Главная / Философия жана илим, Философия
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2011-жылдын 18-августу
Кыргыз дүйнөтаанымы
(Китептен үзүндү)
Автордун эмгеги кыргыз тарыхындагы кыргыз дүйнөтаанымын аңдап, ырааттап, системага салып чыккан биринчи эмгек. Эмгекте кыргыз дүйнөтаанымынын тогуз негизги философиялык түзүүчүлөрү, боз үй, музыкалык, дарыгерлик, календарлык жана көркөм философиялары, кыргыздардын нарктык жана диндик таанымдары, кыргыз дүйнөтаанымынын колдонулушу жана анын дүйнөлүк даанышмандыктагы ордунун аныкталышы чагылдырылган.
МАЗМУНУ
Кириш сөз
Эмгек тууралуу алгачкы пикир
I БАП. Кыргыз дүйнөтаанымы жөнүндө
§ 1.1. Кыргыз дүйнөтаанымынын түпкү теги
§ 1.2. Кыргыз дүйнөтаанымынын негизги түзүүчүлөрү жөнүндө
II БАП. Кыргыз таанымдарын тактоо
§ 2.1. Бири кем дүйнө философиясы
§ 2.2. Туюнтуу философиясы
§ 2.3. Тутунуу философиясы
§ 2.4. Обо философиясы
§ 2.5. Төгөрөктүн түрт бурчу философиясы
§ 2.6. Үчилтик философиясы
III БАП. Кыргыз таанымдарынын колдонулушу
§ 3.1. Теңирчилик философиясы
§ 3.2. Жеткилеңдик философиясы
§ 3.3. Жалган дүйнө, чын дүйнө философиясы
IV БАП. Кыргыз дүйнөтаанымынын орду
§ 4.1. Азиядагы таанымдар
§ 4.2. Европадагы таанымдар
§ 4.3. Социалдык таанымдар
§ 4.4. Бүтүн кароо таанымдары
§ 4.5. Кыргыз дүйнөтаанымынын ордун аныктоо
§ 4.5.1. Өнүгүүдөгү циклдуулуктар
§ 4.5.2. Кыргыз дүйнөтаанымынын бүтүндүгү
§ 4.5.3. Азиялык жана Европалык таанымдардын өз-ара айырмачылыктары
§ 4.5.4. Кыргыз дүйнөтаанымынын орду
Корутунду
Адабияттар
КИРИШ СӨЗ
Эмгекти жаратууга белсенүүгө, элдин тарыхынын концепциясы менен тааныштык, табият таануунун заманбап концепциясы предмети боюнча Ж.Баласагын атындагы Улуттук университетте он жылдап дарс окуудан алынган тажрыйба, байыркы кыргыздардын бөлүгү жердеген Энесай, Алтай аймактарына барып, ал жактын белгилүү аалымдары менен пикирлешүү, өзгөчө кыргыз дүйнөтаанымы тууралуу атайын эмгектин жоктугу түрткү берди.
Сандаган доорлорду басып өткөн көчмөндөрдүн дүйнөтаанымы тууралуу ар кылымдарда белгилүү тарыхчылардын эмгектеринде үзүндү иретинде катталганы менен, ушул убакка чейин көчмөндөрдүн дүйнөтаанымынын орчундуу түзүүчүлөрүн мурастап, XXI кылымга чейин ага ылайык жашап келген кыргыздардын дүйнөтаанымына тиешелүү, системалык көңүл бурула элек эле.
Бул эмгек кыргыз дүйнөтаанымына көңүл бурдурган түптөгүч гана маанидеги, ошону менен бирге, анын ордун аныктоого жана кээ бир зор мүмкүнчүлүктөрүн ачып көрсөтүүгө арналган эмгек. Кыргыз дүйнөтаанымынын негизги түзүүчүлөрү— философиясы, наркы, дини деп каралуучу үч тараптуулукка ээ деп кабыл алынып, эмгектин орчундуу бөлүгүн анын философиялык (илимий) таанымдары түзөт.
Эмгекте кыргыз наркы, дини жөнүндө такыр маалымат жок деп айтууга болбойт, анткени кыргыз дүйнөтаанымынын аталган үч негизги түзүүчүсү жөнүндө биринчи бапта өзөктүк (концепциялык) формада түшүнүк берилди. Наркынын жана дининин тиешелүү (тарыхый фактылары, инсандары, кенже материалдары ж.б.) көлөмү материалдардын ылганышына жана иштетилишине жараша, китеп түрүндө кийин жарыкка чыгышы мүмкүн.
Кыргыз дүйнөтаанымын изилдөө маселеси кыргыздардын байыркы ата-бабаларынын таанымдарына байланыштуу болгондуктан, биринчи бапта кыргыз таанымдарынын түпкү тегин жаратуучулар жөнүндө жана анын негизги түзүүчүлөрү жөнүндө маалыматтар берилди. Жалпыга белгилүү болгондой, чыныгы илимий деп атоого татыктуу маалыматтар жеке эле кагаз жүзүндө эмес, турмуштук тажрыйбанын натыйжасы катары эл оозунда дагы жашай бергендиктен (мисалы Сократтыкы), кыргыз таанымдарын тактоо маселеси эл оозунда жашап келе жаткан таанымдарды талдап алууга негизделди. Талданып алынган таанымдарды негиздөө жана анын төтөлүк (логикалык, мисалы төтө жол, төтөсү жок бала ж.б.) дараметтери жөнүндө экинчи бапта айтылат. Алардын кээ бирлеринин негизделишин жана колдонулушун бүтүн кароо максатында, бирин-экини толугу менен үчүнчү бапка которулду. Таанымдарды негиздөөгө, төтөлөөнүн төбөдөн түшүү (дедуктивдик) ыкмасы колдонулду. Кыргыз таанымдары белгилүү деңгээлде системалангандан кийин, ал таанымдардын байыртан бери жашап келе жаткандыгын айкындоо маселеси, аларды Энесай рун тексттеринин котормолорунан издөөгө жана тексттердеги кээ бир кыргыз дүйнөтанымына ылайыксыз котормолорду тактоого колдонуу маселелери үчүнчү бапта чагылдырылат. Көчмөндөрдүн баалуулуктарын көбүнчө алардын көчүп конуу тиричилигиндеги ырааттуулукка байланышкан таанымдары менен эле мүнөздөшөт. Буга макул болууга болбойт, анткени бардык узак жашап, көчмөн деп аталган этностор көчмөндүктү дагы, отурукташкан узак турмушту дагы баштарынан өткөрүшкөн. Мисалы, шумерлер Месопотамияга барганга чейин, көчмөн болушкан, Месопотамияда алар отурукташкан эл катары дүйнөгө аты чыкты, ал эми аккаддарга бийликти алдырып ийгенден кийин, өз маданиятын сактап калуу үчүн кайра ата-бабаларындай көчмөн турмушка өтүшкөн. Кыргыздар дагы Манас дарыясынын жээгинде отурукташкан турмушту өтөшүп, күрүч жана башка өсүмдүктөрүн эгишкен, кийин Борбордук Азиядагы улана берген согуштарга байланыштуу кайра көчмөн турмушка өтүүгө туура келген. Мындан, кыргыз дүйнөтаанымы өткөн көчмөн цивилизациянын эле баалуулуктары менен аныкталбастан, анда отурукташкан элдин дагы баалуулуктары бар экендиги келип чыккандыктан, кыргыз дүйнөтаанымынын көчмөн жана отурукташкан дүйнөдөгү ордун аныктоо маселелери төртүнчү бапта каралат.
Эмгек, негизинен, кыргыз коомунун кеңири катмарларына арналган, ошол себептен, ал калыптанып калган кийинки философиялык терминдерди колдонбостон, атайылап жалпыга белгилүү жөнөкөй тилде жазылды. Ошондой болсо да, эмгектеги кыргыздардын эсептөө системасын, тогоолдор календарын чагылдырууда жана кыргыз таанымдарын колдонууда теория жана тажрыйба жагынан алганда илимийлүүлүк болгондуктан, окурмандардын илимий катмарын түзгөндөргө кыргыз дүйнөтаанымын тактоо, колдонуу жана анын ордун аныктоо маселелерин камтыган, изилдөөнүн илимий формасы жөнүндө дагы маалымат келтирип кетүүгө туура келет.
Проблемасы — Кыргыз коому эгемендикке жетүүсүнө байланыштуу, эмненин негизинде өнүгүү керек экендиги жөнүндө изденүү, байыртан бери улутту башкарып, багып, өнүктүрүп келе жаткан таанымдарына кайрылуу муктаждыгын жаратып, кыргыз дүйнөтаанымын системалоону талап кылган, анын колдонулуш тажрыйбаларын камтыган, коомдун жаңы шарттагы өнүгүүсүнө негизги каражат болуп бере алчу кыргыз таанымдарынын ордун аныктоодо турат. Максаты— Кыргыз дүйнөтаанымын изилдөө жана анын ордун аныктоо.
Объектиси— Дүйнөтааным. Предмети— Кыргыз дүйнөтаанымы жана анын дүйнөтаанымдагы орду. Гипотезасы.— Эгерде кыргыз элинин байыркылыгы, анын өз олуттуу таанымдарынын болушу жана ал таанымдардын элдин узак жашоосундагы мааниси такталып, белгилүү деңгээлде анык (реалдуу) маселелерди чечүүгө колдонулушу далилденген болсо, анда кыргыз дүйнөтаанымынын жалпы дүйнөтаанымдагы орду аныкталып, ал дүйнөлүк өнүгүүнүн ар тараптуулугун чагылдырчу кыргыз коомунун өнүгүүсүнө мыкты каражат катары кызмат өтөй алат. Коомдун талабына ылайыктуулугу (актуалдуулугу)— Кыргыз элинин эгемендигинин руханий дөөлөтүн түзчү кыргыз дүйнөтаанымын таанууга жаш муундун болгон муктаждыгы, анын алгылыктуу жактарына дүйнөлүк даанышмандыктын болгон кызыкчылыгы, кыргыз дүйнөтаанымы тууралуу атайын эмгектин жоктугу.
Ушуга ылайык, изилдөөнүн ар кандай деңгээлдеги маселелери баптарды жана беренелерди түзөт.
Эмгекте төмөнкүдөй негизги жетишкендиктер бар:
1. Кыргыздардын тогуз таанымынын негизделиши жана алардын кыргыз дүйнөтаанымдык негизги философиялык түзүүчүлөр деп аныкталышы.
2. Энесай-Алтай таш жазмаларындагы тексттерди чечмелөөгө кыргыз таанымдарынын колдонулушу.
3. Кыргыздардын үчтүк эсептөө системасынын ачылышы.
4. Кыргыздын 27 тогоол календарынын илимий жактан негизделиши жана анын негизги варианты.
5. Кыргыз коомунун матриархат доорунан патриархат дооруна өтүү мезгилинин аныкталышы.
6. “Күн кудайы” деп аталып калган байыркы таш чекменин жаңы сунушталган мааниси жана андагы маалыматка ылайык, Угуз хандын доор сүрүү мезгилинин такталышы.
Китепти жазууда Кусеин Исаев, Дастан Сарыгулов, Эсенбек Мамбетакунов, Баатырбек Исмаилов (Ош), Мамат Болот, Николай Шодоев (Тоолуу Алтай), Галина Казачинова (Абакан), Лариса Асачакова (Абакан), Жыргал Кутманалиева, Темиралы Кунашев аалымдары жана белгилүү жазуучу жана журналисттер Жапаркул Токтоналиев, Темиралиев Смальтбек менен пикир алышууга туура келди. Мен алардын берген кеп-кеңешине жана китептин негизги идеяларына көргөзгөн колдоолоруна чоң ыраазычылыгымды билгиземин.
Эмгекте кыргыз таанымдарынын колдонулушу, негизинен ылганып алынган Энесай жазмаларын тактоого текшерилгендиктен, эмгекти карап чыгышып, таанымдык котормолордун аткарылышына өздөрүнүн калыс пикирлерин айтышып, кеңештерин берген Ж.Баласагын атындагы КУУ нун Кыргыз адабияты кафедрасында эмгектенген, филол.и.к., доцент Турдубаева Назгүлгө жана ошол эле университеттин Кыргыз тил илими кафедрасында эмгектенген улук окутуучу Табалдиева Айгүлгө ырахматымды айтып, адис катары берген сунуштарын белгилейм.
Арийне, китепте графикалык жасалгалоо иштери дагы орун алган, аларда архитектор Асейин Өмүралиев, сүрөтчүлөр Теодор Герцен жана Айжамал Жоробаеванын эмгектери жана баалуу идеялары камтылгандыктан, аларга дагы ырахматымды айтып кетким келет. Материалды компьютерге терип чыгуу жана сүрөттөрдү ылгап жайгаштыруу иштери өз мойнумда болду.
Тааным жана система түшүнүктөрү эмгекте көп кездешкендиктен, аларга кыскача түшүндүрмө берип кетүүгө туура келет. Тааным (Х.К.Карасаев, Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү, Б., 2009) түшүнүгү кадимки эле таануу түшүнүгүнөн келип чыгат. Мисалы, дүйнөтааным— таануунун эң жогорку деңгээли ал жалгыз, таануунун андан кийинки деңгээли, эмгекте айтылгандай үч түзүүчүдөн турат, алар диний, илимий жана нарктык таанымдар. Илимий тааным болсо 9 философиялык таанымга ажыратылган. Демек, сүйлөмгө жараша, тааным түшүнүгү деңгээлдик, тармактык же башка ырааттагы илимди же билимди чагылдырат. Арийне, тааным түшүнүгү таануу түшүнүгүнөн айырмаланып, өздөштүрүлгөн, иштеп жаткан билимди билгизет. Система (Х.К.Карасаев, Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү, Б., 2009) деп, сандаган бөлүкчөлөрдөн же тараптардан туруп, аракеттеништери өз-ара бүтүндүктү түзгөн жаралышты айтабыз (кристалл, коом ж.б.). Ал, эмне болбосун (нерсе, түшүнүк, тамга, зат, атом ж.б. ) аны камтып турган чөйрөсү менен бүтүн каралат, б.а. нерсе мурдагы илимдердегидей бөлүп алынып каралбайт, анткени ааламда бардык нерсенин сырткы чөйрөсү менен алакасы бар. Мисалы клетканы система деп кароо, анын ички түзүлүшүнүн (клеткадагы жандуу жана жансыз молекулалардын байланышы, бири-бирине айлануулары жана даректерге ташылуулары) аны камтып турган чөйрөсү (орган, аны курчап турган организм) менен болгон заттык, энергиялык жана маалыматтык алакасы так белгилүү дегендикти билгизет. Нерсенин же кубулуштун мына ушундай система түшүнүгүндө каралышы, таанууда системалык ыкма деп аталат.
Эмгек тууралуу алгачкы пикир.
Кыргыздын нагыз философиясы жөнүндө алгачкы эмгек.
Философия илиминин доктору,
социологиянын профессору,
мударис Кусеин Исаев
I. Ооба, Бердибек Жумабаевдин “Кыргыз дүйнөтаанымы” деген китеби улуттун нагыз философиясынын капкагын ачып, түбү терең, кең мейкиндикти, миңдеген жылдарды камтыган, табигаттын мыйзамдары менен айкалышкан, “Теңир жалгаган, Теңир жараткан, Теңир болтурган, Теңир билим берген” кеңири дүйнөнү даанышмандык менен сүйгөн кыргыздын “дүйнөтаанымын”, “дүйнөкабылдоосун”, “дүйнөтүшүнүгүн” биринчи жолу кагазга түшүргөн келечектүү эмгек. Мындан 12 жыл илгери “Кыргыздын миңдеген жылдар бою баатырдык турмушунда калыптанган, далай муундарынын рухий азыгы болгон мазмундуу жана көп тараптуу философиясын “чаңдан арылтып” кайра элибизге тартуулай турган жаштарыбыздын өсүп келе жатканы кубандырат жана сыймыктандырат. Ак жол аларга! ” – деп “ Улуттук кайнар духту кагазка ким түшүрөт” – деген макаламды аяктаган элем. (караңыз: “Логос”, философиялык журнал. №1, Б. 1998, 10— бет). Мына ошондон бери биринчи жолу кыргыздын эркин кыялдануусун акылман, даанышман ой-толгоосун таптык көз карашта эмес, партиялык басымда эмес, нагыз илимдин көзкарашында кагазка тизмектештирип, ишенимдүү жазган Бердибек Жумабаевдин эмгеги жаңы башталыштын төл нускасы, нагыз улуттук философиянын башаты.
II. “Философия ” деген түшүнүк кыргыздын жашоо турмушуна аралашканына көп эле болду, XX кылымдын башталышынан бери. Бирок, анын нагыз маңызынан алыс болушкан. Анткени, Батыштын, тактап айтканда, немец элинин философиясынын негизинде болгон “тарыхый материализм”, “диалектикалык материализм” деген жасалма “изилдөөлөр”тарыхтык, таптык, партиялык идеялардын таралышы, анын бекемделиши, илимий коммунизмдин идеяларынын “жеңиши” менен кыргыздын үч муунунун өмүрү өткөн. Аларда башкача болушу мүмкүн эмес болгон, улуттук ойлонууга кыялданууга болгон анча – мынча фактылар үчүн түрмөгө салган, атып өлтүргөн, ташы талкан кылынып, кол жазмалар өрттөлгөн. “Марксизм”— чынында бурмаланган, илим эмес эле, башкаруучу большевиктик, батыштык топтун идеологиялашкан зордуктоонун жана коомдук аң-сезимди опузалап, “ооздуктоонун” куралы болгон. Баары тең таптык көз карашка, таптык мамилеге, таптык кызыкчылыкка, партиялуулукка баш ийдирилип, улуттук тарых, улуттук философия, улуттук маданият, улуттук рухый дөөлөт, улуттук каада-салт, улуттук жол табыштар жокко чыгаруу деңгээлине жеткирилген. Кимде-ким элдин даанышмандык, дүйнөтааным, дүйнөкабылдоосу жөнүндө сүйлөөгө аракеттенсе эле, кыргызстандагы эле жумушчу табынын идеологиясынын жасоолдору “эл душманы”, “улутчул” деген жалааны жаап, Теңир буюрган жашоосуна тоскоолдук жасап, партиядан чыгарып, жумуштан айдап, “сары убайым” оорусуна чалдыктырып, өмүрүн кыскартышкан. Коомдо манкуртчулуктун, кулчулуктун, европалык борборго жасакерленүүнүн, жагынуунун психологиясы өкүм сүргөн. Булар жөнүндө XX кылымдын 90— жылдарынан баштап— кыргыз эли нагыз азаттыкка чыккандан бери “Большевизм жана инсан тагдыры”, деген макалалар тобунда кеңири чагылдырылган.
III. Өткөндүн залалы терең экен. Көп эле “философия” аттуу китептер, брошюралар жарык көрдү. Бирок улуттук философияга арналган, изилденген, анын түпсүз терең, Ала-Тоонун аскасындай бийик мазмуун-маңызын так, илимдин негизинде чечмелеген чыгарма жарала элек эле.
Чындык үчүн айтыш керек. Акыркы жылдарда “философия”(“Окумал”, “Окуу китеби”, “Энциклопедия” ж.б.) деген бир далай эле китептер жогорку окуу жайларына сунушталды. Бирок, тилекке каршы аларда, улуттук кыргыз философиясы жөнүндө сөз да, түшүнүк да болбогондугу өтө кейиштүү. Кыргызстандын көп кылымдан кийин азаттыкка аттанганына 20 жыл, 2005— жылдын 24— мартындагы элдик ыңкылапка 5 жыл болду, бирок аң-сезимде ыңкылап болуунун өзөктүү өзгөрүүлөрүнүн эмдигиче баштала электиги армандуу. Элибиздеги мындай тагдыр чечээр өзгөрүүлөрдүн карлыгачы философтор болушу толук мыйзамдуу. Мисалга, Жусуп Баласагын атындагы улуттук Университетинин, Кусейин Карасаев атындагы Гуманитардык Университетинин философия кафедраларында да нагыз улуттук даанышмандык жөнүндө студенттерди эмдигиче окутбай жаткандыгы эмнелер жөнүндө кабарлайт? Биздин философтор качан эсине келишип, өзүлөрүнүн кесиптик милдеттерин сезип, коомубуз кептелген ”аң-сезимдин, акыл-эстин” жакырчылыгын азайтканга же жойгонго өзөктүү аракеттерди жасашат?
Андай ишке жарабагандары аз келгенсип, айрым ”кыйын, мыкты философбуз” деген адамдарыбыз, XX кылымдын 60-70 жылдарына чейин кыргыздын улуттук философиясы болгон эмес деген тантыган пикирлерин эч уялбай эле айтып жүргөндөр арабызда жүрүшөт …
Кейпи, алар кыргыздын элде кеңири тараган ооз эки философия менен анын “кагазга түшө баштаган”, философиясынын айырмасын байкашбайт окшойт. Философия— бул нагыз улуттук көрүнүш. Философиясы жок улут болбойт. Кыргыз өзгөчө кыялкеч, ойчул, даанышман, даанышман акылмандуулукту сүйгөн философ калк. Кыргыз элинин бай, теңдешсиз терең, түрдүү жана бийик дөөлөтүнүн негизин, анын философиясы, башкача айтканда, акылмандыкты сүйүүсү түзөт. Ар бир көчмөн кыргыз кыялдуу, ойлонгон, фантазёр, жомокчу, жамакчы болгон. Байыркы кыргыздардын Евро-Азия кең мейкиндигинде миңдеген жылдар бою көчмөн турмушта жашап келген жоокер эл катары, өзүнүн “дүйнөтаанымын”, “дүйнөкабылдоосун”, “дүйнөтүшүнүгүн”, камтыган табигат менен эриш аркак жашаган, коомдук жана жеке турмуш-тиричилиги көчмөндүккө ылайыкташкан, эң бай, ар түрдүү жана ишенимдүү философиясы болгон. Кыргыз чыгыш маданияты, рух дөөлөтү, таза жан дүйнөсү, бай ой-толгоосу менен айырмаланган, адамкерчиликтүү акыйкаттыкты, адептүүлүктү теңдикти, азаттыкты, намыскөйлүктү ыйык туткан, мамлекеттүүлүгү, нагыз жарандык уюму (коому), ачык, акыйкат демократиясы болгон. Көчмөндөр цивилизациясын түзгөн, өнүктүргөн, ар тараптан гүлдөткөн, түмөн ханзу калкы менен ж.б. жакынкы түрк, Алтай, монгол элдери менен тең ата кошуналыкта жашаган жоокер эл болгон. Бийик, аскалуу, адырлуу, токойлуу, шаркыратмалуу тоолордо жайдыр-кыштыр көчүп, таза абада, мөлтүрөгөн булактардын жана суулардын жээктеринде жүргөн кыргыз баласы эркин ойлонууга, кыялданууга, акылман сөзгө, жамакташа куюлган ырга, сызылган комуз күүсүнө жакын болгон. Күндөлүк турмушу ушуларга жык толгон, Батыштын жана Орусиянын, Азияны аралаган окумуштуулары, саякатчылары, чалгынчылары кыргыздын сөз байлыгынын, рухый дөөлөтүнүн жакынкы жана алыскы кошуна элдерге салыштырып караганда эң бай, ар түркүн экендигин бир канча ирет баса белгилешкен. Кыргыздын ишеними болгон Теңирлик, Манас энциклопедиясы, көп сандаган тармактык эпостор, санжыра, дүйнөдө саны-сапаты жагынан теңдеши жок макал-лакаптар, комуз күүлөрү, табигат менен айкалышкан бийлери, боз үй жана анын кооз жасалгалары, кийим-кечектери, ат-жабдыктары, буюм-теримдери, ыр-жамактары, ж.б. ооз-эки чыгармалары— дүйнөлүк социалдык казына, рух байлыгына кошкон теңдешсиз салым. Алар жөнүндө 2004— жылы июль айында Пекин шаарында өткөн эл аралык социология институтунун дүйнөлүк 36— конгрессинде атайын докладда айтылып, кыргыз, орус, англис, кытай тилдеринде жарыяланган.
IV. Бердибек Жумабаевдин “Кыргыз дүйнөтаанымы” деген чыгармасы XXI кылымдын башталышында жазылып, байыртадан бери эл оозунда, таштарда, сүрөттөрдө ж.б. жерлерде катылып келген рухый баалуулуктардын кумдан алтын тергендей тизмектештирип, бир нукка салган улуу жаңылык, улуттун нагыз философиясынын кагазга түшүрүлө башташы, ар бир инсандын акыл-эсин кыймылдатып, намысын жандандыра турган, кыргыздын ким экенин тааныта турган нагыз философия.
Китеп кириш сөз, төрт баптан жана корутундудан турат. Ар бири өзүнчө илимий ой-толгоолордон түзүлүп, бири-бирин логикалык жактан толуктап, даанышмандык кыялкечтин сүрөттөмөлөрүн, аныктамаларын, изилдөөлөрүн бирдиктүү мазмуунга чогулткан. Ошол эле учурда ар бир бап өзүнчө философиялык маселени чечмелейт, кыргыздын дүйнөтаанымынын мазмуун— маңызын изилдейт, аны тактайт, тарыхый-илимий ордун аныктайт.
Биринчи бап— “кыргыз дүйнөтаанымы жөнүндө” деп, анын түпкү теги, негизги түзүүчүлөрү сүрөттөлгөн. Негизинен кыргыз философиясы тогуз өзгөчөлүктөргө ээ:
1. Бири кем дүйнө философиясы;
2. Жалган дүйнө чын дүйнө философиясы;
3. Туюнтуу философиясы;
4. Тутунуу философиясы;
5. Төгөрөктүн төрт бурчу философиясы;
6. Обо философиясы;
7. Теңирлик философиясы;
8. Жеткилеңдик философиясы;
9. Үчилтик философиясы.
Мына ушул кыргыз философиялык таанымдарынын тогузу тең негиздери деп аталып, кыргыз философиясынын пирамидасын түзө тургандыгын ишенимдүү далилдеген. Бул чоң ачылыш ! Экинчи жана үчүнчү баптар менен кыргыз философиясынын ички түзүлүшү, көрүнүшү, колдонулушу кеңири, ачык, түшүнүктүү сүрөттөлгөн.
Төртүнчү бап— “Кыргыз дүйнөтаанымынын орду”— деп аталып, байыркы доордун белгилүү таанымдары, Европа таанымдары, соңку доордун таанымдары, дүйнөнү бүтүн кароо таанымдары— тарыхый экскурсия катары каралып, көчмөн кыргыз Евро-Азия мейкиндигинде кеңири жүргөндүктөн, анын таанымы Евро-Азиялык цивилизациялардын жетишкендиктерин камтыган деген терең пикир жаткандай.
Ошол төртүнчү бапта кыргыз таанымынын тарыхый орду, ички түзүлүшү, Евро-Азиялык таанымдардан негизги айырмачылыктары кызыктуу, ишенимдүү чечмеленген. Батыштын жана Чыгыштын таанымдарына экскурсия жасоо менен кыргыздын таанымынын маңызы, түзүлүшү, мүнөздүү белгилери жана кыргыздардын өздөрүнүн жашоосунун башкаргыч тартиптеринин ички түзүлүшү өтө ишенимдүү баяндалган.
Кыргыз дүйнөтаанымдын чечмеленишинде онтологиялык, гносиологиялык тарабы дагы чечмеленүү менен кишинин абалы, курчап турган чөйрө менен мамилеси да көңүлдөн сырткары калган эмес.
Кыргыз философиясы жөнүндөгү эң алгачкы эмгек болуу менен кыргыз дүйнөтаанымы адамзат тарыхында өзүнүн тарыхый ордуна ылайык дүйнөлүк маданиятты мыкты толуктап, дүйнөлүк философиянын өнүгүүсүн руханийликке ыктатуу орду бар жана ал ага татыктуу деген жыйынтык чыгарган.
Бердибек Жумабаевдин “Кыргыз дүйнөтаанымы” деген эмгеги өзүнүн мазмуну, маселени ишенимдүү чечмелеши, изилдениши менен тарыхый жаңылык жана келечеги кең татыктуу эмгек. Ак жол!
I БАП. КЫРГЫЗ ДҮЙНӨТААНЫМЫ ЖӨНҮНДӨ
Асман, ай жылдыз бүткөндө
Улангансың, дүнүйө
Жер титиреп бүткөндө
Куралгансың дүнүйө.
Он сегиз миң Ааламды,
Бир жараттың дүнүйө.
Кемтиги жок эч жерде
Куп жараттың дүнүйө.
Аял менен эркекти,
Жуп жараттың, дүнүйө.
Адамзаттын ичинде,
Куп жараттың дүнүйө.
(Жеңижок)
§ 1.1. Кыргыз дүйнөтаанымынын түпкү теги
Арийне, кыргыз дүйнөтаанымынын түпкү теги кыргыздардын түпкү ата бабаларынын дүйнө таанымында жатат. Демек, дүйнөтаанымыбызды тактоо маселеси түпкү ата бабабызды, ата-бабаларыбыздын баалуулуктарын тактоого алып келет. Андай иликтөө иши тарых, тил, жер которуулар, жазма маданият, элдердин тууганчылык байланыштары, элдин турмуштук өзгөчөлүктөрү сыяктуу маанилүү маселелердин талданышына байланыштуу болоору белгилүү.
Месопотамия деп аталган Тигр жана Ефрат дарыяларынын орто жеринде жүргүзүлгөн археологиялык казуулардагы табылгалар адамзатка күтүлбөгөн натыйжаларды берип, андан аныкталган байыркы шумер элинин баалуулуктары дүйнөлүк маданияттын башаты болуп чыгышы, алар сандаган улуттардын кимисинин ата бабасы экендигин аныктоону талап кылды. Археологиялык казуулардан аныкталгандай, шумер маданиятынын буюмдары жер кыртышынын төмөнкү катмарларынын бирин түзүп, ал андан да төмөнкү жана андан да жогорку катмарлардагы автохтондуу (жергиликтүү) маданияттардын буюмдарына такыр окшобогонуна байланыштуу окумуштууларга шумерлерди келгиндер деп тыянак чыгарууга туура келген. Алардын дагы өздөрүнүн жазма маалыматтарында көчмөндүгү жана чыгыштан баргандыктары айтылат. Шумер эли менен кыргыздардын маданияттарында, дүйнө таанымдарында төмөнкүдөй белсемдүү окшоштуктар бар:
1. Шумерлер да, кара кыргыздар да Теңирчиликти тутунушкан. Башкы кудайларын шумерлер Дингир, хакастар Тигир, кыргыздар Теңир дешкен. Энесайдагы ташка жазылган рун жазмаларында Теңир түшүнүгү өтө көп кездешет.
2. XII-XIII кылымдардагы Теңирдин жалпы, жалгыз жана толук болуп калыптанып, чындыкты чагылдыраарына чейин убагында шумерлер да, кыргыздар да көп Теңирди (Көк Теңири, Тоо Теңири, Суу Теңири, Күн Теңири, Жер Теңири, Ай Теңири, Жол Теңири, Кан Теңири, Жылдыз Теңири, Шаар Теңири ж.б.) тутунушкан.
3. Шумерлер өздөрүн каңгарлар дешкен, мында “каң” деген уңгусу ата дегенди билгизген, ал эми “каңгар” дегени “түп ата” дегенди туюнтат. Энесай жазмаларында “Каңсыз калдым” деген сүйлөмдөр кездешет б.а. атасыз калдым деген (Энесайдагы Уйбаттын үчүнчү, Барлыктын төртүнчү эстеликтери). Бул эки элдин тууганчылыгынын четке кагылгыс далилдеринин бири.
4. Шумер тили дагы, тилчилер баса көрсөткөндөй, түрк дүйнөсүнүн уңгу тили болгон кыргыз тилиндей, аглютинативдик мүнөзгө ээ.
5. Кыргыздардын көпчүлүк сөздөрү дагы шумерлердикиндей кыска уңгулардан (тоо, от, таш, ур, ат, ит, кет ж.б.) турат, бул эки элдин тили эң байыркы доорлордо, бир аймакта жаралганын далилдейт.
6. “Эрен”, “Эге”, “Даган” деген сөздөр шумер менен кыргыздардан жана алардын бир тууган элдеринен башка элдерде такыр кездешпейт.
7. Шумерлердин шаарларын казууда кадимки боз үйдүн сүрөттөрү түшүрүлгөн карапалар табылган.
8. Шумерлерде дагы акындардын төкмөчүлүк өнөрлөрү болгон.
9. Кыргыздардын рун алфавитинин тамгалары менен шумерлердин шынаа сымал тамгаларынын ортосунда окшоштук бар экендигин эч ким тана албайт, кыргыздарга ташка шынаача чегүү кыйын болгондуктан, аны сызыкка гана алмаштырып коюшкан.
10. Шумерлер да эпос жараткан. “Гилгамеш” эпосунда Месопотамияга көчүп келгенге чейин алар Теңир тоодо (чыгыштагы асман мелжиген бийик тоолордо) жашашканы айтылат.
11. Шумерлер да киши өлгөндө өкүрүшкөн. Аялдары күйөөлөрү өлгөндө беттерин тытып, кошок кошушкан.
12. Шумерлер да киши өлгөндөн кийин бир жыл өткөзүп, ашын беришкен.
13. Кыргыздар да таш менен маалымат калтырышкан, шумерлер да карапа таштары аркылуу түбөлүк маалымат калтырышкан. Отурукташкан шумер бабаларыбызга карапага маалымат чегип бышырып калтырууга мүмкүнчүлүк болгон, ал эми аргасыздан кайра көчмөнчүлүккө өткөн кыргыздарга, ата бабасынын салтына ылайык келүү үчүн, жашоо шартында учураган таштарга маалымат жазуудан башка арга жок болгон.
14. Шумерлерде да, кыргыздарда да Умай эне жаратман жана ымыркайларды колдоочу катары кастарланат.
15. Шумерлер да, кыргыздар да негизинен, көчмөн болушкан. Эки элдин тең тарыхта орчун жашаган жерлериндеги казуулардан чыккан буюмдары, нукура көчмөндөрдүн оокаттык буюмдары, теги окшош жазмалары болгон.
16. Гундар да, кыргыздар да, “түбөлүктүү эл” болууга умтулушкан, түбөлүктүү эл деген алардын түшүнүгүндө экөөнүн тең бабалары болгон шумерлердей жаратман, айкөлдүккө жана руханий баалуулуктарга каныккан эл жатат б.а. адамзаттын алдында ата-бабасынын баркын кетирбөө, намысын алдырбоо, адамзаттын акырына чейин шумер элиндей үлгүлүк баалуулуктарды жаратуу жана калтыруу. Кытай жазмаларында “батыш гун”, “түндүк гун”, “чыгыш гун” деп кыргыздарды аташканы тарыхта өтө көп кездешет. Демек, гундардын көздөй урпактары кыргыздар болуп жатса, ал эми кыргыздардын б.з.ч. 4000— жылдардагы бабалары шумерлер болуп чыкса, анда шумерлер гундардын дагы бабалары болуп таанылат.
17. Теңирчиликти гундар дагы тутунган. Байыркы мезгилдердеги Теңирге сыйынууларда бирөө аларга атайын даярдалган суюктук чачып турган. Энесайдагы кыргыздар Теңирге сыйынганда бакка чыккан бакшы аларга атайын даярдалган суюктук чачып турган (Дженкинсон).
18. Көп кудай тутунган убактарда гундар да, кыргыздар да, башка төмөнкү теңирлери менен бирге, темирге (ач албарс сыяктуу кылычка) дагы сыйынышкан. Эки эл тең мыкты кылычтарды жерге түшкөн метеориттен калган темирден жасашкан, анткени аны Теңир өзү жиберди деп түшүнүшкөн.
19. Гундар да, кыргыздар да чын дүйнөдө жашоо бар экенине ишенишкен, ошол себептен, кайтыш болгондору менен бирге, атын, идиш-аягын, кийим-кечегин, тамак ашын, алтын-күмүшүн ж.б. көмүшкөн. Скифтердин, сактардын, гундардын жана алардын урпактары болгон кыргыздардын көрүстөн-дөбөлөрү дайыма бийик, бири-бирине түспөлдөш.
20. Гундар да Борбордук Азияда биринчи болуп темир иштетишкен, Энесай-Алтайдагы кыргыздар да Түштүк-Сибирде биринчи болуп темир иштетишкен, анткени социалдык-генетикалык таланттуулук жана мурастуулук кандарында иштеп турган.
21. Ала-Тоодогу гундардын (кыргыздардын) шаньюйлугуна (хандыгына) Энесай-Алтайлык кыргыздардын мыктылары (атактуу Ли Линдин урпагы) талапкерлигин койгон. Так талашууда кызыл-кыргын болушканы менен, бул эки элдин бир туугандыгы четке кагылгыс экендигин айгинелейт.
Кыргыз дүйнө таанымынын көрөнгөсүн изилдөөдө байыркы бабаларыбызды аңдоого кошуп, атактары жер майыштырган Манас(акыл эстин, айкөлдүктүн башталышы) , Угуз же Улус (уруучулдар менен аймакчылдардын ырааттуу жашоосун уюштурган байыркы кара кыргыздардын акылман бабасы, каганы), Моде (дүйнөдө эң чоң жана күчтүү көчмөн мамлекеттүүлүгүн, дөөлөтүн түзгөн кара кыргыз), Атилла (убагында чыгыштан барып, батыштын эгеси болгон, Рим империясын багындырып, дүйнөдөгү кулчулукту жокко чыгарууга жол ачкан аалым-жолбашчы), Барсбек (Энесайлык кыргыздардын атагын дүйнөлүк деңгээлге көтөргөн, баатыр каган), Айлакер (же Йаглакар— улуу кыргыз дөөлөтүн башкарып, убагында кыргыздарды Борбордук Азиянын кожоюндугуна жеткизген каган), Баласагын (түрк дүйнөсүнүн саясий илимин негиздөөчүсү, акындык ченемдин үлгүсүнө айланган кыргыз аалымы), Махмуд (кыргыздардын, жалпы эле түрк элдеринин тил илимине системалык негиз салуучусу, ар тараптуу дүйнөлүк окумуштуу), Тагай (XVI кылымда, кыргыздардын келечеги өтө чоң күмөндө турганда, казак туугандары менен келишим түзүп, баскынчыларды кууп чыгып, Ала-Тоодогу кара кыргыздардын бийлигин кайра орноткон бий), Чынгыз Айтмат уулу (дөөлөттөрдү жана улуттарды бири-бири менен келечектүү жана жоопкерчиликтүү мамиле түзүүгө үндөгөн, дүйнөнүн жана кыргыздардын аң-сезимине орчундуу салымын кошкон эмгектерди жараткан гений) бабаларыбызды айта кетүү жана тарыхта аттары чыкпай же көптүгүнө байланыштуу аталбай калганы менен, кыргыздардын урпактарынын XXI кылымга кадам шилтешине мыкты салымдары барларга чексиз ыраазычылык билгизүүбүз парз. Анткени алардын жетишкен зор ийгиликтери, кыргыздардын белгилүү таанымдарынын жана баалуулуктарынын мыкты колдонулушунун далили.
Шумерлердин б.з.ч. IV кылымда эле 20 дан ашык Аккад, Ларса, Ниппур, Эриду, Лагаш, Урук, Умма, Ур сыяктуу шаарлары, адамзаттын көзүн уюлткан шумер маданиятынын калдыктары катары жашап турган. Ошол убактагы жана ошол аймактагы эл деле, баалуулугуна байланыштуу, өздөрүнөн 3-4 миң жыл мурда жаралган шумер маданиятын мурастап жана кастарлап келишкен. Б.з.ч. XXI кылымда дүйнөдө биринчилерден болуп шумерлер мыйзам жаратышкан, мисалы “жабырлангандын акыбетин акчалай кайтаруу” принциби. Шумерлердин дүйнөлүк деңгээлдеги жетишкендиктери өтө эле көп. “Гилгамеш” эпосунун баштапкы варианттары б.з.ч. III миң жылдыкка туура келет. Арийне, шумерлердин “Гилгамеш” эпосунун жаралыш мезгили Сыр-Дарыялык кимерлердин (катагандардын) Месопотамияга биринчи жер которуп барган мезгилине туура келет. Алар месопотамияга б.з.ч. IV-III миң жылдыктарда жер которуп барышкан. Кимерлер (гректердин койгон аты кимерий) деп аталган ошол эле байыркы кыргыздардын шумерлерге экинчи жер которуусу б.з.ч. XX-XIX кылымдарда болуп өткөн (Орозбек Айтымбет).
Демек, бизди кызыктырган шумерлердин маданияты, анын ичинде дүйнө таанымы, негизинен, түндүк-чыгыштан барган байыркы кыргыз көчмөндөрүнүн дүйнө таанымы жана маданияты экендиги, жеке эле археологиялык казуулар менен эмес, байыркы кара кыргыздардын тарыхый жер которуулары менен дагы далилденет.
§ 1.2. Кыргыз дүйнөтаанымынын негизги түзүүчүлөрү жөнүндө
Тарыхта кыргыздар жөнүндө маалымат өтө көп. Байыркы кыргыздардын дүйнөтаанымдары жөнүндөгү маалыматтар атактуу Сыма Цянда, Бичуринде, грек, араб саякатчыларында ж.б. кездешет. Ал эмгектерде— “кыргыздар отурукташкан элден өздөрүнүн таанымдары менен айырмаланып турат”, — делет.
Арийне, бул пикирлер кыргыздардын түпкү теги атактуу шумер элине барып такалаарына дагы байланыштуу, анткени б.з.ч. 4 миң жыл мурда Ала Тоодон барып Месопотамияны өзгөртүп, дүйнөгө өтө керек, дүйнөлүк баалуулуктарды жаратышкан бабаларыбыздын урпактары кыргыздардын дагы дүйнө таанымдары башка элдердикинен айырмаланып турушу мыйзам ченемдүү. Ал пикирлер кийин Масейилдеги, Энесайдагы, Таластагы, Кочкордогу археологиялык казууларда жана Шумер, Энесай жазмаларында четке кагылгыс болуп далилденди. XII кылымдын дүйнөгө белгилүү акыны Сулайман Бакырганинин ырларында кыргыздар Азия элдеринин алдыңкылары болуп аталат жана даңкталат. Бул ириде ошол убактагы кыргыз дүйнөтаанымын даңктагандык. Демек, байыртан бери кыргыздын жылдызын түшүрбөй, башка элдерге аттын кашкасындай таанымал кылган— бул кыргыздардын дүйнөтаанымы эмеспи.
Эмне үчүн кыргыз дүйнөтаанымы тарыхтын катаал сынактарынан өтүп, түптүү бойдон кала берген? Анткени ал таанымдар таш доорунда эле адам менен жаратылыштын эриш-аркактыгынын күчтүүлүгүнөн, кыргыздардын жаратылыш менен биригип өнүгүүсүндө, жаратылыштан эч артыкчылыгы жок экендиги туура таанылгандыктан келип чыккан. Ошол аң-сезим, өзгөчө, көчмөн дөөлөттүн дүйнөтаанымын XX кылымга чейин карманып келген кыргыздарда жашап келген. Жаратылыш менен эриш-аркак жашай албаган көчмөндөрдү тарыхтын аёосуз тагдыры же отурукташкан элдин дүнүйөкор, мансапкор, шум турмушу күтүп турган.
Кыргыздардын дүйнөтаанымдарына дүйнөлүк диндер дагы таасирлерин тийгизе алышкан эмес, анткени алар алда канча кийин жаралган. Диндер жаралганга чейин 2000 жылдын ичинде кыргыздардын дүйнөтаанымдары алардын турмушундагы адаттарга айланып калган. Ушул себептен демейде байкалбаганы менен, кыргыз дүйнөтаанымы башка элдердикинен кескин айырмаланып турат.
Дегеле дүйнөтааным эмнеге керек? Арийне, ал ириде коомду мыкты башкарыш үчүн жана башка элдер менен ырааттуу алака түзүш үчүн керек. Курчап турган дүйнө жөнүндө туура маалымат алыш, аны менен шайкеш жашоого мүмкүнчүлүк берет, демек, ал адамдын өнүгүүсүнө дагы, мамлекетти өнүктүрүүгө дагы өтө керек.
Таш доорундагы кыргыз дүйнөтаанымынын негизинде теңдик, жамаатташуу, жаратылыш менен шайкештик, ылайыктуулук, мээримдүүлүк жана кайрымдуулук жаткан. Ар бир адам иштеп, ортого үлүшүн кошууга аргасыз болгон, аман калуунун бир гана жолу— шарты-жамаатташуу, биргелешүү болуп, «бөлүнгөндү бөрү жейт» таанымына баш ийишкен.Табият менен эриш-аркак жашоо, аны өзүндөй эле тирүү деп кабыл алуу, адамдын аман калуусуна шарт түзгөн. Турмуштары кырсыктуу болгондуктан, элдин орточолонгон жашы 30-35 жаштан ашкан эмес, муну археологиялык казуулар таасындады. Мындай шарт адамдарды боорукер, карамдуу жана кайрымдуу кылган. Ушулардын баары кыргыз элинде теңдикти сактап, Теңирчилик таанымын аздектетип келген. Кыргыз коомундагы теңдиктин сакталышы, б.з.ч. VIII кылымдан б.з.ч. III кылымга чейинки Тоо-кар маданиятын изилдеген археологиялык казуулардагы оокаттуулуктун теңдиги менен далилденген.
Демек, Афанас доорунан башталып, Андрон, Карасук доорлордон өтүп, Тоо-кар маданиятына чейин – 3000-3500 жыл бою кыргыздын дүйнөтаанымы калыптанып, кан-жанына сиңип, салтка, наркка айланган. Кыргыздын «теңирим жалгайт», «сугу өтөт», «үрөйү учат», «шаабайы сууйт», «ындысы өчөт», «кесири тийет», «сообуна калат», «убалы бар», «кусуру урат», ж.б. сөздөрүнүн мааниси өтө терең, алар бөлөк тилге которулбайт, бул байыртан бери келе жаткан кыргыз дүйнөтаанымына гана таандык. Бүгүнкү күнгө чейин эл оозунда сакталып келген таанымдарыбыздан атай кетели. Алар: «Пейилиң оңолмоюнча ишиң оңолбойт», «аял— үйдүн куту», «адилет болбой, эл жарыбайт», «арам жукпайт, өзүң сиңирип кетсең балаң кусат», «кан тукум кууйт», «ат жүгүрбөй, тап жүгүрөт, тап жүгүрбөй, бак жүгүрөт», «өмүрүң Теңирден, ырыскың өзүңдөн», «эриң жок болсо, урмат жок», «энеден кийин төркүн жок », «аял улуу: азабы да, түйшүгү да арбын», «кан бийлигинен нарк күчтүү», «намыс өлүмдөн артык», «эл башчысы–эл тагдыры», «башчысы начар эл-көрүнгөнгө жем», «элин сыйлабаган тилин жерийт», «эл ооз бир болсо, кан ооз тим болот», «салт бузулса, калк бузулат», «тил бузулса, дил бузулат», «мыйзам көбөйгөн сайын журт ыдырайт», «жашоонун баары өмүр болбойт», «ашык дүйнө баш жарат», «жандуунун баары адамга шерик», ж.б. Мына ушулардан кыргыз дүйнөтаанымынын улуулугу таасын көрүнүп турат. Жалпыга белгилүү болгондой, бардык диндерден эрте жаралган жөөттөрдүн ыйык китеби Тоорат б.з.ч. XII-V кылымдарда жазылган.
Демек, кыргыз дүйнөтаанымы дүйнөлүк диндерден 2-3 миң жыл мурда калыптанган. XIX кылымга чейин кыргыз бөлөк диндерге баш-оту менен кирип кетпеген себеби мына ушунда. Эбак калыптанган кыргыз таанымы биздин заманда деле олуттуу өзгөрүүлөргө учураган жок, анын себеби XX кылымга чейин көчмөн турмуштун уланып келгендигинде. Көчмөн турмуш жерди дагы, малды дагы ортодо кармоого аргасыз кылып, жеке менчикке, өзүмчүлдүккө бөгөт койгон. Бул дүнүйөкорлукту, мансапкорлукту четке кагып, адамды кайраттуулукка, сабырдуулукка, чыдамдуулукка, мээнеткечтикке тарбиялап, коомдук турмуштун эркиндигин негиздеген. Зомбулук, зөөкүрдүккө жол берилген эмес, ал эми отурукташкан элде адам үйүн, чарбасын таштап кете албай, зомбулукка көнүүгө аргасыз болгон. Ушул шарттардын баары, кыргыз дүйнөтаанымынын артык сапаттарын жараткан.
Кыргыздын дүйнөтаанымы XXI кылымдын шартында дагы өз ордун жоготпой, кээ бир эл аралык күчтөрдүн жаратылышты ырайымсыз өздөштүрүүгө үндөгөн, дүйнөлүк саясатты туңгуюкка дуушар кылчу философиясынан баалуу жана келечектүү. Соңку кылымдардагы «баардыгы адам үчүн, адамдын жыргаалчылыгы үчүн» деген дүйнөдөгү “жетектөөч” деп аталган, адамды жаратылыштан жогору койгон идеялардан айырмаланып, кыргыз философиясы адамзатты жаратылыш менен эриш-аркак жашоого үндөгөн. Асанкайгыдай даанышмандары «чымчып алар жүнү жок, суукта жылаан байкуш кантти экен» деп кайгырса, энелери балдарына «чөптүн башын үзбө, боюң өспөй калат» дешип, балдарына жаштайынан экологиялык тарбия беришкен. «Булактын башын баспа», «малды башка чаппа» деп, айлана-чөйрөсүн адамга тең караган. Ушунун баары кыргыз дүйнөтаанымынын башаты болгон Манас түшүнүгүнөн келип чыгат, анда Манас Асман менен Жердин жылоолошунан жаралган, ал акыл эстин белгиси (символу) делет, демек адам менен жаратылыштын тең каралышы мына ушундан башталат. Экологиялык баалуулуктар эске алынбай, аткарылган иштер кийин ченебеген зыяндарга алып келери, Ак-Түз, Майлы–Сай, Кажы-Сай, Миң-Куш уран таштандыларынын азабынан билинди. Кыргызстандагы аталган уран кендеринин дөбөлөрү элүү жылга жетпей сууга желип, коомго нечен зыян келтирген. Ал эми Алтайдагы байыркы кыргыздардын кенчилеринин дөбөлөрү элге зыянсыз миң жылдан ашык сакталып келген. Бул— бабаларыбыздын экологиялык ырааттуу жашоону эбак эле мыкты өздөштүрүп алгандыгынын тарыхий далилдениши. Биздин экологиялык акыл-эсибизде соңку кылымдарга иштеп берчү мыкты каражаттарыбыз (инструменттерибиз) бар.
Кыргыздар нарктуулукка өзгөчө артыкчылык берген. Бул касиет дагы коомду мыкты башкарууга жана өнүктүрүүгө түрткү берген. Шайлоодо жамааттар руханий жагынан мыктыларды гана колдошкон, анткени көчмөндөрдүн турмушу алакандагыдай, элдин көз алдында өтүп, уурдалган же башкалардын эсебинен табылган дөөлөттөр көчкөндө эле ашкере болуп калган. Жашоонун мындай шартында бардыгын руханий дөөлөт менен ынтымак жеңген. Кыргыздар бул экөөнүн ыраатын — «ырыс алды ынтымак, ынтымагың жок болсо алдыңдан кетет алтын так», деп таанышат. Таза, калыс, ыймандуу, нарктуу, элди ынтымакташтыра ала турган гана инсандар шайлоодон өтө алышкан. Коомду башкаруудагы нарктуулук менен ынтымактын ыраатына дайыма берилип келген артыкчылыкка, Аблай хандын убагындагы кыргыздар менен казактардын ортосундагы жер талаш мамилеси далил. Жер талаш жетекчилердин чөйрөсүндө чечилбей, узакка созулгандыктан, Чүй боорундагы Түлөберди деген эки элге таанымал, калыс кишини алып келишет. Түлөберди талаш жердин коён жатагына чейин айтып келип, кыргыздар ал жерди жүз жылдап кантип өздөштүрүп келгендигин далилдеп берет. Ошондо Аблай хан: «Атаңдын көрү, казактан ушундай жерин жакшы билген бир киши чыкпай калган экен да» деп, талашты кыргыздардын пайдасына токтоткон экен. Мында элдин наркына каардуу Аблай хан дагы моюн сунган, анткени элдин наркы улуттун жазылбаган баш мыйзамы экендигин кыргыздар эле эмес, бүткүл түрк дүйнөсү жакшы тааныган. Мында кыргыздардын «ырыс алды ынтымак» таанымы изденүүнүн мыкты тааныткыч каражаты (диалектикасы) экендиги белгиленип, анын саясий чөйрөнү жөндөгүч зор мааниси келтирилген. Жер талаш маселесин чечүүнү кыргыздар эч качан жетекчиге калтырган эмес, аны дайыма эл өзү чеччү, анткени бир адам, ага көрсөтүлгөн кысымды көтөрө албай калышы мүмкүн экендигин алар жакшы түшүнүшкөн. Адамдын нарктуулугун улутка кут алып келчү киши деп кыргыздын жалган дүйнө, чын дүйнө таанымындагы кут жылдызга байланыштырган.
Ошентип нарктуулукту кут даарыгандык деп Теңирдин жышааны катары көрүшкөн. Муну кийин дүйнөгө белгилүү Л.Н.Гумилёв да, пассионардуулук деп башкача атап, космостун берген дарамети катары караган. Мына ушинтип, кыргызды байыртан бери коштоп келген баалуулуктарды, ачык болбосо да, дүйнө тааный баштаган.
Дүйнөтааным түшүнүгү элдердин жаратылыш менен болгон алакасынан жана курчап турган чөйрөнү аңдоосунан келип чыгат. Арийне, ал коомдун асман, адам жана жер үчилитигинин өз ара ыраатын аңдоодон башталган. Анткени алар адамзатка жакын жана таасирдүү болгондуктан, адамдардын аңдоо сезимдерине көбүрөөк өнүктүргүч жана калыптандыргыч таасирлерин тийгизишкен. Дүйнөтааным түшүнүгүнүн өнүгүшүнө улут катары узак жашаган элдер мыкты салымдарын кошушкан. Бул элдердин ичинде кыргыздар дагы бар. Кыргыздар түрк элдеринин эң байыркысы эле эмес, мыкты көчмөндөрү, жер иштеткичтери, кен иштеткичтери жана жазма, оозеки маданияттарынын негиздөөчүлөрүнөн болгондуктан, кыргыз дүйнөтаанымы түрк элдеринин жалпы дүйнөтаанымынын өзөгүн түзөт. Эмгек— кыргыздарга бүткүл түрк элдеринин дүйнөтаанымын менчиктеп берүүнү көздөбөйт, анткени түрк дүйнөсү тарыхта ченебегендей жуурулушуп, “бир казанда кайнаган”. Ал тилдеринин жакындыгынан дагы айкын билинип турат. Ошондуктан, эмгекте жалпы түрк дүйнөтаанымынан кыргыз дүйнөтаанымын бөлүп чыгуу максаты коюлбастан, түрк элдеринин ичинен өтө узак доорлорду сүргөн кыргыз элинин дүйнөтаанымын жалпы түрк элинин көрөңгөлүк дүйнөтаанымы деп кароо кабыл алынды.
Бул эмгек кыргыздардын кылымдардан бери турмушунда колдонулуп, эл оозунда жана тарыхий маалыматтарда так айтылып, тиричилигин башкарып келе жаткан өз баалуулуктарын тактоо жана алардын башка дүйнө элдеринин таанымдарына салыштырмалуу ордун белгилөө максатында жазылды. Мүмкүн бул баалуулуктардын кээ бирлери башка түрк тайпаларында дагы эле жашап келе жатышы мүмкүн, аны боордоштуктун белгиси катары кароо мыйзам ченемдүү.
Кыргыз дүйнөтаанымынын пирамидасын 1.2.1-сүрөттөгүдөй пирамида менен мүнөздөп кетүүгө болот. Ал чокусуна боз үй орнотулган, үч капталдуу пирамиданы билгизет. Пирамиданын үч капталы, кыргыздардын үч негизги түсү менен боёлгон, кара, көк жана ак. Ал түстөр кыргыз дүйнөтаанымынын үч негизги багытын чагылдырат. Алар элдин наркы, философиясы жана дини. Пирамиданын башында кыргыздардын байыртадан берки дүйнөгө болгон түптүү көз караштарын чагылдырган боз үй жайгашкан. Боз үйдүн түсүнүн сары болгонунун себеби кыргыздардын узак убакыт күнгө сыйынышкандыгында жана күндүн нурунан жаралганбыз деп, өздөрүн “күн эли” (гундар) деп эсептеп келишкендигинде.Үйдүн коломтосунан кесилишип өткөн үч тегиздик кыргыздардын туюмундагы дүйнөнүн үч деңгээлин билгизет. Ал дүйнөнүн үч деңгээлин байыркы кыргыздар үч обо деп аташкан (баш обо, тулку обо, түп обо).Үч деңгээлди үч катмар дегендей түшүнүү туура эмес, анткени ар бир деңгээлдеги заттар бири-бири менен аралаш жашашат. Мисалы жердин көлөмүндө электрон, молекула, жер жана ааламдын талаасы баарысы аралаш орун алышкан.
Кыргыз наркы бул элдин жазылбаган баш мыйзамы (конституциясы), элди миңдеген жылдар бою башкарып келген, ата-бабасынан калган көөнөргүс мурасы. Ошол себептен “нарк бузулса калк бузулат” деп айтылат. Ал эми салты жана башка ырым-жырымдары болсо, соңкуча айтканда, конституциялык жана башка мыйзамдары. Кыргыздар “кара” деген түшүнүктү баарысынан жогору койгон, анткени алар ааламда кара түстүн өкүм сүрүп турушун, бекеринен эмес деп түшүнүшкөн. Адамга баа бергенде алар анын наркын баарынан жогору коюшкан, кара кыргыз, кара хан, кара шаар деген түшүнүктөр, элдин наркына сугарылган, улуулуктун барып турган чегин билгизет. Ушул себептен доорлор бою борбору Ала-Тоо болгон, кыргыз элинин Байкөлдөн Кара Деңизге чейинки түркүн каганнаттарынын ажырашын, биригишин, жер которушун жана өнүгүшүн башкарып келген кыргыздын ак сөөк, жаратман уруулары Кара кыргыз деп аталган.
Ал эми кара талаа, кара суу, кара козу деген түшүнүктөр, бышыкчылык жана жетилгендиктин эң бийик деңгээлин чагылдырат. Нарк, элдин жазылбаган башмыйзамы катары коомду башкаруучулук касиетке ээ болгондуктан, аны баарысынан улуу деп эсептеп, кыргыздар аны асман, башкача айтканда аалам менен бүтүндүктө карашкан. Ошол себептен, дүйнө жана элдин наркы кыргыз дүйнөтаанымынын пирамидасында кара түс менен чагылдырылган.
Кара түс нарктын эң улуулугун гана көргөзөт, ал эми пирамиданын кара каптал бетиндеги нарктын тарыхый жана руханий жагын чагылдыруучу Манас белги, акыл-эстин жаралышын, башкача айтканда, ааламдын жаралышын туюнтат.
Кыргыз философиясы көк түс менен берилген, ал кыргыздын теңирчилик философиясына байланыштуу Көкөтеңирдин түсү. Теңирчилик, кыргыздын өнүгүүсүндөгү, өзүнүн байыркы диндик жана башка ар кандай таанымдарынын ичинен, философиялык тааным катары өз алдынча бөлүнүп чыккан, ал диндик таанымдардан жогорку ченемге жетип, кыргыздардын эң кенен жана омоктуу таанымын түзөт. Анткени, ал чындыкты чагылдырган тааным. Теңирчиликте ар нерсе эки тараптан турат деп каралат. Бул, каалаган нерсени же түшүнүктү талдоонун “атасы”. Кыргыздардын байыркы дин өкүм сүрүп турган заманында Көкөтеңир кудай катары каралган, ал эми алардын мамлекеттүүлүгү күчөгөндөн баштап, Көкөтеңир космостук чындыкты жаратуучу улуу дарамет (реалдуулук) деп тааныла баштаган. Пирамиданын көк каптал бетине, адам, жер жана космос үчилтигинин бүтүндүгүн көрсөтүп турган, теңир белги коюлган.
Кыргыз философиясынан тогузу өзгөчө мааниге ээ. Алар:
1. Бири кем дүйнө философиясы;
2. Жалган дүйнө, чын дүйнө философиясы;
3. Туюнтуу философиясы;
4. Тутунуу философиясы;
5. Төгөрөктүн төрт бурчу философиясы;
6. Обо философиясы;
7. Теңирчилик философиясы;
8. Жеткилеңдик философиясы;
9. Үчилтик философиясы.
Бири кем дүйнө (космогониялык) философиясы дүйнөнүн жаралышы жөнүндөгү, жалган дүйнө, чын дүйнө философиясы эки дүйнөнүн айырмасы жана өз-ара ылайыктуулугу, туюнтуу философиясы тыбыштарды жана нерселерди туюнтуунун ырааты, тутунуу философиясы түшүнүктөрдү жана таанымдарды тутунуулары, төгөрөктүн төрт бурчу философиясы дүйнө таануунун кеминде төрт жана андан жогорку ченемдери, обо философиясы жаралган дүйнөнүн эң чоң тараптары (омоктуулары) жана алардын касиеттери, теңирчилик философиясы бүтүн системанын жаратманы жана анын теңдеш түзүүчүлөрү, жеткилеңдик философиясы системанын түркүн түзүүчүлөрү жана алардын кеминделик (критерийлик) түзүүчүлөрүнүн саны, үчилтик философиясы борборлоштурулган система жаратуунун же аны аңдоонун жөнөкөй жана мыкты таанымы.
Кыргыздардын диндик таанымдары ак түс менен берилген. Алар тарыхта аркандай себептер менен нечен динди баштарынан өткөрүшкөнү менен, алардын байыртан бери, башкача айтканда, эне сүтүндө түштүк-сибир элдери менен бирге тутунуп келген “ак дин” деп аталган дини болгон. Ак дин таанымы кыргыздар эл болуп жаралар замат эле алардын таалайына түшө калган эмес, ал үчүн кыргыздар ага чейин бакшылык, шаманчылык сыяктуу ар кандай диндик таанымдарды баштарынан өткөрүшкөн. Акдин ары түптүү жана келечектүү чыгып, Борбордук Азия элдерин белгилүү деңгээлде азыктандырып турган. “Ак калпагын” жерге койбогону, “Акка койдум”, “акка жыгылдым”, “ак урсун”, “ак жалгасын” дегендери, коркунучтуу жагдайларда жана табынууларда “ак” чачканы, таза адамдарды “ак жүрөк” деп атаганы, Манас эпосунда маанилүү чечимдерди Манас кабыл алган дөбөнү “боз дөбө” деп тергегени, үйдүн жана малдын ак түсүн “боз” деп тергегени, “ак ийилет, бирок сынбайт” деп дүйнөдөгү чындыктын күчүн даңазалаганы, ушунун баары ошол байыркы кыргыздардын улуу диний таанымынан кабар берет. Кыргыз дөөлөтүнүн ак динди тутунуп келе жаткан Энесай кыргыздарынын мамлекеттүүлүгү качандыр урап, кайра кыйлада Ала -Тоолуктарга кошулганча (700 жыл), алардын тутунган таанымдары дагы бир бүтүндүктү түзө албай ыдыроого учурап, ак диндин негиздери акыры кыргыз дүйнөтаанымынын теңирчилик, үчилтик жана жеткилеңдик сыяктуу таанымдарына ыктап кеткен. Чындык даңазалаган диндин ар тараптуулугуна байланыштуу, пирамиданын ак капталына “төгөрөктүн төрт бурчу” белгиси коюлган. Ак диндин негизинде “чындык” (истина) деген түшүнүк жатат, ошол себептен ал кыргыздын чындыкты изденткен обо таанымынын дүйнөнү баш обо, тулку обо жана түп обо деп атап, дүйнөнү үч өз-ара ырааттуу байланышкан деңгээлдер менен чагылдыруусун кабыл алган. Анткени алардын түшүндүрүлүшү чындыкты чагылдырып турган. Мындагы деңгээлдер ааламдын кандайдыр бир сызыктар же тегиздиктер кесип өткөн бөлүктөрү деп таанылбайт. Кийинки мегамир, макромир, микромир түшүнүктөрү ошол байыркы обо түшүнүктөрүнөн өнүгүп келгенин аңдоого болот. Ошол үчөөн тең бүтүндөй каптап өтүп уруктандырып, азыктандырып, жаңылап, бири-бирине көз каранды дарамет берүүчү дүйнөнүн касиеттүү, жаратман түзүүчүсүн “Кызыл курт “ деп аташкан (индус тилинде — Кундалини). Курттун кызыл түс менен аталышы айланасын бүт камтып, тазалагыч жана жаңылагыч таасир берген, балбылдап жанган оттун корунун түсүнө байланышкан. От байыркы элдердин баарына тең ыйык болгон, оту бар үйдүн корунан от алып кеткен үйлөргө жаңы энергия, дем, күч, жарык, жагымдуу жошоо маанайы жана башка жаңылануулар барып, үй-бүлөөнүн өнүгүүсүнө шарт түзүлгөн. Ушул себептен ааламдын уруктандыргыч, жаңылагыч түзүүчүсүнө кызыл түс ыйгарылган. Кызыл курт, дүйнөнүн жаратмандык касиетин, уруктандыргыч жана жаңылагыч илебин (жаратман энергиясын) билгизет.
Ошентип, ак дин таанымындагы дүйнөлүк чындык, үч обо жана кызыл куртту камтыган, төрт түзүүчүнүн бүтүндүгүнөн турат. Кыргыздын төрт деген санынын касиеттүүлүгү мына ушунда жатат.
Кыргыз дүйнөтаанымы деп, кыргыздардын дүйнөнү аңдоодогу ишенимдерин, доорлорду басып өтүүдөгү калыптанган жазылбаган баш мыйзамын жана эл болуп жаралгандан берки тажрыйбалык турмушундагы изденүүсүнөн иргелип чыккан философиясын камтыган, элдик руханий дөөлөтүн айтабыз.
Жогоруда кыргыз философиялык таанымдарынын ичинен тогузун негизги деп атап кеттик. Ошол тогузу тең кыргыз дүйнөтаанымынын пирамидасынын түзүүчүлөрү (1.2.1 — сүрөт). Үч обо пирамиданын көрүнгөн үч тегиздиги менен гана мүнөздөлөт, ал эми алардын түсү болсо, жогоруда айтылгандай, кыргыз дүйнөтаанымынын үч негизги түзүүчүсүн аныктайт. Пирамидада маанилик орду бар, кыргыздын сырдуу 1,2,3,4,7,9,12,13,40 сандарына ылайык келген элементтер бар.
Мисалы:
1— бүтүн дүйнө (белги), ал жалгыз;
3— үч обо (пирамиданын үч каптал бети), ал дүйнөнүн үч деңгээли;
40— кыргыз коом түзүүсүнүн негизи, (белгидеги фигуралардын жалпы тетиктеринин саны), кыргыздардын коом түзүүсү кырк чородон башталат, алар улуттук чыгаандын таянычы жана коргоочусу.
Жеткилеңдик таанымына ылайык, кыргыздын негизги жети аныктооч түстөрүнүн үчөө пирамидада камтылган. Алар: көк, ак, кара. Көк (Теңирчилдердин сүйгөн түсү)– ыйыктыктын (Теңир атанын), аалымдыктын, ачыктыктын, талыкпастыктын түсү. Ак (Ак динчилердин сүйгөн түсү) – аруулуктун, сүйүүнүн, чындыктын, байлыктын түсү. Кара (Мыйзамчылардын жана ааламчылардын сүйгөн түсү) – нарктуулуктун, жетилгендиктин, чексиздиктин, карама-каршылыктын түсү. Кызыл (Дабаа жоктордун сүйгөн түсү) – дабаанын (обо таанымындагы кызыл куртка байланыштуу), дандын, хандыктын, камбылдыктын түсү. Сары (Күн элинин сүйгөн түсү) — мээримдүүлүктүн, ырайымдуулуктун, тектүүлүктүн, көп кырдуулуктун түсү. Жашыл (Дыйкандардын жана малчылардын сүйгөн түсү)— жашоонун, молчулуктун, коргонуунун, жаштыктын түсү. Боз (Тергөөчүлөрдүн сүйгөн түсү) – туюнтуунун, ызааттуулуктун, адамдын же жердин өңүнүн (боз улан, боз селки, боз талаа, боз такыр, боз бөлтөк ж.б.), жагымсыз жагдайдын түсү (мисалы талаага, шаарга боз түшүү, адамды бозортуп таштап кетүү ж.б.).
Келтирилген кыргыз дүйнөтаанымынын пирамидасы кыргыз дүйнөтааным белгилигине татыктуу, анткени жалаң пирамидадай тоолор менен зоолордун боорунда доорлор бою жашап келген кыргыздар үчүн өзүнүн дүйнөтаанымдык белгисине пирамида менен боз үйдү тандап алуу мыйзам ченемдүү...
© Бердибек Жумабаев, 2011.
Количество просмотров: 19875 |