Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия
© Таштанбек Чакиев, 2011. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2011-жылдын 6-декабры

Таштанбек Темирбекович ЧАКИЕВ

Бегимай ыр түрмөгүнөн

“Дүйнөнү сулуулук сактайт” — деп айтышат. Бул жерге биз сулуулук менен бирге эле сүйүүнү болгондо да чыныгы, кошулмасы жок аруу сүйүүнү кошор элек. Акындын “Бегимай” ыр түрмөгүн түбөлүк деп эсептелген өңчөй сүйүү темасына жазылган ырлары түзөт. Ыр Бегимай аттуу кызга арналып, акындын жүрөгүнөн түнөк тапкан аялдардын тунук образынан жаралган. Ыр түрмөк толук аягына чыга элек.

 

***

Көңүлдө көп ойлонуп сага келем,
Көңүл түз, о Бегимай сага-деген.
Жашоодо көп жакшылык бар го? — дечи,
Күттүрүп не күттүрбөй келип, кеткен.

Ошонун бири арзыбас жалгыз сага,
Сен-жашоо, багыт берчүү жалгыз мага.
О, Бегим не кылганың, не дегениң,
Жообуңду күтө берип, кетти арга.

О, Бегим! — жакын жүрүп, сен алыссың,
О, Бегим! — көөдөй түн да, сен жарыксың!?

 

***

Коңгуроо күмүш шыңгыр күлкүң сенин,
Күйүттүү угасыңбы акын кебин.
Сүйүүдөн кайт болгондо агаң көөнү,
Күн болуп, чыктың кайдан жаркып, Бегим?!

Өмүрдө миң кубулат адам көөнү,
Сүйүү бар бейиш кыла турган көрдү.
Жалгыздык жанга арачы боло албады,
Жарыксың тоо башында күткөн мөңгү.

Бегимай, таш алдында гүлдү кара,
Бегимай, ың-жыңы жок түндү кара!

 

***

Эзилип жаным барат сени дегдеп,
Элесиң жанга Бегим болду эрмек.
Дүйнөң ай, бир сырдуу күч болсо гана,
Сүйүүмдү сага алпарып койчу теңеп.

Непадам, сен да жүрдүң мени самап,
Үзүлгөн ойду ойго чүргөп, жамап.
Анда эле айлантары чын ааламды,
Сагыныч, күтүү, арман жана азап!

О, Бегим! — жарыгысың өчкөн шамдын,
О, Бегим! — жамалысың атчуу таңдын.

 

***

Гүл өсөт тоо койнунда жапан жалгыз,
Күн тиет, мээрим төгөт, бирок алсыз.
Күйүттүү өмүрүмө кулак төшө,
Бегимай, деп ойлобо: “Кандай арсыз!”

Махабат көңүлүмө тарткан парда,
Көп ойлоп, таппай келгем бирок арга.
Мен бүгүн окшошомун тоо койнунда,
Куласа, суу чыкпаган кумдак жарга.

Бегимай, “Жар куланып суу болбойт” — дейт,
Бегимай, “Жалгыз өлсө чуу болбойт” — дейт.

 

***

Күмүш жибек өңдөнөт олоң чачың,
Күмүш Айга окшошот ийме кашың.
Жолуктуң да, оюмду ойрон эттиң,
Жоготконум билдиңби минтип башым!?

Эргигенин ал антип канымдын айт,
Эзилгенин ал антип жанымдын айт.
Садагасы Бегимим, тынч алайын,
Эң болбоду арзышкан жарыңды айт!?

Айтчы жашоо маңызы Бегим неде,
Таң атат да, Күн батат анан неге?

 

***

Көзүнөн нур төгүлүп, көөнүм сыздайт,
Көңүлдө сезим бийлеп, көөдөн ырдайт.
Ашыктык дартын айтсам маселдетип,
Ашыгым, Бегим неге көңүл бурбайт?

Жалганда күн шооласы жанат, өчөт.
Жарык нур айдан кулап, жерге төнөт.
Бегимим, сүйүү болуп өзөгүмдө
Беймарал жаткан данек ырдап, өнөт.

О, сүйүү, уу ууртатып, бал татыттың,
Койнунда бир жатарбыз жан табыттын.

 

***

Канткенде мен өзүңө сүйүүмдү айтам,
Канткенде орундалат үмүт-шайтан.
Канткенде эриниңе эрдим тиет,
Канткенде жарык түшөт жансыз айдан.

О, кечир, сулуу Бегим курган башты,
Ой басып, кургаталбай келем жашты.
Ой тунук, ойрон курак өтүп кетип,
Агаңдан мүмкүн минтип акыл качты.

Сен сүйүү, мүмкүн жалган азгырыксың,
Таштанды тагдыр жолдон азгырыпсың.

 

***

Күү чертилип жүрөктөн чыгат Бегим,
Күн асманда күлмүңдөп жылат Бегим.
Сагынычтан саргайып бара жатам,
Садагасы, бар беле алчуу кегиң?!

Жоодураган көздөрүң жанга азык,
Жолугуштук кез келип, кайдан ашык?
Бирок дагы мерессиң неге мынча,
Көңүлүңдү бир саамга койбос артып?

Ай жамалың Бегимим өпкүм келет,
Ашыгым! — деп жалбарып өткүм келет.

 

***

Кызылдан көйнөк кийип бураласың,
Күйүт да, арман болуп кураласың.
Бегимай, катар басар жаштыгым жок,
Карылык чертип турам улагасын.

Бегимим, жаздай сүйкүм жамалың бар,
Бегимим, күндөй толкуп жанарың бар.
Бегимим, көөдөй түндү жарык кылар,
Арзууда айтчы кандай амалың бар?

Бегимай, жашоо күндүн кызыгын айт,
Бегимай, көйнөгүңдүн кызылын айт!

 

***

Көйнөк кийип, көйкөлүп басасың сен,
Көркү айдай жүзүңдү катасың сен.
Ышкы отуна мас болуп жүрсө Таштан,
Ыйбаң бекен, жалгыздап жатасың сен.

Нурданасың толукшуп, олдо Бегим,
Нур жүзүңө жарашып кызгылт эрдиң.
Сагынтасың мынчалык жакын жүрүп,
Садагасы бир өптүр, өчсүн демим.

Сени сүйүп, азапка батты жаным,
Эриниңе жеталбай катты каным!

 

***

Жер үстүндө деңиздин салкынысың,
Жүзүң айдай пенденин артыгысың.
“Жүрөкзада боло бер!” — дегениң го?!
Аппак жоолук башыңа салыныпсың.

Жоолук салып алдайбы, Бегим мени,
Жоодураган көздөрү айтат нени?
Мен өлүүгө даярмын, кудай акы,
Тийген күнү эрдиме эриндери!

Сулуу Бегим, мейли, каргап — шилегин,
Мейли алда, сендик менин тилегим.

 

***

Күн өтөт мына минтип азап салып,
Күдөрүң ойрон түшүп, күйүт жанып.
Күлгүндөй курагыңа масмын Бегим,
Күттүрбөй келсең боло күлө багып.

Мен сен-деп дарттуу болуп жүрөм Бегим,
Сен мерес, айтууга жок бироз кебиң.
Кетеби арманда өтүп бул өмүрүм,
Алчадай кызгылт сорбой эрдиңди, эрдим.

Бегимай, сен-деп көздөн агат жашым,
Бегимай, кор болду алтын башым!

 

***

Жоодурап көзүң күлүп, басканың аа,
Кирпигиң ирмеп, кашың какканың аа!
Күн эмес көктө жанган акын Таштан,
Зар болот дайым сенин жардамыңа.

О, Бегим, жүрөк туйлап, ырдап келет,
О, Бегим, ырдан жашоо бүткөн демек!
Акындын арзуусуна айлана албай,
Бегимим жүргөнүңө эмне себеп?

Бегимай — жер, суу, болбо от, абасың,
Үн, сөзсүң, сүйүү, арман, ак-карасың!

 

***

Көңүл толкуп мен сени сүйдүм Бегим,
Көпчүлүккө бул — күлкү, мүмкүн Бегим.
Жаш өмүрүң толукшуп эзет жанды,
Жаш кезимде келбедиң, күттүм Бегим.

Ырларым да өзүң-деп башталгандыр,
Ырга айланып өмүрүм бараткандыр.
Демибизден кусалык уюп калган,
Ыр-күлкүнүн бир жерде таңы аткандыр.

О махабат, Таштандын арманын айт,
Өксүп, ыйлап өзүңдөн калганын айт!

 

***

Көл бойлоп, ырлар сага окуп келем,
Көөнүмдө ырдан тагдыр токуп келем.
Эзилип, жай бербеди, шайтан алгыр,
Махабат-аттуу мага оору деген.

Айлаңбы, абай салып, карманасың,
О, Бегим эс-мас кылып назданасың.
Билемин: — Түнү уктабай кош жаздыктын,
Сен дагы улам бирин жазданасың?!

О, Бегим терезеңди ачсаң боло,
Аны ойлоп, айлуу түнү Таштан жолдо.

 

***

Сөгүлүп таң атканда түшүп жарык,
Ой — санам түрмөктөшкөн кайтып жанып.
Сызылып сен тарапка агылат да,
Дигерде кайтып келет, минтип айтып:

— О, жашоо, махабаттан бүткөн белең,
О, сүйүү!— ырдаса ыр, күн жетпеген.
Бар болгун сен да, Бегим акыныңдын,
Арзуусун аяр тутуп, кирдетпеген.

О, Бегим, кош алмаңа башын жөөлөп,
Кай күнү кучагыңда акын өлөт?!

 

***

Мен билбейм сени кайдан жолуктургам,
Ырга — аваз, сөзгө — ыргак болуп турган.
Мен билбейм не болмок ов, бу курган баш,
Бүтпөсө ак жаан болуп өмүр ырдан?!

Мен билбейм жүрөсүң сен нени ойлоп,
Кош кирпик, аркар төштүү, оозу-оймок.
Мен билбейм, билгим келбейт кош алмаңа,
Бактылуу башын жөөлөйт кандай бойдок!?

Бегимай, өзөктө өрт жалын бүркөт,
Оюмдан оолак качып, жаным үркөт.

 

***

Байлам жоолук башыңда өңү сары,
Бал татыган курагың, өмүр жазы.
Башкаларга өзүңдү ыраа көрбөй,
Балакеттин башталды минтип бары.

Ошол күндөн ушул күн ооруп келем,
Көргөн түштү өзүң-деп жоруп келем.
“Пейли жакшы азамат кемибейт!” — дейт,
А мен сени өзгөдөн коруп келем.

Мен өзүң — деп жашап жана өлөөрмүн,
Сага арналсын, жалгыз сага көрөр күн!

 

***

Таң атып таралганда жерге жарык,
Мендеги үмүт, кыял канат кагып.
Өзүң-деп билесиңби башталарын,
Жашоо— күн коргошундай көлкүп-балкып.

Сага — деп ырдан тагдыр токуп жүрөм,
Сага — деп ыр жакшысын окуп жүрөм.
Бегимим, мен — мен эмес, сени ойлосом
Бир нерсе, айтор билбейм болуп жүрөм.

Бегимай, койчу мага сүйүүңдү арнап,
Күн чыксын күлүп, жерге ырыс жалгап.

 

***

Барбы? — деймин Кудайдын өчү менде,
Жаратыптыр сендейди кылып пенде.
Тиешелүү периге ажарың бар,
Болбойт ишен, ал — чырай, Бегим жерде.

Анан кантип сүйбөсүн сени Таштан,
Кантип коёт ырдабай, жазбай дастан!?
Ырайым эт акынга сулуу Бегим,
Ырларымды канатсыз, жайдак жазсам.

Ошол себеп собол таштайм тегиңе:
Сени сүйүү — бакыт эмей эмине?!

 

***

Кылыгыңды кыз бүткөн койбодуң го,
Кызыл өзөн суу жээктеп бойлодуң го?
Кызыл-тазыл шай кийип, сулуу Бегим:
“Кызганычтан өлсүн!” — деп ойлодуң го?

Кызыл-кызыл кыяда кыргый учат,
Кылыгыңды эстесем көз жаш бурчак...
Жарыгынан Бегимим бүттүң бекен,
Кең ааламдын дүйнөнү турган курчап!?

Өмүр өтсө өзүңсүз, демек — карып,
Кабырыма гүл койгун, Бегим барып.

 

***

Күлмүңдөп күйүт болуп жолугасың,
Жанга – азык, бирок минтип жоодурашың.
Сага деп сөз асылын иргеп келем,
Аркалап жараткандын озуйпасын.

Сен үчүн бак-дарактар бүчүр ачат,
Көл толкуп, күн асманда өмүр чачат.
Жымыңдап жылдыз ойноп, ай толукшуп,
Баш ийип жамалыңа, өлүм качат.

Бегимай, көөдөй түндө көз болсоңчу,
Жат эмес жан жыргаткан өз болсоңчу.

 

***

Куштар келет жазында кайтып учуп,
Куруп обон кыйкуулап, не бир тунук.
Курган башым, мен ошо куштун бири,
Кусалыгы көөдөндө жаткан бугуп.

Куштун ырын Бегимим аңдасаңчы,
Курган жаным кулпурсун жандасаңчы.
Төгөрөктөн өзүңө теңдеш таппай,
Төрткө кетип бөлүнүп, жаным  — чарчы!

Таттуу кылган тамакты туз го!? — дегин,
Азаптанткан акынды суз го, Бегим?!

 

***

Өлүп мурда көрүппү акын Таштан,
Өмүр кайра берилсе капыс баштан.
Бир өзүңдү кайрадан сүйүп өтмөк,
Тытып, өрттөп ырларын чабал жазган.

Ал ошентип сүйүүңө арзып алмак,
Арызданып акимге мүмкүн бармак.
Айла куруп, а балким өлөр беле,
Ак сүйүүңдү башкага койсоң арнап?!

Айланчыктап келүүдө сени Бегим,
Айланталбай башыңды арзуум менин.

 

***

Терезеге гүл койдуң, терезеңе.
Жеткендигиң бул сенин эрезеге.
Ача көргүн каалгасын терезеңдин,
Айланчыктап ал түнү акын келсе.

Кош алмаңа жөлөсүн акын башын,
Куш жаздыкка куласын көздөн жашың.
Көр дүйнөнү ал антип гүлгө ороп,
Көр дүйнөнүн ойлойлу өлбөс жагын.

Сага деген менин аруу тилегим,
Эчен доорду карытарын билемин!

 

***

Жаралып жер, аталганы жер болуп,
Жашап келет түркүн түстүү эл конуп.
Шол элдердин арасында мен бармын,
Келе жаткан жетпей сага, кем болуп.

Ошол менин — алсыздыгым, арманым.
Сезгендигим, бул дүйнөнүн жалганын.
Көрчү, сулуу Бегим минтип акынды,
Зарыктырып, зар какшатып калганын!

Өмүр бүтөт, үмүт бүткөн жеринде,
Сулуу Бегим, сүйбө мейли, кемибе.

 

***

Аалам кезип, ойлор — ойго куралат,
Ашыктыктан бойлор — бойго кыналат.
Жашоо уланат, кошо келет үрөөнү
Өлбөстүктүн, чүрпө менен ыңаалап.

Бары кайра ал ошентип башталат,
Балдар сүйүп, кыздар дале назданат.
Биз өткөн соң бизден кийин нечен муун,
Сүйүп, ырдап, кара жерди жазданат!?

Сулуу Бегим, турмуш күндүн кызыгы,
Элжиретти, каным дүргүп кызыды.

 

***

Жашоо берген ааламга Күн деп билем,
Жарыгы жок күндөрдү түн деп билем.
Уккулуктуу кулакка, ширин кылган
Сөздөрүңдү, садага, үн деп билем.

Үргүлөйүн үнүңдөн, садагасы,
Үмүт болот тилектин ана башы.
Картайганча бул өмүр калгым келет,
Көптү көрүп сүйүүдөн, көрбөй азды.

Мен сүйүүнүн татып, Бегим, ширинин,
Кулу болуп жүргөндөрдүн биримин.

 

***

Түшүмдө сени менен бир басамын,
Түйшүктүү ойдон ойду жаратамын.
Сен болбой мөгдөп Таштан калар беле,
Карачы, калыстыгын Жараткандын!

Сен болбой акпас эле ушул суулар,
Сен болбой көрксүз болор беле кыздар.
Сен болбой жер айланбай бир багытта,
Тогошпой калар беле сансыз жылдар?!

Өмүрдү бал татыткан сенсиң – Бегим,
Өзүңдө тартылуусу асман, жердин.

 

***

Кайрадан мен өзүңө кайрыламын,
Күтөмүн собол таштап жандырмагын.
Махабат качан, кантип жаралды экен,
Тыңшаткан жүрөктөрдүн кагылганын.

Мен азыр кыркты таяп калган кезим,
Сен, мени мейли, айнып калды! — дегин.
Октолуп, от алууга даяр жүрөк,
Болгону сенин гана бироз кебиң.

Бегимай, ыйлап өмүр өтпөсө, — дейм,
Бегимай, арзышкандар өлбөсө!? — дейм.

 

***

Жүрөмүн ойго батып, санаа чегип,
Ойлорум кылат мага бүгүн ээлик.
Бегимай, сен жаралган дүйнөнүн көр,
Койгонун мага дагы өмүр берип!

Жашадым сага арзып, тирлик кылдым,
Жашадым, өмүрүмө бийлик кылдың.
Бегимай, өмүр өтүп кетеби дейм,
Алкымың бир искетпей, кылып шылдың.

Бегимай, Күн кыялап узап барат,
Бегимай, кыялым мас, ичпей шарап.

 

***

Мен сени кыялдардан жаратканмын,
Ыр жазгам анан туйбай таң атканын.
О Бегим, кыз кыялың көрсөтөсүң,
Билбейсиң, акын неге зар какшаарын.

Жашоонун сырлары аз акын туйбас,
Жашоодо пикирлер аз акын муйбас.
О Бегим, бир жарк этип күлүп койгун,
Убакыт токтоп калсын тыным албас.

Бегимай тагдырымды байлайм сага,
Сен айткын тапсаң эгер — башка айла.

 

***

Түн бир оокум. Жатам шыпка тигилип,
Кетет кез-кез көзүм минтип илинип.
Терезеден өзөн жакка көз салсам,
Жатат сууда ай он беште киринип.

Ага удаа жылдыз көктө жымыңдайт,
Иттер үрүп, чегирткелер ыр ырдайт.
“Санаа чекпе, сүйөт сени Бегим!” – деп, 
Кулагыма бейтааныш үн шыбырайт.

Кудайдын бу не кылганы, дегени?
Уктайт Бегим, үйдө менсиз, береки?!

 

***

Мейли өмүр багытынан жаңылсын,
Мейли жүрөк акыркы ирет кагылсын.
Ырдайм сени, ойлойм сени Бегимим,
Ушул менин болгон күнөөм, жазыгым.

Ойлойм сени, коём кантип ырдабай,
Сен бар үчүн өмүр минтип ырга бай.
Сенсиз кеткен бир кылчайбай артына,
Кайран күндөр, кайран г ана жылдар ай!

Үмүт өчөт, үмүт кайра тутанат,
Өмүр өтүп, келет кайра ыңаалап!

 

***

Жаз келип жарашыктуу, айтпа деги,
Жазга окшоп өмүр толкуп, жаштык деми
Жанымды толук ээлеп алып минтип,
Карылык тартса нары, сүйрөйт бери!

Карылык алга сүрөп шаштырбагын,
Мен бүгүн жалгыз учкан каркырамын
Махабат айдыңында, андан көрө,
Айтчы сен арзуу кантип багынаарын!?

Бегимай, жароокер да, мересимсиң,
Калтырар бу дүйнөгө керээзимсиң.

 

***

Жарашып билеригиң билегиңе,
Мас болом ооздон чыккан илебиңе.
Сүйүүмө арзып бир күн сен акыры,
Ишенем – капарыңа илээриңе.

Ошондо өмүр колун жазга сунат,
Ыр аттуу оргуйт дилде жазгы булак.
Ошондо келет дей бер акын Таштан,
Бегимдин көп күттүргөн колун сурап.

Жашоонун күнгөй-тескей, белестерин,
Унутуп кээде койгум келет менин.

 

© Таштанбек Чакиев, 2011

 


Количество просмотров: 3258