Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия
© Зинакан Пасаңова, 2011. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2011-жылдын 4-октябры

Зинакан ПАСАҢОВА

Эне-Шер

Ош шаарындагы Курманжан Датканын эстелигинин алдында ой толгоо

 

Эстелик бар, шаардын ээлеп бир бурчун, 
Келсем оо бир өткөн күнгө тушуктум...
Камчыбеги дарга асылар кезинде,
Амандыгын уулунун, же эл-журттун,
Таразалап көз ирмемде чечүүгө,
Асыл жүрөк, бердиң¸ кантип туруштук!

Кантип түттүң жан чыдагыс күйүткө?!
Уулуң мойну сыйыртмакка илинсе.
Ичтен өткөн канды жутуп билгизбей,
Көтөр башты!, — дедиң, — өлүмгө түз тикте!
Эр азамат канжыгада жан берет,
Ата-бабаң өлгөн эмес эч үйдө!

Чыныгы эр бир туулат да, бир өлөт,
Баатыр өлсө эли алпештеп көмөт.
Шейит кетүү көк жалдарга буюрган,
Намыс-арды бийик койгон өмүрдөн.
Кош, жолборсум! Ак сүтүмө раазымын,
Эми бизди жолуктурар акырет!

***

Датка эне,
Кантип сезбейм күйүтүндү жүрөктөн!
Мен да энемин,
Эр азамат болсун деп уул өстүргөн.
Кыйчалыш оор
заман турса өсөөр элдин жолун бууп,
Уулдар керек
Кындан суурчу кылычтай курч жетилген.
Көк асаба
туусун жатка тепсетпеске шертке бек,
Намыс-арга
жароо үчүн туулуш керек жигиттер!

Биз, энелер,
перзент үчүн төшөсөк да жүрөктү,
Туу тутсак да,
Аман-эсен жүрсүн деген тилекти.
Ата Журтту
коргоо үчүн аттанар бир кез келсе,
Жолун тосуп,
Токтотууга жетпейт эч бир кудурети.

Биз, энелер,
Уулга кошуп төрөп тагдыр тынчы жок,
Балдарыбыз
карайлабай жолун таап кеткиче,
Чачтарыбыз
мезгилинен мурда акка боелот.
Ким актаса
Эне сүтүн, элге арнап кызматын,
Адам деген
Ыйык наамга ошол гана ээ болот!

Датка эне,
беш уулуңду куштай таптап учургансың уядан,
Ата-энени
даңкка бөлөп, баары чыгаан эр чыккан.
Сый-урматын
жана азабын бирдей көрүп перзенттин,
Сыздап жүрөк,
далай жолу сокку жедиң турмуштан.
Камчыбегиң
Көз алдыңда күнөөсү жок асылып,
Абдылдабек,
эркиндикке башын сайып, окко учкан.

Датка эне,
орундалып Абдылдабек керээзи,
Ооганстандан
туулган жерге келди муштум жүрөгү.
Ак жеринен
айдалышып алыс кетти Шиберге,
Мамытбегиң,
Мурзапаяз жана Арстанбек –үчөөсү.
Бул кайгыны
тирүү жанга көтөрүү оор, о азап!
Эне эмес
болсо дагы кара таштын бир өзү.

Боюн түзөп
карт тоолордой Датка сабыр тутунду,
Кыймак эмес
кыйын күнгө өзү баш-көз эл-журтту.
Ичке жутуп,
адилетсиз көргөн бардык ызасын,
Көзү жетти:
жалгыз жол бар – ал бейпилдик орнотуу.
Каска кастай
тирешпестен мамилени оңдоду.

Улуу адамдар
болгон эмес бул жашоонун эркеси.
Сындан өтүү
сыноолордо – улуулуктун ченеми,
Тарых билет,
улуу аялды тынчтык курган журтуна,
Балдарынан
эл тагдырын бийик койгон энени!
Бардык муундан
баасын алат барган сайын бийиктеп,
Курманжандай
Датка эненин, Шер — эненин эмгеги!

***

Датка башы жерди көздөй ийилет,
Ичинде дарт-санаасын, ай, ким билет…
Бир бүлөнүн таш-пишине каржалбас,
Бар эле анда кайраты күч кудурет.
Алай жерин карегиндей аздектеп,
Журт башчысы –түйшүгү күч, оор милдет.

Катуулукту жеңип келген жумшактык,
Кылычтан да таамай сөздүн күчү артык.
Акылгөйлүк менен жеңген Курманжан.
Кокон ханын жана эмирин Букардын.
Орус пааша таазим кылып таң берди,
Датка деген бийик наамды ыйгарып.

Акыйкатты сүйгөн эли Алайдын,
Аял дебей Курманжанды баалады.
Акыл менен адилет журт башкарып,
Атак-даңкка жетти чыгыш аялы.
Кыргыз элден чыккан Датка айымга,
Батыш,Европа таңданышып карады.

Теңчиликти сүйгөн эли Алайдын,
Келин дебей Курманжанды барктады.
Алымбектей асыл жанга жар болуп,
Бекзаадалар көчүн улап таптады.
Кылым бою эл унутпай ардактайт,
Курманжандай аялзаттан Датканы.

 

© Зинакан Пасаңова, 2011

 


Количество просмотров: 1859