Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Зинакан Пасаңова, 1997. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2011-жылдын 7-декабры

Зинакан ПАСАҢОВА

Махабат менен коштошуу

Жыйнактан аңгеме

Бул жыйнакка аял темасында жазылган аңгемелер топтолгон. Аялдын энелик мээрим-кудурети, махабат сезими, сүйүүгө муктаждыгы аялдардын бейнелери аркылуу сүрөттөлөт.

Зинакан Пасаңова. Аял сыры. – Ош: 1997-ж. китебинен алынды.

 

Дарбаза күтүүсүз кагылды. Канайым эшик ачаардан мурун кайсыл маал экенин билгиси келгендей терезени карады. Көз байланып келатыптыр. Бул шаарда кечкисин өзү жоктоп келе турган жакыны деле жок эле. Эч кимди күтчү да эмес. Ошол замат кошуна кыздар го деген түкшүмөлү көңүлүндөгү дүрбөлөңдү бастады. Жатакананын үчүнчү кабатында жашаган жумушчу кыздар менен тиричиликтин кемиген буюмдарын алыш-бериш кыла коюшчу. Канайым алардын сурап келгендерин үндөбөй сунат да, эшик жабылары менен шыңкылдашкан бойдон узап кетишкенин кызгана тыңшап калчу. Адегенде алардын күлкүсүн өзүнө алып жүрдү. Бара-бара бул бийкечтердин качан болбосун күлкү кыстап, а көздөрү тынымсыз ойноктоп турганын жаштыктын алоо таттуу деминен экенин түшүнө баштады. Өзү да качандыр ушулардай эмес беле. Аны унутуп баратса карыганы го…

Дарбаза дагы аяр чертилди. Канайым эшик тарапка өтүп баратып дубал күзгүнүн алдында үстү-башын түздөмүш боло күймөнө түштү. Күзгүдөн али көңүлү кала элек эле. Тутамга батпаган коюу чачтарын, ай тегерек жүзүн каранып алуунун учурун кыя кетирчү эмес. Азыр да өзүнүн купулуна толдубу, сумсайыңкы жүзү жылый түштү. Дарбазаны ачып, өзү күтпөгөн адамды көргөндө оозуна сөз келбей туруп калды. Кара шляпалуу эркек Н. районунун аткаруу комитетинин төрагасы эмес беле. Канайымдын ал район жөнүндө жазган очеркинин гезитке чыкканына апта айланды. «Очеркимден кынтык тапты бекен» деген ой келди көңүлүнө. Ошондуктан оозу бош гана:

– Келиңиз, – деди.

Төрага жатык учурашты. Тик турушуп ал-жайды сурашкандан кийин сөз күтүп калган Канайымга бир, колундагы кара кайыш дипломатка бир карап толгонуп, бөлмөгө кирүүгө ниетин туйдургансыды. Анысын баамдаган кыз сыпайылык үчүн: «Үйгө кириңиз», – деди. А өзү болсо оюнда темир керебет менен как үстөлдөн башка дүнүйөсү жок бөлмөсүн зоболосу бийик мейманынын көздөрү менен сыдыра тиктеп чыгууга үлгүрдү. Төрага босогону шыдыр аттады. Кирээри менен дипломатынан коньяк, кутудагы конфет, алма, анар алып чыгып, үстөлдүн үстүнө кое баштады.

– Очеркиңди окудум. Жакшы жазыпсың. Жууп берейин деп келдим. Каршы эмессиңби? – деди коомай жылмайып.

– Ой, бул эмнеңиз? Убара болбоңуз? – деп, эми гана өзүнө келе түшкөн кыз чебелектей кетти. – А мен болсо сиздин келишиңизди башкага жоруп ийбедимби. Очеркимден өөн тапса керек деп ойлодум эле.

– О жок, мага жакты. Биз жөнүндө көп эле жазышкан. Бирок, сеники башкачараак чыгыптыр…

– Мени кантип таптыңыз?

– Жатаканада жашаарыңды өзүң айтпадың беле. Бөлмөңдү болсо эшик кайтаргыч кемпирден сурап алдым.

Канайым тилин тиштеп, ичинен тынды. Гезиттин иши менен талаа-түзгө чыгып калганда бирөө-жарым илешпей койчу эмес. Бирок, бири да минтип сүзө качырып келе элек эле.

Төрага коньякты ачты да, чөнтөгүнөн маки алып чыгып, анарды буза баштады. Ошондо гана кыз үстөлдүн үстүн сүртүп, туз-даам коюуга камданды.

– Убара болбо, алманы закуске кылабыз, – деди төрага колу менен жаңсап токтотуп. Канайым кыстабады. Жумшак креслого, жайлуу жасалгага көнгөн мейманы жупуну бөлмөдөн бою үрккөндөй как орундукка учкай олтурганын көрүп, күлкүсү келди. Командировкада жүргөндө көргөн өкүмзор мырзалыгынын изи да жок. Тике кароого даай албай жазганып жаткансыйт. Ушунусу да коошпой турду турпатына. Төрага билинээр-билинбес калтыраган колдору менен коньякты пиялаларга теңдештирип куюп, бирин Канайымга карматты да, экинчисин өзү көтөрө терең дем алып, сөз баштады:

– Келгенимди жаман ойлобо? Минтип көрүнгөнгө эле башыбызды ийе бербейбиз. Өткөндө Памирден келип, бул жерде иштеп жатканыңа бир жыл болгонун, жатаканада тураарыңды айтканыңда, чынымды айтсам, таң калып калгам. Кайсыл шамал айдап келди мындай алыска деп ойлогом. Очеркиңди окугандан кийин баарын түшүндүм. Чыгармачылыктын артынан ушинтип жүргөн турбайсыңбы?.. Бирок… – ал бөлмөнү айландыра тиктеп алды. – Сен тынч гана олтуруп эч нерседен кам жебей жазганыңды билишиң керек. Эл таткан кубанычты сен да татышың керек. Эч нерсе эмес. Ал жагын мага кой. Үй да болот, а жайындасы Ысыккөл, Кара деңиз…

Канайым пияланы үстөлдүн үстүнө шак койду да, терезенин жанына басып келди. Жатакананын короосу күндөгүдөй эле ээн экен. Жыш эгилген мажүрүм талдар гана шаркыратмадай төгүлүп, көчө шамдарынын алешем жарыгында кыялга бата үргүлөп турушкансыйт. Андан ары чылк кара түн жатат. Жатакана шаардын четинде эле. Түн түшүп уюган караңгылыкты жолдон бирин-серин өткөн машинелердин жарыгы гана копшоп кеткенсийт. Түнкүсүн ушул көрүнүш анын жалгыздыгын ансайын күчөтүп жиберүүчү. Терезеден өзүн ал качып даабай калган. Бирок, азыр төраганын каймана сөздөрүнөн алыс качып, демин кыстыктырган беймаани сезимден ушул муздак, чоочун түн гана арылтып алчудай, учу-кыйырсыз капкара болуп тунжураган мейкиндикке бой таштагысы келип, көз артып турду.

Төрага да ордунан туруп, жанына басып келип, коньяк куюлган пияланы кайрадан карматты да анын чырайына сугун арткандай кадала тиктеди:

– Келчи, таанышкандыгыбыз үчүн ичип коелу. Калганын убакыт көрсөтөөр. ..

Экөө тикелеринен-тик туруп ичишти. Эми кичине көңүлү жайланыша түшкөн төрага жакын көрүп элжиреген көздөрүн дагы эле андан албай туруп, куштарлана сүйлөдү:

– «Мен жигит кезде кайда элең?» деген экен. Биз жаш чакта сендей кыздар жок болчу. Кайсыны бүттүң эле, Канайым?

– Университеттин филфагын.

– Он биринчи жатаканада жашадың беле?

– Ооба.

– А мен онунчу жатаканада жашаганмын. Филфак менен экономфактын жатаканалары жанаша эле го.

– Сиз да экономфакта окугансызбы? – Канайым экономфак жөнүндө укканда илине түшчү.

– Ооба.

– Кайсыл жылы бүттүңүз эле?

– Жетимиш бешинчи жылы. Кеч окуганмын. Армияга барып, иштеп жүрүп…

«75-жыл?… Жунус да ушул жылы бүтпөдү беле. А мен 1-курста окуучумун». Канайым шалдырай түштү. Анан шар сурады:

– Жунусту таанычу белеңиз? Ташматов Жунусту. Экономфакта окуган.

– Ооба… тааныйм… – деди төрага таң кала карап.

– Анын эмне болуп өлгөнүн билесизби? Мен гезиттен көңүл айтуу окудум эле, – Кыздын жүрөгү дикилдеп чыкты. Жунустун кабарын бирөөлөрдөн сурамжылаганда өзүнө-өзү ээ боло албай, ички уйгу-туйгусун жүзүнөн, үнүнөн билдирип коюучу.

– Ашказандын рагынан, – төрага ачууркана айтты.

Үч жыл бою эч кимден уга албай жүргөн, үч жыл бою угууга күтүнүп жүргөн суук кабарды Канайым ушинтип укту. Деми ичине түшүп, бүт денесин сыдырып өткөн ачуу, ысык толкун көздөрүн тумандай каптады. Жунустун чындап өлгөнүнө эми ынангансыды.

– Көп ичет дешчү эле… – деди тамагы буула шыбырап.

Көз-жашы бадырак ата төгүлүп кетти. Жүрөгүндөгү берч болуп калган күйүтү, күтүүсү, сагынычы улуу көчкүдөй козголуп, көз-жашына удургуп чыккансыды.

Гезиттен көңүл айтууну окуганда ыйлаган эмес эле. Эки-үч күндөй дендароо тартып жүргөн. Өзүнө келгенде жашоо кеч күздөгү баригин төгүп сопойгон дарактай жайдакталып калыптыр. Көңүлү да эски журттай боп-бош болуп аңгырайт. Аны ушуга чейин Жунус жөнүндөгү кыялдары, үмүттөрү, ачуу-таттуу сезимдери мелт-калт толтуруп жүргөн экен. Алардын баары Жунус менен кошо өчкөнсүдү. Ордуна мурда белгисиз жолбун ойлор каңгып келе баштады: Жунус кеселдеп, жашоо шамынын майы аз-аздан түгөнүп өчтүбү? Же кырсыктан чорт үзүлдүбү? Бу дүйнөдөн кантип узады? Соңку көз-карашы, сөзү кимге арналды? Ушул туңгуюк суроолордун жообу Жунустун Канайымсыз өткөн өмүрүнүн түйүнүн чечээрдей жанын жай алдырбай жүрдү. Көрүнгөндөн сураштырды. Билген бирөө чыкпады. Экөөнү ушунча узак жылдар, бейтааныш адамдар, бөтөн шаар-кыштактар жолуккус кылып, эчак бөлүп таштаган экен.

Азыр төрагадан уккан кабарынан улам көз алдына миң жеринен сынып, уйпаланган ак шейшептин үстүндө дармансыз жаткан кан-сөөлсүз муздак колдор менен куп-куу жүз тартыла түштү. Ал Жунустун көңүлүндө калган элесине окшобойт эле. Бирок, оорунун зардебинен жан-тери келип кыйналып, чоочун аял башын жөлөп, «аталап» ыйлаган балдарына бир нерсе дешке дарамети келбей, үнсүз азап чегип үзүлүп бараткансыйт. Он беш жыл бою тириликтин арабасын жалгыз сүйрөп, жар сүйөөр, бала жыттаар жаштык жылдарын жалгыз элеске садага чаап, өмүр кечирип келатса, ошол адамы бир ирет жүз көрүшүүгө, бир ооз сөзгө түтпөй кайрылгыс сапарга аттанып кете берсе кантип түтөбөсүн. Көкүрөгүндөгү чер болуп калган көз-жашы түгөнгүдөй эмес. Башы гүүлдөп, акылы чаң-тозоң түшүп, жыйнай албай жатты.

***

…Колуна муздак нерсе тийди. Төрага коньяк куюлган пияланы карматыптыр. Өзү да колун бошотпой эрдине сүрмөлөп алып барды да, Канайым чаңкагандай аптыга жутуп жибергенче кармашып турду. Ачуу, муздак коньяктан көздөрү ачылып, ичи ысый түштү. Ошондо гана төрага тамекисин туталангандай дембе-дем соруп жатканын баамдады.

– Кечиресиз мени? – деди алсыз үн менен. Бул абалын түшүндүрүүгө да, актанууга да шайы жок эле. Төрага аны биринчи жолу көрүп жаткансып, узакка тиктеп күрсүнүп койду.

– Ушундай дечи… – деди анан. – Түшүнүктүү. Көрсө, Жунусту ыйлаткан кыз сен турбайсыңбы? Канайым деп атыңды да билчү элем. Жунус экөөбүз университетти бүткөндөн кийин да аспирантурада бирге окуганбыз. Ошондо ичип алса эле сени айта берчү. Ал убакта сен да окууну бүтүп, Памирге иштеп кеткен экенсиң. Жунус деле бала-чакалуу болуп калган.

– Эстечү беле мени? – Бул сөз Канайым үчүн жаңылык болду. Экөө ажырашкандан бери Жунус тараптан өзү жөнүндө биринчи жолу угушу эле.

– Ии, – төрага барган сайын жандана сүйлөп кирди. Кыйла унутулуп кеткен нерселер аз-аздан эсине түшө баштады окшойт. – Арак ичине кирди дегиче күйүтү күч болуп чыга келчү. Бир жолу сенин туулган күнүңдү белгилеп ичкенбиз. Экөөбүз сен жөнүндө сүйлөшүп, көчөдө канча жолу жетелешип жүрдүк. Алаксытайын деп башка аялдарга да алып баргам. Колун шилтеп койчу: «Эркектин көңүлдөшү көп болгон менен бир гана аялды сүйө алат» – деп. Анан мен сөккөнмүн: Эй, ушунчалык сүйгөн экенсиң а эмнеге үйлөнбөдүң? Ал… ал болсо – төрага эстей албай жаткансып чекесин сыйпалады. – Аа, сени бешиктеги кезинен кудалашып койгон жери бар экен. Ага чыкпаса ата-энеси балалыктан кечип ийет экен… Анан ии, памирликтер кыздарын алыс дешип башка жакка күйөөгө беришпейт, салтты катуу кармашат дегендей кылган. Ал өзү көлдүк эмес беле. «Алигиче Канайым бир этек балалуу болуп калгандыр», – деп үшкүрүп койчу. Ыя, Канайым ошол кудалашкан жериңе чыкпадыңбы? Гм… түшүнүктүү. Турмушта баары боло берет… Жунус кийин көп ичип кетиптир. Иштеген иши абройлуу болчу. Аялы деле түзүк эле неме эле. Ичкиликке бир башын малгандан кийин өзүн токтото албай калды окшойт. Мен кандидаттыгымды жактагандан кийин ушул жакка ишке келгем. Кабарды кеч уктум. Кийин аяшка барып көз көрсөттүм. Азыр да Бишкекке бара калганда үйүнөн кабар алып турам. Ушундай, Канайым, бүгүнкү кечте экөөбүзгө эскерүү буйруган окшойт. Топурагы торко болсун эми… Сени окуп жүргөндө, негедир, көргөн эмес экенмин… – төрага досунун качандыр сүйгөн кызынын кандай жан экендигин, ошондой сезимге татыр-татыбастыгын билгиси келгендей кадала тиктеп калды.

Канайым бул көз-караштан кымырылган жок. Карасаң карагыдай эле жанмын дегенсип кебелбей тунжурады. Алдык ысык жылдызы менен жаштыгы кайсы эркекти болбосун мокотуп, өзүнө тушап коеруна көзү жетип калган. Бирок, төрагадан да менменсинген мырзаларды тизелетер аялдык кудуретин мындан он-он беш жыл мурда туйсачы! Анда биринчи махабатынын сүрүн жеңе албай, минтип өзүнө өмүр бою бейтаалайлыкты тиленип алмак эмес…

***

Он жети жашында араң көргөн шаарына чачын беш көкүлдөтө өрүп, апасы колго тигип берген көйнөк менен кемзир кийип келген. Ошол элеттик кейпинен өзү да корунуп, баш көтөрбөгөн уялчаак эле.

Биринчи сүйүү жүрөгүнө капысынан кол салды. Экономфактын көзгө басар жигити төрт жыл бою кыз жандабай жүрүп, анан эле узун чачтуу памирлик кызга эстен тана ашык болуп калат деп ким ойлоптур. Канайымдын терезе– эшигин сагаалап, бир көрүүгө зар болуп кыйналган Жунустан сүрдөп, жапайыдай боюн бекитет. Өзүнөн жети жаш улуу, сөзү шар, келбеттүү мырзанын теңи эместей сезип кыйналат. Каалаган адамы менен жанаша бастырбаган, жагалданып жүргүзбөгөн тартынчаактыгы тумсак гүл ачкан алгачкы сезининин каршылашкан душманына айланды.

Канайымды ошол учурда бир гана болочок жубантып жүрүптүр. Качандыр ал да өзүн жеңип, бой-турпатын оңоп, шаардык бийкечтерге окшоп жарашыктуу кийингенди, кылыктуу назданганды, эркин басып, сүйлөшкөндү үйрөнөөрүнө ишенчү. Ошондо гана Жунустун махабатына арзымак. «Ага чейин жаныма койчу?! Күтчү! Ушунчалык узакка, ушунчалык чыдамдуулук менен күткөнүңө эч качан өкүнбөс элең?» деп жалооругансыйт букка толгон көздөрү.

Жунус да ошол көңүл туйгусун элдир-селдир сезет окшойт. Кээде жарга такоочу: «Түшүнбөйм сага!.. Мени жакшы көрөөрүңдү билем, бирок неге жылан көргөнсүп качасың? Сенин сезимиңди торогон бир нерсе бар! Айтчы ошону?! Неден коркосуң!? Менден баш тарткызган эмне?!»

Аелуу сыры ачылып калуудан намыстанган Канайымдын оозунан таптакыр башка сөздөр чыгат. «Кудалап койгон жерим бар. Ошол балага турмушка чыкпасам, ата-энем топурагын түйүп берет…» Адегенде Жунус алапайын таппай жүрдү. Бир туруп азыр эле Памирге барып, кызынын багын байлаган эскичил ата-эненин тизесин кучактап, ийиктирип келмек болот, бир туруп Канайымдын кудалаган жигити менен мушташып, чаңын асманга сапырмакка күүлөнөт. Анын чыдамы эки жылга түттү. Канайым үчүнчү курска көчкөн жылы Жунустун үйлөнгөнүн укту…

***

Төрага же ортодо сөз уланбай, же көз-жашына чөгүп отурган Канайымды арасат бойдон таштап кете албай аргасы куруп, колдорун артына ала ойлуу ары-бери баса баштады. Дубалда илинип турган партретке көзү түштү:

– Мына бул сенсиңби? Нече жашта элең?

Канайым да кылчайып, өзүнүн сүрөтүн биринчи жолу көрүп аткансып, узакка тиктеп турду:

– Он сегизде, – Анын өмүрүндө он сегиз жаш эч качан болбогондой жатыркап айтты.

– Койчу? – төрага чочуп кетти. Азыркыдан улуу көрүп турасың го, көздөрүңдөн шам жагылып…

– Азыр эмне, өчүп калыптырбы?

– Жо-ок, андай деле эмес дечи. Бирок, карасаң, сүрөтүңдү? Аябай дилгир, оттуу көз караш.

***

Көздөрүнүн оту Жунус үйлөнгөн жылы өчүптүр. Аны ошондон кийин түшкөн сүрөттөрүнөн баамдап жүрөт. Азап чеккен адамдай жылуулугу качып, жабыркап тиктөөчү болуптур көздөрү. Андан бери канча жыл өтсө да каректеринен жаштыктын шооласы кайталап жанбай койду. А жүрөгүнүн тереңинде бир үмүттүн оту бүлбүлдөп күйүп жүрдү. Эртеби-кечпи Жунуска жолугам деген ишеним, ошого ынтызарлык илгери сүйрөп келиптир. Бул кезигүүгө ар убак өзөлөнүп даярданды. Акыл-эси менен тең келер, чырайы менен куштар кылар, мамилеси менен суктантаар аялдык баралына жеткенде алдынан тике чыгууну кыялданчу. Үй-бүлөсү, бала-чакасы болсо эмне экен. Жүрөгүнө түбөлүккө ээлик кылган кымбат адамынын көздөрүнөн баягы жаш кезиндегидей арзуунун өртүн кайра бир ирет жандыра алса болду. Ошол эле жетишмек. Ошондон кийин көксөөсү сууп, ушунча жыл алдырбай келе жаткан гөр тиричиликке моюн сунмак, башка бирөөнүн этегин кармап, бала төрөмөк.

А жылдар болсо өтө бериптир. Кеч күз эле. Памирдин шамал жойлогон жайдак айылынын өчөйгөн мектебинин ээн классында Жунустун көзү өткөндүгүн кабарлаган гезитти мыкчый кармап, денеси да, жүрөгү да өлүп, узакка-узакка кыймылсыз олтурган.

***

– Шундай де, – деди төрага ордуна олтуруп жатып.Бая эшик аттап киргендегиден өзгөрүлүп, басмырт ой басып турду жүзүн. Ушундан уламбы, барган сайын экөөнүн ортосундагы адамдык мамиле жылып, жакын болуп баратышкансыйт. Төрага кандайдыр бир чечкиндүүлүк менен коньяктын калганын пиялаларга бөлүштүрдү да, бирин ага карматты. Канайым кыйылган жок. Чачтарын салаалап, ажаат ачар маанилүү сөз айтчудай камданган эркекти көңүлдөнүп угууга дит койду.

– Карындашым, баятан бери сенин тагдырыңа жаным ачып, эски жаратыңды козгоп койгонума өзүмдү жектеп олтурам. Бул оюмда да жок эле. Жунустун көз жашына эчен күбө болсом, эми минтип сенин көз-жашыңды көрдүм. Ушундан бир нерсени түшүндүм: адам өз бактысын сактай, ал үчүн күрөшө билиш керек экен. Мүмкүн, ал өмүрдө бир келер бакыттыр. Эми болор иш болуптур. Өлгөндүн артынан көмгөн гана бар. Сен армансыз эле күтүпсүң… Жетишет. Өмүр экинчи ирет кайталанбайт. Ушу бойдон өтүп кетсең сенин убалың кимге? Адам темир эмес. Ал да качандыр жешилет. Ага да жөлөк, таяныч керек. Айрыкча, аялдардын жалгыздыгына мен табиятымдан кыршымын. Бул өзү жаратылышка жасалган кастык деп түшүнөм. Кандай ойлосоң да, мен эми сени жалгыз калтыра албайм. Экөөбүздү да тагдыр туш кылып жаткандыр, балким. Болбосо, сен каяктагы, а мен каяктагы адам элек… Эгер сенин ишеничиңе татысам, агаңбы, же жөн эле улуу адам катарыбы, сага арка-тирек болоюн. Кайгырсаң кайгыңды угайын, сүйүнсөң сүйүнчүңдү бөлүшөйүн… жок дебе? Мына колум!…

Канайым былк этпеди. Төраганын көп жылдардын изи түшкөн кара каштуу жылмакай жүзүн, колдорун, толуңку денесин умсуна тиктеди. Жунус тирүү жүрсө ушуга окшоп чачын буурул баскан салбаттуу эркек болуп калмак деген арман жүрөгүндөгү орду толгус жоготууну дагы бир ирет туйгузуп өткөнсүдү. Анын жарты өмүрүн, жаштык жылдарын бүтүндөй ээлеп, жипсиз кармаган адам азыр кара жер алдында жатат. Өзү болсо минтип башка эркектердин сүйүүсүнө татып, дагы эле бакты-таалайга үмүттөнүп, күн көрүп жүрөт. Капыстан эле аны ушул жарык дүйнөгө, жалгыздыкка кыйып таштап кеткен Жунусту биринчи жолу кинелеген сезим пайда болду. Алар көрүшпөгөн он беш жыл бою бир гана ага таандыкмын деп эсептеп, андан башка эркектин колдору, эриндери денесине тийгенин элестете албай жашап келсе, бир кайрылып жүзүн көрсөтпөй, кайырдашпай кете бергени чыккынчылык эмей эмне?… Тумардай ыйык сактаган сүйүүсүнүн арты ушинтип жалгыздык,өкүнүч менен бүтсө, демек жаңылышкан экен да. Арзыган адамына жетпей калгандан кийин аялдык энчисин кайрадан издесе болбойт беле? Көздөрүнө ызалыктын жашы толуп чыкты…

А терезенин ары жагында Канайым түзүктөп деле боор тарта элек өгөй шаардын жарыктары бириндеп азайып, шоокуму басаңдап, үргүлөп баратты.

1989-жыл, Ош шаары

 

Word форматында китепти көөчүрүү

 

© Зинакан Пасаңова, 1997

 


Количество просмотров: 4255