Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Көлөмдүү кара сөз / Даректүү жана өмүр баянды чагылдырган адабият
© Зинакан Пасаңова, 2008. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2011-жылдын 7-декабры

Зинакан ПАСАҢОВА

Академик Текенов

(Даректүү баян)

Жазуучу Зинакан Пасаңова бул китебинде Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, техника илимдеринин доктору, профессор, КРнын илимине эмгек сиңирген ишмер, КРнын илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Эл аралык Георгиялык «Алтын фортуна» жана «Даңк» медалынын ээси, УИАнын Президиумунун мүчөсү жана Түштүк бөлүмүнүн төрагасы Жапар Текеновдун өмүр жолу, илимий жана жетекчилик ишмердүүлүгү чагылдырылган. Бул даректүү баян окурмандардын бардык катмарына сунуш кылынат.

Пасаңова Зинакан. «Академик Текенов»: Даректүү баян. – Ош: 2009. – 120 бет китебинен алынды

УДК 821
    ББК 84 Ки 7– 5
    П– 85
    ISBN 9967– 13– 109– 8
    П 4702300200– 04

 

МАЗМУНУ:

I БӨЛҮМ. КАЛМАККЫРЧЫНДЫК КЫРААНДАР

1. Баш сөз ордуна
    2. «Туулган жердин топурагы алтын…»
    3. Калмаккырчындык кыраандар
    4. «Чоң үйдүн» баласы
    5. «Жүз мугалимден жалгыз ата артык…»
    6. Уялаштан үчөө
    7. Атадай камкор абалар

II БӨЛҮМ. УМТУЛУУ

8. Умтулуу
    9. «Улугбек» – илим ордосу
    10. «Бийиктикти чыккан билет»
    11. Мезгил сынайт, жолду баскан арбытат
    12. Сөз аягы

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, техника илимдеринин доктору, КРнын Эл агартуусунун мыктысы, профессор, КРнын илимине эмгек сиңирген ишмер, КРнын илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Эл аралык Георгиялык «Алтын фортуна» жана «Даңк» медалдарынын ээси, УИАсынын Президиумунун мүчөсү жана Түштүк бөлүмүнүн төрагасы Жапар Текенов тууралуу даректүү баян.

 

Учканга канат укканга санат болгон өмүр

Адамдын жан дүйнөсүн айсбергге окшоштурса болор эле. Муз өлкөсүнүн гиганты болгон айсбергдин кичине гана бөлүгү суунун үстүндө көрүнүп, ал эми чоң бөлүгү суунун ичинде катылып турат экен. Адистердин айтымына караганда айсбергдер качан суунун алдындагы бөлүгү эригенде гана оодарылат. Ошол сыңары адамдын да ким экендиги, өмүр жолун кандай басып өткөндүгү, жүрөгүндө катылган сыры дайыма эле сырт көзгө уруна бербейт. Кээ бирөөлөрдүн бул чоң дүйнөсү эч кимге белгисиз ачылбаган кенч бойдон өзү менен кошо жер алдына көмүлөт.

Чыгармачыл табиятым адамдардын ошол түпкүрдөгү дүйнөсүн «оодарууга» ар убак куштар. Анткени, бул тирүүлүктө из калтырган инсандардын өрнөктүү жашоосун, залкар эмгегин замандаштары, кийинки муундар толук билип жана баалап калса дейм. Кара баштын камын жеген көр пендечилик турмуштан башка да асыл максаттарга өмүрүн зарп кылган адамдар арабызда арбын экенин, алардын коомдун өнүгүүсүнө кошкон жаратмандык зор салымын ар убак эстей жүргөнүбүз оң.

Ушундай ой менен белгилүү физик– окумуштуу, Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Түштүк бөлүмүнүн төрагасы, техника илимдеринин доктору, академик Жапар Текенов жөнүндө даректүү чыгарма жазууга бел байладым эле. «Академик Текенов» – даректүү баян жанрында жазган биринчи чыгармам болгондуктан, адегенде даяр маалыматтарды ары– бери шилтей коем деген жеңил ойдо болгонумду жашыргым келбейт. Бирок, көркөм бейнелерди жаратууга караганда жашоодогу чыныгы каармандар жөнүндө чыгарма жазуу алда– канча кыйындыкка тураары иш үстүндө билинди. Анткени, Жапар Текеновичтин басып өткөн өмүр жолу бул бир гана адамдын таржымалы эмес–бул тарых, мезгил, коомдук өнүгүү менен тыгыз байланыштуу. Ал – кыргыз илимпоздорунун алгачкы мууну. Агайдын илимий жана педагогдук ишмердүүлүгү өлкөбүздө илим– билим кантип өнүгө баштаганын күзгүдөй чагылдырып турат. Мындан тышкары каарманымдын турмуштагы ордун түшүнүп– билүү үчүн ал өсүп чыккан жана калыптанган кыртышты, доорлорду, кичинекей Ата Журту болгон Көкарт өрөөнүнүн тарыхын, үй– бүлөлүк санжыраны кошо иликтөө зарыл эле.

Жапар Текенович кыргыз элинин кылымдар бою мезгил сынагынан өткөн асыл каада– нарктарынын, санжыралуу даанышмандыгынын, ынтымак– биримдигинин уюткусун сактаган «чоң үйдө» өсүп– чоңоет. Ата– эне жашаган үй «чоң үй» деп ардакталып аталып, алардын балдары жана урпактары үчүн өтө ыйык жана куттуу борбор болуп келген. «Чоң үйдүн» улуу тарбиясы академиктин турмуш башаты болуптур. Түптүү жана нарктуу үй– бүлөнүн муундардан муундарга калтырган баа жеткис мурастары – бул адал эмгек, айкөлдүк, боорукердик жана илгери үмүт менен алдыга умтулуучулук эле. Көргөн– өскөнү жакшы болгону үчүн бир үй– бүлөнүн перзенттери: Жапар Текенов жана анын инилери Шамшы Текенов, Жолболду Текенов үчөө тең эл оозуна алынган чыгаан инсандар чыгышыптыр.

Бул чыгармада агайдын басып өткөн өмүр жолу толук камтылды дештен алысмын. Мүмкүн, Жапар Текеновичтин мүнөзүндөгү жөнөкөйлүк өзү жөнүндө баарын тизмектеп айтып берүүгө жол койбогондур. Анын үстүнө так илимдер дүйнөсүнөн чыккан окумуштуунун майдалап сүйлөөгө шыгы жоктугу табигый нерсе. Бирок, адам 70 жашта жетик болот, 80 жашта өмүрдүн сересине чыгат дегендей Жапар Текеновичтин акылы толуп, тажрыйбасы артып, инсандык дүйнө– таанымы бай түп жемиш дарагындай мөмөлөп бышып турган учурда аны өзүбүзгө байлык катары алып калууга милдеттүүбүз деп ойлойм.

Зинакан Пасаңова

 

I БӨЛҮМ. КАЛМАККЫРЧЫНДЫК КЫРААНДАР

 

«Туулган жердин топурагы алтын»…

Киндик кан тамган жердин өзүнө тарткан касиетине не тең келет! Ага карай баратканда сагынычтуу ысык сезим алдыңдагы темир тулпардан озуп көкөлөп учуп, жолдор да кең ачылып, ишиңдин баары оң келчүдөй шерденткен ой– кыялдар коштоп келет. Өмүрдү арытып баскан сайын бул сезим бөксөрмөк турсун көбөйүп, туулган айлыңа, төрөлүп– өскөн үйүңө, көздөрү өтүп кеткен ата– энеңе, балалыкка, тууган– урукка болгон кусалык күчөп, эрээркетип эңсетет.

Боз түстөгү «Мерседес» Жалалабат шаарынан суурулуп чыгып, түндүк – чыгышты караган таш жолго түшкөндөн кийин арымын жазып, зыпылдап учуп жөнөдү. Мындан аркы жол бири– бирине катарлаш жайгашкан бир топ айылды аралап өтсө да машинелердин кыймылы аз, этияттанбай эле катуу айдаса боло берет. Рулду элпек имере башкарган Салмоорбек ара– чолодо жанында отурган атасына алдыртан көз кырын салып коет. Улуттук илимдер академиясынын Түштүк бөлүмүнүн төрагасы, белгилүү академик катары ар кандай чоң даражалуу жыйындарда жана кабыл алууларда салабаттуу мүнөзүнөн жазбай өзүн бир калыпта кармоочу атасы Жапар Текенов туулуп– өскөн айылы тарапка баратканда өзгөчө сезимге бийлетип коеру ага дайын.

Шаар ичинде жүргөндө машиненин арткы орундугунан жай алчу Жапар айылга жөнөгөндө дайыма уулуна катарлаш алдыда олтурат. Кайкып учкан карлыгачтын канатындай учу өйдө кайкалаган буурул каштары ансайын шукшурула тикирейип, көздөрүнөн от жанып, көөдөнү эргий, көңүлү көкөлөп учканы билинет. Улам ордунан обдулуп коюп, канаты болсо жол боюндагы бак– дарактарга чүмкөлгөн айылдардын үстүнөн сабалап учуп өтүп, алардын аркы кыйырынан көрүнүп турган кызгалдактар кызыл майдан болуп гүлдөгөн жашыл дөңсөөлөргө, чокусунан кар кетпеген аска– зоолуу алп тоолорго учуп жеткиси келгендей өрөпкүй тиктеп келатат.

Салмоорбек атасынын жаш баладай сезимдери алып– учкан мындай абалын шаарда сейрек көрөөрүн ойлоду. Бир – эки күн мурда Сузак районуна караштуу Калмаккырчын айылындагы өзү 7– класска чейин окуган Тоголок Молдо атындагы орто мектепте өтө турган акыркы коңгуроо салтанатына чакыруу кагазын алганда Жапар демейдеги токтоолугунан жазып толкундана түшкөн. А түгүл Кыргыз улуттук илимдер академиясынын өзү жетектеген Түштүк бөлүмүнүн алдындагы Технология институтунда ошол күндөрү өтө турган мамлекеттик бүтүрүү экзаменине комиссиянын төрагасы катары катышуудан да баш тартып, айылга бармак болгондо үйдө бир топ талаш– тартыш чыккан:

– Туура болбой калат го, мамлекеттик сынактарга жөнсүз эле катышпай койсоң… – деп байбичеси Тургунбүбү аны айнытышка аракеттенди.

– Эмнеге жөнсүз? Мен окуган мектебимден чакырып жатышса…– деп айтканынан кайткан жок Жапар Текенов.

Ушул сөздөн улам атасы үчүн бул жолку сапар кандай маанилүү экенин түшүнгөн Салмоорбек да бир күнгө ишинен суранып, айылга өзү алпарып келүүнү чечти. Атасы айыл– апанын, тууган– уруктун жакшылык– жаманы дегенде бардык ишин жыйыштырып коюп калбай бараарын билет. Ушул адатын айттырбай түшүнгөнү үчүн уулуна бүгүн айрыкча ыраазы болуп келаткансыйт. Анысын байкаган Салмоорбек «Жакшы кылган экенмин»,– деп ойлоду. Быйыл жашы онго караган өзүнүн уулу Теңирбердини да кошо алып алганы туура болгон экен. Чоң атасынын туулуп– өскөн жери болгон Көкарт өрөөнү менен Калмаккырчын айылын көрүп, анда жашап өтүшкөн улуу адамдар жөнүндөгү аңгемелерин угуп келсин.

Салмоорбек өзү да кичинекей кезинде ата– бабалары, ата журту жөнүндө атасынын дил баяндарын кулагын төшөп угуучу. Жапар аларды машинесине салып алып өз айылына алып келген сайын жол бою санжыралуу сөзү түгөнчү эмес. Турмуштагы окуялар жөнүндө не бир кызыктуу таржымалдарды айтып бергенге уста. Айрыкча, кырчындай жаш кезинде Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон атасы Теңирберди жөнүндө көп айткандыктан, балдарынын баары чоң аталарын балалык аеолуу сезими менен ыйык көрүшөр эле. Эс тарткандан бери алардын үйүндө Улуу Жеңиш майрамы чоң атанын эрдигине таазим этүүнүн, арбагын эскерүүнүн күнү катары өзгөчө белгиленип келатат. Кичинекейинен көңүлүнө кыттай куюлуп калган терең ызааты Салмоорбек эр жеткенде да өчкөн жок. Уулдуу болгонунда ага чоң атасы Теңирбердинин ысымын берди. Балдары чоңойгондон кийин эми неберелери Жапардын санжыралуу сөзүн угууга куштар. Айрыкча, согуштун каат жылдарында айылда өткөн балалыгы жөнүндө канча жолу кайталап айтса да угуудан эч бири тажабайт. Тарыхты жандуудай кылып сүрөттөгөн, көптү билген, сөзмөр чоң ата менен айылга баруунун өзү ырахат. Бекер жеринен окумуштуу, болгондо да алардын жетекчиси эмес да.

Салмоорбектин ушул оюн туйгансып, Жапар арткы орундуктагы небересине кайрыла үн катты:

– Көкарт өрөөнү деген ушул жер болот, балам.

***

Айтылуу Көкарт өрөөнү. Жай чилдесинде да аска– зоолуу чокуларындагы эрибес мөңгү, кардын салкыны уруп турган бийик тоолордун этегиндеги мелмилдеген жашыл түздүк. Бирине– бири уланып катарлаш жайгашкан айылдарды чүмкөгөн бак– дарактар жашыл деңиздей болуп көйкөлөт. Май айынын ууз кези. Чөптөр, дарактардын жалбырактары, талаа гүлдөрү эми толукшуп жетилген учур. Жашыл өңү кыяра элек табигат таптаза болуп мемирейт. Жаз жаанчыл болгондуктан, чөп коюу чыгыптыр. Тилке– тилке болуп эгилген буудай, арпа, картошка, жашылчалар жердин бетин түрдөп көтөрүлө баштаган. Быйыл кызгалдактар көп гүлдөптүр. Топ– топ болуп, тегиз ачылган маал экен. Ойдуң – талааларда айдап койгондой болуп өскөн кызыл кызгалдактар алыстан өрт кеткендей алоолоп көз арбайт. Машинеде келатса да ушул көрүнүштөрдүн ар бирине саресеп сала тиктеген Жапар:

– Кайрадан жүзүм өстүрө башташыптыр да,– деп сүйүнө үн катты айыл арасындагы бош жерлерди ээлеп, жапыз шактаган жүзүмзарга көздөрү урунганда. Азырынча даамга кире элек көкмөк мөмөлөрүнө көңүлү толгондой кылчактап тиктеди. Алардын бышкан кездеги кыйгылт, ширин даамы оозуна келе түштүбү тилин күрмөнүп алды. Ар бир жолу бул жерден өткөн сайын союз мезгилинде ушул жүзүмзардын мөмөлөрүнөн жасалган, ичкендин миң тамырын балкытып, баш айланта эңги– деңги кылуучу кыйгылт– ширин даамдуу, жыты буркураган айтылуу винолорду эстебей койбойт. «Октябрь» вино – шарап комбинатынан чыккан ошол винолордун ал кезде атагы алыска кетип, таңкыс ичкиликтердин бири катары сыйлуу дасторкондун көркү болуучу.

90-жылдары комбинаттын иши токтогондон кийин жүзүмзар да жок болуп, ал жерди үлүшкө бөлүп кеткендер ар кимиси колунан келгенин эге баштаганда зээни бир кейиди эле. Ары– бери өткөндө көздөрүн кубандыруучу жүзүм талаасын жоктоп, өрөөндүн көркү өчө түшкөнүнө башын чайкоочу. Жергиликтүү эл узак жылдар бою жүзүм өстүрүү чарбачылыгында, вино чыгаруу өндүрүшүндө иштешип, ошону менен тириликтерин өткөрүүгө ык алып калышкан экен, комбинат токтосо да бир топ жылдан кийин кайрадан жүзүм өстүрө башташыптыр. Эми вино жасала турган кыйгылт– ширин даамы бар майда кара мөмөлүү сорттору азайып, алардын ордуна базарга сатыла турган ирирээк мөмөлөр шиңгилденип көздү арбайт.

Бирок, айылдын жумушсуз калган эли бир топ эле жүдөй түшкөндөй. Жол бойлото салынган эски кызыл туникелүү үйлөрдүн көбү чөгүп эскирип, жаңыланганы аз. Оро– пара учураган адамдардын да өңдөрү мостоюп, сабырлары суздай көрүнөт. Баары– жокко тегиз көз салып келаткан Жапар Текенов бул көрүнүшкө дайымкысындай эле жаны ачып, оюна алда– нелер түштү.

Мындан жүз жыл мурда жашаган бабаларынын бири Чыйбыл болуш да өзү бийлеген Көкарт өрөөнүн аралап өтүп баратып, ата конуш жеринин жылдан жылга кунары учуп, Орусиядан күүжүм көчүрүлүп келинип жаткан жат элдин таманында калган эгин талааларды, жайыттарды көргөндө ушинтип жаны кейисе керек,– деп ойлоду. Тарыхты өчүрүүгө мүмкүн эмес. Көкарт өрөөнүн мекендеген калың журт өз башынан көп кайгы– касыретти, жоокердик замандын алаамат чабыштарын да, четтен келген бийликтин кордугу менен зомбулугун да баштан кечирген. Кыргыз эли үчүн кысталыш күндөрдө кыйкырып кылычын кындан сууруган арстан жүрөк эр Курманбектин калмак баскынчылары менен кырчылдашып согушуп, канын төккөн жер ушул. Он тогузунчу кылымдын аяк ченинде орус падышачылыгынын саясаты менен өрөөндүн суусу мол, өрүшү кенен, жолго жакын жерлерине бир– эки жылдын ичинде эле Архангельск, Сафаровка, Гавриловка, Николаевка, Дмитровка, Благовещенск сыяктуу ондон ашуун ири орус поселоктору отурукташып, жергиликтүү эл тоону көздөй сүрүлгөн. Ошол эрксиз, катаал доорлордо жайкалган эгин талааларынан, көк шибер жайыттарынан айрылышып, жолдон беймарал өтө алышпай, же алык– салыктарын төлөй алышпай кордоло баштаган элине күйгөндүктөн жеке бийлигинен да, байлыгынан да кечип, алардын эркиндиги үчүн күрөшкө чыгууга бел байлаган эр азаматтардын бири Көкарттын болушу Чыйбыл Абдылда– бий уулу эл оозунда калды.

Зыпылдаган жайлуу машинеде термелип баратса да Жапар Текенов ар бир жолу Көкарт өрөөнү баштан кечирген оор күндөрдү, эл– жеринин намысына жараган кыраан уулдарын эскерип өтөт.

***

Айылына баратканда Жапардын жүрөгүнө кусаматтуу жана жылуу сезимдерди дүргүткөн дагы бир эстутум бар. Ар бир жолу тээ алыста бүлбүлдөгөн балалыктын элестери көз алдына дааналап тартылат. Бул жолду ал жаш чагында канча жолу жөө баспады. Көкарт мектеп-интернатында, андан кийин университетте, аспирантурада окуп жүргөнүндө каникул сайын жамгыр, карды да карабай үйүн көздөй ашыгып жөнөөчү. Балалыгы өткөн айылды, анда жашашкан апасы менен инилерин сагынып жүргөндүктөн, кышкы жол азабына да кайыл. Фрунзе шаарынан чыккан поезд күнү– түнү жол жүрүп отуруп, Жалалабат шаарына кеч бешимде жетчү. Андан ары Калмаккырчынга чейинки жол 50 чакырымдай келет. Ал убакта машине каттабайт. Айылга жеткиче түн кирээрин, Көкарт дарыясын бойлоп кетчү жар түбүндөгү Кыдырма төтө жолу менен өтүү опурталдуу экенин билсе да шаарда түнөп калбастан, жолго чыкканча ашыгат.

Экинчи курстун кышкы сессиясын «эң жакшы» деген баалар менен аяктап, каникулга келгенинде аз жерден мерт болуп кала жаздаганы эсинде. Караңгыда Кыдырманын суу бойлогон бир таман жолун муз каптап, сыйгалак болуп калганын көрбөптүр. Буту тайып, аз жерден дарыяга түшүп кете жаздады. Анан бет аарчысын, баштыгынан тапкан дагы бир чүпүрөктөрдү ботинкесинин таманына ороп жөрмөлөп жүрүп зорго өттү. Суу болгон кийими шыргалаң муз болуп тоңуп, катуу үшүгөнүнөн калчылдап тили күрмөлбөй калган Жапар жатаар убакта үйүнө жетти. Бирок, уулун көргөнүнө сүйүнүчтөн көздөрүн жаштаган апасын, биринен бири талашып кучакташкан Шамшы менен Жолболду үкөлөрүн көргөндө баары унутулду. Туулган үйдүн демине, сагынган апасы менен үкөлөрүнүн дидарларына көңүлү тоюп, бүт денеси ысып толуп– ташып турду. Аларга кышкы сессиянын экзамендерин ийгиликтүү тапшырганын кабарлоого шашса да, өзүн токтоо тутуп, борбордо окуган студенттин сөөлөтүн карманып олтурат.

Жапар Текенов жолдо келатып ошол учурларды көз алдынан дагы бир жолу өткөргөнчө Кыдырмага жакындап калышкан экен. Машине жолдон Кыдырманын ичи көрүнбөйт. Кууш капчыгайга салынган көпүрөдөн өтүп баратып, айнектен үңүлө тээ төмөндү кылчактап карап алды. Жар түбүндө күрпүлдөп аккан Көкарт дарыясын жээктеп кеткен бир таман жол – анын балалык өмүрүнүн күбөсү. Ал мезгилде машине жол түшө элек. Сарыбулак, Канжыга, Аккыя айылдарынын жашоочулары дарыя бойлогон ушул кыска жол менен жөө– жалаңдап, эшек– атчандап төмөн жакта жайгашкан Таранбазарга катташчу. Андан ары Жалалабат шаарын көздөй жол кетет.

Калмаккырчын айылындагы Тоголок Молдо атындагы жети жылдык мектепти бүтүргөндөн кийин Жапар үч жыл бою Жалгызжаңгак кыштагындагы Көкарт орто мектеп– интернатына Кыдырма аркылуу каттап окуган. Мектепти аяктап, чоң турмушка кадам таштаганда ушул жол менен борбор шаарды көздөй улуу максаттарды аркалап узаган…

***

Атасынын ой-сезимдерин тымызын туйган Салмоорбек аны сөзгө салбастан, жол бою үндөбөй келатты. Калмаккырчын айылына кире бериштеги белге чыгып, жол боюнда бышык кирпичтен чыгыш стилинде салынган чоң күмбөздүн тушуна келгенде машинени айттырбай эле токтотту. Атасы Курманбек баатырдын күмбөзүнө түшүп, куран окумайынча өтпөсүн билет. Көрүнөө жерге шаңдана бийик салынган эстеликтин кыш дубалы ай– талаанын шамалына, кактап тийген күнгө, көнөктөп жааган жамгырга оңуп, эскире баштаса да сүрдүү, ыйык сезилет. Бирок, тегерегин тоскон темир тор гана болбосо, көптөн бери кароосуз калганы байкалат. Коргондун эшиги да зым менен буралып жабылыптыр. Аны көрүп Жапар тынчсыздана кетти:

– Кароолчу жок бекен?

Салмоорбек зымды бурап ачкандан кийин ичкериге киришип, дөңсөөдө турган эстеликке тепкичтер менен көтөрүлүп баратканда да эки жагын каранып кимдир– бирөөнү издегенсийт:

– Баатырдын күмбөзүнө көз салган эч ким жокпу? Зыяратка келгендер күмбөздүн ичине кире алышпай, сырттан кетишеби?

Бышырылган кызыл кыштан көркөм тургузулган эстеликтин эшигинде да кара кулпу илинип турат. Айланасындагы жерге бастырылган таш плиталардын чет жакаларына сербейип өсүп чыккан чөптөр саргайып, куурайга айланыптыр. Күмбөздү беттеп отурган Жапар Текенов куранды узакка окуду. Катарына кошулушкан уулу, небереси да үнсүз алакандарын жаят.

Аларды көрүштүбү, жолдон өтүп бараткан эки жеңил машине токтоп, андан түшүшкөн бир топ эркек, аялдар жаш балдары менен эстеликти карай бет алышты. Калмаккырчындыктар окшойт, жакындап келишкенде Жапар Текеновду таанышкандай бири– бирине жаңсашып, салам айтышкандан кийин улуу адамдын алдында ыйбоо күтүшүп, унчукпай туруп калышты. Келгендер менен салам– алик алышкан академик өзү сөзгө салды.

– Ушул айылдансынар го? Акыркы коңгуроо майрамына келаткан окшойсуздар?

– Ооба, Жапар Текенович, сизди тааныйбыз. Академик жердешибиз бар деп сыймыктанабыз,– деди алардын ичинен ак калпак кийген узун бойлуу орто жаш жигит.

– Рахмат сыйлаганыңарга. Баарыбыз калмаккырчындыктар экенбиз. Калмаккырчын – кыраандардын жери, даңкы далайга кеткен тарыхый инсандардын айылы. Курманбек баатыр ушул жерде элин жоодон коргоп, кан төккөн. Айылдын «Калмаккырчын» деп аталып калышы да ошол доорго байланыштуу. Жыгач устачылыкка жарай турган сыйда, узун солкулдак талдардын боо– боо кылып байланганын «кырчын» деп койчу. Кыргыздар кырчын талдарды улоого артып келип буюм жасашчу. Курманбек да ушул аймакта калмактар менен катуу согушуп, душмандарды боо-боо кырчын талдардай сулаткан экен. «Калмаккырчын» деген ат ошондон калыптыр.

«Курманбек» эпосунда биздин Серүүн, Кош Аң, Аң, Кароолдөбө, Кызылсуу, Жазы деген жерлерибиздин аттары аталып, ошол жерлерде кыргыз-калмактардын кармаштары болгон. Биздин айылыбыз жөн– жай жер эмес. Курманбек баатырга окшогон улуу инсандардын руху, арбактары арабызда жүрөт. Бул айылда Чыйбыл болуш деген атактуу абаларыбыз өткөн. Эл– жерди биле, сыйлай жүргүлө, балдарым!.. Курманбек сыяктуу эр жүрөк баатырлардын буту баскан, каны төгүлгөн ыйык жерде жашайбыз.

Эр Курманбектин эстелиги кароосуз калып, эшигине кулпу илинип, тегерегин чөп басканына дагы эле жаны кейигени Жапар Текеновдун куушурулган каштарынан, от чачыраган көздөрүнөн билинип турду.

 

Калмаккырчындын кыраандары

Адамдын өмүрүндө киндик кан тамган жер менен төрөлүп– өскөн үйдөн кымбат жана ыйык нерсе болбойт. Жетилип, турмуш жолуна түшкөндөн кийин насибин кайсыл жерден буюрбасын, жүрөгү туулган жерине, ата– эненин үйүнө өмүр бою тартылып турат, тамыры тереңге катылган ошол башаттан гана өзүнө күч– кубат, дем– шык алалат. Ар кимге өз айлы кооз, куттуу сезилет. «Туулган жердин түтүнү да дары» деген орус жазуучусу Грибоедовдун сөзү ташка тамга баскандай айтылган. Ата конуштун эч нерсеге теңегис касиети, жүрөк жылытаарлык куту бар.

Жапар Текеновдун туулуп– өскөн жери Сарыбулак кыштагы Калмаккырчын айылынын ойдуңунда жайгашкан. Бул эгиздей жанашкан эки айылды ортодо агып өткөн Көкарт дарыясы гана бөлүп турат. Алар Нура, Сарыбулак, Сууккыр, Жалгызкыр сыяктуу чокулары асман челген бийик тоолордун ортосундагы алакандай тегиз жайыкта, тунук булактардан, мөңгү сууларынан куралган көк кашка дарыянын жээгинде орун алган, жайы салкын, кышы жумшак, жашыл шиберлүү, абасы таза, мөл булактарга бай көркөм кыштактар. Ушундай кооз жаратылышка шайкеш келген ак көңүл, ой– сезимдери тунук, адамгерчилик менен жакшылыкты туу туткан эли бар. Борбордон алыста турушса да калмаккырчындыктардын жашоо маданиятынын бийиктиги аппапак болуп заңгырата салынган татынакай үйлөрдүн көптүгүнөн, бактуу– шактуу короо– жайларынан көрүнүп турат.

Калмаккырчындыктар сыймыктанар чоң руханий– тарыхый мурас– кенчке ээ. Алар– уюткулуу кыргыз элинин баласынан чоңуна чейин билүүчү Курманбек баатырдын урпактары. Кыргыз тарыхында Көкарт өрөөнү менен Калмаккырчын аймагы эр Курманбектин ысмы менен тыгыз байланыштуу. Ушул жерге мындан беш жүз жыл илгери жашап өткөн, ар намысты бийик тутуп, элин жоодон коргогон Курманбек баатырдын каны тамган, сөөгү коюлган.

***

Курманбек – накыл, же уламыштагы мифологиялык каарман эмес, кыргыз элинин басып өткөн жоокерчилик доорлорунда, эркиндик, биримдик үчүн күрөшкө жык даңктуу өтмүшүндө жашап өткөн тарыхый инсан. Ал жунгарлардын доорунда ХVII– ХVIII кылымдарда өмүр сүрүп, эл– жерин ойрот баскынчыларынан коргогон, аларга каршы эр жүрөктүк менен күрөшкөн. «Курманбек» эпосунда сүрөттөлгөн окуялар менен каармандар кытай, түрк, иран, өзбек, орус санжыраларында, маалымат булактарында да кеңири тастыкталган.

Калмактардын журт башчысы Дөлөн хан кыргыз жерине бастырып киргенде Курманбектин атасы Тейитбек хан:

Жолборско тийип алдың бейм,
    Жолуң болгур, Курманбек!
    Астына тартуу менен баралы! – деп жүрөгүнүн үшү кеткенине жооп кайтарып:
    Арстан Манас тукумун
    «Коркок» деп айтчу Сиз эмес!
    Кайран жерди бергиче,
    Кармашып жатып өлөлү.
    Кордугуна калгыча,
    Оо дүйнө жүзүн көрөлү!
    Эшикке келген душманды
    Ынтымак менен жеңели! (А. Жусупбековдун вариантында– З.П.) деп намыс– ариетти бийик туткан, өз Мекенинин азаттыгы үчүн башын сайган баатыр 500 жылдан ашуун мезгилден бери элдин эс тутумунда унутулбай, не деген сөз берметтерине бай ырга айланып, санжыраларында, баатырдык дастандарында жашап келди.

Ал эми жалалабаттык талант Асанбай Жусупбековдун айтымындагы дастанда туюндурулган жер аттары Көкарт өрөөнүндө күнү – бүгүнкүдөй дагы эле аталып жүрөт:

«Ат үстүндө буруттар (кыргыздар – З.П.)
    Атылган эле ок экен.
    Кырган сайын күчөгөн,
    Өлтүргөн сайын өөрчүгөн,
    Оңбогондой жоо экен.
    Бири миңге татыган,
    Жүрөктөрү тоо экен!» деп калмак баскынчылары арман кылгандай көк жал баатыр Курманбектин колу жоого кыргын салып, боо– боо түшүрүп сулаткан жер – «Калмаккырчын» айылы;
    Курманбек желдей сызып кууганын куткарбаган, качса жеткирбеген Телтору бууданы жок, жаш Койкүрөңү секире албай түшүп кеткен «Кош-Аң»;
    Баатырдын кошуну жер өңүтүн, жоонун жолун чалуучу Кароолдөбө;
    буурадай болуп күргүштөп киргенде кечүү табылбай, аттарды агызып кетчү Кызылсуу, Көкарт дарыялары;
    бабаларынын эрдигин кийинки урпактар билип калсын деп бошоткон жердин теректерине тамга басуудан улам айтылып калган «Тамгатерек»;
    Курманбектин кошунундагы аттар соолто ичип кеткен «Каккөл» сыяктуу жер аттары сакталып калган.

Калмаккырчын айылында Кош-Аң менен Аңдын ортосундагы кичинекей дөбөчөдө бышык кыштан тургузулган Курманбек баатырдын күмбөзү турат. Аны Курманбек курман болгондо оо дүйнөгө узаткан Кашкар ханы Аккан досу салдырган деген божомол ооздон оозго көчүп келген.

«Кайран көк жал Курманбек,
    Калкым деп жүрүп өлдү го!
    Калдайтып күмбөз биз курсак,
    Калкына калаар белги го!
    Кыргыз деп жүрүп өлдү го,
    Кыямат жүзүн көрдү го!
    Кылдаттап күмбөз биз курсак,
    Кылымга калар белги го!» – деп достукка бекем Аккан бир көзүнөн кан, бир көзүнөн жаш агызып жүрүп кургузган күмбөз 500 жылдан ашуун мезгилди арытып, биздин күнгө жетсе да, эскирип, бара– бара дубалы урап, кыштары таланып– тонолуп калганда 1993– жылы кайрадан тикеленди.

Оо, ошол жылдары Курманбек баатырдын руху кайрадан жаркырап жылдыз болуп жанып, улуттук сыймык добулбастай кагылып, Манастан кийинки эле баатырынын арбагын сыйлаган эл– журт анын эстелигин өлбөс– өчпөс кылып жаңылоону чечишти. Жол четиндеги эски күмбөзгө буга чейин эле өткөн– кеткен жолоочулар токтошуп, куран түшүрүшүп, зыярат жасап келишкен. Курманбекке өлбөстүктү берген карапайым эл өзү болгон. Ал эми өлкөбүз эгемендүүлүк алып, өз алдынча мамлекеттүүлүккө жетишкенден кийин тарыхый эстеликтерин, өз өтмүшүн улуттук деңгээлде кадырлап, рухий бөксөнү толтурууга даңгыр жол ачылды.

1993-жылы Курманбектин күмбөзүн жаңылап көтөрүү жөнүндө демилге башталып, жалпы эл тарабынан колдоого алынды. Археологдордун, дин өкүлдөрүнүн көз алдында эски жайды казганда алп мүчөлүү адамдын сөөгүнүн чыгышы бул жерге Курманбек көмүлгөн деген божомолду ырастады. Эл баатырынан аянбаган көпчүлүктүн бир тамчыдан чогулткан каражатына бышык кызыл кыштан ай төбөлдөнгөн бийик күмбөз– эстелик курулду. Анын ачылышына Кыргызстандын ошол учурдагы Президенти катышып, эл– журт үчүн тарыхты, ата– баба эмгегин эскерүүнүн унутулгус күнү болду.

Бул саамалык андан ары улантылып, 2001– жылы Жалалабат облусунда Курманбек баатырдын 500 жылдыгы чоң салтанат менен өткөрүлөт. Мааракеге карата жергиликтүү акын жана фольклорист Асанбай Жусупбековдун айтымында «Курманбек» эпосунун толукталган варианты жарык көрүп, Жалалабат шаарынын дарбазасынын жанына Курманбектин бийик айкели жана архитектура ансамбли орнотулат. Жаңы курулган ат майданы да баатырдын жан жолдошу болгон Телторунун аты менен аталат.

***

Калмаккырчын айылына кире бериштеги жолдун сол жагында дагы эки чакан жаңы күмбөз турат. Булар бир кылым мурда Көкарт жана Тогузторо өрөөндөрүн бийлешкен бир туугандар: Нусуп, Чыйбыл жана Чыйбылдын уулуЖоробек болуштарга эл– журтунун койгон эстеликтери, 1993– жылы Курманбектин күмбөзү менен бирге тургузулган.

«Бетеге кетип бел калат, бектер кетип эл калат» дегендей Көкарт өрөөнүнүн тарыхында көп эле журт башы колунан келишинче, акылынын жетишинче бийлик жүргүзүп, замандын тагдырын каалагандай калчап келишкен. Алардын баары эле калайык– калктын эс– тутумунда сакталып калбаптыр. Бирок, он сегизинчи кылымдын аягында он тогузунчу кылымдын башында Көкарт өрөөнүнүн башкаруучуларынын династиясын түзүшкөн Абдылда бий, анын уулдары Нусуп менен Чыйбыл болуштар жана Чыйбыл болуштун уулу Жоробек болуш жөнүндө уламалуу кептер ушул күнгө чейин үзүлбөй, улам кийинкилерге сабак болуп айтылып келатат. Көөнө тарыхы жоокерчилик менен өткөн элибиз бийлик ээлерин пир тутпастан, намыска туулган, эл үчүн башын канжыгага байлаган эр жигиттерди бийик көрүшүп, аларга өлбөстүк берип, арбагын түбөлүккө сыйлашат. Чыйбыл болуш да өз доорунда арстан жүрөктүгү менен даңкы чыккан жана өмүрү оор сыноолорго туш болгон татаал тагдырдын ээси.

Чыйбыл болуштун атасы чоң уруулардын бири Басыз уруусунун бир бутагы болгон Каман уруусунан чыккан Абдылда бий Кокон хандыгынын мезгилинде Тогузторо, Көкарт аймактарын бийлеген. Калкына кайрымдуу, калыс сөздүү, курч акылы менен өз элинде да, хан ордосунда да кадыр тапкан журт башчысы болгон экен.

1860– жылдары Кокон ханы Кудаярдын кыргыз бийлерине нааразычылыгы күчөйт. Ачкөздүгү ашына баштаган өкүмдардин ою боюнча кыргыз эли ага алык– салыктарды жакшы төлөшпөй, тоотпой калышты. Ал үчүн алгач жергиликтүү журт башчыларын жазалоону чечип, түштүк аймагын башкарышкан 40 бийдин башын алдырат. Алардын ичинде Абдылда бий да бар болуучу. Артында калышкан уулдары Нусуп менен Чыйбыл эми эр жете башташканда атадан да, байлыктан да, бийликтин жыргал – үзүрүнөн да ажырашып, бир топ жылдар бою азар тартышат.

Орус падышачылыгы Кокон хандыгын кулаткандан кийин, кыргыз журтчулугун колго алууну көздөп, Кудаяр хандын кандуу бийлиги тарабынан өлтүрүлгөн бийлердин үй– бүлөсүнө жардам бермекчи болот. Орус бийлиги кандай жардам керектигин сураганда Чыйбыл атасынын бийлиги менен байлыгын бергиле деп өтүнөт. Тайманбас чыгаан мүнөз мырза орус бийлигине да жагып калганбы, Нусупту Тогузторо, Чыйбылды Көкарт болуштуктарына болуш кылып шайлайт.

Атасынын кунун кайтарганы үчүн орус падышачылыгына ыраазы болгон Чыйбыл болуш агасы экөө жан дилдери менен ага кызмат кылууга киришет. Аз эле жылдардын ичинде Көкарт болуштугунда орус келгиндеринин көчүрүлүп келиши күчөп, бүтүндөй орус кыштактары биринин артынан бири пайда боло баштады. Ата– бабаларынан мураска калган асыл жерлеринен, жайыттарынан сүрүлүшкөнүнө жаны ачыган көкарттык элдин ичинен «орусту ээрчитип келдиң» дешип Чыйбыл болушка да доомат айтчулар чыкты. Адегенде ага Кокон хандыгына караганда алда– канча адилет жана өсүп– өнүгүшү жагынан да алдыда тургандай сезилген Орусия мамлекетинин колониалдык саясатын түшүнгүчө бир топ жылдар өтөт. Жеке башынын жыргалынан элдин тагдырын бийик койгон болуш 20 жылдан кийин ага каршы күрөшкө аттанат. Чыйбыл болуш анжияндык Мадали эшенге кошулуп, 1998– жылкы кыргыз– өзбек боштондук көтөрүлүшүн уюштуруучулардын бири болгон. Бул көтөрүлүш тарыхта «Анжиян көтөрүлүшү» деген ат менен калды. Көтөрүлүш жеңилип, анын башчылары дарга асылып, ал эми Чыйбыл менен ак таңдай акын Токтогул баш болгон 300дөн ашуун эр азаматтар сүргүнгө айдалган.

Чыйбыл болуш куш учуп жете алгыс Сибирге жөө айдалып баратып, жолдо каза табат. Бул жөнүндө аны менен бирге кеткен Токтогул сүргүндөн качып келгенинде билдирет.

Көрдүң бекен, Токтогул,
    Көкарттан кеткен Чыйбылды?
    Күмүш боолуу туйгунду?– деген Эшмамбет акындын суроосуна
    Токтогул:
    Көрүп жүрдүм өлгөнчө,
    Көкарттан барган Чыйбылды.
    Айдалып кетип баратып,
    Жолдо калды өлгөндө.
    Жору, кузгун жеди окшойт,
    Адам чыкпай көмгөнгө,– деп жооп берген экен.

Алтын башы ардакталып, аруу жуулуп, ак кепинделип көмүлбөй, ай– талаада азап тартып өлгөн Чыйбыл болушту, анын көк жал кайратын көкарттыктар унуткан жок. Ата– бабадан мураска калган ыйык жерди, рухун жат буттарга тебелеп– тепсетүүгө абийири чыдабаган намыскөй мырзанын денеси бөтөн жерде, бөтөн элде калса да, жүздөгөн жылдар бою унутулбай элдин жүрөгүндө бийик, сыйлуу болуп жашады. Бирок, Москвага көз каранды мезгилде ал жөнүндө ачык айтылбай келген.

Октябрь революциясы жеңгенден кийин Чыйбыл болуштун эл– журтуна кадыр– баркы эске алынганбы, же атасын тартып өткүрлүгү, иш билгилиги менен жакканбы жаңы бийлик Көкарт өрөөнүнүн башкармалыгына Чыйбыл болуштун уулу Жоробекти коюшат. 36– 37– жылдарга чейин эл бийлеген Жоробектин тагдыры да аталарындай эле кайгылуу бүттү. Репрессия башталганда бий уулунун тукуму катары айыпталып камакка алынгандан кийин анын өзүн турмак сөөгүн да эч ким көргөн жок.

Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары улуттук өзүн өзү таануунун күчтүү толкуну эң биринчи эл баатырларын эстетти. 1993-жылы Курманбектин күмбөзү тикеленгенде эл– журттун эс тутумунда жүрүшкөн эки бир тууган Нусуп,Чыйбыл, Жоробек болуштарга да куран окутулуп, аларга эстелик тургузулду.

Нусуп көз жумаарда «Мени жолдун үстүнө койгула» деп керээз калтырган экен. Ошол учурдагы шартка байланыштуу бул өтүнүчү орундалбай, Калмаккырчын айылынын жолдун төмөн жагында жайгашкан жалпы көрүстөнүнөн жай берилет. Журт башчынын керээзи эгемендүүлүк жылдары гана ишке ашты. Анын мүрзөсү кайрадан кан жолдун тоо этектеген дөң жагына которулуп, эстелик тургузулду. Эстеликке үчөөнүн: Нусуп менен кошо эле Чыйбыл жана Жоробек болуштардын ысымдары да жазылды.

Көкарт өрөөнүнүн эли өз баатырларын, чыгаан инсандарын унутушпай, ар убак алардын эрдиктерине, иштерине таазим этип, урматтай билишет. Мындай чыгаандардан бүгүн да уучтары кур эмес, эртеңкиге да үмүттүү карашат.

 

«Чоң үйдүн» баласы

«Ата мурасы» деген ыйык сөз бар. Бул түшүнүк атадан балага бир гана кабат– кабат ак сарайды, капчык толо алтынды, жайытка батпаган малды, көйкөлгөн эгин талааны, же ишканаларга кожоюндукту калтырат дегендикти билдирбейт. Биздин кыргыз элинде «ата мурасы» деп миңдеген жылдар бою көөдөнүндө, акыл– эсинде, ой– туюмунда, ырлары менен комуз күүлөрүндө, узанган устачылыгы менен бармак безенген чеберчилигинде, акыл– насаатында жыйнаган руханий байлыкты айтышат. Ата– бабалардын уят менен абийирди, ак менен караны, намыс менен эрдикти, мээнеткечтикти, эл– жерин сүйүү менен аны кашык каны калгыча коргоону, аксакалын ардактаган, баланы ыйык көргөн, даанышмандык менен сабырдуулукту бийик туткан турмуштук тажрыйбалары муундан– муунга өтүп келди. Бир чоң үй– бүлө ынтымак менен күн кечиришип, улуусун урматтап, кичүүсүн ызааттап, кичинесинен чоңуна чейин үй– бүлөлүк асыл нарктарга баш ийип, ар ким өз ордун жана жоопкерчилигин так билген жана аткарган улуу тарбиядан таалим алуу Жапардын да бешенесине буйруптур.

Ал чоң ата, чоң энеси жашашкан «чоң үйдө» өсүп – чоңойду. Сегиз бир туугандын ичинен төртүнчү перзент болгон Теңирберди (ал кичинекейинде эркелетип жүрүшүп «Текен» атыктырып коюшкан экен ) ата– энеси менен бирге турар эле. Чоң уулдарын үйлөп, кыздарын күйөөгө беришкенден кийин Мамасейит уста менен Тоту байбиче ата конушун ортончу баласы Текенге ыраа көрүшөт, ал эми алардын мугалим болуп иштеген эң кичүү уулу Ысак али үйлөнүп– жайлана элек. Ал да булар менен чогуу жашайт. Жаш болсо да тил билги, адамга жакын чыккан Текендин багына келинчеги Сайкал да сөз көтөрүмдүү, иштерман, жайдары мүнөзү менен кайын– журтуна жагып, ата– энени, тууган– урукту кадырлоо жагынан бири– бирине төп келишип турган эки жаш карылардын батасына көп арзышкан. Мамасейит уста үйлөнүп– жайланышкан үч уулун тең өзүнүн жанына там салып бөлгөн. Ар биринин түтүн булатар очоктору башка болсо да бардык бир туугандардын, алардын балдарынын да куттуу ордосу– ата– эне турган «чоң үй». Сарыбулак айылында жайгашкан «чоң үй» өзгөчө мээрими, берекеси менен уул-кыздарын, неберелерин өзүнө магниттей тартып турчу. Кимисинде кандай гана масилет болбосун баары «чоң үйгө» чогулушуп, ортого салышып талкуулашып, чогуу чечишет.

Жапар чоң атасы Мамасейитти элес-булас билет. Сеңселген аппак сакалчан, саамайлары агарып, муруту буурул тарткан бакубат турпаты менен көз алдында калды. Бирок, эс тарткандан баштап чоң атасы жөнүндө эл оозунан не бир аңыз кептерди укканда жакшынын тукумунан экенине сыймыктанган сезимге көөдөнү көтөрүлө түшөр эле.

Мамасейит Көкарт өрөөнүнө колунан көөрү төгүлгөн темир устачылыгы, күмүшкө жан киргизген зергерлиги, атканын кыя кетирбеген мергенчилиги менен таанымал эле. Каман уруусунан чыккан сарыбулактык Мамасейит уста жөнүндөгү маалыматтарды, анын колунан жаралган жасалгаларды тагынып түшкөн аялдардын сүрөттөрүн кийин Жапар эски китептерден окуп, көрүп да жүрдү. Көргөн– билгендердин айтуусунда Мамасейит алдым– жуттум, ачкөздүк сыяктуу пенделик илдеттерден алыс, бүт ой– дилин өз өнөрүнүн сырына багыштаган, табигатты жанындай сүйгөн момун, ак көңүл адам болгон экен.

Устанын жасаган буюмдары ушул күнгө чейин эл арасында сакталып калган. Айрыкча сабы табылгыдан, эликтин туягынан, бышык дарактардын бутактарынан ичкерээк жасалып, жакшы ултарылган кайыштын тилимдеринен не бир түр менен келиштире өрүлгөн солкулдак аземдүү камчылар бийлердин, болуштардын, байлардын келин– кыздарынын, жубайларынын арасында баркы ашып, аял жасалгаларынын кооз буюмдарынын бири катары жогору бааланган.

Мамасейиттин колунан жаралган күмүш кулак сөйкө, шакек, билерик, чач учтуктар, кеп чачтар кыз себине, уул тоюна берилген. Колунда барлар устаны үйлөрүнө алып кетишип, сеп жасалгаларын күндөп, айлап жатып алып узанган. Мындан тышкары куюшкан, көмөлдүрүк, ээр, тизгин сыяктуу ат жабдыктарына күмүш бастырып жасоо жагынан Мамасейитке жеткен уста болбоптур. Күмүш кармаган адам өзүн таза алып жүрүп, ак иштеп, өз өнөрүн адал тутунбаса күмүштүн кусуру урат деген түшүнүктү бекем карманган. Канчалык атактуу уста болсо да өз иши үчүн озунуп акы сурабай, бергендерин аз дебей, көп дебей ыраазы болуп алып, бай– жарды деп бөлбөй, баарына тегиз караган мүнөзү менен эл оозуна алынган дешет.

Зергер– устанын көңүл кушу түшкөн дагы бир өнөрү – мергенчилик болуптур. Апталап, айлап баш көтөрбөй эңилип олтуруп колдогу ишин бүтүргөндөн кийин беш атарын артынып алып, аска– зоонун арасын көздөй жүрүп берчү. Күмүштү өтө кылдаттык менен узануудан дасыгып бүткөн чеберчилиги мергенчиликте да пайдасы тийип, мээлегенин кыя кетирбейт. Чокусу көк тиреген аскалардын арасында жатып– конуп жүрүп аткан кайберендерди тоо этегине сүйрөп түшүп, анан ал жердеги тушалуу атына артып үйүнө келатканда жол бою шыралга таркатып жүрүп олтурат. Мергендин жок дебеген ак көңүлдүгүн билгендер жолунан тосуп чыгышса алардын колдорун куру калтырбай олжосун бөлүп бере берип, үйүнө бир кийиктин этин же бир санын араң алып келчү экен.

«Ак ийилип сынбайт» деген айныксыз чындык устанын үй– бүлөсүн да чоң балээден сактап калат. Ак эмгеги менен турмушун тыңдап, үй– бүлөсүн муңдурбай багып келген Мамасейит совет бийлиги орногондо кулакка тартыла турган болот. Аны Жалалабат шаарына алып келишип, өзү сыяктуу «тап душмандардын» арасына кошуп, бир топ күн кармашат. Кайсыл бир күнү аларды катарга тизишип, тизмелерин тактап жатканда «Мамасейит» деген өз атын уккан уста «мен!» деп колун көтөрөт. Өмүр бою балта– тешеси колунан түшпөй узануудан чор болуп каткан алакандарды байкап калганбы кызыл шапке «начальниктердин» бири жанына басып келип колун кармалап көрүп: «Бул мээнеткеч адамдын колу экен. Мындай колдун ээси кантип бай болмок эле», – деп бошотуп жибериптир.

Ушундай санжыралуу өмүр сүрүп, артында талант кудурети менен жараткан не бир аземдүү күмүш буюмдарын гана мураска калтырбастан, кызыр жылоологон атактуу уста, жоомарт жана жакшы адам катары элдин оозунда түшпөй жомоктолуп айтылып келген чоң атасы Жапар үч– төрт жашка чыкканда көз жумду.

Эл жайлоодон көчүп келе баштаган маал эле. Эгин талаалар саргайган аңызга айланып, талаада мал кайтарып жүргөнүндө жылаңайлак буттарына чөңөр кирген күздүн күндөрү экени эсинде. Көп күндөрдөн бери төшөктө жаткан чоң атасы ошол күнү: «Мени эшикке алып чыккыла?» деп буйруду. Уулдары жөлөп– таяшып, үй алдындагы орулган чөптүн алдынан түрүлүп кайра чыга баштаган жашаң шибердин үстүнө калың салынган төшөккө жаткырышты. Бийик коюлган жаздыкка баш койгон Мамасейит таза абадан аптыга жутуп алып, тунарган көздөрү тээ мунарыкка тепчиле телмирди. Асылган оорудан кайра баш көтөрөрүнө түңүлүп, жарык дүйнө менен коштошкон ушул мүнөттөрдө анын көңүлүнө нелер келип, нелер кетпеди экен? Жарыктык, өлүмдү да момундук менен кабыл алып, көрөөр күнү түгөнгөндө оо дүйнөгө жылжып аккан суудай болуп жумшак гана узап кетти.

***

Чоң атасынан эрте ажыраса да Жапар чоң энеси Тотунун акыл– насаатына кулагы канып, мээримине балкып, адамдык өрнөгүн дилине сиңирип өстү. Тоту анжияндык кыргыздардын Мундуз уруусунун кызы болгон. Чөл жеринде коон, шабдаалы жеп, коргондун ичинен чыкпай чоңойгон Тоту байбиче мунайым назик мүнөзү, көп эле эшик– эликке серпилип чыкпаган ыйбоолугу, аял наркын бийик сактаган адеби менен айылдагы аялдардын арасынан көзгө түшүп турчу. Өз алдынча айыл аралап баспай, кадырын салып чакырган жерге да көңүлү сүйсө барып, орду менен сүйлөгөн устанын байбичеси өзүнүн уул– кыздарына, неберелерине да баркы бийик эле. Келин– кыздары анын алдынан кыя өтүшпөй бардык нерсе жөнүндө кеңешишип, айткандарын илгиртпей аткарууга дилгир. Ал эми жанынан чыгышпаган неберелери санжыралуу кебин, оозу толо макал, уламыш, же накыл сөздөрдү угууга куштар. Көптү билген акылгөй байбиченин ар бир сөзү баа жетпеген дөөлөттөй угумдуу, шаанилүү чыгат.

Тоту үй толо бала– чакасын эзели каргап– шилеп урушуп, же колун көтөрүп урган эмес. Тентектиги көп эле ашынып кеткен, же сөз укпаган неберелеринин артынан секин басып келип, жүн сабоосу менен бутунан сылай чаап койгону болбосо баарын бооруна батырып, энелик мээримин аянбаган айкөлдүгү жанда жок. Өзү сегиз баланы тарбиялап– өстүргөнү аз келгенсип балдарынын балдарын алпештеп багып, абышкасынын көзү өткөндөн кийин да очор– бачар чоң үй– бүлөнүн түйшүгүнө түтүп, канатын жазган сайын куту төгүлгөн, тамыры тереңге катылган бай түп дарактай асыл касиеттери менен урпактарынын жүрөгүндө калды. Даанышман эне согуштан кайтпай калган уулу Текендин журтун ээнсиретпей бала– чакасына баш– көз болуп, үзүлгөнүн улап, жыртылганын курап, чычканга кебегин алдырбай коргоп, өлөөр– өлгөнчө бирге турду. Башка балдарынын үйүнө барганында бир күн да түнөгөнү калчу эмес.

Чоң энесинин көзү өткөнчө «чоң үйдө» бирге жашаган Жапар айрыкча сүймөнчүгү эле. Жайлоого көчкөндө да мал караганга аны өзү менен кошо ала кетет. Тоту байбиче жайлоодо өзүнчө өргөө көтөрүп үй тигип олтурат. Келиндеринин да үйлөрү ага жанаша конуп, өздөрүнчө эле бир айыл. Бирок, менчик малдары чогуу, жайыты, короосу бир, аларды багып– караш Жапарга жүктөлгөн.

Малды да тетик карап, таңзаардан таттуу уйкусун кечип эрте туруп убагында жайытка айдап, кечке оюнга алаксыбай көз салып, күүгүм талаш бардыгын түгөлдөп, итке– кушка алдырбай короого өз убагында айдап келишке бардык эле балдар жарай бербейт. Саалган сүттөн май, каймак алыш үчүн күү бышкан, казан– казан курут кайнатканда түбүнө тарткызбай чоң кепкир менен аралаштырган, жагыла турган отунду мол камдаган да ал. Жалакайланбаган дулдул мүнөзүнө ичтери жылыган чоң энеси менен чоң апалары «Бактылуу бол! Өмүрлүү болуп, өнүп– өс!» деп дайыма алкашчу. Табиятынан оор басырык, мээнеткеч, ошол эле убакта акылы сергек, тирикарак Жапар чоң үй– бүлөнүн, өздөрүнүкүнө кошуп абаларынын кой– эчкилерин, уй– торпокторун көзүнүн карегиндей карап, чыгым чыгарбай бакканга кичинесинен маш болду.

***

Ал күндөрдү эстегенде дайыма бир окуя көз алдына келет. Кайсыл бир жылы орозо айы жайкы жайлоо убагына туш келип, Жапар энеси экөө орозо тутушкан. Саарлыкка турушканда эзилген курутка сары май кошуп, жупка туурап жакшылап тоюшат, артынан кызыл демделген чай ичишет. Балкаймак, жуурат айран да каалашынча. Күчтүү тамактын деми менен кеч киргенге чейин карындары ачпай чыдашчу экен. Бир жолу коңшу конгон үйдүн ээси кыштоого жөнөп, жаш балдары «биз менен жатып турсун, өзүбүз коркобуз» деп чоң энесинен Жапарды сурап кетишти. Баары орозо кармашыптыр. Саарлыкка турушканда тамак жасаштан эриништиби, же жарытылуу оокаттары жок беле, айтор жүгөрү талканды кымызга чылап ичишип, ооз бекитишет.

Жапар эрте менен ойгонгондо эле курсагы ачып курулдай баштаган экен. Үйгө келип чоң энесине айтса: «Эптеп чыда, балам! Андан көрө алаксып келчи»,– деп тезек тергенге жөнөтөт.

Ошол күндүн өтмөгү ай! Тоо башынан кандай жай көтөрүлсө асманды арытып жылмагы андан жай болуп, дегеле кеч кирейин дебейт. Ооз ачаар маалга зорго жетип, тамакка оозу тийгенде жашоонун бардык ырахаты бир тең, энесинин жаңы жасаган майламасынын даамы бир тең сезилди. Кечке кезээрип жүргөн азабынын эсесин чыгарып, дасторкондогу даамдарга өзү тойсо да көзү тойбойт. Жайытта жүргөн койлорду короого айдап келүү да эстен чыгып кетиптир. Тоту байбиче шам– шум этип оозун ачкандан кийин кечки шам намазды окууга киришти. Намазын окуп бүтүп, анын артынан балдарынын ар биринин атын атап, узун өмүр, бак– таалай тилеп дуба кылгыча күүгүм кирип калган. Ошондо гана талаада калган малды эстешти.

Коркуп кетишкен эне– бала караңгыга карабай экөө эки жакка бөлүнүп койлорду тоо– таштардын арасынан издеп жөнөштү. Жаш балага карайган жылга– колоттордогу тобулгу, караган, четиндин бадалдары бугуп жаткан желмогузга, же азуулуу жырткычка окшоп көрүнүп, жүрөгү сестенет. Койлорду таппай калсакчы деген ойдон ансайын коркот. Талаада калган мал ит– куштун жеми болгону жөнүндө көп эле угуп– көрүп жүрөт. Өздөрүнүкү эле болсо да мейли эле, абаларынын койлору үчүн да жооп берерин ойлогондо жүрөк титирейт.

Ошентип, күйүгүп ары чуркап, бери чуркап жүрүп койлорду асканын алдынан тапты. Күнү бою бетегелүү жайлоонун чөбүнө тойгон койлор жуушап жатыптыр. Эми аларды айдап көр. Кой жаныбар караңгыда такыр баспай үркүп туруп алат. Алардын баштоочусу ак серкечти таап, жетелеп алдыга салгандан кийин артынан ээрчип жөнөштү. Энеси экөө зорго чогултуп айдап келишип, короого киргизишти. Ошондо Тоту байбиченин айтканы бар: «Кой, балам, уят өлүмдөн катуу. Бизге ишенгенден кийин малды жакшы карайлы. Орозо тутпай эле кой».

***

Чоң энеси 1948-жылы Жапар Көкарт мектеп– интернатынын 8– классында окуп жатканда кайтыш болду. «Энең ооруп жатат»,– деп Абдыкерим абасы ат жетелеп келиптир. Бала кыялында эң жакын адамын жамандыкка кыйбаган Жапар чоң энеси ал жок сагынып эле кеселдеп калгандыр деп ойлоп, тезирээк жетиш үчүн минген атын тынбай камчылап ашыгып жатты. Өзүн ошентип алдаса да жүрөгү алда бир суук кабарды сезгендей коолдоп муздайт.

Жапар азага тигилген боз үйдү тегеректеген абаларынын катарында туруп, согуштан кайтпай калган атасынын ордуна өкүрүп жатты. «Эсил кайран энем ой! Эми кайдан табайын!...» Ушул сөздү айткан сайын ымыркай кезден этегине салып, канатына калкалап келген энелик мээримден, опол тоодой тирегинен, «чоң үйдүн» кутунан ажыраганын балалык жүрөгү менен сыздап туюп, жигери эзилет.

Ошол жылдын кышы мурда болуп көрбөгөндөй катуу түшүп, мектеп– интернаттын от жагылбаган суук кааналарында тоңуп– титереп олтурган, курсагы да ач, энесине кусалык ансайын жетимсиретип томсорткон күндөр унутулгус болуп жүрөгүнө терең батты.

 

«Жүз мугалимден жалгыз ата артык…»

Ар бир адам – өз атасынын мураскери. «Кимдин уулусуң?» деп сурашат айыл аксакалдары бейтааныштан. Өз атынан мурда атасынын атын атап тааныштырар асыл салт бар кыргыз элинде. «Атанын уулу» деп баа беришет жакшы чыкма жигитке. Жаманатты болсо да атага наалат келет. Тескерисинче атанын бардык жакшы– жамандыгы өз балдарына калтырган мурасы, жаманынан качып кутула албайсың, ал эми жакшылыгы ар– намыс болуп жолуңа туу саят.

Ал эми эр жигитке баа берээрде атасына салыштырат. «Атадан кем чыккан уул», «Атага тең чыккан уул» жана «Атадан артык чыккан уул». Мындан өткөн катаал сыноо болбос. «Жети атаңды бил» деген улуу насаат ата– баланын, бир нече муундардын ортосундагы руханий, физиологиялык бекем байланышты таанып– билүүдөн келип чыкса керек. Кыргыз эли ушул жашоо мыйзамченемин туу туткандыгы үчүн өзүн эл катары сактап калгандыр.

Жапар атанын кадырын өтө эрте түшүнүп, анын зарын жаштайынан тартты. Бар нерсенин баркын сезүү кыйын, ал эми жоготкондо гана ал бизге кандай кымбат экени билинет. Балтырканы ката элек уул бала үчүн аска– зоосу, коргоочусу болоор атасынан ажыроодон өткөн азап барбы? Атанын калбаат карааны, жүрүм– туруму, сүйлөгөн сөзү сүйүү менен тарбиянын чоң башаты эмес беле. Анын жеке өрнөгүн даанышмандын даанышманынын да берген таалими алмаштыра албайт. Ошондуктан, «жүз мугалимден бир ата артык» деген накыл сөз калган экен улуулардан.

Академик Жапар Текенов өз өмүрүндө не деген ойчулдардын китептерин окубады, оозунан мээр төгүлгөн атактуу инсандар менен сүйлөшпөдү, илимпоздордун чордонунда жүрүп, аларды жетектеп да келатат. Бирок, бала кезинде айрылган атасынын көңүлдө бүдөмүк калган элесин, баскан – турганын, аталык мээримин эч нерсеге теңебейт. Жүрөгүнүн тереңине тумардай бекем катып, турмуштун татаал жолунда чаалыкса дем берер, арып– азганда азыктандырар, адашса жол көрсөтөр ыйык туусу, таянар тоосу катары бийик да, ыйык да көрүп келатат.

***

Текен өз атасынын усталык өнөрүн аркалабаса да, табиятынан кара жумушка жакын, колдору күрөктөй болгон, тоону томкорор күчү бар дыйкан чыгыптыр. 30– жылдары Калмаккырчын айылында уюштурулган Ворошилов колхозуна эң алгачкылардан болуп кирип, чарбанын кайсыл оор жумушунда болбосун баш тартпай батыл иштеп, ата– эне баш болгон чоң үй– бүлөсүн эч нерседен кем кылбай баккан.

Жапардын эсинде атасы колхоздун кырманында иштеп жүргөн учуру калды. Колхоздун молотилкасында бирде 4– 5 атты мамыга тизип байлап алып, тегерете айдап, буудайдын саманын бөлөк, данын бөлөктөп майдаласа, бирде айылдын чаңдуу жолунда молокуш менен буудай ташыйт. Жүктөп келген боо– боо буудайды түшүрүшүп жыйгыча өзү да карап турбай айрыны колго алып коюп, боолорду катар сайып ыргытат. Кирпиктерин, каштарын аппак болуп чаң каптап көрүнбөй, күнгө күйгөн кызыл– тору бешенесинен, жаагынан салаалап тер куюлуп турса да маңдайы жарык, шатыра– шатман сүйлөгөн, кушбак мүнөздүү адам эле.

Иштен түн кире кеч кайтканда үйдүн ичи толо түшкөнсүйт. «Чарчадым» деп жатып албай, уулдарын алмак– салмак мойнуна мингизип эркелетип, ата– энесинин маңдайында олтуруп сүйлөшө алардын да черин жазып, анан короодо өстүрүлгөн нокот, картошка, жүгөрүнү ай жарыгында отоп– чаап, сугарып тыным билбейт. Көрсө ошол убакта 25– 30 курактагы иштесе ишке, ичсе ашка тойбой, жигиттик баралына келип, кайрат – күчү чатырап ашып– ташып турган убагы экен.

Өзү сабатсыз болгондугуна арманы күчпү, тун уулу Жапар 1– класска окууга барганда жетине албай сүйүнгөн. Күнүгө кечинде уулу китеп– дептерлерин карап жатканда төбөсү көккө жете түшкөнсүйт. Анын келечеги жөнүндө ширин ой– кыялдарга чөмүлөт. Жапар 1– классты «эң жакшы» баалар менен аяктаганы үчүн мектеп жабылаарда 3 сом акча менен сыйланган. Аны уккан Текен молотилкага чегилген аттардын бирин чечип минип, мектепке чаап барат. Окуучулардын жыл жыйынтыктаган жалпы чогулушу аяктап, таркай башташкан эле. Уулун атка так өңөрүп алган атасы аны өөп– жыттап, жан– алы калбай алкап, үйгө жеңиштүү түр менен кайтышты.

Ош– Бишкек жолунун Көкарт ашуусу аркылуу өтө турган курулушу башталып, күзгү жыйым бүткөндөн кийин айылдагы ишке жараган эркектердин баары жол курууга кетишти. Текен да алардын ичинде. Ал мезгилде кайдагы техника. Бардык иш кетмен, күрөк, замбил менен бүткөрүлүп жатты. Кара күчтүн ээси, ак ниети менен аянбай иштеген Текендин ысмы ар бир жыйында алдыңкылардын катарында аталып, алкышка ээ болот. Сыйлыкка алган трико кездемени үйүнө кубануу менен көтөрүп келип, бардыгы бир сыйра кызыл– жабыр кийим тиктирип кийишкен. Атасынын бул сыйлыгы баласы үчүн сыймык, ушундай мыкты атасы бардыгына балдардын алдында көтөрүлүп калаар эле. Ошол дүйнөсү түгөл, санаасы тынч бактылуу балалыктын күндөрү көпкө узабады.

***

Улуу Ата Мекендик согуш башталганда Текен айылдагы эркектердин алгачкыларынан болуп кан майданга аттанды. Адегенде Жалалабаттан көп алыс эмес жерде аскердик даярдыктан өткөнбү, аскер шинелин, өтүк, тумагын кийип келип кайырлашып кеткен. Балакатка жете элек жети– сегиз жаштагы Жапар атасын Таранбазарга чейин жөө узатып келишкенде эмне үчүн энеси менен апасынын көздөрүнөн жаш токтобой агып жатканына түшүнгөн эмес. Узун шинели өтүгүнө урунуп катуу– катуу демигип баскан атасынын өңү кара көк болуп түйүлүп, бутуна оролушуп ыйлаган Шамшыны улам көтөрүп ала коет да, күрөктөй болгон алакандары менен уулунун жашын аарчыйт. Анын катарында үндөбөй келаткан Жапардын балалык баео сезимин «согуш» деген сөз, эл– журттун коогалаң түрү бир аз кооптонтсо да, майданды өзү балдар менен жыгачтан жасалган кылыч чаап ойношкондой көрүп, карааны опол тоодой көрүнчү атасы кайсыл душман менен беттешпесин жеңип чыгаарына ишеничи күчтүү эле. Бир гана эми ал келгиче ким мойнуна мингизип эркелетер экен?

Текендин балдарын сүйгөндүгү ушунчалык, чоңоюп эле калган Жапар менен Шамшыны дайыма мойнунан түшүрбөй көтөрүп жүрсө, айылдаштары: «Текен, сенден башкада эркек бала жокпу?» деп тамашалашчу. Кийин анын ушул адатын дайыма армандуу эскеришип, «балага көзү тойбой жүргөн турбайбы…» деп жүрүштү.

Төрт жыл бою үй– бүлөсүн күтүү менен коркунучка эзип, келээр жолун каратып, алакандай кабарына зар кылып, фронттун кан күйгөн жерлеринде жүргөн Текен 1944– жылы Прибалтиканы бошотууда окко учту. Жары Сайкал чиедей төрт баласын бооруна кысып, гүлгүндөй жашында жесир калды.

Ошол кара жолтой күндү Жапар ушул күнгө чейин унутпайт. Он бир жашка чыгып калган убагы. Почточу алып келген аскердик үч бурчтуу кат эң биринчи анын колуна тийди. Каттын кабарын угушкан апасы менен энеси аны ороп, ачканга чейин чыдамдары жетпей, «тезирээк оку!» деп шаштырышат. Атасы менен бирге согушта жүргөн өзбек жигит жазыптыр. «Текендин башына ок тийип каза болду…» деген сөздү окуганда угуп олтурган апасы менен чоң энеси боздоп ыйлап жиберишти. Аңгыча ыйды угушкан абалары да чуркап келишти...

Ошодон бир ай убакыт өтүп– өтпөй «кара кагаз» алышты.

***

Тууган– уруктун арасында эл көргөндү көрүп жашашып, карып турмуштан алыс болушса да ата жок үйдүн куту өчкөнүн балдардын улуусу Жапар эрте туйду. Эң жаманы түңүлүү экен. Эми эки көз төрт болуп жол карап атасын күтпөйт, «ал келип калса…» деген ширин кыялдарга жылынбайт, кечкисин баары чогулуп дасторкон четине олтурушканда атасы жөнүндө сүйлөшүшпөйт, уктаар алдында эч кимге билгизбей ичинен Кудайга жалынып, согуштан аман– эсен кайтып келишин тилебейт. Мындан көрө курман болгонун укпай эле, өмүр бою үмүтү үзүлбөй күтүп өтсө оңой болмок экен.

Буга чейин үмүткө ширелген күтүү аларга чоң дем берип жүрүптүр. Атасы келсе эле бардык кыйынчылыктар бүтчүдөй сезилчү эле. Ошондуктан, согуш жылдары курсактары чала тоют болуп, нан ордуна таруу шак, жүгөрү шактан салынган бозо менен ач карынды алдашып, чор тамандары ысык– суукту сезбей, талаада үч бүгүлүп машак теришип, колхоздун чөбүн оруп, картошка чаап– казып, эгин менен жүгөрүнү оруп– жыйып, кырманда буудай жанчып, кан майданга кетишкен алдуу– күчтүү эркектердин ордуна иштеп жүрүшкөндө «мунун баары атам келгиче…» деген ойдон жеңилдене түшчү. Баарыдан да ошол үмүттөн айрылуу эң оор болду.

Балалыгы согуш маалына туш келген Жапар менен инилери аталык мээримден гана айрылышпастан, ооруктун бардык кыйынчылыктарын, түйшүгүн майышкан ийиндерине көтөрүшүп, балалык бактыдан өтө эрте кол жуушту. Жашоону жетимдик, ач– жылаңачтык, жоготуунун кайгысы, оор түйшүк аркылуу таанышты.

Атанын күйүтү өчө электе «чоң үйдүн» сүйгүнчүк эрмеги болгон беш жашар Келгенбайды ажалга жулдурушту. Баары «Куйтуш», «Тайлак» деп эркелетишип аташчу оюнкараак, ыманы ысык бала кызамыктан оңоло алган жок. Сайкал ооруп жаткан уулун карап колхоздун ишинен калып калууга арга таба албады. Согуш жүрүп жаткан катаал убакта анын энелик жеке азабын ким түшүнгүсү келсин. Денесин кызамык каптап, чабалактап кыйналып жаткан уулун чоңураак балдарына дайындап, ээрдин кесе тиштене талаага таң заарлап кетип, кеч түндө кайтат. Кайненеси да үй– бүлөнүн түйшүгүн тартып эшик– эликте көбүрөөк жүрүп калат. Бала да, алды он– он бир, арты жети– сегиздеги бир туугандар оюнга азгырылышып, чикит чапмай мелдештин кызыгына батышканда үйдөгү оорулуу инилери да эстен чыгып кетет. Өзү жалгыз жаталбаган Тайлак алардын оюнун көрүш үчүн эшикке чыгам деп шамалдап калганбы оорусу күндөн күнгө күчөп, кеселден баш көтөрө албай койду.

***

Адегенде фин согушуна кеткен көкүрөк күчүгү Ысактан, андан кийин Текенден, ага удаалаш эле өзү көтөрүп жүрүп чоңойткон сүйгүнчүк небересинен айрылган чоң энеси Тоту мурдагы кайратынан жазып, бошошуп баратат. Бир орунда көпкө чейин муңга чөгүп үнсүз отуруп, кез– кез «шуу» үшкүрүнсө оозунан көк түтүн буркурайт. Тез– тез ооруп төшөк тартып жатып калчу болду. Гүлгүн кезинде жесир калган келини Сайкал менен анын чиедей үч уулуна эч болбосо караан болоюн дейби, башка балдары үйлөрүнө алып кетейин десе ынабады.

Апасынын да көздөрүнөн жаш кетпейт. Бирок, үстүндөгү азалуу кийимине карабай күнү бою колхоздун ишинде. Эрте ажыраган жубайынын, наристе бойдон көз жумган уулунун күйүтүн иштен чыгарыш үчүн мурдагыдан бетер өжөрлөнүп көк беттенет. Анан түнү бою уктабай балдарынын кир– когун жууп, үй– жыйыштырып, тамагын даярдап, үй ишинин баарын бүтүрөт. Таянганы – медер туткан балдары. Алардын келечеги жөнүндө үмүт күчүнө күч кошуп, илгери умтулдурат. Ач– жылаңач кыйынчылыктарга карабастан уулдарын мектепке үзбөй жөнөтүп, «Адам болобуз десеңер окугула» деп кулактарына куюп турчу. Балдарын багууда кайнагаларын тээк кылып, алар менен сый– урмат мамилесин үзгөн жок. Келин катары өз ордун, ызаатын билип, балдарын тууган– уруктарынан алыстатпай алардын канатына калкалашка аракеттенди.

***

Согуш аяктаарда ачкачылыктан, кайгы– муңдан каржалган айылга дагы бир мүшкүл каптап келди. Ич келте дарты ар бир үйгө жыландай сойлоп кирип, эңкейген карыны да, эмчектеги жаш баланы да аябаган акыр заман күндөр эле. «Чоң үйдөн» эң биринчи Сайкал илдетке чалдыкты. Ал буга чейин анча– мынча сасык тумоону, жеңил– желпи кеселди тоготпой, төшөккө жатпай эле жеңип кетчү. Ошол күчүнө салып жүрүп оорусун өтүштүрүп алды. Денеси от менен жалын болуп күйүп, баш сөөгү быркырап сына көзүн ачырбай катуу ооруй баштаганда гана жыгылды. Кайненеси жакшы көргөн келининен балдарын оолак кармаса да өзү жанынан кетпей тез– тез ылымта атала ичирип, үрөйү уча көздөрүн албайт. «Балдарыңдын бешенесине сен аман тургай экенсиң!.. Өзүңдү карман, ал– күчүңдү жый! Кудайдан өмүр тиле!»,– деп өзүнүн оозунан келмеси түшпөй Жаратканга какшап жалынат.

Кыштын аяздуу күнү эле. Көп күндөрдөн бери көздөрүн ачпай тиштене онтогон Сайкал өң– алеттен кетип араң эле дем ала баштады. «Абаңды чакыр!» деп Шамшыны чуркаткан Тоту өзү балдарды чогултуп келип, апаларынын маңдайына тизип тургузуп койду. Тез жетип келген Абдыкерим абасы дем алышы оордогон келининин башынан жөлөп: «Көзүңдү ач, Сайкал! Балдарыңды жетим калтырба!» деп калтыраган добуш менен бек– бек айткан болот. Бар күчүн жыйып чымыркандыбы, Сайкалдын сүлдөрү калган денеси бир титиреп чиренип алды да, анан көздөрү аңтарылып, ката түштү. «Башын жаздыкка койбо! Койбо!» деп безилдеп жиберди Тоту. Анан балдарга буйруду: «Апа!!! деп чыңыргыла, чыңырып катуу– катуу ыйлагыла!». Биринен бири өтүп, «апалап» боздошкон Жапар, Шамшы, Жолболдунун үндөрү бу жарыкчылыктан өтүп бараткан Сайкалды ажалдын оозунан жулуп алгандай болду. Тирүүлүктүн жышаанасы калбай калган өңү кайра кыймылга келип, көздөрүн ачты…

О дүйнө узап кеткен жеринен чучуктай чыңырышкан, чиедей жаш балдарына илинип, кайра тирилген эненин көрөр күнү, ичер суусу бар экен. Кийин 95 жашка чыгып, уулдарынын доорун сүрүп, 2004– жылы кайтыш болду.

Сайкал оорудан баш көтөрүп, өзүнө кичине келе баштаганда Жапар ооруду. Жаздын ууз кези эле. Улуу тумоодон аман калгандар кыбырап жайлоого көчүшүп, жашоонун тирүүлөр үчүн бүтпөс түйшүгү улана берди. Ордунан туралбай, алма– чөлмө терге чөмүлүп, катуу баш оорудан көздөрү ачылбай жаткан Жапарды чоң энеси өзү менен кошо жайлоого ала кетти. Небересин өзү жаш баладай карап, уккан дарынын баарын жасап берип үйрүлүп түшөт.

Төшөктө жаткан Жапар бирде жабуусу ачык түндүктү, бирде боз үйдүн эшигинен көрүнүп турган ак карлуу тоолорду, жашыл шибер адырларды тиктеп, алардын арасында мал айдап жылаңайлак чуркап жүргөн куунак кездерин түшүндө көргөндөй элестетет. Көрсө, «ач болсоң да тынч болуп», оорубай жүрүүнүн өзү бакыт тура. Эгер айыгып бутуна турса эч качан «иштеп кыйналдым, кардым ачып өзөрдүм» дебес элем деп тиленди.

Ошол күндөрү таң калаарлыктай түш көрдү. Түшүндө кимдир бирөө түртүп жибергендей болуп жардан кулап кетиптир. Жар бийик экен. Тээ төмөндө түбү көрүнбөгөн капкараңгы туңгуюктан жүрөгү опкоолжуп, мына эми ат башындай сай таштарына талкаланып күм– жам болорунан коркуп, баш айланткан ылдамдык менен учуп баратат. Ушул убакта жар башына кайдан– жайдандыр келе калган Шамшы кол созуп аны кармап калды. Экөөнүн кармашкан колдору мына– мына үзүлүп кетчүдөй болот. Жапар бар күчү менен аракет кыла инисинин колун бекем кысып, өйдөгө ынтылат. Терең туңгуюк дагы эле аны оп тартып ылдый көздөй тартат. Өмүр– өлүм чегинде таймашкан бул кармаш узакка созулуп, акыры Шамшынын жардамы менен жардын үстүнө эптеп тырмышып чыкты… Ойгонсо жүрөгү алкымына капталып, лакылдап согуп жатыптыр. Бирок, кандайдыр бир жеңилдене түшкөнсүп, башынын оорусу басаңдап калган экен.

Жакшылыкка аян берген бул түшүнөн кийин Жапар ооруну жеңе баштады. Бирок, көпкө чейин дарманы жок төшөктө жатты. Чоң энеси ага кудайы чалган козунун этинен кылаңгыр шорпо кайнатып, кубат болсун деп бат– бат ичирет. Боз үйдүн кырчоосун кармап биринчи жолу сыртка чыкканын кыштоодон келе жаткан Шамшы бардыгынан мурда көрүптүр. Агасынын басып калганына сүйүнө «Жапа– а– р!» деп кыйкырып жиберип, ийнине артынган куржундун оордугуна карабай салып– уруп чуркап жөнөдү. Жапар да түшүндө жардан кулап кетерде өзүн Шамшы куткарып калганын эстеп, инисине ыраазы боло эт– жүрөгү элжиреген. Ушул бактылуу көз ирмемдер ага– ининин экөөнүн тең эсинде өчкүс болуп сакталып калыптыр. Кийин көп жолу бул жөнүндө эскеришкен сайын туугандык кыйышпас сезимдери ансайын бекемделе түшчү.

«Жетим жүрүп жетилет» дегендей бир туугандар: Жапар, Шамшы, Жолболду өп– чап оор турмушка карабастан окуудан калбай мыкты окушуп, айылдагы жети жылдыкты, андан кийин Көкарт мектеп– интернатын бүтүрүштү. Кийин биринин артынан бири борбор шаардагы жогорку окуу жайларында билим алганы жөнөшкөндө апасына акыл айткандар көп чыгышты: «Балдарыңды окутам деп дагы кыйналасыңбы, Сайкал?! Бирөө– жарымын колхозчу кылып койбойсуңбу. Өмүр бою колхоздо иштеп жүрүп зорго чоңойттуң, эми сени багышсын да!»– дешти. Мындай сөздөргө Сайкалдын жообу белен: «Кудайга шүгүр, мен күчтөн али тая элекмин. Окуп алышсын, адам болушсун…».

Ою алысты көздөгөн, перзенттерине бакыт тилеген эне кийин да балдары кайсыл жерде окушпасын, же иштешпесин жолун тоскон жок. Алардын аманчылыгына, турмушта өз жолдорун тапканына, эл арасында ак эмгектери менен кадыр– баркка жетишкендиктерине каниет кылып, мээнетинин үзүрүн көрүү, бактылуу карылыктын доорун сүрүү бактысына жетти.

Азыркы убакта Калмаккырчын айылында бул каарман аял, чыныгы эне жөнүндө ар убак сыймык менен эскеришет. «Эгерде аялзатына эстелик тургузуу керек болсо эң биринчи Сайкалга тургузуу керек»,– дешет аны көргөн– билгендер. Бүт өмүрүн эл ишине арнаган, жаштайынан жесир калса да үч перзентти бийик эрезеге жеткирип, өз доорунун алдыңкы инсандары кылып тарбиялаган, адамдык касиеттерин аруу сактап, энелик парзын ак өтөгөн Сайкал апанын өрнөгү эл оозунда калды.

***

Өз ата– энеси жөнүндө ойлогондо Жапар Текеновдун жүрөгүнө сыймык толот. Алар адал жашап, ак иштешип, артында балдары сыймыктанарлык жакшы из калтырышты. «Атаң өлсө да атаңды көргөндөр өлбөсүн» дегендей атасынын курбу– курбалдаштары Текендин балдарын көрүшкөн сайын жылуу сөздөрүн айтышып, «атаңардай жакшы адам болгула!» дешер эле. Кээде тамашалашып: «Атаңарды тартпай жалкоо болуп калыпсыңар» деп аларды чыйралтышчу.

Үч бир туугандын эл оозунда калган жоругу көп. Жапар университетте окуп жүрүп, жайкы каникулга келген учур эле. Үйдө жүрсө да эс алыш кайдан, колунан келген иштерди бүтүрүп берип кетейин деп жаны тынбайт. Чөп орук башталып калган. Ал мезгилде колхоздун чөбү толук орулуп, жыйналып бүтмөйүнчө эч ким жеке малына тоют камдоого уруксат жок. Колхоздукунан ашса гана айылдан алыс, тоолордун коюн– колтугундагы караган– четиндүү, же таштуу жердин чөбүн тырмалап орумуш болушат. Жапар шаарга кайтаарына аз калгандыктан, али билектерине жакшы күч кире элек инилерин кыйнабаш үчүн короолорундагы бирин– эки малдын кышкы тоютун камдап берип кетейин деп чечти. Бийик тоонун жон белинде өзү чалгы чаап, Шамшы менен Жолболду артынан чөмөлө жасашып тырмалаңдап жүрүшөт.

Талаа кыдырып келаткан башкарма Түркмөн Көкиев аларды көрүп калып: «Булар кимдин балдары?!» деп бригаттан ачуулана сурады. Бул үй– бүлөнү жакшы билген бригат: «Согушта курман болгон Текендин уулдары. Чоңунун башында атасынын калпагы жүрбөйбү...»,– деп ийди башкарманын ачуусун жайкаш үчүн. Ушул сөз колхоздун иши дегенде катаалдыгынан жазбаган башкарманын жүрөгүнө түз тийген окшойт, кеп– сөзгө келбей атынын башын кайра шарт артына буруптур. Ошондо жанындагыларды таң калтырып, колхоздун тартибин бузушкан ага– инилерди сөкмөк турсун, «Ой, азаматтар! Текен өлбөпсүң!»– деп ыраазы боло көздөрүнө жаш алган экен.

Түркмөн аксакал пенсияга чыккандан кийин да өлөөр– өлгөнчө Текендин балдарын унутпай, даректеп жүрдү. Алардын жаш чактарындагы өзү күбө болгон мээнеткечтигине, энеге күйүмдүү, адептүү тарбияларына көңүлү жылып, келечекте мыкты адам чыгат деп болжоп койсо керек. Жапар аспирантураны бүтүрүп, айылга келгенде атайын учурашканы барыптыр: «Атанын уулу» деп силерди айтат. Текенди тартыпсыңар! Рахмат силерге!»– деп өз баласынан бетер жан дилинен алкап батасын берген. Бул насыят сөздөр өз убагында бир туугандарды алга умтулдурган күч, ата наамын актоого чакырган максат боло алды.

 

Уялаштан үчөө

Адам баласы үчүн ата– энеден кийин эле бир туугандан артык жакыны болбойт. «Тулпар жүгүн оордобойт, тууган сөөгүн кордобойт». Ата– эне менен бир тууганды тандап алалбайсың, алардын боору жаралгандан эле бирге бүтөт жана эч нерсе ажырата албайт. Туугандык сезим – адамзаттын бардык дооруна таандык, татаал жол, тар кыядан тандалып өткөн өлбөс– өчпөс түбөлүктүү сезим. Бир тууганың сүйүп баккан балаңдан да, кол кармашкан түгөйүңдөн да кымбат экенин тастыктаган уламыштар жана накыл сөздөр ар бир элде бар. Алардын баары дүйнө калктарынын кылым арытып баскан турмуштук тажрыйбаларынан жаралган. Бабалардан осуятка калган ошондой даанышман мисалдардын бири төмөндөгүчө айтылат:

Чынгысхандын каар заманында адам каны менен бийликке тойбогон өкүмдар басып алган өлкөсүнүн күлүн додо кылып өрттөп, эр азаматтарын кулга, аялдарын күңгө айлантып, тукумун курут кылып жүрүп олтурчу экен. Дүйнөбеги Орто Азияга жасаган кайсыл бир жортуулунда анын колуна каршылык көрсөтүп кыжырына тийген айылдын күлүн көккө сапыраардын алдында азоо кумарын жазгысы келип, колго түшкөн аялдарга шарт коет: «Мен силердин башыңарга азат беремин, өзүңөргө кошуп дагы бир адамды көтөрүп алып чыгып кеткиле! Калгандары өрттөлөт». Ошондо Зулайка аттуу тал чыбыктай назик келин бир тууган агасын көтөрүп алып жөнөйт.

Анын бул чечимине таң калган Дүйнөбеги токтотуп туруп сурайт: «Сенин агаң эмчектеги балаңдан, этиңди көргөн күйөөңдөн да артыкпы? Анан да өзүң жаш камыштай сынайын деп зорго турасың, эңгезердей эркекти кантип көтөрө аласың?». «О, улуу таксыр! – дейт Зулайка.– Бала деген белде, а күйөө деген жолдо. Ата– энем өлгөндөн кийин ушул агамдан жакын, кыйбас адамым жок. Агамсыз күн көргөнүм курусун».

Бир туугандык сезим кайрат– күч берген жаш келин ошентип өзүнөн эки– үч келген агасын жерден так көтөрүп айылдан узап кетет. Аялзатынын бул күйүмдүүлүгүнө, акылмандыгына тан берген каардуу кол башчы ырайымсыз өкүмүнөн жазып, ал жашаган айылга тийбей, колун жыйып, андан ары сапарын улаптыр…

***

Бир туугандык кыйбастык, күйүмдүүлүк ага– инилер Текеновдорго да таандык. Бир үй– бүлөнүн балдарынын баарынын бирдей кыйын чыкмагы сейрек эмеспи. Уялаштар: Жапар, Шамшы, Жолболду биринен бири калышпаган чыгаан инсандар болушту. Үчөөнү тең эли бирдей баалап, балдарына өрнөк катары айтышат.

Алардын турмушта жетишкен ийгиликтеринин башкы сыры – бул өз ара ынтымакта, адилет жашоодо жана жан аянбаган мээнетте. Бир туугандардын жашоо башаты бир болду. Алар эмгекчил, адал эмгек менен жашаган ынтымактуу чоң үй– бүлөнүн тарбиясын каны– жандарына сиңирип алышты. Согуштун каат жылдарына туш келген, атасыз өткөн балалык үчөөнү бири– бирине эш боло билүүгө жууруду.

Бул өз ара ынтымак өмүр сапарларында ыйык парзга айланды. Эгерде жаштайларынан бирин экинчиси жетелеп, жөлөп– таяп, улуусу кичүүсүнө жол көрсөтүп, иниси агасынын сөзүн угуп, айтканын аткарбаса, чоңу кенжесине кам көрбөсө, мүмкүн ушундай даражага жетише алышмак эмес.

Алар 50– жылдары айылдык кыргыз жаштарынын ичинен алгачкылардан болуп жогорку билим алышты. Бир туугандын улуусу Жапар андан ары илимдин артынан сая түшүп, атактуу илимпоздук атакка, академик даражага жетти. Акыркы он беш жылдан бери Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Түштүк бөлүмүн жетектеп жатат. Шамшы өлкөбүздөгү инженер – геолог кесибин өздөштүргөн алгачкы кыргыз адистеринен. Кийин бул тармактагы жетекчилик чоң кызматтарда көп жылдар бою иштеп, азыркы убакта ардактуу эс алууда. Ал эми жарык дүйнөдөн эрте кеткен Жолболду аз жашаса да советтик, партиялык жетекчи катары эл– журту үчүн чоң иштерди жасоого үлгүрдү.

Бир туугандардын улуусу Жапар инилери үчүн өмүр бою агалык камкордугунан жазган жок. Ата– эне карыганда, же көздөрү өткөндө үй– бүлө түйшүгү балдардын чоңунун мойнуна жүктөлөт. Бул милдетти Жапар өтө эрте артынды. Жети– сегиз жашынан эле согушка кеткен атанын ордуна апасы, чоң энеси, инилери үчүн жоопкерчиликти сезип чоңойду. Өзү билим алгандан кийин инилеринин да жогорку окуу жайларында окушуна, турмуштан өз ордуларын табууларына кам көрдү.

Жапар бир туугандарына илинген агалык сезиминен ушул күнгө чейин арыла элек. Өзү жөнүндө айтылганда инилеринин да аттарынын кошо аталышын каалайт, алар жөнүндө өзүнөн да көбүрөөк айткысы келет. Анткени, тууганды тууган гана терең билет эмеспи. Чындыгында, Текеновдор жөнүндө журналисттердин, же тарыхчылардын макалаларында, аларды бири– биринен бөлүп жаза алышпайт. Кайсыл гана эскерүү болбосун инилеринин кантип чоңоюшуп, эр жеткендери жөнүндө баарынан көп Жапар билет. Шамшы менен Жолболдунун өздөрү эстеп айталышпагандарын аганын оозунан угушкан. Анткени, инилери Жапардын көз алдында чоңоюшпадыбы, өз бир туугандары жөнүндө сыймыктануу, сүйүү сезими улуусунда күчтүүрөөк болот окшобойбу.

Өз кезегинде инилеринин агасына болгон сый– урматтары уккан– көргөндүн ичин жылытаарлык. Кичине кездериндегидей эле ага жол беришип, анын алдынан кыя өтүшчү эмес. Эң биринчи Жапардын аты аталсын, чоң ага алдыда турсун, а өздөрү анын көлөкөсүндө калгылары келет.

Ошентсе да үч бир туугандын ар бири – өзүнчө ажайып инсан. Бири– бирине окшошпогон тагдырлардын, таалими бийик өрнөктүү өмүрлөрдүн ээлери. Ар биринин турмуш жолу өзүнчө узун сабак сөзгө арзырлык.

 

Шамшы Текенов

Бир туугандардын ортончусу Шамшы кичине кезинен эле тетик болгондуктан үй кайтаруу милдети ага жүктөлчү. Жайкысын чоң энеси Тоту менен агасы Жапар жайлоого чыгышып, апасы Сайкал колхоздун ишинде, Шамшы өзү жалгыз короо– жайды карап калат. Күн сайын эрте таңда турушчу эне– бала чай ичип бүтүшкөндөн кийин Сайкал уулуна кечке чейин жасай турган жумуштарды дайындап коюп талаага жөнөйт. Ошол бойдон кеч кире кайтса да үйдөн көңүлү тынч. Балалык ойноок курагына карабастан Шамшы балдарга кошулуп ойноп кетип калбай, короо– жайды сак кайтарып, апасынын буюрган тапшырмаларынын баарын так аткарып коерун билет. Короону карап, анда өстүрүлгөн картошка, жүгөрү, сабиздерди отоо– чөптөн арылтуу иши да анын мойнунда. Тоокторго убагында жем, суу берип, үйгө бейчеки кишини, бала– чаканы баш бактырбай, апасынын иштен келишин чыдамсыздык менен күтүп отурат. Сайкал акыл– эси зирек уулунун өзү жокто жасаган иштерине ыраазы болуп, энелик жүрөгүнөн элжирей алкайт. Балдары жаш болушса да жумушка жарап, минтип анын жеңилин жерден, оорун колдон алып калышкан күнгө жеткенине сүйүнөт.

Оор турмуш ага– инилердин мүнөзүн эрте курчутту. Ишке бүйрө, ак ниет, эмгекчил ата– эненин тарбиясын жаштайынан көрүп өсүшкөндүгүнүн пайдасы тийди. Шамшы кичинекейинен тартып эле агасы Жапар менен кошо жүрүп, ал жасаган ишти кошо кармап үйрөндү. Машак, куурай, тезек терип, отун алып, чөп чаап, чөмөлө жасап, аларды үйгө ташышып, жайы– кышы дебей тыным билишпеген бир туугандар айылдагы кары– жаштын ооздорунан түшпөй, мактоо менен алкоого арзышты.

Агасы Жапар борбор шаардагы Кыргыз мамлекеттик университетинде окуй баштагандан тартып Шамшыда келечекке талпынган үмүт– кыялдын жаңы кыйыры ачылды. Чоң калаанын таалим– тарбиясын алып, зыңгырап бой түзөп калган студент агасы каникулдарда үйгө келген сайын: «Жакшы оку, институтка киресиң» – деп акыл– насаатын кулагына куюп кетет. Кичинекейинен көнгөн үй– бүлөлүк тартип боюнча агасынын айтканын эки кылчу эмес. Мектепти бүтөөр – бүткүчө кайсыл кесипти тандаарын билбесе да шаарды көздөй сызуучу күндү эңсеп, убакыт өтпөй зарыгат.

***

Ошол күн да келди. 1953-жыл. Шаар көрүп, көзү ачылып калган Жапар инисин айылдан өзү алып кетип, борбор калаадагы жаңыдан ачылган политехникалык институтка алпарды. Шамшы адегенде институттун алдындагы бир жылдык даярдоочу бөлүмгө тапшырды. Аны аяктагандан кийин геология факультетинин геология жана баалуу кен байлыктарын чалгындоо адистиги боюнча 1– курска кабыл алынды. Политехникалык институтта лекция, семинардык сабактар жалаң орус тилинде жүрүп, окуу китептеринин да жалаң орусча жазылышы өзүнө окшоп алыскы тоолуу кыргыз айылдарынан келишкен студенттер үчүн бир топ оор эле. А түгүл 1– 2 – курстарда окуй албай, кээ бири таштап кетүүгө аргасыз болгон. Ийгилик иштегенге имерилет. Шамшы даярдоо курсунда окуган бир жылдын ичинде орус тилди кыйла өздөштүрүп калган. Анын үстүнө, колунан китеп түшпөй өжөрлөнүп окуунун акыбети кайтпай койгон жок. Жаштайынан тырышчаак жана намыскөй улан 1959– жылы институтту «эң жакшы» баалар менен аяктады. Ал үчүн 5 жылдык студенттик өмүрү текке кеткен жок. Өз кесиби боюнча терең билим алды, келечек максатын түптөдү. Кыргыз жаштарынын ичинен алгачкылардан тоо инженер – геологу деген кесипке ээ болду.

***

Кыргыз Республикасынын «Геология» аттуу энциклопедиясында Шамшы Текенов жөнүндөгү мындай маалыматтар берилген:

«1959–1982-жылдары Түштүк Кыргызстан геология экспедициясынын партияларында улук коллектор, геолог, улук геолог, партиялардын начальниги, экспедициянын геология бөлүмүнүн начальниги, экспедициянын начальнигин орун басары болуп иштеген. Чаткал геология экспедициясынын начальниги (1982–1987), Кыргыз Республикасынын Геология башкармасынын начальнигинин орун басары –башкы инженери (1987–1989), «Кыргызгеология» өндүрүштүк бирикмесинин Генералдык директору (1989–1992), Кыргыз Республикасынын мамлекеттик геология комитетинин төрагасы, Кыргыз өкмөтүнүн мүчөсү (1992–1995).

Текенов Шамшы көп жылдык эмгегин Ош, Жалалабат облустарындагы көмүр, сурьма, сымап жана алтын кендерин изилдөөгө жана алардын запастарын чалгындоого жумшаган. Айрыкча, Кызылкыя, Ташкөмүр, Хайдаркан сурьма– сымап, Терексай сурьма кендери, Чаткал тоолорундагы алтын кендери боюнча аткарылган геологиялык иштерге кошкон салымы чоң. Текенов Шамшы республиканын аймагында геологиялык изилдөөлөрдү жана кендерди чалгындоолорду уюштуруучу жана жетектөөчү катары Кыргызстандын геологиялык жамаатына кеңири белгилүү.

Ш.Текенов геология тармагына сиңирген эмгеги үчүн «Эмгек Кызыл Туу» (1986), «Ардак белгиси» (1976) ордендери, үч медаль (1970–75), Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Ардак грамотасы» (1966) менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын жана СССРдин геология министрлиги тарабынан «Жер казынасынын ардактуу чалгындоочусу» (1988), «Кыргыз Республикасынын геология кызматына эмгек сиңирген кызматкери» (1993) сыяктуу ардактуу наамдар ыйгарылган жана көптөгөн юбилейлик медалдар менен сыйланган. Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин мүчөсү болгон. Бир нече жолу эл депутаттарынын Ош шаардык жана Чаткал райондук советтеринин депутаттыгына шайланган. Кыргыз Республикасына өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн персоналдык пенсионер.

***

Жаза келсе кагаздын бир бетине толбогон маалымат. Бирок, ар бир тамганын арасында 36 жыл бою геологиялык өндүрүштүн бардык баскычтарын басып өтүп, жөнөкөй коллектордук кызматтан Түштүк Кыргызстандагы геология чалгындоо иштери боюнча көрүнүктүү жетекчиликке, андан кийин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик геология комитетинин төрагалыгына чейин өз мээнети менен өсүп жетилген инсандын ары татаал, ары сыймыктуу өмүр жана эмгек жолу көз алдыга тартылат. Кайсыл участкада ким болуп иштебесин Шамшынын терең билими, ак ниети, аракетчилдиги, өз ишине тыкандыгы ага кызматы боюнча сый – урмат алып келди. Анын ар бир ийгилигинин артында бешене тер төгүлгөн карандай эмгеги, уйкусуз түйшөлгөн түндөр, үй– бүлөсү менен тоо– талаалап көчүп жүргөн тынчсыз жашоосу турат Геологдун турмушунун азап– тозогу бул тармакта иштегендерге жакшы дайын. Шамшы чыныгы геологиялык– чалгындоо чөйрөсүндө кайнады, Республикада бул тармакка негиз салгандардын сыноосунан өттү. Өз ишине берилген абийирдүү жана талбаган эмгекчил адамдар гана геологияда иштей аларын түшүндү. «Чалгынчы» деген сөздү «из салуу» деп түшүнүүгө болот. Ал эми чыйыр салуу оңой– олтоң жумуш эмес.

Ал 1982– жылы жаңыдан түзүлгөн Чаткал геология экспедициясына жетекчи болуп дайындалат. Алыскы тоолуу аймакта экспедиция үчүн өндүрүштүк база жана геологдор жашай турган турак– жай жок эле. Жетекчи катары ага ушуларды тез арада уюштуруу жоопкерчилиги жүктөлдү. Анын аракети менен аз убакыттын ичинде база курулуп, экспедициянын адистери үй – менен камсыз болушту. Анын биринде Шамшы Текенов да өз үй– бүлөсү менен жашап турду. Геологиялык көчмөн турмушта ар бир жолу утурумдук турак кылган үйдү сүймөнчүк менен карап, жашоо үчүн керектүү шарттарды өз колу менен түзүүгө аракеттенер эле. А түгүл айланасына бак өстүрүүгө да жетишчү. Кийин ал жашаган үйгө көчүп баргандар: «Рахмат, Шамшы Текенович, тим эле жыргап эле калдык. Баары бар турбайбы!» деп ыраазычылык билдиришчү.

***

Кыска мөөнөттүн ичинде эле алтын, сурьма жана сымап кендеринин ачылышы Чаткал геологиялык– чалгындоо экспедициясына чоң ийгилик алып келди. Кийинчерээк ушул жылдарда ачылган кендер, аларды изилдөө үчүн курулган өндүрүштүк базалар, турак– жайлар «Кыргызалтын» концернинин Терексай филиалына өткөрүлүп берилди. Концерндин бул филиалынын жакшы иштешине Шамшы Текеновдун жетекчилиги менен түзүлүп калган өндүрүштүк базанын көмөгү чоң эле.

1982–87-жылдары Чаткал геологиялык экспедициясы тарабынан Ш. Текеновдун жетекчилиги менен Алабука– Чаткал аймактарында алтын, сурьма кендерин чалгындоо иштери ийгиликтүү жүргүзүлүп, чоң жетишкендиктер менен аяктайт. Ал эми Шамшы 1987– жылы Республикалык геология башкармалыгынын начальнигинин орун басары– башкы инженери болуп дайындалат. Эми ал Кыргызстандын түштүк аймагынын гана эмес бүткүл Республикалык геологиялык маселелерди чечүүгө киришет.

Буга чейин Шамшы өндүрүшчү катары саясаттан алыс болуп, геологиянын кызыкчылыгы менен гана жашаган. Ал көп жылдар бою өмүрүн, бүткүл күчүн арнаган иштердин жакшы натыйжалары көрүнө баштаган эле. 80– жылдардын аягы 90– жылдардын башында өлкөдө пайдалуу кендердин жетишээрлик запастары бар экендигин чалгындоолор көрсөттү. Кыргыз тоолорунун койнундагы алтын, калай, вольфрам, сымап, көмүр сыяктуу жаратылыштын баалуу байлыктарынын көпчүлүгү чалгындалып бүтүп, же бүтөөрдүн алдында турган.

Мына эми ал 1989– жылы «Кыргызгеология» өндүрүштүк бирикмесинин башкы директору болуп дайындалгандан кийин кайра куруунун оор сыноосуна туш келди. Дүйнөдө эң кубаттуу деп эсептелген өлкө кыйрап, коммунизге алып барат деп совет эли бекем ишенген социализм жаңы доордун эпкинине туруштук бере алган жок. Ушуга байланыштуу СССРдин геология министерствосу тарабынан Кыргызстандагы геология тармагына бөлүнүп туруучу каражат кескин кыскара баштап, ал эми союз таркагандан кийин каржылоо таптакыр токтоду.

Башкы директордун алдында тез чечүүнү талап кылган туюк суроолор турду. Кен байлыктарынын запастарын чалгындоо иштерине керек болгон каржы булактарын кайдан табуу керек? Техникалар үчүн инструменттер жана механизмдер менен кантип камсыз болушат? Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары Кыргызгеология өндүрүштүк бирикмеге кирген бир канча тармактарды кыскартуу, же бирине– бирин кошуу иштери өтө оор жүрдү. Бул өзгөрүүлөрдүн бардыгынын артында миңдеген жумушчулардын, инженерлер менен техникалык кызматкерлердин тагдыры турган. Алардын арасында өз өмүрүнүн көптөгөн жылдарын геологияга арнаган чыныгы профессионал адистер бар эле. Бирок, ошол учурдагы жагдайга байланыштуу аз убакыттын ичинде жумушчулар менен кызматкерлердин санын үч эсеге кыскартуу зарыл эле.

Доордун талабына жараша башкаруунун жаңы тутумун карап чыгып, кадрларды өз– өз ордуна туура жайгаштыруу менен гана Кыргызстандын геология тармагы сакталып калды. 1992– жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик геология комитети болуп кайра түзүлөт. Шамшы Текенов аны 95– жылга чейин жетектеп келди. Союздук Республикалардын айрымдарында каржылоодон айрылган бул тармактар жоюла баштаганда кыргыз геологиясында кайра куруулар жүрүп жатты. Структуралык өзгөртүүлөр, комитеттин жетекчилиги тарабынан өтө ойлонулуп жасалгандыктан жамааттардын нааразычылыгын туудурган жок. Дагы бир эң кыйын маселе геологияны каржылоо эле. Ага мамлекеттик каржыдан тышкары өкмөттүк эмес компанияларды да пайдалануу үчүн аракеттер көрүлгөн.

Шамшы өкмөттүн, республикалык бийликтин, Жогорку Кенештин жетекчилерин геология тармагын колдоо зарылдыгына ынандыруунун чоң чебери эле. Геологиялык иштердин сапаты, эртеңки келечеги, жер казынасын сактоонун мааниси жөнүндө жан күйгүзүп айткан далилдүү сөздөрү тийиштүү жетекчилерге таамай тийчү. Анын натыйжасында экономикалык оор абалга карабастан тоо– кен иштетүүгө жана чалгындоого республикалык бюджеттен акча каралып турду. Ошондой эле мамлекеттик каржыдан тышкары ички инвесторлор менен алака түзүүгө да аракеттер өз жемишин бере баштады.

***

1995-жылы Шамшы эс алууга чыккандан кийин турмуштун жаңы нугуна түштү. Жүрөгүн тыңшаса ата– баба конушун көздөй талпынып турат. Буга чейин айылга тез– тез каттап турганы менен кызматына байланыштуу сагынычы жазыла тургандай кең– кесири жүрө алчу эмес. Бирок, өзүнүн балалыгы өткөн жана эң жакын туугандары, достору, айылдаштары жашаган киндик каны тамган жер качан да болсо жүрөккө жакын. Анын бул оюн байбичеси Саадат да колдоду. Ал 30 жылдан ашуун мугалимдик кесипте иштегенден кийин пенсияга чыккан эле. Күйөөсүнүн артынан калбай көчмөн турмуштун оорчулугун аябай тартса да дайыма өз ишинин алдыңкысы болду. «Эл агартуунун мыктысы» деген ардактуу наамдын ээси. Ал эми Саадат үчүн эң баалуу сыйлык – бул жарым кылымдан ашуун педагогдук ишинде өзү билим берип, тарбиялаган миңдеген окуучуларынын сый– урматы.

Шамшы Текенов байбичеси экөө өмүр бою эл ишинде жүрүшсө да бактылуу жана ынтымактуу үй– бүлө курушуп, үч перзенттин: эки кыз жана бир уулдун ата– энеси болууга жетишти. Балдарына татыктуу тарбия берүүнү алар ыйык милдет катары карашкан. Шамшы кайсыл гана кызматта жүрбөсүн үй– бүлөсү үчүн убакыт таап, баарына көңүл бөлө билчү. Айрыкча, атанын тарыхый уламыштар, санжыралар, жер– суулардын таржымалдары жөнүндө кызыктуу баяндары уул– кыздарынын дилине сиңип, көп окуп, көп билүүгө умтулууларын ойготкон. Айтып гана тим болбостон бала– чакасын машинеге салып алып тарыхый жайларга, жаратылыштын кооз аймактарына саякаттаган учурларды эч кимиси унутпайт. Ал эми чет өлкөлөргө барганында балдарына эң баалуу белек катары китеп алып келчү.

Ата– эненин жеке өрнөгү балдары үчүн тарбиянын башаты болду. Ар бири жогорку билимге ээ болуп, турмуштан өз ордун табышты. Улуу кызы Айнура дарыгердик кесипти тандап, Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун бүтүргөн. Ал жаш болсо да эгемендүү Кыргызстандагы медициналык реформаларды жүзөгө ашырууга чоң салымын кошо алды. Үй– бүлөлүк дарыгерлердин Ассоциациясынын Ош облустук бөлүмүнүн алгачкы төрайымы катары медицинанын бул жаңы тармагын түзүү жана калыптандырууда реформатордук жана жетекчилик сапаттары менен эл оозуна алынды. Көз карашы жаңычыл, билимдүү Айнура төрөпейилдиктен алыс илбериңки сергек мүнөзү менен замандаштарына сүйгүнчүк жана сыйлуу. Азыркы учурда балдардын эл аралык «Евричайлд» уюмунун Ош облустук бөлүмүн жетектейт. Айнура институтту бүтүрүп, турмуш жолуна түшөөрдө атасы минтип насаатын айткан эле: «Өз ишиңди так аткар, бирок эч качан элдин колун караба!». Атанын бул асыл насааты көңүлдөн кеткис болуп орноп калды. Жаш болсо да адал эмгектен табылган сый– урматка эрте жетти.

Шамшы менен Саадаттын уулу Аскар инженер-механикалык тармакка кызыгып, ошонун артынан түштү. Кенжеси Гүлжан финансы-кредиттик адистик боюнча билим алган. Бул да заманбап кесип. Айтор, «кимдин баласы» дегидей эле эмгекчил, ыймандуу, адамгерчиликтүү уул– кыздардын ата– энеси катары сыймыктаныша турган жөнү бар экен.

Пайгамбарлардын бири Алла– Тааладан тилеген экен: «Оо, Жараткан! Ачарчылык деген мүшкүлдү өзүм жеңе алам, өзүң токчулуктун кырсыгынан сактай гөр?!» – деп. Барчылыкка манчыркабай, кыйынчылыкка мүңкүрөбөй, жакшы турмуш, жаркын келечек үчүн күрөшүп, ыйманды таза сактоону парз кылган адамдын бактылуу жашаары Шамшы Текеновдун басып өткөн өмүр жолунан күзгүдөй чагылып турат.

 

Жолболду Текенов

Адамдын артында кала турган эстелик – бул анын өмүрүн улай турган балдары менен кылган иштери. Жашоодон 25 –30 жаштагы кырчындай кезинде, өмүргө, жаштыкка, балага тое электе, тоо томкорор күчү ашып– ташып турганда тирүүлүк менен мезгилсиз кош айтышса да Текен өзүнүн артына урпактары сыймыктанар чоң мурас калтырды. Атадан калган унутулгус эстеликтердин бири үчүнчү уулу төрөлгөндө жакшы тилек менен ыроологон «Жолболду» деген ысым болду.

Бул ысымдын коюлуп калыш таржымалы да өзгөчө. «Жалалабат– Тогузторо– Фрунзе» жолунун 1938– жылы башталган курулушунда Текен да иштеген. Жапа тырмак киришкен элдин күчүнө кандай иш түтмөк. Миңдеген адам кетмен, күрөк, араба менен иштешип, кол күчү менен салынып жаткан жол бат эле бел таянып, бийик тоонун аркы бетиндеги өрөөнгө күндөн– күнгө жакындай берди. Ошол курулушта Текен эки кишинин ишин бир жасаган камбылдыгы, ар кандай жумуштан баш тартпаган ак ниеттиги менен көзгө көрүнгөн.

Күзгө жуук жолдо иштегендердин баары катышкан жалпы жыйын өткөрүлүп, ударниктердин аты аталып, мыкты курулушчуларга сыйлыктар тапшырылды. Алардын арасында Текен да бар эле. Сыйлыкка тийген сукно кездемени кучагына кысып толкунданып турса айылынан келген сарыбулактык жердеши «Уулдуу болдуң!» деп сүйүнчүлөдү. Анын ушул учурдагы аталык кубанычын бөлүшкөн жакшы санаалаштар: «Жол болот деген ушул. Ылайым, уулуң да өзүңдү тартсын! Жолдуу азаматтардан болсун! Атын «Жолболду» деп кой!,– дешип ак дилдеринен дуулдашып бата беришти.

1939– жылы төрөлгөн Жолболду үч жашка чыгып– чыга электе кан майданга алгачкылардан болуп аттанып, 1944– жылы курман болгон атасынын өңү– түсүн, мээримин элестете албай калса да атанын кош кубанычка балкып турган жылдыздуу сааттарынын эстелиги катары «Жолболду» деген ысымды өмүр бою сыймык менен туу тутуп келди. «Болоор бала башынан» дегендей бир үйдүн кичүүсү катары эрке өскөн Жолболду бийик дымагы, бетке чабар курч мүнөзү менен оор басырык агаларынан айырмаланып турчу. Айылдын өзү курдуу балдарына баш болуп, ойношсо оюнду кызытып жиберген да, көңүлүнө туура келбесе бузуп таштаган да эр көкүрөктүгү бар эле. Айрыкча, согуш оюнун ойношкондо «командир» дайыма Жолболду болот. Чогоолдугунан көп жапа чегишсе да негедир балдар ага тартылышып, айланасынан кеткилери жок.

Уулунун чыйрактыгы менен көйкашка тайманбастыгы апасы менен чоң энеге кээде калбаа да алып келчү. Чоң атасы Мамасейит устадан калган күмүш саптуу камчы, көмөлдүрүк, жүгөн, үзөңгү, басмайыл, ээр– токум сыяктуу ат жабдыктарын атасы Текен курман болгондон кийин абалары бир– бирден сурап алып кетишкенин Жолболдунун кулагы чалып калган экен. Эс тартып калганында аталаш абасы Абдыкеримге барып «бериңиз!» – деп доолаптыр. Чоң үй– бүлөнүн эч кимиси тике карап сүйлөбөгөн, бардыгы ыйбоо кылуучу аксакалга «Эмне үчүн биздикин алып кетип каласыңар? Бергиле кайра өзүбүзгө!»,– деп айласын кетирет. Балага теңелбей жооткотуп кутулган абасы кийин келинине келип, өзүнүн капачылыгын сыйкор билгизет: «Сенин балдарың качантан бери доолаша турган болуп калды?». Кайнагасынан кечирим сурап, аябай уялган Сайкал уулун жемелеп– урушса: «Эмне үчүн биздикин алып кетет, атам жок болсо биз барбыз го!» деп өз билгенин бербейт.

Жолболдунун жаш кезинде дагы бир шыгы улак тартыш оюнунан көрүндү. Тоолуктарда мыкты улакчылар өзүнчө табылгыс өнөрдүн ээси катары кадыр– баркка ээ. Топ атты жарып кирип улакты жерден эңип алуунун, бөктөрүп ала качуунун, алдын тоскондордон буйтап, эч кимге жеткирбей соорунга таштоонун кумарын таткан адам бул оюндун кызыгынан оңой менен баш тарта албайт. Күзгү жыйым бүткөндөн кийин кыш түшкүчө айылдагылардын эрмеги улак тартыш. Жакшы тилек менен өткөрүлгөн тойлордун шаанисин ушул оюн чыгарат. «Баланча тойдо улак бериптир» деп даңазасы бийик угулат. Кайсыл жерде улак болсо Жолболдуну абалары ала барышчу. Кийинчерээк, ага өздөрүнүн аттарын беришип, улак тартышка түшүшкө шыкак болушту.

Октябрь революциясынын күнү 7-ноябрда Калмаккырчын өрөөнүндөгү көп айылдардын улакчылары катышкан чоң улак тартыш өткөрүлдү. Буудайы орулуп алынган аңыздуу кең талаада топтолушкан калың эл кайсыл айылдын кандай мыкты улак чабары бар экендигин талкуулашып, өткөн оюндарды эскеришип, баарынын ой– сезими мелдештин кызыгына арбалган. Бул жолу көптү көрүшкөн аксакалдар дасыккан улакчылардан кем калышпай ээрге бек олтуруп, атын ойдолото нары– бери бастырып турган жашы он беш– он алтыдагы Жолболдуга көздөрү түшүп, «кимдин уулу, кайсыл айылдан?» деп сурап жатышты. Алардын кызыгуусу текке кеткен жок. Күйөрмандардын сүрөөнгө алган кыйкырык– чуусуна ансайын каны кызыган жаш чабендес топко тайманбай кирип, котолошкон аттардын бут алдындагы улакты шамдагайлык менен эңип алганы, жылдырбай бучкактагандардан күчкө салып суурулуп чыгып, атылган жебедей болуп ат чапканы менен көргөндөрдүн бүйүрүн кызытты «Баралына келгенде мыкты улакчы болот» деп болжол кылып калышты.

Топ айылдын улакчыларынын ичинен көп жолу намыс алып берген Жолболдуну жаш да болсо айылдаштары көтөрө чалып сыйлашат. Ал мектепти аяктаган жылы: «Сага жакшы ат алып берели. Шаарга кетип окуйм дегениңди кой. Апаңдын маңдайында жүрүп багасың» дешип азгырып да көрүштү. Жолболдунун өзүнүн оюна койсо да айылдан кеткиси жок. Бул турмушта булкунган буудан минип, кыйкырып улак чабуудан артык ырахат жоктой сезилет.

Бул кабар Ташкент шаарында аспирантурада окуп жүргөн агасы Жапарга да жетти. Инилеринин келечеги үчүн дайыма кам жеген камкор ага тез арада бардык ишин жыйыштырып, айылга өзү келип, кыйылган инисин күчкө салып Фрунзе шаарына алып кетти. «Анчалык эле айылда жашоону жакшы көрсөң агрономияга оку. Институтту бүтүп келгениңче айыл эч кайда качпайт»,– деп боор толгоп акыл айткан Жапар инисинин тагдыр жолун туура болжоптур.

Апасы Сайкал да Жапарга кошулуп кичүү уулун окууга үндөдү. «Балам, убагында окуп ал. Акең Шамшыга удаа эле институтту бүтүп аласың. Мага караба. Үйдө жалгыз калып жатыптырмынбы. Шарапат бар го! Экөөбүз кыйналбастан оокат кыла беребиз»,– деп кесе сүйлөгөндө Жолболду каршы чыга алган жок.

Шарапат алардын бир тууган жээни эле. Кичине чагында ата– энесинин көздөрү өтүп, томолой жетим калганда Сайкал балдарына кошуп багып алган. Шамшы менен тең чамалаш кыз үчөөнө бир туугандай болуп бир үйдө чоңоюп, бой жетти. Кийин Сайкалдын бир тууган иниси менен баш кошуп, өз бактысын тапты. Азыркы учурда ал – бала– чакасы менен неберелеринин сүймөнчүк энеси. Байбичелик дөөлөттүн үзүрүн көрүп, ырыстуу үйдүн төрүндө олтурат.

***

1961-жылы Фрунзе шаарындагы Скрябин атындагы айыл чарба институтунун агрономия бөлүмүн бүтүрүп келгенден кийин Жолболдунун өмүр тагдыры айыл чарбасына биротоло байланды.

Бала чагынан картошка чаап, чөп оруп, жүгөрү, мисте өстүрүп каржала иштеген учурларда талаа ишинен тажагандай болсо, эми даркан дыйкан талаага жогорку билимдүү агроном, жаш адис катары көз салып, ысык– суугуна күйөөр, баа– баркын билээр жана аярлап асыраар убакка жетти.

Талаанын баркын дыйкан билет. Жолболду өз ишин – таңды талаадан тосуп, күндү талаадан узатып, бир түндө топурак жытын сагынып, ар бир көчөттү колу менен кармалап, көз нуру менен багып жүрүп өстүргөн пахтакерлер иштөөчү колхоздон баштады. Базаркоргон районундагы Социалисттик Эмгектин Батыры Өлмасхан Атабекова башкарган Фрунзе колхозунда ишке чыккан биринчи күнү эле турмуштук чоң сабак алды. Колхозго атайын жолдомо менен келген жаш адисти Өлмасхан Атабекова энелик мээрим менен тосуп алып, чай үстүндө акыл– насаатын, жакшы тилектерин айтып, көңүлүн жылыткан. Анын эртеси ишке кеч калбай барайын деп таң заарлап турган Жолболду түз эле конторага жөнөйт. Келсе эшик жабык. Жайкы талаа иштери кызып турганда күн көтөрүлгүчө колхоздун чоңдорунан эч ким келбегенине таң калып турса бир оокумда катчы кызды көрдү.

– Башкарма качан келет ишке? – деген Жолболдунун суроосуна катчы кыз «бырс» эте күлүп жиберди.

– Эже таң ата электе чыгат.

– Көрбөдүм го?

– Талаадан издеңиз.

Башкармадан тартып бардык жетекчилер таң жарый электе талаа четинде болушарын, ал эми конторага кечинде гана келишип, анан түн бир оокумга чейин олтурушуп маселелерди чечишээрин ошентип билди.

Бир жылдан кийин Жолболду улгайып бараткан энесине жакыныраак болуу үчүн Сузак районунун «Москва» колхозуна башкы агроном болуп которулат. «Алтын жылдыздуу» пахтакер эженин колунда иштеген бир жылдын ичинде дыйканчылыктын сырларына каныгып калса да билгенинен билелеги көп экен. «Москва» колхозу райондун борборунда жайгашып, пахтадан жогорку түшүм алуу боюнча облуста алдыга чыккан, өсүп– өнүккөн бай колхоз эле. Бул жерде негизинен жер сырын жакшы билген, мээнеткеч өзбек эли жашашчу. Колхоз жетекчилеринин ичинен Жолболду жалгыз кыргыз, болгондо да тоолук кыргыздардын өкүлү. Ошентсе да өгөйлөшпөй, же «жаш» деп жээришпей боор беришти.

«Москва» колхозунун башкармасы Абдрашид Абдыкадыров легендардуу Брест чебин коргоочулардын бири болгон. Көптү көргөн эстүү, иш билги адам эле. Жаш кезинде согуштун азап– тозогун башынан өткөрүп, адам кадырына эрте жеткен экен. Жолболду колуна келгенде атасынан беш жашында ажырап, жетим өскөнүнө боор толгоп, ага аталык мээрим менен көз салып, көчөттү бапестеп өстүргөндөй жаш адисти этият таптады. Ошол эле мезгилде Социалисттик Эмгектин Баатыры, «Алтын жылдыздуу» жетекчи талапты да катуу кое билчү.

Жолболду башкы агроном болуп иштей баштаган алгачкы учурлары иш жөнүндө ойлосо түн уйкусу бөлүнөт. Пахтадан түшүм алуу боюнча облуста алдыда келаткан абройлуу колхоздун мындан аркы ийгилиги башкы агроном катары анын кандай иштешине да байланыштуу болот эмеспи. Жерди сүйгөн жана дыйканчылык сырларын беш колдой билген колхозчулардан көптү үйрөнсө да, агротехникалык жаңы технологияларды, жерди иштетүүнүн илимий жолдорун пайдалануу боюнча алган беш жылдык билимин алар менен бөлүштү. Ишке дилгир, жөнөкөй, адамга жакын Жолболду тез эле элге алынып, кадыр– барк тапты. «Москва» колхозунда иштеген 7 жылдын ичинде коммунисттик партиянын мүчөлүгүнө кабыл алынат.

Турмуштук жана адистик мыкты мектептен өткөн жаш коммунист 1971–1991-жылдары партиялык жетекчиликтин тепкичтеринен улам өйдөлөп жүрүп олтурат. Партиянын Ош облустук комитетинин инструктору, Баткен райондук комитетинин экинчи катчысы, эл депутаттарынын Фрунзе райондук аткаруу комитетинин төрагасы, андан соң ушул эле райондо партиянын райкомунун биринчи катчысы, Жалалабат облусунун айыл чарба башкармалыгынын башчысы болуп иштейт.

1992–1994-жылы Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчылык кызматында жүргөнүндө Жолболдунун жарандык жана руханий жактан жетилип калган убагы эле. Тамыры миң– миң жылдардын тереңине кеткен кыргыз элинин даңктуу өтмүшү, эркиндикти туу туткан бийик руху жана өз алдынча мамлекеттүүлүккө ээ болгондон кийин дүйнөлүк коомчулукта ээлей турган орду жөнүндө өз көз карашы, ой– сезимдери курчуп жан– дүйнөсүнө тынчтык бербейт. Кыргыз эли кантип дүйнөлүк тарыхта байыркы эл катары сакталып калалды?! Эмне үчүн кылымдардын кыйырларында кумга сиңгендей жоголуп кеткен жок?! Душман алдында башын ийбеген бийик руху эмнеде эле? Желдей сызган кайберендей бийик тоолорду жердеген эркин, эр көкүрөк мүнөз кайдан бүткөн?!

Жолболду үчүн бул суроолорго мисалды алыстан издөөнүн кереги жок эле. Баатырдыгын бала чактан угуп өскөн эр бабаларынын бири Курманбектин күмбөзү ал жашаган айылда тарыхтын бир эстелиги катары сакталып турат. 500 жыл мурун жашап өткөн Курманбек баатырдын жоо келгенде кыйкырып кылычын кындан сууруп, эл– журтун коргогон эрдиги жөнүндө угуп чоңойгон санжыра– уламыштар көкүрөгүнө бекем орноп калыптыр. Ал эми жүздөгөн жылдары бою элдин эсинде унутулбай жашап келген менен Курманбектин күмбөзү эскирип, таланып– тонолуп бүткөнүнө жүрөгү ар дайым сыздоочу.

Көкарт өрөөнүнүн карт тарыхынын дагы бир бүркүмү болгон– жүз жылга жакын эл бийлешкен ата– баланын үч мууну Абдылда бий, Чыйбыл болуш, Нусуп болуш жана Жоробек болуштардын татаал, сыймыктуу да, кайгылуу да тагдырлары Жолболдунун көкүрөк– көөдөнүнөн кетпей жүргөн. Алар жөнүндө аңыз сөздөр эл оозунан өчпөй, муундан– муунга эскерилип келсе да атайын арналып белги тургузулбаганы атуулдук намысын козгобой койчу эмес.

Сузак жергесинин дагы бир даңктуу уулу, көзү көр болсо да көөдөнү жарык Барпы акындын алдында да урпактары чоң карыздар. Өмүр– өлүм, жашоо маңызы, улуу махабат, бири кем дүйнө жөнүндө жанды кейитип да, жибитип да ырдаган ырлары менен элдин рухун байыткан улуу талантка ушул кезге чейин эстелик коюла элек эле.

Жолболду Текенов жаңы доордун, эгемендүүлүктүн жел аргысын алгачкылардан болуп колдоп, көкүрөк ачты. Сузак районуна аким болуп келгенден кийин эң биринчи улут тарыхынын жана руханияттын өлбөс– өчпөс залкарларына айланышкан бул инсандарга сый– урмат көрсөтүүнү өзүнүн атуулдук милдети катары эсептеди.

Жолболдунун бул оюн кыргыздын намысына жараган дагы бир уулу, ошол мезгилде Жалалабад облусунда губернатор болуп иштеп жаткан Бекмамат Осмонов, андан кийин облус бийлигинин башчылык кызматына келген Абдыжапар Тагаев колдоп, мамлекеттик деңгээлде көтөрүп чыгышат.

Курманбек баатырдын күмбөзү тез арада элдин, демөөрчүлөрдүн каражатына курулду. Бул ишти бүтүрүүдө Жолболду бир мезгилде башкы агроном болуп иштеген «Москва» колхозунун эли да чоң бел болуп беришти. Өздөрүнүн уулундай болуп калган Жолболдунун урматына улуу– кичүүсү дебей тик турушуп, усталары күмбөздүн кышын кынаптап урушса, калгандары да колунан келген көмөгүн көрсөтүшүп, «бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарышкан» биримдик жана демилгелүүлүк жагынан башкаларды шыктандырышты. «Жакшылык жерде жатпайт» дегендей бир мезгилде өзү ак ниетинен кызмат кылган колхоздун эли анын кеткенине 20 жылдан ашуун убакыт өтсө да достук жана бир туугандык менен жүрөктөрүндө сактап жүрүшкөнүн ушинтип билдиришти.

Курманбектин күмбөзү менен тең катар эле Көкарт өрөөнүнүн белгилүү инсандары, бир туугандар: Нусуп бийге, Чыйбыл болуш жана анын уулу Жоробек болушка да эстелик тургузулат. Жол боюнан орун алган бул эстеликтер кийинки муундарды атуулдук эң бийик сезимдерге шыктандырары шексиз.

Сузак аймагынан чыккан дагы бир улуу талант Барпы акындын тагдыры менен чыгармачылыгы чындыгында кайталангыс. Ал артына чоң адабий мурас калтырды. Айрыкча Барпынын лирикалык ырлары кыргыз поэзиясынын туу чокуларынын бири катары бааланып жүрөт. Көп окуп, кыргыз жана дүйнөлүк адабиятын жакшы билген Жолболду акындын адам табиятын, жашоо сырын кылдат ачып, чыгыш даанышмандыгын өзүнө сиңирген терең маанилүү ырларын жатка айтып, турмушунда дайыма эске тутчу. Бирок, кыргыз адабиятында гана эмес түрк маданиятынын бир түркүгү боло ала турган гениалдуу акындын арбагы сыйланбай, ушул кезге чейин ага арнап күмбөз, же эстелик тургузулбай келатканына кыжаалатчылыгы чоң эле.

1994– жылы көптөн бери жүрөгүн өйүп жүргөн ойлорун жүзөгө аша турган болду. Барпынын 110 жылдыгы республикалык деңгээлде белгилөө аракети башталды. Белгилүү адабиятчы окумуштуулар: Абдыганы Эркебаев, Кадыркул Даутов, Мухтар Маматалиев ошол мезгилде Жалалабат облусунун губернатору Абдыжапар Тагаев жана башка көкүрөктөрү бийик инсандардын демилгеси менен Барпынын күмбөзүн Бишкек шаарында тургузуу, Сузактагы Барпы айылында үй– музейин ачуу, чыгармаларынын толук жыйнагын чыгаруу жана адабий изилдөөлөрдү жүргүзүү сыяктуу иш– чараларды өткөрүүгө жакындан кол кабыш кылуу бактысы Жолболду Текеновго туш болду. Акындын арбагына, адамдык жана акындык бийик касиеттерине таазимин билдирди.

Аттиң десе, таш боор ажал жаш– карыны ылгабайт тура. Жолболду Текенов 60 жаш курагында арабыздан эрте кетти. Чыгыш ойчулдары айткандай «бири кем дүйнө» тура. Али эл– журтуна берери четинен оюла электе, эс– акылы толуп, даанышмандык куракка кадам коюп, жетилип турган убакта өмүр менен кош айтышты. Замандаштарынын болжолунда Жолболдунун күтүүсүз жерден көз жумушуна өлкөнүн ошол убактагы жетекчилиги тарабынан колдо бар асылды баалай албагандыгы да себепкер. Журтка баш– көз болоор тажрыйбасы артып, акылы менен айды чапчып турганда болбогон шылтоо менен кызматтан алынды. Кылым таңшыган кыргыз комузунун күүлөнүп турган кылы тырс үзүлгөндөй анын адистик жана жетекчилик иш билгилиги, билими менен аброю өкмөт тарабынан бааланбаган терс мамилеге, мүмкүн, анын жүрөгү чыдабады.

Жолболду Текенов эл– журтунун, дос– туугандарынын жүрөгүндө иш дегенде ичкен ашын жерге койгон, акыл– парасаты жогору, турмушка көз карашы терең жана бийик адамгерчиликтүү элеси менен жашап келатат. Ошондой эле учугун улап, атын өчүрбөй, «Жолболдунун балдары» деп эл оозуна алынган 3 перзентинин өмүрүндө жашайт. Чынара, Зарипа, Бакыт чыгаан атанын татыктуу уул– кыздары боло алышты.

Жолболду Текенов жөнүндө кыска баяныбызга кошумчалай турган расмий маалыматтар бул: Ж. Текенов «Эмгек Кызыл Туу» ордени, «Эмгектеги каармандыгы үчүн» медалы, СССРдин ВДНХсынын алтын жана күмүш медалдары менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин 12 – чакырылыштагы депутаты, Ош облустук Советтин 4 жолку депутаты, Баткен, Фрунзе, Сузак райондук советтеринин бир нече жолку депутаты болуп шайланган. Көп жылдар бою Кыргыз Республикасынын Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин мүчөсү болуп турган.

 

Атадай камкор абалар

Жапар Текенов жана анын инилери аталык мээримге канбай калышса да аталаш абаларынын канаттарын жайган камкордуктарынан өксүү болушкан жок. Кыргыздын тууганчылыкты туу туткан асыл касиети бар. Улуусу өлсө анын үй– бүлөсүн кароо– кичүүсүнүн милдети. Жетим– жесирин талаага калтырбай, оокат– ашына каралашып, балдары эресеге жеткиче көз салуучу парзды Текендин бир туугандары да ак өтөштү. Анын үстүнө Мамасейит устанын беш уулу: Бек, Абдыкерим, Сейталы, Текен, Ысактын ата– эне жашаган «чоң үйдү» ыйык тутушкан каадаларынын да шарапаты тийди. Ата– бабаларынан мураска калган туугандык биримдик, намыс– ариет жана ынтымак балдарында уланды.

Жапардын апасы Сайкал балдарын «абаңарга айтам» деп сестентчү. Айрыкча, сабактан начарлап кетишкенинде, же тил алышпаса ушул сөздү айтуу жетишээрлик эле. Айыл ичинде кадыр– барктуу абаларды уят кылуу өлүмгө тете сезилчү. Абалар да омоктуу акыл– кенештери менен балдарды түз жолго буруп, келечекти бийиктен мелжөөгө үндөп турушчу. Сайкал да өмүр бою эч бир ишти кайнагалары менен кеңешмейинче жасабай, аларды бир туугандан бетер эш тутаар эле.

Жапар тестиер жашка жеткиче эң кичүү абасы Ысак менен бир үйдө жашады. Ал 30– жылдардагы айылдагы алгачкы билимдүү мугалимдердин бири болгон. Абасы анын эсинде узун бойлуу, ак сөөк келбетиндеги сымбаттуу жаш жигит бойдон сакталып келет. Дайыма колунан китеп, гезит түшпөй окуп, үйдө да гезиттердин тиркемелери, түрдүү китептер сакталып турчу. Орус – фин согушунун алгачкы күндөрүндө биринчилерден болуп кан майданга аттанган Ысак ушул күнгө чейин кабарсыз бойдон. «Өлдү» деген кара кагаз келбегенден кийин тууган– уругу андан түңүлө алышпай, узак жылдар бою жол карашып күтүп жүрүштү. Согуштун кызыл өртү жаш жигиттин өмүрү менен кошо анын суудай тунук жана тоодой бийик максат– тилектерин да кошо жалмап, жер алдына жашырдыбы, же…? Үй– жай күтө элек абасы, а мүмкүн, кыз сүйүүгө да үлгүргөн жок. Анын «Билимимди улантып, чоң окууларда окуйм, анан үйлөнөм» деген ой– максаты бар эле.

Абаларынын эң улуусу Бек дыйкан адам болгон. Кампасы толо эгинден, короосу толо малдан үзүлбөй, өмүр бою өз турмушуна тың жашады. Тууганыңдын колунда бар болсо кайрымы тийбей койбойт эмеспи. Жапар каникулга келгенде далай жолу барбалаңдап сүйүнүп коюн союп сыйлаганы эстен чыкпай калды.

Сейталы абасы аттын мыктысын тандай билген саяпкерлиги жагынан таанымал эле. Кайсыл жерде жакшы ат бар деп укса аны сатып алмайынча жаны тынчыбайт. Сатып алган атын эң алдын агасы Абдыкеримге мингизип, ини катары сый– ызаатын көрсөтчү.

Абдыкерим абасы айыл активи болуп, өмүр бою ат үстүндө жүрүп өттү. Кызматы деле роль ойнобосо керек. Өзүнүн курч акылы, калыс сөзү, терең адамгерчилиги менен айылдаштарына кадыр– баркы чоң болгон. Жапардын эсинде: абасы аны атына учкаштырып той– ашка кошо ала барчу. Алар минген аттын алдына эч ким чыкпай, калгандары абасынан бир топ артта ээрчий бастырып келишчү. Төргө да аны биринчи өткөрүшөт.

Абдыкерим ошол мезгилде прогрессивдүү көз караштагы, алысты көрө билген киши болгон экен. Өзүнүн балдары менен кошо Текендин уулдарына да «окугула!» деп талапты катуу коер эле. Абасынын эки уулу айылда эң биринчилерден болуп жогорку билимге ээ болушту. Алардын өрнөгүн алышкан Жапар, Шамшы, Жолболдулар да борбордо окууга ынтызарланышты.

Үчөө тең студент кездеринде каникулга келишкен сайын абалары үймө– үй мейманга чакырышып, студенттерге колдон келген сыйын көрсөтүшөт. Кайра окууга кайтышканда алмак– салмак ат коштоп мингизип Таранбазарга чейин жеткирип келишээр эле. Анан чөнтөктөрүнө акча салып, жылуу сөздөрүн айтып узатып коюшат. «Апаңа кылчактаба, биз турабыз. Кор кылбайбыз. Сен эч нерсе ойлонбой оку!» дешчү бек– бек сүйлөп. Бул сөздүн, камкордуктун бир туугандарды шердентер деми кандай! Алардын ишеничин акташ үчүн бардык күчүн үрөп окуй башташат. Абалары почтодон салышкан посылкаларды жана акчаларды алышканда студенттик жупуну жашоолору кандай байыса жүрөктөрүн да ошончолук жылуулук балкытат.

Жапар кандидаттык диссертациясын жактаганда Сейталы абасы коюн союп, кымызын жүктөнүп Ташкент шаарына барып кубанычына ортоктош болду. «Жетим жүрүп жетилген» инисинин ийгиликтерине төбөсү көккө жете сүйүнүп турган абасын көрүшкөндөр «Атаңбы?!.» дешкен эле.

Кайсыл бир даанышмандан минтип сурашыптыр:

– Өмүрүңүздүн кайсыл учурун текке кетти деп өкүнөсүз?

– Кимдир бирөөгө колдон келер жакшылыкты жасабай койгондо,– деп жооп берген экен даанышман.

Текендин балдары эр жетишип, колдорунан иш келе башташканда Бек, Абдыкерим, Сейталы да алардын далай сый– урматын көрдү. Айылга келген сайын Жапар аларга атаган белек– бечкегин өзүнчө түйө келет да, өз үйүнүн босогосун аттап– аттабай туруп эң биринчи абаларына учурашууга жөнөйт. Той– тобур өткөрүшсө абалары алардын төрүндө олтуруп, сарпайдын алдын, жиликтин чоңун алат. Балдарынын, неберелеринин окуусуна, иштерине, же турмуш– шарттарына байланыштуу кандай маселе менен кайрылышса да үч бир туугандын кимиси болбосун жан дилинен жардам берүүгө жан үрөшчү.

Абаларынын көздөрү өткөндөн кийин туугандык бул ыйык биримдик алардын балдарында да уланып, качан болсо бири– бирине кайрымдуу, «өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк» болуп жашап келишет. «Ынтымак бар жерде ырыс бар» дегендей атактуу устадан тараган чоң үй– бүлө өнүп– өсүп, Калмаккырчын өрөөнүнүн атын чыгарышкан кыраандардын тобуна айланды.

 

II БӨЛҮМ. УМТУЛУУ

 

***

Балалык кыялдан бай нерсе барбы. Бет алдыдан көрүнгөн бийик тоого жетем деп ашыгып, ага жеткенде артынан дагы башка тоолор көрүнгөндөй турмуш чексиз кең, өмүр түгөнгүс узун сезилчү өспүрүм куракта нелер жөнүндө гана кыялданбайсың. Айылдык мектепти аяктаардын алдында Жапарды не бир сырдуу, белгисиз жаңы жашоого кадам таштаарда жүрөктү апкаарыткан сүрдөө менен кошо бийик максатка умтулуунун эч нерсе тең келгис кудурет– күчү бийлеп жүрдү. Элеттик улан үчүн борбор шаардан жогорку билим алуу тилеги кээде кол жеткис таалайдай көрүнчү. Бирок, жүрөгү ошол максатка талпынып ээлигип кагат.

1951-жыл. Көкарт мектеп– интернаттын бүтүрүүчүлөрүнүн акыркы салтанаттуу чогулушунда анын катарында 27 классташ улан– кыздар тизилип турушту. Баары алынын жетишинче жасана кийинишкен. Колдорунда талаа гүлдөрү. Аларга окуучулук күндөрдүн он жылы көз– ачып жумгуча эле өтүп кеткенсийт. Он жылдык өмүрлөрү, балалык кайгы– кубанычтары, ууз достук жана тун сүйүү сезимдери калган мектеп менен коштошууга кыйылышкандай ар бири муңайыңкы.

Бул мектеп– интернат көбүнүн экинчи үйүнө айланып калган эле. Алыскы айылдардан келген балдар– кыздар жатаканада жашашты. Алардын ичинде Жапар да бар. Туулуп – өскөн Сарыбулак айлынан 40 чакырымдай алыстагы интернатта 3 жыл бою жатып окуп, каникул, же майрам күндөрү гана үйүнө келип туруучу. Үч жыл бою казыналык жатакананын темир керебетинде жатып, карандай чай ичип, кара бөлкө нан жесе да келечек жөнүндө жаркын ой– кыялдар ага демөөр болуп, ой– санаасын байытып турар эле. Мына эми ак эмгектин акыбети кайткан ырааттуу көз ирмемдердин кубанычын башынан өткөрүп жатат. Он жыл бою билимдин артынан сая түшүп келген Жапар бүтүрүү экзамендерин да жалаң «5» деген бааларга тапшырды.

– Текенов Жапар!

Мектеп директору Маматов Жоро анын ысмын өзгөчө шаңдуу үн менен атагансыды. Жапалдаш бойлуу кара тоголок уландын колуна аттестат тапшырып жатып, ага Фрунзе шаарындагы жогорку окуу жайына өтүү үчүн даярдай турган бир айлык курска жолдомо берилгенин билдирди. Көкарт орто мектеп– интернатынын бүтүрүүчүлөрүнүн ичинен Сатаров Жалил, Молдалиев Капар, Карабаев Кадыр төртөө ушундай артыкчылыкка ээ болушуптур. Бул кабар Жапардын көптөн көп көксөгөнү эле. Оңойго турбаган өз эмгеги аркылуу жеткен татыктуу жолдомо менен темир канатын күүлөп алыска учууга даяр.

Атайын жолдомо мектептер тарабынан сунуш кылынган мыкты бүтүрүүчүлөргө Эл агартуу министрлигинин буйругу менен берилээр эле. Ага ээ болгондор жергиликтүү бийлик тарабынан борбор шаарга жөнөтүлүп, ал жерде Москва, Ленинград, Ташкент, Алма– Ата, Фрунзе сыяктуу чоң шаарлардагы жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн атайын даярдыктан өтүшөт. Жапарга кошуп дагы үч классташын райондун борборуна алып келишкенде гана паспорт жана туулгандыгы тууралуу күбөлүк керек экендигин билип жүрүшөт. Эл депутаттарынын Сузак райондук аткаруу комитетинин төрагасы Мусулманкулов Жоронун катуу аракети менен аларга тез арада тийиштүү документтер да алынды. Жапардын паспортунда 1933-жылдын 18-майында туулган деп жазылыптыр. (Бирок, өзү кайсыл күнү төрөлгөнүн так билбесе да чоң энеси менен апасынын: «Тоок жылы эки кар жааганда төрөлгөнсүң, суук болчу» дешкен божомолу боюнча туулган күнүн өмүр бою ноябрь айында белгилеп келатат).

Анын окуйм деген дилгирлигине үйдөгүлөрү да каршы болушкан жок. Ошол жылы Абдыкерим менен Бек абаларынын уулдары Фрунзе шаарындагы педагогикалык институтту бүтүрүшүп, айылга мугалим болуп келишкен. Шаардыктарча таза, жарашыктуу кийинишкен, чач коюшкан жаш жигиттер айылдын көркү болушуп, баары аларга суктана карашса Жапардын апасы Сайкал да уулуна ошондой келечек каалабай коебу.

Абдыкерим абасы Жалалабатка чейин ат коштоп мингизип келип, темир жол бекетинде ак батасын берип узатып калды. Поезддин эки вагону жык өзүнө окшоп окууга баратышкан уландар экен. Темир ат кыймылга келип, бара– бара күүлөнүп шамалды жиреп аркырап жөнөгөндө Жапар өзүн бакыт жолуна түшкөндөй сезди. Чоң шаарлардагы атактуу окуу жайларында окусам деген тилеги өспүрүм кезинен көкүрөгүнө орноп, көздөгөн максатка талпынууга үйрөткөнүнө ыраазы. Эгерде ал бардык кыйынчылыктарга карабай жакшы окубаса, аракет кылбаса ушинтип өкмөт тарабынан окууга жөнөтүлөт беле. Эмки максаты институтту жакшы бүтүрүп, өз айлына мугалим болуп кайтыш… Мектепте иштеп, апасын, инилерин багат, элеттик ой– сезимдери тунук балдар– кыздарга билим берип, айылдагы эң сыйлуу «мугалим» деген кесипке ээ болот…

Күжүлдөгөн поезддин терезесинен кетпей, өзү мурда көрбөгөн чоочун талаа, тоолордон көз албай тиктеп бараткан Жапардын жүрөгүн таза, улуу ой– максаттар ээлеп, көңүлүнө канат бүткөндөн бетер эргип турат.

***

50-жылдардагы Фрунзе шаары. Согуштун каат жылдарынан эми гана баш көтөрүп, канат– бутагын түзөп өсүп келаткан жаш шаар. Айрыкча, билим, маданият күсөгөн жаштарды кучагына магниттей тартып, жаңы муундун бешигине айлана баштаган. Маданий алгачкы очоктордон болгон «Ала– Тоо» кинотеатрында, кыргыз драма театрында коюлган кинотасмалар, спектаклдер аншлаг менен өтүп, Аалы Токомбаев, Алыкул Осмонов, Касымалы Жантөшөв, Мукай Элебаевдер, Мидин, Райкандын китептери колдон түшпөгөн таберикке айланып, беш жылдыктардын ураандары сезим коозутуп, өлкө өнүгүүнүн жолунда күжүлдөп бараткандай сезилчү. Идеялар, ураандар менен шыктанган жаштар нан жана башка оокат– азыктар карточка менен ченелип берилүүчү өп– чап турмушка канаат менен карашат. Анткени, алдыдагы жаркын келечекке, «коммунизмге» жете турган күндөр да алыс эмес.

Поезд токтогондо Жапар эң биринчи эле темир жол бекетинин заңгыраган, архитектурасы көркөм эки кабат имаратына таңыркады. Чоң– чоң айнектери күн нуруна чагылышып жаркылдаган, каралжын түстөгү дубалдары текши, жылмакай курулган, көкүрөк керип заңкайган эки кабат имараттан, анын айланасындагы бири– бирине чаташкан көп рельстер, паравоз, вагондордон, түптүз кең көчөлөрдөн, кыйма– чийме машинелердин кыймылынан шаар цивилизациясынын кудурет– күчүн туйган Жапар сүрдөнө апкаарыйт.

Аларды темир жол бекетинде күтүп турган адам ээрчитип түз эле № 5 – мектеп– интернатына алып келди. Бул жерде аларды бир ай бою кирүү экзамендерине даярдашып, анан жогорку окуу жайларына жөндөмдөрүнө карай иргеп жөнөтүшөт экен. Алгачкы сабактарда эле баарынын дараметтери билине баштады. Тең кырдуу балдардын ичинен Жапар математика, физика, география сабактарында эрдемсий түшөт. Анткени, бул сабактар боюнча борбор калаанын эң атактуу мектебинде окутуп жаткан агай– эжейлердин купулуна толо жооп берерине көзү жетип калган. Бир айлык даярдоонун мезгилинде кайсыл институтка, кайсыл факультетке тапшыруу керек деген суроолорго биринчи жолу кабылды.

Мугалимдер күн сайын аларга жогорку окуу жайлары, факультеттер, түрдүү адистиктер жөнүндө түшүнүк беришет. Бирге окугандар көбүнчө Москва, Ленинград, Ташкент сыяктуу чоң шаарларга барып окууга кызыгышууда. Жапар жалгыз бой апасын, эр жете элек инилерин ойлоп, алыска кеткиси келбей кыңырылат. Анын үстүнө быйыл Фрунзе мамлекеттик мугалимдер институтунун базасында университет ачылат экен деген кабарды угуп калган. «Университет» деген сөз өтө шаңдуу угулуп, анда билим алуу институтка караганда алда– канча сыймыктуу сезилет.

Адегенде «геология» факультетин тандады, бирок, университетте мындай факультет жок экен. «Анын ордуна физика факультетине кирбейсиңби»,– деген агайынын бир ооз кеңеши анын болочок тагдырын чечип койгонсуду. Буга чейин «физик» болом деп ойлогон эмес. Эптеп жогорку окуу жайында окуп, аны бүтүргөндөн кийин айылга барып, мектепке мугалим болуп иштесем деген максаты гана бар эле. «Жолду баскан арытат» дегендей алдыга улам кадам шилтеген сайын турмуштун жаңы ой– кыры ачылып, түшүнүгү кеңейип баратат. Он– он беш күндүн ичинде эле элеттик баео улан жашоого жаңыча карай баштады.

Сабак бүткөндөн кийин топтолушуп шаарды кыдырышат. Айылдан буюм– теримдерин салышып көтөрө келишкен чемадандардын, анан өздөрү жатышкан бөлмөлөрүнүн кулпуларын шагыратып жипке тизишип, шымдарынын куруна байлап алышкан. Көчөлөрдүн түптүздүгүнө, таш жолдордо зымыраган машинелерге, көп кабаттуу имараттарга, заводдун эрте– кеч созулуңку чыккан гудокторуна сонуркагандары таркай элек. Бак– дарактуу скверлердеги өстүрүлгөн гүлдөрдү көрүшсө айылдагы талаа гүлдөрү элестеп, кусалык сезими жүрөктөрүн тызылдатат. Өкмөт үйүнүн колонналуу сүрдүү имаратынын жанынан өтүп баратышып, «Биринчинин» өзүн көрүп калчудан бетер моюндарын созушуп карашат. Баары– жокко аңкая тиктешкен, бири– бирин жөөлөй басышкан элеттик кейптери алыстан эле байкалабы, көчөдө чак түштө эле алардын акчаларын тоноп кеткендер да көп болду.

«Алатоо» кинотеатрынан биринчи жолу кино көргөндө Жапар көпкө чейин таасирленип жүрдү. Бул кино согуш жөнүндө экен. Орусча жакшы түшүнбөсө да кан майданда жарылган бомбалар, окко учкан жоокерлер, төгүлгөн кан, жетим– жесир калышкан аял– балдардын көз жашы, концлагердеги кордук ага кырчындай кезинде согушта курман болгон атасын, өзүнүн жетим өскөн балалыгын эстетип, муун– жүүнүн бошотту, кайра алда– неге чыйралтты. Жүрөккө терең баткан өксүк көп учурда аны жеңүүгө, адамдык бакытка ээ болууга умтулдурат эмеспи. Анын турмушка эркелей турган чагы жок. Бардык нерсеге өз күчү, катуу аракети менен жете алышы мүмкүн. Ата жетпей калган бак– таалайга сөзсүз уулу ээ болушу керек. Анткени, атасы ошон үчүн курман болду. Балдарынын эркиндигин, бактысын, келечегин коргоп канын төктү.

Ушинтип ойлонгондо Жапар кантип китепке үңүлүп окуй баштаганын сезбей калчу.

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

© Зинакан Пасаңова, 2008

 


Количество просмотров: 10397