Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия / Балдар адабияты / "Манас" эпосу, кичи эпос
© «Седеп» фонду, 2011. Бардык укуктар корголгон
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2011-жылдын 3-сентябры

Мар Ташимович БАЙДЖИЕВ

Манас, Семетей, Сейтек дастаны

(Хрестоматиялык окуу китеп)

Түзгөн Мар Байжиев

Кыргыз элинин оозеки түрүндө жаралып, нечен кылымдардан бери жашап келе жаткан «Манас», «Семетей», «Сейтек» үчилтик дастанынын белгилүү варианттарынын негизинде түзүлгөн хрестоматиялык окуу китеби.

«Манас, Семетей, Сейтек дастаны». Түзгөн: М. Байжиев – Кыргыз эл жазуучусу, УКАнын академиги, БГУнун ардактуу профессору. – Б.: 2011. – 416 б.

Редактору Э.Кылычев, БГУнун доценти.
Сүрөтчүсү Б. Куренкеев.

Рецензенттер:

Кыдырбаева Р.З. – КРУАнын мүчө-корреспонденти, филология илимдеринин доктору
Абдыракунов Т. – филология илимдеринин кандидаты, БГУнун доценти

Кыргызстан элдеринин маданий мурасын жана тилин сактоо боюнча Мар Байжиев түзгөн «Седеп» фондусу

Билим берүү окуу жайлары үчүн кошумча окуу куралы катары Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин буйругу менен бекитилген.

 

"Манас" эпосу үчүн эркинен ажырап, курман болгон белгилүү агартуучулар
Ишеналы Арабаев,
Токчоро Жолдошев,
Касым Тыныстанов,
Евгений Поливанов,
Ташым Байжиев,
Зияш Бектеновдордун
жаркын элестерине арнаймын.
Түзүүчү.

 

«Манас» эпосунун жаңы варианты

(Кириш сөз)

Закымдап учкан мезгил өтүп, улам доорлор, кылымдар алмашкан сайын кыргыз элинин атактуу Улуу дастаны «Манас» эскирбей, кайра жаңырып, жаңы муунга, жаңы түскө ээ болуп айтылып, кагазга түшүрүлүп да, окулуп терең акыл-насааттуу акылмандыкка, кандай заман болбосун адам баласын аруулукка, айкөлдүккө, ыйман-ынсапка эл-журтун сүйүүгө үндөп турат.

1925-жылы Сагынбай Орозбаковдун «Манасы» кагазга түшү-рүлөөрү менен Касым Тыныстановдун дастан боюнча хрестоматиялык окуу китебин чыгаруу зарыл деген сунушуна Кыробкомдун катчысы Төрөкул Айтматов кол коёт. Башка манасчылардан эпостун варианттары жазыла баштайт. Бирок, компартиянын Совет бийлигинен мурда жаралган көркөм мурастарга болгон саясаты кескин өзгөрүп, К. Тыныстановдун театрдагы «Манасы» сахнадан алынат.

1935-жылы өткөн Бүткүл союздук конференцияда «Манас» эпосу элдик чыгармабы, же өткөн доордогу бай-манаптардын саясатын даңазалаган дастанбы?» деген маселе талкууланат. Конференцияны Б. Исакеев башкарып, К. Тыныстанов доклад жасайт. Өтө курч талкуудан соң конференциянын катышуучулары бир добуштан: «Манас», «Семетей», «Сейтек» үчилтиги кыргыз элинин нак көркөм чыгармасы деген пикирге келет; кол жазмаларды иргеп, тактап, бир нукка келтирип, саясатка ылайыксыз жерлерин тазалап, сөз арбытып кайталанган жерлерин, эпостун мазмунуна тиешеси жок окуяларын кыскартып, кыргыз элинин адеп-ахлагына, абийирине шек келтирген эпизоддорду оңдоп, Чоң Казаттын кайгылуу натыйжасын, маанисин тактап, Сагынбай менен Саякбайдын варианттарынын негизинде окуу китебин чыгаруу боюнча комиссия түзүлөт.

1937-жылы Кыргызстан компартиясынын бюросу «Манас» эпосунун орусча котормосу («Чоң казат») бузукулук менен даярдалган, кайрадан оңдолуп, комитет бекитмейинче басмага берилбесин»,— деген чечимге келет. Бирок ошол эле жылы сталиндик репрессиялар башталып, Сагынбайдын «Манасын» жаздырган Ишеналы Арабаев, эпостун изилдөөчү-адабиятчылар Токчоро Жолдошев, Касым Тыныстанов, Евгений Поливанов, республиканын жетекчилери Баялы Исакеев, Жусуп Абдрахманов, Төрөкул Айтматов, Морис Белоцкий, Хасан Жээнбаев, Максим Аммосовдор, «Манас» комитетинин мүчөлөрү «эл душмандары» катары атуу-га кетишет.

1941-жылы эпостун варианттарын тактап, «Семетейдин» варианттарын Шапак, Акмат Рысмендеевдерден жаздырып жаткан Т. Байжиев, Сагынбайдын айтуусундагы «Манасты» кара сөз менен жазып бүтүргөн З. Бектеновдор согушка кетишет. Китептер чыкпай калат.

1937-жылдан бери басмада оңдолбой жаткан «Чоң казаттын» орусча котормосу 1946-жылы Москвадан жарык көрөт, Сталиндик сыйлыкка көр-сө-түлөт. Бирок сыйлыктын ордуна саясий дооматтар коюлат. Манас — баскынчы, кытай элин күчтөп, мусулмандыкка киргизген зордукчул, мындай дастанды элге тараткан Сагынбай, Саякбайлар улутчу, динчин реакционерлер; деген саясий күнөө коюлат.

Т. Байжиев менен 3. Бек-тенов түзгөн окуу китепте Сагынбай менен Саякбайды атактуу манасчылар дешкени үчүн улутчулдар катары он жылга кесилет, алардын кыргыз тили, кыргыз адабияты, фольклор боюнча түзгөн окуу китептери мектептердин короолорунда өрттөлөт...

1952-жылы Бүткүл союздук конференция: «Манас» дастаны кыргыз эли жараткан көркөм чыгарма, бирок аны өткөн заманда байманаптар, «беттери ачылган улутчу эл душмандары» бузган, — деген корутунду чыгарат.

1960-жылы «Манас» үчилтигинин саясатка ылайыкталган курама варианты проф. Б. М. Юнусалиевдин жалпы редакциялоосу менен 4 том болуп биринчи жолу жарык көрөт.

Кийнки жылдары жалпы окурмандарга багышталып басмадан чыккан. «Манас» училтигинин варианттары китептин соңунда аталды.

«Манастын» сюжети боюнча кара сөз менен жазылган жана автордук чыгармалар өзүнчө сөз.

Ал эми «Манас», «Семетей», «Сейтек» дастандары хрестоматиялык окуу китеби катары биринчи жолу чыгышы.

К. Тыныстанов, Т. Айтматовдор «Манас» боюнча окуу китебин чыгаруу демилгеси 85 жылдан кийин ишке ашты десек болот.

Колуңуздагы хрестоматиялык оку китебин түзүүдө жазуучу М. Байжиев эпостун басмадан жарык көргөн варианттарын дыкат карап чыгып, композициясын, мазмунун чыгармачылык менен иштеп чыккан.

Кыргыздын жеңилбес айкөл баатыры Манас Чоң казатка чыгып, кандай кыянатка кабылды?

Эмне себептен Семетей чыккынчылыктан курман болду? Кыргыз эли кандай үмүт менен 12 жаштагы Сейтекти кан көтөрдү?

Манастын керээзи, элдин ой-тилеги, үмүтү, Бакайдын батасы азыркы заманда ишке аштыбы, орундалдыбы?

М. Байжиевдин вариантында булардын баарына ачык, далилдүү жооп алууга болот. Дастан ашыкча кайталоолордон, логикалык жактан туура келбеген элементтерден тазаланып, тартипке салынган. Эгер эпос-тогу кайсы-бир эпизод Сагынбайда кездешсе, ошол эле эпизод Саякбайда жок болгонун билебиз. Мына ушундай учурларда түзүүчү башка манасчылардын айтууларына кайрылат, өз бүтүмүн профессионал жазуучу катары ишенимдүү, далилдүү түзөт.

Үчилтиктин мазмуну Т. Байжиев жана З. Бектенов түзгөн «Манас» насааты» бөлүгү менен толукталды.

Бул китептин жарыкка чыгышы байыркы жомоктогу улам кайра жаралган Феникс кушту элестетет. Демек, К. Тыныстановдун «Манас» боюнча окуу китебин чыгаруу аракети 85 жылдан кийин ишке ашып отурат.

Урматтуу окурман, колуңуздардагы китеп биз жогоруда кеп кылгандай, кандуу да, кайгылуу да, тар да, тайгак да жол басып келди. Ошондуктан түзүүчү Мар Байжиев бул окуу китебин «Манас» эпосу үчүн куугунтукка учурап, эркинен ажырап, курман болгон кыргыз элинин белгилүү агартуучулары: Ишеналы Арабаевдин, Токчоро Жолдошевдин, Касым Тыныстановдун, Евгений Дмитриевич Поливановдун, Ташым Байжиевдин, Зияш Бектеновдордун жаркын элестерине арналды.

Эсентур КЫЛЫЧЕВ

 

МАНАС

 

ЖОМОК БАШЫ

Байыркынын жомогу
Айтпай кетсек болобу,
Көбү төгүн, көбү чын,
Көпчүлүктүн көөнү үчүн.
Көрүп келген киши жок,
Көбөйткөн менен иши жок.
Жармы төгүн, жармы чын,
Жарандардын көөнү үчүн.
Жанында болгон киши жок,
Жалганы менен иши жок.
Уламадан уккан сөз,
Улам бирге жуккан сөз.
Карылардан алган сөз,
Калк ичинде калган сөз.
Арбын жомок, толгон сөз,
Ат көтөргүс болгон сөз.
Азамат эрге конгон сөз.
Эрендерден калган сөз,
Энчи кылып алган сөз.
Как жүрөккө конгон сөз,
Кайнап ичке толгон сөз.
Жоого чыккан баатырдын
Жанжөкөрү болгон сөз.
Белес, белден, бороондон
Беш удургуп өткөн сөз.
Баласына атасы
Мурас кылып кеткен сөз.
Атпай журтка эп болуп,
Унутулбай жеткен сөз.
Канча кылым бул жомок
Калың элге дем болгон.
Кажыбаган эрлери
Кайрат берээр бел болгон.
Ошол күндөн ушул күн
Төккөн кумдай күн өттү,
Түгөнбөс нечен түн өттү,
Санжыргалуу шер өттү,
Эчен түркүн эл өттү.
Алышканын жок кылган
Албан түркүн эр өттү.
Элүү жылда эл жаңы,
Жүз жыл өтсө жер жаңы.
Бабалардан уланган
Биз экенбиз бер жагы.
Канчалык эрлер көз жумуп,
Кандары суудай агылды…
Найзалар төшкө сайылды,
Кылычтар шылый чабылды.
Ошол күндөн ушул күн
Коо бузулуп, сай болду,
Асты үстүнө айланып,
Сай бузулуп, тоо болду,
Тоо бузулуп, коо болду.
Калдайып жаткан жериңдин
Кайсы жери соо болду?!
Аты калып, өзү жок,
Ар кандай элдер жоголду,
Деңиз соолуп, чөл болду,
Чөл бузулуп, көл болду,
Түз бузулуп, төр болду.
Байыркынын алпы көп,
Баш айланткан салты көп,
Ок тиштешкен анты көп,
Айтаар сөздөн шашпайлы,
Айкөл Манас баатырдын
Баянынан баштайлы.

 

АЛООКЕ КАНДЫН КЫРГЫЗДАРДЫ ЧАПКАНЫ

Түпкү атасы түгөл кан,
Түбүнөн Кыдыр даарыган,
Түпкү атасы Кыргыздан
Туулуптур Каракан,
Каракандан Угузкан,
Угузкандан Аланча,
Аланчадан Байгур кан.
Байгур кандан Бабыр кан,
Бабыр кандан Төбөй кан,
Төбөй кандан Көгөй кан,
Андан Чыйыр, Шыгай кан,
Үчүнчүсү Ногой кан.
Орозду, Үсөн, Бай, Жакып
Ногой кандан тараган.
Кайраты мыкты, заары күч,
Катылганды кылган түз
Кабылан экен Ногой кан
Жалтанбас болуп туулган,
Жалпыга даңкы угулган.
Кыжырына тийгенде,
Душманга салган чуулган.
Ал Ногой кан өлгөндө,
Кайра келбес чын жайды
Кайран киши көргөндө,
Кара кытай, манжуудан
Алооке деген кан чыгып,
Айбатынан жан чыгып,
Талдын баарын кулатып,
Тамдын баарын уратып,
Капарсыз жаткан кыргызды
Такыр чаап алды эми.
Ошондо кытай Алооке
Ордону бузуп, күл кылып,
Катындардын баарысын
Жетим-жесир тул кылып,
Түркүгүн сууруп алды эми,
Дүмөктү башка салды эми.
Каны жок каңгып, карайлап,
Талоон болду кайран эл!
Адырдагы жылкысын
Алооке тийип кетти эми.
Короодогу малдарын
Токтотпой айдап өттү эми.
Калдайган калың кыргызга
Кыйын мүшкүл салганы.
Кыйла жанды кырды эми,
Кыздарды олжо кылды эми.
Кайраттуусун байлады,
Кармап алып жайлады.
Алардан калган балдарды
Дене-кул кылып алганы.
Эркинче жаткан кыргыздын
Ушинтип шору кайнады.
Журттун баары чабылып,
Өлөйүн деп өлө албай,
Өкүмү жок курган журт,
Мүшкүл болду ушундай!
Жай-жайынан кыргыздын
Жалпы баарын көчүрүп,
Арга калбай жашаарга
Алды кетип Бапанга,
Бирөө тентип Алтайга,
Бирөө тентип Каңгайга,
Бирөө тентип Эренге,
Бирөө түшүп кетти тереңге…
Үсөндүн колун байлады,
Орконду көздөй айдады.
Байдын колун байлады,
Желпиниш көздөй айдады.
Тун уулу кайран Орозду
Айдалды ыраак ал дагы.
Акбалта менен Жакыптын
Колдорун артка байлады,
Айылы менен көчүрүп,
Тегеректеп айдады.
Жер жүзүнө даңкайтып,
Баткызбай айдап баратты.
Эки күнү бир жерге
Жаткызбай айдап баратты.
Адыр-будур бел ашты,
Мунарык тарткан чөл басты.
Иленин башы Үч-Арал
Алтай деген жер экен.
Ал Алтайды жердеген
Калмак, манжуу эл экен.
Кыргыз чыккан кырк үйлүү
Кара калмак, манжуудан
Эчкинин тоңгон майын жеп,
Саанчы кирип, сүт ичип,
Эптеп жанын бакты эми
Жылкысын жайып күч минип.
Алтайда кыргыз ичинен
Акылманы Акбалта.
Кыргыздан келген көк бука,
Көк буканы союшуп,
Абаң Балта кыргызга
Акыл айтып турганы:
– Кайгырсак да, бышсак да,
Кайра кыргыз табылбайт.
Оокаттын өтөт азабы,
Кетмендеп жерди казалы.
Жан багуучу карыппыз,
Кара калмак, манжуунун
Ортосунда калыппыз.
Атагы Алтай жер экен,
Кара калмак, манжуу журт
Аштык билбес эл экен.
Оруп-жыйган эгиндин
Табагын тайга сатабыз.
Акыңды эмгек кайтарат,
Пайдасын жерден алабыз
Ар үйдө мал союлат
Ачкан курсак тоюнат…
Анда Жакып кеп айтат,
Кеп айтканда деп айтат:
– Азып келген кыргыздар
Акбалта тилин алалы.
Агызып терди маңдайдан
Аштыкты айдап салалы,
Арбытып малды табалы.
Капанын баарын таштайлы,
Жер айдап биз баштайлы!
Ошентип кыргыз баарысы
Кызматка кирди жамысы.
Шамыянын шайлатып,
Кош өгүзүн айдатып,
Жердин жүзүн ачтырып,
Уучтап тукум чачтырып,
Жаздан жайга жарышып,
Күздө түшүм алышып,
Айдап алган эгиндин
Кочушун койго сатышып,
Табагын тайга сатышып,
Короосу малга толуптур
Сандыгы толо сары алтын.
Көңүлү жай болуптур
Санкара күтүп, Жакыптын
Санаасы кабыл болуптур.
Сандыгынын баарысы
Сары алтынга толуптур.
Алтайда манжуу, калмакка
«Бай Жакып» атка конуптур.
Калса да малга бай болуп,
Турганы Алтай жер болуп,
Тутушканы бул жерде
Манжуу, калмак эл болуп,
Өсөөр күнү жок болуп,
Өлөөр күнүн ойлонуп,
Канча жыл жүрдү кайгырып,
Бир балага зар болуп.
Чындап тилеп баланы
Жүрсө да бала көргөн жок,
Арданып Жакып өлгөн жок.
Эгемден бала сурады:
«Ажал анык, чара жок,
Аман жүрөөр санаа жок.
Акыретке бет алсам,
«Атакелеп» артымдан
Наалып калаар бала жок.
Кара жаак айбалта
Кайкалатып ким аштайт?!
Камоодо жүргөн журтумду
Капа кылбай ким баштайт?!».
Байбичеси Чыйырды
Байынан бир күн кеп сурайт:
– Неге мынча капалуу
Күңгүрөндүң? – деп сурайт.–
– Куруп калсын дүнүйө,
Куубаш Жакып атандым.
Жашым жетти кырк сегиз,
Күндө-түндө тыным жок,
Дүнүйө күттүм куп тегиз.
Акыретке бет алсам,
Алтын, күмүш, пул калат.
Айдаган малга ээ болуп,
Алтайдагы кул калат.
Оболоп учкан ак шумкар
Таптап салаар кишим жок.
Жаш күнүмдөн мал жыйдым
Бала менен ишим жок.
Мал жыйган ишим чала экен,
Дүнүйө ээси бала экен.
Артыңда бала жок болсо,
Дүнүйөсү курусун,
Бузулуп калган калаа экен.
Калктын баары сени айтат
«Катыны жүрөт туубас!» деп.
Эки катын алганым,
Туяк көрбөй зарладым.
Бай Жакыптын айтканы
Байбичесин муңайтты:
– Мендей курган кемпирди
Мээнетке кудай жаратты.
Элүүгө жашым жеткени,
Эчактан бери түңүлдүм,
Эсимден бала кеткени.
Эркелеткен токолуң
Эмдиге туубай неткени?
Бакдөөлөт аты коюлуп,
Бала тууп бергенсип,
Басып жүрөт чоюлуп.
Ачууланды Бакдөөлөт:
– Мен шордууну «нетти» деп!..
Эжеке, сенин жолуң кууп,
Этегимен кан чыкпай
Жолуңу жолдоп кеттим! – деп,
Бакдөөлөтү силкинди.
Муну укканда байбиче
Көзүнүн жашы төгүлүп,
Жүүнү бошоп жыгылды
Жүк түбүнө бүгүлүп:
«Уга көр, Кудай, зарымды,
Аман коюп чалымды,
Жашарта көр жанымды?!
Алда, берсең тилегим,
Аябайм сенден барымды,
Төрт түлүктүү малымды!» –
Деп боздоду Чыйырды.

 

ЖАКЫП, ЧЫЙЫРДЫ, БАКДӨӨЛӨТТҮН ТҮШ КӨРГӨНҮ

Ыйлап жатып байбиче
Уйкуга көзү батканда,
Ак сакалдуу бир адам
Пайда болду жанында:
– Барбардигер Теңирим
«Ыйлаба» – деди силерди,
Мени буйруп жиберди.
Аяктай шарап ак алма,
Алгын колго, карма – дейт,–
Курсагың тойсун жалма – дейт. –
Айтканымды бил – деди,–
Алтымыш кулач ажыдаар
Ат ордуна мин – деди.
Түшүндө жеген ак алма
Курсагына толуптур.
Алдындагы мингени
Ажыдаар өзү болуптур.
Ачууланып оп тартса,
Ай-ааламды соруптур.
Ал аңгыча ойготуп,
Бай Жакып жаткан ордунан
Баш көтөрүп козголду:
– Кайгырбачы, кемпирим,
Кадыр Алда буюрса,
Кайра толоор кемтигиң.
Байбиче, билгин ушуну,
Кондурат экен Кудайым
Башыңа дөөлөт кушуңу.
Урматтуу бир түш көрдүм
Уктабай бекер уйкуну!
Бакдөөлөт анда муну айтат:
– Мен да жакшы түш көрдүм,
Башкача сонун иш көрдүм.
Бозала туйгун, боосу жез,
Боору кара, мойну кез.
Оң колуңа алыпсың,
Обону көздөй салыпсың.
Байбичеңдин үйүндө,
Балдагы алтын туурда
Баса конбой талпынат.
Үйдөн туруп талпынса
Үйүмдөгү эки куш
Кайра качып жалтанат.
Аябай малды соёлук,
Түлөө өткөрүп коёлук.

* * *
Жергесинде Жакыптын
Жетимиш үйлүү киши экен.
Элүү жашка чыкканча,
Тогуз жылкы, токсон кой,
Уйдан союп жетини,
Төөдөн союп экини.
Ак түлөөгө чакырды
Он эки уруу кыргызды.
Тарттырып элге табакты,
Түшүн Жакып бай айтты:
– Түшүмдө куш алыпмын,
Түмөндүү жерге салыпмын.
Кукулуктап үн чыкса,
Куштан бөлөк үнү бар.
Куйрук-башы жалтылдап,
Куудан аппак жүнү бар.
Алтымыш кулач жибек боо
Аягына тагыпмын.
Ай мунарын жем кылып,
Аябай сыйлап багыпмын.
Асмандагы канаттуу
Айбатынан уча албайт.
Жерде жүргөн аяктуу
Желип чыгып кача албайт.
Коноорго туур жайлапмын,
Алача моюн ак шумкар
Ага кошо байлапмын.
Кана, журтум, жоруңар
Канаты күмүш ак туйгун
Качан келип коноорун!
Байбичем байкуш түш көрүп,
Башкача сонун иш көрүп:
Алма жеп, ичи толуптур,
Алтымыш кулач ажыдаар
Ат ордуна болуптур.
Ал эмине болучу,
Акылмандар отурсуң,
Бу түшүмдү жоручу?
Токолум сонун түш көрүп,
Үйүндө эки куш көрүп,
Боору кара, мойну кез,
Болот текөөр, боосу жез,
Капшытка туура жайлаптыр,
Катыным экөөн байлаптыр.
Бул эмине болучу,
Муну, журтум, жоручу?..
Жакып бай айтып токтолду,
Жар-жоронун баарынан
Айтаарга киши жок болду.
Аш кайнамга жеткенде,
Алардын шайы кеткенде,
Акбалта кепти баштады:
– Бай Жакып түшү түш экен,
Оңунан келчү иш экен.
Куш болгондо – баладыр.
Азыр бала жогунан
Бай Жакып көөнү аладыр.
Ай тийген жердин баарысын
Алат экен балаңыз.
Күн тийген жердин баарысын
Күтөт экен балаңыз.
Алтымыш кулач жибек боо
Аягына такканың,
Ай мунарын жем кылып,
Азем менен бакканың.
Алтымыш жашка чыкканча
Аким болуп, журт сурап,
Алат экен дүйнөнү.
Ажыдаарды ат кылып,
Байбичең минип жүргөнү –
Шол баланын орою
Дүнүйө жүзүн сүргөнү.
Ажыдаардай айбаттуу
Эркек уул эр болуп,
Не кыйындын баарысы
Эсеп берип, эл болуп,
Карайт экен көзүнө.
Кара тоодой касиет
Конот экен өзүңө…
Бай Жакып боздоп ыйлады
Акбалта айткан сөзүнө.
Байлап койгон ак шумкар
Жакыптын келди эсине:
– Ак шумкар кошо байладым,
Муну да жоруп бер – деди. –
Бакдөөлөттүн түшүндө
Байланган эки куш – деди,–
Муну байкачы, кандай иш? – деди.
Акбалта туруп кеп айтат:
– Бакдөөлөт туур эки уул,
Алат экен ал экөө
Агасынын орунун.
Көкүрөк черин жазгандай
Көрүпсүңөр үчөөңөр
Дүйнөдө түштүн сонунун.

 

МАНАСТЫН ТӨРӨЛГӨНҮ

Чыйырды кош бой болгону
Тамам үч ай жетиптир.
Байбиченин көңүлү
Жесем деп жолборс жүрөгүн,
Мындан башка самабайт,
Башка тамак жарабайт.
Жетпей жолборс жүрөгү,
Жин тийгенсип байбиче
Жеригинен жүдөдү.
Жылкычы кабар бергени:
«Каңгайдын Кара мергени
Жолборс атты» дегени.
Чыйырды аны укканда,
– Жарып жолборс жүрөгүн
Алып кел,– деди,– өзүмө!
Жылкычы буга таң калды,
Акысына жамбы алды.
Ара конуп ортого,
Барса, жолборс жатыптыр,
Зыңкыйып муздап катыптыр.
Жолборстун жүрөк алыптыр,
Жолго кайра салыптыр.
Алдынан тосуп байбиче
Жүрөктү колго алганы:
Оозу капкак казанга
Суу куюп жүрөк салганы.
Чала-була бышырып,
Жанга бербей жалмады.
Байбиченин талгагы
Ошол замат канганы...

* * *
Бала бойго бүткөнү
Тогуз айга жетиптир.
Толгоосу эми жеткенин
Байбичеси сезиптир.
Акбоздон бээ союлду,
Алтындан бакан коюлду.
Аны кармап Чыйырды
Айгайын салып чоюлду.
Коңшу аялдар жыйылды.
Козголгон сайын байбиче
«Кокуйун!» айтып ыйынды.
Бала туйлап кеткенде,
Байбиче көзү сүзүлдү.
Белдемчинин бүчүсү
Беш жеринен үзүлдү.
Айгайын баспай байбиче
Түндүктү карай түйүлдү.
Аны сайын байбиче
Азабын жеп үн салды:
– Башымды жутчу балабы,
Же жарып ичтен алабы?!
Жанымды жечү балабы,
Какчаңдаган куу Жакып,
Бакдөөлөт менен калабы?!
Жети күн тартты толгоону,
Жергеси чарчап болгону.
– Толгоосу эми толду – деп,–
Туур күнү болду – деп,–
Бердикенин катыны
Беленденип калыптыр.
Акымбектин катыны
Курсагын оңдоп калыптыр.
– Кудай берсе тубар – деп,
Акбалтанын катыны
Куруп калган Жакыптын
Кулагына салыптыр.
«Байбичең тууйт» дегенде,
Бай Жакып ыйлап заңгырап:
«Эркек» деп бирөө жүгүрсө,
Жарылып кетээр жүрөгүм.
Айылда туруп нетейин,
Жыгылсам да, талсам да,
Кайрат кылып калсам да,
Элге шылдың болбостон
Ээнге чыгып кетейин».
Ушуну айтып бай Жакып
Кыл аркан керме шайлатты,
Кырк карабоз быштыны
Сүйүнчүгө байлатты:
– Кыз тууса, үйдө калыңар,
Кыймылдаба баарыңар.
Эркек болсо чабыңар,
Талаадан мени табыңар,
Сүйүнчүсүн алыңар.
Жакып бай жолго салыптыр,
Жоргобоз айгыр үйүрү
Жолунан чыгып калыптыр.
Кара жалдуу кула бээ
Кайкалактап алыптыр.
«Болду акыры, болбоду,
Кула бээм бүгүн тубар – деп,–
Эркек болсо кулуну
Энчилейин балама.
Айманбоз деп ат коём
Жаңы тууган кулунга.
Катыным тууса эркекти,
Калың жылкы малымдын
Жоргобоз атын жоёюн,
Мындан кийин айгырын
Камбарбоз деп коёюн».
Туруп, жатып кула бээ
Тууй турган окшоду.
Артынан барып бай Жакып
Атынан түшө калганы.
Аны таштап салыңар,
Байбичеси Чыйырды
Баянын угуп алыңар.
Каканак суусу шар этти,
Баланын үнү «бар» этти,
Карынды катуу сүзгөнү,
Эки колун толтура
Кан чеңгелдеп түшкөнү.
Бала жерде туйлады,
Бар-бар этип ыйлады.
«Эркек бекен, кыз бекен,
Мага качан айтат?» – деп,
Байбиче жашын тыйбады.
Көрө салган катынга
Эркектиги билинип,
Чочогу чыкты чороюп,
«Эркек экен» дегенде,
Эстен танып Чыйырды
Жатып калды сороюп.
«Байбичеге нетти? – деп,–
Мартуу басып кетти» деп,
Катындын баары чочуду.
Байбиче башын көтөрүп,
Эсин жыйып жоошуду:
– Антаңдабай, катындар,
Аныктап көрчү, капырлар.
Жерден алгын тез! – деди. –
Дамбылданын зайыбы,
Киндигин өзүң кес,– деди.
Оромолун колго алып,
Ороюн десе баланы,
Ошо кезде бу бала
Оң колун сууруп алганы.
– Кокуй алат, нетти! – деп,–
Отуздагы жигиттей
Колун сууруп кетти! – деп,
Канымжан айта салганы.
Бакырып жаткан баланы
Бакдөөлөт жерден алганы.
Он бештеги баладай
Көтөргөндө салмагы.
«Берген экен кудайым
Берекелүү баланы!» –
Көзү каткан Бакдөөлөт
Көтөрүп өөп алганы.
Үч карын майды удаалап
Оозандыра салганы.
Баланы алып Чыйырды
Оң эмчегин салганда.
Адегенде сүт чыкты,
Экинчисин салганда,
Эмчегинен кан чыкты.
Чыдай албай ошондо
Байбичеден жан чыкты.
Айылдагы адамдар
Арбып-дарбып ат минип,
Адырга чапты анталап,
«Бай Жакып кайда кетти?» деп,
Баары жүрөт бакырып.
Кедеңдей басып Сулайка
Өз үйүнө барыптыр
Үтүрөйүп Акбалта
Үйдө отуруп алыптыр.
Көрө сала Сулайка:
– Опей! – деп чочуп калыптыр. –
Дүнүйөгө тойдуңбу?
Сүйүнчүгө бай Жакып
Кырк карабоз байлаган.
Кырк жылкыдан бирди албай
Кандайсың шоруң кайнаган!
Акырайып Акбалта
Катынын карап калганы:
– Кара баскан Сулайка,
Карасаңчы кудайды!
Тоюнбаган топор бар,
Куудуңдап жүргөн куулар бар,
Мал көрбөгөн жакыр бар,
Айылда жүргөн зөөкүр бар,
Короолош турган коңшу бар,
Коёбу мага ушулар?!
Барбадым да албадым,
Азыр атка минерге
Келбейт менин дарманым!
Канча күндөн шол жакка
Каралашып жүрөсүң,
Кана сенин алганың?
– Мына менин олжом! – деп,
Эки элечек, бир чепкен
Сулайка таштап салганы.
Бармак болду Акбалта
«Барбаймын» деп айта албай.
Байлануу турган Көкчолок,
Басыгы ылдам шайтандай.
Акбалта чал бокчоюп,
Аттанып чыкты чокчоюп.
Айылга жакын көмүскө
Азганактай жабырда,
Аткулактуу шабырда,
Кара жалдуу кула бээ
Аксур кулун тууптур.
Шыйрагын оңдоп шыпырып,
Тумшугун сыгып, телчитип,
Энесине ээрчитип,
Отурган экен бай Жакып.
Акбалта көрүп акырды,
«Сүйүнчү!» деп бакырды:
– Айтканымды туюнчу,
Бактылуу Жакып, сүйүнчү!
Карыганда байбичең
Кабылан тапты, сүйүнчү!
Аны укканда бай Жакып
Акылдан танып оңолду:
– Сүйүнчүңө, Акбалта,
Алтындан алчы бир калта.
Камбарбоздун үйрүнөн
Каалап туруп тогузду ал!
Айталаада нетели,
Тезирээк үйгө жетели.

* * *
Жакут ичик жамынып,
Жаккан оттой камыгып,
Баласын алып болукшуп,
Отурган экен үйүндө
Байбичеси толукшуп.
–Уулумду келе мага?! – деп,
Баланы Жакып алганы
Бакырып ыйлап калганы.
Кубанып Жакып ыйлады,
Кучакта бала туйлады.
Байкайын деп баланы
Бай Жакып көзүн салганы:
«Маңдайы жазы, башы кууш,
Бар боюнда турат тууш.
Кочкор тумшук, кош кирпик,
Көркү калча, көзү тик,
Жалаяк ооз, жар кабак
Эр мүнөзү көрүнөт.
Алакан жазык, колу ачык,
Аттанып чыкса, жолу ачык,
Алп мүнөзү көрүнөт.
Кең көкүрөк, жайык төш
Аркасы кең, бели түз,
Айбаты катуу, заары күч
Пил мүчөсү көрүнөт.
Жолборс моюн, жоон билек,
Жоорууну калың, таш жүрөк,
Жылма кабак, жылдыз көз,
Бөрү кулак, жолборс төш
Бөлөкчө түрү бар экен. –
Кут кылган болсо Кудайым,
Кудайдан жашын сурайын,
Кеткенден алаар кегимди,
Өткөндөн алаар өчүмдү.
Кудайым өзү берди!» деп,
Баласын жыттап калды эми.
Сөз айтты Жакып сүйүнө:
– Той берем быйыл жайында
Үчаралдын оюнда.
Кабарымды уккандар
Калбасын – деди,– үйүнө.
Туурасы Эртыш суу болсун,
Аягы Орол тоо болсун.
Бир чети Тибет чөл болсун,
Күн чыгыш жагы Кытайдын
Камбылдын мунар бел болсун.
Чакыраарым тоюма
Ошондон берки эл болсун.
Жакып бай туусун аштады,
Жайында тойду баштады.
Жети жүз очок ойдурду,
Жетимиш үйлүү кыргызын
Эт бышыртып койдурду.
Калмактан канча кол келди,
Казак, кыргыз мол келди.
Калмакка казан астырды,
Жер очоктун баарысын
Жергенттикке каздырды.
Көргөн дагы арманда,
Көрбөгөн да арманда.
Топтолду кыргыз бөлүнүп,
Той аяктап калганда,
Баланы Жакып алыптыр,
Этегине салыптыр:
– Ат коюңар,– деп айтып,
Конокторго барыптыр.
Отурган эрлер дегдеди,
Оозуна бир ат келбеди.
Ат коё албай алдырап,
Акылмандын баарысы
Карап турду жалдырап.
Жеке мерсент балага
Ат коё албай көпчүлүк
Камалып турган чагында,
Асасы колдо шалдырап,
Пайда болду думана
Отурган элдин жанына:
– Берсеңер эгер уруксаат,
Мен коёюн атын – деп,
Думана айтты бу кепти.
– Ат коюңуз, макул, – деп,
Адамдын баары чуу эти.
– Пайгамбардын сүрөтү –
Баш жагына «мем» келсин.
Олуянын сүрөтү –
Ортосуна «нук» келсин.
Арыстандын боруму –
Аягына «сен» келсин.
Ал үчөөнү кошкондо,
Аты болсун «Манас»! – деп,–
Алда Таала сактасын,
Алас, алас, алас – деп,–
Ар балаадан калас! – деп,
Бата кылды думана.
Алакан жайып дүркүрөп,
Ат коюлду «Манас» деп.
Көздөн кайым жок болду
Эми эле турган думана.

* * *
Жакыптын тою тарады,
Жалпыга кетип кабары.
Токтотуп калың кыргызды
Акбалта мындай кеп айтты:
– Паана берип жараткан,
Элди табат экенбиз!
Киндик кесип, кир жууган
Жерди табат экенбиз!
Билсең кадыр түн келди,
Ойлоп көрсөң, Жакыбым,
Жакшылык тиер күн келди.
Көз көргүс жерде душман бар,
Уламадан кеп уктум,
Алыста жаткан Эсенкан,
Бул кыргыздын журтунан
Бала издетет деп уктум.
«Кыргыздан Манас чыгат – деп,–
Ошол Манас туулса,
Бээжинге бүлүк салат» деп,
Канына айтып далайды
Билген экен көзү ачык
Казыналык аярды.
Манасты издеп Эсенкан
Калайманды салат дейт.
Тутанып өлгөн кызталак
Туш-тушка кабар кылат дейт.
Асты, кыргыз баласы,
Айта көрбө «Манас» деп.
Кыргыздын баары чогулуп,
Кызыр чалган баланы
«Чоң Жинди» атка койолу.
Жашы он экиге келгенде,
Билбегенин билгизип,
Эл күткөн жолго салалы.
Кайнаган калың душмандан,
Кагышса, кекти алалы.
Он төрткө жашы келгенде,
Кармашта жүрүп катыгат,
Карап тургун ошондо,
«Кабылан Манас» атыгат!
Балтанын сөзү бап болду,
Баарынын оозу жап болду.
Манастын атын бурмалап,
«Чоң Жинди» деген ат койду.

 

МАНАСТЫН БАЛА ЧАГЫ

Айдан, айдан ай өтүп,
Ай мезгили болуптур.
Бала Манас ошондо
Жетиге жашы толуптур.
Бала да болсо башынан
Пендеден башка сыягы.
Ар мүчөсүн карасаң,
Адамдан башка турганы.
Кээ бир күнү карасаң,
Кездей белин буунат,
Керээли кечке жуунат.
Адал-арам түк билбей
Ар бир түрлүү иш кылат
Байлатпаган жиндидей,
Кыялына келгенин
Кылбай койбойт билгендей.
Балкайган жапжаш баланын
Шер экенин ким билди!
Эч нерседен жалтанбас
Эр экенин ким билди!
Бешке чыга келгенче,
Берениң Манас баскан жок,
Балача чуркап шашкан жок.
Сегизге жашы келгенде,
Күйүп турган чок болду.
Күлдү кыргыз ичинде
Мындай тентек жок болду.
Кырк баланы кырк үйдөн
Бир күнү жыйнап алыптыр.
Чоң Алтайдын талаага
Чогулуп оюн салыптыр.
Кара калмак, манжуудан
Сексен бала барыптыр.
«Тентип келген бурут – деп,–
Бул буруттун балдарын
Чуркуратып курут!» деп,
Жаалына алып бир даары
Жалынса болбой урганы.
Ошондо Манас бакырды:
«Кыргыздап!» ураан чакырды,
Кара чокмор алганы,
Карсылдата салганы.
Быт-чыт болду быркырап.
Далайдын көзү чыгыптыр,
Далайдын колу сыныптыр.
Сексен бала чуркурап,
Качыптыр баары дыркырап.
«Бай Жакыптын бул уулу
Бир балакет кылат» деп,
Калайык ушак кылыптыр.
Бай Жакып байкап күйгөнү,
Бардык сөзүн калтырбай
Байбичеге сүйлөдү:
– Аңдасам, балаң акылы аз,
Жөнүн таппайт, дөөлөт мас.
Кордук көрдүм жашыман,
Азап тарттым башынан.
Маңгулда жүрдүм мал багып,
Манжуулардын журтунда
Канча жүрдүм жан багып!
Азып келип, мал күттүм –
Алтайым жакшы жер эле.
Нээти таза, ичи кең
Калмагым сонун эл эле.
Бөйөндүн уулу Чаянды,
Калмак деп көөнүм жерибей,
Жашыман жаным таянды.
Кызматын актап кылган соң
Бакдөөлөт кызын маа берип,
Чаяндан таптым аялды.
Кутура берсе Чоң Жинди
Кайнатат экен шорумду!
Чачат экен чунак уул
Санкара жыйган малымды.
Төктүрөт экен чунак уул
Бул калмакка канымды!
Баркын билбейт дүйнөнүн,
Мал азабын балага
Бир тарттырып көрөлү.
Малдын баркын билгизип,
Ошпурга малай берели.
«Макул экен бул сөз» деп,
Байбиче кабыл алганы.
Чакырды Жакып баланы,
Жакыптын айткан балага
Мындай болду талабы:
– Жылкы жок бизде, төө да жок,
Жүздөн ашпайт коюбуз.
Ошпур деген чоң бай бар,
Козусун барып, багып кел,
Акысына кой берет –
Ошону үйгө алып кел! –
Деп ошентип табыштап.
Ошпурга берди бай Жакып
Чоң Жинди аттуу баланы.
Чыйырды ыйлап чыркырап,
Ошпурга барып жалынды:
– Айланайын Ошпурбай!
Өлгөндө көргөң баламдын,
Тентегин тыйаар чама жок,
Аманат бердим колуңа!
Акыл айтып иштетип
Түшүргүн түз жолуна!

* * *
Ошпурда жүрүп Манасың
Он эки жашка келиптир.
Урунаарга тоо таппай,
Урушаарга жоо таппай,
Койчулардан кырк бала
Жыйнап алып талаага
Торпок минип топоңдоп,
Чуулдап салып оюнду,
Чоң Жиндиге көп үйүр
Болгон бала чогулду.
Кырк баланын баарысы
Тегеректеп Манасты
Ойноп оюн, чаң салып,
Козудан кармап союшуп,
Шишке сайып тоюшуп,
Кунан чаап, ойноп бакырат,
Бакырганын байкасаң:
«Манастап!» ураан чакырат.
Аны көрүп Ошпурдун
Жүрөгү түштү болкулдап,
Боконо сөөгү солкулдап:
«Оңбогурдун баласы
Оолугуп жини кармаса,
Өз билгенин бул бала
Кылып салат турбайбы!
Бай Жакыптын козусун
Кырып салат турбайбы!
Балаңды тыйып алгын деп,
Бай Жакыпка барайын.
Куу баладан кутулуп,
Анан тынчтык алайын». –
Деп ойлонуп Ошпуру
Барды Жакып байына:
– Өзүңөрдө кой багып,
Жүргөн мен бир жакырмын.
Айталаага кырк бала
Алачыктан салыптыр.
Ортосунда жинди уулуң
Султан болуп алыптыр.
Этке тойгон кырк бала
Жөө күлүк чаап бакырат,
«Манастап!» ураан чакырат.
Уулуңдун аты Чоң Жинди,
Манас атын ким билди?!
Жинди уулуңду тыйбасаң,
Кытай, калмак, манжуу журт
Балээни башка салбасын,
Балаңды мойсоп албасын.
Муну укканда байбиче
Бай Жакыпка кеп айтты:
– Малың арбын, балаң жок,
Зарлап көрдүк Манасты.
Аман жүрсө жалгызың,
Үзүлгөнүң уланат,
Чачылганың жыйылат.
Уулум тентек чыкты деп,
Кайгырбагын малыңа,
Адалга бур пейлиңди,
Атаганат дүнүйө,
Алтайды айттың жерим деп,
Калмакты жүрдүң элим деп!
Бул Алтай бизге жер эмес,
Калмагың бизге эл эмес.
Уу чылайт идиш күбүңө,
Бу калмак жетет түбүңө!
Буза бербей санаамды
Алып келгин баламды.
Байкап туруп бу кепти
Бай Жакып алды оюна:
«Баламды алып келейин,
Байбиченин колуна
Соо-саламат берейин».
Ошол күнү кечинде
Бай Жакып жете барганы
Койчу Ошпурдун үйүнө
Манасты атка мингизип
Кайра тартты жайына.
Кере күндүк жол эле
Бара турган арасы.
Айылынан түшчүлүк
Жылкы жатаар талаасы.
Ал талаадан көрүштү
Асман баскан туманды.
«Бул эмине тозоң?» деп,
Сурап калды Манасы.
Аңдап турса, артынан
Кулун, тайлар куюгуп,
Кунан, бээлер буюгуп,
Токтоттурбай жылкыны,
Ортого салып токмоктоп,
Жылкычы башы Ыйманды
Он чакты калмак кууганы,
Таңыркап Манас турганы:
– Эмне үчүн калмактар
Бул байкушту урганы?
Кимдин малы бул мал? – деп,
Атасынан сурады.
Чынын айтты бай Жакып:
– Биздин жылкы бу мал – деп,–
Алты зубун калмакка
Жайыт акы, суу акы
Отуз байтал, беш аттан
От майына беремин.
Ошону да азсынтып,
Коруган тура бу жерин!
«– Мал биздики» дегенге,
«– Малсызбыз – деп өткөндө,–
Калп айтканбы атам?» деп,
Таңыркап Манас калганы.
– Жылкыны кызыл май кылып,
Эмне болуп кетти? – деп,
Жер коруган калмакка
Желдирип Жакып барганы
Бай Жакыпты калмактар
Тегеректеп калганы.
Озунуп барып бир калмак
Жакыпка камчы салганы.
Аны көрүп жаш Манас
Укурук колго алганы.
Манжуунун Кортук башчысын
Качырып келип жаш Манас
Как төбөгө салганы.
Башка бекем чабылды,
Мээси ташка жабылды.
«Кармап алып баланы,
Башына шири салсак!» деп,
Карап турган Манаска
Калмактын баары чамынды.
Туруп бербей Манастын
Чапканы түштү чалкадан,
Урганы түштү узундан.
Беш жылкычы, бир Манас
Менменсиген калмакты
Бел ашырды качырып.

* * *
Алтай жерин жердеген
Алты зубун калмагы
Бир айылга чогулду
Акыл-кеңеш салганы:
– Жер талашып, эр өлдү,
Кунду кандай салабыз?
Бай Жакыптын жылкысын
Баарын тийип алабыз! –
Деп ошентип таң эртең
Жебелерин асынып,
Элүүдөн, жүздөн топтошуп,
Калмактар жолго салганы.
Аралдагы Жакыптын
Айлын талап алмакка
Чабуул коюп калганы.
Мына ошондо жаш Манас
Көк найза колго алганы,
Айманбозду чуратып,
«Манастап!» ураан салганы.
Алдыга жөнөп калганы.
Баары кирди бакырып,
Кылкандай найза жапырып,
«Манастап!» ураан чакырып.
Айбатына тура албай
Калмактан келген калың жоо
Ат соорусун салганы,
Артына качып калганы.

* * *
Манжуунун ары бетинде,
Каңгайдын бери четинде
Эсенкандын элчиси,
Кара калмак, манжуунун
Жер кайтарган ченчиси –
Корук башы Кочку экен,
Кочкуга зайсан барыптыр:
– Буруттун пейли тарыптыр,
Жылкычы башы Кортуктун
Мээсин жарып салыптыр.
Кордукту Кортук көрүптүр,
Коктуда жатып өлүптүр.
Дегенде, Кочку карарып,
Жети асаба туу алып,
Жети жүздөй кол алып,
Жети жүздүн башчысы –
Жеткилеңи чоң Кочку,
Кочку келип калганы.
Добулбас үнү кагылып,
Сырбараң үнү жаңырып,
Бузукту Кочку баштады.
Жергедеки кыргыздар
Жандан кечип таштады.
Кереге-уугун кыйратып,
Келин-кызын ыйлатып,
Керүүдөгү жылкыны
Баарын тийди чуратып,
Жакыпты турду кууратып:
– Кызы талак, куу бурут,
Жүргөнүң бузук бу, бурут!
Дегениме көн, бурут!
Балаң тентек Чоң Жинди
Азыр бизге бер, бурут!
Сурагыма көнөсүң,
Айтканымды бересиң!
«Баламдын аты Жинди» деп,
Падышабыз Эсенкан
Алдап жүргөн экенсиң.
Манасыңды бербесең,
Айтканыма көнбөсөң,
Азыр табам жайыңды,
Чыгарамын сызгырбай
Сөөгүңдөгү майыңды!
Ал аңгыча болгон жок,
Он экиде жаш Манас,
Минген аты Айманбоз,
Жоо-жарагын шайланып,
Кынсыз кылыч байланып,
Сырнайзаны колго алып,
Качырып кирди бакырып.
Арт жагында кырк бала
«Манастап!» ураан чакырып,
Ат мингени дагы бар,
Өгүз минген дагы бар,
Кыжылдаган кармашта
Кырк баланын баары бар.
Ошол келген Кочкунун
Мурунунун таноосу
Бурулуш жылга буткулдай,
Кезиккенди ал Кочку
Аты менен жуткандай:
– Сексен Манас болсоң да
Түбүңө чогуу жетемин!
Жакып чалды баш кылып,
Баарыңды байлап кетемин!
Каарланып күпүлдөп,
Дабыштанып дүпүлдөп,
Жекеге чыкты эр Кочку
Төбө чачы сүксүңдөп.
Бала Манас көкжалың
Жебеден мурун жетти эми,
Жеткен жерден Кочкуну
Көмө коюп өттү эми.
Адырайган чоң Кочку
Аттан кулап кетти эми.
Манаска Жакып муну айтат:
– Карангүн, мүшкүл чыр салып,
Кочкуну союп таштадың!
Калың каздың орумду,
Кайнатмак болдуң шорумду!
Ордолуу журтка катылып,
Чечтирмек болдуң тонумду!
Кейип Жакып турганда,
Акбалта кирди күүлөнүп,
Ачуусу келип сүйлөнүп:
– Эселек Жакып, не дейсиң?!
Эркек бала шок болсун,
Шок болбосо ал бала
Туула электе жок болсун!
Аман болсо Манасың
Өчкөн отуң тамызат,
Өлгөн жаның тиргизет.
Кулжуңдаба, Жакыбым,
Малдын баарын чачалык.
Медер кылып Манасты
Кыргызды көздөй качалык.
Бул Алтайга турганда
Не муратка жетелик!
Курган жан аман барында,
Кыргызга кирип кетелик!
Акбалтанын айтканын
Көңүлүндө эп кылып,
Азганакай кыргыздар
Эртелеп жолго камынды
Көчө турган ой кылып.

 

БАЛА МАНАС ЭСЕНКАНДЫН БААТЫРЛАРЫН ЖЕҢГЕНИ

Нук пайгамбар тушунда
Топон суу толкуп ашканда,
Жердин жүзүн басканда,
Топон суусу жете албай,
Бээжинди каптап кете албай
Чынмачын деген жер калган,
Тогуз жүз түтүн эл калган.
Ошол элден уланган
Калың кытай журтунун
Улугу экен Эсенкан.
Алты жылдык азапты
Азыр айтып берүүчү
Аярлары бар экен.
Илийи бичик колго алып,
Бичигинен билиптир,
Эсенкандын алдына
Сыйкырчы аяр кириптир:
– Атактуу Манас кан чыгат,
Ал бурутта туулат.
Манас туулуп чоңойсо,
Эгерим бизди оң кылбайт.
Манас атка мингенде,
Тыргоотуң тыйпыл кырылат.
Анын колдогону – Кожосан,
Чын жолдошу – кырк чилтен.
Ошол Манас туулса,
Каарды катуу салбайбы,
Капкайда кегин албайбы!
Ошол Манас чоңойсо,
Уйпалайт Бээжин шаарыңды,
Талкан кылат баарыңды,
Улугунду, каныңды!
«Бээжинге сурак салат» деп,
Мына чоң даңзага катталды!
Топон суу кирбес жериңди
Тополоң кылчу эр ошол!
Тыңчыларың жиберип,
Айдатып келгин Бээжинге,
Манас аттуу баланы.
Кырк аркан бойлуу чоң зындан
Терең орго салалы!
Ошондо улук Эсенкан
Чогултуп алып бардыгын,
Угузду мындай жардыгын:
– Балбандарым, баарың ук,
Узун кулак карың ук!
Сыйкырчы, тыңчы баарың кел,
Көзү ачыктан миңиң кел!
Аты Манас баласын
Буруттардан кармап кел!
Тирүү койбой Манасын
Тындым кылып салбасам!
Ал Манасты таппасаң,
Тыргоот, манжуу, көп кытай,
Менден ажал табасың!
Таппай келсең көрөсүң,
Тыптыйпыл менден өлөсүң!
Калмактардын хан Жолой,
Ишенгеним сен элең.
Ыгын тапсаң, жайлап кел.
Айласын тапсаң, Манасты
Акыры тирүү байлап кел.
Куру келсең, балбаным,
Кылычтап башың аламын.
Барабан бекем кагылып,
Эшикке панар жагылып,
Бээжинден чыкты миң аяр
Пилге жүктөп, ок алып,
Билимдүүсүн чогуу алып,
Соодагерлер өңдөнүп,
Дөңгө менен Жолою,
Шибээден бар Музкиндик,
Тыргооттон бар Солобо,
Тогузкерден Бозкертик,
Солондон бар Ороккыр
Кытайлардан чоң Дөөдүр,
Боз качырчан Маамытбек,
Кериги бар, төөсү бар,
Канча түркүн дөөсү бар –
Котолошкон балбаны
Бурутту карай жол жүрүп,
Баланы издеп калганы.

* * *
Ошол кезде Манастын
Айманбозу жайлануу,
Кырк баланын тулпарлар
Керме толо байлануу.
Кырк таман чийип ордону
Атып жаткан кези экен.
Тамашага уландар
Батып жаткан кези экен.
Кызыкка Манас батканда,
Чүкө чертип жатканда,
Эсенкандын кырк нары,
Кырк нарынын астында
Кыйла баалуу Кызыл нар,
Эки жүз балбан артта бар,
Атып жаткан ордонун
Ортосун жара бастырды.
Ачуусу менен эр Манас
Чүкөнү катуу черткени,
Чүкө учту чыркырап,
Эсенкандын Кызыл нар
Чүкө тийген жилиги
Талкаланды быркырап.
Манасты кармап алууга
Эки жүз балбан жүгүрдү.
Аны көрүп кырк бала
«Өлдүк» деп жандан түңүлдү.
Кыраан Манас баштады
Чоюн чокмор ойнотуп,
Жанындагы кырк бала
Эсин жыйды жанданып,
Кыжылдаган кытайга
Кошо кирди кол салып.
Бала Манас талкалап,
Балбанды кырып жатканда,
Дөөдүр качып кутулду
Жетимиш жерден жара жеп.
Жетип келип чоң Дөөдүр
Түркүгү алтын чатырга
Кирип барды жүгүнүп,
Жолой, Дөңгө баатырга:
– Манас менен кармашсам,
Каарды катуу баштады!
Эки жүз эрдин баштарын
Ышкындай үзүп таштады!
– Кызыталак буруттан
Коркупсуң көзүң жумулуп!
Он экиде бала экен,
Манасын байлап алалык.
Колго тийсе атасын,
Курмандыкка чалалык.
Кадырлуусун кыралы,
Кызыкталак бурутту
Кара элечек кылалы!
Деп ошентип эр Жолой
Алдындагы Ачбуудан
Ойку-кайкы бастырып,
Калың колду шаштырып.
Чыңыроо тартып жез найдан,
Чымчык учпас кең сайдан
Кол-кошууну козголуп,
Жөнөп калды шол жайдан.

* * *
Манаска Жакып мындай дейт:
– Айтканына көнөлүк,
Сулуу кыздан бир тогуз
Тартуу кылып көрөлүк.
Кыйналып калган жан элек,
Тирүү болуп жерде жок,
Кырылып калып жүрбөйлүк!
– Кокуй, ата, не дейсиң?!
Жоого намыс бергиче,
Ажалдан мурун өлөйүн!
Малым менен жанымды
Олжого кантип берейин!
Зордукчу кара кытайга
Согушту мыктап саламын,
Телпейген кара кытайдан
Теңдигим тартып аламын!
Коркпо, ата, кейибе!
Найзалашып топ бузам,
Тагдыр жетсе, окко учам!
Ошол кезде кылкылдап
Кытай каптап калганы.
Жору куйрук Жоон алп,
Кайчы кулак Каман алп
Качырып уруш салганы.
Бала Манас көкжалды
Ортосуна алганы.
Колдун артын эр Жолой
Айдап алган чагы экен.
Койбочудай кармашса,
Жайнап алган чагы экен.
Кол алдында чоң Дөңгө
Кежиге чачы үксүйүп,
Келе жатат түктүйүп.
Мурунунан чыккан буу
Кол ыштыктай буркурап,
Кыргын тийген эмедей
Артынан кошуун чуркурап.
Кылкүрөң менен чамынып,
Манаска найза сайууга
Жеткен экен камынып.
Көк темирден туулга
Көмкөрө кийип алыптыр.
Көмө койчу эмедей
Күркүрөп келип калыптыр.
Кыраан Манас жаш бала
Айманбоз оозун бурду эми.
Тоодой болгон Дөңгөгө
Токтолбой найза сунду эми:
«Кендир курдун бети – деп,–
Өпкөнүн бержак чети – деп,–
Жан жеринин тушу – деп,–
Өлөр жери ушу» – деп,
Катуу сайып өткөнү.
Кылкүрөңдүн үстүнөн
Дөңгө кулап түшкөнү.
Дөңгө аттан түшкөндө,
Кылычты Манас алганы,
Башын чаап салганы.
Кылкүрөңдү Манас шер
Олжолоп алды жетелеп.
Кылкүрөң коштоп чыкканча,
Кудай бетин көргөзбө,
Камышты көр, селди көр,
Каптап келген элди көр,
Каардуу Жолой бакырып,
«Какандап!» ураан чакырып,
Каарды катуу салды эми.
Кайнап келген көп балбан
Манасты курчап калды эми.
Айманбоз менен ойнотуп,
Жеткен жерин сойлотуп,
Ортосунда зор Манас
Опол тоодой көрүнүп.
Каарына чыдабай
Балбандар качып бөлүнүп.
Эр Манастын кырк баатыр
Кара таандай кытайды
Кайра айдады жапырып.
Жетик Жолой чоң балбан
Ачбууданга камчы уруп,
Качырган каман төштөнүп,
Алуучу аюу көздөнүп,
Колунда сунган найзасы
Карагайдай көрүнүп,
Жекеге чыгып алыптыр.
Каарына каапырдын
Жер майышып калыптыр.
Кыраан Манас жаш бала
Теке маңдай барганда,
Жолой баатыр муну айтат:
– Антаңдабай сен, бурут,
Атыңдын оозун бура тур,
Алдакы жерге тура тур!
Дегениме көн, Манас,
Буруттугуң чын болсо,
Кезегиңди бер, Манас!
Жекеме жеке беттешип,
Жеке сайыш кылалык.
Жолдоңдогон Жолойдун
Дегенине көнгөнү,
«Каалаганың болсун» деп,
Кезегин Манас бергени:
– Аябай найза сай, Жолой,
Аяп калсаң эгерде,
Энеңди алып кал, Жолой!
Бардык күчүң сал, Жолой,
Жыга сайып кал, Жолой,
Өз убалың өзүңө
Жыга албасаң, эр Жолой!
Ушинтип Манас күүлөнүп,
Айманбоз оозун бурду эми.
Кызыр чалган кабылан
Кылт этпей туруп берди эми.
Кезегин берип эр Манас
Былкылдабай турганы.
Мыктап Жолой сайганда,
Кыйшак этип койбоду.
Эр Жолойдун Ачбуудан
Тизеси жерге орноду.
Калмактын ханы Жолойдо
Кылайган арга калбады.
Калтаңдаган шум Жолой
Качаар жагын камдады.
Айманбоз санга бир салып,
Найзасын оңдоп колго алып,
Ач арстан төштөнүп,
Алгыр бүркүт көздөнүп,
Атылып Манас жетти эми.
Калмактардын чоң Жолой
Ээрден көчүк кылтайып,
Үзөнгүдөн бут тайып,
Эки өңүрү далбактап,
Эки көзү алактап,
Куюшканын кармады.
Көзү кетти тунарып,
Өңү кетти кубарып,
Ырп этээр алы калбады.
Түгөнгөн тоонун урчуктан,
Дүмүрөйгөн тумшуктан
Качып калган Жолойду
Кабылан Манас кууду эми.
Баарынан тулпар Айманбоз
Башын жерге салыптыр,
Арбытып арыш алыптыр.
Эти кызып ээлигип,
Эң эле катуу жээлигип,
Камыштай кулак жапырып,
Куюндай жерди сапырып,
Тынбай чуркап калыптыр.
Айры белес тайпаңдан
Айкөл Манас кабылан
Алты айлантып кууду эми.
Жети кайкаң дөбөгө
Жеткилең Манас баатырың
Жети айлантып кууду эми.
Жакындап Манас калганда,
Көсөл экен эр Жолой
Айласын таппай шашты эми,
Токойго кире качты эми.
Жолборсуңдун астына
Эч ким жоолоп барбады.
Жолугуша келгенде,
Жоосу тирүү калбады.

* * *
«Кара кытай, манжуудан
Кутулуп эми калдык» деп,
Курган кыргыз той кылып,
Мойнуна курун салынып,
Жаратканга жалынып,
Үзүлгөнү уланды,
Ушинтип кыргыз кубанды.
Манас-Манас болду эми,
Манас атка конду эми.
Ак калпакты кийди эми,
Алчайып атка минди эми.
Эки тизгин, бир чылбыр
Өз колуна алды эми.
Орунтуктуу эр болду,
Он эки мүчө тең болду.
Күйүттүү кыргыз биригип,
Күтүп алаар шер болду.
Толкуган кара кытайга
Тоону бузаар сел болду.

* * *
Манжунун каны Нескара,
Чабдар аты бар экен.
Уламыштан кеп уккан
Укмуш артык жан экен.
Нескара кебин элге айтат,
Арык казган жерде айтат:
– Ала-Тоодон сүрүлгөн
Түбүң түшкөн бурутта
Түмөндөгөн жылкы бар,
Толуп жаткан мүлкү бар.
Чоң-Алтайдын бетинде,
Чоң-Дабранын четинде
Манас деген бала бар,
Акылы жарым чала бар.
Өңкөй балдар кашында,
Быйыл он үч жашында.
Мен ошого барамын,
Тийип жылкы аламын.
Атакеси Жакыптын
Эшектей кардын жарамын.
Жалгыз туума Манасты
Тирүү байлап саламын.
Чоңойсо, бараар жерине,
Чачылган бурут элине.
Балтыры сыйса жерине
Балакет болоор көбүңө.
Алтайды көздөй баралы,
Айдап жылкы алалы.
Бейкут жаткан болобу,
Бекер этке тоёлу.
Ээликкен Манас баланын
Эртелеп көзүн оёлу! –
Аттанып калды Нескара
Алыска сапар жол алып,
Калкыган калың кол алып.
Нескаранын калың кол
Бай Жакыптын Кең-Арал
Аягы менен өтүптүр.
Эки күнү жол жүрүп,
Ат аябай мол жүрүп,
Маңгулга кирип кетиптир.
Жайытта маңгул жылкысын
Тийип алып качыптыр.
Эми Жайсаң кеп айтат,
Ачууланып бек айтат:
– Ушул жактын тоолорун
Көргөн кишиң жок беле
Кайнаган калың колуңда?
Катыла албайм, коркомун,
Бала Манас баатырга!
Кармап берер алым жок
Айлымды чаап алсаң да!
Айтканын угуп Нескара:
– Бери жакын бастыр… – деп,
Кылтыйып турду жылмая.
Кармаарын билип шекинип,
Качты Жайсаң тоо жакка,
Токойго кирди бекинип.
«Кармап алып сойбой!» деп,
Нескара калды өкүнүп.
Ченебей талап олжону
Нескаранын көп колу
Ошо күнү конушту
Жайсаңбайдын айлына,
Ою менен болушту.
Катындар ыйлап чуркурап,
Балдар ыйлап чыркырап,
Колго түшпөй калгандар
Кокту, жылга, тоо-ташка
Качып кирди дыркырап.
Нескара баштап манжуулар
Эртесинде аттанып,
Эрдемсинип шаттанып,
Он бешке толгон жаштуудан,
Олоңдой кара чачтуудан,
Көчтөн чыккан көрктүүдөн,
Көмкөрө кундуз бөрктүүдөн
Жүз отуз кыз алыптыр.
Эмчеги тикче, эти арык,
Маралдай бою керилген
Эптүү сулуу келинден
Эки жүз түшүп калыптыр.
Төөлөрдү тегиз бакыртып,
Эшектерин акыртып,
Уй мөөрөдү күңгүрөп,
Кой маарады дүңгүрөп,
Кишинетип жылкысын,
Кишилерин байлатып,
Жылдырып малын айдатып,
Көкөлөткөн көп тууну
Колду жолдон көрүп ал
Кулак тунган көп чууну.
Баатыр Манас жаш бала
Айманбоз минип болкоюп,
Ак найза колдо койкоюп,
Айбаттанып акырып,
Жазайылды жаткырып,
Күлдүр мамай мылтыкты
Күркүрөтө аттырып,
Нескаранын колунун
Жолун тосуп чыгыптыр.
Алтай казак калкынан
Камбардын уулу Айдаркан,
Айдаркандын Көкчөсү
Кырк жигиттин башы экен,
Он алтыда жашы экен,
Кыргызга тууган, дос болуп,
Манас менен кол курап,
Ал да кошо чыгыптыр.
Аларды көрүп Нескара
Чабдарга камчы уруптур.
Нескаранын Чабдар ат
Шайтандай учкан мал экен.
Канаттуу куштай сызылып,
Жөнөп калган чагы экен.
Айманбозун чуратып,
Артынан Манас жеткени:
«Алтын кемер чети – деп,–
Айдалынын бети» – деп,
Сырнайза сайып өткөнү,
Кансыраган Нескара
Октой учкан Чабдарды
Оозун жыйып алыптыр.
Четиндүү кыя чер менен,
Кийик баспас жер менен
Өөдөнү көздөй салыптыр.
Каран калган Айманбоз
Өөдөдө өксүп калыптыр.
Нескара качып кеткен соң
Кошууну турду калтырап.
«Жан соогалап!» буркурап,
Турган манжуу, калмагы:
– Катылбайбыз эми! – деп,
Койдой баары чуркурап.
Бала Манас ошондо:
– Алты миң ашык саныңар,
Качып кетти каныңар.
Айткан сөзүм эп болсо,
Мага кара баарыңар!
Көрсөтпөймүн тозокту
Көзүңдөн жашың тыйгын – деп,
Туткундун баарын бошотту.
Тууган болуп душманы
Кубанып таркап кеткени.
Кыргызда Манас баатырдын
Кабары көпкө жеткени.

* * *
Арадан алты ай өткөндө,
Өткүр Манас жаш бала
Жолдошу сексен төрт болуп,
Жол салган жагы өрт болуп,
Алгыр куштан алышып,
Очогор мылтык асынып,
Бүркүт алып шаңшытып,
Аң уулоого чыгышты
Тайгандарын каңшытып.
Ит агытып, куш салып,
Бөрү, түлкү көп алып,
Кызыкка балдар батканда,
Асты бардыр жыйырма беш,
Аягы Манас он беште,
Балдар салды тамаша:
– Бүгүн жети кондук биз,
Бул отурган сексен төрт
Атын сойгон бирөөнү
Ак тердикке салсакчы,
Аким кылып, хан шайлап,
Улук кылып алсакчы!
Мартың болсо, союңар,
Сараң болсоң, коюңар.
«Атымды сойбойм такыр!» деп,
Баары болбой качкан соң,
Манаска келди кезеги:
– Сексен төрттүн ичинде
Сен экенсиң кичүүсү.
Урматтап улук кылалы,
Соёсуңбу атыңды,
Бай Жакыптын уланы?
Анда Манас кеп айтат,
Кеп айтканда деп айтат:
– Атын союп, кан болуш
Адам угаар кеп эмес!
Талгак болсоң, ач болсоң
Бир жылкынын этине,
Айманбозду соёюн,
Ат минбесем коёюн!
Айтканын угуп Кутубий
Ордунан тура калганы:
– Жөө калтырып Манасты,
Атын сойсок оңбойбуз,
Эгерим эки болбойбуз!
Жетегимде боз бышты,
Дал Манастын быштысы!
Айманбозду коюңар,
Боз быштыны союңар.
Байрак байлап, туу тутуп,
Баатыр Манас баланы
Кан көтөрүп коюңар.
Кабылан Манас баланы,
Качканына болбостон,
Ак тердикке салышты,
«Каныбыз!» деп дүркүрөп,
Кан көтөрүп алышты.
«Кан нөкөрү – бизбиз!» деп,
Кашындагы боз балдар
Каткырып жыргап калышты.

 

МАНАСТЫ КАН КӨТӨРҮҮ

Камбарбоздун үйрүнөн
Кармап келип тогузду,
Баарын бирдей сойдуруп,
Жер очогун ойдуруп,
Алтайлыктын элинен
Атуулдан түк койбой
Алды Акбалта чакырып:
– Алтайда жаткан эл,– деди,–
Аяк-башың жыйналып,
Эсебиң канча, бер – деди.
Алтайлыкты санаса,
Аяк-башын караса,
Токсон алты миң болду…

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

PDF форматында китепти көөчүрүү

 

© «Седеп» фонду, 2011

 


Количество просмотров: 20585