Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Зинакан Пасаңова, 1997. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2011-жылдын 7-декабры

Зинакан ПАСАҢОВА

Көпүрө

Жыйнактан аңгеме

Бул жыйнакка аял темасында жазылган аңгемелер топтолгон. Аялдын энелик мээрим-кудурети, махабат сезими, сүйүүгө муктаждыгы аялдардын бейнелери аркылуу сүрөттөлөт.

Зинакан Пасаңова. Аял сыры. – Ош: 1997-ж. китебинен алынды.

 

Биздин кыштакта «илгери» деген сөз көп айтылат.

…Илгери мына бул үйлөрдүн ортолуктары өзүнчө бир жаткан талаа эле. Той-тобурларда кадимкидей улак чабылчу. Кудайга шүгүр, минтип эл көбөйүп өстү. Айыл ичинде, тооккана салгыдай укум жер жок. Бала-чака тоонун боорун жыра тартышып, үстүн түздөшүп, өз түндүгүн көтөрүштүн амалын издеп калышты. Эмкилер дегеле бышык ой. Дубал тургузула электен мурун тегерегин тосуп башташат экен чычкан өтпөгүдөй кылып. Коңшуңдун үйүнө ат чабым жерди айланып басып араң барчу болдук. Ошентип бара-бара каттоо деле жоголгудай.

…Илгери бирөөнүкүнө келген мейманды бүт айыл узатчубуз. Оокатыбыз деле чамалуу эле. Анда көңүл кенен экен. Тапкан-ташыганыбызды ортого салып бажырашып олтуруп эле жеп-ичип туруп кетчүбүз. Азыр барчылык заманда ата-бала «кел» дешпей баратат.

…Илгери жаштардын оюн-күлкүдөн башы чыкчу эмес. Отуздан ашканга чейин эле оокат эмне экенин билбеппиз. Эми болсо бетинен түгү түшө элек келиндер эринин үйүнө чемоданын кулптай келишет. Абысын–ажын болушуп, бир баштары кошулуп, эбирешип олтурушканын көрө албайсың.

…Илгери…

Күндүн мурду жылып, биздин үйдүн чыгышка караган узун айванына мемиреп тие баштагандан тартып этек – жеңин жыйынган коңур күзгө чейин чарпаябыздан кемпир-кесек үзүлбөй илгеркилерин сөз кылып олтурушат. Улуусу үч бүгүлүп кемшейген кемпир, арты коңгуроодой тармал чачтарын эми кыроо чалып, али үнүнүн шаңкылдагы, дидарынын нуру өчө элек аял – менин апам. Эки ооз кептеринин биринде «ай, жеңе… и-ий, келинди…» наз менен катырышып айтышып, азилдери оозунан түшпөйт. Колдорунда болсо ийик, жүн, же неберелери…

Беш-он жылдан кийин өзүм да булардын баарын «илгери-и..» деп арман кылып сүйлөөчү болдум. Айылга ар келген сайын жоолугун ээк алдынан бош таштап, демиге баскан апамдын артынан ээрчий улам бир үйгө кирип, кайтыш болгон энелеримди ыйлап жоктогон күндөр да келди.Чындап кейип ыйлоочумун. «Кой, койгула…» дешип кошок кошкон аялдарды токтотушуп, куран окула баштаганда али азасы чыгып бүгүлө элек боз үйлөрдүн кереге, ууктарынан ээсинин жылуу ырайын издеп көкүрөгүм муздай улутунам.

Бүгүн да машинеден түшүп, тээ төштүн этегиндеги үйүбүзгө жеткиче жол арбыбай, жалгызсырап бараттым. Мурдагыдай алдымдан тосуп чыккан чоң энелерим жок. Терезеден, каалганын жылчыгынан кызыксынып, шыкаалай коюшкан бирин-серин жеңе-желпилеримдин караанын көзүм чалат. Эшик алдында жаш балдар ойноп олтурушат. Алар мен айылдан кеткенден кийин төрөлүшкөн, бири-бирибизди тааныбайбыз. Оюндарын токтотушуп, саамга элейип тиктеп калышты. Өтө берээримде көөнүм түтпөй:

– Чоңойдуңарбы? – дейм.

Унчугушпайт. Артымдан «Ким? Ким?» деген шыбырлар угулат. Кудайга шүгүр, тааныган бирөө чыкты. «Бүбүкан эненин кызы».

Баягы чарпаяда апам экөөбүз маңдай-тескей олтуруп, көзүбүз тойбой тиктеше чайды узакка ичтик. Акыры чайга да, кепке да канганыбызда эми гана эстегендей шашып калды:

– Тур! Чоң апаңа барып учурашып кел!

Менин кыйыктана түшкөндөй түрүм апама жакпады. үнүн эми көтөрө чалып:

– Кой, балам. Барып сурап кой. Ал дагы бир мусаапыр. Мурдагыдай чуркап келер алы жок. Келиндин көзүн карап калган. Сени бир «Айнаш» дегенде он ирет «Айнаш» деп жалынып–жалбарып олтурат. Капа болот да келип кеткениңди укса.

– Жеңем үйүндөбү? – деп сурадым беймазаланып.

– Үйүндө болбогондо каякта дейсиң, – деди апам суз гана. Анан үшкүрүнүп койду. Шаардан көтөрө келген мөмө-жемиштерден тең бөлүп колума карматып, кайра – кайра дайындап жатты.

– Буларды чоң апаңдын өз колуна кармат. «Ооз тийип коюңуз мен апкелгендеримден» де. «Мына бул наватты өзүңүз бекитип алып, чайга салып ичип жүрүңүз» де.

– Болуптурчу, – деп күңкүлдөдүм мен жаш баладан бетер сөз үйрөткөнүнө арданып.

Апам көңүлү тынбай, же мага кайрып, сөз айта албай, буулугуп, эки үйдү бөлүп турган көпүрөгө чейин кошо басып келип калды.

Көпүрө десем буркан-шаркан түшкөн дарыяны, ага салынган узун көпүрөнү элестетип жүрбөңүздөр. Чоң апам менен биздин үйлөрүбүздүн аралыгы эки карыш келбейт. Ортодон бир кичинекей булак суу агып өтөт. Анын да аркы өйүзү чоң апамдарга, бери жагы бизге караштуу. Зоокадан агып түшкөн булактын суусу туптунук, түбүндөгү каралжын акак таштар бириндеп көрүнүп турат. Ичсе жайдын күнү да тиш какшатаарлык муздак. Булакка артылып жалпак тактайча атам замандан бери жатат. Чет жакасы чирип жемирейип, эки учу жерге батып көрүнбөй да калган. Чоңубуз да, балабыз да бир аттамдан чыкпаган суудан ошол көпүрө аркылуу өтөбүз.

Бала чагыбызда бул көпүрөнү күнүнө миң ирет таптап өтүп, чоң апамдыкына каттаар элек. Анда абамдын көзү тирүү. Эки үйдүн тиричилиги бир сыяктуу жашоочубуз. Айрыкча кышкы кечтерде бышык кыштан заңгыратып салынган ак үйүбүздү жерип, абамдын темир печкалуу жер тамына качабыз. Арча отун чарт-чурт эте гүүлдөп күйгөн сайын печканын ысык табы чеке тердетип, кыштын ажарын ачып турчу. Чоң апам каймакка биз жакшы көргөн майлама жасап, чокко кайнаган ысык чай менен ортого коет. Бизге бул үйдө жеген тамактын баары ширин көрүнчү.

– Ээ, кокуй, тамак көрүшпөгөнсүп менин балдарым кантет? – деп уялгансып бизди тыйган апама чоң апам таарына түшөт:

– «Бул үй, ал үй» деп бөлүнгөнүңдү койсоң?… Ушулар жесин деп жасадым да. Алгыла, айланайындарым…

Көпүрөдөн өтүп, ошол ыманы ысык жер тамдын ордуна тургузулган төрт канат ак үйгө жеткиче ушуларды ойлонуп жибердим.

– Апей, кыз, келиңиз! Келбей кеттиңиз го таптакыр эле? – деп ордунан тура калган жеңем, чоң апамдын жалгыз келини алдыма салганы төшөк ала жүгүрдү.

– Жакшына көйнөктөрдү өзүңүз эле кийе бербей, бизге дагы таап берсеңиз. Пулун ашыгы менен төлөйлү, – деди чай-пай койгондон кийин жаныма тизе бүгүп.

– Сага жарашмак беле мындай көйнөк, – деп койду баятан бери үндөбөй «Чалкан» окуп жаткан акебиз тили кычышкансып.

– И бечара, сага эмне жок! Сүйлөгөнүн кара, кыйратып койгонсуп!… – Эр болуп бир көйнөк алып бергенге жарабайсың дагы…

Себимде келген кийимдерим менен жүрөм эки бала туугуча! – итатайы тутулган жеңем буркан-шаркан түшө баштады. Акем эшикке чыга качып кутулду.

Алар «кой-айымды» угушпагандан кийин чоң апам жаткан бөлмөгө кирип кеттим. Келгенимде сурасам: «Уктап жатат» – дешкен эле. Ойгоо экен. Мени көрүп, жаздыктан башын араң үзүп, өйдө боло берди:

– Кимсиң? Айнашсыңбы? Айланайын, айланайын… – Алсыз үнү зорго эле чыгат. Сунган колдорумду көпкө жыттап, бешенемден өптү. – Жүрөсүңбү танисак? Келбей койдуң да тегеле? Бизди сагынбайт окшойсуң?

Алты ооз кеп айткыча алы куруп, дубалга жөлөндү. Каректери тойбогонсуп жүзүмө узакка кадалат.

– Ой, колуңуз эмне болгон? – деп чочуп кеттим канжалаган билегин көрүп. Сарыгып катып калган канын жууп да албаптыр.

Чоң апам биринчи жолу көрүп жаткансып, колун өйдө көтөрүп кайдигер карап койду.

– И-и, кудай алсын. Тиги келин баласын кан какшатып урганынан ортого түшөм деп, түртүп ийсе эшиктин кырына уруп алдым. Канча алым бар эле менин.

Колун таңып берейин деп чүпүрөк издей баштадым. Эски үйдөн калган-каткан буюмдар ушул бөлмөгө тыгылган экен. Ортодо бизди далай ысыткан темир печка турат. Көзгө тааныш сыры кеткен жыгач жабан да ушул жерде экен, үстүнө бирин-серин жууркан-төшөктөрүн жыйып коюшуптур.Жерге салынган ободо да мурдагы. Жабандын ичнен эскирээк ак оромол таап, чыканагына чейин ороп туруп таңып салдым. Ушул сүлпөтүндө чоң апам согуштун жарадары кейиптенип турду. Башында ак оромол, чет жакасынан чыккан сабдал чачтар да аппак,ак таңуу колдорун көкүрөгүнө бекем кысып алган. Күзгү коондой тордолгон кара-тору жүзүнөн эчак нур качып, молодой жансыз. «Чоң апаң жашында чырайлуу болуптур, – деп апамдан качандыр уккандарымды эстеп кеттим.-Басмачылар чыкканда корбашчысы иреңине кызыгып, аялдыкка зордук менен алган экен. Кийин колго түшкөндө атасы алып баса берет, бир жашар кызын туугандары талашып бербей коюшуптур. Арадан бир жыл өтпөй жаңы өкмөттөн башы азат болгон корбашы күйөөсү артынан келип колун сурайт, атасы ынабайт. Корбашы амалы түгөнүп, аттанып жөнөрүндө ушул чоң апам ээрчий басып топусуна жүзүн жашырып ыйлап жибериптир. Ошондо осол болгон ата-энеси кайрадан үйгө түшүрүп, салт-шаанисин кылышып,учкаштырып узатышыптыр.

Корбашы күйөөсү көп узабай эски жараты кабылдап кетип кайтыш болуп, жесир калганында менин абама алып беришкен экен жээк-жаттары. «Илгерки чырайынан какыйган түптүз бою эле калды бечаранын, – деген кеп-келечтерди көп укчумун. – Үстүнөн түшпөй минген неберелери да белин бүгө алышпады. Өзү да бир сатаң жүрөт, алигиче бетин күндө атыр самын менен жууйт имиш. Ак оромолун жаш келинден бетер ээк алдына салынып үлпүлдөп казан-аяк кармаганда жүдөбөгөнүн кантесиң. Кошокчулугун айтсаңыз. Каяктагы ырлардын баарын билет».

Ошол жалгыз башынан да «имиш-имиши» көп чоң апамды аянычтан жүрөгүм ооруп үндөбөй карап олтурдум. Ал анда-санда бир сүйлөп коет:

– Бурманы көрөсүңбү? Деги үйүнө барасыңбы?

Мен арсар баш ийкедим. Чоң апамдын жалгыз кызы Бурма эже экөөбүз бир калаада жашаганыбыз менен каттообуз кем.

– Ошентип жүргүлө, – деди жактыра.– Эки атанын балдарысыңар. Тууган бел болот алыста. Бул апаңда баспай койду бул үйгө. Эмне кылайын келиндин тили жаман. Пейил экен да. Ого таарынбай эле келе бербейби. Көрүп жүргөн адамыңды жоктойт экенсиң. Эстеп атам күнүгө.

Кетээримде колумдан дагы узакка жыттап турду:

– Дагы көрөмбү, көрбөймбү сени… Мен өлсөм Бурма эжеңдин жанына олтуруп ыйлагын, куппу? Жалгыз олтуруп калбасын. Кошокту мыктылап кош. Чоң апам ак сандыктын буту эле. Ак сандыктан бут кетти, ак канат үйдөн кут кетти де. Атаң кыйын ырчы эле, атаңды тарткандырсың.

– Өлбөңүзчү, чоң апа? – Көздөрүмө имерилген жашты зорго жашырдым.

– А-а, балам, дүйнөгө түркүк болгон ким бар. Бир келген мейманбыз да бул жарыкчылыкта.

Чыгып баратсам газдын оту өчүрүлүп. жеңем чүмкөнө тескери карап жатып алыптыр. Баш көтөрбөдү кайырлашсам да.

Ошол бойдон чоң апамдын көзүн көрбөй калдым. Ишим боюнча Москвада командировкала узакка жүрүп келсем чоң апамдын кыркын чыгарышып жатышкан экен. Боз үйдө тескери карап кошок кошуп отургандардын ичинен апамды издеп таап, кучакташып алып көпкө ыйлаштык. Бугубуз чыккандан кийин апам муңайып, улам көзүнө жаш алып айтып олтурду.

— Жакшы күндө өлдү чоң апаң. Жума күнү жайга коюшту. Начарлап калганда Оштогу кызы табыпка салчумун деп үйүнө алып кеткен. «Кой, козгобо?» – десек тил албады. Сөөгүн ошол жактан алып келишти. Тил ооздон калгыча эле мени издеп: «Бүбүкан? Бүбүкан келдиби?» деп сурай бериптир». Мени Бүбүкан сууга алсын, мына бул көйнөктү (апам үстүндөгү көгүш жибек көйнөктү көрсөтүп) бергиле. «Алакандай жери калгыча таштабай кийсин» деп дайындаптыр. Эстей жүрсүн деген го. Эстебей анан… Бир ныптам эңшерилип, мен эле оңкулдап жатам жоктоп. Экөөбүз ушунча жыл абысын-ажын болуп бир ажылдашкан жакпуз. Дарт-балээ дешпедик. Жеңе жеңе жолу менен сыйлашып жүрүп өттүк. Кайненем жок, алмадайымдан ушул жеңемдин колуна келгемин. Атаңдан канча улуу болсо да «кичине бала» деп алдынан кыя өтпөй ыйбоо кылып турчу. Атаң ыраматылык кыжыбалуу киши эле. Кээде жеңесине ачуусу менен бир тийчү. Ошондо да тике карап сөз кайрыбаган. Эски адамдар да. Мына эми «өлдү, өчтү» экен го. Аны билбей эле «сен, мен» дешет экенбиз пенделер…

Дагы бир жолу айылга келгенимде чай ичкенден кийин мурдагыдай шашып барып алын сурай турган эч кимим жок, чоң апамды эстеп ичим ачышып, үйү тарапты көздөй бастым. Сууга жеткенимде чочуп кеттим. Баягы көпүрөбүз көрүнбөйт, жыгачтын орду оңурайып, куниги чыгып турат. Шылдырап агып жаткан туптунук булак суусунун да куту уча түшүптүр. Башка чапкандай артыма кайрылып жөнөдүм.

– Көпүрөгө эмне болгон? – деп күйүп-бышып сурадым апамдан..

– А, балам, отун түгөнүп калгансып, тиги жеңең дандырына ичгей кылып жагып алыптыр. Айтып да жаман көрүндүм. «Ушул бир аттам сууга көпүрөнүн эмне кереги бар? Деги эле шумдугуңар кур экен!? – деп ыргыштайт. Не дейсиң анан. Чоң апаң болгондо кол тийгиздирмек эмес. Саарлап бетин жууй электе арык тазалоочу эле. Көрүп аткандыр сообун тиги дүйнөдө, – деди апам үшкүрүнүп.

Кийин-соңгу бала-чака көп эле аракет кылышып, колго тийген устунбу, тактайбы сууга арта салып жүрүштү, токтободу. Бош жаткан жыгачты ары-бери өткөн адамдар көтөрө кетип калышат. Акыры тажаштыбы тим коюшту. Ошондон бери эки үй көпүрөсүз калдык.

…«Илгери» деген сөз ушинтип жаралат экен.

1989-жыл, Ош шаары

 

Word форматында китепти көөчүрүү

 

© Зинакан Пасаңова, 1997

 


Количество просмотров: 1971