Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Исабаева Ж., 2008. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2011-жылдын 9-июну

Жыпар ИСАБАЕВА

Күтүү

(Күндөлүк)

Бул аңгемеде автор табият менен адам баласынын ортосундагы ынтымак-ымаланы даңазалайт.

Жыпар Исабаева. Жыландын сүйүүсү: Повесть жана аңгемелер. – Б.: 2008 китебинен алынды

 

(Бул күндөлүктүн менде жатканына көп болду. Айрым жерлерин көркөмдөп, оңдоп-түздөмүш болгонум менен, өзөгүн өзгөртүүгө колум барган жок. Кол жазманын автору да ошол боюнча дарексиз кеткендиктен, күтүүнүн андан аркы таржымалы табышмак бойдон калды… )

Башты тумандатып, акыл-эсимди ээлеп алган бул арзуу да, канча бир күндөр менен түндөрдү сагынычка саргайткан ушул күтүү, эч кимде жок кубаныч менен кара баскан кайгы да... баары тең ойдо жок жерден башталган...

Ырас, мен сени... Жок, сүйүүнү өмүр бою күтүп, эс тартканы издегеним чын болчу...

Атүгүл сени качандыр, эртеби-кечпи табаарыма ишенип, ошол күндүн кубаты менен жашаганым да ырас...

Бирок мен ошол махабатты минтип, капыл-тапыл келип калат деп күткөн да, ойлогон да эмесмин...

 

***

Биз аэропорттон жолукканбыз. Ишим боюнча чет өлкөгө учмакмын. Шашылыш өтүп баратып, ким бирөөнүн мага башкача, жандилинен назар төшөй калганын туйгам. Эмнегедир ошол назар, ошол ички кыйкырык менин көңүлүмдү, акыл-сезимимди кудум магнит сыяктуу өзүнө тартып алган. Атайылап карабаганым менен, ал тараптан кандайдыр бир жагымдуу, агыш нур пайда болуп, ошол ак жарык артымдан агылып келип, жандүйнөмө «жылт!» деп сиңип кеткенсиген.

А бирок, ошондо анын жүзүнө, көздөрүнө тик багып карабаганыма өкүнөм! Болбосо, кудум сыйкырчыдай бүтүн дүйнөмдү ээлеп алган тааныш да, бейтааныш да адамдын дидарын кайра да бир көрүүнү өмүр бою арман кылып, азапка батпайт элем!

Карагым келген! Антсе да: “Эмне үчүн?!.” – деген куру намысым мени андан ары жетелеген. А бирок анча узай элегимде сен:

– Кечириңиз?! – деп артымдан чакыргансың. Ушуну гана күткөндөй, сен тарапка “жалт” карагам..

– Кечиресиз, документиңизди, билетиңизди көрсөтүңүзчү? – дегенсиң утурлай басып келип.

Антүүгө сенин укугуң бар болчу. Канчалык шашылыш болсом да, көрсөтүүгө милдеттүү элем. Бирок, ошондо да сени жүзүңө тик багып карагандан намыстанып, документимди сунгамын. А сен колуңдагы сүрөткө бир, мага бир карап алдың да, ишимдин телефонун сурадың.

– Түшүнүксүз болуп жатабы? – дегем мен чын эле тынчсызданып.

– Жакшы эле. Бирок ошол жерде иштейсизби, иштебейсизби, текшерүүм керек.

Мен ошондой болуш керек экенине ишенгем. Телефонумду айткам. Сен жазып алдың беле же тек гана эсиңе түйүп калдың беле, бирок эсимде жок. Ошондон кийин гана:

– Жүрүңүз, жол көрсөтүп коёюн, – деп узатып койгонсуң.

Добушуң жаккан. Жагымдуу, мээримдүү, анан да... ооба, ичине кандайдыр сыр катып калгандай купуялуу эле. Жүрөгүм туйган аны! Көңүлүм да эмнегедир сен тарапка тартыла түшкөн. А бирок ал сезимди ой-боюна койбой, акыл-эс менен ээрчитип алып кете бергем: “Эсиңе кел, жүрөк! Бир эле көргөн жигитке имерчиктеп, секелек кыз эмессиң да!..” – деген ой баарын башкарып, жүрөктүн эркине үстөмдүк кылган.

Антсе да жүрөгүм сен жөнүндөгү карлыгач саптарын кайрып калган:

Азыр барып,
    Сен жөнүндө ыр жазам,
    Издеп-издеп... Таап ширин сөздөрдү.
    Кыялданып жүрөк менен сырдашам,
    Шылтоо кылып жалт караган көздөрдү.

 

***

Бүгүн да кечке ушуларды ойлодум. Деги эле менин сен жөнүндө ойлобой калган күнүм жок. Сенин ким экениңди билбей туруп, кыялымда сени менен гана жашап калдым. Күндүзү көз алдымда, эсимдесиң! Түндөсү жанымда, түшүмдөсүң! А бирок мунун баары акылга сыйбай турган, тек гана куру кыял, баланын иши экенин билсем деле, баары бир жүрөгүмдүн эркине алым жетпейт! Кээде өзүмдү эмес, жүрөгүмдү аяйм! Ошонун өжөрлүгүнө таң берем.

 

***

Түндө жакшы түш көрдүм.

Уч-кыйры жок ээн талаада эрбеңдеп, чекит сыяктуу жалгыз баратам. Бурганактап кар жаап, бет алдымдан соккон шамал этек-жеңимди делбектетип, көкүрөккө ургулап, улам жыгылып, улам туруп, көзүмдүн жашын балбаалатып, ыйлап алыпмын. Эси-дартымда, оюмда – сен! Сени издеп, сени утурлап бараткансыйм.

Аңгыча бет алдымдан “жарк!” этип агыш жарык пайда болду да, кудум сымаптай мөлтүлдөп, мына-мына азыр куюлуп түшчүдөй, абада асылып, бирок менин үшүгөн жандүйнөмдү, ьулку боюмду жылытып, мээрим чачып турду. Ойгонуп алып, түшүмдү сага жорудум:

Күндү көрдүм түшүмдө! Демек менин,
    Күнүм тийет экен деп сени эстедим!
    Күмүш күлкү тагынып добушуңа,
    Күлүп келген кезиңди элестедим!..

Айды көрдүм түшүмдө! Демек менин,
    Айлап күткөн адамым келет дедим!
    Азаптарды арт жакка таштап эми, 
    Алдың тосуп чуркашым керек менин!..

 

***

Кар дагы эле басыла элек.. Эми ал жумшак балпалактабай, бурганактай баштаптыр. Кудум түшүмдөгүдөй. Окшоштуктан го, жүрөгүмдү кандайдыр бир жылуулук уялай түштү. Бардык чарчоо, түйшүк, санааларды унутуп, бет маңдайымдан чаба жаап, бети-колумду «чымчыган” кардын кумкайрак бүртүктөрүнө жүзүмдү тосуп, күлүмсүрөдүм.

Чындап эле ак жарыгым көрүнчүдөй, тээ алыстарга умсуна тиктедим да, бурганактап жааган карга аралаш элесиңди көрүп, үнүңдү уктум:

– Зубирам?.. – ушунчалык жагымдуу, эркелеткен коңур, аяр добуш.

– Нур?.. – кубанганымдан эреркеп, ый аралаш күлүп келаттым, – Келдиңби?

– Келдим, жаным!

Булардын баары чындыктан сырт, тек гана менин кыялымдан, ички туюмумдан угулганы менен, элесиң мени аяп, мени утурлап, бет алдымда калдалаңдап, шашып келатты!.. Эреркегендей чалынып, мүдүрүлө түштүм. Эки колумдагы жүк ого бетер оордоп, жерге тартылат!..

– Мени сенчилеп эч ким тоскон эмес, мени сенчилеп эч ким аяган эмес! Сени ойлоп бактылуу болгондой, мен эч качан бактылуу болгон эмесмин, Нур! – сенин элесиңден көз албай, умсуна тиктейм. А бирок сага такыр жете албайм! Сен да мага шашкалактап, умтулуп, бирок жетпей келесиң...

 

***

Эмнегедир уйкум качат. Чүмкөнүп жатып алып, элесиң менен сүйлөштүм:

– Каяктасың, Нур? Мен сени сагындым... – дедим эркелеп.

– ?.. – унчукпайсың.

– Мен сени ушунчалык сагындым, жаным! Жалгыздык жаныма батып кетти!..

– Эмне үчүн жалгызсың?! – саамайымдан сылагылап, санааркай сурайсың, – Башкаларчы?..

– Башкалар... сен эмес да, Нур! Жок дегенде куш тилиндей кабарың болсо, жаныма канат бүтүп, сабалап учуп барбайт белем?!. Же менден атайын эле алыстагың келдиби?

– Ыйлабачы, Зуби? Суранам сенден... Буюрса, жолукчу күндөр али алдыда. Дагы бир аз чыдачы, макулбу? Жай күттүң, күз күттүң. Ортобузда эми бир гана кыш калбадыбы?!. Жаз менен тең жарышып, жетип барам анан!..

Өзүмдүн тапкан жообума өзүм ишенем да, кайра ошого каниет кылып, алданам. Сенин элесиң да ошого ыраазы болгондой жылмая кадалат. Чындап эле өзүңө жолуккандай жүрөгүм алып учат... Кайра да анан эстутумду артка жөнөтүп, баягы биз адеп көрүшкөндөн кийинки, эң алгачкы маегибизди эстейм...

 

***

Январь айынын аягы болчу.

Жаңы эле сырттан кирсем, телефон чырылдап жатыптыр:

– Алло, саламатсызбы? – деди ары жактагы адам.

– Саламатчылык.

– Кечиресиз, Зубирага мүмкүн бекен?

– Зубира угуп жатат, – дедим оюмда эч нерсе жок. Анткени иш боюнча күнүнө жүздөгөн кишилер чалат.

– А... – эмне айтарын унутуп калгандай, телефондогу адам саамга буйдала калды да, – Саламатсызбы? Бул – мен... – деди да унчукпай туруп калды. Менин күлкүм келип кетти:

– Мен деген ким?..

– Кандай десем?.. Унутуп деле калдыңыз го... Эсиңиздеби, бир жолу аэропорттон... телефонуңузду албадым беле?

– Аэропорттон?.. – бүшүркөй түшүп, анан эстей калдым, – Аа! Ооба, эстедим! Саламатсыңбы?

Сен сүйүнүп кеткен окшодуң. Чынымды айтсам, өзүм да ушунчалык сүйүндүм! Бирок сыр билгизбей:

– Эми араң текшерип жатасыңбы? – дедим тамаша-чындан, – Андан бери үч-төрт жума өттү го?

– Жок, жок! Текшербей эле, жайынча эле... сүйлөшкүм келип...

Маанайым жакшы болчу, атыңды сурадым:

– Андай болсо, текшерүүчүнүн аты ким?

– Нур, – дедиң.

– Нур?.. Жакшы ат экен. Кайсыл жылкы болосуң?

Минтип тыңсынганымдын себеби, мен сени менден кичүүрөөк деп ойлопмун. Бирок сен мени менен жашташ экениңди айттың. Жанагыдай тырсылдабай, кичине тартына түштүм.

– Зубира, мен ишиңден алаксыткан жокмунбу? – дедиң анан.

– Жок, жок. Бирок азыр... беш мүнөттөн кийин чогулуш башталат.

– Анда чогулушуңа кечикпей бар, ээ? – сен муну башкача, мени көптөн бери билген, мага кам көргөн, эң жакын адамымдай айттың, – Кечикпей бар.

– Рахмат.

– Айтмакчы, чалып турсам болобу? – дедиң трубканы коёрумда шашкалактап.

– Болот, – мен да чын дилимден айттым.

Кийин байкадым, жүрөгүм бат-баттан кагып, алып учуп алыптыр. Эмнегедир көңүлүм көтөрүлүп, эси-дартымдын баары сен болуп, атүгүл сүйүнгөнүмдөн жаш балача айланкөчөк тегеренип, кыйкыргым келип кетти.

– Ким ал?! – деди мени таң кала караган курбум бир нерседен шектенгендей.

– Таанышым...

– Оо-о!..

Так ошол саат, ошол ирмемден тарта эки көзүм, эси-дартым телефон болуп, сенин ошол күнкү жумшак, аяр добушуңдан кандайдыр жылуулук, күч-кубат алып, улам кийинки коңгуроо кагышыңды күтүү менен жашай баштадым.

Өмүр – мезгил!
    А мен коңур күздөмүн!
    Жолугуудан кээде үмүттү үзгөмүн!
    Мезгил жиреп, бирок жолуң утурлап,
    Жазда, жайда... дайым сени күткөмүн!

 

***

Бир нерсеге таң калам. Мен өзүмдү буга чейин таанычу эмес экемин. Анткени эс тарткандан эле өтүмүм жок, тартынчаак экенимди билем. А бирок намыскөй да элем. Эч бир жигитке жүрөгүмдү оорутуп, сүйүүдөн азап тарткан эмесмин. “Демек, сага сүйүү келе элек!..” – деген бир күнү курбум. Эми ойлосом, чын эле мага сүйүү кечигип, эми келип жаткан окшойт.

Алдыда мен күткөн, мен сыйынган, бирок али келе элек, мен үчүн эң бир ыйык, эң улуу бир күн бар! Ал – менин өзүңө кайра да бир кезикчү күнүм!

О, Кудурет!..
    Биз жолукчу ошол күн,
    Бизди күтүп тээ бийикте тургандыр?
    Тагдырыбыз экөөбүзгө белек деп,
    Ак сүйүүдөн алтын уя кургандыр!..

 

***

Менин махабатыма шерик, элесиң менен куру кыялдарымдан башка дагы үчөө бар, алар – телефонум, күндөлүгүм жана калемсабым! Эмнегедир соңку убактарда алар сен жыттанат! Алардан сенин илебиң, жылуулугуң келет! Алар мени сенин көздөрүң менен тиктеп, алар мени сенин мээримиң менен эркелетет! Сен жөнүндө жазылган мына ушул дептеримди боорума кысып, жөрөгүмдүн жылуулугун өткөрөм, эринимди тийгизип, эркелетем. Ар дайым, керек кезде колума ала коюп, сырымды төгөм... Сен жөнүндө жазылган саптарымды кайталап окуйм. Мына, азыр да ал менин колумда...

 

***

Каякка барбайын, кыялымда экөөбүз эрчишип алып барабыз. Кээде сенден алаксый калганымда, элесиң капыл-тапыл эшиктен кирип келип, ордумдан ыргып тура калчудай обдула түшөм. Босогодо туруп калган элесиң кудум чын сыяктуу жүрөгүмдү “солк!” эттирет. Көздөрүңдөн көздөрүмдү тартып ала албай жалдырап, нес боло тиктейм.

– Зубира?! – дейсиң капкара каректериңди жайната карап. Бул көздөрдө, бул добушта: “Бул – менмин!” – дегендик бар.

– Тааныдым, Нур! – дейм сени жоготуп алуудан корккондой, кыймылсыз катып.

– Сени сагындым!.. – дейсиң.

Андан ары мени эч ким, эч нерсе токтото албайт:

– Нур?! – деп өзүңө учуп жетем да, кучагыңа кулайм.

– Сен мени кантип тааныдың? – дейсиң тээ бир топтон соң саамайымдан жыттагылап.

– Добушуңдан... – дейм мен.

– Чынбы?

– Чын.

– Сен менин өзүмдү эмес, добушумду сүйүп калган жок белең? –дейсиң тамашалап.

– Ошенткем! – дейм мен да тамаша-чындан, – Анткени ал сеники да! Мен андан күч-кубат алам! Мен аны менен эртеңдерге умтулам... Мен аны менен кайгы-капамды, азап-тозокторумду унутам... Билсең, мен ансыз жашай албачудай сыяктанам.

– Демек, менин өзүмдү анчейин деле сүйбөйт экенсиң да? – көздөрүмө эркелете тиктейсиң.

– Сүйөм! Сенин өзүңдү, көзүңдү… эриндериңди, чачтарыңды, колдоруңду... баарын-баарын сүйөм! Жытыңды да... – ушинтем да көкүрөгүнөн жыргап, кере-кере жыттайм.

– А сен менин жытымды каяктан билесиң? – дейсиң кайра да тамашалап.

– Билем! Телефондон жыттанчу!.. – дейм.

Каткырып күлөсүң да:

– Жаным менин! – деп кучагыңа ороп, саамайымдан сүйөсүң. Кыялымда экөөбүз анан жетелешип алып, балпалактап жааган карга аралаш, каяккадыр кетип бараткан болобуз...

 

***

– Эртеңки, 8-Март майрамың куттуу болсун! – дедиң бүгүн.

– Рахмат.

– Канчага чейин иштейсиң?

– Алтыга чейин.

– Мм... Мен болсом сегизге чейин... Сегизге чейин кетпей турсаң болобу?

– Эмнеге?

– Жолуксакпы дегем...

А мен... чынымды айтсам эмне дээримди билбей калдым. Баягы адатым кармады да, сени көрүүгө, сага жолугууга ушунчалык куштар экенимди тандым! Болбосо ошол ирмем, ошол жолугушуу мен үчүн канчалык кымбат экенин сен элестете да албайт элең!.. Кантип анан:

– Кеч болуп калат го. Менин үйүм алыс эмеспи, – деп алганымды өзүм да байкабай калдым. Сен саамга унчукпай, тунжурай калып:

– Балким... – деп бир нерсе айта албай жаткандай мукактана калдың да:

– Балким сени... күткөндөр болсо керек? – дедиң.

– Албетте, күтүшөт! – мен үйдөгүлөр жөнүндө айткам...

Көпкө чейин унчукпай калдың да, кепти башкага буруп:

– Силердин көчөдөн өткөн сайын, жүрөгүмдө кандайдыр бир жагымдуулук пайда болот, – дедиң.

– Рахмат, – деп, жандилимде сенин кайра да жолугууга чакырышыңды самадым. Бирок сен анткен жоксуң.

– Нур? – дедим күнөөлүүдөй.

– Ии?

– Таарындыңбы?

– Жок, жок... – деп дагы бир аз сүйлөп турдуң да, ананыраак кайра чалаарыңды айтып, трубканы койдуң. Сенин үнүң бу саам... башкача эле! Көптөн кийин акылыма келди, сен ошондо мени ким бирөөдөн кызгандың көрүнөсүң...

Жүрөгүм жанчылып кетти! Көөдөнүмдүн ары жагынан бир нерсе бычыранып, быркыранып, жандүйнөмдөн каршы-терши жаракалар кетип жаткандай сезилип жатты! “Мен чын эле жиндимин! – дедим өзүмдү-өзүм тилдеп, – Эмне үчүн макул деген жокмун?!” Ыйлагым келди... Ыйладым!..

Сени билбейм,
    Мен сени сүйүп калдым!
    Деги билбейм,
    Дүйнөмө бүлүк салдың!
    Жүрөгүм жанчылууда, жаным кейип,
    Бир гана сен деп өмүр сүрүп калдым!..

 

***

Бүгүн түштөн кийин күн ачылды. Терезеден сыртты карайм. Айлана аппак. Эки күн бою тынбай жааган кар бүгүн күн нуруна чагылышып, ай ааламдын ханышасындай чалкып жатат.

Аз күндөрдөн кийин жаңы жыл!.. Былтыр так ушул маалда, эски жыл менен жаңы жыл тогошуп жатканда жолукканбыз. Эсиңдеби?

Деги, азыр каяктасың?! Кандай күндө жүрөсүң?! Балким мен таңга маал себелеп жаап, күн чыкканда “жылт” деп кайра эрип кеткен кыламыктай, эчак эле эсиңден чыгып кеткен чыгармын? Өзүңдү гана ойлоп, өзүң гана деп, өзүң менен гана жашоом өтүп жатканын аз-аз болсо да туясыңбы? Билбейм!

Эмнегедир...
    Мейли таңбы, кечинби,
    Куса менен ойдон жүрөк эзилди!
    Бир көрүнүп, кайып болгон бир элес,
    Азгырыктай ээлеп акыл-эсимди.
    Түшүмө да кирчү болду, ал эмне –
    Сүйүүбү же ошого окшош сезимби?

Ал ким деги?
    Сапырылткан санаамды?
    Сыйкырчыбы же кадимки адамбы?
    Өзүн көрбөй, бирок угуп добушун,
    Элес-булас боолгойм жалгыз караанды.
    Баарынан да (ал) жүрөгүмө келүүчү,
    Жалгыз аяк жолду кантип таба алды?..

Балким чындап,
    Мени сүйүү даарыган?
    О, ал анда – мен тааныйлек, тааныган,
    Адамдардын бирине да окшобос,
    Бир башкача жаралган жан баарынан!..

 

***

“Анын мүнөзү, дүйнөсү эч кимге окшобойт чыгаар? Балким анда өзү дагы байкабаган, кандайдыр бир касиет болсо керек?.. – дейм кыялымда. – Болбосо, жүрөгүм канчалаган адамдарын арасынан эмнеге аны тандады?..”

Эч күтүүсүз жерден эле сенин жаныма ушунчалык жакын болуп алганыңа таң калам. Бир күндө сенин атыңды ичимден бир канча жолу кайталайм да, ошондон каниет, кандайдыр ырахат алам. Атүгүл ал менин каным менен тең айланып жүргөнсүйт. Мен ойгонгондо жандүйнөмө Күн болуп тийип, уктаганымда Ай болуп жаркып, ой-сезимимди, акыл-эсимди аруулап, сагынычы, күтүүсү менен мендеги кайгыны да, чарчоону, санааларды да жууп-чайып жаткансыйт...

“Нур, – дейм кээде өзүм менен өзүм сүйлөшүп, – Деги сен кимсиң? Кандай жансың? Эмнени ойлоп, эмне менен дем алып, эмнелерге кубанып, эмнелерге зээниң кейип жашайсың?! Деги, менин жандүйнөмө, жашоомо эмне себептен, эмне максат менен келдиң экен? Эмне себептен жүрөгүмө бүлүк салдың дейм да?..”

Бир гана Кудайдан тилегеним, сенден: “Жөн эле...” деген жооп укпасам экен...

 

***

Эсиңдеби, бир жолу телефон чалганыңда:

– Чыгармачылык кандай? – дегенсиң.

– Азырынча эч кандай. Болгону эле күндөлүк жазганды адат кылып алдым, – десем:

– Күндөлүк да өзүнчө бир жанр го! Бирок ал автордун жеке өзүнүн гана турмушан алынат болуш керек?.. – дедиң.

– Мүмкүн ошондой...

– Анда, күндөлүгүңдөн бир-эки сап окуп берчи? – чын дилиңден сурандың.

Саамга буйдала түштүм да:

– Болбойт! – дедим.

– ?.. – сен буга макул эместей, ошол саптардын бардыгы сендик экенин билип-сезгендей, бирок мага аныңды билдире албай жаткандай унчукпай калдың. А менин сени таарынткым келген жок. Балким сен таарынмак деле эмессиң, тактап айтканда жүрөгүңдү ооруткум келген жок.

– Нур, бул күндөлүктө эч нерсе жок... тек гана менин турмушумдун, жандүйнөмдүн бир сүртүмдөрү... А балким, күлкүң да келиши мүмкүн.

– Эч кандай! Тескерисинче сени менен сүйлөшкөн ар бир ирмем, сенин ар бир сөзүң, ар бир сабың мага канчалык кымбат экенин сөз менен жеткире албаганыма өкүнөм... – дедиң сен.

– Рахмат, Нур. Бирок...

– ?..

Акыры окуп берүүнү чечтим. Бул менин турмушумдагы эң биринчи чечкиндүүлүгүм эле...

 

***

– “Билесиңби, мен сенин сүрөтүңдү тарткым келет. Сен жөнүндө керемет бир музыка жазгым келет. А бирок жаза албай, канча баракты айырдым... Элесиң үзүл-кесил көз алдыма келе түшөт да жүзүңдү, көзүңдү элестете албайм. “Кызыкмын, бейтааныш эле бирөөнү эмнеге эстейм? Эмнеге аны ойлойм?..” – дейм. “Көрбөй туруп деле сүйсө болот. Анткени мен аны көргөм, мен тааныйм, мен аны билем!..” – дейт жүрөгүм. Акыл-эске баш ийбей, ал дайыма эле ушинтип көгөрө да, күтө да берет...

Кандай асыл, кандай жакшы адамсың,
    Сен бар үчүн мага жакшы тирүүлүк.
    Сен бар үчүн дүйнөм түгөл сыяктуу,
    Сен бар үчүн жашап жүрөм сүйүнүп...
– ушул жерге келип, окуганымды токтоттум. Унчугушпай калдык.

– Мен дагы... – дедиң анан акырын, дирилдек добуш менен, – Капысынан эле, эмнеге ушундай болуп калды... билбейм, мага да жашоо сен бар үчүн гана кереметтей туюлат...

– Чынбы?

– Чын!

Бир аз жымжырттыктан кийин андан аркысын окудум...

 

***

– “...Телефондон үнүңдү угуп, жүрөгүм “болк!” этти. Мен бул ирмемди ушунчалык сагынып күткөн элем!.. Эң жакшы достордой, эң эски тааныштардай, эң аялуу адамдардай агыбыздан жарыла учураштык...

Бирок, жанымдагылар менин сүйлөшүп бүтүшүмдү күткөндөй, унчукпай отуруп калышты. Канчалык сени менен сүйлөшкүм келгени менен, ыңгайсыз абалда калдым да:

– Нур, бизде кишилер бар эле, – дедим акырын. Сен шашкалактап кеттиң:

– А... макул. Анан чалайын, ээ?

А бирок, анан чалганыңда да адамдар бар эле. Өкүнгөнүмдү, чакыртпай келген конокторду ушунчалык жек көргөнүмдү айтпа! Анткени, алар менин колумдагы эң аяр, эң аялуу бакытымды алып туруп, кол жеткис жерге коюп койгондой абалда калдым...

 

***

– “...Бүгүн бардык жерде сени ойлодум. Сени чалып калабы деп, бардык жерден шашып чыгып, телефонго агылдым...

Айткандай эле телефон чалдың. Эмне айтаарымды билбей, саамга өзүмдү жогото калдым.

Сенин үнүң!.. Мен бул добушка эч качан, эч качан канбасам керек! Сенин үнүң – мен үчүн бүтүндөй бир жашоо, сенин үнүң – менин эңсөөм, ырахатым!..

– Зубира, иштер кандай? – дедиң.

– Жакшы, Нур.

Сенин атыңды өзүңө карата атоо – мага канчалык бакыт экендигин сөз менен айтып жеткире албайм!

– Бүгүн эмне иш кылдың? – дедиң.

– Чуркап иштедим. Бирок кайда барбайын, бардык жерден шашып келдим.

– Эмнеге?

– Сени издеп калабы дедим.

– Туура кыласың, – тамаша-чындан ушинттиң, – Ордуңдан таппай калсам, оозумдан алдыргандай боло берем...

 

***

Телефондор...
    Бүгүн дүлөй, кереңдей,
    Тунжурашат – укпай, сезбей, кебелбей!
    Ал ансайын күнүм түшүп аларга,
    Күйпөлөктөйм: “Мага эмне?!”– деп теңелбей!

Көз каранды
    болуп сага кайран жан,
    Кадимкидей, башымды ийип, байлангам!
    Кожойкеңер болсом дагы силердин,
    Бөйпөңдөгөн кулуңарга айлангам!

Анткени издеп,
    жүрсөм жалган дүйнөдөн,
    Жүрөгүмө салып ийип дүрбөлөң,
    Эстен кеткис ошол бир күн өзүңдөн(!)
    Жүрөгүмдүн падышасы сүйлөгөн!

Ошол үндү угуш үчүн кайталап,
    Күтүү менен жашап өтөм дүйнөдөн!..
    Күтүү менен жашап өтөм, дүйнөдөн!..»

 

***

– Жакшы ыр экен! – дедиң бу жолу да. Сенин добушуңда жанагыдай эле калтааруунун, кубанычтын белгиси бар эле.

А менин эки бетим албырып, ысып-күйүп кеткен болчу.

– Зубира, бир нерсе сурасам болобу? – дедиң аздан кийин.

– Болот.

– Ырды акындар кантип жазышат? Андагы окуялардын бардыгы өзүнүн жүрөгүнөн, өзүнүн башынан өткөндө гана жазылабы?

Сенин сурооңдон: “Бул ырды балким мага арнады бекен?..” – деген илгери үмүттү эшиттим. Бирок мен намыстанып кеттим. Ошон үчүн:

– Башка тагдырды, башка кубанычты, кайгыны да өзүнүкүндөй жазса болот, – дедим.

– Бирок, көп эле атактуу инсандар гениалдуу чыгармаларын чоң сүйүүгө кабылгандан кийин жаратышыптыр. Мисалы Моцарт, ... Чынгыз Айтматов, – дагы көп классиктерди санап өттүң. Атүгүл алардын кайсыл чыгармасы качан, кантип, кимдин таасири менен жазылгандыгын айттың.

– Билесиңби, – дедиң анан, – Мен дагы качандыр бир сенин: “Ушул чыгарманы сени менен таанышканда жазгамын!” – дегениңди уккум келет. Анда мен өзүмдү бул дүйнөдөгү эң бактылуу адамдардын катарына кошот элем...

Мен сенин сөздөрүңдүн бирин уксам бирин укпай, эс-мас болгон кишиче тура бердим. Сенин кесибиң таптакыр башка болсо да, рухий дүйнөңдүн тереңдигине, кенендигине ичим ысып, элжиредим. Атүгүл сени менен сыймыктанып, өзүмө-өзүм сыйбай: “Менин акылдуум! Менин... менин бийигим!..” – деп мактандым!..

 

***

– Нур, сенин көздөрүң кандай болду экен? – дедим кийинки күнү дайыма көкүрөгүмдө жүргөн суроону берип, – Мен аны такыр элестете албай койдум.

Күлдүң да:

– Көздөрүм сенин көздөрүңө окшош, – дедиң.

– А менин көздөрүм эсиңдеби?

– Эсимде. Анткени мен аны ар дайым көрүп турам.

– Кантип?

– Сүрөтүң азыр да алаканымда турат.

– А мурдуң кандай?

– Кандай десем?.. Мурдум – чыныгы кыргыздыкындай.

– Мисалы?

– Муштумдай!

– Койчу?! – ишенип-ишенбей каткырам мен. – Чын айтчы, Нур?

– Чын эле... Эми анчалык болбосо да, ошондойроок, – дагы тамашаладың.

– Таарындым, – дедим мен таарынбасам деле эркелей, – Мен чындап эле сурап жатсам...

– Таарынбачы, Зуби. Эми... кадимкидей эле.

– Эриниңчи?

– Кандай десем? Мындай... сүйрүрөөк.

Каткырып күлөм да:

– Кандай сүйрү? – дейм.

– Сүрөттөй албай жатам, – өзүң кошо каткырып күлөсүң.

– Сени көргүм келип жатат, – жүрөгүмдө турган нерсени кантип айтып алганымды өзүм да байкабай калдым.

– Мен дагы, – дедиң сен, – Мен дагы сени көргүм келет...

– А бирок мен бир нерседен корком.

– Эмнеден? – дедиң.

– Сени көрбөй туруп эле ушунчалык күтчү болдум, көргөнүмдө ого бетер жакшы көрүп калсамчы? – тамаша-чындан ушинттим.

– Жакшы да анда! Жакшы нерселерден эч убакта коркпош керек! – дедиң, – А мен башка нерседен корком...

– Эмнеден?

– Жолуккандан кийин мени менен сүйлөшкүң келбей калсачы? Анда биз жөнүндө жазып жаткандарыңдын баары токтойт да, ээ? Андан көрө телефондон эле сүйлөшүп жүрө берсекпи?

“Мен сага жакпай калсамчы?” – дегениң эле бул. Менин жүрөгүмдө да ушундай: “Балким, жолуккандан кийин мен Нурга жакпай калсамчы?..”– деген коркунуч бар болчу.

– Нур, мен сени кайра жоготуп алуудан корком! Бирок, ишенесиңби, мен буга чейин бир да бирөөнө минтип айткан эмесмин. Сен мени таптакыр өзгөртүп койдуң... Мен сенин жандүйнөңдү жактырдым. Ал эми сенин сырткы дүйнөңдүн кандай экени мени эми кызыктырбайт!.. – дедим.

– Мен сага ишенем! Сенин ар бир сөзүң мен үчүн бардыгынан кымбат, бардыгынан жагымдуу. Буга чейин мага да эч ким минтип айткан эмес! Бир гана өкүнгөнүм, мен антип ички сезимимди, ойлорумду айтып жеткире албаганым... Кагазга да түшүрө албаганым!..

– Бирок сенин үнүң баарын айтып, жеткирип турат. Добушуң аркылуу мен сенин жүрөгүңдүн кагышын туям!

– Рахмат...

Унчукпай калдың да:

– Кел, эртең жолугабыз? – дедиң.

Эмнегедир калтаарып кеттим.

– Макул дечи?.. – дедиң акырын.

А мен бул сапар да коркоктук кылдым!..

 

***

Жазганымды токтотуп, качанкы каталыгым үчүн эми өзүмдү-өзүм кечире албай, терезеге карайм.

Ооба, андан кийин сени чалбайт го деп ойлогом. Бирок, май айынын он биринде, демейдегиден башка убакта – эртең менен эрте коңгуроо кактың:

– Алло, Зуби?

– Нур?! Эмне эрте?.. – дедим күлүп.

– Ишке эрте келгем, – дедиң, – Азыр бир жакка жөнөйт экенбиз, түштө сени күтүп калбасын деп, айтып коёюн дедим.

– Жарайт, – дедим мен. – Кайра качан келесиңер?

– Билбейм. Буюрса келээрим менен кабарлашам, жарайбы?

– Жарайт! – дегеним менен телефондон эч кетиргим келбей жатты. Менин туюмумда сенин да кеткиң келген жок! Бирок арытадан кимдир бирөөлөрдүн үнү чыгып, шаштырган окшоду.

– Макул анда, ээ? Мен чалгыча сагынбай тур? – дедиң.

– Макул... – эч капарсыз телефондон коштошуп кала берипмин. Ошондо бул сүйлөшүү акыркы экенин билгенимде!..

Кыйма-чийме зуулдаган машинелер. Каякадыр эле агылып, шашылышкан адамдар. Тереземден ар бирине кадала карайм: “Балким ал азыр эң жакын адамына жолукканы бараткандыр?..” – дейм. Кайрадан сени эстейм.

“А балким ал сенден атайылап эле алыстап кеткендир? Кайдадыр жакын эле, шаарда эле... сен жөнүндө эчак эле унутуп таштап, кадимкисиндей эле телефон аркылуу башкалар менен сүйлөшүп жатпасын?” – деди аңгыча экинчи бир туюмум. Кызык, башта бул ой эмне үчүн башыма келбеди экен?!.. Кичине жеңилдей түшкөнсүдүм...

 

***

Ошентип, кийинки жылдын майы да келди. А мен алигиче сенин коңгуроо кагышыңды күтүп, кайрадан сенин добушуңду угууга үмүт менен жашап келем... Башкалардын айтымында (өзүм деле билем дечи) аябай өзгөрүлүп, чүнчүп кеттим. Өзүмдү-өзүм кыйнап, араң эле басып жүргөнсүйм... Баягы шайдоот, шайыр, иштерман мүнөзүм жок. Анын баары сени күтүп, сени издеп, ай талаага кеткенсийт...

– Ким бирөөнү ойлоп, күтөт экенсиң. Бирок аның азыр шаарда эмес, айлында да эмес, эмнегедир туш тарабы тосулган, караңгы тамда отургансыйт! – дейт бүгүн бет алдымдан жолугуп, алаканымды караган цыган аял. Жүрөгүм “болк!” этти!

– Бирок баары жакшы болот! Ак кушуң кеч күздө капастан бошонуп чыгат да, өзүнүн туулуп-өскөн тоолорун көздөй учуп кетип, канаттары айыкканда – жазда кайра учуп келет!..

Мен ага ишенер-ишенбесимди билбей, аң-таң боло карадым. Эмнегедир тамагым жашка муунуп, каректеримди каканактаган ысык жаш каптап кетти!..

Цыган аялдын жанынан кеткиче шаштым! Тээ кыйла жерге баргандан кийин гана өзүнөн-өзү буурчактаган көзүмдүн жашын арчыдым да, буга чейинки, бүгүнкү күндөрдүн бардыгына көзүмдү жумуп, эмнегедир күз айын күтүп жашай баштадым.

Кайдасың,
    Кай күндөсүң азыр жаным?
    Теңирим сени азаптан сактаса экен!
    Сызылып турчу болду жүрөк дайым,
    Мен сүйгөн адам өңдөн азбаса экен!

Кай жерде,
    Кандай күндө жүрдүң экен?
    Жүрөгүм сарсанаадан эзилүүдө!
    Кайдадыр канаттарың кайрып алып,
    Карааның капалуудай сезилүүдө!
    Теңирим жол берсе экен, кезигүүгө?!..

 

***

Мен Кудайдын бар экенине ишенем. Кеч болсо да жөрөгүмдүн бала кезден эңсеген, элестеткен ханзаадасын таптым. Болбосо мен анын бул жашоодо, каяктадыр бар экенин билбей, аны жомокто гана жашайт деп өтүп кетмек чыгармын.

Мага мен күткөн, мен издеген, мен сүйгөн адамдын жүзүн даана болбосо да үрүл-бүрүл көрсөттү Теңирим! Мага махабаттын канчалык керемет, ширин, кайра ошончолук ачуу, азаптуу экенин сездирди! Күтүүнүн да ушунчалык азарты менен ырахаты бар экенин билдим...

 

***

– Каякта жүрдүң?! – дедим түшүмдө сага таарынып.

– Кечир жаным! Келе албай, кабарлаша албай жүргөнүм үчүн кечир?– көздөрүңдү ала качып, улутунасың.

– Мен билгем, – дейм каректериңе тигилип.

– Эмнени? – муңайым тиктейсиң.

– Канатыңдын кайрылып, кыйналып жүргөнүңдү билгем...

– Мен сени... баарын унутту го дегем?!.

– Кантип унутайын?! Ошондон берки ар бир күнүмдү күтүү менен, үмүт менен жашап келатпаймынбы!

– Кечирчи?!.

Жымжырттык.

– Нур, тагдыр неге мынча таш боор? Эмнеге бизди кеч, өтө кеч кезиктирди экен?

– Таптакыр жолукпай калсак кантет элек?..

Ойгонсом кудум түшүмдөгүдөй көздөрүм ыйлап, а жүрөгүм сүйүнүп алыптыр! “Демек биз жолугабыз! – дедим оюмда, – Бүгүн болбосо эртең, же анын эртеси сөзсүз жолугабыз...”

О, ошол кез!
    Биз жолуккан ирмемде,
    Тоголок Жер зор мейкинде калкылдап!
    Ай да, Күн да демин катып ичине,
    Аруулуктан турар бою балкылдап!..

Билем, биз качандыр сөзсүз жолугабыз!..

(аягы)

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

© Исабаева Ж., 2008. Бардык укуктар корголгон

 


Количество просмотров: 3248