Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Темирлан Бейшенов, 2010. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2011-жылдын 26-декабры

Темирлан БЕЙШЕНОВ

Ынтымакчылык иштери

Аңгемеде Орусия жергесиндеги кыргыздардын өз ара мамилеси, ич ара ынтымагы жана айрым маселелери ынанымдуу чагылдырылган.

 

Таңга маал телефонум шыңгыраганда алсам, бажам чалып жатыптыр. Түнү менен такси айдап жүрүп, таңга маал жаңы эле келгем. Мен ичимен телефонумду өчүрбөй жатканыма аябай өкүнүп, жок дегенде аны албай эле койсомчу деп кейип, бүт денем чарчап, өзүм да уйкусурап отуруп, бажамдын айтканынын көбүн түшүнгөн деле жокмун. Бажам быдылдап тез сүйлөчү, ушундай адамдар болот эмеспи, дайыма бир жакка шашкансып безилдейт. Бир гана: «Саат сегизге келип кал», – деген акыркы сөзү кулагымда калыптыр. «Макул», – дедим да, анан кайра уйкуга баратып, өзүмчө: «Мен эмнеге макул деп койдум, башка бир шылтоону айтып кутулбайт белем?» – деп башымы чайкадым. Бирок катуу чарчап турганда эч кандай шылтоо деле ойго келбейт экен. 

Телефонумду алып карасам, саат жети болуп калыптыр. Үшкүрүнүп алып кайра турдум да, анан бажама бир шылтоону айтмак болуп телефон чала баштадым. Бирок макул болуп туруп, анан кайра айнып кеткеним адамдыкка жатпайт го деген ойдо ордуман турдум да, аялымдын «Каякка?» – деп күбүрөгөнүнө «Жездеңе», – деп күңк эткен бойдон жөнөдүм.

Барсам, бажам эшикте тепкичтин кырына жөлөнүп, тамеки тартып туруптур. Мени көрүп ал тамекисин кере-кере сорду да, анан калганын ыргытып жиберип, машинеге отурду. Ал учурашып-учурашпай: «Убакыт тар, эч так жүрбөйсүң да! – деп нааразы болду. – Аэропортко айда». Мен машинедеги саатты карап, ичимен: «Жети мүнүткө эле кечигиптирмин го, кыргыз үчүн бу эмне болуп калыптыр?» – деп жылмайып койдум.

– Мен бүгүн беште келип жаткам, тынччылык элеби деги, эмне болду? Машинеңиз кана?

– Машинем бузук, бир тетигин таба албай койдум.

– Менин машинеми ал десе болбой, жапан машинесин алгансыз!

Мен ушул кырдаалдан пайдаланып, баягы Апенди уюн базарга сатканы алып барып, сүтү чыкпаган уюн мактагандай эле, өзүмүн өтпөй жүргөн машинемди мүмкүн алып калар бекен деген ниетте арасына сөз кошуп жибердим. Бажам жооп берген жок. Ал болгону акырын үн катты:

– Түндө бир кыргыз жигитинин кайтыш болгонун кабарлашат, акмактар, эки күн өтүп кеткенден кийин!

– Эмне? Телефонуңузду билишпейттир да? – мен маселенин жөн-жайын толук билбей туруп жөн гана сүйлөп койдум, анан сурадым. – Кантип кайтыш болуптур, билген жоксузбу?

Бажам мага жооп бере турган болгондо, бир маалда телефону шыңгырап калды.

– Азыр мен аэропортко баратам, андан кийин моргго барам, анан силерге барам. Ооба, мейли, – деп ал телефонун өчүрдү, ошондон кийин мени карап минтти:

– До сих пор машина айдаганды билбейсиң. Не хрена себе, таксомотордо кантип иштеп жүрөсүң? Не плетись как черепаха, тезирээк айдачы, бай болгур.

– Оозуңузга май, вертолет алганда, тез эле жеткирем.

– Ой, блин, остряк нашелся! Давай быстрее, алдыңды кара, – деп мага оңурайды ал.

Бажам менден бир топ эле улуу, дайыма мага үстөмдүк көрсөтүп, басынтып сүйлөйт. Тээ Союз кезинде эле аскерден кийин Орусияда кала берген. Институтта окуп, андан кийин иштеп, жергиликтүү болуп калган. Мүнөзү да орус чалыш, кыргызча сүйлөгөндө орусча аралаштырып сүйлөйт. Аныгын билбейм, бирок көп жылдан бери эле ынтымакчылыкты жетектеп келет. Аны качан, ким шайлаганын деле билбейм. Мурда ал ушул шаарда мугалим болуп иштеп жүрүп, тээ мектептин мүдүрлүгүнө чейин жеткен, ардак наамдары да бар. Ошондой болсо да орус бийлиги ага эч кандай үй бөлүп берген эмес, бизге окшоп эле бир үйдөн бир үйгө көчүп, там азабын тартып жүрөт. Кээде тиги жакка айда, бул жакка айда, тигини жеткирип кой, муну жеткирип кой деп жумшагандарына каралашып жүрүп, бул жолу дагы адаттагыдай эле унчукпай, уйку сураганыма карабастан машинемди айдап кете бердим. Машине айдаганыма үчүнчү жыл болуп бара жатса да, бажам менин айдаганымды эч жактырбайт, эмнеге экенин билбейм.

Аэропортко келип токтоорубуз менен мен орундугумдун артын кыйшайтып уйкуга кеттим. Уйкум канбагангабы же катуу чарчагангабы башым абдан ооруп чыкты. Бирок мен эч уктай албай койдум.

Бажам аэропорттон бир кишини ээрчитип чыкты. Машиненин арт жагына кавказдык бир киши отуруп, мени менен учурашты да, бажама кайрылып:

– Канча? – деди.

Бажам:

– Он жети паспорт, мына документ, мына акчасы, – деп, гезитке бекем оролуп, скотч менен карматылган паспортторду, резина менен чырмалган акчаны берди.

Тиги киши акчаны санап бүтүп, мага тигелип калды. Анда бажам:

– Кам санаба, бу өзүбүздүн киши, иним болот, – деди.

Тигил киши:

– Мейли, наркы жумада бүтүп келип калат, – деди.

Бажам:

– Эртелет, мени кыргыздар жеп кетпесин, – деп тигини карады.

Кавказказдык болсо:

– Кам санаба. Өткөндөгү тааныш эс алууга чыгып кетип, кеч болуп калды, азыр андай болбойт. Мейли анда эмесе, – деп машиненин эшигин акырын жаап, түшүп кетти.

Мындай көрүнүштөрдү, бажамдын документ ырастаган иштерин мен беш колдой билем. Мыйзам боюнча, Орусияга келген кыргыз болобу, кыргыз эмеспи, башка улуттун өкүлдөрү деле, үч айга чейин конок катары жүрө берсе болот, ал эми ишке орношуп, кагазын алуу кыйын, бош орун да жок. Ошондуктан ар бир кыргыз өлкөдөн чыгып, кайра кириши керек, албетте, өзү эч жакка деле барбайт, бирок документтери бир айланып келет, эреже ушундай, адамдан айла качып кутулбайт турбайбы. Бажам аркылуу мен деле кыргыз жерине үч ай сайын ушундайча барып келе берем.

Аэропорттон чыгып биз шаардын моргуна бардык. Мен бул жерге бажам менен төрт же беш жолу келишим. Бул жай сыртынан караганда эле сүрдүү көрүнчү. Мен дайыма машинемди бул жерден алысыраак токтотчумун. Менин коркконумду бажам билчи, бирок эч нерсе дечү эмес. Ар бир эле адамдын сестенген нерсеси болот эмеспи. Кайтыш болгон кыргыз жигитин өз мекенине жөнөтүш үчүн керектүү бүт кагаздарды чогултуп биз шаардын ар кайсы мекемелерине бардык. Мекемелердин дээрлик бардыгына кирип чыктык, болгону министрликтерге барган жокпуз. Милициянын бир мекемесине кирип бажам арак жыттанып чыкты. Мен ооз ачканымча бажам өзү түшүндүрүп калды:

– Без этого ничего не бывает, ичпесең иш эртеңкиге кала берет… Давай больницага айдай бер...

Түш ооп калганда биз Асан-аке деген кыргыз кишинин үйүнө келдик.

– Бу документтерди берип чыга калам, сен давай машинеңи өчүрбөй тур, да и сам не спи, – деп жылмайып коюп бажам үйгө кирип кетти.

Үй-жайлуу болуп калган кыргыздар бир топ эле болчу. Кээ биринин дүкөнү, ар кандай ишкана, курулуш фирмалары бар. Асан-акенин дагы чоң жер тамы бар эле. Үйү үйгө окшобой эле өзүнчө бир чоң ак сарай сыяктуу салынган. Анткенинин себеби – ал үйүнүн астын унааларды оңдоочу жай кылып коюптур. Кыргыз балдар машине оңдоп, ушул жерде иштеп-жашайт экен. Бир аздан кийин Асан-акенин үйүнөн бир жаш бала чыгып: «Сизди чай ичсин деп чакырып атат», – дегенде сүйүнүп кеттим, башым ооругандыктан улам ушуну эле эңсеп тургам. Бажамдын иши шашылыш, маанилүү болгондуктан, тамактанып алалы дегенге да оозум барбай койгон. Короодогу бузук машинелерди аралап өтүп барып, сууга колумду жуудум, тигил чакырган баланын артынан үйгө кирсем, дасторкон жайылып, бажам төрдө отуруптур. Отургандар менен учурашып, бажамдын жанынан орун алдым, көз салсам бүт эле жаш балдар экен. Бажам менин кулагыма акырын шыбырады: «Асан-аке жок экен, придётся подождать. Азыр келип калат дешти, бу балдар өтүп кеткен кыргыздарга куран окуп, тамак тартып атыптыр, кыргызчылыкка жатпайт, если уйдём».

Ушул динге берилип, көзү өтүп кеткендерди эскерип дасторкон жайып отурган жигиттерди карап, ичимен кубанып отурдум. Бирөөсү дин жөнүндө баян куруп жатты. Баары кулак салып, тигиге билген-билбегени тууралу суроолорун узатып, ортодо кызуу талкуу жүрүп жатты. Бажамды баары тааныгандыктан, анын ал-акыбалын, иш-жайын биринин артынан бири сурап да коёт. Тигил болсо өзүнүн баягы эле кыргыздарды бириктирүү, аларды Орусия аймагында чогултуу ойлорун айтып жатат. Беркилер: «Ошентсек жакшы болот эле го, алхамду лиллах», – деп сөздөрүнө дуба коштоп коёт. Бажамдын жанында отурган сакалчан жаш жигит ичимдик, арак тууралу кеп козгоду. Менимче, жанагы милийсалар менен ичкен арактын жыты жетсе керек, же ал бажамдын кээде ичип жүргөнүн угуп калгандыр, мүмкүн, көргөндүр дагы, айтор, дин китептеринде жазылган ушул маселелер боюнча оюн ортого салды. Башым ооругандыктан менин көңүлүм башка эч нерсеге тартпай, өзүмдү өзүм чай менен дарылап отурдум.

Эмнегедир, бул ыймандуу, динге берилген балдардын ойлорун, сөздөрүн түшүнө албай койдум.Чоң атам айылдын молдосу болгондуктан ал мага дин китептерин көп окуткан, намазды да үйрөткөн. Курандын котормосун эки сыйра окусам да, аны эч түшүнгөн жокмун. Балким, бул балдар исламдын башка дагы бир сырын билеттир, балким, башка дагы жаңы китеп жазылгандыр же табылгандыр, кыскасы, ыймандуу балдардын: «Ыйман болсун!» – деп айткан тилегине кошулуп бата кылдым. Анан биз келем деп көпкө күттүрүп келбей койгон Асан-акени деле күтпөй, жолубузга түштүк. Бажам ичинен күңгүрөнүп сөгүнүп алды да: «Асан-акеге муну берип койгулачы», – деп балдардын бирөөнө кагаздарды кармата салып, мага «кеттик» дегендей баш ийкеди.

Жолдо бара жатып мен бажама минтип кайрылдым:

– Банкка кире кетеличи, мен Кыргызстандагы туугандарыма акча салышым керек эле.

– Мени стройкага таштап кой. Жанында банк бар. Мен туды-сюды бүтүргөнчө, сен дагы перевод кылып жибересиң, – деди тигил.

Мен бажамды курулушка таштап, өзүм банкка кирсем, ичинде төрт-беш киши турат. Баары өзүбүздүкүлөр экени алардын балбылдап жанган көздөрүнөн эле билинди. Мен акырын баш ийкеп учураштым, кезекте ким акыркы экенин сурап алып, бош орундун бирине отуруп күтүп калдым. Бөтөн жер, бөтөн элде кыргыздарды көздөрүнөн эле тааныйсың. Банкка көбүнчө бизге окшогон мигранттар гана кирет. Ким армян, ким тажик, кимиси өзбек, кимиси кыргыз экенин бир карап эле билесиң, кээде гана аргындашкандардан адашып калбасаң…

Кээде керээли-кечке ысыкты ысык дебей, суукту суук дебей, көз ирмебей чапкылап жүрүп тапкан акчаң бизден акча алчу туугандарыбызга дагы жакпай калат: алар алымсынбай нааразы болот. Ошондо биздин дагы жообубуз даяр: «Акчаны эмне, мен колум менен жасап, жолдон таап алып атыптырмынбы?» Же: «Бүгүн акча жамгырдай жаабай калды». Же дагы: «Суук болуп, мен үшүгөнүмдөн акчаны отун кылып жагып жибердим, ошон үчүн силерге азыраак жөнөтүп атам». Айла жок, ушинтип айтууга да тура келчи. Кээде салып жибергенден кийин дагы, тигилер салпаңдап жүрүп акчаны банктан албай калса: «Сураганыңарды жөнөткөм, тезирээк албайсыңарбы, чирип кемек болду го!» –деп кайра-кайра телефон чалып, СМС жөнөткөн күндөр болот. Андай учурда алармандар сүйүнгөнүнөн бизди «Алтыным, күмүшүм» дейт, айга, күнгө теңейт, биздин куткаруучубуз деп, сага ден-соолук, аманчылык тилейт. Ошондон кийин гана алар ооз учу менен болсо да: «Качан келейин деп атасын?» деген сыяктуу кабатырланымыш эткенин угуп, бул жакта айласыз акчанын аркан-жибин мойнуңа артып алып, жер айдаган аттай болуп жүргөнүңдү бир аз унутуп каласың. Биртике жылуу сөздөргө кичине болсо да магдырай түшөсүң. Аны бир айтасыңбы, эки айтасыңбы, баары түшүнүктүү да. Үч жашар баламды кайненем карайт, аялым мага көрсөтпөй, жаап-жашырып салгандан тышкары мен дагы ай сайын 300 доллар салам. Анткени балам Шварцнеггердин эле өзү: жашы үчтө болгону менен, күнүгө тогуз-он маал тамактанат. Тамакты канчалык көп жесе, ошончолук күчтүү болот эмеспи.

Биздин атыбыз «акча», «доллар», «евро», «мигрант», «черный», «гастарбайтер», айтор, бул жакта аттарыбыз эле көп, ошондуктан кээде өз ысмыңды да унутуп каласың. Мисалы, менин атым «Боря», азан чакырып коюлган атым Бакыт экенин банкка акча салып жатканда гана паспортумду карап эстей калам, кээде таңыркайм. Аялым болсо Гүлмира-Гуля, бажам Асылбек-Александр, досум Сапар-Саша, кыскасы, паспортубузда гана өз атыбыз, каныбыз гана кыргыз болбосо, калганынын бүт бара-бара ушул элдин жашоо-тиричилик шартына, тилине, дилине өтүп бараткандай, өөх...

Ушундай мекениме анча-мынча ызаам, жек көрүүм, сагыныч-кусалыгым менен күткөн кезегим да келип, акчамды жөнөтүп жибердим. Машинеме отургандан кийин Кыргызстанга телефон чалдым. Эжем саламдашып бүтүп: «Кодду айтып кой», – деди, мен акча салынган банктын даректерин айттым. «Кечээ декан менен сүйлөштүм. Жакшы баа менен бүтүрүп берем деп, дагы акчадан үмүт этип аткандай кылды», – деди эжем. Эртең мененден башым зыңкылдап жатканынан улам эжеме: «Аман болуңуздар!» – дегенден башканы сүйлөй албай, телефонумду өчүрүп салдым. «Деканбы же өзүңүз үмүт этип атасызбы?» – деген сөз телефон өчсө да тилимдин учуна келип, кычыштырып туруп алды. Мен дагы бул жактагы башка кыргыздардай болуп акча жөнөтүп, Кыргызстандагы окуу жайда окучумун. Кудай буюрса, быйыл диплом алам. Кээде ойлоп калам: «Ушунча акчаны салып кереги эмне?» Чынында мындай ойлор жакында эле боло баштады. Мүмкүн, бул менин кыргызчылыгым жоголуп, орус болуп баратканымдыр? Бирок кайра туруп эле кыргызчылыкка алдырып, мен мактануу, бой көтөрүү менен: «Керек болсо, мен юрфакта окуп атам», – деп кээде тууган-досторго чоң сүйлөп калам. Жок дегенде адам укуктарын окуп алайын деп да чыгынбадым, анан келечекте менден кандай юрист чыкмак эле, окуумдун келечегине кээде өзүм деле ишенбей кетем. Бирок кичине шыгың, анан дагы таанышың болсо, анда бизде кыргыздарда баары боло берет эмеспи. Чөнтөктүн диплому менен эл депутат да, министр да болуп иштеп жатпайбы. Дегеле акча чогултуудан кол бошобойт. Окуума, дипломума кеткен акчаны санап отуруп, кээде акчаны текке кетирип жатамбы деп да калам, ичим ачышып, бирок өзүмдү-өзүм сооротуп, кийин балдарыма: «Эй, жубарымбек, сен көчө таптап ойногондон башканы билбейсиң. Сендей кезимде мен юрфакты окуп бүтүргөм», – деп көрсөтүп, эң кур дегенде ошол «диплом» деген эки барак кагаз менен аталык даражамды көтөрүп аламбы деген купуя кыялдар менен жылмайымыш этем.

Аялым да көк бет, ал дагы мага окшоп экономистикке окуйт. Кээде туруп биз: «Кантсе да Кыргызстанга барып, дипломдогу алган кесиптерибиз боюнча иштейбиз да», – деген тилекте китеп издеп таппай калабыз. Компьютерде отуруп алып кесипкөй, дасыккан адис болууну эңсейбиз. Үйүбүздө компьютер эмес, бир да экономика же юстиция боюнча китеп жок. «Үй» деп коём да, кайдагы үй? Бул жакта эмес, Кыргызстанда, өзүбүздүн айылда да жерибиз жок. Бирок башта болбосо да, чөнтөктө билим бар.

Бул жакта жүрүп, өзүмдүн кыргыз экениме сыймыктанам. Анткени биз, кыргыздар, намыскөй, бир чети мактанчаак, айтканынан, кылам дегенинен кайтпаган көк бет калк экенибизди мен далилдебесем да, биздин тамырларда кара-кочкул агып жаткан кыргыз каны тастыктайт. Кантсе да кыргыз үчүн жаным кашайып, каным кайнап, күйө түшөм. Кээде арабыздагы анча-мынча кыргыздарды карап туруп, ич ара ынтымагыбыздын жоктугуна жек көрүү да пайда боло калат. Чынында эле, биз башкача элбиз, ушуну менен эле баары айтылып бүткөндөй…

Курулушка келсем, тосмо коргондун түбүндө бажам эки орто жаштагы кыргыз менен сүйлөшүп отуруптур. Бажам мени көрө калып, тигилер менен кол алып коштошуп, машинеге отурду да:

– Эмне болду, салдыңбы? – деди.

– Ооба, – дедим мен баш ийкеп. – Эми каякка?

– Шашпа, – деди бажам бирөөнө телефон чалып жатып. – Тиги курулуштан жанагы жигит учуп кетиптир, сегизинчи кабаттан, – ал колу менен мага жаңсап, телефондогуга: «Ооба, мен ошоердемин, хорошо, жду» деди да, колундагы кагаздарды карап чыкты. – Пока машинеңди өчүрүп турчу, тажикский диаспора келип жолугам дейт. Дагы эмне болуп кетти экен? – бажам чын дилинен кыргыз үчүн күйүп айтты.

– Ушу жылы эле эки адам кулап, кайтыш болуп кетти го, – дедим мен бажама. – Өткөндө дагы медполис жасап, ооруканага жаткызган жигит курулуштан кулаган болчу.

Бажам менин сөзүмду бөлдү:

– Бу төртүнчүсү, баары биздин балдардын непоняткасынан да. Постоянно айта берип тажадым.

– Эми буларга ким күнөлүү? – мен курулуш жакты карап үн каттым.

Бажам үшкүрүндү:

– Баарына өздөрү күнөлүү, техника безопасностини билбегендигинен болуп атат.

Бажам наалыганын соңуна чыгара электе жаныбызга «жип» машинеси келип токтоп, андан тажиктер ынтымагынын жетекчиси түшүп, бажам менен учурашты. Ал-жайын сурашкандан кийин аны менен мен да учураштым, бажам экөөбүз чогуу көп жүргөндүктөн мен аны жакшы таанычумун. Дагы төрт тажик киши машинеден түшүп, биз менен учурашты. Бардыгынын тулку бою, өнү-башы убадалашып кылмыштуулукка кошулгансып бирине бири окшош. Кеби көпкө созулабы деп бир аз эс алмакка машинеме отурдум. Көзүм илинип кетиптир, тарс этип эшик жабылганынан ойгонсом, бажам машинеге отуруп жатат. Менин уйкудан калган өңүмдү көрүп аяп кеттиби же өзү да чарчадыбы, акыры мага минтти:

– Эми стройканын базарына барабыз, анан по домам! – бир пастан кийин кошумчалады. – Стройканын базарындагы кыргыз кафесине...

Жолдон улам телефонуна чала бергенинен биз кайсы бир милийса бөлүмүнө кайрылдык. Документи жок кармалып, камакта жаткан бир кыргыз жаш баланы бажам милийсалардан суранып, тааныштарына чалып отуруп чыгарып алды. Жигитти машинеге салып алып биз жашаган жерине жеткирдик, бажам ага документтерин толуктап алышы керегин түшүндүрдү. Ошондон нары гана биз кайра базарга сапарыбызды уладык.

– Тиги баланын кийимин көрдүңбү? Ушинтип хиповать эткенден көрө документтерин порядок кылып алса болмок. Дагы «акчам жок, документке жетпей атат» деп туфту гонит.

Жолдон май куюучу жайга токтоп, бажаман акча алып, аныма май куйдурдум да, анан кайра жолго түштүк. Бир маалда гезит окуп бара жаткан бажаман:

– Тажиктер эмне дейт? – деп сурап калдым.

– Эмне? – деп түшүнбөй ал мага карады. – А-а, биздин бир жигит бир тажик баланы сабап коюптур.

– Анан булар эмне дейт? – мындай окуяларды көп уксам дагы мен кызыгуу менен сурадым.

Бажам унчукпай туруп, анан бир топтон кийин гана сөзгө келди:

– Тиги тажик менен биздин бир кыз жашап алыптыр. Тажиктер ошо сабаган жигитти таап бер дешти.

Мен бажамды карап калдым.

– Сиз аларга эмне дединиз?

– Миңден ашык кыргыз бар, где я его найду десем, тажиктер анда тиги больницадагынын медполиси жок экен, дары-дармегине акча бер дейт.

Бажам гезитти ороп, машиненин чөнтөгүн ачып, ага салып койду.

– Жашай турган болсо биздин кызга через загс дегендей, а то бир тууган агасы имеет право десем, мы тоже имеем право дейт.

– Эмне каттуу сабап коюптурбу?

Бажамын жини келип кетти:

– Болду, сурабачы башты орутуп, урушуп-талашып жашагандарды көрүп эле жүрбөйсүнбү! Кыргыздын жигиттери жокчулап!

– Эми эмне соттко берсе, же ынтымакташып чечсе болбойт беле? Же… Бажам андан нары сүйлөтпөй, мени акырая карады.

– Сенин деле сеструхаң армян менен живет же или мен эмне силерге молдо болуп, нике кыйып, свадьба өткөрүп беришим керекби?

Бажам тажиктерге ачууланып, намыстанып, өзүн гезит менен алаксытып отурганын ушул сөздөрдөн кийин түшүндүм.

Анын сөзү мага катуу тийди, бирок мен сөз кайтарбадым, эмне демек элем? Баары түшүнүктүү да.

Эжемдин турмушка чыкканын бажам экөөбүз угуп алып, аны менен бир айча сүйлөшпөй урушкан элек. Бажам дагы сөздү туура эмес жакка буруп сүйлөп алганына кыжалат болуп, буттары титиреп отурду. Жини келгенде ушинтчи, муну мен көп көргөм. Чынында эле бажамдын кылган иши көп эле. Бардык улуттар менен ынтымакта болуу жакшы дечи, карым-катнашта жүрүү керек, бирок ар бир кыргыз үчүн жооп берип, ар улуттун кыргызга болгон жаман-жакшы сөздөрүнө чыдоо кыйын.

Курулуш базарындагы кафени ижарага алып иштетчү Бермет деген кыргыз эженикине бардык. Барсак – кеч болуп калгандыктан эл кирчү эшиги бек экен. Эшигиндеги «Сандень» деген баракчаны окуп, экөөбүз кафени айланып өттүк да, арткы каалганы тыкылдаттык. Жаш бир кыз эшикти ачып, кыргыз экенибизди көрүп унчукпастан, «киргиле» дегенсип жол бошотту. Бажам болсо: «Бермет-эжең барбы?» – деп кыздан сурады эле, тиги кыз: «Ооба, чакырайынбы?» – деди эшикти жаап жатып. Кыз бат эле кайра чыкты да: «Силерди кирсин деп атат», – деди. Алдыбыздан Бермет– эже тосуп алды. Бажам менен ал-акыбал сурашып, учурашкандан кийин мага кол берип саламдашты да:

– Бүгүн кафеде баламдын туулган күнүн тосуп аттык эле. Келгиле, киргиле, – деди.

Бажам шашымыш болду:

– Биз шашып атабыз, тез эле кайра кетишибиз керек.

– Жок дегенде нан ооз тийгиле, кыргызсыңарбы? – деп Бермет-эже бизден жооп күтпөй эле кайра жол көрсөттү. – Коридордон оң жакка…

Бажам болсо:

– Кыргыз болгондон кийин кыргызчылык болуп кетип, чакырылбай эле келип калбадыкпы! – деди.

– Ой, кантесиң, муну кара! Сени чакырам деп эки жолу чалсам, телефонуң бош эмес экен. Кечээ деле телефон менен сүйлөшүп атып айтпадым беле...

– Унутуп калсам керек, кечирип кой, сенин вечеринкаңы, день рожденияңы унутпайын деген менен, сама знаешь, баягы эле кыргыздар да, алардын бияктагы проблемалары, аларды разводить этем деп эле, – артынан бажам дагы буларды кошумчалады. – Муну билгенде подарок ала келбейт белек.

Анда сары келин:

– Эчтеке эмес, белек бергиң келсе, эртең деле алып берээрсиң! – деп шаңкылдап күлдү.

Биз кафенин чоң залына кирсек, узунунан коюлган столдун үстүндө мөмө-жемиш, суусундуктар жайнап, кыргыздар бака-шака түшүп отуруптур. Бермет-эженин орус чалыш баласын бажам жакшы тааныгандыктан биринчи болуп куттуктоо сөзүн минтип баштады:

– Кымбаттуу, Алмаз, туулган күнүң менен! Апаңдын бактысына бар бол!

– Спасибо, Александр-байке.

– Анан дагы мамаңды эртерээк симпатичный бир келиндүү кыл! Кыргыздын ыймандуу, кыргыз элине, жерине керектүү жигиттеринен бол! – деп ал баарына карап, колунда чайпалып турган коньякты жутуп жиберди, анан жаш балага карап, колу менен кезеди. – Алмазчик, ал «киргизка» болсун!

Отургандардын баары күлүп, туура деп колдоп калды. Жаш бала орус мүнөз болсо да, баары бир каны кыргыз эмеспи, уялып унчукпады.

Андан нары эч ким эч кимге көңүл бурбай, эки-экиден, үчтөн-төрттөн биригип алып, туулган күндү тосуу шаанисин кызуу улантты. Кээ бир кыз-келиндердин кымбат баалуу алтын, асыл буюмдары менен мактанмайы, анын ортосунда түндүк-түштүккө бөлүнмөйү жана башка ушуга окшогон бир чети түгөнбөгөн, бир чети элдин аң-сезимине сиңип калган туура эмес ойлору менен коштолуп жатты.

– Ай-иий, мунуң укмуш го, ыя?!

– Көрдүңбү бул алтын шакекти? Карасаң сөйкөсү менен чынжырчасы да бар.

– Жакында эле алган окшойсуң, ээ?

– Ооба, күйөөм он күн мурда туулган күнүмө 17 000 рублга сатып берди.

– Ошончо кымбат тургандай эле бар экен, – деди бирөөсү экинчисинин алтындан жасалган зергер буюмдарына суктанып.

Ичинен эмне үчүн ага да күйөөсү Орусияда ушунча жүрүп, мындай баалуу белек берген жок деген арам ой аралап өткөнсүдү.

Чоң столдун башка бир бурчунда: «Сен көлдөн болсоң, эмне үчүн ичпейсиң? «Көлдүк болсо – өлдүк» дечү эле го, ыя? – деп, ал тарапта азил-чыны аралаш түндүк-түштүк маселеси кызуулай баштаптыр.

Ушулардын баарын көрүп алып, Орусияда да жөн жүрбөй бири бирин чукуп, көрө албастыкка алданып, төштөрүн кагып мактанып, былык сүйлөп, ал эмес түндүккө-түштүккө, чыгышка-батышка бөлүнүп алгандарына бир чети зээниң кейисе, бир чети: «Алда, байкуштарым ай, бул жерде да ошонуңарды токтотпойсуңарбы?!» – деп бооруң ооруйт. Буга далилди алыстан издебей, менин бажамдын деле мисалы жетишерлик болсо керек дейм. Кантсе да кыргыздардын ынтымагынын жетекчиси эмеспи, ал соо кезинде кыргыздарды бөлүнбөөгө, бири бирине жөлөк болууга чакырып, үндөп, өзү дагы колдон келген бардык жардамын аябай турганын, кыргыздар жакшы, түшүнүктүү эл экенин саймедирейт. Анан алкымынан атың өчкүр арак өтүп, мас болгонунда эле Теңирден тескери сүйлөй баштайт. «Силер кыргыздар итсиңер, бир грамм ынтымагыңар жок», – деп алынын жетишинче жамандайт да, төшүн каккылап кирет. «Мен тигини кылгам, муну кылгам, я еще и не такое могу сделать», – дегеничи. «Түндүгүң – кокуй, түштүгүң – сартсың», – деп үй-бүлөдөгү эки бир тууганды бирин бирине кайраштыргандай ачуу сөздөрүн далай уктук. Бул жолу да баардыгы ошондой болду.

Кече аяктады. Бажам экөөбүздүн эртеден берки ишибиз алапайын таппай калган бажамдын эсинен бир паста чыгып кеткенине мен катуу кейидим. Биз ал жерден чыктык.

Бажамды үйүнө жеткирип келсем, кайнежем уктабай күтүп отуруптур. Ал кабагын бүркөп, мени менен ооз учунан учурашымыш болуп, ашканасына кирип кетти. Бажам болсо кайнежем жакка кыйкырды:

– Бизге чай апкел. Сен эмне адам тааныбай калгансыңбы? Эмнеге күйөө балаң менен учурашпайсың, ыя?

Кайнежем ашканадан чыгып безилдеди:

– Учураштым го, эми бөлмөңө кирип жат!

– Сен качан учураштың, ыя? – деп булдуруктады бажам.

Мен бажамды бөлмөсүнө жетеледим:

– Учураштык биз. Сиз байкабай калган турбайсызбы, – дедим мен ага. – Жүрүңүз эми, эс алыңыз.

Бөлмөсүнө алып барсам, бажам колумду түртүп жиберди:

– Жүр, чай ичебиз! – деп ал ашканага келип отурду да, мени дагы отур дегенсип кол жаңсады.

– Келгиле, отургула. Азыр мен тамак ысыта коёюн, – кайнежем столдун үстүн тазалап, нан-чайын коё баштады.

Бажам ал ортодо столдун үстүнө колун коюп, аялына акырын сүйлөдү:

– Мага чай бер.

– Барып укта! Тоюп келиптирсиң го! Эмне кылып, каяктан, кайсы кыргыздар тойгузду? – деп кайнежем да жөн калбай, адатынча сүйлөнүп кирди да, анан бажамдын алдына суу койду.

Бажам эки жагын каранып, заар тилден чочуп, үйүндө экенин эми түшүнгөнсүп бир аз соолуга түштү.

– Суу берчи! – деп жалдырады ал.

Эки жолу суранып, эки жолу удаасы менен бир тамчысын калтырбай сууну ичти да, үшкүрүнүп алып мени карады:

– Нештяк. Саат канча болду?– деп мага беймаани кайрылды.

– Үч болуп калыптыр, – дедим мен.

Бажам кайнежеме карап, собол узатты:

– Адилетти бала бакчадан алып келдиңби?

Ансыз деле араң турган кайнежем жарылып кетти:

– Сен эмне балдарыңды эми ойлодуңбу, эсиңе эми келдиңби? Бул жоругуңду качан токтотосуң? Кыргыздар сага качан күйүп жакшылык кылып жыргатты эле? «Көчөдө көргөн кыргыздын баары мени таанышат», – деп коёт. Сен жөнүндө бир да кишиден жакшы сөз укпадым го!

Ушул ачуу сөздөрдү угуп, бажам башын шылкыйтып, жер карап отурду, анткени ал дегеле момун адам болчу. Үйдө кайнежеме сөз кайтарып сүйлөй алчу эмес, кээде гана арактын күчү менен бир кыйкырып алмайы бар. Кайнежем болсо бөтөн кишинин көзүнчө эч сөз кайтарчу эмес, бул да болсо кайнежемдин жакшы жагы эле. Бажам муну жакшы билгендиктен бөтөн жерде, башкалардын көзүнчө аялына коркпой эле, койкоюп сүйлөчү. Антпесе кыргыздардын: «Аялына кыйкырып, аны башкара албаган да эркекпи?» – деп шылдыңдамайы бар эмеспи.

– Ушунча жылдан бери иштеп жүрөсүң, деги бир кыргыздан: «Ой, сенин күйөөң бөтөн эл, бөтөн жерде кыргыз үчүн иштеп атат, менин документиме жардам берди», – деген сөздөрүн укпайсың, – кайнежем бир аз жымжырттан кийин үн катты, анан ал кайра нары улантты. – Койчу деги, айткым деле келбейт, кимге айтмак элем… Биз биякка иштеп, акча таап, балдарыбызды окутканы келдикпи же кыргыздын жаман, каргыш сөздөрүн укканы келдикпи?

Акыркы сөз бажамды тунжуроодон бир аз сууруп чыккансыды:

– Кана, ким жамандап, ким каргап жатат, айчы мага? – деп мурдунун учу менен бурк этти ал.

Эмнегедир башым ооруп суусагандыктан мен чайга эле ыраазы болуп, тамакка табитим тартпай койду, кайнежем менен бажамдын үй-бүлөөлүк кайым айтышын жөн гана кулагымын сыртынан кетирип, улам чайдан уурттап коюп отурдум. Кайнежем кайра эле какшаана берди:

– Сенин бетиңе айпаса да, аркаңан сүйлөп, мага айтып атышат. Тиги бузук машинеңи алганда да баары ынтымакка тиешелүү акчага алды деп, шайлоодо болсо шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү менен жең ичинен сүйлөшүп, Кыргызстандан шайлоону уюштурууга келген акчасын сени жеп койду деп атышат го!

Бажам тең келбесин билип, өз бөлмөсүнө кирип кеткенден кийин, мен кайнежемдин: «Бажаңын жанына жатып ал», – дегенине болбой: «Ырахмат, жакын эле жер го, эже, мен да үйүмө барып эс алайын», – деп кетип калдым. Ансыз деле алар бир бөлмөлүү батирде үч баласы менен жашайт, анан мен кайда батмак элем?

Бажамдын үйүнөн чыгып машинеме келип отурдум. Машинемди от алдырып, 15-16 кадам жүрбөй бир дөңгөөлөгү ыргып кетти. Ана оңдойм, мына оңдойм деп эртеңим түгөнбөгөн өзүмдү күнөөлөп, таң атканча машинемде эле уктап, анан анымды биротоло эртең менен сүйрөтүп кетүүнү туура көрдүм. Машинемди таштап үйгө кеткенге бир чети сигнализациясы жок болчу, эшиги да жакшы кулпуланчу эмес. Кыргызчасынан бурагычты ачкыч катары колдончумун.

Жалкообуз биз, ал жалкоолук ушунда:
    Жасабайбыз ар нерсени тушунда,
    Жасаар мезгил, убактысы өткөндө,
    Жасайбыз биз жайындагын кышында…
 

Бузук, мотору от алып турса да, ордунан жылбаган машинемде отурганда мени ушул ой жетеледи: биз кыргыздар жүрөгүбүздүн сокконуна эле сүйүнбөстөн, эртеңки күнүбүздү эмнеге ойлобойбуз? Бүгүнкү иштерди эмне үчүн эртеңкиге же андан да кийинкиге калтыра беребиз? Бүгүн да ошондой эле болбодубу. Эгерде мен кыргыз болбосом, мүмкүн, кечээ эле машинемди оңдотуп, бүгүн майрамда такси кылып күндөгүдөн эки-үч эсеге көп пайда таппайт белем? Бажам экөөбүз эртең менен аттанып чыккан максатыбызга жеттикпи? Тиги өлгөн кыргыз жигиттин сөөгүн эми биз эртең Кыргызстанга жөнөтөбүзбү? Мүмкүн, андан кийинки күнгө калаар. Кыскасы, таң атсын, ага чейин баары бүдөмүк. Бирок бир нерсени таасын билем, кыргыздар эч качан жалкоо, кур намысчыл, мактанчаак жана ач көз, зыкым болгон эмес. Тескерисинче, кыргыз эли айкөл, эмгекчил, чыныгы намыскөй, оор басырыктуу, жоомарт болгон. Ушул ой менен кантип уйкуга кетип калганымды билбейм…

 

© Темирлан Бейшенов, 2010

 


Количество просмотров: 2266