Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия / Котормолор
© Сергей Есенин
© Кыргызчага С.Жусуев которгон. Бардык укуктар корголгон
Котормо котормочунун кат түрүндө уруксаты менен жарыяланып жатат.
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2011-жылдын 21-ноябры

Сооронбай ЖУСУЕВ

Есенинден котормолор

Сергей Есениндин «Парс ыргактары» түрмөктөрүнөн ырлар.

Есенин С. А. Тандалмалар: Ырлар жана поэмалар / Котор.: С. Эралиев, С. Жусуев. – Ф.: Кыргызстан, 1977. – 104 б. китебинен алынды.

 

***

Шаганэм, менин Шаганэм!
Түндүктөн мында мен келгем
Ай тийген буудай термелген
Талааны айтам сага мен
Шаганэм, менин Шаганэм.

Түндүктөн мында мен келгем
Жүз эсе эң чоң ай чыккан.
Рязанга көңүл балкыткан
Канткенде Шираз тең келген –
Түндүктөн мында мен келгем.

Ай тийип, желге термелген
Буудайдан бүткөн чачтарым,
Сөөмөйгө ороп тарт, жаным.
Ар дайым мага дем берген
Ай тийиген буудай термелген.

Айтам мен айлуу талааны
Буудайы тармал чачымдай.
Ойноп-күл, шаттан басынбай,
Тарттырба мага санааны
Эстетип айлуу талааны.

Шаганэм, менин Шаганэм!
Түндүктө да бар бир кызым,
Сага окшоп жаркын жылдызым,
Эстелдим бекен ага мен...
Шаганэм, менин Шаганэм.

 

***

Жан кыйнабай менин сыркоом мурдагы –
Мастын дарты жүрөгүмдөн айыгат:
Тегеранда көгүш түстүү нурлары
Чайканада аны олтурам дарылап.

Дуңгул мүчө чайканачы обдула
Бул оруска жаксын дейби чайканам –
Ачуу арак, кызгылт шарап ордуна
Кызыл чайдан баса куят кайтадан.

Сыйла, бирок, сыйлай бербе өтө эле.
Кызыл гүл көп өзүң бакта гүлдөткөн.
Көз кыспады сулуу бекер өзү эле,
Ача коюп жүзүн кара чүмбөттөн.

Россияда жалдыратып ызатсыз
Биз кыздарды байлабайбыз ит өңдүү.
Акчасыз да, мушташсыз да, бычаксыз
Үйрөнөбүз өпкөндү биз киши өңдүү.

Бул сулуунун сымбаты үчүн боюнун,
Көрүш үчүн аткан таңдай иреңин
Берер элем Хорассандын жоолугун,
Берер элем кымбат Шираз килемин.

Коюу чайдан куй, кожоюн, кел өзүң,
Жалган айтып кай себептен сени алдайм?
Жооп берем өзүм үчүн мен өзүм,
Мен сен үчүн, бирок, жооп бералбайм.

Каалгаңа карай бербе өтө эле,
Башка эшик бар багыңда өзүң гүлдөткөн...
Көз кыспады сулуу бекер өзү эле
Ача коюп жүзүн кара чүмбөттөн.

 

Которгон С. Жусуев

 


Количество просмотров: 2752