Главная / Поэзия / Котормолор / Адабий мурас
© Кыргызчага Алыкул Осмонов которгон
© «Алыкул үйү – борбору», 2010
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2011-жылдын 21-декабры
Жолборс терисин кийген баатыр
Алыкул Осмоновдун эркин котормосу
Аты-жөнун китепке жаздырбастан Алыкулдун анык куйөрманы катары «Жолборс терисин кийген баатырдын» XXI кылымдагы алгачкы басы-лышына каржылык жактан көмөк көрсөткөн кыргыздын жөнөкөй атуулуна окурман журтунан рахмат айтуу парзыбыз. Бул ишти Өкмөт, КР маданият министрлиги же байлыгы молдор жасаганга жарабады эле.
Шота Руставели. Жолборс терисин кийген баатыр: Поэма /Котор. А. Осмонов. Басууга даярдаган, баш сөзүн жазган П. Казыбаев. – 7-басылышы. – Б.: Бийиктик, 2010. – 336 б. китебинен алынды
УДК 821.35
ББК 84 Р 7-5
Р – 89
ISBN 978-9967-13-703-5
Р – 4702170202-10
Которгон Алыкул Осмонов.
6-басылышы 1982-жылы чыккан.
Шота аба, чын достуктун эң кымбаты,
Эр үчүн керек жерде ак кызматы.
Жөнөй бер, дагы сонун жерге алпарат,
Алдагы мен берген ат – кыргыз аты.
Жок күтпөйм, алдын ала айтпа рахмат,
Өзүң көр, өзүң өлчө таразалап.
Арманым – ошол сүйүү бул күнгө да,
Кайрадан жаралсачы атаганат!
Алыкул. 3.12.1944
Койсары
«ЖОЛБОРС ТЕРИСИН КИЙГЕН БААТЫР» БАЯНЫ
Дасыккан адабиятчылар менен таланттуу котормочулардын далай сынынан, алтымыш беш миң окурман баамынан өткөн жана көптөгөн калемгерлердин сөз өнөрүн өркүндөтүүсүнө өбөлгө түзгөн Шота Руставелинин айтылуу дастаны Алыкул Осмоновдун эркин котормосунда 70 жыл ичинде алты ирет басылганы адабияттагы өзгөчө көрүнүш. Анткени түп нускадагы эң мыкты чыгармалар деле кайра-кайра китеп түрүндө чыгарылышы чанда кездешет.
Алыкул айтылуу котормосун 1938-жылы май айында баштап, 1939-жылдын апрелинде бүтүрсө, ошол эле жыл-дын 15-ноябрында латын арибинде терүүгө берилип, Казан шаарындагы Татполиграфта 23 басма табак көлөмүндө, 10 миң 90 нуска эсебинде, Кыргызмамбастын грифи менен китеп болуп чыккан. «Кыргызстан мамлекет басмасы» деп айланта жазылган жазуу, ичинде чыгып келаткан күн, тоолор жана алчактаган ат минип турган ак калпакчан кишинин сүрөтү, сол жагы бадырайган буудай башы, оң жагы куш канаты иймекей тарта курчап турган айлампа текче үстүндөгү китеп мукабасы менен бир бүтүндүккө ши-релишип, энтамгалык таасирге жетип турат.
Басууга кол коюлган күнү — 1940-жылдын 11-марты. Ар бир басма табагында 48 миң 400 тамга боюнча жазылганын алсак, китеп 1113200 тамгадан турат. Ал эми азыркы эреже боюнча бир басма табак дегенибизде 40000 тамга бар. Бирок бул сан китептин чоң, кичине форматына, көлөмүнө, сүрөттөрүнүн санына карата да өзгөрүп кетерин эске алуу шарт.
Биринчи басылышына жооптуу редактор А. Осмонов өзү, жооптуу корректорлор Б. Ысмайылов, Ж. Солтобаев, чыгышына жооптуу Ж. Жоробаев, техникалык редактору Н. Гайфуллин болушкан.
Котормонун экинчи басылышы 1950-жылы 20-июлда терүүгө берилип, ошол эле жылдын 21-ноябрында басууга кол коюлган. Көлөмү 16 басма табак, нускасы 5090. Котормонун редактору Т. Сыдыкбеков болгон. Бул китеп 1951-жылы жарык көрөт. Демек, 1, 2 — басылыштарына котормочу А. Осмонов автор жана редактор катары катышы бардыгын, бирок ден соолугуна байланыштуу экинчисине канчалык деңгээлде катышкандыгын адабий тарыхга эске алыш зарыл.
1956-жылы «Кыргызстан» басмасында Ш. Абдылдаев-дин редакторлугу менен 10 миң нускада, 16 басма табак көлөмүндө чыгарылган. 16-июлда терүүгө берилип, 12-октябрда басууга кол коюлган.
1975-жылы 19-ноябрда терүүгө, 1976-жылы 19-январда басууга кол коюлуп, чыгышына жооптуу А. Исакова болгон басылма 16 басма табак көлөмүндө 20 миң нуска менен «Мектеп» басмасынан жарык көргөн.
Акыркы алтынчы басылышы 1982-жылы ушул эле бас-мадан Э. Үсөновдун жооптуулугу менен 15 миң нускада (300 бет), 16 басма табак көлөмүндө чыгарылган.
Биринчи жана алтынчы басылыштардын көлөм боюнча айырмасы 7 басма табак экени эмнеде? Башта эскертил-гендей китептин форматына жараша болгон. Мисалы, 1940-жылдагысы 60x90 1/16, калгандары негизинен 84x108 1/32 форматта. Булар техникалык жагы деп коёлу.
Ал эми жалпы саны 65 миң 180 нусканы түзгөн ко-тормо чыгарманын маани-маңызы кандай өзгөртүүлөргө, алымча-кошумчаларга кез келгени адабият айдыңында көңүлгө алынбаганы текстология илиминин кемтигидир.
АЛЫКУЛДУН АЛГЫ СӨЗ
Котормочу катары өз оюн билдиргени, китептин аван-титулунда: «Кыргызчалаштырылып эркин которгон Алыкул Осмонов», — деп жазылгандын чоо-жайын түшүндүргөн, эркин кетип калышына мисал келтирген чакан кириш сөзү латын арибиндеги 1940-жылдагы алгачкы басылмада берилген.
Окурман кызыкчылыгын көздөө менен акындын ошол сөзүн толугу менен жарыялоону эп көрдүк.
Улуу акындын чыгармачылык жолун жана ким экен-дигин толкутуп жазуу кыйын, төмөнкүчө гана бир-эки ооз сөз жазууну ылайык таптым. «Жолборс терисин кийген баатыр» (Vерхiс Тgаоsаni) грузин элинин сүйүктүү ыры 750 жылдан бери ооздон оозго айтылып, элдин жүрөгүндө сакталып келди. Ашыглыктын, досчулуктун, баатырчылыктын поэмасы грузия элине кайда жүрсө да (согуштарда, дыйкандар арасында, жумуш маалында, үйлөнүүдө, кайгыруу-шаттанууда ) макал катары колдонулат.
Жакында болуп өткөн акындын юбилейинен кийин бир тууган улут республикалар да өз тилдерине которууга киришти, ошонун бири биздин кыргыз жазуучулар да айрым главаларын которуп, элге тааныштырышты.
Мен үч жылдык ишимде ушул поэманы толугу менен которуу максатын коюп, акыры ишке ашырдым. Котормо эң эркин которулду, маселен, сиздерге төмөнкүнү жазып окутуп көрөйүн.
Орусчасында:
Уж забыл я ликованье, арф и звонких лир бряцанье,
И свирели напеванье, той, чье имя нежно най.
Так в печали безответной вянет пламень розоцветной,
Но в сердечной мгле заветной молвил он «не унывай».
Котормодо:
Коңур үндүү арфа күүсүн сагындым,
Үнүн кошуп ыр ырдаган жарымдын.
Жаш тегүшкен ошол салкын түндөгү —
Жароокерлүү шерттеринин бардыгын;
Чыда жаным, болот канжар кессе да
Түбү келип сары алтын дейт – сабырдын.
Орусчасы менен кыргызчасынын ортосунда чоң айырма (расхождение) бар, бирок ошондой болсо да мааниси өзгөрбөй сакталат. Поэманын эң бөтөнчөлүгү, афоризм байлыгын сактоого да тырыштым. Ачык айтканда, көп жерлеринде маанисин алып туруп, өзүмчө кетип калган учурлар да бар. Мындан аркы котормочулар мындай кемчиликтерден арылуулары шексиз.
Ардактуу окуучулардан, өздөрү тарабынан сезилген кемчиликтерди мага жазууларын сурайм, мындан аркы басылуулар сайын оңдой берүүгө даярмын.
Шота Руставели жөнүндө жетиштүү башкы сөз жазууга мүмкүндүк болгон жок, ал тууралуу жазылган сын материалдары менен тийиштүү китепканалардан таап алып, таанышып чыгууңуздарды сурайбыз. (1940-жыл. 5–6-беттер).
«Миң уккандан бир көргөн» дегендей эле улуу, таза, нукура жана ыйбаа махабат жөнүндөгү бул дастанга сю-жеттик сүрөттөр да ар кыл түстө, ыкмада тартылган. Бала кезде окуганда элестеткен элестер менен айрым үй чатыр-ларын кооздоп турган сүрөттөрү (көбүнчө, Тариэл менен жолборстун кармашып жатканы) гана болбосо, бул алты ирет чыгарылган котормо-чыгарманы көркөмдөп сүрөт тартканга кыргыз китебинин художниктери чыгынбашында не себеп. Балким, эмки китеп художниктери жаңы түстөгү сүрөттөрдү жаратып, Шота менен Алыкулдун каарман элестерин Ала-Тоо арасына аралатар.
Айтмакчы, Алыкул менен Шотанын кыргыз кыйырын аралай чаап баратканын чагылдырган графикалык эмгек кинорежиссер жана художник С. Ишеновго таандык.
Мына ушул себептерден улам, алты ирет басылган китептин төртөө мурдагы эле иллюстрациялар менен толук-талган. Алардын авторлору советтик жана ага чейинки мезгилде жашаган башка эл өкүлдөрү. 1976, 1982-жылдардагы басылышында иллюстрация түгүл, аван-титулунда Шота Руставелинин сүрөтү да жок. Мукабалары деле эч айырмасыз.
Негизинен Н. Заболоцкийдин 1984-жылы «Художественная литература» басмасынан чыгарылган орусча котормосу колдонулду.
Текстологиялык, редакциялык алымча-кошумчалар менен иштөөдө 1940-жылдагы басылманын негизиндеги оңдоолор (жылдызча) менен белгиленди.
Памирбек Казыбаев
БЕТ АЧАР
Аааламды алдуу кылып жаратканым,
Баарына энчи бөлүп жашагандын,
Асмандан жердегиге кубат берип,
Дүйнөнүн жарыкчылык жыргалдарын
Бир гана адамзатка жазып койгон,
Бийлигин өкүм кылып падышанын.
Ар жанга өз насибин жазган алла,
Жалгай көр, мени азгырбай шайтандарга!
Бактысыз мажнундардын жалынын чач,
Жанайын чын ашыктык оту алдында.
Күйгүзгүн, сүйүүдөгү күнөөмдү кеч,
Өзүңдүн, ак барайын сурагыңа.
Баатырды, жаасын тарткан Тамаранын
Көркүнө күнүн баскан ай-ааламдын;
Мен билем ырга кошуп айтпай турган,
Берсе да айыптуулук жазаларын?
Кумары ыракаттын шондо канат,
Салтанат салтын ачсаң кыраандардың.
Ырдайлы Тамар-шааны күч жеткенче,
Көл кылып көздүн жашын алда нече.
Сайрагам түрлөндүрүп ыр жолдорун
Жарашат мактаганды мактай берсе!
Сымбаты, көз жаңылткан сонун көркү,
Эрге даңк, эбин таап келиштирсе.
Ал үчүн эң сылык сөз тапмак керек
Жазмакка кара чачы агаттай деп.
Жана да эрин, кашын, кирпиктерин
Жаңылбай орду менен жакшы теңеп.
Жылмайса жарк дей түщкөн ак тиштери,
Тим эле ирет менен тизген бермет!
Тил, сезим, чеберчилик жанга паана
Үчөө тең бирдей керек чыгармага.
Кубат бер, колдоп алгың, о, акыл-ой
Даанышман көсөмүмсүн өзүң гана!
Ырдайлы сулуулугун Тариэлдин
Ызаттап урмат айтып үч баатырга.
Жаш керек Тариэлди эске алууда
Эрдиктен ким тең келгең айтчы, буга?
Жаралуу жүрөгүнө жолдош кылып,
Ырдадым — Руставели, салып муңга.
Үзүлгүс чынжырдан бек сөз жасадым,
Берметтей тизмектешкең удаама-удаа.
Эркине өзүм жазган бул ырлардын,
Мен акын — Руставели, күйүп-жандым.
Мындагы ашыктардын дартын ээрчип,
Өзүм да мажнун болуп эстен тандым.
Бир гана айыгарым сүйүү күчү,
Эмесе, көрүм казып көөмп салгын!
Жазылган грузинче бул дастанды
Баяндап өзүңөргө айткаңдарды.
Каухардай, бирден иргеп кураштыргам,
Кадимки каухарлардан Ирандагы.
Түптүгөл зыяны жок эритилди,
Кандырар ашыктыкка чаңкаганды.
Ашыктык күчөй берет, кайра жанбайт,
Жүрөгүм мажнундардан айрыла албайт.
Түгөнүп түтөп жаным бүтмөк болдум,
Эмесе, бул күйүттүн дарысын айт!
Айтууга үч баатырдын махабатын –
Каламым ошондуктан алта ылдамдайт.
Ар бир жан тагдырына ыраазы болгой,
Эмесе, эмгекчини эмгекке кой.
Баатырдын жолун ачкын, эрдик кылсын,
Себеби ар бир иштин салты ошондой!
Сүйгөндөр сүйүү отунда азап тартсын
Кайгырсын, махабатка күнөө койбой.
Ыр деген даанышман жол жадыраган
Тагдырым тартуу кылган өз колунан,
Жараткан ыр күчүнө кулдук кылып,
Асмандан ыклас кылып кулак салган.
Ырында узун сөздү кыскача айтса,
Акын деп ошол акын ардакталган.
Кокустан эки сөздү кураштырган,
Жөнү жок акын атын ала турган!
Урматтуу акын даңкын ала бербейт,
Сөз жыйнап улаштырган андан-мындан.
Уялбай «акынмын» деп төшүн кагат,
Ары жок, акылы жок, кээ бир наадан!
Күлүктү сынаар болсоң — ыраакка чап,
Кең жерде топ оюндун өнөрүн тап.
Андыктан акындарды ырда сына
Дастанды узун сабак алдына тарт.
Эгерде күчсүз болсо жетпей кайтат,
Алсырап, аткарылбай коюлган шарт.
Күчтүү ыр жөпжөнөкөй тизмектешет,
Жупжумшак баскан изин жеңил сезет.
Сыпсыйда тегиз сапта уйкалышып,
Акылга терең канып мемирешет.
Кыйналбай тар жерлерден эргип чыгып,
Зымырайт алга өтүүгө бербей кезек.
Акын бар — ыры чолок, айтор, кандай,
Окусаң көкүрөктө кумар канбай,
Ал акын өзүнчө зор үмүт менен,
Сени деп ууга аттанган жаш уландай.
Бирок да чоңго жетпей, майдалантып,
Өзүнчө болду го деп мактангандай.
Үчүнчү: оюн-шоок күлкү ырлары,
Тойлордо мактай турган курбуларды,
Чынында көңүл ачуу жаман эмес,
Бирок да таттуу болсун ырдын даамы!
Берилип чын көңүлдөн эргип айткан
Акындык өнөр керек мында дагы.
Ашыктык баарыбыздан өйдө турган,
Кубаты эч бир сөздүн жетпес буган!
Сүйүүнүн ширесине чыгара албай
Менсинген нечен сөздөр алдан курган.
Чынында махабатка эч даба жок,
Кайгыдан кайгыга өтүп, көңүлүң туман.
Сүйүүдө берендердин сырларына,
Жете албай кулдук кылат генийлер да,
Сөз эмес, миң кубула күү ыргалткан
Муңканып жабыр түшөт ырларга да!
Мен жаздым азап туртып кор болгонду
Сүйүүнүн тунук акыл муңдарында.
Мажнун деш — эстен тануу деген мага,
Ушундай сөз мааниси: арабчада.
Жан кыйып чын сүйүүгө берилгендер,
Ошентип эстен танар айрыларда.
Кээ бирлер жараткандан жардам сурайт,
Ааламдын жан калкалай жыргалына.
Чын мажнун — күндөй таза, көңүлү жарык,
Сабырлуу, өзү жоомарт, ойго канык.
Айтышса, бет келгенди сөзгө жыгып,
Ар кимге орду менен акыл салып.
Эгерде бул сапаттан алыс болсо,
Ал мажнун: сүйүү баркын билбес анык.
Мажнундун, билмек кыйын сезим даамын,
Ал сезим: бузук жолдуу жамандардын.
Ыплас кырсыгынан алыс турат,
Бузуктан таза кармап өз тарабын.
Өзүнчө мына ушундай мааниси бар,
Сиздерге мен ыр менен айткандардын.
Чын мажнун — сөзүндө бир, шертинде бек,
Жары үчүн арып-азып алыс кетет,
Айтылган антты актабай кайра кайтпайт,
Кууса да тагдыр күчү канча кектеп.
Алдамчы сезими жок жалган сүйүү,
Көңүлүмдү капа кылып иренжитет.
Курдаштар сүйүү жолун айрып алсын,
Чын мажнун — ичтен күйүп кайгылансын.
Көргөндө, сүйгөндүгүн ичке сактап,
Мезгилсиз айрылууда күйүп-жансын.
Жарынын четтеткенин айып көрбөй,
Керт башын муңга бөлөп, дартка чалсын.
Милдети — жүрө берсин, эч кимге айтпай,
Сүйгөнүн «сүйөмүн» деп элге уялтпай!
Жана да калк алдында үшкүрбөсүн,
Сыртында токтоо болуп түк байкатпай,
Отуна махабаттын кумар болсун
Сезилип тарткан азап, ыракаттай.
Арсыз бар «сүйөмүн» деп айта турган,
Таң калам карап туруп, мен ушуган?
«Сүйөм» деш сүйгөндөрдү шылдың кылат,
Неге айтыш, чын сүйүүгө арзыбасаң.
Не пайда жамандыкка пайда кылып,
Арамдын арам оюн ырбатуудан?
Ким сүйсө ыйлай берсин зарлай-зарлай,
Зарлоого жыргал барбы ашык жардай?
Муңкансын, жалгыздыкта куурал тартсын,
Эңгиреп элден безген бечарадай.
Өзүнчө жарын эстеп күйө берсин,
Бирок да көп ичинде сыр чыгарбай.
Акындар, сөз берметин текке чачпа,
Бирди сүй, тирек кылып өз багыңа.
Тартынбай өнөрүңдү көрсөтө бил,
Кубанып ошол үчүн жанганыңа!
Ыр чыгар, сүйүп чыгар, бекер чыгар,
Сыйлануу, даңк алууну оюңа алба!
Мен өзүм опгол анттан кайра кайтпайм,
Мактанам — ал шертимди тунук актайм.
Эзилем ашыглыктын күчү катуу,
Ууланам, сүйгөнүмдү такыр айтпайм.
Баяндап ошол сүйүү касиетин —
Мындайча кайра урматтап, кайра мактайм.
I
АРАБ ХАНЫ РОСТЕВАН ЖӨНҮНДӨ БАЯН
Тагдыры сүйуп, таалайына бак берген,
Урматы улук миң-миң колду ээлеген.
Арабияда Ростеван деген хан болду
Кызыл тилден жоктур буга тең келген.
Колу да ачык, айтпачы анын марттыгын
Жүзү жаркын, өзү да жеткен эр келген.
Кандай десем, жаркын нур го күндөгү,
Көргөндөрдүн эрип түшкөн жүрөгү.
Ростевандын жалгыз сулуу кызы бар
Андан башка эч перзент көрбөдү.
Ай десең ай, күн десең күн, көркү бар,
Мактап аны даанышмандар айталар.
Мунун аты Тинатин кыз, тийген күн,
Ашыктыктын оту күндө, өзүнүн.
Айдай толуп бойго жеткен чагы эле,
Кантип айтам анын көркүн, мүчөсүн?
Бир күнү хан, вазирлерин чогултуп,
Айта баштайт балдай ширин сөздөрүн:
«Вазирлерим, чакыртканда максатым:
Кеңешиме акылың сурайм баарыңдын
Гүл бакчада соолуганда кызыл гүл,
Арт жагында гүлдөр жайнар дагы анын,
Таалайы үчүн, чыккан күнү баткан соң
Билерсиңер түндөр өкүм аларын.
Мен карыдым, жашар күндү жашадым
Бул карылык кыйын оору, чарчадым.
Мөгдөп калдым, бүгүн-эртең өлөрмүн?
Билемин го көр өз койнун ачарын.
Хандыгымды бергим келди кызыма,
Калың журтка, күндөй нурун чачарым».
«Таксыр, ханым, койчу, — дешти вазирлер
Ырас, гүл да, кызыл гүлүн түшүрөр,
Тийген айга жылдыз кастык кыла албас,
Ай жеңилбес, өз жолунда түз сүзөр.
Гүл соолубас, жыпар жыты сакталар,
Анын жытын сактап жүрөр көп гүлдөр.
Койчу, ханым — гүлүбүз өз нурунда,
Бул кеңешти күткөн жокпуз угууга.
Сиздин нурду калкалоочу ким экен,
«Карылык» — деп кайгырбаңыз сиз буга.
Жүрөгүңүз оттой жанар албууттап
Хандыгыңыз өтсүн күндөй сулууга!
Шумдук болду хан коюлуп аялдан —
Дешип айтар, кудай өзү жараткан.
Жалган эмес, байкаганбыз мурунтан
Ордуңузга күндөй сулуу болот хан...
Баатыр шери сиз болсоңуз элдердин,
Артыңызда ал да бала арстан».
Автандил эр, миң сан колду башкарган,
Кайраттуу эр арстанга да батынган.
Ай мүчөсү ай, айдан, күндөн кем эмес
Далай көздү сулуулугу ай тарта алган...
Тинатиндин жоодураган кой көзү,
Бул жигиттин жүрөгүнө чок салгаң.
Кызды эстеее, жүрөктү оройт махабат,
Бир саатта карасам дейт миң ирет.
Көрбөй калса, сары ооруга кез келет,
Жолугушса жүрөгүнөн от жанат.
Чын ашыктар таба билсе бир бирин
Чиркин сүйүү, аларды эстен тандырат.
Хан өз кызын, хан кылат дейт, деп угуп,
Автандилге кубаныч кирди курбулук.
Жүрөгүнөн каткан черлер тарады,
Күн бетинен күлдү белем сулуулук.
Ашыгымды, тийген Айды бир карап,
Жаркырайм дейт сары оорудан кутулуп.
Хандык кылган, эч ким келбей теңине,
Ростеван хан мүлдө арабдын жерине,
«Хандыгымды — түшүп берем кызыма» —
Деген жардык таратылды элине.
«Менин кызым, ал көктөгү тийген күн
Күндү карайм дегениңер келгиле»...
Келди арабдар, миң еан болуп туш-туштан,
Бекзаттар көп, эсеби жок чуурушкан.
Автандил бар, түмөн эрлер башчысы
Сулуулугу кем эмес го, Нур кыздан.
Саграт вазир койгон кезден тактыиы —
«Ой, чиркин ай, баа жок экен» — дейт буган.
Тинатинди атасы өзү жетелеп,
Кыз бетинен алтын нурлар себелеп.
Алып келди колу менен хан өзү
Нурлуу кызга хан таажысын кийгизет:
Керме таяк, күмүш кымкап жапканда
Күндөй жанып, Айдай тийип жарк этет.
Көрөбүз деп келген хандар башка элден,
Тинатинге: «Ой, бали ай», — деп баш ийген.
Журт мактады, керней, сурнай тартылды,
Улуу жардык: «Кыз хан болду!» — делинген.
Ростеван хан түштү алтын тактыдан
Элди суроо Тинатинге берилген.
Көз жаш менен кыз тактыга олтурат,
«Эрте го» — дейт, акталса экен хандык барк.
«Кой, күнүм» — дейт, түшүндүрүп атасы:
«Ата салты, атасы атын калтырмак,
Эне сүтүн, ата акысын актоочу эр
Күйгөн отту уландырып жандырмак.
Гүл бакчага көктөн жамгыр куйгаңдай,
Менин күнүм, көтөр башты, ыйлабай!..
Улуу арабдын Урматтуу улуу ханысың,
Көрөгөч бол, акылман бол жалтанбай.
Жакыр дебей, жарды дебей көз салгын,
Нуруңду чач бардык элге тартынбай.
Күн жаркырап гүлгө нурун чачкандай,
Тегиз нур чач, шордууларды калтырбай.
Ким март болсо — береке да ошондо
Сараң болгон өлүп кетет жарыбай.
Берекеңди бергин кең-кесир
Булак-булак суусун бөлгөн дайрадай.
Марттык кылбоо — хандыктагы чоң намыс
Марттык кылсаң – Эдемдеги* кипарис**
Сыяктанып көккө жетип турасың,
Жай, кыш дебей гүлдөн гана көз алгыс!
Жоомарт болсоң — дүнүйө, мүлк да сеники
Жоомарт болсоң — эр болосуң бет алгыс».
(*Эдемдеги — бейиштеги деген мааниде.
**Кипарис — жылуу жакта өсө турган көлөкөлүү сонун дарак)
Касиетин, ата сөзүн жай гана,
Кең санаада ак кептердей айлана.
Укту кызы, баарын эске калтырды,
Ростеван хан таң-тамаша сайранда...
Күн Тинатин, Тинатин күн — экөө бир
Көктө турат көз уялтып нурлана.
Ханша Тинатин кары устатын чакыртты
Шарт эттире казына оозун ачтырды:
«Төккүн, — деди, — канча дүнүйө болсо да».
Калайыкка марттык кылып чачтырды.
Алтын, күмүш, каухар, жакут асылдар
Эл колуна жарк-журк этип ташылды.
Бала күндөн жыйнап жүргөн өзүнчө
Нечен жылдар чогултулган дүнүйө,
Былк этпеген, кол тийбеген мурасты
Тинатин кыз таратты бейм бир күндө.
Буйрук берди: «Ата сөзүн аткарам,
Бир ууч алтын сакталбасын үйүмдө».
«Бүт ачылсын өзүм билген казыналар
Чубатылсын өңкөй учкул тулпарлар».
Жер ызы-чуу, чуулары жоо чапкандай
Таратылды төрт түлүктүү миң сан мал.
Кызга раазы... алтын баалуу жибектер,
Кымбат заттар карасаң көз жаңылтар.
Талоочу эле, эрлер жоону чапканда,
Дал ошондой хан казынасы таланды.
Эркин туйлап, жакырлардын астында
Булут менен учту арабдын аттары.
Тинатин кыз мүлктү чачты мөндүрдөй:
«Дагы кимдер кур калды?» — деп сурады.
Мына сайран. Батты арак-шарапка
Күң да, кул да, кыз-эркек да шапарда.
Эмне шумдук, сабыры суз Ростеван?
Кайгырыңкы, калың журттун алдында...
Сайранда элге күбүр-шыбыр тарады —
Деген сөздөр: «Бу не үчүн хан капа?»
Сансыз элден көзгө түшкөн бирден бир,
Арстандыгын сансыз эл да билгендир?
Обочодо күндөй тийип олтурат
Жанында бар Саграт деген карт вазир.
«Хан эмне үчүн, таң калгандай капалуу?» —
Деп шашылып сурап калды Автандил.
«Таксыр ханым баткан окшойт капага,
Жаңылыштык иш кылдыкпы биз ага?
Бул укмуш ко, хандын дартын билели» —
Деди Автандил ханга жаккан Сагратка:
«Бекер бизди уялтпасын нуруна
Сурайлычы кылган болуп тамаша».
Турду ордунан күн Автандил,
Саграт Мелт-калт кылып таттуу шарап колго алат.
Жоодурашып, хан астына жыгылып
Мындай деген, балдан ширин сөз тамат.
Кепке чечен, ханга сырдаш Саграт
Андай сөздү дароо гана өзү алат:
«Күн жаагандай, ханым, бүркөө кабагың.
Үшкүрөсүң оор белем абалың?
Сүрдүү бетиң күндөй күлүп берсинчи,
Капаңды жаз, бизге кулө карагын.
Эмнең жетпейт, айт ооруңду, таксырым,
Мен вазириң, жокту да издеп табарың».
Деди дагы кошуп койду мындай кеп:
«Хандык кылган сенин кызың жаш тентек,
Мурасыңды желге чачып түгөттү,
Сен ушуга капасың го, аның эп.
Тактыдан ал, жаштык кылган кызыңды
Сары-санааң, убайымың бүт кетет».
Хан укту да, айдай жумшак жылмайып,
Күлкү менен Сагратка нур жайып:
«Билемин го, сенде болсун эмне айып,
Сен вазирим, оң көзүсүң ханыңдын
Бирок дагы сараң деген ханыңды,
Келбес мага бул кыялың ылайык.
Жок, вазирим, кайгы-касирет анда эмес
Кайран жаштык, бир кайрылбай болду элес...
Адамзаттан беттешкен эр болбоду
Чактар кетти, арстанга да эп бербес...
Эрдигимди алып калар медер жок
Мына ушинтип өтүп барат кайран кез.
Сен алпештеп, багып берген кызым бар,
Эркек бербей, кең кудайым кылды тар.
Арт жагымда таянычым калган жок
Найза саяр... сызгырылтып жаа тартар,
Автандил шер, бул да менден үйрөнгөн
Бирок мага кайдан болсун барабар».
Унчуккан жок, жерди тиктеп, турат Шер,
Жылмаюудан күндөй күлдү ак тиштер,
Автандилдин жылмаюусун карачы,
Мына ошондо нурга чөмдү барлык жер.
Хан сурданьш, тике карап сурады:
«Эмне болду — мен тараптан сен күлөр».
«Сен күлөрдөй эмне болду» — деди хан,
«Кечир, таксыр, бир ооз сөздү бер, маган.
Кулдук, таксыр, айт десеңиз айтайын,
Эрдигиме мен эмесмин мактанган».
Бир ооз гана сөз сурады Автандил,
«Руксат, баатыр, сүйлө», — деди Ростеван.
Хан дагы айтты: «Менин сөзүм бир гана
Касиеттүү Тинатиним турганда,
Экини айтсам, Тинатиндин каны урсун!» —
Дейт Ростеван нур кызына анттана.
«Кем эмесмин» — деп ошондо Автандил:
«Найза сайып, керилтип жаа тартканга,
Ак сөзүмдүн таап айттым ырасын
Мына ушул, эми эмне кыласың?
Жаа тартканда бизди көрүп турууга
Калың колдор, калыстарын чыгарсын!
Сөздөгү эрдик желге кеткен желдей көп,
Эрдигибиз мына ошондо сыналсын».
«Жарайт» — деди хан ордунан козголо:
«Сынашалы, келе жааны, бер колго!
Кең талаага жаа тартышып көрөлү
Калың калыс, карап турсун топтоло.
Таамай тийип уча билсе тарткан ок,
Жаа аткычтын аты калсын ошого...»
Автандил шер макул деди жылмайып,
Күлүштү экөө, эрегиште эмне айып?
Тамашалуу жумшак сөздөр айтылды,
Беттеринен айдай аппак нур жайып.
Ким жеңилсе үч күн жүрсүн жылаңбаш
Ушул жаза болсун — дешти ылайык.
Хан өзүнө туура он эки кул алды,
Сансыз колдон тандап алды буларды.
Бер дегенге окту сууруп берүүгө —
Кызыгында кызыктууга куралды.
«Шермадиниң он экиге барабар,
Так санашсын таамай атып турганды».
Деди да хан Автандилге ошондо,
Жаа тартышчу кең жайыкты курчоого —
Жолборс, илбирс, теке, кулжа жайытын
Билгиле деп буйрук берди көп колго.
Ошол күнү сайран... таттуу шараптар
Шапар бүттү, түн жарымы оогондо.
II
РОСТЕВАН МЕНЕН АВТАНДИЛ МЕРГЕНЧИЛИККЕ ЧЫГЫШТЫ
Таң сүрүлдү, мына эми күн чыгат,
Автандил шер алда качан болгон так.
Алтын чалма ак лилия* мүчесү,
Эр жарагы эр үстүндө шарактап.
От жангандай анын чолпон көзүнөн
Так түйүлтүп мингени боз аргымак.
(*Лилия — сонун ак гүл)
Хан да өзүнүн эр кийимин сеңселткен
Жарагы шай, тулпар минип теңселткен,
Ошол майдан... сансыз колго чулганган
Бир күн мурун хан буларды эскерткен.
Топ-топ болгон, кылкылдаган аскерлер
«Ай, кимиси, эр экен» — деп, дегдешкен.
Ээрчи деди хан он эки кулуна,
Кер жаак жаадан бирден берип турууга:
«Адетим бар кызый тартып келгенде,
Жебе сунгун бир жакка да бурулба,
Санагыла ким канчаны атканын».
Айт койду аңдар, талаа толду уу-чууга.
Ар түрлүү аңдар, үйрү менен качты бейм,
Эки баатыр жаанын огун чачты бейм.
Эчки, теке, кулжа, кулан, аркарлар
Жан коргоого жар таба албай шашты бейм.
Качкан менен кайда барып кутулат,
Эки мерген, бир жаңылбай басты бейм.
Аттар учат, чаң гана ызгыйт адам ай,
Миң-миң аскер күндүн көзүн көрө албай...
Эки эрди көр, жаа огунан кан акты
Топ-тобунан кулап жаткан аңдар ай,
Ок берүүгө элдер араң жетишет,
Булар эл көктөгү учкан жагалмай.
Койчу эми деп кесир кылып таштаган,
Аңдар гана токойлордо калды аман.
Мергенчилик бүтсүн эми деп чечип,
Кайтышты анан, таңда кеткен кечте араң.
Шаттык менен, бир бирине каткырып:
«Мен көп аттым» — дейт Автандил, Ростеван.
«Шерт меники», «Жок меники» — дейт эки эр.
Хан ошондо: «Он эки кул бери кел!» —
Деп чакырып ак калыстар айткыла.
«Жаа тарткычтык бетке айтылчу ушул жер.
Хан экен деп, өң жазмалык болбосун,
Он эки кул, ким көп атты айтып бер».
Он эки кул: «Таксыр, башты кесип ал,
Болгон ишти болгонундай чынды айтар —
Ак кулуңбуз. Автандилге, таксырым,
Жаа тартуудан келе албассыз барабар.
Бул баатырдын тарткан болот огунан
Эсеп жеткис аңга толду талаалар».
«Эки миңди кулаттыңар, кыйратып,
Автандилде сиздикинен жыйырма ашык,
Жаш баатырдын мээлегени кур кетпей,
Тийип экатты, койгон жокко бир жазып.
Огуңуздун көбү жерге сайылды,
Артыңыздан шагыратып жыйнаштык».
Хан бул сөзгө чыгарды бейм күлкүнү —
Аны жеңген өзү үйрөткөн шакирти.
«Жеңилдим» — деп кайгырган жок, кубанды.
Каткан черлер жүрөгүнөн жибиди.
Ал өзүнүн медери го, бели го,
Ээлеп турган булбулу го көп гүлдү.
Эки жолборс агыттырды эки атты,
Бир чоң бакка көлөкөлөп эс алды.
Он эки кул, хандын бери жагында,
Кылкылдайт кол, тегеректей жок саны.
Сайран бүттү. Эрлер кээде карашты,
Аккан булак, көк тиреген асканы...
III
АРАБДЫН ХАНЫ РОСТЕВАНДЫН ЖОЛБОРС ТЕРИСИН КИЙГЕН БААТЫРГА ЖОЛУГУШУ
Ошол аска, ошол чексиз дайрадан,
Көрүнгөнсүйт, таанылбаган бир караан...
Кара кулак шер сыяктуу эр неме,
Миңген аты шумдуктуу ат жараган.
Берметтенип аккан жашын карачы,
Кайдан келген, бул не болгон башка адам?
Кийингени чаар жолборс териси,
Күркүрөгөн анык жолборс белгиси.
Жолборс башын кийип алган башына,
Жашын төгөт, күчтүү белем кейиши?
Колунда бар өрмө жоон камчысы
Кайгысы оор бул не болгон жат киши?..
Хан ошондо баргын деди бир кулун,
Кулу келди маңдайына ушунун.
Шер олтурат күн жаагандай кабагы,
Таң калат кул, кайдан билсин мунусун?
Ыйла сен да, селдей аксын көз жашың,
Боору таштык, минтип карап турушуң.
Шер сүрүнөн мукактанды кул кайпып,
Сөз айта албайт. Кетсемби дейт же кайтып.
Токтоп калды, жолборс баскан коёндой:
«Хан келсин дейт» — деген гана сөз айтып.
Күтүп турду, жооп аламын деп ойлоп,
Капалуу шер караган жок кылчайып.
Жерди тиктей санаалуу шер, жолборс баш,
Миң сан колдун кыйкырыгы чоочутпас,
Теребелди терең карап үшкүрөт,
Кайгысына коргошундай эрийт таш...
Сүйлөмөктөн жоо чапса да иши жок,
Бетин жууп тама берет ачуу жаш.
Түпсүз деңиз тереңиндей санаага
Чөккөн шер го. Кайтып келди кул анда,
«Суроо бердим, жооп албадым, таксырым», —
Деп жалдырап жанагы кул турганда:
«Баргын» — деди, башка кулду жиберди,
Капалуу шер, кылчайган жок жана да...
Ал да кайтты: «Бүткөн боюм калтырап,
Шер сүрүнө эрип кетти бар кубат,
Менин сөзүм ташка айтылган сыяктуу,
Кайдан болсун сизге айткандай барк кылмак.
Киши экен деп, балким, сезген жок чыгаар,
Тальш кеттим тура берип жалдырап».
Көз алдында бул окуя баятан —
Болуп жатат, хан ачуулуу кумсарган.
Бул эмне кеп, эмне болгон баатыр деп,
Хан ызалуу, хан өзү да айран таң.
«Ким экен ал, маңдайыма алып кел
Он эки кул, он эки эр жаракчан!»
Жарактанган ошол эрлер келатат
Он эки учкул тулпарын көр алчактап,
Ат дүбүртүн, кол чууларын уккан соң,
Шер да турат, о дагы эле жаш тамат.
Мына ошондо, шер оозунан сөз чыкты —
Деген гана: «Бул не болгон мага азап!»
Жеңи менен аарчып алып көз жашын,
Тура калып бекемдейт жоо жарагын.
Эр камчысы чакандалды колуна
Атка минди, минген атын карагын!
Кулдар сөзүн укмак кайда, ал учту,
Ак шумкары экен го, бул талаанын...
«Карма»... лашып, чуулар келди жакындап,
Ал кадимки он эки эр го шатырап.
Үмүт менен шерге колдор сунулду —
Бири менен бирин согуп талкалап;
Эби келсе, камчы менен жыга уруп,
О, шумдук ай, жанагы шер баратат.
Оңго, солго кулап жатты адамдар
Хан кыйкырат: «Эмне болду арамдар!»
Саны арбыды ого бетер өлүмдүн,
Топ-топ болуп кулап жаткан кыраандар,
О, жаш шер ай, кырып жаткан элдерди
Ойлоп койбойт «алар кимдер, не жандар?»
Хан Автандил тартты алдыга тулпарды,
Тулпарды эмес, көктөгү учкан шумкарды.
Жанагы эрдин сая кууп артынан,
Аттар шамал, шерлер күн го... нурланды.
Жер дүңгүрөйт. Шер кылчайып бир карап,
Билип койду, хандын өзү кууганды.
Хан келатат, жетип келди жакындап,
О, чиркин ай, буудан атын алкынтат,
Шер ошондо бир теминди тулпарын
Көздөн кайым, закым болуп закымдап —
Шер жок болду. Асманга учуп кеткендей.
Кайда кетти, эмне болду, ойлоп тап.
Ошо жерде же кара жер жарылып,
Же учтубу, куш канатын тагынып?
Бир дегенче таң каларлык иш болду
Хан тулпары жокко чабат каңгырып.
Дайра жээгин, ой-кырларды карашты.
Чакырышат. Чыкканы гана жаңырык...
Изин карайт, шер атынын изи жок,
Бул не шумдук, болуп кетти түшкө окшоп?
Хан кошунан жарадар бар, өлгөн бар,
Ыйлар чыгат, аянычтуу үн боздоп.
«Кандай балаа, шаттыгыма от салды —
Кайгырат хан, — таалайсыз го болочок».
«Ушул күнгө, ушул жашка чыкканы,
Мен кайгысыз адамзаттын сырттаны —
Жалгыз гана сайран кушун учуруп
Жүргөнүмө кең кудайым кызганды.
Таалайымдын тарыганы ушубу, —
Дейт Ростеван, — кандай балаа курчады»...
Ушуну айтып хан бастырды жалгыз жай,
Мындан мурун түк болбогон кайгысы ай,
Жаа огунан кыйратылган олжолор,
Ошол бойдон кала берди жыйналбай.
Дейт кээлери: «Таксырыма кайгы жөн»
Дейт кээлери: «Сакта11 көргүн, о, кудай».
Элден четте, сүзүп кайгы дайрасын,
Сары санаа убайымга хан башын —
Чүмкөп алып, жарык күнүм кеттиңби?
Кастанет* күү, арфа** күүлөр кайдасың?
Ростеван хан... Автандил шер жанында,
Чындап сүйгөн, кандай сүйсө баласын.
(*Кастанет — испан тилинен алынган. Бий маалында шыңгырап күүлүү тартыла турган көңүлдүү музыка аспабы.
**Арфа — немец тшгинен пайдаланьглган, бул да ошондой)
Тинатин да бул тууралуу толуктап,
Кабар угуп, күндөй жарык болгон чак.
Уйкусунан чукуранып ойгонуп,
Ростевандын эшигине жакындап:
«Уктайбы атам?» — деп сурады нөкөрдөн,
«Жок, таксырым, — хан кайгыда олтурат».
Ростевандын баласындай болгон соң,
Жалгыз гана Автандил бар, анысы оң.
Хан жанында ошол күн шер олтурат.
Жанагы укмуш иш жөнүндө ойлонгон.
Карап туруп чыгып кетти Тинатин:
«Сурап калса, келди деп айт» — деп койгон.
Бир аз туруп хан сурады нөкөрдөн:
«Менин күнүм, менин гүлүм көрктөнгөн,
Бак-таалайым, жарык шоолам, жылдызым
Көрүп койсом, көңүлүмдү көтөргөн —
Тинатиним көрүнбөйт ко, каякта?»
«Келип кетти. Нурлуу иреңин өзгөрткөн».
Тинатинди чакыр деп хан тапшырды,
«Бир жаркырап, токтотсун көз жашымды.
Дем алуудан чарчап калды көкүрөк,
Дем берсинчи, көтөрөйүн башымды.
Дарт санаанын, себептерин айтайын
Кайрылуусуз учуп кеткен шаттыкты».
Ата сөзүн кыз адети барк алмак,
Тинатин кыз кирип келди этип жарк.
Толгон айдай, толукшуган мүчөсү ай,
Беттеринен күн шооласы чачырап.
Ата ыраазы... маңдайынан жыттаса,
Карылыктын каткан чери жазылат.
«Чолпон нурум, чакыртуусуз келбейсиң,
Кары атаңдан — кайгың эмне дебейсиң?»
Деген кепке жооп айтат Тинатин:
«Сенин кайгың туман эмей не дейсиң?
Сен кайгырсаң, күн да кошо бүркөлөт,
Жабыркооңду ачык айтып бергейсиң».
«Айым менин, нурум сени бир карап,
Жүрөгүмдөн тарап кетти барлык дарт.
Карылыктын кайгысы экен сары оору,
Сары ооруга сен болорсуң бир кубат!
Мен жашырбай баарын айтып берейин,
Ата сөзүн угуп тургун жакшылап.
Бир шер көрдүм, кечке жүрүп сейилде,
Жаш азамат бир укмуштуу киши эле.
Аянычтуу ылдый карап отурса,
Тегерегин жарык кылат нур бере.
Билгиле деп кулдарымды жибердим,
Жабыр тартат бул жаш баатыр эмнеге...
Бул кандай жан эки кылган сөзүмдү,
Колду кырып, шылдың кылган өзүмдү.
Карап койбой атка минип кеткен соң,
Мен да куудум — тумандатты көзүмдү.
Бул адамбы? Периштеби, жинби?
Мына ушинтип карайлатты көңүлүмдү.
Ташка сокту сайранда учкан кушумду,
Чыны менен таалай-багын буздубу?
Шаттуу чагым, шапар тепкен сайраным
Бир заматта ак туйгундай учтубу?
Жолду бөгөп касиеттүү тагдырым
Карыганда кылмак белең ушуну».
Кызы да укту, кепке кылып сабырдык,
Жумшак сүйлөйт, койбоюн деп таарынтып.
«Дейсиз, ата, кудай салды балааны,
Башыбызга түшкөн жокко жабырдык.
Түпсүз деңиз таалай эрки колуңда,
Бул не деген кайгырышың, жарыктык.
Сен хандардын ханысың го, атаке,
Хандык атың медер болгон бүт элге.
Ата, сени билбеген жан бар бекен
Жашап турган биздин ушул дүйнөдө,
Чыдамдык кыл, бул кейишиң жарабас –
Көздөн кайып жок болду деп бирөөгө.
Шыйкыры бар болгон болсо ошол шер,
Кеткен болсо, асманга же жарып жер...
Ким экенин, кайда экенин ал эрдин
Жер үстүнөн табылар дейм билгендер.
Ошондуктан эрдин эрин тандатып,
Биздин милдет ошол эрди издетер».
Мына ошентип куугунчулар камдашты,
Эрдин эрин, шердин шерин тандашты.
«Издегенди тапмайынча, кайтпагын»
Калайыкка катуу жардык хан жазды.
Кылкылдаган миң сан болгон калың кол,
Төгөрөктүн төрт бурчуна таралды...
Куугунчулар жол жүрүштү көп убак
Күндөр эмес, нечен айлар, бир жылдап...
Жолсуз чөлдөр, тоо таштарда адашты.
Жолуккандан: «Шер көрдүңбү?» — деп сурап.
Акырында кайтып жатты сандалып,
Кайран эрлер... сүлдөрү бар, жок кубат.
Арып азган хан кулдары чогулуп:
«Төгөрөктүн төрт бурчунда тең болдук!
Ал киши эмес, закымдаган жел окшойт,
Таяк алып жөө да бастык, бут жооруп.
Адамзаттан таба албадык көргөндү
Аргасын тап, ханым, эми ойлонуп».
Ошондо хан бул сөзүнө көп элдин:
«Ук, калайык, калың журтум, эрлерим,
Билдим эми, менин шоолам Нур кызым —
Кур жабыркоо себеп болбос — дегенин.
Сейилимде өз көзүмө көрүнгөн
Душманымдын сеси го дейм анчейин».
Кетти ал күндөр. Хан кайгысы жок элес
Дагы сайран... таң-тамаша жок теңеш.
Чоң оюн бар, мына өнөр көрсөтүш
Кирди ырчылар, жер эмеспи беттешпес?
Хан марттыгы, дүнүйө, мүлктү таратуу,
Байып жаткан күң, кул да жок эмес.
IV
ТИНАТИН АВТАНДИЛДИ ЖОЛВОРС ТЕРИСИН КИЙГЕН БААТЬГРДЫ ИЗДӨӨГӨ ЖӨНӨТТҮ
Автандил да бойду керип таштаптыр,
Солкулдатып арфа күүсү ырдайт ыр,
Тарткан күүсү бой эрите муңканат
Кыз-жигиттер аны курчап алыптыр.
Шашып кирип, деп жиберди кара кул:
«Тинатин нур келсин деди, о таксыр».
Автандилге эми кайдан олтуруш,
Бой жасанды, болду белем сонун куш,
Көптөн бери көрө албаган сулууну
Азыр көрөт — кандай бакыт болду туш!
Мына эми күйүп жүргөн махабат,
Эки ашыкка сагынычтуу жолугуш.
Арстан келбет, жолборс сүрдүү Автандил
Келе жатат ага токтоо жок эч бир,
Нуру турат, гүлү турат, чолпону —
Жубайы үчүн далай санаа кечкендир.
Тинатин күн, анын бүркөө кабагы
Муңайыңкы, көңүлүндө бар го кир.
Жылт-жылт эткен бермет менен шурулар
О эсеп жок, анын канча куну бар.
Баа жетпеген кара кундуз күрмөсү
Көзүн айтпа карагаттай тунук ал.
Жерге тиет тестеп өргөн колоң чач
Кай бактылуу шердикисиң, сулуу жар...
Келбетин айт, ак жибектей буралган,
Толгон айдай толукшуган, суналган.
Баасыз чалма, жерге тиет бир учу,
Балким, сулуу эрингендир буугандан.
Аккуу моюн, чүрөк мүчө соорудан,
Көйкөлгөн чач көшүлүңкү чубалган.
Болгон менен миң кубулта кийинген,
Башкача эле дем алуусу, ийнинен.
Орун алды сылык гана Автандил,
Тинатиндин башы жерге ийилген.
Бул эмне үчүн, кайдан чыккан бул капа
Кандай санаа... ашыгы аны билбеген?
Шер ошондо сөздү ойлоп тапкычың:
«Күн нурунан ай жоготор жаркынын,
Мына ошондой сен күн болуп жаркырап,
Мен ай болуп шоолаңа эрип калкыдым.
Ачсаң боло жүрөгүңдө кайгыңды
Эмне болду айтсаң боло, алтыным».
Кыз да кандай... гүлдөн гүлдү кармады,
Терең ойлоп сөздөн, сөздү тандады.
Сөз казынасы Тинатинде жок беле?
Бир бирине кураштырды, жамакты:
«Сүйүү кушу болсо дагы коно элек
Айтайынчы, жүрөктөгү санаамды.
Ашык курбум калды бекен эсиңде,
Жаа тартышып сейил кылган кезиңде.
Атам экөөң көккө учуруп тулпарды,
Сайран бүтүп, кайра кайтар мезгшвде:
Таанылбаган бир жаш баатыр жаш төгүп,
Олтурганы ошол деңиз жээгинде.
Мына ушул, жүрөктөгү каткан чер
Ким болду экен ыйга баткан ошол шер?
Ошондуктан, өзүң эрдин эрисиң
Булуттарды аралап чык, болсо эгер.
Асмандан да табылбаса, кайра түш —
Күн кылкылдап баткан жерден таап кел.
Айтайын деп жүрсөм дагы мен муну,
Жолугууга болбоду иштин учуру.
Бирок билем, айтпасаң да, бир ооз сөз,
Ачпасаң да чын сырдаштык кулпуңу.
Жалгыз санаа, жалгыз убай ичинде
Эмессиңби ашыктыктын туткуну.
Эки түрлүү түркүгү бар сөзүмдүн,
Эки түрлүү шооласы бар көзүмдүн:
Биринчиси — сен адамзат жолборсу,
Экинчиси – мажнунумсуң* өзүмдүн.
Жалган эмес. Ошол шерди таап кел
Аткар муну, тынар анан көңүлүм.
(*Мажнунумсуң — ашыгымсың, сүйгөнүмсүң)
Махабатым дагы үч эсе күч курар,
Убайымдан курган жүрөк кутулар.
Муну аткарсаң, таалай гүлүм кайра өсүп,
Жалаң гана жыпар жыты буркурар.
Тосуп алсам күндөн кайткан арстандай,
Ашыктыкта мындан артык эмне бар.
Бир жыл эадес, таамай үч жыл карагын,
Көлгө түшүп кетсе дагы, караанын.
Табарсың дейм, таап кайтсаң, жаркыным,
Мен да гүлдөп, миң түрдөнүп калармын.
Таппай кайтсаң, аянычтуу көрөсүң,
Кызыл гүлдүн соолуп калган сабагын.
Күдөр үзбөй үч жыл күтөм, антымды ук,
Менин антьгм ак тилегим туптунук.
Сени унутсам жете албасмын бейишке,
Ашыктыктын тозогунда тумчугуп.
Жан чыкканча, күнүм, сени күтпөсөм,
Жок болгоңум, махабаттын анты уруп».
Автандил шер: «Күнүм, сенин бул оюң —
Акыл менен эрдик шартты койгонуң.
Аткарайың, менин күнүм, сен үчүн —
Кыйын милдет, кыйын сыноо — бул оюң.
Мага дагы керек дары ушул эле
Ырас айттың, күнүм, кулуң болоюн».
Кошту Автандил: «Сен бейиштин күнүсүң,
Күндөй тийип жарык кылдың жер жүзүн.
Сүйүү шерти сени артыкча жараткан,
Күмүш нурлуу күн болсун деп күн үчүн.
Жоодураган сансыз жылдыз артыңдан
Уяң сезет көктө калкып жүрүшүн»...
Тийген жери бир бирине эки нур
Махабаттан шашып соккон бул учур.
Кандай кыйын, чын ашыктык акыры
Көккө учканы ушул беле же кургур.
Күлө карап, айдай тиштер жарк этет,
«Мен сендикмин, мен сендикмин» — дейт утур.
Ошол саат, таттуу сөздөр сүйлөштү,
Ошол мезгил, бир минуттан тез өттү.
Ашыктыкта көз уяңдык кылбайбы
Булар эле айланган куш көктөгү.
Ак тилекти жүрөк бирге сокконго
Чын махабат эритпейби жүрөктү.
Мына ошентип сыр алыша келгенде,
Сүйүү шертин жара айтып бергенде,
Адамзатта түк болбогон махабат
Бир ай, бир күн отурган кез термеле.
Сүйүү эрки араң гана айрылды,
Автандил күн эрип кеттим дегенде.
Теңселиңки шер турган кез ошондо,
Жетермин деп талпынып кол созгонго.
Эки көздөн мончоктоп жаш тамчылайт,
Ой, айрылуу... түштүң неге ортого?..
Автандил шер карыш жылып баса албайт,
Айрылуу да махабаттын оту го.
Деди Автандил — бул сөздү айтты өзүнчө:
«Ажыратуу чок салды го көңүлгө.
Ашык жардан айрыларда түштүң го —
Жалбырактай сары санаа өңүмө.
Жарым үчүн азап жанга ширинсиң
Жарым үчүн өлсөм дагы жок күнөө».
Шер уйкуда... жашын төгүп шолоктол,
Уйкусунан улам чоочуп ойгонот.
Дем алышы аяңычтуу жигиттин,
Чын сүйүүдөн ысык аккан жаш толот.
Тинатини көзү илинсе уйкуга,
Ыргып турат, ал түшү го — жок болот.
Жипке тизген ак берметтей жаш тамат,
Чын ашыктык жүрөктү отко каптамак.
Түн уйкусуз таңда туруп Автандил,
Алыс сапар жол жүрүүгө аттанат.
Мына ошентип, кетип бара жатканда,
Ростеванга мындай деген кат жазат.
Бир жигитке: «Ме, — дейт катты, — алпаргын».
Автандилдин анда эмнени жазганын —
Окуйлучу: «О, таксыр, хан, ойлочу,
Ростеван деп алыс кетти атагың.
Жерлер кезип дагы жайып кайтайын,
Билбегени калган болсо ааламдын.
Сапар чегем, жоолор менен согушам,
Жерди кезип, тулпар менен көккө учам.
Тинатиндин таалайы үчүн уу төгөм
Ханым, сага болгон болсо ким душман!
Зомбулукту эрдик менен кыйратам,
Алсыздарды алгыр кылам, болушам».
«Баракелде, — дейт Ростеван. — Бала шер —
Эр жарагы эрге бүтпөс кур бекер,
Жоо ичинде кол кыйратып чер жазып,
Чак эмеспи кумар канар бул кездер,
Сапарга аттан. Биз каларбыз айрылып,
Чок түшкөндөй жүрөгүбүз тыз этер».
Шер ошондо Ростеванга жүгүндү:
«Мактооңду угуп, канга кубат жүгүрдү,
Жалгыз башка канча азап түшсө да,
Түк коробос кайрат белге түйүлдү.
Жолум туман... Андан артык бакты жок,
Аман кайтып дагы көрсөм жүзүңдү».
Хан ким эле? Автандилге ата да!
Шер ким эле? Ростеванга бала да!
Хан кучактап маңдайынан жыттады,
Шер турду да, жүрүп кетти аттана.
Ошол мезгил кандай оор. Хан калды,
Жашык көздөн мөлтүлдөгөн жаш тама.
Ошол бойдон учуп жүрүп олтурду,
Күн, түн менен жыйырма күндү толтурду.
Жер менен көк ортосунда күркүрөп —
Алгыр кыраан бүркүткө окшоп учту бу...
Курган жүрөк бекем сактайт эмеспи,
Тинатинди, күндөй жаркын сулууну.
Калып жатты чөл, тоо, таш, аскалар,
Түшкөн жерде той-тамаша, сайрандар.
Элден элге таратылган күн мурун —
Шер келатат деген катуу кабарлар.
Баа жетпеген түркүн белек тартылат,
Куугунчу эрге андай жерде эмне бар.
Кошоматчы жеңилдер да жок бекен
Маселен ал: аял жана эркектен.
Журт оозуна алымдуу кеп болсом деп,
«Биздикине бир күн конуп кет» дешкен,
Бирок дагы сабыр кылып тура албай,
Автандил шер чоң сапарын тездеткен...
Ана аскалар тиреп турат көк бетин
Жан өткөнбү? Өткөн эмес, жок эч ким!
Жол тосулду. Үч күн сейил курушту
Бирге келген анын кулу Шермадин.
Ошондо шер кеңеш курду досуна,
Шермадиндин угайын деп кеңешин.
Сөз башына келеличи биз кайра,
Шермадин деп жалгыз ооз сөз айта.
Окурмандар өзү жаттап турар деп,
Жүрүп кеттик күтпөй сабыр кылбай да.
Ким экенин тааныштырып өтөлү —
Шермадинди бир кеп менен мындайча.
Бул Шермадин бир чоңойгон шер менен
Жаш чагында тарбия алган бир жерден.
Ростеван хан Автандилге дос кылып,
Курдашыңа кубат болгун деп берген.
Акылдашы, жан жолдошу, кайраты,
Туура келбес Шермадинди кул деген.
Автандил эр ачып салды жүрөгүн:
«О, Шермадин, көлдөй терең күнөөнүн.
Кайсынысын сага айтып түгөтөм?
Сен тең шерик курдашымсың — мүдөөмдүн.
Тинатиндин махабаттык оту үчүн
Билбейсиңби эл, жер кезип жүрөмүн.
Тинатинди ойлой берип сары ооруп,
Ашык болдум, жүрөгүм дарт оронуп.
Махабатты айта албадым батынып,
Шер болсом да, шердик кайрат жоголуп.
Моюн алышкан бактылуу түн ичинде,
Мындай деген бир сөз айтты жалооруп:
«Ал качкын эр кайда барып жоголмок?
Таап келгин, гүлүм кайта торолмок.
Мен сеники, сен меники болоорсуң,
Күтпөй койсом алсын мени уу тозок».
Деген шерти кайрат берип өзүңө —
Ашыктыкка ууландарып жакпайбы от?..
Журт ичинде эр болгон соң атагым,
Жоо ичинде шердик антты актадым.
Келди... Мына, ханым үчүн кулча иштеп,
Убагында ушул улуу сапардын,
Бара жатам. Ашык жарың алдында —
Эр болгон соң адамдыкты актагын.
Мен башкарган калың шердин-шерисиң,
Мен ээрчиткен калың эрдин-эрисиң.
Ошондуктан ишенгеним жалгыз сен,
Ушул болсун башчылыкты беришим.
Мен келгенче колдорумду коротпо,
Мен келгенче башкарып тур эл ичин.
Аскерлердин кылда алдында жүрө бил,
Согуштарда колдоруңду түрө бил.
Жеңе жүргөн биздин шерлер адаты,
Дал ошондой келген жоону сүрө бил.
Мен кеткен соң, бөксөрбөсүн кол ичи,
Кан сарайда мен күлгөндөй күлө бил.
Казатта да, сейилде да мендей бол,
Болгондо да, эркин өскөн желдей бол.
Үч жыл күткүн, үч жыл сырды сактагын,
Кайтпай калсам, ак кудайым бербей жол:
Гүлүм турар, үмүт менен гүл ачып,
Жаш алып кой, курбум эле деп ошол.
Чоң сапарым туура үч жылга толгондо
Кайтпай калсам, кайтар мезгил болгондо:
«Күнү бүтүп, ажал жетип жаш кырчын
Өлгөн экен деп биле бер ошондо.
Ыйлап туруп хан алдына кабар кыл,
Казынамды чач жакырларга, кол-колго.
Ажал жетип өлүп калсам арга жок,
Сыр билдирбей колду башкар мага окшоп.
Кезек-кезек эсиңе алгын унутпай,
Элестесин балалык чак, жаштык шок».
Шермадинге ушуну айтып кол берди
Мына азыр бөлүнүшөт, коштошот.
Сырды ушинтип көлдөй төгүп бергенин,
Уккандан соң, эстен танды Шермадин.
Көздөн тынбай тама берди ысык жаш:
«Сенден калып мен күн көрүп нетемин?
Кошо ала кет, түшүп калса кыйындык,
Жанды берип сага жардам этемин.
Миң-миң шерди башкар дейсиң, шер болуп,
Эрчит дейсиң сансыз эрди мен болуп.
Мен канетип толтура алам ордуңду,
Жаралган соң, шердигиңден кем болуп?
Не жаралдым, жок болсомчу дүйнөдөн,
Тепселсемчи муздак кара жер болуп».
Муңайыңкы эр Автандил дейт анда:
«Ашыктыкка жүрөгү оттой жанганга
Токтоо бербе... Жаш чыкмакпы күйүтсүз
Себеп барбы башка түшкөн арманга?
Күйгөн күйсүн... эркин чачсын капасын
Ошондуктан, учсун жалгыз талаада.
Сенден башка таянар тоом ким эле,
Ордумду бас. Көп кайгырба тим эле.
Сенден башка анык сырдаш досум жок,
Сак болгула, жоолор каптап киргенге.
Колдорду бөл тегиз курчап калааны,
Аман болсом келем үч жыл ичинде.
Бактысыздык жулар миңдин тамырын,
Бирок мени колдойт көктөн тагдырым.
Кош болгула! Туура үч жылда кайтпасам
Үмүт үзүп кара кийип кайгыргын!
Ишенсин деп сага биздин зардалдар
Мына ушу осуятты калтырдым».
V
АВТАНДИЛДИН КАЛКЫНА ЖАЗГАН ОСУЯТЫ
Акылман шер жазган экен осуят:
«О, калайык, мага берген чоң урмат,
Камың үчүн эркин учуп ак куштай,
Кол алдыңда кылып бердим көп кызмат.
Эриктирбес, окушсун деп бу сөздү —
Автандилдин өзү жазып отурат.
Ук курдаштар, карыялар, жан калкым!
Акылмандар, башыңды иер адатың.
Жыйналган журт, мында келген уландар —
Куштай сызып ырдайын деп жол тарттым,
Жаа огуна куландарды кыйратам —
Күндүк менин, ошол болот оокатым...
Жолум алыс, кайда тынам, жок дайын,
Кучагында жалгыз учам жыл, айдын,
Санаам кайсы, санаам дайра учу жок
Жолум кыян болгон менен, жок кайгым.
Айтар кебим, калкыма жоо кол салса —
Кыраандарым, бере көргүн сазайын.
Шермадинге баш ийгиле таксырлап,
Сыйлагыла, мендей кылып кадырлап.
Бул аманда — соолубассың гүлбурак,
Силер үчүн күн боло алат жаркырап.
Баш ийдирет, арамдыгың бар болсо,
Ошол замат күм-жам кылып жок кылат.
Бир гүл ачтык. Оюбуз бир, максат бир,
Калкым сага, мына экинчи Автандил.
Жолборсторду сүрү менен сүрдөнткөн
Кара кулак шер экенин анык бил.
Кайтпай калсам калкым баарың кайгырып,
Деп койгула: «Арманда өлүп кетиптир».
Жакуттанган асыл сөздөр токтоду,
Соотун кийди — алтын менен сокконду.
Узатчулар калың тобун тең жарып,
Чыга келди, жан жигитин кошподу:
«Жалгыз сапар, жан эрмегим терең ой», —
Деп койду да көздөн кайып жок болду.
Досторунун эрчиткен жок эч бирин,
Кайыгындай калкып учсуз деңиздин.
Автандил шер жөнөп кеткен жери ушул
«Тобо» деген кеп ээледи эл ичин.
Үч күн тынып мына ушинтип жөнөду,
Кайдан кетсин тентек ойдон Тинатин?
Эки жагы бороон болуп шамалдап,
Чабышы эле, ал Автандил минген ат.
Алда кайда, алыс... алыс узады...
Муң аралаш, кайгы аралаш ыр ырдап.
Жолун тосуп, бөгөт кылган жан болсо,
Кылыч менен мойсоп кетип баратат.
Аскерлери эми билди бул ишти,
Акылмандар жапырт атка миништи.
Тоо кыдырып, ой кыдырып акыры
Автандилден айрылганын билишти.
Иреңи өчкөн, кумсарыңкы жамы журт,
Хан колуна башчы болмок кимиси...
«О, дүнүйө, тап экинчи кабыланды,
Тарытайын дегениңби, заманды.
Эл көсөмсүз, кол башчысыз калабы?»
Деген сөздөр калк ичинде таралды.
«Автандил жок» деген сөздү уккан эл,
Баары тегиз көздөрүнө жаш алды.
Шермадин да карап тура албады,
Хан шеринин арстандарын тандады.
Жыйын болду, мында осуят окулду,
Топ ичинде акылмандар бар дагы.
Кээси үшкүрөт, кээси оор дем алат,
Кээси аң-таң, жакаларын кармады.
Ошондо журт: «Бизге тийген күн болгон —
Автандилдин өзү тандап койгону оң,
Өз калкыңды эмесе алып жүрөрсүң
Колду сактап кыйын татаал жолдордон»
Бирден-бирден жыйын тарай баштады,
«Болсун», «Болсун» деген сөздөр чыккан соң.
VI
АВТАНДИЛДИН ТАРИЭЛДИ ИЗДЕП ЧЫККАНЫ
Жаркындуу жаз, жайнап турбас ар качан,
Мезгили бар, кезек менен алмашкан.
Назик гүлдөр соолуп калган саргайып,
Жай көркү жок, жалаң аппак кар баскан.
Мейкин талаа бороон согуп гүүлдөп,
Ызгаар суук туманданган Бадахшан.
Автандилге кандай капа бул кезек,
Айткан менен жолдошу жок, ким сезет?
Узап кеткен тууган араб жеринен,
Тааныбаган чоочун жерде жол кезет.
Тең шилтенген төрт аягы тулпардын
Дүбүрттөгөн дабыш гана ага эрмек.
Ачууланат, бороонго күч уланат,
Арстандай беттен чапчып бурганак.
Мындай азап өткөн жокко бир жолу
Чиркин дүйнө ач түлкүдөй шумданат.
«Тагдыр мага үйө бергин кордукту,
Не кылсаң да жалгыз башым чыдамак.
Коңур үндүү арфа күүсүн сагындым,
Үнүн кошуп ыр ырдаган жанымдын.
Жаш төгүшкөн ошол салкын түндөгү
Жароокерлүү шерттеринин бардыгын.
Чыда жаным, болот канжар кессе да,
Түбү келип сары алтын дейт сабырдын».
Шер жалгыздык кайгы ичинде тумчугат
Бирин-серин адамдарга учурап:
«Мен куугунчу алыс жактан келатам —
Жолборс түстүү шер көрдүңбү» — деп сурап.
«Билген жокпуз, андай укмуш укпадык,
Көргөн жокпуз» деген гана сөз угат.
«Күн кылкылдап баткан жерден таап кел,
Ошондо анан көкүрөктөн тарар чер».
Ал ким эле, жаткан колун жазданып,
Бир өзүнө энчиленген мейкин жер,
Ал терең сыр, ал Тинатин чеккен сыр,
Автандилдин издегени ошол шер.
Жердин үстүн айтуу кыйын болжолдоп,
Автандил шер кыдырды эркин желге окшоп.
Бүт аңтарды, барбаган жер калбады
Сурамжылайт. Жоопту укту: «Жок да, жок».
Болжолуна үч ай, токсон күн калды,
Кайтам деген үч жылы анан сап болот.
Үч айы кем үч жыл тентип издеди,
«Тулпарынын болсочу» — дейт издери.
«Уккан жокпуз, көргөн жокпуз» деген сөз,
Жанга батып, жабыркатып жиберди.
Элсиз, журтсуз айланып куш учпаган,
Какыраган боз талаага туш келди.
Мындан өттү. Жетип келди шамалдай
Калың токой дайрасы агат аралай.
Бир сулуу жер мына ага кез келди,
Жан жыргатып кененирээк дем албай.
Караманча өткөөл издеп кечүүгө
Жети күнчө туруп калды аялдаай.
Шер адашты, күндөр өттү саналып,
Үч жылга эми, эки ай — алтымыш күн калып...
Жол жабылды, мындан тулпар өтө албайт,
Куугунчунун калганыбы сандалып.
«Чыны менен сыр ачылбай калабы?» —
Деп Автандил ойго батат саргарып.
Аргасы жок, жатты жапан талаада,
Шер калкыды талаадан кең санаада.
Кайтып келдим, таппадым деп уялбай,
Калганымбы минтип эки арада:
«Же өтө албай, же кайрылып кете албай,
Кантип айтам Жылдызымдын алдында.
Жок, кайта албайм, улуу сапар бүтө элек,
Кайдан болсун жердин түбү түгөнмек?
Шерт коюшкан үч жыл деген жыл бүтүп,
Жалгыз башка аянычтуу күн түшөт.
Дагы аттанам. Жан курдашым Шермадин,
Хан алдында кабар кылат өлдү деп.
Ошондо анан Шермадин дос шолоктоп:
«Үч жыл болду, үч жыл күттүк келген жок,
Ажал жетип өлдү» — деп журт дуу ыйлар.
«Мен аманмын... эмеспи бул чын тозок,
Тирүү туруп, шек келтирбей кудайга,
Же элиме кайрылсамбы», — деп коёт.
«Жок болбостур. Бул кырсыктын бардыгы,
Эр жигиттен өтүп кетер акыры.
Же тагдырым түз бараткан жолумдан
Адаштырып кыйшык жолго салдыбы.
Чыдайынчы, алып кетсе мейличи,
Ташып аккан бул турмуштун агымы».
Дейт да Автандил: «Чыдай түшчү жаш денем,
Өлүм деген же бүгүнбү, же эртең.
Башка түшсө, амалың жок кутулар,
Жаш-карылык, шердигиңди билбеген.
Көкүрөктү тумчуктуруп кайгыга,
Бекеринче жаш төккөнүм бул эмнем?
Эрки келсе тагдыр сени кааламак,
Тырмагынан эр жүрөгү канамак», —
Деп Автандил, атка минип бастырды,
Таш агызып дайра суусу салаалап.
Агып жатат... Келе жатты Автандил
Чытырмандуу түнт токойду аралап.
Көбүк чачып күркүрөгөн суу шары,
Шуулдаган кайың, арча кучагы.
Кандай сулуу жер үстүнүн бейиши,
Ушул жерге шер тулпарын тушады.
Байкап турса даңгыраган жол жатат,
Мунарыктап алыстаган дагы ары.
Автандил шер өйдө туруп из карап,
Серепчилеп ошол жакка көз салат.
Жойлоп жүргөн аюу, жолборс, илбирстер...
Ок коротуп аткан менен не табат?
Көз жиберет дагы алыс... алыска...
Жок, көрүнбөйт кыбыр эткен адамзат.
Көптөн бери тамак жебей өңү азды,
Ошондуктан Автандилдин карды ачты.
Даам буйруп кулан үркүл өтөрдө
Кер жаа менен кере тартып салбаспы!
Кургак шилби... От да улуу жагылды,
Жалын чачып кызыл алоо, нур басты.
Атты агытты. Кайнап жатты таш казан,
Бышкан мезгил — эт салынган кашсачан.
Маңдайына күтүлбөгөн мезгилде
Аңгыча эле келип калды алты атчан.
Деп коюшат: «Ат чаргытып алыстан —
Кайдан келген биз көрбөгөн чоочун жан? »
Тура келди, жаасын камдап колуна,
Октор дагы даяр өз-өз ордунда.
Алты атчандын ичинде бар жаш жигит,
Башын таңган, иреңи өчкөн, ак куба.
Ат үстүндө араң турат теңселип,
Аянычтуу, жүрөгү аз-аз согууда.
Деди Автандил: «Кайдан келген жансыңар,
Азап көрүп, жабыркаган башыңар».
«Дос бололу, чоочубагын, тууганым,
Мындай күйүт сенде дагы бар чыгар.
Жөн эмессиң, кебетеңди байкасак,
Шер экенсиң, жардам бергин» — дешти алар.
Анда Автандил: «Аты-жөнүң айткын», — деп,
Суроо берип, жооп алат мындай кеп:
«Дөөлөт колдо жыргап маарып жашаган,
Үч бир тууган, үч бактылуу эр элек.
Болот чептүү, куштар учуп өтө албас —
Анык бейиш жерибиз болот Хатает.
Жоо куучудай коломолуу кол алып,
Согушчудай ок-дарыны мол алып.
Сейил курдук эриккенди жазууга —
Жолборс калың* болот деген, болду анык.
Биз ушинтип кыргын салып аңдарга
Келе жаттык кыйкырык, ызы-чуу салып.
(*Калың – көп)
Жок дейсиңби жаа тарткычтар көзгө атар,
Үч бир тууган мерген элек түз тартар.
Эрегишип атып бара жатабыз,
Олжолорду жыйнап жүрөт башкалар.
О, айтпачы, кол да кызып алган кез,
«Мен кыйынмын» деген гана мелдеш бар.
Теке, кулжа... Сан жетпеген атка арттык
Ошол жерде кол жарымын аттанттык.
Нарк жетпеген олжо менен тунжурап,
Алар кайтты үйдү карай жол тартып.
Бизде калды ок сунгучтар тандалып,
Чыкты белем көкүрөктөн чер балкып.
Андан нары дагы зуулап биз кеттик,
Ой, кырлардан өттүк, тулпар тердетип.
Баратканда ойноп, күлүп шарактап,
Бийик жарлар, көп аңдарга кез келдик.
Мында калың улар жана тоодактар,
Кулай берет урган таштай топ этип.
Чоочуп кеттик, маңдай жакты жалт карай,
Бирөө чыкты минген аты жагалмай.
Кийип алган чулгап жолборс терисин,
Кабактары салыңкы шер адам-ай,
Чагылышып анын күндөй бетинен —
Көз уялды... жакын басып баралбай.
Баракелде, ал бир каухар гүл эле,
Мүчөлөрү жалаң жакут түр эле.
Кең асмандан мейкин жерди балкытып,
Жаркын нурун чачыраткан күн эле.
Өз-өз ара бүтүм кылган кеңешип:
«Байлаш керек» деген биздин үн эле.
Эки инимден: «Мен барам», — деп сурандым,
Ортончу иним: «Мен барам деп турамын» —
Деген замат, кичүү иним: «Агалар, —
Деп жиберди — мен сыналчу убагым».
Макул болдук. Сала берди качырыд
Жанагы шер, чоочуп койбойт ургаңың.
Бетин жууп, берметтенип жаш тамат,
Байкап көрсөк, көзүндө жок кыянат.
Айбанбы деп, адамбы деп байкабайт,
Улууларга салам берчү жок адеп.
Арт жагында күйкө ээрчиген бүркүттөй,
Мына ушинтип өтө бердик сабалап.
Жолун ачып четке чыга бергенде,
Кичүү иним жетип барды эр неме.
Курчтук кылып, мурунураак кол салып,
Бир кыйкырып: «Токто ордуңда» дегенде,
Камчы менен бир басканда... шордуу иним, —
Ат үстүнөн кулап түштү сенделе.
Шер колунан ырайымсыз сокку жеп,
Күнөөсүз кан агып жатты диркиреп.
Кыян жүрүп аскадан таш баскандай,
Талкаланган баш сөөктөрү бириндеп.
Кабылан баатыр не кылдым деп сезбестен,
Шашпай гана жай бастырып илкитет.
«Карап турдук караан узап кеткиче,
Бара жатат көрдүңбү ана тигинде».
Автандил шер баткан айы чыккандай,
Атка минди, колу тийди тизгинге,
Жарк этти өңү, ачылган күн сыяктуу:
«Бар экенсиң чындык, эми билдим ээ?»
Дейт Автандил: «Айлар, жылдар... жол жүрө,
Таалайсыз шер — арып-азган мен бирөө.
Санаа сырын эми ачып олтурам.
Тентип жүрүп өзүңөргө туш келе.
Азабыңдын жазсын мага жармысын
Таптым эми, издегеним ушу эле.
Жабыркаган күнөөсүз жаш баланын —
Жүрөгү өлбөс, Кудайым берер жардамын,
Жазганына не кыласың айла жок,
Эрки ушундай, бул адилсиз жалгандын,
Таптым изди, мен адашкан куугунчу» —
Деп Автандил тартты аларга тамагын.
Билебиз го шердин чыдап турбасын,
Ал калкыган асмандагы ылаачын,
Же эки шер кетсе бүркүт сыяктуу
Бирин бири тээп майып кылбасын?
Эки кабылан күн менен ай сыяктуу.
Жолуксунчу, жер дүйнөнү нур бассын.
Автандилге мындай деген ой келди:
«Чоочубасын, жай жүрөйүн кой» — деди.
«Айтаар сөздү ойлоп туруп айтайын
Кылып албай өзүмө өзүм кедерги».
Өзү айткандай жорто жүрүп келатты,
Аралыгы аркан бою калды эми.
«Катуу тийсем, келише албас ыркыбыз,
Арстандай түктүйүшөр сыртыбыз,
Кармашарбыз катуу болор кагылыш,
Же мен жеңип кайтып келем сес кылгыс.
Ошол жерде же ал мени мерт кылып,
Безип кетер жер дүйнөдөн ың-жыңсыз».
Анда Автандил: «Болотту урба болотко,
Экөөнүн тең мизин жокко коротпо» —
Деген кеп бар: «Кан төккөндө не пайда,
Акмалайын бир жерге акыл конотко.
Асманда эмес, айтор, жердин үстүндө —
Ат чалдырып уктоочу орду болотко».
Баратышат, бирин бири карабайт,
Эки ортодо дарттуу көз жаш аралайт.
Сүйлөшүү жок, эс алуу жок экөөндө,
Эки кабылан элес-булас караандайт...
Өттү эки күн, өттү эки түн ортодон,
Жанагы экөө тамак да ичпейт, наар албайт.
Күн да батты... Түн жарымы болгондо,
Ай кучактап көктө жылдыз толгондо...
Айланасы камыш менен курчалган —
Туш келищти, аңгыча көп коолорго,
Кандай тынчтык, бир шырп эткен дабыш жок,
Кайың, арча, сайма тарткан тоолорго.
Чаар жолборс териси бар үстүндө,
Жанагы шер токтоду бир үңкүргө.
Мына Автандил жашынды эми акырын
Шашты белем аттан ыргып түшүүгө.
Түштү атынан. Турса дабыш билгизбей,
Бирөө чыкты убайымдуу үшкүрө.
Анда Автандил бутактарга жашынып,
Шер токтогон — жетти үңкүргө ашыгып.
Карап турса үлбүрөгөн бир жаш кыз,
Тура кальщ кучактады асылып.
Жаш балача, боздоп муңдуу ыйласа,
Аянычтуу кан аралаш жаш чыгып.
Жаралуу щер: «Боорум Асмат бир карып,
Элсиз жерде тагдыр минтти сандалтып.
Башыбызга дагы кыйын күн түштү —
Түн ичинде көпүрөнү сел алып».
Дейт да өзү жаш сулууну сооротот,
Кайгыргандай алда ичинен дем алып.
Тагдыр ыйды ушуларга жазганбы?
Кеткис кылып маңдайына басканбы?
Кучакташып муңканганда адам ай,
Коргошундай балкытты бейм таштарды.
Карап турган кыраан баатыр Автандил —
Бул да эриди... жашырына аз калды.
Кыз муңайым, убайлуу анын жүрөгү,
Кең үңкүргө — өзү көргөн түндөгү,
Жанагы шер барып атын токунду,
Кыз буралып алып берди жүгөндү.
Кай жаккадыр аттанууга камынат.
Дейт Автандил: «Окуябы түштөгү?»
Карап туруп аң-таң калды буларды,
«Байкайынчы, жашырынган сыр барбы,
Кайда барат, кайда аттанат болду экен?
Эмне кылсам?» — деп өзүнөн сурады.
Жанагы кыз чыгып келди үңкүрдөн,
Кара көйнөк жерге тие чубалды.
Алып берет шердин каруу жарагын,
Билип болбойт шердин кайда барарын.
Кучакташып өбүштү да, коштошту...
Укту Автандил деген сөздү: «Каралдым».
Ошол жаш кыз көз ирмебей далайга,
Карап турду үзүлгөнчө караанын.
Аны Автандил көрдү экинчи таптаамай,
Сүрдүү иреңин толук байкап, жазганбай.
Анын бети жайкы салкын түндөгү
Жанды эритип нурун чачкан толгон ай...
Өз ичинде сынап көрсө, келбетин
Тоо эчкини баса калчу арстандай.
Келген жолдун дал өзүндө баратат,
Ошол калың токойлорду аралап,
Бирде чыгып белестенген кырларга
Бирде жайык жерлер менен сабалап.
«Же кайрылбай ошол бойдон кетеби?» —
Деп Автандил ойлой-ойлой таң калат.
«Кара үңкүргө азыр түшүп барайын,
Ким экенин кыздан билип алайын,
Жер, элимди, өз дайнымды туюнтуп,
Кыз алдына сырымды ачып салайын.
Шашпа жүрөк, шашпа үмүт сабыр кыл,
Шашпа таалай, сырдын учун табайын».
VII
КАРА ҮҢКҮРДӨ АСМАТ МЕНЕН АВТАНДИЛ СҮЙЛӨШТҮ
Басып барып чечип алды тулпарды,
Көргүн эми кызды карай учканды.
Жакын жерден ат дүбүртү чыккан соң,
«Кайта айнып шер сапарын бузганбы», —
Деп ойлоду. Шашып чуркап кыз чыкты,
Керө коюп, кайра үңкүргө чуркады.
Ойлонгону башка чыкты, чоочун шер,
Ошондуктан кыз чочубай канетер...
Жанталашып, качты аскага жармашып
Автандил да түштү атынан кайран эр,
Шашпай гана колдон барып кармады,
Туйлай берсин торго түшкөн ак кептер.
Автандил ким, ал бир бүркүт кырааның,
Аң кача албас, жайган кезде тырмагын.
Кыз ким эле, ал бир алсыз коёндой,
Биле албаган кантип аман чыгарын.
Жаш кыз ыйлайт, жаш кыз кантсин жалынат,
Анда Автандил: «Чоочуба, — дейт — чырагым.
Байкап көрчү мен да окшойм го адамга,
Гүл өсмөкпү, кумдуу какыр талаада?
Бир кызыл гүл, бир жашыл гүл кор болуп, —
Боорум ооруйт — соолуп бара жатканга.
Өзүң окшош жаралуунун бирөөмүн
Сабыр кылчы, ыйлабачы, садага.
Айтчы баарын, жашырбачы калам каш,
Ким жанагы чынар бойлуу сулуу жаш?» —
Деп жалбарып сураганда Автандил
Мындай деди тура калып карындаш:
«Акылың жок калдас жигит экенсиң,
Кулпуну ач да, анан алтын капканы ач...
Ташка тийсин айткан сенин бул сөзүң!
Жолуңа түш, көзүм сени көрбөсүн.
Абалым оор ичте гана сакталат,
Сыр сураган уяты жок ким өзүң?
Жаралуу жан көтөрө албас дабаны
Жок, айта албайм. Бекер жооп күтөсүң».
«Туйгун элем, учкан канат жетилип,
Жетпей жүрдүм талап жок го серпилип,
Баскан жолду, жуткан уулуу муң-зарды,
Ойлоп көрсөң көз алдыңа келтирип.
Билер элең... Уялбастан жаш сулуу,
«Кет» дегениң болбос бекен чекилик».
Жаш кыз анда: «Аты-жөнүң ким болот?
Дейсиң — жүрөк бир күйүттө тең согот.
Көкүрөккө салдың ызгаар суукту,
Оттуу денем, өз кубатын жоготот.
Жок алданбайм, бекем жүрөк капкагы,
Суу сепкен соң кайра жанбас өчкөн от».
Автандилдин нурлуу иреңи чарчаңкы,
Жалынуунун миң бир кылын аткарды,
Эмне болгон таштан бекем катуу кыз,
«Айтпайм» деген сөздөн тилин тартпады.
Автандил шер сууруп чыгьш канжарын,
Мына ошондо алкымына такады.
«Бул сыр үчүн кандай жолдор баспадым,
Атым арып, өзүм да абдан чарчадым,
Десем дагы ишенбедиң таш боор кыз,
Жалган айтсам күнү бүтсүн жаш жандын».
Дейт Автандил: «Тагдыр өзү кечирсин,
Эми чындап, жеткени ушул ажалың».
Дейт сулуу кыз, көзү оттой чачырап:
«Жоругуңа жаш азамат, ыракмат,
Өлтүр мени, кал сообума эр жигит,
Бул окуя болуп калмак жашынмак.
Барлык сырлар жер астында чирисин,
Көрүм дагы бекемирээк жашырмак.
Бул азаптаң чык деп мага кол берген,
Азамат жок, тегерегим ор терең.
Куштарга окшоп учсам деген талпынып,
Мен капаста, тагдыр чыкпас тор керген,
Өлтүр мейли, өмүр мага кызыксыз,
Өз жанымды кыя албаган шордуу элем.
Дүйнө мага түк кызыксыз супсак даам,
Тагдыр муңга жүрөгүмдү уулаган.
Мен жок болсом: токтойт кайгы булагы,
Мен бир шордуу ыракаттан кур калган.
Өлтүр мейли, аманат сыр антташкан,
Айтчы, жигит, кантип айтып бере алам?»
Чолпон көзү ак сымаптай жаш ала:
«Бул сөзүңдү айтсаң боло башкага», —
Деп Автандил кынга салды канжарын,
Мыкаачылык кыла алмакпы жаш жанга...
«Шертиңди аткар» — деди ошондо сулуу кыз,
Өйдө туруп басып бара жатканда.
Курган күйүт үстү-үстүнө артылды,
Автандилдин башы жерге салыңкы.
Эми экинчи сүйлөбөймүн деп чечти,
Бир нерсенц биз байкабай калдыкпы.
Мына шумдук, кыз да жумшай баштады,
Эки жүрөк бирин бири тарттыбы.
Байкап турган анда Автандил не көрөт,
Жаш сулуунун кыялдары өзгөрөт...
Кай жактаңдыр пайда болду сур булут,
Жамгыр төгөт, гүлдөр эми көгөрөт.
Ошондо шер мындай деген сөздү айтат,
Кыз алдына тура калып чөгөлөп:
«Күлүк ээси өлчөм менен жем берсе,
Күлүк чуркаар кызый-кызый тердесе,
Сан күлүктөн чыгып келе жатканда,
Көнөр беле «чуркабагын , жел» десе.
Мына ошондой менден болду чекилик,
Күнөөмдү кеч, бир эсе эмес жети эсе.
Ырас, аным мойнума алам шашмалык,
Махабаттын дартын ойлоп тапкандык.
Сиз тараптан болгон жокко, карындаш?
Эмес бекен уу кошкон суу тарткандык?
Алам десең берер элем жанымды,
Берген болсоң бир ишимди аткарып».
Кыз укканда деген сөздү «Махабат»
Муңдуу айдай, өксүп ыйлай муңканат.
Бирде акырын, ичтен сызып, уу жутуп,
Бирде катуу ыйлаганын — жер карап
Көрдү Автандил... Саргарган гүл селт этти
Булак суусу куюлган соң чакалап.
Дейт Автандил: «Бул эмне үчүн муңканат?
Мында дагы бар го азаптуу махабат».
Карындашым! Кыйын экен ашыктык,
Качса күлүк... Кууса жетпес буудан ат.
Сүйүү деген — эрегиштин ичинде,
Же жашоону же өлүмдү сурамак.
Ашык болдум, шоолам эстен тандыра,
Биз бир түнү... түштүк кызыл жалынга,
«Ошол шерди жоктон издеп тапкын» — деп,
Буйрук берди... Мен олтурам жаныңда.
Тентип жүрүп таптым ошол максатты,
Жаш күнүмдү, жаш жүрөгүң көрсө ыраа.
«Кулпуланган анттуу сырды ачып бер,
Жүрөгүңдөн жүрөгүмө жазып бер.
Дүйнө мага кишен салды чыга алгыс,
Бактым сенде, этегиме чачып бер...
Же болбосо ыраазымын өлтүрүп,
Колуң менен көмүп кеткин казып жер».
Бул муң... Ыйлар, элсиз сулуу тоолордун
Аска, жарлар, кырларынан алды орун.
Ал гана эмес, сыр дайрасы жаш сулуу
«Кой, эр жигит, мынча жашык болбогун,
Кел өтөлү, сүзүп түпсүз деңизден,
Дей салбаспы — сен экенсиң бир боорум.
Махабатка менден жардам сурасаң,
Аткарууга даяр турам ар качан.
Мен сен үчүн өлумгө да даярмын,
Жетпей кайтпайм, бир ишти эгер баштасам.
Жакшылыкты сактап катып жүрөрсүң,
Бул дүйнөдө канча жашка жашасаң.
Кулак салып муюп тургун сөзүмө,
Баарын байка пайда болоор өзүңө.
Муну иштөөдө бир кемчилик кетирсең,
Боордошум чынды айтайын көзүңө:
Маскаралык тонун кийип үстүңө
Эки ортодо учурарсың өлүмгө.
Карындашың шертин ишке ашырсын,
Саргаргандын самаганын тапшырсын.
Ишенбеген ишенич жок адамга,
Айтпа деген анттуу сырлар ачылсын,
Шек билдирип, кылдай күнөө кетирсең,
Өчкүс болуп өз чекеңе жазылсын».
Автандил да кепке кемчил жан бекен,
Анын сөзүн илип кетти ал жерден,
Баштап калды мындай деген дастанды
Акылман шер кайдан ойлоп тапты экен:
«Бизге окшогон кумдуу чөлдө адашкан,
Бир заманда эки жолдош бар экен:
Келе жатып алдыңкысы байкабай,
Бир кудукка кулап түшөт камгактай.
Жолдошу анын: «Кокуй, аркан бар беле,
Тартып алам», деп кыйкырат сөз таппай.
Анан кантет, мындан башка эмне дейт?
Кумдуу талаа ойлоп башка таппас жай.
«Аркан менен эптеп тартып алмаксың,
Мындан чыгып анан кайда бармакмын», —
Деп каткырат кудуктагы жолдошу:
«Жаныңа тынч, сен да ушундай ор тапкын».
Мен да ошондой... кудуктамын карыңдаш,
Аркан берип тартып ал да, жол ачкын».
Кыз муңаят: «Шер кебиңдин жөнү бар,
Мында кайнайт чанда болчу акылдар,
Эл-жериңден бир сыр үчүн адашкан,
Боз туйгунсуң, шашпа багың ачылар.
Тулпарыңды коё бергин агытып,
Эки-үч күнчө ушул жерге тынып ал.
Шумдуктуу шер ким эле деп сурасаң,
Айтар элем, алым келбейт, жок дарман.
Күтө тургун кайтчу учуру боло элек,
Колум барбайт ант кулпусун ачкандан.
Өзү алдында ез оозунан сырын ук,
Айтып берер... Сендикмин деп анттансаң.
Экөөбүздү бир боор кылган ушул жер,
Мен алсыз кыз, сен кабылан баатыр шер.
Өзүң кимсиң? — деп сурадың муңайып,
Атым Асмат, жаш жүрөгүм баскан чер.
Ал жанагы жолборс түстүү ким десең:
Каңгып калган капалуу арстан — Тариэл.
Жолго чыкса, жолборс түсүн оронот,
Бир аттанса, далай күнгө жоголот.
Азык кыл деп, таштайт кийик эттерин,
Кээде күлүп, кээде кайтат бороондоп.
Бул үңкүрдө жата берем зар ыйлап,
Он-он беш күн кайтпай калган чак болот.
Жолун тосуп, күлүп жарпын жазайын,
Тандап-тандап бал сөздөрдөн баштайын.
Эсебин таап беттештирип экөөңдү,
Сыр төгүүгө анан ээн таштайын.
Махабаттын кушун кармап ошондо,
Жүрөк менен жүрөктөргө жазгаймын».
Асмат сулуу оозунан бал тамызды.
Шаттык басты, Автандилдей жалгызды.
Дабыш чыкты суудан бирөө кечкендей...
Ат дүбүртүн булар сезбей калышты.
Ай нуруна жашырынган жылдыздай,
Далдааланып жар бурчуна жабышты...
Асмат айтты: «Чыкты үстүнөн жаш тилек,
Тариэлдин өзү тура... Тезирээк —
Жашынып кал, сезип кала көрбөсүн!
Мен жетейин, бир аз гана сабыр эт.
Көңүлү ачык, бүгүн жолу болгондой,
Эми бакыт — өз колуңа берилмек».
«Келип калды, камынгын», — деп кыз шашты.
Кол кармашып үңкүргө экөө чуркашты.
Мына аңгыча аттан түштү Тариэл,
Жер дүйнөнү жарк-журк эткен нур басты.
Кыз муңайып атын барып алганда,
Кучакташты, дагы кандуу жаш акты.
Кыз, Тариэл ый көлүндө термелет,
Көргөн азап экөөнүкү тең келет.
Бир жылчыктан карап турат Автандил:
«Качырган куш колго түшкөй эле», — деп
Оор үшкүрүп кирди үңкүргө Тариэл,
Басып кетти кыз тулпарды жетелеп.
Автандил шер торго түшкөн торгойдой,
Жаткан кези, баткан кези ойдон-ой,
Шумдуктуу шер, кийген жолборс терисин —
Ташка олтурду, чечип салып опоңой.
Автандил эр анын жашын караса,
Жылт-жылт этет каухар тизип койгондой.
Чала уйкулуу канталаган көзү бар,
Алп денелүү, кадим кабылан төшү бар.
Зындан ташы басса дагы муң-зардын,
Кебелбеген кара тоодой өзү бар.
Кыз буралып жай башкалайт олжону,
От чачырап, басты кызыл жалындар.
Жатты, уктады мас болгондой уйкуга
Турду чоочуп, өз-өзүнчө кызууда,
Ызаланып жулкуп алып таштарды,
Долуланып көкүрөгүн урууда.
Кыз жалбарат, эмне болуп кетти деп,
Чыдай албай даяр бетин тытууга.
«Эмне көрдүң, эмне болду абаке,
Кеч аттанып, бүгүн кайттың неге эрте?»
«Анда жүрсөм, кай жактандыр калың кол —
Кезигишти кол башчысы хан эле,
Аскеринин бардыгы жаш, жарактуу...
Соо куткарбас, мындайларга бет келбе.
Кылкылдаган, эсеби жок, кол түмөн,
Көрө салып айкырык уу-чуу үн менен,
Кууп калды... аттын башын жалт буруп,
Бир токойго жашырынып калдым мен.
Кимдер экен, кайдан келген хан экен?
Кармашууга аттанмакмын дагы эртең».
Асмат айтат: «Ырас, өзүң жолборссуң,
Элсиз талаа, тоолор сенин жолдошуң,
Жер үстүндө... адамзаттын баары кас,
Күндө согуш, коркунучтуу жолдосуң.
Жалгыздыгың чындап башка түшкөндө,
Таяныч болор эч болбосо, жок досуң.
Байкап көрсөң, уч-кыйыры жок жер кандай,
Мына ушунда сен учасың шамалдай,
Кандай жакшы досуң болсо жаныңда!
Жалгыз башка күндөр түшмөк ар кандай.
Минтип жүрүп өлүп калсаң кантесиң,
Жан кошушкан жаркыныңа жете албай?»
Шер мындай дейт: «Боорум Асмат угуп тур:
Сенин сөзүң булуттарга жеткен нур.
Жан шериги көздөн учат кол жетпейт,
Жолдош табуу мезгил беле бул учур?
Үмүттү үзсө, карматпаса махабат...
Кантем анан бир кашык уу буйруптур.
Кайда күндөр жылдыздардан суурулган?
Кайда сайран, ысык оюн курулган?
Кайда ырлар айга жетип эң мурда
Бал кошулуп анан бизге угулган.
Жок ал чактар, дартым оор чоюндай,
Ким жаза алмак, айтып берчи, сулуу жан?»
«Бир сөз айтам, угуп тургун» — деди Асмат.
«Таалайыңды жарк эттирмек, бул кызмат.
Чырмалышкан татаал жолуң даңгырап,
Айың тууп, тапталмакчы барлык дарт.
Чын батынып анан чечип бере алам,
Өз оозуңдан берген болсоң уруксат».
Эр таң калат: «Сенин сөзүң тумандай,
Калтырадым токтоо берип тура албай,
Боорум Асмат, мен талаанын жолборсу...
«Айың туумак» деген кебиң бул кандай?
Кыялыңа таң калууга жөнүм бар,
Айтчу элең го «уруксатты» сурабай».
Асмат айтат: «Жакшы, мындай ойлосоң,
Кем түшпөгөн өзүң окшош жолборстон.
Бир сен үчүн эл-жеринен тентиреп,
Бирөө келди, кабылан баатыр жолдоштон.
Бер антыңды... карындашың көрсөтсүн,
Чоочуп кетип, майып кылып койбосоң».
Тариэлдин от көзүнөн жаш ыргып,
Кубангандан дүйнө күлдү жаз чыгьш.
Көз алдынан учту бакыт куштары,
Мына-мына кайран алтын жашчылык!
«Ант беришем, эр жарагы астында,
Көрсөт, боорум, жакшылыкка-жакшылык».
Автандилге сунуп Асмат оң колун
Жүр дейт, — шашып, иш жайында бир боорум.
Басып келди, карашты экөө бир бирин,
Жан-жаныбар, куштары ошол тоолордун.
Токтоп калды. Мына ошондо Тариэл
Айта салды: «Сен экенсиң чолпонум».
Бир бирине улам жакын басышат,
Жер дүйнөгө жарык шоола чачышат.
Эки кабылан кучакташып көрүштү,
Ай менен күн калкып бара жатышат...
Бул экөөнөн көктөгү күн уяльга,
Аалам тынып, кызыгына батышат.
Кандай чебер, сайма менен саймалап,
Кандай чечен бир сөз менен айта алат?
Сүйлөшө албай талып туруп калышты,
Ичтеринен дем чыгарбай бирар саат.
Тариэл күн, Автандил ай, Асмат кыз,
Көктөгү уяң жылдыздардай байкалат.
Автандилдин колун кысты Тариэл,
Автандил да мындай жерге кыраакы эр.
Эки максат, эки жүрөк бир сокту,
Тагдыр буйруп, бир чыккан соң тилектер.
«Бөлүнгүлө, өз жолунда күн сүзсүн,
Деди Асмат, — кудай күнөө келтирер».
Чеги бүттү, тальш карап турунггун,
Дейт Тариэл: «Запкысын жеп турмуштун,
Кордук көргөн жүдөө кейпиң бар экен,
Жериң кайсы? Кайдан учкан туйгунсуң...
Айт курдашым, атың-жөнүң ким болот?
Жараткандын кандай байкуш кулусуң? »
Анда Автандил: «Мен бир жолборс, сен кабылан!
Э, Тариэл, мен бир араб каңгыган.
Чыккан жерим, баскан жолум курдашым:
Тээ тетиги, кум чөлдөрдү жамынган...
О, көз жетпейт. Минтип жүргөн себебим,
Сүйүү оту жүрөгүмдө жагылган.
Ашыгыма ашык болуп эл бездим,
«Жолбун шерди издеп таап бересиң...» —
Деп буюрду ашык жарым. Тариэл —
Бир нерсени эсиңе алар бекенсиң?
Куугунчулар, хан колдорун кыйратып,
Сен ошондо жолго сала бергенсиң.
Менин ханым сени көрүп уялды
Окуяны билесиң го баягы?..
Эки-үч жолу аскерлерди жиберди,
Жаман жорук, кандуу болду аягы.
Мунун баарын өзүң көрүп тургансың —
Үзөңгүдөн хандын буту таярбы.
Сууруп алып, кылычыңды чыгарып,
Эмес эле, адам чыдап турарлык.
Улам шилтеп, бара жаттың карабай,
Күнөөсүз баш калып жатты куланып.
Хан аттанды... Сен жок болдуң закымдап
Аң-таң болуп ээн талаада биз калдык.
Үйгө кайтты, хан көңүлү карандай...
Иреңи өчүп, купкуу болуп самандай.
Журт жыйналды... күбүр-шыбыр тарады,
«Жаман укмуш болуп кетти бул кандай?»
Төгөрөктүн төрт бурчуна кол кетти,
Келип жатты, издеп-издеп табалбай.
Бир күнү анан, келсин дептир, Жылдызым,
Тийген күнүм, ашык жарым, ырысым.
Ким болду экен ошол муңдуу жолбун эр.
«Таап кел», — деп уктум буйрук кылышын.
«Мен сендикмин, күтөм», — деди жалбарып,
Ушул болду менин тентип чыгышым...
Насип берип, туз буюрса тагдырым,
Туура үч жылда кайтамын деп шерт кылдым.
Түк дайның жок, «көрдүм» деген бир сөздү,
Эч болбосо, угамбы деп зарладым.
Үч бир тууган акырында кез келди,
Мына ошолор айтып берди бардыгын».
Тариэл шер көзүн жумуп калды эстеп:
«Аттиң жаштык чагым эле, эселек,
Кайдан билем адилдигин ханыңдын».
Санын чапты, — бекер кылган экем — деп.
«Оңго-солго, кырганым чын колдорун,
Ооба, досум, билем эстен чыга элек.
Сейил куруп, силер келе жаттыңар,
Көккө атьглып, минген азоо атыңар.
Мен олтурсам ыйлап дайра жээгинде,
Бирдеме деп көпкө акылдаштыңар.
Байкап турсам, куугунчулар бөлдүңөр
Муну көрүп кантип кайгы жазылар?
Мен шордуудан билбейм эмне күттүңөр?
Жанга батты шылдың кылган күлкүңөр.
Жаралуу жан кетөрмөкпү мындайды,
Арт жагымдан сая кууп түштүңөр.
Жанталашып боздоп жатты колуңар,
Мына ошентшт майтарылды күчүңөр!
Хан келатат, артымды жалт карадым,
Уч дегенде сызып канат жаярым.
Минген атым, жөн ат эмес, канаттуу ат,
Бир дегенде жок болууга даярмын.
Сакалдуу экен, кол кайруудан уялдым,
Эл көсөмсүз калабы деп аядым.
Үч дегенде төрт аягын төшөлтүп,
Атым учту... Сапарды алды оң түштүк.
Бир белестен бир белеске жеткиче,
Биз кеткенбиз, жолго он беш күнчүлүк.
Дарт жүрөккө даба болгон ханыңды —
Ыза кылып кеткен элек ошентип.
Чынар бойлуу, күндөй нурлуу курдашым,
Айлар... Жылдар... издеп келип турасың.
Максат ашып колго тийип махабат,
Көлдөй аккан көздүн жашы кургасын...
Акыйкатта кечире көр күнөөмдү,
Тагдырымдан ушул менин сурашым».
Анда Автандил: «Күн дегениң жок макташ»,
Сендей шерге келе албасмын катарлаш.
Жексен болуп жер алдында жатса да,
Өз өңүнөн өчмөк эмес каухар таш,
Өлүп калсак бир көмүлсүн сөөгүбүз
Кайда болсо бирге болсун азиз баш.
Күтөт мени, күтмөк мени ашык жар,
Үмүт үзбөйт, өтсө дагы көп жылдар.
Мен барганча, колум турмак эсен-соо,
Душман өтпөс, чеп согулган алтын шаар.
Аттаналы ташын талкан кылалы,
Айтчы, досум, сенин кимде өчүң бар?»
Тариэл шер: «Курбум, кандай сөз табам?
Кубангандан жашыбазга жок чарам,
Ыраазымын, досум, сага айтаарым:
Бул жүрөгүм сага болсун байланган,
Кайда сүйүү, үзсө торду карматпас»
Кабылан шер мукактанып деди араң.
Сөзүн улап: «Сен ак кулу жарыңдын,
Ал билбесе, тагдыр билет бардыгын.
Сүйүү күчү өзү калыс, биз эмес,
Ошондуктан аманын күт жаныңдын.
Эми курдаш сырымды айтып берейин,
Арасында күйүп кызыл жалындын».
Теребелди басып калды жымжырттык,
Асмат турду кара көзүн кылгыртып.
Тариэлде дайра сырлар ачкычы,
Бир саатча эки ортодо тымтырстык...
Бул үчөөнү учкул санаа мингизип,
Алып чыкты жер дүйнөнү кыдыртып...
«Асмат, боорум, сыр кулпусу сен жалгыз,
Күйсүн өөрчүп, жүрөк отун кел тамыз.
Көз жашынан чалкыган көл туулсун,
Аркы өйүзүнө канаттуу куш өтө алгыс,
Өлчөм менен үч жүрөккө бөлүнсүн,
Дос алдында айтылуучу бул парыз».
Дейт Тариэл: «Асмат, бери жакын кел,
Жүрөгүмдөн жалын түтөп чыкса эгер,
Сөзгө кызып, долулансам билерсиң,
Өрттөнбөйүн, муздак суудан куя бер.
Азапты эстеп сен дагы ыйла кошулуп,
Элестесин баштан өткөн-кеткендер».
Күн кылкылдап батып бара жаткан чак...
Күңүрт нурга балкып турду туш-туш жак.
Жоо-жарагын чечип таштап Тариэл —
Бул мезгилде бек катылган... Сырды ачат.
Бирде күлүп, бирде ызалуу чер жазып,
Көз жаш менен мындай деген сөз баштап:
«Кырчын талдын ким кести экен бутагын,
Боз туйгунга ким жайды экен тузагын.
Жаңы гана... өскөн сүйүү гүлүнө,
Суу ордуна кандай таш боор уу чачтың.
Койсоң боло, о, оңбогон шум дүйнө,
Ашыктыктын билбейеиңби убалын».
VIII
ТАРИЭЛДИН АВТАНДИЛГЕ АЙТКАН СЫРЫ
Эмесе, сырды айтайын чын курбулук,
Автандил талаа шери кангын угуп.
Ашыктык — сырдын ушул түйүндөрү,
Ашыктык — оору кылды тумчуктуруп.
Ашыктык — досум менин кууган кушум,
Алдыңда жатпаймынбы алдас уруп.
Муну айтсам тилим сөзгө араң келет,
О, жүрөк сокконун көр, элеп-желеп.
Автандил, күнүм оор, сүйлөө кыйын,
Көздөн жаш кан аралаш тегеренет.
Адашкан гүл бакчадан мен бир булбул,
Ашыктык бардыгына болду себеп.
Айыкпас илдет оору, менин оорум,
Жаралуу, көтөрүлбөйт жерден боорум.
О, курдаш, мен да бирди сүйгөн элем,
Сүйгөнүм калды ичинде темир тордун.
Жете албай акырында мына минтип,
Карчыты талкаланган шумкар болдум.
Жети хан болгондугун Индостанда,
Айтпайын — бул белгилүү бардык жанга.
Акылман алты ханы Индостандын,
Караган жалгыз гана Парсаданга.
Парсадан өзү баатыр, жоомарт келип,
Ала алган ошондуктан кол алдына.
Өзүнчө өкүм кылып, хандык курган,
Нечен жыл доорон сүрүп жашап турган.
Оң колу, алтын чеби Индостандын —
Жетинчи ханы болгон менин атам.
Келген жоо нечен жолу майтарылып,
Экен го — дешип кеткен алп Саридан.
Бир күнү атам элге той өткөзөт,
Жатканы бейиш багы, алтын төшөк.
Дүйнөнү көздөн чууруп, ойлоп келип,
Негедир өзүн-өзү жалгыз сезет.
Деп чечет: «Өзүм барып хандыгымды,
Өткөрүп Парсаданга берсем кантет».
Нөкөрүн Парсаданга бар деп жумшайт,
Дейт атам: «Хан алдында мындай деп айт:
Хандыктын көктөгү алтын казыгысың,
Индостан сен куурасаң, кошо куурайт,
Журтумду, жер-энчимди, бийлигимди —
Алсын деп Саридан хан Сизден сурайт».
Парсадан бул кабарды алар замат,
Ойрот эл* алты ханга жар чакырат.
Бир колу Индияга татый турган,
Кошулду жетинчи хан бали, ыракмат.
Өрлүктөп кут болсун деп жаңы конуш,
Той жасап анан мындай жооп жазат:
(*Ойрот эл — дүйнө жүзүн калтаган эл)
«Саридан Индостандын жылдызысың,
Күчүңө далай ирет түшкөн ышкым.
Калкыма жоо баса албас чеп согулду,
Зардалуу сенин мындай иш кылышың.
Жаш жетти, жол берилсин жаш балдарга,
Жай эс ал, жаа тартуудан кол да тынсын».
Дагы атам улуу жерден орун алды,
Мурунку хан делинген аты калды.
Аскери Парасадандын бир уучунда:
Султаны Индостандын Амирбары*.
Жана да бир милдети саркерликте**
Атамдын өзгөргөн жок алтын тагы.
(*Амирбары — Индиянын кургак жана деңиз согуш күчүнүн башчысы.
**Саркерлик — хан аскеринин башчысы)
Парсадан: «Сен кыраан куш, күйкө алар,
Алты эрдин кабыланысың» дегени бар.
Казатта кан жыттанган эркин сезип,
Атамдын адети эле өрттөй жанар.
Мен анын өзү эмесмин — чыпалагы,
О, курдаш, чамам да жок караанданар.
Мен киммин — мен кумурска жөрмөлөгөн,
Мен киммин — мен бир кайың сазда өнгөн.
Атам ким — ал бир укмуш алтын чынар,
Ал жакут, кыз колунда өнөрлөнгөн...
Ал баатыр — сен да ушуну айтаар элең,
Эгерде болгон болсоң өзүң көргөн.
О, азап, курдаш, эми не айтайын?
Тоо гүлү соолугандан кеп баштайын,
Нуруна кара булут калкаланды,
Таалайсыз келечегин сезбес айдын.
Махабат, согуп турган эт жүрөккө,
Уу менен сугарылган жебе сайдың.
Хан, ханша көп жыл зарлап дарт орногон,
Баласыз какбаш деген атка конгон.
Бир күнү Амирбардан мен туулам,
Уу дүйнө не жараттың, о, оңбогон!
Хан алат мага медер болсунчу деп,
Ошентип, асыранды бала болгом.
Кошуп айтсам десин Асмат: — Бул жалган.
Сырым чындык, эмес сага мактанган.
Күрөшүүгө даабаган соң адамзат,
Беш жашымда арстанга аттангам.
Сынап туруп: «Болсочу ушу өз балам,
Ай, аттиңай» дегени чын Парсадан.
Тартып алып, жайдын таттуу түндөрүн,
Эркелеткен өөп бейиш гүлдөрүн.
Мезгилинде каухар нурлуу күн элем,
Булбулу элем гүлдүү ыракат үйлөрдүн.
Автандил дос, мындай бекен Тариэл,
Ал көркүм жок, жалаң гана сүлдөрүм.
Беш жашымда атам үлпөт өткөрдү,
Учкан куштай беш жыл колдон жөнөдү.
Мына ошентип мен беш жашка чыкканда,
Күндөй сулуу ханша бир кыз төрөдү.
Деди дагы эстен танды Тариэл...
Суу тамызып Асмат башын жөлөдү.
Кыз тапты Индостандын Парсаданы,
Туш-туштан сүйүнчүлөп келип жатты.
Ошондо ай менен күн токтоп туруп,
Бири алтын, бири күмүш шоола чачты.
Кызынын бешик боосу бек болсун дең,
Үлпөттүү сөөлөт менен той жасашты.
Мүлк салган кампасы оозун ача берди,
Жамгырдай дилделерди чача берди.
Байкуш бар үйүрү менен жылкы айдган,
Буларга Парсадандан бакты келди.
Жыргаттың учуң дагы узарсын деп,
Кол жайып бей-бечара бата берди.
Бетинен ошондо эле шоола чачкан,
Кыз болду адамзаттан башкача жан.
Булбулдуу гүл бакчада бирге өстүрдү,
Кем көрбөйт өз кызынан мени да хан.
Жүрөккө кызыл алоо күйүт жаккан,
Ал эми ошол кыздын атын айтам.
Деди да Тариэл шер эстен танды,
Кантсин ал, Автандил да бышактады.
Суу куюп чекесине Асмат кургур,
Таалайсыз ырысы жок ушул маңдай.
Үшкүрүп, бур эттире жалын чачып,
Эс алып мына мындай сөз баштады:
«Дал ошол туулган кыз Парсадандаң,
Перизат канаты бар көктө учкан...
Наристе жети жашка чыккан кезде,
Жүрөктү махабаты жараланткан.
Күн сулуу... ал мен шордуу ашык бодгом...
«Аты ким?» — деп сурасаң, аты — Нестан.
Мен чынар — ал бир кооз булбул эле,
Мен шумкар — ал бир чүрөк кургур эле.
Мен ага, ал мен үчүн жаратылган,
Кучагы балдай таттуу курбум эле.
Жүрөктү алмаз менен кессе дагы,
Айрылбас бир асыл зат сулуу эле.
Кыз өстү алтын бейиш чынарындай,
Көркүнө көзүм түштү, кургап таңдай.
Парсадан кайра берди өз атама,
Таалайсыз ырысы жок ушул маңдай.
Сейилде арстандарды мышыктардай,
Ыргытам желкесинен мыкчып кармай.
Кызы үчүн хан калкына жардык жазган,
Баа жеткис мунарага жакут таштан —
Атайы ошол жерге гүл өстүрүп,
Алтындан келиштирип үй жасаткан.
Кулпунуп, Нестан сулуу саат сайын,
Жаркырап Индостанга нурун чачкан.
Термелип гүл ичинде ыр ырдаган,
Кайгысыз тентек сулуу шыңкылдаган.
Өзү эмес, күндөй нурлуу сулуулугу,
Келбети, көктөгү айды шылдыңдаган.
Маанайы таалайлуубу, таалайсызбы,
Жашырып, алтын булак шылдырлаган.
Үйүнөн кээде сулуу желге чыгып,
Чер жазган жалгыз жүрүп гүл кыдырып.
Эжеси Парсадандын Давар деген —
Кажеттик, жесир кылган бактысыздык.
Кокустан көз тиет деп элкин багып,
Беришкен мына ушуну жеңе кылып.
Жаркынын төгүп турган күн ободо,
Мемиреп жалынабыз биз ошого.
Суусасаң кылк эттирип жутуп коёр,
Ал эле тунук кашка булак тоодо.
Жыт бурап ошол булак жээгинде өскөн
О, чиркин, Нестан кызыл гүл эле го.
Ошондо он беш жашка чыккан кезим,
Чагы эле балдай таттуу жаштык кездин.
Жанында дайым жүрөм Парсадандын
Тариэл деген атты ким билбесин?
Күчүм алп, жүзүм күндү уялткан соң,
Дешкен эл: «Сүйгөн анык шер экенсиң».
Таймашып жеңе жүрдүм салышканды,
Бүркүттөй иле жүрдүм алышканды.
Найзасын калкан менен кагып салып,
Оодардым ат үстүнөн чабышканды.
Жатарда күндө сонун той өткөрөм,
Ал күндөр кайра келбес алыс калды.
Жыргал күн колдон аккан суудай болду,
Ичкен бал эми өзүмө уудай болду.
Бир кезде курбуң алтын чынар эле,
Тариэл — каны качкан куурай болду.
Э, курдаш, хандын ошол сулуу кызы,
Жүрөктөн кетпей турган убай болду.
Атамды таш боор өлүм өзүнө алды,
Кантейин, кайран атам өлүп калды.
Кайгылуу жарлык басып Индостанды,
Безгектей калтыратты Парсаданды...
Орноткон намыс туусу кулачудай,
Индостан душманына табаланды.
Гүлдүү кез уу ичинде туталанды,
Гүлгүндөй он беш жашым кусаланды.
Түшүрбөй бир жыл бою аза кийимин,
Жаш жаным аза үйүндө жараланды.
Парсадан жигитинен айттырыптыр:
«Кой, балам, ажал жетсе чара барбы».
«Мен атаң — сен эмнеге жетимсиң, — дейт,
Үстүңдөн аза кийими чечилсин, — дейт.
Жан жактан жарданышкан душмандарга,
Мына деп колго кармар сесимсиң, — дейт.
Сен эми ата ордуна Амирбар бол —
Баласы ата колун жеткирсин, — дейт.
Кантейин ата өлүмү жанга батты,
Он беш жаш амирликти колго алмакпы?
Чирийин кайгы ичинде десем дагы,
Жалынып хан нөкөрү колдон тартты.
Үшкүрүп аза үйүнөн чыккан кезде,
Колмо-кол өткөрүшүп өөп жатты.
«Жазмыштын кылганына барбы айла?
Таалайсыз мага окшогон жарты жанга.
Болоюн көп катарлуу аскер шери,
Бир колум татый алат душмандарга».
Жаккан жок алты ханга ушул сөзүм,
Амирбар болуп калдым Индостанга.
Жыйылып Индия эли бүт келишти,
Атама ошол күнү аш беришти.
«Биз элиң, биз журтуңуз», — деп калың кол,
«Бизди ал», — деп ат үстүндө теминишти.
Милдетин амирликтин айтып берип,
Индостан тең жарылып, бийлик берди.
Амири санат жетпес нечен миңдин,
Тагдыры нечен-нечен чечен тилдин.
Жолборстой алптуу кыраан баатырлардын,
Оң көзү экенимди эми билдим.
Ант берип кылкылдаган кол алдында,
Жай гана басып барып такка миндим».
Автандил муну укканда тиштеп эрдин,
«О, жалган тозок экен үстү жердин», —
Деп алып бир саатча карап турду,
Жаралуу кайгылуу өңүн Тариэлдин.
«Кайрылган канатыңды кайра оңдоп,
Учуруп мурадыңа жеткирермин».
Автандил сөзүн улап мындай деди:
«Тартса да уу тозоктун тегирмени,
Жетермин, бейиш кушун учурармын,
Бузармын кандуу капас термирлерди.
Кайрылар тай-тайлаган кандуу жаштык,
Күндөрү сенин ошол кезиңдеги».
Асмат куш, чарк айланган жердин жүзүн,
Эмесе, ойлоп-ойлоп көзүн сүзсүн.
Аңгыча эки шерге мындай деди:
«Бактысыз бизге жардам берүү үчүн,
Кол жыйсын, жары алдында шертин берсин,
Автандил көп кечикпей жолго түшсүн».
Тариэл эң акыркы сөзүн айтты:
«Э, досум, бул дүйнөдөн көңүл кайтты,
Махабат көлөмү асман деңиз экен.
Бирок да кол кыска да, өмүр тайкы...
Үшүтөт жүрөгүмдү кылчылдатып,
Жаркындуу болгон менен күндөр жайкы.
О, кайда, далай-далай жылдар өттү,
Эсимден чыгарыпмын досум көптү.
Бардыгын айтып берүү кандай кыйын.
Бул дүйнө дайым мага уусун төктү.
Айла жок тагдыр күчү зор болгон соң,
Кантейин көл түбүнө көңүл чөктү.
Махабат — өпсөң таттуу бала тура,
Тагдыр куш мел-мел эткен талаа тура.
Бул дүйнө бир өң эмес, ала тура,
Махабат — жүрөктү эзген жара тура.
Ашыктык алоолонуп күйсө дагы,
Тагдырга мунун баары даба тура»…
(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)
PDF форматында китепти көөчүрүү
© Шота Руставели
© Кыргызчага Алыкул Осмонов которгон
© «Алыкул үйү – борбору», 2010
Количество просмотров: 76099 |