Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Зинакан Пасаңова, 1997. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2011-жылдын 7-декабры

Зинакан ПАСАҢОВА

Төлгө

Жыйнактан аңгеме

Бул жыйнакка аял темасында жазылган аңгемелер топтолгон. Аялдын энелик мээрим-кудурети, махабат сезими, сүйүүгө муктаждыгы аялдардын бейнелери аркылуу сүрөттөлөт.

Зинакан Пасаңова. Аял сыры. – Ош: 1997-ж. китебинен алынды.

 

Аялды сырттан кыштын чыкыроон суугуна ичиркенген муздак түн тосуп алды. Али ыш чала элек жаңы кар ууздай агарып, шам күйбөгөн көчөлөрдү көз жетерликтей жарытып турат. Жашыл ыраңы качан өчүп, сурун салган кеч күз шаардыктардын көңүлүнө көк таштай тийип бүткөндө сагындырган кар кечээ түнү калыңдап жаап берген. Аны кыпындата тоңдуруп, чилде да кошо кирип келди.

Уулбү шаардын сыртындагы үйүнө эки автобус которуп анан жетчү. Экинчи аялдамага чейин бир топ ыраак болсо да жөө басып баргысы келди. Кадам шилтеген сайын бут алдынан тоңголок кычырап сонуркатат. Чоң жолдон тынымсыз агылып өткөн машиналардын добушун кар жутуп алганга күңүрт угулуп калыптыр. Көчө боюнда тизилген дарактардын шактары апапак болуп бубактаган. Деги бул кечте баары сонун эле. Табигаттын ар бир жолу жаңыланып, түсүн өзгөртүшү Уулбүнүн да сезимин козгоп өтчү. Көптөн бери кир чалып жүргөн көңүлүн бүгүнкү кар агартып кеткенсиди. Суналган келбеттүү боюнун жарашыгын бет алдынан чыккан адамдардын жактыра карашкандыктарынан туюп келатты.

Күйөөсү менен ажырашкандан бери өчүп калган аялдык назынын да кайра ойгонгону ушул болсо керек. Мынчалык мүңкүрөп супсак өмүр сүргүдөй элден деле кем жери жок тура. Перзенттин айынан башка аялга үйлөнүп, анысынан уул– кыз көрүп, Уулбүнүн бул дүйнөдө бар-жоктугун капарынан чыгарып койгон адамды үмүтсүз күтүп жүрө берип, өмүрүн бейоопа өткөрүп ийгенине эми гана көзү жеткенсиди. Көңүлүнүн тереңинде нечен жыл бою ой-сезимин курулай ээлеп келген адамга нааразылык пайда болду.

Аял делбе кылган ой-кыялына жараша бирде жайлап, бирде ылдамдап басып олтуруп, экинчи аялдамага кантип жетип келгенин да сезбей калды. Алар тарапка кетүүчү «Икарус» от алдырып, жөнөөрүндө үлгүрүп келиптир. Автобустун тепкичине бут кое берээринде артынан карылуу колдор чыканагынан сүйөмөлөп жардам кылды. Бурулуп карабаса да ким экендигин дароо билди. Ошол бойдон өзүнүн жакшы көргөн жайына орто ченге барып турду. Тиги да артынан ээрчий келип, жанаша токтоду. Эми гана бири-бирине жүз бурушуп, жылмайып коюшту. Төө басты болгон тыгында салам-аликтен башка сөзгө да келе алгыдай эмессиң. Эркек адатынча өзүнүн бакубат денесин түрткүнчүккө тосо берип, бар аракети менен Уулбүнү корголоп келатты. Ал муну байкатпай жасоого далалаттанат. Бирок, ичи жарык автобустун сыртынан кара түн пардалаган айнеги экөөнүн сөлөкөтүн күзгүдөй дайым чагылдырып туруучу.

 

Жол жарымдаганда автобустун ичи бошой түштү. Өзүн саал оолактата берген Уулбүгө:

– Кечиктиң го бүгүн? – деди эркек. Анын бою узун эле. Экөө сүйлөшүп жатканда аял асманды тиктегенсип башын чалкалата калчу.

– Иш…

– Силердин ишиңер жаман экен. Эми барсаң, тамак жасайм, кир жууйм дейсиң, үй жыйыштырасың. Анан качан эс алыш? Же жолдошуң кошо кылышабы?

– …

– Балдарың да чоңоюшуп, кол арага жарагыдай болуп калышса керек?

– …

Уулбү кийинки суроого да жооп таба албай мокоп турду. Жарым жылдан бери кыйналбай эле ооз учунан айта салчу жалган-жашык сөздөргө бүгүн негедир дити чаппай буйдалат. Жумшарып, кыялга мас болуп турган көңүлүндө ушул жарым жылдан бери өзүнө имерилип, ысык ыкласын билдире берчү бейтааныш эркекке жылуу сөз айткысы келип, эш тартып, жылуу чырайы менен утуру карап коет. Бир ою ага өз турмушу жөнүндө чындыкты аңтар-теңтер кылып айтып ташта деп түрткүлөйт. Ошентсе, анын жадабай чегип сурай берүүчү суроолорунан кутулаар. Мурда эркектин кызганычтуу кызыгуусун тамаша көрүп, ансайын аны күчөтмөккө аракеттенсе, эми минтип тили байланып калганын кара.

А мейли, Уулбүнүн жалгыз жашарын билди дейли. Анда эмне дээр экен? Көз ачып-жумгуча ал өтө алгыс чеби урап, көрүнгөнгө эшиги ачык жубанга айланабы? Эри жоктун аманат көз артаары көп болот. Алардан коргоном деп жүрүп өзү да ташка айланып баратканы жалганбы? Аялдын оюнун аягы өксүп, тигинин өзүнөн жооп күтүп турганын сезсе да узакка үндөбөдү.

Автобус бул арада нечен жолу токтоп, жүргүнчүлөрүн бөксөртүп, нечен жолу жаңылап, улуу карда ташыркап араң баратты. Экөөнүн тааныштыгы да жарым жыл мурун ушул автобустун айынан башталган. Ошол күнү аялдамада узакка туруп, аптаптын ысыгынан шайы оогондой болгондо жанынан эркектин үнү чыккан:

– Жүрүң, такси кармайлы. Автобус али-бери келбейт окшойт.

Уулбү жалт карап, көк көйнөгүнүн жеңин түрүп алган бойчон эркек өзүнө кайрылганын түшүндү. Заматта кабагын чытый ага сустая тиктеген. Беш көкүлдүк курагы кыярып, аялдык сөөлөтүнө киргени чоочун эркектердин мындай кош маанилүү сунушун көп укчу болду. Бирок, тигинин муңайым ыймандуу жүзү менен эстүү көздөрү саал жумшартып:

– Мен сизди тааныбайт экем, – деген дагы эле суздугунан жазбай.

– Эки жылдан бери эртели-кеч түшкөн автобусубуз бир болсо.– Эркек эми кападар үн катты. Бир да жолу аялдын көзүнө илинбегенине ардана түштү окшойт.– Сиз геологдор шаарчасында жашайсыз да, туурабы? Мен болсо андан ары Төлөйкөнгө кетем.

Уулбүнүн олку-солку боло баштаганын байкадыбы, эми жазыла сүйлөдү:

– Жүрүң-жүрүң! Мен барып машина тосо берейин.

Ошондон бери экөө өң тааныш. Күн алыс автобуста жолугушуп калышат, сөздөрү да автобуста бүтөт. Уулбүнүн аялдамасына жетишкенде эркек озунуп жерге түшүп, аны алакандары менен жөлөп тосуп алат. Колдорун сууруганча шашкан аял тигини дароо демите баштоочу:

– Болуңуз! Автобус жүрүп кетет. Кечигесиз!

Эркек болсо беймарал коштошуп, анан жолдун арткы четине чуркап өтүп, артына бир кылчайбай кеткен Уулбүнү узата тиктеп, автобус ордунан козголо берерде зорго илешчү. Кээде үлгүрбөй да калат. Анысына түк да кайгырбай, аял кирип кеткен көп кабат үйдүн терезелерине кадала тиктеп, кийинки маршрут келгенче каккан казыктай болуп тура берчү.

Бүгүн жол бою сөздөрү уланбай кысылып келатышты. Эркектин жүзүн баш көтөрүп тиктебесе да ал да куду эле өзүндөй болуп ыкташа турган денелеринин ысыктыгынан дем алышы кыйындап жатканын туюп турду. Геологдор шаарчасына жетишкенде, Уулбүнү жерге түшүргөндөн кийин кыса кармаган колун кое бергидей түрү жок,бир кудуреттүү сөздү айтчудай туттугуп, өңүнө кан тебиле чыңалып чыгыптыр.

– Кантесиз? – деди Уулбү шашылганынан шыбырай сүйлөп. – Кое бериңиз? Күйөөм көрүп калбасын. Ал кызганчаак.

Кепке көнбөгөндөн кийин колун күчтөп жулуп алды да, шарт басып кетти. Жолдун арткы четине өтүп өтө электе жанында кошо басып келе жаткан аны көрүп, тык токтоду:

– Сиз кайда?!

– Коркпочу?! Мен ушуерде калам…

Эркектин үнү ызаалуу чыкты. Анан аялды чыканагынан оорута кыса кармап өзүнө бурду да, күйүттүү сүйлөдү:

– Айта бар аныңа? Сендей аялынын кадырына жетип жүрсүн? Болбосо… тартып алам!

Уулбү сөз кайтара албады. Анын колдорунан бошонгондон кийин бут алдындагы көк жалтыр музду да сезбей декилдеп жөнөдү. Качан кабат-кабат үйлөрдүн ортолугундагы кары тапталып капган жолго түшкөндө көңүлүндөгү сөздөр көчкүдөй болуп жүрүп берди: «Кой, антпе?!! Эртерээк үйүңө, бала-чакаңдын кашына бара гой! Сени да эр кылып, этегиңди кармап, бала төрөп берген аялың бардыр. Ошону сүй! Ошону сыйла! А мени жайыма кой? Жалгыздыгым сени менен толуп кетмек беле. бешенеме жазганын көрөмүн. а сен жолуңдан калбай жылуу уяңа бара гой. Бекерден жанымды ачыштырба? Бар?!»

– Эже!

Тааныш үн буттарын тушады. Подьездин алдында турган караанды баамдабай өтүп бараткан экен. Бала көтөргөн инисин көргөндө саламга да келбей эки-жагын каранып келинин издеди:

– Алыйма кана?

– Өзүбүз эле келдик айылчылап, – иниси жымыйып койду. Кыйчалыш учурду тамаша сөз менен жеңип кете турган адаты бар эле. Андан эки көйнөк мурун жыртып, кагылып-сөгүлүп калган менен Уулбү инисинин бир кундан жазбаган көтөрүмдүүлүгүнө таң кала берчү. Бирок, жаңы төрөлгөн баласын күнчүлүк жерден жалгыз көтөрүп келгенин жамандыккка жоруп, эси чыкканынан кагып таштады:

– Айтпайсыңбы эми, эмне болду?!

Инисинин калың кабагы түнөрө түшкөн менен жооп берүүгө шашылган жок. Суук кабардан сестенгендей колдору калтырап, эшикти ача албай жаткан эжесине баланы карматты да, өзү ачты. Уулбу ичкери кирери менен дароо баланын ороосун жазып, тоңуп калбады дегенсип, буттарын укалап, демин тыңшады. Али түгү түшө элек наристе чукуранып, эмчек издегендей кайсалактап оозун араандай ачты. Келинин төрөгөнүнө бир аптача эле болсо керек угушуна караганда. Барып келгенге чолоосу тийбей жүргөн. Эми минтип кыркы да чыга элек баласын өзү көтөрүп жүргөнү эмнеси? Эжесинин кыжаалат көз карашына түтпөдүбү иниси жер караган тейде:

– Алыйманы ооруканага жаткырып келдим бүгүн, – деди акырын.

– Кайсыга? Эмнеси ооруду?

– Жиндиканага.

– Эмне дейт?! – Уулбүбүнүн деми ичине түшүп кеткенсиди.

– Төрөтканадан чыгып келген күнү эле башкача болуп калыптыр. Өзүнчө эле оолугуп, ой-тоону сүйлөй баштады. Улам жол тарапка качат. Түнү бою былкылдатпай кармап олтурдум. Адеп өлгөн адамдардын атынан чакырып, алар менен сүйлөшөт. Атам менен апам оозунан түшпөй койду. Таң атканда Апас акенин машинеси менен районго догдурга алып келдик. Аерден көрүшүп эле «Тез жардам» менен Ошко жөнөтүштү. Бир медсестраны кошуп беришти. Алиманын жол бою оозу тынган жок. Медсестранын нерви чыдабай, эки алаканы менен кулактарын бекем жаап алып келди. Психдиспансерге келгенде да догдурлардын суроосуна жооп бере албай шаштысы кетип калыптыр. Мен айтып берип жаттым баарын…

Инисинин сөздөрүнүн жарымын укса, жарымы угулбай кулагы чуулдап, денесинин жаны кетип, жүрөгү ысып чыкты.

– Эже! Эмне болуп баратасыз? – Иниси чөк түшө калып, колунан баланы алып, далысынан сүйдү. –Коркпоң!? Келиниңиз жакшына эле. «Бир жумада куландан соо болуп кетет» – дешти догдурлар.

– Суу берчи? – деди Уулбү шыбырап. Үмүткер сөздөрдөн улам көздөрү ачыла түшкөнсүдү. Бирок, жүрөгүнүн таштай түйүлгөнү жазылган жок. – Бир нерсеге капа болду беле? Жөн эле кантип оорусун?

– Төрөгөндө чочуп калыптыр дешти. Оозуна жыш учук чыгып кетти эле…

Ушу маалда бала түйшөлүп ыйлап жиберди. Иниси ордунан атып туруп, көтөрө келген баштыгынан сүт куюлган бөтөлкөнү алып чыкты. Ашканага барып жылытып келип, упчу менен кызына эмизе баштады. Ушунун баарын нес болгондой кыймылсыз тиктеп олтурган Уулбү чочугандай сурады.:

– Баланы эми эмне кыласың? Мен карап турайынбы?

Инисинин ою да ушундай окшойт, башын салаңдаткан бойдон унчуккан жок. Айылда да эки чиедей баланын, үй-жайдын түйшүгү мойнунда турат. Аялы айыгабы, жокпу, канчага чейин дарыланат – али дайынсыз. Жаш башын ой басып мүңкүрөй түшкөндөй көрүндү бир тууганы Уулбүгө. Аны аягандан боюна чыйралуу кирип, алда-неге бел байлагандай улутунуп алды да, телефондун номерлерин бурады.

– Алло? – деп дароо жооп берди аялдын сергек үнү. Анын бөлүм башчысы орто жаш орус аял да жалгыз жашоочу. Сөзүн аягына чейин тыңдагандан кийин:

– Мына сага багып ала турган кыз да табылыптыр, – деди.– Иштен кам санаба. Отпускага арыз жазып тур, андан кийинкисин көрө жатарбыз.

Бөлүм башчысынын бул күтүүсүз тыянагы Уулбүнү эсин оодаргандай болду. «Бала багып албайсыңбы», – деп ар кимден көп укса да, өзү чындап ниеттенген эмес. Таштанды балдарды асырап алган тааныштары бар эле. Бөтөн жатындан чыккан ымыркайды «ботом» деп ээрчитип жүргөн аларды, телинип ээрчип жүргөн наристени көргөндө кимисин аярын билбей арасат сезимге туш болчу. Мына эми, өзү да ойдо жок жерден балалуу болгону жатат. Ошол замат жүрөгү зырп дей түштү.Келининен биротоло түңүлгөндөй кызын өзүнө энчилеп алганы эмнеси? Ушу бойдон айыкпай калса, ал байкуштун көргөн күнү эмне болот? «Эже» деген сөзүнө бир ысыктык кошуп сүйлөп, төбөсүнө көтөрүп алчудай ызаттаган жапакеч келининин эс-акылдан айныган кебетесин түк да элестете албай койду. Ортодо калдайган кара тумандай оор коркунуч гана тумчуктуруп үшүн алгансыйт.

Түнү кызды койнуна алып жатты. Уйку качканда төшөк да темирдей катуу болуп калат экен. Дүлөй түн кара таан жоодой болуп куушуруп, ансайын заманасын таарылтат. Мындай ырайымсыз түндө жан кыйнаган ойлордун салмагы көңүлүңдү биротоло баш көтөргүс кылып жанчып таштагыдай. Бул мүшкүлгө өзү себепкер болгонсуп, кудайдан жалынып-жалбарып кечирим сурап чыкты. Кечээ эле «жалгызмын» деп кесирлик кылган экен. Ата-энеден эрте ажырап, бирин жетелеп жүрүп чоңойткон бир туугандарына таарынып акаарат келтирген. Алар колдору ишке, ооздор ашка жеткенден кийин мени таптакыр унутуп калышты деп өксүп жүргөн. Башка убакта болбосо да майрамдарда, туулган күнүндө үмүткер жол карап калчу. Бири да жоктоп койбогондо көңүлү ооруганы чын. Ошол капалыгын кайра өзүмө алайын, эми бирине да док кылбасмын, бала-чакалары менен эле тынч олтурушса эле болду. Ошонун өзү чоң дөөлөт турбайбы деп тообо кылып жатты.

«Айланайын кудай, келиним айыгып эле кетсинчи? Мага эл көргөн бакты-таалайды буйрубасаң да мейли, чиедей үч баласын ая? Мына бул наристеге кайрым кыл?» деп эзели кудайды оозуна албаган Уулбү түнү бою көз жашын көлдөтүп тиленди.

Эртеси өзүн күзгүдөн карап тааныбай кала жаздады. Эриндеринин тегерегине барсанактап учук чыккан, өңү керсары, көздөрү жабыркаган чоочун аял тиктеп тургансыды.

***

Үстүнөн тикенектүү зым бастырылган бетон дубалдар менен курчалган психдиспансер Уулбүнүн көзүнө мурдатан эле суук көрүнчү. Кээде ушул жакка жолу түшүп, жандап өтүп баратканда өзүнчө бир жыйрылып алар эле. Жинди болгон адамды түзүктөп деле көрө элек. Бирок, ошол аты жаман дарт чалган адамдарга табигат эмес эле өзү кыянат кылгандай бети чүргөлөнүп, тике кароого дити чыдабастай сезилчү. Бүгүн болсо тээ ичкеридеги дарбазага айланып жеткиче корунгандай селтеңдеп эки жагын карана берди. Бул жакка эл кем каттайт экен, алдынан эч ким чыкпады. Кире бериште гана жалгыз «Тез жардам» машинеси турат.Темир дарбазанын бир киши батаарлык кычыгынан эптеп сыгылып өткөндөн кийин кайда басаарын билбей элейип туруп калды. Короонун ичинде эки-үч өчөйгөн жапыс тамдарды кошоктогон дагы бир зым тор коргон бар экен, анын эшиги жабык турат.

– О сиңдим, беркел!

Үндү тушмалдап артын карады. Бетон дубалга жөлөй коюлган саябанда улгайган аял менен тестиер эркек бала олтурушуптур. Аял айылдыктарча баркут чапан кийип, жоолукту тумчулана салынган. Жанындагы эскирээк сумкадан термостун мойну узарып чыгып турат. Уулбүгө жай бошотуп, балага ыктай жылгандан кийин, эки колун тең созуп, арба-эсен кылышты.

– Обходу башталып калыптыр, – деди аял там жакка ээк кагып, – Саат 10го чейин ачпайт экен. Ысык гана оозуна тийсин деп таңга маал оокат жасап, Ноокаттан жетип келдик эле. Кичине кечигип калдык да. өзүң каерденсиң сиңдим.?

– Оштун өзүнөн.

– А-а, бул жердик эле турбайсыңбы? Кимиң жатат?

– Келиним.

– Ка-ап, бечара, карасаң жаш немени дарт чалып… Менин да айдай болгон уулум бар эле. Көз эле тийип кеткенсиди. Түн кирди элирмеси башаталат. Салбаган молдо-бакшыбыз калбады. Биринен да шыпаа болбоду. Акыры айлабыз куруп, бужакка алып келдик. «Өтүштүрүп ийипсиңер» – деп догдурлардын чоңу көрүп эле. Кантели эми, колубуздан эч нерсе келбесе… Бир кудаанын амиринде калды.

Аял эркин бирөөгө биротоло өткөрүп бергендей дармансыз сүйлөдү. Аңгыча зым коргондун ичиндеги узун тамдардын эшиктери удаа ачылып, биринен эркектер, экинчисинен аялдар чуруп чыгышты. Кимиси болбосун босогону аттап-аттай электе моюн созушуп жол тарапты акыйып карап калып жатышты. Өздөрүнө эч ким келбегенин көрүшсө да зым торго бир урунуп алып, алыс кетишпей сагаалап туруп калышканы ого көп. Уулбү келинин караанын издеп коргондун жанына жетип келди эле, төрдүн ары жагында ттурган эркектин көздөрүнө урунуп жүрөгү шуу дей түштү, каректери сенейип тонуп калгандай оту жок көздөр аны теше тиктеп туруптур. Денеден акыл-сезим кеткенде көздөр да өлүп, суусу какшыган кудуктай оңурайып калат турбайбы.

Мындай көздөрдү жаратылыш музейинен кептери катырылып коюлган жаныбарлардыкынан көргөн эле. Өзүнөн кетип дал болуп турган Уулбүнү бирөө жеңден тартты. Чочуганынан кетенчиктей түшүптүр. Ак халатчан эркек түспөл аял аны одонолук менен түрткүлөп:

– Жолобоң буерге! Андай барып туруң! Кимге келдиң эле? Өзүбүз чакырып беребиз, – деди.

– Келиниме, Зарлыковага.

– Зарлыкова? – Аял бүшүркөп алда-нени эстей албай жатты.

– Кечээ кечинде жаткырганбыз. Баткенден келген.

– А-а, ал келин төшөктө жатат. Катуу оорулууларды тышка чыгарбайбыз. Наркы жумада келиң. Ошондо көрүшүңүз ыктымал.

– Эмнеге? – Уулбүнүн заманасы таарвй түштү.

– Бизде тартип ошондой. – аял сөзүм бүттү деенсип арылап басып кетти. Коргондун оозун кайтарып олтурган үч-төрт ак халатчан аялдардын улгайыңкысы Уулбүнүн дабдаарып калган абалын аядыбы секин үн катты:

– Догдуруна жолугуң. Руксат берип калар.

– Каерде? Ким деген?

Ал окчун турган жапыс тамга башын жаңсады. Тамдын эшиги кызыл экен. Негедир, бул оорукананын бардык дарбазалары кызыл кайыш менен капталыптыр. А Уулбү кирип барган бөлмөнүн ичи башка ооруканалардыкындай эле аппак түс менен дарынын жытына тунуп туруптур. Ортодогу столдо кагаз жазып олтурган ак халатчан эркек аны көргөндө селейе түшкөнсүдү. Уулбү анысын этибарга алган жок. Бар ою жүзү жылуу учураган бул кишин кантип көндүрүштө болуп, буулуга сүйлөп кирди:

– Сиздерде кечээ келиним жаткан эле. Медсестра көргөзбөйбүз дейт. Анын менден башка жакыны жок буерде! Кантип көрбөй кетем? Кантип чыдайм?

Догдур үндөбөй ордунан туруп, аны чыканагынан жөлөй басып орундукка олтургузду. Өзү жанына олтурду. Ошондо гана анын жүзүнө сарасеп салып тиктеген Уулбү катуу чочуду.

– Сиз… сиз белеңиз?!

– Экөөбүз автобустан башка жерде да жолугат экенбиз ээ?

– Сиз... айтпадыңыз го ушул жерде…

– А сен эч качан мен жөнүндө сурачу эмессиң. А түгүл аты-жөнүңдү да билбей жүрөм алигиче…

Эркектин армандуу сөзү Уулбүнүн кыжаалаттык менен кайгыга жык жүрөгүнө сыйбаса да, догдурдун тааныш чыгып калганына сүйүнүп турду. Көптөн бери көңүлүнө жылуу сезим уялата баштаган бул адам Алыйманды жамандыкка ыйгарбоочудай, мынабул жагымдуу колдору менен кеселдин чеңгелинен сууруп алчудай үмүттөнө түштү. Анын ак желек жарашкан жылдыздуу жүзүнө, эстүү көздөрүнө жалооруй тиктеп:

– Жакшы көргөн келиним эле. Үч баласы бар. үчүнчүсүн төрөгөнүнө бир апта араң болду. Жакшы болуп кетер бекен?

– Ким деген эле?

– Зарлыкова Алыйма.

– Мен азыр… – Догдур чыгып кетип, кайра тез эле кайтты – Венасына дары тамчылатып жатышыптыр. Он мүнөттөн кийин ушул жерге алып келишет.

– Деги кандай? Айыккыдайбы?

– Кам санаба? Өзүм дарылайм.

– Рахмат сизге.

Уулбүнүн ыраазылыгына догдур капалуу жылмайып койду. Ошо бойдон үндөбөй, калтыраган колдору менен ар кагазды кармаламыш боло баш көтөргөн жок. Аялдын эси-дарты келинде болуп жатканын түшүндү окшойт. Дарбаза ачылып эки аялдын жетегинде көр адамдай темселеп басып кирген Алыйманы көргөндө Уулбүнүн куту учуп кетти. Келиндин кейпи ал элестеткенден да ашып түшүптүр. Сепкил баскан бети бир ууч болуп бүрүшүп, көздөрүн ача албай ирмелген сөлөкөттөй жан келатты. Чычайта өрүлгөн жүдөңкү чачтарына башка бирөөнүн колу тийгени көрүнүп турат. Уулбүгө сүзө келип токтошкондо, мурдатан айтып коюшканбы, ачылар-ачылмаксан сүзүлгөн көздөрүн аңтарылтып бир-эки жолу тиктеп алды. Тааныды. Боюн уруп: «Эже!» – деп жабыша түштү.

Арык, дармансыз колдор каруусуна бекем чапчылып башын көкүрөгүнө койгулап, жан-алакетке түшө бир нерселерди тынымсыз кыңылдап жатты. Ажырап калчудан корккондой уучу жазылбай тырмышкан келинин бирде өпкүлөп, бирде чачтарынан сылап тынчытымыш болот. Бирок, келинин эмес эле чоочун жанды кучактап тургандай денеси үркүп, жукпай жатты. Алийманы жетелеп келишкен санитарка аялдар тез эле булка тартышып, Уулбүдөн бөлүштү. «Дагы кичине… дагы кичине… Жок! Жок! Кое бергиле! Кетпейм!» – деп безилдеген үнү эшик артынан узап барып өчүп калды. Келинин колунан жулдуруп ийгендей томсоруп бир кыйлага тургандан кийин орундукка боюн таштап буркурап ыйлаган Уулбүнүн колдорун ушалап, көз жашын утуру аарчыган догдур кейий сүйлөдү:

– Өзүңдү кармасаң? Баары биринчи ооруганда ушундай абалда келишет. Чочуп калдың окшойт, өңүң купкуу болуп кетти. Аябай назик турбайсыңбы? Күйөөңдү ээрчите келсең болмок экен. Эми кантип жалгыз жиберем сени ушул абалың менен?

Аялдын муң алсыраткан жүрөгү биротоло бүктөлүп берди:

– Күйөөм жок! – деди ыйга какалып. – Өзүм элемин. Атам, апам жаштайыбыздан өлүп калышып… балдардын баары жаш… жалгыз чоңойттум. Эми минтип келиним… Айыкпай калса кантем? Андан көрө мен ооруп калсам убал жок болмок. Чарчадым ушул жашоодон! Жашагым келбейт!

Эркектин колдору бошошо түштү. Бир топко үндөгөн жок. Анан күлгөндөй болду. Ооба, күлүп жатат. Таң калганынан ыйын токтотуп тиктеп калган Уулбүгө жаадырап-жайнаган жүзүн жашырбай тике карады:

– Кызык ээ?! Карасаң турмушту! Түшүмө да кирген эмес сенин жалгыз бой экендигиң. Түндө таң аткыча уктай албай чыкканмын. Күйөөңдөн кызганып ичим күйгөн. Кандай бактылуу жан деп суктангам. Тү-ү, акмак экенмин! Сенин сөзүңдү укпай эле артыңдан ээрчип албаймынбы десең! Мени кандай кыйнаганыңды билесиңби деги? Эми шашпай тур, өчүмдү бир албасам… – деп бир күлөт, бир сүйлөйт.

Уулбүгө анын сөздөрү да, күлкүсү да оор тийди.

– Бул эмнеңиз? – деп ордунан тура калды. – Сиз үй-бүлөлүү адамсыз! Оңой олжо таптым деп жатасызбы? Дагы сизге ишенип… Сиз дарылабасаңыз башкасы дарылар…

– Ким айтат сага менин үй-бүлөм бар деп? – Эркек да бой тиреше кошо турду. – Мен да боймун.

– Кантип? – Уулбүнүн оозуна ушул суроо кириптир.

– Аялым менен ажырашып кеткенмин. Эки балам бар болчу.

Турмушта баары болот экен… – Эркек анын жүзүндөгү арасат ойду таркаткысы келгендей шашкалактап сүйлөп жатты. – Болбосо, сүйлөшүп жүрүп эле үйлөнгөнбүз. Төрт жылдай жашадык. Квартирабыз жок, ушул оорукананын бир бурчунан жай таап беришкен. үйгө кирип-чыгып жүргөндө жиндилерди көрбөй коебу, көздөрүн таңып койсо да көрөт да. «Алар түшүмө да кирчү болду», – деп жүрдү.Үйдү ана алабыз, мына алабыз деп жүрүп, убакытты создуруп жиберипмин. Кийин кеч болуп калды. Аялымдын көзүнө мен да жиндидей болуп көрүнө баштадым. Анан бир күнү эле эки баланы алды да, Бишкектеги төркүндөрүнө кете берди. Артынан барып жүрдүм. кеп уккусу келбейт. Балдарды да бузуп бүтүптүр. «Сен психсиң! Сенден коркобуз!» дешип бакырып жолобой коюшту… А мен бул шордууларга көнүп калдым. Кудум эле жаш баладай болушат. Чоң адамдын балага айланганы аянычтуу көрүнөт экен. Айыгып кетишсе жаңыдан адам жаралгандай сүйүнөсүң. Аялым менен ажырашкандан кийин квартира тийди. Силер жактан. Сени ошол жылы автобустан көргөм. Жылдызың ысык учурай берчү. Күйөөсү мыкты телегейи тегиз турмушта жашаган аял го дегем. Кийин экөөбүз тааныш болуп калгандан кийин бассам-турсам эле оюмдан кетпей койчу болдуң. Бирок, периштедей болгон неменин күйөөсү жок деген ой түшүмө да кирмек эмес… Да-а, көрсө… Келчи, эч болбосо аттарыбызды билишип алалы. Алиаскар.

– Уулбү.

– Уулбү, Уулбү… – Эркек бул ысымга чаңкагансып, кайра-кайра кайталады. Узатаарында жайгара сүйлөп: – кабатыр болбогун? Бир айга жетип-жетпей сакайып кетет. Көп келе бербе? Сени көргөн сайын оолуга бериши мүмкүн. Өзүм кабарын билдирип турам.

– Жок убара болбоңуз! Өзүм келем!

Алиаскар анын эмнеден чочулаганын түшүнгөндөй сырдуу жылмайды. Бирок, күлкүнүн изи өчө элек өңүндө мурда келекелеп турчу капалык жок эле.

Жол ката Уулбү тагдырдын бул капыс бурулушунан эсин жыя албай келатты. Алиаскардын сөздөрү кулагынан кетпей жаңырыктайт. Карайлап турганында туш келгенин карасаң. Ооп бараткан жеринен күчтүү колдор жөлөп калгандай боюна кайрат кире түшүптүр. Түндөгү заманасын куурулткан коргошундай оор коркунуч таркап бараткансыйт. Бирок, келининин тагдыры жөнүндө сар-санаа дагы эле жүрөгүнүн түпкүрүндө уюп турду.

Ошол бойдон ооруканага бир аптадан кийин барды. Алыйма зым коргондун ичине чыгып басып калса да, кайнежеси менен иши да болбой маңыроо тиктеп туруп берди. Дарылардын күчүнөнбү, оолукмасы кагылып, нес боло жалдырайт. Аны-муну сураса гана дайынсыз бир нерселерди айтымыш болот. Ысык үмүт менен келген Уулбү кайрадан бейпайга малынды. Алиаскардын өткөндөгү жубаткан сөздөрүнө катуу ишенген экен. Кызып турган чокко муздак сууну жаба куйгандай деми сууду. Эми психдиспансерге баратканда келининин дабдыр кейпин көрүүдөн заарканып, буттары араң шилтенчү. Келген сайын көңүлү чөгөт. Эч жылыш жоктой. Алийма эки өмүр бою ушинтип жарым эси бойдон калчудай түңүлүп жүрдү. Алиаскарга жолуга элек. «Айыккыдай эмес, колубуздан келбеди», – деп айтып ийсечи. Ошодон тайсалдап азга болсо да үмүттөнүп тургусу келет. Өзү да көзгө бир чалдыкпай койду. Ансайын шектенүүсү күчөдү.

Бүгүн да ой басып араң келди ооруканага. Келинин ичкериден чакырып беришти. Ал жаңыдан баскан жаш баладай тамтаңдан келатып аз жерден чалынып жыгылып кете жаздады.

– Кантет! Түз бас! Сизди көрүп сүйүнүп кетпедиби, – деди санитарка аял.

Уулбү адаттагыдай эле кучактап туруп, бетинен өөп койду. Келини буга ийиккен да жок. Соо кезинде тээ алыстан эле кучак жая келип, озунуп өпкүлөп жиберчү. Уулбү анын жүзүнөн, көздөрүнөн жакшылыктын жышаанын кадалана издеп, ар нерсени чегип сурамжылайт. Алийманын жоопторуна ичи чыкчу эмес. Кийин баамдады. Элдир-селдитр акылы эмнеге жетсин. Келини да эки ооз кептен кийин тажагандай:

– Эмне алып келдиңиз? – дейт баштыктан көзү өтүп.

Оокатты өзөргөн немедей шашылып иччү. Тамакка бети менен түшө калган бир эле анын келини эмес экендигин байкады. Жакындары көргөнү келишкен оорулууларды коргондогу саябанга чыгууга руксат беришчү. Алардын баарына жалгыз үстөлү бар бир саябан. Үстөлдүн эки жагына бойлото коюлган узун жыгач орундуктарга маңдай-тескей отурушкан жиндилер идиштерди көтөрө калышып, шыпкап ичишип, жугуна чейин жалап жуктап жатышканда аларды көргөнү келген тууган-туушкандары бири-бирин түшүнүшүп аяшкандай муңайып тиктешип алышчу. Курсагы тойгондон кийин Алыйма жанында акмалап карап турган санитарка аялдын алдына өзү эле түшүп, короого кирип кетет. Уулбү кайтаарында дарманы кетип, шалдырай түшчү.

Кыш быйыл оор болду. Эки күндүн биринде зампарлап кар жаайт. Чилде башталганы шаардыктар күндүн көзүн көрүшө элек. Сурданган бүркөө асман Уулбүнүн кыжаалаттыгына кошул-ташыл. Түндөн заарканчу болду. Долуланып келип үйдү жулмалаган ызгаарды үрөйү уча тыңшап, баланы алдынан түшүрбөй, эш кылып, кирпик какпай таң аттырып жиберет. Караңгыда караңгыдай ойлор келет экен. Эгерде макулуктай болуп оокат издеп оозун ачкандан башка дарамети жок ушул тырнактай кыз болбосо кайгысын жалгыз кантип жеңээр эле. Мурдатан эле бала багып албаганына эми өкүндү. Баланын деми башкача болот турбайбы.

Диспансерге каттабаганына он күндөй болуп калды. Алыйманын кирди-чыкты эси менен муздай сенек көздөрүн элестетсе эле буту тартпай туруп калат. Жуманын акыркы күнү Алыйма түшүнө кириптир. Айылдагы өзүнүн үйүндө жүрөт. Очокко от жагып, жака-белин тынбай шыпырынат. Иниси челектеп көмүр ташып берип жатыптыр. Уулбү келининин сопсоо экенине ишене албагансып, баскан-турганын кадалана тиктейт. Өөн таба албаганда: «И-и, өз үйүнө келип, бала-чакасынын маңдайында чыйралып, жакшы болуп кеткен турбайбы» деп өрөпкүп сүйүнөт. Ойгоноору менен көздөрү умаачтай ачылды. «Эжем келбей койду» деп күтүп жатат окшойт. Жол карап мусаапыр болуп жүрдү бекен деп жоруду түшүн. Түңүлүүдөн сууп калган аео сезими тирилип, жүрөгүнүн миң жеринен сайгылап, сыздатып кирди. Таңды зорго атырды. Эми Алийма кандай акыбалда болбосун эч качан кыйып кете албасына, өмүр бою да азабынан баш тарта албасына ушул бүгүн көзү жетти.

Дарбазанын түбүндө жылбай олтурушчу санитар аялдар Уулбүнү таанып калышкан эле. Ал ооз ачып сурагыча Алийманы үн салышып чакырышып беришти. Келини эң оболу айнектен шыкаалап тиктеди. Кайынежесин тааныганда жарк эте күлүп, эшикти көздөй чуркады. Уулбүгө анын көздөрү кадимкисиндей тирик көрүндү. Ишенип-ишенбей санааркап турганында дарбаза ачылды да, Алийма атып чыкты. Жүзү толо күлкү.

– Эже, келиңиз! – деп аптыга кучагын жайды. Ооруканага жатканы биринчи болуп учурашканы да, озунуп өпкөнү да ушул эле. – Сизди аябай сагындым. Мени чыгарганы жатышат. Алиаскар агай бүгүн эртең менен сизди сурады эле. Мага жолуксун деген. Азыр өзүндө олтурат. Кирсеңиз? Мени чыгарып кетем десеңиз?

Уулбү дал болуп туруп берди. Келинин кучагынан чыгарбай утуру көздөрүн тиктейт. Чөйчөгү толо көздөр. Адамдын миң түрдөнгөн сезими менен акылы мелт-калт көздөр… Тереңине шам жагылып, жылдыздай жымыңдаган сырдуу көздөр…

– Көрдүңбү Алийманы?! – Сыймыктангандай чыккан тааныш үн жалт каратты. Ак желегин желбегей жамынган, жылаңбаш Алиаскар жандарында жылмайып туруптур.

– Рахмат сизге! – деди Уулбү тамагы буулгандай шыбырап.

– Эмнеге «рахмат»? Биздин милдетибиз да. Алийма, сен эми палатаңа бара гой. Эжең менен сүйлөшөлү.

Кабинетке киришкенден кийин Уулбү кубанганынан оозуна башка сөз кирбей рахматын дагы кайталап айтты. Алиаскар анын ийиндеринен эки колдоп кармап өзүнө тартты да, бешенесинен өөп койду. Чоочуп оолактай барган аялды карылуу колдору чыгарган жок, анан жылуу илеби менен аптыга шыбырады:

– Менин да багым бар экен. келиниңдин айыгып кетишин төлгө кылгам… Сага ошон үчүн жолукпай жүрдүм. Төлгөм төп келгиче даабадым. Алийма ушул бойдон калса сен эч качан мага жоломок эмессиң! Мына эми сен меникисиң! Мына бул чеңгелден кутулам деп ойлобо! – деп алакандары менен ийнинен эркелете кысып койду. – Азыр сени машине менен таштаттырып коеюн. Калганын кечинде сүйлөшөлү. Буйруса наркы жумада келиниң ооруканадан чыгат. Ошол күнү биздин да тоюбуз болсун ээ?! Макулбу, алтыным? Бүгүн жумуштан чыгып эле сага барам. Көрүшкөнгө чейин, – эңкейе жүзүнөн кумарлуу сүйдү.

Уулбү машинеде келатканда анын эриндеринин жылуулугу кете элек жүзүн улам-улам сыйпалап коюп, эмне болуп кеткенин түзүктөп аңдай албай жатты. Алиаскардын анын макулдугусуз эле ишти чечип койгонуна ардангысы келди, барок ардана да албады. Ынабай коюга да кымындай ниети жок экен. Бир гана таң калаарлык бошошуп, денесинин да, ой-сезиминин да чарчагандан алсырап бүткөндүгүн азыр гана туюп, баш көтөрбөй узакка-узакка уктап алгысы келе талмоорсуп баратты.

Бирок, үйүнө жеткенде өзү жашаган бешинчи кабатка көпөлөктөй эле учуп чыккансыды. Өтүгүн да, пальтосун да чечпестен түз эле бала жаткан төр жакка өттү. Алдынан утурлаган кошуна аял «Чш, ойготосун», – деген ишааратына карабастан чөгөлөй олтура калып, баланын бетине үңүлдү эле, жылтыраган көздөрүн ачып– жуумп ойгоо экен. Колуна шак көтөрүп ала коюп, жаш аралаш сүйлөп да, өпкүлөп да жатты: «Ырысың бар экен, садагам! Апаң айыкты! Уктуңбу, апаңды айыктырып алдык! Ак жолтой бала болдуң!». Бала түшүнгөнсүп кейкеңдете доош кылып туруп, анан оозу жайыла күлүп берди. Бул анын биринчи күлүшү эле…

1987-жыл, Ош шаары

 

Word форматында китепти көөчүрүү

 

© Зинакан Пасаңова, 1997

 


Количество просмотров: 2397