Главная / Көркөм кара сөз, Көлөмдүү кара сөз
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2011-жылдын 21-майы
Белгисиз кыздын махабаты
Чыгармада мектептин окуучу кызынын мугалим жигитке болгон сүйүү сезими, алгачкы ууз махабат темасы козголот. Албетте, анда өспүрүм куракка мүнөздүү кызганыч, чочулоо, жаңылыштык, жаштыкка мастык сыяктуу сезимдер күрөшү камтылган.
Кыялбек экөөбүз сегиинчи этажга көтөрүлдүк. Көк менен сырдалган эшиктин коңгуроосун бастык. Улгайган аял чыкты.
– Силерге эмне керек эле? – деди ал.
– Квартирага киши алам дептирсиңер. Эгер бош болсо руксат этиңиздер.
– Ооба бош. Кирип көргүлө. Бирок жыйналбай калды эле.
– Жыйнаган кудай алсын, бат эле жыйнай коебуз. Квартираңыз жагып калса майда-чүйдө ремонтун жасаганга да колубуздан келет.
Үй ээси бөлмөнүн эшигин ачып көрсөттү да, эмне кылсаңар ошо кылгыла дегендей өз бөлмөсүнө кирип кетти. Чоң шкафтын бир жак бетин ачып жибергенде анын ичинен сапырылган кагаздар чыкты.
– Мунун баарын өрттөш керек, – деди Кыялбек.
– Кое турчу, – дедим мен, – муногу кагаздар кыздын колу менен жазылыптыр. Жаш кыздын жазып жүргөн күндөлүгү болбосун.
– Кана, – деп Кыялбек кызыга түштү. Анан экөөбүз жата калып, бири-бирибизден талашып окуй баштадык.
– Мен, – деп башталат барактын биринчи бетинде эле, – анда он биринчи класста окуп жүргөм. Сен мугалим болуп келип калдың. Сени көргөндө баарыбыздын көзүбүз алайып кетти. Сен карап эле турчу сулуу жигит экенсиң. Кою каштарыңдын ортосу биригип, тунук кара көздөрүң балбылдап жанып турчу. Эки бетиң болтоюп, атайы тегиздеп койгондой сыпсыйдан эле. Кундуздай кара чачтарың маңдайыңа түшө калганда чөнтөгүңдөн тарагыңды ала коюп, артка тарай салчусуң. Сүйлөгөндө жука эриндериң эпилдеп кетчү. Үнүң жоон да эмес, ичке да эмес айтоор угуп эле турчудай жагымдуу эле. Ошондонбу сенин өткөргөн сабагыңды бат эле түшүнүп калчубуз. Башка сабактарда чуру-чуу түшкөн күндөрүбүз болгон менен сенин сабагыңда чымын учса угулчудай өкүм сүрчү. Сенин сулуулугуң башка кыздарга караганда менин жүрөгүмдү эрте ойготту окшойт, ойноок кыялым менен сени телмире карап калчумун. Сен ага анча маани бербей, сабагың менен алек болчусуң.
Катар коюлган парталардын ортосу ачык болгондуктан эң арт жакта отурган мага чейин басып келип, ар кимибиздин чыгарып жаткан эсебибизге көз салып өтөр элең. Чыгара албай томсоруп отуруп калган окуучунун жанына отура калчусуң да, эсепти үйрөтө баштачусуң. Мындай учурда ийниң ийнибизге, колуң колубузга тийише түшчү. Окуучуларга жардам берип аны карап чыгуу сабак аяктаганча токточу эмес. Ошондон улам сен жаныбызга келип токтой калганда сөзсүз жаныбызга отура калат дегенсип ордубуздан жылып орун бошото салчубуз. Айрыкча кыздар сенин келип отуруп калышыңды каалап турар эле. Ошондо башкаларга барбай мага келсе экен деп ичимден тиленип, ар бир кадамыңды байкап турчумун. Кээде жаныма отура калсаң күнүм жаркырап тийгендей сүйүнүп, өтүп кетсең күн түнгө айлангансып кабатырланып отуруп калар элем. Күн артынан күн өтүп жаткан менен сен менин көз карашымдан жүрөгүмдө сел болуп агып жаткан ысык сезимди билбедиң.
Кыздардын балдарга караганда сүйүү сезими эртерээк ойгонот окшобойбу. Анткени мен теңдүү класстагы кыздар да мен сыяктуу сени менен жанашкысы, сүйүү уялаган көз карашыңды күтчү. Бирок оңой менен жибибей турган адамдай түр көрсөтүп, ар кимибизди өзүңдөн алыс кармоого аракеттенээр элең. Анткен менен жаштыгыбыз, сулуулугубуз сенин көзүңдү чачыратып суктантып коюп жүргөнүн көз карашыңдан байкап калчуубуз. Өзүңдү өзүң ар дайым аяр кармап, баарыбызга бирдей мамиле кылып, сыр алдырчу эмессиң. Ошондой болсо да жүрөгүмдө уялаган жылуу сезимимди билер бекен деп атайы эле көзүмдү кадап карап калчумун. Анткеним менен сен же көз карашыңдан, же сөзүңдөн, же мамилеңден мага эч нерсе билдирген жоксуң. Ошондонбу мен сени оттун табына да жылыбаган муз жүрөкпү деп ойлоп жүрдүм.
Сабак учурунда адептүүлүк, маданияттуулук, боорукерлик жөнүндө көп айтчусуң. Балдар кыздарды сыйлоосун, ал эми кыздар илгертен келе жаткан салтты сактап ыймандуу, уяттуу болушун ар кандай аңгеме, жомокторду айтып мисал келтирер элең. Ал сөздөрүңдү муюп угуп, сени улуу катары, агай катары сыйлоого өтчүбүз. Сенин ошол акыл, кеңештериң сага обу жок тийишүүгө, же жакшы көрүп жакындашууга жол берчү эмес.
Ошол жылы жаз эрте чыкты. Тал дарактар эрте бүрдөп, айдың талаалар жашыл кымкапка жамынды. Кыштын кычыраган ызгаарынан кийин жылуу абанын келиши жер жүзүндөгү жан жаныбарларга гана эмес адам баласына да таасирин тийгизет окшобойбу. Айтоор биздин да денебиз жайылып, талаага чыгып, көк үстүндө ойногубуз келип, элирип эпкиндеп калыптырбыз. Айтоор, чын төгүнүн билбейм, махабат айрыкча жазда гүл ачат деген кээ бирөөлөрдүн сөзүн уккам. Ошондонбу ушул жазда өзүмдү башкача сезип жүрдүм. Өзгөчө сени көргөндө эки бетим албырып, бүткөн боюм ысып чыкчу болду. Бирок өзүмдү өзүм кармап, ичимде түтөгөн арманымды эч бирөөгө билдирбөөгө тырышчумун. Мен ошентип жүрсөм Кутман деген классташ бала мага кат жазыптыр. “Жазындагы гүл менен кошо махабат да гүлүн ачат эмеспи. Аны сен кандайча сезбей жүрөсүң. Эгер быйылкы эрте келген жаз канчалык сага таасир этсе сен сөзсүз махабатка болгон сезимиң ойгонот. Ошондо менин көз карашымды, жылуу мамилемди түшүнө баштайсың. Азыр сени көрсөм эле өзүмдү жоготуп да, жалтактай да берчү болдум. Кыскасы сени жанымдай сүйүп калсам керек. Билсең сага деген менин сүйүүм ааламда жок сүйүү. Аны түшүнүп ушул катыма сөзсүз жооп бер. Чынын айтсам эртең эле үйлөнө калайын деген оюм жок. Бирге окууну бүткөндөн кийин жогорку окууга бир барып каларбыз. Анда да бири-бирибизге арка бел болуп, бактылуу келечекти түзөбүз. Муну дайым эсиңе сактай жүр, Эрке. Макул десең кечки саат сегизде жолугушалы. Сүйөм Эрке, сүйөмүн, сен деп дайым жүрөмүн. Сен дегенде сүйүүм ак, жүргүм келет кучактап К+ Э” деп жазыптыр катында. Экөөбүз тең он алтыдан он жетиге караган курагыбызда Кутмандын минтип сүйүүдөн баштап кат жазганына таң калдым. Бир жагы мага көңүл буруп койгонуна кубана түшсөм, бир жагы он гүлүнөн бир гүлү ачылбай жатып “сүйөм” дегенине кыжырым келди. Бирок, ой тообо муну да жаз таасирлентип койгон чыгар деп ой жоромолдоп койдум. Бирок сеничи Айдар агай?.. Ооба, сен жаз жөнүндө ойлоп да, таасирленбеген да өңдөнөсүң.
Күндөгүдөй сабак өтүп жатып сен мени доскага чыгарып калдың. Геометрия сабагы болгондуктан трапеция боюнча аныктамаларды айтып, анан берилген жактары боюнча эсеп чыгарып жаңы эле бүткөм. Сен баардыгы туура дедиң да, трпециянын сызыктарын кыйшайтып койгонумду байкап, анан колумду кармай калдың. Борду колумдан чыгарбай, ошол менин колумду кармаган бойдон сызыктарды оңдоп жаттың. Алаканыңдын илеби колумду ысытып жиберип, бүткүл денеме тарай түштү. Өзүмдү жоготуп койгонсудум. Бирок аны сага билдирген жокмун. Партага келип отурганда денем титиреп жатканын билдим. Деги сүйгөн адамыңдын сүрү болот тура деп ойлоп койдум ичимден.
Ошондон тартып сен парта боюнча кыдырып келе жатканда жан дүйнөм бүлүккө түшүп, жаныма отурбай эле өтүп кетсе экен деп тилеп жүрдүм. Анткени сен жаныма келип отуруп калсаң калтырап титиреп өзүмдү жоготуп коемунбу деп коркчумун. Эгер менин мындай абалымды байкап калсаң талмасы бар кызбы деп чоочулап калышың мүмкүн эле. Анда сенден биротоло кол үзүп каламынбы деп санааркай кетчүмүн. Кудай жалгап көпкө чейин менин жаныма басып келген жоксуң. Ошондонбу сенден сүрдөнүүм бара бара басылып, денемдин калтырагы басылып, баарын унутуп койдум.
Баса, жаз жөнүндө, анын таасири жөнүндө айтпадым беле. Ошо жаздагы табияттын айтып бүткүстөй кооздугу, куштардын мукам сайрагандары да сенин делебеңди козгоп таасирлентпесе керек. Эмесе кол алдыңда бой жетип окуп жаткан кыздардын бирөө жарымдарына тийишип, же көз отуңду таштап жакындай баштайт элең го. Бирок сен антпедиң. Жеңил желпи адамдардай болуп орунсуз кыймыл аракет жасабай, бир калыпта, сырыңды эч кимге билдирбей, салабаттуу да, оор басырыктуу да болуп жүрчүсүң. Бирок сен канчалык өзүңдү токтоо кармаганга аракет кылганың менен сага ашык болгон кыздар сенин жүрөгүңө карай жол таап алууга аракеттенчи. Анын бири Лира деген кыз эле. Танапис болду дегенде эле айланчыктап сенин жаныңдан кетчү эмес. Бирок сен таптакыр ага көңүл бурбай койчусуң. Ошондо Лира момпосуйга таарынган баладай томсоруп туруп калчу. Айласы кеткениненби бир күнү кат жазып журналыдын ичине салып коюптур. Сен катты окуп чыгып “айланайын карындашым, сен али жашсың, бойго жеткенде гана жигиттерге арзуу тилектериңди айт. ” дептирсиң. Ошондон бери анын жайдары жүргөнүн көргөн жокмун. Демек сен эч бир сезимге жылыбаган муз жүрөк турбайсыңбы. Ошондон улам менин арзуу сезимим, жада калса сен деп жүргөнүмдүн акыры эмне менен бүтөөрүн билбей жүрдүм.
Канткен менен жаз өзгөчө кыздарды ээлендирип койгон окшойт. Класста болобу, сыртта болобу кыздар өзүнчө бөлүнбөй кайра балдар менен көп ойночу болдук. Муну сен байкап калып, ичиң таарый калганынанбы “кыздар кыздай болуп созулуп жүргөнү жакшы болот. Абийирди сактай жүргүлө” деп кеп кеңештерди көп айтчу болдуң. Буга балдар каршы чыгып “агай сиз бала болгон жок белеңиз” деп калчу. Өзүңдөн бир топ жаш балдардан кагуу жеген күндөрүңдө да аларга каарданып катуу сөз айтчу эмессиң. Бирок кабагың карыш түшүп, өңүңдүн бозоро түшкөнүн байкап калчубуз. Бирок билимдүү адам эмессиңби, бат эле ачууду унутуп, маанайың жазыла түшүп, анан жан үрөп сабагыңды окута баштоочусуң.
Билбейм, кийинки убактарда саал бош боло калганда эле спорт аянтчасына барып ойногонду адатка айландырып алдык. Класс жетекчи катары сен ар дайым биз менен бирге болуп, тиги балдардан бетер көңүлдөнүп ойночу болдуң. Ошол күндөрү Кутман менин жанымдан такыр чыкпай койду. Кантсин, канчалык жаныма жолотпоюн деп какканым менен кортоңдоп алып менден үмүтүн үзбөйт. Куушуп ойногондо чарчаганына карабай жетип алат да бетиңден өптүр дей берет. Катыма качан жооп бересиң деп жадатканын айт. Жерден боюң чыкпай жатып сүйүүнү эмне кылат экенсиң дейм ага. Ага болсочу, асылганы асылган. Бир күнү сен аны байкай койдуң. Ага ачууң келгенин көз карашыңдан түшүнүп, жаңыдан ойноюн деп келе жаткан Кутманды:
– Барчы ары! – деп көкүрөктөн ары итерип жибердим. Байкушум чаңга оонап жыгылып калганы менен мага эч нерсе дей албай, күлө карап тим болду. Ошондо Айдар, жагымдуу көз карашта мени бир карап алдың. Ошондо гана мени башкалардан кызгана тургандыгың билип ичимден сүйүнүп койдум.
Көптөн бери балдардын ойногонун карап турганың менен бүгүн негедир көңүлдөнүп:
– Кана балдар, топту мага таштагылачы, мен да ойноюн дедиң. Балдар чурулдашып бат эле тегерек тартып тура калышты. Ортого топ ташталып ойноп кирдик. Сен волейболду өтө чебер ойнойт экенсиң. Учуп келе жаткан топту жаза кетирбей тосуп, каалаган адамыңа таамай таштап жаттың. Ошондонбу оюн кызып кетти. Мен бул оюнга жакындан бери эле аралашкандыгымдан сен таштаган топту ала албай колумду оорутуп калып жаттым. Ага сенин ичиң ачышкандай жаныма басып келип, колумдун манжаларын кармап кандайча тосуп, кандайча бирөөгө бере тургандыгымды түшүндүрө кеттиң. Тегеректе турган балдар карап экөөбүз гана ойноп жаттык. Буга Лиранын ичи күйүп чыктыбы:
– Агай бизди унуттуңузбу. Биздин да ойногубуз келип жатат, – деди.
– Кечирип кой Лира, оюнга кызыгып кетиптирмин. Кана, эми баарыбыз ойнойлу. Топту ала албагандар, түз бере албагандар ортого түшөт дедиң да, оюнду мурдагыдан бетер кызытып жибердиң. Оюн бир убакка чейин уланып чаалыгып чарчагандан кийин гана үй-үйлөргө тарадык.
Ушул күнкү сенин колумдан кармаганың, жалаң көйнөкчөн болгондуктан этиңе этим тийише түшкөнүн, мени карай топту таштап жылмайып турганың уктаар алдында да эстей бердим. Топту урганда сеңселе түшкөн чачтарыңды, ысыганда албырып чыккан жүзүңдү азыр деле көрүп тургансыйм. Анан башкалар эмес, мени менен гана ойногонуңду ойлоп, жылт эткен таттуу ойлор келип өзүмчө кубанып жаттым.
Ошентип сенин кубанычыңа да, кайгыңа да ортоктош болуп, элесиңди көңүлүмдөн чыгарбай жүргөн кезде Лира да балекет болду. Ал сенин сабактарыңдан жакшы окуп, улам сүймөнчүлүккө ээ болуп баратты. Качан болсо да аны мактап киресиң. Лира азамат. Жакшы окуйт, тартиптүү дегениң аз келгенсип, мен жогорку окуу жайына өткөрбөсөмбү дейсиң да кызыңдай көрүп чачынан сылап эркелете кетесиң. Андан кызганып ичим өрттөнүп чыгат. Анан апасына таарынган кыздай болуп буруюп сени карабай жүрдүм. Сен аны сездиңби, сезбедиңби билбейм, мага кылган мамилең мурункудан эч өзгөргөн жок. Бара-бара сенин көңүлүңдү өзүмө бурайын деген ойдо жакшы окуу үчүн тырышып, эртеден кечке китептен башымды албай калдым. Менин жакшы окуп кеткениме сен да таң калып:
– Ой Эрке, сен өзгөрүлдүң. Мынчалык зээндүү экениңди билбептирмин го, – дей баштадың. Сенин мактоо сөзүң майдай жагып, мындан да жакшы окубасамбы деп жүрдүм. Ошо менин жакшы окуганымданбы, же чыны менен эле мага көңүлүң бурулуп калдыбы, менин жаныма бат бат келчү болдуң. Отурган жеримден жылдыра коюп, партаман орун алып, билип турсам да эсепти үйрөткөн болосуң. Ушул учурда себинген жыттуу атырың мурдума өрдөп, жылуу демиң жан дүйнөмө бүлүк сала баштачу. Денем ыссып чыгып, албырып чыккан жүзүмдү карагаттай көздөрүң менен кызыга карап калчусуң. Канчалык сенден жагымдуу мамиле күтсөм да сен бир сырдуу мүнөзүңдү кармап жанымдан туруп кетчүсүң. Бир күнү:
– Балдар, бүгүн практикалык иш жүргүзөбүз, – дедиң да, баардыгыбызды мектептин көмөкчү чарбасы турган жерге алып келдиң. Бул жерге коон-дарбыздан баштап баардык жашылчалар тигилген экен. Ар биринин аралыгын чектеп койгон.
– Бизге ар биринин аянтын так өлчөп чыгышыбыз керек, – деп балдардын колуна саржын карматтың. Андан берерээкте алма багы укмуштуудай гүлдөп, жердеги шибер чөп жайкалып турган. Балдардын баары тигил аянтта жер ченешип, бактын ичинде Лира үчөөбүз эле калыптырбыз. Лира адатынча сага жандап, деги бир кадам алыстагысы жок. Ага өз алдымча эле жиним кайнап, андан сени кызганып, эмне болсо ошо болсун деп бир колтугуңдан кармай калдым
– Ой, – деп чоочуп кеттиң. Бирөө жарым көрсө уят ко деген кыязда жан жагыңды карап алдың да, анан мени жылмайып карап койдуң. Бир колтугуңда турганымдын өзүндө эле ичимден жымыңдап сүйүнүп, ушул минуталар узакка узакка созула берүүсүн каалап турдум. Бирок сен бизге тарбия берген мугалим элең да. Ошондонбу эки жагыңды элеңдей карап ордуңдан тура калдың. Ошондо да Лира экөөбүз этегиңе илешкен уйгактай болуп колтугуңдан колубузду кое бербей жаттык. Экөөбүзгө бирдей мамиле кылгандын ордуна сен Лираны колтугуңдан бошоттуң да, менин колумдан кармай калдың. Мурункудай алаканыңдын табы өтүп, жүрөгүмдөгү мелт-калт болуп турган кубанычымды сага жеткире албай турдум.
Бак аралап үчөөбүз басып бараттык. Келгениңе канча айлар өткөнү менен мынчалык көңүлдүү да, жайдары да болгонуңду көрө элек болчумун. Ошондонбу экөөбүзгө апендинин окуяларынан айтып, биринчи жолу чечилип, экөөбүздү күлдүрүп бараттың. Көбүнчө мени карап сүйлөп, колумду бошотпой баратканыңдан Лира өзүнчө эле бултуңдап, мени жактырбагандай карап алды да, тиги жер ченешип жаткан балдарды көздөй басып кетти. Бактын ичинде экөөбүз эле калдык. Эми сенден көптөн бери жүрөгүмдү өйүп жүргөн кулакка жагымдуу сөзүңдү чыдамсыздык менен күтүп бараттым. Бирок мурункудай мүнөзүңдү кармап, табышмактуу сырыңды ачыкка чыгарып айта албадың. Көптөн кийин гана:
– Кайсы окууга барайын деп жатасың? – дедиң.
– Мединститутка. Сизге жагабы? – дедим.
– Абдан жагат. Врач болот турбайсыңбы. Кокус ооруп калсам жардамың тиет тура.
– Ооба агай, сизге жардамым тийбегенде кимге жардамым тиймек эле. Тилегиме жетейинчи кокус барып калсаңыз колуман келишинче дарылап куландан соо кылбасамбы агай.
– Тилегиңден айланайын, – деп чачымдан сылап койдуң. Бирок бул эркелеткениң бойго жеткен мен эмес, жаңы партага отурган секелек кызды эркелеткендей болуп кетти. Анткен менен жылуу көз карашыңа, бирге басып колумду кармаганыңа каниет ала түштүм. Эртеби кечпи чачын сылатып, бирге баскан ушул кыз жүрөктөгү уялаган махабатын ачык аййкын билдирерин ойлоп бараттым. Ойлоп баратып бир дүмүргө чалына түштүм. Сен катуу урунуп калдыбы деген ойдо өңүң бозоро түштү.
– Кандайсың Эрке, – деп чый-пыйың чыгып, жерде жаткан мага колуңду сундуң. Чынында эч жерим да катуу урунбаптыр. Колумду сага берип баягы таптуу илебиңе кайрадан кабылдым. Мени аяган болуп кучактай калабы деп ойлондум. Жок сен анткен жоксуң. Колуңду бат эле кое берип, балдарды көздөй бастың. Алар жерди ченеп бүтүп, жашылчалардын чекесине чогулуп отуруп калышыптыр. Аз да болсо өмүрүмдүн бир тамчы кубанычы болгон ошол күнүм мына ошентип өттү.
Деги сага түшүнө албай койдум. Баягы валейбол ойногондон кийин да, бакка баргандан кийин да, минтип күн түн дебей китеп окуп шакылдап жооп берип жаткан күнүмдө да сенде өзгөрүү болгон жок. Баягыдай эле зымпыйып бир сырдуусуң. Тигиле калган көздөрүмдү, атайы эле бир шылтоо менен жаныңдан чыкпай турганымды байкасаң да байкамаксан болуп менин абалымды ойлоп да койгон жоксуң. Андай кайдыгер мамилең жаныма жаа огундай катуу тийип, күндөн күнгө кайгымды күчөтө баштады. Буга баары бир турбайбы деп окуганды таштап койдум. Сен жөнүндө сар санаам күчөп, өңүм кер сары тартып кетти. Эмне кыларымды билбей, же сырымды сага ачык айта албай жүдөй түштүм. Муну сен мурда эле сезгенсиң. Бирок менин кабагым бара бара ачылат ко деп ойлосоң керек. Чындыгында сен ойлонгондой болгон жок. Күн өткөн сайын бешенем түнөрүп, сабактан таптакыр начарлап кеттим. Ошондо гана сен:
– Эрке сага эмне болду? “5”ке окучу элең го, – дедиң. Дагы эле сырымды сага билдирбедим. Кыз башым менен кантип сүйөм деп айтмак элем. Тилимди тишиме басып:
– Грип болсом керек. Көптөн бери башым ооруп жүрөт, – деп тим болдум. Эртеси эле мага башкача мамиле жасай баштаганыңды сезе баштадым. Бат бат жаныма келип сабагымды үйрөтчү болдуң. Мындай мамилең кайгымдан арылтып, көңүл кушумду көтөрчү болду. Сен жаныма келбесең буруя түшүп, партама отура калсаң жарпым жазыла түшкөнүн байкап калдың. Ошондонбу ар бир сабагыңда бирге отуруп, үйрөтө коесуң да бир аз көңүлүмдү жубаткан болуп, анан доска жакка басып кетесиң. Сенин жөн эле сылык кылган мамилең менин күндөн күнгө күч алып бараткан махабатыма аздык кылып жатат деп ойлочумун. Чын чынына келгенде мен сенин кучагыңда эркелеп, жүзүңдөн кумарым канганча өпкүм келчү. Сеңселген чачтарыңды тарам тарам кылып манжаларым менен тарагым келчү. Кырдан куушуп, суу чачышып ойногум келчү. Сенин кандай эркелеткениңди, кылыктанган кыял жоруктарыңды эртерээк көрсөм экен деп ээлене берчүмүн.
Ичимдеги мурда болбогондой албуут агым дайрага айлангансып, убакыт өткөн сайын сага болгон арзуум күчөй берди. Бүгүн көргөнүм түштөй болуп, түн эрте өтүп, таң атса экен деп тилене берчүмүн. Таң атса, дароо күн чыкса сени көрсөм дечүмүн. Мектепке барганда сени көргөнүм бат өтүп, сенсиз үйдө жүргөнүмдө убактым жылга айлангансып кетчү. Көргөнүм көргөндөй карегимде сакталып калып, сен жөнүндөгү элестерим күнү бою, түнү бою түгөнчү эмес.
Лирада да мендей жүрөк бар го. Ал да сени сүйүп калып азапка түшүп жүргөнүн билчүүмүн. Сага жанаша баскысы, жанашып сүйлөшкүсү, сүйүүсүн билдиргиси келчү. Бирок сен Лирага сыртыңды салып, зымпыйып эч ким менен сүйлөшпөй жүргөнүн көрүп ошондон тартынчыктап мага “ муз жүрөк” турбайбы деп арыз арманын айта калчу. Мен да сага ишене бербей, сүйүүдөн үч көчкөн журттай көңүлү калганбы, же антташкан кызы барбы? деп жоромолдоп, кайра андай сүйгөнү болсо бул убакка чейин билинет эле го деп ойлой берчүүмүн.
Лира бара бара сенден үмүт үзгөндөй болду. А мен сенден үмүтүм үзүлбөй, улам жакшы ойлор менен жашап жүргөнүмдө, сен асманды кара булут каптагандай класска кабагың түнөртүп кирчү болдуң. Буга класстагы балдар түшүнө албай аң-таң калып жүрсө, мен агайга эмне болгон, кудай ай жамандык эмес, жакшылык эле болсо экен деп кайгыга батып түтөп жүрдүм. Ошол күндөрү кайсы бир окуяга байланыштуу сен алыска кетип калып экинчи мага кайрылбай калсаң, мен кандай абалда калам деп жүрөгүм сыздап чыкчу. Чын эле андай жагдайда сен менден айрылып, мен сенден айрылып калат элем да!
Тагдыр аяйм десе заматта аяп, аябайм десе заматта минтип бир күндүн ичинде эле башыңа түн түшүрүп коет тура. Ошо сенин түн түшүп турган күндөрүңдө сени менен жаным да, жүрөгүм да бир болгонсуп кабагым такыр ачылбай койду. Менин бул абалымды сездиңби, же аяп кеттиңби, өзүңдүн өңүңөн кетип, күндөн күнгө жүдөп баратканыңа карабай, менин көңүлүмдү көтөрүп тамаша сөз айтчу болдуң. Ошондон пайдаланып жаныңа жанаша түшүп эркелегенге ыктай түштүм. Сен да жүрөгүмдөгү албуут сезимимди эми гана түшүнгөндөй көздөрүңдү көздөрүмө кадап карачу болдуң. Бирок ошол кумарлуу көз карашыңдын артында муңайым бир сыр бар экенин сезип калар элем.
Сага бир аз имерилчектеп калгандан кийин сенин бардык кайгы муңуңду бирге тартайын деп ойлочумун. Бирок аны сага кантип айтаарымды билбей, аны учуру келгенде билдирем деп үмүттөнүп койчумун. Анан сулуулугум менен жан дүйнөңө бүлүк салгым келип, күндө күзгүнүн жанынан кетпей, сыланып-сыйпана берчүмүн. Билбейм, кийинки учурда сен мурункудай болбой таптакыр өзгөрүлдүң. Күндө көрүп жүргөн түнөргөн кабагың жаз күнүндөй жазыла түштү. Анан да киртийип чарчаңкы тартып жүргөн көздөрүң жандана түшүп, мурункудай балбылдап жана баштады. Ага мен өзүмчө сүйүнүп, келечекке койгон үмүтүмдүн чырагы жанып бараткансыды. Сен да көңүлүмдү калтырбай, жанаша түшкөнүмдө колумдан кармалап, көз карашың менен жүрөгүмө дүрт этип жана турган учкунду таштап жүрдүң. Ошол көз карашыңды сезбей, туйбай калабы деп ойлоп калып жүрдүңбү, же чыны менен эле мага тартыла баштадыңбы айтоор сабак учурунда жаныма келип партама отура калып жүрдүң. Ал гана эмес жаныма отурганыңда ийниме ийниңди тийиштирип, кучакташпасак да ошого жакын таасирлентип жатканыңды сезип калар элем. Экөөбүз тең көйнөкчөн отургандыктан сенин денеңдеги ысык мага лапылдап уруп турчу. Ошондонбу сен үйрөтүп жаткан эсепти карап эле турганым болбосо акыл эсиме түк да түшчү эмес. Сенин манжаларыңдын кыймылдарын, эпилдеп сүйлөгөн эриндериңди карап туруунун өзү көңүлүмдү көтөрүп, жүрөгүмдү элжиреткен өзүнчө бир баа жеткиз тартуу эле. Сенин ошо бат бат мага кайрылып отуруп калганыңды класстагы балдар да байкап калган окшобойбу:
– Агай бизге да көңүл буруп койсоңуз болбойбу деше турган болду. Кээде капыстан берилген бул суроого кыйпысыктай түшүп:
– Экзамен жакындап келе жатпайбы балдар, Эркеге гана эмес баарыңарга жардам берем. Бул менин милдетим, – деп коер элең. Ошенткен менен сен менин жаныма келүүгө жалтактай баштадың. Өзүңдү менден оолагыраак кармап жүрүүгө аракеттенип жүрдүң. Баягыдай партага келип отура калуу эмес жанаша басып да келбей койдуң. Мындай ортобуздагы алысташуу жүрөгүмө сокку урбай койгон жок. Экөөбүз эки аралда калгансып, көңүлүм чөгүп жүргөнү менен кайрадан сенин жаныма келүүңдү, мурдума өрдөй чыккан атырыңды искөөнү, жылмайып күлгөнүңдү эңсеп жүрдүм.
Экзамен күндөрү да жакындап келатты. Билеттердин суроолорун бир бүктөм кагазга жазып келген экенсиң. Сабак башталар менен аны баарыбызга таратып бердиң. Суроолорго жооп издеп бардыгыбыз кагазга кадала карап жылбай отуруп калдык. Сен башкалардын жанына келип, карап, текшерип жүргөнүң менен мени таптакыр оюңдан чыгарып койдуң. Ага кыжырым кайнап, бир да суроосуна жооп издебей кагазды телмире карап, анан анын бетин чиймелеп отура бердим. Берилген тапшырмага жооп жазган балдар чыгып отуруп класста экөөбүз эле калдык. Сенин жазып келген суроолоруңа жооп эмес жөн эле ак баракка чиймелеп таштаганымды көрдүң.
– Эрке, бул эмне кылганың? – дедиң кагазды көрө коюп.
– Мен окубайм. Үйгө кетем! – деп ыйлап жибердим. Ошондо гана жаныма отура калып, чөнтөгүңдөн бет аарчыңды алдың да куюлуп келе жаткан көз жашымды аарчый кеттиң. Өзүңө гана эмес бет аарчыңа да атыр сээп коеруңду ошо менин көз жашымды аарчып жатканыңда билдим.
Менин эмнеге ызаланып ыйлап жатканымды жүрөгүң менен сезип эбеленип чебеленип жаттың. Сооротуга аракет кылып белимден кыса кучактап “ кой ыйлаба, окуучулар укса эмне болот” дедиң да бетимден өөп алдың. Ошого эле денем дүрүлдөп, бүткөн боюм оттой ысып чыкты. Көз жашымды аарчып, бетимди өптүргөнгө уялып сени бет багып карай албай отурдум. Анткени менен сен экинчи жолу өпкөнгө эриниңди коомайлап келе жатканда эшик ачылып Кутман кирип келди. Ал экөөбүздүн жанаша отурганыбызды көрдү. Сен селт этип чоочуп кеткениң менен шашылбай ордуңдан турдуң да балдардын жазгандарын текшерип отуруп калдың. Мен сенден таасирленип дирилдей түшкөн денемди токтото албаган бойдон балдарга аралашып кеттим.
Барган сайын Кутмандын сенден кызганышы, обу жок тийишкени, какшыктай башташы канымды кайнатып жаныма өтүп кетти. Анан калса агайдын жакшы көргөн кызы дегеничи. Мына дагы жаныма басып келип балдардын көзүнчө:
– Жана агай экөөңөр класста калганда агай сенин кулагыңа эмне деп шыбырады десе болобу. Мурдагы ачуума көшүл ташыл ачуу кошулуп Кутмандын бетин узун тырмактарым менен тытып алдым. Бетинен кан жайыла берди. Ал урууга камынып калганда балдар ортого түшө калышты.
– Ыраса кылдың Эрке. Ушуну сенден көрө албай жүргөн дешип Кутманды сүйрөп алып кетишти.
Кутмандын бүгүнкү нервге тийип жинимди кайнатканын ойлоп да койгон жокмун. Метептен чыккандан кийин кубанычым койнума батпай, элеп желеп болуп үйгө келдим да, таза кийимдеримди чечпестен дивандын үстүнө куладым. Көпкө көпкө экөөбүз жанаша отурганыбызды, сенин кандайча өөп алгандыгыңды элестеп, анан сенин өөп алганың ошол бойдон тургансып сыйпалап коюп жаттым. Чиркин, эртең кайсы бир себептер менен экөөбүз ээн калар экенбиз. Эгер дал ошондой шарт болуп калса мен сенин эркиңе баш ийип, кучагыда эркелеп, кылыгым менен сенин жүрөгүңдү жылытпасамбы деп ойлоп коем.
Түнү бою сени ойлоп уктабагандыктан таң атпай түн узаргандан узарып чыкты. Эрте менен эрте туруп адатымча күзгүнүн жанында бир саатка жакын жасанып түзөнүп, сен өпкөн жер кызарып калбаптырбы деп эми жакшылап карандым Жок, кызармак түгүл орду да жок. Ошонусу жакшы болгон. Эгер бетимде башкаларга байкала турган так кала турган болсо мектепке да барбай сени да көрбөй калмакмын.
Сени көргөнчө көзүм төрт болуп мектепке келдим. Бир күндүн ичинде эле сен башкача болуп кете тургансып карааныңды көргөнчө шаштым. Бир жагы сенин кечээги өпкөнүңдү ойлоп бүгүн сенин жүзүңдү кантип карай алам деп санаам санга оюм онго бөлүнөт. Бирок сен деген дегдөөм андан күчтүү окшобойбу. Аны унутуп сени көргүм, ээнирээк жерден жолугуп калсам экен деп тилене бердим. Бирок сабактар аяктап баратканы менен сен көрүнбөдүң. Көрүнмөк турсун мектепке басып да келген жоксуң. Кечээги кубанычым кайда кеткенин билбей топондой сапырылган санаалар башыма үймөлөктөшө түштү. Денем оор тартып оору соо экенимди билбей калдым Жашоо бүгүн эле бүтүп калбай эртең да таң атып, күн чыгаарын түшүнсөм да сенин бүгүнкү көрүнбөгөнүңө жаныма катуу тийип, сен жөнүндө жаман жоромолдорго да келип жаттым. Ооруп калдыбы, же директор завуч менен чатакташып иштебейм деп биротоло кетип калдыбы деп ойлой бердим. Бирок мектепте сен жөнүндө эч нерсе айтылган жок. Мектептен тараганда да эки жагымды элеңдеп карап сенин карааныңды издедим. Эч жерден көрүнбөгөндөн кийин эртең да күн бар эмеспи деп өзүмдү өзүм сооротуп тим болдум.
Эртеси сен эрте келсең керек. Мен да күндөгүдөн эрте келиптирмин. Кире бергенде эле сен талисте турганыңды көрдүм. Мени көрөрүң менен сүйүнүп кеткендей болдуң. Бая күнкү бетимден өпкөнүң али эсимден чыкпай башымды ылдый салып токтой калдым.
– Эрке, жаныңда ручка барбы? – деп сен да жаныма келип токтой калдың.
– Бар. Мен сумкамды аңтара салып ручканы алып сага сундум. Сен чөнтөк дептерчеге бир нерсени жазган болуп, анан мени карап, кыйналып чыккан түрүмдү байкай койдуң да:
– Эрке бирөө сени таарынттыбы, ыйлаттыбы? – деп сурай кеттиң. Түндө уйкум качып уктай албай койгонумду ачык айта албай класска кирип кеттим. Менин ушул күндөгү бозоро түшкөн иреңимди башкача ойлосоң керек. Класста да ооруп жүргөн жоксуңбу деп эки үч ирет сурай кеттиң. Ооруган жокмун деген сөзүмө ишенбей, сабак убагында кабак кашыма карап, анан махабат уялаган оттуу көздөрүңдүн нурлары менен жүрөгүмдү жылытып жаттың. Эми гана бири бирибизге түшүнүп кабак каштарыбыз жайнай түштү. Сен бүткүл дитиң менен сабак өтүп, кырк беш мүнөттү көз ирмемде бүтүрүп койгондой сезилдиң.
Сенин менде чындап эле көңүлүң бар экенин сезип, мурунку олку-солку ойлорум чачылып кеткендей болду. Жүрөгүңдө сүйүү бар экенине ишенип турган менен кайра эле мага имерчиктебей баягы калпыңа түштүң да калдың. Бул мамилеңе түшүнө албай жүргөнүм менен жолугушууга оңтойлуу учурду өзүң табарсың деп ишене берчүмүн. Ишене берчүмүн да жылуу көз карашыңа жылынып жүрө берчүмүн.
Окуу жылы аяктап бараткандыктан экөөбүздүн ортобуздагы мамилени ушинтип өткөрө берип, анан сен айылды таштап шаарга кетип калабы деп коркчумун. Ошондон улам мен эмне үчүн корунам, сүйүүмдү ачык эле айтып көрбөймүнбү деген ойго келчүмүн. Бирок кыз деген ар намысым буга жол берчү эмес. Айтоор ар кандай ойлор менен алпурушуп ою менде барбы, же жокпу деп жүргөнүмдө кайгынын дагы бир болбогондой катуу бороонуна кабылдым. Сенин сабагыңдын бүтөөрүнө жакын калганда кимдир бирөө эшикти такылдатып кирип келди.
– Айдар деген агай сизсизби?-деди класска баш багар менен.
– Ооба менмин.
– Өз колуна берип кой деди эле. Бул кат Эльнурадан. Тааныйсызбы?.. Сен селт эте түштүң да, калтырай түшкөн колуңду байкатпаска аракет кылып катты алдың.
– Эльнураданбы я?.. Эльнураданбы я? – деп өзүңдү жоготуп койгонсудуң. Баарыбыз тирмийип сени карап калдык.
– Ооба, Эльнурадан, сизге ысык салам айт деген. Келген кыз ушуну гана айтты да шашыла чыгып кетти. Сен терезе жакка басып келдиң да, бир жерде каккан казыктай болуп туруп калдың. Өңүң бозоруп кетти. Сен ошентип турсаң мында отурган мен жүрөктү үшүткөн кандай суук кабар болду экен деп чечмелей албай, жанымды жай таптыра албай жаттым. Сен окуп бүтүп, катты бүктөп чөнтөгүңө салдың да, столуңдун чекесине келип балдарга бурулдуң.
– Балдар, бир аз катка алаксып калганым үчүн мени кечирип койгула. Эмесе, сабакты уланталы. Кана, доскага ким чыгат?
– Мен агай, мен, – деп Лира жан далбастап колун көтөрдү. Сен аны доскага чыгардың. Лира ар бир суроого так жооп берип, берилген эсепти ойдогудай чыгара салды. Сен ага кубангандай болуп, жаңы эле сумсайып турган иреңиңе кызыл жүгүргөндөй болду. Бирок убактылуу Лира чыгарып жаткан эсепке алагды болуп, өзүңдү өзүң алдаганың менен, бир аздан кийин эле жанагы катты кайрадан окуп, кайрадан кайгынын кара шамалына кабыла түштүң.
Үйгө келгенден кийин да сенин катың жөнүндө ойлонуп тынчым кетти. Эльнура... Эльнура... Ал ким? Ысык салам дегени эмнеси?.. Аялыбы?.. Сүйгөн кызыбы?..
Анда эмне менин башымды айландырып жүрөт?.. Эмнеге көзүмө көзүн кадап менин көңүлүмдү жылытып жүрөт? Мен кур бекер эле ага азгырылып жүрөмүнбү? Өзүмчө отурганда ушул сыяктуу канча ойлорго чарпылбады дейсиң. Акыры жанымды жай алдырбаган ойлордон жадап, башымды жуурканга ороп, ың-жыңсыз бөлмөмдө уктап кеттим. Уктап кеттим да сен жөнүндө түш көрүп кетиптирмин.
Экөөбүз калың өскөн буудайларды аралап келе жатып кызгалдактуу талаага туш болобуз. Гүлдөрдү көрүп сен аябай сүйүнүп кетесиң. Ой-и-ий Эрке, мындай сонун гүлдөрдү терип сага алда качан берейин дегем. Бирок эч жерден учурата албай жүргөм. Карачы кудайым өзү жеткизди. Мен эми терем, сенин кучагың толгончо терем. Гүлүм үчүн баягы класстагыдай бир жолу гана өптүрүп койсоң болду дейсиң. Сага өптүрбөгөндө кимге өптүрөт элем, жаным дейм. Чын эле сен кучагыңды толтуруп гүл апкелип мага сунасың. Мен гүлдү алып, бетимди тосом. Өп, өп каалашыңча өп, мен сенден качантан бери ошону күтүп жүргөм дейм сага. Жаңы эриниңди жакындатып келе жатканда тиги ак кар, көк муз каптаган тоонун башынан кызыл көйнөкчөн кызды көрүп каласың. Эльну-ура-а! Эльнурасыңбы деп бийикке жөрмөлөй баштайсың
– Айда-ар каякка? Мени эмне таштап кеттиң! – деп көзүмдөн көл-шал жашымды агызып сенин артыңдан кубалап жөнөйм. Тиги кыз улам бир жерден көрүнө коюп, тоонун кылда чокусуна жеткенде көздөн кайым болуп жок болуп кетет. Чокудан бир кадам ары кадам таштаарың менен сен да житип жок болосуң. Артыңдан кууп тоонун аркы бетин карасам сен бир аскага илинип турупсуң. Эки жагың зоо, адам басып баралгыс. Мен сенден биротоло айрылганым ушу экен деп өкүрүп бакырып ыйлап жатам.
– Коркпо Эрке, бутумда темир туягым бар, бул асканын башына оңой эле чыгып кетем дейсиң бутуңдагыны көрсөтүп. Бирок канчалык аракет кылганың менен ордуңдан бир кадам да жыла албай койдуң. Дал ушул учурда асманда бүркүт пайда боло калып, сени бийикке көтөрүп жөнөйт. Айда-ар! Айда-ар! – деп тоо жаңыртып баратканда бүркүт кайра мага көздөй бурулуп, сени жай гана апкелип жаныма таштап коет. Кучагымды жайып экөөбүз кучакташарда ордумдан козголуп ойгонуп кетиптирмин. Сенин аска зоого калбай, канаттуулардын падышасы жаныма апкелип таштаганын жакшылыкка жоруганым менен кечээги алган катың эсиме түшө калып денем үшүй түштү.
Ырас эле ал кат жөн кат эмес экен. Мугалим келиндердин күбүр шыбырынан баары белгилүү болду. Институтта окуп жүргөндө сүйгөн кызың бар тура. Анын боюна бүтүп, жакында төрөй тургандыгын катта толук айтылыптыр. Анын үстүнө кат апкелген кыз директорго баарын төкпөй чачпай айтып кеткен экен, сенин жүрүм турумуңду, моралдык туруксуздугуду педсоветте карап катуу сөгүш бергенин укканымда сенден үч көчкөн журттай көңүлүм калып дулдуюп сени карабай жүрдүм. Ошол кезде мени менен да ишиң жок, баягы түнөргөн калыбыңа келип, өңүң жуулган чүпүрөктөй бозоргондон бозоро берди. Ал түрүңдү күндө көрүп, жүрөгүмө сокку уруп, күнөөлүү болсоң да, сага боорум ачып ичимден аяп жүрдүм. Аяп жүрдүм да сенден биротоло кол үзөйүн деген менен ага да чыдай албай, жүрөгүмдө тутанган жалынды канчалык өчүрөйүн десем да өчүрө албай жүрдүм. Бирөөлөрдөн кордук көргөнсүп ызам ичимден кайнап, сени кайдан сүйүп калдым экен деп өзүмдү өзүм жектегенимди айтпа.
Арадан көп күндөр өткөн менен сен ооруу кишиден беш бетер сөпөйүп арыктап кеттиң. Ага жаным ачып, канткенде сарсанаа оорудан айыктырар алар экем деп ойлоп жүрдүм. Бирок ага дары табалбадым. Жаныңа да жакындабай өзүмдү алысыраак кармап жүрдүм. Менин сага кылган бул мамилем жүрөгүңө катуу тийсе керек, кайра мага жакындап, жылуу жумшак сөздөрүң менен өзүңө тартчу болдуң. Анткениң менен тигил кат жазган кызыңды ойлосом ичим муз менен таш болуп кетчү.
Ушинтип жүрүп күн күнгө, ай айга айланып окуу жылын да аяктап койдук. Мектептеги мүгалимдер мектептин ремонтуна катышасыңар деп бизди бошотпой коюшту. Айла канча баарыбыз макул болдук. Эрте менен эрте келип түш кайта бошоп жүрдүк. Бул ишке сен жан дилиң менен киришип, бирибизди да бош отурганга жол бербедиң. Ылай жумуштарына өзүң кошо аралаша кетип чамгыл ала болгонуңа карачу эмессиң. Сени көрүп кыздар атайы тийиштик кылыппы, же чын пейилдери мененби каткырыкты калың салып күлүп калар эле. Сен аны оюңа албай жылмая күлүп тим болчусуң. Айтоор балдар кыздардын шаңы мененби, же жумуш менен алаксып баарын унуттуңбу мурункуңдай тамаша сөздөрүң менен бизди күлдүрүп, ачык айрым болуп кеттиң. Сен улуулугуңа карабай окуучулар менен тели теңтуштай болуп аралаша түшкөнүңдөнбү Лира сени имерчиктеп чыкпай калды. Сен да эч нерсе дебей жаныңдан алыстатпай, бир көчөдө жашагандыктан иштен кийин үйүңө кошо кетип жүрдүң. Мунуң мага катуу тийип жүрдү. Кызганчаактыгым кайра күч алып эмне кыларымды билбей жүргөнүм менен акыры тартынчактыгымды коюп сага жанаша баштадым. Лирага да, шаардагы кызыңа да ыраа көрбөй бир гана мендик болууңду тилеп калдым. Баягы бир жолкудай дулдуюп колуңду силкип койбой, кайра колуңду колума тийгизгим келип жүрдү. Күлө бага сүйлөп, жанданып жайнай баштаган каректериңди тигиле карап калчу болдум. Таарынычым тарап баратканын сездиң окшойт, ошол бирге иштеп жүргөн кезде Лирага сыртың салып, мага жылуу жумшак сүйлөп жанымдан чыкпай калдың. Жүрөктөгү сүйүүм кайрадан гүл ачып, сенин жүрүм турумуң, сүйлөгөн сөздөрүң уккулуктуу бир башкача сезиле баштады.
Ооба, мектептин алдында арык жээктей тигилген он чакты түп сирен гүлдөрү бар эле. Көптөн бери арыгы бүтөлүп суу ичпей калган. Сен баарыбызды ошол жерге алып келип арыкты тазалаттырдың. Күн чакчайып ысып кеткендиктен анын түбүнө көлөкөлөй кеттик. Буркураган жытына кызыгып бирден үзүп алгыбыз келгени менен бирибиздин да колубузду сиренге тийгиздирбедиң. Кол сунуп алайын дегендерге:
– Түшүнсөңөр балдар, азыр үзгөн менен бир аздан кийин соолуйт. Жыты кетет. Байкушка кандай убал болот, – деп гүлдү коргой кеттиң. Балдар тирүү гүлдөрдү жыттап жанында туруп калышты. Ошо сенин жаратылышка аяр мамиле жасай турганыңды, тирүү жандай аны коргоп жатканыңды көрүп туруп, сенин боорукерлигиң ушунча бийик экенин сезип ичимден эзиле жакшы көрүп турдум. Ошондонбу муздай тунук жүзүңө, балбылдап жана баштаган көздөрүңө, сеңселген чачтарыңа мурда ашык болгондой улам кызыга карап отурдум. Анын баарын билип, туюп турсаң да балдардын көзүнчө мага эч нерсе деген жоксуң. Атайы эле балдарды алаксытып мени менен ээндеп калайын дедиңби баарыбызды чакырып алып:
– Ыссыдыңарбы?-дедиң.
– Ыссыдык агай, ыссыдык, – деп чуулдашып кетишти балдар.
– Анда сайдагы сууга түшүп келгиле . Мен эч жакка кетпейм. Ушу жерде турам, –деп мени карай калдың. Күндүн ысыгына тердеп тепчип турган балдар чуулдашкан бойдон сайды көздөй чуркашты.
– Эрке сен кое тур, – дедиң жаныма жакын келип шыбырап. Жаныбызда эч бирөө калган жок. Сен колумдан жетелеп кою өскөн сирендин түбүнө апкелдиң. Мен да сенин эркиңе багынып эч нерсе деген жокмун.
– Сен мага таарынып жүргөн жоксуңбу, Эрке? – дедиң арыктын жээгине отура калганда.
– Эмнеге таарынмак элем? Түшүнбөй жатам агай, – дедим.
– Мен куруюн, – деп сөз баштадың сен, – студенттик кезде байкоосуз бир иш болуп кетти эле. Эми ошол кыз артымдан кууп жүрбөйбү. Бирок ага моюн сунайын деген оюм жок. Ачыгын айтсам келгенден бери бир гана сен жүрөгүмдө жашап жүрөсүң. Ушул убакка чейин корунуп айтпай жүргөм. Эми айттым. Калганын өзүң бил дедиң. Муну угуп, мен сага эмне деп айтып, кандай мамиле жасаарымды билбей отурдум. Бирок сен кандай күндө калсаң да сен деп өтөрүмдү, сен деп жашаарымды ойлоп жаттым ичимден. Көкүрөктөгү сырымды түшүнгөндөй мени өзүңө тарта салдың. Негедир ортодогу сыйкырлуу күчкө азгырылып, көөдөнүңө башымды коюп, дүрсүлдөгөн жүрөгүңдүн дабышын угуп жаттым. Сен жалаң көйнөкчөн болгондуктан этиме ысыгыңды өткөрүп:
– Чүрөгүм менин! Алтыным менин! Жылдызым менин! – деп бетимден аймалап өбө баштадың. Коргошундай эрип, чекеңе түшкөн чачтарыңды алаканым менен сылап, экилене эркелей бердим. Сен ага кумарлана маани берип, дене боюм жибиген сайын жибитейин дегенсийсиң. Башымдан мурда мындай өөп жытташууну өткөрбөгөнүм менен аялзатына ушунчалык бериле мамиле кыла тургандыгыңды азыр гана билип отурдум.
Балдар эми бириндеп келе баштады. Сирен гүлүнүн арыктарын тазалап, иш толук бүткөнчө түш оой түштү. Сени менен ошондогу отурган жарым сааттык убакытым жарым кылымга тете эстен чыккыс учур болуп, көз алдымдан өттү да, кетти.
Өмүрүмдөгү жылт этип жанган жылдыздуу күнүмдү үйгө келип, төшөктө жатканымда да ойлонуп жаттым. Экөөбүз бири-бирибизсиз жашай албай тургандыгыбызды, эгер алыстап кетсек сага да, мага да оор күндөрдү башыбыздан өткөрүп кала тургандыгыбызды ойлоп, Дина эжемдин тагдыры эсиме түштү.
Анда мен алты жашар кичинекей кыз болчумун. Эжем Жокен деген шофер жигит менен жолугушуп жүрчү. Алардын жолгуша турган жерин бара-бара билип алдым. Машина менен тоо боорундагы булакка келет да көпкө көпкө сүйлөшүп отурат. Мен тоого чыкканды, гүл тергенди жакшы көрчүмүн. Экөө мени эч нерсени түшүнбөйт дейби колума токоч, конфеттерди карматып тигиндей барып гүл терип келчи деп жумшап коер эле. Мен да алардын тилин алып гүл терип, шылдырап агып жаткан сууга келип бетимди жуба кетчүмүн. Акыры жадап ылдый басып келгеним менен алар жанаша отуруп сүйлөшө берчү, сүйлөшө берчү. Таза зарыктыргандыктан:
– Бол апче, болбосо апама айтам дечүмүн. Эжемдин айласы куруп:
– Жүрчү эми таза жадатып жибердиң го, – деп машинаны көздөй алып жөнөчү. Үйгө келгенде:
– Кайда сандалып жүрөсүңөр, – деп апам уруша турган. Ага эжемдин үйрөтүп койгон жообу оозумда даяр турчу.
– Тиги Айгүл досунукунда болдук. Чай ичип кеткиле деп отургузуп койбодубу дечүмүн. Апам байкуш биздин кайда жүргөнүбүздү көрбөгөндөн кийин билип коюптурбу, анда жөнү бар экен деп менин айткан сөзүмө ишенип калчу.
Бир күнү ошол Жокен аке баягы булакка алып барды. Бул жолу Жокен аке тамак аш, ичимдиктерди алып алыптыр. Дасторкон жайышып кудум баш кошкон адамдардай болуп, мамыр жумур сүйлөшүшүп, ийин тийиштире тамактанып отурушат. Мага берерин берип мурдагыдай эле тоого чыгып гүл терип келсең деп жалдырай баштады. Тоодо мурдагыдан да көп жүрүп калдым. Келсем экөө бадалдын чекесинде чырмалыша кучакташып өбүшүп жатат. Мурда алардын мындайын көргөн жок элем. Түз эле алардын жанына келип Жокен акенин колуна асылдым:
– Эжемди кое бер Жокен аке, эмесе апама айтам, – деп ыйлактап жибердим.
– Эжекеңди менден кызганып жатсыңбы я? – деп эжемден колун бошотуп мени таптак өйдө көтөрдү. Анан:
– Сен апаңа айтпа ээ. Мен сага эч жерде жок сонун куурчак сатып берем, – деди. Ага таарынгандай буруюп тим болдум. Жолдо Жокен аке магазинге токтоп үлпүлдөгөн мамалак куурчак алып бергени менен ызам тарабай үйгө келдим. Баарын апама айтып койдум. Ошол замат үйдө чыры чуу чыгып Дина эжемди сабап да коюшту. Анысы аз келгенсип үйдөн кадам жылдырбай карап калышты. Ошондо гана бекер айтыптырмын деп ичимден сызып, эжеме боорум ачып, же ыйлай албай, же кантип болушаарымды билбей ичим бук болуп жүрдү.
Бир күнү темир дарбазаны бирөө какты. Чуркап барып ача салсам Жокен акем. Ал мени көрөрү менен сүйүнүп кеткен менен мен кетенчиктеп артка качканыма таң калды.
– Дина барбы? – деди артыман кошо басып.
– Бар.
– Чакырып койчу.
– Ал ким? – деп апам үйдөн чыга калды.
– Жокен акем.
– Эй бети жок эмне келдиң! – деп апам уруша баштаганда, атам да, агаларым да жабыла чыга калышты.
– Кимди издеп келдиң? – деди улуу агам.
– Динаны.
– Кудалап койгон жер бар экенин билесиңби?
– Билем.
– Билсең анан эмне былжырап турасың. Жоголгун азыр, көзүңдү чукуп ала электе.
– Түшүнчү Мадияр аке экөөбүз бири бирибизсиз жашай албайбыз. Ажыратсаңар экөөбүз эки жерде өлүп калабыз. Буга ишениңиз Мадияр аке.
– Эмне дейт! – деп атам каарын төгүп ары жактан басып келди.
– Динаны сүйөм эле сүйөм дейт. Уят сыйытты билбеген неме экен, ата, – деди Мадияр агам.
– Андай болсо кармагыла да, ургула! – деп буйруду атам балдарына. Алар жабыла кармап өлөсө ура баштаганда Дина үйдөн чыга калды.
– Дина экөөбүздүн бири бирибизди сүйө тургандыгыбызды айтчы, – деп ыйлап жиберди Жокен аке.
– Жоке, мен сендикмин, – деп Дина эжем өңгүрөп өксүп ыйлай баштаганда эле агамдар жулкулап жулкуп сүйрөгөн бойдон үйгө алып кирип кетишти. Жокен акени тепкилеп тепсеп короодон ары түртүп жиберишип, дарбазаны бекемдеп жаап салышты. Эртеси эле кудалар келишип, үйдөгүлөр Динаны бай жерге узатышканына курсант болушуп сүйүнүп калышкан.
Күндөр өтүп жатты. Динаны бактылуу кылам деген атамдын ою таптакыр башкача болуп чыкты. Дина барган жеринде алты ай жашагандан кийин эс акылдан тайып, акыры Чым-Коргонго жатууга аргасыз болду. Шордуу Динанын шору көп экен, ошол жерден каза болуп келди. Жокен акем да соо болбой, заңгыраган үйүн сатып, кайдадыр бир жакка кеткендигин жакшы билсек да, кийин шордуу жигит сүйүүнүн айынан тентип жүрүп өлгөн деген имиш сөздү укканыбыз. Демек Айдар, сүйүү адамзатка берилген ыйык сезим тура. Эгер сүйүүдөн жолу болбой калган эки жашка ушинтип кудайым да ырайым кыла албай азап тозоктун курмандыгына айланаарын ушундан улам билдим. Дина эжемдин кайгылуу тагдырын көз алдымдан өткөргөнүм менен сенин жүрөгүңдөгү сырыңды ачыкка чыгарганыңа сүйүнүп, көңүлүмө таттуу ойлор уялап, таттуу уктап кетиптирмин.
Эртеси күндөгүдөн эрте туруп, өмүрүмдө каш кирпигимди боебосом да бүгүн боеп, бетиме упа сыйпанып чыктым. Ошончолук көзүңө сулуу көрүнүп кеттимби, же мага деген арзууң ашып ташыдыбы каш кирпигиме чейин кадала карап коюп жаттың. Чырактанга айланган көпөлөктөй жанымдан чыкпай Эрке бул жерди акта, бул жерге келчи, бул плакатты кыйшык илип койгон турбайбы, кел экөөлөп илип коелу, а-а бул столду сыртка чыгарыш керек турбайбы” десиң да, оттуу көздөрүңдү чачыратып карай бересиң.
Кыздар, балдар болуп классты актап бүтүп, полду жубайык деп суу таппай калдык. Сен склад тамга барып бир чоң идишти таап келдиң. Балдар сен келер менен эки бала эки кулагынан кармап калды.
– Жөн эле койгула балдар, силерге класстын ичинде эле жумуш турбайбы. Тиги парталарды бир бурчка ыраттуу жыйнап койгула. Кыздар гүлдөрдү сыртка чыгарсын. Биз Эрке экөөбүз эле суу ташып коебуз. Ошентип экөөбүз суу алайык деп сайга карай жөнөдүк.
Жаздын акыркы күндөрү болгондуктан шибер чөп бутка тушалып, суу жээктей өскөн жапайы талдар менен карагандардын бүчүрлөрү жайылып, көрккө келип турган кези. Сен экөөбүз идишибизди суудун чекесине койдук да арыраакта өскөн талдын түбүнө келип отурдук. Сен ысып кеттим деп көйнөгүңдү чечип талга илдиң да майкечен отуруп калдың. Сага бир аз үйрөнө түшкөнүм менен негедир денем калтырап, бетим заматтын ортосунда албырап чыкты. Сен мени мурда көрбөй жүргөнсүп жүзүмдү көпкө суктанып карап турдуң.
– Кандай сулуусуң! Сени көргөндө Таттыбүбү Турсуналиеваны элестеп кетем. Ооба сенин сулуулугуңа мурда да суктангам, азыр да суктанам. Келген күндөн тартып эле сага көзүм түшкөн. Бирок шаардагы жүргөн кызымды ойлоп ушул убакка чейин кыскарылып келгем. Сенден жашыргам. Эми ачыкка чыккандан кийин сага айтпаска аргам жок. Мен ага үйлөнүп алгам, менден түңүл деп кат жазып жибергем. Ошондон бери ал тынчыды окшойт. Эми анын келбей турганына көзүм жетет. Демек сен мендиксиң Эрке, – дедиң да кучагыңа алып эркелете баштадың. От менен жалын болуп турган денеме сенин денең тийише түшкөндө ого бетер лапылдап чыкты. Ага карабай эт жүрөгүң эзиле алкымымдан, беттеримден өөп кирдиң. А мен болсом чачтарыңдан уйпалап, экилене эркелей бердим. Сен ан сайын кучагыңа бекем кысып жаңыдан тирсийип келе жаткан көкүрөгүмө абайлап колуң тийгизип кармалай коесуң. Ал жан дүйнөмө бүлүк салып, мени казанга түшкөн майдай эритип бараткансыйт. Бирок баардык нерсенин чеги болот эмеспи, мен сага канчалык берилгеним менен адепсиздикке барбай мени аягандай болдуң.
Экөөбүз сууду идишке куюп дөңгө чыга бергенде Лира менен Айнагүл алдыбыздан чыкты.
– Агай, балдардын баары кетебиз деп жатышат.
– Эч жакка кетишпейт. Мен баратпаймынбы, – дедиң сен. Ал күнү бизге тагылган иштерди бүтүрүп, бош класска киргенден кийин эртең бүтүрүү аттестациябызды аларыбызды билдирдиң. Баарыбыз сүйүнгөндүктөн кол чаап, бири бирибизди кучактап чуру чуу түшүп жаттык.
Ооба кечээ эле мен үчүн кол жеткиздей болуп жүрсөң мен билбеген сырыңдын баары тереңде турбайбы. Мен гана сар санаада, мен гана түн бою умачтай көзүм ачылып уктабай жүрдүм десем сен да дал мендей болуп жүргөн турбайсыңбы. Мен сага жетпей көзүм чачырап жүрсө, сенин көзүң да мага жетпей чачырап, сен оорусаң кошо ооруп жүрсөм, сен да менден кем эмес ооруп жүргөн турбайсыңбы алтыным. Эми баарын түшүндүм. Эми сени кылдай күнөөлөбөйм. Көрөсүң го мурункудан да бешбетер жалындап сүйүп, сенин кадырыңа жеткенге аракет кылам.
Он бир жылдык акыбетибиз кайтып, колго дароо аттестатциябыз тийсе экен деп эртелеп келип калдык. Тиги жалгыз түп мажүрүм талдын түбүнө баарыбыз чогулуп, эртең кайсы окуу жайына бара тургандыгыбызды айтып сөзүбүз түгөнбөй жаткан. Директор баш болгон мугалимдер алда качан конторага кирип чыга элек болуучу. Аңгыча так мектептин алдына иномарка машина токтой калды. Райондун жетекчилериби деп аң-таң болуп карап калдык. Ичинен узун бойлуу эки жигит, эки аял түшүштү. Бир аялдын колунда кармаган баласы бар. Аялдын бирөө эки жакты эледеп карап анан биздин жаныбызга келип:
– Айдар деген мугалим барбы, мектептеби? – деп сурады.
– Ооба, ооба, – деп балдар чуулдап жиберишти, – ал биздин класс жетекчи болот.
Тим эле жоо кубалап келе жаткансып төртөө тең шашыла мектепке кирип кетишти. Шаардагы аялы ушул турбайбы деп кыздар күбүр шыбыр боло түштү. Мен бул сөздү угарым менен ызалана түшүп, эмне кыларымды билбей, башым эңги-деңги болуп туруп калдым. Анткени мындай болорун үч уктасам түшүмө кирбей калбады беле. Эми эмне болом. Тагдырай мени ушундай кылмак белең деп буулугуп буулугуп ыйлап, бет аарчымды бетиме баскан бойдон көчөгө чуркап чыктым.
– Эрке, токточу, мен сага кошулуп үйүңө чейин барайын. Өңүң бозоруп кетиптир го, – деп артымдан Лира келе жатыптыр. Мен ага караган жокмун. Артымдан шайтан кубалагандай таманым таманыма тийбей чуркап, үйгө келерим менен көзүмдөгү жашты аарчыбастан диванга келип куладым. Өпкөм өпкөмө тийбей ыйлап жатканда эшикти ачып апам кирип келди.
– Каралдым, сага эмне болду? Сени ким ызалантты? Балабы, кызбы? – деп апам чебелектеп үстүмө жыгылды.
– Эч ким эмес апа, жөн эле Дина эжем эске түшүп ыйлагым келип кетти. Кандай боорукер, кандай адамкерчиликтүү, айжаркын кыз эле.
– Шордуу ошондой жан эле го. Атаң экөөбүз убалына калдыкпы, же бешенесине жазганы ошондой беле айтоор бешенебизге турбады. Аны эстеп кыйналганча, өзүңдүн ден соолугуду тилесеңчи каралдым. Тур эми, ыйлап жата бербей чай кайнатып койдум. Ысык чай ичсең, ичиң жылып баарын унутуп каларсың. Апама эмне демекмин ичимдеги бугумду билдирбей бир эки пиала чайды зорго ичип, кайра эле келип жатып калдым.
Эртеси Лира аттестатымды алып келип берип, мектептеги жаңылытарды төкпөй чачпай айтып берди. Айдар сен ошол күнү эле тигилер менен машинага түшүп кетип калыптырсың. Жакшы эле келген кишилерге каршылык кылганың менен тигилер жаныңды койбой алып кетиптир. Көрсө сен жүргөн кыздын атасы сот тура. Келген жигиттер органда иштегендер турбайбы. Мына ушинтип бир күндө эле сенден айрылдым да калдым.
Лира канча айткан менен классташым, сырдаш жолдошум эмеспи. Ошондонбу мага:
– Билесиби Эрке, – дейт, – Айдар агай тим эле кыздар менен иши жоктой зымпыйып жүрчү эмес беле. Кылган ишин көрбөйсүңбү. Баары ушундай кишиден чыгат. Мен андан кол үзгөнүм жакшы болгон. Эмесе тиги кыздай алданып калсам чыныгы шерменде болмоктурмун го.
Лиранын сен жөнүндө жамандаганы түгөнөр эмес. Ошондо да сага кылдай кир жугузгум келбей:
– Ал бир кокустук да. Андай иш кыз жигиттин ортосунда боло берет, – деп койдум. Лира ал сөзүмө күйүп бышып, сен дайыма эле ага кир жугузбай каласың. Анын ким экенин али түшүнгөн жоксуңбу. Чынын айтайынбы, ал туруксуз жана катынпос наадан. Лира дагы көпкө отурат беле ким билсин, башым ооруп тургандыктан сиркем суу көтөрбөй турганын сезе коюп, мени менен сыртка чыкты да жолуна түштү.
Ошентип бир күндө эле сенден айрылдым. Айрылдым да сарсанаага чөмүлүп ооруп калдым. Ал оору сени элестериңден, сени көп ойлой бергенимден экенин сезип жүрдүм. Аны үйдөгүлөргө билгизбөөгө аракет кылганым менен, менин бозоруп, күндөн күнгө өңүмдөн кетип баратканымды көрүшүп тынчсыздана башташты. Ооруканага апарсакпы деп чыгышты. Койгулачы деп кага турган болдум. Айрыкча апамда жан жок.
– Айланайын ай, жанагы аты жаман оорудан алыс болсоң экен, – деп кудайдан тилене берет.
– Дина эжемди эске салбачы апа, ошондойдон кудай сактасын, – деп коем. Бирок Дина дал мендей “сүйүү” оорусуна чалдыгып, ошондон айыкпай жүрүп өтпөдү беле. Эми анын тагдыры, эмне, менин башыма келдиби? Чын эле көкүрөктөгү зилдей уюган кайгы ошого жеткиреби?.. Ушундай жаман ойлорум канчалык түмөн-түмөн болуп жатканы менен сенин элесиңди, сүйлөгөн сөздөрүңдү, акыркы күндөгү мага кылган мамиледи эстей берем. Көрсө бул да өзүнчө айыкпас дарт экенин түшүнүп, акыры ооруканага барып дарыланып чыктым.
Сенин айлап көрүнбөй калышың, дарыланганым, ден соолугума оң таасир эткен окшойт, күндөн күнгө өзүмө келип, өңүмө кызыл жүгүрүп калды. Ошол учурда мектепти бүткөн балдар шаарга окууга барабыз деп даярданышып калышыптыр. Алардын шары менен мен да окууну эңсей баштадым.
Баса Айдар, сен кеткени Лира экөөбүз достошуп алганбыз. Ал мага келсе, мен ага барып турам. Экөөбүз жолугушкан күндөрү жалаң эле окуу жөнүндө сөз кылабыз. Баардык окуу жайларды атап келип, ал улуттук университетинин экономикалык факультетине кире тургандыгын айтат. Мен сөзсүз мединститутка киреримди, андан айныбай тургандыгымды айтам. Ошентип көпкө сүйлөшүп отурабыз да анан сен жөнүндө сөз козгой кетебиз. Баягы Айдар деген агай жолугуп калса эмне дээр элең дейт ал. Эмне демек элем. Анын аялы бар да, көрмөксөн болуп өтүп кетермин. Албетте аялы бар киши башканы карамак беле. Ал эми экөөбүздү таптакыр унутуп койгон чыгар. Сүйүү дегениң да жаңыла берет тура дейм ага. Мен антпейт элем дейт Лира. Бети жок катынпос! деп бетин тырмагым менен канжалата тырмап салмакмын деп узун тырмактарын көрсөтүп коет ал. Кектегенде эмне, мүмкүн экөөбүзгө андан да жакшы жигиттер табылып калар деп тамашалайм. Ал сөзүм Лирага жагып тим эле жыргап күлүп калат.
Шаарга Лира экөөбүз бир келдик. Бирок Лира акыркы экзаменден кулап, шаарда бир күн да жүрбөй кетип калды. Мен бардык экзамендерден жакшы тапшырып, каалаган мединститутка студент болуп калдым. Студенттик турмуш да өзүнчө кызык тура. Бирде ток, бирде ачка жүрүшсө да шаракташып кайгы капаны билишпейт. Мен үйдөн жардам алып тургандыктан тиги жок, бул жок дегенди билбей жүрдүм.
Жатаканадагы кыздар кызык. Окуудан келгенден кийин эле чай-пайын ичип алса болду, сулуу болуу аракетинде беттерине эле асылышып, күзгүнүн жанынан чыкпай калышат. Кечинде айрымдарынын жигиттери тынчтык берсечи. Айнеке бутактарды ыргытыш баланчаны чакырып койгулачы, түгүнчөнү чакырып койгулачы дей берет. Сага эч ким келбейт ко. Чоткий жигиттер менен тааныштырайлыбы дешет алар. Эч болбосо үчүнчү курска жетейин анан деле кеч эмес деп аларды кагып коем.
Инситутта Сезим деген кыз менен жакын жолдош болуп кеттим. Ал жатакананын үчүнчү, мен экинчи этажында жашаганым менен бош боло калсак эле биригип, бири бирибизден айрыла албай отуруп калабыз. Ал Капар деген жигитин жерге сууга койбой мактай берет. Менин эч ким менен жүрбөгөндүгүмдү билгендиктен группадагы сулуу, адамкерчиликтүү жигиттерди бирден санай кетет. Өх!-деп үшкүрүнүп, эгер Капарды сүйүп калбасам, алардын чекесинен чертип бирден тандайт элем. Азыр сенде возможност бар, чекесинен чертип көрсөңчү, мүмкүн сага бирөөбү бышкан дарбыз болуп калар дей берет. Бышыгын да, камын да кереги жок. Мен окушум керек. Окуганда да атым чыга тургандай окушум керек дейм ага. Мейли, мейли деп тим болот Сезим.
Ошентип жүргөн күндөрдүн биринде Сезим:
– Жүрчү сага Капарды көрсөтөйүн. Эгер сага жакса жүрөм, жакпаса жерге кирсин өзүбүздүн эле институтта жигиттер толуп жатпайбы. Сага айтып коеюн, только туура бааңды бер. Жигитимди “3” десең ошол жерден эле атказ берем, “ 4 “ десең ойлонуп көрөм, “ 5” десең болду анда ал менин чыныгы жигитим болот да калат.
– Каерде окуйт Капарың?
– Куруп калсын оңгон окууда дейсиңби, тиги финансы экономикалык техникумда экен. Жыргай тургансып налоговойдо. Эл кыдырып акча бер деп жаман көрүнгөндөн башка эмне табат. Ага карабай жакшы көрүп калганымды айтпайсыңбы Эрке.
– Кызыксың Сезим, сүйүү бул кайырчы, же падыша деп ылгайт дейсиңби. Э-э, бир кишини сүйүп айрылып калгам. Ошондон бери эч кимди сүйгүм келбейт. Ушуну айтаарым менен кабагым бүркөлүп, негедир өзүмчө эле туталанып көзүмө жаш тегерене калды.
– Ой, сага эмне болду? Эмнени ойлоп жашып жатасың? Сүйгөн жигитиңдиби? – деп Сезим үстөкө босток суроону жаадырып жиберди.
– Жөн эле ата-энелеримди сагынып калыптырмын, – деп аны ишендирип койдум.
– Кой, – деп Сезим шашыла баштады, – тиги байкуш таза күтүп кала турган болду. Бол сен да кийинип чыга кал.
– Мени жөн койчу Сезим.
– Койчу кылыктанбай. Жолдош болгонуң кайсы. Жүрчү эми.
Сезим акыры макулдатып сыртка алып чыкты. Тиги бактын түбүндө экөө турат. Түндө электр жарыгы аерге толук тийбегендиктен анын бирөөн көрөрүм менен жүрөгүм селт дей түштү. Кудай ай, бул Айдарбы? – деп кеттим. Ордумдан жылбай туруп калдым.
– Сага эмне болду? – деп Сезим мени колтуктай калды.
– Тиги экөөнүнү бирөөсү ким?
– Оң жактадагысыбы?
– Ооба ошонусу.
– Ал Капардын жолдошу Суван деген жигит. Экөө тең акыркы курста окушат. Быйыл окууну бүтсөм сөзсүз айылга алып кетем деп жатпайбы менин жигит сөрөйүм. Жанындагысы да быйыл бүтөт. Экөө тең бир күндө үйлөнсөк деп жүрүптүр. Кыскасы ушундай, таанышкандан кийин баарын биле бересиң, – деп бажырап баратканы менен улам артка карай кетенчиктеп коем. Анткени башымдан өткөргөн кайгым менен кубанычымды, жалындап анан түтөп калган махабатымды ал кайдан билсин. Колтугумдан кармаган бойдон алардын жанына апкелип тааныштыра кетти. Анын бирөө:
– Менин атым Суван, Кара-Буура районунан болом. Сезим сен жөнүндө айтып берген, сен да Кара-Бурадан болот турбайсыңбы. Карачы бир райондон болуп бири-бирибизди тааныбай жүргөнүбүздү. Эч нерсе эмес, мындан ары да таанышып саламыбыз түз болуп жүрөр, – деп тим эле сылык сыпаа учурашты.
Төртөөбүз бирге сүйлөшүп турганыбыз менен алардын сөздөрүнүн бири да кулагыма кирген жок. Оюм эле тиги жигитте болуп, көз кырымды салып улам улам карап коем. Бет түзүлүшү, көз караштары, чачын эки бөлүп кое бергени, койчу баары сага окшош. Болгону сенден бойлуураак экен. Бетинде сепкили, ээгинде кал сыяктуу буурчактай кара так бар. Ошолору гана сенден айрымалап турбаса кудум сен өзүңдөй. Ошондонбу жоготкон буюмумду таап алгандай ичимден сүйүнүп аларды ээрчий бастым. Суван өлөрчө шайыр, учуру келгенде куудулдана кетчү жайы бар экен. Үч төрт анекдотту айтып тигилерди күлдүрүп баратканы менен мен ойлуу басып бараттым. Анткени Суванды караган сайын сен эсиме түшүп, азыр катарымда Суван эмес сен болуп калсаң кана дейм ичимден. Ошентип баратканда Капар Сезим экөөбү бизден бөлүнүп кетти. Суван экөөбүз жанаша басып калдык. Ал да сен себинген атырдан себинет окшойт, жагымдуу жыт мурдумду өрдөп буркурайт. Шамалга сеңселип көзүн жаап калган чачтарын сага окшоп чөнтөгүнөн тарагын ала коюп артка тарай кетет. Кудай ай ушундай да окшош болобу деп улам улам көз кырым менен карап коем. Ал мени чыны менен эле менде көңүлү бар окшойт дегенсип кадала карап ууртунан жылмайып коет.
Ал күнү эки жигит гүл бакта сейилдеткенден кийин кафеге киргизип, кайтаарда таксиге отургузуп жатаканага жеткизишип, жылуу коштошушту. Сезим жатаканага кирерибиз менен жооп алганча шашып:
– Менин жигитим жактыбы? Канча коесуң? – деди.
– Беш. Мындай баа коерумду Сезим күтпөсө керек/. Сүйүнүп, мойнума асылып бетимден өпкүлөп жиберди.
– Ушинтип айтаарыңа ишенгем. Көрдүңбү кандай кичи пейил маданияттуу жигиттер. Анан тигил Суван сага жактыбы? Карачы бир райондон да экенсиңер. Кандай жакшы. Мен Оштон болсом, Капар көлдөн. Ох-оо, ортосу канча аралык! Бирок сүйүү аралыкка карамак беле. Бири бирибиз менен жердин жердин жети катмарында жашасак да табышып алмакпыз.
– Бактылуусуң! – деп Сезимдин таза сүйүүсүнө баа берип бетинен өөп койдум.
Айдар сүйгөнүм, сен көзүмө көрүнбөгөндөн бери биринчи жолу ушинтип жигит жандадым. Жандаганым курусун, Суван сени эске салып кетти. Баягы сен жөнүндөгү элесим кайра жанданып, сени ойлой берчү болдум. Каякта жүрүп, каякта иштээриңди билбесем да көчөдө агылган элдин арасынан көрүнө калабы деп карай берчү болдум. Кокус алдымдан бетме бет чыга калсаң эмне дээр элем, кандай мамиле жасаар элем, экөөбүз кандай абалда калаар элек деп ойлой берчү болдум. Бирок сен эч бир жерден көрүнбөдүң да, эч бир жерден жолукпадың. Ага мурункудай капаланбай, кайра сенин элесиң көңүлүмдөн биротоло өчүп калса экен деп тиленип жүрдүм. Ушундай сезимде жүргөнүмдө Суван мага бат бат келип жүрдү. Келген сайын бир колуна гүл кармап, шокалад конфеттерин пакетке орой келет. Анын айтканына макул болуп ээрчишип бирге жүргөнүм менен андан бир нерсе жетишпей жаткансып деги жүрөгүм жылысачы. Cуван менин ал ички сырымды түшүнүп коюптурбу. Мына жакында окууну бүтөм, сени айылга алып кетсем, кандай бактылуу болор элем дей берет. Ал маселени кулагыма угузба. Экинчи айтпа дейм кайталай бергенден кийин. Айтпайм деп алат да бир аз күн өткөндөн кийин эле кайра баягы сөзүн кайталап мен сенсиз кантип жашайм деп жалдырай кетет. Кантип жашасаң ошентип жаша, окуумду бүтмөйүнчө мен эч кимге турмушка чыкпайм деп уруша кетем. Койдум, койдум Эрке, кабагыңды бүркөбөй күлүп жайнап эле жүрчү, ошонуң эле жетет деп калат айласы кетип.
Ошентип ага көңүлүм олку солку болуп жүргөндө Сезим укмуштай жасанып кирип келди. Көрөрүм менен оозум ачып калдым. Эгер өзүн бүгүнкүдөй алып жүрсө институттагыларды таң калтыра турган мисс болуп калмак. Бирок Сезим өзү ата-энелери начар жашай тургандыктарын ар дайым айта калчу. Ошондуктан жүдөө жүргөнүн көрүп да, билип да жүрөм. Ошондуктан:
– Бул жарашыктуу жаңы кийимдерди кайдан алдың? Базарданбы? – деп сурай кеттим.
– Кайдан меники дейсиң. Бүгүн Капардын көзүн чачыратпасамбы деп атайы бирге жаткан кыздардын кийимин сурап алдым. Ал экөөбүздү киного чакырган.
– Суван да барбы?
– Бар.
– Анда мен барбай эле коеюнчу. Негедир Суван көңүлүмө толбой койду. Канчалык жакшы көрөйүн дегеним менен сезимим козголбойт.
– Кызыксың Эрке, сезимим козголбойт деп кайдагы жок сөздү айтасың. Бир да сүйлөшпөй жүрүп бир күндө эле ата-энелеринин макулдугу менен төшөктө жолугушкандар азбы. Эмне алардын сезими козголбой калыптырбы. Козголмок турсун тим эле ысык жашагандарын көрүп жүрбөйбүзбү. Суван антейин деп жаткан жокко. Сага кудум чырактанга айланган көпөлөктөй болуп жүрөт. Чынын айтсам алаканга салып эле жүрө турган жигит ко чиркин!
– Болду, болду Сезим, сенин көүлүң үчүн болсо да барайын. Бирок каякка? Күндүзгү сеанскабы?
– Ооба күндүзгү сеанска. Октябрь кинотеатрына.
– Анчалык алыска барыштын кереги эмне эле. Барбайм, койчу.
– Таза кызыксың го Эрке, билет алып коюшуптур. Кылыктанбай болчу эми.
Ошентип Сезим акыры мени көндүрдү. Экөөбүз эшикке чыгар менен алар алдыбыздан тосуп чыгышты. Таксиге отуруп бат эле кинотеатрга жеттик. Кинонун башталышына бир сааттай убакыт бар болгондон кийин ошол арада басып жүрүп, анан техникумдун астына келдик. Капардын да, Сувандын да көңүлдөрү шат. Мактанышып өздөрү бүтүп жаткан техникумду көрсөтө кетишти.
– Мына билимдүү, илимдүү кылып учуруп жаткан уябыз. Аттиң, энедей бөпөлөп, акылыбызга акыл кошкон, турмуш жолуна мына деп путевка берген, бул чоң ордобузду таштап, башка жакка кетип калуубуз кандай аянычтуу, – деди Капар.
– Ооба аянычтуу, – деп кошумчалады Суван, – орто мектептен коштошоордо кандай ыйладык эле, эми бул окуу жайды таштап кетерде андан да катуу ыйлабасак болду, – деп күлдү.
Биз ошентип турганда техникумдун сырткы эшиги ачылып, сен чыга келдиң. Мени көрдүң да, кыя басып өтүп кете алган жоксуң. А мен сени көрөрүм менен жүрөгүм селт эте түшүп, эмне кыларымды билбей турган жеримде селейип калдым. Анткени сен менин махабатыма муздак суу чачып кетип калганыңа карабай, сен жер үстүндө болсоң бир жолу көрсөм экен дечүмүн. Көрсө сен жакын жерде жүргөнүң менен жолубуз тогошпой жүргөн турбайбы. Эми сени көрүп бир аз демим басылгандай да, көңүлүм ачылгандай да болуп калды. Экөөбүздүн ортобуздан өткөн мамилелерди тигилер кайдан билсин, сени агай катары сыйлашып, тим эле ийиле учурашышып, кафеге жүрбөйсүзбү деп кыйнай кетишти. Сен ага такыр болбой шашылыш ишим бар дегениң менен мени улам алдыртан карап кете албай турдуң. Сенин ал кылчактай беришиңде бир сыр бар экенин сезип турдум. Баятан бери Суванды колтуктап турсам эми колумду чыгара салып күнөөлүүдөй жер карап калдым. Сен баарын түшүнүп кетүүгө камынганда гана:
– Эрке окууга келдиң беле, – дедиң.
– Ооба.
– Кайсы окуу жайындасың?
– Мединституттамын.
– Абдан жакшы болуптур, – дедиң сен. Балдар аң-таң болуп сени карап калышты.
– Балдар Эркени кайдан тааныйт деп жүрбөгүлө. Өткөн жылы дал ушулардын айлында мугалим болуп иштеп, Эркени окуткам. Эми окууга өткөнүн угуп сүйүнүп жатам, – дедиң да балдарга сыр алдырбай басып кеттиң. Бирок сен алыстаган сайын экинчи сени көрбөй кала тургансып жүрөгүм сыздап турду. А Капар болсо сени жамандап кирди.
– Бул агайды студенттер жеткен катынпос дешет экен. Институтта окуп жүргөндө эле бир кыздын боюна бүтүрүп коюптур. Кийин дагы бир кыз менен жүргөн дейт. Бирок боюнда бар кызы төрөп коюп ошону алып жашап жатат окшойт. Бирок жашоосу курусун ал аялы менен соттошуп эле жатат, соттошуп эле жатат аягы бүтөр эмес.
– Аны сен кайдан билесиң? – деп Сезим сөзгө аралаша түштү.
– Ой, мени квартирамдын жанында эле жашайт. Агайды да, Эльнура деген аялын да көрүп жүрөм. Аялы бир фирма ачып алган. Болгондо да “ЖИП” маркасындагы машинасы бар. Тим эле көкүрөгүн көтөргөн ажылдаган ажаан аял. Ошондонбу бул агай үйүнө барбай ар жерде жүрөт деп уккам. Эмне болсо да нерви бекем адам экен, техникумду таштабай окутуп жүрөт.
– Бирөөдүн аялы менен биздин ишибиз эмне. Ма-а десе аялы күйөөсүн, күйөөсү аялын жеп койсун. Андан көрө өзүбүздүн келечегибизди ойлойлу. Болбойсуңарбы кафеге кирип курсакты кампыйтып алалы, – деди Суван.
– Кинодон кийин, – деп болбой койду Сезим. Кинону да көрдүк. Жигиттерибиз кинодон көңүлдүү чыгышып түз эле кафеге алып жөнөштү. Акчалуу экендиктерин көрсөтүшүп, байлардын дасторконун жасашып, стол үстүн жайнатып төгүлүшкөндөрүн айтпа. Түркүн даамдардан татып, анан ичкиликке өттүк.
– Кыздарды аракка кыйнаган болбойт. Шампандан ичип отурушсун. Экөөбүзгө эки жүз граммдан, төрт жүз грамм жетиштүү, – деп столдун кожоюну болуп Капар бакылдап отурду. Сезим Капардын сыйына пейили тоюп, чечекейи чеч.
– Өлбөгөн жанга жеп ичип, аз өмүрдө гүлдөп алыш керек. Бир күнү эле бир кетмен чымдын астында калабыз, – деп менин кой дегениме болбой шимирет. Ан сайын тиги жигиттердин жаны кирип:
– Ооба, Сезим айткандай бир кетмен чымдын астында калабыз кана, алып жибереличи деп аларга табылбай калды. Ичмек турсун оозума ууртагым келбей турганым менен эки үч стакан шампанды шыкап ичирип жиберишти. Денем жайыла түшүп, тигилердин дуулдаган сөздөрүнө аралаша түштүм.
Кафеде дуулдап отуруп түн бир оокум болуп калганын билбей калыптырбыз. Кайрадан таксиге түшүп, жолдон Суван бир камокко токтотуп, бир пакетти толтуруп бир нерселерди алгандай болду. Караңгыда каякта бара жатканыбызды билген жокпус. Айтоор таксист бир жерге машинасын токтотту да бизди түшүрүп, акчасын алып кете берди.
– Эй жигиттер, бизди каерге апкелдиңер. Мүмкүн келин боло турган жерге апкелген чыгарсыңар, – деп Сезим булдуруктай сүйлөдү.
– Ак босогону аттаарыңарга али эрте. Азырынча чер жазып, көңүл күүн көтөрүп отуралы деп эле токтодук, – дейт Капар.
– Ошо көңүл күүн көтөрө турган баланы төрөп берген апаңдан айланайын, – деп Сезим Капарга жароокерленип сүйлөдү.
Камокко токтогондо Суван бир бөтөлкө арак, бир бөтөлкө вино, колбаса, консерва ала чыккан турбайбы. Аны газетанын үстүнө жайнатып, жигиттерибиз астыбызга чөптөн төшөп анан отургузушту. Суван мурдагыдан башка анекдотторун айтып ичек боорубузду эзип күлдүрүп жатса, Капар дасторкондун кожоюну болуп ичсеңер, жесеңер дей берди. Ичерибизди ичип, жээрибизди жеп жаттык. Бир маалда Капар ары жакка басып кетип Сезимге:
– Айчүрөгүм кайдасың? Бери кел, – деди.
– Семетейим мен мындамын. Сага баратам, – деп Сезим кылыктана ары басты.
Ай асмандан жакшы эле көтөрүлүп калган экен. Тунук асманда балбылдап жанып, айлана сүттөй агарып турат. Суван экөөбүз бет маңдайлаша отурганыбыз менен ал мага эч нерсе деп сүйлөй элек. Бирок айдын жарыгында анын сепкили да, ээгиндеги кара тагы да көрүнбөй кудум сен отургансып көрүндү мага. Ошондонбу эт жүрөгүм эзилип Суванды көздөй жакындап бараттым. Сенин атырыңдын, баягы мен эңсеген демиңдин агымына кабыла түштүм. Бир жагы мастыктанбы өзүмө өзүм таң калып турганда менин абалымды Суван түшүнө коюп, кучагына лып тартып бетимден өбө баштады. Алкымымдан аймалап:
– Жытыңдан сенин, жаркыным менин, асмандагы айым, күнүм, жашоодогу бакытым менин, – деп жалбарынып жалынып жатат. Дале сенин элесиң, дале Суван эмес сен болуп жаттың туюмумда.
– Кучактачы мени, и-и ошентип, дагы, дагы, дагы катуураак, мындан да катуураак, сагынычым тарасын ээ дейм. Ал менин бул кылган мамилемди башкача түшүндүбү көйнөгүмдүн этегин түрө баштады. Ошондо гана сенин мындай ишке барбасыңды, ал иш экөөбүз баш кошкондо гана боло тургандыгын ойлоп, чапталышкан кирпиктеримди ача салдым. Айдын жарыгына Сувандын ээгиндеги кара тагы көрүнө калды. Бул сен эмессиң! – деген ой ичимде кайталанып, Суванды күч менен үстүмдөн итерип жиберип, ток тийгендей ордумдан ыргып турдум.
– Эмне болду Эрке? – деди Суван.
– Эмне болду дейт! Уятсыз! – деп Суванды жаакка чаап жибердим.
– Өзүң го, – деп Суван жаагын сыйпалап туруп калды.
Кайдан жайдан экени белгисиз жана эле жаркырап турган айды кара булуттар каптап калды. Тигилердин мындай караңгылыкта кайда жүргөнүн билбей акыры келер деген ой менен Суван экөөбүз күтүп отура бердик. Түнкү таза абада үн алыска угулат эмеспи. Бир маалда:
– Апа-а! – деген Сезимдин үнү угулду.
– Көптөн бери ушуну көрө албай жүргөн, – деп Суван күңкүлдөдү. Мен эч нерсе деген жокмун. Айдар, эгер сен менин көңүлүмдү калтырбай дал бүгүн жанымда болсоң Сезимдей болуп эркиңе көнүп бермекмин. Бирок тагдыр экөөбүздү эки аралга таштап койсо эмне кылайык. Бул күн ушинтип өттү. Бирок сенден али да күдөр үзө албай, адресиңди билген күндөн сага жолуксам, иштин чоо жайын билсем, баарын өз оозуңан уксам деп ээленип калдым. Ошондон улам сен иштеген финансы экономикалык техникумунун асты жагына он жолу барып, он жолу келдим. Түк көрүнбөдүң. Ошондо гана келгенди токтоттум. А байкуш Суван болсо анын ортосунда эки жолу келип, алган белектерин таштап кетти.
Кээде адамдар ойлобогон жерден кездешип калат эмеспи. Сен да ошондой болдуң. Мен түшкөн автобустун арт жагында келе жатыптырсың. Мени көрөрүң менен ортодогу элди жиреп мени көздөй келаттың. Сүйүнүү эмес, денемди коркунуч ээлеп титиреп кеттим. Сен аны сезбей жаныма жакындай түштүң. Көргүм келбегенсип далымды салып турдум. Сен ага болгон жоксуң. Так мадайыма келип мени тике карап калдың. Мен да сени карадым. Баягыдай эле бетиң кагаздай сыпсыйдан, эч бир жериңе бырыш түшпөй, көздөрүң жүрөккө от кое тургандай нур төгүп турат. Ага карабай бултуңдап бурула бергенде:
– Эрке, мени кечирчи, сенин баркыңа жетпей калдым. Тагдырым ушундай экен балалуу болуп калып Эльнурага үйлөнүп алгам. Ишенсең тозоктун отуна түшкөндөй күйүп жүрөм. Сени ойлосом жүрөгүм сыздайт. Сен мага ушунчалык таарынган чыгарсың ээ?
– Эмнеге таарынмак элем. Тагдырыбыз ушундай түзүлсө андан качып кайда барабыз. Турмушуңуз жакшы болсо мени жөн жайыма койбойсузбу. Мен да адам баласымын го, кыйнап эмне кыласыз?..
Автобус мен түшө турган аялдамага жакындап келатты. Сен эми мурункудан да жакындай түшүп, кагып коет деп ойлонбой өзүңө тарта кучактай калдың. Тегеректеги элдерден уялып колуңду кагып жибердим. Жалдырап мени карап калдың. Өңүң жуулган чүпүрөктөй бозоруп кетти. Башынан боорукер жаным, ал абалыңды көрүп туруп өзүмдү жектеп, сени аяп кеттим. Бирок таарынычым жазылбай эл менен кошо алга жылдым. Жылдым да эмнеге колун силктим, ал мага жолобосун дегенимби, андай болсо эмнеге техникумга аны издеп барып жүрдүм деген ойлорго кабылбай кое алган жокмун. Автобус токтогондо гана ойлорум чачылып, жерге түшөөрдө сен жакты карадым. Желкеңден оор таш ныгырып тургандай башыңды салаңдатып туруптурсуң.
Сени көргөнүм курусун, эски жаранын оозу ачылгандай эле болду. Мына төшөктө жатканымда да сени эстеп да, элестеп да жаттым. Сенин элди жиреп келе жатканыңды, жалооруп караганыңды, шылкыйып турганыңды экрандагыдай көз алдымдан өткөзүп көрдүм. Өткөзүп көрдүм да жүрөктөгү сүйүүм сага гана арналып, тагдыр кандай жолго салып кыйнабасын өчпөй жүрө бере тургандыгын эми баамдап, мындан ары эмне кылсам деген ойлор башымды ээлеп алды. Бирок балалуу болуп Эльнурага үйлөнүп алдым дебедиңби. Демек мен эмнеге башымды оорутуп жатам. Ал башында баласы бар үчүн үйлөнсө, эми баласын таштап аялы менен ажырашып кете алабы? Жок кете албайт. Апага бала кандай кымбат болсо, атага да бала ошондой эле кымбат экенин өз көзүм менен көргөм.
Бизге Адыл деген киши коңшу жашачу. Келинчеги Жыргал менен беш жыл бирге жашаган менен балага зар болуп жүрүшкөн. Кийин кудай жалгап уулдуу болушуп атын Зарлык деп коюшту. Зарлык бешке чыкты. Айылдагы соодогер аялдар оруссияга барып көп акча таап келип жатканын Жыргал угуп калды. Дайыма соодакерчилик кылып жүргөн Сонун деген аялга барып:
– Оруссияга баргандар көп акча таап жатыптыр го ошо чынбы? – дейт.
– Чыны менен эле ошондой деп Сонун Жыргалды соодакерчиликке кызыктырып коет.
– Анда мени кошуп ал. Адылга атты саттырайын дейт Жыргал. Ошентип экөө макулдашкандан кийин Адылды көндүрүп Келсин Россияны көздөй жол тартат. Бир жыл анан эки жыл өтөт. Ошонун ортосунда Сонун эки жолу келип, эки жолу кетет. Жыргалдан дарек жок болуп кеткендиктен:
– Айланайын Сонун менин аялымды көрдүңбү? Деги аман эсенби?-дейт.
– Көрдүм, – деп ачык эле айтат Сонун, – аны издебей эле кой. Аялың бай коммерсант кишиге тийип алган. Мени айтпай эле кой дегенден кийин сага эч нерсе дей албай жүргөм.
– Баласын, Зарлыгын ойлонбоптурбу?
– Ойлонгон киши ошондой иш кылабы? Андан көрө балаңызды чоңойтуп өз тиричилигиизди кыла бериңиз. Аны издеп убара болуп жүрбөңүз, – дейт Сонун.
Сонундун да акылына көнүп, аялын издебей, баланын бал тилине рахаттанып, жалгыз жанына медер тутуп, эртеден кечке огородун карап, тапкан ташыганына баласынан аябай кийим кечек алып берип, топоңдотуп ээрчитип жүрөр эле.
Бир күнү түн ичинде Сонун үч киши менен келип колу бутун байлап, оозун сүйлөгүз кылып таңып Зарлыкты алып кетиптир. Түшкө жакын атамдар байкап калып Адылдын оозундагы таңылганды чечип сурашса Сонун баланы кандайча алып кеткенин, жанындагылар куралчан экендигин, биз оруссияга кетип баратабыз, издегениң менен таппайсың дегендерин айтып буркурап ыйласа адам жанында туралгыстай эле. Чиркин атага баланын ушунча кымбат экенин ошондо билдим. Кийин Адыл аке баласын кайдан гана издебеди дейсиң, таба албады. Кайгы муңдан саал жерден жинди болуп кала таштады. Ошондо туугандары чогулуп:
– Адыл минте берсең мүңкүрөп жүрүп жок болосуң. Белиңди бекем бууп кайрат кылышың керек. Балаң акылдуу болсо элим бар, жерим бар, баккан атам бар деп бир издеп келет. Аял алсаң аларсың, ага чейин сен алаксый турган, багып өстүрө турган күлүк тай апкелдик. Жакшылап баксаң сенин атыңды алыска чыгарат. Мындан тукум алып калсаң балаңдын атын чыгарат, – дешип казыкка байланган тайды көрсөтүштү. Кийин чын эле тай Адылды алаксытаар жаныбар болду. Эртеден кечке тай менен алектенип, кечке тынч жатып калып жүрдү. Антсе да баласын унута алсачы. Баласынын сүрөтүн атайы шаарга барып портрет кылып чыгарып келди. Тайды откозорго барганда портретти алдына отургузуп алат да:
– Зарлык кана чап, минтип чаппайсыңбы, – деп чапкылап жөнөчү болду. Портрет күндүн табына бозоро түшкөндө гана столдун үстүнө таяп тынчыды.
Кийин баккан тайы жетилип чоң чоң мелдештерде жеңишке жетип жүрдү.
Мына Айдар, бул жалганда бала ушунча таттуу турбайбы. Мындай аталык сезим сенде кантип болбой койсун. Демек менин сага жармаша беришим наадандык. Болду мен сени издеп барбайм. Келсең бетиңе түкүрөм. Жүрөгүмдөн биротоло сызып таштайм. Кош Айдар, кош...
Экзамендер кызуу жүрүп, борбрдук китепканага бат бат барчу болдум. Жаңы эле каалаган китебимди алып, столго отура бергенде сен кирип келдиң. Башка жакка бурулбай түз эле мени көздөй бастың. Ордумдан туруп китепканадан чыгып кетсемби деген ойго келип, кайра эмнеге мындан качам, эмне күнөөм бар эле деп отурган жеримден жылбай сабагыма киришип кеттим.
Жанымда бош орундуктар көп эле. Сен менден мындайраак да отурган жоксуң. Так жанымдагы отургучка отура кетип, папкеңди ачтың да бир демелерди жаза кеттиң. Сен мага, мен сага бурулуп карабай көпкө чейин үн-сөзсүз отурдук. Бирок сен өзүңдү актап бир деме деп айтаарыңды сезип турдум. Чын эле кагаз калемдериди папкеңе салып анан мага бурулдуң.
– Эрке, сага эмнеден жаздым?.. Эмне эле таарынып отурасың?.. Мен сени таптым го деп сүйүнүп жүрсөм...
– Ушинтип жагынып сүйлөп үйрөнүп калгансың. Мындай жалындуу сөздөрүңдү аялыңа айт, балаңа айт. Мени тынчыма койчу. Жолобогун да, жакындабагын!
– Урушпачы Эрке. Түшүнсөң мага. Уксаң сөзүмдү.
– Уккум да, сени көргүм да келбейт, мага тынчтык берчи...
– Айтайын дегеним эле аялым менен ажырашкам.
– Ошону сүйүнчүлөйүн деген экенсиң.
– Сүйүнчүлөйүн деген жерим жок. Экөөбүз үчүн эң маанилүү.
– А балаңчы?.. Аны кайда апарасың?.. Же атасыз жетим калтырайын дедиңби?.. Мурда балам үчүн баш кошуп алгам десең, эми баланын кереги жок болуп калдыбы?.. Наадан экенсиң Айдар!
– Кайсы баламды айтасың Эрке? Ал каза болуп калган. Ал эми баягыда эле айтпадым беле тозоктун отуна күйүп жүрөм деп. Ал тозоктон биротоло кутулуп жаңгыз жашап калгам.
Сен жан алың калбай азыркы турмушуңду ишендирүүнүн үстүндө болдуң. Айткан сөздөрүңдүн бирине ишенсем бирине ишенбей, окугандарым мээге түшпөй, акыры турдум да шашылган бойдон чыгып кеттим. Аялдамага жеткенде сен да артымдан келе жатыптырсың. Кол көтөрөрүм менен такси токтой калып, мени салып алды. Биз толо элек. Сенин артыбыздан кол булгалап чуркаганыңды шофер көргөн менен көңүл да буруп койгон жок.
Жатаканага келгенде кийин сенин мугалим болуп баргандан баштап, бүгүнкү күнгө чейинки көргөн билгендеримди эстей баштадым. Сага ушунчалык берилип оюмдан чыгара албай койгондугумду, өзүмдү сенден башкага ыраа көрө албай келатканымды, үмүтүм такыр үзүлбөй ушунча убактан бери өчпөгөн махабатымды, анан бүгүн артымдн кубалатып таштап жүрө бергенимди ойлоп отурдум. Ойлоп ойлоп кайра өзүмдү күнөөлөдүм. Эмнеге качам? Канча деген убакыттан бери махабатымды издеп келип эми гана колум жетерде андан качамынбы? Же жүрөгүмдүн кылдай жерин жылыта албаган Сувандын колун кармаш үчүн качамынбы? Же сени эстей берип Дина эжемдей сары оорууга кабылыш үчүнбү? Жок, сенден качып, жүрөгүмдөн чийип салышым туура эмес. Эгер сен эртең эле издеп келе турган болсоң, сөзсүз алдыңан чыгам, кучагым жайып кубнып чыгам. Өзүмчө ушул бүтүмгө келип, китептин бир бетин да ачып койбой, түнү бою түйшөлүп көптөн кийин барып көзүм илинди.
Бир эмес эки жума бою сен келбедиң. Санаам санга, оюм онго бөлүнө баштады. Жолобогун да, жакындабагын! Сени уккум да, көргүм да келбейт! Мага тынчтык берчи деген сөздөрдү эстедим. Мынчалык урушуп катуу кетпей, ачууга алдырбай жооп берип койсом болмок деп ичимден кейий баштадым. Эгер ошенткенде буга чейин келип калат элего деп коем. Менин жолобогун, жакындабагын! Дегенимдин өзү эле кандай сокку. Эми таптакыр келбей, сүйлөшпөй да коюшу мүмкүн. Баарын өзүм кылдым деп туталанып кеткенде ордумда отура албай калып жүрдүм. Бирок сен менин айткандарымды оюңа да албасаң керек. Эшикке чыгайын деп жатканда айнек жактан сенин карааныңды көрүп калдым. Көрөрүм менен терезени ачып жибердим. Колуңда эки тал гүл бар экен. Мага эмес башка бирөөгө келдиби деген кызганыч ой мээге чапчып көңүлүм чөгө түштү. Терезеден баш багып турганымды көрдүң да “кел” дегендей колуңду булгаладың. “Кийинип чыгайын” дегендей белги бердим. Шашканым ушунчалык ливтини унутуп тепкичтен тепкичке секирип ылдый түштүм. Чын эле башкага эмес мага келиптирсиң. Жүрөгүм жарыла жаздап сүйүнүп жаныңда турдум. Сен да мендей абалда болсоң керек. Көздөрүң бир укмуштай жанып, маңдайың жаркып турду. Сен тээ мугалим кезиңдей келберсибей, көптөн бери сүйүшүп бирге жүргөн ашыктардай мамиле жасап, корунуп кысынбай, балбылдаган көздөрүң менен эркелетип турдуң.
– Бул гүлдөр сага, – дедиң апкелген гүлдөрүңдү мага сунуп жатып, – муну экөө кылып бекер апкелген жокмун. Эки тал гүл экөөбүздү элестетсин. Бажырайып кооз ачылган кызыл гүл сенсиң, ак гүл мен. Эми муну көпкө сакташыбыз керек.
– Анда сен ушерде тура тур. Мен бөлмөмдөгү фазама сала келе коеюн. Ай байкуш гүлдөрүм ай, соолуп кетпесе болду.
– Жөн кой Эрке. Менин үйүмдө деле фаза бар. Ошого салабыз. Бүгүн кайрымакка түштүң эми түк кое бербейм, – деп тамашалап күлдүң.
– Кайрымак эмес тор салсаң да карматпайм десем карматпай коем. Эмне үйүңө апаргың барбы. Эмнеге барам? Айта турган сөзүң бар болсо көчөдө басып баратып деле сырдашып алабыз.
– Мен атайы келдим. Жашаган жеримди, турмуш шартымды сага көрсөтөйүн деп келдим. Барбайм десең өзүң бил. Сен мындан башка сөз айтпай, кокус барбай койсом таарына тургандыгыңды түшүндүм. Түшүндүм да бир аз олку солку ойдо болгонум менен акыры кыйнап болсо да алпарарыңа көзүм жетип макул боло калдым. Автобуска отуруп Аламидин базарынан түштүк. Сен тогуз этаждуу тамдын сегигинчи этажында жашайт экенсиң. Кире бериштеги дарбаза күндүр түндүр ачкычсыз ачылбайт тура.
– Бул этаждарда миңдей эл жашайт. Ар кимисинин колунда ачкычы болбосо сыртта калат, же тааныштарың киргизип кетет дедиң сен. Ошентип сен жашаган комнатага кирип, бөлмөнүн ичине көз жүгүртө баштадым. Төр жакта жазуу стол. Анын үстүндө эки катар жыйылып турган китептер. Дубалдын бир бетинде чоң полотного тартылган Капар Айтиевдин сүрөтү. Мындан башка ныпым эч нерсе жок.
– Мына аялдан ажырашкандан кийинки турмуш ушундай. Ал бир фирманын жетекчиси. Астында машина, үстүндө үч бөлмөлүү үй. Бирок үйү менен курусун адамкерчилиги жок тажаал экен. Акыры качып кутулдум. Кой Эрке, гүлдү унутуп коюптурбуз го. Апкел фазага салып коеюн, – деп фазага салып терезенин текчесине койдуң. Анан жаныма келип жаш баладай алаканыңа салып тап так көтөрүп алдың. Мени кое бербей алкымыман, беттеримден, эринимен чопулдатып өөп, сагынычың тараганда гана бутумду жерге койдуң. Анан өткөн кеткендерди көпкө сүйлөшүп отурдук. Кучагыңда отурган мени өзүңө кыса кармап:
– Алтыным менин, жылдызым менин, чүрөгүм менин, Таттыбүбүм менин, – деп жан эриткен сөздөрүң менен кайрадан өбө баштадың. Ошондон таасирленип каймактай ээрип турдум. Коюуланып бараткан кирпиктеримди сезе койдуңбу айтоор диванга кучактай жыгылдың. Эч нерсени түшүнө албай көз алдыңда ыйлап жаттым...
Бир оокумда сен туруп газга чай кое салдың. Столдун суурумасынан колбаса, конфет, токочторду, андан кийин торт, шампанды алып чыктың. Торттун үстүнө атайы Э+А деп жаздырып коюптурсуң.
– Кандай Эрке жакшы сюрприс дайындап коюптурмунбу? Торт жактыбы? Эми бул стакандагы шампанды колду кайчылаштырып туруп ичели. Ичине алтын шакектерибизди салып коелу. Ал шакектер экөөбүзгө бакыт алып келсин. Кана...
Ошентип Айдар биринчи жолу сени менен бирге болуп, бир төшөктө жатып эртеси түшкө маал гана жатаканага келдим. Келдим да түштөй болуп жылт этип өтүп кеткен ошол учурларды көз алдымдан өткөрүп жаттым.
Эмнегедир сен кайрылып мага келбей жатканыңды билбей жүрсөм да сага ишенгендиктен кайгыланып же ойлоп да койгон жокмун. Ошол арада Капар бир кыз менен келип мени чакырып калды.
– Урмат Усеновдун концертине үчөөбүзгө үч билет алып койдум. Кечки саат алтыда башталат экен. Бол чык, – деп шаштырат Капар.
– Азыр эрте эмеспи, – дедим мен.
– Эмнеге эртеси. Кафеге кенен отуруп чыкканча убакыт болуп калат.
– Сезим да барабы?
– Уккан жок белең, ал айылына кетпеди беле. Болчу эми кыйыктанбай.
Бир жагы Капардын көңүлүн кыя албай, бир жагы бул концертти көргүм келип, бөлмөмө келип жасанып түзөнүп бат эле чыга калдым. Сырттан Капардын жанындагы кыз жайдары жүз менен алдыман чыкты.
– Таанышып ал. Менин карындашым болот. Аты – Айкен, же Айка десең да болот, – деп Капар жан алы калбай тааныштыра кетти.
– Менин атым Эрке, – деп Айка экөөбүз мурда таанышып жүргөн адамдардай беттен өөп учураштык.
– Капар сен жөнүндө көп айтат. Анын айтканы чын экен. Сен Таттыбүбү Турсуналиевага таза окшош турбайсыңбы. Сага кандай бактылуу жигит туш келер экен. Сулуулугуңа жигиттер эмес менин да көзүм чачырап кетти, – деп Айка мадайыма түшкөн чачты оңдоп койду.
– Таза көкөлөтүп мактап жибердиң Айкен. Кыргыздын эле жөнөкөй, ак жуумал кыздарынын биримин.
– Чынын эле айтып жатам Эрке, сен чүрөксүң, сулуусуң, – деп жаңы таанышканыбызга карабай, качантан бери тааныш, жакын досумдай мамиле кылып, сөзү түгөнбөй жанымда бажырап баратты.
Сүйлөшүп баратып автобус токтоочу аялдамадан бир топ узап кетиптирбиз.
– Автобуска түшпөй каякка эле жөө жалаңдап баратабыз, – дедим мен.
– Такси дегениң жайнап кетпедиби, азыр эле түшө коебуз, – деди Капар. Чын эле ал кол көтөрөр менен жаныбызга такси токтой калды.
– Филармонияга чейин барайык дедик эле, руксатпы, – деп Капар кабинанын эшигин ачты.
– Филармонияга гана эмес бүт дүйнөнү кыдырганга даярмын, – деп шофердун чечекейи чеч. Арткы эшикти ачар менен Суванды көрө калдым. Бул машинада кандайча бизге оро пара болуп түшүп келатты экен деп кооптоно түштүм. Ал оюмду бузуп, Капар Суванды карап:
– Сен да филармониягабы? – деди.
– Ооба, ооба бардыгыбыз филармонияга, – дегенде кабинанын ичиндегилер каткырып күлүп калышты.
Машина филармонияга эмес, башка жолго түшкөнүн көрүп, ошондо гана эсиме келдим. Бардыгын алдына ала пландаштырылгандыктан эч бир нерсени сездирбей минтип ишти былгытканын карабайсыңбы.
– Кое бергиле наадандар! Эмесе жакшы болбойсуңар! – деп бакырып, анан Суванды көздөй атылдым.
– Айтчы бул сенин ойлоп тапкан акылыңбы я? – деп жинимди кайнатып бараткан Суванды жаактан ары тартып тартып жибергим келип жатты. Бирок ага тигилер жол бере коебу.
– Ооба Эрке бул менин акылым. Анткени мен сени сүйөм. Сенсиз жашай албайм. Айтчы, бирге жүргөн күндөрдү унуттуңбу? А сен унутканың менен мен унуткан жокмун. Эми ыйлаганды коюп, тынчтанчы Эрке, – деп Суван жаш балага айткансып мени сооротуп коет.
Суванга ачуум ашып ташыйт. Өкүрүп, бакырам. Баары бир турбайм. Кое бергиле деп какшайм. Тигилер былк этишсечи. Алдыңкы орундукта келе жаткан чоң кара:
– Кыз жыргаар жерине ыйлап барат. Ыйлай берсин, – деп ызанын үстүнө ыза кошуп канымды кайнатат. Ошентип баратып эсим ооп калыптыр. Бир маалда эсиме келип көзүмдү ачсам, Капардын карындашымын деген кыз бетиме суу чачып жатыптыр. Тиги жигиттердин мени менен иши жок, капоттун үстүнө арак шарактарын коюшуп дуулдап жатышат. Эшикти ача салып качайын дейм, тиги үч жигит мага жетпей коймок беле. Тагдырдан көрөрмүн деп шылкыйып отуруп бердим.
Бир бөтөлкөнүн ичиндеги арактын бир тамчысын калтырбай ичишкен үчөө машинга отурары менен ырдап киришти.
Кара-Буура, Ак-Буура,
Көчөсү сонун бак тура.
Ушундай жерди жердеген,
Кыздары сулуу, ак тура, –
Деп Суван ырдап кирсе, алдыда отурган жоон кара дарылдап кое берди:
Кара-Буура, Ак– Буура,
Көчөсү сонун бак тура.
Саратан жайда тынбаган,
Жигити мендей “ак” тура.
Деп кайталап эле баратат, кайталар эле баратат. Беркилер, ооба Бакең ак, ак болгон үчүн суйкайган сулуу Жазгүл эжебиздин кожоюну болуп жүрбөйбү, деп тымызын шылдыңдашып сандарын чаап күлүп калышат. Жанымдагы кыз жалынып жалбарынып мени сооротуу менен убара.
Баятан бери жайлап келе жатка машина эми аткан октой учуп жөнөдү. Эки кабаттуу чоң үйгө келгенде эркек аялдар дебей топурап чыга келишти.
– Ай, Токтокан, эмне эле далдайып туруп калдың? Чачылаңды чач кокуй, келинибиз ак жолтой болсун, – деп бир аялдын чыйылдаган үнү чыкты.
– Эчкинин өпкө жүрөгүн садага чабалы, – деп кире бериштен катамал эле киши сүйлөп калды.
– Ой Тоодак бала, элде мурун келинди отургузуп, көйнөгүн кийгизип, башына жоолук салып алалы. Ага чейин союп коерсуңар эчкиңерди, – деп ажылдай сүйлөдү.
Эки аял эки колтугумдан кармап, көшөгөнүн ичине киргизди. Үстүмдөгү көйнөгүмдү шыпырып алышып, жаңы көйнөк кийгизишип, башыма жоолук салышты. Көзүмө жаш алып кое бергиле деп бакырып ичимдеги бугумду чыгарып алдым. Ага карабай шаан шөкөт күчөп, чачыласын чачкан аялдар бетимди жапкан жоолукту түрө салышып:
– Жаш жигиттин алганы ушундай эле болсун. Жылдыздуу тура, – дешип бетимден өөп кетишет.
Тиги чоң бөлмөдө эркектер дуу-дуу. Аракты ушундайда чачыш керек деп үй ээсинин жанын койбой жаткан сыяктуу. Айтоор жана эле бир ящик аракты алып кирсе анысы түгөнүп калдыбы экинчисин шыгыратып баратканын байкап калдым. Бир убакта Суван экөөбүздү жанаша отургузушуп эчкинин өпкө жүрөгүн башыбыздан айландырышты.
– Башыңарга балээ келбесин. Өпкө жүрөгүңөр бир болсун. Башыңардан бак кетпей мөмөрө-чөбөрөлүү болгула айланайындарым. Кана ак батаңарды берип койгула ушул жерде тургандар, –деп улгайып эле калган аял алаканын жайды.
– Оомийин! Бактылуу болушсун, бактылуу болушсун! – деген үндөр жаап кетти. Бата сураган бул аялды болочок кайненем деп божомолдодум.
Сувандын ата-энелери маданияттуу да, бакубат да жашаган адамдар экен. Мен аны киргенде эле байкагам. Ушундай жерге келип, үстүмө кулпурган көйнөк, башыма кымбат баалуу жоолук салынып отурганымда жеңемдин айткан сөздөрүн эстедим. Бирөөдүн эшигин аттаба, аттагандан кийин баш чанган болбойт. Кары картаңдардын каргышы тиет дечү. Эгер жеңемдин ошол акылына моюндасам мен бул үйдүн босогосунан аттагандан кийин баарына макул болуп Суван менен жашап калышым керек. Бирок Айдар сенчи? Сага деген махабатымчы? Максатым, тилеген тилегим эмне болот?..
Мен ушундай ойлор менен чарпылышып отурганда болочок абысыным менен дагы бир шыпылдаган жигит кирип келди.
– Айланайын карындаш, өз ыктыярым менен келдим деп бул кагазга жаза сал. Ата-энеңдин астына эртерээк ачуу басар апарып, той өткөрө салалы. Алтын шилекейди чачырат дегендей сен алтын шилекейди деле чачыратпа, алтын калем менен алтын сөзүңдү жаза кой, – деп жигит шыпылдаса жанындагы келин:
– Ошент айланайын, өзүң тарбия таалим көргөн куттуу үйдүн кызы окшойсуң. Ал эми кыргызда түрү жылуудан түңүлбө деген сөз бар эмеспи. Өңүң жылуу экен, бизди олку солку ойго салбай жаза сал, – дейт тим эле жан алы калбай.
– Жазбайм! – деп ачуу үн каттым.
– Эмнеге?..
– Ата-энелерим келсин. Баары ошондо чечилет. Кагаз, калемиңерди алып кеткиле, – деп босогого ыргытып жибердим. Муну келечекте боло турган кайнатам байкап калса керек жанындагы аялга кыйкырып кирди.
– Бул өзү чала бүткөн жумуш ко. Балаң кайда? Мага чындыкты айтсынчы ал оңбогон.
– Баланы эмне кыласың. Болор иш болду. Андан көрө кудабыз жибий турган тыйын тыпырыңды белиңе байлап алып бар. Кеп ошолордо.
Кайненин сөзү өтүмдүү болуп кеттиби бат эле машина даяр болду.
– Кыздын ата-энелеринин адресин сурагыла, – деп бирөө шыпылдап кирип келди.
– Анын адресин менден сурагыла, – деди биз менен бирге келген жоон кара, – кыз өзүбүздүн эле районубуздун Ак-Сай айлынан. Машинага ашып кетсе эки сааттык жол.
– Ыраса болгон турбайбы, – деп шашылып калышты.
Куданын сыйын көрүп кеч келишет деген мындагы эргулдар арактын жаагын айрып, тамды башына көтөрүп жиберишти. Бирок машина болжолдогон убактан эрте келип андан эки агам менен эки жеңем түшүштү. Аларды көрүп ыйлап жибердим.
– Мени бул жерден алып кеткиле. Эмесе Дина эжемдин тагдыры башыма келип калат.
– Эмне дейсиң Эрке. Андай болсо бир мүнөт да бул жерге отургузбайм, – деп улуу агам башымдагы жоолукту шыпырып алды. Сувандын ата-энелери эч нерсе дей алган жок. Өз үйүмдө бир күн түнөп, эртеси эле инситутка жүрө бердим. Бирок сен бул жакка бир жолу да басып келбептирсиң. Экзамендин учурунда сенин келбей коюшуң мени сарсанаага салып окуума өз таасирин тийгизбей койгон жок. Эң жакшы баалар менен тапшырам деген оюм таш капты. Араңдан зачетка, экзамендерди тапшырып бүттүм. Бирок сен ошондо да көрүнбөдүң. Мени Суван алакачып кеткенин угуп алып ошондон келбей жатабы деп ойлосом жаным жай албай кетет. Андан да жаманы, тиги аялы менен элдешип алдыбы, мени жөн эле ишээнчектигимден пайдаландыбы дей баштайм. Иши кылса кайрадан ойлорум онго, санаам санга бөлүнө баштады.
Экзамен да толук аяктады. Эми үйгө кетишим керек. Бирок сенин жолуңду карап кете албадым. Мына мына жатаканага келип баягыдай чакырып калабы деп терезеден чыкпайм. Зарыктырып күтүүдөн жеткен азап жок экен. Көзүм талыганда гана диванга жата кетип кимди күтөм, эмне эле бул жерде жүрө берем, кетишим керек дей баштайм. Сен жашаган үйгө барып баарын баарын айтайын дегеним менен кыз деген намысым жол бербеди.
Зарыга күтүүдөн жедеп, акыры чемодандарымды көтөрүнүп, үйгө кетүү үчүн автовакзалга келдим. Кудайым өзү дал ушул жерден жолуктурду. Сен автобустан түшөрүң менен менин чемоданчан турганымды көрдүң. Көрдүң да түз эле мени көздөй басып келаттың. Жүрөгүм элеп желеп болуп кетти. Тегеректеги ары бери баскан элдерди көзүмө илбей, чуркаган бойдон мойнуңа асылдым. Сүйүнгөнүмдөн ыйлап жибердим.
– Мени кечирчи Эрке, соодокерчилик кылам деп кечигип калдым, –дедиң
– Кандай соодакерчилик?
– Ошко буудай ташыдым. Билесиңби кудайым өзү мага жолумду ачып көп акча таап келатам. Экөөбүз каалагандардын баарын алабыз. Жүр экөөбүздүн жашай турган уябызга баралы, – деп колтугумдан кармап таксилерге карай жетеледиң. Анткениң менен атайы эле кетенчиктеп:
– Койчу, айылдан келгенден кийин эле барайынчы дедим. Менин анткенимди оюңа да алган жоксуң. Бат эле Аламидин базарына жетип келип, керектүү азык түлүктөрдү жайнатып алдык. Бөлмөгө киргенде болгон азык түлүктөрдү алдыма таштадың.
– Эмнени кааласаң ошону жаса, сенин колуңдан тамак ичсем арманым жок дечүмүн. Тилегиме жеттим, – деп кучактап өпкүлөй кеттиң. Сакал муруттарың өсүп кеткендиктен бети башымды сайгылап итирекейимди келтирип жиберди.
– Эмне болгонсуң, тер жытанып кеткениң аз келгенсип, таза сапсайып апсайып алыптырсың да, барчы ары, – дедим. Сен менин айтканымды оюңа да албай:
– Аным ырас, – дедиң сен, – кара тер менен тапкан дүйнө оңой эмес экен. Бирок Эрке көрөсүң го баардык ишти, турмушту жөнгө салып алабыз, – деп күлдүң. Дароо душка түшүп кайра менин жанымда турдуң. Жанагы иреңиң өзгөрө түшүптүр. Эки бетиң кыпкызыл болуп, көздөрүң түнкү шамдай балбылдап турат. Чачтарыңды жаңы гана жуугандыктан терезеден түшкөн күндүн нуруна жылт-жулт этет. Аны баягы мугалим кезиңдегидей эки жакка бөлүп тарап коюптурсуң. Баягы атырыңды себинген окшойсуң мурдума бур дей түштү.
– Эми көзүңө кандай көрүнөм, – дедиң сен.
– Тим эле келишкен жигитсиң, – деп мойнуңа асылдым.
– Сагындыңбы. – дедиң сен.
– Өлөсө сагындым.
– Каеримди?
– Жытыңды, көзүңдү, сөзүңдү, анан мына өзүңдү. – деп сен эмес, мен сени өөп жаттым.
– Мен да сендей сагындым, – деп кучагыңдан чыгарбай, буттарымдын тыбыратканыма карабай мойнуман бериле жыттап жаттың. Бир канча убакыттан кийин:
– Сагынычың тарадыбы? – дедим.
– Тарады, – дедиң сен.
– Анда тамактанайлы. Мен жасаган тамактын даамын көрчү.
– Кана, – деп кызыга тамактан иче баштадың.
– Ах, укмуш даамдуу экен. Мен мындай тамакты эч жерден ичкен эмесмин. Пай, пай...
– Ашыра мактап жибердиң Айдар, дагы мурч менен калемпири жетпей калды.
– Анда мындан да укмуш тамак болмок экен го.
– Ооба да. Сен үчүн тамактын тамагын жасайм, көрөсүң го.
– Ага ишенем. Бирок сага арнаган бир сюрприз бар.
– Ал кандай сюрприз?
– Ыр.
– Оо анда жакшы экен. Окучу. Сен акындардай эргий түшүп ырыңды окуй баштадың.
Сен деймин, сен дегеним сен деген,
Кандай жансың анын баарын сезбеген.
Сен болбосоң күнүм түнгө айланып,
Максатыма жете албаймын көздөгөн.
Сен деймин, сен дегеним сен деген
Кандай жансың мени көзгө илбеген.
Сен периште, сен ханыша, сен пирсиң,
Буйругу жок сезимимди бийлеген.
Баары сенсиң, сенсиз жашоом бүт кайгы,
Сенсиз мага келечек жок, бүт тайкы.
Сүйө берем, сен дей берем, сен үчүн,
Сүйүүм менин албуут дайра турбайбы.
– Бали! – деп кол чаптым, – акындын акыны турбайсыңбы. Ушунчадан бери сенин акындыгың билбегенден кийин сенин ал талантыды баалабай жүргөн турбаймынбы. Эми алтыным менин деп эркелеткендин ордуна, акыным менин, акылдуум менин деп эркелетип жүрөйүн.
– Баса, – деп сен ордуңдан тура калдың, – унутуп койгон турбаймбы. – дедиң да магнетофонду кое салдың. Музыканын жагымдуу ыргагына берилип, дене боюбузду балкытып бийлеп жаттык.
Андан кийин сүйлөшсөк сөзүбүз түгөнбөй, кучагыбыз кучагыбыздан чыкпай кеч кирип баратса да бир оокумга чейин сырдашып жаттык.
– Сен мен жөнүндө эч нерсе сурай элексиң Эрке. Эми мен баарын сага айтып берейин. Менин тууган туушкандарым, ал турсун апам да, атам да белгисиз. Анткени кызыл эт кезимде эле мени ак чүпүрөккө ороп балдар бакчасынын алдына таштап ккетиптир. Ошол балдар үйүндө Нина Александровна Федорова деген аял иштеп жүрөт. Күйөөсү жок жаңгыз жашоочу экен. Ошол аял колуна алып мени чоңойто берет. Эне сүтүн бербесе да, өз баласынан артык көрүп багып өстүрдү. Кызыгы менин атымды Айдар коюп, Федоров деп фамилиямди жаздырбай кыргыздын аттарына окшоштурайын дегенби Бедеров деп митирке алыптыр. Ошентип мен Бедеров болуп калам. Бирок апам башка улуттан болгону менен мен үчүн жанын таштап жиберчү. Мен да аябай жакшы көрчүмүн. Ошол апам мен орто мектепти бүткөндө каза болуп калды. Үй жайы мага калганы менен апамдын карааны ушул үйдөн көзүмө көрүнө берип акыр аягында аны сатып тындым. Анын акчасынын жардамы менен университетке өттүм. Керектүү нерселерге жумшадым. Акыры эч нерсем калбай калды. Бирок тагдырыма таарынган жокмун. Окууду бүтүп алып силердин айлыңарга иштеп калдым. Сени таптым. Эми баардыгы сага байланыштуу. Урук туугандары жок деп мени ата-энеңдер сага жолотпой койбосо болду.
– Жок Айдар, алар менин көңүлүмө карап иш кыларын сен мугалим болуп жүргөндө эле билген жок белең. Экөөбүздүн ой тилегибиз, максатыбыз бир болуп турганда алар да түшүнүшөт.
– Ылайым эле ошондой болсо экен. Сен кимге бардың, мындай томаяктын бизге кереги жок дебесе эле болду.
– Эмнеге антет Айдар, сени коргой турган менмин го. Эч нерседен коркпо. Экөөбүз турмуштун тозогун да, бейишин да бир көрөбүз. Ошентебиз Айдар, мен сага балканактай бала төрөп берем. Ал картайганда бизди багат. Көрөсүң го биз бактылуу адамдардан болобуз. Андан көрө мен укмуштай бир түш көрдүм эле ошону айтып берейинби? Сен аны чечмелей аласыңбы?
– Мен түш жоруганды билчү эмес элем. Айтса жоромолдоп айтып көрөйүнчү.
– Кыскасы мындай. Экөөбүз кызгалдактуу талаада баратып сен андан мага гүл терип бересиң. Биз ошентип жүргөндө тиги ак кар, көк муз каптаган чокудан кызыл көйнөкчөн кыз пайда болуп калат. Сен ал кыз көрүнөр менен артынан кубалап тоонун аркы бетине өтүп кетесиң. Артыңан кубалап барсам сен аскага асылып өйдөгө чыга албаган болосуң. Сени ал жерден бүркүт көтөрүп кетип кайдадыр бир жакка алып жөнөйт. Мен сага жаным ачып аска жаңыртып кыйкыра баштайм. Бүркүт бийикке көтөрүлүп, айланып. айланып сени жаныма таштап кетет. Бүркүт кыраан куш. Анын мага сени таштап кетишин жакшылыкка жоруганым менен сенин аскага илинип калышыңды эмне деп түшүнүүгө болот? Бул түшүм эмне деген түш? Мүмкүн сен жоруй турган болсоң туура чыгып калар.
– Аны мен олуяларсыз эле жоруй алам. Кызыл көйнөкчөн кыз ал менин аялым. Алдап барып аскага илип койду. Бүркүт-– бизди колдогон Теңирим. Мына анын колдоосу менен бир бөлмөдө, бир дасторкондо бирге отурабыз. Демек биз бактылуубуз Эрке.
– Ошондой эле болсо экен. Бирок тиги аялым бай, атасы сот дейсиң. Көрө албастыктан бир күнү душмандык кылып зыяны тийип жүрбөйбү. Тилимди алсаң айылга кетели. Мен сырттан окууга өтөм, сен мугалим болосуң. Ынтымактуу жашасак байлык да, бакыт да үйүбүзгө баярлайт. Жакшы иштесең атың айылга гана эмес, бүтүндөй өлкөбүзгө тарайт.
– Э-э, Эрке таранчыдан корккон таруу экпейт дегендей аялымдан качанкыга чейин коркуп жүрө бермекмин. Аны менен иш бүттү. Андан көрө өзүбүздүн көңүлдүү эс алышыбызды ойлойлу. Акча чөнтөктө. Каалаган нерсебиздин баардыгына кенен жетет. Андан көрө көлгө баралы. Бир жума жүрөлү. Анан, анан айлыңа барабыз. Сен мени тааныштырасың. Шаарга келебизби, айылда калабызбы ата-энең менен акылдашып көрөбүз.
– Көлдү койчу Айдар. Айылга эле кетели.
– Жок, – деп болбой койдуң сен, – ушундай таттуу күндөрүбүздү көлдө өткөргөнүбүз кандай рахат.
– Мейличи. Бирок бир окуяны айтып берсем таарынбайсыңбы?
– Кандай окуя? – деп кызыга калдың.
– Айткым да келбей турат.
– Айта бер Эрке, менден да сырыңды жашырасыңбы?..
– Жашырбайм дечи. Бирок, – деп томсоруп туруп калдым.
– Эмне бирок?..
Мен сенин мойнуңдан кучактап ыйлап жибердим да:
– Баягы сен барбай жүргөн кезде Суван деген жигит мени алакачып кеткен. Күтүүсүздөн болгон ал окуя тагдырыма балта чаап кое таштады.
Сен буруюп, кучагымдан чыгып, тескери карап кеттиң.
– Ошентип алакачып кетти дечи... Сен оор үшкүрүнүп, анан канча күн жашадың? Мүмкүн менден көрө сага ал жагып калган чыгар? Аны эмне буга чейин айткан жоксуң! – деп өңүң өзгөрүлүп, үнүң бийик чыкты.
– Бир түн, бир күн да жашаган жокмун Айдар. Бир гана жүрөгүмдө сен жашап жатсаң кантип ал жерде туруп калмак элем. Ата-энелерим менин көз жашымды көрүп ошол күнү эле алып жүрө беришти. Кокус алар барбай калган күндө да, жөө жалаңдап качып чыкмакмын. Мен сени сүйөм Айдар... Кайра сенин мойнуңа асылып бетиңдин эч жерин койбой өөп жаттым
– Мен сага ишенем Эрке, – деп сен жазыла түштүң, – мен биринчи эриңмин. Ал келесоо бала аны билген жок да. Алакачып барсам эле баары жайында болот деген го. Өткөндү өрт алсын дегендей өткөн өттү, кеткен кетти, аны ойлонбой эле коеойлукчу. Көңүлдүү отуралычы Эрке, жарпыбызды жазалычы Эрке, – дедиң да магнетефон жакка басып бардың. Эх-э-э музыка. Кайдасың Маестро, төк музыкаңды! Жүрөгүмдү жалындаткан бир тамчы музыкаңды! Сен өзүңчө эле элирип эргип мени бийге чакырдың. Магнетефондон Бетховиндин музыкасы төгүлдү. Көкүрөгүбүз көкүрөгүбүзгө тийишип, мойнубузду жытташып бийлеп жаттык. Сен кулагыма шыбырадың. Дагы бир ырымды окуп берейин дедиң. Окучу менин акыным, алтыным менин дедим. Моюнуңдан жыттагылап сени кое бербей бийлеп да, угуп да жаттым.
Кел эркем ойнойлучу, Бир басып жүрөлүчү, Гүлдөрдү терейинчи,
Көл жээктеп бойлойлучу.
Бактылуу мүнөттөрдү,
Өткөрүп койбойлучу.
Каткырып күлөлүчү.
Бул күндүн ар бир саатын,
Ыйык деп билеличи.
Сага арнап берейинчи.
Жанашчы карегиңден,
Өзүмдү көрөйүнчү.
– Көрсөң көрүп ал мен жаныңдамын го дедим. Экөөбүз бир оокумга чейин бийлеп, жанаша отуруп чай ичип, андан кийин гана жаздыкка баш койдук.
Сен ар дайым эрте турат окшойсуң. Жуурканды абайлап ачып, ордуңдан турдуң да бетимден өөп койдуң. Кыңгыранып ойгонгонум менен кириктерим чапталып турду. Ошондонбу кайрадан мемиреп уйкуга кеттим. Түшүмдөбү билбейм, сенин жылуу демиң, мага жагымдуу жытың мурдума өрдөп жатты. Ойгонуп көзүмдү ачсам, сен чачтарымдан сылап, мени азыр эле көрө калгансып жүзүмө көзүң албай карап туруптурсуң. Жүрөгүм элжирей түшүп, мойнуңа асылып, кайра сени төшөккө карай тартып алдым. Махабаттын таттуулугун сен менден сезсең, мен сенден сезип жаттым...
– Чайды кайнатып, кечээги калган тамакты жылытып койдум. Тур, шашпай ичип жолго чыгалы, –дедиң сен.
– Көлгө барбай эле коелучу. Бир аз күн жүрөлү десең ушул сенин тар бөлмөң деле рахаттуу.
– Баары бир көлгө жетпейт. Көл бейиштин төрү, суусу ден соолуктун мүрөгү. Сен ошодон качасыңбы?
– Мен эми эч жактан, эч жерден качпайм Айдар. Жалаң Ысык-Көлгө эмес, сен жанымда жүрсөң, жер ааламдын кайсы жерине болсо да кете беремин.
Ошентип ошол күнү эле көлгө жөнөп калдык. Пансионаттан орун алып, кечке маал көл жэктей басканыбыз болбосо, ал күнү көлгө түшө алган жокпус.
Эртеси күн чайыттай ачык болуп, ысыктык алка шалкабызды чыгарып жиберди. Ошондон улам бирде көлөкө издесек, бирде көлгө түшкөндөн кийин кумга оонап жатабыз.
Күн түшкө жакындап бараткандыктан пансионатка карай Айдар экөөбүз колтукташып баратканбыз. Алдыбыздан “ЖИП” машинасы токтой калды. Ичинен кара көз айнекчен аял түшө калып:
– Бул кимиң? – деп сенин бет маңдайыңда турду.
– Сенин ишиң кайсы.
– Ишим бар. Сволушсуң! Мына сага! – деп ачуу үнү менен бетиңе чаап калды. Сен жаагыңды басып эч нерсе деген жоксуң. Сенин биринчи аялың ушул экенин эми гана көрүп, анан эмне кыларымды билбей каккан казыктай бир жерде туруп калдым. Аңгыча “ЖИП” тен лөкүйгөн эки жигит түшө калышып, дос сүйлөшөлү деген болуп сени ары жакка алып жөнөдү. Машина артыңардан жакындаганда тигилер сенин колуду артыңа бурап кабинага салып жатканын көрүп калдым. Ошондо гана эсиме келип:
– Нааданда-ар! Мыка-ачылар, – деп артыңардан кубалап жөнөдүм. Менин кыйкырганымды, өңгүрөп өксүп ыйлаганымды угушкан жок. Мен да машинанын изине түшүп эки жакты карабай, азыр эле жетип ала тургансып учуп күйүп чуркап бараттым. Бирок бир аздан кийин эле алардын кайда житип кеткенин билбей калдым. Арадан бир сааттай өткөндөн кийин гана сени таптым. Өлөсө уруп сайга таштап кетиптир. Башыңды тиземе жөлөп бети башыдагы кандарды аарчып чыктым.
– Ооруканага эртерээк жеткизбесең болбойт. Сен пансионатка барып, машина апкел. Жаным көзүмө көрүнүп жатат, – деп кыңкыстасаң ордумда тура албай шамаалдай тызылдап, пансионатка карай чуркап бараттым. Жөн чуркап бараткан жокмун. Элибиз ыйык туткан көлүбүзгө мындайча жалынып жабарынып бараттым. Көл, айланайын көл, сени менен нечен кылымдар бою уругубуз уланып жашап келе жатабыз. Мендей жазыксыз пендеңе ырайым кылып колдой көр мени жана Айдарымды. Колдой көр махабатыбызды өчүрбөй, жер аалам бүткөнү кыргыз элине эне болуп келатсаң. Мүрөк сууңан, жагымдуу илебиңден чач, сенин аппак шурудай тамчыларың дары болуп Айдарым сакайып кетсин! Эгер сенин үнүң кудайга жетсе Айдардан ажыратып жаңгыз калтыра көрбө. Эмесе түбүңө чөгүп, жер үстүнөн жок болом! Айланайын көлү-үм, айланайын Ысык-Көлү-үм!..
***
Мындан башка кыздын каты көрүнбөйт, – деди Кыялбек шкафтагы толгон токой барактарды аңтарып жатып.
– Чын эле Айдар айыкпай калып, Эрке көлгө чөгүп кеттиби, эмесе экөөнүн андан аркы тагдыры күндөлүккө жазылып калат эле го, – деп экөөбүз тең ичтен түтөп жаттык. Бирок дагы бир жерден кыздын жазган барагы чыгып калабы деген үмүт көкүрөгүбүздө турду.
– Эне деген сөздөн айланса болот, – деп Кыялбек кобурай баштады. Мына Эркени алалы. Ал махабатты көкөлөтүп, ошо таза махабаты менен бактылуу экендигин жер ааламга жар салып отурбайбы. Менимче аялзатынын баары ушундай. Ал турсун бирөөнүн баласына эмчеги ийип, диркиреп сүт чыгып кеткенин көрдүм. Мындайга эненин гана кудурети жетет. Менин туюмумда эне гүл, эне нур, эне ыйык жан.
– Аның туура, сөзүңдө калет жок Кыялбек. Аялзаты укмуштай эрктүү, укмуштай боорукер, махабатка да туруктуу экенин Эркенин жазгандарынан сезип отурам. Ылайым аялзатынын баары Эркедей болсо экен.
Кыялбек кагаздардын ичинен дагы бирин таптыбы бир кагазга үңүлө карап калды. Чын эле Эркенин эң акыркы жазып кеткен бир бүркүм сөзүн окуп жеңил дем ала түшкөндөй болдук.
...Сен менин катуу кыйналып отурганымды сезе койдуң. Мага эч нерсе дебей сыртка чыгып кеткенсиң. Көп узабай эле такси таап келип мени төрөт үйүнө жеткизип салдың. Жаным кыйналып алдастап жатканым менен балалуу болорумду ойлоп ичимден сүйүнүп жаттым. Эгер аман эсен көз жарып алсам балабыз сөзсүз сага окшош болот. Экөөбүз ортого алып жатып эркелетебиз Сен оң бетинен өпсөң, мен сол бетинен өөп баланын адам балкыткан кылыктарына малынабыз. Мына... Мына келатат... Баланын “Ба-а-а” – деген үнү чыкты. “Эркек бала”, – деген бирөөнүн үнү кулагыма шак дей түштү. Эсимди жыйнай албай жаттым да бир аздан кийин мемиреп уктап кеттим. Ойгонуп көзүмдү ачсам айнектен айдын нуру төгүлүп көктө балбылдап жанып туруптур. Сансыз жылдыздар жымыңдашып азыр эле көктөн түшө калып мени куттуктоочудай сезилет. Жанымды карадым. Баланы медсестралар ак шейшепке ороп чулгап жаныма жаткызышып коюптур. Мемиреп уктап жатат. Эмчегим дирилдеп ийип чыкты. Ал ойгонор менен эмизем. Сен төбөң көккө жеткендей сүйүнүп эртең мага келесиң Айдар...
© Аскаров Ч., 2011. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Количество просмотров: 21804 |