Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Көлөмдүү кара сөз
© Исабаева Ж., 2008. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2011-жылдын 9-июну

Жыпар ИСАБАЕВА

Жыландын сүйүүсү

«Жыландын сүйүүсү» автор тарабынан алымча-кошумчаланып, аңгемелер менен толукталып, экинчи жолу басылды. Бул чыгармасында автор табият менен адам баласынын ортосундагы «ынтымак-ымаланы» даңазалайт.

(Экинчи басылышы)

Бишкек – 2008

 

Бул китептин чыгышына демөөрчүлүк кылып, колдоо көрсөткөндүгү үчүн айтылуу Ат-Башы районунун уулу, жеке ишкер Канат Чекировго жана демөөрчүлүккө себепчи болгон кичинекей ырчы Калыс Жакыповго терең ыраазычылык билдирем.

Автор.

 

Капырай десең! Кимдин оюна келет дейсиң, мындай иш?! Кимдин акылына сыят?! Ким ойлоптур, аңгыраган ээн адырды пааналаган мына бул жылан баласы адамга окшоп, адам баласына ашык болуп, адам деп сыздап калат деп! Деги, адам баласынын акылы айран болуп, дене бою дүркүрөй турган укмуш, бул!..

Боп-боз адырда боздоп, бороон улуп атты. Эзели бетине эчтеке чыкпай, ансыз да түктүйгөн бул беттин топурагын тытмалап, шамал ышкырат. Ага деле кайыл болуп, тээ атамзамандан бери ушул жерде жатчу үйдөй кара таштын коңулунда, адамдардын айылы тараптан көзүн албай, тикчийет жылан. Бийиктиги адам боюнан бийик, денесинин ар кай, ар кай жеринде гана азыраак темгилдери бар ак жылан...

Мындан анчалык алыс эмес, орчук таштуу аскалардын арасында, адам түгүл куш кирип кетсе кайра чыккыс Жинди-Чап деп аталган жеркуйдун түбүндө анын мекени бар. Узундугу те ат чабым жерге чейин созулуп жаткан ушул жеркуй жөнүндө адамдар “илгери-илгери” деп аңыз кылышат…

Ошол илгери-илгери ушул адыр көк тулаңы жайкалган жашыл төр болгон дешет. Береги жылаңач асканын боорунан дирилдеп булак агып, ал булактан кыз-келиндер суу алып, сапырылган шаркыратмага денелерин жуучу тура. Анан… кайсы бир күнү ошол айылдын башына каран күн түшкөн дешет! Бейкам жаткан элди кайдан-жайдан жоо каптап, айылды өрттөп, күлүн көккө сапырат! Сууда ойногон кыз-келиндерди тегеректеп, мазактап кордомой болушат. А бирок ал кыздардын арасында жай чилдеде борошолоп кар жаадырып, кыш чилдеде торгой ырдаткан жайчынын жалгыз кызы болгон имиш. Ошондо кыз: “Ушуларга кордолгуча өлүп тыналы! Тынч элибизге кастарын тиккен канкорлорду ала жаталы!” – деп атасынан үйрөнгөн дубалардын эң катаалын каргыш менен жууруп окуйт. Ошондо жер алай-дүлөй болуп, заматтын ичинде кара түн түшүп, асман-жердин ортосунда чагылгандар каршы-терши сайылып, тоо козголуп, жер көчүп, алаамат болуптур! Баягы булактуу аскалардын арасынан ажырап жараңка кетип, кыз-келиндер да, курал-жарагы, ат-маты менен жоо да бүтүндөй ошол жараңкага – жеркуйга түшүп кеткен имиш! Ошондон кийин ушул адыр ушинтип ыйлап, шаркыратма, булагы соолуп, кагырап калган дешет. Ал жерге эми адам да жолобойт. Жеркуйга кирген мал-жан кайра чыкпайт. Ошон үчүн бул жер Жинди-Чап деп аталып, жалгыз гана жыландарын мекени болуп калган делет!

 

***

Береги биздин ак жылан да так ошол жыландардын мекенинен чыккан. Алла таалам тагдырына ошону жазгандай, анан калса ошол чыпалактай кезинен эле адам баласына жакын болду. Адамдар жүргөн жерлерди айланчыктап, ошолорду акмалап, айтор орчук таштуу аскалардын арасынан көп кетчү...

Бороондун боздогону али басыла элек. Аба ырайы жакшы болгондобу, азыр убакыт чак түш, күн чакыйып төбөдө болмок. А бирок бирде түрмөктөлүп, бирде чоюлуп узара түшүп жаткан жылан аба ырайына деле кайыл болчу. Чындап келсе, үстү-башын улам боз топурак менен көөмп, кайра анысын заматта «жууп» кетип, бирде ыркырап, бирде созолонтуп ышкырган шамалды ал тоготкон да, сезген да жок. Болгону эле бүт тулкусу от менен жалын болуп, сагынычтан бекен, эс-акылы да, оор денеси да тынч ала албай, тынымсыз чабалактай берди.

О, эгерде ошол күздөгү окуя болбогондо!.. Анда жыланды азыр эч нерсе, эч ким токтото алмак эмес! Кудум баягысындай учуп-күйүп, айылга түшүп бармак! Андайда анын келе жатканын Кызмончогу да сезип, кызыл көйнөгүнүн этек-жеңин делбиретип, колундагы жоолугун желбиретип, жолунан тосуп чуркамак! Кокус антпей калса, баягы өзү салып алган жол менен жылан түз эле үйгө кирип бармак! Кудум адамдардай экөө анан көпкө чейин кучакташып турушмак! Кызмончок сүйүнгөнүнөн Жанын бооруна кысып алып тегеренип-тегеренип алмак. Андайда экөөнү аңкая караган ата-энеси же сүйүнөөрүн, же күйүнөөрүн билбей, эси ооп турушат эле. Качан гана Кызмончоктун кучагынан куюлуп түшүп, Асылбек менен Сырганын аяк алдына келгенде, бет маңдайында балага окшоп болбурап, сагынычын жашыра албай, эркелеп турган жыланга Сырга түтпөй кетмек! Күйөөсүнөн саал тартынып, бирок озунуп учурашып:

– Кандай, Жан? Жакшыбы?.. – деп мээримдүү күлүмсүрөмөк. Ошондон кийин гана Асылбек баягысындай эле ооз учунан:

– Келдиңби?! – дейт эле. А бирок анын бир гана ушул сөзүнөн Жан көп нерсени туйчу. Билгизбегени менен анда деле кандайдыр... ооба, ата катарыбы, же тек гана адам катарыбы... Жанга карата тымызын бир жылуулук, мээрим сезилчү. Ошол эле учурда Асылбек Жандын минтип, жаз сайын кайра кайтып келишин каалачу эмес. Ошол жерде бөжөйүп олтура калышып же өздөрүнчө бөлүнө түшүп, сагынычтарын айтышып жаткан Кызмончок менен Жанга акырын-аста көз кырын салып, ойго батып кетчү.

Кызмончок андайда Жандан кышты кандай өткөргөнүн сурайт эле. Жан болсо абдаарып калчу. Кышы бою эч нерсе билбей, сезбей чээнде уктаганын кантип айтат?! Кызмончоктун алдында ансыз да айбан экендиги үчүн арман кылып жүргөн макулукка бул оор тийчү. Кызмончок эле болсо ошону туйбайт дейсиңби?! Туйчу! Атүгүл жылан досунун эмнени ойлоп, эмнени жашырып-жаап жатканын көздөрүнөн эле көрүп алчу да, ууртунан күлүмсүрөп, эмнегедир ичи элжиреп кеткендей бооруна кайра да кысып, эркелете, сүйө тиктечү.

«Балким, ал анда мени аячудур? – деди эми оюнда Жан, – Мүмкүн…» Анткени, андан ары кыз эч нерсе сурачу эмес. Өздөрү жөнүндө божурап айтып берчү. Кыштата Жанды сагынганын, аны канча ирет түшүндө көргөнүн, атүгүл анын сүрөтүн саймалап сайганын айтып, жүктүн астындагы чакан, кооз сандыгын алып чыгып, жыландын ар кыл сүрөттөрү түшүрүлгөн чоң, кичине аппак чүпүрөктөрдү алдына жая баштачу. Жан да анын ар бирине тирмийе тиктеп, кыздын сыйкырчыдай касиетине таң берип аппак, кичинекей, жумшак колдоруна суктана карачу. А бирок, ичинде канчалык жетине албай турганы менен, ошого удаа эле “аттиң!” деген өкүнүч өзөгүн өрттөп, куйкалап турчу! Өзүнүн да ушундай колу, буту болгондобу, Кызмончогуна кандайдыр белектерди арнабайт беле!

Оюнун ушул жерине келгенде дагы бир жолу катуу онтоп, үшкүргөндөй узакка: “Кышш-ш!..” – этти Жан.

Эмнегедир ага убакыт өтпөй, токтоп калгандай сезилип, ансайын ордуна батпай, тынчы кете баштады. Коңулдан кайра да суурулуп чыгып, башын койкойто калып, айыл тарапты карады. Бирин-экин айылдыктардан башка көзүнө эч ким, эч нерсе чалдыккан жок! Жер жазданып, тунжурап жата кетти да, оюна бир нерсе түшө калгандай, же баарына тобокел кылгандай анан, ушунчалык тездик менен ийрелеңдеп, айылды көздөй баратты!

Боору жерге тийип-тийбей зымылдаган жыланды азыр токтотууга эч мүмкүн эмес болчу! Бир гана күч, бир гана нерсе болбогондо ким билет, эмне болмок?!

Күздөн жазга чейинки убакыт бир кылымга татып, сагынычы жанына ушунчалык батып, шашкандан го, карышкан мойну улам алдыга узара түшүп келатты.

 

***

Октой сызган жыландын көз алдына кайдан-жайдан кызыл көйнөгүнүн этек-жеңи шамалга делбектеген, кыжымы чыптамачан кыздын элеси булактап көрүнө калып, ошол элеске удаа эле адам баласынын тааныш добушу үзүл-кесил угула түштү! Бирок үн буга жетпей, ортодон шамал учуруп, ың-жыңсыз жоголуп кетти. Билди! Демек Кызмончок да анын келатканын туюп, кандайдыр... шашылыш белги берип, алда нелерди айтып жаналекетке түшүп жатат! Ансайын көкүрөгүнөн түрткөн шамалды жиреп, үндү тыңшап умсунуп барат Жан! Көп өтпөй анан жүрүшүн азайтты… Токтоп да тыңшады. А бирок, баары бир кыздын үнүн кармай албай убаралана берди. Борон-чапкынды баятан бери тоготпой келатса, эми ага кыжырланды, ызаланып, туталанды! Ошон үчүн го, чубалган оор денесин соңку кырга чейин араңдан зорго сүйрөп келди да, жарым жартылай тура калып, төмөн тарапка көз жиберди.

 

***

Жылан токтогон ушул адырдан айыл тарап алаканга салгандай ачык, даана көрүнөт. Адырдын бир өңүрү улам эңкейиштеп олтуруп, этеги түп-түз жайыкка айланат. Андан ары айыл башталып, анча көп эмес үй бүлө түтүн булатат. Ошол үйлөрдөн аз-аз обочороок, тоого ыктай салынган, үстү камыш менен жабылып, терезеси темененин көзүндөй жылтыраган береги жалпак боз там жыланга өзгөчө жагымдуу. Керек болсо ал ага өзүнүн ордосунан да жакын сезилет. Анан калса ошол үйдүн кайсыл жеринде эмне турганы эле эмес, анда жашагандардын кулк-мүнөздөрүнөн бери жыланга жатталып калган.

Кечиндеси ошол терезеден үрүл-бүрүл, кызгылтым жарык жанат.

Жакындап барып карасаң – ортодо бир үзүм от үлпүлдөп күйүп, ошонун жарыгында арыкчырай, каратору жаш аял бир байлам ак жоолугун чекесине тыкчыйтып байлай коюп, шакылдата камыр жайып же чыны-аяк жууп жаткан болот. Үйдүн ээси — узун бойлуу, кең далылуу, шадылуу эркекти болсо жылан чын дилинен жактырат. Кээ бир адамдардай опурулуп-жапырылбай, дайыма токтоо, калбаат. Кечкурун комузун кыңгыратып, а кай бирде билегин түрүнө коюп, көпкө чейин күү чертет. Андайда аялы дагы жасап жаткан ишинен баш көтөрө, күйөөсүнө суктана, элжирей тиктеп, муюй калат. Атургай жылан дагы адегенде Кызмончокту туурап, андан кийин чындап эле бүткүл дитин төшөп, Асылбектин маңдайында ийрейип жатып алып, башын кээде-кээде серейтип көтөрө коюп күү укчу. Ушунун баары Жан үчүн айтып бүткүс, керемет учур эле! Баарынан да Кызмончокту айт! Там-туң баскан кезинен эле комуз укканды жакшы көрчү. Атасынын оң тизесине тыпыйып отуруп алып, анын бирде каршы-терши ойноп, бирде комуздун кылдарында тыбыраган манжаларынан көз албай, сыйкырдуу жыгачтын боорунан чыккан керемет дүйнөгө кулак төшөчү.

Ошондо эле айыл-ападагылар Кызмончоктун баладан башкача зээндүү, зирек экенин айтышчу. Шыпшынып, таң калышчу.

– Капырай, ботом! Ушул кенедей немеге эле асылып калышты! Деги Кудай-таалам пендем десе, баламды жаман көз менен суук сөздөн сактаса экен! — деп Сырга андайда, эне чымчыктай канаттарын жая коюп, чебелене берүүчү. Кызынын ылдам эле бой жетип, чоңоюшун каалачу. Бирок, Кызмончок бойго жеткени деле элдин көзү менен сөзүнөн кутулган жок. Тескерисинче улам барган сайын ал тууралуу “имиш-имиштер”, ушак-айыңдар арбып, бура бастырбай турган болду. Баарынан да кыздын күнүгө бир маал кылактап, тоого жалгыз чыгып кетиши элге табышмак эле! Адегенде аны байкагандар:

– Баягынын кызын чын эле жин даарыганбы, капырай! Чак түштө эле кыр ашып, жалгыз кетип баратат! – десе дагы бирөөлөрү:

– Жок, анын көрүмчүлөрү бар экен! Көзүн байлап, ошентип эрчитип кетет экен! – дешчү. Акыркы убактарда андай имиштер шоона эшпей калып:

– Жок, кокуй! Кызмончок жыландын тилин билет дейт! Элден алыстап, ээндеп барып өзү да жыландын кебин кийет экен! – деп, атургай:

– Бетиң түгөнгү-үр! Кызмончок кош бойлуу экен! Жыландан боозуптур! Ай-күнүнө жеткенде ажыдаар-аялга айланат имиш! — деп үрпөңдөшүп, алда неден кооптонгондой акырын-аста сүйлөшүп, күбүң-шыбың болуп, ушакчылардын күнү тууп, баарынан да Асылбекке көөнү бузуктар кудуңдап, котур ташын коюнга ката башташкан!

 

***

Ушуларды ойлогон жылан эми күүгүм кирип, көз байланаар убакытты күттү.

Денесин солкулдата терең дем алып алды да, бир чети өзүн алаксытыш үчүн, бир чети өткөн-кеткенди дагы бир жолу таразалап, электен өткөрүш үчүн буга чейинки өмүрүн бүт көз алдынан чубатууга өттү.

 

***

Ооба, так ушул сомодой болгон ак жылан анда ийрелеңдеген ичке, бала жылан болчу! Кызмончок да баса элек, эмчектеги наристе эле. Экөөнүн ынактыгы ошол ымыркай кездеринде башталып, улам барган сайын алардын ымаласы ширелишкен ширин сезимдерге жуурулушуп, аруу махабатка айланып, көкүрөктөрүндө акыры сөз менен айтып жеткире алгыс арман болуп уюган.

О, бул экөөнүн башынан не деген гана керемет күндөр өтпөдү! Түбүң түшкүр бу жалгандын маңдайга жазган жазуусу, ким-кимдин өз тагдыры, эки айрылыш жашоо жолу болбогондо, бири — адам, бири — айбан экенин эстерине да албай, экөө балким бир сүйүү сезимине баш ийип, эрчишип дүйнө кезип, ааламды айланып ак уруп кетишет беле?!. А бирок антүүгө да болбойт эле! Бул жарык дүйнөгө жаралган соң, анын мыйзам-ченемине баш ийүү парз. Демек адам — адам бойдон, айбан — айбан бойдон калганы жакшы. А бирок алар аны убагында ойлоп коюптурбу? Каяктан?!.

Айткандай эле, бул окуя минтип башталган…

 

***

Белден келген бетегенин ичинде безилдеп ойноп, соймолоңдоп келатты бала жылан. Деги эле анын элпектигине, тентектигине эмне бересиң! Анан калса башка жыландарга окшобой, башкача бул! Жерден боорун көтөрүп, жашоонун жарыктыгын боолгогон эң алгачкы күндөн эле эмнегедир адамдар тарапка ыктай берет. Эне-жылан адегенде чочулап, аркасынан акмалап эрчип жүрүп тажаган соң, акыры тим койгон.

Кооздукту, сулуулукту жактырган бала жылан учуп-күйүп келатса да токтоп, чепейип баш көтөрө калып, булактын агымын тиктеп, шыңгырын угат. Кызыл-тазыл гүлдөрдү аралайт. Адамдардын конушун, жайытын акмалайт. Эки аяктуу, төрт аяктуу бу жандыктарды эмнеге жакшы көрөрүн бирок, өзү да билбейт.

Айрыкча, жайлоого ушул үй конгон күндөн баштап, бала жыландын күнү тууду. Ар күн сайын эртең менен эрте, күн менен тең жарышып келет да, обочорооктогу таргыл таштын үстүнө сойлоп чыгып алат. Таштын бийиктиги буга жакшы. Көздөрүн жылтыратып, көпкө чейин анан айлана-чөйрөсүн, айрыкча адамдардын бар кыймылын, баскан-турганын кызыгып карай берет. Анткен менен көп нерсеге акылы жетпейт, көп нерсеге түшүнбөйт. Ошон үчүн го, кээде ага башына эле эмес, бүт денесине: “Эмне үчүн?” – деген суроо толуп кеткендей сезиле берет. Ушинтип жатып, кээде ошол таштын үстүндө үргүлөп да кетет.

Баарынан да ага жакпаганы, эмнегедир эле андан баары коркуп, үркө берет. “Эмнеге?! – дейт ансайын бала жылан үтүрөйүп, – Мен аларга эмне, жамандык кылдымбы?!.” Жок. Тескерисинче так түйүлүп секирген козу-улакка, такыраң-таскак салган кулун-тайга кошулуп ойногусу, тээ учу-кыйры жок алыс-алыстарга зымырап жарышкысы келет. Жада калса бала жылан үстүнөн учуп өткөн канаттуу кушка суктанат. Куйрук-башын жерге тыпылдата чапкылап, кудум учуп кетүүчүдөй умсунуп, умтулуп калат!

А бирок аны эч ким түшүнбөйт. Ойноп, оттоп келатышып эле так ошол жылан жаткан таргыл ташка жеткенде “ойт” беришип, “дыр-р” коюп качышат.

Адам баласына да бир-эки курдай бетме-бет жолукканы бар. Бир жолу ойноп, алаксып келатып боз үйгө жетип калыптыр. Үйдүн эшиги түрүлүп, түндүгү ачык. Ичкериден казан-аяктын кылдырттаганы, адамдардын кобур-собуру, арасында аялдын шаңкылдап күлгөнү угулат. Аларга кошул-ташыл баланын үнү чыгат.

Селейип тыңшап, катып турду бала жылан. Атүгүл көптөн бери ымала санап жүргөн ушул үйгө мына-мына, азыр кирип баруучудай, канча ирээт обдулуп барып токтоду.

Аңгыча эле үйдөн капыл-тапыл адам чыга калбаспы! Экөө тең нес боло, бир топко чейин бири-биринен көз ала албай, өң-алеттен кетишип, бири-биринен коркуп кетишти.

Асылбек көп эле жылан көргөн. Бирок бул жылан андагылардан таптакыр башкача — ак жылан болчу. Узундугу эки-үч эле карыш келген бала жылан! Асылбек деле эгер көз токтотуп караса, чыбыктай болгон неменин зыяны жок экенин байкайт беле?!. Көздөрүнөн көрөт беле?! А бирок, антүүгө Асылбектин кудурети да жетпей, шашып калды. Анын үстүнө так босогонун алдында үйдү карап, алда неге ынтызар турган бу жылан Асылбекке бүткөн бойду “дүр-р!” эттирген жагымдуу да, жагымсыз да, түшүнүксүз сезим калтырды. Тээ качантан түшүнө кирип, жүрөгүн түпөйүл кыла берчү, же жакшыга, же жаманга жорурун билбей жүргөн аяны ушул окшоп сезилди...

Бала жылан да адегенде алдастай түшүп, адам баласынын бар кыймылынан көз албай, теше тиктеди. Бул экөөнүн тең өмүрүндөгү биринчи арбашуу болчу. Так ошол тикирейе тиктеген калыбынан жазбай, бир убакта адам баласы артында, үйдө жөлөнүп турган жыгач саптуу, миздүү темирге кол узатты да, бат эле анан жалаңдаган ошол темир так төбөдө ойноп, жыланды көздөй учуп келатты! Буйтай качты бала жылан. Көз ирмемдин ичинде болуп кетти, ушунун баары! Жерге тийип “чак!” эткен ачуу үндү жылан алыстап барып укту. Күрөктүн мизи жерге капортосунан бата түшкөн болчу. Бала жыландын мойну кыйылып калмак азыр. Шамдагайлыгынан калды го. Учуп-күйүп, келген жагын көздөй безилдеп жөнөгөн бала жылан таарынды адамга: “Ага эмне жамандык кылдым мен?!.”

Ушуга жооп таба албай, бушайман болуп баратты. “Чоң жылан болгонумдабы!..” — ичинде ошентип кекенгени менен, чоң жылан болгондо деле адамга анчалык акарат кыла албай, атурсун ага байланып, адам менен айбанды ажырата албай калган белгисиз бир улуу күчкө арбалып калаарын анда ал каяктан ойлоду?.. Ошол калыбында жүрүп отуруп, орчук таштуу аскасына жеткенде гана артына бир кылчайып карап алды. Бир далай жерди кантип басканын, канча убакытта келгенин билбейт. Ызаныкы го?!.

Бу кезде күн тоонун аркы бетине жашынып бараткан. Жыландын көзү жеткен бул аймактын жарымына күн тийип, жарымына эчак көлөкө түшкөн. Аздан кийин айлананы күүгүм басат. Анан ал коюуланып отуруп караңгы түнгө айланат. Тирүү жан түгүл, ай-ааламың анан акырындап уйкуга баш коёт. Дүйнөнү «жым-жым» этип, мемиреген тынчтык каптайт. А бирок бала жылан аны каалабайт! Эмнегедир эле анын дүйнөсү жарыкчылыкты, күндү эле самай берет. Дайыма эле тирүүлүктүн, кыймылдын болуп турганы кызык ага. Анткен менен, таңдан кечке жаны тынбай соймолоңдой берип, чарчап калганын өзү да туйбайт.

 

***

Асылбек комузун кыңгырттатып отурат. Кызмончок адатынча жөрмөлөп келип, быйтыйган колдору менен комузду кошо кармалап, өз тилинде чулдуруктайт. Атасы ансайын кызып, күүгө кулак төшөйт. Көздөрүн жумуп, сыбызгыган бир укмуштуудай керемет ыргактарды кайрыйт. Казан-аягынан жаңы эле колу бошогон Сырга да жоолугун оңдоп салынып, күйөөсү тарапка жароокерлене карайт. Анан ата-баланын катарына эпейип отура калып, түгөйүнө эркелей, эркелете тиктейт. Көңүлү алып-учуп, көкүрөгүндө бир назик сезим айланып, анан өз эркине өзү туруштук бере албай, ичке билектери күйөөсүнүн мойнуна жумшак оролуп, назик эриндер жүзүнөн сүйөт. Асылбектин комуздун кылын терген манжалары акырындап барып тынчый түшөт.

– Жанбиргем, менин!.. Жаным!.. – шыбырайт келин, – Эмнеге ушунчалык жакшы жаралгансың? Мен сенсиз кантет элем?.. Жакшым менин!..

Жубайынын наздуу шыбыры, буркан-шаркан түшкөн аруу махабаты Асылбекти эсинен тайыта, саамга өзүн жогото түшүп, антсе да адатынча сыр бербей, комузун жүккө жөлөй:

– Кызмончок эмне дейт?.. – деген болот.

Сырга ага деле кайыл. Күйөөсүнүн мойнуна оролгон калыбында, анын комуздан бошой түшкөн тизесине отуруп, көкүрөгүнө башын жөлөйт. Кызмончок да ата-энесинин ушул кылыгын, ысык-ынак мамилесин жактыргандай, улам бирине жароокерлене кытылдап күлөт да, же атасын, же апасын кызгангандай чырылдап ортого түшө баштайт. Асылбек экөөнө бирдей элжиреп, экөөнү тең кучагына бекем кысып, алмак-салмак жыттагылап, бакытка мас.

– Эс алалы, жаным, – дейт анан жубайына, – Сен кызыңды уктата бер. Мен малга бир көз салып келейин.

Асылбек келгиче Сырга төшөгүн салып, кызын бөлөйт. Капкара каректери бир башкача бажырайып, узун кирпиктери күн желесине окшогон, эмчек издеп эриндерин чөрмөлөңдөткөн наристенин оозуна сүтү ийип дирилдеген ак мамагын салып, тулку бою коргошундай балкылдап, энелик бир ыйык сезимге кана, ырахаттана көздөрүн жумат. Баланы уктатып коюп, түндөсү кийип жатчу ич көйнөгүн кийип, узун кара чачын жазып жиберип, жүрөгү көөдөнүнө батпай туйлап, жанбиргесин утурлай сыртка чыгат.

Кудум түн периштесиндей ак көйнөгү жер чийип булактаган, денеси от менен жалын болуп чатыраган жубайын баладай так көтөрүп ала коюп, тегеренип-тегеренип жатса, аларга кошулуп тоонун салкын жели кошо чимирилип, Сырганын этек-жеңин дирилдетип, кундуз чачын сапырып бириндетип, ансайын экөө тең жыргап күлүп, каткырып... Алар менен асмандагы Ай, тоолор кошо тегеренип, жылдыздар бакыттан көзү уялган сыяктуу ачакей-жумакей болуп жымыңдашып!..

Асылбектин каруусун жазданып жаткан Сырга бир убакта күлүп жиберди:

– Асыке?

– Ов?

– Экөөбүздү шыкалаап... тигил айды карасаң.

Ырас эле күмүш табактай жалтырап, толгон ай ал экөөнү түндүктөн кыйгач тиктеп, бир башкача төгүлүп туруптур. Асылбек ууртунан күлүмсүрөй, Сырганы өзүнө тартып:

– Кандай жарык, кандай сулуу? Эгерде эми да кыздуу болсок, атын Толгонай коёлучу, ээ? – деди кыялдана.

 

***

Ушул түнү алар бала жыландын түшүнө киришти. Канчалык өзүн жек көрүп, өлтүргүсү келгени менен жанагы адам ага түшүндө жагып турду. Ак жоолук салынып, бүйүрмө көйнөгүнүн үстүнөн саймалуу чыптама кийген жаш аял да адатынча аппак тиштерин кашкайта күлүп, кызын көтөрүп алыптыр. Алар түз эле бала жыланды беттеп келатышат. Качайын деп, мойну-башын жанталашып сереңдеткени менен денесин эч бир жылдыра албай койду, бала жылан. Аңгыча адамдардын эркеги эңкейе калып, бала жыланды колуна алды эле, аял да аны башынан куйругунун учуна чейин сыдыра сылап, эркелеткен болду. Кичинекей адамча да аны көздөй талпынып, быйтыйган колдорун сунат. Төртөө анан эрчишип алышып, көк шиберди кечип кайдадыр-кайдадыр кетип баратышыптыр...

 

***

Таң куланөөк салганда эле ойгонуп алып, түндө көргөн түшүнөн уламбы, адамдарга таарынычын унутуп, кайра да боз үйгө келди бала жылан. Жол бою чөптү аралап, шүүдүрүмгө киринип жүрүп отурду да, баягыл таргыл таштын үстүнө сойлоп чыгып, үй тарапка көз салды.

Үйдүн кожойкеси эшиктин алдына таар жая салды да, үйдөн бешик көтөрүп чыкты. Боортоктоп отура калып, баласын эмизип болду да, бешиктин боосун чечип, наристенин колдорун бошотту.

Бала жыланга бешик жакты. Андагы наристенин үн салып, колдорун эрбеңдетип-сербеңдеткени аны чакырып жаткан окшоду... Ансайын адамдар тарапка азгырылып, тыбырчылап тынчы кетип баратты! Улам берилеп жылып отуруп, акыры жакындап да келди. Наристе да анын келатканын туйгандай, үн салганын токтото калып, ал тарапка башын салаңдата карап, тыңшай калып жатканы, бала жыланды ого бетер «чакырды». Бирок бала жылан үйдөн баягы эркек чыга калабы деп, кооптоно берди. Анткен менен, жанагы аялдан башка кирип-чыккан бирөө-жарым болгон жок. Ошондон кийин гана ыңгайын таап, энеси үйгө кирип кетээри менен учуп-жетип, бешиктин бою менен бир болуп тура калды!

Кичинекей адамча менен кичинекей макулук үнсүз тиктеше калышып, элейе түшкөн наристе анан бат эле “жарк” этип күлүп жиберди. Колдорун сунуп, жыланды кармагысы келди...

Бала жылан ошого маашырлана, бешиктин кармагычына оролуп алып, наристе кытылдап күлгөн сайын мойну-башын ары-бери койколоктотту… Аңгыча боз үйдөн чыга калган аял түз эле экөөнү карай бет алды эле, сестене түшкөн жылан көзгө илешпей, таардын астына кире качты. – Эмне кыткылыктайсың, берекем? Умай энең күлдүрүп жатабы? – деп сүйлөнгөн келин баланы чечип алып, жалынып-жалбарып, кийинтип жатты:

– Каралдым! Кагылайыным! Канакей, кана, жаңы чыптамаңды кийип алчы. Ой-ий, кызымдыкы укмуш болгон го, ыя! Кийимиңдин жаны морт болсун, өзүңдүн жаның бек болсун! Менин колум эмес, Умай энелериң – Батма, Зууранын колу…

Айбан да болсо бала эмеспи, жылан кошо эне мээримине магдырай түшкөн. Аңгыча баласын көтөрүп өйдө боло берген келин таардын үстүнөн бачырата басып өттү эле, эти ооруп, жаны көзүнө көрүнө түшкөн бечара неме аялдын таманын чагып ала жаздады.

Ошол түнү ал “үйүнө” барбай, таргыл таштын коңулуна кирип жатып алды. Бирок, ошол убакта ал энесинин тынчы кетип күтүп жатканын, акыры чыдамы жетпей, артынан издеп келип, адамдардын үйүнө ойдо жок жерден алаамат салып ийээрин билген эмес!..

 

***

Эне жылан түз эле боз үйгө келатты! Буга чейин да баласын акмалап, адамдардын үйүнө далай келгендиктен, бул үйбүлө ага эчактан тааныш. Боз үйдүн ичинен кобур-собур үндөр, баланын «чыр-чур» этип ыйлап, кээде кытылдап күлгөнү угулат.

«Булардын баласы эч капарсыз, ата-энесинин мандайында!.. Менин баламчы?!.» – ушуну ойлогон эне жылан керегенин астынан үйдүн ичин карады. Чырак күйүп, бир үзүм жалын үйдү жарык кылып, ортодогу чаркеш меште чатырап от күйүп, казан кайнап жатат.

Эмнегедир баласынын дабышын эшиткиси, бул жерден ээрчитип кеткиси келген жыландын акырындап шаабайы сууй баштады. “Булар өлтүрүп койгонбу?» – деген бир жаман ой денесин дирт эттирди. О, анда эне жыланды эч ким, эч нерсе токтото алмак эмес! Анын бетин ары кылсын!..

Эне жылан эми үйгө түз эле эшик аркылуу кирип келатты! Шырп алдырбай, босого ылдый куюлуп кирип жаткан жыланды бирок, жубайлар байкашкан жок. Наристе гана билди. Саамга элейе тиктеп, тааныш бирөөнү көргөндөй, адатынча канаттарын каккылап, кубанып кетти. “Гы-гы, гы»…– деп босого тарапка талпынды. Ошону байкаган жылан да көзгө илешпей, бат эле ала кийиздин алдына кирип кетти.

 

***

Жарык өчкөн кезде үркөр жылдыз төбөгө келип калган. Баятан берки үчөөнүн кобур-собуру тынчып, анда-санда гана баланын чуркураганы, эненин уйкусунан серпиле түшүп «алдей» айтканы, бешиктин термелгени угулат.

Ачык түндүктөн жылдыз карап, суунун шарын тыңшаган Асылбек да ары оодарылып, уйкуга кетти. Анын дем алганы кудум Эне-жыландын кулак түбүнөн угулуп жатты.

Сырт да тынч. Тушалуу аттын дүпүлдөп секиргени, үй тараптан бир нерсени сезгендей анда-санда гана кошкурук атканы болбосо, ай-ааламдын өзү да уйкунун кучагына киргендей.

Эне жыландын күткөн убагы ушул болчу! Баятан бери баласынын шооратын тыңшап, үйдүн ичин туюму аркылуу «тинтип», бирок анын бул тегеректе жок экенине көзү жетип, акыры чындап эле ою жамандыкка токтоду. Денеси ого бетер таш-муз болуп, ансыз да сүйкүмсүз көздөрү тептегерек болуп күйүп, оор денесин жыбылжыта, ордунан козголду…

Капталдап жаткан Асылбек көкүрөк тушунун бүлкүлдөгөнүнөн улам ойгонуп кетти. Төшөгүнүн астын сыйпалап, колуна эч нерсе урунбаган соң гана бери оодарылып жатты.

– Уктай элексиңби? – Сырга кызын ойготуп албайын дегендей акырын шыбырады.

– Жок.

– Мен дагы. Эмнегедир эле жүрөгүм дүкүлдөйт.

– Эмнеге?

– Билбейм... – Сырга күйөөсүнө бекем ыктап, эркеледи, — Уйкум келбей жатат…

Бул убакта Эне жылан аларды айланып өтүп, бешикке келди да, кыймылсыз катып, баланын демин тыңшады. Эмнегедир нарситени чагып алууга канчалык ниеттенгени менен, ошого такыр дарманы жетпей, ээ-жаа бербеген ээнбаш оюна энелик эрки баш ийбей туруп алды! Бирок, кандай болсо да өз баласынын куну үчүн анын ата-энесинен өч алууну көздөгөн жылан: “Бала жоготкон кандай экенин билишсин! Өзөктөрү өрттөнүп, ботодой боздоп, мага окшоп зар какшап калышсын!»... – деди да, ыкчамдык менен имерилип келип, бешиктин жанындагы сүт куюлган бөтөлкөгө уусун куюп жиберди!.. Ошондон кийин гана карышкан денеси бошой түшүп, эч нерседен шеги жок, махабатка мас болгон тиги экөөнү, Кызмончокту бир кылчайып карап алып, келген жолу менен чыгып кетти!..

Азадан өзөгү өрттөнүп, жаны күйүп, боорун жерге ныгыра-ныгыра басып, анда-санда онтоп, кышылдап ыйлап баратты анан, эне жылан!

Анткен менен ал баласынын тирүү экенин али билген жок. Көксөөсү сууп, көңүлү тынмайын баары бир адамдарды жайына койбостугун ойлоп, өзүнө-өзү ант берип келатты!

Ушул учурда таштын түбүндө уктап калган бала жылан серпиле баш көтөрүп, алда кайдан келаткан тааныш дабышты тыңшап, селейе катты да, энесинин шоокумун тааный коюп, эдиреңдеп тосуп чыкты.

 

***

Бул убакта чукурана түшкөн кызын терметип, Сырга «алдей» айтты. Ылдам эле уктап кетчү балаэмнегедир кыңкыстай берип, таптакыр ойгонуп алды. Эмчек да эмбей, ээгин эмшендеткен эркесине энеси ансайын үйрүлүп түшөт:

– Уктачы, берекем! Уктай гой…
Алдей-алдей, ак бөпөм,
Ак бешикке жат бөпөм.
Аа…Аа…Аа…

Наристеге бул сапар ыр да жакпай койду.Тынчы кетип чабалактап, башын ары-бери чайкагылап жатып, чыңырып-чычып, ыйы күчөдү.

– Жаным десе! Эмне болду сага? – деген келин өбөктөй калып, баланын оозуна эмчегин салды. Ал да жакпай, Кызмончогунун чыры күчөгөндө гана Сырга Асылбекти ойготуп:

– Атасы, ойгончу, бир жери ооруп жатабы… Мындайы жок эле!.. – деп, анан:

– Сүт ичесиңби, кызым? – деп карбаластап ары жак, бери жагын сыйпалап, баланын бөтөлкөсүн издеди. Бала да ансайын алда нени сезгендей чырылдап, чучуктай чыңыра берди.

 

***

Так ушул маалда эне жылан уулуна кезикти! Баласы бет алдынан капыл-тапыл чыга калганда, чоң жыландын ансыз да тостойгон көздөрү чанагынан чыгып кетүүчүдөй чачырай түштү! Бир эсе эркелесе, бир эсе кечирим сурагандай, куйругунун учуна тура калып шыйпалаңдаган уулунун көздөрү ай жарыгында акактай жанып, жароокерленип турган!..

Эне жылан көргөн көзүнө ишенип, ишенбегендей эсин жогото түштү! Келаткан ордунда каккан казыктай катып, бир убакта анан капортосуна чейин тикчийип тура калды да, кубангандан бекен же ачуусу келгенгеби, айтор, демейдегидей эмес, кандайдыр бир узакка созолонгон үн чыгарып:

– Тс-с-с-с! Тс-с-с-с-с!.. – деп ийди. Бир карасаң үшкүрүккө да, ышкырыкка да окшогон бул үн жыландын тээ куйругунун учунан бери бүт денесин өрдөп өтүп, көмөкөйүн күч менен жарып чыккан сыяктуу өтө мукам, оор болчу.

Ошондон кийин гана өзүн жагалдана тиктеген уулуна эңкейип, анын ай нуруна чагылышып, ого бетер жылтылдаган аппак, жылмакай денесин мойнуна орой, өзүнө эңип ала койду. Бала жылан ушул ирмемде энесинин көздөрүнөн кулап түшкөн эки тамчы шүүдүрүмдү көрдү!.. Көрдү да, таң калды! А бирок анын эмне экенине акылы жетпей, анан ал жөнүндө тез эле эсинен чыгарып, алаксып кетти. Бала жылан качандыр бир өзү да ушинтип ыйлаарын, анда билип коюптурбу!..

Бирок бактылуу бул ирмемдер узакка созулган жок! Бала жытына балбаалап эрип, жанбиргеси менен жыргап ойноп, эркелешип турган эне жылан бир убакта алда нени эстегендей “селт” этип алды да, денеси түктүйө түштү! Мойнунда оролуп, куйрук-башын салпаңдатып, тыбырчылап ойноп жаткан уулун анан денесинен күч менен жерге таштап жиберип, чымын-куюн түшүп кайра артына – боз үйдү көздөй жөнөдү!

Түшкөн жеринде саамга кыймылсыз жаткан бала-жылан да тура калып, безилдеген боюнча энесинин артынан баратты! Анткен менен заматтын ортосунда кыйла жерге узап кеткен зор жыланга жете албай, а бирок ансайын өжөрлөнүп, болгон күчүн үрөп, жаналакетке түшүп алды.

 

***

Бул кезде үйдөгүлөр дүрбөп калышкан...

Жапжакшынакай эле ойноп уктаган баланын басылбай, чыңырып-чыркыраганы башкача эле! Ата-энеси экөө бирдей үрпөңдөп, үстүнө үйрүлүп түшүп, жалынып-жалбарганына карабай, ыйлай берген бала кара терге чыланып кетти. Жаңы эле чырак күйгүзүп, баланын бөтөлкөсүн колуна урунткан келинге:

– Эмизчи, – деди Асылбек баланы берип, — Эмизип көрчү?..

– Азыр... – деп Сырга отура калып, баланы канчалык бооруна тартып, эмизгенге аракет кылганы менен Кызмончок ансайын башын чалкалатып, тырышып туруп алды.

– Эмбей жатат! – деп анын буга чейин минтип ыйлаганын көрбөгөн келин өзү кошо ыйлап алган:

– Кудайым, ай! Эмне кылам эми?! Берекем, берекем!.. Болдучу эми, берекем! Ай, ай, ай!.

Бир убакта эсине бир нерсе түшө калып, коркуп кетти:

– Асыке?! Курт-сурт чагып алган жокпу, ыя?!

– Кудай сактасын! Берчи мага? – Асылбектин оюна эмнегедир бала жылан элестеп кетти. Баланы колуна алып, ары-бери көтөрүп көпкө алдейлеп жүрдү да, басылбаган соң:

– Суусап атпасын, сүт берчи! – деди жаман ойдон качкысы келип. Шалдайып отуруп калган Сырга эсине келе түшкөндөй, тегерегин сыйпалап бөтөлкө издеп жатып, бир убакта бет алдын тирмийе тиктеп, ката түштү да, бөтөлкөгө сунган колун калчылдатып:

– Аа-а-аа-аа!!! – деп ай ааламды жаңыра ачуу чаңырып алды.

Ушул тапта жыландын жарымы али босогонун сыртында жүргөнү менен, жарымы эчак үйгө кирип, так маңдайына келип калган! Алар тиктешип калышты! Экөөнү карап, баланы бооруна бекем кыскан Асылбек да ката түштү! Атургай денесин майда калтырак басып, кара терге чыланып кетти!

Сомодой болгон кара чаар жыландын түссүз, сүйкүмсүз көздөрү чырактын жарыгында ого бетер сүрдүү, коркунучтуу болчу. Өзүнүн муун-жүүнү бошой түшкөнүн сезе, анысын ким бирөө билип койгондой, Асылбек бат эле анан намысына келе калды. Эсине бая күнкү, үйдүн артынан кезиккен бала жылан «кылт» этип: “Жакын арада ордосу бар окшойт!” – деди оюнда.

Сырга болсо жанагы ачуу чаңырыктан кийин үнү үзүлүп, анын ордуна көмөкөйүнөн кыска-кыска уңулдап, жыланды тиктеген калыбында калчылдап отурат. Жылан да ансайын Сыргадан көзүн албай, атургай анын жанында турган Асылбектин да ар кыймылын көз жаздымга кетирбей, түктөйүп тиктеп турат.

Адам менен жыландын арбашканы тууралуу апасынан далай уккан Асылбек да аны көз ирмебей тиктеп, эриндерин да кыймылдатпай, аялына акырын, көмөкөйүнөн үн катты:

– Акырын, Сырга!

Ошондон кийин гана эсине келгендей, келиндин уңулдаганы басылып, жыландын да денеси саал бошой түшкөндөй болду. Ошондо да адамдарга алда нени эскерткендей, кандайдыр бир башкача сес көрсөтө:

– Тс-с-с-с!!! – деп эки ачакей тилин соймоңдотуп койду. Үйдүн ичин саамга жымжырттык уялай түштү. Жада калса баланын да ыйы басылып, атасы көкүрөгүнө тарткан сайын тыбырчылап, жылан тарапка жүткүнө кол сунуп, быйтыйган манжаларын ачакей-жумакей кылып, көңүлү ачыла түшкөнсүдү.

Ошондон кийин гана жыланга жан кирип, алдындагы бөтөлкөгө бир жыйрылып жетти да, “шып!” эттирип мойнуна илип ала койду. Анын эмнени ойлоп, эмне жорукту жасаганы жатканын түшүнө албай, үйдөгүлөр үн-сөзү жок катып турушту.

Көз алдындагы окуянын өңү же түшү экенин ажырата албай, көздөрү алайып, эси ооп отурган Сырганын денесинен алка-шалка тер кетип, кулагы да эч нерсе укпай, жыланды тиктеген боюнча эле шалдайып отуруп калды. Канткен менен Асылбек кайраттуулук кылды. Эки көзү жыланда болгону менен кыбыр эткендин баарын байкап, туюп турду. Бирок ал ушуга чейин мынчалык зор жыланды көргөн эмес! Болгондо да түн ичинде үйүнө кирип келип, заматтын ортосунда алаамат кылып ийет деп ким ойлоптур?!. Ушундай укмуштуу окуя болгонун бирөөдөн укса, ишенбейт да болчу.

Жыландын бөтөлкөгө оролгон мойну узарып, алдыны көздөй чоюла түштү да, айнектен “тырс!” эткен дабыш чыгып, бир убакта бөтөлкө бычырап кетти. Бөтөлкөнүн түбү жерге түшүп, жыландын денесинен ылдый агып түшкөн сүт акырындык менен жерге сиңип кетип жатты. Ошондо гана жылан эс ала түшкөн сыяктуу, жанагыдай эле -үшкүрүккө окшогон үн чыгарып, денесиндеги айнектин күкүмүн силкип таштап, сыртка бет алды. Жылан жана кандай кирсе, эми да так ошондой болуп, боз үйдүн босогосунан сыртты карай көпкө чейин жыбылжып “агып”, чыгып баратты. Ага удаа эле, чепеңдеп кетип бараткан баякы бала жыланды байкай койгон Асылбек: “Демек, баласын чапканым үчүн келген тура!” – деди оюнда.

Жыландар кеткенден кийин да алар бир топко чейин үн-сөзсүз, кыймылдабай отура беришти алар. Качан гана Сырга үңүлдөп ыйлай баштаганда гана Асылбек жанагыдай аста унчукту:

– Акырын!

“Дагы эмне балакет болуп кетти?!” – дегендей, Сырга элеңдеп эки жагын каранып алып, оюна жаман бир нерсе түшүп кеткендей:

– Кызмончок?! – деп чыңырып тура калды. Анын эмне ойлогонун түшүнө койгон күйөөсү:

– Чш-ш, акырын! Ойготосуң, – деди. Кызмончок мемиреп, уктап кеткен болчу.

Бул убакта эне жылан менен уулу караңгыда калдайып, ого бетер сырдуу, сүрдүү көрүнгөн тоолор тарапка кетип баратышкан...

 

***

Коркконгобу же чыйрыгып калганбы, Сырганын ээги-ээгине тийбей, калчылдап чыкты. Асылбек кызын анын колуна кармата коюп, экөөнүн үстүнө бирдей калтар ичигин жаап, кымтылап койду. Өзү анан сыңар тизелеп отура калып, бир колуна чырак кармай, бир колу менен жылан сындырып кеткен бөтөлкөнүн сыныктарын кармалап, карап жатты. Сүт төгүлүп, нымдалган жерди да сөөмөйү менен чукулап көрдү. “Бул кандай сыр?! Жыландын бул эмне дегени?!” – акыл-эсин жабалактап, жалаң ушундай суроолор ээлеп алганы менен, жандырмагын такыр таба албай койду! Кайдан тапсын!..

Кара чаар жылан баласынын изин кууп, бул үйгө тээ күүгүмдө эле келгенин, жаза тайып, бала жыландын изинен жаңылганын, акыры: “Булар баламды жайлаган экен! Анда мен да алардын тукумун курут кылайын!” – деп ою жамандыкка бурулуп, бөтөлкөгө уусун куюп кеткенин, бирок жолдо баласын таап алып, кайра келип уусун төккөнүн, бу жыландан башкача бүткөн макулуктун бир өзүнөн, анан да бир Кудайдан башка ким билет?!

Асылбек мешке от тамызды. Кургак куурай менен тезек заматта дуулдап, чаркеш меш “тырс-турс!” этип ысып, үстүндөгү чайнек тызылдап, эми элеки мистейген үйдүн ичине жан кире түшкөнсүдү.

Кайнап, төгүлө баштаган чайнектен чай куюп, кызын кучактаган боюнча кыймылсыз катып отурган Сыргага сунду:

– Ысык-ысык ууртачы...

Айткандай эле жан кирип, жылый түшкөн жубайы бир убакта:

– Асылбек, – деди ыйламсырап, – Жакага кетеличи?

Күйөөсү унчуккан жок. Аялы менен кызын ороп-чулгап төшөккө жаткырды да, Сырганын көзү илингенден кийин сыртка чыгып кетти.

Асман ачык экен. Тээ төмөндөн күрүлдөп-шарылдаган суунун дабышы эле болбосо, түн жымжырт болчу. Жылдыздар жымыңдап, ай жарык турат. “Бир аздан кийин таң сүрөт”, – деген Асылбек көөдөнүн кере, муздак абадан терең-терең дем алып, көкүрөгүндө көрөңгөлөй түшкөн суроолорго жооп издеди: «Соо жыландар эмес булар! А бирок... эмнеге алар менин үйүмдү айланчыктап, имерчиктеп калышты?! Же бир жеримден жаза тайып, жаңылдымбы?! Эмне кылдым?!.”

Бирок жообун такыр таба албай, көпкө чейин сыртта жүрүп, качан гана жылдыз суюлуп, жерге жарык түшө баштаганда гана үйгө кирди. Ансыз да түнү бою эти от менен жалын болуп, чабалактап чыккан Сырга шыбырттан чочуп, бакырып тура калды да, Асылбек экенин көргөндөн кийин да көпкө чейин жүрөгү лакылдап, өзүнө келе албай жатты.

– Мен эле... – деген Асылбек аялын жоошута көкүрөгүнө кысты, – Болду эми, кечке эле корко бербей! Алар эми келбейт. Кетишти...

Анткен менен бир эле түн ичинде ушунчалык өзгөрүлүп, өңүнөн аза түшкөн келинчегин аяй, кабыргасы кайышып кетти. Баладай кылып кымтылап жаап, төшөгүнө кайра жаткырып жатып, эмнегедир эсине чарадагы сүт түшүп кетти. Жакын келип, сүткө үңүлө карады. Каймагы калдайып, демейдегидей эле өңдөндү. Ошентсе да алда неден күмөн санай, сүттү эшикке көтөрүп чыгып, үйдү айлантып чубурта төктү да, куйругун шыйпаңдатып жетип келген дөбөткө калганын куюп берип, ит ичип бүткүчө карап турду. Кожоюнунун бул жолку марттыгына таң калгандай, Кумайык шоңшоюп отура калып, дагы үмүт эткендей Асылбек менен чараны алмак-салмак тиктеди. Кудай жалгап ит эч нерсе болгон жок. Бир топ убакыттан кийин итти кайра да чыгып карады.

 

***

Сырга уйкусунан ойгонгондо күн кыйла көтөрүлүп калган. Ошентсе да, демейдегидей болбой денеси талыкшып, башы көтөрүлбөй калыптыр. Нымшып тердеп, алсыз шалдайган колдорун араң көтөрүп, төшөнчүсүн жыйды. Анткен менен Асылбектин ашыкча камкор боло түшкөнүнө ичи жылый, көңүлү кичине көтөрүлө түштү. Бирок бир убакта көздөрү алда неге уруна калып, эмне кылаарын билбей калдастай калды да, эшикке чуркап чыкты:

– Асылбек?! Асыке дейм-м?!

Атын токуп жаткан күйөөсү тизгинди мамыга шашылыш орой салып, чуркады:

– Эмне болду?!

– Жүрсөң, Асыке?! – башка эч нерсе айтпай эле эрин билектен алып, үйгө жетелеген Сырга босогону аттап-аттабай жатып, түндөгү бөтөлкө сынган жерди көрсөтүп:

– Тигини карачы! – деди өзү да бүшүркөй карап.

Асылбек сыңар тизелеп отура калып, мештин алдында чалкасынан түшүп, курсагын чандайтып өлүп жаткан чычканды көрдү да, буларга жедеп көнүшүп, эчактан тааныш болуп калган, кичинекей зыяны жок макулукту камчысынын учу менен оодарып карап:

– Ыргытпа! – деди калак көтөрүп келген Сыргага.

– Эмнеге? – таң кала сурады келин.

– Жөн эле. Кокус ууланып өлгөн болсо, ит-сит жебесин дегеним.

Ушул жолу Сырга дагы суранды:

– Асыке?! Бул жерден кетеличи?!.

Укпай калган окшоп, Асылбек анда да үндөгөн жок. Чычканды калакка өзү салды да, алып чыгып баратып:

– Тигил, сүттүн ордун кырып салчы, бала кармабасын! – деп үйдү айланып басып кетти.

Сырга бул күнү кечке кызын колунан түшүргөн жок. Качан гана уктаганда жүктүн үстүнө жаткыра коюп, жердеги ала кийизди эшикке жайды. Түндө сүт төгүлүп, нымдалышкан жерди шыпырып салып, ошол жердеги бармак басымдай оюктун оозуна топурак толтуруп койду.

 

***

Үйдөгүлөр качан тынчый калып, эшикке кеткенде, же уктаганда ошол оюктан дайыма жанагы чычкан чуркап чыгып, ары-бери жүгүрүп тамак издечү бечара. Анын кичинекей көздөрү өтө коркок, анткен менен баланыкындай ойноок, мээримдүү болчу. Адегенде Сыргадан аябай коркор эле. А кийин экөө көнүшүп алган. Сырга уянын оозуна дайыма тамак коюп койчу. Айткандай эле, ошондон кийин чычкан чыны менен эле капты жыртып, жууркан-төшөктү аралаганын койгон. Качан-качан уядан анын тумшугу, анан жылтылдап көздөрү көрүнүп, башы кылтыйып чыкканда Сырга:

– Ой, жалкоо, тамаксоо! Дагы чыктыңбы? Тамакты талаадан издебейсиңби! Биз кеткенде кантесиң?! – деп тап берип калчу.

Байкуш чычкан! Көнгөн адаты менен бу жолу да эртең менен жүгүрүп чыгып, ууланган нанды жеп ийип, тындым болуп жатпайбы!

Ансыз да босого тарапка улам кылчактап, жылан кирип келаткандай элеңдеген Сырга чычканын шылтоо кылып, бышактап ыйлап алды. Канчалык карманганы менен, акыры андан ары карманууга кудурети жетпей калды. Түнү менен жөөлөп, эти от менен жалын болуп, улам түшүнөн чочуп тура калып, уктабай чыкты.

 

***

Эртең менен эрте аттанып, жакага түшүп кеткен Асылбек түш оой Бүбү кемпирди алып келип калды.

Бүбү кемпир жети күнү катары менен Сырганын жүрөгүн көтөрүп, дем салды. Ар бир жолкусунда өзү кошо шалкылдап тердеп, миң бырыш баскан чүтүрөкөй жүзү бирде кубарса, бирде кызарып, көздөрү бирде сүзүлүп, бирде аңтарыла түшүп: “сүф-ф!” – дем улам дем бүрккөн сайын жоолугунун астынан булайып чыккан ак буладай чачтары кошо сапырылып, желге желпилдей түшүп жатты.

Ара чолодо энтигип, эси оогондой эки колун “шалак” таштап ийип, шалдайып отуруп калат да, бир топто барып:

– Бери болчу! – деп эти качып, териси эле калган арык, анткен менен карылуу колдору менен улам кайра келиндин жүрөгүн көтөрөт.

Ара чолодо Кызмончокко да дем сала коюп жатты да:

– Кудайым чоң сактаган экен! – деди, – Балага катуу көз тийиптир! Бирок, Кудайдын кудуретин карабайсыңарбы! Кайра эбепке – себеп кылып...

– Кимдин көзү тийет, апа? Жайлоого чыкканы киши-кара деле келген эмес?

“Мени эмне, калп айтып жатат дейсиңби?!” – деп жактырбагандай эне келинди кыйгачтай карап алды да:

– Кишинин көзү тийсе, наристе көтөрүшү мүмкүн. Кеп башка... – деп келатып, көздөрүн жума калып, көпкө чейин унчукпай чайпалып отурду да:

– Астафрылла!.. – деп жакасын карманып ийди, – Буту-колсуз, ырайы суук кара чаар жыландын сугу өткөн экен буга!..

Кемпирдин кудум жыланды өз көзү менен көргөндөй окшоштуруп айтканына таң калып, Асылбек менен Сырга бири-бирин карашты.

– Ооба, апа, алиги жыландын кебетеси так ошондой болчу, – деди келин.

– Ошондо жылан үйүңөргө экинчи жолу кириптир... Биринчисинде мына бу жерде жаткан окшойт... – Асылбек, жатчу жерди таягынын учу менен чукулап койду, – Жарык өчкөн кезде анан бешикке келиптир... Асылбек, сен туйган экенсиң го?!

Асылбек “селт” эте түштү: “Менби?! Кантип?!..” Анан бир нерсе жүргөндөй көкүрөгүнөн алды бүлкүлдөй түшүп, бирок сыйпалап көрүп, колуна эч нерсе урунбаганы, Сырга экөөнүн сүйлөшкөндөрү эсине түшүп кетти.

– Бирок, ошо байкабай калганың дурус болуптур, – деди эне анын оюн окугандай, – Бу да болсо Кудайдын колдогону да... Ошондон кийин жылан бешиктин жанына келип, балага назарын төшөп, көпкө карап турган экен, сугу өтүп кеткендей... Бала чыңырып-чычып ыйлады беле? – көздөрүн ачпаган тейден, ошол окуяны кудум көрүп жаткандай сүйлөнө берди эне.

– Ооба! – дешти жубайлар.

– Бирок жыландын кайрылып келгени жакшы болуптур! Болбосо, сугу баланы соо кылмак эмес! Жарыктык, ошону билип, назарын кайра алганын кара!..

– Апа, аларга эмне керек экен?! – деди Асылбек чыдамы түгөнгөндөй.

Апа андан аркысын айткысы келген жокпу, же чын эле чарчап калдыбы:

– Балам, мен кары кишимин. Чарчадым! Анын үстүнө мен Кудай эмесмин да! Теңирдин айт дегенинен ашыкты айта албайм! – деп койду.

Качан гана жетинчи күн дегенде Сырга өзүнө келип, төшөктөн турду. Ошондо гана Бүбү кемпир үчөөнү маңдайына отургузуп алып, улам бирин камчы менен жонго таптап, көпкө чейин дуба окуду. Андан кийин да теспесин тегеретип, эриндерин гана бүлкүлдөтө ичинен күңгүрөнүп, көздөрүн жума чайпалып отурду.

Кичинекей Кызмончок да алда нени түшүнүп койгонсуп, атасынын алдында момурап, кемпирден көзүн албайт. “Эми дагы эмне деп ийет?” – деп ичтеринен түйшөлгөн жубайлар бири-бирин үнсүз карашат. Тээ далайда гана кемпир ичиркене, денесин бир катуу силкип, жыйрылып алды да:

– Ля иляха-илляллоху мухаммадур расулулах! – деп бир нече жолу үн чыгара келме келтирип, – Астагфираллах, астагфираллах! – деп жакасын карманып ийди. Ошондон кийин да далайга барып майы түгөнүп, бүлбүлдөгөн көздөрүн жылтырата чала-була ачып, өзүн тиктеп, үн-сөзү жок алайып отурган үчөөнү кыдырата карап:

– Бул балада касиет бар экен, – деди Кызмончокту ээги менен жаңсай, – Колдогону бар экен...

Бир убакта кемпир башка дүйнөдө жүргөндөй өзү менен өзү болуп кетти. Ким бирөө менен сүйлөшүп жаткандай бирде угуза, бирде угузбай күңгүрөнүп атып:

– Ал силерден кетпейт го... Кетпейт! – деди, – Акыр аягында бири-бириңе ымалашып!.. Астагфираллах! Көзүм эмне шумдукту көрүп, көкүрөгүм эмне шумдукту туюп жатат?! Шумдук бул!..

Бүбү үн чыгарбай, алда нени угуп жаткандай дымып, жымжырттыкка кулагын түрө тунжурай калып, тээ далайда барып анан:

– Өх-х-хх!.. – деп өзөгү жарылып кеткендей созолоно, узакка үшкүрдү да, шалдайып отуруп калды.

– Апа?! – деп ийди жедеп чыдамы кетип, жүрөгү лакылдаган Сырга бир убакта, – Эмне көрдүңүз, апа?!

Өңү түктүйгөн Асылбек да кемпирден ушуну сурагысы келип, бирок өзүн кармай, сабыр тутуп отурган.

– Билбейм! – деди кемпир чындап эле өзүнө-өзү күмөнсүй, – Жакшылыкка да, жамандыкка да окшобогон бир укмуш!

Башка эч нерсе айтпай, этек-жеңин кагына анан ордунан козголду:

– Мен кетейин...

– Ачык айтып, ак сүйлөңүзчү, апа?! – Сырга анын этек-жеңине жармашты, – Айтыңызчы, апа?!

– Чш-ш! Кантет? – деди эми бүбү кемпир аны жоошута бек-бек айтып, – Ботом, бу кандай опсуз келинсиң, өзүң?! Мен жыландардын адам баласына ык тартып, зыянсыз аралашканын айтып жатам!

– Аа... – деген Сырганын жүрөгү ылдыйлап, ынангансып калды да, ордунан тура калып, байбиченин үстүнө көйнөк-чапанын жаап, сүзмө-курут, каймак-май, набат салган куржунун ала чуркап:

– Апа, муну бала-бакырага ала бараңыз, – деди.

Байбиче босогого жеткенде алда нени унутуп калгандай артына атайын кылчайып:

– Айтмакчы, ал макулуктардан эми чочучу болбогула. Жыландардын силерге залакасы жок! Жакшылык-жамандыгыңарда жаныңарда болчудай... Бирок бу тууралуу көрүнгөнгө айта бербей, сыр сактаганыңар оң! – деп анан алакан жая бата кылды, – Омийин! Жараткан Теңирим силерди жамандыктардан, саат-кырсыктардан коргоп, колдосун!

Бүбү кемпирди Асылбек куржун-чанач артылган боз бээге так көтөрүп атказды да, тээ Жинди-Чаптан ары ашырып, узатып келди.

– Болду эми, балам! Катын-балаң жалгыз эмеспи, кайта бер! – деди ошол жерге жеткенде апа, – Эми мындан аркы жер сырдана го, жетип алам. Бара гой!

Айткандай эле адырдын этегинен чоң апасынын жолун акмалап, небере-чөбөрөлөрү тосуп жүрүшкөн.

 

***

Канткен менен касиеттүү кишинин жети күнкү деминен уламбы, Сырганын өңүнө кызыл жүгүрүп, баскан-турганы баштагысындай оңоло түшкөнгө Асылбек да жайдарылана түштү.

– Тигил апа эмнени эле сүйлөп кетти? – деди кечки тамактын үстүндө Сырга, – Абдан сыпайы киши эле... Жарыктык, кичине алжый түшкөнбү?

“Ырас эле” деп ойлогон Асылбек да ошого ынангысы келип:

– Өгүнү: “Быйыл күздө токсон жетиге чыгам” деп божурап келди. Дагы сөөгү жакшы, кыйын киши экен, – деп жубайына оюн-чындан тамаша айтты, – Бир жылан көргөнгө эле ушунча убара кылдың, ушу сен алтымышка жетпей, алжыбасаң болду...

Кыткылыктап күлгөн келин адатынча күйөөсүнүн мойнуна оролуп, эркеледи:

– Болду да эми, кечке эле ошону айта бербей!

– Болбойм! Эмнеге болом! Же калппы?..

Экөө анан алышып ойноп, ошол жерге кулашты.

Бирок так ушул күндөрдөн, ушул убакыттан баштап, чын эле бир укмуштуу окуянын башталганын алар байкашкан жок.

Бул убакта ары карап ойноп отурган Кызмончок өз тилинде чулдурап сүйлөп, кытылдап күлүп жатты. Ата-энеси болсо: “Бала жакшы ойноп жатат,” – деп санаалары тынч. Бала жылан адатынча керегенин астынан жарым жыртылай кирип алып, мойну-башын койколоктотуп, наристеге бийлеп берип жаткан.

 

***

Бара-бара Кызмончок да жыланга көнүп, көрүнбөй калса тегеренип издеп, кайсалактап калчу болду. Кээде атайын эле тыпылдап жөрмөлөп барып, жылан кирип-чыкчу керегенин астын шыкаалап, үн салып чакырат эле. Бала неме жылан эмне экенин билип коюппу, тек гана аны көздөрү жылтыраган, эки ачакей тили, жаны бар оюнчуктай көргөндүр...

Көпкө чейин байкабаганы менен Асылбек менен Сырга жыланды кийин көрө калып жүрүштү. Атургай алар бара-бара Кызмончоктун жылан менен кадимкидей үн алышып, чулдурап сүйлөшүп, көнүшө түшкөнүн да баамдап, байкай башташты. Бүбү эненин алжыбай-этпей эле, касиетинин али күчүндө экенине ошондон кийин гана ынанып, жыланга кол көтөрмөк түгүл өздөрү да ага акырындап көнүшүп, атүгүл ансыз коңултуктап калышчу болгон. Жылан да ошону сезгендей, буларга эми ачык эле аралашып, ээн-эркин сойлоп келе баштады. Кудум ойноп-ойноп чарчаган балага окшоп, Кызмончок уктаганда кошо уктап, бешиктин аяк-башына түйүнчөктөй түйүлүп жатып калат да, ал ойгонгондо кошо турат.

Бара-бара Сырга да ага ишенип алды. Эшикке кенен-кесири кирип-чыгып:

– Мен бээ саап келейин, сен Кызмончокту жакшылап карап тур, ээ? – деп, кээде: – Суу апкеле коёюн, жарайбы? – деп кишиге ишенгендей ишенип кетет да, бирок баары бир шашкалактап, жүгүрүп келет.

 

***

Ак мөңгүлүү Ала-Тоонун арасына жаз менен жай канчалык кеч келген сыяктуу, күз да ошончолук эрте келет. Эртели-кеч күн сууктап, жакага түшөр маал да кирип келди.

“Көчөбүз” дегенден бери жылан жөнүндө ойлончу болгон Сырга:

– Тиги эмне болот? – деди үй чечип жатканда санааркай. Ал жыландын атын атагандан айбыгып, дайыма ошентип койчу:

– Кызык, биз кетсек тигил издебес бекен?.. – деди дагы.

– Ким билет, издеп-издеп калар да! – деген Асылбек өзү да азыр ушуну ойлоп турган. Бир чети анын макулук болсо да буларга ылым санап, аралашып алганына ичи жылыса, бир чети андан таптакыр кол өзүп кетүүнү эп көрдү.

“Бөрү баласы ит болбойт”, канткен менен айбан да. Бирде болбосо бирде жазып-тайып!.. – ушуну ойлогондо Асылбектин денеси “дүр-р!” дей түшөт, – Бала деген бала да, ойноп жатып ачуусуна тийип алса, айбан неме?!..”

Жыланга чактырып, баласынын “чыр-р!” эткени көз алдына элестей түшкөн Асылбек эми өзү да бул жерден эртерээк кетүүнү ойлоп, шашып калган.

 

***

Жылан келгенде боз үйдүн орду гана калыптыр!

Адегенде эмне болуп кеткенине түшүнбөй, адашып башка жерге келип алгандай айлана-тегерегине чебелене карап, акыры асман-жери аңтарылып кеткендей болду! Анткени, жандилинде жакшы көрүп, өз тукумунан артык көргөн бул эки аяктуу пенделерин жоготуп, чаламандын чак түшүндө таппай калам деп ойлобосо керек ал!

Жылан да болсо көздөрү алачакмактап, ордунда тегеренип-тегеренип кетти! Үнү чыкпаганы менен жандүйнөсүндө ааламды жаңырта бир катуу кыйкырып алды! Боз үйдүн ордун улам кайра, улам кайра тегеренип, Кызмончоктордун кай тарапка кеткенин аңдай албай, ааламды айландыра карачудай, тикесинен тикчийип туруп алып, көзү жеткен жерлерди кыдырата карады.

Анткен менен бала жылан бу кезде баягыдан алда канча ирденип, алда канча чоңоюп калган...

 

***

Өздөрү эч кимге эчтеке айтпаганы менен, айыл-ападагылар эчак уу-дуу болуп, эки кишинин башы кошулса эле кеп кылганы Аслбектин үй бүлөсү болуп калыптыр. Жада калса коңшунун:

– Сыйга апа, өөлайды өөп алайынбы? – деп мурдун шор тартып, эртели-кеч өйгө эрчишип кире берчү балдары да буларды чочуй карап, бойлорун ала качып калышкан экен. Бир күнү анан ошол балдардын чоңураагы Сыргадан:

– Сыйга апа, сиздин өөлай чоңойгондо жылан болотпу? – дейт элейе карап.

– Ок! Эмне дейт?! – ансыз да араң жүргөн Сырга чочуп кетет, – Ким айтты антип?!

– Тиги-и... апам, анан Бөкөндүн атасы, Жийденин апасы... Ии-и... – деп какап-чакап жатып бир топ кишинин аттарын атап жиберди бала.

Эзели оозунан жаман кеп чыкпаган Сырганын жаны кашайып кетти:

– Ошолордун оозуна кара таш! Капырай, кенедей баланы ошенткенге кантип ооздору барат?!.

Деген менен уурусу кармалып калган кишиче өңү түктөйүп, кенедей баланын көздөрүнө тике карай албай кайпактап кетти.

Ал эми кичинекей Бектемир бала болсо да Сырганын:

– Жок! Алар калп айтат! – дегенин уккусу келип, анын көздөрүнөн бир нерсе издегендей үмүттүү карады. Бирок, тилекке каршы Сырга апасы антип айткан жок. Эмнегедир шаабайы сууй түшкөн бала, кошуна апасы үйүнө кирип кеткенден кийин да бутунун учу менен жер чукулап, көпкө чейин ошол жерде турду...

 

***

Ошол жылы кар эрте түшкөн. Түнү бою балпалактап жаап чыккан кар таң атканча тоо-түздүн баарын аппак кылып боёп таштады. Эртең менен чыйрыгып ойгонгон Сырга туруп эле терезени карап:

– Кар жааптыр... – деди. Эмнегедир эсине бала жылан түшүп кетти.

– Тигил байкуш кантти экен? – деди анан тоо тарапты санааркай карап. Бирок Асылбек чын эле ачууландыбы же тек гана ошентимиш болдубу, айтор жактырбагандай күңк этти:

– Ал жөнүндө экинчи кулагыма угузбачы! Ансыз да элден жакшы сөз уккан жокпуз!

Сырганын оозу жап болду. Ошондон кийин жылан жөнүндө кеп кылганын токтотуп, бара-бара эсинен чыгарып да таштаган. Анткен менен жылан дайыма наристенин түшүнө кирчү. Кудум баягысындай койколоктоп бийлеп, Кызмончокту күлдүрүп, ойнотуунун аракетинде боло берет эле. Ошондон уламбы, “шырп!” эткен дабыш чыкса Кызмончок элеңдей түшүп, тегеренип издеп калчу. А бирок ата-энеси аны байкачу эмес.

Эл ичиндеги уу-дуу ушак азайып, эл катары тиричилик өтө берди. Асылбектер жаз алды менен акылдашып, бул жайда жайлоого конуш которуп, таптакыр башка тарапка көчмөй болушту. А бирок!.. Бирок алардын антээрин билген сымак, күндөрдүн бир күндөрүндө булардын турмушунда баягы бала жылан кайра да пайда болду!..

 

***

Кызмончоктун тили чыгып, жыгылып-туруп басып калган.

Кыркындын маалы болчу. Наристе кой короодо, эне-атасынын жанында ойноп, колундагы чыбыгын сереңдетип, мал айдаган болот. Аны көрө ата-энесинин ичи эзилип, жалынып-жалбарып коюшат.

– Эптеп киши болуп келатат ээ, атасы? – деген Сырга, Асылбек улам бир койду жылаңачтап, жүнүн сыйрып алып тургузган сайын экинчисин шыйрактап келет.

Аңгыча короодогу мал “дүр-р!” этип үркүп, Асылбектер жактагы бурчка чогулуп калышты. Короонун аркы бурчунда сербейип, Кызмончок эле калыптыр!

– Буларга эмне болду?! – деди Сырга ары жак, бери жакка сереп салып.

– Ит-сит жүргөндүр да, – деген Асылбек ага анчейин маани берген жок. Сырга да ошого ынанып, тынчый калды да:

– Кызмончок?! Кел бери? – деп ичи ысый, элжирей чакырды. Бирок кызы апасын карап да койгон жок. Чыбыгын турган жерине таштап салып, ошол жердеги жем-акырдын ичине колун сунуп, өзүнчө кытылдай жыргап күлүп, өзү менен өзү сүйлөшө берди.

– Кош! – деп Сырга бурчка тыгылган койлорду бери айдады эле, эмнегедир бири да жылбай, көшөрүп туруп алды.

– Буларга эмне болгон?! – деп аларды артынан түрткүлөп жатып, бир убакта оюна бир нерсе түшө калгандай “селт” этип, жүрөгү лакылдап кетти. Кызынын жанына кантип учуп жеткенин өзү да байкаган жок.

Жаңылбаптыр! Койлор жем жечү узун акырдын ичинде ийрелип жаткан жылан башын көтөрүп, Кызмончокту тиктеп туруптур. Сырга эмне кыларын билбей кетти! Оозунан келмеси ыргып, же кызын көтөрүп ала коё албай, же күйөөсүн чакыра албай, экөөнү алмак-салмак тиктеген боюнча нес боло түштү.

– Эмне болду?! – деди аны байкай койгон Асылбек. Сырга жооп берүүнүн ордуна, оозунан алдырган кишидей аны жалдырай тиктеди. Ошондо гана Асылбек ишин токтото коюп, алда неден кооптонгондой басып келди да, көргөн көзүнө ишенип да, ишенбей да делдирей түштү – жылан! Болгондо да баягы бала жылан! А бирок андагыдан алда канча өзгөрүлүп, кадыресе жыландай чоңоюп калыптыр. Булар жыландын ошол экенин анын өңүнөн, көздөрүнөн таанышты. Атүгүл Кызмончок да аны таанып, быйтыйган алаканы менен башынан, жонунан сылагылап калыптыр. Ак жылан ансайын балбырап, буларга сагынычын билдиргенсип, ким-кимисин муңайым тиктейт.

Сырга эсине келе калгандай анан баланы так көтөрүп ала койду эле, Кызмончок чырылдап ыйлап, жыланга умтулду. Эмнегедир Асылбектин жаак эттери карышып, булчуңдары чыңала түштү. Эл ичиндеги: “Кызмончок чоңойгондо жыланга айланып, жыландан балалуу болот имиш!” – деген кеп кулагында кайра-кайра кайталанып, мээсин эзип жиберди. Ошон үчүнбү, жыланды жек көрүп, ушул жаткан жеринде жайлап салгысы келип, колундагы жаркылдаган курч , миздүү жуушаң кайчы менен тап берип калды эле, жылан заматта көздөн кайым болуп, Сырга дагы чырылдап жиберди:

– Жинди болдуңбу?! – деди ал энтиккен күйөөсүн каруудан ала, – Баягыны унуттуңбу?! Дагы буларды өчөштүрүп... азапка кабылалы дейсиңби?!

– Эк! Барчы, ары! – Асылбек аны түртүп ийип, ары басып кетти.

Ошол күндөн тартып бул үйдөгү убайым, баягыл сары санаалар кайра дагы башталды.

Ак жылан болсо баарына кайыл болчу. Жандүйнөсүнө жакын, жакшы көргөн бул үчөөнү таап алганына кубанып, бирок Асылбектен жалтактап, жакын келе албай аларды алыстан акмалап, айылда жүрдү.

 

***

Анткен менен Асылбек бу жылы деле баягы, көнгөн жайлоосуна чыкты. Жыландан баары бир из суутуп кете албасын билгени үчүн ошентти го.

Элдир-селдир эс кирип, “кой-айды” билип калган Кызмончок ата-энесинин жыланды анчалык жактырбасын билчү. Ансайын, жылан келген сайын аларга жагалдана эрекелеп, калп күлүп, экөөнүн мойнуна алмак-салмак асылып, жароокерленип калчу. Аны Асылбек менен Сырга да, жылан да түшүнчү.

Анткен менен жайлоодо алар: “Эл көрүп коёт, угуп коёт”, – деп көрүнгөндөн корунуп-кысынбай, ээн-эркин күн өткөрүп калышты. Айрыкча Кызмончок менен ак жыландын күнү тууду. Эртели-кеч эрчишип алып, көк шибердин үстүндө каалаганча ойношот. Кээде экөө маңдай-тескей олтуруп алышат да, Кызмончок алда нелерди божурап, тигиниси аны кишиче тыңшап, ийрейип жатып алып кулак төшөйт.

Асылбек мал-салга карап, күндүзү үйгө көп токтобой аттанып кеткендиктен, Сырганын эки көзү, эси-дартынын баары эле ошол экөөндө болот. Кээде акырын барып, экөөнүн жанына отурат. Бирде алардын ысык-ынак, ынтымактуу мамилесине ичи жылыса, бирде чочулайт. “Чагып алабы,”– деп коркконунан дагы, анын жүрөгүндө өзү да ишенээр-ишенбесин билбеген, түпөйүл бир санаа бар!

“Кантип эле?!.” – дейт кээде өз оюнан өзү чочуп. Кан-жанынан бүткөн, сербейген кенедей кызынын качандыр бир жылан болуп кубулганын элестетип да, ишенип да түтө албайт.

“Ойлорумду оңдой көр, Кудай!.. Мени кечире көр?!” – дейт жакасын кармап.

“А балким, жылан адамга кубулсачы?.. – дейт сана арасында, – Эгерде чындап эле Жараткандын кубултууга күчү жетсе... Жок! – дейт кайра өз оюна өзү каршы чыгып, – Эч качан андай болбойт! Эч ким эч кимге кубулбайт! Калп ал! Жомок!..”

Сырга ушинтип ойлонуп кеткиче Кызмончок менен жылан кыйла жерге узап кеткен болот. Кээде Кызмончок жыланды ат кылып, эки аягын эки жакка сунуп таштап, жонуна эпейип отуруп алат да:

– Чү! Чү! – деп теминген болот. Жылан да андайда болгон күчү менен жыйрылып, алга жылат. Ансайын Кызмончоктун күлкүсү чыгып, кубанычы кучагына сыйбайт. Экөөнү карап отурган Сырга да ал экөөнүн жоругуна кубанып, аларга кошулуп жыргап күлөт. Кээде экөө томолонуп-тумаланып, көк шибердин үстүнө жыгылганда: “Эти ооруп кетип, чагып албаса экен!” – деп корккон Сырганын үрөйү учат. Кызмончок кудум куурчак көтөргөнсүп, кээде жыланды бооруна бекем басып көтөрүп алат да, анын жерде сүйрөлгөн тулкусуна кайра өзү чалынып жыгылып, көмкөрөсүнөн кетет...

 

***

Андан кийин канча жолу жай менен күз алмашып, канча жолу жер бетин ак кар басып, канча жолу жаз келди. Кызмончок кермаралдай керилген, келишимдүү кыз болуп чыга келди. Энесинин жеңилин жерден, оорун колдон алган жароокер, күйүмдүү болуп өстү. Сырга да ар убак көз тийбесин, сөз тийбесин деп кызына көз мончок, тумар тагып, убаралана бере турган. Бөтөнчө жагымдуу кулк-мүнөзү, сулуулугу, анан да табышмактуу, сырдуулугу менен Кызмончок айылдыктардын оозунан түшчү эмес. “Кызмончок!”– дегенде, айрыкча менменсинген жигиттер менен жаңы эле эрезеге жете баштаган боз балдардын жүрөктөрү «зырп!» этет. Бирок бийкеч бирине да каш кагып, бой салбайт. Атүгүл кошунанын бири-бирин тирей өсүп, жигиттик каада күтүп келаткан баягы эки уулу тең Кызмончокко көз кырын салып, бири-биринен кызганып, бала корозчо кээде тирешип барып токтошот. Уулдарынын ошонусун байкаган энеси:

– Айылда Асылбектин жылан кызынан башка кыз түгөнүп калыптырбы?! Эсиңерде болсун, куттуу үйүмө андай неменин аягын аттатпайм! Зымырайып, зымпыйып койсо эле көзүңөргө айпери көрүнүп жатат го?! Ажыдаар деген ошентип арбайт да! – деп ар убак башкалар да уксун дегенсип, атайылап эле кыйкырып-кыйкырып сүйлөчү.

– Апа, акырын сүйлөңүзчү, угат... – дейт андайда Бектемирдин чый-пыйы чыгып.

– Уксун! Ошо уксун деп айтып жатам! Алардан коркок-билиш болгудай мен эмне!.. – деп Сайра ансайын чамгарактап кетет. Бечара Бектемир кирерге тешик таппай калат. Атургай апасынын ушундай ажаандыгы үчүн өзүнөн-өзү уялат. Чынтемир гана агасына: “Ушундай болмок сага! Ии, ук эми!” – дегендей мыйыгынан жылмайып, кекээрлей жылмаят.

Анткенинин жөнү боло турган. Өгүнү суу алганы булакка бараткан Кызмончокко аңызга ат тушап келаткан бир туугандар кезигип калышкан. Качан кыз чакаларын толтуруп, апкөчүн мойнуна илгенде Чынтемир агасынан биринчи озунуп жетип:

– Берсең, мен көтөрүп алайын, – деген.

– Жок! Мен өзүм эле... Рахмат! – деп койгон кыз.

Бир топко чейин үчөө унчугушпай, катарлаш басышкан. Кыздын суу көтөргөн ийиндери талып, тыныгар убактысын күтүп келаткан Бектемир:

– Кызмончок, берчи мен көтөрүп алайын? – деп жолун торой калган. Чындап эле эки ийни тызылдай баштаган кыз бу жолу “жок” дей албай чакаларын берип, өзү аларды жандай баскан.

Кызмончоктун кыпкызыл көйнөгү ошондо батып бараткан күндүн кызгылтым нуруна ого бетер жарашып, сыдырым желге саамайлары сеңселип, ирмеген сайын узун кирпиктери күн жебесиндей куюлуп, өзгөчө сулуу, ажарлуу болчу.

Көзүнүн кыйыгынан ушулардын баарын байкап келаткан Чынтемир ичинде кызга таарынып, ызаланып: “Мени кичинекей деп ойлоп жатасың го?! – деп келаткан оюнда, – Ишенгениң Бектемирби?! Эгерде бир тууган агам болбогондо азыр сенин көзүңчө көтөрүп чаап, чаңга оонатып туруп чакаларыңды башына кийгизип салмакмын! Көрөт элем ошондо!..”

Башын шылкыйтып, бирок буларды көзүнүн төбөсүнөн тиктеп, буркуюп келаткан баланын ойлорун окуп алгансып, кыз ага күлүмсүрөй караган. Анткен менен Кызмончок кошуна балдардын антип, артынан акмалап жүргөнүн каалачу эмес. Тек гана эч ким менен жолукпай, эч ким менен сүйлөшпөй, жалгыздап жүргөндү жакшы көрчү. Эс киргени курбулар менен шыңкылдашып, ойноп-күлүп көргөн эмес. Болбосо, ар бир үйдүн бой жеткен кыз-уулдары айдын жарыгында маңдайкы жайык төштүн бетинде акчөлмөк ойношчу. Ара чолодо уй мүйүз тартып отура калышып, “шакек салмай” ойношуп, анан селкинчек тебишет эле. Айрыкча кайым айтыш, арзуу ырлары айдарым жел менен алыс-алыс оболоп, үркөр жылдыз ылдыйлаган маалда анан ата-энелер айгай салып, кыз-уулдарын чакырчу. Андайда айылдын сак кулак иттери да абалап үрүп... Бирок булардын бири да Кызмончокту алаксытып, азгыра албайт эле.

– Кызым, сен деле барып ойносоң боло? – дечү апасы гана чын дилинен.

– Жок, апа! Баргым келген жок. Андан көрө атамдан күү үйрөнүп, комуз чертейинчи, -дечү да атасынан күү угуп, буга чейин өзү эле карап отуруп үйрөнүп алгандарын кайрып, кыңгырттата жаңы ыргактарды курап, анысын кайра-кайра кайталап ойночу. Кудум атасындай көздөрүн жумуп, кандайдыр бир сырдуу, сыбызгыган күүгө кулагын төшөчү.

Жыланды күтчү, үйдөн чыкса эле Жан аны таппай калчудай сезилчү. Жан да капыл-тапыл, кайдан-жайдан бар боло калчу. Кызмончок көбүнчө анын жанында, жакын эле арада жүргөнүн сезип, шыбыртын туйчу. Көпчүлүккө аралашпай, оюнзоокко катышпай, ээндеп жүргөнүнүн бир себеби ошол.

Кызмончок улам бой жеткен сайын ата-энесинин жүрөктөрү түпөйүл. Кызынын ушак-айыңдан арылып, өз теңин таап, бактылуу болушун тилешет. Айрыкча Асылбек кызына билгизбей жыланды жанчып, быт-чытын чыгарып салсам дейт. Сырганын гана чырылдап, арага түшкөнүнөн калат. Элдин кеп-сөзүнөн улам, анын үстүнө Бүбү эненин баягы: “Акыры кан-жиниңер аралашып, ал силерден кетпейт!” – дегенин эстеп, эмнегедир бүдөмүк ой жүрөгүн эзет:

– Айт, жыланга! Кетсин! Көзүмө көрүнбөй кетсин! Болбосо!.. – деп кызына ачууланганын Жан канча ирет өз кулагы менен уккан. А бирок Асылбек жыланды өлтүрө албайт эле. Анын үстүнө Бүбү эненин өлөр алдында төшөктө жатып дагы бир айтканы бар...

Жүз он бешке чыккан байбиче көптөн бери сыркоо болчу. Муун-жүүнү бошоп, алсыз жаткан. Антсе да кирип-чыккандардын эсебин билип жаткандай, же ким бирөөнү күткөндөй ким-кимисине үңүлө карап, кайра чыгып баратканда да ошентип узатып калчу. Бир күнү күн чыга ал-акыбалын сурап кирген Асылбек менен Сырганы таанып, көп күндөрдөн бери үндөбөй жаткан эне бир нерсе айтчудай ишарат кыла башын алсыз ийкеген. Алы кетип, жыгачтай шалдайган колдору менен Асылбектин колун кармап, бир нерсе айта албай жаткандай көпкө кыйнала, күч-кубатын жыйнап жатып, акырында араң:

– Ти... тийбе! – деген.

Асылбек Сырганы караган. Кеп төркүнү башкаларга табышмак бойдон калып, экөө гана эненин эмне жөнүндө айтып жатканын түшүнүп, Асылбек “макул” дегендей башын ийкеген. Ошондо гана эненин жүзүнө бир аз кан жүгүрүп, тамылжый түшкөнсүгөн. Жаны жай ала, денеси тердеп, көзү илинип кеткен.

Ошол күндүн эртеси таңазан айылдан өкүрүк чыгып, ый угулган.

– Асылбек, турчу! Тигил апа кайтып кеткен окшойт! – деп шашылып кийине баштаган Сырга, Кызмончоктун жаздыгынын башында оролуп жаткан жыланды көрүп, күндүз көрүнбөй калганы менен түндөсү келип жүргөнүн түшүнгөн.

 

***

Кызмончок көзүн ачканда ата-энеси эчак туруп кетишиптир. Терезеден кыйгач тийген күн нурунан көзүн ала качып, ары оодарыла берген кыз баш жагында өзүн тиктеп, ойлуу жаткан жыланды көрдү. Бетин жаап, жарымы жаздыгында жайылган чачынын арасынан көздөрүн балбылдатып, кыз да аны карап жатты. Кенедей кездеринен берки бул экөөнүн ынактыгы бирок чегинен ашып, кандайдыр бир чиеленип, татаалданып баратканын барган сайын Кызмончок туйчу болгон.

А бирок эмне болуп жатканына өзүнүн да акылы айран. А бирок анын жыланга болгон мамилесинде ашыкча эч нерсе жок болчу! Ал аны адегенде башка эч кимге, эч нерсеге окшобогон, ар дайым ою менен болуп, кыймылдап-сойлоп турган, оозу, көзү бар оюнчук катары жакшы көрсө, кичине эс тартканы акылы адамдыкынан ашса ашып, акыры кемибеген аң-сезимдүү макулук катары, а кийин ишенимдүү жолдош, дос катары билчү. Кичине кезинде “жылан” дегенге тили келбей: “жан... жан...” – деп жүрүп, кийин да аны ушинтип атап калган.

Бирок бара-бара Жандын мүнөзү өзгөрүлүп, башкача боло баштады. Баягыдай көздөрүн ойноктото тиктеп, шайдооттонуп, шоктонбой оор басырык тартып кетти. Карашы да баягыдай кирсиз, баёо эмес, эмнегедир ойлуу да, сырдуу дагы. Алда нени айткысы келип тургандай обдула түшүп, бирок кайра эле бат көздөрүн ала качып, жалтактап кетет. Ошондон уламбы, акыркы убактарда Кызмончок да өзгөрдү. Баштагыдай болуп, болгон дүйнөсүн төгүп божурап, бооруна кысып эркелетип, төгүлүп-чачыла албай, сөздүн ток этээр жерин гана айтып, токтоо мамиле кылат. Эмнегедир бук болуп да кетти. Ичинде Жандын өзгөрүлө баштаганына таң калып да, таарынып да, анын бир карап алган көздөрүнөн табышмактуу бир нерсени байкап, а бирок ошол оюнан кайра өзү коркуп кетчү...

А бирок бул сапар экөө тең бири-биринен көздөрүн тартып ала алышпай, бири-бирин нес боло тиктеп, ой алышып жатышты.

Кенедейинен адамдарга аралашып, аларга жедеп жыты сиңишип калган жылан, айбандыгы эле болбосо алардын жашоосу, тили түгүл салтын да жатка билет. Бир гана үн чыгарып сүйлөгөнгө кудурети жок болчу. Анткен менен Жандын тилин Кызмончок билет. Анын эмнени айтып жатканын, атүгүл айтылбай жаткан оюн да көздөрүнөн окучу. Бул анын жылан менен бирге өскөн он жети жыл ичиндеги табылгасы!

Бирок, соңку убактарда жыландын көзүнө тик бага албай, анын эмненин башын кылтыйтып, эмнени айта албай жүргөнүн тымызын сезип, бирок ошого ишенгиси келбей, ишенбей, деги эле жыландын сүйүүсүн жанына жууткусу жок, тайсалдап жүргөн! А бирок буту-колсуз бу жандыкты жанынан таптакыр алыстатып да сала албай, ал жөнүндө ойлонуп, толгонуп, эмнегедир эле эки анжы боло берчү...

Ушу азыр да жыландын көздөрүндөгү кандайдыр бир муңга толгон, ыйы дагы, бактысы дагы аралаш телмирген бир тереңдик аны өзүнө оп тартып, каратып турду. Ал жыландын бүт дүйнөсүн кадимкисиндей туюп, эмнегедир денеси ымыр-чымыр боло, көздөрү караңгылай, өмүрүндө адам баласынан да көрбөгөн, буга чейин туйбаган, эмне экени өзүнө да али белгисиз бир сезимден жалтайлап, сүрдөп кетти!..

Жыландын денеси да “калч-калч” эте диртилдеп, жандүйнөсүнө жашырган улуу сыры денесине батпай кеткен сыяктуу бир оор онтоп алды да:

– Мен сени сүйөм, Кызмончок!.. – деп айтып алганын өзү да байкабай калды:

– ?!. – кыз эмне дээрин, эмне кылаарын билбей апкаарып калды! “Мен эмне болуп турам? – деди оюнда өзүн-өзү алдап, жооткотуп, – Ал мени досу катары, курбусу катары айтып жатпайбы!.. А мен...”

Жылан да каректерден ой окушту билет эле...

– Жок, Кызмончок! – деди, – Мен эми жөн эле дос катары эмес, өзүмдүн айбан, сенин адам экениңди унутуп, Жараткандан келген ыйык сезимим, бүткүл жандилим менен сүйүп, өзүмдү башотум менен өзүңө тартуу кылып турам!!!

Жандын кадала караган каректериндеги ушундай жазуулардан соң, Кызмончок көздөрүн жумуп ийди да, көпкө чейин ачпай: “Жок! Жок! Жан – адам эмес да! Анчалык арзып, адамды адамча сүйгөнгө анын акысы жок! Мен чын эле жаңылышып окудум окшойм!.. Ооба, ылайым эле жаңылыш болсо экен?! Ооруп калсам керек да...” – деп ичинде кыйсыпыр түшүп, жүрөгү да кабынан ыргып кетүүчүдөй лакылдап, кара терге чөмүлө, кыйналып кетти.

Жылан болсо жандилинде эмне болсо, ошонун баарын жаналакетке түшө төгүп-чачып, ачыкка чыгарып алды:

– Мени кечир, Кызмончок?!.. Эгер сенин жүрөгүңдү оорутуп, көңүлүңдү иренжитсем, кечир?! Бирок мен...

– ?..

– Эсиңдеби, сен мени дайым: “Айбандарга окшобогон башкачасың. Акыл-сезимиң тунук. Адамдайсың!” – дечүсүң. Сен муну сыймыктанып да, мактанып да, таң калып да, чын дилиңден айтар элең. Мен ансайын сени сүйүнткүм, бүтүндөй адамзатты айран таң кылып, жаңылык жасап ийгим келчү! Барган сайын өзүмө эмес, сага окшогум келчү! Адамга айлангым келчү! Ааламды аңтара таанып, адам менен айбандын аралыгындагы ажырымды кошкум келчү! Бирок ошол учсуз-түпсүз максаттарым эч качан аткарылбастыган билип-билбей, эми деле кимгедир, эмнегедир ишене берет элем! Бирок, ушул башкачалыгым качандыр бир өзүмдү азапка саларын кайдан билипмин?!

– ?..

– Бир жолу сага кыялымдын чеке белин айтканымда: «Жаштын тилегин берет» дегенсиң. Мен буга ишенгем. Дале ишенем… Анткени, менин акыл-эсимдин, ой-максаттарымдын, сүйүүмдүн, мындан аркы тагдырымдын Кудайы – өзүңсүң!

– ?..

Кызмончок жыландын ыйын ичине жутуп, балбаалап ыйлап турганын көрдү да, балтыр бешик кезинен бирге ойноп, бирге өсүп, жыт сиңишип калганабы, айтор... Эмнеси болсо да аны аяп да, түтпөй да кетти! Анын аянычтуу тигилген, кудум чексиздиктей мелтиреп, тунуп турган акылдуу көздөрүнөн көздөрүн тартып алды да, оюнда: “Сүйсө эмне экен?! Эмнеси жаман?! – деди өзү менен өзү сүйлөшүп , – Айткандай эле, аны айбандыктын чегинен ашып, адам болууга умтулуусуна себепкер өзүм болгон соң, эми бул ирээт кайпактаганым чекилик болор! А бирок… эмне дешим керек?!» – ушул суроого келгенде какап калды. Бирок, кандай болгон күндө да бул кыйын кырдаалдан чыгыш керек эле! Не дейт?...

Кызмончок жыланга «жалт» карап, күлүп жиберди. Кыздын “жарк” эткен жарык маанайынан улам үйдүн ичи жарык болуп, жылан да бир башкача шайдооттоно түштү. Бир колу менен жаздыгын кучактаган кыз, экинчи колун жыланга карай сунуп, жылан ысык алаканга башын койду.

Алакандын ысыгы жыландын муздак денеси ылдый жыбылжып, өзүнөн башка эч бир жылан сезбеген бөтөнчө бир ырахаттуу, сыйкырду сезимге Жандын башы айланып баратты!..

Ар бир жолу ушундай кезде Жан өзүн адамга кубулуп бараткандай сезчү! Ошондуктан ушул учурдун узакка, өтө узакка созулушун каалачу! Атүгүл Кызмончокту жаратман сыйкырчыдай туюп кетчү. Адам баласынын акыл-сезимдүү эле эмес, жокту бар кылып ийчү кудуреттүү экенине ишенгиси келчү, ишенчү! Бала кезинде болсо, элден уккан имиштерден улам: «Кызмончок кайсы бир кереметтүү күнү жыланга кубулат,» – деп ишенчү. Бара-бара, айлана-тегеректи улам арылап аңдай баштаган кезден тартып, мунун мүмкүн эмес экенине ынанып, эми Кызмончок үчүн өзү адамга кубулууну эңсечү болгон!

«Андай кереметти жаратууга мен эле эмес адамдын, атүгүл Жараткандын да кудурети жетпес болсо… андан ары эмне болот?!» – деди эми оюнда Жан. Макул, анын Кызмончокко болгон сүйүүсү жан чыдагыс! Чексиз! Чыныгы! Бирок Кызмончок анын сүйүүсүн кабыл алды дейли, андан ары эмне болот?! Эмне менен башталып, эмне менен бүтөт?!.

Ушуну ойлогондо жооп да, жанын коёрго жай да таппай кетти. Бирок ага азыр Кызмончоктун ачууланбай, жек көрбөй, кадимкидей каректерин жоодуратып, жайнай караганы эле канча эле?!.

Ушул саам да ага кадимкидей эркелеп, эркелетип, көкүрөгүнө башын жөлөп, анын дем алганын, жүрөгүнүн кагышын жакындан укусу, андан ары денесине оролуп ойногусу келип, делөөрүп кетти...

 

Бирок ошонусун сезе койгон Кызмончок алаканындагы жыландын башын экинчи алаканы менен адатынча эркелетип, акырын-аста сылаган болуп, жерге коюп койду да, туруп кийине баштады. Жер чийип, шуудураган ак жибек көйнөгү тал чыбыктай буралган кыздын ажарын ого бетер ачып, кундуз чачы согончогу ылдый куюлуп, эки бетинин тамылжып, албырганы ансыз деле үлбүрөгөн назик немени ого бетер сулуу кылып жиберди.

Жыландын көзүн албай, тикирейип мынчалык тиктегенинен биринчи ирет сүрдөгөн кыз чалыштай түшкөн басыгын оңдоп, жүрөгүнүн кабынан ыргып кетүүчүдөй лакылдаганын токтотууга аракеттенди. Ушундай оңтойсуз учурда ата-энесинин үйдө жоктугуна өкүндү. Жана уйку соонун ортосунда жатып, ата-апасынын Бүбү эненинкине кетип жатканын уккан кыз, эмнегедир алардын ылдам келишин каалап, Жан экөөнүн ортосудагы эч качан бүтпөчүдөй сезилген бул ыңгайсыз ирмемдер менен жүрөктү жүдөткөн дүрбөлөң сезимдерден каякадыр качкысы келип турду…

Ал сыртка чыкканда күн кыйла көтөрүлүп, чокусун ак кар, көк муз басып, асман менен айкалышкан алп тоолорго, ай ааламга алтын нурун төгүп, чачырап тегиз тийип турган. Ошол тоо тараптан соккон сыдырым жел Кызмончоктун саамайларын дирилдетип, ичи-койнун аралап, кандайдыр бир жагымдуу ичиркентип, сергитип жиберди. Көкөлөп учуп кетүүчүдөй көөдөнү өрөпкүп, көңүлү серпиле түшкөн кыз түрмөктөлүп, каякадыр сапар тартып баратышкан булуттарга көпкө чейин умсуна, узата карап турду да, апкөчүн ийинге салып, булакты көздөй кетти.

 

***

Булакка кетчү жол Бектемирлердин терезесинин түбүнөн өтөт. Ансыз деле эси-дартынын баары Кызмончок болуп калган боз улан анын кайсыл сууга өтөр маалын акмалап, эки көзү ушул жолдон өтө берчү. Ал апасынын да, элдин да айткан ушактарына эмне үчүндүр ишенчү эмес. Кичине кезинде алардын баарын тек гана жомок катары угуп, ансайын ээ-жаа бербеген балалык кыялында кыздын башкалардан башкача ажайыптыгын сезип, ансайын ага умтулуп, сырдашкысы, сүйлөшкүсү келип, куштар боло берчү. Ал эми эс тарткан күндөн тарта ошол “жомокту” айдай сулуу периштеге карата айылдыктардын, айрыкча аялдардын көрө албастыгы, ич тардыгы деп билчү. Болбосо, кошуна жашап, атүгүл атайын акмалап жүрүп да, кыздын бир жолу дагы ашыкча кылык-жоругун көргөн эмес.

Аны ушул ой дайыма тынчытып, санаасын басчу. А бирок ал мунун экинчи жагына да даяр эле. Кызмончок менен жылан жөнүндөгү аңыз чын болгон күндө деле ал Кызмончокту тана албайт болчу! Бирок анын бул сезимин качантан бери Жан да байкап, Кызмончокту кызганып, Бектемирди өзүнө душман тутуп, тымызын туталанып жүргөнүн жигит билчү эмес.

Жыландын кызганчаактыгын Асылбек менен Сырга тээ баштатан эле билип, эмгиче эле: “Кокус Кызмончокту коруйм деп, бирөө-жарымды чагып албагай эле!” – деп коркуп, чочулай беришет. Ансыз да араң турган эл уу-дуу түшүп, буларды жабалактап таш бараңга алышып, же айылдан кууп чыгарып салчудай, а болбосо жыландын өзүнө кимдир бирөө кол салып, мунун укум-тукуму баягыдай кун кубалап, алаамат салып келчүдөй жүрөктөрү түпөйүл. Айрыкча Асылбек таптакыр өзгөрүлүп, көптөн бери комузун да колуна албай калган.

Атүгүл бир канча ирээт жыландын уусун алып салууга даярданып, ат арытып атайын алыскы айылдардын бирине барып, ошо өнөрдү сураштырып, сүрүштүрүп, үйрөнүп да келген.

– Каяктагыны айтпачы, Асыке! Же баягы түн эсиңден чыгып кеттиби?! Башканы унутсаң да, Бүбү эненин керээзин эстечи! – деп ошондон бери эле Сыргада жан жок.

– Эй, анын анчалык деле эчтекеси жок! Бул деген жапайы жылан болбогон соң, уу безин алып коюш керек! – дейт эри.

– Койчу, Асылбек! Койчу, айланайын! Сен эле кандай коркпойсуң, билбейм! Мен корком!.. Анын үстүнө Жан канча жылдан бери биз менен чогуу эле аралашып, тынч эле жүрөт го!

– Канчалык тынч болгону менен айбан да аның! “Бөрү баласы ит болбойт” дейт. Бирде болбосо бирде...

– Кудай сактасын! Айбан болгону менен акыры кепке-сөзгө түшүнөт го!..

– Э, болуптурчу! Болду! Тим эле тууп алган балаңдай безилдейсиң!..

– Андай болсо тээ бала кезинде ошентсең болмок да, Асыке. Эми өзүңдөй эки болуп турат... – бу саам келиндин үнүнөн жыланга эмес, күйөөсүнө кабатыр болгондугу байкалат.

– Кудай, айланайын! Суук көздөн, суук сөздөн сактай көр?! Айбан да болсо жыландын ичине ыйман бер?! Бирөө-жарымды чагып алып, элдин каргышына калбасак болду! Деги... кызым өзү теңдүү бирөөнүн колун кармап, бактылуу болсо экен?!. Кепке кемтик, сөзгө сөлтүк кыла көрбө, Жараткан?! – деп анан адатынча басып-туруп Кудайга жалынат. Соңку убактарда бул анын оозунан түшпөс келмесине айланган. Атургай жыландын таптакыр кетип калуусун анын өзүнө угуза эле Жараткандан суранып, “Керегем сага айтам, келиним сен ук” кылганы менен, эмнегедир жыландын көзүнө тике тиктебей, кайпактап кетчү.

Ошону сезген Жан бара-бара башкалар түгүл, Кызмончоктун ата-энесинен да корунуп, жашырынып жүргөнгө өткөн.

 

***

Сууга келаткан кыздын эсине бир окуя түшүп, ууртунан күлүмсүрөп алды...

Жан кичине кезинде бир кызык болчу. Кызмончоктун жанына бир ата-энесинен, бир өзүнөн башка эч кимди жакындаткысы келчү эмес. Кумурска келатса да учуп жетип, бирок эмне кылаарын билбей ойдолоктоп кетчү. Анткени ар дайым Кызмончоктун:

– Адамдар менен дос болгуң келсе, сен алардай акылдуу болушуң керек! Чагып алуу – оюңа да келбесин! – дегени оюнда турчу. Бирок, ошондо да чыдамы жетпей кетип:

– Тс-с-с!!! – деп ортого тура калмай адат тапкан.

– Жан! – дечү андайда “окутуучусу” сөөмөйүн кесеп, – Мен сага эмне дедим эле?..

Ошондо гана Жан башын ылдый шылкыйтып, күнөөлүүдөй болбурап калчу. Ал эми үйгө киши келгенде Асылбек же Сырга кызын колунан жетелеп, сыртка алып чыгып кетип, конок кеткичекти эшикте жүрө беришчү. Алардын бул кылыгы эл арасында айтылып жүргөн ушак-айыңды – Кызмончоктун жыланга айланаары жөнүндөгү имиш-имишти, күдүктүү ойлорду ырбатчу. Бири:

– Капырай, качан кирсең эле эри же катыны баласын жетелеп үйдөн чыга качат! – десе экинчиси:

– “Обу жок катын орсок уй саайт” болуп, жалгыз кызына көз тийет деп коркушат го, – дейт. А кийинчерээк болсо:

– “Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” дейт, кокуй күн! Эл айтса бекер айтпайт! Элден четтеп, качып калгандарына караганда жанагы кызынын жылан экени ырас! – дейт. Мындай шектенүүлөр бара-бара ырбап, күчөп да кеткен.

Ошондой күндөрдүн биринде Жан менен Абылайдын ак кочкорунун арбашканы кыз жөнүндөгү укмуштуу “жомокту” ого бетер эки эселентип жиберген.

Ал күнү Кызмончок короонун сыртына ойноп чыга калган.Аңгыча эле арыктын жээгинде аркандалып турган кишичил кочкор дикилдеп чуркап келип, тоголото сүзүп жүрөт! Эбелектей болгон кыз эки-үч ала салып кеткен да, эмне болуп кеткенине акылы жетпей, элеңдеп тура калган. Ошого да ыраазы болбогондой артка кеткенчиктеп барып, кайра да күүлөнүп, “учуп” келаткан кочкор кызга жетип-жетпей “тык!” токтоп, кайдан-жайдан чыга калып, бет маңдайына тикесинен тура калган жылан менен тиктешип калган!

Кызмончок этинин ооруганын да, жапжаңы көйнөгүнүн, бети-башынан чаңга оонап калганын да унутуп, ордунда нес боло түшкөн. Аңгыча ары жак-бери жактан эл чогулуп, жылан менен кочкордон көз ала албай, жабалактап калышкан. “Өлдүк!” – деген оюнда Кызмончок. Эсине ар убак элдин көзүнөн, сөзүнөн корунуп, үрпөңдөй берчү ата-энеси түшүп кеткен. Эмнегедир эриндери диртилдеп, тамагы жашка муунуп, көзүнө жаш тегерене түшкөн. Анан калса, мына бул жарданган киши азыр Жанды өлтүрүп койчудай туюлган.

– Жан! Качып кетчи, Жан! Булар сени өлтүрүп коюшат! – деп үн чыгарбай, көмөкөйүндө жыландан суранып, чебелене кыйкырып жаткан. Атүгүл: «Жанга тйбегилечи?! Өлтүрбөгүлөчү?!» – деп элден жансоога сурайын деп, канча ирет обдулуп барып токтогон.

Албетте, Кызмончоктун жаналакетке түшкөн ушул кыйкырыгын, ой-сезимин Жан туйган. Туйган да, бир убакта арбашуудан көздөрүн тартып алып, арыктын ичине кирип, аткулакты арасына кирип, көздөн кайым болуп кеткен.

Анткен менен жыландын артынан түшүп, аны издегенге эч кимиси дааган эмес. Кочкор болсо жылан кетээр замат жер сүзүп жыгылган да, Абылай катын-балдары менен жөлөп-таяп, таканчык кылганына карабай, көпкө чейин көздөрү аңтарылып, тура албай ынтыгып жаткан.

– Шумдук! – дешкен карап тургандар, – Мал да болсо туруштук бергенин айт!

Ушул окуяга күбө болгондор жылан менен кочкордун арбашканын ого бетер укмуштантып, жыландын да жыландардан башкача, сүттөй аппак экендигин далайга чейин айтып жүрүштү. Бир гана жакшы жери, Кудай жалгап алар бул окуянын себепкери Кызмончок экенин билбей калышты. Бирок ошондон кийин кишичил кочкордун Кызмончоктон жалтактап, бет маңдай чыга калса бурула качканын байкагандар болуп, кеп төркүнү жүрүп-жүрүп отуруп эле Асылбектин кызына келип такалды.

Ушуларды ойлоп отуруп, Кызмончок булакка ылдам эле жетип калды.

Түнү бою уйкусу качып, эт-жүрөгү элеп-желеп болуп ээленген Бектемир да ушул тапта Кызмончокко айтар сөзүн камдап, булакка келаткан.

Ошону сезгендей, жылан да үйдөн чыкты...

 

***

Кызмончок жар түбүнөн акырын сызылып чыгып, таштан-ташка урунуп, сайды көздөй эдиреңдеп чуркаган тармал булактан чакаларына толтуруп алып, суунун шыңгырын тыңшап, мөлтүрөк тунугуна суктанып, көпкө чейин ойлуу отурду. Суу түбүндөгү көз тайгылткан кооз таштарды терип алып, алаканындагы ошол кооздукка суктана карап отуруп, кандайдыр бир шыбырт, дабыштан улам жүрөгү “болк” деп, бирок кылчайып кароого даабай, денесин майда калтырак басып кетти. Байлоодогу кулундай эт-жүрөгү дикилдеп туйлап турду! Ойлору чакчалекей түшүп, алда кайда чачырап кетти. Артында Жан турганын, өзүнүн ар бир кыймыл-аракетине үзүлө түшүп, кирпигинин ирмелишинен бери көз жаздымга кетирбей, тирмийе тиктеп турганын сезди кыз! Демейде “шарт” бурулуп тура калып, тегерене издеп:

– Жан? Жан! – дечү акырын кыйкырып, – Каяктасың?!

О, анан экөө кучакташып калышчу да, тээ бир далайга чейин шапшынып, суу чачышып ойношчу.

– Келсең, мен сени жуунтуп, сулуу кылайын! Керелди кечке жер сүзүп жүрөсүң! Бетиңди жууп алсаң боло! – деп кыз жыланды көк желкеден басып, сууга салар эле. Андайда Жан да калп эле кетенчиктеп, тырышып качып калчу. Атайын ошентчү. Бат эле анан Кызмончок жыландын денесин суунун агымына карай, узатасынан салып койчу да:

– Карачы, кандай сулуусуң? Сенин денең ушунчалык жакшына, – деп анын суу ичиндеги жылтылдап, күнгө чагылышкан ак денесин мактачу.

Жыланга бул ушунчалык жакчу. Кызмончоктун аппак, жумшак алакандары дулкусун жууп, сылаган сайын денеси балкычу. Кай бирде экөө сууга шапшына беришип, Кызмончоктун көйнөгү сыгып алма суу болуп кетчү.

– Ии-ий, Жан! Карачы, экөөбүз булакты аябай ылайлап салыппыз! Көйнөгүм да суу болду. Жүрү эми кургаталык. Бирөө-жарым көрсө эмне дейт?! – дечү кыз. Жыланга бул жага бербей калчу. Кээде атайылап эле куйрук-башын сууга туш келди чалпылдатып, Кызмончоктун муздак сууга ичиркенип, күлгөнүнө маашырланчу. Курганыш үчүн анан экөө кырды ашып кетишер эле.

Жыландын өзүнө болгон ашыктыгынан түк кабары жок, тек гана анын адамдай акылдуу, ак көңүлдүгүн, достукка бекем, туруктуулугун жандили менен жакшы көрчү кыз. Андан эч бир сырын катчу эмес. Атургай тизесине башын жөлөп, эркелеген жыланга эринбей отуруп адегенде жомок айтып, кийин эс тарткандан баштап күү чертип, ырдап берчү. Атүгүл атасынан уккан – Адам ата, Обо энеден берки адамзаттын жашоосунан кеп кылчу. Он сегиз миң ааламдын али адамзатка ачылбаган, жазылбаган сырлары бар экенин айтчу. А бирок Жан ошол сырды жалгыз гана Кызмончок билчүдөй, ошонун бардыгынын ажайып ачкычы анын акылдуу, сулуу көздөрүнүн ары жагында, акылынын тереңинде катылып жаткандай сезчү Жан.

О, анан да Кызмончоктун авазы укмуш! Бүтүн дүйнө, ай ааламдын өзү кошо ошол үнгө болбурап эрип, тунжурай түшкөндөй сезилчү. Убакыт да, булак да, атүгүл жашоонун өзү да токтоп калгандай, Жандын кулагына ырдан башка эч нерсе угулбай калчу.

Андай кездерде, Кызмончоктун кылактап кырды ашып баратканын байкагандар:

– Ай, карагыла! Асылбектин ажыдаар кызы баратат! – деп бири-бирине кол булгай, тээ кыраңга сереп салып калышар эле. Эгерде алар кыздын жанында адам баласы окшоп, төбөсү көккө жетип, кудуңдап, кубанып бараткан ак жыланды көрүшсөбү!.. Анда эмне болот эле?!

 

***

Булактын жанындагы дүпүйгөн чычырканак – Жандын чоочундардан далдаланчу жайы эле. Эми да булакка Кызмончоктон мурда жетип, ошол чычырканактын арасына кирип кетти да, демейдегидей эле кыздын тура калып, тегеринип издешин самады. Эркелетип, булакка киринткенин, бирок бүгүн сүйүү жөнүндө гана айтып, ошол жөнүндө гана ырдап берүүсүн каалады.

Ал эми Кызмончок: “Ушундай кантип болсун?! – деди оюнда, – Кантип болсун?! Мен Жандын сүйүүсүнө кантип жооп беришим керек?! Ырас, мен да аны сүйөм. Бирок, бирге өскөн, коюн-колтук алышкан курбум катары го! Эгерде Жан адам баласы болгондо, анда кеп башка эле...”

Баарынан кыйыны эми болду!

Аттын дүбүртүнөн улам артына кылчая караган кыз, так жылан жашынган бадалдын жанында өзүнөн сүрдөп, тик бага албай каректерин ала качып, жүзү тамылжып турган уланды көрүп, коркконунан кулагы тунуп, көздөрү караңгылай түштү.

Бектемир кыздын шашып, алдастай түшкөнүн башкага жоруду. Ичинде өзүн-өзү көкүтүп, өзүнүн намысына өзү тийип: “Сүйлөшүүң керек! Сүрдөгүдөй сен эмне, кыз белең?! Кана, бол эми! Качантан бери камдаган сөзүңдү айтып, жанына барбайсыңбы!” – деп жатты.

Өз оюнан өзү чыйрала калган улан, жоргосун так ошол Жан жаткан жапыз бадалга байлай салып, Кызмончоктун жанына келди да:

– Кызмончок! – деп саал дирилдеген добуш менен үн катты, – Кызмончок, сага көптөн бери айта албай жүргөм...

Жигиттин эки бети өрт каптап кеткендей дуулдап, алоолонуп чыкты. Денесин жыбыраган толкун каптап, ошентсе да өзүн-өзү түрткүлөп, Кызмончокко кантип жакындап, колдорун кантип кармаганын өзү да байкабай калды.

– Мен... Мен сени сүйөм, Кызмончок! – деп айтып алды анан.

Жандүйнөсүндөгү кызга болгон так ушул булактай тунук, ыйык, алгачкы аруу махабатын кандай болсо так ошондой кылып оозу менен эмес, жүрөгү менен айтканга окшоп кетти.

Кызмончок ансайын ыңгайсызданып, эмне дээрин билбей турду. Бектемирдин өзүнө болгон ашыктык сезими бар экенин бала күнүнөн билген менен, так ушул күнү өчөшкөнсүп, Жан экөө тең жарышып айтат деп ким ойлоптур?!

Жүрөгү дүкүлдөп, алапайын таппай кеткен кыздын көздөрү улам Жан тарапка элеңдейт. Анткени, бир канча курдай Жан бул жигитти жек көрөрүн айткан. Мына эми, азыр учуп жетип, жигит менен кыздын ортосуна тикесинен тура калып, атүгүл кызганычтан Бектемирге кол салып ийчүдөй сезиле берди. Анткени жылан да так ушул маалда ошону ойлоп, а бирок Кызмончоктон тартынып, алапайын таппай турган.

Сүйгөн бийкечинин тынчсыздана бергенин Бектемир башкача түшүндү: “Баланчанын баласы менен шынаарлашып турат”, – деп көргөндөр узун ушак, кеп кылмак.

Кызмончок болсо жигитти кантип алыстатуунун айласын издеп:

– Мени апам издеп калды го, барайынчы! – деп чакасына эңкейди эле, Бектемир андан мурда озунуп:

– Мен көтөрүп барйын, – деп эки чаканы колуна ала койду. Айласы түгөнө түшкөн кыз жерден апкөчүн алып, жигиттин соңунан басты.

Бадалдын тушуна келгенде Жан менен Кызмончоктун көздөрү урунуша түштү. Баятан берки сөздөрдү угуп, жигитке болгон жек көрүүсү башынан – куйругунун учуна чейин каны менен кошо чуркап, кайра мээсине чыгып, ызасы ичине батпай чыңалып, мына-мына азыр “тарс!” жарылып кетүүчүдөй денеси чатырап турган жылан адатынча кышылдап, катуу бир онтоп алды! Анткен менен бир эле ирмем тиктешүү аркылуу алар көп нерсени айтышып алышты:

– Сен ага ишенбегин, Кызмончок! Ал сени мен сүйгөндөй сүйө албайт! Мен сен үчүн керек болсо азыр... алдагы адамчага эле эмес, бүт айылга, ай-ааламга алаамат салып ийүүгө даярмын!

– Анткениң жакшы эмес, Жан! Анда сен мендеги бардык жакшы сезимдерди, жакшы ойлорду кошо ойрон кыласың!

– Кызганыч менен жек көрүүдөн өрттөнүп баратсамчы?!

– Өрттү акыл менен бас! Айтпадым беле, адам баласы менен аралашкан соң, сен да алардай айкөл, сабырдуу, кечиримдүү болушуң керек!

– Адамдай сүйүүгөчү?! Ага акым жокпу?!

– Ал жөнүндө дагы ойлонуубуз керек!..

Кызмончоктун ушинтип кеткени Жанды ордуна ого бетер ныгыра басып, башы жерге “шылк!” дейт түштү. А бирок: “Ойлонуубуз керек!” – дегени анын үмүтүн үлпүлдөтүп, улап койду.

“Сабырдуулук! Айкөлдүк!..” Деги бул эмне деген түшүнүксүз, оор жүк?!” – деди оюнда жылан. “Кечире бил! Көтөрө бил!.. Унчукпа! Тийбе!..” Тээ кенедей кезинен эле Кызмончок ушуларды анын кулагына куюп келет! Демек Жан Кызмончокту башкалар сүйүп, башкалар жандап жүрсө да макул болуп, сабыр кармап, кечирип, денесине батпай кеткен ушунчалык ызаны көтөрүп жүрө берүүсү керекпи?! А эгер антпесечи?! Кудум жыланча алиги адамга айбаат кылып, аны кармашка чакырсачы?! Эрдик көрсөтүп, көөдөнүн кере, көкүрөгүн көтөрүп, анан ашыгынын аяк алдына сойлоп келип, башын тартуу кылсачы?!. Жок! Кызмончок анда кечирбейт! Анткени анда аны да, ата-энесин да айылдын эли таш бараңга алышат... Муну ал далай ирээт Сырга ападан уккан. Демек... чыдаш керек!

Ушуларды ойлогону менен, баары бир кызганычтан Жандын өзөгү өрттөнүп, жандүйнөсү сыздап, дүйнөсү астын-үстүн болуп талкаланып жатты!

Тээ бир оокумда гана жер чапчып, кошкурган аттын добушунан баш көтөрдү. “Жада калса Айтуягын да унуткан тура!..” – оюнда ушинтти да ордунан жылып чыгып, түбүнөн булак сызылып агып чыккан береги асканын боору менен өйдө чыгып баратып, качан гана айылды көздөй кетип баратышкан кыз менен жигиттин карааны даана көрүнгөндө токтоп, экөөнү карап жатты Жан.

 

Ушул убакта суу алганы булакка кыз-келиндер келишти. Так төбөсүндө өздөрүн карап жаткан жыланды алар адегенде байкашкан жок.

– Ай-ий, жанагы Кызмончок деген кызыңар кер маралдай керилип, укмуштай сулуу экен, ээ? – деди ушул айылга жакында эле келген жаш келин.

– Ий, ошону койчу! – деди кетирекей кара кыз ичи тарыгандай, жактырбай мурдун чүйрүп, – Эмнеси марал болуп кетиптир?! Аны деген айылдыктар бүт “ажыдаар кыз” дешет!

– Апей! Эмнеге?!

Кыз бир укмуш нерсе айтуучудай адегенде көздөрүн алайта, оозун ача жеңесин саамга тиктеп турду да:

– Билесизби, ал деген түнкүсүн жыланга кубулат дешет. Ал эми баралына келгенде ажыдаарга айланып, бүт айылды оп тартат имиш!

– И-ий, койчу кызыке! Антип жүрөгүмдү түшүрбөсөң!

– Калп айтсам элеби, алиги Караалы таздын катыны болоюн! Ошон үчүн анын ата-энеси эч кимге кошулбай, ээндеп жашайт. Үйүнө оңой менен киши киргизишпейт!

– Койчу?!

– Койбой эле! Сиз эмне, уккан жок белеңиз?! Коңшу айылдыктар бүт билишет го?

– Уккам дечи... Бирок, ишенген эмесмин.

Андан ары угууга Жандын дарманы жетпей кетти. Адамдардан алыс-алыс, кайдадыр кетип калгысы келип, ордунан жылганда, суу алып олтурушкан кыз-келиндердин жону-башына, чакаларына майда шагыл менен топурак-кум куюлуп түшө баштады. Адегенде анчалык деле этибар албай жогору караган кыз-келиндер жакын эле жерде, жар боорунда сойлоп чыгып бараткан сомодой ак жыланды көрүшүп, чындап эле Кызмончок жыланга айланып келип калгандай туш тарапка чачырап, чаңыра качышты...

 

***

Ошондон кийин Бектемир менен Кызмончок бат-баттан жолугуша турган болду. Кызынын минтип, кичинеден элге аралаша баштаганына Асылбек менен Сырга жетине албай калышты. Атүгүл бир кечте Асылбек качантан бери кармай элек комузун колуна алып, күүгө салып, эки жеңин түрүп таштап, манжаларын аркы-терки шартылдата, көздөрүн бекем жумган тейден, чекесинен чыбырчыктап чыккан тер жаагы ылдый салаалап аккычакты тыным албай ойноду. Сырга да ошого жетине албай, кудум баягы кездегидей буту-колу жерге тийбей эпилдеп, күйөөсү жакка улам жагалдана “жалт” карап, учуп-күйүп калды.

“Кудай берет деген ушул, айланайын! Кызым жанагы эмеден кутулуп, элдин кыздарындай жигит сүйүп, анан күйөөгө узатып, атасы экөөбүз да элдей куда-сөөк күтсөк!.. – дейт басып-туруп оюнда, – О, кудай, айланайын, Асылбектин да, менин да билип-билбей жасаган көп күнөө, аз айыбыбыз болсо кечирип, тилегибизди кабыл кыл?!.”

Кызмончок ата-энесинин минтип жетине албай кубанып, бири-бирине жымыңдай караганын көрүп, аларга боору ачып, аяп кетет. Экөөнүн өмүрлөрүнүн акырына чейин ушинтип, бактылуу болушун каалап, анын баары бир Кудайдын, бир өзүнүн гана колунда экенин билет. Анан калса жаштайынан эле экөөнүн тең чачтарына ак кирип, беттерине бырыш түшүп кетти.

Муну Жан билбейт дейсиңби? Билет. Атүгүл акыркы убактарда Асылбек менен Сырганын эмнеге сүйүнүп жүргөнүн, аларды кубантыш үчүн Кызмончоктун Бектемир менен бат-бат жолугушарын да түшүнөт. Ушунун баарын көрүп, туюп, бирок Жан баары бир Кызмончокту унута албай, кете албай койду. Анткени ал сезчү, Кызмончок канчалык жашырганы менен, Жанга таптакыр кайдыгер боло алчу эмес. Эмнегедир эле жылан эсинен кетпей, жигит менен сүйлөшүп туруп деле эси-дарты Жан тарапка бурулуп, тартыла берчү. Ансыз да аларды айланып-тегеренип жүргөн Жанды бул ого бетер байлап, кетирбей тушап алчу... Кызмончок да өзүн-өзү алдап, ушунун баарын жокко чыгаргысы келип, канчалык чымырканганы менен жүрөгү: “Жан! Жан!” – деп кагып туруп алчу да, Жандын кайрылгыс болуп кетээрин эстегенде асман-жери аңтарылып кетчү...

 

***

Кайсы бир күнү, Кызмончок үйдө жалгыз кезде Жан баягы жолу менен үйгө кирди. Ал жолду кыздын өзү, ата-энеси да билчү. Бирок эч кимиси аны жаап салуу жөнүндө ойлогон да эмес.

Бу жолу да Кызмончок жатчу үйдөгү чычкандын уюгундай тешиктен Жандын башы кылтыйып, анан денеси өйдө суурулуп чыга баштады.

Жүктүн бурчунда Бектемирге арнап бетаарчы саймалап отурган кыздын жүрөгү “болк!” этти. Эмнегедир ийне кармаган колдору титиреп, денеси дүркүрөй түштү. Көздөрүн жумуп, башын жүккө сүйөй чалкалай түшүп, демин ичине каткан кыз бул сапар жыландын эмнеге келгенин билген жок. А балким ич күйдүлүк менен айбандык кылып, уусун чачыратаар?! А балким айкөлдүк кылып, кечирим сурап өз журтуна бет алаар?!

Жан да кыздын алдында көпкө чейин унчукпай, сулк жатты да, качан кыз көздөрүн ачканда гана качантан бери жакындан карай албай, куса кылган сулуулукка сук арта тиктеп калды. Ошондо гана кыз күч-кубатын жыйып, жыланды карабай туруп, калчылдаган добуш менен үн катты:

– Жан! Сен акылдуу жансың! Сен баарын билип, түшүнүп турасың! Бармактайыбыздан экөөбүз бирибиздин адам, бирибиздин айбан экенибизге кайыл болуп, эзилишип, эрчишип эгиз өстүк. Сенсиз менин күндөрүм супсак, муздак болуп, сен көрүнбөй калган күндөрү чыр салып, ата-энемди кыйначумун...

– Мен да сени ар убак сагынып, самап, сага гана бүт өмүрүмдү, башымды сайып, ата-бабамдын салтын бузуп, сени сүйдүм, Кызмончок!

– Билем, Жан! Бирок баарын өзүң түшүнүп, билип турбайсыңбы! Мени аячы! Ата-энемди, өзүңдү да ая! Эми артыңа кайт!.. Сенин дагы, менин дагы «акты – ак, караны – кара» деп айыра билип, өз-өз ордубузду табууга мезгилибиз жетти!

– Шашылбай турсаң... А балким биз, алмуздактан бери келаткан бул ааламдын, тирүүлүктүн мыйзам ченемин бузуп, ажайып жаңы сырын ачаарбыз?!. Адам менен айбандын ортосундагы ажырымды бириктирип, бир бүтүндүк жасап, экөөбүз жаңы тукум улаарбыз?!.

– Кантип, Жан?! Кандай тукум?!

– Кандай болсо, ошондой! Эмне экен?! Ал сенин, менин – экөөбүздөн ишибиз! Биз менен эч кимдин иши болбосун үчүн алыс-алыс жактарга, аска-зоолордун арасына кетип, ошол жакта өмүр улап, өз дүйнөбүздү жаратаарбыз?!

– Жок, Жан! Капкайдагы ойлорду ойлоп, жокту эңсебе!

– Мени «адамдык асыл касиеттерге» окутуп жатканыңда: «Калоосу жарашса – кар күйөт» дечү эмес белең?!

– Токто, Жан!!! Дегеним чын! Бирок анын бу жерде эч тиешеси жок!

– ?!..

– Экөөбүз жандилибизди кошконубуз менен, эч качан жуурулушуп, кан-жинибизди кошо албайбыз, Жан!!! Сен эмнеге ушуну ойлобойсуң?!

– Ойлодум, Кызмончок! Эгерде жандилибиз чындап кошулса, сен гана жалгыз мендик экениңди билдирип, бары-жогуна кайыл болуп, “сендикмин” десең, анын жолун мен табайын!

– Жок, Жан! Жок! Мен эч качан сендик боло албайм! Мен корком, Жан! Корком!.. Баарынан корком! Ата-энемди азапка салгандан да, сенден да, сенин аска-зоолордогу жашооңдон да, баарынан корком! Түшүнөсүңбү ушуну?! Түшүнчү, сенден суранам?!

– !..

– Кечир мени, Жан?! Бирок... эгерде сен мени чындап сүйсөң, махабатыңдан кайт! Эли-жериме, ата-энеме, эч кимге зыян кылба?! Суранам, Жан?!.

Жан Кызмончоктун жашка жуулган жүзүн – жамгырга жуулуп жаткан гүлгө окшошуп, эс-мас карап тура берди. Нымдалган узун кирпиктерин алсыз ирмеп, балбылдаган чоң көздөрү менен жыланды ансайын жалооруй тиктеди кыз:.

– Суранам сенден, кетип калчы?! Кетчи, Жан?!

Кыздын жалдырап, жалооруганы Жандын муун-жүнүн бошотуп жиберди. Андан ары карап тура албай, жек көрө да албай, терс бурулду да, эми жанагы оюк менен эмес, саал кыңайып ачылган эшиктен чыгып баратты Жан!

 

***

Каякка баратканын өзү да билбей, үйдөн чыгып туш келди эле чымын-куюн болуп кетип бараткан Жан адамча ыйлап, кандайдыр бир аянычтуу кышылдаган үн чыгарып, кечээ эле керемет туюлган кең дүйнөсү бүгүн тарып, асманы аңтарылып, жери көчүп баратты! Ушул ирет да адам болбой, жылан болуп калганына өкүндү! Же болбосо Кызмончокту жылан кылып кубултуп алып, жанына жандай эрчитип, аска-зоолордун арасына алып кете албаганына, анткен менен жылан болуп жыландарга да кошула албай, адамга арзып калган тагдырына таарынды!

А бирок ушул эле бир учурда өзүндөгү адам баласынан оошкон кандайдыр бир улуу касиетти туйду да, жандилинде кайра ошого алданып, соороно түштү. Ал улуулук эч бир айбандын акылына да сыйбаган айкөлдүк, кечиримдүүлүк менен сабырдуулук жана туруктуу, ыйык махабат болчу! Жада калса аны өзүнөн алыстатып, жакын жуутпай кубалаган күндө дагы Кызмончокту жек көрүп, таарынбады. Кек сактап, жамандык кылбады. Тескерисинче аны ошончолук кайра көкөлөтө сүйүп, ыйык жана бийик тутуп, эч нерсеге, эч кимге теңей да, ыраа да көрө албай аяп, анын бактылуу болуусун Жараткандан суранып, коштошуп баратты!..

Бирок эсине бир нерсе түшө калган сыяктуу жылан бир убакта “тык!” токтоду! Кандайдыр бир түйшөлүү жолунан тосуп: “Мен кетсем, аларды ким арачалайт, кара өзгөй адамдардан ким коргойт?!”– деген суроо кайра артка имерилтти.

Анткени ар бир үйдө Кызмончоктун ажыдаар экендиги, атүгүл эртеңдерден айылга залакасы тийери жөнүндө толгон токой ушак чындыктай жашап, элдин шектенүүсү менен жек көрүүсү күн сайын күчөп бараткан. Атүгүл кадимки эле Бектемирдин апасы күнүгө бир канча жолу айылдын аяк-башына угузуп:

– Ажыдаар кызды үйүмө алып келсең, эки дүйнөдө нааразымын! Энеликтен кечип коём! Эр болсо эле Асылбектин жыланы үйүмдүн босогосун аттап көрсүн! Ичин жарып, ичеги-кардын чубап өлтүрөм! – деп жүргөнүн билет. Ошондон улам го, эмнегедир Жандын көз алдына Кызмончоктон ажыраган, Асылбек менен Сырганын буркурап-боздогону элестеп, мээге жегендей башы “зырп!” дей түштү! “Жок, жок! – деди анан оюнда, – Мен үй бүлөмдүн антип, кор болгонун каалабайм!”

“Үй бүлө!..” – ушул сөз Жанга эчактан, тээ Асылбектин үйбүлөсүнө аралашкан кенедей кезинен жагымдуу. Анткени ар убак Кызмончок:

– Ата, айтсаңыз, Жан да биздин үй бүлөгө киреби? – деп бышыктап сурай берет эле.

– Ооба, чогуу жашап жаткандан кийин ал да биздин үй бүлөгө кирет! – дечү атасы.

– Бир үй бүлө болгон соң, демек бири-бирине күйүмдүү, ишенчиликтүү болуп, жакшылык-жамандыкта бири-бирин колдоп, бири-бирин эч качан кепке кемтик, сөзгө сөлтүк кылбоо керек! – дечү Сырга да. Анын бул айтканынын ары жагында Жанга карата: “Уугум сага айтам, уулум сен ук” деген түшүнүк жатканын түшүнчү да, оюнда: “Жок, мен силерди эч качан кепке кемтик кылбайм! Уятка да калтырбайм! Эч кимге залакамды тийгизбейм! Бирок, силерге кимдир бирөөлөрдүн залакасы тийип жатса... кантип чыдайм?!” – дечү Жан.

Эми да: “Бектемир менен кезигишип, сырын тартып көрсөмчү?” – деп, кайра: “Кантип?!” – деген суроого какай түштү. Ырас эле кантип?! Биринчиден ал Кызмончоктой жыландын тилин билбейт да! Экинчиден Бектемирдин азыр Жылан жөнүндөгү чындыктан эч кабары жок. Ал жөнүндөгү укмуштуу ушактарга ишенгиси да келбейт. А эгер Жанды көрсөчү?! Анда... анда деле Кызмончокту өзүнө жуп кылып, өмүрлүккө кол сунабы же апасы менен айылдыктардын ушагына ишенип, жек көрүп калабы?! Анда Кызмончок кантет?! Андан аркы тагдыры эмне болот?!”

Ушул кезде оюна бир азгырык сезим “кылт” этти: “Коё турчу... а балким Кызмончок анда... биротоло мендик болуп калар?!.”

Не болсо да көкүрөк-көңүлүн өйүп турган ушул суроого жооп табыш үчүн келатты. Бирок бу жолу өз үйүндөй болуп калган Асылбектикине эмес, Абылайдыкын карай бет алды.

 

***

Жыландар уюгуна кире турган маал али алдыда. Андыктан Жан шашылбайт. Чээнден чыкчу жазга чейин эмне бар да, эмне жок?! Чыны менен эле Кызмончоктон санаасы тынчып, биротоло бир жаңсыл болуп кеткени жакшы өңдөнөт. А балким...

Кызмончок ушул кышта чээнге кошо эрчип кетчүдөй, көңүлү жайдарылана түштү. Бул ою канчалык акылга сыйбай турган куру кыял экенин билсе дагы, саамга денеси балкып, өзүн-өзү алдап, бактылуу боло калды. Акыркы убактарда ушинтип куру кыял, элестер менен ырахаттана калууга үйрөнгөн. Бир жаман жери, кайра эле ошолордун чындыкка айланышын самай берет...

“Эмне экен?! – деди оюнда, – Эмне экен?! “Эркек кишинин өжөр, өктөм болгону жакшы” дечү го Кызмончок! Балким ал менден да ошол касиетти талап кылып, сынап жаткандыр?! Ооба, эмнеси болсо да Бектемирге жолугуум керек! Эгерде адам баласы да Кызмончокту менчелик сүйсө, чындыкты билип көрсүн!..”

 

***

Ошо убакта Бектемир атасынын күтүрөгөн чоң үйүр жылкысын кайрып, башына чулгай салынган бир байлам кызыл жоолугунун учу желбирей, укуругун сороктото айгай салып, ат жалында бараткан. Анда-санда окуранып, куйрук-жалы сапырылган Актуягы Бетемирдин жандүйнөсүн билген сымак ооздугун качырата чайнап, ай ааламды жаңырта азынап, демейдегиден да бир башкача чамгарактайт, чиркин!

Жигит менен бу, канаттуу куштай асман менен жердин ортосунда көзгө илешпей кетип бараткан жаныбардын кыял-жоругу бири-бирине куп жарашып, окшош дагы. Так ошол Кызмончок менен Жан сыяктуу, бул экөө да бала кезден жанбирге. Кулунунун куйрук-жалын сылап, кош чырактай балбылдаган көздөрүнөн өөп, көкүлүн тарап өскөн. Акыркы кездерде Актуягынын жонунда “учуп” баратып да, өбөктөй калып, айчырайлуу бир кызга ашык экенин айтып, сырдаша берет.

Эч кимге айта албаган алгачкы махабатын ошентип, адеп Актуягы уккан. Ошондон бери тулпары уландын канча бир асыл ой-тилектерине күбө болуп келет. Атүгүл кай бир кездерде Бектемирдин көздөрүнөн шүүдүрүмдөй мөлтүлдөп кулап кетчү мончок жаштарды да жалгыз Актуягы билет! Күлүгүнүн маңдайына маңдайын тийгизип алып, мойнунан кучактап алып үн чыгарбай ыйлаган күндөрдү күлүгү жер чапчый кошкуруп, таноолорун эдиреңдете, башын оңду-солду чулгап, окуранып алуучу. Эмнегедир анысы жигитти намыстантып, кайратына келтирип жаткан сыяктуу туюлчу да, жигит чын эле чыйрала түшчү.

Эми да Бектемир Актуягынын сапырылыган жалын бир колу менен кочуштай кармап, ээрге өбөктөп баратып:

– Чү, Актуягым! Чү! – деп өпкөсү көөп, жүрөгү кабынан ыргып кетчүдөй алып учуп, кудум жылкынын төрт аягындай көңүлү удургуп баратты!

Жерди солкулдатып, дүпүрөгөн бир үйүр жылкынын туяк алдынан уюлгуган чаң асманга сапырылып, тээ батышта кызарып, уясына батып бараткан күндүн көзүн жаап, адырдын бетин ого бетер сырдуу, сүрдүү кылып барат. Ага кошул-ташыл эси-дартынын баары айыл тарапта болуп ашыккан Бектемирдин айгагы алыска-алыска тарап...

Акыры жетчү жерине жетип, үйүрдү адырдын үстүндөгү жылкычынын карамагына кайрып берип, мына эми артына кайта турган болгонунда:

– Э, Бектемир?! Ботом бери кайрылбайсыңбы?! – деди үйдөн чыга калган аяш апасы. Ошондо да: “Эмне кылсам, укмаксан болуп кете берсемби?..” – деп барып анан мойнунан байлагандай ат тизгинин буруп:

– Жакшы турасызбы, апа?! – деди бала ооз учунан.

– Ботом, токто! Айылдыктар аман-эсенби? Эмне кеп-сөз бар? Үйгө кирип, чай ичип дегендей, кобурап кетсең боло!

“Карачы эми, шашып жатканда ушинтет...” – деп ичинен күңкүлдөгөнү менен:

– Айылдыктар жакшы эле. Атам-апамдар салам айтышкан, – деди Бектемир.

– Ии, саламат болушсун! Аяш атаң баягы ала бээ жоголуп, ошону издеп кеткен.

“Сурап жатамбы?! – деди ичинен улан, – Шашып жатканда кармай беришет ушинтип!..”

– Ботом түшпөйсүңбү! – аяш апасы эми өктөм үн катты, – Эмне болуп калгансың, тил-ооздон калып?!

– Шашылышмын, апа!

– Кайда шашасың?! Айтмакчы, “укмуштуунун төөсү жорго” деп, өгүнү жакадан келген бирөө: “Кызмончок жыланга айланат экен” деп эле божурап кетти. Ботом, ал эмне деген шумдугу?!

– Эк! – андан аркысын уккусу келбеген Бектемир аттын башын бура тартты да, татырактаткан боюнча чаап кетти. Демейде түшүп даам сызып, ар кайсыдан божурап, шашпай отуруп кетчү баланын бу жолку кылык-жоругуна таң калган аял:

– Апе-ей! Баары эле соо эмес го?!.. – деген боюнча кала берди.

Жигит болсо:

– Актуягым, уч ылдам! – деп келатты, – Күн уясына батканы качан?! Кызмончок күтүп калбасын, чү!!!

 

***

Булактан ары анча алыс эмес, жол боюнда асман тиреп, шуулдаган кош чынар бар. Бектемир менен Кызмончок бүгүн ошол жерде жолукмак.

Улам айылга жакындап, айылдын этеги тараптан жылтылдап от көрүнүп, желе жортуп өйүз-бүйүздү аралаган жел менен кошо түтүндүн жыты келип, улам иттердин абалаганы жакындап, а бирок Бектемирге жол ансайын арбыбай, Актуягын оңду-солду камчылап барат. Качан гана тээ илгертен өздөрүндөй кыз-жигиттердин аруу махабат, арзуусуна шерик болгон кош чынары көрүнгөндө гана ат тизгинин тартып, жүрүшүн жайлатты. Өзү менен кошо тең жарышып, тээ ак мөңгүлүү бийик чокудан ылдый чуркап келип, айылды аралап өтчү билектей сууга токтоп, белине чейин чечинип жиберди да, шапшына жуунуп алды. Ошентсе деле эмнегедир жүрөгүнүн бөтөнчө түрсүлү бүтпөй, көңүлү элеп-желеп боло берди.

Ал келгенде кош чынар адатынча бир башкача шуулдап, бариктери дирилдеп ырдап турган. Аттан түшүп, жака-боюн түзөгөн Бектемир эми айыл тараптан көз албай, Кызмончок келчү жолду утурлай карады. Канча ирет алдынан тосуп чыгууга бел байлап, анткен менен ансыз деле Кызмончоктун баскан-турганын эсеп-чоттой берчү кошуна-колоңдордон, айрыкча өзүнүн апасынан жазганды. Анан калса, акыркы убактарда апасы Бектемир үйдөн чыкса эле артынан чыгып, акмалап карай берчү адат тапкан. Уулун Кызмончоктон коруганы го. Бу саам да апасынын ошол кыялын ойлоп, айылга кирбей эле коюуну эп көрдү да, атын тушап коё берип, өзү чынар терекке жөлөнө, селкисин чыдамы жетпей күтүп турду.

Бирок ал Актуягынын кулактарын тикчийте кошкурук атып, жер чапчып, кандайдыр бир белги бере, алда неге тынчсызданып жатканын улан түшүнгөн да, туйган да жок!..

Башы айылдан башталып, ийрелеңдеп аңызды аралап келип, так ушул теректерге токточу жолдон көзү өтүп: “Кызмончокко эмне болду? Эмнеге кечикти, же кечээ таарынтып алдымбы? А балким ал ойлогондой болбой калдымбы?..” – деп санаасы санга бөлөнүп, ой-чабыты алда кайда алып учуп, карбаластай баштады. Бакка башын сүйөгөн калыбында:

– Бир, эки, үч... жыйырма... отуз... элүү... жүз... – деп улам кайра санай берди. Бул анын өзүн-өзү алаксытып, жүрөгүнүн элеп-желеп болгонун басуу үчүн жасаган аракети болчу.

 

***

Жан болсо чынар теректин жоон бутагына оролуп алып, аны так төбөсүнөн карап жаткан! Актуяк жаныбардын баятан бери ээсине айта албай, кош кареги чанагынан ыргып кетчүдөй чакчаңдаганы ошол! Аны жигит кайдан байкасын?!

Башка учур болгондо го, күлүгүнүн бар кыймылын көз жаздымдан кетирбей билет болчу. Азыр ал жыландын так үстүндө ойдолоктоп, теректин бариктерин тынымсыз шыбырттата бергенин да туйган жок! Анткени ага ай ааламдын бүтүндөй өзү бир тең, Кызмончогу бир тең болуп, башканын баарын кулагы укпай, көзү көрбөй турган!

Кеч коюуланып, айлана караңгыга толук чүмкөнгөн кезде, айыл тараптан эрбеңдеп чыккан жалгыз караан көрүндү. Бектемирдин жүрөгү “болк!” дей түшүп, кубанганынан кыйкырып жибере жаздап, кудум жаш баладай турган ордунда так секирип, чимирилип-чимирилип кетти!

– Келатат! Кызмончок келатат!.. – деп ичи элжирей, өзүнө-өзү батпай кетти, – Сүйөм сени! Сүйө-өм!..

Ушинткен жигит келе жаткан караандын алдын утурлай басты. Көйнөгүнүн этек-жеңи делбектеген жанагы караан да бирде жүгүрүп, бирде жайлап, шашылып келаткан...

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

© Исабаева Ж., 2008. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 11498