Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия / Адабий мурас
© Турар Кожомбердиев

Турар КОЖОМБЕРДИЕВ

Обондуу ырлар

Кожомбердиев Турар. Обондуу ырлар. – Б.: Бийиктик, 2011. – 208 б. китебинен алынды

Каржылаган жээни Жаныбек Исманкулов

 

Турардын ырлары – бул таланттпын берекелуу энчисинен элге. берилген сунуш шыбага.
Аалы Токомбаев

 

Турардын ырлары — өлбөс обондордун өзөгү

1960-80-жылдарда кыргыздын көрүнүктүү композитор, обончуларынын баары акын Турар Кожомбердиевдин ырларына обон чыгарууга дилгир болчу. Анткени Турардын сөздөрүнүн кооздугу, маанисинин тереңдиги жана обонго ийкемдүүлүгү аларды арбап турчу.

Кыргыз Республикасынын Композиторлор союзунун токтому боюнча Турардын ырларына 600 обон (!) чыгарылган. («Турар Кожомбердиев». Бийиктик. 2010. 185-6.) «Энем менен атама», «Жаңы жылды тосолу», «Күн чыгышым», «Булактагы кездешүү», «Жүрөктү жүрөк тандасын» ж.б. жарым кылымдан бери ооздон түшпөй ыр-далып жүрөт.

Бул китепке Турар Кожомбердиевдин обондуу ырларынын бир азы гана кирди.

Алардын баарын топтоо – келечектин иши.

Осмоналы Исманкулов

 

Түнкү серенада

Жарыкты кууп тебелеп,
Жылдызды көккө себелеп.
Түн келди жумшак, жыпжылуу,
Көз кылып Айды төгөрөк.

Жамырайт жылдыз түмөндөп,
Ай санайт баарын түгөлдөп.
Аккуулар ойнойт, өркөчтүү,
Толкунду минип жүгөндөп.

Кучактап жумшак булуттай:
– Сүйөмүн, – дедиң унутпай.
Ошол сөз кызыл гүл болуп,
Жүрөктөн өсөт уруктай.

Унутпайм өрттүү кезимди,
Өчүрбөйм ошол сезимди.
Сүйүүдө кармайм туу кылып,
Жылдызга толгон көзүңдү.

 

Көл бетинде

Жылдыздар жүзүн каратат,
Ай жылып нурун таратат.
Кыз-жигит минген жел кайык,
Термелип алга баратат.

Мейкинди жиреп ай барат,
Селкиге бозой жалбарат.
Жалындуу, таттуу сөздөргө,
Жаш селки эргип далбарат.

Бир-бирин бекем кысышса,
Толкундап жүрөк жалындайт.
Жаш селки беттен сүйгөндө,
Жаш жүрөк кантип жарылбайт.

Жылдыздар жүзүн каратат,
Ай жылып нурун таратат.
Кыз-жигит минген жел кайык,
Алыстап кетип баратат.

 

Шайыр жаштар

Бирде бүркөө бирде чайттай таң атат,
Мезгил бизди таң калтырып келе атат.
Кечегини кылым артка калтырып,
Улам заман укмуштарды жаратат,
                                          жаратат
Совет эли тайманбастан, кадам шилтеп
Элим үчүн, Бакыт үчүн, Коммунизм
                                          доорун көздөй баратат.

Иште курбум жалкоолукка берилбей,
Сен да курбум ыкчамдаткын керилбей.
Баарыбыз тең чоң уятка калабыз.
Ак пахталар карга калса терилбей,
                                          терилбей
Мүнөзүң бар мурунуңа чымын консо,
Уктабай! Иштегин! Колдоруңду
                                          шилтегендей эриңбей

Биздин жерде күндө майрам жаңылык,
Мекен гүлдөйт секунд сайын жаңырып.
Биз да курбум жалкоолукту тебелеп,
Иштейличи билек түрүп чамынып
                                          чамынып
Алгаласын заманыбыз токтоо билбей,
Элим үчүн! Бакыт үчүн! Алдыдагы
                                          тоскоолдуктар багынып.

 

Жыттуу букет

Залкар дарак түбүмдөмүн түн ичин
Шаң музыка эч токтобойт жүрүшүн.
Мен канбадым музыкалык букеттен,
Жыттасам да, жыттасам да миң үзүм.

Шаң музыка, шаңк угузса саламын,
Музыкалык тегеректе каламын.
Сүйүү жыттуу, бакыт жыттуу букетке,
Кайра-кайра жүрөгүмдү малайын.

Залкар дарак түбүндөмүн түн ичин,
Ыйык мага музыка уккан мүнөтүм.
Музыкалык тегеректен дапдаана,
Көрүп турам сүйгөнүмдүн сүрөтүн.

 

Күн чыгышым

Улам карап туш тарапты элеңдеп,
Айтаар сөздү миң кайталап белендеп.
Күн чыгышым! Сени күтөм зарыгып,
Анык беле айткан сөзүң келем деп.

Тоонун суусу аңтарылат иримдеп,
Дарак ырдайт жалбырагы дирилдеп.
Күн чыгышым! Келсең боло күттүрбөй,
Салааланып, саамай чачың бириндеп.

Айлап-жылдап жалгыз сен деп түгөндүм,
Жүрөгүңдүн бардыгына күмөнмүн.
Колду шилтеп кетип калбас себебим,
Боосу сенде мен катынган жүгөндүн.

Улам карап туш тарапты элеңдеп,
Айтаар сөздү миң кайталап белендеп.
Күн чыгышым! Сага деген махабат,
Жүрөгүмө батып барат тереңдеп...

 

Көл бетинде

Жылдыздар жүзүн каратат,
Ай жылып ну рун таратат,
Кыз жигит минген жел кайык,
Термелип алга баратат.

Көбүктүү көлдан үн чыгат,
Жел кайык мөңкүп жай жылат.
Сүрдөнө түшүп экөө тең,
Суктанып тоого көз бурат.

Мейкинди жиреп ай барат,
Сулууга бозой жалбарат.
Жалындуу таттуу сөздөргө,
Билинбей атып таң барат.

 

Таарынчак

Балды бачым бербейт деп,
Чоң энеме таарынып
Жатып кал дым бүк түшүп,
Сары тонду жамынып.

«Балды жакшы көрөм» деп,
Балдын баарын жеп койду.
«Таарынгандын тамагы
Таттуу болот» деп койду.

Жей гой, мына балың» деп
Келбей койду жалынып.
Мен минтерин билгенде,
Жатпайт элем таарынып.

 

Мына кызык

Сууга барсам, ыр ырдап –
Бака жатат чурулдап.
Жүрөт сүзүп көлмөдө
Жылдыз жайнап жымыңдап.

Көрсөтөм деп апама,
Көрсөтөм деп атама.
Сууга кошуп жылдызды
Сузуп алдым чакага.

Тердеп, ысып, бууланып,
Кирсем үйгө сууну алып,
Мына кызык, жылдыз жок,
Чакадагы суу калып!..

 

Түлкү менен бөрү

Түлкү, бөрү, кошулуп,
Бир-биринен озунуп,
Ойдолошот бийлешет
Обондору созулуп.

Түлкү, бөрү сүйлөштү,
Секиришип бийлешти.
Түлкү, бөрү элирип,
Вальс бийлешти берилип.

Түлкү, бөрү бир басты,
Түнт токойду, кырды ашты.
Чамгарактап куйругу,
Чабуул ырын ырдашты.

Барат тоолор эңиштеп,
Экөө бирге жем издеп.
Орундалса максаты,
Олжону таап келишмек.

 

Кумурска

Келатыптыр жумушка
Кыл муруттуу кумурска.
Топчуну алып колума,
Тосуп койдум жолуна.

Тыягынан карады,
Быягынан карады,
Аркы-терки бойлоду,
Тоо экен деп ойлоду.

 

Муңдук менен Зарлык

Тыңшап турсак Зарлыкты,
Тыңшап турсак Муңдукту,
Кыйкырышып сүйлөштү
Биз укпаган шумдукту.
Уккулачы, балдар-ай,
Мына булар чындыкпы:

– Чымчык болуп чыркырап,
Учуп чыгам дыркырап.
Канатымдын күүсүнөн
Тоолор кулайт быркырап.
Минип алып булутту,
Айга барам зыркырап...

– Мен кыйкыреам күрүлдөп,
Жер силкинет дүрүлдөп.
Учуп келип күлүк Ай,
Жерге конот зирилдеп.
Түн ичинде жарк этип,
Күн көрүнөт күлүңдөп...

 

Күчүгүм

Кууп калсам жүгүрүп,
Күчүгүмдү шашылып,
Качып кетти «боре» үрүп,
Калат тамга жашынып.

Ойногонду жашынмак,
Жакшы көрөт кууганды.
Мен жашынаар кезекте
Билбейт көзүн жумганды.

 

Гүлдүү шаарым

Айлана кубанычка турат чалкып,
Ансайын көңүл эргип турат балкып.
Эреркеп жаздын жели беттен сүйсө,
Эмне бар бул дүйнөдө андан артык.

Кайырма:
Жайнаган жаздын гүлү,
Жан жакта куштун үнү.
Кубулжуйт гүлдүн түрү,
Кандай сонун жаздын күнү.

Жазгы жел желбиретет жигит чачын,
Жанына кыялымда жетем бачым.
Жадырап тоскум келет ар жыл сайын,
Жаштыктын, махабаттын гүлдүү жазын.

Кайырма:

Жыпарга толуп кетти бардык аймак,
Жоогазын кадам сайын турат жайнап.
Мелжиген махабаттын бийигине,
Менин да чыккым келет канат байлап.

 

Жаштар ыры

Элибиздин кайрат-күчү ченегиз,
Жайдыр-кыштыр тынбай иштеп келебиз.
Кабак-кашым деген сөздү унутуп,
Каршылыкты тоготпостон жеңебиз.
Кайрат берет качан болсо жүрөккө,
Камбыл, бейпил биздин мекен, элибиз.

Максатыбыз ачык-айрым такталган,
Ар ишеним аткарылган аталган.
Эң бир кыйын тоскоолдорду багынтып,
Эл алдында эмгек менен такталган.
Ынтымактуу Кыргызстан жаштары,
Ырыс ээси ырдап, бийлеп шаттанган.

Апкаарыбай алга кадам таштайбыз,
Ар күн сайын ачылышты баштайбыз.
Катуу чыгып жаштык ыры жүрөктөн,
Кандай тоскоол кезиксе да качпайбыз.
Кылымдардын чокусуна багыттап,
Кызыл тууну көкөлөтө баштайбыз.

 

Көл кечи

Толкундар шар атып
Тоодой күч жаратып.
Буурадай буркулдайт,
Буктарын таратып.

Кайырма:
Кайкышат чардактар,
Канаттар кагылып.
Көркөмдүү чар тарап,
Кызгылт нур агылып.
Ошол кездеги,
Көлдүн кечтери,
Кусадар боломун сагынып.

Селкинин ырына,
Сезимдер багынып.
Жылтылдайт толкундар,
Жылдыздай жагылып.

Кайырма:

Учурлар өтсө да,
Унутпайм эч жерин.
Билбепмин күндөрдүн,
Ушунча тездээрин.

 

Сен барсың жүрөктө

Асмандын күнү бар,
Адырдын гүлү бар.
Ал эми жүрөктө болсо,
Алгачкы сүйүү бар.
Бүркүттүн шаңы бар,
Бөлмөнүн шамы бар.
Ал эми жүрөктүн,
Аппапак таңы бар.

Булбулдун үнү бар,
Дарактын бүрү бар.
Тотудай сулуунун,
Толкуткан сүрү бар.
Кайрат бар жүрөктө,
Каруу бар билекте.
Сеңселген карындаш,
Сен барсың жүрөктө.

 

Сонун кез

Канаттуудай күндөр сызып көктөм,
Андан бери канча мезгил өткөн.
Шаттык басып коюнга,
Өзөн суунун боюнда,
Жолугушкан учур оюмда.

Кыздан кетпейт татынакай сымбат,
Көрүшкөн кез алигиче кымбат.
Жүрөк туйлап кабынан,
Эңсеп сени абыдан,
Эстеп дайым сагынам.

 

Күчөсүн күндө демилге

Жигиттер:
Кел жигиттер чамдайлы,
Арбын түшүм камдайлы.
Койколоктоп эринип,
Кокус артта калбайлы.

Кыздар:
Келин-кыздар тынбайлы,
Кепке калбай чыңдайлы.
Жеңип алып мөөрөйдү,
Тоо жаңыртып ырдайлы.

Жигиттер:
Беделиңди түшүрүп,
Бекер жүрбө сүзүлүп.
Баатыры бол эмгектин,
Бачым ишти бүтүрүп.

Кыздар:
Шайыр эже, сиңдилер,
Шайдоот ишке келели.
Мемиребей мактоого,
Мелдештерден жеңели.

Жигиттер:
Гүүлдөп адыр, түзүбүз,
Биримдикте күчүбүз.
Жакшы түшүм алалы,
Жаркырасын жүзүбүз.

Кыздар:
Эмгек шаңы кайнасын,
Эпкиндүүлөр жайнасын.
Эмгегиңдин ар качан,
Элим көрсүн пайдасын.

 

Ала-Тоонун жаштары

Жаштар, силер, бак-таалайдын нурун чачкан
Жаштар, силер, баштап элди алга баскан.
Кадамын келечекке катар таштап,
Жаштар силер дайым алга келе жаткан.

Күчү мол, Күчтүү кол, Милдети зор.

Өркүндөп өнөргө бай, өрүшү кең,
Атагы Ала-Тоодой бийиктеген.
Кынаптап келечектин кышын койгон,
Келечек замандын бал дары сен.

Күчү мол, Күчтүү кол, Милдети зор.

Аталып аталардай аппак жолдуу,
Өзүңсүң душман үчүн миң-сан колдуу.
Барууга магистрал чегин оюп,
Баштадык Байкал-Амур темир жолду.

Күчү мол, Күчтүү кол, Милдети зор.

 

Көл жээгинде

Көл жээгинде басып жүрөм салкындап,
Көңүл чиркин эрип кетет балкылдап.
Көбүктөнгөн толкундардын ичинен,
Көрүнгөндө же л кемелер калкылдап.

Сүйгөнүмө жолукканы келгенсип,
Алгач ирет айдай жүзүн көргөнсүп.
Дүрбөтөсүң жүрөк каным, Ысык-Көл,
Дүйнөнүн бүт касиетин бергенсип.

Жалбырттатып төгүптүр күн манатын,
Жаркылдатат каз-өрдөктөр канатын.
Жакшы жагын эсептесек көлүмдүн,
Жаңыламын, жетпей калат санатым.

 

Сатиралык саптар

Жигит:
Ачуулуу го түрүңүз,
Абдан күчтүү сүрүңүз.
Коньяк ичип бийлейли,
Кафе жакка жүрүңүз.

Кыз:
Макмал кийген жаш жигит,
Мактанганга маш жигит.
Тайралаңдап окубай,
Таалайына кас жигит.

Жигит:
Ээй! Сулуу кыз, сулуу кыз,
Ачуу тийди тилиңиз.
Кагып койсоң жолотпой,
Кайгырарым билиңиз.

Кыз:
Аай! Жаш жигит, жаш жигит,
Башкаларды табыңыз.
Байчечекей кезинде,
Байлабастан багыңыз.

Жигит:
Ээй!
Ук замандаш, жолдошум,
Араңарда мен өңдүү,
Ала карга болбосун.

 

Көл боюнда кездешүү

Тоскоолдорду жеңем деп,
Тосомун жолду элеңдеп.
Көл жээгинен айткан элең,
Көк кайык минип келем деп.
Аай, жолду тиктейм,
Гүлдү искейм,
Жолукканда берем ай, жолукканда берем деп.

Көрктүү тоолор койнунда,
Көлүмдүн көркү сонун да.
Жалындатып жүрөгүмдү,
Жаркыным, сенсиң оюмда.
Аай, жакын калды жолукчу кез,
Жашыл көлдүн ий, жашыл көлдүн боюнда.

 

Эстен кетпейт

Вир элес,
Ойго түштү жашымдагы,
Сен элең,
Балбылдаган кашымдагы.
Жадырап,
Элпек гана терип тургам,
Жабышкан
Самандарды чачыңдагы.
Өтүптүр,
Андан бери далай заман,
Өзгөрдүң,
Жүрсөң болду эсен-аман.
Саамайьщ
Сылай берем кыялымда,
Сайылган,
Кара чачка сары саман.

 

Бозойдун ыры

Артыңдан ээрчип жүрөмүн,
Арбайып абдан жүдөдүм.
Кайсы күнү айтсаңчы,
Каткырьш ойноп-күлөмүн.
Кага көрбө чүрөгүм,
Капа чегип, жапа чегип,
Ыза болуп, куса болуп,
Алсырады жүрөгүм.

Балбылдап мээрим ырайың,
Башкача сенин чырайың.
Кыйналамын сени ойлоп,
Кыла көр пери ырайым.
Дейсиң го мени сынайын,
Колуңданбы, жонуңданбы,
Маңдайданбы, саамайданбы,
Уруксат бер сылайын.

Шайынын кийип тубарын,
Ойготуп көңүл кумарын.
Тыбыратып көөдөндү,
Тынчытпай жүрөк жубарым.
Сен жөлөнчү дубалым,
Сүйбөй койсоң, тийбей койсоң,
Кагып койсоң, чанып койсоң,
Кимге менин убалым.

 

Сагыныч ыры

Санаалардан санаага берилемин,
Сансыз ойдун зардабына чөмүлөмүн.
Сансыз адам жашаган ушул шаарда,
Эмнегедир жалгыздыктан зеригемин.
Ажырадым,
Ажырадым ишенген сүйгөнүмдөн,
Айталбадым,
Айталбадым дартымды күйгөнүмдөн.

Эсиңдедир өзөндүн жашыл багы,
Кызыл гүлдөй кызыл жоолук башыңдагы.
Кыналышып сырдашып баратканбыз,
Кымбат мага ошол учур жазындагы.
Ажырадым,
Ажырадым ишенген сүйгөнүмдөн,
Айталбадым,
Айталбадым дартымды күйгөнүмдөн.

Кара көздүү, кара каш карындашым,
Качан болсо карегимде, жанымдасьщ.
Кабарыңды тезирээк билгизип кой,
Канат сермеп махабатым жалындасын.
Жылдыздайсың,
Кең асманда түмөндөгөн.
Дайрадайсың,
Дайрадайсың,
Эч убакта соолубаган, түгөнбөгөн.

 

Эмнеге бозой туйбасың?

Кабагың карыш салынып,
Кайгыга көңүл малынып.
Санаага батып барасың,
Саргайып күндө жалынып.
Угалбай бир ооз сөз оозуңан,
Унчукпайт дейсиң таарынып.

Жоогазын сунуп сыйлайсың,
Жообун тез бер деп кыйнайсың.
Сабыркап өзүң ичиңден,
Санааны бойго жыйнайсың.
Элирип турган жүрөктү,
Эмне үчүн бозой туйбайсың.

Сүйбөйт деп ичиң тарылып,
Турасың бозой таарынып.
Сандаган ойго түшөсүң,
Саргайып улам жалыньш.
Кеп чыкпай ооздон жүрөгү
Кеткени турса жарылып.

 

Ашыктык ыры

Балбылдап мээрим, ырайың,
Башкача сонун чырайың.
Кыйналамын сени ойлоп,
Кыла көр пери ырайым.
Дейсиң го мени сынайын,
Колуңданбы, жонуңданбы,
Маңдайданбы, саамайданбы,
Уруксат бер сылайын.

Шайынын кийип тубарын,
Ойготуп көңүл кумарын.
Тыбыратып көөдөндү,
Тынчытпай жүрөк жубарым.
Сен жөлөнчү дубалым,
Сүйбөй койсоң,
Тийбей койсоң,
Кагып койсоң, чанып койсоң,
Кимге менин убалым.

 

Махабат вальсы

Айлуу бир түндер,
Ар түркүн гүлдөр.
Антташкан ал кез кечтеги.
Булактын түбү,
Булбулдун үнү,
Буралган шибер эстеби.

Көз салып агымга,
Көп турдум жанында.
Көкүрөк капталып,
Көрүнбөс жалынга.
Коштошуп кыйлага,
Кой дедим ыйлаба.
Жүдөткөн кайгыны,
Жүрөккө жыйнаба.

Алыска кетер чагымда,
Аман бол дедим,
Эсен бол дедим
                      таарынба.

 

Назик селкиге

Кол сунасың араң эринип,
Койкоёсуң назик керилип.
Жүзүңдөгү жылмайган нурдан,
ЖҮрөк чиркин балкып элирип.
Обологон сезимдер бийлеп,
Ого бетер кетем бери лип.

Сен узасаң карайм кыйналып,
Карааныңа тоодой сыйынып.
Кагып койсоң калтаарый түшөм,
Кан тамырым какпай кыйылып.
Көрүнбөгөн махабат күүсү,
Көкүрөктө барат жыйылып.

Саамайыңдан келчи сылайын,
Садагасы нур кыз Гүлайым.
Балбылдаган таңдын Чолпону,
Бакыт каалайм сага ылайым.
Жадырай бер жаздын гүлүндөй,
Жактырбасаң эмне кылайын.

 

Сырдашуу

Жашчылык өзү жарашык,
Жалтанбай уяң карашып.
Жылгындуу беттин үстүндө,
Жылдызды бирге санашып.
Унтулбайт тура ошол кез,
Уктабай жүрөк таң атып.

Торгойдун күүсү төгүлүп,
Таң келе жатты сөгүлүп.
Терме лип кайың учтары,
Теребел шаңга бөлөнүп.
Керемет күчкө бөлөнүп,
Кеталбай турдук бөлүнүп.

Белеске чыгып ырдадык,
Бетеге белден ыргалып.
Сыладым калтар чачыңды,
Сыйкырдуу күчкө чырмалып.
Алыстап кете бериппиз,
Арт жакта нечен кыр калып.

 

Көз караш

Залда толгон жигиттерден бөлүнүп,
Кара чачың жамгыр сымал төгүлүп.
Маңдайымда сен турасың байкабай,
Китеп окуп терең ойго чөмүлүп.
Багындырып баратасың сезимди,
Бардыгынан жакыныраак көрүнүп.

Жалт карасаң китебиңден бурулуп,
Көз карашың карегиме урунуп.
Окуганды бир оокумга токтотуп,
Ой көлүнө кеткенсийсиң чөмүлүп.
Кургактагы балык сымал аптыгамын,
Кум дан сууга жеталбаган жулунуп.

Залда толгон бозойлордон бөлүнүп,
Маңдай чачың жамгыр сымал төгүлүп.
Бет алдымда олтурасьщ байкабай,
Китеп окуп терең ойго чөмүлүп.
Карегимдин түпкүрүнөн балбылдап,
Кайсы селки сага турат көрүнүп.

 

Жоокер ыры

Ата журт жүгү мойнумда,
Албууттуу дайра боюнда.
Турганда чекти кайтарып,
Тууган жер кетпейт оюмдан.

Элестейт көзгө баарысы,
Жаштары менен карысы.
Тууган жер сенин тамчы сууң,
Жүрөктүн ыйык дарысы.

Саргарат жылдыз көктөгү,
Сагынат уулуң чектеги.
Тууган жер сенин аймагың,
Түшүмдөн, ойдон кетпеди.

 

Салам сага жаш дүйнө

Калбайын деп жалпы санаттан,
Канча күндөр өттү жадаткан.
Караманча танып бейкутту,
Качкың келет көнгөн адаттан.

Кайырма:

Кадамыңды көрбөй арыштап,
Карын үчүн жашап арыштап.
Кебелбеген тыптынч турмуштан,
Кетким келди көнгөн адаттан.

Калбайын деп жүрүп өйдөдөн,
Каңгып кетип өмүр бөөдөдөн.
Кара шумкар аргымак минип,
Качкың келет көнгөн чөйрөдөн.

Кайырма:

Жалкоолукка пейли кас дүйнө,
Жанбактыга жайы аз дүйнө.
Салаңдаган курсакты жерип,
Салам айтам сага жаш дүйнө.

Кайырма:

 

Саргарган гүл

Өткөндүн чактары,
Жүрөктө тактары.
Шуудурайт көңүлдө,
Жаштыктын бактары.
Нурланып бардык жактары.
Ээ-эй күтүнсөм канча жыл,
Кызыл гүл солуп сапсары.

Ушакчы карганды,
Көп айтып жалганды.
Туптунук сүйүүнү,
Тумандар чалганды.
Жүрөгүң ага алданды.
Ээ-эй махабат гүлдөрү,
Колумда жүрүп саргарды.

Санаалар чар жайыт,
Арыктап арбайып.
Көргөзбөйт жүзүңдү,
Көлөкө тарбайып.
Иреңим жездей саргайып.
Ээ-эй махабат жапжашыл,
Солуса гүлдөр саргайып.

 

Уйкусуз гитара

Жылдыз толгон жайдын түнүндө,
Терезеңдин турам түбүндө.
Сансыз ойдон көңүл удургуп,
Сагыныч бар гитар үнүндө.

Гитар сайрайт ойго чөмүлүп,
Жамгыр болуп күүсү төгүлүп
Көкүрөктү муңга толтурбай,
Көңүлдөшүм койчу көрүнүп.

Жарык өчтү нуру чачылбай,
Терезелер бекийт ачылбай.
Талыкпастан гитар муңканат,
Таң аткыча үнү басыл бай.

 

Сары кыз

Жүрөккө канат тактырдың,
Көңүлдү бийлеп шат кылдың.
Сан жеткис гүлдүн ичинен,
Садагам сени жактырдым.
Ээ-эй сулуу кыз,
Садагам сени жактырдым.

Гүлүңө көркүң жарашып,
Жигиттер алат талашып.
Кыйылып кетпей турушат,
Кылчактап сени карашып.

Айтылар сөздүн калысы,
Гүлдөрдүн сонун баарысы.
Өзгөчө жакты бирок да,
Күлмүңдөп турган сарысы.

Эгерде көпкө тандаса,
Кайпактап сатып албаса.
Гүл алыш эмес максаты,
Таанышсам деген далбаса.

 

Бешик ыры

Тектирден салкын жел келет,
Теректин учу термелет.
Толгонай эне ыр ырдап,
Токтоосуз бешик термелет.

Алыстан тоолор керилип,
Ай жылат араң эринип.
Упчуну эмген баладай,
Уйкуга баары берилип.

Жылдыздар тегиз жарылып,
Жыбылжып нуру агылып.
Өпкүлөйт уулун энеси,
Өпкөсү, боору чабылып.

Өсө көр уулум эр жетип,
Ааламга колуң, серметип.
Уктабайт эне бир гана,
Дүйнөнү жалгыз терметип.

 

Энем менен атама

Жүрөсүңөр жашап, иштеп алыста,
Чолоо тийбейт ай өткөрбөй барышка.
Ак эмгекти актайын деп уулуңар,
Билим үчүн түшкөн узак жарышка.

Ойлойсунар санаа тартып камыгып,
Садагалап караанымдан кагылып.
Силер мени самагандай жол карап.
Мен да жүрөм өзүңөрдү сагынып.

Силер анда, мен күнчүлүк алысмын,
Заманымдан калбай келет жарышкым.
Алпештеген энем менен атакем,
Экөөнөргө өмүр бою карызмын.

 

Эне жүрөгү

Баласынын буту кылдай тилинии,
Чебеленет эне чиркин бүлүнүп,
Жүрөк дале сыздап турат басылбай,
Олдо энеке ай,
Бала небак ойноп кеткен жүгүрүп.

Кайырма:

Ачып салып мүнөздөгү туюкту,
Алыс таштап тоңдук менен кыйыкты.
Энелердин жүрөктөрүн сактайлы,
Оо адамдар!
Абайлайлы ыйыктардан ыйыкты!

Кайырма:

 

Комсомол жөнүндө баллада

Эрини кеберсиген кара бала,
Эртеден жеген эмес калама да.
Эсирген кулактардан тартып алган,
Эгинди тартып барат арабада.

Кылкылдап күн уяга жаңы батты,
Кыңылдап арабекеч айдайт атты.
Камданып жаш баладан өч алууга,
Канкорлор буктурмада аңдып жатты.

Аңгыча катуу нерсе тийди башка,
Алсырап кулап барып түштү ташка.
Жалындуу кыргыздын бир комсомолу,
Жайында араң чыкмак он беш жашка.

Айлана тунжурады сырын катты,
Ай чыгып аскаларга кайра батты.
Ээсинен ажыраган элирген ат,
Эгинди тартып кетип бара жатты!..

 

Кыргыз кыздары

Каптаганда душман бизди батыштан,
Кайран шерлер каршы туруп атышкан.
Кырылышып кан төгүлгөн согушка,
Кыргыздардын кыздары да катышкан.

Бекем кармап автоматты колуна,
Мина койду жырткычтардын жолуна
Жааган октун арасынан жалтанбай,
Жарадарды сүйрөйт салып жонуна.

Эстен кетпейт окоптордун сыздары,
Эстен кетпейт кычыраган кыштары.
Совет жерин коргош үчүн душман дан,
Салгылашкан кыргыздардын кыздары.

 

Эстен кеткис балалык

Балалыгым кызгалдактай жайнаган,
Балалыгым арашандай кайнаган.
Далай жылдар өтсө дагы ара дан,
Да бир ирет көргүм келет кайрадан.

Балалыктан калсак дагы айрылып,
Башты салып мүңкүрөбөй кайгырып.
Ошентсе да балалыктын күндөрү,
Оо чиркин ай, биир көрүнсө кайрылып.

 

Тоолор көркү

Өзүңдө чексиз сулуулук,
Бийиктик менен улуулук.
Жылдызың санап уктасам,
Жүрөккө түнөйт жылуулук.

Зоолоруң Айдын түнөгү,
Булагың кыргыз мүрөгү.
Касиет сени көргөндө,
Калтаарыйт адам жүрөгү.

Көкүрөк арым сабалап,
Көкөлөп кетти абалап.
Көркөмүң сенин Ала-Тоо,
Көңүлдү коёт дабалап.

 

Жаңырык

Элестетем адыр, токой, түзүңдү,
Берекеге толуп турган жүзүндү.
Самап кетем сабаадагы кымызды,
Сабагынан самсаалаган жүзүмдү.

Элестетем жазгы нөшөр төккөнүн,
Жамыраган козуларын, көктөмүн.
А мен болсо Ата-Журтту кайтарып
Алыстагы океанда чектемин.

 

Жаңы жыл – жаркын үмүттөр

Бийиктерде кызыл туулар желбиреп,
Биздин сансыз ийгиликти эл билет.
Кыргызстан өткөн жылды узатты,
Кыйла сонун иштер менен белги леи.

Кайырма:

Ата-Журтум күтүп турган сагынып,
Кирип келди бакыт жылы жаңырып.
Алды жакта күтөт канча жеңиштер,
Алды жакта канча сонун жаңылык!

 

Узатуу вальсы

Узаттык аларды шаң менен таң атканда,
Бий бийлеп, ыр ырдап кумарды таратканда.
Кымбатсың тууган жер ар качан уулуң үчүн,
Кылчактап карашат алыстан баратканда.

Кайырма:

Милдетти аткарып жадырап келесиңер,
Жалжал көз селкиге гүлдесте берерсиңер.
Азамат жигиттер аман бол, көрүшкөнчө,
Ар убак каректе сакталат элесиңер.

Кайырма:

 

Майрам ыры

Калайык майрамга камданып,
Жеңиштер жаратты чамданып.
Жашартып жиберди көңүлдү,
Жан жактан музыка шаңданып.
Курбулар кутмандуу майрамда,
Кубанып ыр ырдап сайранда.

Мекендин жаштары, карысы,
Ырдасын, бийлесин баарысы.
Кубаныч өмүрдүн тиреги,
Кубаныч өлбөстүн дарысы.
Канакей кутмандуу майрамда,
Каткырып, бий бийлеп сайранда.

Гүл болуп Ата-Журт жайнады,
Күү чертип жүрөктөр сайрады.
Күлмүңдөп келиптир кайра дан,
Күлкүнүн, бакыттын майрамы.
Туугандар, кутмандуу майрамда,
Кубанып, ыр ырдап, сайранда.

 

Шайыр жигит

Мен кеткенде апам калган сүйлөнүп,
Эки күндө качаарсың деп сүйрөлүп.
Кейигенсиң куру бекер, апаке –
Келе жатам үй курганды үйрөнүп.

Кирпич куйдум аптаптарда куурулуп,
Бетим күнгө түлөп түштү туурулуп.
Эми мына эмгек менен достоштум,
Ысыгына-суугуна жуурулуп.

Көнгүчөктү далай тоскоол кезикти,
Күжүрмөнгө бакыт ачат эшикти.
Өздөштүрүп келе жатам курбулар.
Өлкөм сүйгөн куруучулук кесипти.
Эң ардактуу эл сыйлаган кесипти.

 

Шаарыма кайтып келем

Ак булуттун үстүнөн кайкып келем,
Атыңды миң кайталап айтып келем.
Ашыгып келбетиңе кумар болуп,
Алые жактан шаарыма кайтып келем.

Артта калды чеги жок чөл да, талаа.
Ай сайын алып-учуп барат санаа.
Аңгычакты жүрөктү «болк!» эттирип,
Алды жактан көрүндү жылдыз калаа!

Берекелүү борборум койну кенен,
Жүрөккө эне сымал жакын белең!
Алыс кетсем жаныңан, сени самап,
Ашыгып кучагыңа кайтып келем.

 

Алгач сүйүү

Күн чартылдап булут түнөрүп,
Үнсүз турдук сөздөр түгөнүп.
Терс бурулдум, көздөн жаш ыргып,
Дегениңде: «Кош бол, түбөлүк».

Жаштык оргуп нурлуу жүзүңдөн,
Эрдиң таттуу ширин жүзүмдөн.
Аралыктын баарын багынтып,
Ар күн сайын көрөм түшүмдөн.

Самайм бирге жүргөн күнүмдү,
Уксам деймин назик үнүңдү.
Сууйт колуң, сурайм, сунбагын,
Эми мага кызыл гүлүңдү.

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

PDF форматында китепти көөчүрүү

 

© Турар Кожомбердиев

 


Количество просмотров: 29064