенем. Кыргыз эли өз улутун, өз намысын сактап калаарына ишенем" — деп атасынын алсыз колун өөп кобурады.

Кайран касиеттүү карыя тилден калып, дем тартканы азайып, өмүрү майы түгөнгөн шамдай өчүп баратты…

2000-жыл.

 

КУДАЙБЕРГЕН 

Жума менен Жумагүлдүн баш кошконуна он сегиз жылдын жүзү болуп калды. Экөө аптанын жума күнү төрөлүп, мектепте бирге окуп,бирге өзүшкөн. Ойноок кезде жаралган наристе сүйүү улам чоңоюп,улам көбөйүп жалындап экөөнү кучагына алган. Эки жаш онунчу классты бүткөндө эле баш кошуп алышкан. Экөөнө он сегиз жаш толбогон соң, законго ылайык келбеген соң өкмөт башында тургандар артынан түшүп, ата-энелерин убара кылып, келиндин боюнда болгондуктан араң дегенде бас-бас болуп токтоп калган. Жараткан жаштарга биринчи наристени ыраа көрбөдүбү же жүрөктүн суусун алган сурактын таасириби айтор боюндагы баласы эрте эле түшүп калган. Алар ага анчалык кейиген эмес. Ата-энелери да «башы жаш, башкасы болот» деп тим болушкан. Жума армияга барып кайра келгенде эки жаш сүйүүнүн ысык отуна жылынып барды-жокту билбей жашап жүрүштү. Бирок Жумагүлдүн боюна бүтпөдү. Ошондон бери персентсиз жашап келатышат. Мурун да ата-энеси болуп, кобур-собурдан байкашчу эмес, кийин ата-энесинин көзү өткөндөн кийин экөөнүн коколой башы калып заңгыраган төрт бөлмөлү үйдө жалгыз калганда сүйлөгөн сөзү дубалдан дубалга согулуп күңгүрөйт да турат. Аялы тамак жазап жатканда Жума жалгыз отура албай жылып Жумагүлдүн жанына барат. Иш боюнча, айыл ападагы айың сөз боюнча кеп козгоп, өткөн-кеткенди айтып жарокер аялынын жанынан чыкпайт. Анан калса Жумагүл чүрөктүн чүрөгү эле. Аппак жүзүнөн нур чачып, бакырайган карагат көзү күлүңдөп жанып өткөндө каргыштай катып калган эркектин да тоңгон жүрөгү эрип чыкчу». Атаганат менин жарым болсочу» деген пенделик ой кылт дей түшөт. Жума да узун бойлуу, алп денелүү, көңүлү жумшак, мүнөзү ачык жылдыздуу жигит. Ага далай кыз-келиндер ашык болгонун өзү да сезип, аялы да билет. Кыскасын айтканда Алла таала экөөнү бир күндө жаратып, бир күндө төрөтүп, өмүрлүк жар болгула деп бешенесине жазып койсо керек. Алланын амириби же алардын абириби Жума үйлөнгөнү бирөөнүн төшөгүн тепсеп көргөн эмес, аялы да ала жипти аттабаган азиз аял. Жарык жүзү, жарокер мүнөзү, көөнөрбөс абири менен бүркүткө окшоп караган эркектерге алдырбай жүрөт. Жума десе өпкө жүрөгүн сууруп берүүгө даяр. Айтор экөөнү Алла таала бирин асмандан алып, бирин жерден алып ширетип койгондой, бап келишкен жубайлар.

Арадан канчалык убакыт өтсө да экөөнүн сүйүүсү алиге муздабай бирин бири сыйлап, бирин бири урматтап турушат. Эл барда да, эл жокто да орой сөз ооздорунан чыкпай жылуу мамле экөөнү коштоп, колтуктап турат. Алардын сүйлөшкөн сөзүн, көз карашын, бири бирине кылган мамлесин айтып да, түшүндүрүп да болбойт». Миң ирет уккандан, бир ирет көргөн артык деп» аны көрүш керек. Алар бирин бири карашканда, каректери чагыла түшкөндө биринин оюн бири айттырбай түшүнүшөт. Кабактарына кар жаап кара булуп каптап келатса алдын ала көңүл көтөрөр сөз сүйлөп, капталдан чыккан кайгыны, басып келаткан туманды таратып жиберет. Жаңы кошулган жубайларга окшоп күндүзгү сүйүүсү түндө уланып, түндөгү сүйүүсү күндө уланып турат. Дүнүйө жүзүндө эрди катынга энчиленген эки бакты болсо бирөөнү ушулардын үйүнөн табасың. Жаштарга да, жашап калгандарга да экөөнүн сүйүүсү, мамлеси өзгөчө таасирин тийгизбей койбойт. Эл чогулган жерде, алар жокто, эрди катын тууралу ажайып мактоо сөздөр айтылып, айрымдарды тамшандырат. Бири эрин мактаса, бири аялын мактайт. Экөөнөн тең кымтык таппаган соң «вазир жакшы хан жакшы, катын жакшы эр жакшы» деп жыйынтык чыгарышат.

Антсе да «бири кем дүнүйө» деп Алла таала эки асыл адамды кемитип перзентсиз койгондугу жүрөктү сыздатат. Убакыт өтүп жаш келип калса да бала жөнүндө бири бирине сөз айтып, ооз ачкандан ийменишет. Ар кимиси бүтпөгөн жараны тырмап ырбаткандан чочулайт. Бирин бири аяшат, бирин бири сыйлашат. Барган сайын убакыт куштай учуп улгайып баратышат. Жумагүл кийинки учурда баланын үнүн укканда жүрөгү удургуп туйлап, айрым учурда сыздап чыкчуу болду. Аны эри билип, сезип жүрдү.

Ошол бактылуу мезгил кеч күз болчу. Жыйым, терим аяктап, бак дарактагы жалбырактар саргайып, өмүрү бүткөн адамча биринин артынан бири кубалашып түшө баштаган. Кечте короону шыпырып тазалап койсоң эртең менен жердин бети жалбыракка төшөлүп калат.

Жума таң менен ойгонуп, аялынын уйкусун бузбай короону шыпырайын деп сыртка чыкты. Асман шаңкайып ачылып, чымчык чыртылдап бутактан бутакка учуп конуп, бирин бири чакырып азан-казан түшүп атыптыр. Тамдын чатырында отурган көгүчкөндөр «гүү-гүү» деп адеми үн салышат.

Түнкү талыкшыган дене таза абага чыкканда чыйралып, канаттуу куштардын сайраганын укканда көңүлү көтөрүлүп, рахатка батып негедир көгүчкөндүн гүүлдөгөнүн, тегеренип бийлегенин баланын кыялына, кылыгына, ойногонуна салыштыпып жиберди. Жаратылыштын жагымдуу симфониясына кулак төшөп турганда ар жактан, көчө тараптан кыңылдаган үн чыгып басылды. Ага анчалык көңүл бурбай кампада жөлөнүп турган саптуу шыпыргыны алып короону шартылдата шыпырып кирди. Ушул учурда жанагы кыңылдаган үн дагы угулду. Бул сапар катуурак, башкача чыкты. Ал күчүктүкү да эмес, иттики да эмес баланын ыңаалаган үнүнө окшоп кетти. Жума каалгый басып дарбазаны ачса көчө боюна орнотулган узун отургучта шейшепке оролуп жаткан бир нерсе көзгө урунду. Үн ошол жактан чыккансыйт. Жакын барып караса бала экен. Узун көчөнүн баш аягына көз чаптырса адам эмес айбан да көрүнбөйт. Аалам да, айлана да таңкы тынчтыктын кучагында уктап жатышат.

Жума баланын энесин күтүп туруп калды. «Аял зарылчылык менен даарат ушатканы кеткен чыгар» деп ойлоду. Арадан алдаканча убакыт өтсө да шашкан эне жок, жакын эмес алыстан келаткан караан да көрүнбөдү. Наристе ыйлап тактай үстүндө көпкө жатып калганына жаны ачып колуна алганда койнунан кагаз көрүндү. Алып караса: «мен сиздердин балага зар болгонуңарды уккам, багып алгыла. Доом жок» деп жазып коюптур.

Кагазды окуп Жуманын бүткөн бою чымырап кетти. Оюна эч нерсе келбей тампалаңдап, дардалаңдап үйүнө чуркады. Эшикти ачып-ачпай:

— Сүйүнчү, байбиче, сүйүнчү, — деди бөлмөнү жаңырта барбалаңдап.

Таңкы уйкунун кучагында жаткан Жумагүл эринин эпсиз кубанган үнүн угуп уйпаланып башын көтөрүп сурады:

 — Болсун берекем, эмне менен сүйүнтөсүң?

 — Балалуу болдук, алтыным. Тур тезинен.

Бала деген сөздү укканда Жумагүлдүн жүрөгү жарыла жаздап оюна эч нерсе келбей жыпжылаңач бойдон жылуу төшөктөн атып турду.

 — Эмне дедиң?

 — Балалуу болдук, Жүкүн. Кудай бизге берди.

Жумагүл түш көрүп жаткансып эринин ээликкен өңүнө тигилип кайра сурады:

 — Кайдагы бала?

 — Бирөө таштап кетиптир. Багып алгыла деп кагаз жазып калтырыптыр.

 — Эркекпи же кызбы?

 — Аны билбейм, мына каты.

Жумагүл катты алып окуп эрине жалт карады. Жуманын телегейи тегиз болуп, жамалынан жалын бүркүп кубанып туруптур. Ал эринин колунан баланы алып төшөккө жаткырып ороосун ачты. Киндиги түшө элек эркек бала экен. Оролгон шейшептен колу-буту бошоп тарбалаңдаганда, балапандай кызыл эт наристени көргөндө Жумагүлдүн эт жүрөгү эзилип кетти. Катуу кармаса жука айнектей быт-чыты чыгып талкаланып калчудай наристени этият алып жылаңач денесине кысты. Чоңдугу күйкөдөй болгон ымыркай эки эмчектин ортосуна батып тамак издеп жалмалап жиберди. Жумагүл тогуз ай көтөрүп омурткасы оорубаса да, баланын карынга жатып тепкилегенин сезбесе да төшүнө жарканаттай жабышкан наристенин кыймылын, дем алганын, чымчыктын башындай жүрөгүнүн дикилдеп сокконун денеси сезип, бүткөн бою коргошун болуп эрип чыкты. Көп жылдан бери көл болуп токтоп калган көздөгү жаш өзүнөн өзү шорголоп акты.

 — Ой Жүкүн, балага суук тийет, — деди маңдайында күндөй күлүп, айдай жаркырап турган Жума, — жап ороосу менен.

Баланын ороосу булганып калыптыр. Жумагүл түнкү чечип койгон ич көйнөгүн алып баланы ороп-чулгап төшүнө кысты. Өңүндө да, түшүндө да бала деп, ачык айтпаса да астыртан думанадай ак уруп жүргөн аялдын денеси ымыркайдын ысык денесинен ажырагысы келбеди. Ал канчалык тыбыраса, ал канчалык эки эмчегин тепкилесе ага ошончолук мээримдү да, жагымдуу да сезилди. Кайыптан келген баланы көкүрөгүнө басып отурганы Жумагүл үчүн түш шекилденди.

 — Менин кудайбергеним, — деди Жумагүл кобурап, — сени мага кудай берди. Эми жараткан жалгайм десе сенден айырбасын.

 — Аялынын «айырбасын» деген сөзүн угуп Жума акылына келе түштү.

 — Ай Жүкүн, оро баланы жылуулап, мен сыртты карап келейин, балким энеси айнып алганы кайра келип калып жүрбөсүн.

— Эмне дедиң?— деди Жумагүл эринин сөзүнө түшүнө бербей, — энеси келип калат дедиңби?

— Ооба.

— Антпечи, берекем, — деди Жумагүл салаалап аккан жашын сүртүүггө алы келбей, -андай болууга мүмкүн эмес. Бул баланын энеси эри жок төрөгөн шордуу го. Айласы түгөнүп алтындай уулунан кечип отурган чыгар. Алып кетер киши антип кат жазып таштап кетпейт. Менин жүрөгүм сезип турат, энеси кайрылып келбейт.

Күйөөсү сыртка чыгып кеткенден кийин Жумагүл ыйлаган баланын оозуна эмчегин салды. Демейде эринин колу тийгенде кытыгысы келген аял ачыккан баланын булкулдатып соргонуна берилип катып калган денесиндеги тамырлар өзүнөн өзү жибип турду. Чөгөөлөп согончогуна отурган калыбында баланын бүлкүлдөгөн эрдине тигилип сырттан кирген эринин кобураган үнүн укпай балкып бактыга батып отурду…

Эл чогултуп, мал союп, той өткөзүштү. Атын апасынын оозуна кудай сала бергендей Кудайберген коюшту». Балалуу үй базар, баласыз үй мазар» демекчи Кудайбергенди кудай бергенден бери бактылуу үй бүлөнүн бактысы мурункудан да ашып-ташып, ынтымак, ырыскы ал үйдөн түбөлүк орун тапты…

1994-жыл.

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

© Качкыналы Сыдыгалиев, 2005. Бардык укуктар корголгон 
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 6160