Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2011-жылдын 9-июну
Актуяк
(аңгеме)
Бул аңгемеде автор табият менен адам баласынын ортосундагы ынтымак-ымаланы даңазалайт.
Жыпар Исабаева. Жыландын сүйүүсү: Повесть жана аңгемелер. – Б.: 2008 китебинен алынды
Жакында эле туулган кулун уйкусунан чочуп ойгонду да, коркконунан тамагына катуу бир нерсе кептеле түшүп, каректерине ысык жаш каканактап кетти. Анткени өзү туулган бир жумага жакын убакыттын ичинде анын башына мындай коркунуч келе элек болчу!
Эки жагына элеңдей карап, эриндерин эмшеңдетип, кишенеп алды да, жооп күткөндөй демин ичине катып, айлана-тегеректи тыңшады. Бирок кулагына жымжырттыктан башка эч нерсе угулган жок. Демейде ал акырын эле кишенеп койгондо энеси жетип келчү да, муну тумшугу менен жөлөп-таяп тургузуп, ээрчитип кетчү.
Кулун экинчи жолу да кишенеди. Энеси дагы эле унчуккан жок!.. Ошондо гана чындап эле жалгыз калганына көзү жетип, ордунан так секирип тура калды! Бирок ошол коркунуч арасында ал жагымдуу бир нерсени сезди. Демейде ордунан тура калганда сендиректей түшчү. А бу саам туяктары титиребей, аны ишеничтүү көтөрүп турду. Анткени, кечээкиге караганда бүгүн бир аз болсо да чоңоё түшкөн болчу.
Ошол учурда бет маңдайынан бир нерсе «серек!» этип көрүнө калып, заматта көздөн кайым болуп кетти! Коркконунан жүрөгү оозунан ыргып кете жаздап, өзү да алда кайда үркүп барып токтоду. А чынында алиги, уясынан чуркап чыга калган кашкулак мунун өзүнөн коркуп, жаны чыгып кете жаздаганын ал билген жок..
Аңгычакты так төбөдөн күн күркүрөп, асмандын бети каршы-терши тилинип кеткен сыяктанды! Заматтын ортосунда айлана-тегерек караңгыланып, тээ мөңгүлөр тараптан ак кар, көк муз жыттанып келген ызгаар кичинекей кулундун жуп-жумшак денесин чыйрыктырып, билинээр-билинбес сербейген көкүлү менен жалын уйгу-туйгу дирилдетип өттү. Көп өтпөй эле ырылдаган шамал аны ары-бери сендиректетип, түрткүлөй баштады. Канчалык ордунда бекем турууга тырышканы менен ал шамалдын күчүнө туруштук бере албай, эми ошонун багыты менен дегдеңдеп, чуркап жөнөдү.
Ызадан бекен, же корккон үчүнбү, улам барган сайын болгон күчүн үрөп, чындап эле арышын кенен-кенен таштай баштады. Анын үстүнө ал тоо ылдый чуркап келе жаткандыктан, өзүнө-өзү тим эле учуп келе жаткандай сезилип, бара-бара кулунга бул жагып да калды. Кудум кечээки тоо кырдай жарыш салып, көзгө илээшпей зуулдап баратышкан кунандарды элестете, өзүн да кудум ошолордой кадыресе чоң сезип кетти.
А бирок анын бул «учушу» көпкө деле созулган жок. Бир убакта аяктары талып, өзүнөн-өзү эле демигип барып токтоду. Аркасынан «кубалап» келаткан шамал да кайдадыр житип кеткендей, же кулунга жетпей, тоолордун арасында калып калгандай, көздөн кайым болуп кетти. Анткени кулун эчак эле бийиктен түшүп келип, туш тарабы тоолор менен курчалган чакан конушка токтогон.
Бирок, бул жерден алыс, кыйла бийик чокуда туулуп, конушка али түшүп көрө элек кулун башка бир дүйнөгө кабылып калгандай, бир азга айлана-тегерегине элейе карап турду да, кайра эле жанагыдай тамагы жашка муунуп, ыйлагысы келди. Ый аралаш ичке, алсыз үнү менен канча бир курдай кишенеп-кишенеп алды да, кайрадан энесинин табышын күттү. А бирок энесинин ордуна кайра да күн күркүрөп, чагылгандар чартылдап жиберди!
«Жаңы жерге» кулагы, көзү үйүр ала баштаган сайын кайдандыр сүттүн илеби келип, эмнегедир ансайын эреркеп, курсагы ачканын сезди. Атүгүл бир убакта кулагына тааныш табыштар угулуп, кубангандан денеси «дирт!» деп, кулактары тикчийе калды да, ошол дүпүрөгөн табыш жакка чымын-куюн болуп жүгүрүп баратты. Канча чуркаганын бирок өзү да билген жок. Тээ бир оокумда токтоп, ала айгыр баштаган өз үйүрүн издеп, көзү жеткен жердин баарын кыдырата карады. Кайра анан эсине бир нерсе түшө калгандай артына шарт бурулду да, келген жагын көздөй кайра кайтып, бет алдынан чыга калган саксагай, шаа мүйүз, бүкүрөйгөн ырайы суук жаныбарларды көрүп, жаны оозуна кептеле түштү!
Булар – топоздор болчу. Коркконун саамга унута калып, бойтоңдоп ойноп, энелерин ээмп турган мамалактардын бактысына суктанды. Алар болсо кулунду анчалык деле этибар албагандай, көңүл деле бурушкан жок.
Кичинекей денесин солкулдата, оор улутунуп алды. Бирок эми анча деле шашылбай, артына жайбаракат бурулду да, туш келди эле илкий басып кете берди.
Бул убакта жаан себелеп жаай баштаган. Баарынан кызыгы, кулун туулган бир жумага жакын аралыктын ичинде бир да жолу күн бүркөлүп, кар түгүл жамгыр жаай элек болчу.
Ал жашоого жаралып, жерге түшкөн эң алгачкы ирмемдерде, биринчи эле энесинин жытын, мээримин туйган, анын жумшак кошкуруп, эриндерин дирилдете жыттагылап жатканын сезген. Ага удаа эле жакын жерден айгырдын ачуу азынап, жылкылардын күртүлдөтө от чайнаганын, баарынан да жер дүңгүрөтүп, дүпүрөгөн туяктардын дабышы жаккан.
Төрт аяктап, араң-араң таканчыктап турганда энеси эптенип келип, оозуна эмчегин салган. Ошол убакта атүгүл ала айгыр да аларды айланчыктап, алда неден коругандай жер чапчып, тегеренип турган.
Асман да чайыттай ачык болчу. Атүгүл ал биринчи эле күнү тээ бийикте айланып учуп жүргөн кушту көргөн. Көк шиберде оонап жатып, көздүн жоосун алган кызыл-тазыл гүлдөрдү жыттаган. Эмнегедир кулун жашоону дайыма эле ошондой бактылуу, керемет болот экен деп ойлоптур. Эми ошол ажайып күндөрдөн адашып калып, бардыгын жоготуп алгандай, андай күндөргө кайра эч качан жолукпачудай сезилип, жүрөгү мыкчылып, бат-бат сого баштады! Ансайын ызаланды, каякка баратканын өзү да билбей, туш келди эле тыкылдап чуркоого өттү. Анан калса ушул тапта өзүн бүтүндөй жер шарын айлаа чуркап бараткандай сезди да, башты бийик көтөрүп, тээ алыстарга карай «учту!»
Ушул чуркашы аны дагы бир башка «дүйнөгө» алып келди. Келди да, бакырайган көздөрүн ого бетер алайтып, бет маңдайындагы жашоону таң калып карап турду.
Адегенде алдынан арсылдап үрүп, иттер тосуп чыкты. аларды адеп көргөндө денеси жыйрылып, жүрөгү кабынан ыргып кетчүдөй болкулдап кетти. Карышкырды өз көзү менен көрбөсө да, эмнегедир туулгандан эле ички туюму ага анын бар экенин айтып турчу. Ала айгыр да дайыма башты бийик көтөрө калып, туш тарапка кулак түрүп, кандайдыр коркунучтун белгиси сезилсе бээлерди чогулта коюп, өзү бирде алдыга озсо, бирде артта калып, а жерден алыстатып кетчү. Эмнегедир эсине ошол түшүп кетти да: «Өлөт деген ушул окшойт!» – деди оюнда. А бирок иттер анын кичинекейлиги үчүнбү, ачуулары бат эле басылып, унчукпай калышты.
Боз үйдү биринчи көрүшү. Бейтааныш, бирок жагымдуу жыт ушулардыкы экенин эми жазбай билди. Үйдүн кожойкеси мешке алоолонтуп от жагып алып, нан бышырып, уй мүйүз тартып отурган бир топ балдар-кыздар ойноп жатышкан.
Кулунга баарынан да желе жакты. Андагы кыркаар тарта тизилишкен кулундар, анан да бири-бирин кашып, жытташып турган бээлер... Кубангандан ыйлагысы келип кетти! Ушу азыр туугандардына жетип барып, ар бирине арыз-муңун айтып эркелеп, эмшеңдеп ыйлап, төгүлөп-чачылгысы келди. Анан калса курсагынын ачканы да жанга батып, ичегилери курулдай баштады. Эсине бир нерсе түшө калгандай бээлерди, чатырап сүткө толгон желиндерди карады. «Эмне экен, – деди оюнда, – Чоочун болсо эмне экен? Курсагым тойсо болду да!..»
Кадамын тез-тез тыпылдатып, желени көздөй келатты эми. Бирок ал жакындап келгенде кулундар ага чоочуркай карашты. Атүгүл бири жийиркенгендей денесин ала качып, кетенчиктей берди эле, экинчиси шогураак окшойт, сереңдеп тээп калды. Кулундардын антип опурап-топурай түшкөнүн байкай койгон бээлер да кошкурук атып, желе тарапка үрпөйө карашты. Арасынан бири ыкчам бөлүнө калып, көкүлү үрпөйгөн башын силкилдетип, түз эле чоочун кулунду көздөй келатты! Коркуп кеткен кулундун денесин калтырак басып, артына кетенчиктеп жыла берди. Бат эле жете келген бээ да мойнун созо, аны алыстан эле жыттап көрүп, анан так желкесинен тиштеп ыргытчудай комдоно берди эле, кулун «ойт!» берип, турган жеринен алда кайда ыргып кетти. Эсине келе калып караса, бээ дагы эле күүлөнүп чуркап келаткан экен, андан ары эмне болуп кеткени эсинде жок! «Өлдүм!» – деди оюнда. Бирок каяктандыр:
– Тарт! Тарт! – деген баланын үнү угулуп, ошондо гана ачуулуу бээ кайра артына кайтып кеткендей болду.
Көрсө кулунду баятан байкап, акмалап турган бала иштин чоо-жайын түшүнө коюп, арачага келген тура. Ошонун баарын түшүнгөн менен кулун баладан да буйтай өтүп, тээ бир топ жерге чейин дикилдеп чуркап барды. Анткен менен биротоло кетип да кала албай, кайрылып желе жакты үмүттүү карап турду. Бирок жанагы бээнин ачуусу көпкө чейин тарабай, кулун жакка улам баш чулгуй карап, кошкуруп коюп жатты.
– Апа, тиги кайсы кулун? – деди аңгыча өзүнүн көз албай карап турган алиги бала.
– Чоочун экен, адашып калса керек, бечара, – деди апасы.
– Эмнеге адашат?
– Уктап калса керек.
– Ий, байкуш, – бала ага боору ооруй ушинтти, – эми аны каршыкыр жеп кетет да?!.
Кулундун жүрөгү ого бетер «шуу!» дей түштү. Баланын апасы да санааркагандай, кулунга боор ооругандай карап турду да:
– Алыс кетсе жеп кетиши мүмкүн, – деди.
– Ээси келгиче байлап койсокчу?
– Карматпайт го. Анын үстүнө жипке чалынып, муунуп калсачы?
– Муну эми ээси издейби?
– Издебейт! – Турат байкеси ишеничтүү айтты, – Анткени, карышкыр эле жеп кетпесе, жылкы оңой менен баласын таштабайт…
– А муну эмнеге таштап кетти?
– Билбейм. Кырсык да…
– А балким энесин карышкыр жеп кеткендир?
– Андай болушу да мүмкүн.
Ушул убакта кулун: «Жок! Мен андай болушун каалабайм! Болгону эле мен катуу уктап калып, адашып калдым!» – дегиси келип кетти.
– Аскат байке, жүрүңүзчү кармап келели, – деди аңгыча Урмат ортончу агасына, – Бөтөлкө менен сүт беребиз?..
– Карматмак беле?! – байкеси макул эместей атына «шарт» минди да:
– Желеге-е! – деп кыйкырган боюнча, кайдадыр чаптырып кетти.
Жанагы бала эми түз эле кулунду беттеп келатты. Кулун болсо андан көз албай, жакындап келгиче тиктеп тура берди да, бир нече кадамдар калганда артка кетенчиктей баштады.
– Коркуп жатасыңбы? – деди бала да токтой калып, – Коркпо, мен сени урбайм. Жөн эле… тээтигил короого алып барып киргизип коёюн дегем, – колу менен кой короо жакты жаңсады, – Антпесем сени карышкыр жеп кетет го… Же бээлер тиштейт. Көрдүң го, жана аз эле жерден калбадыңбы. Ал эч нерсе эмес, айгыры келсе жаман! Ал сени эмес, байкем минип кеткен атты көрдүңбү, ошону кубалап жетип, мобу жеринен, – өзүнүн кежигесин көрсөттү, – тиштеп ыргытат!
Баланын мээримдүү, боорукер жүзү, кирсиз көздөрү жүрөгүнө канчалык жагып турганына карабай, баары бир кулун ал берилеген сайын бурула каччудай камданып, артка кетенчиктей берди.
– Мо, мо! – деп эми кичинекей колдорун ачып-жумуп жатты бала.
– Сен аябай сулуу экенсиң, – деди анан баары бир кулунга жетпесине көзү жеткендей ташка отуруп жатып, чындап эле ага суктана карап, – Көздөрүң капкара, кирпиктериң узун. Түсүң да башкача – алтынга окшош, төрт туягың болсо аппак!
– …
– А-а билдим, сенин атың – Актуяк турбайбы! Анткени жылкылардын аты ушундай да… Биздин бир бээнин аты – Аккашка, анткени маңдайында ак кашкасы бар. Жанагы сени кубалаган бээ – Сарала, дагы бири – Көк бээ… Айгырдын аты – Алтын көкүл.
Урмат унчукпай отуруп калды да:
– А сенин энең кандай эле? – деди.
– …
– Атаңчы? Сен кимисине окшошсуң?
– …
Бала чын эле андан жооп күткөндөй, унчукпай карап отурду да, оюна бир нерсе түшүп кеткендей:
– Сен эркексиңби, ургаачысыңбы? – деди. Анан ордунан туруп келип, Ак туякты каптал жагынан эңкейип карады да, – Аа, экөөбүз окшош турбайбызбы! – деди кубангандай үнүн катуу-катуу чыгарып: – Эркек экенсиң!.. А сен билесиңби, менин атым ким?
– ?..
– Билбейсиңби?..
Аңгыча ары жактан апасы кыйкырды:
– Урма-ат! Койлорду карап келгилечи балам, кошулуп кетпесин!
– Азыр! – деген Урмат Актуякты кыя албай жаткандай улам кайра кылчактап карап коюп, Нурсултан менен Нурэлге кошулуп, кокту тарапка тызылдап чуркап кетти.
Актуяк саамга жалгызсырай түшүп эки көзү, эси-дарты кайра эле анан желе жакка оодарылды. Аңгыча Турат менен Аскат жанагыдай эле:
– Желеге-е! – деп кыйкырып, бир үйүр жылкы айдап келип калышты.
Дүпүрөп келаткан жылкыларды көрүп, өз үйүрүн таап алгандай, Актуяктын каректери чачырап кетти. Турган жеринде тыбырчылап, кайра-кайра кишенеп жиберди. А бирок анын кишенегени эч кимди деле кызыктырган жок. Ким-кимиси желедеги өз-өз балдарын жыттагылап, жону-баштарын кашыгылап, эркелетип жатышты. Актуяк ансайын эне мээримине кусаланып кетти.
Үйдүн кожойкеси чака көтөрүп, бала-бакырасы менен бээ саанга кетти. Ак туяктын таң калганы, аял улам бир бээге сыңар тизелеп отура калып, чакасына шартылдата сүт чогултуп, ансайын ынак сүттүн жыты мунун сагынычын ырбатып жатты.
***
Бул убакта Урматтын эси-дартынын баары Актуяк болуп, кыр ылдый чымын-куюн болуп чуркап келаткан. Аңгыча аркы коктуда оттоп жүргөн жылкыларды көрүп, ошолорду карап ойлонуп туруп калды: «Балким булар Актуяктын үйрүдүр? – деди оюнда, – Ошол экен! Анткени бул арада башка үйүр жок!» Балдардан бөлүнгөн Урмат эми үйдү карай эмес, кийинки коктуну көздөй бет алды. Таптакыр тескери кетип бараткан уулун карап:
– Урмат!!! – деп кыйкырды атасы. Урмат аны угуп да койгон жок. Буту-бутуна тийбей, тоо этектей чуркап отуруп, коктунун ичине кирип кетти.
– Кой бөлүнүп кеткенби?! – деп божомолдогон атасы дүрбүсүн алып, Урмат кеткен тарапка карады. Бир убакта бала колоттун ичинен сербеңдеп чыга калды да, бат эле чоочун үйүргө жетип, бейкапар оттогон жылкыларды үркүтүп, бери кайрый баштады.
– Бу бала эмне кылып жатат өзү?! – деди уулунун жоругуна түшүнбөй аң-таң болгон атасы, – Эй, тигил бала соо эмес го, ыя?!
– Аа, билдим! – деди Кундуз аңгыча, – Тээтигил кулун ошолордуку турбайбы!
– Эмне болгон кулун ал?!
– Энесинен адашып калыптыр. Биздин желеге келди эле, Сарала аз жерден чайнап сала таштады.
Кептин чоо жайын түшүнгөн ата:
– Аскат, атты минип, барчы артынан! Айдашып кел! – деди.
Күтүрөгөн чоң үйүр жылкы жакындап келатканда Алтын көкүл айгыр жер чапчып, үйрүн тегерене чуркап, сапырылган жалы менен көкүлү ого бетер саксайып, жаалы кайнай, бир топ жерге чейин чоочун үйүрдүн алдын утурлай чуркап барып, үй-бүлөсүн калтырып кете албай кайра бери кайтып келип жатты. Ошону түшүнгөн ээси эки айгырды алышып кетпесин деп, чоочун жылкылар жакындаганда утурлай басып, алдынан тосту.
***
Дагы бир чоң үйүрдүн дүпүрөп келиши, айгырдын азынашы Ак туякты дагы бир жолу «селт!» эттирди. Оюнда: «Таптым!» – деди да, кубангандан кайра-кайра кишенеп, ошолорду көздөй чуркады.
– Тапты! – дешти аны көргөндөр да алакандарын чапкылап, – Тапты энесин!
– Урмат азамат экен, ээ?! – деди Кундуз. Атүгүл алардын ата-энеси да уулунун боорукерлигине, тапкычтыгына кубанып, ыраазы болуп турушкан. Бирок чоочун үйүрдүн ичинен эч кимиси Ак туякты утурлап чуркабай, баары тең эле «ыйлап» келаткан кичинекей кулунга таң калгандай, кайдыгер карап туруп калышты. Аларга тим эле жан алы калбай чуркап бараткан кулун бир убакта салкын мамиледен деми сууй түшүп, андан ары аралашып, араларына кирип бара албай, жетип-жетпей токтоду да, томсоруп туруп калды.
– Бас, кеттик! – деди байкеси Урматты эрчитип, – Бир аздан кийин табышып алышат. Биздин жылкылардын жанында туруп, жыты бузулуп калды да, ошон үчүн тааныбай жатышат…
Урмат да ошону эп көрүп, агасына учкашып, үйгө келишти. Анткен менен баарынын эси-дарты кулун жакта болуп, жарданып карап турушту.
Бир убакта үйүрдүн ичинен бир бээ бөлүнүп бери басты да, Ак туякты жыттап көрдү. «Эмне кылалы?» – деп кеңеш сурагандай анан калгандарына карады эле, экинчиси келип, ал да Ак туякты жыттагылап көрүп, эмнегедир жактырбагандай имериле калып тээп жиберди. Дагы Ак туяк шамдагай экен, тээ алда кайда чамгарактай түшкөн ачуу туяктар тийип-тийбей, кайып өттү. Ошондо гана кулун эсине келе түшүп, бир топ жерге чейин чымылдап чуркап келип, ошондо да үмүтү үзүлбөй токтой калып, карап турду. А бирок анын кичинекей болсо да алардын айбаатынан апкаарып качпай, кайра имерилип карап турганы, баятан бери муну теңсинбей жаткан айгырга да жакпай калды окшойт, алыстан эле тиштеп ыргытканга комдоно мойнун созуп, жаалы кайнап үйүрдөн суурула чуркады!
Анын кебетесинен кулун түгүл адамдардын үрөйү учуп, келмелери ооздорунан ыргып, саамга дел боло түштү да, баарынан озунуп Урмат, анын артынан Нурэл, Нурсултандар кыйкырып чуркап калышты.
Кепкенедей кулунду килейген айгырдын кубалап келатканы ушунчалык коркунучтуу эле! Урмат коркконунан бакырып-өкүрүп ыйлап жиберди. Дагы жакшы, аралык жакын болчу, кулун бат эле балдарды аралап кирип келди. Үй тараптагылар да кыйкырып, айгай салышып, балдар да кош канаттарын далбактата жайып жиберип, айгырдан алдынан тосушту. Кичинекей болсо да алар – адамдар да! Канталаган көздөрү чанагынан чыгып кетүүчүдөй чакчаңдап, жаалданган айгыр алардан сестене түшүп, токтоп калды. Ошондо да: «Сениби, жубарымбек! Колума гана тийбей калдың, болбосо эки чайнап, бир жутат элем! Дагы бир көзүмө чалдыгаарсың, шашпа!» – дегендей улам кайра кылчактап жатып кетти.
– Сени коркуттубу? Коркпо! – дешти балдар кадимкидей күйүгүп, денеси «солкулдап» турган кулунга.
– Биз деле жакындабай эле коёлучу, – деди анан Нурэл, – Коркуп жатпайбы, алыс тургулачы?..
Ушул убакта кайра да катуу күн күркүрөп, башка-көзгө койгулап, мөндүр жаай баштады.
– Балдар! Баскыла үйгө! Ылдам?! – дешти үйдөгүлөр. Канчалык кеткилери келбесе да колдору менен бети-башын калкалаган балдар тызылдаган боюнча үйлөрүн көздөй чуркашты.
***
Чоң-чоң мөндүрлөр Актуяктын кулактарын да тызылдатып жиберди. А бирок Актуяк ага деле кайыл болчу. Илкий басып, желени көздөй келатты. Анткени ага чоочун үйүрдүн таш боор жылкыларына караганда булар алда канча жакын сыяктанып калган. А бирок аларга да жакындап бара албай, бир нече кадам четте, анткен менен ошолорду эш тутуп, бүрүшүп туруп калды. Бир топко чейин аны байкабагандай, эч кимиси көңүл бурбай, унчукпай турушту да, жанагы Сарала бээ бир убакта көптүн ичинен кайра да бөлүнө калып, бери басты. Сыр билги курбусунун оюн биле койгондой, карагер бээ эмнегедир аны акмалай басып, Актуяк тарапка озунуп жетти да, Сараланын жолун тосуп, капталынан тура калды. Анын эмнеге анткенин жылкылар түгүл, боз үйдүн босогосунан баш багып карап турушкан балдар да түшүнүп:
– Аз-замат, Карагер! – дешти бир ооздон.
Сарала ансайын алчаңдап, тигинден тегеренип өтүп келейин деди эле, Карагер ансайын анын жолун тороп, бура бастырбай туруп алды. Атүгүл экөө бир убакта тиреше кетишип, анан тиштешип, тебише баштады эле, ортого түшө калган айгыр экөөнү эки жакка бөлүп жиберди. Ошондон кийин деле Сарала менен Карагердин эки көзү Актуяк жакта боло берди.
Эмнегедир ушул убакта кулундун башына кадыресе ойлор келди. Кудум өзүндөй балдары бар, энесиндей эле болгон жылкылардын бейжай мамилесине, кызыктай кылык-жоруктарына таң калды. «Эмне үчүн алар мени жек көрүп жатышат?» – деди оюнда. Бирок жообун такыр таба алган жок. Анткени ал жашоого жаңы эле келген да, ошондуктан бул жарык дүйнө менен турмуштун мыйзам ченемдерин, ата-бабаларынын каны-жаны менен тең бүткөн каада-салтын али түшүнө элек болчу.
***
Добул токтоору менен күндүн жүзү «жарк!» этип көрүнө калды. Эч нерсе болбогондой – көктө торгой безенеп, ар кай-ар кай жерден сороктоп суур, кашкулак чуркап, дүйнө ажайып боло түштү. Ушуну гана күтүп тургандай боз үйдөн жанагы балдар-кыздар дабырап чуркап чыгышты да, айрымдары ойноп, эки-үчөө Актуякты көздөй: «Эмне үчүн андай? Эмне үчүн мындай?» – деген суроолору менен Урматты тажатып келатышты.
– Урмат байке, эмне үчүн бээлер менен айгырлар Актуякты жаман көрүп жатышат? – бул Нурэлдин суроосу.
– Анткени ал башка үйүрдүн кулуну да! – шаардан келген, өзүнүн эки-үч жаш кичүү конок балдардын жанында өзүн чоң сезе, компоё жооп берет Урмат.
– Башка үйүрдүкү болсо эмне болот эле, кошуп ала беришпейби.
– Болбойт да!
– Эмне үчүн болбойт?
– Анткени ал деген… – буга Урматтын өзүнүн деле жообу жок болчу, ошондуктан эмне деп жооп айтарын билбей ойлоно калды эле:
– Айтпайсызбы! – деп Нурэл ого бетер шаштысын кетирип жиберди.
– Анткени ал деген… эркек да! – деп жиберди Урмат оюна келе калган жоопко кубанып кетип.
– Эркек болсо эмне болот эле? – Нурсултан кайра эле жарга такап салды. Ушул азыр Урмат жабалактаган суроолордон кайдадыр-кайдадыр качып кеткиси келип кетти эле:
– Аа, билдим! – деп ыңгайсыз абалдан Нурэл алып чыгып кетти, – Анткени ал чоңойсо айгыр болот да?!
«Чын эле, – деп ойлоду ичинде Урмат, – Жанагы айгыр аны ошон үчүн кубалаптыр да?..»
Кичинекей жүрөктөрүндө дагы толгон-токой суроолор калган менен, балдар маектерин андан ары улоого жетише албай калышты. Анткени алар желеге жетип калышкан болчу. Анын үстүнө карагер бээ ушул тапта Актуяктын жанына келип, аны жыттагылап туруптур. «Эми эмне болор экен?» – дегендей балдар турган-турган жерлеринде аңкайып катып калышты. Атүгүл коркконунан жүрөктөрү ушунчалык бат-баттан дикилдеп, денелерин кара тер басып кетти. Таң калыштуусу так ушул маалда Ак туяк да так ушундай абалда, коркконунан төрт аягы билинер-билинбес диртилдеп турган. Бирок алар күткөндөй Карагер бээ чакчырылып кетпей, байкуш кулунду аягандай, эркелеткендей тумшугу менен жонунан кайра-кайра кашыгылап койду да, бүжүрөгөн бечараны жылкылардын көзүнөн калкалап, денеси менен тосуп туруп алды.
Ошондо гана балдарга да, Актуякка да жан киргендей боло түштү.
– Оме-ей, мобу Актуякты бала кылып алды, эй! – деп Нурсултан кубанганын да, таң калганын да жашырбай кыйкырып жиберди.
– Ий, байкушум! – Нурэлдин да ага ичи элжиреп, ого бетер жакшы көрүп кетти. Анткени быйтыйган алаканына туз салып алып, кээде ага жалата койчу. Анан калса, эмнегедир Карагер балдарга жакын эле. Баятан бери ушуну эле күтүп тургансып Кундуз менен Элмира да чуркап келишти. Балдар түгүл үйүрдүн жылкылары да Карагердин «жосунсуз» жоругуна таң калып, айгырдын гана чечимин күткөндөй демдерин ичине катып, мелтиреп турушту. А бирок, эмнегедир бу саам айгыр жаз алды менен эле кулун салып койгон бечара бээни аядыбы, же анын боорукерлигине ынандыбы, айтор унчукпай койду. Балдар үчүн да, жылкылар үчүн да бул өтө таң калыштуу эле. Ал эми кулун болсо жанагыдай коркок-билиш болбой таяна турган, ишене турган бирөө-жарымдын табылганына көңүлү өсүп, ары-бери тойполоңдоп, жандана түштү.
***
Кечки саандан кийин кулундарды желеден чечип, энелери менен түнкү жайытка коё беришти да, балдар эле эмес чоң кишилер да кулундун жалгыз калаарын ойлоп, сарсанаа болуп, кобурашып жатышты:
– Түндө эми бечара кантээр экен?..
– Үйгө жакын жүрсө эч нерсе эмес дечи, алыстаса эле «кашабалар» «илип» кетет го!
– Эптеп кармап, үйгө киргизип койсокчу?
– Карматпай жатпайбы.
Бирок мындай санаркоолорго чекитти Карагер койду. Чечилген кулундарын эрчитип, бээлер чубашып тоо тарапка беттене баштатшты эле, алардын артынан жөнөй турган болуп обдулган Карагер кайра артына кылчайып, кулунду карап туруп калды. Алар менен жайытка барууга акысы жок экенин билгендей, Ак туяк болсо турган ордунда мелтиреп турган. Бир нерсе деп жаткандай, Карагер ага акырын окуранып койду. Эмнегедир анысы: «Жүрү биз менен, жүрө гой!» – дегенге окшошуп кетти. Ак туяк унчуккан жок. Ошондо Карагер кайра кайтып келди да, тумшугу менен кулунду артынан түртүп: «Бас!» – дегендей ишарат кылды. Кулун саал кыйылгансып турду да, акыры Карагердин алдына түшүп, бойтоңдоп кетип баратты.
Карап тургандардын каректерине жаш тегеренип кетти!
– Азаматсың, Карагер! – дешти балдар дагы бир ирээт чурулдашып.
– Карагер, Ак туякты жакшылап кара! Карышкыр жеп кетпесин! – деди Урмат артынан кыйкырып.
– Эртең менен аман-эсен алып кел! – деди Нурэл.
Алар узап кеткиче артынан карап турушту да:
– Эртең менен кайра эрчитип келсе, Карагерге туз, конфет беребиз, ээ? – дешти кыздар.
Ошол таңдын атышы кыйын болду. Тээ көздөрү илинип кеткичекти балдар кобурашып, Ак туяк менен Карагер тууралуу сүйлөшүп жатып укташты. Атүгүл Нурэлдин түшүнө Ак туяк кириптир. Эртең менен ойгоно калып эле:
– Мен Ак туякты түш көрдүм, түшүмдө ал өзүнүн энеси экөө алыс-алыс чуркап баратышыптыр, – деди эле:
– Андай болсо айтчы, энеси кандай экен? – деди Нурсултан ишенбегендей.
– Байкабай калдым…
– Аха-ха-ха!.. – балдар күлүп жиберишти.
Айткандай эле ошол көнө бир керемет окуя болду.
Үрөң-бараңда эле жылкыларды айдап келгени аттанып кеткен Турат бир убакта баягысындай эле:
– Желеге-е!!! – деп айгай салып, жылкыларды күтүрөтүп айдап кирип келди. Ушуну эле күтүп тургандай, балдардын баары ичип жаткан чыны-аяктарын таштай коюп, сыртка атып чыгышты да, топураган туяктардын арасынан Актуякты издешти.
– Ура-а!!! – деди аңгыча Урмат биринчи көрө коюп, – Тигине Актуяк!!
– Кана?! – балдар ал көрсөткөн тарапка тегеренип өтүп, алар да анан:
– Ура-а!!! Актуяк келиптир! Ура-а!!!
– Азамат, Карагер!!! – деп так секирип кубанып жатышты.
Кечээки убадалары боюнча кыздар-балдар колдоруна кочуштап туз, конфет ала чуркашып, Карагерди «сыйлап» жатышты. Бирок эле Актуяктын көңүлү ачылбай, кечээ кандай болсо, дале ошондой – токтоо, муңайым тартып туруп алды.
***
Бардыгы түштөнүүгө – үйгө киришкен.
Бир убакта жакын эле жерден аттардын дүбүртү чыгып, ага удаа эле иттер ажылдап, чоочун айгырдын азынаганы угулду. Үйдөгүлөр бири-бирин карап, сыртка кулак түрө тунжурай калышты да, чуркап чыгышты!
Кызык, кандайдыр белгисиз экөө – чоочун айгыр менен чоочун бээ куйрук-жалдарын сапырылтып, тоо ылдый чуркап түшүштү да, аласасы бардай качырып, түз эле желеге кирип келишти! Суу кечип келгендей моюндарына чейин суу болгон экөөнү бу желенин бээлери чоочуркай карашты. Бирок, ушул тапта Алтын көкүл жакын арада жок болчу. Тосуп чыккан айгырдын жоктугунан пайдаландыбы, алчаңдаган азоо, анан калса Актуякка куюп койгондой окшош айгыр менен көк бээ жок издегендей, желедеги кулун-бээлерди ээн-эркин аралап жүрүштү. Желеден саал алысыраак, Карагер менен жүргөн Актуяк да алда нени сезгендей, алар тарапка элейип карап калды да, адатынча ый аралаш кишенеп жиберди. Ошондо гана уулунун добушун тааныган көк бээ кубангандан ыйлап жибергендей болду! Кудум кулачын жайып чуркаган энеге окшоп, Актуяк тарапка арыштай, бой таштады!
Күйүккөндөн таноолору дердеңдеген экөө анан кулунчасын ортого алып, кудум адамдардай улам бири кошкуруп жыттагылап, кичинекейи эмчек ээмп болгуча тыным алып турушту да, келген жактарын көздөй эрчишип, кетип баратышты…
Кубангандан бекен, же кулундун кетип баратканына ичтери оорудубу, эмнегедир балдар-кыздар узап бараткандарды унчукпай, узата карап турушту. Азыр бирөөсү эле бышактай баштаса, бакырып ыйлап жиберүүгө ким-кимиси даяр эле!
Атүгүл Карагер да Актуяктар кырды ашып кеткиче капкара каректерин жайнатып, көз ирмебей катып турду да, качан алар көрүнбөй калганда гана, экинчи жолу баласын жоготкондой жер чапчып, катуу бир окуранып алды…
(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)
Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн
© Исабаева Ж., 2008. Бардык укуктар корголгон
Количество просмотров: 2271 |