Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз / Балдар адабияты
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2011-жылдын 26-декабры
Кудайга шүгүр
(жомок)
Бул жомокто барчылыкка ыраазы болуп, алты жанга шүгүрчүлүк кылуубуз керектиги, анткени жан-дүйнөбүз ток пейилдикте экендиги баяндалат.
Бар экен, жок экен, мындай бир окуя болуптур. Илгери өткөн заманда бир кедей жашаптыр. Кедейдин бир гана кесиби болгон: ал кечке тоодон отун терип, базарга алып келип сатып жан бакчу имиш. Саткан отунуна бир токоч нан, бир чөйчөк сүт келчү экен. Ошол нанын жеп, сүтүн ичип, эртеңки күнгө камынып, кайра тоого отун тергени барып жүрөт.
Кедей тоого барган жолдон пайгамбар кудайга сыйынганы өтчү. Күнүгө жолдо бара жатып, пайгамбарга жолугуп, учурашып, ал-жайын сурап, андан нары жолун улачу. Ошентип кедей бир күнү пайгамбарга кайрылат:
– Кудайга айтып барчы, мени кайсы күнөөм үчүн жазалап жатат. Кудай эмнеге мага байлык бербеди? Базарда алдамчылар, алып сатарларды, кудайга акарат кетирген адамдарды көрбөйт, жазалабайт да, анан эмнеге мага азап берип койгон? Кайсы күнөөм үчүн? Саткан отунума да жарытылып курсак тойбойт, анда эмнеге мени жазалап жатат?
Пайгамбар кедейдин тагдырын сурап билүүгө сөз берип, экөө эки тарапка жол улайт. Эртеси пайгамбарга жолдон жолугуп кедей собол узатат:
– Эмне деди?
– Шүгүр дегин, кудайга шүгүр дегин, – пайгамбардын жообу ушул эле.
Кедей нааразы болуп:
– Ошол сенин кудайың адилетсиз экен, – деп күбүрөнүп алып жолун улайт.
Дагы күндөрдүн биринде ал жолдон пайгамбарга учурап:
– Качан мага байлык берет? Качан мен жакшы жашап, курсагым тоёт? – деп кудайга карата суроосун кайталайт.
Кийинки күнү дагы жол карап отуруп, пайгамбарга учурап, кайрадан эле тигинден баягы кудайга шүгүр кылсын деген сөзүн угат. Кедей пайгамбарга нааразы болуп:
— Мен сенин кудайыңа ишенбей туруп, эмнеге шүгүр дейин? Бул дүйнөдө дегеле акыйкат жок болсо, мен кайсы байлыгыма ыраазы болоюн? – деп күбүрөнгөн бойдон тоону көздөй жол тартты.
Кедей ого бетер нараазы болуп келатты: «Кайсы жакшылыгыңа? Ушул жашка жетип ачка жүргөнүмөбү же курсак тойбогон бир чөйчөк сүт, бир токоч нангабы, же тоодогу үңкүр үйүмөбү? Сенде дегеле акыйкат деген жок экен!» Ушул нааразы сөздөрү менен отун чогултат, жонуна артып алып, базарга келгиче дагы баягы нараазылыгын уланта берет. Отунун сатып, сүт-токочун жеп, кайра отунга тоону карай жол тартканда, кайрадан кудайга капа болуп, сүйлөнүп баштайт.
Күндөрдүн биринде кедей тоодон отунун жонуна артып келе жатса, суунун жээгинде бир чал отурат. Чал кедейге карап, тигил өйүзгө өткөзүп коюусун суранат. Кедей отунун жерге коюп, чалды жонуна мингизип алат. Суунун жээгине келгенде кедей чалды түш дейт, бирок чалдан эч жооп жок. Чал кедейдин мойнунан кучактап алып, карышкан бойдон өлүп калган экен. Кедей жонундагы чалды түшүрүүгө ар кандай айла издейт, бирок эч таппайт. Аскага, ташка, талга сүйкөнөт, чал бошобойт да түшпөйт. Кедейдин айласы кетип, курсагы ачканынан отунун сүйрөп базарга келсе, ал жердегилердин баары качат. Чалдын сасык жытынан отунун да сата албай, карды ачып, суусап, кайра тоого жөнөйт. Көзүнө тоодогу булактын суусу илинип, эмне болсо да ошол суудан ичип өлүүгө даяр тону карай кете берет. Ачка алсыраган кедей жөрмөлөп отуруп, отун терген тоодогу булакка жетип, бир ууртам суу жутат да, оозунан биринчи жолу «шүгүр» деген сөзү чыгат. «Өх, кудайга шүгүр!» – деп жибергенин ал өзү да байкабай калат. Ошондо аркасындагы чал шалак этип түшүп калат. Кедей сүйүнгөнүнөн: «Кудайга шүгүр!» – деп ыраазы болуп, чалды жерге көмүп, пенделик парзын аткарат.
Андан кийин ал отун терип, кайрадан базарды көздөй жөнөйт. Отунун сатып, сүт-токочун жеп, кудайга шүгүрчүлүгүн айтып , көп күн башынан кечирет. Ошондой шүгүрчүлүк күндөрдүн биринде жолдон бир ачка аял өлүм алдында жатканына туш болот. Кедей ага токочунун жарымын сындырып берип, сүт уурттатат. Аял ыраазычылыгын билдирип:
– Мени өзүң менен кошо тоого ала кет, – деп өтүнөт. – Мени аял кылып ал, мен да отун теришем, барар жерим, эч кимим жок…
Кедей аялды карап, боору ачып:
– Бир чөйчөк сүт менен бир токоч нан, кудайга шүгүр, экөөбүзгө жетет, – деп, аялды тоодогу үңкүрүнө алып барат.
Кедей отунун сатып, бир токоч нанын, бир чөйчөк сүтүн аялы менен бөлүшүп, экөө чогуу жашап калат. Бир күнү кедей отунун сатып, токоч, сүт алса, бир тыйын акчасы артып калат. Кедей таңгалып, аны аялына көрсөтөт. Аялы андан базардан жүн сатып келүүсүн өтүнөт. Кедей алып келген жүндү аялы ийрип, андан байпак, жоолук токуп, эрине сатууга берет. Кедей базарда отун, жүн байпак, жоолук сатып, аялы экөөнүн кедейлик турмушу оңолуп, алар байлык топтой баштайт.
Бир күнү пайгамбар үйүр жылкыны көрүп, жылкычылардан:
– Бул үйүр жылкы кимдики? – деп сурайт.
Жылкычылар:
– Кудайга шүгүрдүкү! – деп жооп берет.
Пайгамбар андан нары уйчу, койчу, дыйкандардан суураса, баары тең:
– Кудайга шүгүрдүкү! – дей берет.
Пайгамбар тоодогу чоң үйгө, ак сарайга келип, баягы отун терип саткан пендеге жолугат. Пайгамбар кедей менен учурашып:
– Кандайсын, пендем? – дейт.
Кедей ага:
– Кудайга шүгүр! – дейт.
Пайгамбар андан:
– Ден-соолук, мал-жан аманбы? – деп сураса, тигил ага:
– Кудайга шүгүр! – деп жылмаят.
Пайгамбар кедейге жолдон жылкычы, уйчу, койчуларга жолукканын айтып, акырында:
– Бул мал-дүйнө сеникиби? – дейт.
Кедей анда дагы:
– Ооба, кудайга шүгүр! – деп жооп кайтарат.
Пайгамбар кедейдин сый-урматына, жөнөкөйлүгүнө ыраазы болуп кетет. Жолдо бара жатып анын жараткан кудайга сүйүүсү артып, ичинен өзүнчө ыраазы болот. Кедейге жазбаган байлыкты аялына жазып, шүгүрчүлүктү кедейге бергенин ал ой калчап аңдайт.
Чынында эле биз бул окуядагыдай барчылыкка ыраазы болуп, алты жанга шүгүрчүлүк кылуубуз керек окшойт, анткени жан-дүйнөбүз ток пейилдикте эмеспи...
© Темирлан Бейшенов, 2010
Количество просмотров: 1962 |