Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Зинакан Пасаңова, 1997. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2011-жылдын 7-декабры

Зинакан ПАСАҢОВА

Төрткөз

Жыйнактан аңгеме

Бул жыйнакка аял темасында жазылган аңгемелер топтолгон. Аялдын энелик мээрим-кудурети, махабат сезими, сүйүүгө муктаждыгы аялдардын бейнелери аркылуу сүрөттөлөт.

Зинакан Пасаңова. Аял сыры. – Ош: 1997-ж. китебинен алынды.

 

(1990-жылдагы Ош окуясына арнайм)

Атам замандан бери эле бул жер «Он адыр» деп аталып келиптир. Тарам-тарам майда адырлар. Күн батыш тарабында чоң калаа күжүлдөп, чыгыштан ак карлуу жашыл тоолор курчап, капталдап көк ирим дарыя күрпүлдөп агып өтөт. Адырлардын бар болгон жазыгы ошол дарыядан эки аркан бою бийикте жайгашып калгандыгы.

Жолдор түшүп, адырдын эли сайдан насос менен бүрктүрүлүп чыккан сууга карк болушканда көп көчөлөрдүн бириндеги алакандай бош калган жерге дагы бир жаңы коңшу азын-оолак жүгү менен келип түштү.

Бул жерди ээлеген өзбек маала үчүн көчүп келгендердин кыргыздар экендиги бир топ жаңылык болду. «Жаш немелер тура, бечаралар», – дешти жакын арадагылар биринчи бүтүмүн чыгарышып. Бул сөздүн аркасында: «Кантип оокат кылышар экен?» деген күмөнсүрөө баш баккансыйт. О жок, үйдүн ээси жаш жигит түзүк эле камбыл экен, балка-тешесин тыкылдатып жатып кечке жуук утурумдук баш калкалаар секиче жасап бүтүп койду.

Ошол түнү жаш жубайлар түнөгөн секиченин бир ныптасын жолбун ит башпааналап алыптыр. Аны таң азандан ойгонуп тиричиликке киришкен жигит көрө койду. Адегенде сабдалы чыгып ичи кынжыйган, көздөрү тикенектей заардуу бул иттен чочулашып, тап берип кубалай башташты. Айбат кылбастан куйругун кыпчый кыңшылап, жаткан ордунан копшолумуш болгону менен качаар түрү жок. Арып-азып, козголор деле дарманы калбаптыр. Ал чумкуй кара келип, эки көзүнүн үстүндө тептегерек агы бар экен. Көздөрү ачылып жумулганда ошол актар да кошо кыймылдап, кош кат көзгө окшоп кетет. Мындай иттерди «Төрт көз» деп аташчу.

Шашке ченде келин идиштеги жугундуну обочо жерге төгүп коюп кирип кетти эле ит жалап-жуктап баса калды. Тилине илинген бир-эки бүдүр кырмычык жумуруна жук болмок түгүл кайра араанын ачып ийгенсиди. Эсин эңги-деңги кылган ачкачылык кооптонгонун жеңип, эшик жакка ык сала жетип барды. Ичкериден колуна нан кармаган үйдүн баласы оро-пара чыгып келаткан экен. Ит ай-буйга келбей нанды илип кетти. Чоочуй түшкөн баланын ыйлаганга да чамасы келген жок. Эмшеңдеп баратып иттин нанды кантип жан талашып жатып-тура калып сугунуп ийгенин көргөндө алаксый түштү. Тамактын даамын алган ачка ит жеп бүткөндөн кийин баладан дагы үмүт кылгансып чуркап келип, тыяк-быягына бир чыгып шыйпаңдап, жан алы калбай жатты. Бала да анын суранычын түшүнгөнсүдү. Үйгө кирип алакандай нанды көтөрүп чыкты да, өзүнөн алыс ыргытты. Ит эми олжосун кызгангандай ары жакка алып кетти. Жерге боортоктоп жатып алып жей баштады. Жайнаган үйлөрдүн ичинен эмнегедир ушул аманат тургузулган секичени ылым санап башын тыккан жолбун ит ушинтип туз-даам татты.

Аз күн өтпөй эле даакысы түшүп, териси жылтылдап, көзгө толумдуу тарткан ал өзүн ушул жердик сезип калды. Көздөрүндөгү заар да эрип, сокур берилгендик пайда болду. Кожоюндары эшик-эликте басып жүрүшкөндө шыйпаңдап эркелеп, бура бастырбайт. Ичкен ашын актайм дейби, үйдүн жака-белине чочун бирөөлөрдү жакындата койбой үрүп, сес кылганычы.

Кеч күздүн ак жааны башталган күнү Төрткөздүн ээлери жаңы салынган үйгө көчүп киришти. Алар жай бою жайланышкан секиченин ичине итти жаандан корголотушуп байламакчы болушту эле, Төрткөз баш бакпай кетенчиктейт. Ал пир туткан адамдар менен ыманы ысык бала жашоочу бул жер ал үчүн ыйыктыгын али жогото элек эле. Күндөгү ордуна секиченин түбүнө келип жаткандан кийин бүгүн ага бир нерсе жетишпей жатканын туйгансыды. Караңгы жана жымжырт секичеден тааныш жыт дагы эле уруп турганы менен кожоюндардын кобур-собурлары, баланын чыргоолонгон ыйы, наристе күлкүсү угулбай калган экен. Ошол коошарды жоктоп, муздак жамгырдын шапатасы урган ай талаада жалгыз калгансып, коңултуктап тынчы кете баштады. Жашылданган кусалуу көздөрүн жаңы үйдүн жарык күйүп турган чоң-чоң терезелеринен албайт. Бирок, аны эстеген эч ким жок. Күндөгү жугундуну да беришпеди. Эшик ачылса эле үмүт кылып чуркап барат. Кимиси болсо да мээрим тилеп, ээнсиреген сезимин таркаткысы келет. Жаңы үйдүн кубанычына алаксыган үй ээлери ага көңүл бурганга чамалары жок. А түгүл буттарына оролуша бергенинен итере тээп, какыс-кукус кылып да коюшту.

Бир оокумда терезелердин жарыгы өчтү. Ит эми жакшылыктан түңүлүп, жата турган жерине илээлей басып келди.Чаба жааган жамгыр чолоо жер калтырбай көл-шал суу кылып жибериптир. Бооруна өткөн сыздан, бир чети ачкачылыктан дирилдеп, түпкүчтөй ийиле жата кетти. Жай кургакчыл келгендиктен жамгырдын үнүн да көпкө чейин укпай, жатсырай түшүптүр. Үйдүн чатырчасына, айнектерге, жерге шатырата төгүлгөн тамчылардын добушу аны дүрбөлөңгө салып, шаштын алат.

Түн болсо узаргандан узарды…

Ушул күндөн баштап анын кадыресе иттик турмушу башталды. Көп узабай секиче бузулганда үй жанындагы кичинекей топурак дөбөчөнүн боорун оюп, Төрткөз кең– кесири батаарлык уя жасап беришкен. Каппаса да сүрүнөн сестенген коңшу-колоңдор даап келе алышпай, айтып жүрүшүп, байлатып тынышты. Ага көнбөй кыжырланган Төрткөз өзүн байлап, тушаган чынжырды кажылап, эми чындап айбаты чыкты. Байланган иттин көздөрү да кекчил болуп калат экен. Жат бирөөнүн жытын алса эле, ызырына баштоочу болду. Андан жазганбаган бир гана үйдүн баласы. Апасы жазып-тайып алаксый түшсө эле итке шып жетип келет. Төрткөз да аны көргөндө жумшарып, ыгына көнүп, ою менен болот. Коркуу али оюна келе элек наристе иттин кулактарынан чойгулап аткан, башы-көзүнөн жулмалап аткан. Көп эле уйпалап жүдөтүп жиберсе акырын жылып уясына кирип кетет. Бир жолу баланы уяга кошо тыгылып кирген боюнча уктап калган жеринен табышкан. Жакшы дагы буттарынын учу чыгып калыптыр. Ошондон кийин баланы «Төрткөздүн уялашы» деп эркелетип жүрүштү.

Төрткөз менен ээлеринин нукка түшүп келаткан турмушун бузган кооголаңга чейин бир күз, бир кыш, бир жаз өттү. Түштүктүн саратаны куйкалаган жай жаңыдан башталган эле. Ошол күнү түш оой күндүн ырайык капыстан бузулду. Апталап ачык турган асманды кайдан-жайдандыр удургуп келген сур булуттар чүмкөп калды. Иттин жөндөн-жөн эле тынчы кетти. Чоң жолдон ары-бери өткөндөрдү матап тиктеп, сактангандай кулактарын тикчийтет. Көчөнүн түрү да бүгүн комсоо.

Бул маалда мааланы баштарына кийип ойноочу бала-бакыранын аягы тыйылып, сомодой болгон эркектердин караандары көбөйө түшүптүр. Алар ар үйгө кирип-чыгышып, улам бир тобунун баштары кошула калып, алда неге кандарын кызыта үрпөңдөшөт. Бир-экөөсүнүн колдорунда таяк да жүрөт. Жолбун чагында токмокту көп жегендиктенби, Төрт көз союл көрсө эле жаны чыгып, айыгыша баштоочу. Азыр да ичип-жеп үрүп, бар жинин чынжырга чыгара кажылап, айласын таппай атты.

Үй ээлери да иштен келчү маалдан кечигишти. Кечке жуук өчкөн оттун күлү сымал карамтыл оор булуттар жүрөктү ансайын куушуруп жерге жакындап кирип келгенсиди. Топурак жаагандай боз түшөт. Жылаңач адыр ансайын босурайып куниги чыгып кетиптир. Ылдыйтан соккон шамал көчөнүн чаңын ызгытып айдап келип чачып өттү.

Түн кирди. Бир да үйдө жарык күйгөн жок. Караңгылыкта эркектердин кобуру, тамекинин жылтылдаган чоктору, ары-бери баскан адамдардын шарпасы көбөйдү. Калаа тараптан бир жеңил машине акырын жылып келип, андан чыккан кишини баары ороп калышты. Көпкө чейин күдүң-күдүң сүйлөшүштү. Машине кайра кеткенден кийин опур-топур ансайын күч алды. Көчөнүн эли эми кайдадыр сүрүлүп кетип жаткансыды. Ошол маалда өпкө-жүрөктү куушурган оор булуттар буулугуп туруп күч менен жарылды эле, жер солк эте түштү. Эми күндүн күркүрөгөнү не көктөн, не жердин түпкүрүнөн чыкканы билинбей, кулакты тундуруп, эбегейсиз чоң-чоң чагылгандар биринин-артынан бири жаркылдап, алай-дүлөй башталды. Табигат жанын сабап бууракандаган менен бир тамчы да жаш төгө албай ансайын урунуп– беринет. Куюндаган шамал өйдө-төмөн жапырылып, үйлөргө боюн урат. Тамдардын чатырчаларынан учуп түшкөн шиферлер, терезелердин айнектери шарактап, сынып, ансайын үрөйдү учурат. Эси чыккан Төрткөз уясына дароо кире качкан. Ызылдаган алаамат добуш иттин уясына кирип келчүдөй кайпып өтүп, жүрөктүн үшүн алып жатты.

Таңга маал гана алай-дүлөй түшкөн кургак бороон кандай капилет башталса, ошондой капыстан тып басылып, кулак-мурунду кескендей жымжырт боло түштү. Коркунучтан алсыраган Төрткөз уясынан акырын жылып чыкты. Асманды жылчыксыз каптаган бүркөө булуттар дагы эле таркай элек экен. Керилип– чоюлуп боюн жазып, аш-аягына баш салса купкурук. Үйдүн эшигинен көзү өтүп кетти. Бул учурда келин анын бир күндүк азыгын аягына салып коюп, ыманы ысык баласын көтөрө ишке жөнөмөк. Төрткөз алардын иштен кайтаар убагын да билчү. Эң оболу бала жетелеп ушул келин көрүнөт. Алардын келишин күтө берип чый-пыйы чыккан ит утурлай чуркап барып, үйгө жеткиче алдыларына түшкөн бойдон тоңкочок атып, же боору менен жыла шайпаңдап, жетине албаганын билдирчү.

Бүгүн ошол үй түн түшүп ээнсиреп, Төрткөздүн кутун учура баштады. Эшик ачылбай турганына көзү жеткенден кийин, аргасы куруй жолду беттей жата кетти. Түндөгү долу шамал уйпалаган көчө жүдөңкү тартып көзгө суук көрүнүп калыптыр. Чыңк эткен бала-чаканын үнү угулбайт. Бул кезге чейин көчө толо болуп жамырап кетишеээр эле. Сиркеси суу көтөрбөй турган иттин кыжырын козгоп, чаарала топу кийишкен эркектер дүрбөп, ары-бери өтүшөт. Үндөрү да ачуулуу. Бир-экөөсүнө ырылдап берди эле, тигилер токтой калышып, аны таш бараңга алышты. Заары чыгып кызарып кеткен көздөрдү жакындан көрдү Төрткөз. Денесине тийген таш-кесектердин уусуна чыдабай каңкылдаган бойдон уясына кире качты. Шыйрагынан сызылып, кан жайыла бериптир. Кан жалаган, ооруган жерлерин жалап коюп, эми эч кимдин көзүнө көрүнгүсү келбей жылбай жатты. Уянын оозунан көчөнүн бир тарабы көрүнүп турчу. Ит көздөрүн ачып-жумуп кез-кез ошол жакка сарасап салып коет. Жол бойлоп тикесинен тик турушкан, же кыдырекей тизилип олтуруп алышкан адамдар жүрөгүн сезгентип шойкомдуу көрүнөт.

Төрт көздү жаткан жеринен чуу козгоду. Жоон топ кишилер, арасында чоң-кичинеси аралаш балдар да жүрүшөт, үйгө чукулдап кирип келишиптир. Үй кайтарчу экендигин билгизип ит баскынчылардын астын торой атырылып үрүп чыкты. Селдей урунуп-беринип келаткан аламан топ туурадан чыккан бул күтүүсүз каршылыкка сестене түшкөнсүдү. Басыктары жайлап, кетенчиктегендери да болду. Бул көз ирмемдик беттешүүнү топ алдындагы өңү күн көрбөгөндөй кумсарган боз жигиттин ызырынган үнү жиреп кетти:

– Ургула, кыргыздын итин!.

Ай-буй дегиче Төрткөз тепкинин астында калды. Уккан жандын чучугуна жеткидей каңкылдап, келтектен качып туш келди аласалып, жандалбастаганы азга гана созулду. Күч келгенде мойнундагы чынжыр да үзүлүп кетиптир. Бирок, ит бошонгонун сезүүгө үлгүргөн жок. Башына тийген союлдан көздөрүнөн от чагылып үнү тып өчтү. Аламан буту-колу созулуп, сулк жатып калган итти тебелеп-тепсеп, андан ары өтүп кетишти. Тез эле үйдүн да кейпи кете баштады. Бачырап сынган айнектерден кулак тунат. Бир маалда дарбаза да күрс жыгылды. Жээлигип кетишкен адамдар үйгө жабалакташып, колу жеткенди сындырып, талкалап киришти…

Анда-санда дирт каккан Төрт көз бир кыйла эсине келе түштү. Коргошун куюп койгондой зылдай оордошкон башы тумандап барып, бүл-бүл жарык көрүндү. Акыркы жолу карегинде калган калың караандын ызы-чуусу аны агыны катуу ташкан суудай агызып, кайдадыр сүрүп алып бараткансыйт. Жарык дүйнө айнектердей шагырап сынып, астын-үстүн болуп урап, өзүн түм түшүрө көөмп калгансыйт. Ит кайрадан эстен танып бараткан…

 

Төрт көздүн ээси – аялдын монологу

…Ошол тополоң башталган күнү өз үйүбүздөн жылан чыккансып качып кеткен боюнча кайрылып барганыбыз жок. Үй-мүлкүмдүн талоонго түшкөнү, Төрткөздүн тагдыры жөнүндө да апамдан уктум.

Бизден кабар эшитпей дардисар болгон апам Ошко жол ачылар менен Аравандан келип, түз эле он адырга чыгып барат. үйүбүзгө ат чабым калганда Төрт көз утурлап келиптир. «Санын сүйрөп араң басып калыптыр. Оңор эмес келтек жеген окшойт. Терисинде жумгалакташып каткан каны менен жүрөт», – деди апам.

Ити ушунчалык болуптур, өздөрү соо калмак беле деп бизден эчак күдөрүн үзүп коюптур. Үйгө кантип жеткенине өзү да кийин айраң болот. Сынган терезе-эшиктерди, ишпалдасы чыккан тамды көрүп, көөнү азып кетиптир. О кыйлада эсине келсе тыяк-быягына бир чыгып кыңшылап Төрткөз жүрөт имиш. Адам жаны ачышканда баатыр болуп кетет окшойт. Өмүрү пенде көөнүн оорутпаган апам колуна тийген жыгачты көтөрүп, коңшу өзбек кишиникине кирип барыптыр. Эшик ачкан үйдөн эркегин качырып сала берет:

– Таап бер менин кызымды, таап бер! Канакей, менин чолпондой болгон кызым, кайсыл жерге тыктыңар?! Жерден чукуп болсо да табасыңар! Тап!

Жайчылыкта апамдын үйүбүзгө келип-кетип жүргөнүн көзү чалып калган коңшу дароо таанып, силкине минтет:

– Э, туруң нары! Өлө турган катын экенсиз тирүү кызыңызды док кылып,Эри, баласы менен чыгып кетишкен шаарга. Барың,ошояктан издең!

Бул сөзгө ишенип ишенбеген апам бечара эми биздин үйдүн айванына олтуруп алып ботодой боздоп ыйлаптыр: «Канча жыл батирде жүрүшүп үйгө зорго жетинди эле. Минтип мээнеттерин талаага чачкыдай кудайдын курутун уурдашыптырбы?! Балдарымдын убалы үй бузарларга жетсин! Көз жашым уктатпасын!»

Анын зарын уккан бир гана Төрткөз болуптур. Бет маңдайына чочоюп олтуруп алып, көздөрүн нымдап, өзү да арыз-арманын айткансып, көмөкөйүнөн кыңкыс үн чыгарып кайгы тартып жатты дейт. Апам ыйлап-сыктап алып эмнеси калды, эмнеси жок деп үйгө кирет. Колго илинер эч нерсе таппай чыгып келатса Төрткөз босогодон ары өтпөй эшик алдында калган боюнча туруптур. Ошондо баамдаптыр апам иттин бир апта бою талаадай аңырайып ачык турган үйгө баш бакпаганын. Ачкалыктан ичи кынжыйып, үзүлөйүн деп калса да казанга баш салбай ыйбоо кылыптыр. Оозгу үйдө тамак-аштар көрүнөө жерде эле төгүлүп-чачылып жатат имиш. Дегеле ит, мышыкты көп сүйүңкүрө бербеген апамдын көзүнө Төрткөз бир башкача көрүнүптүр. Анысы аз келгенсип аялдамага чейин ээрчип келип, автобуска түшүп кетсе чебелектеп издеп калганын алигиче түтөп айтып калат, бусурманым.

Биз бул учурда качкындарда берилген жатаканада жашап жатканбыз. Ар эшикти түрткүлөп жүрүп экинчи күнү араң тааптыр бизди апам. Тушунан чыга калган мени көргөндө алы куругандай жерге олтура кетти. Көпкө чейин сөзгө келе алган жок. Тили күрмөлгөндө айтканы бул болду: «Бала болбой калгыла! «Биз тирүүбүз», – деп тилгирамма уруп койбойсуңарбы? – Он жылдык өмүрүмдү жедиңер!».

Ошол кечте апамдын Төрткөз жөнүндө кобураганы кулагыма деле кирген эмес жаным ачышып турганымда. Арадан дагы апта өткөрүп күйөөм Он адырга барып келди. бул сапар талкаланган үй-жайга эмес итке ичи оорунуп олтура албай калды.

Төрт көз дагы эле эшик кайтарып жүргөн имиш. «Таанылгыс болуп азыптыр, териси эле калыптыр сөөгүндө» – дейт. Ала кетейин десе кайда алып барат. Өзүбүз зорго утурумдук баш калкалап турсак жатаканада.

Көп узабай айылга көчүп кеттик. Жыл аралатып келишкен ак канат үй салдык, кем карчыбыз да бүтөлдү. Көңүлдөгү жараат да эскирип барат. Бирок, Төрт көздү унута албадым. Эстесем эле ичим күйөт. Биздин кайрылып келишибизди күндөп-түндөп күткөн жакын кишимдин ишеничин аттап кеткенсип бетим кароолонот. Тообо, дейм, итке да ушунчалык илинем деп ким ойлосун. Мүмкүн, аялдык сезимимдин боштугунандыр. Тирүү калса кандай үйдүн ирегесинде жүрөт экен деп санаам санга бөлүнөт. Өзбектикиндеби, же кыргыздыкындабы? Айбандардын улуту болбойт эмеспи. Аш ичкен үйү береке-пайиздүү, жылуу ырайы болсо болду да аларга. Кандай күнгө туш болду? Качан түңүлдүң бизден? Сен ыйык көрүп босогосун аттабай кутун сактаган үйдүн терезелеринен кийин чоочун жарык күйгөндөбү? Ал жарыкты күйгүзүшкөн үйдүн жаңы тургундары сени жолотпой кубалашкандыр? Кайрадан жолбун аттанып, дейдиленип кеттиңби? Же иттердин таламайына кабылып, тарпың чыктыбы? Жок, ага ыраа көрбөйм. Ылайым казаны оттон түшпөгөн нарктуу үй-бүлөгө туш болсоң экен. Ыманы ысык балдар сага колдорунан токочун жулдуруп турушсун. Аялдын камкор назик колдору сенин ит аягыңа азык салууну унутпасын. Короочулугуңду билдирип кээде ыгы жок эле корсулдап үрүп калганыңда эркектин кайраттуу үнү сени эркелетип тыйып койсун. Ошонун баары сенин кадыресе турмушуң эмес беле, Төрткөз. Ал эми бизди кечиргин? Көңүлүмдүн тереңинде сага болгон ыраазычылык дайыма жашап келет.

1991-жыл, Ош шаары

 

Word форматында китепти көөчүрүү

 

© Зинакан Пасаңова, 1997

 


Количество просмотров: 1776