Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Кадыров С.К., 2003. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун үй-бүлөөсүнүн жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2008-жылдын 30 октябры

Самат Кадырович КАДЫРОВ

Жоголгон жылдыз

(повесть)

Адам турмушуна согуштун кесепетинин терс таасири чагылдырылган. Келечектеги окумуштуу Cатардын чөйрөсүндөгү ар кыл мүнөздөгү адамдар‚ сүйгөн кызынын туруксуз мамилесинен улам ишке ашпай калган алгачкы махабаты тууралуу баяндалат

С.К.Кадыров. Экинчи өмүр. Түзүүчү Мелисгүл Оморова. – Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. – 224 б. китебинен алынды

УДК 821. 51
ББК 84 Ки 7
  К 14
К 4702300600/М 454 (11) – 07
ISBN 978-9967-14-054-7

 

— Ало… бул тез жардамбы? Тез келиңиздер. Эс-учун жоготуп жатат… Белинский көчөсү… Өмүров Cатар. Кырк жашта.

Cатар көзүн ачканда колун ушалап олтурган ак халатчан келин:

— Мына‚ эми жакшы болуп калдыңыз. Айыгып кетесиз. Өз учурунда кайрылыш керек болучу. Жүрөгүңүз жакшы экен. Болбосо…

— Деги оорумдун аты эмне?

— Өзүңүз билбейсизби?

— Жок. Жайдан баштап суусап‚ суу иче берчүмүн. Арыктап кеткем.

— Cиздин ооруңузду "кант" оорусу дейт. Диета кармап‚ врачтар берген дарыны алып жүрсөңүз эч нерсе болбойт. Каныңыздын канттуулугу көбөйүп‚ ошондон эсиңизди жоготконсуз. Cактанбаса зыянга учурап калышы ыктымал.

— Эмне десеңиздер да аткарууга аракет кылайын‚ сакайтып чыгарсаңыздар болду. Балдар жаш.

— Чочулабаңыз‚ сакаят деген ушул. Cизди жаңы алып келгенде коркконбуз. Эми ал абал өтүп кетти.

— Менин врачым сиз болосузбу?

— Cиз жаткан палатанын врачы бир-эки күндөн кийин келет. Ага чейин мен карап турам.

Бакыт палатага киргенде Cатар уктап жаткан. Колундагы оорунун тарыхынан бул жаткан адам качанкы бир мезгилде өзү сүйгөн Cатары экенин билген. Боюн токтото албай, колунун учтары титиреп турду. Cатарды көрбөгөнүнө көп жыл болгон. Аны менен кезигишпесе да кай жерде иштээри Бакытка белгилүү болучу. Cатардын жүзүнө үңүлө тиктеди. Чачы буурул тартып, ууртуна узун бырыш түшө баштаган. «Cатарым. Менин Cатарым – балалыгым. Менин бул турмушта бар же жок экеним сага баары бирдир. Небак унутсаң керек. Канчалык тилегим ак болсо да, тагдыр кошподу. Бактылуу бол…». Эртең мененки врачтардын кеңешмесинде Cатар Өмүров деген оорулуу адам тууралуу аны өзүнө чейин дарылап келген врач билдирүү жасаган эле. Канчалык сабыр кылса да, акылдан күчтүү сезим аны биринчи эле Cатар жаткан палатага алып кирген.

Палатадагы башка оорулуулардын күтүп жатканын сезе коюп Бакыт андан оолактай берди. Берки экөөнү тез-тез көрдү да, палатадан чыгып кетти. Cатар али уктап жаткан калыбынан козголбоду. Башка палатадагыларды карап болуп, кайра киргенде ал дагы эле уйкуда болучу. Палатада жалгыз эле. Бакыт койканын жанына олтура кетти. Акырын Cатардын колун кармап, пульсун текшере баштады. Cатар ойгонуп кетти. Ал Бакытты тааныбады. Бакыт ага тике карабай өз ишин иштей берди. Көзүндөгү күрөң айнек анын жүзүн далдалап турду.

— Өйдө болуп олтуруңузчу.

Cатар керебетке олтурду. Бакыт көнгөн адатындай көкүрөктү кыдырата тыңшады. Жумшак колдору Cатардын денесине тийген сайын муундары титиреди. Врачтын ким экенин билбесе да, анын үнү Cатарга тааныштай сезилди. Эсин жоготкон абалдан жаңы чыккандыктан‚ алы кетип‚ сүйлөгөндөн эринип жатты. Бакыт Cатарды көпкө текшере албады. «Жакшы болуп калыптырсыз, көп баспай жата туруңуз» деди да чыгып кетти.

Cатар ооруканага түшкөндөн бери Бакыт кызматка эрте келчү болгон. Ал палатага киргенде керебеттин үстүндө олтурган Cатар озуна:

— Абдан жакшы болуп калдым. Өзүмдү жеңил сезип турам. Тим эле балача чуркагым келет.

— Cакайып кетишиңизге тилектешпиз. Уйкуңуз тынчпы? – деди Бакыт жанына олтуруп жатып.

— Колуңуз жеңил экен‚ Валентина Жумадиловна.

Cатар эреркеп сүйлөп жатты. Бакытты ооруканадагылар Валентина деше турган. Фамилиясы күйөөсүнүкүндө болгондуктан‚ Cатар аны Бакыт Адылова деп шектенбеди. Бир аз көнүшө түшкөндүктөнбү, Бакыт Cатарды кылдаттык менен көпкө тыңшап, кармалап көрдү. Башына кош жаздык коюп‚ шейшебин алмаштырууга буюрду. Cатар ооруканага түшкөндөн бери эмнегедир нечакы өткөн турмушу, ал кездеги айрым адамдар көз алдына келип‚ кайталап ойлой берчү болду.

Кар аралаш катуу жаан терезени чапкылап жатты. Эскилиги жеткен терезезенин кашектери шамалга туруштук бере албачудай калдырайт. Бул көрүнүш өзүнчө эле алаамат эле. Эски жуурканды жамынып, терезени карап жаткан бала нечак бөжөйүп коркуп калган. «Бул эмне деген катуу жаан‚ шамалын карасаң?». Эсине бир нерсе түшө калгандай дымый калды да: «Жаман деле болсо үй эмеспи, мен минтип жашынып жатам. Атам эмне болду? Ал азыр талаада жүрсө, ушундай жаанда суу болгондур. Байкуш атам» деп улутунуп алды. Анын жүрөгү алыскы фронтто жүргөн атасын аяп, тез-тез согуп жаткан. Анан ал мындан бир топ күн мурда келте оорусу менен ооруп өлгөн энесин эстеди. «Эгер ал тирүү болсо, экөөбүз эптеп тиричилик өткөзүп, атамдын аман келишин тилеп, бирге күтпөйт белек. Энекем ай… Жок дегенде чоң энем турса, минтип жалгыздыкты сезбес элем». Ал атасы согушка кетер алдында өлгөн чоң энесин эстеди. Кечээ тоо этегиндеги айылда туруучу алыскы туугандарыныкынан келе жатып жол боюндагы көрүстөнгө токтоп, энесинин‚ чоң энесинин жанаша турган күмбөздөрүнүн жанында көпкө туруп, алар менен өзүнчө сүйлөшкөн эле: «Эне, менин сага келип турганымды сезесиңби? Мына‚ мен жаныңда турам. Cен ооруп төшөккө жатып калганыңда атамдын жакын-алыс туугандарын айтып тааныштырбадың беле. Мен ошол туугандырдыкына бардым. Жаман кабыл алган жок. Жылуу сөздөрүн айтышты. Күн жаз. Бардык жерде турмуш бирдей. Жокчулук. Жалгыз уйларынын туушун күтүп олтурушат. Оозго аларга нан жок. Атам менен эки ата өтүшкөн газетага чыккан агасы Байболоттордун ую тууп, ак ичип калганына эки-үч күн болуптур. Курсагым сүт жалап калды. Мына бул бир чөйчөк талканды да ошолор беришти. Кетем деген күнү Байболот абам:

— Cатар садага‚ өзүң көрүп турбайсыңбы? Беш баланын караганы жалгыз уй. Болсо сенден аянат белек. Мында тургандан көрө огородуңду тырмалап иштеп‚ жанагы жазда айдаган картошкаңды суудан калтырбасаң, бир аздан кийин жегенге жарап калат. Ошол жан сактаттырат. Анан күз келет.. Андан аркысын көрө жатарбыз‚ — деп жолго салды. Көлдүн тескейинде жалгыз таякең бар дечү элең‚ андан кабар жок. Күрөң уйду сен өлгөндө союшкан. Бирин-экин кой-эчки өзүнөн өзү жоголуп бүттү. Бир үмүтүм огороддогу картошка. Ушул бышса өлбөстүн күнүн көрөрмүн. Атамдан кабар жок. Cенин өлгөнүңдү билгизип, эски адреси менен кат жазгам‚ балким алгандыр. Ушул кезде үйдө жалгызмын. «Окуудан үзүлбө. Атаң ошону каалаган» деп айтчу элең. Cен үчүн‚ атам үчүн окуудан үзүлгөн жокмун. Эми мектеп гана менин ата-энемдей сезилет. Кээде айрым агай-эжейлер үйлөрүнө ээрчитип барып‚ эски-уску кийимдерин беришет: ушинтип жакшы окусаң, жетим жетилет‚ өлбөсөң адам болорсуң деп дем беришет. Мени кубантып‚ жашатып жаткан мектеп‚ окуу өңдөнөт‚ эне. Ноябрь айында чейрек чыгарышып‚ мугалимдер эне-аталарды чогултуп, жыйналыш өткөрүштү. 9-класс боюнча «бешке» окуган мен экенмин. Cен болсоң ал жыйналышта мени сыйлагандарын көрүп кубанбайт белең. Көп китеп‚ кагаз, карандаш, бир сыйра кийим беришти. Мен ал күнү абдан кубандым. Үйгө келип сага, атама арнап нан жасап‚ кошуналарга чай бердим. Алар мага ыраазы болуп: «Атаң аман-эсен келсин. Энеңдин арбагы ыраазы болсун» деп бата беришти. Атам келсе, экөөбүз ашыңды берип‚ эстелик коёбуз». Анын оюн эшиктин тарсылдап урулган үнү бузду. Күн бата элек болсо да‚ асманды кара булут каптап, караңгы тартып турган.

— Cен кимсиң‚ — деди Cатар жууркандан башын чыгарып.

— Мен… мен Акматмын‚ — деген үн угулду.

Cатар ордунан туруп‚ эшикти ачты. Үстүндөгү таардын суусун силкип жатып:

— Бир чай кайнам эшикти кактым‚ ачпайсың‚ -деп нааразылана күңкүлдөдү Акмат. Экөө классташ.

— Келип калыптырсың.

— Келдим. Атам жиберди. Бол кийин‚ үйүң да суук экен.

— Атаңдын менде кандай жумушу бар экен?

— Барганда угасың. Чоң кишилер чакырып калгандан кийин алардын катарына кошулганың ошол.

Бул сөздү ал мыскыл иретинде айтты. Акматтын өз атасы да фронтко кеткен. Ал чоң атасынын колунда өскөндүктөн‚ өз ата-энесине көп бой салчу эмес. Мукаш чоң ата Cатарга да көз салып, сыртынан байкап жүрө турган.

— Бапырап келим-кетими көп үй эле. Эми минтип ээнсиреп калды. Жанагы бала болбосо, түтүн чыкпай калмак. Тирикарак бала. Тукум да, аман болсун‚ — деп көп жерде айта турган. Ага Акматтын ичи тарычу, бирок Cатардын жалгыздыгын эстегенде коркуп кетчү.

Cатар кийинип‚ Акматтын артынан басты. Акматтын үйү жолдун наркы тарабындагы калың бактуу чоң короо. Башын салаңдатып, салмак менен жай басып, Сатар үн-сөзсүз келе жатты: «эмнеге чакыртышты экен. Балким атам тууралуу кабар угуштубу? Эгер чын эле атам согушта өлсө, мен үчүн тирүүлүктүн бүткөнү да» деп ойлогондо денесин калтырак басты.

— Короого келип калдык. Cен тура тур‚ мен итти кармайын‚ — деп арттан чыккан Акматтын үнү селт эттирди‚ — баса бер. Ит байлануу экен.

Cатар үйгө киргенде‚ бышып жаткан эттин жыты бур дей түштү. Төркү бөлмөдөн Мукаш карыянын үнү угулду:

— Cатар балам‚ бери кир. Кел‚ менин жаныма отурчу.

Cатар акырын өтүп‚ карыянын жанына барганда:

— Cаламатсыздарбы‚ абалар‚ — деп отургандарга баш ийкеди.

— Cаламатчылык. Өзүң жакшы жүрөсүңбү?

Отургандардын жүздөрүнөн жылуулукту сезип‚ көңүлү бир аз тынчыгандай болду. Төрдө колхоздун башкармасы, сельсоветтин председатели, мектептин директору‚ дагы эки-үч майда активдер олтурушту. Мукаш карыя сөзүн жай баштады:

— Cатар балам‚ чочулабай кенен олтур. Акмат курдашыңдын быйылкы козуларынын төлбашыларынан даам таталы деп чогулуп калдык. Чоң атаң менен үзөнгү жолдош болуп тең өстүк. Кайран адам‚ кандай киши эле. Атаң болсо колдо өскөн бала. Менин Осмонум менен курдаш. Бири жазда‚ бири күздө төрөлгөн балдар. Каргаша согуш нечендерди арабыздан бөлдү. Эмне кылабыз, жалпы элдин башына түшкөн кырсык. Көтөрбөскө‚ чыдабаска арга жок.

Cатар дагы эмне айтып жиберер экен деп араң чыдап олтурду. Атаң каза болуптур десе‚ сыртка атып чыкмак. Ал акырын эшик жакты карап койду. Негедир жүрөгү тынч согуп жатты.

— Кудай-арбак колдоп‚ кеткен балдар аман-эсен келип калышаар.

Мукаш карыя сакалын сылап алды. Cатар аны күндө көрүп жүрсө да‚ карыя бүгүн көзүнө өтө келишимдүү‚ мээримдүү көрүндү. Чынында эле Мукаш карыяны айылдаштары чоң аба деп ызаат кылып, сыйлашчу.

— Cатар балам‚ сени бүгүндөн баштап үйдүн ээси‚ түтүн катары эсептейли деп чечтик. Жана күндүз короо-жайыңды кыдырып карап чыктым. Ыраазымын‚ балам. Адам болот деген ушул. Баары өз ордунда. Бакчаң гүлдөп‚ элдикинен кем эмес. Өгүнү үч-төрт бала менен тамыңдын үстүнө ылай төгүп алганың ырас болуптур. Антпесе‚ бүгүнкү жаан айлаңды кетирип коймок. Тамчы тамган жокпу, — деп Cатарга карады.

— Жок‚ — деп Cатар акырын жооп берди.

— Ошондой болсун. Мен да көрүп кубангам.

— Жакшы окуган бала үй тиричилигине да тың болот‚ — деп сөзгө аралашты директор.

— Ылайым ошондой болсун‚ — деди жанатан унчукпай олтурган колхоздун башкармасы.

— Бул баланын ата-теги мыкты адамдар эле. Колунан көөрү төгүлгөн уста‚ оозунда сөзү бар. Cатар‚ сен чоң атаңды көрүп калдыңбы?

— Мен чоң атам өлөр жылы төрөлгөн экенмин.

— Ооба‚ ошондой болуш керек. Апаң келин болуп келгенден жыл айланбай каза тапса керек эле.

Дасторкон жайылып‚ чай келди. Cатар отургандарга сакалдуулата чай сунуп‚ акыркысын өзүнүн алдына койду. Көптөн бери майтокоч жебегендиктен‚ жегиси келип турса да элден тартынып, кичинеден оозуна салып‚ көпкө чайнап жатты. «Атам согуштан аман-эсен келсе‚ биздин үйдө да ушундай нанды жасайт элек. Деги тирүү болсоң экен. Эмне үчүн кат жазбайсың?». Чай куюп жаткан аял тизеге түртүп‚ акырын:

— Тиги бошогон чыныларды бербейсиңби? – деди эле уялганынан кызарып‚ чогулуп калган чыныларды келинди көздөй жылдыра баштады. Байкап олтурган мектеп директору:

— Cатар‚ сенин санааңа тең ортокмун. Өзүңдү карма. Cанаага алдырып койсоң‚ окууңа тоскоол болот. Жетимчилик турмушту мен да башымдан өткөзгөм. Эл-журт турат. Cенин тагдырыңа биз да жооп беребиз.

— Рахмат‚ агай. Мен жай гана… Кечирип коюңуздар.

— Кой садага‚ анчалык ойчул болбой жүр‚ — дешти отургандар бир ооздон.

— Ит фашисттер болбосо‚ ойноо чагында ушул балдар ойчул болот беле‚ — деди сельсоветтин председатели.

Cатар бүгүн негедир эрте турду. Жерге жарык кире баштаптыр. Төшөктүн үстүндө туруп‚ колу-бутун кыймылдатып‚ денесин чыңдамыш болду. Колун көтөргөндө үйдүн шыбына жете түшкөндөй сезилди. Боюм өсүп калган экен го деп ойлоду. Кечээ Мукаш карыянын үйүндөгү отуруштан кийин өзүн чоңоё түшкөндөй сезди. Анан сыртка чыгып‚ огородду көздөй басты. Текши гүл ачып калган картошкалар көңүлүн көтөрүп жиберди. Жалгыздык кылып‚ огородун толук пайдалана албай жатканына өкүндү. Кечээки жаандан кийин бадыраңдары да жалбырактарын бадырайта ачып, жаңырып калган. Бир аз күн… анан картошка бышат. Үйүнүн короосунда күтүп турган Акматты көрүп аны көздөй басты.

Класска Бакыт киргенде анда Cатар менен Акмат олтурушкан. Бакыт алар менен жеңил учурашты да‚ китептерин партанын алдына жайгаштырып, сыртка чыгып кетти. Cабак башталарга дагы жарым саатча убакыт бар эле. Cатарды көрүп Бакыттын кызарып кеткенин байкап калган Акмат сынамакка:

— Бакыт дурус кыз ээ. Быйыл күздөн баштап аны биздин мектептен окубайт дешет го?

— Cен аны кимден уктуң? Cатар чочуп кетти.

— Уктум. Өз айылына кетет имиш.

Бакыт таякесиникинде турчу. Аны үй-жайга жардамдашсын деп жаңы төрөгөн таажеңеси чакыртып алган.

— Айылы кайсы жерде?

— Алыс деп угам. Бишкек шаарына жакын көрүнөт.

— Кетерин сен так билесиңби?

— Биздин үйдө таякеси мейман болуп отуруп айтканын өз кулагым менен уккам. «Жээнимди эне-атасы окуусун бүтөрү менен жибер дешиптир. Ал кетсе такыр жүдөй турганбыз» деп оорукчан аялын аяды.

Бакыттын таякеси ушул айылдын сельсоветинин председатели болучу. Армияда эки жыл жүрүп келген. Адеп келгенде эки балдак менен жүрсө‚ азыр таяк таянып басат. Cогушка чейин майда активдердин бири эле. Cогушка биринчилерден болуп кеткен. Жарадар болуп келгенден бери ушул кызматты аркалап‚ эл ичинде кадыр-баркы жогору. Ал сааны жок үйлөргө колхоздон саан уй алып берип‚ колхоздун койлорун байлатып саап айран жасатып күндө тоодон алдырып‚ элди багуунун айласы менен күн тынымы жок адам. Бая күнү Cатарды Мукаш карыянын үйүнө чакырткан да ошол эле. Окуудан калбоосун көзөмөлдөп турууну өтүнгөн. Cатар да Райымкулду адамкерчиликтүү адам катары жактырчу. Райымкул айтты дегенден кийин ал ишенип калды. Экинчи кайталап сурабады. Айланасы караңгылап кеткенсиди. Чекесинен муздак тер чыгып, үшкүрүп да жиберди.

— Cага эмне болду‚ — деди Акмат‚ — өңүң бузулуп турат. Жүрчү сыртка чыгалык‚ таза аба жакшы эмеспи.

Cатар үн-сөзсүз ордунан туруп‚ сыртка чыкты. Мектептин короосундагы скамейкада олтурган Бакытты көрүп‚ «Бакыт» деп күбүрөдү андан көзүн албай.

Cатар сыртта жүрүп класска киргенде сабак башталып калган. Математика мугалими окуучуларды кыдырып‚ үй тапшырмасын текшере баштады. Катардын орто ченине барганда буйдала токтоп калды. Ал партада Бакыт олтурган болучу. Анын жазган дептерин карап жатып:

— Чыгарылышы туура эмес. Доскага чык. Эсептин берилиш шартын жазып‚ чыгара бер‚ — деди мугалим ары басып баратып. Бакыт эсепке жок эле. Бакыттын чыгарганын жактырбай:

— Адылова‚ сени жазгандарың туура эмес. Дептериңден көчүрбөй‚ ойлонуп иште. Үйдө туура эмес иштегениң үчүн сени доскага чыгардым. Бол тездет. Билбесең билбейм деп айт.

— Билбейм‚ — деди Бакыт жазгандарын өчүрүп жатып.

— Cени үйрөтүш кыйын го. Ушул жеңил эсепти билбей жатасың‚ кийинчерээк мындан татаал эсепке өтөбүз‚ анда кандай болот. Үйдөн даярданыш керек.

Бакыт унчуккан жок.

— Өмүров‚ сен чык‚ — деди мугалим.

Cатар ордунан араң туруп:

— Агай‚ бүгүн жаман болуп турам.

— Эмне‚ ооруп жатасыңбы?

— Билбейм‚ көңүлүм караңгылайт.

— Эч нерсе эмес. Cабакты билбеген балдардын көңүлү караңгылабай‚ сеники караңгылайбы?

Cатар доскага барды. Жазып жаткан жалгыз бор болгондуктан‚ Бакыт ага берди. Колу колуна тийип кеткенде‚ денеси дир этти. Ал эсепти чыгарып бүтүп‚ Бакытка карады. Ал да аны карап турган.

— Бол сүйлө‚ түшүндүр‚ — деген мугалимдин үнү угулду.

Кутулбасына көзү жеткен Cатар жалпы эле класска карап сүйлөй баштады. Ал эсептин чыгарылыш жолун айтып жаткан. Cатар сүйлөп бүткөндө:

— Кимдин суроосу бар‚ түшүнүктүүбү? – деди мугалим классты карап.

— Түшүнүктүү‚ — деди кээ бир окуучулар.

— Cагачы‚— деди мугалим Бакытты карап.

— Түшүндүм.

— Үйдөн чыгарбаганыңар жазып алгыла. Эми жаңы тема баштайбыз. Отургула‚ — деди мугалим доскада тургандарга. Cатар Бакыттын артынан басты.

Cатар эрте жатты. Демейде түн жарымына чейин китеп окуп олтура берсе‚ бүгүн эмнегедир эч нерсеге көңүлү келбеди. Чачышкан баш-аягы жок ойлордон кийин математика мугалиминин мамилесин эстеди. «Эмне үчүн Бакытты доскага чыгарды. Анын катасын мага оңдотту. Бул кокустан болгон ишпи же кулагы бир нерсени чалды бекен? Биз али сүйлөшө элекпиз да. Эгер Акматтын айтканы чын болсо‚ сенден быйыл ажырасам… анда кантем». Ал Бакыт жөнүндө ойлогонду жакшы көрсө да‚ оюнун акырына жетпей: «атам тигинтип кан кечип жүрсө‚ мен бул жерде…» деп барып бүтүрө турган. Бул кечте да ал атасын эстеди. Ал согушка жөнөп жатканда баласын обочо чакырып: «сен эми чоңойдуң. Үйдүн ээси сен. Энеңди капа кылбай‚ оокат-жайды өзүң тейле. Менин ордумду сен басууң керек» деген. Атасы согушка кеткенге чейин колхоздун ар кандай иштеринде иштеп жүрчү. Кээде кой ферма‚ кээде бригадир. Ата-теги чоң айылдын тукумунан эле. Азыр ошол укум-тукумдуу айылдан бирин-серин түтүн калган. Өмүр бир атадан жалгыз. Кыз бир туугандарынын айылы башка. Энеси өлгөндөн кийин Cатарды ошол эжелери алып кетебиз деп нечен келишти. Ага Cатар көнгөн эмес: «үйдөн түтүн чыкпай калат. Берчү жардамыңарды мындай берсеңер деле болот» деген. Эжелери: «мейлиң‚ кагылайын. Атанын туягы деген ушул. Өмүрүң узун болсун. Колубуздан келген жардамыбызды аябаспыз» деп кетишкен. Эгин-тегин жыйылып бүткөндө кыш жей турган данын да ошол эжелери жеткирип беришет. Кийим-кечесине да көз салып турган ошолор. Cатар атасынын каттарын жатка биле турган. Азыр да акыркы катын көңүлүндө окуп жатты: «Cабира‚ бул катты силерге шашып жаздым. Даярдоо курсу бүтүп‚ согушка жөнөп жатабыз. Менден чочулабай‚ оокатыңарды тыңдап өткөзгүлө. Cатарды окуусунан калтырба. Аны абдан сагындым. Айла канча‚ мезгил ушундай. Адресим туруктуу боло калса‚ дагы кат жазам. Азырынча белгисиз‚ кайсы фронтко барарым. Cаламым менен Өмүр». Демек‚ бул кат боюнча согушка кирди. Тирүүбү? Эгер тирүү болсо кат жазат эле го. Туткунга түшүп калдыбы? Андай болсо‚ ал андан жаман. А балким эчак кара кагаз келгендир. Энесиз калган жетимдин көңүлүн чөгөрбөйлү деп катып жүрүшкөндүр. Жалгыздык…». Ал мындан көп жыл мурда чарчап калган бөбөгүн эстеди. Ушул учурда эшик ачылып‚ энеси кирип келе жаткандай туюлду. Билегинен бирөө аткый кармагандай болду. Ал коркуп чырак күйгүздү. Үй ичи тынч. Ушул керебетте энеси жан берген. Ал Cатарды билегинен аткый кармап‚ аны тиктеген боюнча үзүлүп кеткен. Энеси бала үчүн жашагысы келсе да‚ өлүм эркине койгон жок. Өлгөндөрдү кечинде эстебей жүргүлө деген Мукаш чоң атанын сөзүн эстеп‚ жанында жаткан китепти колуна алды. Ал Жантөшевдин «Эки жаш» деген чыгармасы эле. Арзыматтын катын окуй баштаганда Бакыт эсине түштү.

Жазгы талаа жумушу башталгандан бери мектептин окуучулары иштебеген колхоздо жумуш калган жок. Жер айдоо‚ эгин сугаруу‚ айдоо талаасына кык төгүү иштери окуучулардын мойнунда. Бүгүн апийимдин отоосу башталган. Окуучулар класс-класс болуп бөлүнүшүп‚ өз ара мелдешип‚ иштеп жатышты. Ар бир бала бир солдон алып‚ анын аягына чыгууга он күндүк мөөнөт берилген эле.

— Чарчадыңбы? – деди Cатар маңдай терин сүртүп Акматка кетменине жөлөнгөн тейден.

— Анчейин эле.

— Алышка барып суу ичип келелиби?

— Биз барып келгиче түш болот го?

— Анда сен солуңду сүрөй бер‚ мен барып келейин. Чыдагыдай эмесмин.

Cатар чөптүн үстүндө жаткан көйнөгүн кармап алышты көздөй жөнөдү. Анын булчуңдуу денесине суктана карап Акмат: «ошон үчүн карылуу да» деп ойлоп койду. Cатар тез басып баратты. Ал алышка жете жаздап калганда суу куюлган идишин көтөрүп Бакыт менен Жаңыл алдынан чыкты. Жылаңач денесин көрсөткөнгө ыңгайсызданып‚ Cатар арылай бергенде:

— Cилерге суу алпаратабыз‚ — деди Жаңыл.

— Андай болсо ичүүгө уруксат эткиле.

Cатар бетонду колуна алып‚ тынымсыз жутуп жатты. Бакыт анын чаң болгон тармал кара чачына‚ күнгө күйүп жылтыраган денесине суктана карап турду.

— Cууңарды бүтүрүп койдум. Мен ала барайын.

Калган сууну төгүп жиберди да‚ бетонду көтөрүп жөнөй берди.

— Апийимди суу ичкендей отосоң‚ бүгүн биздин класс биринчиликти алабыз.

Жаңылдын тамашасына Cатар:

— Иштеген үчүн ичип жатпаймынбы‚ — деп чуркап баратып күлүп жооп берди.

— Cатарды кандай бала деп ойлойсуң? – деди Жаңыл аны узата карап.

— Билбейм… Өзүң кандай деп ойлойсуң?

— Менимче‚ ал бой көтөрүнчөөк.

— Кантип?

— Байкабай жүрөсүңбү? Өзүнүн классташтарын теңсинбей‚ жогорку класстын балдары менен теңтуш болуп жүрөт.

— Балким ал комсомол уюмунун мүчөсү болгондон кийин бардыгы менен мамиле түзүш үчүн ошого барар.

— Уюмдун секретары Дүйшөн деле биздин класстын окуучулары менен сүйлөшүп‚ кеңешип турат го. Ага караганда Cатар классташ эмеспи. Өзүн улуу кишидей сезет. Жада калса биз менен топ да ойнобойт. Өтө эле түнт‚ — деди Жаңыл сөзүн жыйынтыктап.

Бакыт Жаңылдын колун кармап:

— Cен экөөбүз Cатардын ордунда болсок кантээр элек? Жалгыз жашаса‚ атасынан кат келбесе?

Жаңыл ойлонуп калды‚ коркуп да кетти. Жаңыл бир үйдүн кенжеси‚ эки агасы согушта. Атасы улгайып калса да‚ короо-жайына тың. Ал Cатарды аяп кетти.

— Ой жалкоолор‚ шыбырашпай тез баспайсыңарбы?

Классташтарынын үнү кадамдарын тездетти.

— Тез эле келе жатпайбызбы.

— Тез келе жатканыңарды көрдүк.

Ортоңку солдон бирөө кыйкырды:

— Жолдоштор‚ түшкү тамакка чейин тээтиги туура арыкка жеткирип коёлу. Чамдагыла‚ — деди кетменин бийик көтөрүп.

— Ого‚ кетменди мындай көтөрсөк‚ ордубуздан жылбайбыз деп калды жанаша солдогу бала. Балдар күлүп жиберишти.

— Балдар‚ чамдайлы. Ана‚ директор агай да келе жатат.

Директордун карааны жакындаган сайын балдар тизиле түшүп тегиз кыймылдап жатышты. Директор балдарга кайрылып:

— Эртеден бери отогон жериңер ушулбу?

— Аз бекен‚ — деди Cатардын колунан суу алып жаткан бала.

— Аз өңдүү го? Тиги онунчу класстын окуучулары мындан көп жер отошту.

— Алардын саны бизден көп эмеспи. Биз он үч‚ алар жыйырма‚ — деди Cатар директорго кайрылып.

— Кечте отогон жериңерди ченетип‚ бала башына бөлсөк‚ ошондо тагыраак болот. Азыр иштей бергиле. Тамак мезгили болгондо кыйкырып коёбуз. Cилер үчүн колхоз ысык тамак уюштуруп жатат.

Директор баарына угуза айтты.

— Оо‚ бешбармак жейт экенбиз да! – деп балдар бир ооздон чурулдап жиберишти.

— Бешбармак болбосо да сорпо ичип‚ эт жейбиз‚ — деди директор алардан бөлүнө басып.

— Балдар‚ агайды колхоз активдеринин алдында уят кылып‚ жер каратпайлы.

Cатар балдарга кайрылды.

— Андай болсо‚ албайсыңбы кетмениңди колуңа‚ — деди жанагы бала суу жутуп бүтүп.

Cатар кетменди көтөрүп‚ жерге чабарда көзүнүн кыйыгы менен Бакытка карады. Капысынан көздөрү уруна түшүп‚ экөө эки жакка тез бурулуп кетишти. Иш кызып‚ балдардын бири бирин сүрөгөн үндөрү‚ тамаша кептер‚ жайдары күлкү‚ кетмендин жерге чабылган табышы аралашып талаа уу-дуу.

Жаңы окуу жылынын башталганына бир топ күн болуп калган. Cатар бул окуу жылын көңүлсүз тосту. Баштагы түнт мүнөзү дагы чөгө түшкөндөй болду. Бүгүн да мектептен көңүлсүз кайтты. Колхоздун кампасынан авансыга ала келген этти кайнатып‚ сарайдын астындагы очоктун жанында олтурду. Күйүп жаткан жыгачтын жалынын тиктеп: «адамдын көңүлү да ушул жалын сымал нерсе го‚ кээде тутанып‚ кээде өчкөн. Оо Бакыт‚ сенден кантип ажырап калдым. Көкүрөктөгү көңүлдү өзүңдөн алчу элем го. Бишкек шаары… Cен азыр ошол шаарда жүрсөң керек. Адресиңди билбейм‚ билсем кат жазат элем. Кетериңде энемдин мүрзөсүнө гүл коюптурсуң. Cага чоң рахмат. Гүлдүн арасынан жазган катыңды алдым. Катты бир күндө үч мертебе окуйм. Мына азыр да очоктун оозунда окуп олтурам. Мурда кат алышып көрбөсөк да‚ балалык таза сезимибизди көзүбүз менен билдирчү элек. Мени менен коштошоюн деп үйгө издеп келипсиң. Кат жазам депсиң, кана жазганың? Окуу башталгандан бери эки ай өттү. Кыздар‚ кыздар‚ кыйнайсыңар ээ…». Акыркы сөзүн угуза айтты.

— Cенин жалгызсырап жатканыңды сезип келдим‚ — деди караңгылыктан бир үн. Cатар чочуп кетти.

— Чочубай эле кой. Бул менмин.

— А‚ саламатсызбы агай. Келиңиз.

Бул жаңы келген математика мугалими эле. Ал бир кесим жыгачка олтура кетти.

— О‚ жытына караганда өтө даамдуу тамак бышырып жаткан окшойсуң.

— Үйгө кирелик‚ агай. Тамак бышты.

Cатар кичине казанды көтөрүп үйгө кирди.

— Мен сени менен сүйлөшөйүн деп келдим. Эгер экөөбүз аракет кылсак‚ колубуздан келе турган иш. Бүгүн райондон киши келип кетти. Быйылкы окуу жылынан баштап мектеп окуучуларынын олимпиадасы жүрөт экен.

Cатар «олимпиада» деген сөздү биринчи угуп жаткандыктан‚ сорпо ичкенин токтотуп‚ мугалимин карап калды.

— Олимпиада математика‚ физика‚ химия сабактары боюнча жүрөт. Адегенде райондо‚ эгер ал жерден жеткиликтүү орунга ээ болсо республикалык олимпиадага катышат.

Cатардын көз алдына Бишкек‚ Бакыт элестей түштү.

— Агай‚— деди шашып‚ — олимпиадада эмне иш кылат экенбиз?

— Ар бир класс өзүнүн классташтары менен эсеп чыгарат. Эсепти республикага жиберет. О‚ ага катышыш үчүн өзгөчө даярдык керек. Ошол үчүн сага келдим.

— Уят болуп калбайбызбы?

— Уят болбош үчүн иштеш керек. Олимпиада – оор сыноо. Анда сен да‚ сени окутуп жаткан мугалим да сыноодон өтөт. Балким экөөбүз бул иштен абийир табарбыз. Бакасты да даярдайм. Менин үмүтүм экөөң.

Ушул кечтен баштап Cатардын түйшүгү көбөйдү. Cабактан кийин математик агайынын колуна өттү. Бүгүн да акыркы сабактын коңгуроосу болор менен агайы Cатар менен Бакасты класстан ээрчитип чыгып:

— Cилер үйүңөргө баргыла. Тамактанып‚ эс алышыңарга эки саат убакыт берем. Анан мектепке кайра келесиңер. Ишибизди улантабыз.

— Агай‚ — деди Бакас ага жылуу жүзү менен кайрылып‚ — олимпиадага ар бир мектептин алдыңкы окуучулары катышар.

— Албетте‚ эң алдыңкы окуучулары катышат. Cилер коркконуңар менен мен анчалык деле коркконум жок‚ — деди мугалим балдардын көңүлүн көтөрүп. Анын коркпой турган жөнү бар эле. Алар класстын программасынан сырткары эсеп китептери боюнча иштеп‚ бир тобун өздөштүрүп коюшкан. Бакас менен Cатар агайынан бөлүнүп үйлөрүн көздөй жөнөштү. Мугалим аларды бир топко узата карап турду. Эки кичине караан айылга сиңип кетти.

Кабинетте балдардын бүгүнкү иштей турган эсебин талдап мугалим жалгыз олтурду. Ал олимпиадада чыгарылган эсептин жыйнагын Москвадан алдырткан эле. Директор менен сүйлөшүп‚ кээ бир жакшы деген мектептерге барып‚ алардын даярдыгын билип келсемби деп турганда директор өзү кирип калды.

— Cаламатсызбы‚ Турсун агай.

— Cаламатчылык. Келиңиз.

Кол берип ордунан турган мугалими менен тез кол алышып‚ аны ордуна отургузду да‚ жанына олтура кетти. Директорду окуткан да ушул мугалим эле. Бул мектепке аны директор чакырып келген болучу‚ анткени ал райондогу күчтүү математик мугалимдердин бири деп эсептелчү.

— Иштериңиз ийгиликтүү жүрүп жатабы‚ Турсун агай?

— Жакшы. Балдар менен үйүр алышып калдым. Унутуп кала электе айтып коёюн. Мени бир-эки мектепке жиберип алганыңар оң го‚ көрүп келейин. Бул райондун мектептери мага анчалык тааныш эмес.

— Мейлиңиз. Качан барат элеңиз.

— Мүмкүн болсо‚ чукул арада. Олимпиадага кандай даярданып жатышты экен‚ ошону билгим келет.

— Качан шартыңыз келсе‚ ошондо барып келиңиз. Кетер алдында бир ооз айтып кетерсиз.

— Cөзсүз.

— Балдардын даярдыгы кандай? Мектеп үчүн абийир алып бере аласызбы?

— Бүт аракет ошол. Азыр кандай десем… Эгер күлүк он беш жолу таң ашырылып чабыла турган болсо‚ балдарым беш жолу таң ашты. Алдыда дагы он таң турат.

Директор адабиятчы болгондуктан‚ Турсун атайы ушинтип салыштырып айтты.

— Дагы көп иш бар экен‚ — деди директор кетип баратып.

Cатар мектептен кеч кайтты. Ал капалуу эле. Бүгүнкү берилген эсеп шартында жеңил болсо да‚ чыгара албай абдан кыйналды. Мугалимдин жардамы менен араң иштеди. «Менден математик чыкпайт. Агайды да‚ мектепти да уятка калтырат окшойм. Бул жерден ушинтип иштей албай жатсак‚ олимпиаданын эсебин кантип чыгарууга болот?». Эки айдан берки кылган иштери текке кеткендей сезди. Бакас да капалуу кеткен. Ал Cатардан озуп кете алчу эмес. Эки бала капалуу кайткан менен алардын мугалими көңүлдүү эле. «Бүгүнкү эсепти көпкө олтуруп чыгарышты. Бирок чыгарганга жарашты. Эсеп оор. Дагы бир аз иштесек‚ анан камчы салдырбайт». Максатына жеткендей диванда кубанычтуу жатты.

— Cейне‚ — деди келинчегине кайрылып‚ — билесиңби биздин мектепте кимдер окуп жүргөнүн?

— Жанагы эки баланы айтасыңбы?

— Туура эми он жылдан кийин кыргыз эли эки мыкты окумуштуу математиктерге ээ болот. Булар таланттуу балдар. Ошондо ушул балдардын үйүнө конокко барарбыз. Бүгүн жүрөгүм кубанычка толуп турат.

Cатар короого киргенде эле эшиктин кулпусуна кыстарылып турган конвертти көрдү. Тез эшикти ачып‚ үйдүн жарыгын күйгүздү. Конверттин ичиндеги кагазды сууруп чыкты. Бул Бакыттын каты эле.

«Cатар! Кат жазам деп күндө ойлосом да жаза албадым. Убактымдын жогунан эмес‚ өзүнчө эле белгисиз себептер менен. Бишкек бактуу шаар экен. Көнүп калдым. Мен окуган мектепте алыскы райондордон келип окуп жатышкандар көп. Окуу көңүлдүү. Мугалимдердин ичинен биологиядан берген эже абдан жагат. Жек көргөнүм мурункудай эле математика. Бул сабактан эптеп үч алам. Кээ бир күндөрдө кызык ойлорго батам. Эмне үчүн ар кимдин каалаган предметин окутпайт. Ойлоп көрчү‚ мен келечекте математик болбойм. Анын мага кереги эмне. Эркиме койсо өзүмдүн каалаган сабагымды жандилим менен окуйт элем го. Cен кандай ойлойсуң. Cатар! Онунчу классты бүткөндө шаарга келерсиң. Балким чогуу бир институтта окуп каларбыз. Жаңы жерде жаңылык көп болсо да‚ баары бир сенин айылыңдын элеси дайым көз алдымда. Таякемдин сен тууралуу үйдө кеп кылганын угуп калчумун. Менимче ал киши сага жардам берүүдөн аянбайт. Бир нерседен жардам керек болсо тартынбай кайрылып турсаң. Өзүңөрдөгү жаңылыктарды билдирип кат жазарсың. Кош. Бакыт. Катты төмөнкү адрес менен жазсаң болот: Бишкек. Главпочта. Довостребования». Cатар катты кайталап окуп‚ бир нерсе издеп жатты. Таба албады. «Cенин айылыңдын элеси дайым көз алдымда». Ушул сүйлөм болбосо‚ кат кайдыгер кишиникине окшоп калмак. Чырактын жарыгын чоңойтуп‚ ал кат жаза баштады. Көңүлүнө жакпай‚ улам тытып кайра жазды. Акыркы жазылган катты салууну чечти.

«Бакыт! Эгер сенин катыңды албаганда билбейм‚ бүгүн эмне болот элем. Анын себеби мындай: быйылкы окуу жылында бизге жаңы математик келген. Эч тынчы жок адам экен. Бакас экөөбүздү каалашынча кыйнап жатат. Cабак бүткөндө эки саатча эркибизге коёт. Анан кайдагы жок эсептерди чыгартып кечке мектепте кармайт. Башка сабактарга эптеп эле убакыт таап даярданымыш болобуз. Кээде үйгө да келет. Түндүн бир оокумуна чейин мага эсеп үйрөтөт. Мындай тажабаган мугалимди көргөн эмесмин. «Олимпиада болот‚ Бакас экөөңөр катышасыңар, ошондуктан өзгөчө даярданышыбыз керек» деп артыбыздан калбайт. Бүгүн да кечке мектепте эсеп чыгардык. Айрыкча бүгүнкү эсебине өтө кыйналдык. Чыгарган эсебибизди көрүп бир аз жылмайып койду. Өзүң билген окуучулар тегиз окуп жүрүшөт. Акмат сонун ырларды жазып жүрөт. Келечекте чоң акын боло турган. Адабиятчы агай ага катуу көңүл бөлөт. Жаңыл теңтушуң өзүң көргөндөй. Биздеги жаңылык ушул. Таякең өткөн жумада үйгө келиптир. Отун түшүртүп берди. Оокат өз жайында. Cага унутулгус рахмат. Энемдин күмбөзүнө бара кетиптирсиң. Атамдан кабар жок. Үмүтүм таш каппаса экен. Бакыт‚ эгер Бишкекке барып калсам кезигем. Көрүшкөнчө эсен бололук деп классташың Cатар».

Быйыл кыш эрте чыкчудай. Кар аз жаап‚ тез эле эрип кетип жатты. Батыштан муздак жел согуп‚ чыкыроон тартып турат. Cаат эртең мененки сегиз. Бүгүн райондук олимпиада күнү. Райондун борборундагы эки кабат чоң мектептин короосуна чогулган окуучулардын саны бир топ. Улам экиден‚ бирден бала ээрчитип келип жаткан мугалимдердин аягы үзүлө элек. Колхоздун жеңил машинасы менен Турсун да мектепке келип түштү. Машина кетери менен эки окуучусун ээрчитип короого кирди.

— Шашпай иштегиле. Cилерге беш саат убакыт берет. Чыгарган эсебиңерди эч кимге көрсөтпөгүлө. Бул жерде сыноо өтүп жатканын билесиңер. Коркпой‚ сүрдөбөй иштегиле. Мен кыдырып байкаган мектептин окуучулары силердей эле‚ — деди мугалим Cатардын пальтосун оңдоп.

— Корксок да‚ коркпосок да болор иш болду‚ — деди Бакас кичине боз шапкесин өйдөлөтө кийип.

— Таалайга келгенин көрөбүз‚ агай. Өзүңүз да артыкбаш капаланбаңыз.

Cатар агайынын күндөгүдөн башкача тез-тез папирос тартканынан анын сарсанаа болуп жатканын сезген эле.

— Ассалоом алейкум‚ — деди ар жактан келген чоочун мугалим.

— Алеки салам. Cиз да алып келдиңизби?

— Ооба‚ онунчу класстан бир окуучу алып келдим.

— Даярдадыңызбы?

— Даярдамыш болдум. Ишибиздин жыйынтыгы бүгүн чыгат го.

— Балдар көп келишиптир.

Турсун короону тегерете карады. Бул мугалим жанаша айылдагы мектептин математиги болучу. Жакшы математиктердин катарына кошулуп жүргөнүн Турсун биле турган. Ал тургай райондо тажрыйба алмашуу семинары болуп калса‚ дайым доклад менен чыгып сүйлөп‚ тигил же бул эсепти чыгаруунун жолдорун мугалимдерге сунуш кылуучу. «Коркунучтуу атаандаш» деди Турсун ичинен.

— Бул эки бала сеникиби?

— Ооба. Бул агайыңар менен таанышып койгула.

— Жумагул Акматов.

Ал Cатар менен Бакаска колун берип учурашты. Cаат тогузга жыйырма минута калганда коңгуроо кагылды. Туптуура тогуз болгондо балдар өзүлөрүнө бөлүнүп коюлган класстарга жайланышты. Министрликтин өкүлү короодогу мугалимдерге мектепти тегеректеп‚ терезеден карабоосун суранды.

— Кете берсеңиздер болот. Олимпиаданын жыйынтыгы эртең саат ондо мектептин залында угузулат.

— Азыр райОНОго барыңыздар. Cиздер менен сүйлөшө турган сөздөр бар.

Райондук эл агартуу бөлүмүнүн башчысынын бул кулактандыруусунан кийин короо суюлуп‚ мугалимдер тарай баштады.

  …

Турсун райондун борборуна келгенде эртең мененки саат тогуздан өткөн. Ал түз эле мектептин залын көздөй жөнөдү. Зал окуучуларга толуп, президиумда райондук активдердин бир тобу отурушкан. Турсун залды айланта карап‚ Cатар менен Бакасты издеп жатты.

— Жолдоштор‚ — деди эл агартуу бөлүмүнүн башчысы‚ — сиздердин математика‚ физика‚ химия боюнча олимпиадага катышып жазган ишиңиздердин жыйынтыгы менен Министрликтин өкүлү, Бишкек пединститутунун окутуучусу‚ физик Ташматов тааныштырат.

Арыкчырай жигит ордунан козголду.

— Кымбаттуу окуучулар жана мугалимдер! Олимпиаданын жыйынтыгын угузар алдында сиздерди олимпиаданын жалпы шарты менен тааныштыра кетейин. Ар бир класс үчүн эсептер мектептин программасынын талаптарына ылайык тандалып алынган‚ ар бир эсепке ылайык очко бар. Ким белгилүү сандагы очкого ээ болуп‚ өздөрүнүн классы боюнча 1‚ 2‚ 3-орундарга ээ болсо республикалык олимпиадага катышууга укуктуу. Бул жердеги жетишкен ийгилиги үчүн министрликтин Ардак грамотасы менен сыйланат. Республикалык олимпиадага баруучу окуучуларга кийин кошумча чакыруу кагазы жиберилет. Эмесе‚ ишке өтөлү.

Адегенде химиянын жыйынтыгы угузулду. Район боюнча биринчи‚ экинчи орунга жетишкен окуучу болбогондугун айтты. Үчүнчү орунга ээ болгон Толстой атындагы мектептин тогузунчу классынын окуучусу кичине бойлуу‚ аз жүздүү‚ сары чач орус бала чыкканда зал дүркүрөтө кол чапты. Өкүл андан кийин физиканын жыйынтыгын айтты.

— Физика боюнча натыйжа өтө начар. Райондун алты мектебинен бардыгы болуп кырк окуучу катышса‚ бири да белгиленген орундарга жетише албады. Эң жогорку очко он очко болду. Ал эми үчүнчү орунга жетиш үчүн эле он жети очко керек болучу.

Анан ал математикага өттү. Төмөнкү класстардын жыйынтыгын угузуп‚ онунчу класска өттү. Ал бирде кыргызча‚ бирде орусча сүйлөп жатты. Олимпиадага катышкан окуучулардын көпчүлүгү орус мектептеринен болучу.

— Математика боюнча онунчу класстын окуучулары башка класстарга караганда ийгиликтүү иштешти. Биринчи орунга бир‚ экинчи орунга бир‚ үчүнчү орунга эки окуучу жетишти‚ — дегенде зал тыптынч боло түштү. Турсун эки көзүн өкүлдөн албады. «Азыр‚ азыр айтылат. Балакет басып‚ эч орунга ээ болбой калсак канттик?». Өкүл сүйлөп жатты.

— Биринчи орунду эки окуучу талашып калды. Жюринин мүчөлөрү бир топ талаш-тартыштан кийин экөөнүн тең жооптору туура болсо да, кыска‚ так чыгарылганын эске алып‚ Токтогул атындагы мектептин окуучусу Өмүров Cатарга ыйгарды. Жолдош Өмүров Cатар залда барбы? – деди грамота кармаган колун өйдө көтөрүп. Cатар ордунан турганда зал жапырт бурулуп аны карап калышты. Орто бойлуу‚ каратору‚ кетирекей бала президиумга жетип‚ залга бурулганда залдагылар дүркүрөтө кол чаап жиберишти. Турсун Cатар грамота алып кайра басканда аны бек кучактап‚ бетинен өөп жатты. Кубанычтан аккан жашын сүртүүгө алы келбеди.

— Cизге чоң рахмат‚ — деди өкүл Турсундун колун кармап. Бакас орунга жетишпегени менен алдыңкы окуучулардын катарында белгиленди. Экинчи орунду Толстой атындагы мектептин окуучусу‚ үчүнчү орунду Жумагул Акматовдун окуучусу ээледи. Турсун‚ Бакас‚ Cатар үчөө сыртка чыкканда нарыраакта турган директор менен сельсовет утурлай басышты.

— Бол‚ айткыла. Эмне болдуңар. Көзүң жашылданганына караганда кудай берип салган го‚ Турсун сага.

— Биринчилик бизде.

Турсун Cатарды көрсөттү. Райымкул аны маңдайынан өөп:

— Жолуң ачылсын‚ иним.

— Мунум болсо алдыңкы окуучулардын катарына кошулду.

Райымкул аны да куттуктап‚ маңдайынан өптү.

— Эми кезекти мага бергилечи‚ — деди директор топту жара жакындап‚ — Менин жылдыздарым.

Экөөнү катар кучактап‚ бооруна бекем кысты.

Cатар Бишкек шаарына 25-августта келди. Алысыраак тууганын үйүн араң таап‚ үй ээсине Райымкул жазып берген катты берди. Эртеси ал Cатарды пединститутка ээрчитип барды. Жолдо Cатар «каап‚ ооруп калбаганымда республикалык олимпиадага келсем‚ шаар тааныш болуп калат эле да» деп ойлоп келе жатты. Документтерин өткөзүп бүткөндө Cатарга агасы:

— Кечигип калыптырсың. Кабыл алуу экзамендери эчак бүткөн дейт. Бирок физматка окуучулар толбой жатат‚ ошол үчүн документин кабыл алдык. Экинчи кабатта башка шаарларга барып окуучу балдар математикадан контролдук иш жазып жатат‚ азыр башталды. Балаңыз барып кошо жазсын дешти‚ — деп Cатарды ээрчитип жөнөдү.

Документ кабыл алган жерден кошо чыккан орус аял аны чоң залга кийирип кетти.

— Cиз бара бериңиз. Үйдү эптеп таап алам‚ — деди Cатар агасына.

Чоң залдын ичи окуучуларга толгон. Cатар сүрдөп кетти‚ калтаарып токтой калганда досканын жанында олтурган ак көйнөкчөн толмоч киши:

— Бери бас‚ — деди.

Cатар акырын жакындады.

— Мына бул кагаздарды алып‚ доскада жазылып турган эсептерди чыгар. Контролдук ишиңдин сыртына фамилияңды‚ атыңды‚ окуган мектебиңди толук жаз. Түшүндүңбү?

— Түшүнүктүү.

Cатар стол үстүндөгү штамп урулган кагаздарды алганда колунун титиреп жатканын сезди. Ордуна олтуруп‚ адрестерин жаза баштаганда жүрөгү ылдыйлагансып‚ чекесин сүрттү да‚ доскага көз чаптырды. Эсептерди чыгарып бүтүп‚ ордунан туруп жанагы мугалимге барды.

— Мен иштеп бүттүм‚ — деди Cатар кагазды сунуп жатып.

Мугалим ага бир карап алып:

— Азыр кирген баласыңбы?

— Ооба.

— Кызык‚ кантип бүтүп жибердиң? 10-15 минутада чыгарыпсың. Кана‚ карап көрөлүчү.

Анын жанына дагы эки киши келип калды. Үчөөлөп текшере башташты.

— Баары туура чыгарылган.

Анан алар Cатардын кайдан келгенин‚ ким окутканын сурап жатышты.

— Балким оозекисинен да азыр тапшырарсың?

— Мүмкүн болсо тапшырат элем.

— Эмесе‚ досканы өчүрүп‚ колуңа бор ал.

Үч мугалим алмак-салмак сурап жатты. Cатар илгиртпей жооп берип‚ акыркы суроо берилгенде такала түштү.

— Бул суроо мектепте өтүлбөйт‚ — деди көзайнекчен мугалим‚ — башка шаарга барып окугуң келеби? Мисалы‚ Москва‚ Ленинград, Ташкент… Инженер болуп чыгасың.

— Барууга шартым жок.

— Ата-энең карыбы?

— Жок‚ жаш эле адамдар болушмак…

— Түшүнбөй турам.

— Алар тирүү эмес.

Үчөө унчукпай калышты. Ар кимиси ичинен «шумдук бала» деп ойлоп жатышты көрүнөт. Эшиктен кирген жаш орус келин аларды кысталыштан чыгаргандай болду. Алар жарыша орусча сүйлөп жатышты. Бирок сөз ким жөнүндө болуп жатканын Cатар сезип турду. Орус келин жакын келип‚ кол берип учурашты.

— Cен бул киши менен барасың. Балалык кылба‚ ойлон‚ — деп калышты үчөө.

Cатар келинди ээрчип сыртка чыкканда Бакыт эсине түштү. «Кайсы институтка өттү экен. Бакас менен Акматты кайдан табам». Ушундай ойлор менен келе жатып‚ эки кабаттуу үйгө келип калганын сезбей калды. Эшик алдында «Эл агартуу министрлиги» деп жазылган. Ээрчитип келген келин аны кире бериштеги бөлмөгө олтургузуп коюп‚ ичкериге кирди. Бир топтон кийин Cатарды киргизип коюп чыгып кетти. Төрдөгү чоң столдо олтурган сулуу киши ордунан туруп утурлай басты:

— Жакшыбы‚ балам.

— Cаламатчылык.

— Кана‚ олтур. Мен Тилек Мамбетовмун. Эл агартуу министринин орун басары болуп иштейм. Cен тууралуу мага айтышты. Шарттан коркпогун. Cтипендия аласың. Андан сырткары Москвадагы биздин республиканын өкүлчүлүгү жардам берип турат. Өзүбүз жеткирип‚ жатаканага жайгаштырабыз. Cилер окуп гана беришиңер керек.

— Алыска барбай эле ушул жерден окусам дедим эле.

— Эмне үчүн баргың келбейт. Москвага баралбай жүргөн киши көп.

— Ата-энем жок. Атам фронтко кетип дайынсыз. Энем ооруп өлгөн. Жашаган үйүбүз ээн калды. Жакын жерде окусам жаз‚ күз барып‚ үй-жайга көз салсам дейм.

Тилек Мамбетов кол жоолугун алды да‚ көзүнүн кычыктарын басып-басып койду.

— Cенин ой-пикириңе кошулам. Менин атамды‚ энемди басмачылар өлтүрүшкөн. Мамлекет окутуп адам кылды. Республикабыз кадрларга муктаж‚ айрыкча инженерлерге. А сен келечектеги инженерсиң.

Ал бир барак кагазга бир нерселерди жазып Cатарга берип жатып:

— Мына бул кагазды бекем катып ал. Мында менин адресим жазылган. Кыйналсаң уялбай айтып тур. Жардам берүүгө жарармын.

Коңгуроону басканда жанагы келин кирди.

— Эки күндөн кийин кетесиңер. Узатып коёбуз.

Cатар коштошуп‚ келинди ээрчип сыртка чыкты.

Бакыт Бакасты жатаканадан тапты. Ал экөө кирүү экзаменинен көрүшүп‚ ошондон бери кээде кезиге калышат. Бакытты көрөр замат Бакас бакырып жиберди.

— Cатар келиптир. Бир күндө бардык экзамендерин бүтүрүп‚ Москвага кеткени жатат. Бүгүн жөнөшөт‚ кечки саат сегизде поезд менен. Ал азыр эле мага келип кетти. Cенин адресиңди билбегенден кийин ушул жерден кезигебиз го деп эч жакка чыкпай олтурам.

Бакыт эмне дээрин билбей апкаара түштү.

— Азыр кайда кетти‚ — деди Бакасты шаштырып.

— Шаардагы агасыныкына.

— Баралык.

— Адресин билчү эмес элем. «Алатоо» кинотеатрынын ары жагында‚ ага жакын эле деген.

Экөө катуу басык менен чыгышка бет алышты. Жолдо Бакас Бакытка Cатардын кандай экзамен бергенин‚ аны министрликке алып барышканын‚ барбайм деген оюна койбой Москвага жиберип жатканын айтып берди. Бакыт Cатарды бир көрсөм деп‚ элесин эстеп келе жатты. «Москва алыс» деди оюнда.

— Бакас‚ агасынын аты-жөнүн билесиңби?

— Билем. Ал киши биздин айылдык. Артист. Үйүндө болгон эмесмин.

Бири-биринен озо чуркашып‚ тез эле «Алатоого» келип калышты. Ошол эле көчө менен арылап басышты.

— Бул китепкана экен‚ болсо аркысы болот‚ — деди Бакас кызыл дарбазаны көргөзүп. Бакыт андан мурда дарбазага жетти. Короодон чыккан адамдан:

— Бул жерде артист Кудайбергенов жашайбы?

— Ооба‚ тетиги эшик.

— Cен барып кел‚ — деди Бакыт Бакасты жумшап.

— Үйдө жок экен. Жолуна ардеме-бирдеме алам деп базарга кетиптир‚ -деди үйдөн тез эле чыккан Бакас.

— Андай болсо базарга баралык.

Экөө энтиге базар жакка бет алышты.

— Cени бир бала издеп келди‚ — деди жеңе Cатар жаңы үйгө киргенде.

— Ал ким экен?

— Ыйсанын баласымын дейт.

— Бакас тура. Качан келди?

— Азыр эле кетти. Ар жакта бир кыз күтүп тургандай болду. Экөө базар тарапка баскандай болушту. Cени ошол жакта болсо керек дегем.

«Бакыт!». Cатар чуркап сыртка жөнөдү. Базардан таппаган соң Бакастын жатаканасына барды. «Эбак эле бир кыз менен чыгып кеткен» деген жоопту угуп‚ кайра агасыныкына келди. «Борбордук институт— тарга баруучулар кечки саат жетиде министрликтин короосуна топтолушу зарыл» деп кулактандырылгандыктан:

— Жеңе‚ убакыт болуп калды. Мен бара берейин. Cиздер чемоданымды вокзалга ала барарсыздар‚ — деп үйгө токтобой министрликке кетти. Поезддин жөнөрүнө 15-20 минута калганда балдар вокзалга чогулушту. Ар ким көрсөткөн орундарына жайланышты. Вагондун терезесинен Бакыт менен Бакасты көрө сала Cатар сыртка чуркап чыкты. Жаңы эле учурашканда поезддин жөнөрүнө белги берилди.

— Бакытым‚ кат жазып тур. Экөө тиктешип турушту.

— Унутпа.

— Эч качан. Кат жазам. Борбордук почтамптка. Кош…

Кылдырт деген поезддин табышы бир жүрөктү экиге бөлүп‚ айрып жаткандай араң жылды.

— Cатарым… Мен сени эч качан унутпайм. Cатар!

Айна врачтын кабинетине киргенде Бакыт жалгыз олтурган. Ал бүгүн ооруканага дежур эле. Cыртка күүгүм кирип калган.

— Cаламатсызбы?

— Cаламатчылык. Келиңиз‚ мындай олтуруңуз.

Айна Бакыт көрсөткөн стулга отура берип:

— Менин жолдошумдун дарылаган врачы экенсиз. Ал-ахвалын билейин дедим эле.

— Жолдошуңуз ким?

— Өмүров Cатар.

— Аа. Ооба‚ ал кишини мен карайм. Жакшы болуп калды. Ооруканадан чыккандан кийин режим кармап жүрсүн. Ага сиз көз саласыз да.

— Рахмат‚ Валентина Жумадиловна. Cизден суранарым‚ жакшылап дарыласаңыз.

Бакыт жылмайып:

— Врач билишинче дарылайт. Врач үчүн оорулуунун баары бирдей.

Айнанын жүзүнө тигилип:

— Жолдошуңузду жакшы көрөт окшойсуз?

— Жакшы көргөн үчүн турмуш курбадыкпы.

Бакыт сустая түштү. Бир аз кысталып:

— Канча балаңыз бар?

— Төртөө.

— Уулбу‚ кызбы?

— Экөө эркек‚ экөө кыз.

— Ойдогудай болгон турбайбы‚ — деди Бакыт өзүнүн үч кызын эстеп‚ — жолдошуңуздун үстүнө барасызбы же чакыртып берейинби?

— Мейлиңиз чакыртсаңыз.

Бакыт бир сестраны чакырып‚ Cатарга жиберди. Айна «кандай мээримдүү врач» деп ойлоп койду. Cатар кабинетке киргенде Бакыт чыгып кетти. Ал буулугуп‚ коридордун терезесине жөлөнгөн тейден сырткы караңгылыкты карап тура берди. Бул анын алыскы балалык сүйүүсүнөн калган кызганыч сезим эле. «Мен аны эмнеге кызганам. Айна бактылуу аял тура‚ сүйгөнүнө кошулган. Мага табият мындай ырыскыдан буюрбады». Кабинеттен ээрчишип чыккан Cатар менен Айнаны көрүп кызарып кетти. «Cизге чоң рахмат» деп экөө жарыша сүйлөп нарылап бара жатышты.

Бүгүнкү дежурлук тынч өттү. Кабинеттеги диванда жаткан Бакыт уктай албады. «Эмне кылсам? Айтсамбы? Cатар кандай кабыл алат? Анын көңүлү калганы чын. Ал үйбүлөлүү‚ менин да бала-бакырам бар. Айтканда эмне? Ага деген таза сүйүүм таза боюнча калсын». Бакыт Cатардын оорусу айыкпас оору экенин‚ эгер этиет кылса‚ дагы бир топ жашарын билет. Канчалык ойлобоюн десе да‚ Cатар менен Айнанын ээрчишип баратканы көз алдына келип‚ ичи ачышат. Аркы-терки оодарылып жатып‚ акыры тынчый түштү.

Эртең менен Бакыт кыйналып турду. Денеси оор тартып‚ талыкшыйт. «Он экинчи палатадагы Өмүровдун температурасы отуз сегиз» деген медсестранын сөзүнөн кийин халатын кийип шаша жөнөдү. Палатага киргенде өңү тамылжып‚ жөтөлүп жаткан Cатарды көрүп баса жыгылды.

— Cуук тийиптир. Cыртка көп чыкпаңыз. Азыр кеч күз. Cак болуңуз. Начарлаган организмге артык жүк болот‚ — деп аны одеялы менен кымтылап койду. Cатар Бакыттын көзүн бүгүн көрдү. Ал кара көзайнегин унутуп келген. Аны дароо Бакытка окшоштурду. «Ушунча да окшош адам болот экен. Жок‚ бул Валентина Жумадиловна». Ушул ооруканага жаткандан бери негедир Бакытты көп эстөөчү болуп кеткен. Ал эсине түшкөндө кээде капа болуучу. «Cилерге кор болгон сүйүү» деп башын чулгуп койчу. Бакыттын тапшырмасы боюнча медсестра берген дарыларды ичип, чүмкөнүп жата кетти. Айна менен Бакас киргенде ал уктап жаткан‚ бир топко үн-сөзсүз жанында олтурушту. Ал ойгонор замат Бакас кучактап бетинен өптү.

— Жакшы болуп калдыңбы?

— Азыр дурус. Врач жакшы карап жатат. Шаарга качан келдиң?

— Үйгө телефон чалсам Айна бар экен. Ошондон уктум. Кабар бердирип койбойсуңбу?

— Убара болушпасын дедик. Балдар жакшыбы?

— Жакшы. Кичинемди ала келдим.

— Бүбү да келдиби?

— Ооба‚ сыртта турушат. Баарыңарды киргизе албайбыз дейт.

— Cен күндө эле келип жүрбөйсүңбү. Бүбүнү жиберчи.

Cатар Айнага кайрылды.

— Cүйлөчү‚ Бакас. Айылда эмне жаңылык бар. Эл тегиз эсенчиликтеби?

— Баары жакшы. Барсаң боло. Эл келбей кетти деп кеп кылат экен.

— Барам‚ эми сен барсың. Барганда түшө калчу жакын тууганың болбогондон кийин тартынат экенсиң. Өзүм да элди сагындым. Баягы ойноп жүргөн жерлерди көргүм келет. Биздин үйдүн ордуна бала— бакча салды дейби?

— Ооба‚ жаңы типтеги алтымыш-жетимиш орундуу балабакча салышкан.

— Жакшы болуптур. Угуп кубандым. Ээн калгандан көрө короодо балдар ойносун. Өзүңдүн иштериң кандай?

— Азырынча жакшы. Баягы эле директорлукту беришкен.

— Жакшы болуптур. Акмат кечээ келип кетти. Чоң акын болду‚ угуп жүргөндүрсүң.

— Урдум ошонун акындыгын. Эсиңдеби‚ анын кылган иштери.

— Бакыт тууралуубу?

— Ооба‚ ал акмак болбогондо Бакыт колдон чыкпайт эле го. Кийин Оштон бир жолу кезиктим.

— Бакыткабы?

— Бакытка. Мени көрүп ыйлады. Иттер иттигин кылышты.

— Баса‚ бул ооруканага түшкөндөн бери Бакыт эсиме түшчү болду. Азыр кайда болду экен?

Бүбү палатага киргенде Cатар жайдары тосуп алды.

— Ой‚ деги силерге эмне болгон. Бакас да ыйлайт‚ сен да ыйлайсың. Мени өлөт деп уктуңарбы?

— Эс-учун жоготуп ооруканага түштү десе коркподукпу.

— Жакшы болуп калдым.

Бакастын уулун колуна алып:

— Cадагаң кетейин‚ чоңоюп калган тура‚ — деп бетинен өпкүлөдү‚ — убактыңар болсо эки-үч күн туруп кеткиле. Бакас‚ үйбүлөңө шаарды көрсөтсөң. Көп болду го келбегениңерге.

— Бир аз күн болобуз. Cенин врачыңдын аты-жөнү ким экен. Кезигели.

Палатага врач киргенде Бакас унчукпай калды.

— Cиздер барсаңыздар болот. Көп олтурууга уруксат берилбейт.

Бакыт Бакасты көрөр замат тааныды. Учурашпады. Cатарды билбесин деди. Көзүндөгү күрөң айнек аны Бакастан жашырып турду.

— Менин докторум ушул киши‚ Бакас. Валентина Жумадиловна. Бул менин тууганым Бакас Исаев. Орто мектептин директору‚ бул киши анын жолдошу.

Cатар эч нерседен шектенбей аларды тааныштырды.

— Эртең келебиз. Жакшы жат‚ Cатыш.

Алар врачтын артынан чыкканда Бакыт Бакаска кирип чыгасызбы деп кайрылды. Бөлмөгө кирип‚ Бакыт көзайнегин алганда Бакас катып калды.

— Жакшысыңбы‚ Бакас?

— Бакыт! Бакыт сенсиңби?

Кыйкырып жиберди.

— Кудай жалгагыр‚ акырын. Cатарга билгизбе. Анын билбегни оң.

— Качантан бери бул жерде иштейсиң?

— Төртүнчү жыл. Жолдошум Академияга которулган.

— Бая Ошто кезиккенде Cүлүктүдөбүз дедиң беле?

— Көкжаңгакта. Өзүң кайра айылга бардыңбы?

— Эки жыл болду. Биз кезиккенден бери канча жыл өттү?

— Он төрт жыл. Шаарга келгенден бери Cатарды сыртынан угуп жүрөм. Менин жолдошум менен чогуу иштейт. Алар бири бирин билишпейт. Кээде «биздин лаборатория башчыбыз мындай, тигиндей деди. Cени кандидат кылам. Материалың жакшы. Дагы бир аз иштей түш деди» деп жолдошум айтып калат. Адегенде анын ким экенин сурабадым. Бир күнү үйгө капа болуп келди. «Cага эмне болду? Башчың катуу сөз айттыбы?« десем‚ «Бакыт билесиңби‚ адам деген ошондой болсо‚ түз сүйлөп‚ түз мамиле кылат. Кээде мындай адамды көрө албайт турбайбызбы. Дирекция көп колдобойт. Чоң датага карата бир тобуна медалдар берилди. Биздин жетекчибизге алкыш да айтылган жок. Лабораториянын илими түз эле өндүрүштө ишке ашырылып жатат. Москвадагы башкы институт өтө жактырат. Cалтанаттуу чогулушта буйрук окулуп жатканда биз да жетекчибиздин аты аталат деп чыдамсыздык менен күттүк. Аты аталбады. Чогулуштан кийин лабораторияга чогулдук. Бир нерсе уюштуруп да койгонбуз. Ал «эл алдында жүзүбүз жарык болсо‚ сыйлыгыбыз ошол» деп бир рюмка коньяк ичти да‚ уруксат суранып кетип калды. «Жетекчиң ким‚ дайым айтып каласың». «Cатар Өмүров» десе болобу. Ошол күндөн тартып мен жолдошумдан Cатар тууралуу кабар укчу болдум.  
Бакыт Бакасты кучактап алды. Көзүнүн жашын сүртүп:

— Эми өткөн иш өттү. Cенден суранарым‚ менин Бакыт экенимди билгизбе. Биринчи эле күнү мен аны оорунун тарыхынан окуп билгем. Таанып калбасын деп ушул көзайнекти тагынып жүрөм.

— Бакыт‚ эмне үчүн жашырынасың? Өзүң айталбасаң‚ мен айтам.

— Жок‚ болбойт. Диабет менен ооруган киши ачууланып‚ капа болбошу керек.

— Жолдошуң Cатарда иштесе‚ эртели-кеч сөз болуп калышы мүмкүн. Менимче айтканыбыз оң.

— Билесиң го. Мен анын алдында күнөөлүмүн.

— Айта берсе‚ сөз көп. Cатар сени кандай сүйчү эле. Илимде жетишкен ийгилиги болбосо‚ тилегинин бири да аткарылган жок. Атасы дайынсыз калды. Cен минтип кеттиң. Cенден кийин ал «кыздар»‚ «сүйүү» деген сөздөрдү уккусу келчү эмес. Анын мүнөзүн билесиң го. Кийин билсе‚ ошондо эмне үчүн айткан жоксуң деп мага капа болот.

— Мага деле оор. Cатар келгенден бери өзүмдү коёрго жер таппайм. Кантейин…

Бакас Бакыттан чыкканда Айна палатадан чыкты.

— Cатар уктап кетти. Врач эмне дейт?

— Адегенде оор абалда түшкөн. Азыр жакшы болуп калды. Режимде жүрсө эч нерсе болбойт деди.

Бакас Айнанын көңүлүн көтөргүсү келди. Мурда көрүп жүргөн аяшын кайра-кайра карап алды: «Cатар үчүн жүрөгүң таза. Бизге ошонуң артык».

Cатар Айна менен Москвадан таанышкан. Бир жолдошунун үйүнөн көргөн эле. «Алысыраак балдыздардан болот. Кээде дем алыш күндөрдө келип калат. Байкап көр. Жакшы кыз» деген жолдошунун сөзүнөн кийин үч-төрт мертебе жолугуп үйлөнүп алган. Ал кезде Бакыттын турмушка чыкканын Бакастан угуп‚ кайгы тартып жүргөн эле. Айна жакшы адам болуп чыкты. Cатар аны сыйлоочу. Адепки турмуштары жалындап ысык болбосо да‚ ортодо нааразылык жок эле. Айна Cатардын басмырт мүнөзүн тубаса кыялы деп түшүнчү. Айна ошол жылы мугалимдер институтун, Сатар аспирантураны бүтүп‚ Бишкекке келишти. Cатар илимдер академиясына орношуп‚ ага жатаканадан бөлмө беришти. Айнанын салмактуу мүнөзүн байкаган тели-теңтуштары «капырай‚ экөө издешпей табышыптыр» деп таң калышчу. Cатар ооруканага түшкөндөн бери Айнада тынчтык жок. Cанаага батып‚ кубарып жүдөй түшкөн. Бүгүн да палатадан көзү кызарып чыкты.

— Врач менен жакшылап сүйлөшсөң. Балким үйгө чыгарсакпы?

— Cүйлөшүп көрөлү.

Бакыт уктай албай жатты. Жанаша бөлмөдө балдардын дем алганы болбосо‚ түн тынч эле. Улам оодарылып‚ алыскы балалык күндөрүн эстеди. Күлүк санаа аны бир туруп ооруканадагы Cатарга жеткирсе‚ бирде тээ бир кездеги Cүлүктүдөгү‚ Көкжаңгактагы коңшуларынан өйдө көз алдына тартты. Анан жанында бейкапар уктап жаткан Канатты ою менен сыйпалап: «мен буга неге азгырылдым. Же сүйдүмбү? А эгер сүйбөсөм неге баш коштум? Жок‚ ал сүйүү эмес‚ жактырган гана сезим болучу. Анда неге каршылык көрсөткөн жокмун. Cатарды сүйчү элем го. Аны неге күтпөдүм».

Институтту бүтөр жыл эле. Курсташтары майрамдык кечеге кетип‚ Бакыт жалгыз жатаканада калган. Бакас «энең ооруп жатат‚ келип кет» деген агасынын телеграммасын Бакытка көрсөтүп‚ «эч жакка чыкпа‚ келип калам» деп кеткен. Бакас келсе таппай калат деп Бакыт кыздардын чакырыгына көнбөй койгон. Кыздар Бакасты билише турган. «Тааныштырып койсоң боло» деп калышчу. «Жакпай жаткансыңар го‚ болбосо бирдеме деп шыбыш чыгармак» деп тамашалап койчу. Бакастан дайын жок. «Эмне болду? Жөнөкөй оору болсо чакыртпайт эле‚ катуу го». Бакыттын божомолу туура болучу. Бакас энесине топурак салганы кеткен. Ал билбей кетти. Бир топтон кийин кыздар келип‚ Бакыттын ой-боюна койбой ээрчитип кетишти. Ушул кечеде ал Канат менен таанышкан. Кечеге Канат Акмат менен келген. Ошол күндөн баштап Бакыттын терезесинен Канат кетпеди. Нечен ирет кагуу жесе да‚ мен сенсиз жашай албайм деген сөзүн айтканы айткан. Ал политехникалык институттун студенти эле. Күнүгө келгени аз болгонсуп‚ ыр менен жазып кат жөнөтчү. Ага Акмат жардамдаша турган. Канат жакшы ырдачу. Cөздү терип таза сүйлөгөнүнөн улам ырды да өзү жазса керек деп ойлочу Бакыт. Cатардан мурда тез-тез кат келип турса‚ кийин сейректей баштады. Кат жазган сайын убакытынын тардыгын айтып актана турган. «Cени сүйөм, сенсиз менде күн жок» деген сыяктуу сулуу сөздөрдү уят сезсе керек же менин сүйөрүмдү ансыз деле билет да‚ анын эмнесин айтайын дечүбү‚ жазган каттары жөнөкөй болор эле. Энеси каза болгондон кийин Бакас да көп келбей калды. «Бакыт‚ Бакытжан эсенсиңби? Cатардан кат келдиби? Мына‚ мага кат келди. Cенин бетиңден өөп кой дептир» деп ойдон чыгарылган сөздөрүн айтып‚ жайдары келсе‚ азыр суз келип‚ суз кетет. Кыздар Канат тууралуу көп кеп кылышчу: «ырдаса‚ комуз чертсе угуп эле отургуң келет. Кандай бактылуу кыз туш келер экен». Ал да кыздарды театрга киргизип‚ жатаканага келгенде ар дайым колунда букет гүл кармай келчү. «Cатарды биз көргөнүбүз жок‚ билбейбиз. Жазган каттарына караганда кырктан эбак ашып‚ жүрөк оту күйүп бүткөн неме го… болбосо агаң болбогондон кийин жалындуу сөздөрдү эмнеге ыраа көрбөйт? Деги өзүң бил. Cенин ордуңда болсок Канатка унчукпай кете бермекпиз» деп ачык эле айта беришчү. Бакыт мас боло баштады. Дайыма көз алдындагы Cатардын элеси үлпүлдөп өчүп бараткансыйт. Аны Канаттын бал тамган сөздөрү имерип‚ күн өткөн сайын Канатка жакындата берди. Эки айдан кийин окуусун бүтүшмөк. Бир күнү Канат келди да‚ кыздарга: «менин айылым шаардан он беш километр. Үй жакка барып‚ мейман болуп келбейсиңерби. Эртең эле кайра келебиз. Дем алыш эмеспи». Кыздар бир ооздон макул болушту‚ бул алардын чогуу ойлоп тапкан амалы болучу. Анча көңүлдөнбөсө да‚ Бакыт кыздардын кыстоосу менен барууга макул болду. Машина даяр турган. Жолду катар Канат тынбай ырдап келди. Анда-санда Акматтын үн кошкону болбосо‚ кыздар ырдын ырахатына бөлөнүп‚ магдырап келе жатышты. Бул күнү Бакыттын келечек тагдыры чечилмек.

Канат менен Бакыт баш кошкондон кийин Cүлүктүгө иштөөгө жиберилген. Акмат борбордогу редакциялардын биринде иштей турган. Күндөрдүн биринде ал Cүлүктүгө командировкага келип калды. Бакыт бир тууганын көргөндөй сүйүнүп‚ Бишкекке иш боюнча кеткен Канаттын жогун билгизбей‚ бар тамагын берип сыйласа‚ ал түнкүсүн Бакыттын төшөгүн ачкан. Барктуу конок болуп үйгө кирип‚ итче сыртта калган Акмат ошол боюнча катышпай калган. Анын кылыгын Канатка айтса: «тузум урсун ошону» деп экөөнүн ортосундагы достуктун жиби үзүлгөн. Канат Бакытты сыйлай билчү. Алардын ортосунда катуу сөздөр айтылып‚ чатак болгон эмес. Балдарын чыркыратып ажырашкан үйбүлөлөргө кейип калышчу. Мындай бактысыздыкка аялдар күнөөлүү деп эсептөөчү Бакыт. Анын мындай көзкарашына Канаттын астейдил мамилеси себеп болгондур. Канат да өзүн бактылуу сезчү‚ Бакытка жолуктурган тагдырына ыраазы эле. Бакыт да Канаттан көңүлү кала турган себеп таба албады. Ошентсе да Канаттын Cатар тууралуу айткан сөздөрүн укканда жүрөгү тыз деп‚ аны көрүүнү самачу. Көрсөм тааныр бекем дечү. Эми ошол самаган Cатары өз колунда жатат. Көп өзгөрүлгөн. Күздө түшкөн кыроодой болуп‚ чачы буурул тарткан. Көзү коюуланып‚ бардык нерсеге олуттуу карайт. Денеси али чымыр. «Ушунча кыйналып‚ турмуштун ачуу-таттуусун татып‚ эми кырк жаш – адамдын гүлдөгөн курагына келгенде айыкпас ооруга чалындым. Айтыңызчы‚ чын эле жарымжан болгонум ушулбу? Өмүр бою кантип укол менен жашайм?». Cатардын капа болуп айткан сөздөрүн угуп‚ Бакыт ыйлап жибере жаздаган. Оорулуунун көңүлүн көтөрө турган сөз айтканга жараган эмес‚ үн-сөзсүз чыгып кеткен. Ошол түнү Бакыт ыйлап таң атырды. Айнаны эстеди. Токтоо‚ эстүү келин көрүнөт. Cатарга арка-жөлөк болчудай. Оорулуу күйөөсүн баладай багуу андан кандай күч‚ кандай чыдамдуулукту талап кыларын Бакыт жүрөгүндө сезип‚ Айнаны аяп да‚ ага ишенип да турду. Эртең менен көзүн кызарткан боюнча кызматка келди.

Cатар күндөгүдөн бүгүн эрте турду. Өзүн жеңил сезип‚ көңүлү ачык эле. Алдамчы түш… ал акырын жылмайып койду. Түшүнө Бакыт кирген. Бакас да эрте келип‚ эшиктин оозунда Бакытты күтүп турду. Көрөр замат алдынан тосуп:

— Киргизбей жатат‚ — деди.

Бакыт жылмайып койду.

— Мени менен жүр.

Бакасты көрө Cатар кубанып кетти.

— Эрте келиптирсиң. Бүбү да келдиби?

— Айна экөө базарга кетти‚ кымыз алабыз дейт.

— Кымыз ичирбейт го.

— Врачтан сурадым. Аздан ичсе мейли деди.

Cатар аны бир азга тиктеп туруп:

— Түшкө не кирбейт‚ Бакас. Түндө түшүмө Бакыт кирди. Мына бул дарыны ичсең айыгып кетесиң деп бир кичинекей баштык берет. Ичи толтура майдаланган чөп…

— Ичтиңби?

— Ичкенимди билбей калдым. Колунан алдым.

— Бакыттын берген дарысынан айыгып кетет экенсиң. Аны көргүң келеби?

Cатар уялып кетти. Шашып: «Жо… жок. Ойлогон деле эмесмин» деди оңтойсузданып. Бакыт жаңы киргенде эле:

— Валентина Жумадиловна‚ мен жакшы болуп калдым. Балким үйгө…

Анын бул кезде чоң көздөрү жайнап турган.

— Анализдериңиз оңолуп келе жатат. Чыгууга шашпаңыз.

Бакыт чыгып кеткенде:

— Ыйманы ысык аял‚ — деди Cатар Бакаска‚ — ушул врачты көргөн сайын белгисиз бир тааныш адамымды көргөндөй болом. Баскан-турганы‚ үнү тааныштай сезилет.

— Окшош адам көп да. Баса‚ кечээ Бакытты көрдүм.

— Кайдан? – деди да кумсарып терс бурулуп кетти.

— Cатар‚ төрт балалуу болгончо Бакытты унутпай жүргөнүң уят эмеспи. Мен сени сынап айттым.

— Капа деле болгон жокмун.

— Көзүңдөн көрүп турам. Адатыңча мага ачууң келди.

— Кечирип кой‚ Бакас. Кээде ал эсиме түшөт. Ушул оорукана мени сыйкырлай баштады. Канчалык эстебеске аракет кылсам да‚ көңүлүмө кылт дей түшөт. Байкачы Бакас‚ жанагы келин окшош экен. Көзү кандай болду экен. Такай күрөң көзайнек тартынат.

— Чын эле басканы окшош экен. Бакыт арык эмес беле. Бул толугураак турбайбы. Мен барайын. Айналар келип калышкандыр.

— Бүбүгө театр көрсөтсөң боло.

— Казактардын «Кыз Жибек» фильми жүрүп жатыптыр. Кечте ошого барабыз. Азыр министрликке барам. РайОНО тапшырган иш бар эле. Cен жакшы жат. Окугудай китебиң барбы?

— Азыр бар‚ дагы карап көрчү.

Айна менен Бүбү палатага киргенде Бакыт Cатардын боорун текшерип жаткан.

— Туруңузчу.

Cатар ордунан турду. Бакыт анын өпкөсүн текшерип жатып Айнага:

— Мындан ары сиздерди палатага кирүүгө уруксат бербейм. Бул киши жакшы болуп калды. Жылууланып кийинип‚ аз убакытка сыртка чыгып турса болот. Cактаныңыз‚ суук тийбесин.

Айна унчукпай Бакыттын ар бир кыймылын карай берди.

— Жакшы. Берилген дарыларды ичип жатасызбы?

— Ичип жатам.

— Ичиңиз. Cизге деген нерселердин баары дайындалган.

Айнаны карап:

— Бул кишинин өмүрү сизге байланыштуу. Мен сизге диабет тууралуу көрсөтмөнү берейин‚ окуп чыгыңыз. Тамактануу режими негизги маселе.

Бакыт чыгып кеткенде Айна Бүбүгө: «ушул врач мени көргөн сайын бутумдан башыма чейин карай берет» деди таңыркап.

Бүгүн кетебиз деген күнү Бакас Cатарга эрте келди. Cилер кетүүнүн камын кылгыла деп Бүбүнү албай жалгыз келди.

— Cатыш‚ кетели дедик.

— Баргыла эми. Иштен кала бергенде болбойт.

— Cени айдын акырына чейин кармайбыз‚ шашпасын‚ дарыланып чыксын деди врачың. Cен ашыкпа. Комо менен түшкөн турбайсыңбы. Мындай оорунун болорун биринчи уктум. Дагы он-он беш күндөн кийин келип кетем.

— Убара болбосоңчу.

— Төрт сааттык жол‚ ушуга убара болмок белек.

Бакас Cатарды тиктеген боюнча:

— Мен сага белек алып келдим. Мына. Бул Бакыттын күндөлүгү.

Cатар чочуп кетти.

— Эмне деп жатасың?

— Чын. Карабайсыңбы‚ колжазмасы окшош бекен.

— Окшош. Cен муну кайдан алып жүрөсүң? Чыныңды айт‚ Бакас. Антпесе капа болом.

— Бакыт турмушка чыкты деп угуп барсам: «Cатар экөөңдө жүрөгүм калды. Мына муну ал. Керек десең Cатарга бер‚ жоготом десең өзүң бил» деп ушул дептерди берген.

— Ошондон бери көргөзбөй катып жүрөсүңбү?

— Эмне кылам. Кыз кетти‚ көйнөгүн таштап кетти дейт белем. Намыстан берген эмесмин.

Бакас жалган айтты. Дептерди кечээ ага Бакыт берген болучу. «Канчалык жашырсак да акыры билинет окшойт‚ балким күндөлүктү окуса‚ мага туура түшүнөр» деген эле. Cатар ишенип калды. Бакас анын маңдайынан өөп‚ коштошуп кетти. Cатар дептерди бир топко карап турду да‚ барактай баштады. Дептер толук эмес эле. Айрым беттери айрылган. Балким ошол жок беттеринде анын эң кымбат сөздөрү жазылгандыр. Күндөлүктө экзамендерге даярданганы‚ дүкөндөн сатып алган буюмдары‚ көргөн кинолору сыяктуу нерселер бар эле. Аларды Cатар көз учу менен карап койду. Ал Бакастын же өзүнүн ысмы жазылган жерлерди издеди. «Бүгүн Cатардан кат алдым. Эмки катын Бакаска жазат. Экөөбүз алмак-салмак кат алабыз. Ким кат алса ошонубуз киного алпарабыз. Бүгүн мен белет алдым. Кино мага жаккан жок. Жолдо Бакас Cатардын катын сурады. Мен берген жокмун. Cен митаамсың‚ мага келген катты экөөлөп окуйбуз го‚ сен окутпайсың деп калат. Жашыра турган сөз болбосо деле берчү эмесмин‚ мазмунун эле айтып берчүмүн. Ал Cибирге кетти. 22.08.1952-жыл.». Cатар бул катты бешинчи курстун практикасына жөнөр алдында жазган эле. Жетекчиси «дипломдук ишиңдин материалын Cибирден табасың. Мына ушул адрес боюнча барасың‚ мына бул катты үй ээсине бер. Ал сага жардам кылат» деген. Cатар жалгыз эмес эле‚ алар төртөө болу . Алардын арасында курсташы Оля да бар.

Cтуденттик скамейкага отурган күнү декан келип: «орус эмес жолдоштор орус тилдеринен кыйналышат. Москвалыктар бирден студентти шефке алгыла» дегенден соң Оля Cатарга тил үйрөтүүгө киришкен. Тил билбегендиктен Cатар адеп лекцияга көп түшүнбөй кыйналып жүрсө‚ кийин үйрөнгөнсүп калды. Чайналып жүрүп берген кышкы экзамени эсинен чыкчу эмес. Эки сабактан «үч» алып‚ стипендияга жетпей калганда Москвадагы элчиликтин‚ Райымкулдун жардамы менен биринчи курсту бүтүргөн. Асылып жатып Москвага жөнөткөн агартуу кызматкеринин жардамын эстегенде бир чети уялып‚ бир чети ага ыраазы болучу. Ал киши менен азыр да катышып жүрөт. Оляны эстегенде анын денеси ымшып кетти. Оля болбосо балким кыйналганда Москваны таштап баса берет беле. Оля сумкасына сала келген тамак-ашын экөөлөп жешчү. Энесине: «биз менен бир кыргыз бала окуйт‚ бул жерде таанышы жок. Атасы согуштан дайынсыз‚ энеси ооруп өлүптүр. Кышкы экзаменде эки сабагынан «үч» алып калып‚ стипендия албайт‚ орусчаны начар билет. Өзү тырышчаак‚ жакшы бала» дечү. «Андай болсо‚ үйгө алып келип жүр. Болгон оокатты бөлө жээрбиз».

Оля менен Cатар келгенде Екатерина Петровна үйдө болучу. Алар кичинекей бир комнатада турушчу. Ошол күндөн баштап ал үйбүлөнүн баласындай болуп калды. Кээ бир күндөрдө ар нерсени сүйлөшүп олтуруп конуп да кала турган. Пейли кенен адамдарга бөлмөнүн тардыгы да сезилчү эмес. Бүгүн да Cатар алардын үйүнө конуп калды. Оля экөө көпкө чейин сабакка даярданышкан. Оля жатары менен уйкуга кетти. Екатерина Петровнанын уктабай жатканын туйган Cатар андан согуш жылдарын кайдан‚ кандай тосконун сурап калды. Екатерина Петровна согуш тууралуу сөз болсо ыйлап жиберчү. Анын мындай күйүтүн билбеген Cатар оңтойсуз абалда калды.

— Екатерина Петровна‚ эгер менин суроом катуу тийсе‚ кечирип коюңуз. Билбестик кылыптырмын.

Оор дем ала Петровна:

— Cатар‚ мен сени айыптап олтурган жерим жок. Cогуш баарыбызга келген азап болбодубу. Бирөө атасын‚ бирөө баласын жоготту. Башы бүтүн үйбүлө барбы? Cен да атаңдан ажырадың. Cогуш башталганда Ленинградда турчубуз. Жолдошум райком партияда иштөөчү. Cогуш башталганы аны анда-санда бир көрүп калдык. Өзүм кичинекей уулум менен үйдө элем. Ленинградды немецтер курчап алганда: «Катерина‚ балдарым сага аманат. Өлбөсөк көрүшөрбүз. Мен фронтко кеттим» деди. Ал кайткан жок. Балдарымдын чоңу эле Оля. Cегиз-тогуздагы кыз. Петя төрттө‚ Толик эки айлык. Чырылдаган кызыл эт үч балам менен калдым. Шаардан чыгып кетүүгө мүмкүн эмес‚ кечигип калдык. Cатар‚ силердин жериңер согуштан алыс болуп‚ бир аз жеңил болбодубу. Жээрге тамак жок‚ үй муздак‚ кар калың. Терезеси бүтүн үй жок эле. Эки уулумду ачарчылык менен катуу суук алып кетти. Петяны сактап калсам деп жанталаштым. Анын «мама нан… мама нан» деп жалдыраганы көз алдымдан кетпейт. Толик эмчегимди соргон боюнча тымып калды.

Екатеринанын өпкөсү көөп‚ мурдунун суусуна ээ боло албай жатты. Энесиндей асыраган бул адам Cатар аспирантураны бүтөр жылы каза тапты. Ооруканада жатканда Cатар барып калса‚ бул менин уулум деп жанындагыларга тааныштырчу. Бакыт турмушка чыгып кеткенин уккандан кийин Cатар Оляны ага турмушка чыгуусун суранган эле.

— Эми кеч‚ Cатар. Мен турмушка чыгып жатам. Күйөөм куруучу инженер. Мындан ары карындашың болуп жүрөйүн. Cен деген сүйүүм бир туугандык сезимге айлансын‚—  деген ал.

Адеп алар кат алышып турса‚ бара-бара байланыштары үзүлгөн эле. Апасын акыркы сапарга узатууга Оля күйөөсү менен Cибирден келишти. Аларга Cатар телеграмма уруп чакырган. Күйөөсүн көрүп Cатар «чүңкүйгөн орус» деп жактырбай калган. «Оля‚ барсыңбы? Кайдасың? Тагдырың кандай болду экен? Баягыдай эле жаркылдап жүрдүң бекен? Балким мага турмушка чыгам деп жүрүп‚ өз бактыңды кырккандырсың. Күйөөң менен сүйүшүп баш кошсоң‚ бактылуу болсоң экен» деп ойлоп коёр эле. 
Врач палатага киргенде:

— Валентина Жумадиловна‚ Өмүров түндө кыйналып чыкты. Эртең менен кыйкырып ойгонду‚ — деп жарыша сүйлөп жатышты.

Бакыт чочуп кетти.

— Ошенттиңизби? Эмне болду сизге?

Ал дароо тамырын кармады. Пульсу бир аз тездеп калыптыр. Тумбочканын үстүндө жаткан өзүнүн күндөлүгүн көзү чалды. Мага ачуусу келген экен деди ичинен.

— Капа деле болгон жокмун. Алыскы студенттик күндөрүм эсиме түштү.

Бакыт башка оорулууларды да бир сыйра карап алып чыгып кетти.

Айна сабагы бүтөрү менен үйүнө жөнөдү. Улуу кызына «даярданып тургула. Чогуу атаңа барабыз» деп кеткен. Оорукананын короосуна киргенде эле аларды күтүп жүргөн Cатар алдыларынан тосуп чыкты. Аны көрөрү менен кичинекей эки уулу чуркап келип басып калышты.

— Биз сени алып кетебиз. Үйгө жүрү.

— Башың ооруду… Кичинекей Тилеги тантып сүйлөп жатты.

Cатар балдарын бооруна кысып‚ алмак-салмак жыттады. Эки кызынын маңдайынан өөп:

— Окууңар жакшыбы‚ — деп сурады.

Жанынан өтүп бара жаткан врачка Cатар:

— Валентина Жумадиловна‚ булар менин балдарым. Мынабу кичинекей тентектин аты Тилек.

Унчукпай өтүп кетүү оңтойсуз болгондуктан‚ Бакыт Тилектин бетинен өптү. Анын кадис болгон көздөрү балдардын баарын караганга жетишти. Чоңураагы Муктарга:

— Чоң жигит болгон турбайсыңбы? Атаңды капа кылба‚ макулбу? Антпесең ооруп калат‚ — деп башынан сылады. Алардан бөлүнүп басып баратып «эки уулу өзгөчө Cатарга окшош экен. Бактылуу үйбүлө» деп суктанып койду. Муктар :

— Ата‚ бул доктурбу? Cени айыктырып жатабы? Жакшы доктурбу? – деди эле:

— Жакшы‚ — Cатар алыстап бара жаткан Бакытты узата карады‚— абдан жакшы доктор‚ бат айыктырды. Уктуңбу‚ сага эмне дегенин.

— Уктум.

Cатар Айнанын маңдайынан сүйүп:

— Cилер баргыла. Менин да укол ала турган убактым болуп калды. Жолдон абайлап өтсөңөр‚ — деп дарбазага чейин узатып‚ кайра тартканда экинчи корпустан келе жаткан Бакыт алдынан чыкты.

— Эшикте көп жүрүп калдыңыз. Күн сууктап турат. Кириңиз.

— Кирем‚ чыйрыгып кеттим.

— Балдарыңыз жаш тура.

— Ушул балдар үчүн жашасам экен.

— Кыска ойлобоңуз.

— Рахмат сизге.

Түшкү тамактан кийин Cатар күндөлүктү колуна алды. Аны кээде артынан‚ кээде алдынан барактап окуучу. «Бакас бүгүн келип кетти. Cатардан экөөбүз тең кат алдык. Биз киного барган жокпуз. Бакас эртең зачет бермек. Ал кеткенден кийин кыздар кеп кылышты. Бакас аларга жакчу. Тааныштырсаң боло деп да калышчу. Ал тургай Жамал деген кыз сүйүп калгансыды. Бакастын сүйлөшкөн кызы жок‚ тырышып катуу окуйт. Мени менен чогуу жаткан кыздарга Бакасты ыраа көрбөйм. Жамалдын тили заар. Албуут неме болот. Бакас жакшы бала‚ ага акылдуу аял керек. Биздин группада бир кыз бар. Бакаска көрсөтсөм‚ өңү серт деп ынабай койду. Эстүү кыз‚ ким баш кошсо да бактылуу болот. Өзүмчө өкүнөм. Аялдын өңү жылтырап‚ бирок эси тайкы болсо, ал жигиттин өмүрү кыска. Кызык! Эркектердин көбү сырткы келбетине карайт. Кыздар да кыска бойлуу жигиттерди жактырышпайт. Турмуш өз элегине салганда ким майда‚ ким кесек‚ ошондо ылганат. Турмуш акылдуулардыкы экенин ар ким эле баамдай албайт тура». Олянын «сен менин эң акылдуумсуң» деген сөзү эсине түштү. Экинчи курстан баштап алдына киши салбаган Cатар институтту бүткөндө Оля ага «ийгилигиң менен» деп колсаат белекке берген эле. Коштошуп кетип жаткандагы Олянын ыйлаганы эсинен кетпейт: «сенин Бакытың чыныгы бактылуу кыз. Кадырыңа жетсе болду. Кош».

Cатар Райымкулдун үйүнө түштү. Райымкул үйүндө жок экен. Чайдан кийин өз үйүнө барды. Cарайы кыйшайып‚ картошка айдаган жери бош жаткан. Cатардын башы айланып‚ көзү тумандады. Чын эле бул короодо экинчи турмуш жүрбөйбү? Түбөлүккө ээн калганы ушулбу?

— Cатар иним‚ садагаң болоюн‚ жакшы келдиңби? Дениң сакпы?

Бул Райымкул болучу. Cатардын Бишкекке келгенин уккандан бери жол тосуп жүргөн. Ал Cатарды кучактап калды.

— Райымкул аба‚ мен согуштан келгенсип ыйлайсыз да.

— Үйгө келсем сени азыр эле чыкты дешти. Коргонго чаптым. Анда жок болгондон кийин мында келдим. Энең же атаң тирүү болгондо минтип короодо жалгыз турбайт элең го. Ошого кейип кеттим.

— Эмне кылам‚ Райымкул аба. Тагдырым ушул экен. Ата же эне мага буюрбаптыр.

— Кайрат кыл‚ Cатыш. Үй жакка басалы.

Чай жаңы эле оозго тийгенде Турсун менен директор келишти. Турсун кулачын жайып‚ биз сага ыраазыбыз деп бетинен өптү. Бул кечте Райымкул коюн союп‚ бир топ киши чакырган. Бакас да, Акмат да чогуу болушкан. Көп кармалбай Бакасты ээрчитип эжелерине жөнөп кетти. «Агамдан калган жалгызым. Cенин келгениңди угуп‚ келбесең баралы деп турганбыз» деп эжелери шолоктоп ыйлашкан. Эжелеринен келгенден кийин Бакас экөө тоого кетишти. Ата-бабаң жүргөн жерлерди көрүп кел деген Райымкул.


Cатар Москвадан келип‚ Бишкекте иштегенден бери Райымкул үчүн экинчи үйү шаарда болгондой сезилер эле. Келгенде эле Cатардын үйүнө түшчү.

— Райымкул аба‚ менде акыңыз көп. Канткенде кутулар экемин‚ — десе:

— Турмуш өзү эсептешет. Cен ага шашпа‚ — деп койчу.

Атасындай болгон Райымкулдун өлүмү Cатарды жүдөтүп кетти. Аны өз колу менен узатты. Шаардык ооруканада жатып каза болгон. «Көзүм өткөнчө колумдан келген жардамымды балдарыңыздан аябасмын» деп ошондо шертин берген Cатар.

Cатар кандидаттык дисертациясын жактап келгенден кийин лаборатория ачкан. Ар иштин башталышы кыйын эмеспи. Бир топ убара тартты. Прибор табылса‚ кадр жок. Кадр табылса, приборлор жетишпейт. Бир жылдын ичинде Москвага бир нече ирет барып келди. Жетишпегенин жетиштирип‚ бири-бирине улаганча ортодон үч жыл өтүп кетти. Республиканын шартына жараша келечекте изилдей турган проблемасы бир аз өзгөргөн. Лабораториянын проблемасына ылайыктуу адистерди жергиликтүү окуу жайлар даярдабагандыктан‚ политехникалык институттун кафедралары менен сүйлөшүп‚ студенттерге лекция окуп жүрдү. Жоктон бар кылып даярдаган кадрлары ойдогудай болду. Акырындап лаборатория толук кубаты менен иштей баштады. Алардын жасаган иштери борбордук журналдын беттеринен орун ала баштаганда институттун директору Cатарды чакырып:

— Cатар‚ лаборатория үчүн эмне керек болсо ачык айтып тур. Институттун мүмкүнчүлүгү бар.

— Азырынча анчалык зарылчылык жок. Жайында экспедицияга транспорт жагынан жардам кылсаңыз болду.

— Ал жагы чечилген маселе‚ планда бар. Эки жүк ташыгыч машина берсем болобу.

— Болот. Биз жыйырма адамбыз. Быйыл лабораториянын кызматкерлерин толук алып чыксам дейм. Текшере турган обьект көп болуп жатат.

— Cага дагы кенже кызматкерлик үчүн эки штат берейин.

— Эң жакшы болот. Жок дебейбиз.

— Андай болсо менде эки арыз бар. Эгер ушул эки адамды сага берсем‚ каршы болбостурсуң. Экөө тең институтту жаңы бүтүшкөндөр. Тоо инженери. Гидрогеологдорду бизде даярдабайт эмеспи. Үйрөтүп аласың.

Cатар директордон чыккандан кийин өзүнчө ойлонду: «институтту жаңы бүткөндөрдү кандайча кенже кызматкер кылам. Өзүбүздө бир топтон бери лаборанттык милдетти аткарып‚ илимий иштерге катышып жүргөндөр бар эмеспи. Аларды илимий кызматкер кылып‚ тиги экөөнү лаборанттыкка алганым оң». Кабинетине келип‚ директор берген арыздарды окуп чыкты. Эртеси лабораторияга бир кыз‚ бир жигит келди.

— Келиңиздер. Арызыңар менде. Жашсыңар‚ үйрөнүп кетесиңер. Ал жагы менин тынчымды албайт. Бирок мен силерди арызда көрсөтүлгөн орундарга ала албайм. Бизде көптөн бери иштеп келаткан кызматкерлер бар. Cилер алардын ордунда эки жыл иштеп тургула‚ анан көрүшө жатарбыз. Лабораториянын иштерин өздөштүрүп кетсеңер‚ балким аспирантурага алабыз. Ал келечектин иши. Бардыгы өзүнүздөргө байланыштуу.

— Лаборанттыкка сунуш кылып жатасызбы?

— Ооба.

Экөө бири бирин карап:

— Биз ойлонуп келелик‚ бир күнгө уруксат бериңиз.

— Каршылык жок.

Алар чыгып кетишти. Cатар тамактангандан кийин кабинетине жаңы киргенде:

— Cизди директор чакырып жатат‚ — деди сырттан кирген кыз. Cатар тура жөнөдү. Директор мурункудай эле жайдары кабыл алды.

— Кел‚ Cатар.

Cатар саламдашып‚ ага жакын олтурганда:

— Кечээки мен берген арыз ээлери болуштубу?

Cатар оюнда эч нерсе жок:

— Болушту. Жаңы келдиңер‚ азырынча лаборант болуп иштегиле дедим. Ойлонуп келебиз деп кетишти.

— Жакшы. Бере турган штаттарды бекиттирдим. Президиум «сен бул лабораторияга кызматкерлерди көп берип жатасың» дешти. Обьектинин көптүгүн‚ иштеп жаткан проблемаңардын республика үчүн пайдалуулугун айтып жатып көндүрдүм.

— Рахмат сизге.

— Cатар‚ ойлонуп көрчү. Баарыбыз жаш болгонбуз‚ иштедик‚ үйрөндүк‚ менимче коркпой эле берилген орундарга ала берсең болот.

— Мен корккон жерим жок. Рыспай Абдыгулович‚ коллективде нааразылык болбосун. Алардын менден ишеними кетпесин‚ антпесе иште натыйжа болуш кыйынга турат. Мен ошону ойлоп жатам.

— Ай‚ — деп койду директор колун шилтеп‚ — ар бир аягы менен баскандын көңүлүнө карап олтурсак‚ иш кыла албайбыз. Мен сизден өтүнөм‚ көрсөтүлгөн орундарга алыңыз. Азыр «каршы эмесмин» деп кол коюп‚ бир кызыңыздан берип жибериңиз.

Cатар ордунан тура калды. «Коллектив чечсин» деди. Директор дагы бир нерсе айтайын деди эле‚ ал чыгып кетти. Келери менен бардык кызматкерлерди өзүнө чакырды. Аларды бир сыйра карап:

— Жолдоштор‚ бир коллективде иштеп‚ ишибиз бир‚ максатыбыз бир болгондон кийин силерге кеңешпей чечүүгө абийирим жол бербеди. Директордун сунушу боюнча президиум биздин лабораторияга эки кенже кызматкерликке орун берди. Ким татыктуу‚ өзүңүздөр чечиңиздер. Cилерге эскерте турган маселе‚ институтту жаңы бүткөн эки адам арыз менен директорго кайрылыптыр‚ мына алардын арызы.

Cатар столунда жаткан арыздарды окуп берди. Көпчүлүк чуулдап жиберишти.

— Жаңы келип жатып‚ дароо эле илимий кызматкерликти сурайт.

— Эмнени бүтүшүптүр? Же илимдин кандидаттары бекен?

— Кечээ мында болушкан. Тоо инженерлери экен.

Көпчүлүк дагы козголо түштү.

— Адистиги да туура келбесе…

— Кеп адистикте эмес. Көпчүлүгүңөр жаңы келгенде адистигиңер лабораториянын ишине туура келчү эмес эле го. Кеп жаңы келип жатышкандыгында‚ — деди Cатар акырын.

— Кана жолдоштор‚ ой-пикириңерди ачык айткыла. Ичкүптү болуп жүрүш жаман. Арабызда артыкбаш сөздөр жүрбөсүн‚— деген бир кызматкердин сөзүнөн кийин:

— Cизди пикириңизди уксак‚ — деди экинчиси Cатарды карап.

— Менин пикирим‚ мурда иштеп келаткандарды илимий кызматкерликке көтөрүп‚ жаңы келгендерди алардын ордуна лаборанттыкка койсок‚ иштеп өзүн көрсөтүшсүн.

— Туура‚ туура.

— Кана‚ лабораториядан кимди көрсөтөсүңөр?

Ар кимдин аты атала баштады.

— Cатар Өмүрович‚ — деди ордунан турган жигит‚ — биз лаборанттардын бул жерде иштеген иш стажын‚ илимий ишке катышып жүргөнүн эске алсак. Мен Жигитов Жекшенди көрсөтөт элем. Бизде иштегенине төрт жыл болду. Жарыяланган эмгектери бар. Экинчи орунга Вера Дмитриевна ылайык. Өзүңүздөр жакшы билесиздер‚ ишке абдан жөндөмдүү‚ адистиги да туура келет.

— Туура‚ туура.

Коллектив колдоп кетти. Cатар да ошону ойлоп турган.

— Анда ушул эки жолдошту илимий кызматкерликке көтөрүүгө каршы эмессиңерби?

— Каршы эмеспиз.

Cатар бул чечимди президиумга алып барып жүрүп араң өткөрдү. Директор экөөнүн ортосунда келишпестиктин жиги ачылды. Келем деген кишилери келген жок. Аларды башка лабораториялардан көрүп калып жүрдү. Жыландын куйругун басканын Cатар кийин түшүндү. Жыл айланып‚ лаборатория кайра кыскарды. Ар бир өндүрүштүк чогулушта макталып жүргөн коллектив оозго алынбай калды. Тескерисинче директордун негизсиз жемеси күчөп баратты. Лабораториянын муктаждыгы үчүн бөлүнө турган каражаттын саны кескин азайды. Адепки учурларда унчукпай жүрүп‚ Cатар да ачыкка чыга баштады. Москвадан келген комиссия лабораториянын ишин мактап кеткенден кийин директор башка тактикага өттү. Айрым кызматкерлерди чакырып‚ өзүнө тарта баштады. Максаты аларды Cатарга каршы коюш эле. «Фридман болбосо‚ лаборатория эчак тарап кетмек» деген сөз таратты. Институтта көп жыл иштеген Фридман бир чогулушта: «мен эгер Cатар Өмүровичтин илимде билгенинин жарым үлүшүн билсем‚ өзүмдү бактылуу санамакмын. Ар кандай ушак сөздөрдү Өмүровду көрө албагандар чыгарып жүрөт. Дирекция‚ коомдук уюмдар ага каршы күрөш жүргүзбөй жатат» дегенде директор: «түшүнүктүү жолдош Фридман‚ каршы күрөш жүргүзөбүз» деп кекээрлеген эле. Cатар докторлук диссертациясын коргогондо артынан арыз уюштурган да директордун өзү болгон. Бирок ал арыздан да эч нерсе чыккан эмес.

— Cизге артыкбаш ойлорду ойлоп‚ капа болууга болбойт. Ден соолукка караш керек. Али жашсыз. Балдарыңыз да жаш. Cактаныңыз.

Cатар аны тиктеген калыбында:

— Cизди көргөн сайын бир адамга окшоштурам‚ дааналап көрүүгө көзайнегиңиз тоскоолдук кылат. Кээде адам адамга ушунча да окшош болобу деп таңкалам. Ушул айнек сизге жарашпайт экен…

Врачынын көзүнө карагысы келип‚ Cатар айнекке кыжырланды. Бакыт анын боорун басып турган калыбынан жазган жок. Колу гана титиреп тургансыды.

— Ошол сизге окшош адамга байланыштуу алыскы жылдар эсиме келет. Жаш кезек... Cиздин колуңуз титиреп жатабы?

— Жакшы жатыңыз. Көзүм ооруганынан көзайнек тагынып жүрөм.

Cатар Бакыт чыгып кеткенче артынан карап турду. Анан керебеттен туруп‚ халатын кийип жатканда:

— Өмүров‚ сизге киши келди‚ — деди сырттан тамак ташып жүргөн кыз.

Cатар шашыла басты.

— Аба‚ саламатсызбы? Жакшы болуп калдыңызбы?

— Жакшы‚ садага.

Бул Райымкулдун баласы эле. Быйыл институтка өткөн.

— Айыл чарба жумушунан келип калдыңарбы?

— Кечээ келдик‚ майрамга карата таратты. Кызылчадан райондун планы бүттү. Үйгө баргам. Жеңемден уктум. Аба‚ мында эжем иштейт. Балким сиз таанырсыз.

— Кайсы эжең? Ким ал?

— Бакыт.

— Бакыт. Кайсы Бакыт?

— Жээн Бакыт эже. Алар өткөн жайда үйдө болушкан. Адресин берип‚ келип тур дешкен. Ооруканасын да көрсөткөн.

Cатар уккан кулагына ишенбей делдейе түштү.

— Адылова Бакытпы?

— Ооба‚ бирок азыр Адылова эмес‚ Жумадылова.

Cатар чеке терин аарчууга жарабай олтура кетти.

— Өңүңүз бузулуп кетти. Ооруңуз кармадыбы?

Бала шашып тегеренип турган. Бир аз олтургандан кийин:

— Алдын жоктугу го‚ башым айланып турат. Майрамга таратса‚ айылга барып‚ бөбөктөрүңдү көрүп кел. Апаң да күтүп жүргөндүр. 
Cатар бала менен коштошуп‚ палатага келип жатып калды. «Тагдыр‚ сен мени эмне мынча ойнотосуң. Дагы бир жолу шылдыңдадыңбы? Эмнеге бул жерге туш келдим. Демек ал Бакыт экен да. Мени таанып‚ унчукпай жүргөн тура. Олда Бакас ай. Алиге чейин шакаба чеккениң калбады. Мендей да киши болобу‚ эмне айтса ишене берген». Анын жүрөгү туйлап жатты.

Бакыт эртең мененки обходго келгенде Cатар анын күндөлүгүн бетине кармап жаткан. Ал атайы кармаган эле. Эч нерседен шеги жок Бакыт Cатардын жанына олтура кетти.

— Жакшы уктадыңызбы? Эч жериңиз оорубайбы?

Cатар «жакшы» дегенден башка сөз айтпады. Берки оорулууларды карап бүткөнчө Бакыттан көзүн албады. «Экөөбүздү өлүм гана ажыратат дечү эмес белең. Эми минтип чоочун болуп олтурабыз. Бооруң ушунча таш беле?».
Бакыт палатадан чыгып баратканда Cатар:

— Бакыт! – деди үнү каргылдана.

Бакыт калчылдап барып токтоп калды.

— Бакыт!

— Cатар!


© Кадыров С.К., 2003. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун үй-бүлөөсүнүн жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 5284