Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Көлөмдүү кара сөз
© Качкыналы Сыдыгалиев, 2005. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2011-жылдын 7-апрели

Качкыналы СЫДЫГАЛИЕВ

Чагылган

(аңгемелер жыйнагы)

Бул жыйнакка автордун ар мезгилде жазган аңгемелери топтоду.

К. Сыдыгалиев. Чагылган: аңгемелер жыйнагы. — Б. : 2005 китебинен алынды.

 

МАЗМУНУ

Чагылган
    Ойгонгон сезим 
    Доо 
    Бактыгүл 
    Сокур 
    Алгачкы сокку 
    Уяттуу келин 
    Тамчы жаш

 

ЧАГЫЛГАН

Үч күндөн бери күндүн кабагы ачылбай койду. Бирде батыштан шамал согуп асманды кара булут каптап, чагылган ааламды жара тилип нөшөрлөп куюп берсе, бирде жарк этип ачыла түшөт. Көчө эзилип баткак. Адам эмес мал да камырдай жуурулган ылайды аралап баскандан заарканып, көчө бойлоп, дың жер издейт.

Жамгыр басылып, күндүн көзү көрүнө түшкөндө Койчалы бээсин жетелеп чөп чалдырганы огородтун башындагы көккө чыкты. Жетмиштеги карыянын болгон байлыгы да, эрмеги да ушул. Көкүлүнөн сылап, жал куйругун тарап колго багат. Мал да болсо жылуу мамлеге түшүнүп, алыс кетпей үйдү имерчиктеп турганы турган. Ээси ээр токуп мингенде «жакшылыкка жакшылык» дегенсип камчы салдырбай лапылдап жүрүп бермейи бар.

Койчалы ным жыттанган абадан кере дем алып, келечекти ойлоп, кыялдын кучагында. Жаанда байлануу турган мал бир жерге токтобой чөп башылап алга умтулат. Такаланбаган туягы тийип өткөндө жалбырактын бетиндеги шүүдүрүм чачылып, сымаптай мөлт деп кулап түшөт. Ботодой көзү жайнап, нымдуу чөптү күртүлдөтө чайнаган бээнин бели кайкалап, ичи салаңдап ай күнүнө жетип турат. Ушул жуманын ичинде же аркы жуманын башында тууп берет деген үмүттө. Бир оокумда кемпири төгүлгөн күндүн нурунан жалтанып колун чекесине тосуп серепчилеп, далдоодогу чалын көрө албай каргыланган үнүн бийик чыгарып чалын чыкырды:

 — А-а Койчалы барсыңбы?

 — Бармын.

 — Кел чай ич, самоор кайнап калды.

Койчалы ала жүргөн темир казыкты таш менен житире жерге уруп, бээни чылбырынан байлап койду.

 — Чалынбай оттоп тур, жарыктыгым, — деди Койчалы аттын соорусунан сылап, -мен азыр келем. Анан оттуу жерге апарам.

Койчалы аты менен адамча сүйлөшүп, айтаар акылын айтып коюп үйүн көздөй каалгый басты. Күн бүркөлгөнгө эскирген дене салмактанып, муундар майланбаган арабанын дөңгөлөгүндөй карчылдап, сөөк— саактары сыздап ооруйт. Ал ага карабайт. Охулдап-ахылдап коюп кара жанын карч уруп көр оокаттан колу бошобойт. Ишенер кишиси жок…

Карыянын жашы узак болгон менен өмүр баяны кыска. Жашында малай болуп байдын малын кайтарды. Кеңеш өкмөтү чыкканда калаада жумушчу болуп иштеди. Ардагерликке жеткенде кароолчулукка өттү. Жакында эле туулуп өскөн жерине келип үстү камышталган эски там сатып алды. Биринчи алган аялы төрөттөн каза болуп өзүнөн бир аз кичүү келинге үйлөнгөн. Азыр анысы өзү менен тең карып, ооруган бели түпкүчтөй ийилип, үч бүктөлүп, ээги жерге жакындап таяк менен басат. Отуруп от жагып, тамак бышырып бергени болбосо суу ташуу да. отун апкелүү да өзүнүн мойнунда. Айтор тирүүчүлүктө эптеп жашап келатышат.

Койчалы үйгө кирсе кемпири дасторконун корголотуп бурчка салыптыр. Сыртта жаан басылса да үйдүн ичи ным, шыптынын урап түшкөн топурагы жампаланып аркай жерде жатат.

 — Шашпа, — деди Койчалы чепкенин чечип киребериштеги илгичке илип жатып, — буюрса быйыл тамды оңдотом.

Кемпири чалын жыртайган көзү менен карап койду. Ал оюнда «а, байкуш, кайсы акчаңа оңдотот элең» деп ойлоп турган. Өмүр бою бирге жашап кемпиринин суроолу көз карашы эмес алган деминен анын оюн айттырбай билген чалы:

 — Чын айтам, кемпир, — деди чайга отуруп атып, -тилекти кудай берип бээ аман эсен тууса, күздө кулунун алып калып, өзүн сатам. Акчасына үйдү жаңылап жапкызам.

 — Жөө каласыңбы?

 — Таяк тайга жеткизет, тай ат болот, — деди Койчалы, -өлбөсө кулун тез эле чоңоёт. Бир жылдан кийин мингенге жарап калат.

Турмуш деген турмуш да, турмушка эркелеп да, эрегишип да болбойт. Турмуш ал арбир адамдын чапкан өстөнүнө жараша акканы аккан. Жаш чакта өстөндөгү өмүр мөңгүдөгү кар эрип кошулган мезгилдей албуутанып аша чаап акса, кийин калыптанып, карыганда басаңдап. бөксөрүп, акыры кургайт да калат. Жашоонун бул эрежесин адам эскирген сайын жакшы түшүнөт. Эстүү адамдар, артыкча ишенери жок кишилер өз камын өзү көрөт тура. Жарык дүнүйө менен кош айтышып капарсыз жатса да тирүүлөргө уят болгулары келбейт. Койчалы карыя да эртеңкини ойлоп, экөөбүздүн бирибиз «кылт» дей түшсөк керекке жарасын деп бээни колдон чыгарбай жүрөт. Жана ат откоруп жүрүп, сыртка жамгыр жааса үйүнө суу толоорун эстеп, айла кеткенде, тамчы сөөккө өткөндө «таңкы куйруктан азыркы өпкө» деп тирүүлүктүн камын ойлогон. Бул дагы тагдырдын тайкы жолунун бири. Сырттан иштегендик. Жалындаган жаштык эмгекти чаржайыт кетирбей туулуп өскөн жерине, жаңы уюшулган колхозго жумшаганда азыр өкмөттүн эсебинен тамтыгы кеткен чатырды жаптырып алмак. Эми колхозго догун арта албайт, антүүгө акысы жок. Бети чыдабайт. Сырттан келген киши эмес өз кишилерине колхоздун жардам көрсөтүүгө даремети чак. МТСти жойгондон бери колхоздун экономикасы жылдан жылга төмөндөп баратат.

Койчалы чай ичип сыртка чыкты. Көтөрмөнү бешмантынын сыртынан курчанып, орокту ийнине илди. Бээни чабылган бедеден калган арыктын жээгине жетелеп откорду.

Ал куштай сызып өткөн жашчылыгын эскерип, ушул аңызда мал баккан балалык чагын элестетип кыялданганча күн ылдыйлап уясына жакындап калды. Батыштан чыккан кара булут түрүлүп келатат. Карыя шаша бир боо бедени оруп, узун таңгак кылып байлап, бээсине арта турган болуп кайра ийнине көтөрүп салды. Жамгыр тамчылай баштаганда чал тамтаңдап үйүнө араң жетти. Аны көргөн кемпири:

 — Я, кокуй, ат турса ала-шала тердеп чөп көтөргөнүң кандай? — деди тынчсызданып. Чалы эч нерсе болбогондой бетарчысы менен мончоктоп аккан терин сүртүнүп:

 — Бээни аядым, кемпир, — деди, -ай күнүнө жетип турган жарыктыкка күч келбесин дедим. Ал мен үчүн көп эле тердеген, мен ал үчүн бир сапар тердеп койсом эч нерсе болбойт. Кудай да «Сактансаң сактайм» деген тура, сактыкта кордук жок. Аман эсен тууп берсе болгону. Анан артчуусун артабыз.

Жаратылыштын жааны чалды үйүнө келерин күтүп тургансып нөшөрлөп, өжөрлөнүп куюп келди. Кемпирдин жүрөгүнүн толтосуна жылт эткен кубаныч пайда болуп:

 — Ии, ырас учурунда келипсиң, бир аз кечиксең шөмтүрөп суу болмок экенсиң, — деди.

 — Кудай деген кур калбайт, — деди эри да корчоюп, -чындап сурансаң жараткан пендесин тарынтпайтМына мен үйгө жеткенче күн жаабасын деп тиледим эле жааган жок.

Кудай жөнүндө кемпирдин ою башка. Өмүрү согончогу канай элек. Жатса да, турса да тилегени бала. Түшпөгөн доктуру, барбаган бакшысы калган жок. Мазарга да түнөп, ботодой боздогон күндөрү да болгон. Бирок бала көргөн жок. Жаратканга жалынып-жалбарып жүрүп чака тыйынча жардамы тийбеген соң кудайдан көңүлү үч көчкөн журттай калган. Эми чалынын кудайга сыйынганын баланын оюнчугундай көрөт, бирок анысын айтпайт, сыр алдырбайт. Өзү да элге сөз болбос үчүн кудайга сыйынган болот, бирок ишенбейт. Кудайдын берешендигинен жаштык мезгили өткөндөн кийин таза түңүлгөн.

Койчалы атын сарайга киргизип, оруп келген бедесин акырга салып, бээни бекем байлап койду.

***

Ал күнү кемпир чал тамакты кеч ичишти. Койчалы колуна асма чыракты алып бедени күрт— күрт чайнаган бээсин нечен ирет карап келди. Уктаар алдында сарайдын эшигин жаап, ит— куш киргиз кылып кайыш менен бекитип байлап төшөгүнө жатты. Көпкө уктай алган жок. Көзү илинип баратса эле шыптынын топурагы тап этип түшүп умачтай көзү ачыла түшөт. Ошол беймаза абалда жатып «кой, күздү күтпөй эртең бирөөлөрдөн карыз акча алып, тамдын жыгачын, шыйпырын даярдайын. Калган акчасына жалдайын. Карызымды күздө бээни сатып берем» деп ойлоду. Мээни чарк айландырып тамдын үстүнө кетчү материалды да эсептеп чыкты. Айтор бээни баасына чыгарып сатса жетмек түгүл артып кала турган. Ошол арада көзү илинип түшүндө тамды чатырлап жаап, таманын тактай менен полдоп түлөө өткөрүп жатыптыр. Ушул мезгилде сырттагы аттын дүбүрүнөн ойгонуп кетти. Кимдир бирөө бастырып келгендей болду. Башын көтөрүп тыңшап калды. Абайласа бирөө келбей эле аттын дабышы алыстап бараткандай сезилди. Чепкенин ийнине салып тура чуркады. Асман карарып жамгыр төгүп туруптур.

Көзгө сайса көрүнбөгөн караңгылыкта сыйпалап, ар нерсеге чалынып сарайдын эшигин араң тапты. Эшик аңырайып ачылып калыптыр, Бээнин добушу угулбайт. Ойго келбеген иш болуп кеткенин сезген карыя ачуу үн катты:

 — Кемпир!!

Чалынын чыкканын сезип уйку соонун ортосунда жаткан байбичеси дароо жаздыктан башын көтөрдү.

 — Ыя?

 — Бол, тур! Чыракты алып чык!

Кмпир шашып калды.»Бээ толготуп же тууп койгон экен» деп ойлоду. Жаздыктын астына катып койгон ширеңкесин сыйпалап таап, жанындагы асма чыракты күйгүздү. Жаандын астында турган Койчалы үчүн бул мезгил кылымга тете болуп кетти. Чыдамы кеткен чал дагы кыйкырды:

 — Тез!

 — Мына баратам!

Кемпир көлөштү бутуна коңултак сүйрөп шаша чыкты. Карыя кемпиринин колундагы чыракты алып сарайга кирди. Акыр аңырайып бош турат. Эшик байланган кайыш да, бээ байлаган чылбыр да чарт кезилиптир.

 — О, кудай, — деди чал күңгүрөнүп, — бүгүн, эртең тууй турган бээнин убал сообунан коркпой уурдаган кандай ырайымсыз эле… Ким болсоң да кудай жазаңды берсин! Тилеген тилегиңе жетпей кал, ыймансыз.

Койчалы сыртка чыкты. Аттын туягы көчөдөгү ылайды жара басып жогору бурулуптур.

 — Чоң жолго тарткан экен, ант ургур, — деди Койчалы кейип, -мага окшоп ылайым эле какшап кал. Кудай жазаңды берсин. Таңга жетпей кал!

Кемпирдин оозунан сөз чыкпай, эмне айтарын билбей маңыроо болуп туруп калды». Алы жетпеген акретчил» деп чал каргап-шилеп аттын изине түштү. Караңгыда калдактап, тамтаңдап, ылай жиреп кетип баратат. Бир үйдөн кийин тууганынын жүк ташуучу машинасы көчөдө турганын көрүп шопурдун терезесин тарс-тарс урду. Таттуу уйкуда жаткан Төлөн чоочуп башын көтөрдү:

 — Бул ким?

 — Бул мен. Койчалы. Тур тез. Шашылыш!

Төлөн атып туруп кийинип сыртка чыкты. Жаан чакалап куюп туруптур. Койчалы жаанды жаан билбей «мени таанысын» дегенсип калчылдаган колундагы чыракты бийик кармоого аракеттенет. Төлөн тепкичтен түшпөй жатып сурады:

 — Эмне болуп кетти, чоң ата?

 — Ууру. Бээни алып кетти. Жүргүз машинаңды. Издейбиз.

Төлөн сөз катпай отуруп машинанын ачкычын бураганда матор дүр дей түштү. Койчалыны жанына отургузуп, чалдын айткан жагына бурду. Машинанын жарыгы түнкү караңгылыкты тилип күркүрөп кетип баратат. Астыда кеткен аттын дүбүртүнөн, артта келаткан машинанын добушунан ойгонгон иттер туштараптан качырып киришти. Бири тайгаланып, сойголонуп жылып бараткан машинаны жандай чаап ажылдап тиш салууга ыкс берсе, бири дөңгөлөктүн артка ыргыткан даңканынан сүрдөп качышат. Айтор тынч жаткан айыл ызычуу— күрүгүү болду да калды. Ушул караңгылыкта ууру эмес аттын дайны жок, тек гана астыдан үрүп чыккан иттердин ырсайган тиши, жарыкка чагылышып оттой кызарган көздөрү гана көрүнөт.

 — Башка жак менен кеткен го, — деди Төлөн күнөм санап, -же биз машинаны жүргүзкөнчө узап кетти бекен?.. .

Кайчалы сакалын шамалга сапырып мойнун созуп капоттун астын карап коюп кетип бараткан. Төлөндүн сөзүнө макул болбогонун билгизип башын чайкап койду.

 — Эч жакка бурулбаптыр, — деди чал ишенимдүү, — баткакта бакайына чейин баткан аттын изи жатат…

Машина ойкуп— кайкып шаарга каттоочу таш жолго жете келди. Жакындай келгенде Койчалы буйра сүйлөдү:

 — Токтот!

Төлөн тормозду басканда оор машина бир топ жерге сүрүлүп, кыйгачтап барып токтоду. Койчалы балача ыргып түшүп шагыл төгүлгөн жолго үңүлдү.

 — Солго кетиптир, — деди сөөмөйү менен аттын изин көрсөтүп, -ал ант ургур жөн кетпей чаап кетиптир. Кулун салдырбаса болду…

Машинанын жарыгы төгүлүп турду. Нөшөрлөгөн жаан жарыкка чоргодон аккан суудай сезилет. Карыя аны сезбейт. Бээси караңгыдан суурулуп чыга калчудай туш тарапка көз чаптырат.

 — Чоң ата, отуруңуз, — деди шофер карыяны шаштырып, — болуңуз. Балким узай электе кууп жетебиз.

Койчалы кабинага отурду. Сакал ылдый суу агып, тиши жок ээги титирейт. Төлөн машинасын таш жол менен аркырата айдады. Тиши кычырап, жаак эттери түйүлөт. Ушул араң жан карынын малын уурдаган кишиге кыжыры кайнайт. Шофердун ачуусу келген сайын газ өзүнөн өзү базылып машинанын дөңгөлөгү жерге тийип-тийбей учуп баратты. Айыл менен айылдын арасы сай, кагыраган таш, сербейип өскөн бозкараган. Демейде түнкү ырыскысын издеген түлкү, булт деп чыга калган коёндун бири да жок. Ал түгүл машинанын добушун укканда ийнине шаша чуркаган чычкан да көрүнбөйт. Машина катуу жүргөн сайын нөшөрлөгөн жамгыр кабинаны койгулап, туштараптан ургулап, дабыратып кулактын кужурун алат. Жаан менен аралашкан муздак шамал кабинанын бир терезесинен кирип, экинчи терезесинен чыгат. Кирпик ирмебей карек туш тарапка чабыттайт. Бирде мындан, бирде андан чагылгандын жаркылдаганы болбосо кыбыраган жан жок.

Заматта коңшу айылга кирип барышты. Машинаны четки көчөгө токтотуп маторун өчүрүп, тепкичине чыгып тыңшап калышты. Чуу жок, үргөн иттин үнү да угулбайт.

 — Кеттик, — деди Койчалы кабинага кирип жатып, -ал бул жакка келген жок. Кетсе төмөн кетет.

 — Балким тоо жакка бурулбасын?

 — Ал жакка өлсө да барбайт. Азыр эзилген бет менен ат эмес эки аяктуу адам да жүрө албайт.

Төлөн машинаны буруп сай бойлоп төмөн салды. Жолу жок өңгүл— дөңгүл жер менен тез жүрө алышпады. Машинанын жарыгы эңкейиште жер сүзүп буфердин асты араң көрүнсө, деңгө көтөрүлө бергенде чалкалап фардын жарыгы ааламды чолуп өтүп жамгырын төгүп, кулап түшчүүдөй самсаалап турган булуттарга такалат. Карыянын бээси уурдалганга асмандын ачуусу келгенсип күр-шар этет. Асманды жара тилген чагылган бирде бул жерден, бирде тигил жерден жүрөктү солкулдатып жарк дей түшөт. Айтор асманда, жакын эле жерде периштелер салгылашып от чачып, замбрек атып жаткансыйт. Кансе да аалам каарлу бүгүн. Салаалап аккан жамгырды машинанын терезе тазалагычы бирде бул жакка, бирде тигил жакка шыпырып жан алы калбайт. Күн ушунчалык катуу куйгандыктан шыпыргычтын да алы келбей калды. Жол да, айлана да бүдөмүк көрүнөт. Койчалы терезе тазалаган техникага ыраазы болбой кабинадан башын чыгарып алды. Улам ылдыйлап көп жылдан бери сумсайып турган жалгыз түп каражыгачка жакындап калышты. Ал сол капталда «Мени көргөн жоксуңбу?» дегенсип дүпүйөт. Сай алда качан бүткөн. Эми жол кыртышы жумшап топуракка айланып баратат.

 — Кайра тартпасак болбой калды, — деди Төлөн карыяга кайрылып, -мындан ары жол жок, айдоо аңызы, өтө албайбыз.

Койчалы үн каткан жок. Бээсинен түңүлүп мусапыр болуп отуруп калды. Машина артка бурулду. Дөңдү айланабергенде жарыгы жалгыз түп кара жыгачка кадалды. Ал асманга бой тиреп суу болгон жалбырактар бутактарды ылдый басып, баш ийип, түбү караңгы болуп турган экен. Ушул учурда төбөдөн күр-шар этип, асман жарыла берип, чагылган жарк дегенде бир нерсе жакын эле жерде чак дей түштү». Лаайлаха иллала» деп Койчалы келме келтирип жиберди. Аны туурап Төлөн да келме айтты. Анан калса кулак тундурган асмандагы атылыш жүрөктү козгоп таштады. Мына ушул учурда дүпүйгөн кара жыгачка снаряд тийгенсип бутактары чарт-чурт үзүлүп түштү.

 — Кара жыгачка чагылган тийди, — деди Төлөн машинанын тормозун басып. Караңгыга кандим болгон көз ирмелбей кара жыгачка кадалды. Жүрүп турган машина чагылганды тартып албасын деп маторун дароо өчүрдү. Албуутанган асмандагы добуш алыстап, күр-шар деген добуш азайды. Жаандын дыбыраган шоокумунда бак тараптан онтогонбу же кырылдаганбы добуш эшитилди. Аны Койчалы да, Төлөн да укту. Бирин бири суроолу тиктеп калышты. Добуш кайталаган жок.

 — Бактын түбүндө бир нерсе бар сыяктанат, — деди Койчалы.

Матор кайра күркүрөп, машина алдыга жылды. Жакындап барып токтотсо бир нерсенин карааны көрүнгөнсүйт. Түшүп келишсе керкашка бутун анда— санда серпип тыбырчылап атыптыр. Жанында сулап бирөө жатат.

 — Кудай жазаңды берген экен, — деди Койчалы кобурап, -ушуну көрмөксүң, ыймансыз.

Төлөн карыя атын тааныды. Өлүп жаткан кишинин өңүнө үңүлдү. Көргөн көзүнө ишенген жок. Айылдашы Жамаш экен. Ал ичкилик ичип, кумар ойноп, уурулук кылчу. Акчага карыстар болуп, башка аттуу— баштуу кишинин малын алгандан чочулап, караңгыда карыш баспаган чалдын короосуна түшкөн. Машина күркүрөп чоң жолго чыкканда Жамаш чапка бурулуп көздөн кайым болгон. Кыйгачтап коңшу айылдын аягынан чоң жолго чыгарда машина сай бойлоп, жарыгы жолун тороп кара жыгачтын түбүнө жашынган. Арадан аз убакыт өтпөй ошол жалгыз түп кра жыгачка чагылган тийип отурат.

Төлөн менен карыя өлүп бараткан атты адалдап мууздап элге кабар кылганы артка тартышты. Туш тараптан чагылган жаркылдап, күн мурункусундай эле нөшөрлөп куюп турду. Койчалы карыя «эми аттын этин сатып, акчасына үйүмдү эптеп жаап алайын «деп эртеңки көр оокатты ойлоп кабинада чайпалып кетип баратты…

 

ОЙГОНГОН СЕЗИМ

Мен тогузга жакын ишке келсем телефон шыңгырап калды. Тыңшоорун кулагыма тоссом чоочун үн угулат.

 — Алло, Алмазбексизби?

 — Ооба, менмин.

 — Мен Быстовкадан сүйлөп жатам, — деди чоочун киши саламдашып, -иниңиздин кошунасы болом.

Ушул мезгилде телефон кыр— кыр этип сүйлөшкөн киши жоголо түштү. Менин туулуп өскөн жерим Чоңкемин, тууган-туушкандар да ошол жерде. Быстовкада бир тууган иним жашайт. Өзү келбей кайдагы атам тааныбаган кошунасы телефон чалганга санаам закым болуп, жүрөгүм бир балээни сезгенсип алып учат. «Машинада көп жүрчү эле бир кырсыкка кабылганго» деп ойлоп телефондун микрофонун үйлөдүм.

 — Алло, алло угуп жатам!

 — Кырсык болуп калды, — деди жанакы киши, -тагдыр туура келип…

 — Кырсык дейсизби?

Кара басып сүйлөшкөн кишим такыр эле жок болуп кетти. Бир аздан кийин чөгүп баратып суудан атып чыккансып аптыга сүйлөдү:

 — Ооба, ооба кырсык!

 — Эмне кырсык?

 — Эже каза болду.

Улгайып калган атамдын карындашы каза болонун угуп алкымыма кептелген жүрөгүм ылдыйлап, чыңалган денем бошоп «өх!» деп эс ала туштүм. Пендечилик кылып «эжебиз жашаарын жашады эми барса барсын» деп ойлоп кеттим. Ошентсе да алып учкан жүрөк дагы эле көөдөнүмдү ургулап жатты. Тактап сурадым:

 — Качан каза болду?

 — Кечеги түнү.

 — Качан коёт?

 — Бүгүн.

Туугандык кыйын да телефондун тыңшоорун ордуна койгондо колдорум калтырап чыкты. Отурарга орун таппай кайпалактап басып турсам кызматташ жакыш жолдошум кирип келип эшик алдында селейди.

 — Ой, сага эмне болду? – деди Самар таңыркап, -өңүң бузулуп турат.

Мен чөнтөгүмдөн папирос алып күйгүзүп, түтүнүн оп тартып күңк эттим:

 — Азыр эле телефондон суук кабар алдым.

 — Эмне кабар?

 — Эжем каза болуптур.

 — Бытровкадагы Сурма эжеби?

Мен жооп кайтарып башым ийкедим.

 — Ыйманы саламат болсун, — деди Самар, -анын жашына жеткен да бар, жетпеген да бар. Жакшы эле жашады. Жетимиш беш жаш деген оңой жаш эмес. Дагы башка балээ болуп кеткен экен десе …

***

Ошол замат жеңил машинага отуруп жөнөп кеттик. Фрунзеден чыга электе Самар адаттагы тамашасын баштап бакылдап сүйлөп келатат. Аялым тойго бараткансып деле көңүлдүү. Мен өз оюм менен алек.

Эжем карыса да тың эле, ооруп жамбашы жерге тийген эмес. Мурун тез-тез катташып турчубуз, кийин көр оокат менен болуп аныбыз солгундап калган. Мындан он күн мурун тумоолоп төшөктө жатышат деп уккам. Барайын деп баралбай калгам. Ошол учурда катуу суук болуп шаарда да эл кыйшыпыра грипп менен ооруп жаткан учур болчу…

Машина зымырап, көчө боюндагы тал-теректер биринин артынан бири көзгө илешпей артта калып баратат.»Атаган, — деп өзүмдү өзүм жемелейм, -өткөн дем алышта кашаңдык кылбай барып келсем эмне, жалдыраган көзүн көрүп калат элем го, балким керээз-мурасын айтат беле …»

Айылга тез эле жетип бардык. Көчөдөгү боз үй турган бурчка жакындай бергенде машинаны токтотуп жарыша өкүрдүк. Топтшкон эл «кайдагылар келишти?» дешип жардап карап калышты. Мен кастай чайпалып Самардын жанында баратам. Демейде тийип койсо жарылчу каканактаган жаш жок, соолгон кудуктай кургап калыптыр. Айла канча, далы сөөк оркоюп чыкканча белди ийип, тумакты көзгө түшүрө кийип, кыш чилдесин сезбей бозүйдө капарсыз жаткан эжемдин тушунда көпкө боздоп айылды муңга бөлөдүм. Кашайган көздөн кашайып дагы тамчы жаш чыккан жок. Улуу— кичүү мени тиктешет. Аңгыча улгайган киши келип: «кой иним, кайрат кыл» деген болду. Мен кыйратып ыйлап койгонсуп бетимди суу менен чайып бурулуп кеттим.

***

Чай ичип көңүл айтышканча түш болуп калды. Эжемди аруу жууп, кепиндеп бозүйдүн жанына көтөрүп чыгышты. Эл көп. Табыттын баш жагында тестиер эки кыз турат. Аларды тааныйм. Кырдач мурун, көзү бакыракай кыз кызынын кызы. Башка айылда туулуп өскөн. Ал кызыл баркут жамынып табытта жаткан кемпирди анда— санда чолуй тиктеп, жардаган элге таңыркай карайт. Ал үчүн таенесин жоготуш жарым тыйынча сезилбегени көрүнүп турат. Анын жанында турган мурду кетирекей кара тору кыз уулунун кызы – Анипа. Анын пальтосунун топчулугу чечилип, оймоктой оозу ачылып бакырып жиберчүдөй энтигет. Анын карагат көзүнөн болпойгон бетине жаш салаалап куюлат. «Оолдо дүнүйөң түшкүр, — дедим буулугуп, — кол бала деген ушул экен го, чиркин! Урса да, тилдесе да ыйлап турганын кара. Чарайнасынан арттырып чоңойткон акысы ушул экен го, эженин…»

Менин ички сезимим ойгонуп кетти. Жана эле сыкса кирпик сууланбаган көздөн жаш жамгырдай акты. Эмнени токтото алайын. Эл мени менен эле Анипага тигилишип, жашыктары бетаарчы менен көздөрүнүн карегин каптай калгын жашты кургатышат.

Эжем орто бойлуу, өлөр-өлгөнчө мөчөсү бузулбаган чырайлуу киши эле. Колунан да, тилинен да келчү. Кара жанын карч уруп мээнеткеч болчу. Карыганда да тынч отурбай өзү менен кошо балдарын да иштетчү. Баланы урбаса да, сөкпөсө да иштете билген сыйкырлуу касиети бар эле. Мен ошонусуна таң кала берчүмүн.

…Анда Анипа небереси алты жашта болчу. Чай ичип бүткөндөн кийин кобурашып отуруп калдык. Анипа бөжүрөп тегерек столдун үстүндөгү идиштерди бирден ташып шкафтын жанына чогултту.

 — Мына көрдүңбү ? – деди эжем жагалданып, -менин кызым кандай мыкты. Айттырбай энесне жардам берет. Мен өлсөм ушунум гана ыйлайт. Азыр карап турчу жууп-тазалап да коёт.

Кыз чоң энесинин мактоосуна жетине албай балалык албырган көзкараш менен мени жалт-жалт карап коюп идиштерди жууп кирди. Мен кызды мээримимди төгүп тиктеп ичимен: «Ооба сага ыйлайт, өлсөң кутулганына кубанып калар» деп ойлодум. Ошентсе да Анипанын күжүрмөндүгү мени кайдыгер калтырган жок.

 — Я эже, сиз бул макоону кантип үйрөттүңүз? – дедим, -менин балдарым идиш жуумак түгүл астындагы ашын жөндөп иче алышпайт.

Эжем борс— борс күлүп көңүлү көтөрүлө түштү.

 — Биз шаарлык эмеспиз, — деди тамашалап, — кыштактыкбыз.

 — Эмне, тарбиялоодо кыштак менен шаардын айырмасы барбы? — дедим сөзүн бөлүп, — биз деле жакшы бол, иште деп эле жатабыз. Бирок сиздикиндей алты жаштагы баланы тил алдырыш колубуздан келбейт.

 — Баланы жашынан, аялды башынан деген макалды уктуң беле?

 — Уккам.

 — Уксаң баланы жашынан үйрөтүш керек. Эгек гана балага чыныгы тарбия берет. Силер болсо күлтүрнүй болуп, балдарыңарга лекция окуп башын оорутасыңар. Аны иштетпей анан дагы балдарыбыз тамеки тартчу болду, ичкилик иччүү болду дейсиңер.

 — Анан эмне кылыш керек?

 — Иштетиш керек.

 — Иштебесе кантебиз?

Эжем дагы күлдү.

 — Циркта болдуң беле?

 — Болгом, — дедим эч нерседен капарсыз, -эмне экен?

 — Болсоң кишиче бийлеген айбандарды көргөндүрсүң?

 — Көргөм.

 — Көрсөң ошондон таалим ал. Бала дагы айбан, ал да тарбиялоодо талыкпаган эмгекти талап кылат. Баланын көңүлүн тапсаң, урбай— сокбой үндөсөң ал сенин айтканың менен болуп, айдаган жагыңа басат. Эмгекчил бала сызга отургузбайт. Жаман адатты үйрөнүшкө чолоосу тийбейт.

Мен ойлонуп калдым. Эжем менин балдарымдын эрке мүнөзүн билип «керегем сага айтам, келиним сен ук, уугум сага айтам, уулум сен ук!» дегени байкалып турат.

 — Алмазбек сен жашсың, — деди эжем сөзүн улап, — балалуу-чакалуу болсоң да көп нерсени байкабайсың, көп нерсеге түшүнбөйсүң. Мага ушуну ителеп отуруш кызык дейсиңби? Кызык эмес. Мунун он саат какшатып кылганын мен мээмди оорутпай он эле мүнөттө аткарып коём. Негизгиси мен энелик парсымдан кутулушум керек.

Ал мени тиктеп токтоп калды. Мен: «Баланы өстүрүш керек, окутуш-чокутуш керек, үйлөнтүш керек» деп ата-энелик парстын негизги эрежесин ойлонуп кеттим, бирок эжем аны айткан жок.

 — Ата-эненин парсы, — деди эжем, — баланы эмгекке, адамкерчиликке үйрөтүш зарыл. Жогорку билимдүү болобу, төмөнкү билимдүү болобу кеп анда эмес, кеп адамкерчиликте. Адам болсоң акыл болот, бакыт болот, баары болот. Бала эмгекти билбей, элди көзүнө илбей өссө ким күнөөлү? Албетте ата-энеси күнөөлү. Эң биринчи күнөө энеде. Балага биринчи мугалим ким? Эне! Бала эмчек оозангандан баштап тарбия башталат. Учурунда эмизип, учурунда уктатпасаң чарайнадан жаңы чыккан бала да чыр болуп тынчың алат. Чоңойгондо эне кыялы балага жугат. «Энесин көрүп кызын ал, эшигин көрүп төрүнө өт» дешет эл.

Ал сапар аялым үйдө калган. «Атаңкөрү ушул сөздү вялым укса жакшы болор эле» деп ойлоп койдум. Болбосо кызы кечиксе да, уулу балдар менен мушташса да баары сени тартып маңыроо, тартипсиз деп мени күнөөлөй берчү.

Ошенткен кайран эжем табытта жатат. Чоң энесинин тарбиясында өскөн Анипа быйыл төртүнчү класстан окуйт. Сабагын даярдап, үй оокатка да үлгүрөт. Чыканактай болуп уй сааганын кантесиң, чоң кишини жолго калтырат. Ошол кыз азыр боздоп турат. Мен да азуумду чайнап, жаак эттерим түйүлүп солкулдайм.

Бир сапар үй бүлөм менен эжемкине келип калдым. Көчөдөн бурулуп үйгө жакындаганда эжем көрө коюп чепилдеп чуркап чыгып кучагын жая берди.

 — Менин каралдым, — деди уулум менен кызымдын бетинен алмак— салмак өпкүлөп, -менин берекем. Көптөн бери келбей кеткениңерден тарынып калганбы деп чочуладым. Деги аман-эсен жүрсөңөр болду.

Жездем жумушта экен. Келинчегимди колтуктап дарбазага жетип-жетпей келинине кыйкырды:

 — Ай, Жыпаргүл, тур айланайын, аркы алманын көлөкөсүнө калыңдап төшөк сал. Жаздык алып чык. Шаарлыктар алыстан жол басып чарчап келишти, жатып эс алышсын.

Атаганат ай, ошондогу мендеги сезим укмуш элего чиркин. Эжемдин жөнөкөй мамлесинен учаарга канат таппай өзүмдү камгактай жеңил сезип кеттим. Колдон келсе коргошун болуп эрип, кыт болуп куюлбайт белем эжемдин жүрөгүнө.

Эжемдин ошол жөнөкөй мамлесин эстеп эчкирип жибердим. Көздүн жашын токтото алар эмесмин, көнөктөгөн жаандай сабалайт.

Убакыт өтүп жатты. Эл жаназа окуп, табытын көтөрүп жөнөштү. Ичине бугун катып араң турган аялдар «чур!» дей түштү. Анипа табыттын сол жагына бир чыгып, оң жагына бир чыгып алып калчудай чуркап баратат. Жездем бейит үстүнө жеткенде жүрбөй калды. Таягына жөлөнүп калч— калч этет. Жерден уучтап топуракты сунган күрөккө араң салып:

 — Кудайдан сенин астыңда кетсем деп тилечү элем, акыры кор кылып таштап кеттиң го, эми жаткан жериң жайлуу болсун, топурагың торко болсун. Ас калды мен да артыңдан барам, — деп дирилдеди, кайран киши. Көзүнөн аккан жаш сакалы ылдый куюлуп турду.

Жездем кызык киши. Карыса да ушул күнгө чейин кыялы чатак. Бирөөнүн сөзү жакпай калса улуу— кичүүсүнө карабай камоодогу жолборстой күркүрөп коёберет. Көңү калабы, калбайбы аны менен иши жок, ойлоп да койбойт. Бул пейлин туугандарынын арасында огобетер арттырып жиберет. Бир сапар жезден адатынча айкырганда эжем:

 — Бай болгур кыйкырбай-өкүрбөй угуп турчу, — деди жездеме өтүнүч кылып, — сенин сөз жебей дайны жок өкүргөнүң сени да, мени да, балдарыңды да сыйдан шыпырып таштады. Сен туугандарың менен кагышканда алар жалаң гана сени коркутпай жалпыбызды коркутуп, жалпыбызга саламга келбей калышат. Сен минтип отурсаң элден да, журттан да чыгарасың баарыбызды.

Жездем көзүнүн агын чыгарып эжемди тиктеп жүк көтөрө албаган кишиче ынтыгып койду.

 — Ики, мунун акылдуулугун кантесиң. Алар деген тууган, эч жакка качпайт. Урушсам, тытышсам менин тууганым. Чекилдебей жөн отур.

 — Кеп ушунда, тууган сеники. Ошол үчүн сыйлаш керек. Жырткыч да өз үйрүн коргойт тура, сен эмне ошол жырткычтай болбой калдыңбы?Улууга да, кичүүгө да ыргыштайсың да турасың. Сен элден чыккан айбан болдуң дейли, ал эми балдарчы?.. . Аны кантесиң? Жетилип калган балдарыңды аясаң боло! Сенин сыйың менин сыйым, сенин сыйың балдарыңдын сыйы. Ээсин сыйласа итине сөөк таштайт билсең.

 — Сыйлабаса так атасынын оозун урайын, — деди жездем адатынча, — сыйлабаса мен өлгөндө өкүрбөй эле коюшсун. Эл көөмп алат.

 — Эй мусулман, — деди эжем, -өлүк өлүп кала берет. Өлгөн өз шору. Ага эч сыйдын кереги жок. Сый артындагыларга керек. Балдарыңа керек. Небереңе керек.

 — Болдучу какшабай, — деди жездем күркүрөп, -мээмди оорутуп жибердиң!

 — Кантейин, — деди эжем үшкүрүнүп, — деги кудай сени кем акыл жаратып коюптур. Карысаң да сый сөздүн баркына жетпей өтүп кете турган болдуң.

Ошенткен жездем ушул. Эч өзгөргөн жок. Эжемди ырасмысы менен көөмп өлүк чыккан журге чуркурап өкүрүп басылдык. Жездем а дээрге алы келбей аябай боздоду. Кара бууну тараткандан кийин элди бөлүп үй үйгө киргизип тамак таратышты. Этти туурап жатып эжемдин дагы бир мүнөзү эске түштү.

Анда да ушундай кыш болчу. Грипп менен ооруп температурам ордунда болсо да оңоло албай койдум. Башым ооруп, алым кетет. Врачтар астения дешти.

 — Астенияң эмне? — деп сурадым.

— Бул оору гриптен болот, — деп түшүндүрдү дарылаган врач, -Айрым учурда негизги оорудан кийин адам өзүнө келбей сизге окшоп шалдырай берет. Муну грипптен кийинки астения дейт. Мен сизге ооруган баракчаңызды узартып берейин таза абага чыгып эс алыңыз.

Мен үйгө бир түнөдүм да эжемкине келдим. Жездем да грипптен кийин тумоолоп айыга албай ыкшып жөтөлүп отурган экен. Жөнжайды сураштыргандан кийин эжем:

 — Ай чал, тиги козунун бирөөн соёлу, — деди кеңеш салып.

Жездем жактырбай эжемди жаман көзү менен чолуй карап сурады:

 — Эмне үчүн?

 — Сен ооруп атасың, Алмазбек да ооруп жүрүптүр жаш сорпо ичкиле.

 — О койчу, — деди эжем кол шилтеп, — болгону эки козу калды…

 — Аккула жандан артыкбы, — деди эжем, -жан аман болсо мал табылат. Апкел Арзымат аркы кара күрпөң козуну, сой! Булардын аркасы менен биз да шорпо-шилең ууртап калалы.

Уулу араң турса керек шарт эле союп таштады. Алты күн жаттым. Ар күнү эки жиликтен салып, силкме кылып кайнатып берет. Жездем экөөбүз туурап, бешбармак кылып, калемпир кошкон сорпосун ичип тоюп алабыз. Бир жуманын ичинде сен көр, мен көр айыктым да кеттим. Ошенткен эжем ушул болчу. Көзүмдөн жаш таамп этти туурай албай калдым.

 — Келе бери бычакты, — деди Самар табакты астына тартып, — деле жашык көрүнөсүң. Кенен— кесире отуруп ыйлап ал, этти мен туурайын.

Жашып отуруп этти да жейалган жокмун. Коштошуп машинага түштүк. Биз менен эжемдин иниси Муталип да түштү. Ага кабар жетпесе да элден угуп топурак салганы келиптир.

***

Эжем толгонгон аркандай чыйралган дулдул элего чиркин. Болгонду болгондой айта салган адаты бар болчу. Бир сапар сүйлөшүп отуруп наалып калды.

 — Жаман аял капкалуу хандын ордосун бузат, — деди эжем, -мына инимдин аялынын акылсыздыгынан Муталип менен катташпай калдык. Мен эле дейсиңби бир туугандары да үйүнө кирип чыкпайт.

 — Качандан бери катташпайсыздар?

 — Баягы сен экөөбүз үйүнө баргандан бери.

 — Бир сапар да барган жоксузбу?

 — Жок.

 — Көжал экенсизго жарыктык, — дедим чын пейлим менен кейип, — барып койсоңуз да болмок экен.

 — Көк болбогондо эмне, -эжем мага ачулуу тиктеди, -эңейгенге эңгейгин кулдун уулу болсо да, какайганга какайгын бийдин бийи болсо да. Менин күнүм ошолорго эле түшүп калыптырбы… Бирок иниме боорум ооруйт. Кантейин, миң сандаган элди башкарган иним бир түйдөк чачка алдырып койду. Куу тумшук экен, акыры…

Мен ал окуяны жакшы билем. Мындан беш жыл мурун болгон. Аялым түнкү сменага кетип үйдө отурсам телефон шаңгырап калды. Алакойсом эжем, түз эле буйрук берди:

 — Алло, Алмазбек автостанцияга тез кел!

 — Эмнеге?

 — Конокко барабыз.

 — Кайдагы?

 — Министирдикине.

Эжемдин ушул Муталиптикине барарын дароо түшүндүм. Ал министирдин орун басары болуп иштөөчү. Эжемдин аталаш иниси. Аялы эринин аркасы менен бир мекемеде жөнөкөй эсепчи болуп иштеп, кийин ишин таштап жанын багып үйдө отуручу. Мен такси чакырып, эжемди алып түз эле Муталиптикине келип түштүк. Бир көзүнө козунун этин шыкап, экинчи көзүнө сүзмө куйган баштыкты салган куржунду ийниме арта салып үчүнчү этажка тердеп— кургап араң чыктым. Жакшы турушат экен. Төшөлгөн килемден бут коёр ачык жер жок. Тамдын дубалына илинген килемдин сүрөтүнүн кооздугун айтпа, укмуш. Сервантта алтын жалатылган идиш, хрусталь толуп кетиптир. Келинчеги газга чай койгуча Муталип менен айыл-ападагы жаңылыктарды сүйлөшүп отурдук. Чай да келди.

 — Кана, балдарды да чакыргыла, — деди эжем инисинин үйүндө отурганына жетине албай, — келип чогуу отурушсун.

Муталиптин аялы местейип:

 — Ничего, тыяктан ичет, — деди.

 — Макиш, айланайын, балдарды чакыр, — деди эжем ичкен чайын столго коюп, -мен силерди, балдарыңарды көрөйүн деп келдим. Башканын кереги жок.

 — Айттым го, -Маржан дагы чорт жооп берди, -там кушает.

Мен оозумду ачып жалдырама тийип отуруп калдым.»Кечеки эле айылдын чор таман кызы укмуш маданиятка жеткен экен» деп ойлоп эжемди астыртадан карасам, ал томогосун алган бүркүттөй келинин олурая тиктеп калган экен.

 — Эмне, менин чечегим жугат дейсиңби же кайыр сурап жүргөн байкуш бекенмин, — деди эжем ачууланып, -чакыр! Балдар менен маңдай-тескей отуруп тамак ичели. Ушинтип жашынмак ойноп жүрсөк мен аларды, алар мени таанымак беле…

Маржандын каш кабагы түшүп таза эле болбой калды.

 — Туура айтат эжем, — деди Муталип тура чуркап, -өз киши менен өздөй болуш керек. Жакын киши менен чогуу отуруп тамак ичкенге эмне жетсин.

 — Падумаешь, — деди Маржан кергиштеп, — келгендин баары эле башкарып келет тим эле жыргатып койгонсуп… Пускай там посидят.

Менин тилим буулуп калды. Муталип да унчукпай ордунан туруп кетти.. Бир паска үй тымтырс болуп кант аралаштырган чай кашыктын каңгыраганы өкүм сүрүп турду. Атасы ээрчитип келген балдар да жалтаң болуп бүтсө керек энесинин оозун тиктешет. Тынчтыкты жети жаш чамасындагы кичүү уулу бузду.

 — Бабушка откуда приехала? — деп сурап калды.

 — Атаңдын туулган жеринен, — деди эжем, — билесиңби атаң кайда туулганын?

Ал «билесиңби» деген сөздү баамдады окшойт астыңкы эрдин чормойтуп, ийнин куушуруп :

 — Не знаю, — деди.

 — Мени билесиңби?

 — Не знаю.

 — Эй макоо, мен сенин чоң апаң болом, айткан жок беле? Баягында сага алма алып келбедим беле, унуттуңбу?

 — Не знаю.

 — Чо не знаю, — деди эжем да орусчалап, -знать керек. Мен болшой бабушка. Сеники папа эже.

 — Что ана сказала? — деп эжесин карады. Ал да караманча кыргызча билбейт экен. Биз балдар менен сөз таба албай жатканыбыз атасынын тынчын алды. Ал өзүн коёрго жер таппай эжеси менен балдарынын ортосуна тилмеч болуп күйпөлөктөдү.

 — Биздин үйгө кел, — деди эжем маңдайында отурган баланы башынан сылап эркелетип, — сага улак энчилеп берем. Билесиң го бизде улак көп.

 — Что такай улак?

Эжем колунун баш бармагын эки чыкыйына такап, төрт манчасын кулактай кылып көтөрүп эчкидей мекиренди.

 — Ме-е, ме-е? — деди колун сереңдетип, -ушундай эчкинин малчиги болот. Билдиңби?

Эжемдин кылыгына Маржандан башкабыз күлүп өлүп калыпбыз.

 — Улак деген козленок, — деди атасы түшүндүрүп, -понятно?

 — Понятно.

Бир аздан кийин мен кайра сурадым:

 — А нука скажи Замирбек козленок по киргизски как называется?

 — Кулак.

Биз дагы күлүп кыйрап калдык. Маржан ызаландыбы же биздин күлкүбүздү жактырбадыбы айтор чай ичилери менен балдарын айдап чыкты.

 — А нука, марш! – деди уулун желкеге бир коюп, -хватит баловаться. Муталип сен дагы калжырабай тынч отур.

Эжем чыдабай кетти көрүнөт келинине атырылып бир тийди.

 — Сен болбогон кесирлүү аял болупсуң, — деди балдар эшикти жабар менен, — кийгениң торко, мингениң волга. Анан сый сөздүн ордуна эриңе бой бербей элди жемелейсиң. Сен көпкөн экенсиң. Айтчы кайсы арыңа көбөсүң? Элчилеп иштеп акча таппасаң, бул бейишти сага ким берди? Атаң бердиби? Атаңдын да ким экенин билем. Өмүрү арак ичип, карта ойноп жүрүп өттү. Кечээ ошол атаңдын үйүнөн сени бир чыт көйнөк менен алып келбедик беле… Бул эмне кылганың, деги? Эмнеге чоюштайсың? Сени чоюштаткан, сени чагарактаткан ушул жаман эриң эмеспи, билсең! Тапканын ичип, бергенин кийип, келген кишилерди сыйлап жөн жүрбөйсүңбү. Билсең эриңди сыйлаганың өзүңдү сыйлаганың. Эгер элчилеп иштесең башка сөз, анда кызматыңа чиренди дейли. Сен ким? Мен ким? Айырмабыз жок. Сага карыганда карысам да калкоздо иштеп менин элге пайдам тиет.

Иниси унчуккан жок, жер тиктеп тим болду. Эжемдин ачуусу чындап келген окшойт токтободу.

 — Мен кыйымын деп ойлойсуң го өзүңдү, — деди эжем Маржандын каяшаяк сөзүн укпай, -жок кыйын эмессиң. Акылың кыска. Акылың болсо өз денеңден чыккан баланы өз тилинде сүйлөтөт элең го… Башкалардын балдары эне тилин да, башка элдин тилин да суудай билишет. Мына тарбия деп ошону айтат. Балаң эне тилин билбесе кимдин жамандыгы? Сенин жамандыгың! Керээли кечке үйдө бекер отуруп балдарың менен өз тилиңде сүйлөшүп койсоң кудай алат беле сени!Эмне үчүн эне тил дейт, билесиңби? Билбейсиң! Баланын тили эненин тили билсең. Балдарың чоңойгондо тели-теңтуштарынын ортосунда сөзгө сөлтүк, кепке кемтик болорун ойлойсуңбу? Ойлогон жоксуң. Кем акыл киши андай-андайды билбейт. Бүгүн курсагы тойсо эртеңкисин ойлобойт.

Иниси ортого түшө калды.

 — Коюңуз эже, — деди Муталип күлүп, — бир ачууңузду мага бериңиз.

 — Сага да, аялыңа да тойдум, — деди эжем албуутанып, — силерде кыргыздык касиет калбаптыр. Конок келгенде аял эрин кекетет деген эмне?.. .

 — Сенин туугандарың ушундай, — деди Маржан эрине асылып, -жөн келип, жөн кетишпейт. Булар үчүн сен да бир, айбан да бир.

Калп айткан менен болобу Маржандын тилине боюм жыйрыла түштү. Анын сулуу түспөлү, тирмийген көз карашы мага жыландай серт көрүнүп жүрөгүмдү эзип жиберди. «Жарым саат отуруп мен минтип атам, эри эптеп чыдайт экен да, бечара» деп ойлоп кеттим.

Эжем туура айтат, — деди Муталип, — бала тарбиялаганды чыны менен али билбейбиз. Үйдө оокат жетиштүү болсо төбөбүз көккө жетип жаман менен жакшыны айра албай калабыз. Жетишкендиктен баш айланып, көз бозоруп турган мезгил.

 — Көзүң бозорсо сеники бозорду, меники бозоргон жок, — деди Маржан куржунду каридорго ыргытып атырылып, -ал сасыган этиңерди. Экинчи келбегиле! Муталип сен да туугандарың менен кошо жогол. Сага окшогон эрдин барынан жогу.

 — Келбесе келбейм, — деди эжем да карышып, — күкүксүз жерде да таң атат. Айтты, айтты дээрсиң, бул пейлиң менен журтта каласың, бейбак.

Биз куржунду көтөрүп чыгып кеттик. Кийин уксам аялы арыздана берип эрин кызматтан алдырып, акыры ажырашып тынышыптыр. Азыр Маржан бир мекемеде кароолчу болуп иштеп жанын багып жүрөт.

Биз кыштакты аралап өтүп жолдун жээгиндеги эжемдин бейитинин тушуна келгенде Самар:

 — Эжем адамкерчиликтүү эле го, — деди көңүл улап, -а кишинин колунан мен да нечен ирет даам ооз тийгем. Ашын аз берсе да, көп берсе да көңүлүңдү тойгуган касиети бар болчу.

Мен сөз каткан жокмун. Ичимден: «адамдын адамкерчилиги өлгөндөн кийин билинет экен го, чиркин» деп ойлоп кеттим. Биз отурган машина чоң жолго түшүп Фрунзени көздө зымырап кетип баратты…

 

ДОО


Жайдын толуп турган мезгили эле. Кеңеш өкмөтү кыргыз жергесинде жаңы орношуп, күн санап күчүнө алып, байлардын заманасы тарый баштаган. Ушул эски доордон жаңы доорго өтөр учурда калкка кадырлуу Ташбуркан карыя сексен бир жашында дүйнөдөн кайтыш болду. Тоо этегиндеги көк мейкинге катар— катар боз үй тигилип, туш-тушка кабар айтылып эл дүрбөп калышты. Кулак угуп, көз көргөн жердегилер келишти. Айрымдары топурак салып, бата кылып, пендечилик парстан кутулалы деп сооп издеп келишсе, айрымдары жөн эле сонуркап көргөнү келишти. Айылдагы адамдар аягы менен тик туруп конок кабыл алып, кызматын кылышты.

Өлүк узатуу өз каадасы менен жүрүп жатты. Өкүрүп келгендердин аягы күндүр-түндүр басылган жок. Бираз эс алгандан кийин жаңы өкүрүк, жаңы ый.

Болуштун атын дагазалаган кошоктор. Аялдар түнкүсүн жөн эле салтты сактап үн чыгарып кошуса, күндүз ашынган кошокчулар катар отуруп кошушту. Аны уккандын сай сөөгү сыздайт.»Эсил кайран дүнүйөдө бир келип кеткен жан экен» деп ойлоого аргасыз болосуң. Үч күн, үч түн айыл чууга бөлөнүп, салтты сактап аял-эркек дебей ыйлап турушту. Болуштун баркын асмандаткан ырым-жырымдар өткөрүлүп, өлүктү түбөлүк жатчу жайына узатар мезгил да келип жетти. Бул кишинин өлгөнүнө кайгыргандар да, кубангандар да болду.

Ташбуркан карыя өз доорунда, өз чөлкөмүндө барктуу да, каарлу да, жаралгандан кара мүртөз адам болчу. Болуш болуп учурунда нечендерди тизе бүктүрүп, нечендерди күнөөсүз жазалап сыздатканы карапайым калктын эсинде. «Ташбуркан келатат «дегенде кедейлер кулаалы көргөн балапандай корголоп, жашынарга жер таппай калышчу эле. Көзүнө көрүнүп кыйыгына калса кызыл камчыга алганы аз келгенсип айыпка да жыгылышчу.

Бир сапар Ташбуркан жигиттерин ээрчитип, кабагы карыш түшүп, ачуусун кимден чыгарарын билбей тойго баратса жолдун жээгинде кой жайылып жатыптыр. Жакындай бергенде:

 — Ай, Ташбуркан койдун астын тоз? — деген үн болуштун кулагына урган таштай шак дей түштү. Бирөөнүн малы эмес, өз малын кайрып көрбөгөн Ташбурканга бул сөз катуу тийди. Тээ алыста таягына жөлөнүп сороюп турган койчу атайын шылдың кылып кыйкырып жаткандай сезилди. Өмүрүндө сен деп сөз укпаган болуштун чайнап жутуп жиберчүдөй жаак эттери түйүлүп, кайнаган кан дүүлүгүп башына чыкты. Күрөө тамыры балкылдап согуп артта келаткан жигиттерине көз кырын салып карады эле алар эки-экиден кобурашып эч нерседен кабарсыздай сезилет. Ачык асман мелмилдеп аңыздагы тегиз кылкан чыгарып калган күздүк буудай желп эткен желге деңиздей толкуп көз кумарды кандырат. Дан тиштеп көнүп калган койдун алды токтобой эгинге жакындап калганда кирип кетпесин деп чочулаган койчу дагы заңкылдады:

 — А-аай, Ташбуркан, кулагың кер болгур, кайыр алдакы койдун алдын. Малды эгинге киргизип өлөалбай жүрөсүңбү, жубарымбек!!

Чукул келип калган болушка койчунун сөзү мурункудан да даана угулду. Койчунун чарылдаган үнү жигиттерди да кайдыгер калтырган жок. Кыйкырык чыккан жакка баш уруп «бул ким болуп кетти?» дегенчелик кылып карап калышты. Ташбуркан куйрук улаш келаткан жигитке кылчая бурулду. Бул карышкыр көз карашка көндүм болгон жигит болуштун буйрук берерин сезип атын шарт теминди. Ансыз да ооздук чайнап элрип турган керкашка октой атып сур жоргого катарлаша түштү. Ташбуркан селейип тиктеп турган койчуну көрсөтө ээк какты:

 — Чакырчы тиги акмакты, кайсы машаяк экенин билели!

Жигит чаап жөнөдү. Күтүлбөгөн окуя болорун сезгенсип желаргы токтоп теребел да жымжырт боло түштү. Ааламдагы тынчтыкты бузуп кой айдаган жаш баланын чайылдаган үнү угулат. Сегиз жашар бала делбектеп, таягы менен жер чапкылап, айбат кылып, эгинге кирип бараткан койдун алдын кайрып убараланып чуркап жүрөт. Жигит койчуну аттын өңгөгүнө салып омуроолотуп айдап келди. Эч нерседен капарсыз, өз жаны менен алек болгон койчунун жүрөгүндө «буларга эмне күнөө кылдым?» деген суроо ойноп турду. Башкачалардан өзгөчөлөнгөн улукту кирпик астынан караса кол салуучу жырткычка окшоп сур жоргонун кулагынан артыла көзүнөн от бүркүп тиктеп турган экен. Аны көргөндө айтайын деген ою, сурайын деген суроосу оозунан түшүп калды. Ташбуркан эмне суроо берерин унуткансып койчуну бир топко буулугуп тиктеп турду да:

 — Ай, акмак, сен кимге койду кайыр деп жатасың? – деди.

Койчу жер тиктеген калыбында күңк этти:

 — Уулумду айткам, таксыр.

 — Уулуңдун аты ким?

 — Ташбуркан.

 — У, жер соргон акмак, желмогуздай балаңа андан башка ат таппай калдың беле? -Ташбуркан атырылып шөмтүрөп турган койчуну жылан боор камчы менен тартып-тартып жиберди. Койчунун башына кептей кийген жыртык малакайынын жүнү түтөй түштү. Ал жансоогалап башын колу менен калкаалап, бетин алакачып кирпидей бүрүшүп отура калганда уркуйган далысына камчы кайра ойноду.

 — Теги жаман, — деди Ташбуркан каарданып, -мунун тапкан атын кара. Жер жүзүндө башка ат түгөнгөнсүп менин атымды коюп алыптыр.

Ташбуркандын таноосу кыпчылып, өңү кубарды. Койчу тегеректеп курчап калган атчандардан өтө албай, камоого калган коёндой туш тарапка урунду. Кайда бурулбасын камчы төбөсүнө ойноп турду. Бул шордуу мал бакканга жалданып бөтөн айылдан жакында эле келген. Өз байынан башканы тааныбайт. Ташбуркандын атын угуп өзүн көрө элек.»Менин атымды койдуң» дегенден Ташбуркан зөөкүргө капталганын ошондо гана сезди. Тактап көрүп алайын деген ой өзөгүндө жанып атырылган адамды жалт карады. Ага сур жоргонун үстүндөгү киши адам эмес эле оп тартып турган ажыдаардай көрүнүп кетти. Обдулуп опурулган сайын оозунан жалын шыркырап чыккансыйт. Дагы бир имерип оп тартса жутуп жиберчүүдөй түрү бар. Койчу аптыгып жатып араң жооп айтты:

 — Баламдын атын мен койгон эмес элем, таксыр.

 — Анан ким койгон?

 — Эл койгон, таксыр. Бул сиздин атыңыз экенин билбей калыпмын, таксыр. Кечириңиз, таксыр.

 — Билбей калат имиш, чакыр уулуңду!

Койчу балага каптаган жамандыкты сезип, өзү жеген таякка уулу ортоктош болбосун деген үмүт менен тизе бүгүп чөгөөлөдү:

 — Атыңыздан айланайын болуш, кечириңиз мени. Балада эмне күнөө…Күнөө менде. Ургуңуз келсе мени уруңуз, ачууңузду менден чыгарыңыз. Мени күнөөлөңүз…

 — Урса койсо сенден сурабайт, — деди арттагы жигит бакылдап, -мунун деле мыктысын. Балаңды чакыр дегенден кийин чакыр, болбосо мойнуна чылбыр салып сүйрөтүп келем.

 — Кечир мени, мырза, — койчунун сербейген сакалы дирилдеди, — баланын жүрөгүнө так салбагыла. Балада эмне күнөө…

 — Акмак, -албуутанган жигит үзөнгүгө тура калып камчы менен тартып жиберди эле, артылта чапкан камчынын учу койчунун жылаңач төшүнө тийип тилип кетти. Шүйшүң кан чыккан жерин алаканы менен басып артына бурулду

 — Чакыр десеңер чакырайын, — деди көзүн жашылдантып, -эрк сиздерде. Азыр чакырам…

Койчу дагы кимиси чаап жиберет деп жалтактап, бөжүрөп, араң дегенде атырылып турган атчандардын арасынан суурулуп чыкты. Айлана бозоруп, жер күүгүмдөйт. Кан болгон колун чекесине көлөкө кылып карады эле уулу койдун четинде эрбейип тиктеп турган экен. Демитип турган атчандарды бир карап алганда деми огобетер буулугуп чыкпай калды. Алкымына бир катуу нерсе кептелип калгандай сезилди. Антсе да кутурган иттер баланы көкбөрү тартпасын деген ой тынчтык бербеди. Ансайын үнү бекилди. Атын айтып чыкыргандан коркуп:

 — А-ай, балам, бери кел? — деп кол булгалап кирилдеди.

Чоң кишилердин бака-шакасына таңданып карап турган бала учуп жөнөдү. Бутуна чөңөр кирсе да балалык таттуу кыял менен учуп келатат. Жакын келгенде атасынын башы жарылып, төшү тилинип канап турганын көрүп, коркконунан көзү алайып жетип жетпей токтоп калды.

 — Кел балам, — деди атасы киркиреп сүйлөп, — бул атаңарга, агаңарга салам бер.

Баланын акылы мокоп салам айтуунун ордуна атасын кучактап канталаган төшүн сыйпалап сурады:

 — Бул эмне болгон, ата?

 — Эмне болмок эле, жыгылып чөңөргө сыйрытып алдым. Андан көрөкчө колуңду бооруңа алып улуу кишилерге салам айт, балам. Улууга урмат көрсөтүү кичүүгө парс.

Бала кымкап чепкен жамынып, кара баркут менен кыйуулаган ак калпактын астынан заар чачып тиктеп турган кишини көрүп жүрөгү алкымына каптала түштү. Бала жырткыч көргөнсүп апкарып тили күрмөөгө келбей артына кетенчиктеди. Болуштун көзүнө артка чегинип бараткан бала бала эмес эле куйругун чатына кыпчып кетенчиктеген итке окшоп кетти. Ал анын жинин огобетер кайнатты:

 — О, иттин баласы, — деди четтеги жигит, — салам айт!

Бала корголоп атасынын артына жашынды. Жигит аттан ыргып түшүп баланы колунанкармап силкти:

 — Өлө элегиңде айт салам!

 — Бала үн катпады.

 — Эмне үчүн салам айтпайсың?

 — Анан эмне атамды урасыңыар.

 — Айт дегенден кийин айт? — деди жигит баланы өпкөгө күрс дегисе муштап, — бул кишиге сен эмес бүткүл адамзат башын ийип салам берет. Сен кимчелик болуп калыптырсың!

Бала качууга аракеттенип тыбырчылады эле карыштыра кармаган колдон чыга албады. Өз жанын өзү коргогон алсыз жандыкча кайрылып туруп билегинен тиштеп алды. Жигит колун шак тартып алып баланы шилиге берип калды. Ташбуркан түнөргөндөн түнөрүп карылуу колдон кутулуп чыгууга аракет кылып тыбырчылаган баланы жеп жиберчүдөй тиктеп турду да:

 — Иттен туулган бала ит болот, буга окшогон иттин санын көбөйтпөй мууздап таштагыла? — деди.

 — Таксыр, айланайын таксыр, балама тийбегиле. Экинчи сиз жүргөн жерге жүрбөйүн. Баскан изиңизди баспайын. Эртең эле бул жерден көчүп кетейин. Барган жеримде баламдын атын башка коёюн. Кечириңиз кулуңуздун итчилигин. Билбей калып мени кудай уруп жүрбөйбү, болбосо кантип эле сиздин атыңызды атап баламды тилдейин. . .

Койчу тизелеп кулдук уруп жер кучактап жыгылды. Баш аягын карабай жан соогалап калдактаган жалп деп жер кучактап жыгылган койчудан сур жорго жалт берип болушту аз жерден таштап кеткен жок. Мурунку селге кийинки кыян кошулуп Ташбуркан каарду үн катты:

 — Алгыла, эмнекарап турасыңар!

Аттан ыргып түшкөн эки жигит калдактап карайлаган койчуну дырылдата ары карай сүйрөп жөнөгөндө, колун тиштеткен жигит баланы тизеси менен ныгыра басып кой мууздагандай кекиртегин анжиян бычак менен балжа— булжа кылып шалап таштады. Атасы желкеге урган муштумдан эс-учун жоготуп бир оокумда көзүн ачса канга сугарылган баланын жаны чыкпай, турууга аракеттенгенсип денеси диртилдеп жаткан экен. Атчандар эбак узап кетиптир…

Бул болуштун жаш чагындагы бир гана окуясы, буга окшогон зомбулук канча гана болбоду. Ошенткен адамды кошокчулар анысын айтпай айга, күнгө теңеп даңазалап жатышты. Бир оокумда:

Жолборсум, булгаары белең өңгөндөй,

Жолборсум, букара белең өлгөндөй, — деген кичүү аялынын кошкон кошогу уккан элдин жүрөгүн мыкчып алды, бирок бири да сөз катпай шүк болушту…

***

Өлүктү узатуу өз ырасмисы. өз агымы менен жүрүп жатты. Ташбуркандын денесин жууп, табытка салып боз үйдүн күн батыш жагындагы дөбөчөгө апарып коюшту. Табыттын үстүнө кытай килемин жаап, бийик жерге койгонго өлүк сүрдүү да, барандуу да көрүндү. Жаназага туруучулар шыкалып келип калышты. Алдыңкы катардагы элге аралашып муруту жаңы эле кыр жапкан, чап жаак, узун бойлуу, эски таар чапанын кур менен курчанган улан да жүрдү. Эл аны «сага эмне жок» дегенчелик кылып колунун сырты менен түртүп четтетип өтүп жатышты. Аны байкаган Турдубек жанындагы Маражапты чыканагы менен түртүп:

 — Я, кокуй, кагыраган чалдардын арасына сыгылышып тиги балага эмне жок, — деп калды.

 — Кайсы бала?

 — Алдыңкы катарда кишилердин арасында жүрбөйбү. Балким таанырсың?

Маражап баланы назар коюп тиктеп калды. Кандайдыр өңү жылуу учурагансыйт, бирок эстей албады.

 — Билбейм, — деди Маражап ийнин куушуруп, — балким сырттан келгендир.

Боз улан улам түртүлүп, улам жылып илгерилеп баратты. Анын өңүндө кандайдыр бир өжөрлүк сезилип тургансыды. Боз баланы назар салып караган жигит:

 — Балким ал шумпай молдолорго кошулуп жаназага турган жүргөндүр, — деп мыскылдап күлдү.

 — Болсо болор, — деди Маражап кайдыгер, — балакаттан өткөндөн кийин баарлык адам жаназага турууга акылуу, бирок алдыга жутунбай артына турса да болмок.

Маражап жолдошунун тамашасын жактырган жок. Бала кандайдыр көзүнө жылуу учурап туруп алды. Алар өз ара кобурашканча башына селде чалынып, ак бешмант кийген молдо баш бармагына илген теспесин чубалжытып өлүктүн баш жагына келип турду. Бул киши дубандын молдосу, аны атайын ат чаптырып алыстан алып келишкен. Ак жуумал жүзүнө, буурул тарткан сакал-муруту жарашып айланага токтоо көз чаптырат. Анын кыймылынан, жүрүш-турушунан тажырыйбалуулугу, салабаттуулугу байкалат.

Ташбуркандын Алымбек, Эмилбек деген эки уулу, бирине бири коёндой окшош беш кызы бар.»Ата даңкы менен кыз өтөт, соодогер даңкы менен бөз өтөт» болуп кыздары кадыр барктуу жерге бүлө болуп, уулдары бардар, кадырман адамдардын кыздарына үйлөнүшкөн. Баары балалуу-чакалуу. «Эми өлүк башына кимиси турат?» деген ой менен эл күбүр-шыбыр боло түшкөндө улуу уулу Алымбек чыкты. Ал болуш болбосо да калкка кадырман, бирок атасына окшоп кара мүртөз. Элге жакшылыгы жок.

Котологон эл шыкалып молдонун оозун тиктеп калышты. Ошол учурда жанакы боз улан кары кишилердин кагуусуна карабай калың элдин арасынан сыгылып өтүп алдыңкылардын чет жагына барып токтоду. Аны эл бир чети жек көрүү менен, бир чети кызыгуу менен карап турушту. Бирери ал баланын акылынын кемдигине шек келтиришкен жок.

Молдо үнүн бийик чыгарып, элге угуза Алымбекке кайрылды:

 — Кана уулум, атаңыз Ташбуркан эл бийлеген, журт бийлеген жакшы адам эле. Көзүнүн тирүүсүндө бирөөдөн аласа болсо, бирөөгө бересе болгон чыгар. Куданын кулу бул опосуз дүйнөдөн түбөлүк жайга сапар тартканда карызынан кутулуп, күнөөсүнөн айрылышы парс, бирок пендечилик кылып аласа— бересесин унутуп калышы ыктымал. Атаңыздын ошол карызын тындырам деп мойнуңузга алууга макулсузбу?

 — Макулмун, — деди Алымбек, — баарлык карызын көтөрөм.

 — Анда агаийиндерге угуза, «атамдын бересеси болсо менден алгыла, аласасы болсо мага бергиле» деп үч мертебе айтыңыз.

Алымбек баш аягына көз жетпей кылкылдаган элди айланта карап алганда ээк астында куучуйган бала көзүнө чалдыкты. Бул көрүнүш көңүлүнө кылкандай сайылып, чабыттаган ою кирдей түштү. Ансе да үнүн бийик чыгарып:

 — Атама бересе болсоңуздар мага бергиле, аласа болсоңуздар менден алгыла? — деп салабатуу жариялады. Түмөндөгөн элден жооп болгон жок. Аласасы барлар да, жоктор да момурап адаттагыдай Алымбектин оозун тиктеп турушту. Элдин уюп калганына демөөрлөнүп ушул эле сөздү дагы кайталаарда жанакы таар чапанчан бала колун булгалактап:

 — Молдоке, молдоке менде бир собол бар, — деди.

Куучуйган бала Алымбектин ачылган оозунан сөзү жулуп алып аяк алдына тебелеп таштагандай сезилди. Тымтырс турган адамдар термелип үн чыккан тарапка жапырт карап калышты. Бою кыскалар согончогун көтөрүп мойнун созуп, арттагылар «эмне дейт?» дешип бири биринен сурап тынч жаткан аалам кашаттан ураган шагылдай күбүр-шыбырга айланып чыкты. Молдо сууга чөгүп бараткандай кол булгалаган боз уланды таң кала тиктеп, молдолук даражасын бузбай баш ийкеди:

 — Эмне соболуңуз бар, айтыңыз, — деди.

Эртеден бери «айтсамбы— айтпасамбы?» деп тартынчыктап турган боз улан «болору болду» дегенсип адамдарды жиреп чечкиндүү алдыга чыкты.

 — Жөнөкөй эле собол, молдоке, сурасам айып этпейсизби?

 — Сура уулум, сура, — деди молдо коңур үн менен, — бирок мындай учурда кайдагы суроо…

 — Мен өлүк узатуу жөнүндө бир маселени тактап билгим келет, — деди боз бала, -ал мындай. Эгерде адам тирүүсүндө бирөөгө карыз болуп, учурунда бербей көзү жумулуп кетсе, ал өлгөндөн кийин жакыны ал карызды бербесе, андай адамга жаназа жүрөбү же жүрбөйбү?

Өлүктүн жанында, көп элдин астында өзүн өйдө кармап турган Алымбектин келжирек сөзгө жаны чыгып кетти. Ушул акмакты азыр эле алаканына салып уйпалап жибергиси келди, бирок анте албады, тек гана карегинен от чачып тим болду.

 — Карысын бербесе жаназа жүрбөйт, — деди молдо, — бирок алла таала адам баласын пенде кылып жаратканын эске алып, карызынан кутултууга мүмкүнчүлүк берди. Бул жөнүндө азыр эле айткам, аны эшиткен чыгарсыз.

 — Уккам, бирок тактап билейин дедим.

 — Мунун тактыгын, — деди элдин катарында турган Эмилбек боз уланга атырылып, — мен сага тактыкты көрсөтөм. Кимди көмгөнгө жолтоо болуп жатканыңды билесиңби?

Арадагы эл Эмилбекти боз уланга жибербей кармап калганда молдо колун көтөрүп:

 — Сабыр этиңиз, мырза, бүгүн сиздин чаң чыгарар күнүңүз эмес. Шарият жолу менен атаңызды тынч узаталы. Ал киши элдин тынчтыгын тилеп, сиздерден куран күтүп табытта жатат. Муну сиз да, жалпы эл да түшүнүшү керек, — деп арага түштү.

Айкырган ачуу сөздү укканда эл огобетер ыкташып, огобетер кызылышып сөзгө кулак түрүп калышты.

 — Анда менин доом бар, — деди боз улан тайманбай, -шарият жолу менен доомду өндүрүп бериңиз, молдоке.

Молдо эмне дээрин билбей бирде каны ичине тартып турган Алымбекке, бирде бетинен түгү чыгып суу болгон аркандай чыйралып турган Эмилбекке карады. Күтпөгөн окуяга эл кептелип ың-жыңсыз иштин акырын күтүп калышты.

 — Эмне дооңуз бар? Айтыңыз. Деги өзүңүз ким болосуз? — деди молдо.

 — Мен табытта жаткан кишинин тууганы болом, — деди боз улан, — бул Алымбек, Эмилбек байкем болот. Уруубуз бир. Атамдын аты Саады. Өз атым Магдыбек.

Эл дуу дей түштү. Бири таанып таң калса, бири тааныбай таң калышты. Саалынын сокур болушу ушул күнгө чейин эл арасында жомок болуп айтылып жүрөт, бирок анык— даныгын билгендер аз.

Эртеден бери боз уландын өңүн жылуу учуратып айрып билбей турган Маражап дароо тааныды. Атасы сокур болгондо жардам көрсөткөн жери бар. Анда Магдыбек ойноок бала эле.

…Бул окуя мындан он беш жыл мурун болгон. Ал кезде Ташбуркан жетмиш беш ченге келип, пайгамбар жашынан алдакачан өтүп кеткен. Антсе да карылыкка моюн бербей тың болчу. Айыл аралап, эл кыдырып бастырып кетчү. Бир сапар жаз кеч келип, ичке үзүлүп, жоон сүзүлүп турган чакта Нарын тараптан он чакты кадырман кишилер учурашканы келип түшүштү. Алыстан келген меймандарга атагын чыгарыш үчүн казысы калың союш керек болчу. Мурунтан көңүлдүн борборуна алып, көзүнүн кырын салып жүргөн тууганынын жылкысын эстеди. Ал минип жүргөн атын күздөн бери жем берип байлап жүргөн. Ташбуркан малайын чакырып алып,»барып Саалынын жылкысын апкел, кийин ордуна жылкы алат» деп чаптырды. Малай куру кол кайтканда канкорлугу кармаган Ташбуркан атына минип, жаныа коштоп малайын алып тууганыкына келип, аттан түшпөй:

 — Саалы, ай Саалы, барсыңбы? — деп үн салды.

Саалы Ташбуркандын үнүн угуп шашып калды.

 — Бармын.

 — Бар болсоң бери чык!

Саалы жаман тонун ийнине салып, уулун ээрчитип сыртка чыкса Ташбуркандын түктүйгөн кашы жыйрылып, кабагына кар жаап туруптур.

 — Эмне үчүн киши жиберсем атыңды карызга берген жоксуң? — деди Ташбуркан чү деген жерден кекетип, -же туугандыктан чыгайын дедиңби?

 — Уулума той берейин деп байлап жүрдүм эле, — деди Саалы жайын айтып, -эртең, бүрсүгүндөн көк чыгып жер кургар менен тоюн өткөрөм. Башка малым жок экенин өзүңүз деле билесиз…

 — Малың жок болсо бул жылкыны кайдан алдың?

 — Былтыр аялым экөөбүз дунганга малай жүрүп тапкан акыбызга ушуну сатып алгам. Колдо малдын жогунан балам бешке чыкканча сүннөткө отургуза албай, тоюн бералбай жүрөм.

 — Болуптур, — деди Ташбуркан жумшак мамлеге өтүп, — бери кел тууганча сүйлөшөлүк.

Саалы жумшак сөзгө эсиле басып жанына жетер менен шап жакдан алып сурады:

 — Сен мени тааныйсыңбы?

 — Тааныйм, — саалынын өңү кубара түштү, -эмне экен?

 — Ким келгенин көрүп турасыңбы?

 — Көрүп турам, — саалы айбаттуу чалды таң кала тиктеди.

 — Мына көрсөң, -Ташбуркан оң колунун соройгон баш бармагы менен көз талаштыра берип калды. Саалы алаканы менен бетин басканда муштуму менен лак дегизе шилиге коойду.

 — Жуттуң, — деди Саалы темселеп, -мындан көрөкчө өлтүрүп кет.

 — Керек болсо өлтүрүп салам, — деди Ташбуркан ат үстүнөн опурулуп, — сага окшогон иттин барынан жогу.

Кошунасы Маражап чуудан улам чуркап чыкса Саалынын жаны жай таппай топуракта ооналактап жатыптыр. Бетин баскан колунун салаасынан шилекейдей болуп былжырап чечекейдин суусу кан аралаш агып туруптур. Үйгө алып кирип караса Ташбуркан бармагы менен шордуунун көзүн чыгара сайыптыр. Саалынын көзү ошондо сокур болуп, тууганына тарынып башка жакка көчүп кеткен. Ошондон бери катнаш токтогон. Андагы беш жашар бала эми эр жетип доо доолап отурат.

Эл арасы күбүр-шыбыр. Биринен бири сурап, биринен бири билип жанакы жек көргөн көз эми боз уланды аяп, жан тартып тиктеп турушту.

 — Ташбуркандын тушунда таштай катпадык беле, — деди Маражаптын жанындагы улгайган киши, -элге эмнелерди көрсөтпөдү. Кандай гана салык салбады. Залимдин астында чөгөлөп жүрүп жан сактабадыкбы.. .

 — Эй, теңир аткыр, — деди Алымбек Магдыбекти теше тиктеп, -айт дооңду.

 — Ташбуркан чоң атам атамдын көзүн чукуп таштап жылкысын алып кеткен. Мен ошол атты доолап келдим.

 — У, жер соргур, — деди Алымбек сурданып, -ал атты атаң өзү союшка берген. Бар атаңды чакырып кел.

 — Атам жок.

 — Ал кайда?

 — Ал чукулган көзү кабылдап ошол эле жылы өлүп тынган. Атамдын көзү кашайып карайлап калганда Ташбуркан чоң атам атты акырдан чечтирип жетелеп кеткенин мен жакшы билем. Сиз унутсаңыз да мен унута элекмин.

 — Кармагыла, — деди Алымбек титиреп, -алпарып мамыга байлап таштагыла. Атамды жерге жашыргандан кийин бул иттин карызын өзүм берем.

Элдин арасында нааразылык сөздөр ачык айтылып жатты. Бири «куу жетим ажыдардын куйругун басып алды, кантээр экен» дешсе, башкасы «деги жүрөгүндө жалы бар эр экен, өлкөсү өссүн» деп балага сыймыктанышты. Магдыбек тилин тартпай:

 — Сиз байлай албайсыз, — деди бакылдап, -мамыга байлап алып сабай турган заман өткөн. Кедейлерди коргоп алар өкмөт бар. Аны унутпаңыз. Атты бербесеңиз мен ошол өкмөттүн өзүнө барам. Муну бир деңеиз, экинчиси мен карзын кечпесем атаңызга жаназа окулбайт.

 — Шашылбаңыздар, — деди молдо дагы ортого түшүп, -ачуу шайтан акыл дос. Акылга келиңиздер. Жаңжал чыкса урматтуу кишинин денеси тепсеринде калат. Балким бул бала ич күйдүлүк менен же жаштыгына алдырып айтып жаткандыр. Сабыр этиңиздер.

Магдыбекти кысып келген кишилер токтоп калышты. Шаштысы кете түшкөн молдо элге карап:

 — Кана агайын туугандар, акыйкатташалы. Ташбуркан карыя бул баланын атасынын атын алганын ким билет? Көрүп, билген кишилер болсо айтыңыздар. Алганын аныктаган адам болбосо бул баланын доосу доо болуп эсептелбейт, — деди.

Эл жамырап Алымбектин оозун тиктешти. Өмүрүндө Ташбуркандын өзүнө да, анын тукумуна да каяша айтып көнбөгөн эл укканын уктуп, көргөнүн көрдүм деп айтууга батына албай турушту. Бир оокумда аялдардын арасынан чачы кардай агарган кемпир:

 — Мен билем. Саалынын көзүн чукуп, атын зордуктап алып кеткенин мен көргөм, — деп алкынып чыкты. Молдо аялды астыртадан карап акырын суроо таштады:

 — Сиз Саалынын эмнеси болосуз?

 — Аталаш эжеси болом.

 — Балага жан тартып жаткан жоксузбу?

 — Мен көргөнүмдү айттым, молдоке. Ташбуркан Саалынын көзүн олуп таштаганда мен үстүндө болгом. Анда алдакы бала жаш болчу. Кошунасы Маражап келип Саалыны көтөрүп үйүнө киргизишкен. Ал тигине, элдин арасында турат.

Эл кон сунуп, сөөмөй такаган жакты карашты. Маражап кайра тарталбай калды. Турган жеринде атып таштаса да чындыкты айтууга туура келди.

 — Саалынын көзүн чукуп, атын алып кеткенин мен да көргөм. Эжесинин айтканы туура, — деп ал да күбө өттү.

 — Болуптур, — деди айласы кеткен Алыбек, — бир ат алып көзүмө көрүнбөй жоголсун!

 — Ташбуркан чоң атам атамдын байлап турган атын алган, мен да чоң атамдын өз атын алам. Башка атты албайм, — деп Магдыбек кезе айтты.

 — Атакөрү сокурдун уулунун баатырлыгын кара, — деди алдыдагы киши элге угуза, — деле тең тууган деген кыйын экен го, чалдын чапма жоргосуна көз артып турганын кара…-

 — Мен тең тууган эмесмин, — деди Магдыбек аксакал кишиге кайрылып, -мен кем тууганмын. Кем туугандык үчүн атам көзүнөн айрылып, мен атамдан айрылып отурам. Мен эл журттан, туулуп өскөн жерден айрылып отурам.

Кары киши сөз таап жооп кайтара албай калды. Өмүрүндө өлүм үстүндө мынчалык доону, мынчалык чырды көрбөгөн молдо Алымбекке кайрылып:

 — Уулум, доосун бериңиздер. Алам дегенин алсын. Атаңыздын арбагын ыраазы кылыңыз.

Алымбектин таноосу кыпчылып, өңү кумсарды. Эртеден бери кыбыланы карап бир бет турган эл өлүктү айланып курчап калышты.

 — Болуптур, — деди Алымбек туталанып, -алсын. Ошол эле атамдын аты керек болсо берели.

Сумсайган молдонун ууртуна жылмаю пайда болду. Ал калайык калктын көзүнчө баланын карзын тындырганга ыракаттанып доо доолаган боз уланга кайрылып:

 — Ыраазысыңбы, уулум? — деди.

 — Ыраазы эмесмин, — деди Магдыбек, — качан атты апкелип колума карматканда ыраазычылыгымды айтам.

 — Ой ары жок десе, — деди четтеги киши, — берем дегенден кийин берет да. Маалкатып элди күттүрбөй ыраазычылыгыңды айтып койбойсуңбу.

 — Мен ыраачылыгымды азыр айтсам анан эт эмес табагымды таппай калам, чоң ата. Андай эле акылдуу экенсиз атты жетелеп келип колума карматыңыз, мен ошол замат ыраачылыгымды билгизейин.

 — У, такылдаган оңбогур, — деди ошол киши, — быякта кадырман киши өлүп атса мунун такылдаганын кара… Жаман ушул үчүн жаман да… Жер сорсун сага окшогон желмогузду!

Дуулдаган элди токтотуп молдо колун көтөрдү.

 — Кана уулум,  — деди молдо Алымбекке кайрылып, -атты алып келип колуна карматкыла. Ансыз да атаңыздын денеси көпкө кармалып калды.

 — Апкел, — деди Алымбек жанындагы кишиге кайрылып, -желмогуздун колуна атты карматкыла. Аты эмес атамдын өзүнөн айрылып отурабыз.

Магдыбек ат колуна тиер менен жайдак секирип минип:

 — Ыраазымын, — деди үнүн бийик чыгарып үч мертебе, -Ташбуркан чоң атамда да, анын балдарына да доом жок.

Эл эсине келип, жаназага тизилип кайра турганча Магдыбек узап кетти. Байлоодо турган жорго ат жал куйругун сыдырым желге жайылтып куштай учуп баратты…

 

БАКТЫГҮЛ

Салтанат иштен үйүнө кеч кайтты. Чарчап-чаалыгып, бешинчи кабатка келсе эшигинин алдында адиялга оролгон бир нерсе жатат. Этият эңкейип караса үч-төрт ай болуп калган бала экен. Оюна эч нерсе албай ирегелеш кошуналардын коңгуросун шыңгыратса эшиктери бек болуп чыкты. Тамак салган баштыгын таштап, баланы көтөрүп астыңкы кабатка үштү. Кимдин баласы экенин алар да билишпеди. Бала көтөрүп кирип-чыккан кишини да байкашпаптыр. Улам төмөндөп биринчи кабатка барса терезени ачып таштап түбүндө энтигип отурган кемпир:

 — Каргыш тийген астмам кармап терезенин түбүндө түштөн бери отурам.

Биздин подьезден катын— калачтын бала көтөрүп жүргөнүн байкаган жокмун, бирок жанарак бир чоочун келин оролгон бир нерсени көтөрүп подьезге киргенин көргөм, бирок качан чыгып кеткенин байкабай калдым. Балким мен ашканага кирип дары ичкенде чыгып кеткендир, — деди.

Салтанат кайра бешинчи кабатка көтөрүлдү. "Балким энеси келип калгандыр" деп ойлоп кошуналардын коңгуроосун кайрадан шаңгыратып чыкты. Жооп жок. Эшиктери бек. Айланадагы тынчтыкты бузуп бала барылдап ыйлап кирди. Салтанат үйгө кирип, баланы керебеттин үстүнө жаткызып чечиндирсе койнунан кагаз түштү. Ачып окуса "Баланы багып алыңыздар, доом жок!" деп жазып баланын ороосуна салып коюптур.

Салтанаттын жүрөгү "шуу!" дей түштү. Чарылдаган наристенин астын кургактап караса кыз бала экен. Саал арыктаганы болбосо колу— буту аман, көзү, чачы кара, мурду кетирекей. Кийгизген кийми, ороолору да таза.

Атүгүл кагазга оролгон даяр упчусу жүрөт.

Салтанат үй бүлөлү. Эри Эламан электрик. Өзү фабрикада жумушчу болуп иштейт. Үчүнчү класста окуган кызы бар. Андан кийин бир уул төрөп, анысы бир жылга жетпей чарчап калган. Ушундан кийин төрөбөйт. Жалгыз кызы Сабиранын өмүрүн тилеп жашап жүргөндө кайыптан бала пайда болгонуна бир чети кубанса, бир чети табышмактуу баланын тагдыры таңыркатты. Эмне кыларын билбей эрин күттү. Макул десе багып алалы, жок десе балдарды бакчуу өкмөттүн үйүнө өткөрүп берүүнү чечти. Аңгыча Сабира кирип келип, керебетте көшүлүп уктап жаткан баланы көрүп:

 — Апа, бул кимдин баласы? — деди.

 — Биздики. Сага сиңди болсун деп сатып алдым, — деди Салтанат кызын тамашалап.

 — Коюңузчу. Ушул жыргал турмушта кантип эле эне баласын сатсын!

 — Ээ, кызым, — деди Салтанат кызын кучактап, бетинен өөп, — бирөөгө зар бала, бирөөгө кор бала деген ушул. Кимдир бирөө эшиктин астына таштап кетиптир. Жазып калтырган каты бар экен, — деп баланын койнунан түшкөн катты көрсөттү. Сабира кагаздагы "Багып алыңыздар, доом жок" деген сөздү кайра— кайра окуп алып:

 — Багып алгыла деген турбайбы, багып алалы. Мен буту басып чоңойгондо ээрчитип алам, — деп кубанды.

 — Бала багыш оңой эмес, бул толгон токой түйшүк. Муну ойлонуш керек.

Жети өлчөп бир кезиш керек. Атаң келсин. Акылдашалы. Атаң көңүлдөнсө, кыз кылып алууга макул болсо багып алалы. Каршы болсо болбойт. Баланы багыш кеп эмес, аны тарбиялап өстүрүш керек, — деди апасы.

Сөз Эламанда калды. Ал каш карайганда иштен келди. Коңгуроо шыңгыр эткенде Сабира телевизорду өчүрүп чуркап барып эшикти ачып:

 — Ата, сүйүнчү? — деди каткырып күлүп.

 — Болсун балам, болсун, — деди жакшылыктын жышаанын уккан атасы бутун чечип жатып, -эмне менен сүйүнтөсүң?

 — Кыздуу болдуңуз!

 — Эмне апаң кыз төрөдүбү? — деди Эламан кызын тамашалап.

 — Кыз төрөдү, эмне, ишенбей жатасызбы? — деди Сабира атасына эркелеп.

Эламан каткырып күлүп, кызын кучактап бетинен өөп:

 — Апаң декретке чыкпай кыз төрөсө ажеп эмес, анда кудай бизге бергени, — деп күлүп залга киргенде Сабира чуркап барып башка бөлмөдө уктап жаткан баланы көтөрүп келип:

 — Мына кызыңыз. Көрүмдүк бериңиз, — деди.

Эламан кызынын колундагы баланы алып, "үйгө кимдер келгендир, энеси кайда?" дегенчелик кылып ашкана тарапты карап алды да:

 — Бул кимдин кызы? — деди.

 — Менин кызым, — деди Салтанат күлүп.

 — Ай, ажыкыстанбай айтчы, — деди Эламан баланы кучактап турган калыбында.

 — Менин кызым, эмне ишенбей турасыңбы? Мына ишенбесең метиркеси, — деп Салтанат чөнтөгүндөгү баланын койнунан тапкан катты сунду. Эламан катты кайра— кайра окуп алып, оозу ачыла аялын тиктеди. Эри баланы кучактаган бойдон диванга отурганда Салтанат болгон окуяны башынан аягына чейин айтып берди. Эламан наристенин өңүнө үн катпай тигилип ойлуу отурду. "Эмне деп айтат" деп аялы да, кызы да дем тартпай туруп калышты. Ушул учурда бөлмөдө тынчтык өкүм сүрүп үстөлдүн үстүндөгү саатын чыкылдаганы гана угулуп турду. "Тезинен жооп айтпайсыңбы" дегенсип тынчтыкты наристе бузду. Ал бетине тийген шейшепти жалмалап эмчек издеп бакырып жиберди. Эламан бирде наристеге карап, бирде тигилип турган кызы менен аялына карап ооз ачпады. Ал анткен сайын Сабиранын тынчы кетип:

 — Ата, айтыңызчы, кыз жагабы сизге? Жакса багып алалы. Мага сиңди болсун, — деди.

 — Ээ, кызым, — деди Эламан жай гана, — кыз жагат мага, бирден макул деш оор иш. Балким бул баланын энеси зарыл иш менен бир жакта жүргөндүр, бүгүн болбосо да эртең келип калышы ыктымал. Эртең болбосо да кийин келип кызын талашар. Анда эмне кылабыз?

 — Багып ал деген энесинин каты бар эмеспи, — деди кызы.

 — Бала адамдын боор эти менен тең, кызым, эне болгондон кийин эстебей койбойт. Ишенич кыйын. Бүгүн болбосо да эртең кайрылып келип калышы мүмкүн.. .

Сөз ушуну менен бүттү. Чарчап келген, анын үстүнө "ак молдодон" сеп этип койгон атасы телевизор көрүп отуруп тез эле уктап кетти. Коюлган маселе ал күнү чечилбей калды. Антсе да Сабира менен апасы баланы колунан түшүрбөй алмак— салмак көтөрүп жүрүштү. Дүкөндөн балдардын тамагын апкелип беришти. Сабира каникулда болуп баланы күндүз ал карап, кечинде апасы койнуна алып жатып жүрдү. Атасынан жооп болбоду. Наристенин үкүдөй үн салганы, карагат көзү менен кадала караганы Эламандын да жүрөгүнүн музун эрите баштады. Ойлонгончо оодарылып бир жума аласалып өтүп кетти. Баланы издеп бирөө келген жок. Акыры үй бүлөлүк кеңеште макулдашып баланы багып алышты. Бирок ат коюш талаш болду. Кызы бирди айтса, энеси башканы айтты. Көп ат айтылып көңүлгө толбоду. Акыры атасы:

 — Силерге жакса атын Бактыгүл коёлу. Ылайым бактылуу болсун, мунун аркасы менен биз да бактылуу бололу, — деди.

Бул ат баарына жакты. Бактыгүл күн санап, саат санап өзө берди. Барган сайын кылыгы чыгып кызыгы көбөйдү. Жашка толгондо тамтуң басып, тили чыга баштады. Бир сапар Эламан иштен келгенде тамтуң баскан Бактыгүл "ата, ата" деп астынан чыкты. Көргөн көзүнө, уккан кулагына ишенбей атасы оозун ачып делдейди да калды, анткени кечээ кечте эле ата деген сөздү айталчу эмес. Бул иш түшүндө болуп жаткандай болуп сезилди. Уча турган кулалыдай калдактап келаткан наристени Эламан шып көтөрүп алды.

 — Эй, мусулман кызың ата деп жатат, уккан жоксуңбу? — деди аялы.

 — Уктум, — деди Эламан, -ата деген оозунан айланайын. Ата деген кыздан секет кетейин, — деп кызынын бал тамган оозунан өпкүлөп, тамагынан кайра— кайра жыттагылады. Наристенин атырдай жыты, ажайып кылыгы

Эламандын башын айтантып мас кылып жиберди. Эламан өз кызынын кандай өзгөнүн билбей калган, ал эми өгөй кызынын кубанычы өзүнчө бир жомок, ансыз жашоо супсак экенин акыркы учурда сезип, Бактыгүл башка кишинин канынан жаралганын унутуп калган. Наристенин "ата" деген кылыгы жалаң эле Эламанды кубантпай, энесин да, кызын да кубантты. Ата деген алтын баланы колдон түшүрбөй, жерге тийгизбей көтөрүп эркелетишти.

Бактыгүлдүн кылыгы күндөн күнгө арта берди. Эламан ишинен кармалбай келчү болду. Ал түгүл "жыттанбасын" деп ичпей да калды. Үйгө келгенде кызы жанынан чыкпайт. Кечке көрбөй сагынып калабы же атасын баарынан артык көрөбү айтор Эламан иштен келгенден кийин башкага барбайт. Бирөө алса чырылдап атасына качат. Ансайын атасынын эт жүрөгү эзилип, кубанычы койнуна батпай, балага арналган мээрими төгүлөт.

Бир сапар Эламан иштен келгенде Бактыгүл алдынан чуркап чыгам деп жыгылып, оозу канай түштү. Караса жаңы чыккан маңдай тишине урунуп эрдинин ичи жарылып кетиптир.

 — Баламдын тушоосун кеспесек болбойт, — деди Эламан кызын жерден көтөрүп алып, — антпесек жыгыла берип жерден таяк жейт.

Ошол эле дем алышта айылга барып чоң тушоо той беришти. Аксакалдарды баш кылып жигиттерди, балдарды, аялдарды чуркатышты. Байге алгандарга жакшы сыйлык тапшырышты. Ушул тушоо тойдон кийин акыйкатта Бактыгүл аз жыгылып калды. Сабира мектептен келгенде сиңдиси менен алек. Окуудан келер менен Бактыгүлдү бала бакчадан алып үйдө болот. Дем алыш күндөрү арабасына отургузуп алып паркка алпарып ойнотуп келет. Тыңып алгандан кийин эжесин кыдыңдап ээрчип алчу болду. Экөө эгиз козудай ажырашпайт, эжеси кайда барса, сиңдиси да ошол жакта.

Бактыгүл бактылуу өстү. Алтыга чыкканча анда— санда суука тийип тумоологону болбосо ооруган жок. Балапан кезден сатып келген оюнчук али да бөлмөсүндө жыйылып турат. "Балалуу үй базар" деп Эламандын үйү уу-чууга толуп, бактысы мелткалт болуп турган учурда кайгынын караңгы түнү кире баштады. Салтанат коңшу— колоңдон "Мындан алты жыл мурун ушул үйдүн подьезине бир аял бала калтырды эле. Ошол үй кайсы үй?" деп бир жигит сурамжылап жүрөт деген каңыр сөздү угуп калды. Кечте иштен келген Эламан уктап жаткан Бактыгүлдүн жанында аялы сумсайып отурганын көрүп:

 — Эй, байбиче эмне кабагыңа кар жаап калган. Кызың ооруп калганбы? – деп сурады.

 — Оору дейсиңби? — деди Салтанат ордунан туруп, — оору курусун, оору дарыласа айыгат, биз дарыласа айыкпаган ооруга туш болуп калдык, деп сумсайды.

 — Анчалык эмне болду?

 — Бир жигит келип баласын издеп жүрөт дейт.

 — Аны ким айтты?

 — Кошуналар.

Жайдары келген Эламандын жаркыраган жамалынан күлкү качып музга айланды.

 — Келсе келеберсин, — деди Эламан эрдемсинип, — баланы издеп тапса да, бир эмес миң талашса да алалбайт.

 — Билбейм, — деди Салтанат ыйламсырап, -жүрөгүм жамандыкты сезип турат. Кызыбыздан ажырап калбасак эле болду.

Ошол күнкү кеч көңүлсүз өттү. Жекшенби күнү Салтанат базардан тамак-аш көтөрүнүп келетса жашы отуз бештерге барып калган, узун бойлуу, арык чырай, мурутчан жигит алдынан тозуп:

 — Эже, сиз ушул үйдө жашайсызбы? — деп сурап калды.

Салтанаттын жүрөгү жамандыкты сезип башын ийкеди:

 — Ооба, ушул үйдө жашайм.

 — Бул жерде жашаганыңызга көп болдубу?

 — Көп эле болду?

 — Анда сиз билерсиз, — деди жигит, -алты жыл мурда ушул үйдүн под"езине бир аял бала таштап кетти эле, ошол кайсы үй экенин айтып бересизби?

Салтанаттын өңү кумсарып, денеси титиреп чыкты.

 — Билбейм, — деди Салтанат дирилдеген үн менен, -андай окуя болгон эмес.

Сиз издеген үйдүн под"ези башка болуш керек, ошол жактан издеңиз, — деп жөнөй бергенде жигит аны чыканагынан кармап токтотуп:

 — Кечиресиз, — деди сылык, — сиз билет окшойсуз, анткени сиздин өңүңүз өзгөрө түштү, балким ал бала сиздин колуңузда болуп жүрбөсүн?

 — Билбейм дедим го? — деди Салтанат колун силкип, -андай бала бизде жок, — деп жулкунуп басып кетти.

Келаткан каарлу борондун ышкырыгын өз кулагы менен уккан Салтанат үйгө келди. Отурарга орун таппай кайпактап ары— бери басып, улам терезеден сыртты карап коюп кеч киргизди. Эри иштен келгенде көзүнүн жашын көл кылып боздоп "Үйдү бирөөгө алмаштыр, бул үйдөн көчүп кетели. Бүгүн Бактыгүлдүн атасы мага жолукту" деп көргөн— билгенин айтып берди. Эламан да аялынын айтканын туура тапты. Үйдү миро районго алмаштырып көчүп кетишти. Кайда барарын кошуналарына да айткан жок. Жаңы жерге жайгашып жадырап-жайнап жашап турганда баягы Салтанат көргөн мурутчан жигит, ашыкча боёнгон кыркма чач сары аял, милициянын капитаны ишенби күнү топурап кирип келишти. Капитан күбөлүгүн көрсөтүп:

 — Мен райондук милициядан келдим. Сиздерге суроо берүүгө руксат этиңиздер. Бул үйдүн ээси ким?

 — Мен, — деди Эламан.

 — Сиздин фамилияңыз ким болот?

 — Менин фамилиям Элмуратов, атым Эламан. Эмне болду?

 — Паспортуңузду көрсөтүңүз!

Эламан текчеден паспортун апкелип колуна карматты. Милиционер паспортту карап чыгып үрпөйүп отурган Салтанаттан сурады:

 — Сиз Элмуратовтун аялы болосузбу?

Милиционер өңү тааныш мурутчан жигит менен келген соң бир мандем бар экенин сезген Салтанат токтоосуз жооп айтты:

 — Ооба, Элмуратовтун аялы болом.

 — Булар кимдин балдары? — деди милиционер катар турган кыздарды колу менен жаңсап көрсөтүп.

 — Бул менин балдарым. Улуу кызым, аты Сабира. Бул кичүү кызым, аты Бактыгүл, — деди Салтанат.

 — Бактыгүл канчада?

 — Бактыгүл быйыл алтыга толуп, жетиге карады.

Милиционер баланын жашын укканда ээрчип келгендерди шектүү тиктеди эле экөө тең бир нерсени ырастагандай баштарын ийкегендей болгонсуду. Милиционер Эламанга кайрылып дагы суракка өттү.

 — Бул, Бактыгүл кимдин кызы?

 — Менин кызым, — деди Эламан токтоо, -эмне экен?

 — Бул сиздин кыз эмес. Бул мына мобул жигиттин кызы, — деди милиционер жанындагы мурутчан жигитти сөөмөйү менен көрсөтүп, — бала силердин колго кантип келгенин өзү айтып берсин.

 — Кудайдан жашырбаганды сиздерден жашырамбы, болгонун болгондой айтып берейин, — деди мурутчан жигит, -менин атым Жолчу. Менин биринчи алган аялым бул кызды төрөгөндөн кийин автокырсыктан каза болду. Кыркын өткөрүп баламдын айынан бул аялга үйлөндүм, — деп жанымдагы сары аялды көрсөттү. Бул мага аял болуп келгенден кийин кызымды жек көрүп калды. "Мени менен жашагың келсе балаңды бирөөгө бер, мен сага кыз десең кыз, уул десең уул төрөп берем" деп талап койду. Кайра— кайра катын алгандан уялып мен аргасыз макул болдум. Бираз жашагандан кийин кызымды бирөөгө берип тынды. Кимге бергенин айткан жок. Арадан алты жыл өтсө да согончогу канабады. Төрөбөгөндүгү үчүн ажырашмак болгондо "Мен сага түшүнөм. Кызыңдан ажырап кыйналып жүрөсүң. Бала деп ажырашып баркыбызды кетирбейли. Кызыңды издеп таап, өзүм өстүрүп тарбиялап берем" деп бал тилге салып жалынды. Макул болдум. Мурун кызымды өзүм издеп таппадым. Акыры аялымды ээрчитип келсем сиздер көчүп кетипсизер. Сидердин турган жерди араңдан зорго паспорттук стол аркылуу таптым.

 — Бул далил эмес, Бактыгүл өз кызым, өзүм өстүргөм, — деди Салтанат.

 — Шашпаңыз айым, — деди милиционер, — бала силердики эмес, танып кете албайсыз. Ага далил бар. Силердин баланы багып алганыңарды аныктаган эски кошуналарыңардын тил каты менин колумда. Андан башка атасынын колунда баланын төрөлгөндөгү метиркеси бар. Анда Жолчу кызы Чынара деп жазылып турат. Алар мына, — деп толгон токой кагазды көрсөттү.

Далил сөздү угуп, баланын метиркесин көргөндө Салтанаттын кабагы бүркөлүп сөз таппай шалдайып турганда мурутчан жигиттин аялы:

 — Мен сага түшүнүп турам, — деди Салтанатка жакындап, — балапан кезинен багып чоңойткон баладан ажырагың жок. Ал туура, бирок сен да мага түшүн, кызды бербесең менин ордом бузулат. Жашоом тозокко айланат.. .

Эртеден бери чыдап, тиштенип отурган Салтанат көзүнөн чаар оту чачырап чыкты. Сары катынды сабай тургандай обдулуп, оңтойлонуп:

 — Эй, шерменде, эй акылсыз, сага эми бала керек болуп калдыбы ыя? Мындан алты жыл мурун кайда элең? Үч айлык болгон наристени кайсы бетиң менен бирөөнүн эшигине таштап кеттиң ыя?! Сен баланын кусуру урат деп ойлодуң беле.. . ? Сен аял эмессиң! Сен мыкачысың! Сендей таш боор, кара мүртөз аялга кудайдын каргышы тийип энелик даражадан айрылгансың. Алла таала сага окшогон акылсызга эне болууну буюрган эмес. Сен пейлиңден таптың. Пейлиңдин жамандыгынан туубас болуп отурасың! Бул жарык дүйнөдөн какбаш бойдон какшап жүрүп өт. Сен күнөөсү жок баланы талаага таштагандай өзүң да карыганда багар— көрөрү жок талаада кал! Жакшылык көрбө, ылайым. Жогол көзүмө көрүнбөй— деп жиркенич менен сары аялды түрттү эле ал дубалга барып бир тийди. Кайра кол саларда капитан арага түшүп пас-пас кылды. Салтанат сары катындын эрине кайрылып:

 — Жолчу сен да адам эмес экенсиң. Каныңдан жаралган балаңды айбанча коргой албаган соң, аны бага албаган соң эмнең адам! Бир түйдөкчач аялга мончоктой балаңды алмаштырып, каза болгон аялыңдын арбагын сыйлай албаган сен жакшылык көрбөйсүң, өмүрү зарлап, боздоп жүрүп өтөсүң! Жоголгула көзүмө көрүнбөй, баладан айлангырлар, силерге бала эмес балээ жок, — деп бакылдады.

Капитан Салтанаттын каарынан жалтанып ага сөз айталбай эрине кайрылып:

 — Эламан мырза, закон булар тарапта, чыр чыгарбай баланы бериңиз, алып кетели, — деди.

 — Баланы бербейм, — деди Эламан кезе сүйлөп, — баланы уурдап алган жокбуз, таап алдык. "Дообуз жок, багып алгыла" деген тил каты бар. Эне сүтүнөн айрылган баланы тилибизди соргузуп, упчу менен сүт берип багып чоңойттук. Биз болбосок балким бул бала адам болмок эмес. Муну да эске алыш керек.. .

 — Кана, ошол тил катты көрсөтүңүзчү? — деди милиционер.

Салтанат өзү жокто баланы зордуктап алып кетчүдөй Бактыгүлдү колунан жетелеп уктачу бөлмөгө кирип кетти. Чамадан, сумканы аңтарып таппады. Апасы чамынып кагазды издеп жатканда:

 — Апа булар эмне келиптир? Эмнени талашып атат, кимди алып кетебиз деп жатышат? — деди Бактыгүл.

 — Балам, айланайын кызым, сени талашып атат. Сени алып кетебиз деп жатат, — деп Салтанат кызын кучактап шолоктоп кирди. Эч нерсеге түшүнбөгөн кыз дагы сурады:

 — Эмне үчүн мени алып кетебиз дейт? Мен ууру кылган жокмун, балдар менен урушкан жокмун да, — деди энесинин кучагында турган Бактыгүл.

 — Сени мен төрөгөн эмесмин, алтыным, атаң таштап кеткенде багып алганбыз. Эми ошол өз атаң келип алып кетем деп жатпайбы. Атаңа барасыңбы же мында каласыңбы? — деди Салтанат.

Сөздүн төркүнүнө түшүнгөн бала эми гана түштөн ойгонгонсуп апсын бек кучактап:

 — Барбайм, апа, барбайм. Ал менин атам эмес, жанакы сары катын менин апам эмес. Барбайм. Бербегин. Барбайм? — деп бакырды.

Эне менен бала бир аз буйдалып залга чыгышты.

 — Таптыңбы тил катты? — деп сурады милиционер биринчи болуп.

 — Тапкан жокмун, — деди Салтанат жабышкан кызын кучактаган бойдон.

 — Анда баланы бериңиз, алып кетели, — деп кыздын колунан кармады эле, Бактыгүл милиционердин колун тиштеп алды. Ал үнүнүн баардыгынча чаңырып:

 — Барбайм! Эч жакка барбайм, — деп энесинин этегине жашынды.

 — Капитан мырза сиз балага тийишпеңиз, — деди Элеман каарлу, -наристе баланын нервин бузбаңыз. Зордуктасаңыз, күчкө салсаңыз чатак чыгат. Биз баланы берсек сот аркылуу, соттун чечими менен гана беребиз.

Түшүндүңүзбү?

Келгендер кетүүгө аргасыз болушту. Арадан бир нече күн өттү. Кечээки шаңдуу жашаган үй бүлө урушкансып сүйлөшүшпөй калышты. Салтанат өзүнөн өзү чүнчүп Бактыгүлдү көргөн сайын көзүнүн кычыгына жаш пайда болчу болду. Аны кызына көрсөтпөскө, билгизбеске аракет кылат. Бактыгүл да бала бакчадан келгенден кийин мурункудай сыртка чыгып ойнобой калды.

Эламандын менен Салтанат сарсанага батып жүргөндө соттун повесткасы келди. Балдарын ээрчитип экөө сотко барышты. Сот эки тараптын дооматын угуп баланы атасына берүүгө чечим чыгарып, бул чечим токтоосуз аткарыларын эскертти. Соттун чечими ушундай чыгарын билсе да, бир айдан бери өзүн аярдап, өзүн алдаса да Салтанат чыдай алган жок. Бактыгүлдү кучактап боздогондой болсо көргөндүн сайсөөгү сыздайт. Бир жагынан кызы Сабира сиңдисин кучактап ыйлап, бир жагынан Бактыгүл бакырып боздоп соттун залы бир заматта жүрөк сыздаткан трагедияга айланды. Көрүп тургандар да айласыздан көздөрүнө жаш алды. Соттун чечимин аткаруучу жигит чырмашкан эне менен кызды көргөндө ажыратууга кол тийгизе албай турду. Ый көпкө созулду. Акыры соттун чечимин аткаруучу жигит Салтанатты ийнинен тартып:

 — Эже, ыйлабаңыз. Кайрат кылыңыз. Бул соттун чечимине нааразы болсоңуз жогорку сотко кайрылыңыз. Азырынча баланы атасына берели, — деди.

 — Ошент Салтанат, ошент. Бизде башка айла жок. Коёбер кызды. Алсын. Дагы көрүшө жатарбыз, — деди Эламан.

Салтанат эринин үнүн калп уктумбу же чын уктумбу деп жалт карады эле Эламандын көзүнөн да жашы жаандагы терезеден аккан суудай шорголоп турган экен. Аны көргөндө Салтанаттын денеси огобетер бошоп, көзү караңгылап кулап кетти. Канча жатканын ким билсин, көзүн ачса жанакы соттун аткаруучусу нашатр жыттатып, эл тегеректеп тиктеп турушуптур.

Башын көтөрүп:

 — Кызым кана? — деп сурады.

 — Кызыңды алып кеткен. Кайрат кыл, алтыным, — деди Эламан аялын кучактап.

 — Сотуң курусун, буга окшогон калысы жок соттун барынан жогу,  — деп көз жашын көл кылды Салтанат.

Жан бөлөк болгон соң баарлык кыйынчылыкка адам айласыз чыдайт тура. Эламан да, Салтанат да чыдоого аргасыз болушту. Унуталы деп унута албай оюшту. Салтанат Бактыгүлдүн сүрөтүн, оюнчуктарын, үйдө калган кийимдерин көргөн сайын ыйлайт да турат. Эламан аялын аяп Салтанатка билгизбей Бактыгүлдүн сүрөтүн, оюнчуктарын, кийимдерин катып таштады, бирок анын кабагы ачылбады. Бир сапар кечте жадырап-жайнап келди.

 — Ие, кемпир, бүгүн көңүлүң ачык го? — деп Эламан тамашалады эле Салтанат үстүнкү киймин чечпей:"Ой, бүгүн Бактыгүлгө жолуктум. Көчөдөн өтүп баратсам тарбиячы аял көп балдарды тизип театрга ээрчитип баратыптыр. Карасам Бактыгүл жүрөт. Мен аны көргөндө ал да мени көрүп экөөбүз чуркап келип кучакташтык да калдык. Ал да ыйлап, мен да ыйлап басылдык. Жакын жердеги бала бакчада экен. Аны менен бирге куурчак театрына кошо бардым. Өңүнөн азып калыптыр, берекем. Менден кайсы треллейбуз менен келип кеткенимди сурады. Мен айтып бердим. Акыры алар театрга кирип кетишти. Мен жолума түштүм. Эми сагынганда бала бакчага барып турсам болот экен. "— деди Салтанат.

Аялы кызын көргөнгө Эламан да Бактыгүлдү көргөндөй канаатанып алды. Аялынын сөзүнөн кызы кыйналып, көнө албай жүргөнүн түшүндү. Арадан үч күн өткөндө Салтанат жумуштан кийин үйүнө келсе тепкичте Бактыгүл олтурат. Салтанат кызын кучактап өпкүлөп:

 — Ой, каралдым, кайдан келдиң? Кантип таап келдиң? — деп сурады.

 — Өзүң айткан треллейбуз менен келдим. Алтынчы микро районго барам десем бир аял өзү менен кошо апкелип дүкөндүн жанына түшүрүп койду.

Анан үйдү өзүм таап алдым, — деди.

 — Эми издешет го, — деди Салтанат.

 — Издешсе издешсин, мен бала бакчасына да, "алардын" үйүнө да барбайм, -деди Бактыгүл.

Бактыгүл үйдө болуп, бажырап сүйлөшүп, күлкү төгүлүп атканда эшиктин коңгуроосу чырр дей түштү. Ачса өгүнү көчөдөн көргөн бала бакчанын тарбиячысы экен. Өң түздөн кетип, тепкичтен шашып чыкканы сезилип, энтигет. Салтанатты көрөсала:

 — Бактыгүлдү сиз алган жоксузбу, эже? — деди.

 — Бактыгүлдү мен алган жокмун, бирок өзү келиптир. Үйдө турат. Кириңиз. Чай ичиңиз, — деди Салтанат.

 — Ой чайы менен курусун, эже, Бактыгүл жок, жаныбыз калган жок. Энеси "кызымды уурдатып жибердиңер" деп чаң салып эсибизди оодарды. Сиздин үйдүн дарегин ошол аял берди. Саат тогуз болуп калды. Мен кетейин, — деди тарбиячы кыз.

Салтанат Бактыгүлдү "бала бакчаңа күндө барып турам" деп алдап— соолап узатты. Ал мойнунан байланган итке ошоп ыйлап атып араң кетти. Салтанат убадасын аткарып күндө барбаса да күн алыс барып турду. Бирок кийин тарбиячы баланы Салтанатка жолуктурбай койду. Экөө көрүшпөй калышты. Бактыгүл баккан ата-энесин сагынып тарбиячыны каратып туруп качып келчү болду. Бул такай улана берди. Качкандан Бактыгүл тажаган жок, артынан келгенден тарбиячы тажаган жок. Акыры тарбиячы ачуусу менен Жолчуга бир тийди.

 — Ай, байке кызыңарга тарбия бералбаган соң, үйдөн качпаганга көндүрө албаган соң убара болуп багып эмне кыласыңар. Балаңар эки ортодо дейди болмок болду. Анын үстүнө аялыңызды бул бала жек көрөт экен. Кызыңар эми качса мен барбайм, өзүңөр аласыңар, — деди тарбиячы ачуланып.

 — Билем, — деди Жолчунун башы салаңдап, күнөлү жер тиктеп, — билем. Эки өрттүн ортосунда калып эмне кыларымды билбей жүрөм. Бактыгүл ушул күнгө чейин мени ата, аялымды апа дебейт. Бала бакчадан баргандан кийин үйдөн тамак ичпейт. Сатып келган оюнчук менен ойнобойт. Бирөө байлап койгонсуп бөлмөсүнөн чыкпайт. Айлам кетти.

 — Айлаңыз кетсе кызды энесине кайрып бериңиз. Сиз муну менен өзүңүздүн ден соолугуңузду сактап, балаңызга жакшылык кыласыз. Кызыңыз бактылуу болуп өзөт, — деди тарбиялочу.

Жолчу баласын жетелеп кетип калды. Кызы күналыс качып тынчтык бербеген соң Жолчу Бактыгүлдү ээрчитип жекшемби күнү Эламандыкына өзү барды. Коңгуроону шыңгыратканда эшикти ачкан Салтанат Жолчуну көрүп чочуп кетти.

 — Коркпоңуз, — деди Жолчу жылмайып, — бул сапар жакшылык менен келатам. Мүмкүн болсо үйгө кирейин.

Салтанат Бактыгүл көрүнбөгөндүктөн бушайман болуп эшикти чоң ачып "кириңиз" дегенде Жолчунун аркасында жашынып турган кызы "Апа-а!" деп бакырып чуркап киргенде Салтанат кубангандан жүрөгү жарылып кете жаздады. Апасы кызын кыргыйдай илип бооруна кысып өпкүлөп иберди. Бактыгүлдү апасын өпкүлөп атып "атам кайда?" деп сурады.

 — Атаң үйдө, телевизор көрүп атат, — деди.

Бактыгүл андан-мындан бир тийип, урунарына, жыгыларына карабай чуркап жөнөдү. Барып атасынын мойнуна асылды. Демейде көзүнөн жаш чыкпаган кайраттуу Эламандын көзүнөн жаш шорголоп акты. Сагыныч жазылып, ый басылгандан кийин:

 — Эламан байке, кагылайын Салтанат жеңе, мен силерден кечирим сурайын деп келдим. Мен аялымдын тилине кирип акмак болуп баланы таштап бир иттик кылсам, силерди боздотуп аны кайра тартып алып экинчи иттик кылдым. Кечиргиле мени. "Тууган эне эмес, баккан эне" деген чын экен. Бактыгүл бизге баш бермек түгүл, тырнактай да жибибей койду. Барган сайын мүнөзү түнт болуп баратат. Силерсиз Бактыгүл бактылуу болбосун сезип өзүм жетелеп келдим. Бала силердики. Өзүңөргө каттатып алгыла. Силерге бир өтүнүч, шарты келгенде көрүп кеткенге каршылык кылбагыла, мен да кызыңарды тарбиялаганга кошулуп колдон келген жардамымды берип турайын.

Эламан туруп келип Жолчуну сыга кучактап:

 — Ак ийилет, — сынбайт деген ушул. Кеч да болсо кечирим сураганыңа, Бактыгүлдүн бактылуу болушуна тилектеш болгонуңа чоң рахмат. Күн келесиңби, түн келесиңби келип тур. Сен үчүн эшигибиз ачык. Бала бара— бара баарын түшүнөт иним? — деди.

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

© Качкыналы Сыдыгалиев, 2005. Бардык укуктар корголгон 
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 3553