Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Темирлан Бейшенов, 2010. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2011-жылдын 26-декабры

Темирлан БЕЙШЕНОВ

Тыңчы кумурска

Бул чакан аңгеме адам жана табияттын ортосунда көзгө көрүнгүс бир тыгыз байланыш бар экендигинен кабар берет.

 

Баштыкты апам аябай бекем ороптур, чаң, суу тийбесин дегени го же бирөө жарым албасын дегениби, айтор, бир топ кыйналып жатып ачтым. Баштыктын ичин ачып, курут, мөмө-жемиштердин кургатылган кагы, эки жүн байпак, ичинде бир картык сары май, дагы биринде кожогаттан кыям бар экен. Баштыктын түбүнө гезит-журналдарды, мен сураган китептерди салыптыр.

Картыктарды сынбасын деп байпак ичине салган апамдын тапкычтыгына, жылуу жүн байпак менен издеген китептерди жөнөтүп жибергенине ыраазы болуп, аларды улам биринин артынан бирин кармалап, кучактап, апамды сагынып, аяп, көзүмө жаш толо түштү. Картыкты ачып, кыямды жыттадым да, көпкө башкача болуп турдум, ата-мекендин, мен өскөн тоонун жыты бур этти. Дагы-дагы жыттап, сагыныч, көкүрөк эңсөөм канбай, көз жашым тып этип апамдын байпагына тамды. Мен чочугансып эки жагымды карап алдым да, колум менен көз жашымды аарчып, үйдө бирөө бардай кооптонуп, анан кайра өзүмдүн жигиттик кайратыма келдим. Чай кайнатып, мөмө-жемиштен какты ачып, өрүк кагынан оозума салып, көз алдыма тоо аралап кожогат, карагат терип жүргөн балалык күндөр элестеп жатты. Бактылуу балалык элестеримди, сагынычымды чайдын кайнап шарактаганы бузуп кетти. Чайга кожогат кыямынан кошуп, тамшанып ичип, сары майды ачып, куруттан, алма, өрүк кактарынан жеп, гезиттерди барактап, өзүнчө эле телегейим тегиз болуп, эмеле күздүн суук шамалына тоңуп, иштен чарчаганым унутулуп, мен өзүмдү Кыргызстанда жүргөндөй сездим. Бөлмөнүн ичи бүт кожогат-карагаттын кыямына буруксуп, ата-мекен, тоо, айыл, биздин алма бак жыттанып калды. Аттиң, адам деген барды жокто билбеген пенде турбайбы! Пендечилик дегендин мааниси өзү ушунда экен да! Туулган жердин ыйыгын алыста жүрүп, бөтөн эл, бөтөн жерде сезип туюп отурам. Гезиттерди карап отуруп: «Кыргыз жерим, качан сен жөнүндө жакшы сөз угуп, үмүт жылдыздарыбыз жанып, келечегиң тууралу жакшы кабар окуур экенбиз?» – дегим келди.

Өрүк как алайын деп баштыкка кол салып баратып токтоп калдым. Карасам, баштыктан бир кумурска жөрмөлөп чыгып келе жатат. Мен өз көзүмө ишенбей карап, тан болуп, сүйүнүп кеттим. Ооба, кадимки эле кумурска. Биздин кыргыз жеринде жайнап жүргөн кызыл-кара түстөгү кумурска. Баштыктын оозунда туруп алып, буттары менен башын тазалаппы же чайкаппы жатты, айтор, бир нерсени сезип, башка жака келип калганын туйгандай же аба ылгагандай ордунан жылбай копко турду. Мен ичкен чайымды унутуп, сагыныч сезимдер кетип карап турдум.

«Э-э, боордош, мекендеш, сен кайдан адашып? – деп сөөмөйүмдү тоссом, тигил буттарын тийгизип учурашкансыды, таңгалычтуусу – качкан жок. – Сен эмне мени тааныйсынбы же мага келдиңби? Сен эмне мага окшоп иштегени келдиңби? Кыргыздардын баары эле Орусияга кетип атат, барып көрүп-билип келчи, жакшы болсо биз да аркаңдан барабыз деп, сени чалгынчы кылып жөнөтүштүбү?»

Көптөн бери эч ким менен сүйлөшпөй зериккендиктенби же сүйүнгөндүктөнбү, мен кумурска менен кумарланып сүйлөшүп жаттым. Кумурска жозунун үстүн аралап тегеренип жүрдү. Мен аны таза картыкка акырын салып, бөлмөгө алып келдим. «Мына, өзүң көргөндөй, менин жашоом ушундай. Бул керебетке мен жатам, буга Курал байке жатат… Эмне?.. Ооба, кыргыз, тиги көшөгөнү тартып, Бакыт байке аялы Венера жеңе менен жашайт. Биякта бөлмөнү батирлөө кымбат, ошондуктан ынтымакташып алып бул бир бөлмөлүү батирди төрт адам ээлейбиз. Курал байке мени менен курулушта иштейт. Бакыт байке айдоочу, аялы ашканада иштейт. Мен бүгүн сени тосуп алайын деп жумушка барбадым…»

Кумурска уккансып кыймылдабай картыктын ичинде мени карап турду. «Сүйлө, жердеш, айылда эмне жаңылык? Күзгү түшум кандай болду?..»

Мен чалгынчы досум менен күзгө чейин жашадым. Анан бир күнү Бакыт байкени узатып аэропортко келдим. Бакыт байке менин чалгынчы инимди карап, апамдын колуна бериңиз деген суранычыма минтип жооп берди:

– Ой, иничек, мынча эмнеге кумурскага жан тарттың? Эч кам санаба, мен сенин жан-дүйнөңдү түшүндүм.

– Ырахмат, Бакыт байке, айылга барганда телефон чалып коюңуз, макулбу?

– Ооба, макул, иничек, өзүңдү кара, – деп Бакыт байке каттоо бөлүмүнө кирип кетти.

Айнек каалгадан Бакыт байкенин колундагы баштыкты карап, мен чалгынчы досумду кыя албай турдум. Кечинде мен апама телефон чалдым:

– Алло, апа, жанагы кумурсканы өз уюгуна кошуңуз… Ооба, ошол алмуруттун түбүндөгү уюкка…

– Алда, балам ай, сен кумурсканы эмне кыласын?.. Ооба, сен айткандай кылам, деги сен качан келесин? Ден-соолук, иштериң кандай?..

Апам менин сөзүмө көңүл бурбай, менин ал-абалымды сурап жатты. Апама менин акыбалым кызыкттуу болсо, мага чалгынчы досум же жөнөкөй кумурска кызыктуу болуп турду. Ошол кичинекей макулуктун, адашкан жандын жашоосу мени чоң түйшүккө салып, ойлондуруп жатты. Мага ошол кибиреген кумурсканын адашкан жашоосу менин өзүмүн жашоомдой, менин келечегимдей сезилди. Ушул макулукту да бөтөн элге-жерге ыраа көргүм келген жок, анткени мен бул бозгун жашоосун көрдүм.

– Апа, өз уюгуна кошуңуз, убал, – деп безилдеп, анан мен тамашаладым.– Ал менин иним болуп калды, сүйлөшсөңүз, ал бияктагы мендеги кабарларды айтып берет.

– Мейли, айланайын, дагы эле баягы бала кыял бойдон турбайсынбы? – деди апам.

Ал эми мен болсо тынбай сайрай бердим:

– Апа, көрдүңүзбү? Чалгынчы эмне кылып атат?.. Апа, телефонду Бакыт байкеге беринизчи… Алло, Бакыт байке, чалгынчы эмне кылып атат?..

– Кыймылдабай турат, эмнегедир кошула албай атат.

– Эмнеге? Мүмкүн, алар башкадыр?

– Чалгынчы булардан кичине өзгөрүп, бозоруп, агарып калыптыр, баары келип учурашып атат окшойт. Иничек, баары жакшы, иши кылып мушташып-чатакташкан жок…

Нары жактан апамдын:

– Ой, телепонунун акчасы кетти го… Ушу кумурскага да ушунча күйөбү? – деп кобуранып кейип жатканы угулду.

Бакыт байке ага болбой күлүп калды:

– Эй, иничек, досуң болсо уюгуна кирип кетти, көп ойлоно бербе…

Мен эмнегедир кубанып «өх!» дегендей болдум: мен Бакыт байкеге ырахмат айттым.

 

© Темирлан Бейшенов, 2010

 


Количество просмотров: 1915