Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия
© Касейинова М.А., 2011. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2012-жылдын 30-январы

Махабат Аманжоловна КАСЕЙИНОВА

Тумандуу ойлор

Акыркы жылдардын поэзиясы.

 

Кайрадан жазгым келет сен жөнүндө

Жаш элем анда талдай жаңы бүрдөп,
Жаңырган айдай аруу, таза да элем.
Ал кездер жалаң сүйүү ыры болчу,
А азыр башаламан жаза берем.

Күткөнүм, сагынганым, издээрим жок,
Күйүтүм билбейм менин ушундадыр.
Жаз, жайым сумсайыңкы өттү неге?
Жакшы күн күздө, балким кышындадыр.

Жүргөндөй өңү түшүм айрый албай,
Жүрөгүм бир башкача согот дүк-дүк.
Курбулар бул сөзүмө көңүл бурбай,
Кой дешип кол учунан коёр түртүп.

Кайрадан жазгым келет сүйүү ырларын,
Капыстан кезиктирип жолдон бүгүн.
Тарс этип таштап ийип үстүмдөгү
Тагдырым эчак салып койгон жүгүн.
Кайрадан жазгым келет сен жөнүндө,
Кайрадан жолуктуруп сени бүгүн.

 

Мага арнап бир ыр жазчы

Мага арнап бир ыр жазчы,
Тарыхта кала турган.
Ачылаар кабагым да,
Айыгып жаратымдан.

Көңүлгө жашырбай сыр,
Төгүлчү кана, бүгүн.
Коркпойм мен түйшүгүңдөн
Мойнума алам жүгүң.

Түшүмдөн кетпей такыр,
Түнүмдү көрккө бөлөп.
Ырларым сага арналган
Түшүнбөс сенден бөлөк.

Бизди кеч табыштырган,
Билбеймин кимде жазык.
Бүгүн кел, күтөм сени
Мага арнап бир ыр жазып.

 

Сүйүү бары чын болсо...

Жакшы көрдүм, мактап курбу-досторум,
Жакын басуу мага бакыт сезилди.
Бир көрүүдөн ашыктыкка кабылуу,
Билбейм чынбы, балким жалган сезимби?

Жашоо-турмуш, бүт баарына кол шилтеп,
Калгым келди жубай болуп түбөлүк.
Жан экенсиң жүрөгүндө кири жок,
Жашамакмын тирек кылып, сүйөнүп.

Алыс дедик биз жашаган аралык,
Андан башка көп ээ турмуш бороону.
Тоодой бийик сүйүү бары чын болсо,
Жеңээр белек Төө-Ашууну, Долонду.

 

Тумандуу ойлор

Көптөн бери чаңы аарчылбай,
Терезем да бүгүн бозорот.
Сыртта туман, менде кусалык
Чаң сүртүүгө колум бошобойт.

Кез–кездерде карап койбосом,
Келчү адамдан үмүт үзүлгөн.
Чуркап жөнөйм эшикти ачууга
Чоочуп кээде туруп түшүмдөн.

Кылган ишим такыр арбыбай,
Кыялым да барат өзгөрүп.
Келбей калды ушул кыш дагы
Кеткен жигит кечээ сөз берип.

Бул турмушту сезээр бактылуу,
Наристелер жаңы төрөлгөн.
Улам ойдон–ойго сүңгүтүп
Уйку качкан түндөр көбөйгөн.

Коңшулардын үнү таң атпай,
Жөтөлгөнү, анан күрсүлдөй.
Туман өңдүү сырт да бозорот
Тереземдин чаңы сүртүлбөй...

 

Жаз

Арсызмын ээ, сени күттүм жазды эмес,
Андагыдай кайда сенсиз жылуулук.
Чыр-чыр эткен чымчыктардын үндөрү,
Туш тараптан турат мага угулуп.

Жаз келиптир күн күлүңдөйт чыгыштан,
Жан бүткөнгө тирүүлүктү сездирип.
Кышка таштап, жазга сапар алдым мен,
Калган бардык сүйүүлөрдү эскирип.

Дүйнөм жаңы, бүгүн мен да жаңымын,
Жүрөгүмө жакшы ойлорду уютуп.
Сезимдерим жаңылыптыр бул жолу,
Сенсиз деле жаз келерин унутуп.

 

Жөн гана узап кетчи

Көңүлүм калып бүгүн башкалардан,
Капкара карегимди жаштап алгам.
Ырымды окуп берем,
Өзүңө арнап жазып жаттап алган.

Угуп кет, ушул жолу суранамын,
Уялап алган санаа жүрөктөгү
Уюлгуп жаткан муң–зар чыгып кетсин.
Суранам, ушул ырым угуп кеткин.

Жапжаңы ыр жазайын анан кайра,
Жарыгым биротоло сүйдүрүп кет.
Шашсаң да жумушуңа
Шамымды, үмүтүмдү күйгүзүп кет.

Уккан соң бул ырымды,
Баштаба, бирок жаным узак кепти.
Күлбө да, муңайба да,
Жөн гана ойлуу тартып узап кетчи.
Жөн гана узап кетчи...

 

*** 

Сагынтып, зарлантканың бул бир күнөө,
Санаага салганың, ал экинчиси.
Үчүнчү, төртүнчүсү келбегениң
Сүйдүрүп, сүйбөгөнүң бешинчиси.

Күнөөңдү санай берсем дагы бардыр,
Күйүтүм күчөп кетет эстегенде.
Ашыгың болгон жокмун ичим күйөт
А балким акым жоктур жектегенге.

Пендебиз, катачылык кетет бизден,
Байкабай жаңылабыз кээде жүрүп.
Күнүмдүк турмуш менен алаксыбай
Күнөөңдү азайтып ал мени сүйүп...

 

***

Ак таңым арылбас күйүтүм,
Ар убак жалгыздык коштогон.
Кеч менин үзүлбөс үмүтүм
Келүүчү бирөө бар окшогон.

Жаз менен сүйүүлөр башталат,
Жалгыздык бүтөт деп ойлоном.
Эч ким жок жан дүйнөм ач калат,
Эргитип жүрөктү козгогон.

Келем деп келбеген жандарга,
Кейигем, а азыр кейибейм.
Эл өңдүү эс алчу жайларга
Ким менен барамын деги мен?..

Жабыркайт бул ойдон жүрөгүм,
Жашырбай айттым го болгонун.
Жалгыз деп сын таккан досторго,
Жакшыдыр жолукпай койгонум.

 

*** 

Кайсалап издеп жатып бир нерсени,
Качанкы түшкөн сүрөт колго урунду.
Капыстан эске келди көргөн түшүм
Кайрылып бир барсам деп ойлодуңбу?

Үшүдүм туш–тараптан шамал уруп,
Үшкүрөм, уктай албайм көзүм ирмеп.
Келсе деп Жаратканга жалынбадым
Келчү адам, айттырбастан өзү билмек.

Сыртта кыш, көчөлөргө көк муз тоңгон,
Суук шамал, билем азыр келе албайсың.
Себелеп турган тышта кардай муздап
Сен мага бир жылуулук бере албайсың.

Сыртта кыш, билем азыр келе албайсың...

 

***

Пайдаланып сенин жогуңан,
Баягы бир эски таанышым,
Капысынан чыкты жолуман.

Сагынганын айтып кеп салды,
Мелтиредим аны бир карап,
Менде жоктой, жоктой эч кайгы.

Коштоштум да улап жолумду,
Кайда барсам жандап жүрчү элең,
Карачы эми бүгүн жогуңду.

Кайгы басып кетип бараттым,
Жандап басаар киши табылбай,
Жалгыз жүрүү кантип жарашсын.

Учурашты кармап колуман,
Баягы бир эски таанышым,
Капысынан чыгып жолуман.

 

Ушул жаз

Ушул жаз ак жолтой болсо экен,
Урундум бериндим көп ирет.
Бактым деп издеген адамым,
Быйыл да жолукпайт көрүнөт.

Жарышка түшкөндөй жыл өтөт,
Жаштыгым күн сайын алыстап.
Билинбей муз болду жүрөгүм,
Билбеймин кандай жан багынтат.

Капыстан сүйдүрүп өзүңдү,
Калдык ээ, а бирок баш кошпой.
Улантып күндөрдү бактылуу,
Ушул жаз болсо экен ак жолтой.

 

© Касейинова М.А., 2011

 


Количество просмотров: 1758