Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Зинакан Пасаңова, 1997. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2011-жылдын 7-декабры

Зинакан ПАСАҢОВА

Аял сыры

Жыйнактан аңгеме

Бул жыйнакка аял темасында жазылган аңгемелер топтолгон. Аялдын энелик мээрим-кудурети, махабат сезими, сүйүүгө муктаждыгы аялдардын бейнелери аркылуу сүрөттөлөт.

Зинакан Пасаңова. Аял сыры. – Ош: 1997-ж. китебинен алынды.

 

Аял ойгонуп кеткенде жер жарый элек экен. Терезеден агарып кирген көчө шамдарынын бүлбүл шооласынан боюн качырган караңгылык жымжырт болуп уюп турат. Чоң жолдон тынбай өтүүчү машинелердин доошу сээлдеп калыптыр. Кез-кезде гана жалгыз-жарым машиненин күңүрт доошу угулат. Түн шоокумун тыңшаган аял таң атаарга али узак экенин боолголоду. Күнүгө ушу. Түн жарымынан оогондо капыстан ойгонот да, көздөрү чайыттай ачылып уйкусу качат.

Бүгүн да жүрөгүн мыкчыган белгисиз кыжаалаттык аны кайра уктата койчудай эмес. Күйөөсүнүн дем алышына караганда ал да ойгоо жаткансыйт. Бирок, аялынын түйшөлүп ойгонгонун билсе да бурулуп карабады. «Балдарын ойлонуп жатса керек» деп ичи ачышып кетти аялдын. Эркектин биринчи аялында калган балдары жөнүндө ойлогон ойлоруна, чеккен санаасына өзүнүн күнөөсү бардай жыйрыла түштү. Күйөөсү акыркы күндөрү аларды сагынып, кусаланып жүргөнсүйт. Бул сагынычты алмаштырып, ордуна тартуулай турган эч кандай кудурет таппаган сайын аял аргасыздан эринин мурдагы аялын эстөөчү болду.

Эркекти үйүнө биротоло киргизип алгандан кийинки алгачкы күндөрү күндөшүн минтип ойломок турсун тушарына да теңөөчү эмес эле. Балага бастырып, эрте карыган улгайыңкы жубан ага тең тайлаша албасын түшүнгөн. Ал казан-аяктан башканы эмнени билет эле, ошол үчүн бир эркекти күтө албай тарткызып жиберди да деп көңүлү ток жүрчү. Мына эми ошол күндөшүнө көз артып жатат. Анын жанында жатканда күйөөсү, мүмкүн, азыркыдай ичтен сызып, жалгыз санаа тартпас беле? Экөөнүн каны-жанынан жаралган төрт баланын ысык-суугу, кыял-жоруктары бүгүнкүдөй уйкусуз түндөрдө узун сабак эрмек болуп, кобурашып таң атырышмактыр… Эркек да азыр ушинтип ойлоп ич дарты ичинде болуп, өкүнүп жаткандыр…

Ушундай божомол ойлордон аялдын ичи ансайын күйду. Эри чындап эле биринчи аялына ооп кеткендей тыбырчылай, сол капталына оодарылып алды. Бир туруп «Мен чакырдым беле кел деп, келген өзү, алам деген өзү, бала чакасыыан кечкен өзү, – деп табалап алат. — Мага эмне... Жалгыз бой аялмын…»

Ал чындап эле төрт баланын алдьнда абийирим ак деп ойлоочу. Алардьш атасын азгыруу оюна да келген эмес. Кылган иши, баскан-турганы тың, кырктын кырына чыгьш калса да али жигиттик сымбатынан тая элек бул эркекти жөн гана кызматташы катары сыйлоочу. Ал да башкаларга окшоп жалгыз бой келинге тузак тартпай түз жүрчү. Бир жолу аялдын үйүнө зарыл жумуштап келгенге чейин ушундай болгон. Ошол күнү чайлашканча аркы-беркини сүйлөшүп узакка олтуруп калышты. Эркек кайтаарында: «Сонун кеч болду. Кетким келбей турат», – деди кыйылып. Келин мунусун көңүл үчүн гана айтылган деп кабылдап, бирок ага эшик ачып берип жатканда жүзүнө тиктей албай калтаарып кеткен. Караса эле анын коздөрү оп тартып, экөө жабыша калчудай туюлган. Денесиндеги майда калтыракты зорго басып, чала-була коштошумуш болгон. Капыстан келген бул күчтүү сезим дарманын алып, эшикке сөйөнө калбаса жыгылып түшкүдөй. Эркектин тепкичтерден түшүп бараткан оор дабышына үн алышкансып жүрөгү түрсүлдөп кагып туйлаган.

Ошол түнү чабалактап уктаган эмес. Өзүн-өзү тыйса деле ээ-жаа бербей акыл-эсин чырмап алган каалоо анын шаштысын кетирди. Жүрөгүнө уурданьш кирип, сезимин капыстан ойготкон эркектин элеси зми төшөгүнө кошо жатып алды. Аны өктөм колдору сылагылаган сайын тулку бою жазылып магдырап келатты. Жан эриткен жалыныч сөздөр да чаңкоосун кандыргансыйт. Тынымсыз аймалаган ысык эриндер аны биротоло эритип жиберди. Тырп этерге дарманы калбай, өзүн бүтүндөй бийлеп алган сезимге баш ийип берди. Көздөрүнөн тыньмсыз жаш агып жатканын да баамдаган жок. Эркектин ысык кумары жалгыздыктан тарамыштай чыйралып калган кайратынан жандырып, кайрадан назик жароокер аялга айлантып койгонсуду. Көкүрөгүндө эркекке айта турган сөздөрү да түгөнгүс болуп жыйылып калган экен. Бирде муңканып ыйлап, бирде жаны эргип күлүп төгүлүп-төгүлүп айтып түгөтө алгыдай эмес. Булардын баары аял үчун жаңы сезим-туюмдар эле. Ал өзүнүн аялдык сезимин алда-качан жоготуп алып, унуткара баштаган. Биринчи күйөөсү менен көңүл калып ажырашкандан кийин эркек аттууга жакындай элек. Сөз салган, көз салган, көз арткандар да жүрөгүн козгой албаган.

Рас, көңүлүндө бир эркек бар эле. Бирок, анын аты– жөнүн, ким экендигин алигиче билбейт. Билип да кажети жок. Олбурлуу боюнан башка өңү-түсүн да дааналап эстей албай калган. Ошол жигит аялдын кыялында гана эңсеттирип жашашы мүмкүн. Ал эми турмушта болсо ал башка бир кермаралдай келиндин сүйгөн жары. Аял кокусунан күбө болгон алардын ынактыгын тагдырдын таш боор буйругу бузбаса эле, майдай-сүттөй болушуп, ынтымак жашап жүрүшкөндүр. Эркек-аялдын сүйүүсү, жубайлык таттуу мамиле жөнүндө эңсегенде ал жигитти эстебей кое алчу эмес. Өзү тааныбаган кайсы бир бейтааныш келиндин жүрөгүн жылытып жүргөнүн ал жигит туйбаса да керек. Каяктан туйсун.

Ал жигитти шаардык оорукананын хирургия бөлүмүндө сокур ичегисин алдырып, реанимацияда жатканда көргөн. Наркоздон кийин эсине түзүк келе электе терезенин айнегин бирөө узакка тыкылдаткандай болгон. Акыл-эсин жыйганда караса, айнекти бойлоп жабышып алган жигит ага жаңсагылап жатыптыр. Колунда кыпкызыл гвоздикалар. Эшикте кыш күчүндө болсо да гүлдөрдөн жаз илеби уруп турду. Аял гүл көтөргөн жигит эмнеге эле андан көзү өтүп тиктеп, жан алакетке түшүп жатканына түшүнө албады. Мынчалык күйүп-быша турган жакыны деле жок эле. Оо көптө гана жигит анын жанында жаткан келинге келгенин баамдады.

Келин жаңыдан гана операциядан чыккан окшойт. Көздөрүн ачкан менен кыймылдаарга, ооз ачаарга шайы жок сулк жатат. Бирок анын да эки көзү жигитте. Мынчалык сүйүктүү жан кандай болду дегенсип аял келинге кызыга көз салды. Келин жаш экен. Өңү да көзгө ысык көрүнөт. Баарынан да бото көздөрүнөн жаны ооруганы билинбей, магдыраган жылуу нур тамылжып турат. Кудум эле эс алып жаткансып жоодурайт. Дүнүйөсү түгөл жанбы, же ага жете албай жарадар кушча канатын каккылаган жигиттин демиби, айтор башкаларга окшоп онтобой, кумсарбай, бир башкача болуп мемиреп жатат. Аялдын ансайын ага кушу түшүп калды. Кичине сөзгө келгендей болгондо:

– Жигитиңби? – деп сураган.

– Күйөөм, – деди келин жылуу үн менен.

– Жаңыдан үйлөндүңөр беле?

– Жок, үч балабыз бар, – деди келин «ысыгы таркай элек жаш жубайлардан болуш керек» деп ойлогон аялды ансайын таң калтырып.

Ошол күнү догдурлардын урушканына карабай жигит терезеден таптакыр кетпей койгон. Көздөрү ирмелсе эле аялы бир балээ болчудай телмирет. Күүгүм киргенде аял жаны бир аз тынч алып, ыктап кетиптир. Аны кандайдыр бир шоокум ойготту. Көздөрүн ачса палатанын шамы өчүп, жатаар маал болуптур. Жанынан күбүр-шыбыр угулат. Ак халат жамынган бир эркек баягы келиндин жанында олтуруптур. Аял буурул жарыктан келиндин күйөөсүн тааныды. Жаш баланы эзилип аягандай аялынын чачтарын назик сылагылап, кайра-кайра жалооруп жатат. Ал реанимацияга кантип амалын таап кирди экен? Догдурлар да бул жигиттин сүйүүсүнө туруштук бере албаса керек. Бир колунда шорпо куюлган кесе. Улам андан аялына кашыктап ууртатып коет. «Дагы кичине ичкин? Ичсең?» деп жалооруйт.

Аял алардын сөздөрүн атайлап тыңшагандай болбоюн деп жуурканын чүмкөнүп алды. Ага болбой эле эркектин дембе-дем шыбыры кулагын көзөп өтүп, жүрөгүнө жете сайылып калгандай болот. Өзүнө арналбаган сүйүүнүн ошол сөздөрү, эрди-аялдын күйүмдүү мамилелери анын турмушун соттоп, аеосуз өкүм чыгарып жаткансыды. Ушуга чейин өзү эмнеге чаңкап келгенин да түшүндү. Сүйүүгө тойбогон аял, суу жетпей какшыган даракка окшоп калат, же ач кенедей тажаал болуп чыга келет тура. Күн өткөн сайын жаагы ачылып, тили жыландыкындай заар болуп баратканына өзү да таң калчу. Эри ага теңелбей жол берип калганына көп болду. Жаңжал чыкпасын, ачуу тилин укпайын дегенсип коркок-билиш болуп турат.

Ал ушинтип эңилген сайын аял күчөй баштаган. Күйөөсүнүн аны жакшы көргөнүнөн эмес, коркконунан көзүн карап бөйпөңдөп турганы ансайын кыжырын келтирчү. Кээде анын чыр-чатактан жүдөп, мукураган кейпин көргөндө көксөөсү сууп, табасы кана түшчү. «И-и, баатыр, – дечү ичинен, – алың ушул экен го? Мени алдап кетем дедиң беле? Ак никелеп үйлөнбөй, ичимдеги балаңдан танып, таштанды кылам деген сенби? Сени жакшы көргөнүмдөн, сенсиз жашай албастыгымдан жармашып жүрүп тийди дейсиңби? Сага болгон сезимим сен мага үйлөнбөйм деген күнү өчкөн, биротоло өчкөн. Боюмда болуп калган бейкүнөө баладан кечкенде аялдык ысык сезимимди гана эмес, денемди да кошо өлтүргөнсүң. Ошол күндөн баштап мага жек көрүмчү адамыма айлангансың. Сенден өчүмдү алгым келген. Шашпа-а дегемин. Төрөлө электе өлтүрүп алган баланын убалы үчүн экөөбүз оо дүйнөдө тозокко түшкүчө бул дүйнөдө тозокту мына менден көрөсүң дегемин. Беш көкүл кыздын ишенчээк, таза сезимдерин булгоо кандай болоорун сага көрсөтүп коеюн дегемин. Бул али башталышы гана… Али көргөнүңдөн көрө элегиң кө-өп, баатыр…»

Аял ичинде буулуккан бул чыңырыгын күйөөсүнө эч качан ачык айтчу эмес. Күндөп, айлап, жылдап унутулбаган өчүн башка бир болоор-болбос нерселерге шилтеп чыгара берчү. Келин болуп башына ак жоолук салынбаганы үчүн, той көйнөгүн кийип, кайнатасынын эшигин ызааты менен аттабаганы үчүн, куру намыстан тун перзентин төрөбөй өлтүрүп алганы үчүн, сүйүүгө тойбой, үй-бүлөлүк, энелик бакыттан куру келатканы үчүн арманы канча жыл өтсө да эскирбей, эрине күнүгө кайраштырып турчу. Аял качандыр кордолгон абийирин кечире да, унута да албай койгон. Күйөөсүнүн да өзүнөн алда канча көңүлү сууп калганын да билчү. Ансайын тажаалы чыгып, жок нерседен кыр таап урунуп-беринип ич күптүсүн андан чыгарат. Эмнегедир же күйөөсү, же өзү ушул тозоку турмуштарына кол шилтеп басып кете алышпады. Экөө тең бири-бирин эчак кажып бүтүшсө да бир төшөккө жатышып, бир казандан аш ичишип, алигиче орозгерлик тутуп келатышат.

Ооруканада жатканда аял өз турмушуна башкача көз менен карады. Жанында жаткан келиндин аялдык бактысы анын көзүн ачып, акылына келтирди. Өзү бир адамдын сүйүүсүнө татый албаганына, же бирөөнү бактылуу кыла албаганына жети өмүрү жерге киргидей болуп арданып калды.

Аял ооруканадан чыккандан кийин күйөөсү таң калып жүрдү. Мурдагы сиркеси суу көтөрбөгөн аялы басмырт тартып жумшара түшүптүр.

– Эмне болду сага? Өзгөрүлүп кетипсиң?–Бир күнү ишенип ишене албагандай тиктеп туруп. Аял үндөгөн жок. Экөө ажырашаарда бир ооз гана мындай деди:

– Эгер жакшы жашайм десең эми ала турган аялыңа ак ниетиң менен адамча үйлөн. Үйүңө сый-ызааты менен алып кел.

Ушуну айтып жатып жашып кетти.

***

Аял оор үшкүрдү. Узун ойго жетеленип кетип, жанында сыртын салып түнөрүп жаткан күйөөсүн да унуткара түшкөн экен. Биринчи эри менен сүргөн бейоопа өмүрүн каяктан да эстей калды эле? Ансайын көңүлү бузулуп, кыжаалаттык тартты. Түн болсо узаргандан узарды. Ушундай тунжураган оор түн качандыр да башынан өткөнсүйт. Өтсө өткөндүр. Ушул бөлмөдө кандай гана түндөрдү узатпады дейсиң. Аялдын маанайына, жашоо-тирилигине жараша түндөр да өзгөрүп турчу. Мурдагы күйөөсү менен жашаганда айсыз түндөрдөн коркчу эле. Капыстан ойгонуп кетсе уюган оор караңгылык тумчуктуруп, ырайымсыз жолбун ойлор талай баштоочу. Ата турган таңдан, келе турган күндөн зааркана берчү. Турмушунда эч бир көңүл жылытаарлык жакшылык болбоочудай түңүлүп, жашоодон кечип кеткиси келет. Бул сар-санаанын себебин күйөөсүнөн тапчудай ал уктап жатканда уурдана тиктөөчү. Эри бейкүнөө балага окшоп капарсыз уктоочу. Ширин уйкуга мас болуп, оозун маңыроо ачып, дармансыз жаткан күйөөсү бир саамга аянычын козгоп жиберчү. Бирок, аялдын бул жибигенн таң ата кайра өтүп кетет. Анан күйөөсүнүн кебете-кепшири да, сүйлөгөн сөзү да, баскан турганы да кыжырын келтирип, тилин кычыштыра баштаарын билет.

Келин күйөөсү менен ажырашып, жалгыз жашап жүргөнүндө да ушундай оор түндөрдөн кыйналганы калбады. Бирөө ойготкондой түн ортосу көздөрү пар ачылат да, жалгыздыгын туят. Жатак бөлмөнүн дубалдары нары жылып, үйдүн төбөсү оюлуп түшүп, чеги жок ааламда өзүн жалгыз чекиттей көрүп ээнсирейт. Анан канчалык үстөккө-босток жамынса да жылына албай чыйрыга баштайт. Ошондо жалгыздык менен айсыз түндөрдүн кучагы бирдей окшош суук болорун туйган. Мына бул күйөөсүнө тийгени түндөр да алмашгы. Эми ашыгынын кучагындай сырдуу, аруу түндөр күнү бою зарыкгырьш араң келчү болду. Мындай түндөрдө күйөөсүнө бой салып жабышып жатканды жакшы көрчү. Кайсыл маалда ойгонуп кетишсе да колдору бири-бирин издешип оролуша түшчү эмес беле. Эркек чоюндай оор билегин анын көкүрөгүнө арта салып уктап кеткенден кийин жаны магдыраган аял түндүн көркүнө куштарланып, көпкө чейин көз ирмебей жата берчү. Көчөнүн терезеден агылып кирген жарыгына жумшарып, булуттай майин көөлгүгөн коңур түн анын ысык сезимине шериктеш болгондой жылуу тартып балкып турчу.Бирок, ал түндөрдүн өмүрү да кыска болду.

Ошондой ажайып түндөрдү тартуулаган күйөөсү эми ага нааразы болуп дулдуюп жатат. Ал кайрадан өзүн күнөөлүү сезип, жүрөгү сыздай түштү. Анан ушул жагымсыз сезимден алаксымакка оюн башка жакка бургусу келди. Эстегенде жүрөгүн жылытып, жарпын жазаар жаркын күндөрү бар бекен? Көп эле жолу таалайына ыраазы болуп, төбөсү көккө жеткидей бакытка маарыган. Бирок ошол учурлар көңүлгө илинбей күүгүмдөнөт. Ой-санаасы кайра эле күйөөсүнөн алыс кете албай айланчыктайт. Эркектин өзүнө жаңыдан ашык болуп жүргөн кезин кайра-кайра эстегенди жакшы көрчү...

Анда алар али ачык сөзгө келише элек. Баягыда аялдын үйүнөн чай ичип кеткен кечтен кийин эркектин көздөрү кайда болсо аны издеп, ага жабыша калып, ички кусаматы менен куйкалап тиктөөчү болду. Аял да бир укмуш кереметти чыдамы кете күтүп өрөпкүп, ага чейинки жашоосу да татыбай, же өңү эмес, же түшү эмес элеп-желеп болуп жүргөн. Эркек тарапты атайылап карабаса деле анын бүт кыймылын туюп, ага жараша өзүнүн сезимдери дирилдеп турат. Кээде ал жөнүндө эт-жүрөктү опкоолжуткан коркунуч менен ойлойт. Төрт баланы атасынан ажыратып жатам деген ой-санааны азырынча чеге элек. Санааркатып кыйнаган нерсе башка. Топ кишинин арасынан бирин-бири жазбай таап, каректери чапташьш, ажыраша албай турса да бул сүйүү экенинен күмөнсүрөп кетет. Ортодогу туңгуюктан аттай албай алсыраганда өз кыялынан кол үзүү үчүн чечимге келип, кайра буга да чыдабай, эркекти берилип ойлой берет.

Кээ бир күнү эркек ага суз тартып калгансыйт. Аял ансайын азап чегип, маанайы пастай түшөт. Кайра эле анын бир ооз ысык сөзү, же көз карашы бүтүндөй акыл-эсин алып, мас кылган учурлар да келет. Ушинтип эңсөөсүнө жетпей думуккан келин жарыларына аз калды. Деги эркектин оюнда эмне бар? Сүйсө сүйөөрүн билдирип ачык айтпайбы? Эмнеге тартынат?

Эркек иши боюнча узак командировкага кеткенге чейин ушинтип туюк кыйналып жүрүштү. Ал жокто аял таң калаарлык муздап, а түгүл эстебей да калды. Кез-кезде гана бир кымбат нерсесин жоготкондой коңултуктап, анан ал эмне экендигин бүшүркөп, оюнун учу эркекке барып такала түшкөндө жүрөгү зырп этип алчу. Бардык балээ ал сапардан кайтканда башталды. Эшиктен өзүн тиктеп кирип келе жаткан эркекти көргөндө аялдын денесине ток жүрүп кеткенсиди. Сүйүүсү да, сагынычы да жүрөгүнүн тереңинде бугуп жаткан экен. Алар жанар тоодой атылып чыкты.

Эркектин көздөрүн да чагылгандай бир сезим жарып өттү. Ушул кезге чейин алар аттай алышпай жүргөн тосмо алардын арзууларына туруштук бере албай кулап түшкөнсүдү. Эркек колун сунуп учурашты да, келиндин колдорун кое бербей туруп: “Сагындым…” – деди амалы куругандай дирилдеген ысык дем менен. Аял бул күчтүн алдында алсыз эле. Бакубат алакандардын от менен жалын болуп алоолоп ысык экенин бир билет. Алакандарынан жүрөктүн туйлап соккону сезилип турду. Кандай ыйык эле ушул көз ирмем! Аял өзүн көккө учуп чыккандай тээ ободон сезип, башы айланып кетти. Ал сүйөт, сүйөт! Жогол шек саноолор! Жогол ичтен бураган кусалык. Жогол эки анжы ойлор! Чочутуп аламбы, же кагып жибереби дегенсип бетинен өбүшкө зорго батынган эркектин мойнунан өзү жабыша калып кучактап, эриндерине сорулганда анын сүйгөнү да, таң калганы да бир кызык. Аялдын да өзүн көптөн бери эңсеп жүргөнүн түшүнүп, бактысын жашыра албай эрээркеп күлүп жиберген: “Мен кандай акмакмын. Коркуп жүрбөдүмбү сага жакындаштан…”

Ал түн ажайып эле. Үстүнөн ныгырган тоодой санаадан бошонгондой сергип. Асманы шаңкайып ачылып, өзүн чексиз бактылуу сезип, жарык да күйгүзбөй караңгылыкта олтура берген. Ушундай да сулуу түн болорбу? Толгон ай кыркаар теректердин үстүнөн толукшуп көтөрүлүп келатты. Терезе түбүндөгү гүлдөргө коюлган бир билек суу шылдырттап, салкын илеби урат. Кез-кез саратандын узакка чырылдаганы болбосо айлана жымжырт. Келинге жашоо кңп жылдардан бери биринчи жолу кубанычтуу жана кызык көрүнүп турду. Анын бактысын эч бир нерсе көлөкөлөй албоочудай сезилет. Сүйгөн кишиси экөө үйлөнмөк турсун, аны жат көздөрдөн бекитип катып жүрүүгө мажбур болору да санаарката алган жок. Ал кандай гана күттү эле ушул сүйүүнү! Ага кабылганына ыраазы болгон жүрөгү турмушка, адамдарга болгон сүйүүгө мелт-калт толуп турду.

***

Аялдын ою ушул жерден чорт үзүлдү. Күйөөсү төшөктөн туруп кийине баштаптыр. Шаар да ойгонуп, жарык кирип калган экен. Машинелердин дүрүлдөгөнү күчөп, жолдон шашып өтүшкөн бирин-серин адамдардын шарпы угулат. Ушул маалда эринен мурда туруп, нары-бери нанүштө белендей салчу. Күйөөсү ишке кетмейинче анын жанында чарк айланат. Кийимдерин бирден кармап жанында туруп жаш баладай кийиндирет. Үстү-башы купулга толгондон кийин дасторконго отургузчу. Жасаган тамагын көңүлдөнө жеп берсе ошого да сүйүнүп калчу. Анан күйөөсүн жолго чейин узатып чыгып, карааны көрүнбөй калгыча кыялбай карап турчу. Ошондон кийин гана тиричилигине киришет.

Мунун баарын ал эркекке жагынайын деп жасоочу эмес. Жүрөгүндө ага деген сүйүүсү көлкүлдөп эрип, ага жан-дили менен кызмат кылгысы келе берет. Ошонусунан өзү да ырахат алат. Мурдагы ажаандыгынан дайны түбү жок. Сүйүү аны таптакыр өзгөртүп салды.

Бүгүн гана биринчи жолу эринен кийин калып төшөктөн козголбой жата берди. Түнкү оор ойлордон бошоно албай «эмне мынча күнкор болом» деген ызаалуу сезимге жеңдирди. Жүрөгү бир жамандыкты туйгансып коолдоп муздайт. Күйөөсү улам бир нерсеге чалынып, издегенин таппай, күңкүлдөп сөгүнүп жатты. Анын кыжырлуу доошу аялдын безине тийип, уккан сайын бүрүшө түшөт. Минтип жок жерден өзүн айыпкер сезип жаткандан көрө бая эле туруп жалгандан болсо да жароокерленип чайын берип жөнөтүп ийсе болмок экен. Бирок, аялды эбелек кылып учуруп туруучу сезими бүгүн муз болуп тоңуп, өзүн зордоп да козголто албай койду.

Эркек жини менен эшикти карс жаап кеткенден кийин ансайын айласы түгөнө түштү. Эми күйөөсү эч качан кайрылып келбөөчүдөй коркунуч жүрөгүнө жыландай сойлоп кирди. Акыркы күндөрү ушинтип коркуп жүргөн. Ушул жылы күйөөсү мойнунан байлагансып аргасыз жашай баштаган эле. Аялды көңүлдөнүп кучактабай калганына да көп болду окшойт. Үйгө күнүгө келип, бир төшөктө жатышкан менен ой-санаасы башка жакта болуп, түнт тартып кетти. Аял тиричиликтеринин кем-чомун айтса да ага тиешеси жоктой кулак салчу эмес.

Күйөөсүнүн салкындыгы жанына батып азап чегип жүргөн менен өзүнүн ага болгон сезиминин күчүнөн гана турмуштарын ушуга чейин сүйрөп келиптир. Бүгүн гана көзү ачылгансыды. Көптөн бери үлүңдөп калган от акыры өчүптүр да. Күйөөсүн ушул үйгө алып келип туруучу жылуу сезими муздаган күнү эч нерсе менен байлай албасын билет. Перзент көрүп калышса да орозгерлик уланып кетмек беле. Аялды жазалагансып кудай да экинчи жолу перзент ыраа көрбөдү. Бала жөнүндө ойлогондо эле күйөөсүнүн качандыр айткан сөздөрүн эстебей кое алчу эмес.

Ошол күнү эркек таң жарый электе аялдын үйүнө купкуу болуп кирип келген: «Болду! Мен эми сендикмин. Үйдөн чыгып кеттим». Аял бир ооз гана «Балдарыңчы?» – деп сураган. Ал балдарын өтө жакшы көрүп, алардын тагдырлары жөнүндө көп толгоноорун билчү. Эркек бул жөнүндө да көп ойлонгон окшойт, шыдыр жооп берди: «Экөөбүздүн да балдарыбыз болот. Сен уул төрөп бересиң».

Бирге жашай баштаган алгачкы айларда алар баланы өтө эңсешип, күтүп жүрүштү. Бул күтүү экөөнү ансайын ынак кылып, жашоолоруна шириндик берип турчу. Аял тамактан айныса, же уйкусурап калса эле талгакка жоруп: «Муну ич, аны же. Эс ал, оор көтөрбө?» – деп жетине албай үйрүлүп түшөт. Аял да өзүн бир ай бою аңдып, таттуу кыялдар менен жашап жүрөт да айызы келген күнү маанайы чөгөт. Күйөөсүнүн күткөн үмүтүн актабагандай бети кароолонот.

Күндөр өтө берди, айлар ага берди. Бара-бара түңүлүшкөндөй перзент жөнүндө сөз кылбай калышты. Эркек бала жөнүндө лам деп ооз ачпаган сайын аялдын коркунучу көбөйчү. «Балдарына кетип калат» – деп бейпайга малынчу. Күйөөсүнүн чоң кызынын өзү күбө болгон көз-жашынан кийин башталган бул коркунучу.

***

Ал кызды апасы ээрчитип келген эле. Күйөөсүн азгырып башын айлантып алган бетпактын сазайын бермекке алкынып-жулкунган апасына кошулбай четте ыйлап турган. Атасыныкына окшош бакырайган көздөрүндө өксүк, кусалык сызгырылып, көз жашы тынымсыз шорголоп агып жаткан. Жакшы көргөн атасын ээлеп алган аялды жек көрүүгө да кудурети жетпей бошошуп, ыйлагандан башка колунан келер аргасы жок кайгыга чөккөн кыздын ошол жазыксыз турпаты аялдын жүрөгүнө биротоло батып калды. Андан көрө кыз апасына кошулуп каргап-шилеп, жулмаласа кайра жеңил болмок.

Күндөшүнөн оңор эмес келтек жеп, бир чети тагдырына көңүлү ооруган аял көпкө чейин төшөк тартып жатып калган. Күйүтү ичинде болуп, күйөөсүнө болгон иш жөнүндө ооз ачкан да жок. Денесинин жаратынан да кыздын бейкүнөө көз-жашы кыйнап жүрдү. «Ушинтип бактылуу болбой куруюн» – деп кээде эч ким жокто ыйлап алат. Өз бактысын табам деп башкалардын убалына калганын кеч түшүнүп калбадыбы. Бул айыпкер сезим анын турмушун дайыма көлөкөлөп турар эле.

***

Күйөөсү ишке кеткенден кийин дагы көпкө чейин төшөктөн турбай жаткан аял өз тагдырын ойлоп заманасы курулду. «Ал биротоло кетсечи», – деген ой мындан аркы турмушу жөнүндө ойлонууга аргасыз кылат. Албетте, өлбөс-житпес. Жалгыздык жанга батса да эптеп кылдырап күнү өтө берер. Үстүндө үйү, жанын бага турган иши бар. Бирок эми кечкисин күйөөсүнүн иштен кайтаар маалына туштап оокат даярдап коюп, күтүп олтурбай калаарын элестеткенде жашоо күнү бүткөндөй жүрөгү ынанбай жатты. Ошол күтүүсү эркектин кадырын ансайын туйгузуп, сүйүүсүн күчөтчү эмес беле. Шырп эткен дабышка да кулак түрүп, жол тарапты карай берип зарыгып бүткөндө күйөөсү жаадырап-жайнап кирип келчү. Ал да босого аттабай жатып ашып-ташкан сагынычы менен аялдын атынан атап чакырып, кучагын жайып жароокерденип келет.

Ушул учурду баарынан жакшы көрүп, турмушуна көңүлү тое түшчү. Эми ошолордун орду кантип толоор экен? Аял эми ким үчүн жашайт? Анын аялдык назиктиги, мээрими, камкордугу кимге керек? Күйөөсү өзүнөн кеткен күндө да кайда барат? Мурдагы үй-бүлөсү кектебей кабыл алабы? Жаны бирге болуп калган эркекке дагы эле эч бир жамандыкты ыраа көргүсү келбейт. Эч болбосо ал бактылуу болсунчу? Өз керт башынан да эркек үчүн тарткан санаасы оор болуп чыкты.

Аялды кечке дейре ушундай карама-аршы ойлор тартмактап, эзип бүттү. Ишине кантип барып келгенин да билбейт. Күйөөсү ал түнү үйгө келген жок. Эртеси да келбеди. Аял күнү-түнү күтүү менен жашап калды. Үмүтсүз күтүүнүн ар бир мүнөтү зарыктырып тамчылап, кечтин кирмеги, таңдын атмагы зааркантып созулат. Үчүнчү күнү уйкусуз өткөн оор түндөн кийин аял төшөгүнөн зорго эле турду. Ачуу зарна көкүрөгүнө батпай кыжылдап чыгыптыр. Көңүлү айнып, башы тегеренет. Санаа тартам деп ооруп калдым окшойт деп ойлоду аял. Күйөөсү кеткени, оозуна наар да албаптыр.

Илээлей басып ашкана үйүнө кирди. Столдун үстүндө акыркы жолу эри чай ичкенден калган кесилген нан, май, варенье жыйналбай турат. Аларды көргөндө окшуп жибере жаздады. Чындап табы айныптыр. Күйөөсүнүн күйүтү аны биротоло чалып жыгыптыр да. Эми бул дартына дабаа жоктур. Күйөөсүнө кусаланбай кое албай. Ансыз жашоосу жүрөгүн жемирип-жеп түгөтүп бүтөөр. Ишине айттырып коюп, төшөктөн турбай жатып алган аял өз санаасын жеңип, алаксууга аракет да кылган жок. Сүйгөн адамысыз ага өмүр сүрүү кызыксыз көрүндү. Баары-жоктон түңүлүп, кез-кез кычкыл татымыш болуп соолуп жата берди.

Аялдын ооруп жатканын угуп, кабар алганы келген көңүл жакын курбусу анын сөлөкөт болуп калган кейпин көрүп чочуп кетти. Кой дегенине болбой «Тез жардам» чакырганга чуркады. Жашамал догдур аял анын абалын көпкө сураштырды. Оорулуунун жөн-жайын уккан сайын өзүнүн бир ички оюн ырастагандай башын акырын ийкегилейт. Анан:«Балаңыз барбы?» – деп сурады. Мындай суроого дайыма ичиркенип жыйрыла түшчү аял башын зорго чайкамыш болду. «Боюңузда бар экен. Гинекологго көрүнүңүз» – деди доктур аспаптарын сумкасына салыштырып жатып. «А-а!!!» деп аял катуу чочуду. Уккан кулагына ишенген жок. Башы шуулдап, эс-акылын жыйнай албай турду. «Билбедиңиз беле?» – деп врач таң кала сурады. Кайда-ан? Билмек турсун оюна-түшүнө кирген эмес. Баладан биротоло түңүлүп, өзүнүн куу баш тагдырына баш ийип калбады беле. Айызынын келген-келбегени да оюнан чыгып кетиптир. Догдур кеткенден кийин сүйүнүп карбаластаган курбусун дендароо тиктеп, көпкө чейин тилден калып турду.

Эртеси кош бойлуу аялдардын эмканасында текшерүүдөн өткөндөн кийин гана эне болооруна чындап ишенди. Көчөгө чыкса жашоо жаркырай түшүптүр. Ушундай да эт жүрөктү элжиреткен таттуу бакыт болот экен да. Бул бактысы көөдөнүнө батпай кең дүйнөгө сыйбай чалкып турду. Жарык дүйнөгө аял болуп жаралганы ушул күн үчүн жашап келгениндей эңсөөсү канып толкуп ташат. Энелик бакыт гана анын жашоо маңызы боло аларына бүгүн чындап ынанды. Турмушта бир укмуш өзгөрүү болуп кеткендей бардыгы жаңыланып көрүнүп турду көзүнө. Күйөөсүнө болгон түңүлүү сезими да унутулуп, оюнан чыкпай туруп алды. Ага балалуу болушарын сүйүнчүлөөгө ашыгып жүрөгү туйлайт. Эркек эми мурдагыдан да жакын, кыйбас боло түштү. Күйөөсү өзүн таштап кетсе да аял зар болуп жеткен перзенттин атасы болот эмеспи. Ага боюнда бар экенин айтып коюш парзым деп ойлоду. Калганын эркек өзү чечсин.

Эрин издеп барууга өзүн бир жумадай даярдады. Аны кайдан табаарын жүрөгү сезгенсийт. Мурдагы үй-бүлөсүнө кетсе керек деп божомолдойт.

Акыры бир күнү жолго чыкты. Ошол күнү таң заарлап турса да шашкеге чейин камылга көрдү. Кийгенге көйнөктөрүнүн улам бирин тандап жатып үй толо чачылган. Аларды жыйнаганга чамасы жок, аттап-буттап араң басып жүрөт. Той-ашка кие турган сайма жакалуу ак көйнөгүн араң тандады. Бул күйөөсүнүн алгачкы белеги эле. Баш коштук деп жакшы санаалаштарын чакырып, ак никеге турган күнү кийип олтурган. Нике көйнөгү болуп калганы үчүнбү көзүнө ысык көрүнөт. Аны өзгөчө учурларда гана кастарлап кийүүчү. Бүгүн негедир ошол көйнөккө көңүлү чапты. Кийинип жатып ичин бир нече жолу сылагылап алды. Күйөөсүнө бетине тутуп бара турган эң кымбат белеги ушул. Өңү-башын түзөш үчүн күзгүнү караса көздөрү мээримге толуп жалжылдап туруптур. Көптөн бери өзүнө минтип суктана элек эле. Чырайына чыгып, күлмүңдөгөн жүзү өзүнө да жагып күзгүдөн ажырай албай турду. Боюнда бар экенин күйөөсү барында билсечи, аттиң!

***

Эшикти баягы кыз ачты. Бою узарып, өңү жышылып, чоңоюп калыптыр. Атасыныкына окшош бакырайган сергек көздөрү аялды көргөндө чочугандай төптөгөрөк болуп тоңо түштү. Экөө тең бул жолугушуудан ооздорунан сөздөрү түшүп селейип туруп калышты. Кыз уясын коргогон жырткычтай бүт денеси менен түйүлүп, ирмелбеген муз көздөрү «кет, жогол» деп кубалап жатты. Жетерине жек көргөн, таш бараңга алган көздөр аялдын тилин байлап, денесин шал кылып таштады. Же күйөөсүн сурай албай, же артка кайтууга буттары шилтенбей экөө кыйлага тирешип турушат.

Баятан бери бака-шака угулган каалгасы ачык бөлмөдөн «Ким экен?» деген аялдын үнү чыкты. Кыз жооп берген жок. Көздөрүн ирмесе эле аял үйлөрүнө жулунуп кирип келчүдөй муз тоңгон каректери менен төштөн түртө тикирейет. Кыздын үндөбөгөнүнө таң калдыбы узун жибек халат кийген аял бөлмөдөн баш бакты. Эми эле жыргап күлүп жаткан окшойт, жүзүнөн жылмаюусу өчпөй туруп «Ким бул?» – деп дагы сурады. Анан эшик алдында турган аялды көргөндө дароо өңү өзгөрүп кумсара түштү. Абаны аптыга жутуп алып, анын гана келип турушун күтүп тургандай кебелбей утурлап басты. Жүзү кубаңдап, колдору шымаланып, ызырынып келатты.

Ошондо гана аял күндөшүн зорго тааныды. Мурдагы көргөн жүдөңкү улгайган жубан жок. Сындуу денеси жибек халат ичинде суналып, каратору жүзү маңкайып өңдөнүп калыптыр. Жаңыланып келген таалай, сүйгүнчүк болуу гана ушинтип ургаачынын ажарын ачып ачып ийерин аял өзүнөн улам жакшы билчү. Ал да экинчи күйөөсүнө тийгенде көргөн жан суктанарлык болуп иреңине чыга түшкөн. Күндөшү анын бетинен жулуп алаардай атырылып:

– Эмне керек сага?!

– Эч нерсе, – деди аял таң калаарлык жумшактык менен.

Мындай токтоолук ага жакындан бери эле пайда болду. Балалуу болорун билгенден бери өмүр бою суусап келаткан чаңкоосу басылгандай жаны жай ала түшкөн. Өзүн жеп жиберчүдөй болуп заарын чачкан күндөшү да анын магдыраган сезимин өзгөртө алган жок. Бирок андан өзүнүн сырын кызганып турду. Келген жөн-жайын айтып, күйөөсүн сурагысы келген жок.

– Жөн эле… – деп дагы бир жолу ойлуу кайталады да, кете берейин деп калды. Ушул убакта ачык бөлмөдөн мойнуна төрт-беш жашар эркек баланы мингизип алган эркек чыга келди. Ал аялдын күйөөсү эле. Экөөнүн көздөрү чагылыша түштү. Аял башына чапкандай шарт артына бурулду. Бөтөн үйдө бөтөн баланы эркелетип жүргөн эрин көргөндөн кийин ага өз жаңылыгын билдирүүнүн кажети жок экенин жүрөгү туйду. Эркек тун баланын кубанычын эчак эле өз башынан өткөргөн эмеспи. Эми ага балалуу болуу көксөгөн кубаныч эмес. Аял бул бактысы бир гана өзүнө таандык экенин түшүндү.

Тепкичтерде тез-тез басып түшүп бараткан аялдын артынан күндөшүнүн заар кыйкырыгы кууп жетти:

– Өлүгүңдү гана көрөйүн, бети жок! Дагы уялбай келгенин карасаң! Сен эми кимге керексиң, куу баш жалап!

Аял бул кордоого арданган жок. Кайра өз бактысын, уясын коргоп жан талашкан күндөшүн деги эле бардык аял аттууларды аяп баратты. Байкуш ургаачылар… Бардыгыбыз тең сүйгүбүз, сүйүктүү болгубуз келет. Бардыгыбыздын бактыбыз да, шорубуз да бирдей. Бешенеге буюрбаган бакытты бири-бирибизден талашып тартып алгыбыз келет. Бири-бирибиздин кешигибизге кол салуудан кайра тартпайбыз. Ошол бизди талаштырган, тажаал кылган, сулуу кылган, суусаттырган сүйүү менен аялзатын мынчалык ажырагыс кылып жаратып койду экен?

Ушинтип өзүнчө жүрөгү ооруп, тынымсыз күбүрөп сүйлөнгөн аял көөдөнү, муздап чыйрыга баштаганда гана жол боюндагы олтургучтардын бирине жетип олтурду. Катуу чыңалып бошошкон денеси шалдырай түшүптүр. Кеч күздүн ичиркенткен ызгаары аралаш күүгүм кирип келатты. Жол ээндеп, анда анда-санда гана тиричиликтин көйгөйү кубалаган адамдар шашып өтүшөт. Алардын ичинен көзүнө бир гана аял аттуулар урунат. Кимисин көрсө да жүрөгү эзиле аяп, «бечаралар» деп коюп жатты.

Ушул учурда ичинен оң тарабы капыстан бүлкүлдөп сокту. Чочуп кеткен аял ошол тушту алакандары менен баса койду. Курсагы дагы бүлкүлдөп, бир нерсе копшолуп кыймылдагансыды. Аял ал эмне экенин эми түшүндү. «Балам…-деди эт жүрөгү элжиреп–Менин балам… мен эми жалгыз эмесмин. Сен барсың. Биз эми экөөбүзбүз…»

Ушинтип таттуу шыбырап, жүрөгү жибип, бактылуу жылмайганын өзү сезген жок.

1995-жыл, Ош шаары

 

Word форматында китепти көөчүрүү

 

© Зинакан Пасаңова, 1997

 


Количество просмотров: 8276