Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Зинакан Пасаңова, 1997. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2011-жылдын 7-декабры

Зинакан ПАСАҢОВА

Ак шоола

Жыйнактан аңгеме

Бул жыйнакка аял темасында жазылган аңгемелер топтолгон. Аялдын энелик мээрим-кудурети, махабат сезими, сүйүүгө муктаждыгы аялдардын бейнелери аркылуу сүрөттөлөт.

Зинакан Пасаңова. Аял сыры. – Ош: 1997-ж. китебинен алынды.

 

 

Апам АМИРАнын элесине

«Апаң катуу кесел. Тез кел», – деп эки ооз сөз жазылган алакандай кагаз Патиланын колуна кеч бешимде тийди. Аны Оштон каттоочу акыркы автобуста келгендер таштап өтүштү. Бул айылга алыс-жууктан, той-аштын, өлүм-житимдин кабары көбүнчө ушул автобус менен жетип келатат. Ал үчүн чоң шаардын кымгуут автобекетинин бир четинен «Савай» деген кыштакка жөнөп жаткан автобуска чыгып, «Мына бул кагазды Баланча дегенге берип койгула» деген сөз эле жетишет. Мындай аманаттар асти жоголбойт.

Патила үч бүктөм кагазды ачып окуй электе эле өңү кубарып, эси оой түштү. Мындан жарым жыл мурда да күйөөсүнүн жолдо авариядан каза болгонун кабарлаган ушундай үч бүктөм кагазды кеч бешимде алган. Оюна дароо жамандык кетти. «Апам?..» Шаарда өзү жалгыз жашоочу карыган апасынан башка жакыны жок эле. Кагазды ачууга чамасы келбей ичинен жалына кетти: «Айланайын, Кудай, мени дагы шордотпо? Мен бейбакты ая?!..» Бирок чоң Кудай да аны тагдырдын таш боор буйругунан сактап калалбаптыр. «Апаң катуу кесел…» Бул суук кабарды окууру менен жер силкинип, үстүнө тоо кулап түшкөнсүдү. Жүрөгүн куушуруп нес кылган коркунучтан көз жашы да чыккан жок. Апасы…

Ошто турчу апасын акыркы жолу ноябрдын башында көргөн эле. Ошондон бир күн мурун капыстан кар улуу жаап, суукка үйрөнүшө элек адамдардын шаштысын кетирген. Күйөөсүнүн күйүтүнөн баш көтөрө элек Патила отун-суусун камдай электе бир күндүн ичинде кыш түштү. Сөөктөн өткөн муздак үйүндө төрт жашар уулун төшөккө тумчулап, аргасы куруп олтура бериптир. Оор карга чөмүлгөн айыл да жан адам жоктой тунжурайт. Түш оой короонун жыгач эшиги кыйчылдап, шарпа угулгандай болду. Терезеден караса апасы жыгач жүктөлгөн кол арабаны дарбазадан киргизе албай жатыптыр. Чуркап чыккан Патила экөөлөп үндөбөй бир топ машакат менен короого киргизишти. Апасы үйгө кирип, буту-колун жазып олтургандан кийин гана келишинин жайын угузган. «Кечээ эрте менен турсам эле кар жаап коюптур. Отун суусу жок, жаш баласы менен кантти экен деп сени ойлоп заманым куурулуп кетти. Алма бактан үч түп дарак калды эле. Ошону кечке кыйып, жарып, бүгүн таң заарлап арабага жүктөп жөнөй бердим, машине жалдайын десем бир мынчаны айтышат. Ого пул кайдан... Эгем жар болуп минтип кыбырасам да жетип алдым», – деген кыйналганына да кайыл болуп. Көңүлү күйүттүү отурган Патила муну укканда өксүп ыйлап жиберген. Күйөөсүнүн орду жоктолуп, карыган апасына күнү түшүп калганына жаны кейип ыйлады. Ага боор ачып күнчүлүк жолдо кыйналып отун апкелген апасын аяп ыйлады. Эне да ага кошулуп үнсүз жашып турган. Эртеси боюн көтөрө албай эзилип калыптыр. Кызынын үйүндө эки күн зорго түнөдү, үчүнчү күнү «тоокторум ачка калды» деп шаарына шашылган. Кайтаарында короодон он кадамдай узагандан кийин түтпөй кеттиби, кайрылып олтура калып батасын дагы берген. Ошо бойдон апасын көрө элек эле.

Патила эс-учун жыйгандан кийин шашылып калды. Шаарга тез жетиш керек. Мүмкүн али кеч эместир. Дарыланса айыгып кетер. Ушул ийне көзүндөй үлпүлдөгөн үмүт аны кар малтатып коңшусунун үйүнө эбелектей учуруп барды. Орто жаш эрди-катын чакан бөлмөнүн ортосунда коюлган темир печкени бала-чакалары менен тегеректешип бейгам тамылжып олтурушуптур. Как отун жагылган печке гүүлдөп ысык күйүп жатат Кары улуу кыштын кечинде өзү менен өзү болуп күн кечкиртишип олтурган үй-бүлөнүн бейгам турмушу Патиланын көңүл дартын ансайын күчөтүп ийди. Өзүнүн азыркы кайгысын, эркеги жок берекеси учкан үйүн, жесир жашоосун, уулунун эми атасыз өсөөрүн муңкана ойлоду. Анын өң-алеттен кеткен өңүн сестейе карап калган үйдүн эркеги чочуй сурады:

– Ой, кел, келиним! Тынччылыкпы?!

– Аба, апам катуу ооруп жатыптыр. Азыр кагаз келди. Тез барбасам болбойт. Машинеңиз менен жеткирип коюңузчу? Жаман зарыгып турам.

– Ка-ап, бечара, – дешип эрди-катын каралуу келиндин башына дагы мүшкүл түшкөнүнө кейип-кепчип алышты. Анан жубата сүйлөштү:

– Кой, капа болбо, ысык жан эмеспи, кичине табы айнып калгандыр.

– Кемпир али чыйрак. Жамандыкка жоруба.

Сөз арасында «Эмне дейсиң?» дегенсип үйдүн аялы алдыртан эрин тиктейт. Белкурун, маасысын чечип, беймарал жайланыша олтурган эркек көздөрүн эки аялдан тең ала качып буйдалып калды. Ысык печкенин табына кактанып олтурган жылуу ордунан козголгусу келбегени байкалат. Ыңгыранып терезени карады. Күүгүм коюуланып кирип келаткан.

– Ка-ап, келиним, машинем бузук эле да. Орто жолдо бузулуп, түнү талаада калбайлы. Саарлап жеткирейин, мейлиби айланайын, – деди коңшусу айыпкер үн менен.

– Мейли… – Патила мукурагандай шыбырап айтты. Андан башка эмне демек эле. Көчөгө чыкканда дагы кимдин машинасы бар экенин эстеп карайлап туруп калды. Көңүлүнө ылайык эч ким илинбеди. Күйөөсүнө туугандык жайы бар жакын коңшусунан шагы сынган келин дагы бирөөдөн суранышка дааган жок. Үйүн көздөй аргасы куруй илкий басып келатты. Бая артынан ыйлап ээрчип калган уулу босогодо бышактап туруптур. Анын ыйы Патиланын таштай түйүлгөн жүрөгүн бошотуп ийди. Уулун бооруна кыса кучактап алып буркурап, боздоп ыйлады. Кымындай болсо да ал ыйлап алар, кайгы-муңун бөлүшөр бир жан бар турбайбы. Өз боорунан жарылган балапан дене кучагына толуп, кадимкидей эш болуп турду. Ыйлап жатып ушул уулу торолуп, муун-жүүнү каткыча турмуштун бардык соккусуна солк этпей чыдашка милдеткер экендигин ойлоду. Ушул ойго чыйралдыбы, же ичи бошоп, баласынын демине жылый түштүбү келин көп бошошпой калды. Эс-акылын жыйнап, эмне кылсам деп өзүнө-өзү акыл салды.

Эми бир гана арга бар. Жөө кете бериш керек. Шаарга чейинки жолду көңүлүндө чамалап көрсө, тынбай басса 4-5 саатта кирип баргыдай. Уулун ойлогондо ичи ийриле түшүп, кайра «көтөрүп алам» деп кайраттанды. Күйөөсүнүн ичигин кийет да, койнуна катып алат. Карыган апасы деле оорукчан жанына карабай ошончо жолдон арабаны отуну менен жөө түртүп келбедиби. Муну эстегенде келиндин көздөрү ачыла түштү. Болду, тобокел, жөнөдү. Колуна тийген бирин-экин кийиминен, акчасын алды да үйүнөн чыкканча шашты.

– Таенеме барабызбы? – деп сүйүнүп кетти уулу. Ал эс тартканы шаар тарапка көп каттаган шагылдуу таш жолду таанып алды. Көп кабаттуу үйлөрү бар кымгуут шаарда жашаган таенесинин жашоосу ага ажайып сезилчү.

– Ообо, уулум. Таенең ооруп жатыптыр. Барып келели, – деди Патила жетегинде тың басып келаткан уулуна кубана карап. Киши болот деген ушу. Күндүзү ылымта тийген күнгө нымшый түшкөн жолдун кары кечки суукка кайра тысырайа тоңуп, басканга оңой болуп калыптыр.

– Каери ооруп атат? Мен өөп койсом сакайып калабы? – деди бала өз сөзүнө өзү ишенип.

– Ошент, уулум, тилегиңден айланайын сенин. Тайэнең бизди көрүп эле сакая түшөт. – Келин караңгыда ээн жолду шоокум кылгысы келип, баланын ою менен боло сүйлөшүп баратты. Жол али айылдан суурулуп чыга элек эле. Карга көмүлгөн айылдын чачыранды оттору айсыз караңгы түндү тешип өтүп, тээ алыстан муздак жылтылдайт. Жаңы кардын агыш жарыгы жолдун нугун дааналап көрсөтүп турду. Эне-бала үйлөрдүн жагылган отторун караан кылып, түндү жаңырта кобурашып келатышты. Патиланын уулу менен биринчи жолу баласынтпай каадалуу сүйлөшкөнү да ушу. Аны таэнеси жөнүндө улам сүрөмөлөп айттырып, өзү да айтып берип, сөздөрү түгөнгүдөй эмес. Апасы жөнүндө уулуна айтып бере тургандары ушунчалык көп экен. Көкүрөгүнө батпай өрөпкүп чыкты. Өзү болсо энесине көрсөтө элек ызааты, айта элек жылуу сөздөрү үчүн өкүнүп-өксүгөн сезимге кабылды. Бүгүн болбосо эртең айтаармын, бүгүн болбосо эртең көңүлүн алаармын деп камырабай жүрө бериптир. Мына эми апасынан түбөлүккө айрылуу коркунучу гана анын кадырын чындап туйгузуп жатат. Жакын адамыңдан жылу
у мамилеңди аябай, көңүлүн тое сыйлап, алпештей жүрбөсөң, андан ажырап калганда ачуу арман болорун күйөөсүнүн өлүмүнөн кийин түшүнгөн. Эми апасына да ошентүүгө үлгүрбөй калабы? Анда Патиланын арманы көп болор.

Ушинтип аттиң кылып, өкүнүчтүү ойлорго эзилген келин уулун кез-кез тиктеп алат. Баласы да качан өзүн жоктоп кадырына жетээр экен? Энени туюу эркектерде качан, кантип келерин ким билсин. Ал эми аялдар өзү биринчи жолу төрөгөндө апаларын эстешет. Патила да жан тери келип толгоо тартканда: «Айланайын апам ай, сен да мени ушинтип азап чегип төрөдүң беле?» – деп ыйлаган. Кийин бала багуу түйшүгүнөн кыйналган учурларда өз энесинин мээнетине башкача көз караш менен карап, кайра-кайра ыраазылык менен эстеп жүрдү. Анын үстүнө апасы бир гана кызым деп жашаптыр. Патила эрте көз жумган апасын чала-була гана билет. Жалгыз кызын азытпай багам деп апасы байкуштун кылбаганы калбады. Кийим тигүү фабрикасында керээлден-кечке иштеп келип, түнү көз майын коротуп, үйдө тигет. Дем алыш, майрам, шаан-шөкөт дегенди билчү эмес. Анын тырышып жүрүп тапканы экөөнүн турмушуна зорго өп-чап жетет. Ошондонбу, Патила, жупуну, басмырт өстү. Институтта окуп жүрүп өзүнө окшош кембагал жетим балага турмушка чыкты. Экөөнүн тирилиги эми уланып баратканда күйөөсүнөн айрылып кара кийди. Анан кайдан жүрүп апасынын эмгегин актагыдай болсун.

Баласынын арышына карамалап келин жай келатты. Көңүлүн удургуткан ысык-муздак ойлордон бети алоолоп күйүп чыгыптыр. Дагы канча жол жүрөөрүн ойлоштон жүрөксүйт . Жер өңүтүнөн гана каерде келатканын баамдап коет. Антип-минтип кыбырап олтурушуп, айылдын этегине да чыгып калышыптыр.

Айыл четиндеги Тоголок дөбөнү айланышса эле үйлөрдүн жарыктары өчөт. Андан ары Ак-Бордун тумшугуна чейин эт бышымдык ээн жол жатат. Патиланын жүрөгүнүн үшүн алган ушул аралык эле. Жол тумшукка жеткенче калың чычырканактуу сайды, эски гөрүстөндү аралап өтүп, кокту-колотторго кирип-чыгып ийреңдеп, улам өрдөп кете берет. Ак-Бордун туу кырына чыккандан кийин гана шаар көрүнө баштайт. Андан ары жол да ылдыйыштап басканга оңой болмок.

Патила тумшукка эптеп жетип алсам деп көздөрү чачырап кетти. Уулунун буттары чалыштап бая эле чарчай баштаган. Ага жүрөгү ооруса да сөзгө алаксытып күч менен жетелеп келатты. Көтөрө турган убакыт али алдыда. «Чыда, уулум – дейт ичинен сай-сөөгү сыздап. – Бул сенин биринчи кыйынчылыгыңдыр. Билип кой, турмуштан эч качан ырайым күтпө! Ал сенин балалыгыңа, жалгыздыгыңа, бейкүнөөлүгүңө карабайт. Анын бороон-чапкынынан сен да кутула албайсың. Турмушту чыдаган жеңет, уулум. Сен ушуну түшүнгүчө, эр жетип адам болгуча мага кудай күч-кубат берсе экен. Мен барда алымдын жетишинче канатыма калкалап турармын…»

Бала эненин жүрөгүндөгү бул уйгу-туйгуну туйбай, бытыйган алакандарын анын колдоруна ишеничтүү катып алып, эч нерседен кам жебей тыпылдап келатты.

Тоголок дөбөнү айланышкандан кийин айыл көрүнбөй, жетелешкен эне-баланы капкара түн ороп калды. Жол четиндеги додолонгон кар күрткүсүнөн ары эч нерсе көрүнбөйт. Жар бойлоп кеткен жолго сайдагы суунун шоокуму беймарал жетип, ансайын түндүн сүрүн арттырып ийди. Демин ичине алган Патила коркконун жеңиш үчүн уулун көтөрүп алды. Чарчап уйкусу келген бала тондун ичине кирээри менен бадани жылып, талыкшый түштү. Түнкү жолду сонуркаганы бая эле таркаган. Эми апасынын көкүрөгүнө башын жөлөп, таттуу уйкуга алдырып баратат. Эненин кучагы мемиретип, дароо эле бышылдап уктап кетти. Патила уулунун салмагына оорлошкон жок. Кайра анын жыпар жытына көңүлү тоюп, демдене басты. Уулун көтөргөндү мурда эле жакшы көрчү. Чоңоюп калса деле атайлап кээде көтөрүп алат. Өзүнүн кан-жанынан жаралган ушул кичинекей жанды көтөрсө кубаттана түшөт. Анын бул кылыгына күйөөсү да күлүп калчу эле.

Баласына ичи элжиреп алаксый калган келин эски гөрүстөндөн өтүп кеткенин да туйган жок. Эми өр башталат. Жол бийиктеген сайын бет алдыдан соккон шамал күчөдү. Октолуп келип көкүрөктөн түртүп өткөн шамал Патиланы артка сүрүп таштоочудай болот. Ага каршы илгерилейм деп жатып буттарынын да ал-күчү кете баштады. Жүрөксүй түшкөн келиндин эси-дарты Ак-Борго эсен-аман жетиш болуп, ошого оюн топтоп, күчүн үрөп жатып, коркуу да эсинен чыгып кетти. Жаны кетип талыган буттары кээде чалыштай түшөт. Уулун көтөргөн колдору да уюп түштү. Чымырап ысып сыздаган колдорун кичине копшоп алгысы келсе да кыймылдаткан жок. Баласынын уйкусун аяды. Жылуу койнунда тердеп-тепчип уктаган бойдон жол азабын билбей, көрбөй калсын деди. Анын үстүнө уулу ойгонсо аны менен коошар болуп сүйлөшкөнгө дарманы жеткидей эмес. Билектешип кармашкан колу барган сайын жылмышып чыгып кетчүдөй болуп ооруп, жанын көзүнө көрсөтөт. Бирок чыдап баратты. Колдорун жазып жибербөөгө кудурети кантип жеткенине өзү да таң.

Бул кыйналганы күзүндө апасынын ушул жол менен жөө араба түртүп өткөнүн кайрадан эстетти. Ошондо апасын аяп ыйлаганы кеп эмес экен. Эненин отун алып келатып, чеккен азабын азыр гана чындап туюп-билип жатат. Апасы да Ак-Бордун аркы жагынан зылдай оор жүктү жанын оозуна тиштеп эле түртүп чыккандыр. Оорукчан кары кемпирди ошондой кыйноого эмне мажбур кылды экен? Отун-суусуз тоңуп отурган кызы менен небереси көз алдынан кетпей өлөрмандыгына салып эле жүрүп олтурдубу? Кепичине кирип, арабанын дөңгөлөгүнө оролошуп мазасын алган улуу карды каргап-шилеп ыйлагандыр. Ошондо апамды көргөндөр болду бекен деген ой келди Патилага. Күндүзү бул жолдон каттаган машинелер үзүлбөйт. Араба артында сүйрөлгөн кемпирге боору ачыган эч ким чыкпадыбы? Же кайра «жиндиби» дешип мазактап өтүштүбү? Ал-күчтөн тайса да арабаны кое бербей сендиректеген апасынын элеси көз алдында туруп алды. Алсырган денеси, сыздаган булчуңдары өзүнүкү эмес эле апасыныкындай элестеп, ансайын жаны кыйналып кетти. Энтигип, аба жетпей, оозу туз даамданат. Кичине олтуруп тынып алсам дегенде эки көзү төрт. Бирок олтуруп, кайра тура албай калбайын деп коркконунан бар күчүн жыйнап алдыга ынтыла берди.

Айсыз караңгы түн коюулангандан коюуланды. Караңгылыкка тумчуккан келин эч болбосо бир жылдызды көрөмүн деген үмүттө улам чалкалап карап коет. Карамтыл булут туташ каптаган асмандын жылчык жок түнөргөнү жазылбады. Бүркөө асман Патиланын жүрөгүндөгү дүрбөлөңдү ансайын күчөттү. Калың кар жамынып дүпүйүп жаткан тоонун караандарын, карайыңкы жарларды, сел жууп коо болуп калган колотторду сестейип карап өтөт. Савай айылына келин болуп келгени бул жол менен машинеде көп жолу каттаса да түнү көзүнө жат көрүнүп турду. Тумшукка чейин дагы канча калды экен.

Деми кыстыгып, чалыштаган келин улам бир коктудан чыгып, бурулушка келгенде Ак-Борбу деп сүйүнүп кетет. Бул үмүтү алдамчы болуп чыкканда ансайын дарманы куруп алсырап жатты. Кез-кез уулунун демин тыңшап, жүзүнөн жыттап коет. Көтөрүп кыйналса да ушул баласы түнкү ээн жолдо караан болуп баратпайбы. Тал чыбык келин кезинде өлүмдү, кайгыны, жалгыздыкты башынан өткөргөн Патила баласына кадимкидей таянып калган экен. Бул перзентинин өзүнөн башка паанасы жок. Ээн үйдө көзү чачырап жаткан апасынын да күйөөрү өзү. Ушуну ойлогондо алкымын бууган көз-жашын улам ары күчтөп жутуп коет. Кичине бошосо эле, армандуу ыйы көкүрөгүн селдей каптап кеткидей. Ыйга алдырсам баса албай куруп калбайын деп жол бою тиштенип араң келатат.

Оозу кургап, башы айланган Патила бир оокумда бетине чабылган кар аралаш ызгаар шамалдан көздөрү ачыла түштү. Бул башкача шамал эле. Ачык эшиктен жулунуп киргендей карды тозоңдотуп чачып атырылган бойдон келиндин этек-башын ай-буйга койбой жулмалап ийди. Баласынын бетин калкалап токтой калган Патиланын көздөрүнө үйдөй чоң таш урунду. Көргөн көзүнө ишенбей көздөрүн пардап дагы тиктеди. «Ак-Таш» – деди анан сүйүнүчтүү шыбырап. Ак-Бордун тумшугунда жатуучу ак ташты даана тааныды. Кубанычтан чарчаганын да унутуп тириле түшкөн келин көкүрөгүн толтуруп шамалдан жутуп алды. Акыры Ак-Борго жетиптир да! Анда неге шаар көрүнбөйт деп кайра камыга түштү. Шашылып үч-төрт кадам баскандан кийин тээ түзөңдөн оттору деңиздей чалкыган шаардын карааны жаркырап чыга келди. Патилага түн жарый түшкөнсүдү. Теңселе басып барып ак таштын урчугуна олтурду. Эки көзүн шаардан албай кадала тиктеп, сансыз оттордун ичинен апасынын үйүнүн жарыгын издеди. Ал сөзсүз күйүп тургандай туюлду. Тирүүлүктүн ошол жайнаган отторунун ичинен апасынын жашоо жылдызы биротоло өчүп калаарына жүрөгү ынанган жок. «Чыда, апа, мен сага баратам!» деп ичинен чыңырып алды.

Патила тумшуктун шамалына сергип, тери кургагыча бир аз олтурду. Мындан аркы жолго аз да болсо күч топтоп албаса болбойт. Ошко чейин дагы бир топ бар. Бирок эми коркпойт. Эң кыйыны артта калды. Ошончо жолду чыдап эле басып өткөнүнө ишенбегенсип арт жагын карады. Калдайган түрү суук кара түн Патиланы колдон чыгарып жибергенине өкүнгөндөй үңүрөйөт. Капысынан кош ак шоола түндүн тээ түпкүрүнөн жарк этип чагыла түштү. Көрүмчүбү деп жүрөгү болк эте түштү келиндин. Көз токтотуп караса машиненин жарыгы экен. Балбылдаган кош жарык кимдир бирөөнү издегендей кокту-колотторду тинткилеп, жай жылып келатты. Патила коңшусун эстеди. Жөө кеткенин билип калышса көңүлү түтпөй артынан жөнөдү бекен? Машина ага жете электе эле муун-жүүнү бошоп араң турган каканагы жарылып кетти. Өпкө-өпкөсүнө батпай солуктап, көз жашы булак болуп оргуп, эми аябай ыйлап кирди. Кош ак шоола болсо кара түндү жарып балбылдап уламдан-улам ага жакындап келатты.

1996-жыл, Ош шаары

 

Word форматында китепти көөчүрүү

 

© Зинакан Пасаңова, 1997

 


Количество просмотров: 2326