Главная / Поэзия / Котормолор / Адабий мурас
© Бөкөнбаев К., 2010
© КРСУ, 2010
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2011-жылдын 5-июлу
Котормолору
Жоомарт Бөкөнбаевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналат
Бөкөнбаев Жоомарт. Менин ырым: Тандалмалар / Жооптуу редактор К. Бөкөнбаев. – Бишкек, 2010. – 192 б. китебинен алынды.
Боконбаев Джоомарт. Моя песня: Избранное / Отв. ред. К. Боконбаев. – Бишкек, 2010. – 192 с.: ил.
Издание осуществлено при поддержке Межгосударственного фонда гуманитарного сотрудничества государств-участников СНГ
КОТОРМОЛОРУ
Гётеден
Караңгы түндө тоо калкып,
Уйкуга кетер балбырап,
Тунжурап талаа тим жатат,
Түн кучактап жалдырап,
Чаңдай албас жол дагы...
Шыбырабас жалбырак,
Тынч аларсың сен дагы,
Сабыр кылсаң азыраак.
Лермонтовдон
Туткун
Караңгыны баштан алып,
Жарык берчи, шат берчи!
Кара көздүү жаш сулууну,
Кара тулпар ат берчи!
Жаш сулууну элден мурун,
Катуу кысып өбөйүн.
Андан кийин атка минип,
Шамал сындуу желейин.
Айдың талаа нур балкыган,
Алыс жерге жөнөйүн!
Бирок дагы бул түрмөнүн,
Терезеси бийик го,
Кулп салынган оор капка,
Курган жанга күйүт го...
Кара көздүү сүйкүм сулуу
Кайда жүрөт болду экен?
Караңгыда мен отурам,
Кара чынжыр колдо экен.
Жашыл талаа чөбүн оттоп
Тулпар атым жүргөндүр,
Же болбосо жүгөн салып
Бирөө кармап мингендир...
Өзүм жалгыз, жолдошум жок,
Куп-куу дубал чар тарап,
Араң гана лампочкадан
Бүлбүлдөгөн от жанат.
Эшик жактан добуш чыгат,
Кароолчулар жатпады,
Тынч түндө мага угулат
Аркы-терки басканы.
Аска
Алтын булут айланып,
Аскага келип түнөдү.
Агарып аткан таң менен
Асманга ойноп жөнөдү.
Шүүдүрүм түшүп бооруна
Булуттан нымдуу из калды,
Кабагын түйүп талаада,
Акырын аска ыйлады.
Жел кайык
Агарат жалгыз жел кайык,
Көгөргөн деңиз үстүндө,
Алыстан эмне издемек,
Калтырды эмне бул жерде?
Толкундар ойноп, жел согот,
Качырап кайык козголот,
Бактыны издеп барбады,
Бактыдан да качкан жок.
Астында деңиз шарпылдайт,
Үстүнөн күн нур жаркырап,
Бороонду сурайт ал тентек,
Бороондо тынчтык барчылап.
Периште
Түн жармында учту асманга периште,
Акырын гана таттуу ырын ырдады,
Ай-жылдыздар, топтолушкан булуттар
Касиеттин айткан ырын тыңдады.
Ал ырдады күнөөсүздүн жыргалын,
Сайран курган бейиштеги бактагы.
Түркүн-түркүн дүнүйөнү жараткан,
Амалы чоң бир кудайды мактады.
Кайгы менен муңга салып асманды,
Кучагына кысып жүрдү жаш жанды.
Созолонгон ырдын күүсүн уккандын
Үнсүз, сөзсүз жүрөгүнө так калды.
Далай жылы тирүүсүндө зарыккан,
Тилек тилеп көрүү үчүн курбалын.
Асмандагы таттуу күүнү угам деп
Жерип кеткен жердин кайгы ырларын.
Абайдан
Сөз падышасы
Өлөң сөздүн падышасы, сөз тазасы,
Кыйындан кыйыштырар – эр данасы,
Тилге жеңил, жүрөккө жылуу тийип,
Теп-тегиз жумур келсин айланасы,
Бөтөн сөздөн булганса сөз арасы,
Ал акындын билимсиз бечарасы...
Мен жазбаймын ырымды эрмек үчүн
Мен жазбаймын ырымды эрмек үчүн,
Жокту, барды, жомокту термек үчүн,
Көкүрөгү сезимдүү, өткүр тилдүү,
Жаздым, үлгү жаштарга бермек үчүн.
Талабы бар, татыктуу сөзүмдү угар,
Угар дагы таратар элге бүтүн.
Шота Руставелиден
Тариелдин сүйгөнүнө жазган биринчи каты
Окуса тийген каттын сыры терең,
Толкундап жооп жазды тези менен:
«Өңүмбү, түшүмдөбү, катыңды алдым,
Көктөгү сен нурумсуң шоола берген.
Сен үчүн күйүп-жанып кайгылангам,
Капалуу жүрөк жанып жалбырттаган.
Айымсың, өмүрүмсүң турмуштагы,
Алдымда чырагымсың жаркыраган.
Жаркыным, катыңды алып Асмат келди,
Көңүлүм гүлдөй өсүп көтөрүлдү.
Жадырап күч-кубатым ташкындады,
Көргөндө жай эркеси чыккан күндү.
Берди да өзүң жазган асыл катты,
Жылмайып, күлүмсүрөп Асмат айтты.
«Келсин дейт. Тосуп чыгам болжолунан»
– Деп айтып, бүткөн боюм алсыратты.
Айтканын шыгым менен угуп турдум,
Сен күнсүң, маңдайымда чыгып турдуң.
«Келсин» деп айттырганың жеңиш – мөрөй,
Өмүрдө мен курманың, жаным курбум.
Асматка сыйлык этип кавхар тарттым,
Алдына алтын жамбы барын чачтым.
«Бактыга шакегиңди тумар кылам, –
Бир гана шакек алды Асмат жаркын.
Кетирди караңгыны жарыктыгың,
Жарамды жүрөгүмдөн айыктырдың.
Буулугуп капа болгон көңүлүмдү,
Муң эмес, күлкү менен каныктырдың.
Мына эми, баштагыдай кайгырбайын,
Тамаша, сан-салтанат сайрандайын.
Ыр ырдап курбуларым кубанышсын.
Ай жүздүү сөөлөтүңдөн айланайын».
Н. А. Некрасовдон
Жамгыр алдында
Долу добул долуланып согулат,
Асман каптап, кара булут чогулат.
Сөйкөнүшүп шыбыр айткан жанчылап,
Калың токой акырын гана кобурап.
Бирден бирге учуп түшүп жалбырак,
Чыкылдаган суук ойноп, чамынат,
Топ-топ учуп ар тараптан каргалар,
Каркылдашып, абалдарды айланат.
Кош дөңгөлөк арабада келаткан,
«Бастыр» – чап деп арабакеч кыйкырат.
Крыловдон
Карга
Айланып жүрүп асманда,
Койлор жуушап жатканда
Бир козуну бир бүркүт
Көтөрүп кетти асманга...
Көтөргөнүн бүркүттүн
Көрүп калды бир карга.
«Уятсыз бүркүт экенсиң,
Уялбай козу көтөргөн,
Ушуну балбан деп мактап,
Убара болдук эзелден...
Канатты күүлөп кагайын,
Тырмакты катуу салайын,
Бүркүттөй коркок болбостон
Бир семизин алайын».
Деп айтып карга дагы учту,
Бир койго келип жабышты.
Илинип калып даакыга,
Тырмагы чыкпай карышты.
Салпактап жүргөн карганы
Койчулар кармап алышты...
«Жаш балдар ойноп жүрсүн» – деп,
Канатын кыркып салышты.
В. В. Маяковскийден
Сол марш
(Матросторго)
Маршка машык болгула!
Көп сөз сүйлөп
Былжыроону койгула.
Акырын чечендер!
Сөз
Сиздики,
Жолдош маузер!
Жашап туруу жетишерлик болду эми
Адам ата, аба, энелик закондо,
Жаңылайлы алдыбызда тарыхты,
Солго!
Солго!
Солго!
Эй, көк кийгендер!
Океандын
Ар жагына сызгыла,
Броненосто
Курч болоттой тургула,
Британдык
Арстандын
Азууларын жулгула!
Коммуна
Такыр жеңилбейт
Солго!
Солго!
Солго!
Анда,
Тоодой кайгы
Күндүн нурун курчаган,
Ачка,
Арык
Миллиондор ыйлаган,
Ошолордун
Өчүн барып алгыла,
Арка болуп
Кубат болуп жалпыга.
Тепсей албайт Российди Антанты,
Солго!
Солго!
Солго!
Кыран куштун
Көзү талып тунабы?
Эскиликте эстүү киши турабы?
Пролетардын
Майышпаган колдорун
Дүйнөнү
Айландырып сындагын!
Эр көкүрөк
Тайманбастан алга бас!
Байрак менен асман көктү чулгады!
Ким басат оңго?
Солго!
Солго!
PDF форматында китепти көөчүрүү / Открыть текст в формате PDF (кырг. – русск. яз.)
© Бөкөнбаев Ж.
© Бөкөнбаев К., 2010
© КРСУ, 2010
Количество просмотров: 3842 |