Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Көлөмдүү кара сөз
© Каныбек Иманалиев, 2010. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2011-жылдын 6-майы

Каныбек ИМАНАЛИЕВ

Тагай бий

(Мухаммед Кыргыз)

Тарыхый повесть

Бул чыгармада “Тагай бий” аталган Мухаммед Кыргыздын өмүрү баяндалган. Жазуучу өз чыгармасында ошол кездеги байыркы кыргыздардын турмуш-тиричилигин ынанымдуу сүрөттөөгө далалаттанган.

 

 

КӨКТӨМДӨ
    (1469-жылдын Кулжа айы)

1

Таңкы коңур салкын аба бүткөн бойду чыйрыктырат. Шаңкайган асманда токумдай да булут көрүнбөйт. Тээ төмөндө ак койдой боз үйлөр жыбырайт. Этекте жаз келип, күн жылыган менен бийиктеги ак кар, көк муздун какаары кадимкидей дене бойду үшүтүп туру. Деген менен көктөм келип, таңкы куштар сайрап Сары-Белдин бийигинде көк жайнап, жаз жыттанат. Тигине, кар жаңы эриген жер көктөп, былтыркы чөптүн түбүнөн ак байчечекей көз жарыптыр. Мындан ары көкөлөп аска-зоокалар гана кетет. Тоонун бийик бели ушул кайкы. Мунун дал тумшугунда күн чыгышты беттеп, астына ак курут, боорсок, дүйүм тамак коюлган ак дасторкон жайып Ак Эне табынып туру:

– Күмүш нурлуу Күн бала,
    Күндүн көзү тийбесин,
    Алтын нурлуу Ай бала,
    Айдын көзү тийбесин,
    Теңир жалгаң! Теңир жалгаң! – дейт да алаканын жайган боюнча ичинен бирөө менен сүйлөшкөнсүп көпкө кобуранат. Кайра шаңкайган Көк Теңирге азыр эле канат байлап уччудай колдорун бийик көтөрүп, обого бир улутунуп үн салды:

– Ай толукшуп жаңырды,
    Айга көзүң тийбесин!
    Күндүн нуру чагылды,
    Күнгө көзүң тийбесин!
    Ымыркайыбыз эл уулу болсун,
    Менин уулум эмес, Теңирдин уулу!

Ак Эненин добушу акырын чыккан менен таза абада даана угулуп таңкы көктөм жел менен кошо төмөн карай суу аккан сайга сиңип кетип атты. Сыдырым айдап, көк чөп менен өйдөлөп барып, ак карды этектеп, көк муздуу бийикке оболойт. Ак Эне тилеги күндүн, айдын өзүнө жетип аткандай, ар сөзүнөн кийин саамга тынып, токтоп калат. Кайра кайталайт. Аңгыча Улуу Чоку жалтырап, күн кашкайып көрүндү. Жазгы көктөм таңында Жаратканга табынганын жан адамга билгизбей Ак Эне төмөндөгү журтка кайра түшүп келди. Жүрөгүн түйшөлтүп, тынчын алган бир гана тилеги – ымыркайына көз тийбегейле. Ак өргөөнү кымтылап жаптырып, жылуу суу камдатып, ак оромол даярдатып, кырк булактан суу алдырып, жаш келин экөөлөп ымыркайды киринтишти. Анан али кызыл эт жылаңач баланы сол колдоп алып, оң колу менен май куйругун суулап атканда боз үйдүн түндүгүнөн түшкөн күн жарыгы менен ымыркайдын төбөсүнөн мунара болуп оролгон күмүш-көгүш түстүү нур көзүнө чалдыкты. Арыкчырай, үлбүрөк келин ары карап суу куюп берип аткан. Ошол төбөсүнө уюган нурду тиги көрдүбү, көрбөдүбү деп ойлойт Ак Эне ичинен. Көрбөсө экен деп ымыркайды өз тууган энесинен кызганат. Анан кызганбай койчубу. Төбөсүнөн нур куюлган уул көз жарып атса. Мындай бала чанда бир жаралаар. Бала менен бирге эл-журтуна кут орноп жаткандыр. Болбосо, Алайга көчүп келгенден бери бу жердеги кыргыз уруулары тынч жашоо көрүшпөдү. Эр жүрөк эрендери айкашта өлдү. Көбү көз жуумп, азы калды. Калганда да жарым жандуулары калды. Ар бир төрөлгөн эркек ымыркайды «Эл уулу болсун» деп тилешти. Уул төрөлсө эле акыркы үмүттөрү кайра жанып, Баатыр жаралгандай сүйүнүштү. Бала чоңоюп балтыр эти катып, балакатка толгуча эле жоо чабышта болду. Ай талаанын эрке кулуну сымак куюндап жашабай, боз ингенден адашкан ботодой бозуп-азып күн кечишти.

Мындай оор шартта ак маңдай маанайы жанган, төбөсүнөн ак мунара көрүнгөн ымыркай төрөлгөнү тегин окуя эместир.

Ак Эне өзү токтоо, кең пейил, ай жүздүү болгон менен анын жүрөгү нелерди гана көрбөдү. Кай азапка гана чыдабады. Эне байкуш кара жердей чыдамдуу, кең асмандан айкөл окшобойбу. А болбосо бүт адам аттууну өз баласындай тең көрүп, бир жолку кыргында душмандын тоголок жетим калган кызыл эт баласын бапестеп багып, «Чырагым, кулунум» деп эркелетип, эне сүтүн бербесе да элик сүтү менен чоңойтуп өстүрдү. Ал кийин бой жетип ата-теги ким экенин билгенде жоо тарапка өтүп, чыккынчылык кылбадыбы. Эне жүрөгү ошого да чыдап, түттү. Бу дүйнөдө эң ызгаар суук болсо мына ошонун азабын эң ириде Ак Эне көрдү. Ызгаарды кебелбей мээрими менен тосту. Бирине да бөгүп койбоду. Бирок ал сыртынан гана. Ичинен жүрөгү нечен мыжыгып, уктабай канча түн кечип, эче таң атырды. «Урук калсын» деп эркектер көбүрөөк ээликкен менен тукум калтырып, жашоо улоо үчүн эч ким Ак Энедей азап жеп, түйшөлбөдү. Болбосо куру намысчыл эркектер жылкы мүнөз келип, ачууланган жерде айыгышып, бири-бирин өлтүрүп кете берет. Артында калган жетим, жесирди эне гана ойлойт. Эне гана адам өлтүрбөй, адам апкелет бу дүйнөгө. Энелер гана өмүр учугун улайт. Таш боор дүйнө эркекти жоолашып киши өлтүргөнгө жөнөтсө, энени гана адам төрөп, тукум улантууга жараткандай.

...Ак Эне ымыркай жаткан боз үйгө кирсе, жаңы төрөгөн келин чочугансып, бир аз оодарыла түштү. Ымыркайы азыр эле эмген өңдүү, уурту жылмайып, ээрдинде ак сүттүн тамчысы мөлт-мөлт этет. Үргүлөп бараткан неме жуурканын оңдонуп:

– Жеңе, кечиресиз, азыр мен тез эле, ии, таң атып кеткен турбайбы, – деп оңтойсуздана түштү.

Ак Эне жакын келип, баланы кымтылап жаап:

– Төбөсү ачылбасын, төбөсүн жан кишиге көрсөтпөң, – деди.

Бала жатты барбыйып уктап, тилин мамак кылып соруп, эрдин чопулдатып.

2

Ошол көгүш нур даарыган көз ирмемдер күнү бүгүнкүдөй Ак Эненин эсинде. Күйөөсү Агуул бий куш жаздыкка жазданып төрдө отурган. Сыртта бээ байланып, жайлоонун толуп турган учуру эле. Ак Эне эртең менен байына саамал кымыз берейин деп көөкөрдү алдырды. Башкалары уктап калганбы, үй кызматындагылардын эң кичүүсү, эч убакта адамды тике карабаган, кумурска бел, бото көз, кара тору кыз кесеге кымыз куюп, суна бергенде маңдайынан нур чагыла түштү. Ошол көз ирмемде ал касиеттүү нурду Агуул да көрүп турган экен. Кымыз сунган кыз өз маңдайындагы көгүш нурду байкадыбы, билдиби, өргөөдөн кайра арты менен тез эле чыгып баратып:

– Эне, көөкөрдү кайда коёюн, – деп башын ылдый салган бойдон оозу менен эмес, үлбүрөк денеси менен сүйлөп жаткандай өтө назик үн катты.

Оюн да, көзүн да алиги көгүш нур ээлеп алган Ак Эне идиш кап илинген сол капшытты көрсөттү. Кыз ийнеликтей бутунун учу менен басып, акырын көөкөрдү коюп, өргөөдөн чыгып, көздөн кайым болду.

Агуул бий кесе толо кымызды тынбай жутуп ийип, азыркы эле нур көзүнө элестеп, анан «Эне, көөкөрдү кайда коёюн» деген жылаажын үн кулагынан кетпеди. Эси эңги-деңги болду. Көгүлжүм нур менен жылаажын үн бүткүл тулку боюн, ойлогон аң-сезимин, соккон жүрөгүн, көргөн көзүн ээлеп алды. Көөдөнгө көксөөсү батпай, көк түтүн болду. Тунжурап ойго батты. Мунун баарын жүрөгү туйгандай Ак Эне да чай куйганга чыны-чайнектерин даярдамыш этип, бирок байымды чочутуп албайын дегенсип эч үн катпады. Бир аздан кийин алиги күң кыз боркулдап кайнаган чөгүн көтөрүп келди. Эми ал нур маңдайынан эмес, ал кирген эшик жактан көрүнүп, боз үй ичи бир «жарк» этип агарып, кыз чыгаар замат кайра жок болду. Агуул бий обдулуп ордунан тура калып, Ак Эне акырая караганда гана кайра жаздыгына жаздана кетти. Көзүнө көгүш нур көктөн көрүнүп, кулагына жан-жагынан жылаажын үн гана угулуп, аң-сезимин алиги кыздын үлбүрөк карааны каптап баратты. Аны көрбөй калса эле көкүрөгүн боштук ээлеп, көөнү тартпай, көксөөсү басылбачудай кусалык басты.

Бул окуядан көп өтпөй Агуул бий сыркоолоп, төшөктөн турбай калды. Табып келип дем салып, чөп дары белендеп берди. Үч-төрт күн өттү. Оңоло албады. Дагы бир күнү эртең менен табып дем салып отурганда баягы кыз идишке ысык боорсок көтөрүп кирип келди. Агуулдун көзү караңгыдан жарыкка чыккандай жайнай түшүп, кыз чыга бергенде улутунган баладай умтула карады. Табып тамырын кармаса кичине кан басымы көтөрүлүп, денеси бир аз нымшый түшүптүр. Агуул бий эми табыптын маанайын көтөрмөккө:

– Дурус, дурус, өзүң дем салганы оңолуп келатам, – демиш болду. Байбичеси аны кубаттап:

– Ээ, байым, биздин табыптын колу дагы, ниети да алтын эмеспи. Канча адамды өлүмдөн сактап, эчесине өмүр тартуулады. Сизге да даба болуп кеткиси бардыр. Бүгүн демейдегиден көңүлүңүз жакшы, – деп билээр-билмексен болду.

– Ии баса, түндөсү түш көрдүм. Түшүмдө Баатырымдын колундагы куш коноорго жай таппай жүргөн экен, – дегенде, тиги табып ушуну гана күтүп аткансып:

– Кушка коноор жай тапмак сизден, – деп анан далайга тынып калды.

Табып баарын туюп, билип, эми Ак Эне кошо узатканы тышка чыкканда, кулак кагыш кылып:

– Кудай кааласа жакшы болуп кетет, Баатырдыкы ден эмес, жан оорусу турбайбы. Эптеп бир эбин табаарбыз, – деп күңүрттөнтүп айтып, узап кетет.

Эртеси чөп дары даярдап келип, сууга учуктап, Ак-Энени бери чакырып:

– Бийибизге күчтүү дары алып келдим. Бул дарынын тамчысы эле соо адамды күйгүзүп ийиши мүмкүн. Сыркоого гана даба болот. Дары чөптү бергенге кечээки күң кызды чакыртыңыз. Кыймылдаганы да эптүү экен. Ошол берсин, – дейт.

Ак Эне эми жүрөгү алданемени сезгендей опкоолжуп турса да Баатыры үчүн баарына кайыл эле.

Күң кыз кесеге кымыз куюп, табып болсо дем салып, анан сууга дары кошуп атканда, өзүн саал эркинирээк сезсин дегендей Ак Эне бир нерсеге шылтоолоп, тышка чыкты.

Агуул эми малдаш уруп отуруп, жигердене түшүп, ал тургай жүзүнө кызыл жүгүрө баштады. Табып болсо мындай көрүнүшкө кубанып:

– Ысык, ысык ичиңиз, буга кырк дары чөп кошулган. Адегенде ичти ысытып тердетет, анан денени талыкшытып уктатат. Кырк күн чыдап ичиңиз, – деп өзү да айтпай-дебей сыртка чыгып баратып:

– Кызым, сен чайдан дембе-дем куй, – деген болду.

Чөгүндүн чоргосун гана тиктеп, чымчыктай сак отурган кыз чыныдагы дары чайды карай бергенде өзүнүн төбөсүнөн көөлгүгөн аппак нурду көрдү. Көзү алая түштү. Көргөн көзүнө ишенбеди. Чочуп кыйкырып ийе жаздады.

Аялзаадалык кызганычы чыдатпадыбы, Ак Эне кайра кирип келип бири-бирине чагылышкан ак нур менен көгүш нурга көзү чалдыкты. Күйөөсүнүн төбөсүнөн ак нур мунарыктап турган экен, анан кыздын маңдайындагы көгүш нур көлкүлдөп, түндүктөн күн тийип тургандай болду. Кудум бийиктеги ак кар, көк музга күн чагылышкандай нурданды. Ички кызганычын акыл салмагы менен кымтылап:

– Ии байым, даба болуп атабы, күчтүү дары деп атпайбы, – деген болду.

Азыр эле көзү нурга тунуп, кулагына баягы жылаажын үн угулган бий:

– Ии, анан эмей. Кырк күндө бутка туруп кетесиң дейт. Ага жетпей эле жакшы болуп кетем го. Бүгүнкү чөбү мыкты экен. Көл-шал кылып тердетти.

Тигил кыз же уруксаты жок тышка чыгып кеталбай, же экөөнү угуп көпкө отуралбай, дүйнөсү тарый түштү. Аны сезген Ак Эне:

– Барагой, өркөнүң өссүн, – деп ак ниетин билгизди.

Бир апта бою ушинтип дарылап, анан дагы бир күнү эртең менен дем салып отурганда, табып:

– Буюрса ай жакшы толуп келатат. Ай толукшуп толгондо бир жума бою чөптүн кайнаган суусуна чайканышыңыз ылаазым. Азыркы дары ичтеги дартты тер менен сыртка сүрүп чыгарат, эми ошол терди толук, таза жууп дене бойдон кетириш керек. Арууланып алыңыз, ай чыккандан баштап, жылдыз таркаганга чейин, – деди.

Бир апта өтпөй ай укмуш толду. Табып кечке жуук келип, суу демдеп, чөп-чарын дайындады. Ансыз да баатыры үчүн баарына кайыл Ак Энеге:

– Бул дары алтымыш чөптүн касиетинен кошулуп жасалган. Арасында уу коргошун, меңдубана да бар. Баягы кыз чай куюп жүрүп, денеси ууга көнө түшкөндүр. Анын үстүнө жаш эмеспи. Ал мага куюп берип турсун. Өзүм чайкантам. Сиз болсо бизди күтүп убара болбой эс ала бериңиз, – деди.

Ак Эне бир аз кабагы бүркөлө түшкөн менен, ак шейшеп салдырып, ак жууркан алдырып, боз үйдү кымтылап жаап, асманда толукшуган айды бир карап, ичинен жакшылык тилеп, коңшу өргөөдөн жай алды.

Кайнак суу, идиш, которгонго кийим, баары даярдалып бүткөн соң, табып тигил кызга кантип төбөдөн ылдый суу куйганды, кантип коюн-колтугун чайкаганды айтып болуп, бир нерсе күтүп, дагы бирдеме сурагысы келип аткандай туюлган Агуулга карап:

– Баары сиз ойлогондой болмокчу. Бийим, сиздин жан ооруңузга ушул кыздын гана эми тийет. Башка дарысы жок. Байбичеңиз баарын түшүнөт, акылдуу жан эмеспи. Жылдыз таркаганга чейин эми өргөөңүзгө киши кирбейт, – деп айтып, анын сөзүн укпай эле, – Мен өзүм да жөтөлүп калыптырмын, эртең менен эл ойгоноордо сыртта болом, – деп сырдуу карап тышка кетти.

Адегенде боз үйдүн сыртында, жакын жерде болду. Шылдырап куюлган суунун үнү, анан бийдин кобур-собуру угулду. Табып бир далайдан соң бири ок жеген аркардай онтоп, кыз үнү кыңшылап чыга баштаганда алыстап кетти...

Таң эрте боз үйдүн тегерегинен жөтөлдүн үнү угулганда кыз баарын жыйыштырып, бий да жөтөлүп жооп кылып, кире бер дегендей ишаарат берип, ал босогону аттаары менен кыз байлоодон бошонгон кулундай башын ылдый салган бойдон тышка кетти.

Мындай дарыгерчилик дагы туура бир апта уланып, Агуул бий көз оту жанып, кызыл жүзү тамылжып, отуруп-турганы шамдагай тартып, куландан соо болуп чыга келди. Аны көрүп Ак-Эненин да маанайы көтөрүлдү.

Эртеси таңда көөкөргө саамал көтөрүп кыз келди. Чай ичилгенче дасторкон четинде болду. Бий да, кыз да баш көтөрүп бири-бирин даап карай алышпады. Ортодо Ак Эне гана өзүн эркин сезип, аркы-беркини сүйлөп, бийин алаксытып отурду. Баягы көгүш нур менен агыш нур кайып болуп кеткендей көрүнбөдү. Кыз эңкейип тура бергенде жаңы түйүлгөн алмадайынан ылдыйраак жүрөк астынан коён бөжөгүндөй ак нур көзүнө болоор-болбос көрүнө түштү. Ак Энеге гана төбөдөгү нур денеге эми уялап киргендей сезилди. Көөкөрдөгү кымыз түгөнө жаздап калганда:

– Эне, дагы саамал алып келейинби?

Ак Эне аны бир карап, бийим укпасын дегендей, бирок угуза эле:

– Эми мен сага эне эмесмин, жеңе деп жүр, айланайын. Боюңду таза кармаң, – деп айтты. Кыздын мойну шылкыя түшүп, тышка атып чыкты. Бий эки тарабын жүткүнүп каранып, же актана албай, же сөз баштай албай дудук болду.

Андан көп өтпөй, артыкча туулган ургаачы эмеспи, Ак Эне күң кызды түнү менен Кетмен-Төбөдөгү төркүндөрүнө жеткиртип, жанына жардам бергенге үй кызматчы аялдарды даярдап, сакчы жигиттерди кароолго коюп, тамак-ашын, кем-карчын толук бердиртип, сегиз ай бою өзү улам кабар алып турду. Тогузунчу ай болуп, толгоосу жакындаганда өзү барып, кайра түнү менен Алайдын Сары-Белине алдыртып келди. Ымыркай төрөлгөндө төбөсүнөн ай тагындай көгүш нур менен агыш нур чагылышып көрүнүп, уулдун атын өзү «Тагай» деп ойлоп таап, бирок элге Агуулдун оозу менен айттырды. Бир учурда өзүнүн гана көзүнө көрүнгөн бир ууч нурду төкпөй-чачпай бөпөлөп, анан ал айланып келип нур даарып ак ымыркай бала болуп төрөлүп бергенине өзүнө да, Жаратканга да ыраазы. Эми Наалы инилүү, Адигине бөбөктүү болду. Могол чабышында кырылып кеткен кыргыз эми бир эркек уулга көбөйдү. Билгенге бул улуу олжо эмей.

 

НААЛЫ ЭЖЕ
    (1494 – 1522-жылдар)

1

Жумурткадан жаңы эле көз жарган балапандай Алайдын ак кар баскан тоолорунан Күн кылайып көрүндү. Таң торгойу тил безейт. Сайда аккан өзөн суунун күргүштөгөнү алыстан угулат. Сары-Бел түзөңүндө эрбелеңдеген бир караан көрүндү. Колундагы таягы менен жер чукулайт. Таяк ташка такалса аны түртүп, оодарган болот. Кайра дагы таш издейт. Таңкы таза абада өзүнчө күңгүрөнөт:

– Жараткан өзү гана баарына берешен. Болбосо күн-түнү тынбай бекер аккан сууну айтпайсыңбы. Жараткан гана баарынан жоомарт. Болбосо жер бетин бербей бекер өскөн чөп-чарды айтпайсыңбы. Жараткан гана баарына калыс. Болбосо байга да, байкушка да бирдей тегиз тийген Күндү айтпайсыңбы...

Атчан жакындаганда гана таң атпай жалгыз таш оодарып жүргөн Наалы эже экенин тааныды. Маанайы суз. Жаак чүкөлөрү чыгып, саамайлары куудай аппак, көздөрүн ак чылпак баскан, бырыш жүзүнөн көп убайым тартканы байкалат.

Дабыш чыккан тарапка бурулуп, таягына сүйөнө кетип:

– О сен кимсиң, таң атпай элди чочутуп, – деди эне. Кош кареги ачылып турса да, бул адам азис экенин эми гана түшүндү атчан.

– Арыбаң, эне, мен эле, бул төмөнкү айылдагы Бурганактын уулумун. Үйүрү менен жылкыбызды жоготуп, жок издеп жүрөм, – деди ак калпакчан жигит.

– Ии, андай болсо үйгө кирип, кымыз ич. Таң заардан наар албай чыккандырсың, айылдагылар аманбы?

– Ооба, шүгүр, эне. Келиңиз, жардам берейин. Бу таштарды кайда жыйнайын?

– Жоок, балакетиңди алайын, таштар ордунда эле калат.

– Анан жөн жаткан ташты ордунан козгоп неге убара тартып атасыз?

– Бекер эмес, бекер дүйнө болчубу. Таштын асты жагы күн көрсүн деп атпаймбы. Жаны эле жок болбосо, бу да бир табияттын белеги. Ушу бойдон жата берсе, тиги бети түбөлүк күн көрбөй калбайбы?

– Оо жарыктык киши десе, жөн эле бейубара тартып аткан турбайсызбы?

– Жаратканга ишим түшпөсө не убара болоюн. Ташты оодарам. Күн тийбеген бети күн көрөт. Анан таш да алкайт. Эче жылдан бери Кашкарда күн көрбөй зынданда жаткан бир боор иним Тагайга алкышы тийсин деп атпаймбы. Болбосо, кантип ордон бошотом. Жаш болсом, эркек болсом барып башымды кессе да согушат элем. Бошотот белем. Анан бир Жаратканга сыйынып, жакшылык тилеп, үмүттөнүп жашагандан башка айла калбады.

Жигит аң-таң болду. Кезинде улардай таза жүрүп, нускалуу өмүр кечирген Наалы эже ушунчалык карылыкка алдырат деп күткөн эмес. Кайгы, санаа адамды тез мөгдөтөт окшобойбу.

Болбосо убагында Наалы эже дегенде отурганы ордунан козголуп, атчаны атынан түшүп сый, ызаат көрсөтчү эмес беле. Оо, анда атасы Агуулдун Коңуркула тулпарын минип, Таманак тайганды ээрчитип, колуна куш кондуруп, эркекче зоот кийип, айкашта журт коргоп, эл эгеси болуп турган. Демейдегидей күндөрдүн биринде аң уулаганы тоо кыялап баратып, бадал түбүндөгү алачыктан жалгыз кемпирге кездешет. Ал бечара кемпир кадимки Наалы экенин тааныбай нан ооз тийгизип, жарма сунат:

– Бул ээн тоодо эмне адашып жүрөсүң, кызым?

– Жок эне, жалгыз эмесмин. Артта коштогон жигиттер бар. Куш салып, кумардан канып жүрөм, – дейт кесени кайра сунуп жатып.

Бүжүрөгөн кемпир үлбүл көрүнгөн көздөрүн ачып-жуумп, жоолугунун учу менен оозун жапкан болуп:

– И-ий, бетим, сен анда эрке кыз экенсиң. Куш салып, кумар жазуу эркектин иши. Аял киши от тамызып, бала эмизип, эрин күтүп, сайма сайып кумарланат. Кеч боло электе жолуңдан кайт, кызым. Эл укса эмне дейт, – деп артына кылчайбай жаман алачыгына кирип кетет.

Наалы эже ата-энеден айрылганы эки инисине тээк болоюн деп аялдын да, эркектин да түйшүгүн тартып жүрүп мындай сөз угам деп түк ойлобоптур. Эркек мүнөз болуп же жигиттер ага сөз айтпай бой жашап, кылактаган кыз кези да кыялап кетти. Аялзаты болсо да бийзаада эмеспи деп, мүнөзү кайраттуу экенин эске алып мөгдөгөн эл өзүнө журт эгеси кылып ишеним артып, кызыл кийип кылактаганга чамасы да болбоду.

Чүкөдөй кемпирдин айтканы Наалы эжеге катуу тийди. Ат башын буруп, жолунан кайтты. «Мурда жаш эле, эми эки иним тең эр жетип калды. «Алтын баштуу аялдан, бака баштуу эр артык» деген нуска чын белем» деп намысына бүлүк түшкөндөй ойлонуп келатты. «Кимисине ыйгарсам? Адигинегеби? Кантсе да улуусу эмеспи. Бирок, ал бир аз жүүнү боштук кылат. Тагайгабы? Колуна найза кармап, ат ойнотуп, жигит топтогонго эмитен ышкыбоз, өжөрлүгү, тентектиги эле болбосо. Бирок, али бала эмеспи. Эмнеси болсо да экөөсүн тең чакырып, өздөрүнө кеңеш куруп көрөйүн» деп эртең мененки чайдан кийин сөз баштады:

– Бир боор, инилерим, үчөөбүз бир тууганбыз. Бу дүйнөдө мага силерден жакын адам жок. Атабыздан эрте айрылдык. Силер анда али наристе элеңер. Мага атанын атын минип, камчысын чаап, жолун улоого туура келди. Кыз башым менен силер чоңойгуча эркектин иши менен жүрдүм. Иймек сайып ийменип, ийик ийрип түздөнүп жүк башында эмес, эл башында болдум. Анда силердин баёо кезиңер эле. Эми күчкө толдуңар. Жетим элеңер. Эми жетилдиңер. Эл четинде, жоо бетинде, журт башында жүргөнгө жарап калдыңар. Мындан ары кыз башым менен жигиттерди баштап жүргөнүм болбос. Атабыз Агуулдун ариетине сөз тийгизбедим. Алты ата өткөн тукумубуз эл башкарып, бий аталып келген. Эми бул улук намыска доо кетирбей экөөңөрдүн бириңерге өткөзүп берейин...

Адигине алдыртан көз кырын салып, бирде инисин, бирде эжесин алмак-салмак карап, ою онго, санаасы санга бөлүнүп, ордунан жылбай муюп калды. Тагай болсо эжесинин сөзүн кубаттагандай баш ийкеп, кошо сүйлөп жиберчүдөй көздөрү ойноктоп, ой толгоосу тереңдеп, кулагы менен угуп, көзү менен жаттап, айтылганга уюп отурду.

Наалы эже да мындай кепке кимиси кандай маани берип атат деп эки инисине көз жиберип, ынтаа коюп укканына өзү ыраазы болуп, алардын жетилип келатканына ичи жылып:

– Бий болуу Жараткандан. Атам замандан заң ушундай. Элге жакын болуп, калк камында жүрүү. Калыстык менен баш-көз болуу. Калыстыктан тайсаңар Теңир өзү жазалайт. Укум-тукумга кесепети тийет. Атабыз чынчыл киши эле, адилдиктен тайбагыла деп көп айтчу. Экөөңөрдүн бириңер эл башында болуп, бий мөөрүн колго алсаңар элдин убал-сообуна силер жооп бересиңер. Ушак-айыңга кирип, бей-бечараны бөөдө күйгүзбөгүлө. Түз сүйлөп, ак жүргүлө. Карапайым журтка карамдуу болуп, кара кылды как жарган калыстыктан тайбай, артыңардан эл ээрчигендей кылгыла. Эки жүздүүдөн алыс жүрсөңөр экен... Бийлигиңерди эл ниети менен да, жүрөгү менен да тааныгыдай болсун.

Адигине менен Тагай бири-бирин суроолуу тиктеше түштү, аны байкаган эжеси сөзүн улай:

– Бий эч качан жакыр жашабайт. Береке өзү келет. Мал сактабай ар сактагыла. Бийлиги жок эл, ээсиз малдай ар кимге таланды болот. Адилет бийлик гана кадыры бийиктеп, тамыры тереңге кетет.

Душманга алыңарга карап катылсаңар экен. Жоонун чабалы болбойт. Тегин жерден элди да бөөдө майып кылып аласыңар. Жакшы жашайлы десеңер, анда оңой турмуш издебегиле. Жан кыйналып эмгектенбей эч качан ырыскыга жетпейсиңер. Замана оомал-төкмөл болуп турат. Силер да балалыктын бал-ширинин татпадыңар. Душман этектен алып, могол тиш кайрап, эл мүшкүлдөн арыла элек. Биз эл бийлеп, эл сыйлаган Элтерестин тукумубуз. Бирок башка уруунун да ыйын уга билгиле. Эмесе, акыл калчап, ой тегеретип көргүлө. «Түсү ийгиден түңүлбө» деген, силердин элге деген жүзүңөр ачык, дилиңер таза... Кимиңер түп атадан келаткан салтты улап, бий болгонго даярсыңар?

Тагай эжесин чочугандай селт этип тиктеди. Жүрөгү шуу дей түшкөн Адигине эки ийнине оор таш бастырып ийчүдөй иймене карап:

– Өзүңүз эле бий бойдон кала бериңиз. Көнүп да калдыңыз, баары сизди колдоп атат. Биз али...

Наалы эже былк этпес кабагы менен сөз кесе:

– Мен эркек болуп калганымда экөөңө минтип жалдырабайт элем. Камчы менен бийлик эркектин колунда гана бекем, ишенимдүү болгой. Силерди эр жетти го деп айтып жатам...

Жанатан бери баарын унчукпай угуп, кептин кайда ооп атканын баамдаган эр Тагай:

– Кантсе да улуунун иши улуу эмеспи. Адигине агам болгону ылайык. Мен болсо жигит топтоп, аны күч-кайратымдын жетишинче колдоп турам.

Муну күтпөгөн Адигине бүткөн бою дүрүлдөп, денеси чыңалып өңү өзгөрүлүп, эмне дээр экен дегендей эжесин карады. Наалы эже дагы бир сынагандай көз жүгүртүп, Тагайды тиктей калып:

– Иним Тагай, сенин жообуңа ыраазымын, ак ниетиңден айттың. Кийин өйдө-ылдый сөз кетип, бири-бириңе таарынбагыдай болгула.

– Мен эмнеге нааразы болмок элем. Адигине агам эле башкарсын, бир тууганбыз, айырмабыз кайсы.

Наалы эже эми Адигинеге бурулуп:

– Сен буга кандай дейсиң, иниң урмат кылып жол бошотуп атат?

Унчукпай, эч оюн жыя албай, ордунан козголбой уюп отурган Адигине:

– Ишенимиңерге ыраазымын. Ата жолун жолдоп, намысты алдырбаганга аракет кылам. Эжем деп сизден жардам күтөм. Иним Тагайга таянам.

Наалы эже ордунан обдулуп туруп, эки инисинин тең маңдайынан өөп:

– Бул окуя биздин эле үй-бүлөгө таандык эмес. Бүткүл элди жыйып, калың журтка жарыя кылып, ата ордуна каада менен отуруп, элден бата алганың ийги. Тагай, сен анда журтчулукка кабарла. Эртең эле уруу аксакалдары баш болуп чогулушсун! Кеңеше турган кеп бар. Тез жыйылсын. Урмат-сый көрсөтүп, той берели, – деп шаштырды.

Өзү болсо Дор деген күң кызга оокат-кечесин жасатып, жай турмуш кечиргенге өттү.

2

Бир күнү ордого эки жигит келиптир. Экөө бир тууган экен. Моголчо чалып сүйлөп, бирок түбүбүз кыргыз дейт. Атадан да, энеден да эрте ажырап, кенедейинен моголго малай болуп, эми минтип Кашкардан качып ооп келишиптир. Экөөнү Адигине бийдин астына апкелишти.

Кыйналып, бир аз жүдөгөн эле түрү болбосо түбү тиригарак, жүздөрү жылдыздуу, бойлору келишимдүү.

– Келгиле баатырлар, жол болсун, бул жакты кантип таап келдиңер? – деп бий калбатынан жазбай, кепти жай баштады.

Бою пасыраак эле болбосо кичүүсү тың көрүнөт, агасын бир карап алып, анан:

– Байкемдин аты Дайыр, менин ысмым Көкө. Моголдордун колунда он чакты малай кыргыз бар элек. Улам бой тартканыбызды арабыздан бөлүп кетишчү. Калганыбыз чогулуп санжыра айтчубуз. Анан агам экөөбүздү санжыраны дурус билет деп могол төбөлдөрүнө жеткиришиптир. Экөөнү тең асып өлтүрүп, көөмп салгыла деп буйрушуп, колубузду артыбызга байлап, дарга асканы келгенде бир күн жүздүү, сымбаттуу адам келип, мойнубуздагы кыл арканды чечтирип, кийимибизди котортуп, «Буларды бошоткула да, эски кийимдерин канга боёп, бир иттин өлүгүн дөмпөйтүп көөмп, өлтүрдүк деп айтып койгула. Булар түбү байыркы кыргыз жакшыларынын тукумунан. Өлбөй, аман калышса акыры пайдасы тийээр... А экөөңөр болсо күндүз токойго жашынып, түндөсү жол жүрүп отурсаңар үч күндө ашууга жетесиңер. Батышты карай бет алгыла. Агуул менен Кубуулдун тукумдары Адигине, Тагай кыргыз урууларын жыйнап атыптыр. Аларды таап, тээк кылгыла» деп биздин жаныбызды ошол киши аман алып калды, – деп безилдеп сүйлөп ийди.

Аңгыча Тагай кирип келип, тигилердин тек жайын сураштырбай эле:

– Силер моголго окшоп турасыңар. Силердин кыргыз экениңерди кантип билсек болот, ыя? – деп омуроолоду.

Көкө күйбөгөн жери күл болуп:

– Каныбыз кыргыз болбосо, ушинтип жер кезип, качып-бозуп, азап-тозокту көрүп, силер деп, боор тартып келет белек? Бизге ишенбесеңер кылычтын мизин тиштеп ант берели, кыл дегениңерди кылалы. Бирок, ишенбейбиз деп кордобогула! – деди өткүрлүк менен.

Адигине ичинде эмне ойлогонун билгизбей, келген эки жигитти да, иниси Тагайды да таарынтып албайын деп:

– Наалы эжем менен да кеңешели. Оңтойу келсе жылкы багып, кой кайтарганга дагы киши керектир. Чын эле өз деп боор тартып келсе өгөйсүнтпөйлү, – деди бий шаанисинен жазбай.

«Балким булар моголдор тарабынан тыңчы катары жиберилген эмеспи» деген бүдөмүк ой кетти Адигине бийге. Кечиндеси акыл сурап Турум карыяга кайрылды. Ал дароо жооп айталбай, анан тапкан оюмду качырып албайын дегенсип эртеси таң ата келип, бегине кеп салды:

– Мунун мындай жолу бар. Экөөнү тең абдан коноктоп, кымызга чала кызуу кылып, түн бою алаксыткыла. Анан таңга маал уйкулары өтө келгенде өзүбүздүн жигиттердин бирин моголчо ырдатып, бир аздан кийин Манас айттыралы. Кайсынысына көбүрөөк таасирленсе, каны ошол.

Айткандай, улуу эмеспи деп Наалы эженин үйүндө сыйлашты. Тамашанын кызыгы таркап калганда Чыңгызхан жоокерлеринин ыры ырдалды. Улуусу үргүлөп, кичүүсү ынтаа коюп укту. Анан айкырып Манас айтылды. Айкөлдүн өлгөн жери айтылды. Уктагандар ойгонду. Үргүлөп бараткандар көзүн умачтай ачты. Угуп жаткандар жашып ийди. Алиги экөөнүн көзүнөн жаш куюлду салаалап. Ал аңгыча жылдыздар таркап, таң атып кетти.

Жүздөрү жылдыздуу, келбеттери келишкен, кыймыл-аракеттери чапчаң эки бир тууган Дайыр менен Көкө эми бий ишеничине татып, Наалы эженин мал-жанына каралашмак болду. Адегенде шексинип турган Наалы эже эми бир туугандарына сыр айткандай төгүлүп:

– Мен силерди бүгүн коногумдай, эртең бир тууганымдай көрөйүн. Бир жек көргөнүм – текеберленбегиле. Экөөңөр башка элге кул болуп, жүдөңкү тарткан кейпиңер бар. Бул жер өз үй, өлөң төшөгүңөр. Башыңарды бийик көтөргүлө. Жоош маңыроо болбой, ачык-айрым, ак жүргүлө. Силерден өтүнөөрүм, бирөөнүн мал-мүлк, дүйнөсүнө көз артпагыла. Ит-куштан сак болгула.

Дайыр жылкычылар менен тез эле ымала таап, улам бир үйүрдөгү жылкыга суктанып, таза аба, шаркыраган тунук сууда көңүлү ачылып, өзүн жеңил сезип, куунак жүрдү.

Көкө болсо таң эрте азык байланып, күрөң өгүздү минип керээлден кечке кой артында. Түнкүсүн короо четинде түнөйт. Бара-бара ал да бу турмушка көнө түшкөндөй, сыягы.

Бир жолу Наалы эже уйкусунан ойгонсо, күн күркүрөп, чагылган чартылдап, нөшөрлөгөн жамгыр төгүп жатыптыр. «Ии, Көкө үшүдү го, сууда калып» деп тышка чыкса, жамгыр көз ачырбайт. Көкө, сыягы кой артынан жүрүп чарчаса керек, жаанды да тоготпой бүрүшүп алып жыйылган тезектин ыктоосунда таттуу уйкуда жаткан экен. «Тур» десе, уйку-соонун ортосунда көзүн ачып-жуумп тааныбайт. «Тур үйгө, үшүдүң, мен Наалымын» дегенде уйкусу умачтай ачылып, «Койду карабай эмне уктап атасың?» деп урушат го дегендей бүшүркөйт. Наалы эже өз үстүндөгү кийимин жаап, үйгө алып кирип, анан суу кийимдерин котортуп, үшүп калды го деп ысык чай берет. Көкө мындай камкор мамилеге ичи жылып сүйүнөт. Бир чети кантсе да бекзаада айым эмеспи деп батына албайт. Аны баамдаган Наалы эже кашын серпип, анча-мынча наздана, сестентип албайын деп чырак жарыгында өзү кайнак суу куюп берип жатып:

– Сенин кайрат-күчүң бир жаандык элеби, үшүп калдыңбы? Апкаарыбай сүйлөбөйсүңбү? Ичтеги сырыңды айталбай бук болгондойсуң. Жигиттин ачык-айрым болгону дурус.

Жылынган соң эми гана ойгонгонсуп көзүн кыбыңдатып, бир улуу сырды азыр эле ачып жиберчүдөй Көкө шам жарыгынан шыкаалап Наалы кыздын ак бакайын көрдү. Денесинин агы ак болуп, балык боорундай балтыр эти борбуюп, бүт бүчүрү ачылган гүлдөй толукшуп турган Наалы буга чейин кыз денесин эркек аттууга эч көрсөткөн эмес. Жанатан үшүп аткан Көкө эми маңдайдагы отко, оттон мурда очок жарыгында эки бети албырып, сыйда кара кашы, жайнаган эки көзү арбап бараткан, жүзүнөн жан жылытаар жаркыган мээримине көңүлү, бара-бара денеси жылып, анын жагымдуу илеби эми койнуна сойлоп кирди. Азыр эле бекзаада көз менен тиктеп, айбаттуу сүйлөп отурган Наалы кыз эми кареги кумарланып, наздуулугу сыртына чыгып, ар бир кыймыл-аракетин этият тартуулап, нур төккөн жүзү менен тигиле карап, сылык-сыпаалыкты көрсөтүп, көлөкөдөй унчукпас болуп баратты. Көкө обдулуп, сөз айтып, кыймыл этсе эле чекилик жасачудай сезилип, жүрөгүн жалын каптап, көкүрөгүн бир сезим кытыгылап, чапаны менен алиги көрүнгөн ак балтырды кымтый кетти. Наалы эже тердеген жылкы жытындай эркек демине берилип, боюн токтото албай, үстүндөгү кызыл жуурканды Көкөгө тең бөлүшө жапты. Түн кирээрде тезек ыктоосунда жаткан Көкө эми бекайымдын койнунда таң атырды. Бирок, эч ким ойгоно электе малга чыгып кетти. Күн аркан бою көтөрүлгөндө артынан башка койчу барып, Наалы эже Көкөнү үйгө алдыртты. Эми Көкөгө жалпы эле койчу, жылкычылардын үстүнөн карай турган ишеним артылды. Күндү мал короодо узатып, таңды Наалы эженин ак өргөөсүндө тосчу болду.

Демейде кабагы салыңкы, оор басырыктуу сүйлөп, өзүн дайым токтоо алып жүргөн Наалы эже эми жаз гүлүндөй ачылып, күлкүсүнөн шаң чыгып, керемет көрктү өзүнө гана ыйгарып алгансып, керүүдөн чыккан маралдай көкүрөк кере басып, майдалап өргөн капкара чачы куюлуп, жамбашынан бир-эки эли ылдый түшүп, баскан сайын чайпалып, эки бети батаар күндүн кызылындай албырып, жан-дүйнөсү эч ким таба элек бакыт кушун кармагандай кулпуруп чыга келгендигин эң ириде Адигине бийдин жубайы, келини Калбүбү байкады.

Көкө болсо күндүзү эс алганды, түнкүсүн уйкуну унутуп бир улуу кен тапкандай, ал байлыгын жер жүзүнө батыра албай жаткандай, кубулжуп сайрап ийчүдөй, көлкүлдөп эрип кетчүдөй сезимге тунуп жашап калды. Тумчукканы ачылгандай, буюкканы жазылгандай болду.

Бир күнү эр Тагай жатаарда жаздыгын оңдоюн десе, астынан чүкө салган бир баштыкча колго урунду. Ичин ачса, бир көк, бир кыпкызыл жана убагы өтүп калган дагы бир тоо алмасы салынуу экен. Келинчеги Акберметке айтат. Ал болсо «Салыйлап» чакырып, үй кызматындагы аялды таба албайт. Абысыны Калбүбүгө барып, болгон окуяны төкпөй-чачпай баяндайт. Бир чети ойноп атып балдар унутуп кеткенби деп ойлойт, бирок бул оюнга окшобогон купуя сырдай туюлду. Баарын баамдап жүргөн Калбүбү эми эр Тагайды келинчеги Акбермет менен кошо ээрчитип, күйөөсү Адигиненин астына барышып, сыр түйүнүн ача кетти:

– Экөөң ата-энеден эрте калганда, эжебиз Наалы чачын түйүп, тебетей кийип, курал кармап, жоонун мизин кайтарып эл башында жүрүп, силерди канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай, алаканга салып бакты. Чоңойтуп, чочойтуп дегендей, үйлөнтүп, жайлантып жай-жайыңарга бөлдү. Өзү силер деп жүрүп бой калды. Ооба, кезинде эжебиз да бий болду. Бирок, аялзаты эч убакта бийликтен кумар албайт, өмүрлүк жар күтүп жароокерленип, бала төрөп, балкылдатып эмчек эмизгенде гана рахат алат. Эми силер деп жүрүп ошол өмүрдө бир келчү кереметтен куру калабы? Бир тууган эжеңердин убал-сообун ойлойсуңарбы? Өздөрү сезип сөз баштаар бекен деп күткөн турбайбы. Анан жооп болбой, тажаган соң үч тоо алмасын сыр кылып, тиги үй кызматчысы аркылуу Эр баланын жаздыгынын астына калтырып кеткен тура.

Силерге көк муштум алма бергени, экөө али көк муштум кезде мен бышкан кызыл алмадай толуп турган убагым эле дегени. Толукшуган кезимде өзүм теңдүү өмүрлүк жар күтпөй, ата ордун жоктотпоюн деп ат минип, эне ордун ээндетпейин деп мээрим төгүп, эркекче кийинип эл билдим, эже болуп экөөңдү бактым дегени. Эми силер эл башкарып, эр жеттиңер, кам көрүп, жогумду таап каралашпасаңар, бышкан алмадай убагым өтүп баратат дегенди айта албай жанагы эзилген алманы да кошуп койгон тура эжем, – деди өзүнөн өзү тердеп.

Адигине бий адатынча баш ийип, макул болгондой инисине карады. Тагайдын кыян мүнөз кыялын жаап-жашырмакка Акбермет сөздү улады:

– Эжебиз баарыбызга эне болуп калды. Сыйлап алышыбыз парз. Эжени да түшүнгөнүбүз жөн. Биз деп жүрүп өзү да эркек мүнөз болуп калды. Өз каалаганына баш кошуп, бактылуу өмүр сүрсүн, жашы өтүп кете элегинде, – деп эр Тагайга карады.

Ал болсо жактыра бербей, олурая:

– Эми эжебизге эр издейлиби. Өзү көнүп, бара турган жери бар бекен?

– Кайним, жаңыласың. Эжебиздин жашы өтүп кетти, эр табылбайт деген болбойт. Өзү силердин алдыңардан өтүп, макулдук алайын деп атат, улуу башын кичүү кылып. Болбосо, эжемдин колун сурап келчүлөр четтен чыгат. Эркек каруусу кеткенде арыйт, аялзаты болсо аруулугу кетмейин карыбайт, – деп каяша айта кетти Калбүбү жеңеси.

– Эжебиздин эмгегинен эч кутула албайбыз. Кээде сен катуу айтып коёсуң, баатырым, көңүлүн оорутуп албайлы, – дегенге өттү Акбермет.

– Деги кептин ачыгын айтсаңар, бүгүн-эртең баш кошо турганы бар бекен? – деди эр Тагай.

– Бар эмей, ошон үчүн сыр түйүнүн чечмекке үч алма берип жиберип атпайбы.

– Эми эмнесин жашыралы. Эжебиздин көксөгөнү Көкө, көптөн бери мамилелери да болуп жүрөт, – деп жооп кайтарды Калбүбү.

– Ии, өзүнөн кичүү селсаякка тийип бизге сөз тийгизеби, – деди Тагай ачууланып.

Ошондо Акбермет акылзаадалыгын көрсөтүп, назик үнү менен эр Тагайдын колунан акырын кармап:

– Бир ачууңду мага бер, баатырым. Эжебиз Көкө менен көңүлдөрү келишип жүргөнүн мен да билет элем. Эгер азыр тез баш кошпосо, анда ушак-айың кеп болуп, ошондо сөзгө калышыбыз мүмкүн. Мал кайтарган селсаяк дебегиле, ар ким арзыган адамына тең эмеспи. Баатырым, эстесең, мен да сага баш кошоордо таянаар таякем, тутунаар тууганым жок болчу. Могол менен согушуп жүрүп боору бүтүн ким калды дейсиң. Андан көрө акем макулдугун берсе...

Адигине салабаттуу гана:

– Мейли, эжебиз өзү каалап атса. Бирок, той өз шааниси менен болсун...

Маңдайында калы бар Калбүбү менен пешенесинен жылдызы төгүлгөн Акбермет сүйүнүшүп, күн бата Наалы эжеге келип:

– Эжеке, инилериңиз «Сиздин акылыңыздан чыкпайбыз. Болгону тойдун суук түшө электе эрте болгону жакшы» деп атышат, – деп өз ойлорун да кошуп айтышты.

Наалы эже нарктуулугунан тайбай, ичинен кубанычы жаркып турганын билгизбей:

– Мен Көкө менен бир кеңешип көрөйүн, – деп Көкөсүн эми көкөлөтүп сүйлөдү.

Көкө «Улуу сыйлабаган пастыктын белгиси, бир тууганым Дайырдын макулдугун алайын» деп ата салтындагы жол-жосунду аттап өтө албастыгын айтат. Наалы эже болсо сүйүү азгырыгына ээлигип алган, эми кечиккен ашыглыктын тоодой толкунун эч бир күч токтото албайт. Денеси күйгөн оттой жалындап калган, эми аны эч ким өчүрө албас. Эртеңки күндөн бүгүнкү түн артык болуп туюлган, жүрөк болкуп, ордуна турбай туйлаган, кыялдар теминип, көктө обологон, дене балкып, коргошундай эриген көз ирмемдер эле. Көкөнүн улууну ыйбаа кылган мындай мүнөзүнө ого бетер ашыглыгы артып, баары өз колунда турса да көңүл улап Көкө менен кеңешмекке:

– Агаңыз Дайырдын кыйналып жүргөнүн мен да байкадым. Анча болду, эки той бир болсун. Менин кызматчы кызым Дорго үйлөнсүн кайнагам, – деген сунуш айтты. Бекзаада айымдын айтканы айткандай, дегени дегендей да. Эки той бир күндө болуп, эки түтүн бир булады.

«Кыз киши жашы өтсө кара далы болот, багы качат» деген бекер кеп окшобойбу. Той өтүп, тойдун эртеси болуп, Наалы эже айрыкча ачылып, ак шурудай чачылып, толгон айдай толукшуп, ачылган гүлдөй ажайып, таранган куштай кулпуруп, алмадай бети тамылжып, жүзүнөн нуру төгүлүп, эми аяр басып, назик сүйлөп, кечээкисине окшобой, айдын аркы бетине барып шоола сүйкөп келгендей, жомоктон түшө калгандай бир алданемедей болуп чыга келди. Бу да болсо ашыглыктын керемети эмеспи!

Махабат күчү ушунда бейм. Мал баккан малай эркек менен ханышадай касиет күткөн ургаачы бир төшөктө теңелди. Теңелип, теңин тапты. Олдоксон мүнөзү эрге тийген соң наздуулукка айланды. Эркек кыялы эми айдай аяр, күндөй мээрим төктү. Эр жигиттикиндей чымыр денеси эми болкулдап, сүт дене болуп балкыды. Ажарланып, жароокер жанга кубулду. Сурайылдай суналып, суйкая түштү. Бар дүйнөсү түгөл болуп, ырыскы менен бакытка марып, көзү коймолжун тартты. Мурда таң эрте курал-жарагын кайрап кайраттанса, эми чачын тарап, майдалап өрүп, сулууланганы өзүнчө миң керемет. Басканы да өзгөрдү. Мурда арышын алыс таштап, шашып басса, азыр тээ мерген жетпес бийикте, туягына гүл тепсеп, мүйүзүнө күн илип келаткан маралдай маңкая басып, ар кадамын машакат менен кооздойт.

Күндөр чубап, ай өтүп, эми абысыны «Дордун боюнда бар экен» деген кабар угулду. Чын-төгүнүн тактап билген соң Наалы эже тогуз толгонуп ойлонуп, санаасы санга кетти. «Эртеби-кечпи, бирөөлөр озуп айтып, бирөөлөр бузуп айтып, өзүңөн улуу аял алып, намысың барбы? Өзүң куубаш болуп, аялың туубас болуп өтөсүңбү? – деп айтышса менин жашым өтүп, согончогум канабай калганда, артымда туяк калсын деп ойлонбой койбойт, бу эркек башы менен. Алты амал ойлонуп, бир айласын табайын» деп, бий атыккан инилерине шек келтирбөө ниетинде ичине жоолук таңып, ар ай сайын бир аздан чоңойтуп, курсагы байкалып, «Наалы эженин боюнда бар экен» деген сөз уу-дуу таркады. Дор ай-күнүнө чукулдаганда өз өргөөсүнө алдырып, ооз ачпаска касам ичирип, ант алып, алтын-күмүш, бермет, кымбат баалуу асыл буюмдарга карк кылды. Дорго толгоо киргенде жанында өзү гана калып, жан адам киргизбей, толгоону өзү да кошо тартып эркек бала бакырып түшөөрү менен өз энесинин бир тамчы сүтүн эмизбей, өз тилин берип оозантып, «Наалы эркек төрөдү» дедиртип ат чаптырып сүйүнчүлөттү.

Эки-үч күн өтпөй Дорго алыскы айылдан кызыл эт ымыркай алдыртып, ал кыз төрөгөн болуп, жылкыда жүргөн Дайырга «Кыздуу болдуң» деп сүйүнчү айттырышты.

Наалы эже кантсе да эне жагынан түбү моголдон келген кыргыз каны эмеспи, унутулбай жүрсүн деген ниетте өз энесинин Дор атын кошумчалап, ысымын «Моголдор» деп ыроолоп, бирок элге бул атты таякеси Адигине бий коюптур деп айттырды.

Кош жентек той бир болду. Жаңы төрөлгөн ымыркайга ким арам санасын. Жентек тою өзгөчө шаан-шөкөт менен өттү. Эки бир тууган наристе күттү. Наалы эже энелик касиетке балкып ымыркайлуу болду. Күң турмуш көрүп жүзүнөн муң кетпеген Дор эми бөбөк бөпөлөдү. Адигине, Тагай жээндүү болду. Кыргыз уулдуу, кыздар кымкаптуу болду. Жакшынын тукуму көбөйдү.

 

АДИГИНЕ
    (1504 – 1508-жылдар)

1

Теңир-Тоодогу Кочкор-Ата мазарынын кайрак таштары күнгө чагылып жылт-жулт этет. Мазардын түндүк тарабында аппак кийимчен, чарчы бойлуу, орто жашап калган Шайык сыркоолоп келгендердин бирине дем салып жатты:

– Жаман сөз сүйлөгөн жок белең?

– Жок, – деп чын эле терс жоругу кармалып калгансып, катуураак үн чыгарып, кесе жооп берди. Дагы бир ирээт камчысы менен чаап, ичинен күбүрөнүп дуба окуп,

«Чык, кирине чык!
    Өпкөдө болсоң өкүрүп чык, 
    Жүрөктө болсоң жүгүрүп чык,
    Ичегиде болсоң ирип чык!
    Тоо, тоо, тоого бар,
    Тоодон аккан булакка бар.
    Булактан ичкен улакка бар,
    Агымы катуу сууга бар
    Аркыраган шамалга бар!
    Сүф-ф, сүф-ф!»,

анан кайра сыркоо кыздын бетине «сүфф-сүфф» деген болду.

– Жаман ой ойлогон жок белең?

– Жок, – деп айтып алып, кыз чын эле кимге, качан жаман ойлогонун эстей албай койду.

Камчы менен дагы бир жолу тартып алганда, кыз чаңырыгы катуулап барып басылды. Ичинен бирдемелерди кобуранып, «сүфф-сүфф» деп үйлөп, дубалап:

– Эми үйүңө барганда дене боюңду бир сыйра кайнак сууга жууп, кийимдериңди таза тут. Жаман заң басып алган экенсиң. Кызым, бой жетип калган турбайсыңбы. Жаман көз, жаман сөз, жаман изден да оолак жүр. Этият бол, айланайын. Күнүнө үч ирээт үч күн катары менен кайнак суу ичсең жакшы болуп кетесиң.

Жанале арууркап, бир эсине келип, бир эсинен танып турган кыз эми куландан соо боло түшкөнүнө баары күбө болушту. Кийинки кезек көптөн бери төрөбөй жүргөн келинге жетти. Аңгыча эле күн батыш тараптан шашылгандай түрү бар үч атчан көрүнүп, жакындай берди. Эр Тагайдын кароолдору кабар айтканы боз үйгө шашылды. Шайыкка эм салдырганы келгендер үч атчан тарапты озунуп карап калышты. Бир гана Шайык көңүл бурбагандай, өз ишин улантып жатты. Боз үйгө улам жакындаган сайын аттарынын басыгын тездеткенине караганда чын эле шашылыш кабары бардай. Бирөөлөр келатканын уккан соң Тагай да токсон баштуу боз үйдө чыдап тура албай сыртка баш багып, чакчыйып тийген күндү бир карап, көзү уялганын билдирбеске кайра өңү-башын түздөдү. Атчандар Кочкор-Ата мазарына жеткенде ортодогу жээрде кашка минген, көрпө тебетей кийип, атын улам теминип келаткан өзүнүн алысыраак жээни Шербото экенин даана тааныды. Кечээ эле бирдемени сезгендей жүрөгү опкоолжуп турган. Сыягы шашылыш кабар алып келаткандай. Шербото жакындаары менен баягыдан бир аз улгайыңкы тартып, арыктай түшкөн, бирок салабаттуу кийинген эр Тагайды тааныды. Үч жыл деле оңой убакыт эмес билгенге.

– Боорум тага, арыбаң, – деп аттан түшкөнчө шашты.

Жасоол жигиттер сый адамдар келатканын айттырбай түшүнүп, тез эле үчөөнүн аттарын алып, тосуп чыгышты.

– Бар бол, деги аманчылыкпы? – деп Эр Тагай токтоо амандашып, бирок бир нерсени угууга шашылып ичинен бушайман болуп жатканын жашырганга аракет кылды.

Шерботону коштогон экөө бирдеме айтайын дешти эле, Эр Тагай колу менен боз үй тарапты көрсөтүп, ошол жактан сүйлөшөлү дегендей ишаарат этти. Ак өргөөгө кирип, ак көрпө салынган төшөккө отурары менен Шербото:

– Адигине тагам саламын айтты...

Ушуну укканда Тагайдын жүрөк санаасы басыла түштү.

– Ийе, арыбаң. Боор деген боор да. Бир тууганыңды кантип сагынбай коёсуң. Агабыз өзү кандай, жеңелер, бала-бакыра жакшыбы, эл-журт аманбы? Алай түгөлбү? Биз деле шарты келсе бир ал-жай сурашканы силер тарапка аттаналы деп жүргөнбүз...

– Баары шүгүр, болгону Адигине тагам бир аз сыркоолоп, анан кабар алып келгиле, шарты болсо учурашып кетсин деп өзү жиберди, – деди сунулган кымызды алып жатып Шербото.

«Бир аз сыркоолоп» деген сөз Тагайды чочуткан соң:

– Ооруп калганына канча болду?

– Көңүлү кайт болуп жүргөнүнө көп эле болду, акыркы бир айдан бери төшөктө. Анын үстүнө сизди көрбөгөнүнө да канча болду. Мүмкүн сизди сагынып, келсе деп кусаланып жаткан чыгаар.

Эгерде төшөктө жатса иш оордоп бараткан экен деп, ишенген жигити Сурантайга эртеси таң азандан жолго чыгууга буйрук берди. Алайдан келген үчөө кечке чейин сый конок болушту. Төшөк салынаарда гана сыртка чыгышты. Тагай да туугандарын сагынганбы, ачылып сүйлөшүп, чер жазышып отурду. Ошол эле учурда бир аз ичи опкоолжуп тургандай. Кементайын жамынып жатып Тагай:

– Шер бала, жүрү бу мындай басып келели, – деп Шерботону тестиер кезде эркелеткен ысмы менен чакырып, мазар тарапка басты. Аны менен дагы кенен сүйлөшкүсү келди. Мазардын артындагы караган жакка экөө гана кеткени айдын жарыгында жасоол жигиттерге даана көрүнүп турду.

– Кана эми, тууганча айтчы, Адигине абам менен аман-эсен көрүшө аламбы?

– Сүйлөп, укканы тың эле. Болгону наар албай, суюктук эле ичип, өңүнөн азып кетти. Кээде төшөктөн туруп, жаздыкка жазданып отура алат.

Тагай бир аз дымып калды. Жээни да суроо күткөндөй үн катпады. Көктө болсо коюу түндөгү жылдыздар демейдегиден башкача жайнайт.

– Мага кабар бергиле деп өзү айттыбы, же туугандар жибердиби? – деди ал ичинен бир аз улутунуп.

– Өзү. Атүгүл адегенде силерди келип калабы деп күткөндөй болду. Анан бул тараптан кабар болбогон соң, жол азыгыбызды камдатып, мени барасың деп дайындап, коштоп жүргөнгө каалаган эки жигитиңди тандап ал деп да өзү айтып, жиберип атпайбы...

– Деги чыныңды айтчы, мага болгон таарынычы таркагандайбы?..

– Эми бир тууган ичинде «Туугандын өзү таарынса да боору таарынбайт» дейт эмеспи, анысын эч кимге билгизбейт. Тескерисинче, сиз жөнүндө жакшы кеп, сөз жетип калса, Тагай арка тарапка барып уруулардын башын кошуп, кыргыздардын сый-урматына ээ болуптур дегенди укса кадимкидей сыймыктанып калат.

– Менин арка тарапка кеткенимди эл эмне деп жатат? – деп суроо берип, Тагай да жээнинин астында ачыла берди.

– Ошо, силер жаңыдан кеткенде ар кандай кеп болгон...

– Маселен, кандай?..

– Кээси чыкты, агасынан тизгин талаша баштаптыр, чыр ошондон чыгыптыр деп. Чатактын башы Ак боз аттан чыккан, ошону уккандар бар дейт айрымдар.

– Аттан эмне чыр чыгыптыр дешет?

– Сыягы сиз Ак боз атты күрүч менен багып жүргөндө Адигине тагам көрүп, ачууланып «Элиң арпа нан жеп отурса,сен текебердик кылып атыңа күрүч берет экенсиң» деп сизди жемелеген имиш.

– Ха-ха-ха, – деп Тагай бир каткырып күлгөн болду. Экөө сүйлөшүп, басып отуруп, билинбей мазарды бир айланып коюшкан экен.

– Ошол урушканы чын беле, тага? – деди Шербото учурдан пайдаланып кептин аныгын билип алууга.

– Эми анын болгону чын. Агам Адигине бий болсо, иниси мен болсом, мингеним Ак боз ат болсо, анан күлүгүмө күрүч берип мен эркелебегенде, ким эркелейт. Атым мага эркеледи, мен агама эркеледим. Бирок, эркеликтин да чеги бар да, ушу бир майда нерсеге эле таарынып кетип калгыдай мен жаш бала эмесмин го. Тентек инисинин тизгинин тарта жүрмөк аганын парзы да.

– Андай болсо эмне таарындыңыз? Эмнеге Алайды таштап бул тарапка ооп кеттиңиз?

– Мен таарынган жокмун. Алайды да таштаган жокмун. Мени Кудай өзү айдап келди. Кыргыз Атанын арбагы апкелди. Ошондо кетпесем азыр аңызга бай Аксы, керемети артык Кетмен-Төбө, Манас атабыз ордологон кең Талас, пейили кең Сары Өзөн Чүй, даанышмандык оторлогон Ысык-Көл, анан бу мазарлуу Теңир-Тоодогу кыргыздар менен кайдан табышат элем. Мени бул жакта Адигиненин иниси экен деп барган жеримде өргөө тигип, өзгөчө сый менен тосуп алып жатышты. Туугандарды таап, кулачым кеңейди. Көптү көрүп, көзүм ачылды. Кыргыз жергеси бир байтүп терек болсо, Алай анын бир эле бутагы экен...

– Анда сиздин эч таарынычыңыз жок экен да?

– Таруунун бүдүрүндөй да таарынычым жок, болгону сагынычым бар.

– Сагынычыңыз болсо, анан эмне эртелеп Алайга келген жоксуз?

– Ысык-Көлдүн сулуулугуна, Теңир-Тоонун керемет абасына толук тойгон жокмун. Бул жактагы эл-журтум менен камыр-жумур болуп аралашканга толук үлгүрбөдүм. Моголдорго каршы кол топтоп, курал-жарак жыйнадым...

– Тага, чыныңызды айтсаңыз, сиз өтөле тентек болуп, улуу тагамды укпай кээде кол курап коңшу өзбек шейбаанилерге, ал тургай кылыч таптап могол айылдарына чейин бүлүк салып турганыңыз болгон иш беле? Ошондо «кой-ай» дегенди укпай...

Талуу жеринен карматкандай Тагай бир аз дымый түштү.

– Азыр агамдын коңшу өзбектер, могол хандары менен мамилеси кандай?

– Өзбек коңшу эл болгондуктан, жакшылык-жамандыкта биргебиз. Моголдордун болсо бизге түпкү ниети түз эместигин таякем кечирээк түшүндүбү, азыр өтө этият мамиледе. Мурда сиз билчү элеңиз го, өзү могол ханы тарапта экенин ачык айтып, баарыбызды Чыңгызхандын урпактарына каршы күрөш Кудайга жакпаган иш деп көндүрчү эмес беле. Эми болсо могол менен кыргыз эзели бирикпес эки башка эл экенин түшүндү окшойт.

– Кандай, эми кыргыз өзүнчө эл, өзүнчө журт болооруна көзү жеттиби же дагы эле кыргыздар башка үлкөн элдин астында гана күн көрөт деген ойдо жүрөбү? – деп суроо берип алып, анан агасынын ооруп жатканын эстеп кайра өзү бир аз оңтойсуздана түштү.

– Көзү жеткени үчүн мени сизге жиберип атпайбы, – деп Шербото шашылып айтып алып, бий үчүн өзү жооп берип алганына бир жагынан кооптонуп, бир жагынан сыймыктана да кетти.

Түпкүлүгүндө эки бир туугандын таарынычына ушул маселе себеп болгон го деп ойлоп, Шербото өзү эр Тагай менен тең ата сүйлөшкөнүнө маашырланып, жолдо карата чарчап келгенин унутту.

Экөө төбөдө Чолпон жылдыз кашкайып чыкканда гана эс алганы өргөөлөргө киришти.

2

Алар таңкы ак шамда Гүлчөнү карай аттанышты. Акбермет атка жакын келип, коштошоюн деп, бирок эр Тагайдын кабагын көрүп, батына албады. Улуу баласы Богорстон гана атасы аттанаарда чуркап барып, желкесинен бир жыттатып алды.

– Аман жетип, эсен келиңиз, Баатыр, – деп үн чыгарды алдыдагы карыя.

– Эл-журтка салам айта барыңыз, – деп да бирөөсү коштоду.

Аңгыча алиги аксакал:

– Сапарыңар байсалдуу болсун, Теңир жалгасын! – деп батасын берди.

Ушуну эле күткөндөй адегенде Ак боз жорго жүрүшүнө салып, алга суурула берди. Ага удаа Шербото коштой келген эки жигити менен камчыланды. Калгандары каз-катар тизилип артынан желдирип баратты.

Бир далайга чейин эч ким үн каткан жок. Баатыры унчукпай, эч ким даап сөз баштабады. Ээсинин эмне каалап турганын камчы салдырбай түшүнгөн жоргосу гана жүрүшүнөн жанбай бир калыпта баратты. Жол кыскартмакка Соң-Көл аркылуу ашмак болушту. Жол көрсөтмөккө арасына жергиликтүү мергенди да кошуп алышкан.

Кочкор тоосун ашып түшө бергенде, көйкөлүп жаткан Соң-Көлгө туш келишти. Мындайды алгач көргөн Шербото:

– Ооми-ий, Ысык-Көл ушунчалык чоңбу?

Тагай каткырганда, арттагы жигиттер дагы коштоп бир текши күлүп алышты.

– Ысык-Көл Кочкор-Ата мазарынын күн чыгыш тарабында, бул болсо кадимки Соң-Көл. Ысык-Көл жайкысын жылуу болот, ал төмөндө. Соң-Көл болсо жайкысын да салкын, бийикте жайгашкан. Ушунун баарын ата-бабалар бизге көз мончоктой кылып мурастап кетишкен тура...

– Эмнеге мындай укмуш сулуулукту Адигине бийге көрсөткөн жоксуз?

– Агам өзү ачуусу чукул, мүнөзү көк экенин билесиң да. Анан ушундай ыйык көлдү кантип моголдорго ыраа көрөйүн. Кыргыз жерине кыргыздар гана ээ болушу керек. Бул парз.

– Бирок, могол кумурскадай жайнап көп. Аларды аз кыргыз кантип жеңмек эле. Адигине бийибиз салгылашам деп кыргызды бекер кырып алуудан чоочуп, могол хандыгына аргасыздан баш ийип жашоодон башка айла жок деп келди да.

– Моголдор деле Чыңгызханга дейре биздей аз эл болгон. Кеп элдин санында эмес. Кеп элдин биримдигинде, темирдей бекем эркинде. Эрки чабал эл ар кимге кул болуп берет...

Жигиттер аттарын теминип, бул сөздөрдү намыстана, шердене тыңшаганга ашыгышты.

– Көрөбүз, качанга чейин эле кыргызды Чыңгызхандын урпагы бийлей берээрин. Мына, жергебизге моголдор келгени үч кылымдай заман өттү. Кыргыздар бытыранды болуп, ар кайсы кокту-колотто калдык. Шербото сени эр жетип, жигиттикке жарап калды го десем, сен деле могол жүрөгүңдүн үшүн алып койгон боюнча турбайсыңбы. Сендей жигиттердин намысы ойгонмоюн кыргыз кыздары күң болгону – күң болгон, – деди Ак бозду сылай камчыланып.

Эми Шербото өзүн бир аз күнөөлүү сезип, унчукпай калды да, көлдөгү каз-өрдөктөргө суктанып, жээкке сүзүп келип бакалоору менен дем алып аткан балыктарга тамшана:

– Омиий эй, бейиштин төрү ушул тура. Карасаң, балыктары кишиден коркпойт экен, кайра жээкке келип атат. Тага, бул жерди ким жайлайт, кимге тиешелүү бул көл?

– Түбү кыргыздыкы, бирок сендей бок жүрөк жигиттер намысына келбесе, могол жоокерлери келип бул көлгө чулгоосун жууп калышы ажеп эмес.

Эми Шербото бир аз кызара түштү. Баары аттан түшүп, сууга маңдайларын тийгизип, кымыз ичишип, бой жазышып, дем алышты.

Айлана тымтырс. Бир аз керимсел жел жүрсө түркүн гүлдөрдүн, чөптүн жыты аңкыйт. Үстүдө туптунук асман. Үзүктөй чубалжыган ак булуттар. Ортодо алаканга салган көк шурудай көл жатат көйкөлүп, бир укмуш кереметтенип.

3

Тогуз-Торонун тоолорун ашкандан кийин, Кара-Кулжанын ичинен жол тез арбыды. Күн дагы жакшы тийип берди. Балапандарын коргологон торгойлор улам жолду тороп учуп тил безейт, алаксытмакка утуру алдыга барып конот.

Эми тигине, Тагай бийге тааныш Алайдын улуу тоолору көрүндү. Туу бели, андан ары туу чокусу кашкаят. Түбөлүк мөңгү кетпеген ыйык тоолор. Душманга койнун ыраа көрбөгөн залкар тоолор. Ачуусу чукулга токтоолукту үйрөткөн акылман тоолор. Кедейди токпейил кылган берешен тоолор. Эрдемсингенди эсине келтирген балбан тоолор. Карганы да, кузгунду да жерибеген айкөл тоолор. Суулары мөлтүр аруу тоолор. Абасы булганбаган адеми тоолор. Гүлдөрү аңкыган жыпар жыттуу тоолор. Андан ары аркайып аска-зоолор кетет. Оо, ал аска-зооканы бүркүт гана уялап, бийигине кийик гана чыкпаса… Эч кимди теңине албаган эрендер да алыстан көргөндө эле өзүн алсыз сезет. Чокусун багындыргандар чанда гана. Тирүүлөй эч ким жете элек. Тээ кыйладан көрүнгөн жалама зооканын башына илгери бир мерген чыгыптыр деп аңыз кеп кылышат. Ал дагы чокуга уук бою жетпей учуп өлгөн дешет.

Улам жакындаган сайын Алайдын кырка тоолору даана көрүнө баштады. Тагай бир аз толкунданып, ичинен элеп-желеп болгонун билгизбейин деп, өзү сөз баштап, жанындагыларды кепке тартууга аракет кылды:

– Ыя Шербала, бу Алайдын мөңгүлөрү азая түшкөндөй сезилет?

– Ооба, кээ бир карыялар да кеп кылып жүрөт. Адигине тагам да ошентип айтып, кейип калат.

Аңгыча Алайдын суусуна жете келишти. Аттардын ооздуктарын чыгарып, кандыра сугарышты. Боз жорго өзөндүн эң шар жерине келип, андан ары баспай туруп алса болобу. Күлүгүнүн сырын айттырбай билген Эр Тагай жээкке өтүп, атынын ээрин өзү алды. Көздөрү жайнактаган жылкынын сырттаны кайра шар жерге келип, бүт денесин суу жайпагыча, чумкуп алды.

Тагай бий өзү да туулган жердин суусуна жүзүн чайкап, анан кочуштап ичти:

– Бах, чиркин, адамдар мүрөктүн суусун бекер издейт. Мына, даамын байкагыла. Даана мүрөк суусу – бу Алайдын суусу эмеспи... Бирок, суу да бир аз тартыла түшкөндөй. Илгери кирбей турганда эле аттар араң кеччү. Азыр тизеге жетпейт.

– Оо, тага, бул суу киргенде аркы айылдагылар бери каттай албай калышат. Азайганы бизге сезиле элек.

– Эми илгери биз бала кезде бул суунун киргенин силер көрбөй калдыңар да.

Ушул жээкте бир аз отуруп, сагынычын таркатайын деди, бирок агасы сыркоолоп жатканын эске алып, тез эле аттанды.

Түзгө чыкканда бала кезде күлүк чапкан талаалар көрүндү. Балалыктын бейкапар доору көбүнесе ушул түзөңдө өттү. Ат таптап, күлүк чабышты. Негедир ошондо Тагай бий атчабышта биринчи келгенди гана эңсечү. Экинчи чыгып, же артта калса ызаланчу. Андай күндөрү сейрек болду. Балдар менен күрөшө кетсе, же оюн ойносо биринчи болгонду гана эп көрчү. Утулуп калса кызыл чеке болуп мушташканга чейин барчу. Мына ушул көктүгүнүн айынан далай ирээт Адигине агасынан жеме укту. Ыза болуп, анысын Наалы эжеге гана айтчу. «Аталуу жетим арсыз жетим, энелүү жетим эрке жетим» демекчи, экөө ата-энеден эрте калышты. Ошондуктан, эркелеткени эле Наалы эже. Эки инисине эне да, ата да болду. Аларды бутуна тургузам деп жүрүп өзү да бир топ жашка чейин бой барды. Экөөнө болушуп, эркек балдар менен мушташкан күндөрү да болду. Эки кичүүсүн канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай бакты. Бирок, кичүү болгондуктанбы, Тагай өзү ызакор өскөнүн мойнуна алат. Эгерде эки бир тууган чукчуңдаша кетсе, Наалы эже ар дайым Тагай тарапта болоор эле.

...Боз жорго күмүш ноктосу жаркылдап, жал-куйругу жайылып, көздөрү жайнактап жалгыз аяк жол менен жүрүшүнөн жазбай келатты. Эки тарабынан коштогон жигиттер да ошол жолго тизилип баратышты. Жол четиндеги чөптү бекер тебелебейли дешти. Ушул жол ата-бабалардан калган жол. Кылым карыткан жол. Жолдо тирүүлөр гана жүрөт. Ата-бабалардан калган жол эрежеси катуу эле. Жолго бата алып чыгат. Жолго миң адам чыкса да жол башчысы бирөө эле болот. Жолдо баратканда атчаны жөөгө, жашы карыга, эркеги аялга жол бошотот. Жолго эч ким таш ыргытпайт. Жолдон жолоочу кездешсе, учурашып, азыгын бөлүшүп, анан гана аты-жөнүн сурайт. Жол жээгиндеги бак-даракты кыйбайт. Жол улук. Ушул жолду уламай кийинки муундун парзы. Тагай бий да агасына кээде каяша кылганын эстеп өкүнөт. Бирок, эч убакта агасынан жол талашпады. Эгер жол талашса эл экиге бөлүнмөк. Жол бузулмак. Жол тилинмек. Уруу бытырамак. Улугу болмок эмес.

Тигине, өзүнүн журту даана көрүндү. Айылдын дал ортосундагы ак өргөө өз үй, өлөң төшөгү. Ошол ордонун жанында көп адамдар топтошуп калган экен. Сыягы өз уулу эр Тагайды күтүп жатышкандай. Бирок, негедир сайга жакын далдаада он чакты ат токулуп, кабар айтчу чабармандарга даярдалып тургандай. Аны көрүп жүрөгү опкоолжуду.

Тагай аттан жеңил түшүп, дөбөдөгү карыялар менен көкүрөк тийгизип учурашып, ал эми жигиттердин саламына баш ийкеп жооп берип, түз эле агасынын өргөөсүнө шашты. Боз үйгө жете бергенде Жорготой атанын байбичеси башынан суу тегеретип, үч түкүртүп, чыныны боз үйдүн оң капшытына көңтөрдү. Ордо үйгө кирээри менен сол капшытында кабаттап салынган төшөктө денеси сунулуп, кош кабат бийик куш жаздыкка башын жөлөп отурган, өңү купкуу агасын көрүп жашый түштү. Тагай кирип келгенин агасы байкабагандай. Ошондо жеңеси кайнисинин маңдайынан жыттап:

– Баатыр, инибиз келди, амансыңбы, айланайын?

Төрдөгү үч аксакалдын бирөөсү:

– Тагай баатыр, аман келдиңби, үй-бүлөң эсенби? – деп катуураак үн чыгарды, сыягы төшөктөгү Адигине бий уксун деди окшойт.

Тагай өзүн бир аз күнөөлүүдөй сезип, төшөккө тизелеп, агасынын колун кармап, акырын чекесинен өптү.

– Ага, арыбаң! Кечириң, мен кечигип калдым...

Адигине өз бир боор иниси келгенине эми гана ишенип, жаак эттери кадимкидей кыймылга келип, болкулдап ыйлап ийчүдөй сезилип, бирок өзүн карманганга жан талашты. Инисинин колдорун канчалык катуу кармайын десе да болбой манжаларынан каруу кетип, көзүнөн нуру качып, бутунан жер тайып баратты. Байбичеси оң ийниндеги жаздыкты дагы бийигирээк коюп, сүйөп турайын деди, бирок аны жактырбагандай карап, бүт күчүн жыйнап, удаа-удаа дем алып, кышылдаган үнү болоор-болбос угулуп, өлүк менен тириктин ортосундагы керээз сөздөрүн айтты:

– ...Кечирдим иним. ... Мени да кечир. Экөөбүздөн тең кетти. Эми эл сеники, мөөр сеники...

– Адике, мени жалгыз таштап кетпең!

– Эми жалгыз эмессиң, бул жерде он эки уруу, арка тарап менен кырк уруу кыргыз элиң бар. Элимди сага калтырдым. Сени Кудайга... – деп соңку сөзүн бүтүп-бүтпөй үнү кышылдап барып басылды. Ушуну гана күтүп отургансып, суудан кургакка чыгалбай калган балыктай оозун ачып эстеп, денесин чыйрыккандай бир керип алып, анан боюн түзөп ак төшөк, ак жаздыкта созулуп кете берди. Самай берип сагынган, карай берип талыган көзү жумулуп баратты.

Теспе тартып отурган молдо ишаарат кылган соң бийдин байбичесин эки аял боз үйдөн колтуктап сүйөп чыгып кетишти. Маркумдун көзүн жумдуруп коюшту. Эти муздай электе бутун жазышты.

Ордо үйдү тегеректеп өкүрүк боздоду. Тагай үн каталбай, ызасы да, кайгысы да жүрөктү мыжып турду. Агасынын дагы эмне деп айтарын уккусу келген эле. Үн чыгарып кыйкырбаса да, ичинен өксүп атты.

Бирок, өлүктүн да өзүнүн түйшүгү болот эмеспи. Тагай бий кайраттанып, бүт жоопкерчиликти мойнуна алды.

Эми сөөктү кантип жайгаруу, аза зыйнаты маселесин күн мурун эле макулдашып алган карыялар Тагайды өзүнчө өргөөгө чакыртышты.

Тагай кирип барып, ызаат кылып сол тарапка отурайын дегенине карабай уй мүйүз тартып отурган аксакалдар аны төргө өткөзүштү. Адегенде алардан бир аз сүрдөгөндөй болуп, анан уруу аксакалы Жорготой эки колун карама-каршы жеңдерине салган бойдон бир обдулуп алып, элди сыдыра карап чыгып, анан колун жеңинен чыгарып, өзүнүн тотунун жүнүндөй аппак, коюу сакалын алмак-салмак сылап:

– Тагай Баатыр, боор деген боор да, бир тууганга боор ачышпай коймокпу. Ар бир тирүү жан акыры өлүм даамын татат. Кайрат кыл. Мурда экинин бири элең. Эми эл башында жалгыз өзүңсүң. Элиң сага карап иш кылат. Сен кайраттуу болсоң, журтуң тың болот. Адигине бийден ажырадык. Айла барбы. Белди бек бууйлу. Бирок бийибиз акылмандык кылып мөөрүн өз колу менен сага тапшырганга үлгүрбөдүбү...

– Ийе, жүз көрүшүп жетишип калганы дурус болбодубу, – деп кошумчалады берки жотолуу аксакал.

– Ал дагы Кудайдын буйругу да. Эми бийибиз сыркоолоп жатканда сизге айтайын деген керээзи бар эле...

– Ошону түгөл айтканга да үлгүрбөдү го, чиркин, – деп кошумчалады дагы бирөөсү.

Сөздү кайра Жорготой карыя улады:

– «Каак» деп карга, «ку-ук» деп кузгун жаралгандан бери ата-бабаларыбыз Улуу Тоого, Ыйык Сууга, Улук Күнгө табынып келген эмеспи. Бул не деген акылмандык. Мусулман динин ошол ыйык табияттын осуяттарындай бекем туткан Мукамбет пайгамбар элге жарыялап, биздин коңшу калктын баары ушул динге ооп жатышат.

– Ооба, Мукамбет пайгамбардын ысмын укканда Чыңгызхандын өзү да сестенип турган дешет, – деп кесе сүйлөдү алиги теспесин кармалап отурган молдо.

– Бийибиз акыркы эки-үч жылда Сайрам, Ташкен, Анжийан тарапка көп каттап, ал жактан мусулман динин таркаткан имамдарга жолугуп, ниет кыла баштаган эле. Мурда тоо-ташта көчүп жүрдүк. Эми бир жайды отурук алып, ошол жерге мечит салдырсам деген ою бар эле. Мындан бир апта мурун ушул отурган карыялардын баарын чогултуп бир керээз сөзүн айтты...

– Ийе, ошону айтсаң. Ток этер жерин айтсаң, – деп шаштырышты жанындагылар.

– Бийибиз айтып атпайбы, бу Жаратканга кыпындай дооматым жок дейт. Бу жарыкчылыкта кыргыз болуп төрөлүп калганыма ыраазымын дейт, Алайда төрөлүп, аны мекендеп калганыма ыраазымын, анан кадырыма жете билген өз элиме ыраазымын дебедиби...

Бирок, бири кем дүйнө десе, бу дүйнөдө үч арманым бар деп жашыды эле. Адегендеги арманы бир боор Тагай инимди таарынтып алдым, көзүм өткүчө бир көрүп өлсөм деп ак эткенден так этип тилек кылды эле. Ал кыялы армандуу болду. Сага жетип, бирок сага деген оюн толук айталбай кетти.

– Жок, бул арман эмес, күткөн инисинин колунда көз жумбадыбы...

– Ийе, экинчи тилеги кырк уруу кыргызым бир эл эле. Эми чачылганды жыйып, үзүлгөндү улап кайра бириктирейин деген. Ой жеткен менен өмүр жетпей баратат, ушул тилегим аткарылса эч арманым болбос эле деп улуу керээзин айтпадыбы. Эми ушул тилекти кабылдап, жашоо турмушка ашыруу сенин мойнуңда эмеспи, Тагай бий...

– Ооба, ооба, ыйык парз. Журт алдындагы парз, – деп кубатташты.

Дагы эмне дээр экен деген таризде Тагай салмактуу гана баш ийкеп, эки көзүн Жорготой чалдан албады.

– Мына, ушул кырк уруу кыргыз элин бириктирүү үчүн бир тилде сүйлөп, бир жерде жашап, бир сууну ичкен аздык кылаарына көзүм жетти дебедиби бийибиз. Эми биз бир эл болуш үчүн бир мусулман динин тутуп жашообуз абзел. Мусулман дини эң ириде ыйман-ынсаптын дини. Эң соңку арманым – бүт кыргыз эли бир гана динге – мусулман динине баш ийип, аны тутуп жашаса, ошол тилегиме жеталбадым деп айтканына мына баарыбыз күбөбүз, туурабы?

– Туура, туура, – деп туш-туштан айтып, кубатташты аксакалдар.

Далайдан бери үн катпаган Тагай эми гана кеп кезеги келди дегенсип:

– Бир боор агамдын айтылбай калган аманатын аткаруу мен үчүн парз. Аркалык кыргыздарды кыдырып жүрүп ушуну сездим. Алар да бир журт, бир эл болуп биригип, бир тууну көтөрөлү дешет. Керек болсо бир хан шайлап, могол бийлигине каршы күрөшөлү деген ойлорун ачык айтышты. Ал тарапта да мусулман дини кеңири таркап, элибиз ишене баштаган экен.

Ансыз да эмне сөз, кандай сунуш болоорун баамдап турган Тагай өзү минтип оюн билдирди:

– Ыйык мусулман динин кыргыз элине таркатууну жактаган Адигине агам өзү болгондон кийин журтубуз менен макулдашып, эл туура кабыл алса, анда сөөк узатуу зыйнатын мусулманча кылсак нетет?

Ушуну гана күтүп отурган молдо көктөн издегени жерден табылгансып, тегеретип жаткан теспесин токтото калып:

– Мына, эстүү эл башы калк мүдөөсүн айттырбай түшүнөт. Мындан өткөн кандай акылмандык бар. Эми аркы дүйнөдө Алла буюрса, бейишке бийибиз чыкпаганда ким чыкмак. Мусулман дининен улук дин жок. Лай-иллаху-иллах, Мухамбет алла-сулла-ла. Ыракым этсин. Иншалла. Иш оң жолунда башталды.

– Бирок, ата салтын унутпай, жата турган жайына шыбак чөп коё жүрөлү. Туулган жердин түбөлүк жыты кетпеген касиеттүү чөбү эмеспи. Сөөктү айыл четиндеги дөбөдөгү жайга коёбузбу же мусулманчылыкта дагы башка шарты барбы, молдоке? – деп ага кайрылганда, өзүнүн маанилүү адам экенин сезе түшүп, малдаш окунуп, бир обдулуп алып:

– Бу мусулманчылык кайсы жерге, кайсы айылга коюшту кыргызчылыктан чоочун кылып өгөйлөбөйт. Деген менен жанатан аксакалдар бир ой айтышты. Ошону өзүңөр айтсаңар, – деп Жорготой карыяга кайрылды.

– Адигине эл атасы, журт атасы болуп калбадыбы. Жалгыз эле Алайдын бийи эмес. Ал жалпы кыргыз элине таандык. Ошондуктан сөөктү бүтүн кыргызга таандык орток жерге койгонубуз ийги, – деп айтышты көпчүлүк аксакалдар.

Бул Тагай үчүн күтүлбөгөн ой эле:

– Андай жер кайсы жакта деп ойлойсуздар?

– Биз муну көпкө талашып-тартыштык. Ал жер төгөрөктүн төрт бурчунан келген кыргыздарга бирдей жакын болсун, түбү ыйык ата-бабалар сыйынып жүргөн жер болсо дедик. Мына ошондой жер бу Арсланбаб. Анда ыйык мазар болгон. Сөөктү ошол жерге мусулман салты менен койсок. Анан «жаман айтпай жакшы жок» дейт, кыргыздын жакшылары, баатырлары кай жерде жүрүп көзү өтүп кетсе да ушул Арсланбабка коюлса. Кыргыз баатырлары тирүүсүндө жер үстүндө бир максат үчүн жанын арнайт – элибиздин эркиндиги, биримдиги үчүн. Жер алдындагы түбөлүк жайы да бир болсо ата-бабалардын арбагы да ыраазы болмок. Анткени, уруш-талашта жүрүп канча эрендердин сөөгү ар кайсы кокту-колоттордо калды...

Эр Тагай бул ойду муюп укту да, терең ой басып, макул деп да, жок деп да айткан жок. Учкан бүркүттүн канаттарындай кашы коюулуп, адамды өрттөп жиберчүдөй көз карашы менен баарын текши бир сыдырып, башын салмактуу ийкеген болду.

Эртеси таң эрте мүлдө кыргыз урууларына аза кабар айттырганга туш-тушка чабармандар кетти. Ошол эле күнү күүгүм талаш жакын жердегилер келип, өкүрүп түшүп атышты. Алыскы меймандар жеткиче арчадан табыт жасатышып, сөөк убактылуу аманат көргө коюлду. Андан сөөктү кайра алып чыгып атканда негедир жер титиреди.

Эми Адигиненин сөөгү жүктөлгөн аза көчү Арсланбабка бет алды. Эл жыкжыйма болду. Долон бийден бери кыргыз мынчалык чогулган эмес эле. Адигине бийдин өлүмү алардын башын кошту. Жерде кыркаар тизилген аза көчү да, көктө жайылган ак булуттар да ыйык Арсланбаб мазарын карай кылкылдап жылып баратты.

Адигине бийдин сөөгү жайына берилип, Алланын ысмы менен Пайгамбардын дин жолуна түшкөндөн кийин, кудайга аманат болуп тапшырылды.

Башын кыбыла тарапка бир аз кыйшайтып коюшту. Алакандай чуңкурду казганактай тегеректеген эл. Алыс, жакындан келгендер. Карысы бар, жашы бар. Болгону бир ууч топурак салганы келишти. Адам баласы эненин бир курсагынан келет. Анан бир кучак жер ээлеп түбөлүккө жайын табат. Акыры келип өмүрүңдүн баасы бир ууч топурак. Адам наркы өлгөндө билинет. Байлык, бийлик менен өлчөнбөйт. Бир ууч топурак менен гана өлчөнөт. Мына, Адигине бийге бир ууч топурак салганы келгендер жык-жыйма журт болду. Башы мүрзөнүн этегинде болсо, аягы Арсланбабтын суусунан эми араң кечип өтүп атат. Өмүрү текке кетпептир. Өтөлгөлүү өмүр өтөптүр.

Топурагы боз үйдөй болуп зор үйүлдү. Өлүккө багышталган куран кырааты менен окулду. Муун-жүүндү козгоп, муңдуу чыкты. Анан мурда маркум болгон ата-бабалардын арбагына, Ак уул менен Куу уулдун, Долон бийдин арбагына багышталып куран түшүрүлдү.

Көрүстөндөн кайта бергенде Тагай өтө токтоо үн менен каргылдана элге кайрылды:

– Агам кандай киши эле?

– Жакшы адам эле, – деген сөз жабыла коштоду.

– Агам кандай киши эле?

– Элге кайрымдуу эле... – деп катуураак чыкты.

– Агам кандай киши эле?

– Бейишке бара турган киши эле. Жакшы киши эле, – деген сөз өрөөндү жаңыртты. Тагай Баатыр ушундан кийин Мухаммед-Кыргыз деген ылакап атка конду.

 

МОГОЛ* ДООРУ
    (XIII – XVI кылым)

(*XIV кылымдын орто чегинде Орто Азиянын чыгышында монголдордун мамлекети Моголустан түзүлгөн. Түрк элдери монголдорду моголдор деп аташкан)

I

Байыртадан кыргыз кыргыз болуп жаралганы киндик каны тамган улуу тоолорду гана байырлаган. Тоосуз өздөрүн тоголок жетимдей сезишкен. Чыңгызхан менен кошо кыргыздын тоосу тарып, тополоң заман келди. Тоолор – жайлуу жайыты, ат байлаар алтын казыгы, ата-баба очогу түтөгөн ата конушу гана болбостон, ар коктусу эл коргогон улуу чеби да боло келген эле.

Эзели душман өтпөгөн улуу чептен эми Чыңгызхандын каары согуп турду. Көктө бир Күн, жерде бир Хан өкүмдүк кылды.

Жарыктык кыргыздар ырыс-кешиктүү жерди мекендээр эле. Кышкысын ыктоо, жайкысын салкын, ар коктусунда өзөн, болбоду дегенде оргуп чыккан булагы бар, орошон суусу толтура, тоосунда аркар, кулжа, бугу жайылып, чер токоюнда түркүн кушу сайраган, бөксөсүндө кундуз, илбесин жүргөн, көлүндө каз, өрдөк, аңыр уялаган, зоокасында кийиги чубаган керемет жер эмес беле.

Эми бүлгүн түштү. Кылдыратып уук чечкен, шылдыратып суу кечкен бейкапар күндөр артта калды, чылбырын үзгөн күлүктөй. Тынч жашоо болбой жоболоң доор келди. Тоодон кийик, токойдон куш качты, жайлоодо жылкы үрктү. Элдин тынчы кетти. Жакшы күндөрдү кара булут каптады.

Кышкысын боргулданып бозо ичип, тойдон жылкынын казы-картасынан кыя кесип чайнаган, жайкысын жайлоодо кымызга ныксырап, комуз черттирип, «Манас» уккан токчулук күндөр эми жайытын таштаган кийиктей алда кайда алыстап качып баратты.

Дүйнөнүн дээрлик үчтөн бирин титиреткен, жан адамды аябаган Чыңгызхандын жанкечтилиги эми улардай тоо уялап жашаган кыргызга бейкут күндү ыраа көрбөдү. Ырайымсыздыгын көрсөттү. Сөзү өтүмдүү, каны каардуу болду. Кылычы өткүр, аты өкүм чыкты. Эзели мынчалык кара таандай каптаган жоо көрбөгөн кыргыздын да шаштысы кетип, амалы куурулду. Заманасы тарыды. Күнгө, шамалга, табиятка гана баш ийип, башка эч кимге моюн бербей эркин өскөн кыргыз элине бу кырсык кыйынга турду.

Тынч аккан Эне-Сайга, тынч жаткан Алтын-Көлгө, тынч бөккөн тоолорго көнгөн кыргыз баласы бу тополоңго көнө албады. Кара тумандай каптаган Чыңгызхан жапырыгына жан түткүдөй эмес. Эл билгилери эмне айла кылаарын билбей, көздөн аккан жаш чубуруп ээктеги сакалды жууду. Намыс үчүн курал алып салгылашалы десе, жыгач менен темирди сындыра албаган сыңары, аз эл көп жоого туруштук бериши кыйын. Бөгүп, баш ийсе кызын күң, эркегин кул кылып алчудай. Агерде «жыландын тилин таап» сүйлөшө билсең «жылуу ийнинен чыгып», айтканга көнчүдөй түрү бар. Балдарыбызды кул кылганча дешип, жоокер болуп моголго кызмат өтөөнү эп көрүштү. Көлөмүн эле чоңойтуп ийбесе албан-салыгын төлөгөнгө деле макул болчудай. Башка арга жок. Болбосо баш чабылат тоголонуп алмадай... Өмүр кетет көчкөн журттай, өчкөн оттой.

Ошондо кыргыздын эл билгилери жети өлчөп, бир кесип, кабыргалары менен кеңешип, ата-баба арбагынын шыбырын тыңшап мындай бүтүмгө келишти. Өлүм көксөп согушканча, атак издеп даңкы таш жарган Чыңгызханга кошулууну эп көрүштү. Муну кубаттап аксакалдар башында Эди инал*, жоокерлер башында анын уулу турду. Мындайда кыргыз баласы өзүнө да ыраа көрбөгөн не деген асыл белектерди сандыктын түбүнөн алып чыгып тандашты. А болбосо каардуу хандын көңүлүнө жагуу оңойбу. Күмүш, коло, темир, болоттон жасалган жалаңдаган курч кылыч, найза, жаалардын эң кооз, мыктысы тандалып алынды. Чыңгызхандын өзүнө арнап ок өтпөс зоот, туулга жасаттырышты. Чыңгызхандын алдына алтын ээр токулган Ак боз ат тартууламак болушту. Эң эле көз жоосун алганы – кардай аппак, буту, көзү боёп койгондой кыпкызыл кыраан, өзгөчө көзү оттой күйгөн, жакындан киши баласы тике карай албаган ак шумкар болду.

(*Бул доордо Кыргыз бийлигинин башында каган эмес, иналдар турушкан. Чыңгыз хан доорунда Алтай жана Минусин өрөөнүндө беш кыргыз иналы (бийлиги) болгон)

Ошентип 1218-жылдын күзүндө Эди инал баш болгон кыргыздар элчилерин ээрчитип Чыңгызханга жөнөмөк болушуп, коштошуп бата алууга эл алдына чыгышты. Көз жоосун алып, таңдайды тамшандырган не бир асыл буюм, белектер могол ханына тартууга кетип жатканына көбүнүн ичи ачышпай коймокпу. Башкасы да мейли эле, туурдагы ак шумкар эми бөлөк-бөтөндүн колуна коноорун элестеткенде Элтерес карыя мукактана түштү. Ак шумкарды кайра алып калайын деген ойго келди. Бирок, эл алдында сараң чал болуп көрүнгүсү келбеди. Эмнеси болсо да бардыгы эл камы, журт амандыгы үчүн болуп жатпайбы деп ичинен өзүн жоопкотту.

...Ошентип Эне-Сай кыргыздарынын Чыңгызхан хандыгын таанып, тартуу жибергенине сегиз жылдан ашты. Элди могол өкүлү бийлеп калды. Албан салыгын мал-мүлк менен кечиктирбей төлөп турушту. Могол жоокерлерине кошулуп кеткен кыргыздардан кабар болбоду. Бири да кайрылып келген жок. Жалгыз гана жакшы кабар, кыргыздар жиберген тартуу белектин ичинен каардуу ханга алтын ээрлүү Ак боз ат жана Ак шумкар өзгөчө жагыптыр. Ушуну аксакалдар улам тамшанып кеп кылып, өздөрүнчө маашырланып калар эле.

Деген менен атасы жоодон кайтпаган жетим бала, күйөөсү келбеген жесир аял көбөйдү. Эркеги аз элдин түйшүгү арбыды. Малга бөрү тийди. Элден кут, жерден береке качты. Кийин көп нерсе белгилүү болду. Көрсө Чыңгызхан айыгышкан жоо менен беттешкенде калканч катары түмөн колдун астына кыргыз жоокерлерин салып, жеңсе атагы моголго калып, жеңилсе кыргыздардын башы алмадай тоголонуп, эрдикти да, кордукту да көрүшүптүр. Ошол себептен улам го, жигиттердин баарынын же өлүгү, же тириги белгисиз. Же жарадары кайтып келген жок. Улам жоого кетип отуруп, эркектер кемтилген тоодой, бирден атылган кийиктей азайды. Тукум суюлду. Туяк кемиди. Кокуйлаган аял көбөйдү. Эми эмне кылуучу? Ой тегеретип, акыл калчап, бир бүтүмгө келбесе болчудай эмес.

Ошондо көрө келсе көсөм, сүйлөй келсе чечен эл акылманы Элтерес карыя калкын чогултуп, кайгыдан башы калчылдап, үнү муунуп, сакал ылдый көз жашын чубуртуп сөз баштады:

– Оо, эл-журт! Балдарыбызды бөтөн элдин аскерине кошуп, Чыңгызханга алданыппыз. Түндө жаман түш көрдүм. Жер титиреп жарылып, мал-жан жаракасына түшүп кетип атыптыр. Ошол учурда батыштан үч баштуу ажыдаар сойлоп чыгып аман калгандарга жулунат. Минген атыбыз менен ажыдаардын от үйлөгөн оозуна барып калган кезде желмогуз өзү жарылып кетип аман калдык. Ойгонуп кетсем түш экен, кара тер басып тердепмин. Жоого кеткен жоокерлерибиз эми кайрылбайт өңдүү. Айла барбы. Төгүлгөн суу кайра куюлбайт. Туйгундарыбыз тууруна келип кайра конбой калган шекилдүү. Кайрат кылалы. Калган бала-бакыранын амандыгын тилейли. Калканч издейли. Бизге дүйнө тарыды. Бараар жер, басаар тообуз түгөнүп, эми биз бата турган дүйнөнүн алакандай гана бир жылчыгы калды. Жараткан ошого аман-эсен жеткизгейли. Ал ыйык мекенибиз – Теңир-Тоо жергеси. Дүйнөдө улуу көлү бар, шар аккан өзөн-сууга бай жер. Могол колу ал жакка жете койбос. Биз, карылар, ичээр суубузду ичип, көрөөр күнүбүздү көрдүк. Жолдо ашык жүк болбой бул жерде эле калалы. Эки-үч күндөн калбай жол камын көрүп, Теңир-Тоону көздөй тукум улаар жаш балдарыбыз, кыз-келиндерибиз сапарга чыгышсын. Жараткандын буюрган күнү дагы жолугаарбыз. Түпкүлүгү уюткубуз бузулбаган эл болсок экен. Ал жакты байыртан эле кыргыздын кырк уруусу мекендеп келген. Өз эл, өз жерибизге баргыла. Кайда жүрсөңөр аман болгула. Тилиңерди унутпай, дилиңерди аруу тутуп, ата мурасын, каада-салтын бийик сактап, кыргыз деген атыңарды жоготпогула, балдарым! Туяк калтыралы. Эркектер ата-тегин унутпасын. Жети жашка чейинки балдар жети атасына чейин жатка билсин. Түбү кыргыз экенин эзели эстен чыгарбасын. Могол бийлиги жети атадан ары өтпөс. Замана ушинтип эле кара булут басып туруп алмак беле, кыргыздын да бир күнү жылдызы жанаар! Теңирге кесепети тийбеген эл эмеспизби!

…Теңир-Тоого аттанаар таңдын алдында ыңаалап бир ымыркай төрөлдү. Аны жакшылыкка ырымдап, маңдайында ай тагындай калы бар экен, атын Тагай коюшту. Элтерес карыя эркек ымыркайга өзүнүн болот кестигин тартуулады. Бул асмандан түшкөн кантемирден* энесайлык мыкты кыргыз усталары жасаган кымбат баалуу кестик эле. Көч башын астына ымыркай көтөргөн ак элечек эне баштап баратты. Эне-Сай калды муңун ичине катып. Алтын көл калды көз тамчысындай тээ алыстан көрүнүп. Журт калды, өчүп бараткан коломтодой тээ ыраактан үлбүлдөп.

(*Метеорит)

2

Өз уруусунун башында туруп Эне-Сайдан Теңир-Тоого көчүп келгендердин эң алды Долон бий болду. Кузгуну куркулдап, кулаалысы салпылдап учкан, куулары жаркылдап сүзгөн Чатыр-Көлгө табынышты, адеп кыр ашып келгенде. Аман-эсен жеттик деп төбөдөгү көктү алкашты. Жолдо аты жүрбөй калып, жүгүн башка унаага артып, ал атын бир күн эс алдырып, анан кайра жүгөн салайын десе октос берип үркүп, оюн салып жер чапчып карматпайт. Ошондо Долон бий:

– Ой, укмуш ой, бул жердин чөбүнүн касиети арпадан да күчтүү экен го, – деп тан берет. Ошондон кийин ал жер Арпа жайлоосу аталып кетет.

Эне-Сайдан эптеп жан сактоонун айласынан келген кыргыздарды улуу тоолор өз кучагына ороду. Бул жактын тоолору жөн гана тоолор эмес. Тоолордон башкача. Бул тараптын асманы да жөн гана асман эмес. Өзгөчө, мөлтүр асман. Булуттары аруу. Ушунун баары чоочунсунтпай, өз боорлорун кабыл алгандай өз кучагына сиңирди. Түнкүсүн жергиликтүү кыргыздар менен жылкы кайтарышып, жылкы кайтарган ырлары дагы бир болуп чыкты. Болгону калпагынын төбөсү гана жапызыраак болот экен. Жолдо могол мергендерден калган багыштын баш сөөгүн көрүп, аны жерге жашырышты, түбү кайберендин тукумубуз деп.

Алар жол азабын көрүп, жүрөк дегдеп бул жакка жеткиче Чыңгызхандын каары да шамалдай тез тарап, кылычынын учу бу ыйык тоолорго жетип калган экен.

«Качып өлбөй, атып өлөйүн, аркамдан жебе тийсе качып өлүптүр деп укум-тукумга кесепет кеп кетпесин деп», өзү жеке болсо да, алардын көп, анан куралдуу экенин сезип, жеңилээрин алдын-ала баамдаса да белге келип атышат. Ошол атышууда Долон бийдин көкүрөгүнө ок жаңылат. Ал жер кийин «Долондун бели» аталып, ал эми кара жоргосуна ок тийип, жан берген жер «Кара Жорго тоосу» аталып калат.

Долон бий менен чогуу көчүп келген эштек уруусунун Оргочорун Ысык-Көлдүн жээгинде өлтүрүшүп, анын сөөгү коюлган жер «Оргочор» аталат. Уулун болсо кийиктей кууп жүрүшүп, кыйнап өлтүрүшөт. Ошол жер анын атынан Окторкой болуп калган.

Журт которуу оңойго турчубу. Көбү жолдо көз жумуп кала берди. Жол арытып өздөрү ыргайдай, аттары куурайдай болуп жүдөдү. Көчүп келип аман жеткендери ооруп, сыркоолоп, тамак-аштан кемип, бир чети могол алдым-жуттумчулугунун таасири тийип өлүм-житим көп болду. Көмүлбөй канча өлүк калды ээн талаа, эрме чөлдө.

Бир кезде Улуу кыргыз каганаттын доорун сүргөн эл эми эптеп өлбөстүн күнүн көрүп калды.

Долон бий менен кошо келип, очок тутанткан энелердин ысмынан Макмал, Бурхан, Жылдыз төр, Кундуз деген жерлер аталды. Канткен менен кудай деген эл экен. Кыргыз чабылды, азайды. Бирок тукуму үзүлбөдү. Учу уланды. Көчүп келгендер жергиликтүү эл менен очор-бачар болуп, тамыр жайып, түтүн булатып, тирүүлүктүн парзын өтөөнү улантышты.

Долон бий өзү көз жумган менен андан туяк калып, байбичеси эгиз уул төрөп, мурда төрөлгөнүнө Абыл, кичүүсүнө Кабыл деп ат коёт. Журт чогулуп, жентек той берилет. Ошондо эл тарай электе бийдин байбичеси көпчүлүккө кайрылып: «Эгиздин улуусу Абыл оң, ал эми кичүүсү Кабыл сол бөйрөгүмдө жатты эле. Эгер силер эп көрсөңөр, мындан ары эки эгиз эркегибиз тукум улап Абылдан төрөлгөн тукум «оң» деп, ал эми Кабылдан тарагандар «сол» деп аталсын» дейт. Эл-журт колдойт. Мына ошол Ак уулдан же Оң канат кыргыздан бугу, сарбагыш, солто, саяк, черик, азык, кара багыш, моңолдор, коңурат, чертики, баргы, бөрү, жору, тооке, жолжакшы, сарттар; Ал эми Куу уулдан же Сол канаттан: саруу, кушчу, кытай, мундуз, басыз, чоң багыш, жетиген, төбөй, күркүрө жана төнтөрүн таркайт.

Ак уулдан дагы бий тукуму болуп эки ата өтүп, Адигине, Наалы эжелер төрөлөт. Эң кичүүсү төрөлгөндө Эне-Сайдан жер котороордо Тагай деген акжолтой ымыркай төрөлгөн деп, ошонун атынан Тагай деп аташат.

3

Могол бийлиги кыргыз жергесинде дээрлик үч кылымга чейин созулду. Кыргыз эли бытырады, бирок жок болуп кетпеди. Моголдор мынча мезгил ичинде өздөрү да жергиликтүү элге аралашып тилин үйрөнүп, дилин тутуп, а тургай мусулман динин кабыл алышып, бу Борбордук Азия чөлкөмүн Моголустан деп аташты. Аскер, бийлик тартибин катуу кармашып, элди эзүүнү уланта беришти.

Токой-тоонун падышасы болуп, баарын титиреткен арстандын дагы карылыгы жетсе каруусу менен каары кеткен сыңары эле могол падышачылыгында да ич ара жикке бөлүнүү күчөп, бийлиги акырын солгундап баратты. Анын аягы келип Теңир-Тоо менен Жети-Суу аймагын ээлеген Моголустан өлкөсү ажырап, эки мамлекетке бөлүндү. Бири калмак жапырыгында азыркы Теңир-Тоодон сүрүлүп батышка оогон, чагатай насилинен чыккан Йунус хан башында турган могол улусу. Анын бийлиги биягы Ферганадан тартып, тиягы Ак-Суу, Түркстанга чейин созулуп, Түштүк Теңир-Тоонун этегин, Ат-Башы өрөөнүн ээледи.

Экинчиси, жалпы Түндүк Теңир-Тоону кучагына алган. Ал негизинен кыргыз урууларынан жана жергиликтүү эл менен аралашып калган моголдордон турган. Бара-бара кыргыздардын таасири күчөгөнү менен өзүнчө хандык түзүүгө чама-чаркы али жетпейт эле. Себеби Чыңгызхандан келаткан тартип салтка ылайык моголдор бийлик жүргүзгөн чөлкөмдө анын тукумдары гана хан көтөрүлүүгө акылуу болучу. Кыргыздын эл билгилери да бул айныксыз катуу эрежени бекем сактап, бирок өз таасирибизди улам күчөтүп, өз хандыгыбызды бекемдей беребиз деген ниетте Чыңгыз тегинен чыккандардан өздөрүнө ылайыктуу ымалалаш киши издешет. Мына ошондо кыргыз төбөлдөрү кеңешип кесип, Йунус хандын экинчи уулу Ахмед кыргыздарга ниети түз, өзү ак көңүл жан экенин угушуп, ага тымызын чабарман жиберишип макулдугун алышат. Ал кыргыз тактысына келип, хан болуп берүү үчүн 1484-жылы өз атасы Йунус хандын ордосунан жашыруун качып чыгып, Түндүк Теңиртоого келет.

Кыргыздар ичинен кымыңдап сүйүнүшүп, өз кишибизди коюп алып, өз саясатыбызды жүргүзөбүз деп кыялданышкан эле.

Ахмед хан ошентип кыргыз ханы катары таанылып, эң ириде өз бийлигин чыңдоо камын көрдү. Моголдордун ичиндеги өз ара жикке бөлгөндөрдү аёосуз жазалап, каршылык кылам дегендерди укум-тукумуна чейин кырды. Мына ушуга эле он жылдай убакыт короду. Бир курдай Ахмед хан сыркоолоп калганда моголдун эң ири Калучи уруусунун башчылары өз ара жең ичинен сүйлөшүп алып, түн ката капилеттен ханга кол салышат. Хан нөкөрлөрүнүн сактыгынан улам өз бийлигин сактап калып, анан жаратынан сакайгандан кийин тигилерден кегин алып, ал уруунун бир да эркегин калтырбай тукум курут кылат. Мына ушундан кийин гана Ахмед хандын катаал кыялы билинип, ага каршы баш көтөрүүгө эми эч ким даай албайт.

Ошентип түпкү өзөгүн кыргыздар түзгөн, бирок каны могол Ахмед хан бийлеген кыргыз хандыгы тамыры жайылып, кулачы кубат алып баштаган.

Ахмед хан келкели келип, кемелине толуп турганда Жаркенге чабуул коюп, кыргыз жоокерлеринин тайманбас аракетинин натыйжасында, Кашкарды багындырды, өзбек ханы Мухаммед Шейбанини Ферганадан кууп чыгууга бир канча ирээт ыдык көрсөттү.

Кыргыз хандыгын жыйырма жылга дейре бийлеп турган могол тукуму Ахмед хан 1504-жылы жаз алды менен Аксуу шаарында дүйнөдөн кайтты. Аза кайгысын тең бөлүшүп, кыргыздар аны тиги дүйнөгө өз ханындай ызаат менен узатышты.

Анын ордуна уулу Мансур хан келип такка отурду. Ал Чыгыш Түркстан шаарлары менен Түндүк Теңир-Тоону камтыган аймакты бириктирип, кайрадан бирдиктүү Моголустан мамлекетин курууга далалат кылды. Бирок,атасы Ахмед хан көз жумганы ынтымак-ырыскы кошо кетип, уулдарынын ич ара араздашуусу сыртка чыгып, күч алып калган эле. Мансур хандын ордосу Кашкарда жайгашкандыктан негизинен ошол жердеги могол төбөлдөрүнө таянып бийлик жүргүзүп келди. Ахмед хандын кичүү баласы Султанхалил да бой жетип калган эле. Бийлик жүргүзүп турган бир тууган агасы Мансур хан менен касташып, пикирлери келишпей баштайт. Агасы тактыда турганда ага орун артпасын түшүнгөн соң, айласы түгөнүп, башпаанек издеп Теңир-Тоо тарапка келет. Бул жакта атасы Ахмед хандын аброю бийик экенин угуп жүргөн. Султанхалилди ханзааданын тукуму катары кадырлап тосуп алышып, Ахмед хан учурундагыдай эле хан көтөрүшөт. Султанхалилди мүлдө кыргыз таанып, бийлиги бир кыйла таасирлүү төбөлгө айланат. Ага ушундай бийик такты керек болсо, ал эми анын астындагы кыргыздарга тымызын кыргыз хандыгын чыңдоо жана могол тукум Султанхалилди бетине кармап, ал аркылуу коңшу элдерге таанылуу айласы эле.

Шамалга урунбай, бадал далдаасында өнүп келаткан чырпык сыңары акырын билинбей кыргыздардын мамлекеттик түзүлүшү түйүлдүктөй түп алып келатты. Түпкүлүгү кыргыздыкы, тактыда болсо могол ханы. Үмүт тамызгыдай тутанып, эми улуу оттой алоолонуп келаткан...

Ошол эле доордо коңшу казак хандыгынын башында Чыңгызхандын тун уулу Жоочудан тараган Тукатимуриддер турган. Тукатимурдун урпактары андан ары Крым, Казан хандыктарын тартып алып, өз зулумдугун таңуулоого жетишкен.

Ырыскы качаарда ушинтип кырсык көбөйөт. Моголдордун ич ара чыр-чатагы ырбай берди. Ахмед хандын үч баласы Мансур хан, Султанхалил хан жана кичүүсү Султансаид атадан калган байлык менен мурас тактыны бөлүшө албай араздашуу күчөдү. Ошол учурда курамы кыргыздар менен моголдордон турган кыргыз хандыгынын ич ара мамилеси да тынч эмес болучу. Султанхалил кыргыз хандыгын өзүнчө бөлүп алып өз хандыгымды жүргүзөйүн дейт. Агасы Мансур болсо кыргыздар тарабынан сүрүлүп чыгарылган могол төбөлдөрүнө таянып, кыргыз хандыгы менен могол мамлекетин бириктирүүгө умтулат. Ошол кырдаалда эң кичүү иниси Султансаид да агасы Мансур менен таарынышып, бир тууганы Султанхалил бийлик кылган кыргыздардын арасына келип баш калкалайт.

Ичинен быкшыган түтүн убагында өчпөсө бара-бара тутанып өрткө айланган сыңары такты талашкан Ахмед хандын балдары жүрө-жүрө касташып отуруп, элдешкис жоого айланышты.

1507-жылы Чарынчелекте (Иле өрөөнүндө) агасы Мансур хан менен иниси Султанхалил кол курап, уруш башталды. Эң кичүүсү Султансаид кичүү агасы Султанхалил тарапта болуп, улуу агасына каршы жоолашты. Аганын иниге, же ининин агага каршы жаа тартып, согуш баштоосу оңой-олтоң болбойт экен.

Жөөсү да, атчаны да эки тараптан согуш талаасына чыгышты. Күн батаарда маңдай-тескей жайгашып, бири-бирине бетме-бет турушуп, арбашкан жыландай экөө тең биринчи болуп ок аткандан жазганышты. Түнү менен эки тарап тең кармаштын камын көрдү. Бирок, эч кимиси согуш баштап, ок атпады. Түн бою көз ирмебей ок атканга, ат чапканга даяр турушту. Таң сөгүлүп, асманды сур булут басып, Ай менен Күн көрүнбөй калганда Айдан гана, Күндөн гана айбыгып тургандай, бир туугандардын урушу башталды. Боорду боор тепти, көзү көзүнө каргыш тилеп, өзү өзүнө найза сайды. Ышкырган жаанын, чабылган кылычтын, кишенеген аттын, кокуйлаган кишинин, моголдордун, анан кыргыздардын үнү опур-топур болуп, ааламдын алакандай жеринде кыргын болду.

Мансур хан канткен менен карт бөрүлүк кылып, согуш өнөрүнүн айла-амалын айрыкча билгендигин көрсөттү. Бир туугандар Султанхалил менен Султансаид өз жандарын аман алып калыш үчүн кыргыздарды таштай салып, баш паанек издеп коңшулаш элдерге кире качышты. Кыргыз жоокерлери бөөдө туткунга алынып, кийин Чалыш, Турпанга жеткирилип, өлүм жазасына тартылышты. Жолдо баратып эптеп, качып кутулгандары гана өз жерине аман-соо келишти.

Деген менен Мансур хан Теңиртоо аймагында көпкө кармала албады. Экинчи бир могол төбөлү Абубакир да кыйын чыгып, азган-бозгон кыргыз урууларын кошуунуна топтоп, Мансур ханга удаа-удаа ыдык көрсөтүп турду. Мансур хан кысымга чыдабай аргасыз чегинди.

Бул доор кыргыздар үчүн зор сабак, үлкөн сыноо болду. Ишенген хандары Султанхалил менен Султансаид элди таштап, өз жандарын сактай качты. Аларды коргойм деген кыргыз жоокерлери кырылып, туткунга түшкөндөрү болсо Кашкарга жеткенде өлүмгө буюрулду. Дагы бир могол ханы Абубакир калган-качкан кыргыздарды чогултуп, кол курап Мансур ханга каршы тукурду. Ошондо жеңсе даңкы моголго калып, жеңилсе кыргыз өлдү. Кыргыз намысы кулап атты. Өз жеринде өзгөнүн шамалына кор болуу өзөккө жетти. Өз мамлекетиң болуп, өз жериңди, өзүңдү коргоп, өз эркиндигиңди колго алып, өз тууңду желбиретмейин өзгөдөн жакшылык болбосун эми чындап, акылы менен аңдап, жүрөгү менен тыңдап түшүнүштү.

Бул заманда атактуу Султан Бабур Улуу Могол мамлекетин курам дегенде ак эткенден так этип, Индия багытындагы Улуу жүрүшкө даярданып, Моголустандагы окуяларга Кабулдан кыраакылык менен көз салып турган эле. Ошол маалда ооган жергесине кире качкан Султансаид өзүнө таянарга тоо издеп, өчүн алганга күч топтоо айласын кылды. Бир тууганы Султанхалил болсо Фергана өкүмдары Жаныбек тарабынан өлтүрүлгөн. Моголустанда өз таасирин күчөткүсү келген Бабурга дал ушундай Султансаид сыяктуу согуштук өнөктөш керек эле.

1510-жылы Бабурдун чечкиндүү колдоосу менен Султансаид Анжийан шаарын багындырат. Анын бийлиги бара-бара күч-кубат алып, могол, казак, кыргыз уруулары, анын ичинде Абубакирдин катаалдыгына нааразы болгон белгилүү дуулат уруусу, ал тургай Абубакирдин бир тууганы Сейит Мукамбет баш болуп, Махмутсултан Бекчик, Пишкек мырзалар кошулуп, кол куушуруп Султансаидге келип, анын бийлигин тааныгандыгын билдиришет. Бирок Султансаид хандын бул жердеги бийлиги узакка турбады. Анткени Мавераннахрдан* шейбаанилердин аскердик күчтөрү Анжийанды бошотууга даярданып баштаган эле.

(*Мавераннахр – арабча «дарыянын өйүзүндөгү жер», Сыр-Дарыя менен Аму-Дарыянын ортосунда жайгашкан)

 

КЕТ БУКА
    (1227-жыл)

Энесайдан Теңир-Тоого келатып, Тарбагай тоосунун этегине жеткенде эл болуп көрбөгөндөй катуу кыйналды. Жол азабы, көр азабы болду. Азыгы түгөндү. Ачкалыктан көздөрү чанагынан чыгып кетчүдөй көрүнүп, Ысык-Көлгө чейин дармандары жетээр эмес. Баарына чыдаса болот эле. Бирок суусу жок жол жүрүүгө чыдаш кыйын экен. Кыргыз кайраты кайтып бараткандай... Өчүп бараткан үмүткө дем бермекке Долон бий бул тарыхты айтып отурду.

…Оо анда Айхан* пааша тактысында маашырланып бейкапар отурган экен. Телегейи тегиз, теменеси бүтүн заман го сыягы. Азыр эле элчилерди кабыл алып узаткан болчу. Эң тун уулу Жуучунун жан досу Ноён он чакты жигити менен бир чүкөдөй чалды ортого салып кирип келишип, ийилип учурашты. Алиги колуна комуз кармаган ак калпакчан немени жакадан алып каардуу падышанын алдына жакын апкелишти. Колго түшкөн туткунду да мынчалык кордошпогон. Бул ким экени али табышмак. Деги тегин окуя эмес экенин сезген пааша жүлжүк көзүн ачып-жуумп, Ноёнду бир карап алды. Баары баштарын төмөн салып, жер тиктешет. Эч кимиси даап, каардуу Айханга тике карай албады. Бир саамга үнсүздүк өкүм сүрдү. Айхан эле көзүн ачып-жуумп, алданемени сезгендей тынчсызданганы болбосо, дүйнө бир көз ирмемге катып калган таризде. Комузчу эмне кылаарын билбей эс-мас. Пааша табышмак жагдайга жооп таппай, же суроо бере албай турду. Ноён бөктөрүлгөн камчысын шилтеп ишаарат кылганда гана комузчу тепкесин оңдоп, кулагын толгоп алып улуу күүнү ыраактан баштады.

(*Энесайдагы кыргыздар Чыңгызханды ушинтип аташкан)

Комуз күүсү тээ бийикте бүркүт каалгып учкандай созулуп барып, жай жүрүштө салмактуу чыкты. Өкүмдар эми баштагыдай көзүн ачып-жумбай көңүл коюп, комуз дилин билип, тилин илгиртпей түшүндү. Кошо келген жигиттер таштай катып мостоюп, баш көтөрүшпөдү. Комуз үнү буттары тыбырап, жарышка түшкөн күлүктөрдөй бара-бара өөрчүп, эми болсо жонунан суу төгүлбөс жоргодой салып баратты. Пааша каардуу караган менен жүзү өзгөрүп, маанайы ачыла түшкөндөй. Комузчунун колдору өзү эле элирип ойноп, манжалары тез кыймылдап, кылдарды элпек терип, күүсүн өзү да тыңдап жаткандай башын оңго кыйшайтып, кашындагы паашаны караганга эрки жетпей турганда, ал өзү дал маңдайга келип калыптыр. Жигиттери каккан казыктай акыйат. Дем алгандары да билинбейт. Эми комуз таң алдында үн алышкан булбулдай укмуш кооз сайрап келди. Комузчу эми кызып, оң колу ылдый, өйдө шамдагай кыймылдап, салааларынан үн төгүлүп атты. Колдору маш келип, өтө кылдат чертти. Маңдайында бу он сегиз миң ааламдын паашасы отурганын сезбей баратты. Жан кечти Айхан дымып укту.

Кудум булбул сайрап жатты. Кубултуп сайрайт. Кулактын кужурун алып сайрайт. Жүрөк түпкүрүнөн сайрайт. Аруу, мөлтүр сайрайт. Ымыркай төрөлгөндөгү кубанычты сайрайт. Наристе күлкүсүндөй тунук сайрайт. Бала балтыр эти толуп, күлүк чаап, ата-энеси жетине албай карап турган көз ирмемди сайрайт. Өспүрүм бой жетип, сүйгөнүнө арзыган махабат кереметин сайрайт. Жазгы гүлдөй жайнаган жаштыкты жар салат. Бийиктикти даңазалайт. Сулуулукту саймедирейт. Өмүрдү даңктайт. Оо, Жараткан, ушундай сезимдерге бөлөгөн өмүр дегениң укмуш керемет экен го!

Бул сезимди жан дүйнөсү булганыч мерес адам кайдан сезе билсин. Мындай обологон керемет көз ирмемдер көкүрөгүндө таруудай да кири жок нагыз аруу жүрөктөргө гана таандык. Комузчу эргип чертип, элирип баратты. Комуз таңшып, булбул сайрап, жүрөк толкуп атты. Дүйнө жана пааша аны тыңдап туру.

Бу ааламдын паашасы эми кулагы менен эмес, жүрөгү менен берилип укту. Мындай кубулжуган күүнүн шаңында тээ кылыч чапкан баатырдык күндөрү шоона эшпей калды. Ойлонуп укту, толгонуп укту, жыргап укту. Бирок жүрөк толтосуна бир күкүм кум түшүп кетип, ал улам чоңоюп келаткандай опкоолжуп өйкөп атты.

Бука комузчу бүт тулпарларды чаңында калтырып, марага биринчи келаткан күлүктөй көл-шал тердеп, элирип алды. Эми чүкөдөй чал гана бу чөлкөмдө падыша болуп, өзүн кожоюн сезип, алиги Айхан болсо катардагы бир угарманга айланды. Элирген аргымактай демиген комузчуну эми эч бир күч токтото алчудай эмес.

Жүрөгүн эч ким жибите албаган, жүрөгү эмес, боору да таштан бүткөн, эне сөзүнө да, сүйгөн жардын назына да жумшарып койбогон Айхан эми комуз үнүнө жибип, жазыла түшкөнсүдү. Ошону баамдап комузчу өзүн накта падыша сезе баштады. Комуз менен кошо колу, башы, денеси кыймылдап, өйдө-төмөн ойкутуп, кайкытып чертип, аны карап турган Айхан да токтоно албай башын обонго үндөш ийкеп атты. Кудайга да эгерим баш ийгиси келбеген жанкечти эми комуз үнүнө баш ийип баратты.

Комуз дегениң укмуш турбайбы! Кылыч дегениң бир темирдин сыныгыдыр, өмүр дегениң куштун бир канат сермегенидир, алтын дегениң таштын бир бүртүгүдүр, комуз гана бу дүйнөнү ажарлантып, гүлдөтүп, миң кубултуп, жокту бар кылып, адамга канат байлап, тээ көк мейкинге алып учкан касиетке ээ окшобойбу! Куураган куу жыгачка эле үч кыл тартылып, бирок жүрөк менен жан дүйнөнү ээлеп алган бу сыйкырды ким ойлоп тапкан, аттигиниң!

Өлбөң, Теңир жалгаң! Комузду ким жаратса!

Ноён гана бул эргүүгө баш бербей саамдан кийин жер жарылып кетчүдөй бир нерсени күтүп атты. Кылт этип эле кыл жибин тартса дүйнө аңтарылып, теңтерилип кетчүдөй сезилип туру. Комуздун шаңдуу керемети көпкө созулуп кеткендей. Комузчу бул жерге неге келгенин унутуп калгандай. Ноён чыдамы бүтүп камчысы менен өтүгүн чаап ишаарат берди. Айхан бир селт этип алды. Ошондо гана комузчу тек-жайды түшүнүп, неге келгенин эстеди. Комузду оң колунан сол колуна алмашты.

Комуздун шаңшыганы билинбей пастап барып, эми боздогонго өттү. Адеп тээ улуу тоонун артынан угулар-угулбас гана үн угулду. Ыраактан чыккан күңгүрөгөн добуш жүрөккө жетип-жетпей атты. Ал обон улам жакындап келатты. Айхан отурган жеринен бир копшолуп алды. Эми комуз жөн эле чертиле бербей кадимкидей сыбызгып өксүп, бара-бара бышактап ыйлап баштады. Сол колунун манжалары сөөмөй, ортон, аты жок, чыпалагы менен тийээр-тиймексен муңкантып, өкүтү өзөк өрттөп, кабырга кайыштырып, хандын заманасы куурулуп баратты. Кыргыз баласы боз үйдөгү өлүккө алыстан адеп жасалма өкүрөт. Жакындаган сайын чындап өкүрөт. Өлүктүн жанына жеткенде эч ким көз жаш чыгарбай туралбайт. Жоктоп ыйлайт. Дал ошол сыңары ыйлаган комуз улам муңканып баратты. Эчкирип, эми зар какшады. Кудум азыр эле эмизип, энелик кумары канбай калган инген ботосун колдон алдыргандай. Жүрөгү капшырылып калгандай. Ары бир чуркап, бери бир чуркап, бу дүйнөдө таянарга эч нерсе таба албай, ээн талаа, эрме чөлдө темселеп, ботосунан айрылган боз ингендей боздоду.

Айхан эми жүрөгү оозунан атырылып чыгып кетчүдөй комузчуга жини келип, ээрди кыймылдап, жаак этинде бырыш пайда болуп, көзүнөн каарын чачты. Жүрөгү жамандыкты сезди. Бетинин түгү сыртына чыкты. Буга дейре адам өлүмү Айхан үчүн чымын өлгөндөй да эмес эле. Канча адамды өз колу менен өлтүрүп, канча өлүктөн ыракат алган. Тулпарынын туягында канча адамдын жаны калды. Он да, жүз да, миң да эмес, түмөн да эмес, сан жеткис. Ал өлтүргөн адамдардын башын чогултса эбак эле үйүлгөн опол тоо толмок. Канчасы көмүлгөн жок. Баланы атадан, кызды энеден, селкини бозойдон, элди журтунан ажыратты. Бирине да боору ачышкан эмес. Миң жыл көгөрүп уюп жаткан мөңгү акыры бир күн ачуу тийгенде ээригендей, таштан бүткөн боору болкулдап жумшарып, ачышып баратты. Асмандын бир жак ыптасы урап түшүп келаткандай болду.

Комузчу эми элирбей өзүнө келип, этият черткенге аракет кылды. Азыр кичине эле жаздым басып, жаза кетсе заардуу хан башын алчудай. Эми өмүрү Айхандын гана колунда. Комузчунун чымындай жаны падышанын бир көз ирмеми эле. Ал макул деп баш ийкеп белги берсе эле башы чабылат. «Балким бул күү – бу жарыктагы менин эң акыркы күүм чыгар, бул күн – менин эң акыркы күнүм чыгар» деп ойлоп, комузчу ого бетер жүрөк кан тамырын жарып ийчүдөй, ушул муңга чыдабай комуз кылы үзүлүп кетчүдөй ичке боздотту. Ичтен сызылып кан акты, боорду жарып жаш акты. Комуз көөдөнүнөн шолоктоп турду. Жан чыдабай баратты...

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

© Каныбек Иманалиев, 2010. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 7705