Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Драматургия, киносценарийлер, Драматургия
© Раев С.А., 2010. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2011-жылдын 11-июлу

Султан РАЕВ

О, кыздар!

(драма)

Бул чыгармада шаарга келип бакыт издеген жаш кыздардын тагдыры баяндалат. Кыздардын аруу сезими, жакшы тилектери шаардын каардуу капшабына урунат. Бирок кыздар ошондо да өздөрүнүн тазалыгын, назиктигин, мээримдүүлүгүн унутпайт...

 

КАТЫШУУЧУЛАР:

ЖАРКЫНАЙ – 32 жашта
ПЕРИ – 29 жашта
ФЛЮРА – 24 жашта
ЗЕЙНЕ – 19 жашта
КАРЛЫГАЧ – 26 жашта
ЖИГИТ
КОМЕНДАНТ

 

Мода журналдарынан кыркып алынган сүрөттөр дубалдарга жабыштырылган. Сүрөттөрдүн көпчүлүгүндө аялдардын сүрөтү. Ошондой эле эстрада, кино жылдыздарынын да сүрөттөрү бар. Алар көбүнесе эркектер.

Сахна дале караңгы. Назик музыканын коштоосунда жигит менен кыз көрүнөт. Алар вальска бийлеп жаткансып калкып жүргөнү көзгө урунат. Алардын элеси караңгыдан даана көрүнбөйт. Күңүрт көрүнөт, араң эле байкалат... Кыз – Зейне. Бул көрүнүш анын түшүндө болуп жатат. Экөө бийлеп жаткандай таасир калтырат. Жигит аны белинен бекем кучактап, назик өбөт. Кыз да өбөт. Эми алар бири-бирин бекем сүйүшүп, эзилишип калышат. Жигит Зейненин бетинен өбөт. Кыз жигитке берилип, анын кучагында. Жигит кыздын көйнөгүн, анан ич көйнөгүн чече баштайт. Ал Зейнени так көтөрүп керебетке жаткырат... Зейне керебетке жатат. Ага удаа жигит да жатат. Сахна капкараңгы боло түшөт. Музыка ансайын бийигирээк чыга баштайт.

Сахнадан эч нерсе байкалбайт.

Зейне түшүнөн чоочуп, бакырып жиберет.

ЗЕЙНЕ (Түшүркөп): Жо-жок!.. Жок! Ал колуңду! Ал деп жатам. Чечпе! Чечпе! Тарт! Тарт!.. Зордуктап... Жо-жок!

Сахнада жарык жанат. (Жарык жанган соң бул жер жатакананын бөлмөсү экени билинет).

Кыздардын бардыгы уктап жаткан жеринен ыргып турушат.

ПЕРИ: Ой. Эмне болду?
ФЛЮРА: Тынччылыкпы?
ЖАРКЫНАЙ: Ким? Ким, сени зордуктайм деген?
ЗЕЙНЕ: Түшүмдө... (чочугандай түрү бар. Үнү калтырап чыгат) Бир жигит... Эми эле мени... (сөздөрү үзүк-үзүк чыгат) чечиндире баштаганда ойгонуп... Аз жерден мени...
ФЛЮРА: Эмне сени? (Түшүнбөй) Зордуктайын деди беле? О, байкушум! (Какшык аралаша) Тим эле койбойсуңбу. Эмне болгонун айтып берет элең го?
ПЕРИ (Колун силкип): Жадесе түшүңдө да эркектерди жаңына жолото койбойсуң го. (Керебетине кайрадан жатууга аракеттенип). Биздин түшүбүзгө кирбей эле жүрүшпөйбү? Хотя бы түшүмдө болсо да бир жыргап алмак элем... Эркектер түшкө да оңой менен кирбей калды го чиркиндики! (Ордунан керилип-чоюлуп эстеп алат). Эх, Зейнешка, таттуу уйкуда жатканда ушинтесиң да. Ай, сени... Воскресенье күнү маазе кылып уктап алалы десек, ошону да буздуң! Штрабын тартасың эми. (Кыздарга карап) Туурабы кыздар?
ЖАРКЫНАЙ: Тартсын! (Керебетке отуруп) Ушундай бир ширин уйкудан ойготкону (керилип) койнуңдагы жигитти тартып алган менен эле барабар. Тартсын, тартпаса болбойт.
ФЛЮРА: Сөзсүз тартсын! (Сөздү кубаттап) Мен деле түшүмдө Валерий Леонтьев менен жүргөн экенмин. (Колу менен өйдө жаңсап).
БААРЫ: Ог-оо.
ФЛЮРА: Пай-пай-пай! Ушундай звезданы колдон учурдуң! Эми качан түшкө кирет, аны ит билеби? Шону үчүн штрабын тартсын.
ЗЕЙНЕ: Штрабын тартканда эмне кылам?
ЖАРКЫНАЙ: Эмне кылат элең? (Суроолуу карап) Завтрак жаса, анан...
ФЛЮРА: Анан... мобу телевизордун кнопкасын басып койсун. Аэробика көрсөтөт...
ЗЕЙНЕ: Ошо элеби? (Сүйүнүп) А эжекеси, а бат эле бүтчү жумуш тура. (Кийимдерин кийип жатып) Көз азып-жумгуча жумурткадан кууруй салам. Теликти болсо азыр...

Зейне телевизорду коёюн деп баратса аны Пери токтотот.

ПЕРИ: Ай, кызыке, мен сага канча айттым. Жумуртка кууругандан башканы билесиңби деп? Сенин яичницаңдан (бет терисин бырыштырып) тошнить этип турат. Башкасын деле жасаганды үйрөнүп алсаң боло?
ЗЕЙНЕ: Үйрөнөбүз эжекеси. (Кийимин кийип бүтүп) Андан кадырыңыз жам болсун!
ЖАРКЫНАЙ: Андан го кадырыбыз жам болот го. (Керебеттен кыйшая карап) Бирок...
ЗЕЙНЕ: Эмне бирок? (Жаркынайга карап)
ЖАРКЫНАЙ: Эмне эле? (Керебеттен башын көтөрүп, малдаш токуна отуруп) Күйөөгө чыксаң, өз убалың өзүңө эле...
ФЛЮРА: Укканым бар. (Таң калычтуу үн менен) Эркектер жумуртканы көп жесе айбан болуп кетет дейт го?
ЖАРКЫНАЙ: Айбан эмес, айбандан өтөт! (Колун жаңсайт) Өзү да уктабайт, сени да уктатпайт! Ошого чыдап көр! Кыйын болсоң...
ЗЕЙНЕ: Мен кайдан билейин? (Желкесин куушуруп) Силерден сурап билип албасам...
ЖАРКЫНАЙ: (Ордунан туруп, буту-колун жазып, балтырларын сылап) Шону үчүн карынын кебин капка сал дейт, кызыке.
ЗЕЙНЕ: Айтмакчы?.. (Көздөрү жанып) Жанагыны качан айтасың?
ЖАРКЫНАЙ: Кайсыны?
ЗЕЙНЕ: Жанагынычы? (Чакчая карап)
ЖАРКЫНАЙ: Убагы келгенде. Аны да практический көрөсүң. Мен айтканда эмне? Кант, кант дегениң менен оозуң таттуу болуп калбайт. Айткандай кайдагы кайф?
ПЕРИ: Куру жалак эле жаш кызды эритип койгон болбойт. (Керебетке жатып, эки бутун өйдө көтөрүп) Кутуруп кетесиң, билдиңби?
ЗЕЙНЕ (Телевизорду коёт): Телевизордон аэробикалык көнүгүүлөр болуп жаткан. Телевизор бир капталга коюлган, анын үнү гана угулат. Кыздар ич көйнөкчөн. Флюра болсо бюстгалтер, трусичен гимнастикалык шакекти белине илип алып айланта баштайт. Анын семиз денеси эпсиз кыймылдай баштайт.

Жаркынай менен Пери телевизорду карап, андагы көнүгүүлөрдү туурай баштайт. Алардын кыймылы олдоксон көрүнөт. Окшошпойт.

Зейне тумбочкадан сковородканы алып, беш-алты жумуртка менен кухня тарапка чыгып кетет.

Аэробика улана берет. Жаркынай болсо күзгүнүн алдына келип, кашын терет. Пери телевизорду туурай берет.

ФЛЮРА: (Гимнастикалык шакекти белине айлантып): Мен кечээ таразага түшсөм 312 граммга арыктапмын... Жакында мени тааныбай каласыңар. Тим эле Софи Лорен болуп калам...
ПЕРИ: (Какшыктагандай): “Бишкек сулуусу” конкурсуна катышам де...
ФЛЮРА: Катышсам, катышам. Эмне экен...
ПЕРИ: (Калп эле каткырып): Өлөм да!
ФЛЮРА (Жактырбай): Чума!
ЖАРКЫНАЙ (Башын чайкап): Ай кыйын го сенин арыкташың! Кечээ ошо өзүң айткан 312 грамм тамакты ичпей калгансың. Жумуштан кеч чыгып.
ФЛЮРА: Кыздар деле айткан, арыктап баратасың деп. (Өзүнүн мүчөсүнө карап) Жакында белим кымча бел тартып (гимнастикалык шакекти айлантып), өзүм тал чыбыктай ийилип калам. Көрөсүң го...
ЖАРКЫНАЙ: Кудай кут кылсын, көрө жатарбыз...

Пери халатын киет. Столдун үстүндөгү гезитти бир көздөн өткөрүп чыгат да, бир четинен шарт айрып, чөнтөгүнө бурдап-бурдап салат. Чарчыгын, самындарын алып жуунганы чыгып кетет.

Флюра музыканын коштоосу менен гимнастикалык шакекчени белинен түшүрбөй кыймылдай берет. Жаркынай күзгүдөн бетин албай упасын сыйпанып, кайсы бир кремди сүртөт. Бир нерсени эстей калгансып, столдун жанына келет да жанагы Пери бир четин жыртып кеткен гезитке карайт.

ЖАРКЫНАЙ: Коруган жерге ит сиет болуп (кейигенсип) керектүү жерин жыртып алып, туалетке жөнөп каласыңарда? Ким жыртты муну? (Флюрага карап) Француздардын бетти кандай күтүү жөнүндөгү сунушу чыкты эле. Окуюн деп койсом көрбөйсүңөрбү муну?! Жыртып кетишкенин. Ким жыртты? (Флюрага кайрылып) Ким жыртты?
ФЛЮРА: (Белиндеги шакекчени айлантып): Мен туалетке чыга элекмин, эжекеси. Анын үстүнө кечээ күнкү 312 граммдык тамакты ичпей калгандан бери кайдан тезек чыкмак? Ашказан пус-той...
ЖАРКЫНАЙ: Перинин кылганы...

Флюра гимнастикалык шакегин коюп, жуунганы сыртка чыгат.

Пери бөлмөгө кирип келет.

ЖАРКЫНАЙ: Перишке, секетиң кетейин чебердеп жыртпайсыңбы гезитти? Так мага керектүү жерин жыртып кетипсиң, тобо! Бир карап койсоң боло?
ПЕРИ: Эмне, таанышуу бурчун жыртып кетипминби?
ЖАРКЫНАЙ: Кайдагы таанышуу бурчун. “Ленинчил жашка” чыкчу беле? А деген рекламага чыгат да. Француз аялдарынын бетти кантип күтүшкөндүгү тууралуу макала бар эле. Кудая тобо, так ошол жерин жыртып кетиптирсиң.
ПЕРИ: Ах, Жаркына, экөөбүзгө эки эли крем сыйпасак да жарашпайт. Андан көрө азыраак күлүп, күлсөк да моминтип күлөлү. (Колу менен бетин басып) Хи-хи... (жасалма күлөт). Бетибиздин бырышын толтура албайбыз. Шого жигиттер карабайтат да. Карыбадыкпы... кара далы атка конбодукпу? А, сен болсо, кайдагы нерсени айтасың?
ЖАРКЫНАЙ: Ушинтип эле жүрө бермек белек? Анан?..

Бөлмөгө Зейне кирет.

ЗЕЙНЕ:(Кыздарга): Кана, музыка!
КЫЗДАР: (Баары): Бом-бом-бом, Вечерний звон... Бом! Бом! Бом!
ЗЕЙНЕ: (Кыздарга карап): Гуси-гуси!
КЫЗДАР: (баары): Га-га-га...
ЗЕЙНЕ: (Сковородканын капкагын алып, буусун жыттап): Есть хотите?
КЫЗДАР: Да-да-да!..
ЗЕЙНЕ: Анда, леди-айымдар тамакка! Кушать подано!

Зейне тамагын столдун үстүнө коёт.

ЖАРКЫНАЙ: Фу-ю! (мурдун чүйрүп) Плов по-узбекски жасап келгенсип! Жуунуп келейин... (Сыртка жуунганы чыгат).
ФЛЮРА: Баягы эле жумуртка куурумайбы?
ПЕРИ: Жакында Зейне бизди ку-ка-ре-ку-у дедиртет го!
ФЛЮРА: Антсек го мейли дечи? Эркектер жумуртка жесе кутурат имиш... Биз да кутуруп кетпейли... Аял кутурса жаман... Эркегиң быякта калат.

Кыздар баары отуруп тамак жей баштайт. Бир гана Жаркынай жок. Ал жуунуп, анан бөлмөгө кирет.

ПЕРИ: Кыздар! Тамагыңар таттуу болсун үчүн момундай бир сунуш... Эмне дейсиңер?
ЗЕЙНЕ: Айт, угалы...
ЖАРКЫНАЙ: Кандай сунуш? (Келип кыздардын жанына отурат)
ПЕРИ: Менде “Реклама” бар. Жигит тандайлы, макулбу?
ФЛЮРА: Ап-кел. (Тамак жегенче) Тандасак тандайлы... Эмнебиз коромок эле?
ПЕРИ: (“Рекламаны” апкелет): Угуп отургула! Окуйм! (Окуй баштайт) “Менин жашым 45те, ажырашкамын, билимим жогору, үй-бүлө курууга шартым жок. Мурдагы никеден эки балам бар”. Так, муну ким алат?

Баары Жаркынайды карап калат.

ЖАРКЫНАЙ: Эмне карайсыңар? (Кыздарды айлана карап) Мени жактырса, тиер элем. Жашы да мага ылайык экен.
ПЕРИ: Мейли... Муну Жаркына алды дейлик.
ФЛЮРА: Занит кылды деп туралы. Эмне болот, эмне жок. Эки баласын таштаган неме экен. Жаркынаны да таштап кетиши ыктымал...
ПЕРИ: Ладно, занит деп туралы. Бир чети үй-бүлө курууга шарты жок тура байкуштун. Жаркына жатаканага сүйрөп келмек беле?
ЗЕЙНЕ: Апкеле берсин. (Чын дилинен) Эмне экен. Мен деле керебетимди бошотуп берем экөөнө.
ПЕРИ (Зейнеге): А өзүңчү?
ЗЕЙНЕ: Менби? Анын жарасы жеңил! Мен сенин койнуңа кирип алам. Экөөбүз кучакташып жата беребиз. (Жанындагы Перини кучактап)
ПЕРИ: Жатпай кал сен! (Зейненин колун түртүп) Түнү менен төшөктүн бир бурчунан Жаркына менен мобу күйөө болумуш эмне кылып жатты экен деп (сөзүн чоё сүйлөп) кытайдын шпионундай көздөрүн жүлжүйтүп, аңдып турасың ээ.
ЗЕЙНЕ: Антпейм, эжекеси. (Актанып) Майнеке болоюн. (Карганат) Анысын Жаркына өзү деле мага айтып берет, туурабы? (Жаркынайга карап)
ЖАРКЫНАЙ: Айтмак турмак, прокатка да берип турам, бир күнгө.

Кыздар күлүшөт.

ПЕРИ: Кыздар, азыр күлкүнүн жайы эмес. (Олуттуу) Уккула. Экинчи жигит. (Гезиттен окуй баштайт) Боюм бир отуз...
ФЛЮРА: Муну окубай эле кой! (Ордунан тура калып) Лилипут тура. Бир отузду башыбызга урабызбы? Жигиттин болгонго жараша шыңгасынан (колу менен көрсөтүп) тандаш керек. Тиякка-биякка ээрчиткенге да жакшы.
ЖАРКЫНАЙ (Флюрага карап): Сага эмне, бою керекпи же?..
ФЛЮРА: Лично мени, бою кызыктырат.
ПЕРИ: Ладно, окубай эле коёюн.
ЗЕЙНЕ: Бирөөнүн күйөөсү өзүнөн 15 см га кыска экен. Анысы боюна арданып, катынынан жети метр ары же бери жүрөт экен, байкуш. Мындайдын бизге кереги жок, туурабы кыздар?
ФЛЮРА: Туп-туура.
ЖАРКЫНАЙ: Майга жетпесек да, сасык деп туралы.
ПЕРИ: Андан аркысын уккула! Менин жашым 60та.
ЗЕЙНЕ: Ай, мунусунун кереги жок. Атаман алты жаш улуу неме экен.
ФЛЮРА: Чума! Катын алгысы бар! Андан көрө көрүстөндөн узун-туурасы 4 метр жер издебейби. Башкасын оку. (Колун шилтеп).
ПЕРИ: Жашым 30да...
ФЛЮРА (Ордунан тура калып): Меники!
ЗЕЙНЕ (Талаша кетет): Жо-жок, меники!
ЖАРКЫНАЙ: Ала бергиле. Мага жашы туура келбейт экен. Отузда болсо, отуздагыны алчу беле? Жашырагына качырат да...
ПЕРИ: Принцибинде өзүм деле занит кылып койсом болчудай экен.
ФЛЮРА: Болду, кыздар! Биринчи мен забить эттим. Талашмай жок. Талашмай жок...
ЖАРКЫНАЙ: Талашка түшүп калды. Швабра кармамай. Кимдики болорун ошондо билебиз, макулсуң арбы?
ФЛЮРА: Жо-жок! Меники дедимби, меники! Болду...
ЗЕЙНЕ: Швабра кармайбыз!
ПЕРИ: Ап-кел швабраны!

Зейне жүгүрүп барып, астанада жаткан швабраны алып келет.

ЗЕЙНЕ (Швабраны кармап туруп): Кана, ким биринчи?
ЖАРКЫНАЙ: Мен кармабайм... Үчөөңө буюрсун...
ЗЕЙНЕ: Ким биринчи?
ПЕРИ: Мен...
ЗЕЙНЕ: Карма, анда...
ПЕРИ (Швабраны кармайт): Ким экинчи?
ФЛЮРА: Зейне кармасын... Өзү баштабадыбы? Баштады... Кармасын...
ЗЕЙНЕ: Жо-о, сен карма...
ЖАРКЫНАЙ: Кармай бер, Флюра, сеники болот. Карма.

Флюра кармайт.

ФЛЮРА (Швабраны кармап): Кана, эми кызыке, сен.
ЗЕЙНЕ (Швабраны кармап): Эми Перишка, Флюра сен. (Кыздар кармай баштайт) Мен, Перишка, Флюра... Ом-ий! Мага жетпей калат окшойт... Пери... Флюра...
ФЛЮРА (Швабранын эң учун кармап): Ура! Мына! Талашканга (пауза) жок... Айтпадым беле...
ЗЕЙНЕ (Кол жаңсап): Макул эми...
ПЕРИ: Үч жылдан бери Ооганстандан бутуман ажырап (басым коё окуйт), оң бутуман... ажырап төшөктө жатам... Мага жар болуучу адам менин жалгыздыгымды, азабымды көтөрө билсе, кубаныч дейм. Кайгымды тең бөлүшө алган аялга мен калган өмүрүмдүн баарын арнагым келет...
ФЛЮРА (Маанайы чөгүңкү): Оо-о байкуш десе...
ЗЕЙНЕ: Эмне, байкуш? Тиесиңби?..
ФЛЮРА: Жарым жан неме турбайбы?.. Мен деле элдикиндей эркекке чыксам дейм... Башкасын окучу...
ПЕРИ: Эмне, жакпай калдыбы?
ФЛЮРА: Жарым жан тура...
ЗЕЙНЕ: Эмне экен, Ооганстанда болгон турбайбы? Өкмөт, коомчулук жардамдашат...
ЖАРКЫНАЙ: Кезексиз үй аласың...
ЗЕЙНЕ: Эт аласың...
ПЕРИ: Машина аласың... Жанагы эмне эле “Запорожбу”?
ЗЕЙНЕ: Ии-е ошону...
ФЛЮРА: Макул... Буга өкмөт, анан калса коомчулук жардам берди дейли... Льготу бар деп... А түнкүсүн ким буга жардамдашат, а?
ПЕРИ: Ал кеп бекен? Ойнош күтпөй жаның жокпу?
ФЛЮРА: Чума! Башы көзүмөн садага! Башкасын оку! (Периге)
ПЕРИ: Та-ак, жашым 40та, илимдин кандидатымын...
ЖАРКЫНАЙ: Илимдин кандидатымын дейби? Ай, бу жанагы го?
ЗЕЙНЕ: Кайсы?
ЖАКЫНАЙ: Жанагычы, мен жолуккан...
ЗЕЙНЕ: Эч кимди жактырбай коюп, кайрадан берген тура...
ЖАРКЫНАЙ: Жактырбай койбой эле, жакпай калса керек өзү. Аферист турган турушу. Кандидаттыгынан да шегим бар. Кандидат неме экен, аты-жөнүмдү билдирип салып жиберсем... андан кат келиптир. Дзержин бульварында, киосканын жанында жолугалы деп...
ЗЕЙНЕ: (Эстей коюп): Э, сурайбыз деп жүргөн элек... Айтып берсең эжекеси...
ЖАРКЫНАЙ: Өзүнчө эле тип.
ЗЕЙНЕ: Эмне 99 бекен?
ЖАРКЫНАЙ: Жок, 101 экен.
ЗЕЙНЕ: Ого!
ФЛЮРА: Мына сага, кандидат!
ПЕРИ: (Кызыгып): Айтчы, ошо күнкүнү...
ЖАРКЫНАЙ: Кел, Флюрочка мындай, келсең. (Флюраны ортого алып келет). Флюраны мен дейли, а мен болсо тигимин. (Флюраны тегерене карап, тигинин образына кирет) Ах! Ах! (Колун чаап) Кудая тобо! Аялдай эле аял. Фигура вроде ничево! (Флюранын май куйругунан кармалап) Ничево! Да-сс! Көкүрөк да ничево, да-сс! Баары жайында, да-сс! Эркектер менен жыныстык катнашта болдуң беле? (Флюрага суроолуу карайт) Ага өзү жооп берет. Мен “жок” дедим. Ал болсо көзүн алырайта карап, үнүң башкача го. Кыз болсоң мындай чыкмак эмес да-сс! (Жаркынай тигини айланчыктай карап, дагы эле тигинин образында) Короче, ага практический жоопту постелден алабыз, да-сс! Фабрикада иштейсиң да, туурабы? Мен “ооба” дедим. Значит, да-сс! Про-ле-та-ри-ат! (Муунга бөлүп) Өз эркиндиги үчүн күрөшкөн пролетариаттын типичный өкүлүсүң, да-сс! Коомубуздун гегемону... да-сс! Жаша про-ле-та-ри-ат! Бардык пролетариаттардай эле жатаканада жашайсың да-сс! Туурабы? Туура! Да-сс! Ушериң жаман! Себеби жатаканада жаткан аял да-сс! Ал эч качан кыз болгон эмес, деги эле мен лично да-сс... Кызмын дегендерге скептический караймын. Да-сс! (Образдан чыгып) Мен чыдабай кеттим да: “Турмушка чыгыш үчүн, турмушту билиш керек” дедим. Десем, ал алаканын чарс чапты да: “Мына айтпадым беле, үнүң башкача деп. Кыз болсоң башкача чыкмак. Ким кыз, ким кыз эмес, аны шешеси үнүнөн гана биледи гой. Значит, да-сс! (Жаркынай тигинин образында) Жашыл жарык! Запретный зона жок, ов! (Флюранын көкүрөгүн карап) Пай-пай-пай! Стрелка го, стрелка! Мунуң кайсы багытты көрсөтүп турат? Билесиңби? Да-сс! “Билбейм” дедим мен. Билбесең, мен айтайын, да-сс! “Постелди” дейт. Жүр меникине, ансыз деле эркек көзүң дөн учуп жүргөндүр, пролетариат. Бактысы бар неме экенсиң мага жолуккан десе болбоспу? Жиним келди да бетине бир түкүрүп туруп, шапалак менен бир тартып алдым эле, кулап түштү байкуш. Ордунан араң туруп: “Вот это пролетариат, да-сс! Вот это гегемон, да-сс! У-шу сен каратэ менен машыккан немесиң го”, — деди. Күлө берип ичим ооруду. Ошо дагы берген турбайбы “Рекламага”.
ФЛЮРА: Мындай эркекти бычып салыш керек!
ПЕРИ: Ушундай эркектердин барынан жогу!
ЗЕЙНЕ: Ушу дейм да кыздар! (Кыялданып)
ФЛЮРА: Ии-е кызыке, анда сен...
ЗЕЙНЕ: Өкмөт эркектерди алмаштыра турган бир балээни ойлоп тапса, ээ? Биз моминтип эркектердин көзүн карап, алдыбыз отуздан эбак ашып, артыбыз отузга чукулдап, кор да болбосок керек эле... ээ?
ЖАРКЫНАЙ: Э, кызык, дале оозуң дан эне сүтүң кете элексиң да...
ПЕРИ: Саллашка да, саллашка... Эмнени билмек элең?..
ЖАРКЫНАЙ: Эркек деген эркек. Тирүү жан... Эх, кызыке, кызыгын билбейсиң да! Билбейсиң!
ФЛЮРА: Койгулачы, кыздар! (Эргип) Дүүлүгүп баратам!
ПЕРИ: Мы-на! (Флюрага баш жаңсап) Көрдүң бү? Билген кишилер момундай дүүлүгүп кетет!
ЗЕЙНЕ: Жаркынай, сени канча жолу айтып берсең деп кыйнадым? Айтпай койдуң бу? Койдуң!
ПЕРИ: Айтканда эмне? Көзүң кызарат, жүрөгүң опкоолжуйт. Акыры болбосо Флюрадай дүүлүгүп чыгасың. Бу – дегенди! Бу – дегенди бардык денең менен сезишиң керек! Ошондо турмуш эмне, жашоо эмне, бакыт эмне экенин сезесиң, түшүндүңбү?
ФЛЮРА: Во-оо! (Баш бармагын өйдө көтөрүп) Где маселенин түйүнү!
ЗЕЙНЕ: Ырас эле, кыздар, гезиттен окудум. (Сөздү башкага буруп) Япондор бир дары ойлоп табыптыр.
ПЕРИ (Кызыгып): Кандай дары?
ЗЕЙНЕ: Кызылын ичсең кыз төрөйт экенсиң, агын ичсең уул төрөйт экенсиң. Кыйналбай эле ошол “Маде ин Жапандан” бир таблетка “ап” этип (оозуна бир нерсе салгандай кыймыл жасап) алсам.
ЖАРКЫНАЙ: Кызылын ичсең – кыз, агын ичсең – уул төрөйсүң ээ...
ЗЕЙНЕ: Баш оорутуп отурамбы, подумаешь!
ФЛЮРА: “Маде ин Жапанды” ичип алсаң, анан...
ПЕРИ: Көзү постектин тешигиндей болуп, же көзү бары, же көзү жогу билинбей турса...
ФЛЮРА (Япондорду туурап, майда-майдалап басып, салам берип): “Кукумора-Флюро сан! Кукумора-Пери сан! Кукумора-Жаркына сан” деп, анда канттиң?
ЗЕЙНЕ: Кантмек элем? Көзү поспектин тешигиндей болсо да мээси-во! (Колу менен чоң дегендей көрсөтөт) Көзү кичине болсо да мээси чоң алардын. А биздин мээбиз ашкабактай болсо да, “уу-ууу” деп ичинде шамал ышкырып турат.
ПЕРИ: Мунуң туура... (Колундагы гезитти ыргытып жиберип, маанайы көтөрүлүп) Эх, кыздар! Кана өзүбүздүн гимнди созолонтуп жиберелик. Көкүрөктөгү чер жазылсын!
ЗЕЙНЕ: Моло-дец, Перишка! Эртеден бери эле эркек, эркек дейбиз... Деги эки ооз сөзүбүздүн бири – эркек! Кызык! Өң чөй эркектер жашаган жерде алар деле аялдар тууралуу кеп кылат бекен?
ФЛЮРА: Сурайсың да...
ЗЕЙНЕ: Кана, өзүбүздүн гимнди баштайлы, кана кыздар!

Кыздар керебеттерине отуруп алып, ырдап кирет. Ырды Пери баштайт, калгандары аны коштоп кетет:

Ак булутту аралап ай баратат,
Ак куу болуп көлдөгү жай баратат.
Аталбайсың ак кууну оң ой менен,
Жеталбайсың айга да жел ой менен.

Жеткенчекти жетпестен калган жакшы,
Жети азап жегиче арман жакшы.
Жетем десем сулуу ай жетер элем,
Көк деңизин булуттун кечер элем.

Сүзө бергин алтын ай көгүң менен,
Мен карайын өзүңдү тең им менен.
Сага жакшы сезилсе булуттуу көл,
Мага жакшы көктөм жел желбиреген...

Ырдын аягына чыкканда Пери ордунан туруп авансценага келет. (Толкунданып). Эх, кыздар! Ушу ырды ырдаган сайын өзүмөнөзүм кыйнала берем. Эмнегедир мага бир нерсе жетпегендей сезилет... Өзүмдү... ошо чексиз асманда каалгып жүргөн жалгыз айга окшото берем... Ай деле өзүнүн бу дүйнөдө жалгыз калганына менчилеп кыйналаттыр... Мен кийинки күндөрү өзүмдү өзүм жалгыз сезип, ушунчалык аяп кетем... (Пауза) Баарыбыз, адамдар ошо айчылап ак булутту аралап бараткан айдай жалгызбыз... А балким, мага ушундай сезилеби? Билбейм?

ЗЕЙНЕ: Кыздар, койгулачы! Маанай чөгөрбөйлү! Бүгүн жекшемби! Жаратканга миң мертебе ыракмат! Кыздарым бир жумада бир жолу жыргап эс алып, көңүл ачсын деп ушу күндү бешенебизге жазып коюптур. Өлбөгөн жанга өкүнбөй өткөрүп алалы ушу күндү. Мейлиби, кыздар?!

Тагдырга таарынбайлы достор анча,
Бул күндөр издесек да келбейт кайра.
Дуулдайлы таң атканча. Бизден кийин
Атаар таң бу жарыкта дагы канча?

Бир гана нерсе керек бу жалганда,
Ойно, күл! Алтын жаның аман барда!
Түндөрү көктөмдөгү шүүдүрүмдөй,
О, досум, жок болорсуң жетпей таңга! – деген экен Омор Хаям! Андыктан бу көктөмдөгү шүүдүрүмдөй болгон жашоодо ойногонго, күлгөнгө не жетсин, кыздар!

ЖАРКЫНАЙ: Эх, Зейнешка, Зейнешка! Качанга чейин эле өзүбүздү жекшемби күн менен алдай беребиз. Адам үчүн өзүн-өзү алдоодон оң ой нерсе барбы? Ырас, бу күндү да сыртыбыздан күлүп, ичибизден ыйлап өткөрдүк дейли? Ошо алданган күн менен жашоо деген, өмүр деген бир жолу чыккан күн сымал жарк этип алданган күндөргө кошулуп, тоголонуп-тоголонуп баратпайбы? Акыры бир күнү ошо тоголонгон күндөргө өзүбүз да кошулуп кеткенибизди билбей калабыз...
ФЛЮРА: Кыздар, кыздар пессимизмдин кереги жок. Ойнойбуз, жыргайбыз.

Зейне чыгып кетет.

ЖАРКЫНАЙ: Мындан он эки жыл илгери биз да ушу Зейнедей элек. Эми минтип...
ПЕРИ: Аны бир айтасыңбы, эки айтасыңбы. Дагы он эки жылдан кийин Зейне да биздин кейпибизди кийип калат, байкуш... Биз көргөндү ал көрбөсүн... Али жаш...
ФЛЮРА: Аттиң десең... Мен деле беш-алты жыл илгери Зейнедей ары чуркап, бери чуркап турчу элем го... Жаш деген сайын жашармак түгүл картая берет турбайсыңбы? Жаштыгыма ишенип жүрүп, көрбөйсүңбү силерди кууп жетмек болдум.

Флюра жай, муң дуу музыканы коёт. Үчөө үч жерде ойлуу отуруп калат. Жарык өчүп, жарыктын үлбүлдөгөн жарыгы Жаркынайга түшөт.

Музыка акырындай түшөт.

ЖАРКЫНАЙ: Бүгүн менин туулган күнүм... Отуз эки жашка чыктым... Отуз экиге... Кайран өмүр күндөн күнгө эле зымырап бараткансыйт. Ал кайда барат экен мени шаштырып. Туулган күн... отуз эки жаш... Кыздардын бирөө жарымы туулган күнүм экенин сезип калбаса экен. Ушундан корком. Акыркы күндөрү туулган күнүмдөн уялам.. Ушу күн мени көптүйшүккө салып, кыйнай берет, кыйнай берет... Туулган күнүм мага дайыма суроо менен келет. Эмне кылдың? Эмне жасадың? Артың дан эмне калтырасың деген. Мен буга жооп таба албайт окшойм кыязы. Айылга качан акыркы жолу барганымды да жөндөп эстей албай турам. Коколой башым кантип барсын, элден “Дале күйөөгө чыга элек экен”, “Бечара жакшы кыз эле, бактысы ачылбай жүрөт” деген сөздөрдү эшитиш үчүн барамбы? Мени жерге киргидей чүнчүткөн элдин мага бечарадай аяп, бир байкуш немедей мамиле жасагандыгында эмеспи? Жо-жок! Мени аягандарды жаман көрөм. Бу аёо дагы бир ирет менин бечара кейпимди шылдың дап, жүрөгүмдү туз куйгандай ачыштырат... Жо-жок! Жок! Өзүмдү басынтпайын дейм, бирок кантип басынтып алганымды сезбей калам. Эх... Эмнеси болсо да, бүгүн туулган күнүм экендигин кыздар билбей калса экен ылайым... Коркконум ушул.
ПЕРИ: Бүгүн түшүмө жанагы кызыл эт муштумдай ымыркай кириптир. Кыпкызыл экен. Эки билинер-билинбес болгон колдору менен бүрүшүп, жумулуу көздөрү унчукпайт... Акыркы күндөрү түшүмө көп кирчү болду. Оюман таптакыр кетпей койду. Жүрөгүмдү ачуу тырмаган ошол. Байкуш ымыркайды боюман түшүрүп салганыма ушунчалык азап чегем. Ал деле жарыкты көрүүгө акысы бар эле го... Эмне?! Менин уятыман, намысчылдыгыман улам ымыркай жарыкты көрүүгө акысы жок беле? Бул эмне? Уятпы? Же жүрөгүмдү тырмаган азаппы? Артыман сая түшкөнкүнөөбү? Ал жүрөккө түшкөн тактай болуп турганы турган... Дүйнөң кургур... Боюман түшүрүүгө не аракеттерди кылбадым... Дары да ичтим, ысык сууга да түштүм. Абортко баргандан корктум... Биринчисин алдырсам, өмүр бою бала көрбөйөтөмбү деп чочуладым. Табып аялдын дарысы болбогондо... акыры бир күнтөрөмөк элем го... Төрөп алсам деле туура болмок беле? Таң? Акылым жетпейт. Баарына өзүм күнөөлүүмүн, өзүм... Эми кудай билет, күйөөгө чыгамбы, же чыкпаймбы? Ай, деги койчу көзүм жетпейт, жетпейт... Төрөп алсам байкуш Карлыгачтай муштумдай баламды көтөрүп алып үйдөн үйгө, квартирадан квартирага көчүп жүрөт белем? Бала багуу, чоң ойтуу да оң ой эмес... Баланын да баладай түйшүгү бар. Өзүм коколой башым кантип бакмак элем. Кайда алып барам, билбейм... Туура кылдымбы, же туура эмеспи... Өз боюман бүткөн бейкүнөө баланын уяты оң ой менен жүрөктөн өчүп калбас. Бүгүн да түшүмө кириптир баягы-баягысындай кып-кызыл... кызыл эт бойдон экен... Кечир мени... Сенин жарыкты көрбөй калышыңа мен күнөөлүүмүн. Мен... Менин жеңил ойлуулугум күнөөлүү... Эми да түшкө эчен киресиң... Кечир...

Жарык Флюрага түшөт.

ФЛЮРА: Кечээ 312 граммга арыктапмын... Күн алыс ушунчалыктан арыктап турсам... Жакында тал чыбыктай ийилген кыз болуп чыга келем... Анан жигиттердин артыман түшпөгөнүн көр... Өң десе кудайга шүгүр... Болгону эле семиздигим, болбособу далай жигитти артыман сая түшүрмөкмүн... Кичине арыктай эле түшсөм, бу жигиттерди чекеге чертип тандайм... Ансыз деле жашым да өтүп баратат... Мобулардай кара далы атка коно электе эртерээк... Чуркаса арыктайт дешет... Кудай аткыр күндө эле эртелеп чуркайм деп жүрүп, таңкы ширин уйкудан туралбайм... Кудай буюрса эртең сөзсүз чуркайм... Эртең ден сөзсүз баштайм. Жатакананы тегеренип үч ирет айлып чыкпасамбы...

Музыка сыбызгый берет.

Бөлмөгө Зейне кирип келет.

ЗЕЙНЕ (Шаттуу): И-ии! Кыздар, үчөөң үч жерде... Музыка коюп магдырап калыпсыңар да...
ПЕРИ: Апкелдиңби?
ЗЕЙНЕ: Мына сигарет “Вест” дегени экен, башкасы жок. “Полёт” дегени бар экен, алганым жок. Анан калса фильтри жок экен. Мегиле, кимиңер чегесиңер?
ЖАРКЫНАЙ: Кана, берчи бирди... (Зейне сигарет берет)
ФЛЮРА: Тамеки чексе арыктайт дешет. Мен деле өлбөгөн жанга бирди...
ЗЕЙНЕ: Чек, чексең...
ПЕРИ: Кана, угости...
ЗЕЙНЕ: Ме...
ЖАРКЫНАЙ (Сигаретин тамызып): Буфетчи жөн эле бердиби? Же кыр көрсөттүбү?
ЗЕЙНЕ: Лам дебеди. Здачын да бир тыйын койбой берди...
ЖАРКЫНАЙ (Сигареттин күлүн чертип): Эжекең дин иши!
ЗЕЙНЕ: Сен өзү ушундай жансың да! Бирдемке жасай турган болсоң чекесин билдирбей жасайсың...
ФЛЮРА: Опыт!
ПЕРИ: Фирма!
ЖАРКЫНАЙ: Все могут короли!
ЗЕЙНЕ: Үчүнчү этажга чыгып келатсам бир мас жигит токтотот... Чоң кыз, Кочкордонсузбу дейт? Колуман бекем кармап алды... Кочкордонсузбу дейт?
ФЛЮРА: А сен эмне дедиң?
ЗЕЙНЕ: Мен Жети-Өгүздөнмүн дедим. Ай, ушу Жети-Өгүздүн кыздары блатной келесиңер ээ дейт. Ке, таанышып алалы, менин атым Кеша дейт. Сенин атың Кеша болсо, менин атам Маргарет Тетчер дедим. Оп-ей! Татарсың бы дейт. Жок, моңгол-татармын дедим. Да-да! Бу жатаканада не деген гана улут жашабайт ээ, деп үшкүрүп койду. Менин нацым кыргыз дейт, кыргыз, моңгол-татар плюс дружба... достук дейт! Дружба! Колумду араң чыгарып, качып келдим. Зорго кутулбадымбы... Комендант көрбөйбү ушундай немелерди...
ПЕРИ: Кайдан көрсүн ал (жини келип) көзүн май басып жүрсө керек да!

Музыка акырын сыбызгып Флюра, Жаркынай, Пери сигарет чегип, түтүнүн буулатып жатат.

Эшик ачылып, жанагы мас жигит кирип келет.

Зейне Флюранын артына жашына калат.

ЖИГИТ (Ордунан туралбай чайпалып): Эй, кыздар нацыңар кыргызбы? Ык... Бля... Кыргызсың арбы?
ПЕРИ: Жок! Кыргыз эмеспиз, моңгол-татарбыз!
ЖИГИТ: Оп-ей, энеңди! Жатакананын баарын силер ээлеп алгансың арбы? Буерде кочкорлуктар жокпу? Блин! Азыр эле Маргарин деген кыз менен тааныштым эле... Ык! Энеңди...
ЖАРКЫНАЙ: Чоң жигит! Мүмкүн болсо чыгып кетсеңиз?!
ЖИГИТ: Каякка?
ПЕРИ: Келген жагыңызга.
ЖИГИТ (Периге карап): Эмнеге? Мен эмнеге чыгат экем... Буерди Кыргызстан дейт... Силер чыгып кеткиле (колу менен эшик тарапты көрсөтүп) нацыңар кыргыз эмес экен... Бля-я! Моңгол-татар дейсиңерби? Ким дейсиңер! Керек болсо Кеша билбейт экен да! Квартирасын дагы бирөө ээлеп алса. Жатаканасын дагы бирөө ээлеп алса (манжасы менен санап) бу кыкең дер кайда жашайт өзү? Бля-я!..
ЖАРКЫНАЙ: Чоң жигит, чыгып кетиңиз эмесе...
ЖИГИТ: Эмне эмесе? Эмне? Сен кекетпе, блин... (Жаркынайга) Сендей кыздын далайын алчы тургузганбыз бл-ля! Чыкпайм-этпейм... (Жигит барып керебетке отуруп алат)

Ак боз аттын такасы
Ак ирим көлдүн жакасы
Айтмайынча жазылбайт
Оо, кургур!
Күңөтай кыздын капасы,
Ой-ой, бай-бай-бай!
Күңөтай кыздын капасы. Ык...

Чыкпайм дедимби, чыкпайм. Мен деген мировой паренмин. Во! (Баш бармагын көрсөтүп).
ФЛЮРА: Чыкпай турган болсоңуз милицияны чакырабыз...
ЖИГИТ: Эй, буламыкка тойгон матрёшка, сен абайлап сүйлө! Бл-я! Мен деген Ке-ша-мын! Кеша! Билдиңби? Бл-я!
ФЛЮРА: Оозун! Тим эле комхоздун мусорный ящигиндей! Чума!
ЖАРКЫНАЙ: Жакшылыкча чыгып кетиңиз!
ЖИГИТ: Чыкпайм, чыкпайм дедимби чыкпайм! Силер Кочкорлуксуң арбы, ыя?
ЖАРКЫНАЙ: Ии-и Кочкорлукпуз...
ЖИГИТ: Кочкорлук болсоңор, туалетиңер каерде?
ФЛЮРА: Туалетти эмне кыласыз?
ЖИГИТ: Во-бл-я! Эмне кылмак элем?.. Табарсыгым толуп кетти!..
ЖАРКЫНАЙ: Бизде туалет сыртта, чоң жигит! Коридорго чыксаңыз көрсөтүп коёюн... Бизде бирок мужской туалет жок... Чыксаңыз сыртка...
ЖИГИТ: Көрсөтчү каерде? (Керебеттен туруп, эшик жакка басып келет) Чыдабай баратам... Кочкорлуксуңарбы бл-я? Кагаз берип койгулачы...
ФЛЮРА: Кагаз жок!
ЖИГИТ: Эй, матрёшка! Мага көп деле кагаз керек эмес... Сеникинин жартысындай эле керек...
ФЛЮРА: Кагаз азыр дефицит...
ЖИГИТ: Кагаз дефицит болсо, кыз арзан... Сен эки эли кагазга да турбайсың, бл-я!
ФЛЮРА: Чума!..
ЖИГИТ: Эй-эй! Сен абайла! Мен сага Чумак эмесмин. Уктатчу болсом, төбөдөн ары эле бир коём, анан уктап жат. Чумагын да ойготуп болуптур. По-ня-алл, бл-я!
ЖАРКЫНАЙ: Берсе бергилечи! Жинди келтирбей чыгып кетсин.

Зейне керебеттин үстүндө жаткан гезитти айрымак болот.

ПЕРИ: Жыртпа аны! Китайский кухнянын рецепти бар.
ЖАРКЫНАЙ: Аны да алба, ал – реклама!..
ЗЕЙНЕ: Кайсыны жыртайын?
ЖАРКЫНАЙ (Өзүнүн чөнтөгүнөн кагаз алып чыгып): Ме, чоң жигит! Жүр эми, көрсөтүп коёюн! Момундай кыздардын алдында сөгүнгөн жарабайт. Бл-ядан башканы билбейт экенсиң!
ЖИГИТ: А-аа (дейт колун жаңсап) аны армиядан үйрөнгөм. Бл-я!

Жаркынай жигитти ээрчитип эшике алып чыгат да, анын артынан эшикти тарс жабат.

ЖИГИТТИН ҮНҮ: Эй, кыздар! Ачкыла! Ачкыла деп жатам! Бл-ля! Табарсыгым... Туалет каерде? (буту менен эшикти тебет) Кочкордуксуңарбы?..

Флюра эки жакка ары-бери басып жини келгендей.

ФЛЮРА: Во чума! Эй, чума! Буламыкка тойгон дейби? Алкаш! Шизик! Сволуч! Сволуч, эй! Во-оо, чума! Чума десе!
ЖАРКЫНАЙ: Кой, Флюрка... Маска теңелбе... Мас турбайбы...
ФЛЮРА: Мас болсо да чебердеп сүйлөбөйбү ыя... Сволуч! Оскорбить эткенин көрсөң... Табарсыгын жарып коюш керек эле... Ошондо көрмөк матрёшканы...
ПЕРИ: Кыздар, эми Флюра оңой менен токтобойт. Ачуу басар кылалы. Менде кечөөкү ресторандан апкелген бир бөтөлкө шампан бар. Силерди түндөсү ойготоюн десем баарыңар тырайып калыпсыңар... Ке, келгиле, ачууну басалы. Нервди сакташ керек...

Зейне кол чаап.

ЗЕЙНЕ: Мобу, жөндүү сөз! Азаматсың, Пери! Эмнеден ооз тийсең ала келмей адатың бар да. Мен да кудай буюруп жигитим менен бир жакка барып калсам, жегенимден ала келем. Силерге ооз тийгизем, эжекебайлар!

Кыздар ар бири бирден бокалды көтөрүп чыгат.

ПЕРИ: (Бокалдарга шампан куюп, Омор Хаямдын ырынан окуйт):

Бер шарапты кереги жок кебиңдин,
Селким өпсө – ошол менин өмүрүм.
Чачтарындай толкуп менин кумарым,
Шарап дегим келет кызгылт эринин.

КЫЗДАР: (сүрөп турушат): Ии-е!

Чөйчөк шарап – артык Кытай тагынан,
Чөйчөк шарап – артык бейиш багынан.
Ачуу, бирок ашып түшөт ал шарап,
Бүт дүйнөнүн не бир таттуу даамынан.

КЫЗДАР: И-ий!

Ичкен адам түшөт тозок отуна,
деп сопулар айткан сөздөн чочуба,
Тозок тартсак шарап менен аялдан,
Ишенип кой, бейиш такыр бошуна!

ФЛЮРА: Кана, пей до дна! Пей до дна!

Кыздар баары шарт алып жиберишет.

ЗЕЙНЕ: Кана, кыздар! Өлбөгөн жанга бир бийлеп алалы! Мен брейкти үйрөтөм, келгиле!
ЖАРКЫНАЙ: Кой, мени тим эле кой... Флюра менен Пери үйрөнсүн, жаш эмеспи.
ПЕРИ: Мени деле тим кой. Сөөгүм катып калган. Андан көрө өзүм билгенди кыймылдап турайын.
ЗЕЙНЕ: Ке, анда Флюрка! Сага үйрөтөйүн. Үйрөнүп алсаң, арыктабаганды ошондо көрөсүң... Мобу майың шылынып түшөт тим эле... (Май куйругунан чымчып).

Зейне магнитофонду басып, ортого чыгат. Ага кошо Флюра да чыгып, Зейненин олдоксон кыймыл-аракетин, өзүнүн семиз мүчөсүнө туура келбеген кыймылды туурай баштайт.

Жаркынай керебетке отуруп, бийлеп жаткан кыздарды карап турат.

Кыздар бийлей берет. Акыры суй жыгылып чарчашканынан керебеттерине шалк жыгыла кетишет.

Пери столдун үстүндө жаткан гезиттен бирди алып, беттерине көз жүгүртүп, гезиттеги макалалардын заголовкаларын үн чыгара окуй баштайт.

ПЕРИ: Кыздар, жеңилдеп келейин...

Пери сыртка чыгып кетет.

ЗЕЙНЕ: Ай, кыздар, карышкырлар деле балдарына кой алганды үйрөтөт экен. Силер деле мага үйрөтпөйсүңөрбү?
ЖАРКЫНАЙ: Эмнени?
ЗЕЙНЕ: Жанагынычы!
ЖАРКЫНАЙ: Жанагыныбы?
ФЛЮРА: Эртеден бери эле шилекейиң чууруп калыптыр, кызыке. “Жанагыны... жанагыны” деп эле.
ЗЕЙНЕ: Хотя четин билип алсам да, кийин мага оңой эмеспи. Билесиңерби? Прибалтикада “Сексуальный этика” деген сабак мектептен тартып эле кирет экен. А, биздечи? Бу жагынан таш балакет жок. Ошонун кесепетинен жанагыдай жигиттердин торуна түшүп, өмүр бою жыйып келген кыздык намысыбызды бир күндө кайдагы бир шылуундун колуна берип, шорубуз шорподой төгүлүп атпайбы?
ЖАРКЫНАЙ: Азыр, Пери келсин. Үйрөтүп коёт....

Пери кирип келет.

ФЛЮРА: Тигине, Пери келди...
ЖАРКЫНАЙ: Ай, Перишка, мобу кызыкенин таңдайын такылдатпай, жанагыны көргөзүп койчу. Эртеден бери ушундан тынчтык жок. Анан калса даарат алып да келдиң. Көрсөтүп кой, байболгур... Көрсөтпөсөң жанды койбойт.
ФЛЮРА: Көрсөтсөң, Перишка...
ПЕРИ: Сен деле көрсөтсөң болбойбу?
ЗЕЙНЕ (Жактырбай): Ал семиз... Кантип көтөрөм... Ичкен тамагымдын баары сыртка чыкпайбы, үстүмө жатчу болсо...
ФЛЮРА: Өзүңөн өтөөр адам жок, Перишка. Кызыкенин мазесин эркектерден мурда алып койчу... Жатаканадагы кызмын дегендин бири ушу Зейнеш...
ПЕРИ: (Чарчыкты кроватка илип): Ай, ушу силерге бирдемке айтпа! Айтсаң болду, тикендей жармашасыңар да турасыңар...
ЖАРКЫНАЙ: Кана, Перишка?
ПЕРИ: Ай, макул. (Зейнеге карап) Кызыке, мен сенин жигитиңмин. А сен деген сенсиң... Энеңден башка өппөгөн кызсың, макулбу?
ЗЕЙНЕ: (Керебетке жатып): Макул.
ПЕРИ: Макул деп коёт. Сразу эле суналып жатып берет белең? Тур! Алдын сени эритүү керек? Эригенден кийин өзүң эле сулап түшөсүң, билдиңби?..

Зейне ордунан турат.

ЗЕЙНЕ: Мына турдум. Абайла анан... Бу тамаша да...
ФЛЮРА: Тамаша, чындыкка жараша...
ПЕРИ: (Зейненин жанына басып келет): Ии... Мындай кыздай болуп турсаң... Сен кызсың... Мен жигитмин... (Экөө кыз-жигиттин образына кирет) Чоң кыз, таанышып алсак кантет? (Эркектин үнү менен).
ЗЕЙНЕ: (Назданып): Таанышса, таанышып алалы, байке. Таанышканга не жетсин...
ПЕРИ: (Эркектин образында): Менин атым Ке-ша...
ФЛЮРА: (Жактырбай): Перишка, бу противный аттан башкасын тапчы! Жиним келип турат. Ошо сволучтун атын уккум жок...
ПЕРИ: Бу жөн эле мисалга да...
ФЛЮРА: Мисалга болсо деле... Ат табалбай калдыңбы? Мыктыбек Арстанбек деп кой...
ПЕРИ: Макул. (образга кирип) Менин атым Мыктыбек, а сиздикичи?
ЗЕЙНЕ: Меники. Зейне...
ПЕРИ: Сонун ат экен. Бу атты кайдан таап коюшкан сизге... Затыңызга жарашып турат экен...
ЗЕЙНЕ: Билбейм, апамдар коюшкан.
ПЕРИ: Каерден болосуз?
ЗЕЙНЕ: Менби? Мен деген Кочкордон болом...
ФЛЮРА: (Дагы жактырбай): Түү-ү! Ай силерге канча айтам... Кочкордон дебегилечи?! Жанагы сволуч дагы эсиме түшүп жатат! Суранам, башка жерди айтчы! Жумгалдын Чаегинен деп кой. Ошо тарапта бир сүйгөнүм бар эле... Аз-маз арыктай түшсөм, аны өзүм эле издеп барам...
ПЕРИ: Макул. Кайрадан кайталайбыз... Чоң кыз, каерден болосуз? (Эркекче)
ЗЕЙНЕ: Жумгалдын Чаегинен...
ПЕРИ: Ии... Чаектенби? Силер тарапта пахта өсөт, ээ?
ЗЕЙНЕ: Жок... Пахта өспөйт, чай өсөт...
ПЕРИ: Чай өссө сонун жер көрүнөт...
ЗЕЙНЕ: Сонун жер... Курорт тим эле! (Пери Зейнени кучактайт).
ПЕРИ: Жериңиз гана эмес, өзүңүз да сонун экенсиз!
ЗЕЙНЕ: Коюңузчу? Чын элеби?
ПЕРИ: Чын, көрүнүп турбайбы. Мен сизди сүйүп калдым. Бир көрүштөн сүйүп калдым.
ЗЕЙНЕ: Бир көрүп эле сүйүп калууга болобу, чоң жигит. (Кылыктанып) Ишенбей турам мунуңузга...
ПЕРИ: Сүйүүгө даба жок, Зейнеш... (Кучактайт.)
ЗЕЙНЕ: (Каршылык көрсөткөндөй): Чын эле денем ысып чыкты.
ПЕРИ: (Өзүнүнүнү менен): Чоң кыз, сиздин колуңузду сурасам даярсызбы?
ЗЕЙНЕ: Ушунча эле батпы?
ПЕРИ: Азыр замандын өзү ушундай... Бүгүн көрдүң эртең жок. (Өбөт) Кылыктанып турбайсыңбы? Кыз эмей эле саман салган мешок экенсиң. (Зейне кылыктана баштайт) Ии-и... ошондой... Колуңду мойнума арт. Төшүңдү ээгиме така ии-и... Эрип баратасыңбы?
ЗЕЙНЕ: Көзүм караңгылашып, башым айлангансып жатат... Эми эмне кылайын? Жатайынбы?
ФЛЮРА: Жатпа! Каршылык көрсөт.
ПЕРИ: Секетиң кетейин Зейнеш! Сени өмүр бою издеп жүрүп, бүгүн таптымбы? (Эркектин үнү менен) Эрип баратасыңбы?
ЗЕЙНЕ: Ии-и... Керебетке жыгыла берейинби?
ПЕРИ: Жыгылардан мурда каршылык көрсөтпөйсүңбү? Коё бер, сотко берем де. Милийса чакырам де...
ЗЕЙНЕ: Сотко берем, милийса чакырам. Соттотом...
ПЕРИ: Жаным, мен сени алам, алам дедим го, алам... Ишен... Эми жыгыла бер. (Зейне керебетке жатат).
ЗЕЙНЕ: Денем ысып чыкты...
ПЕРИ (Зейненин көкүрөгүнөн эзгилеп): Алтыным! Каухарым! Күмүшүм! (Зейненин көйнөгүн көтөрөт).
ФЛЮРА: Апа-аа! деп бакыр...
ЖАРКЫНАЙ: Денеңди жыйырба! Бош кой! Эми Перини кучакта... Ии-и ушундай...
ПЕРИ: Секетиң кетейин, Зейнешим... Алтыным, каухарым...
ЗЕЙНЕ: Чыдабай баратам. Болду... болду эми... Билдим, билдим эми...

Ушул убакта бөлмөгө комендант кирип келет да, булардын тамашасына карап, билгизбестен бөйрөгүнө колун таянып туруп калат.

Кыздар коменданттын келгенин байкабайт.

ЗЕЙНЕ: Чыдабай баратам... Болду Перишка... Түшүндүм болду...
ПЕРИ: Экинчи сурабайсыңбы, көрсөт эле көрсөт деп?
ЗЕЙНЕ: Жок... Өлүп кетейин... эжекеси экинчи сурасам. (Зейне Перинин алдында жатып, комендантты көрүп калат). Пери тур! Тур дейм!
ПЕРИ: Турбайм... турбайм... (Зейнени өөп, жыттагылай берет). Турбайм секет.
ЗЕЙНЕ: (Чыдабай кетип, айтып жиберет): Комендант... комендант... тигине, кара...

Кыздар артты бурулуп караганда, коменданттын турганын көрүп калышат.

Пери шак турат. Зейне да көйнөгүн көтөрүп ордунан уялып турат.

КОМЕНДАНТ: Мына сага кызык! (Какшык аралаш) Кызык деп ушуну айт. Түрмөдө жаткан эркектер эркектерди, аялдар аялдарды ушундай кылат экен деп уккам. Эмне деп койчу эле аларды? Гомо-специалист беле? Ах-ха (Какшыктуу) Көрсө аялдардын жатаканасында да мындай кылууга болот турбайбы? Безобразие!
ПЕРИ: Ай, кечирип коюңуз... Биз тамашалап эле...
КОМЕНДАНТ: Тамаша, тамаша менен го... мобу секелек кызды (Зейнеге баш жаңсап) боозутуп койдуңбу деп менде жан жок... Тамаша имиш...
ЖАРКЫНАЙ: Тамашаны деле чындай көрө бересизби? Биз жөн эле...
КОМЕНДАНТ: Эмне, жөн эле? (Ачуусу келип) Силер таптакыр адиңерден ашып кеттиңер! Беспорядок кайда? Силерде! Антисанитария кайда? Силерде! Силерге докладной жазамын!.. Мобунуңарды да кошуп жазамын...
ФЛЮРА: Кечирип коюңуз! Биз жөн эле, эриккенибизден эле...
КОМЕНДАНТ: Эриккенденби? А балким Карлыгачты да эриккенден улам боозутуп коюп жүрбөгүлө? Ал кимден төрөдү, эч ким билбейт. Баласын көтөрүп садагам баштанып келген экен, квартира жалдап жаша деп айдап жибердим. Бүгүн Карлыгач, эртең мобу секелек (Зейнени көрсөтүп), бүрсүгүнү дагы бирөө, анан дагы бирөө төрөп салса, бүт жатаканадагы 556 кыз төрөп салса, алардын балдарын кайда алып барабыз, ыя? Бу деги жатаканабы? Же атасыз балдардын жатаканасыбы?

Кыздардын баары жер карап туруп калат.

КОМЕНДАНТ: (Жаркынай менен Периге карап): Ой, силер эсиңерге кирчү эле болуп калдыңар го. Ак-караны таанып, жашың арды айтпай эле коёюн эми... Менден болгону эле эки-үч көйнөк кийин жырткансыңар. А, кылганыңар болсо бу! (Мурду менен бир жыт сезгенсип) Бөлмөнү түтүнгө ыштапсыңар! Ачкыла терезени! (Зейне терезени ачат). Экөөнү тең ач! (Дагы шектенип) Кычкыл-пычкыл да жыттанабы? Ыя, Жаркын?
ЖАРКЫНАЙ: (Атайлап кекерлүү): Эки күндөн бери унитаздагы саарабыз ылдый кетпей атат.
КОМЕНДАНТ: Өзүңөр да эркек кептенип баратыпсыңар... Саараңар да эркектердикиндей болуп калса керек да. Элдики ылдый агып кетет... А силердики болсо моминтип акпай уюп калат. Жатаканадагы коомдук тартипти сактабайсыңар. Түнү светиңер өчпөйт. Музыканы заңкылдатып коёсуңар. Мына мобу жерде жашаган жителдер силердин ызы-чууң ардан улам деректирге арызданып, үчүнчү кварталдын премиясынан ажыратты. Анысы аз келгенсип, сөгүш берди. Бу силердин айың ардан. Мага тартип керек. Силер деп, премиядан ажырагым келбейт! Силердиби! Деректирге докладной жазып, түбүңөргө жетпесемби... Буерде же мен, же силер каласыңар... Жетишет, бардык кылык-жоругуңарга чыдадым. Күн алыс бөлмөң өрдөн эркек үзүлбөйт. Тиги жүргөн Кочкордон келдим деген мас неме да силердикинен чыгыптыр... Кечөө болсо мобу (Перини көрсөтүп) саат 12де келиптир... Эми болсо бүгүн теке болуп, мобу секелектин үстүнө чыгып алыптыр... Шишиңер толду... Же мен, же силер...
ФЛЮРА: Бизди кечирип коюңузчу...
ЗЕЙНЕ: Кечирип коюңуз, экинчи кайталабайбыз... Баарына мен күнөөлүүмүн... мен...
КОМЕНДАНТ: Болду! Бесполезно! Силер адиңерден аштыңар! Тим койсо төбөбүзгө чычасыңар бир күнү...
ЖАРКЫНАЙ: Сизден сураныч, чыгып кетиңиз...
КОМЕНДАНТ: Ыя, ким чыгат, ким чыкпайт аны көрө жатарбыз.
ЖАРКЫНАЙ: Чыгып кет! (Бакырат) Кет!
КОМЕНДАНТ (Артына кетенчиктеп): Ии... Он эки жылдан бери айтаарың ушул беле? Ушу беле?..
ЖАРКЫНАЙ: Ушу! Ушу!.. Кет!
ЗЕЙНЕ: Жаркынай кой!..
ФЛЮРА: Жаркынай...
ПЕРИ: Сөз сизге түшүнүктүүбү? Чыгып кетиңиз!
КОМЕНДАНТ: Ии-и... Сен эле жетишпей жаттың эле, аялдын эркеги... Абат кыз болсоңор кетмек элеңер эбак. Экөөңдү же жер албады, же эр албады...
ЖАРКЫНАЙ: Кет! Кет!

Комендант эшикти ачып чыгары менен Пери эшикти тарс жабат.

Жаркынай керебетине тарс боюн таштап, өпкөлөп ыйлайт.

Пери да керебетке жыгылып, ал да ыйлайт.

ЗЕЙНЕ: Кыздар, кечирип койгулачы... баарына мен күнөөлүүмүн... Мен... (Жаркынайды сооротоюн деген ниетте) Кечиргиле кыздар...
ФЛЮРА: Силерге эмне болду? Кайдагы неменин сөзүнө теңелип... Койгулачы...

Кыздардын баары ыйлайт. Эмне себебин билишпей ыйлашат.

Эшикти бирөө такылдатат (Флюра эшикти ачат).

Жаркынай ордунан туруп, авансценага келет. Баары аны карап калат.

ЖАРКЫНАЙ: Чын эле, бизди же жер албады, же эр албады. Аны өзүбүз деле билебиз. (Пауза). Кыздар бүгүн числонун канчасы?
ФЛЮРА: 13 ү...
ЖАРКЫНАЙ: 13үбү?..
ЗЕЙНЕ: Эмне болду?
ЖАРКЫНАЙ: Тек гана сурап жатам...
ФЛЮРА: Айт бирдемке... Жөндөн жөн сураган жоксуң...
ЖАРКЫНАЙ: 13ү дегиле... Бүгүн менин туулган күнүм... Силерди билбей калса экен дедим эле, жаман оюмда...
ЗЕЙНЕ (Көзүнөн кубаныч жанып): Куттуктайбыз, Жаркынай! Мен кечөө кыздарга айткам... Айткам ээ, кыздар... (Кыздарга кайрылып) Эртең Жаркынайдын туулган күнү деп. Булар айтышкан... кереги жок аны эстетпе деп. Ыйлайт дешкен...
ЖАРКЫНАЙ: Рахмат, Зейнеш... Чын эле ыйламакмын... Өзүм деле силерден жашырбадымбы... Эмне? 32ге келдим деп сүйүнчү сурамак белем... 32ге келдим... Эх, кыздар!.. Ушу жашка келип өзүмдүн кара башымды гана ойлоп келем... Тиги комендант туура айтты, бизди же жер албады, же эр албады... Мен деле элчилеп бала көрсөм, эне болсом дегем... Татынакай уул төрөп, күйөөмдүн кирин жууп отурсам дегем... Эмне? Мобу жатаканынын эле төрт дубалы мага артыкпы? Же ушундай сөз угам деп алты санымды аман тартып келатамбы? Же менин бактымы жараткан ушу жаткананын төрт дубалына ыраа көргөнбү? Билбейм... (Пауза). Таптакыр акылым жетпейт. Кыздар, билесиңерби? Мен күйөөсү бар аялдардын баарысын жаман көрөм... Менин бактымды, менин ырыскымды ошолор тартып алгандай көрөм. Эмне себептен экенин да билбейм. Турмушка да, баарына кызганчаак болуп баратам. Өзүң үчүн жашоо – демек өзүңдүн өлүмүң үчүн жашоо... Кийинки кездерде ишенсеңер, түк уктай албайм. Ар кандай ойлорго арбалып, түйшөлүп чыгам. Бир балээни качандыр бир убакта бешенеме жазган бакыт жылт этип жанып келеби дейм... Буга дейре келбеген бакыт 30дан ашкандан кийин келчү беле? Неге мен мынчалык ырысы жайдак жаралгам. Мен деле эрге тийсем, күйөөм менен кучакташып, таттуу шыбырашып жатсам дейм. Жашоом, өтүп жаткан күндөрүм бири-биринен айрылгыс... Негедир акыркы кезде ойчул да болуп кеттим. Болбогон ойдун баарын ойлойм. Бирөөнүн арманы бирөөгө жүк болбойт тура... Ушуга дейре өзүмдү – өзүм алдап келдим. Өзүңдү алдагандан артык жеңил нерсе барбы? Бу бакыт деген эмне? Ал, ким үчүн жаралган? Ким үчүн? Мен үчүнбү? Сен үчүнбү, же жанагы мас жигит үчүнбү? Же премия албай калдым деп наалыган комендант үчүнбү? (Пауза). Ишенесиңерби?.. Турмуш мага түрлүү-түстүү айнектей көрүнөр эле... Адамдын жаманы болот дегенине ишенбейт элем бир кезде... Көрсө жаңылыпмын... жаңылыпмын... Терезе... турмуштун терезеси көптүстүү эмес эле эки гана түстө экен. Ак жана кара, өмүр жана өлүм... Жакшылык менен жамандык... Бакыт менен азап...

Пауза

Кыздар, мен силердин маанайың арды чөгөрөйүн деген эмесмин. Ашыкча кетсем кечиргиле. Жалгыз баштын азабы көкүрөк жең илдетип алмай тура... Кечиргиле... Негедир жашоодон кээ күнү кечкиң да келип кетет. Бирок, ойлоном. Буга эмне себеп? Эмне?.. Эмне ага түртөт? Мобу төрт дубалбы? Адам менен адамдын ортосунда билинбеген дубал барбы дейм... Ал дубалды ким тургузган? Адамбы? Кудайбы? Ким? Ким? Ким? (Дубалды ургулайт).

Пери Жаркынайдын жанына келип, бетинен өөп, бекем кучактайт. Экөө ыйлайт.

ФЛЮРА: Кыздар! Жаркына... Пери...
ЗЕЙНЕ: Кыздар, уксаңар, баарына мен күнөөлүүмүн... мен...
ПЕРИ (Ыйламсырап): Бүгүн түшүмө жанагы алдырган ымыркай кириптир. Кып-кызыл эт бойдон экен. Колдору үшүп калгансып бүрүшүп калган. Көздөрү жумулуу... Неге ал менин түшүмө көп кирчү болду... Неге? Ал менин мойнума тагылган эч кечирилгис күнөөдөй жүрөгүмдү тырмай берет... тырмай берет... Эми ойлосом, жеңил ойлуулук кылган экем, кыздар... Төрөп алсам, мунун баары жок болот беле? Бир баланы эптеп багып алаар элем го... Элден уялып, элден жашырынып, кылганым ушу болдубу? Бирок, өзүмдөн? Ыйманымдан? Абийиримден? Уятымдан кантип жашырам... Кантип?.. Ошол уят, ошол намыс, жарыкка келбей калган ымыркайдын убалы күндө мени кыйнайт. Мына! Тыңшасаңар!.. Кулагыма ымыркайдын ыйы келип жатат. Силер угуп жатасыңарбы? Угуп атасың арбы?.. (Ымыркайлардын үнү угула баштайт). Угуп атасыңарбы? Менин кулагым тунуп чыкты, тунуп... Уккум келбейт!.. Неге? Неге... Неге... О, кудай, мени мынча кайнадың. (Пери жерге жыгылат). Ымыркайлардын ыйынан кулак тунуп чыгат. (Сахнаны караңгылык ээлейт). Ый акырындап басылып, жарык Периге түшөт... Ал колун басып алган кулагынан алат... Байкуш Карлыгач, көрсө туура кылган экен. Боюңан алдыр десем тилимди албай койду эле. Туура кылыптыр... Эмнеси болсо да күнөөдөн алыс... Кыйналбайт... Ый, артынан ээрчибейт...

Пери акырын туруп, ыйламсырап ырдай баштайт. Бу ыр му дуу ырдалат. Ага кыздар да кошулат.

Тал-талдап өргөн чачыбыз,
Таалайлуу кыздар атыбыз.
Таңдагы булбул өңдөнүп,
Таңшып ырдар чагыбыз.

Сайга бир чыккан дарактын,
Сабагы беле жалбырак?
Сары оору болгон жүрөктүн
Дарысы беле кыз бурак.

Ай нурун чачып түн жатса,
Жай гүлүн таң жел ыргалтса.
Эр жигит күлкү салбайбы,
Эргип кыздар баратса.

Кыздардын үнү басылып баратканда эшикти каккылаган үн угулат.

ЗЕЙНЕ: Карлыгачка кат келиптир... Айылдан го... үйүнөн болсо керек... Бу апасынын колу, мен тааныдым...
ПЕРИ: Берчи. (Катты алып). Апасыныкы экен... Мен да тааныдым...
ЖАРКЫНАЙ (Үшкүрүнүп): Байкуш Карлыгач, кантип атты экен баласы менен... Мурдагы квартирасынан хозяйкасы баласы менен чыгарып жибериптир... Кыйналып жүрөм деди. Жатаканага баласы менен комендант тургузмак беле...
ФЛЮРА: Мен кечээ аялдамадан жолугуп калдым. Мага да айткан кыйналып жатам деп. Баламы “Дом малюткага” өткөрсөмбү деди эле...
ЖАРКЫНАЙ: Эмне айтпадың? (Ары-берип басып) Мурда...
ФЛЮРА: Эч кимге айтпа... Кыздарга да айтпа деген...
ПЕРИ: Баласын балдар үйүнө тапшырса, келмек жатаканага... Ал андайга оң ою менен бара албайт, байкуш.
ФЛЮРА: Жүдөп калыптыр...
ПЕРИ: Анын адресин ким билет? Барып келбейлиби?
ФЛЮРА: Билбейбиз го... Сурасам жөндөп да айта албады. Бир тааныш кызымдыкындамын деген...
ЗЕЙНЕ: Байкуш Карлыгач кыйналды го...

Мас жигит кайрадан кирет.

ЖИГИТ: Бу жатаканада кыз деген саман-топон тура. Экиден алсаң да чети оюлбайт. Ар бир бөлмөдө бештен, алтыдан...
ФЛЮРА: Ух... Чума дагы келди... Муну женский жатакана дейт.
ЖИГИТ (Флюраны туурап): “Женский жатакана” дейт. Десе десин. Силер беш-алтыдан болуп садагам баштанып жатаканада эрге тийбей жашай бергиле! Пенсияга чейин...
ПЕРИ (Жини келип): Аны сизден сурабайт экенбиз, чоң жигит!
ЖИГИТ: Айткылачы? Кыргыздын санын ким көбөйт өт? Кыргызды ким тууйт? Өз элиңердин санын көбөйткөнгө момундай бир патриот боло аласыңарбы? Ыя? Айткылачы, кыргызды ким тууп, ким көбөйтөт, ыя? Силер ушинтип жашай бересиңерби бу түрмөдө?
ПЕРИ (Какшык аралаш): Өзүңдөй эркекти табалбай жүрбөйбүзбү? Каап! Сага окшогон жигиттер дефицит болуп кетпедиби катыгүн...
ЖИГИТ: Ой! Мен деле жарай берем! Азыр десең азыр. Бу кыргыздын санын көбөйтүш керек да.
ФЛЮРА: Сен ага жарабайсың. Сенден туулган бала сенчилеп мурдун танк тебелеп кеткендей барбайып, кулагы далдайып, кыргызды көбөйтпөй, кыргыздын өңүн бузат.
ЖИГИТ: Вой, тапан эй! Тигини... тигини... Өздөрүн билбей, бирөөгө сынтагып... Ха-ха-ха... Чын айтсам, баарыңарды тандабай эле жутуп жиберчү кыздар экенсиңер! Тим элеби? Чиркин!
ЗЕЙНЕ: Бизди жутсаңыз жутаарсыз, чоң жигит. Бирок... мобу кызды (Флюраны көрсөтүп) жуталар бекенсиз?.. Тамагыңызга тыгылып калат го.
ЖИГИТ: (Баа күлүп): Бу бизге кеп эмес. Мындан эки эсе келгендин канчасын жутуп ийдик. Бу кыз эмне итиме теңби?
ФЛЮРА: Ошондойбу?

Эшиктен Карлыгач кирип келет. Аны Зейне көрүп калат. Карлыгачтын колунда чоң чарба сумкасы, үстүндө плащ, өңү жүдөңкү.

ЗЕЙНЕ: Кыздар, сүйүнчү! Карлыгач! Карлыгач келди!
ЖАРКЫНАЙ (Артына бурулуп): Кана?..
ПЕРИ: Ой, Карлыгачка! (Кучагын жайып) Карлыгачка!
ФЛЮРА: Карлыгач!
КАРЛЫГАЧ: Кыздар! (Шашкалактап) Эшикти жапкыла... жапкыла...
ПЕРИ: Эмне, жоо куугандай?

Кыздар келип Карлыгачты чопулдата өбүшөт бетинен.

КАРЛЫГАЧ: Кыздар, мен азыр... (Чарбалык сумканы керебеттин үстүнө коюп) Азыр...
ЖАРКЫНАЙ: (Түшүнө бербей): Эмне болду мынчалык?
КАРЛЫГАЧ: (Сумканын оозун сыдырып): Думугуп калбады бекен? Уктап атты эле... Тумчукпады бекен?.. Комендант көрүп калабы деп жатаканага жакын калганда сумкама салып алдым эле...
ФЛЮРА: Оми-й! Чоңоюп калган тура... (Чоп эттире өбөт) Уктап атат байкушум...
ЗЕЙНЕ: И-ии тигини... тигини, кичинекей...

Кыздар баары өөп чыгат.

Карлыгач чарчаңкы керебетке көчүк басат.

КАРЛЫГАЧ: Кандайсыңар?.. Турасыңарбы?.. Мобу ким? (Жигитти көрсөтүп).
ФЛЮРА: Чума!
ПЕРИ: Ай, бизди койчу... Өзүң кандайсың? Байкушум кыйналдың го... Же кабарыңды билбейбиз... (Бешенесинен сүйөт) Азыр эле сени сөз кылып жаттык эле.
КАРЛЫГАЧ: Кечээ эптеп жүрүп араң квартира таптым... Бала менен жакын жолотпой жатышат... Бир оорулуу, карашар эч кими жок орус кемпир бар экен. Ошонун кызына жолугуп калып араң таптым... Тээ, шаардын четинде, эки буту шал кемпир экен... Ошону караганча жашай турган болдум... Тамак-ашына каралашып, кир-когун жууп берем... Айына он беш сомдон төлөсөң эле жетишет деди...
ЗЕЙНЕ: Кыйналган турбайсыңбы... Карлыгач, байкуш...
КАРЛЫГАЧ: Байкуш дебегилечи, кыздар... Кыйналбаганда эмне? Оң ой оокат жок тура.. (Бала жаткан керебетке баш жаңсап) Дом малюткага тапшырганга эч чыдамым жетпеди... Колуман келбейт экен. Ишенесиңерби, ошол балдар үйүнүн дарбазасынын жанына үч жолу барып, үч жолу артка кайтып кеттим. Колуман келбейт экен кыздар... Кандай неме өз тууган баласын таштап кетет.. Төрөй электе, төрөсөм шарт эле тапшыра салам деп жүргөн экем... бекер эле. Көрсө, көрүнгөн адам эле даай албайт тура. Балдар үйүнө жеткенимде эле жаш балдардын ыйы кулагыма угулат... Алардын ыйы... жүрөгүмдү дале эзип турат... Алардын ыйы апа, апакелеп таштап кеткен апаларын чакырып жаткансыйт... энесинин ысык сүтүн сурап жаткансыйт... Ушуну көрүп туруп, кантип чыдайм буга? Кантип анан баламды тапшырып, тескери басып кетейин... Эмчегимдин сыздаганын кантип басам. Жүрөгүмдүн сыздаганын кантип сооротом? Көкүрөк сүтүмдү кантип жерге төгөм? Бу кесир го... Уяттан күйүп кетсем да, өзүм багып чоң ойтом... Атасы жок дешсе, жок дешсин... Эмне? Айла жок... Күнөө кылгандан кийин, күнөөдөн качып кете албайсың... ал өмүр бою сары изиңе түшүп албайбы?.. Кыздар...
ЖАРКЫНАЙ: Алым эмне дейт?.. Ага жолуктуңбу? Сотко берем дебейсиңби?..
КАРЛЫГАЧ: Сотко бергенден эмне өзгөрөт?.. Көөнү жок болгондон кийин, кантип анан... Сотко берем деп да коркутуп көрөйүн дедим эле... Антсем ал айткан, канын анализге бер, экинчи группа болсо меники, а башка чыкса капа болбо деген... Экинчи группа болуп калган күндө да, баары бир сага үйлөнө албайм, себебин өзүң билесиң деген...
ФЛЮРА: Кандай себеп экен?.. Кылаарын кылып коюп...
КАРЛЫГАЧ: Экөөбүз кошулганда сен кыз эмес элең дейт... Анан калса баланын каны башка группа экен...
ПЕРИ: Табылдычы?.. Табылды эмне дейт, ага бардыңбы?
КАРЛЫГАЧ: Койчу аны... Кантип барам... Ушундай кыздар, турмуш деген... өз башым менен кылдым, эми өз башым менен тартам... Кийимдеримди алып кетейин деп кире калдым эле... Силердечи? Кандай жаңылыктар?
ЖАРКЫНАЙ: Эптеп күн өткөрүп жатабыз... Тирүүнүн өлүгүндөй болуп жүрөбүз. Комендант да келип үстүбүздөн директорго докладной жазмак болду... Анын кыялын билесиң да...
ЖИГИТ: Эй, кыздар! Ачкыла-ла... Бля-я! Колума түшсөңөр соо койбойм... Бл-яя! Силер Кочкорлуксуңарбы, ыя? Ач-кыла! Бл-ля!
КАРЛЫГАЧ: Ким бу? Маспы?
ФЛЮРА: Ай, бир чума! Блядан башканы билбейт экен. Эки оозунун бир оозу эле ушу...

Керебетте жаткан бала ыйлайт.

КАРЛЫГАЧ: (Баланы алып): Кыздар! Магнитофонду коюп койгула... Ыйлаганын угуп калбасын комендант... Бийигирээк чыгарып койгула?!

Зейне барып магнитофондун кнопкасын басат. Чет элдик музыка чыгат.

Баланын ыйлаганы музыканын үнүнө басылып, угулбай калат.

Карлыгач плащын чечип, көкүрөгүн ачып, ыйлап жаткан баланын оозуна эмчегин такайт. Бала Карлыгачты эме баштайт. Карлыгач кыздарга колу менен болду, өчүрүп койгула деген ишаратты берет.

Карлыгачты кыздар тегеректеп алат.

ЗЕЙНЕ: О-пий... муйдун, муйдун! Бармак басымдан өтүп калыптыр!
ФЛЮРА: Эмип атканын! (Колу менен баланын башын сылап) Эм, эме гой...
ЗЕЙНЕ: Ай, бу Алымга эле окшош экен... көзү айрыкча...
ПЕРИ (Баланы айлана карап): Жо... жок, менимче Табылдыга окшойбу... мурду... кашы.. оозу... көзү деле ошонуку го... Алымдыкы жымшыгыраак...
ЖАРКЫНАЙ: Баласын эмизип алсын эми... Чоң ойгондо билебиз кимге окшош, кимге окшош эмес экенин... апасынале окшоп турат...
КАРЛЫГАЧ: Апасынын баласы да...

Пери бир нерсени эстей калгансып, чөнтөгүнөн Карлыгачка келген катты алып чыгат.

ПЕРИ: Ырас эле, Карлыгач, сага кат бар...
ЗЕЙНЕ: Бүгүн келди...
ФЛЮРА: Апаңдан экен... апаңдын колу го...
КАРЛЫГАЧ: (Периге кайрылып): Кана... кана... көрсөтчү... Кимден экен..? Сразу эле тааныйм... апамданбы, же башкаданбы?..
ПЕРИ: (Катты көрсөтө): Мына. Апаңдын колу го... туурабы?
КАРЛЫГАЧ: (Конверттин сыртындагы жазылганга карап): И-ии, апамдан экен. Тааныдым... Көптөн бери кат алалек болчумун... Азыр Перишка, эмизип алайын... Анан окуйм...
ПЕРИ: Шашылба, эмизе бер...
ЖАРКЫНАЙ (Эмип аткан балага карап): Соруп атканын... Көптөн бери эмчегиңди берелексиң го байкушка... Курсагы ачкан экен...
КАРЛЫГАЧ: Биякка келээрдин алдында бергем... Бат-бат эле эмгиси келип турат... Бир жыл чыдасам, анан чоң оюп калат...
ЖАРКЫНАЙ: Жакшы эмиз, эмесе ыйлай берет... (Колу менен көрсөтүп) Эмчегиңди сыксаң... (Карлыгач эмчегин сыгат) И-ии катуураак сык, сүт чыгат... Ии, ошондой сык... Жаш балага сыгып бербесең , тойбой калат, кана эмсин...

Кыздар биринен улам бири эркелете баштайт.

ЗЕЙНЕ: Ки-чи-не-кей ширин бала... (Оюнчукту шыңгыратып) Ширин бала...
ФЛЮРА: Төрөгөндө кыйналдыңбы?..
КАРЛЫГАЧ: Ой, азап экен... жанагы немесинде эки саат жаттым, толгоом келбей... Анан толгоом келгенде жаным көзүмө көрүндү дейсиң... Өлүп каламбы деп да ойлодум... Төрөгөндө жанымды сууруп алгандай болдум... Эс-учумду билбей...
ЗЕЙНЕ: Бала төрөгөн оңой эмес көрүнөт ээ?

Карлыгач баласын эмизип болуп, керебетке жаткырат.

КАРЛЫГАЧ: Кана эмесе, катты окуйлучу, эмне деп жазды экен?

Карлыгач авнсценага келип, катты окуй баштайт.

ҮН: Саламатсыңбы, кызым Карлыгач! Көптүн катарында аман-эсен жүрөсүңбү? Кыйынчылыктар жокпу? Иштериң жакшыбы? Эмне жаң ылыктар бар? Биз болсо кудая шүгүр, эптеп бала-чака менен тирлик өткөрүп жүрөбүз... Сенден кабатыр болгонубуз болгон. Кечөө түшүмө кирипсиң кызым. Кызыл көйнөк кийип алыпсың ... Эсиңдеби? Атаң сага базардан алып келбеди беле? Мектепте окуп жүргөнүңдөчү... Онунчуда... Ошол кызыл көйнөк экен. Кызым неге мектепте окуп жүргөн көйнөгүн кийип алган деп таң калдым... Андан башка деле көйнөктөрү бар эле го дейм... Мурда күнү үйдү жыйыштырып, эски-ускунун баарын үйүп албай, өрттөп салайын дедим эле... Ошондо сенин эски көйнөгүңдү кыйылып атып отко таштадым эле... Көрбөйсүңбү? Түшүмө ошо көйнөктү кийип алып кирипсиң ботом... Эмне, кызым сени мээнет бастыбы? Атаң экөөбүздүн эки оюбуздун бири эле сен. Кандай жүрөт? Кыйналды бекен? Кийим-пийими бүтүнбү? Курсагы токпу? деп санаага түшөбүз... Мээнетиңди алайын кызым, жанагы түштү да жакшылыкка жорудум. Эптеп тынып алсаң, алыста жүрсөң да тынып алсаң, жаныбыз тынчыбайт беле. Эми кызым, ылаажысы келсе, көөнүңө төп келген жигит таап алсаң, түтүн булатып алсаң, атаң экөөбүздүн тилегибиз ушу... Бир жылга жакындап калды, сенден кат-кабар жок. Болбоду дегенде эки ооз сөз, ал-жай сурап, акыбалыңды билдирип койсоң боло. Быякта кыйналган эле биз. Эмне болду деп эле санаабыз тынчыбайт. Баланын кадырын балалуу болгондо билесиң, кызым. Өз жаныңдан да ширин аа. Баарынан бушайман кылганы эле сенин милдетиң ден кутулуп алсак деген ой. Өзүң деле кудая шүгүр, эс-акылың да бар. Эми кантейли? Бу да бешене кызым. Тагдыр деген ошо. Сенин да кудайга айтканың бардыр. Сага да бирөө тургандыр. Жакшылыктын эрте-кечи жок. Көп эле ойлонуп, кыжаалат боло бербе. Саламатчылыгыңды тиле. Биз эми кары адамбыз... азыркы жаштардын турмушу да татаалдашып баратат. Жанагы сүйүү деген балээңер да кыйын бейм... Аны биз каяктан билели, билбей эле сүйлөй беребиз да... Кызым, эң абалы саламатчылыгыңды тиле... Эми кызым, сага айтчу кеп бар. Сенден жашырганда эмне? Атаң муну катка жазба деди эле. Атаң дын сөзүн эки кылып көрбөгөн жан элем... Мындан башка амал жок, кызым. Муну туура түшүн. Жашырганда кимден жашырабыз? Сенденби? Өз балабызданбы? Атаңдын өпкөсүнө кара суук тийип, ооруканада жатканына мына алты ай болду. Койду убактылуу бирөөгө берген. Бир жылча бага түшсө, эмки жылы пенсияга чыкмак. Аны билесиң. Акыбалы бир топ кыйын кызым. Адам катарына кошулабы, жокпу айталбай турам. Доктурлардын айтымына караганда бир топ эле кыйындай көрүнөт. Байкушум өмүр бою малдан башка эч нерсе көрбөдү эле. Мал деп жүрүп эми минтип ден соолугунан ажырап отурат... Атаң дын да айтканы эле сен. Кызымдын ыраазылыгын алып кетсем, парзымдан кутулуп кетсем дегени деген. Кызымдын баласын көрүп калсам, арманым жок эле дейт, байкуш чал. Эмне кылсын. Арманы ичинде. Акыбалы болсо, бу. Кызым, “жаман айтпай, жакшы жок” дейт. Ылаажысы болсо жумушуңдан беш-алты күнгө суранып, үйгө келип кетсең, атаңа кайрат болот беле? Дартын да жеңилдетет белең? Бир чети да сенден кыжаалат болуп, дартын жеңилдете албайтабы? Билбейм... Кызым, сенден сураныч. Эптеп бир айласын таап, келип кетпесең болбойт. Сени чыдамсыздык менен күтөбүз. Бетиңден өөп, апаң Саламат.

Карлыгач катты окуп бүтүп, ордуна селейип туруп калат.

ПЕРИ: Эмне болду сага? Тынччылыкпы?
ЗЕЙНЕ: Эмне деп жазыптыр?
ЖАРКЫНАЙ: Айтчы? Эмне, суук кабарбы?...
КАРЛЫГАЧ: Кыздар, мен кетишим керек...
ЖАРКЫНАЙ: Каякка? Качан?
КАРЛЫГАЧ: Айылга, кыздар, айылга. Бүгүндөн калбай...
ПЕРИ: Балаң мененби?
КАРЛЫГАЧ: Ии-ии, балам менен...
ЖАРКЫНАЙ: Эсиң жайындабы? Үйдөгүлөргө эмне дейсиң? Атасы ким десе, эмне дейсиң?
КАРЛЫГАЧ: Эмне демек элем, кыздар? Атасы, апасы да өзүммүн дейм да. Эмнени жашырмак элем? Уятымдыбы? А деген каптагы ийнедей да, кыздар. Бир күнү болбосо, бир күнү тешип чыгат...
ПЕРИ: Карлыгач, ашыкпачы, ойлончу? Шашылган шайтандын иши... Үйдөгүлөр тынч бекен? Жөндөп айтчы, бизден жашыра турган эмнең бар эле. Айтчы?
ФЛЮРА: Айтчы, Карлыгач алтыным...
ЗЕЙНЕ: Айт, Карлыгач? Биз бир туугандай болуп калдык го...
КАРЛЫГАЧ: Силерден жашыра турган деле эч нерсем калган жок... Үйдө байкуш атам... байкуш апам... Мени... (Ыйлап жиберет) Кыздар, ишенесиңерби? Бүгүн мен, бүгүн гана атам, апам... менин кайгымды тарткан... мен десе жеген наны оокат болбогон ата-энем бар экенин сездим, кыздар...
ПЕРИ: Эмне деп эле атасың? Жөөлүбөчү!.. Сага эмне болгон?..
КАРЛЫГАЧ: Эмне болмок эле? Ата-энем бар экендигин сезсем, ушунун баарына бармак белем? Ата-энемдин алдында али менин жооп бере турган парзым бар экендигин сездим кыздар! Жо-жок... Бүгүндөн калбай кетишим керек! Турмушка аралашпай туруп, андан тоюп турам кыздар. Бу турмуштан эмне ашырдым, эмне ашырбадым. Ашырганым, бир эле уятпы? Же мобу күнөөсүз балабы? Эмне үчүн менин катама, жаңылыштыгыма бирөө курман болуу керек? Энелик мээримден ажыроо керек кыздар! Ошону билип, ошону сезип, бу муштумдай баламы көрүнгөнгө кармата салып, кете албадым... Буга кантип чыдайм? Кантип? Жүрөгүм ушуга түтөбү? Кыздар... Кыздар, көзүм караң гылашып, башым айланып баратат...
ЖАРКЫНАЙ: Эмне болду? (Карлыгачты кучактап) Кыздар! Суу!
ФЛЮРА: Суу! (Шашкалактап) Суу, кыздар!
ЗЕЙНЕ: Азыр. Мен азыр... (Сууга чыгып кетет).
ПЕРИ: Алтыным Карлыгач, сага эмне болду? Эмне болду?..
ЖАРКЫНАЙ: Скорый чакыралыбы?

Кыздар Карлыгачты керебетке жаткырат.

ЗЕЙНЕ: Кыздар! Мына суу, мына суу... Бетине...

Жаркынай сууну Карлыгачтын бетине чачат.

Керебетте жаткан бала ыйлай баштайт.

ПЕРИ: Зейне, баланы кара... Ал, баланы... ыйын бас...
ФЛЮРА: Магнитофонду коюп коёюн... Комендант угуп калбасын... (Магнитофонду коёт).

Музыка, баланын ыйы бири-бирине кошулуп кетет.

Зейне баланы сооротумуш болуп, көкүрөгүнө кысат.

ЗЕЙНЕ: Азыр, алтыным... шириним... Азыр апаң бир аз дурус болуп алсын... Эмчегин берет... Айнанайын ак бала...
ЖАРКЫНАЙ: Флюра, өчүр! Өчүр!
ФЛЮРА: Комендант!..
ЖАРКЫНАЙ: Укса уксун... Андан коркуп жүрүп ушу күнгө келди... Өчүр! (Флюра, магнитофонду өчүрөт).
ЗЕЙНЕ: (Баланы бекем кысып): Кыздар! Кыздар! (Ыйламсырап) Чынын айтсам, турмушка эми аралашып жатып, менин көңүлүм андан кайт болуп атат. А балким мени ушундай тагдыр күтүп жатабы? А кыздар? Менин деле жакшы адамдык үмүтүм бар. Түшүнбөй турам таптакыр эле... эч нерсеге акылым жетпей турат. Бешенеме силердикиндей тагдыр бир күнү болбосо, бир күнү түшөттүр... Турмушта мен деле бирөөнү сүйсөм деймин... Бирок, кимди? Кимди? Бу жарыкта өзү сүйүү деген барбы өзү? Кимге ишенем, кимге ишенбесимди да билбейм кыздар.

Пауза.

Билесиңерби, мен эч нерсеге ишенбей калдым, кыздар! Сүйүүгө... сүйүүгөбү десем деги эле бу турмушка, жашоого, адамдарга ишенбей калдым, кыздар. Ошол ишенимдин өзү да сүйүүдөн жаралыш керек да? Эгер... Эгерде ишеним жок болсо, сүйүүнү... бу көр турмуштун... тирүүлүктүн баркы кайсы? (Пауза). Эгерде адамдар бири-бирине болгон ишенимди жоготсо, анда бу жашоо, мобу жарык дүйнө эмне болот? Кыздар? Айткылачы? Айткыла, же мунун баарына бу дубалдар... Күндөн-күнгө бизди кысып, думуктуруп, бир бурчка камап салган көрдөй болгон дубалдар күнөөлүүбү? Ким?.. Ким күнөөлүү?..

Бала катуураак ыйлай баштайт.

ПЕРИ: (Жини келип): Эмне деп жатасың? Баланы соорот, баланы...
КАРЛЫГАЧ, (Ордунан туруп): Кыздар... (Кыздарды кучактап ыйлайт).
КЫЗДАР: Кыздын тагдыры.. аялдын тагдыры ушу... тура!..

Флюра, Пери, Жаркынай ага кошулуп ыйлашат.

ЗЕЙНЕ: (Баланы бекем кысып): Кимге ишенебиз? Кимге?

Баланын ыйлаганы басылат.

КАРЛЫГАЧ: (Ыйламсырап): Ке, Зейне, баланы бер, эмизейин...

Баланы алып, эмизе баштайт.

КАРЛЫГАЧ: Кыздар, мен бүгүн кетишим керек!
ПЕРИ: Кантип кетесиң? Өзүңдү ойлосоң боло. Эртең кет...
КАРЛЫГАЧ: Жо-жок... кыздар жүрөгүм бир балээни сезип турат... Атамын абалы оор экен... Байкуш атам “кызым, балаңдын бешенесинен жыттаар күн барбы?” дейт эле. Бүгүндөн калбай барбасам болбойт. Мына баласы... мына... бу балада не күнөө...
ПЕРИ: Чын эле, балада не күнөө?
КАРЛЫГАЧ: Кыздар, тиги сумкеге кийимдеримди салыштырып койгулачы... Кетем... таптакыр кетем... кыздар.

Флюра менен Зейне Карлыгачтын кийимдерин салыштыра башташат. Кийимдерин салып, сумкенин оозун жабат.

КАРЛЫГАЧ: Тиги сүрөттөрдү да салгыла, кыздар! Апамын да, атамын да...
ЖАРКЫНАЙ: Сен эмне, биротолобу?
КАРЛЫГАЧ: Сүрөттөрдү алып өбөт. Биротоло, кыздар... Кетем... Кетем... таптакыр кетем, кыздар...
ФЛЮРА: Болду, Карлыгач!
КАРЛЫГАЧ: Болдуңарбы? (Баласын Периге берип) Ме, плащымды кийим алайын... (Плащын Жаркынай кийгизет) Мына, кыздар, кайырлаша турган күн да келди... Тагдыр экен... Жакшы калгыла...
ПЕРИ: (Ыйламсырап): Карлыгач, алтыным... (Өбөт).
ЗЕЙНЕ: Чын эле кетесиңби? Койчу?.. (Карлыгачтын бетинен өбөт).

Жаркынай, Флюра да өбөт. Баланы да “чоп” эттире өбүшөт.

КАРЛЫГАЧ: Кош, кыздар! Кош, жатакана! Кош, төрт бурч! Кош, шаар, силер баарына күбөсүңөр... Мени кечиргиле...
ЖАРКЫНАЙ: Кыздар, жүргүлө узатып келели...
ФЛЮРА: Узатабыз...
ПЕРИ: Кийингиле батыраак!
ЗЕЙНЕ: Биз азыр...

Кыздар кийине баштайт.

ЖАРКЫНАЙ: Кана, кыздар! Жол алдында бир аз тыныгып алалы.

Кыздар, Карлыгач баласы менен керебетте отурат.

Алар унчукпай ойлуу эл тарапты карап отурушат. Ортодо Карлыгач баласы менен. Музыка сыбызгыйт. Сахнадагы жарык музыканын ыргагы менен керебетте отурган кыздардын жүзүнө түшөт. Жарык улам кичирейип, эми ал Карлыгачтын жүзүн гана көрсөтүп калат.

Музыка улам күчөп, жарык акырындап өчө баштайт. Жарык өчөт. Сахнаны караңгылык басып, тээ алыстан шаардын элеси көзгө урунат. Өз тиричилиги менен жашап жаткан түнкү шаар көрүнөт.

АЯГЫ

 

© Раев С.А.

 


Количество просмотров: 9023