Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Зинакан Пасаңова, 1997. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2011-жылдын 7-декабры

Зинакан ПАСАҢОВА

Жан балам

Жыйнактан аңгеме

Бул жыйнакка аял темасында жазылган аңгемелер топтолгон. Аялдын энелик мээрим-кудурети, махабат сезими, сүйүүгө муктаждыгы аялдардын бейнелери аркылуу сүрөттөлөт.

Зинакан Пасаңова. Аял сыры. – Ош: 1997-ж. китебинен алынды.

 

Анын төрөтканадан келбегени палатага киргенинде эле билинип турду. Чыт халаты таза жуулуп, үтүктөлгөн. Башында жоолугу жок, бир тутам кыска чачы артына жылма таралып байланган. Ак куба жүзү менен бажырайган нурдуу көздөрү да төрөттүн азабынан эчак арылып, өзүнө келип калган экен. Биз менен жатык учурашып жатып күлмүңдөп да койду. «Баласынын оорусу жеңил экен» деп тымызын суктанып алдым.

Келин менин тушумдагы бош керебетке жайгашты. Ортобузда бир тумбочка бар эле. Анын буюм-теримдерине орун бошотуп жатып, китеп, дептерлерине көзүм түштү.

– Окуйсуңбу? – деп сурадым.

– Ооба, дипломдук иш жазып жатам. Ошон үчүн кагаздарымды көтөрө келбедимби.

– Каерде окуйсуң?

– Университеттин юрфагын бүтөм.

– О-о!

Экөөбүздүн сөзүбүзгө кулак салып турушкан эки аял да баш көтөрүшүп карап калышты. Баласы ооруп жатканда башына башка нерсе кантип сыят дегендей кыңыр көрүп тиктедик.

– Балаң канча күндүк?

Ушинтип бардыгынан сурай берчүмүн. Төрөлгөнүнө араң он күн болгон өзүмдүн уулум бир күн өтсө да кыйла торолуп, дартка алдырбай кетчүдөй күн эсептеп жүргөм.

– Бир жарым айлык болуп калды, – деди келин бир аз тартынгандай.

Анын жообу санаамды ансайын оордоштуруп койду. Менин уулум да качан бир жарым айга чыгат экен деп чарчап, арый түштүм.Өмүрдүн ушул бир тамчы жашын жашап өтүш да ушунчалык узак болорбу?

Жүрөгүм тыбырчылап олтура албай сыртка чыктым. Бараар жерим эле оорукананын балдар бөлүмүнүн четки терезеси. Анын ары жагында балам жатат. Палатанын сырдалган айнегинен анын карааны көрүнбөсө да ыйлап калбасын деп көөнүм тынчыбай терезени сагаалайм. Мага окшогон баласаак энелер көп. Айнектерди утуру шыкаалап коюшуп, тегеренип кете албай жүрүшөт.

Бүгүн да эмизээр маалга чейин эптеп убакыт өткөрүп, палатага келдим. Балдар бөлүмүнүн эшигинин алдында топтолуп калышкан аялдар удургушуп, араң эле турушуптур. Ар үч саатта он, он беш мүнөткө колубузга зорго тийген наристебизге сагынычыбыз ашып-ташып тыбырчылайбыз. Каалга ачылаар менен баары аткан октой кетишти. Мен да оорукананын сүзүлө жыртылып, өңү өчкөн эски жалаяктарына оролгон уулумдун кымындай денесин боорума кыскыча ашыктым. Балам оозун кайсалактатып, дароо эмчек издей баштады. Шабдоолу түктүү мөмө жүзүн бетиме басып жалынганым да, эркелеткеним да ага баары бир. Ага азыр бир гана эмчек сүтү керек. Апасын да, жашоону да эмчек сүтү менен туят. Оозу ширин ууз сүткө толо түшүп, аптыга жутуп, мээрлене соруп жаткан наристеңе бардык тамырың балкып ийип бересиң. Уулум ууз сүткө тойгондон кийин мемиреп уйкуга кетти. Ал уктап жатканда жүзүнө көп карабайм. Көзүгүп кетпесин деп корком. Бүгүн да көздөрү жумулаары менен ордуна жаткырып коюп, сыртка чыктым. Палатада студентка келин жалгыз отуруптур.

– Эмизип бүттүңбү? -деп сурадым андан.

– Капельница алган экен, уктап калыптыр. Кечирээк кирем, – деди ал бушайман түр менен.

– Эч нерсе эмес, уктап эс алганы жакшы, – деп жооткоттум. – Жүр ашканага.

Балдарыбызды эмизип чыгаарыбыз менен баарыбыз айттырбай эле ашканага чогулабыз. Бала соргон эмчегиң какталып, өзөгүң карара түшөт. Кийинки эмизгенге сүт болсун деп ачыккандай жеп-ичебиз.

Балабызды сүтүбүз сактап калчудай жакшы ээмп, курсагы тойсо эле айыгып кетчүдөй жандалбас кылабыз. «Бүгүн түзүк, дадил ээмп калыптыр», – деп көкүрөктөрүн укалай кирген андан көп. Деги ашканада гана кимдин баласынын акыбалы кандай экенинен кабардар болосуң. Бүгүн кантип калганын, кайсыл дарыны ичип, ийне алганын, кандай эмгенин, тиктегенин, күлгөнүн, жалаягын булгаганынан бери терип-тепчип угасың. Ар кимибиз жарышкандай өз балабыз жөнүндө айткыбыз келет. Ошондуктанбы, аялдар ашканада узакка олтура беришет. Оокаттарын эчак жеп бүтүшсө да, кийинки келгендерге отургуч жетишпей туруп калышса да, эч кимдин ордунан козголгулары келбейт.

Студентка гана баласы жөнүндө ооз ачпайт. Оорусу жеңил болсо, санаасы тынч да деп жоругам анысын. Палатада болсо баш көтөрбөй кагазын жазат. Биз уктаарда китеп, кагаздарын көтөрүп, далиске чыгат. Качан жатып, качан турганын бир да жолу көрбөдүм. Баласына бир чуркайт, окуусуна бир чуркайт. Ансыз эле шыңга бою чыканактай болуп азып баратты. Бир да жолу даттанбаса да, чарчаңкы көздөрүнөн кыйналган ой-санаасын билүүгө болоор эле.

Бүгүн ашканага кирээрим менен адатымча аны издедим. Баласынан али чыга элек экен. Аялдар боюн созушуп, терезеден сыртты карап жатышыптыр. «Ким келди экен?» – деп мен да кызыксындым. Узун бойлуу, кара чачы желкесин жапкан шыңга бойлуу жигит эшик алдында чыдамы түгөнгөндөй ойдолоп ары-бери басып туруптур. Студентканын күйөөсү экенин дароо тааныдым. Бир-эки жолу экөөнүн турганын көргөн элем.

– Качан болсо курук келет аялына, жаман папкесин көтөрүп алып, – деди аялдардын бирөөсү нааразы үн менен.

– Өзү студент болсо акчасы жоктур да, бечаранын – деди арыдан бирөө секин какшыктап.

– Ме сага, акчасы жок имиш. Кийингенин кара. Күрөп-күрөп пул тапкан менин күйөөм дагы мындай чилтен эмес.

Эми баары жигитти биринчи жолу көрүп жаткансып баштан-аяк сыдыра карап калышты. «Мальвина» күрмө шым узун боюна куп жарашып, кара туфлийине чаң жукпай, кычырап турган экен күйөө балабыз. Өөнү жок кыркылган кара чачы желкесин жаап турат. Бул түрү менен али катын-баланын кадырына жете элек, кыз жандап жүргөн боз уландай сүлкүлдөйт. Күйөө кеби токтоор эмес.

– Ашың болбосо да, кашың болсун дейт. Эч болбосо да катынынын курсагын кепке тойгузуп кетпейби. Э, өлө калың. Эки мүнөт араң отурат. Анан жоо куугансып артын карабай кетет, – деди сары келин кыргызча-өзбекче чалып сүйлөп.

– Аялы бул жерде жатса, бойдок болуп кыздардан колу бошобой жүргөндүр.

– Койгула, биз а-бу дегенибиз менен ар ким өзү билет, – деп кызып калган аялдарды зорго токтоттум. –Андан көрө студентканы чакырып коюш керек, – деп ордуман козголо берсем, эшикке жакын олтурган келин колун жаңсап токтотту.

– Бая эле чакырдык эле, келбеди го.

Бир аздан соң өзүм издеп бардым келинди. Баласынын үстүндө экен. Эшик ачык. Студентка баласын ушунчалык назиктик менен абайлап көтөрүп алып, терезени карап, кусалуу туруптур. Адам узун ойго түшкөндө ичинен кайруучу баш-аягы жок обон менен акырын алдейлеп жаткансыйт. Бүт дили, санаасы, үмүтү, тилеги шу тапта баласына гана байланып, аны эш тутуп, дүйнө бир тең, ал бир тең болуп тургандай көрүндү тунжураган турпаты. Эненин ысык ыкласына кызы да тынч алып мемиреп уктап калгандай. Эне-баланын бул ширелишкен ынактыгын бузгум келген жок. Үн катпай артыма кайтаарымда студентка жалт бурулду. Жашка нымдалышкан муңдуу көздөрүн көргөнүмдө оозума сөз кирбей калтаарый түштүм. Эптеп-септеп күйөөсүнүн күтүп жатканы жөнүндө кобурамыш болдум. Ал «билем» дегендей башын ийкеди да жүзүн буруп кетти. Күйөөсүн көргүсү келбей атайын чыкпай жатканын түшүндүм. Ушул көктүгүнөн анын жалгыздыгын сезгенсидим. Баланы экөөлөп табышса да энечелик жандалбас кыла албаган күйүмсүз эркектен көңүл калып, тең бөлүнбөгөн санаасына майышып, түтөп тургансыды.

Палатага келип шалдырап отуруп калдым. Келин дагы бир топтон кийин кирди. Күйөөсүнө жолуктубу, билбейм, көз жашы да, муңканган түрү да жок сумсайып ала коюптур. Анан керебетинин үстүндө дайыма жайылып турчу кагаздарын өчөшкөнсүп өжөрлөнүп жазып кирди.

Эртеси уулум экөөбүз ооруканадан чыктык. Аялдар менен кубанычымды билдирбес үчүн чала-була коштошумуш болдум. «Биз кантээр экенбиз?» деп каканактаган көздөрүн көрбөйүн дедим. Студентка менин түйүнчөгүмдү көтөрүп босогого чейин узатып койду.

Антип-минтип арадан он күн да өтүп кеткен экен. Баламдын бүтпөй калган документтерин алганы ооруканага кайрылып бардым. Мен жаткан палатага баш баксам эскилерден эч ким калбаптыр. Далай түндү ооналактап уктабай өткөргөн керебетимде чоочун аял санаага батып олтурат. Унутулуп бараткан нерселер эске түшүп, жүрөгүм сыздай түштү. Шашып сыртка чыктым. Оропарамдан тааныш аял жолукту. Саламдан мурун «Сен дагы келдиңби?» деп чочуп кетти. Жөн-жайымды түшүндүргөндөн кийин өзүнүн көз-жашы кылгырып: «Менин балам кайра ооруп калбадыбы. Үйдө бир жумача эле турдук» – деп ыйламсырады. Аны алаксытмакка бирге жаткандарды кабарын сурамжыладым:«Баягы студентка келин качан чыкты? Дипломдук ишин жактап алдыбы?» «Жактады го, жактаганы да курусун. Ошол күнү кызы чарчап калбадыбы». «Койчу? – мен катуу чочудум. – Кызы жакшы эле эмес беле?» «Баарыбыз эле ошентип жүрчүбүз. Өзү билгизбесе эле… Көрсө, мурда эле өлө турган бала экен. Акыркы күндөрү баласынын палатасынан чыкпай калган. Тамакка да кем келчү. Келсе да үндөбөй ичип туруп кетет.

Кече аялдар дүрбөлөң түшүп жатышыптыр. «Студентканын кызы учуп кетиптир» дешет. Артынан чуркап бардым. Кире бериште ыйлап туруптур. Кудая тообо, ишенесиңби? Дубалга жөлөнүп алып, секин гана ыйлап жатат. Сабыры укмуш экен. Анын ордуна башка болгондо дарт-байрат салып, оорукананы башына көтөрмөк. Ага кайрат айтам деп өзүм кошулуп ыйладым: «Эмне балээ болуп кетти? Балаң түзүк эле го?» – деп кайта-кайта сурадым ишенбегенсип. Студентка мууну бошоп буркурап туруп, муну айтып берди.

– Кызым ара төрөлгөн эле. Адегенде эмчекти да оозуна ала алчу эмес. Көз жаргандан тартып ооруканадан башыбыз чыкпады. Бул жерге келгенге чейин реанимацияда жаттык.Күйөөм сураса «жакшы» деп коем. Кызым экөөбүздүн тарткан азабыбызды андан көрөм. Нашаа чекчү экен. Кийин билип жүрбөймүнбү. Эмгегим кайтып, кызым айыгып кетсе болду деп ага бир ооз да жаман кеп айтпадым. Ич дартым ичимде болуп жүрдүм. Реанимациядан бул жакка которушканда кыйла сүйүнүп калгам. Жакшы дарылашпай коюштубу, кайра тез эле пастай баштады. Кызымдын өлөөрүн үч күн мурда билдим. Көздөрү башкача болуп калат экен. Күнү-түнү жанында болдум. Үмүтүм дагы эле үзүлбөй жатты. Бечара кызымдын ыйлаганга да чамасы жетчү эмес.

Диплом жактаар күнү шорум катып кетип калыпмын. Беш жылдык мээнетим текке кетпесин деген ойго жеңдирген окшойм. Барарын-барып алып эси-дартым кызымда болду, санаам санга бөлүнүп жатты. Менин кезегим жеткенде дипломдук иштерди кабыл алып жаткан комиссиянын төрагасы: «Өңүң кубарып турат, кызым. Көп толкунданба. Отуруп демиңди бас», – деди. Мен баш чайкадым да, ортого чыктым. Көңүлүм караңгылап, дарманым кетип турганын ошондо туйдум. Жүрөгүм оозума кептелип, тынымсыз туйлап жатты. Айтайын деген сөздөрүм чочуп учкан таранчылардай туш-тарапка чачырап, карматпай койду. Баары эле көз алдымда тургансыйт, бирок, бири да тилиме илинбейт. Ушинтип канчага туттугуп турганымды билбейм, кимдир бирөө жөлөмөлөп, суроо бергендей болду. Ошондо карышып калган жаагым ачыла түштү. Өзүм да күтпөгөн жерден: «балам… балам!» – деп өксүп ыйлап жибердим. Ыйлаган бойдон эшикке чуркап чыктым да, ооруканага учуп-күйүп келаттым.

Келсем аялдар балдарын эмизгени кирип кетишиптир. Жүрөгүм муздап, бир жамандыкты сезгендей болот. Дене-боюм өлүп, палатанын эшигин кантип ачканымды да билбейм. Баламды керебетинен таппай муунум калчылдайт. Жатыптыр. Жаныбыздагы эки аял балдарын беймарал эмизишип отурушат. Кызымды колума алаарым менен билдим. Узап бараткан экен. Ушуга чейин мени жубатып келген көздөрү аңтарыла жумулуп, мемиреген жүзүнө ажалдын көк темгил көлөкөсү түшүптүр. Берки аялдарга билгизбей, көкүрөгүмө бекем кысып эмизип жаткандай болуп олтура кеттим. Аялдар узакка эмизишти. Алар энелик мээримдерин жүрөктөрүнө батыра алышпай наристелерине тынымсыз жалынып-жалбырышып, эркелетишип жатышты. А менин колумда болсо эми эненин сүйүүсүн эч качан сезип-туйбай турган кызымдын ымыркай денеси жаны кетип, катып баратты. Эч нерседен шек санашпаган аялдар эмизип бүтүшүп, чыгып кетишти. Жалгыз калганыбызда гана бир боздоп алып, кайра тып басылдым. Кызымдын жаны бул дүйнөдөн чочубай кетсин дедим. Акыркы ирет боорума бекем басып отурдум. Эмчегимди салсам
сүт эриндери бир дирт этип алды да, ачылбады. Денемдеги бардык жылуулугумду топтоп, ага өтсө деп жан талашсам да, демим мененн жылытсам да муздагандан муздап баратты.

Кызым укчудан бетер тынымсыз шыбырай бердим: «Ак сүтүмдөн кечтим, көпөлөгүм. Тогуз ай толгонуп көтөрүп, толгоо тартып кыйналганымдан, эки айлык мээнетимден кечтим. Сен да мени кечир, наристем. Өзүңдү төрөгөнүм менен өмүрүңдү кошо төрөбөпмүн.Көзү ачык бойдон кетип баратасың. Жашоонун азабын гана тартып өттүң. Кечир мени, бейкүнөө көпөлөгүм? Сен бир да жолу көрбөгөн, сенин өлүмүңө себепкер болгон атаңды кечир?..» – деп дагы бир нерселерди айта берипмин.

Ушул учурда кызымдын жаны кыйналбай чыгып, наркы дүйнөнүн бейишине чымчык болуп тезирээк учуп барса экен деп тиледим. Бир сааттан кийин кызым бул дүйнөгө таандык болбой калды. Көгөрүп муздап бүткөн жүзүн көз-жашыма жууп, акыркы жолу өпкүлөдүм да, дарылаган доктурдун кабинетине көтөрүп барып, колуна карматтым. Анан үйдөгүлөргө телефон чалып, кабарлаганы чыгып кеттим. Азыр аларды күтүп турам», – деди. Мен анын ата-энеси келгенче эш болуп жанында турдум.

Эже ушуларды ыйга какалып жатып араң айтып бүттү. Менин көз-жашымды аарчыганга бурчамымды келтирбей агып жатты. Ар кимибиз өз перзентибиз жөнүндө ойлондук. Баласын түбөлүккө жоготуу бир дагы эненин башына салбасын. Ыйлап кичине бугубуз чыккандан кийин студентканын үй дарегин билбегенибизге өкүндүк. Барып куран окуп, көңүл айтып коймок экенбиз.

Ошол бойдон студентка келинди көрбөдүм. Негедир оюма көп түшөт. Канча балалуу болду экен деп калам. Ал мага көп бала төрөгөндөй сезиле берет. Бир күнү өзүнө окшогон уул-кыздарын жетелеп, жолумдан чыгаарына ишенип жүрөм.

1995-жыл

 

Word форматында китепти көөчүрүү

 

© Зинакан Пасаңова, 1997

 


Количество просмотров: 1824