Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия
© Моңолбаев Т.Ш., 2012. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2012-жылдын 8-февралы

Талантбек Шарипович МОҢОЛБАЕВ

Калем саптагы шишкебек

Сатира жана юмор / Саясий тамсилдер-памфлеттер

Талантбек Моңолбаевдин чыгармачылыгы өзгөчө дараметтүү. Ал көп кырдуу таланттуу калемгер, журналист, акын, сатирик, памфлетист, чыгармачыл чөйрөгө кеңири таанымал инсан. Поэзияда, прозада, айрыкча сатирада калеми да, ойлору да курч. Чыгармаларын жогору көркөм чеберчиликте ар түрдүү жанрларда жеткире жазат. Автор анын өзгөчө саясый тамсил-памфлеттери ийкемдүү стили менен кыргыз адабиятында жаңылык жанр ыкма катары бааланат. Талантбек Моңолбаев жаңычыл сатирик катары өзүнүн саясый тамсил-памфлеттери менен учурдун, мезгилдин жана коомдун курч маселелерин таамай аныктап, талдайт. Чыгармаларынын көркөм-философиялык мааниси терең жана сатиралык ыкмада жазылышы окурмандардын чоң кызыгуусун пайда кылат.

 

БҮРКҮТ, ҮКҮ, ЖАРГАНАТ

Саясий тамсил-памфлет

Байыркы бир заманда,
Батынып бийлик алаарда.
Бардык канаттуу куштар,
Барышып саясий кадамга.
Жалпы чечим чыгарып,
Жар салышат ааламга:
– Бүт чогулуп Бүркүттү,
Түшүнгөн биздин абалга,
Хан көтөрүп шайладык,
Акыйкатчы жакшыга да жаманга.
Ак иштеп калыс болот деп,
Жар салынды далайга.

***

Мындайда көрүнөйүн деп,
Сагызган сайрады шакылдап,
Калбайын деп катардан,
Карга чыкты какылдап…
Тегинен эле түптүү, – деп,
Көзү курч, өзү күчтүү, – деп
Жалпы жапырт макташты.
Бир добуштан жакташты.
Калыс бол, – деп жалпы айтты,
Кадыр-баркты жакшы айтты.
Баарына ыйык сезилген,
Байыртан келген салтты айтты.
Кунт коюп угуп Бүкөбай,
Калыстыкты антты айтты.
Жалпыга дароо кайрылды,
Жараганы Үкү деп.
Тааныштырды заматта,
Жанымда вазир ушу деп…
Таажы кийип чакыйып,
Такка отурду бакыйып…
Шаан-шөкөт башталды,
Иштин баары ташталды.
Топ-топ болуп чыгышты,
Торгой, Булбул сайрашты.
Тоту куштар бийлешти,
Топурашты жандашты.
Куттукташа кудуңдап,
Кол кысып кармашты.
Сый-тамактар тартылып,
Көпчүлүк бүт жыргашты.

***

Көңүлү токтой сыпайы,
Кыргый, Күйкө, Шумкарлар.
Көрүнөт көзгө сүйкүмдүү,
Кекиликтер, Уларлар.
Демөөрчүлүк кылышкан,
Кызмат алаар куштар бар.
Куштардын болуп майрамы,
Кубанычка толушту.
Кулкулдатып жутушуп,
Кузгундар абдан тоюшту.
Бок чокуган Каргалар,
Барктуу конок болушту.
Тамтык жеген Таскара,
Түркүн тамак тандады.
Балта Жутаар, Жорудан,
Мыдыр нерсе калбады.
Мындай кудай бербеспи,
Укмуш болду сайраны.
Ал эми Ала Барчынды,
Жасакерлер жандады.
Алды-артына түшүшүп,
Жалбаргандан танбады.
Мына ушинтип башталган,
Бүркүттүн бийлик кызматы.
Бардык ишти аткарган,
Үкүнүн артып урматы.
Маселе чечип өзү эле,
Бийик болуп ызаты…
Бүтүндөй топ келсе да,
Бүркүттөн сөз уга албайт,
Бүтүмдү Үкү чыгарат,
Бүркүткө түз кире албайт.
Эшитилбей арыз-муң,
Эшиги катуу тосулат.
Эчен ирет келсең да,
Эч кимге болбойт бош убак.
Учурашып чыгуу да,
Үкү аркылуу чечилет,
Ушак сөздөр айтылса,
Үкү аркылуу кечирет.
Кызыгы, Үкү өзү ушакчы,
Сөзү болот шыкакчы.
Күлгөнү жалган тим эле,
Жүргөнү жаман неме эле.
Жалпы журттун ишине,
Жакшылык кылбайт деги эле.
Топтошуп арыз-муң жазып,
Тегерек мөөр чоң басып,
Торгойду өкүл жиберсе,
Тоготпойт Үкү муңдатып…
Тоголок арыз экен, – деп,
Бүркүттү коет ынатып,
Күйүп – бышып, күйүгүп,
Күбөлөр менен ымдатып.
Каймана карайт көйгөйгө,
Көпчүлүктү сыздатып.
Көздөрүн май баскандай,
Кызматка көөп кутурат,
Канаттуунун баарысын,
Бирине-бирин тукурат.
Бүркүт менен жолукпай,
Куштар калат мукурап.
Кемтигин табат дароо эле,
Сайрабай калды Булбул – деп,
Колтукка кирип, айтат дейт;
Калп айтпайм;– бул чын кеп.
Канаттуу куштун жалпысын,
Калтырбай түгөл жамандайт,
Кыйынсыган Кыргыйды,
Канкор, ачкөз жаман, – дейт,
Шуулдаган Шумкарды.
Шум ажалдуу арам, – дейт.
Чырылдаса чымчыктар,
Чындыктын баарын жалган, – дейт.
Туура сөздү терс айтып,
Тополоңго салган, – дейт.
Кыйын эчен куштарды,
Кызматынан алган, – дейт.
Караанын көзгө илгизбей,
Эч кимге өзүн билгизбей,
Кире калып тешиктен,
Чыга чуркап эшиктен,
Ушактарын Үкүнүн,
Чычкан далай эшиткен.
Мойнуна коюп күнөөнү,
Жок кылаарда бирөөнү,
Атайын Үкү жетелеп,
Алпарчу Чычкан күбөнү,
Так ушинтип чечилген,
Тамашалуу тагдырлар,
Тазаланган четинен,
Абройлуу алгырлар.

***

Мына ошондо топтолуп,
Бүт канаттуу жоктолуп,
Чоң маселе бар, – дешип,
Чогулушат топ болуп,
Чагымчы Үкү, – көр бол деп,
Канаттуу куштун баарысы,
Терс бата берип каргашат,
Жашы менен карысы.
Үкүгө түз тийген, – дейт
Канаттуулар каргышы,
Көрүнүп жарык караңгы,
Көздө болот кайгысы.
Кызыгы, күбөсү да көр болуп,
Чычканга канат бүтүптүр.
Аталып аты Жарганат,
Караңгы түндө учуптур.
Жалган жалаа жабышып,
Жамандык ишке барган – дейт,
Жанкечти Үкү, Жарганат,
Жалпыга кайгы салган – дейт.
Буларга жарык буюрбайт,
Илгертен сөз калган, – дейт,
Ушуларга ишенген,
Бүркүттө чоң арман – дейт,
Убагында сезилбей,
Уят кылат ушакчы.
Чалып жыгат чагымчы,
Шаштысын алат шыкакчы.
Мына ошондо Бүркүткө,
Теңирден аян келиптир.
Жаратканы кош колдоп,
Ак батасын бериптир;
– Өзүңө ишен, бийик уч,
Көзүң болсун өтө курч,
Бардык ишти калыс чеч,
Болосуң дайым өзүң тынч.
Ошондон кийин Бүркүттүн,
Учканы бийик болуптур,
Алысты көрүп, көзү курч,
Тажрыйба топтоп толуптур.
Калыс карап жалпыга,
Кайрадан такка конуптур.

***

Турмушта да кездешет,
(Адам) — Үкү, Жарганат.
Кыянат кылып бирөөгө,
Кошомат жасап жан багат.

Кызматынан алаарда,
Абийирин сатып карганат,
Эл чогулган жерлерге,
Элеңдеп күндүз баралбайт.
Жардамы тиер «чоңдорго»,
Кечинде каттап жалаңдайт,
Пайдасы үчүн өзүнүн,
Жакшыны да жамандайт.
Жалпы журттун баарысы,
Жакшылык гана ойлосун.
Жарыктык жашоо дебеген,
Жарганат, Үкү болбосун!..

 

КИМ КАНДАЙ ЖИНДИ?

(памфлет)

Жинди, жинди, жиндилер,
Жинди эшекке миндиңер.
Карап көрсөң аз эмес,
Кандай жинди кимиңер?
Жоруктары көп кырдуу,
Жосундары ар түрдүү.
Жиндинин бар түрлөрү,
Өзгөчө болот сүрлөрү.
Калың элге жоо келсе,
Капысынан доо келсе,
Элди коргойт эр болуп,
Эр ичинен шер болуп.
Алп Манастай зор «жинди».
Аталып калган «Чоң жинди».

(Элдик ыргак менен)

***

(Учур ыргак менен)

Жакшыдан жаман чыкса,
Урук улап аман турса:
– Жатын – жинди!
Калк айтса сөз укпаган,
Карганган, албууттанган:
– Катын – жинди!
Жамандан жаман чыкса,
Жалпыдан сын сөз укса:
– «Сийдик» – жинди!
Абийирин сатууга даяр турган,
Акчага мансапка дилин бурган:
– Бийлик – жинди!
Көлөкө болуп «чоң» жандаган,
Көпчүлүк жерден эч калбаган:
«Ызат» – жинди!
Кызматы барда көпкөнүн айткан,
Кызматы жокто сөккөнүн айткан:
– Кызмат – жинди!
Кыз, баласы жанашкан,
Кызыгып мандат талашкан
Шайлоо – жинди!
Кымыз ичип, жыргаган,
Кыйкырып, кырда ырдаган.
Жайлоо – жинди!
Абройлуу адамды көп жандаган,
Атактуунун аты менен элди алдаган:
– Эстүү – жинди!
Бирөөнүн колу менен чок кармаган,
Беделин айла менен бек сактаган:
– Эптүү – жинди!
Учурашсаң күлүп сүйлөп кучактаган,
Улам кайра жамандап, ушактаган:
– Шектүү – жинди!
Коңшу-колоң, жолдошко эч батпаган,
Кокусунан жолуксаң да кек сактаган:
– Кектүү – жинди!
Эл ичинде бешенеге атып кетсе,
Эч нерсе билбегендей басып кетсе:
– Түптүү – жинди!
Өзүн билип чындыкты бетке айтса,
Сөзүн октой көзүнө ачык атса:
– Күчтүү – жинди!
Чагымчыл ушак көп айткан,
Көмөчүнө күл тарткан:
– Куйту – жинди!
Денесин сатып жан баккан,
Банкрот болбой пул тапкан:
– Сойку – жинди!
Карыз алып ээсинен качкан,
Эл ичинде абийирин саткан:
– Жуксуз – жинди!
Кызарган жерди жулуп алган,
Сулкуйтуп улам сугунуп салган:
– Сук-сук – жинди!
Кызматтык ишин сол алган,
Процент деп сом алган:
– Сүткор – жинди!
Былгытып сөз ташыган,
Былык иштер ашырган:
– Күнкор – жинди!
Алдыга түшүп айкырган,
Акча, аракка алдырган:
– Көчө – жинди!
Ажырап эс-акылдан,
Келбесе ага эч бир жан:
– Өтө – жинди!

Ылайым Кудай колдосун!
Ынтымак элге орносун!
Шакаба маани-мазмуну;
Коом жинди болбосун!

 

ДЕПУТАТТАР – ЖАНЫБАРЛАР

(Саясий тамсил-памфлет)

ЖҮЗ жыл тап-так кылымга толуп,
Миң жылдык туп-туура 2000 болуп.
Жаңы кылым, жаңы миң жылдыкта,
Жаңыча бакыбат жашайлы деп, –
Жаныбарлардын жандүйнөсү ойгонуп.
Жыл башында, үчтүн айынын жыйырмасында,
Жан-жаныбарлар жапырт шайлоого,
Жан талаша киришишти терең ойлонуп...

АЛБЕТТЕ, мындай саясий олуттуу өнөктүккө,
Атпай – журттун баары калбай келишти.
Адегенде, көпчүлүк да… айтылды ой-пикирлер,
Ал гана эмес айрымдары "сүзгүлөштү", "тебишти".
Ар аймакта ар түрдүү көрүнүштөр болду,
Акыры татыктуулар үчүн добуш беришти.

АЛГАЧ эле атаандашсыз ат салышкан,
Аксакал карт КАРЫШКЫР шайланды.
УШУ БАЛИ, ЭМИ ТУРДУ АКЫЛ, – дешип,
Улуу муун сүйүнүчү чоң салтанатка айланды.

Карт Какемдин кадырынан уламбы,
Айтор, буга бийликтегилер да кубанды.
Ал эми, атаандаштары көп аймактарда,
Шайлоо өнөктүгү экинчи турга уланды.
Бирок, Какемдей эле кадыр-баркы бар,
Абройлуу АКСАК АТ ачуусун чыгарды.
Мансапка МАС, АЛЫ – күчтүү болсо да,
Атаандаштыктан алгач шайланбай, кубарды.

...Албетте, ал Какеге тең, өзүн гана эсептейт,
Аброй – беделим көпчүлүккө жетет, – дейт,
Жалгыз жарышта жаманатты болгуча.
Жалпы ишеничтен пешенем ачылып кетет, – дейт.

Жок жерден аны шайлабоо керек, – деп чырылдашты.
Жолбун иттер бийлик "заказы" менен ырылдашты.
Кечээ эле чоң кызматтан мүдүрүлгөнүнө карабай,
Намыс үчүн туугандары "итчилик" кылышпады.
Акылдашып, макулдашып, акыры ишеним алып,
АКСАК АТ, бийлик жана көпчүлүк чырын басты.

ОШЕНТИП, ар ким өзүнүн аброй, беделине карата,
Баары аракеттеништи мүмкүнчүлүккө жараша.
Көбү тоо, түз, талаа, токойдо жактап добуш беришти,
Кимдер жаныбарлардын кызматына мыкты жараса.

Саясий өнөктүк – албетте жооптуу – бул убак,
Ар кимдин көңүлү ар кайсы жакка бурулат.
Токой башчы – кекеч ЧОЧКО депутат болду деп,
Бардыгын таң калтырган укмуш кабар угулат.

ЧОЧКО пейли: жегичтиги өзгөчө ашкере,
– Кантип? – дешип жан-жаныбар ишенбейт.
А БУ кезде ПИЛЛА артып жүктөөчү,
Төбөсү жоор ЭШЕК жарчы "ишен" – дейт,

Көпчүлүк Чочкону ушундай билишчү:
Ачкөздүккө арааны абдан ачылган,
"Майлуу" токойдо аталып; паракор ашынган,
Айрыкча богоозчулукка көнүп алган.
Кызыгы, кээде өзүн дагы дайыма сөгүп алган,
УРУШЧААК деп – ЖАНЫ жай албаган.
Маданиятсыз, сабатсыз жетекчи, жегич атанган,
Оройлуктун "өз атасы" деген элден ат алган.

Адегенде эле бул ишти шерменделик дешип,
Ачык бетке айтышты, Чочкодон коркпогондор.
А бирок тууганчылык, трайбализм өкүм сүрүп,
Алыныптыр добуштар жалаң гана Чочколордон.
Ошентип, кекеч, онтологон Чочко,
Кокустан депутат болот ойдо жокто...

Себебин иликтеп көрсөк кийин,
Көпчүлүктүн билбеген арыз – муңун.
"Ура" – деп асманда гана учкан
Ургаачы КАРЛЫГАЧТЫ утканы уят мунун.
Анткени алсыздыгын мойнуна алыптыр,
Ал эркектей көтөрө албайм деп эл жүгүн...
Эгер чынын айтсак жалпыга калыс,
Жарап кетиптир эркектик гана намыс.

ОШЕНТИП, депутаттыкка ат салышкан,
Жаныбарлардын жарышы болду кызык.
Бардык ишти жасашты мыйзамды бузуп...
Ээн жолдо көч баштап жүргөн,
Карт бойдок болуп ӨМҮР сүргөн.
Базарда бакылдаганы менен,
Бийликтин бийик сересине чыга албаган.
Саясат деп белин бек байланган,
СЕРКЕ да депутаттыкка шайланган.
Көпчүлүк күчүнө бийлик өзү таң калган...

Жана да жандууларды таңсаар ойготкон,
Кызыл тилин жыландай сойлоткон.
Сөзү менен көп АДАМДЫ тойгозгон,
Жөжө КОРОЗ да ишенимге ээ болгон...

Эми, эзелтен сакал эчкиде бар деген,
Кең акырдан көптөн бери жем жеген.
Чоң Суу боюн жашынан мекендеген.
КАРЫШКЫР, АТ, ЧОЧКО мындай ТУРСУН;
БАКЫРЧААК ЭЧКИГЕ да эл ишенген.

Шайлоодо акча, арак, айла-амал кулач жайды,
Кыскасы, жаныбарлар саясий күрөштө сыналды.
ПИЛ менен ТӨӨ добуш үчүн ЧЫЧКАНГА жалдырашты,
Күлкүлүү иштердин кыйла учугу чубалды.

Кызыгы, парламенттен жылуу орун алышты,
Партиялык тизме менен жаныбарлар көптөгөн.
Булар: ал шайлоодо ишенимден өтпөгөн,
Отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн,
Маселен: күчтүү коммерсант КҮЧҮК,
Амалдуу ТҮЛКҮ, аялдар партиясынан ҮПҮП...
Аквариумдагы БАЛЫК, фермер БАЧИК,
Компартиядан: орус жолдошун издеген КҮКҮК.

Бул – депутат жаныбарлар дүйнөсүнөн тамаша,
Памфлеттин мааниси нак турмушка жанаша.
Ким кандай түшүнүп, баа берсе да,
Түпкүлүгүндө калдайган калк өзү тараза.
Менин автордун тилек – максатым ушул;
Тамсил окугандын бир жылмаюусуна жараса...

 

МАСКАРА МАРШ

(памфлет)

Ой-тообо, окуялар өтөт, кетет,
Оокат ичүү адамдарга күндө керек.
Ойлонбой осол ишке аралашсаң,
Онтобой ооруйсуң го, – дечү элек.
Опурулган пикетчи – маскара марш,
Ооз барбайт, айтууга келекелеп...

Адамдар: оң-терс мүнөз кыялдагы,
Ар түрдүү төп келбеген кыялдары,
Жол-сахна, бейбаштар-каарманы,
Элестелип спектакль драмдагы.

Көтөргөн ураандары чала сабат,
Көгөрүп, мыйзамсыз иш талап кылат.
Айрандай төгүп жүрөт абийирлерин,
Алданганы: акча, арак, арам тамак.

Бузуку көп, жөндөмү бар бала чактан,
Түп-түшүнбөй саясатка аралашкан.
Бирөөлөр пикет десе, же жыйынбы,
Мурдун тыгат эч нерсеге карабастан.

Жүдөмүштөй кейпин кийип келесоонун,
Жүргөн бар ортосунда мас же соонун.
Самтыратып заматта, барк түшүрөт,
Саясий оюн деген, чыныгы балит оюн.

Кимдер? Кимдер?
Мындайда ар түрдүү сөздөр сүйлөнөт;
– Кимдер пикетте кыйкырып жүрөт?.
Эл оозунда элек жок, бирөө айтат:
– Аларга сөөк ыргытса эле катуу үрөт.

Маскара марш жүрүштү ким уюштурат?
Булар кимдер? – мыйзамдуу суроо туулат,
Албетте, бийликке кумар, эл бузарлар,
Пикеттин каармандары болуп чыгат.

Алар: ссуданы сугунуп кенебегендер,
Жана кредитти убагында төлөбөгөндөр.
Өзгөчө өкмөттөн пособие талап кылууда,
Согончогу канап, өмүрү бала төрөбөгөндөр.

Кызыгы, кызматка көзү кызаргандар чогулат,
Бул топко кызматтан согулгандар да кошулат.
Ал эми, ажаан аялдар атайын даярдалып,
Айкырык-кыйкырык болсун деп уюштурулат.

Дагы далай таарынычта жүргөндөр табылат,
Көр, бүкүр, чолоктор да чакырылып барылат.
Жарымжан майыптарга чара көрө албай,
Тартип сактоочулар ыңгайсыз абалга кабылат.

Булардын атын атасак эң биринчи,
Алгач эле чыгыптыр эл бузар Эгинчи.
Ээрчитип алыптыр элирме Эрмекбайды,
Эл алдында мактап койсо "семирчү".

Аларга аралашыптыр бир топ "саясий сойку",
Арасында бар экен тиги такмаза Тойчу.
Ал пикетти банкеттей башкарам десе керек,
Анткени, аш-тойдо дайыма тамада боло койчу.

Анан "айдалган" кампачы Качкынбайды издешет,
Бизге баш-көз болчу жалгыз гана – Сиз дешет.
Эч бир коркпой эл башына туруп бериңиз,
Ар тараптан колдоочу да, коргоочу да – биз дешет.

Базаркомдук үч уктаса түшүнөн кетпеген,
Бул орунга далай тааныш салып жетпеген,
Базарбай да чоң убада менен жүрүшкө чыгат,
Аткарылчудай максаты өмүр бою эңсеген.

Абийирин, акылын аракка алмаштырган,
Ага-тууган, жакынына катташуудан ажыраган,
Алыс болуу керектигин көпчүлүк айтышат,
Абийирсиз, ажаан аталган Айымкандан.

Ар түрдүү провокация уюштурган,
Аракеч, жинди, мастардан эл чочулайт.
Арийне, өз үйүнөн түрмөнү сонун көргөн,
Абактан тажабаган Абакир да кошулат...

***

Ойлонолу, мекендештер, ойлонолу,
Опурулуп от менен ойнобойлу.
Азгырылбай утурумдук ар нерсеге,
Акыл калчап, эс менен токтонолу.
Абийирди, ар намысты ыйык тутуп,
Айкырык, дүрбөлөңдү токтотолу!

 

ОРДО

Кыргыздын ордо оюну,
Оюндардын сонуну.
Акыл, тартип, күч-кубат,
Эрежеде толугу.
Бала менен атадай,
Чүкө менен домпою.
Тамаша менен атышат,
Алчы, таа, оңкону.
Оюнчулар чогулуп,
Ордо орду такталат.
Тегерете чийилип,
Чеби бекем сакталат.
Баарынан бийик аталып,
Ордодо хан баркталат.
Олуттуу тартип, эреже,
Оюнда бирдей жакталат.
Эсептелип чүкөлөр,
Мыктылары тандалат.
Чүкөлөр саны так болот,
Кемирилбей шак болот.
Кемтиги барлар алынбайт,
Хан ордого салынбайт.

Алчы, таа, пөк, чиги,
Ар тараптан карап – жар,
Абдан таза чүкөдөн,
Ат тандашат тараптар.
Алгач алчы конгону,
Аткарылып ойдогу.
Топ жарышат биринчи,
Домпой менен колдогу.
Ордо ушинтип башталат.
Сызыктан бут атталат,
Алгачкы кадам ташталат.
Домпой таамай тийгенде,
Чүкөлөр четке чачырайт.
Көргөндө мыкты черткенди,
Көңүлдөр укмуш ачылат.
Бекем кармап домпойду,
Белге коюп сол колду
Сол бутка ороп оң бутту,
Таамай мээлеп оң-солду,
Так тийсин деп чүкөгө,
Чимирип тооруйт оң колду.
Бүткүл денең кыймылдап,
Бел, бут, булчуң оорумак,
Оюндун көркүн чыгарган,
Оңой эмес тоорумак.

Атсаң таамай таза ат,
Домпой менен каза ат.
Кадамдан ашпай алысы,
Кадап аткан кадамак,
Чимирилип домпою,
Токтойт чүкө аралап.
Тизе бүгүп отурса,
Жыдыбашы каралат.
Чекеден терип черткенде,
Чүкөлөр упай саналат.
Бай кадамак, бай чертмек,
Ал өзүнчө аталат.
Бармактары жарылса,
Ордочулар тан алат.
Чүкөнү мээлеп, туш атат,
Ар биринде күч жатат.
Эрежеге ылайык,
Бир оюнчу үч атат.
Экиден баары атышса,
Жалпы чокон болушат.
Конокко чүкө салышып,
«Чокон ат», – деп коюшат.
Чокончу ханды аталбайт,
Чыгара атып бата албайт.
Анан бирден атышат,
Оюн бүтүп жатышат.
Абалак абдан дал тийсе,
Тоскоолдукка карабай.
Ордодон хан чыкканда,
Ордодо болот таламай.
Чогултушат чүкөнү,
Туш тарапка карамай.
Утуш үчүн умтулуп,
Упай топтоп санамай.
Тополоң болот ханы жок,
Эреже калат жарабай.

***

Ажобуз элден качканда,
Ордодо болгон таламай…
Мына ошонун сыңары,
Оюндун көп сырлары:
Тажрыйба, тарых билип ал,
Оюңа дайым түйүп ал!

 

ПАСПОРТУ ЖОК СЕН КИМСИҢ ДА, МЕН КИММИН?

("Кайран Кыргызстан" памфлет циклинен)

Адам болуп атуул туруп,
Паспорту жок, мунуң шумдук,
Шерменделик иши жүрүп,
Жапайыдай өмүр сүрүп,
Мунун өзү – макулуктук.

Өнүккөн өлкө десем,
Өлүктөй өчөт денем.
Эр жигит, бой жеткен кыз,
Паспортсуз кимбиз – дешет,
Кыйналган калың катмар
Каргашат итпи, – дешет.

Улутунуп каңырык какшап анан,
Улутунун документи жок тастыктаган.
Ушундай да ыплас иш болобу,
Уул-кыздын убалы урсун жаман.

Оо, капырай, кантип айтсам,
Паспорту жок, сен кимсиң?
Айтчы эми аты-жөнүң жана тегиң,
Атаң туруп мен киммин?

Атам, балам, тууганымды,
Кай документте тастыктаймын.
Атуулдарга бул кордукту,
Ит мингенден пастык деймин.
Шумдугуң кур, дедим эле айтпайын,
Айласыздан ачуу чындык айтайын.
Паспорту жок инимдин,
Паспорту бар итимдин.
Паспортун кармап кызыгам,
Күчүк менен мышыктын.
Паспорту жок уулумдун,
Паспорту бар темир, жыгач буюмдун.
Паспорту жок элимдин,
Паспорту бар жеримдин.
Эми өлгөнгө да паспорт жок.
Эли өнгөндө да паспорт жок.

Ушундай укмуш жагдайдан,
Паспортко пара алышып,
Шылуундар чыгат капкайдан.
Элди сорот митедей,
Семиришип дардайган,
Мурундары барбайган.
Оңой олжо табышып,
Курсактары чардайган.

Мына бүгүн кез келди,
Мындайларды тескейли.
Бийлик менен биригип,
Мителерди кет дейли.

Ош – 2006-ж.

 

КЕСКЕЛДИРИК

Тамсил-памфлет

Дароо эле буйрук берип,
Дайындалып келген делип,
Чочугандай чечим чыгып,
Чоң кызматка дароо келип.
Чогулгандарды таң калтырды,
Чуу куйрук Кескелдирик.
Көпчүлүк кол шилтешти,
– Кокуй, бул: шерменделик.
Каалашпаса да какшаттырып,
Каардуу иш баштады сестендирип…
Кадыр-барктуу болгондой сезилип,
Кыйын көрүндү Кескелдирик.
Кызыгы жетекчиликти билбесе,
Же сүйлөй албаса кекечтенип,
Кызарган жерди кыра кемирип,
Кыйла толо түштү го семирип.
Тагдыры чечилээрде,
Тарс куйругун кесип ийип,
Таң калтыра кызмат улап.
Тактысында кала берет,
Ишин билбей баарын билип,
Кооз кабинетке кирип,
Чо-оң эшиктен чыгып,
Жүргөнүн айт мурдун көтөрүп,
Көрүнгөн жерге тыгып…

***

Арабызда кескелдириктер бар,
Ажо алмашканда куйругун кесип…
Артынан жетекчисин жамандап,
Ак адамдай жүрөт өзүн сезип…

***

Ка-ап, кокуй куйрукту эмес,
Мурунду кесер болгондо.
Шишиги жетип толгондо,
Балта менен чапмакпыз,
Бийликтин баркын көтөрүп,
Бийик жолду тапмакпыз.

 

КОДОЛЕК

Саясый тамсил-памфлет

Эй, Кодолек, Кодолек
Эт балтыры толо элек,
Эми ачылып көзү да,
Эмген сүткө тое элек.
Ээн жердин эркеси,
Эл сыноого кое элек.
Эн белгиси-күл дөбө,
Эч жарышта боло элек.
Эң башкысы, кызыгы,
Эс-акылсыз Кодолек.

Оо, Кодолек, Кодолек
Ооз сүтү кете элек.
«Ойт», берет да тез үркүп,
Оң басканды биле элек.
Ойноок жүрүш-турушу,
Ой акылды бөлө элек.
Оңой сезип оокатты,
Оор ишке көнө элек.
Ого бетер оюнсаак,
Оош-кыйыш көрө элек.
От көп жерге жетелек,
Оп майданда боло элек.
Оюн салат ойлонбой,
Ой, Кодолек, Кодолек.

Ай, Кодолек, Кодолек,
Айкыра албай энтелеп,
Арсыз, теги арам,-деп,
Ар ким айтат кекелеп.
Алыс жарыш болоордо,
Аны келет жетелеп.
Ай туяктуу кулундар,
Ар тараптан көп келет.
Арсыз, байкуш Кодолек,
Алсыз болуп сестенет.
Анысына карабай,
Ал жарышка эстелет.
Арыштарын кең таштап,
Аракеттер төп келет.

Ай Кодолек, Кодолек,
Ачык жарыш маарага,
Ат чабымдай кеч келет.
Атпай журтту кейитип,
Ары жок деп, кектелет.
Аброюн кетирет,
Абийирин өзү тепселеп.
Айтор, бийлик менен шайлоого,
Айрым, Кодолектер кептелет.
Ар ким өзүн билсе,-деп,
Айтып койсок эп келет.

***

«Эл дарбыса,
Эшек кошо дарбыйт», – деп,
Эчен кылым,
Эзелтеден калган кеп,
Эл оозунда элек жок
Эми дагы эмне дейин…
Эх, Кодолектин чуркаганы,
Эң узагы күл дөбөгө чейин…

 

БИР ҮЙ БҮЛӨДӨГҮ КӨП ПАРТИЯ

Памфлет-партияларга

Капырай, эмне десем,
Кадимки үйгө келсем.
Партиялар парадына,
Тырышты менин чекем.
Ура-алап, – эркиндик, – деп,
Эч бир сөз укпайт экен.
Ар дайым сөзү бекем,
Атам өзү – «Ата Мекен».
Ааламда эч баалангыс,
Апам болуп, – «Ар Намыс».
Абам алжып жатса дагы,
– Адал иш, – дейт «Партократ».
Абалы тың дымак күткөн,
Агам – «Социал-Демократ».
Ишке минген «ак тулпар»,
Илим менен алга учар,
Иним экен, – «Ак шумкар».
Жээним – «Республика» ага мүчө
Желегин көтөрүүдө, эл көзүнчө.
Башка өсүп, тааныган бүт,
Балам болду – «Ата Журт».
Кызым, келин, карындаш,
– Кыйын,-дешет «Замандаш»?..

***

О, кокуй, заманым ай,
Мунуң-өзү кандай жагдай?
Бир тамчы кан бириге албай,
Ар кимибиз партия деп,
Мүчө болуп кирип алмай,
Үлгүлүү үй үтүрөйдү,
Үй-бүлөлүк абалым ай…

Түпкүлүгүн түшүнөлү,
Тынчтыгыбыз болмок кандай…
Ыдырабай биригели,
Ынтымакты чогуу тандай…

 

КИТТЕР, ИТТЕР, БИТТЕР

(памфлет)

Киттер, киттер…
Килейишкен чоң күчтөр.
Океанды, деңизди жара сүзсө,
Кыймылынан толкундар да гүргүштөөр.

Оо… Суу дүйнө, кенендик бу…
Мекендешип тереңдикти.
Алп денелер чалкыйт эркин,
Жол кылышып кенендикти.

Кенендикти тар жерде жүргөн билет,
Тереңдикти тереңге түшкөн билет.
Бийиктикти бийикке чыккан билет,
Билегиңдин жоондугун күчтөн билет.

Бийикте же тереңде издери бар.
Бийликтин, байлыктын да киттери бар.
Билип-билбей арсылдап үргөн сымал,
Бирөөлөргө тукурган иттери бар.
Бырыш-бырыш бүктөлгөн ычкырдагы,
Быжыраган бырсылдак биттери бар.

Киттер, киттер…
Ал жетпейт, кол да жетпейт,
Акыл жетпейт, айыптоого жол да жетпейт.
Абройбу, күчүбү, же байлыкпы,
Алардан оңой менен абийир кетпейт.

Иттер, иттер…
Карасаң дөбөтү бар, канчыгы бар,
Карс-карс үргөн тантыгы бар.
Кыңшылаган, кыр көрсөткөн,
Кыбыраган кандеги бар,
Мастандай үрөйү суук,
Машкелердин мандеми бар.

Канчыктары көтөрүп куйруктарын,
Каратышат көңүлүн буруп баарын.
Жулунушуп акча үчүн үрүп жүрөт,
Жугундуга тыгышып тумшуктарын.

Арасында талтаңдайт тантыган ит,
Ак сарайдан сөөктү аңдыган ит.
Ар ким чыкса алдынан арсылдаган,
Аралашкан арбайган алжыган ит.

Көчөдө да, кеңседе да, короодо да,
Алжыган ит, тантыган ит, аңдыган ит.
Сөөк ыргытып тукурса, ээсин таштап,
Жолоочуну ээрчиген самсыган ит.

Алжыган ит тантырап жоктон үрөт,
Самсыган ит бузукуну коштоп жүрөт.
Чоң жолдо, аянттарда топ-топ болуп,
Аңдыган ит пикетке деп жоктоп жүрөт.

Биттер, биттер…
Кибиреген, быжыраган, кыбыраган,
Чоңойгон сиркелери бырсылдаган.
Палиттик да жакшылыктай саналган,
Булар өзү кир-кокочтон жаралган.

Тазалыкты жаналгычтай караган,
Кир ычкырды уясындай самаган.
Жакшылыкты түк ойлобойт түбүнөн,
Анткени, алар булганычтан тараган.

***

Байлык, бийлик, мансаптын бу киттери,
Саясаттын арсылдаган ар иттери,
Жамандыкка жабышкан ал биттери,
Жашообуздун чыныгы мителери.

 

МАС МАСТАН

(памфлет)

Айтор, памфлеттеги каарман,
Ачыгын жашырбай айтсам,
Абийирин аракка саткан,
Ажаандыгы чектен ашкан:
Атасына жок дедирип аттанткан,
Апасына бок жедирип какшаткан.
Адамдыгын жоготкон мас Мастан.

Башын кармап «пахмел» сурап,
Бөтөлкөгө баш каткан.
Баркын бийик көтөрөм,-деп,
Бөтөн жерде каш каккан.
Батыл сүйлөп, жүз граммды,
Бачым куйса, бак тапкан.
Баарын коюп арак деген,
«Бактылуу» бул-мас Мастан.

Бу мас Мастан, мас Мастан,
Бактысы бөтөлкөгө куюлгандай,
Баш жазууга тез баскан.
Бардык жыргал туюлгандай,
Бардагы бу стакандан, арактан.

Балдарынын урушунан,
Базарга деп, үйдөн качкан,
Беттен алып, бейжай сүйлөп,
Бирок, качпайт чатактан.
Бир туугандын акыл сөзүн,
– Бул ушак,-деп тажаткан.
Беймаани сөз-кеп жебеген,
Бүт тууганга таш аткан.
Баласын атасына тукуруп,
Бүлөлүк абийир ачкан.

Жакшылык жолунан качкан,
Жамандыкты пейлинен тапкан,
Мас жатында төрөлгөндөй
Каар мүнөз дилине каткан,
Калпты чындай айткан,
Заар сөзүн тилинен чачкан.

Бүткөн иштин ээси болуп,
Эринен да аша чапкан.
Инисине жардам берет,
Иттен, койдон жана аттан.

Жандаганы: сойгон түлкүдөй,
Белчесинен карызга баткан.
Алдаганы: тууган, коңшусу,
Адамдарды абдан какшаткан.

Эй, мас Мастан, мас Мастан,
Эр, баласын жадаткан.
Арылса экен батыраак,
Араккечтик адаттан!

 

ТҮЛКҮНҮН БЕТ КАБЫН КИЙГЕН КАНЧЫК

(памфлет)

Тамсил – памфлеттин баш каарманын
Таамай атабасак болбойт ачык.
Ал түлкүнүн бет кабын кийген,
Кадимки эле карт КАНЧЫК.
Кызыгы, жойпуланып түлкү болгусу келет,
Түбү – теги ит экенинен баш тартып.
Канчалык түлкүнүн бет кабын кийсе да,
Канчыктыгы турат ачык байкалып.
Ошентсе да, түрдүү амал-айла менен
Жагынгысы келет жетекчиге жайкалып...

Ургаачылык улуу касиетти сактап,
Упа – атырды уучтап бетине чаптап,
Өзүн дайыма жаш алып жүрүүгө тырышат.
Өзгөчө бет териси сүрүлүп, моюнга бырышат.
Кылкылдап кылыктанып, жаш болгусу келсе да,
Көргөндөр карылыгын дароо туюшат.

Куйругун шыйпаңдатып белги берет,
Кыялында ысык ойнош болгусу келет:
Жанагы ар кимге үргөн жаш КҮЧҮК менен.
Мына кызык, канчыктык-итчилик деген.
Кантсин байкуш, ургаачылыктын убайын көрбөсө,
Ит кыялы тутканда кеп-сөзгө көнбөсө,

Тагдырдын тамашасыбы, пейилинин жазасыбы?
Жашында жүрүш-турушун, жоругун оңдосо,
Жалгыз жашабай, бир Дөбөттүн...
Ит аягына ээ болмок, такыр болбосо.

Ошондуктан жүрөгүндө арман сыздайт.
Бактысыздыктан денеси, көңүлү муздайт.
Саясатты билбей, сасык саясатка аралашат,
Саясий сабатсыздыгынан булганыч жолду басат.
Себепсиз эле бирөөнү жамандоого шашат.
Жалганды чындай айтып, албууттанып,
Кызарган жерге барууга жанталашат.

Анан кантсин бечара, багар Дөбөтү болбосо.
Ардакталгыдай эл ичинде дөөлөтү болбосо,
Айың-ушакты иш катары санап келет,
Анткени, кара жанын ит катары багыш керек.

Жалпыга маалым, жоругун айтса оболу.
Жеке кызыкчылыгын коет баарынан жогору.
Чынында, анын айласыз иштерин,
Чычаласа да элге билдирип коелу.

Өз кесибин так өздөштүрө албай,
Өтө көп кызматка тумшугун тыккан.
Чагымчылык, ушакчылык иштеринен,
«Чуу куйрук» аталып чыр чыккан.
Алгач комсомолдо иштейм деген,
Адегенде эле жаштардан "оозго" жеген.
Анткени, ага зор уюштуруучулук,
Абийир, аброй-кадыр керек экен.

Анан эсеп-кысапта эмгектенем деп,
Ар ишти астейдил аткарчудай тенеңдеп.
Ал жерден да чыгыптыр чоң чатагы,
Ар кимден сөгүү угуптур «энең...» деп.
Абийири кеткен соң, араң качыптыр,
Аброюна айтыла баштаганда терең кеп.

Эл дарбыса, эшек кошо дарбыйт болуп,
Эң кызыгы, эркин кесипти тооруп,
Эки ооз сөздү эптеп жазалабаса да,
Өзүн калемгер атагандыгы – келесоолук.
Чындыгында, чыгармачылык чөйрөдө,
Бул көрүнүш – кадимки күлкүлүү жорук.

Айласы кетип, анан эмне кылууну ойлойт,
Атпай журтту күнү-түнү кыдырып жойлойт.
Атасынын атынан эски тааныштарга барса да,
Атаганат, пешенесине кызматтан жолу болбойт.
Ал гана эмес, Ак үйгө да тумшугун тыгат.
Анда да абийири кетип, чуусу чыгат.
Куйтуланып жөн жүрбөгөндүгүнөн
Кызматынан чагымчылыгы үчүн куулат.

Кыялдануунун зыяны жок го, демек,
Ошентип, түркүн айла-амал ойлоно берет.
Ойкуштанып, түрлөнүп, ТОТУ КУШ эле эмес.
Өзүнө өтө сак, бирок, сук аталган,
Шакылдаган САГЫЗГАН да болгусу келет.
Өтө акылдуу, айлакер сезип бир өзүн,
Ит кыялын, же билбейби мүнөзүн.
Кызыгы, куйругун көтөрө арсылдап,
Кадырлуу карт Бөрүгө үргөнүнө күлөсүң.
Канчыктык мындай жорукка!
Күйөсүң да, күйөсүң...

***

Адилет, ачык айтып койгонум жакшы,
Аягында тамсилди жазганымдын себебин.
Анткени, мындайлар турмушта кездешсе да,
Арабызда эки жүздүүлөр болбосун дегеним.

 

МАНСАПКОР БАЛТЕК

(тамсил-памфлет)

А-бу иттин баласы тентек,
Аты-жөнү кадимки Балтек.
Ыргытсаң сөөк кажыйт,
Ырылдап үргөнү кантет?
Улагада жугунду аңдыйт,
Улам берсең дагы бер, -деп.
Жашоосу болгону ушундай,
Көргөнү иткана-ушул жай.
Кадыр-барк табайын-деп,
Кызыгы, саясатка ыктайт.
Кызмат, бийликке тумшугун тыгат,
Анысынан да майнап чыкпайт.
Оңой го деп ой коет,
Оболу депутат болууну ойлонот.
Кыялданган мүдөөсү укмуш,
Балтек эмес Бөрү болуш.
Анткени көрүнүшү окшош,
Жүргүсү келет Көкжалды коштоп.
Бирок, жаныбарлардын да сыры бар,
Бөрүлөрдүн өзүнчө сүрү бар.
Бийик үн менен укмуш улуган,
Бир тамгалуу «гимн-ыры» бар.
Байкуш, Балтек кантсин анан,
Баарынан да абийир кеткен жаман.
Жалгыз тамга «гимнге» тили келбейт,
Алгач улуганды үйрөнө албайт.
Аракети итчиликтен арылбайт,
Арсылдап үргөнү калбайт.
Сүрү жок, суу жүрөктүгүнөн,
Далай бел ашкан жортуулга барбайт.
Ар ким тегин, алып билсе,
Аты-затына жараша аброй күтсө.
Ошондон сөз калган дешет;
– Жаман ит ээсин кабат.
Жакшылык жасасаң өмүр бою,
Ит иттигине эле барат.

 

ЖОРОЛОРДУН КАРТАСЫ

(азил-тамаша)

Жолуга эле калса канчасы,
Жоролордун башталат картасы:
Белдүүлөр баары беттешти,
Бекболотов "беш" кетти.
Бешене жарык – ажо сүр,
Бергени кудай эп, – дешти.

Кыйын сүйлөй, жутам, – деп,
Кыжыйып жатып утам, – деп,
Кызыл жалаң акчасын,
Кымтыйтып ийди Бакебиз.
Кымырып салып алышты,
Туке менен "тиш" Такебиз.
Туздар чыгып култуйду,
Турдубаев да туйтунду.
Тыйынын кыйла уттурган,
Тыныбеков кыйтыйды…

Жоролордо адаштар:
Журналист, тиш Таланттар.
Фамилия менен айтылат,
Кубаныч квадраттар.
Бирин бири дос, – дешет,
Бир картаны кош, – дешет.
Алишеров ак көңүл,
Алдатып ийип бош кетет.
Адыл аке: – Махмуд, – дейт,
Окшоштуруп таптык, – дейт,
"Мергенчини" уттук, – дейт.
Мунун өзү куттук, – дейт,

Асекке карта жагат, – дейт,
Ар дайым "үч кол" табат, – дейт.
Утканын улам кымырып,
Ич чөнтөккө салат, – дейт.
Этият бол, "сварда",
Дайым утуп алат, – дейт.
Көз айнекчен көзү ачык,
Эрмек ойноп жатат, – дейт.
Баштарын карап баш ийкеп,
Манапты Абыл адаш, – дейт.

Көрбөй ойноп картасын,
Жолборс жүрүш дагы бар.
Азил-какшык так айткан,
Адыл күлүш дагы бар.
Үч картага бөлүшкөн,
Туке утуш жагы бар,
Эки жүздү бир алган,
Мергенчи жутуш – жаныбар.
Үч жети чыкса чырлашып,
Таке бузуш дагы бар,
Унутпаган утканын,
Манаптын эсепке так жагы бар.

"Үч колду" да ачтырган,
Макенин өз сүрү бар.
Кээде жаап картасын,
Кеткенин алган түрү бар.
Момоюп ойноп билгизбей,
Мокенин өз үнү бар.
Сылык-сыпаа "өттү" деп,
Шыпырып утат билип ал.
Расул болсо шарт жүрөт,
Утулган сайын март жүрөт.

Карта оюну тамаша,
Каткырык күлкү караса…
"Алтыным" Каке эстелди,
Адатындай кеч келди.

Ачык айтып, үч тузун
Ойногону ойлонтту.
"Отузда" бекем отурган,
Расулду шорлотту.

Болгондо толук жоролор,
"Бузулган колдор" оңолор.
Көңүлдө чөнтөк санашты,
Жайдары жалпы тарашты.

 

ЧОЧКОНУН БАШЧЫ-АКИМДИГИ

(саясий тамсил – памфлет поэма)

1. БИЙЛИК БОСОГОСУНДА

Күндөрдүн бир күнүндө,
Тогошоор мезгил кылымга,
Жылдардын Доңуз жылында,
Жашырбай айтсак чынында.
Мыйзамдуу бошой элек орунга,
Чоң токойдун башчы-акимдигине,
Күтүүсүз дайындалды ЧОЧКО.
Чукул чакырылгандар жыйынга,
Ооздору келбей жөнөкөй кепке.
Айраң-таң болушту го көпкө,
Анткени, токойдогулардын баары,
Аны жактырбай четинен сөксө.
А бирок, эми эмне кылмак элек, – дешти,
Сессия макулдугунан да формалдуу өтсө…

Ошентип, көпчүлүктүн көңүлү толбосо да,
Депутаттар саны жетиштүү болбосо да,
Бийлик, макулдук, зордук күчү менен,
Чочко башчы болду, чоочун токойго.
Кээде иш болот тура келбеген ойго,
Эми бийликтин баары чочколук колдо,
Өзү билет, эмнени жасаса оңго же солго.
Бирок, Чочко деген чочко да дешип,
Чогулгандар баш чайкап чыгышты жолго…

2. ТАККА ОТУРГУЗУУ АЗЕМИНДЕ

Акылдуулар алыстан карап байкашты,
Кошоматчылар, коммерсанттар дароо жандашты,
Башчыга эң жакшы иш бөлмө тандашты,
Бийик тактыга отургузуп куттуктайлы, – дешип,
Озунгандар ордун мыктылап даярдашты.
Азем менен Чочкону алып киришкенде,
Отургуч жок, аны издеп карайлашты.
Жамандыктын белгисин туюштубу,
Ырымчылар өздөрүн ала качты.
Арасынан бирөөсү чуркап барып,
Отурганга бир стул араң тапты,
Бул аземдин абийирин эптеп жапты…

Чочко деген чочко да, уялбады,
"Шибегеге" отурганын туя албады.
Уят кылган жасакер, жандоочтору,
Куттук айтып, кол кысып суналбады,
Көзүн тиктеп жанына туралбады,
Мындай иштин себеби суралбады…

– Так ушинтип, башталган, – дешет,
Башчы Чочконун алгачкы иш күнү,
Аны Чочко кайдан билип, түшүнсүн,
Бу жакшылыктын белгиси эместиги түбү.
Биринчи бизнесмендер келе башташты,
Куттуктаганы эшик жыртып, күнү-түнү,
Мансап, акча, парага азгырылып,
Заматта өзгөрүлдү анын түрү, үнү…

3. ЧОЧКОНУН ЧОЧУГАНДАГЫ ЧЕЧИМИ

Анан, чоң токойдун бийлигиндеги Чочко,
Жатып алып, ойлонуптур чалчыктагы чөпкө.
– Акылдууга акылым жетпесе, балбаны башыма тепсе,
Күлүм сапырылып, заматта учат го көккө.
Кокуй, ишти өзүмө ылайык кадр тандоодон баштайын,
Болбосо күйүп кетем отко, учуп кетем окко,-
Дейт, да акыры мындай чечимге келиптир;
Тезинен кадр алмаштыруу эле эп го…

Алгач жергиликтүүлөрдү жок кылуу керек,
Анан бирин-бири чукугандар өзү келет.
Демек, эки жүздүү кошоматчы, жагынгандар,
Сурабасаң да башкалардын айыбын айтып берет.
Чочконун чолок акылы акыры ушуга жетет.
Ошентип, аттуу-баштуулар куугунтукка түшөт,
Мурдагы "чоңдун" куйруктары деген шылтоо менен.
Жергиликтүү кадрлар мыйзамсыз кызматтан кетет.
Бош орундарга Чочконун дос-жолдоштору,
Өздөрүнүн бир катар кадрларын сунуш этет.

Бирок, Чочконун чочкодой мүнөзү бар,
Бийликтеги пас түшүнүгү: жалгыз өзү бар.
Мыйзам да, коомдук пикир да шоона эшпейт,
Баардыгын "мен жеке чечем", – деген сөзү бар,
Анткени, ал өзүмчүл, өтө эле ичи тар.

4. ЧОЧКО ЖАНА АНЫН КОМАНДАСЫ

Чочко, ошентип, өзүнө кадр тандоону баштайт,
Калган иштерди көз жаздымда таштайт.
Маданияттуу, илимдүү иш билгилердин,
Арасынан тандалып, бири да ага жакпайт.
Анткени, абройлуу, акылдуулардан айбыгып,
Абийири ого бетер кетип калышын сактайт.
Андан көрө, айтканды айныбас аткаргандар керек,-деп,
Алардын аты-жөнүн, даректерин тактайт.

Алгач орун басарлыгына дароо дайындайт,
Ийин казып үйрөнгөн "Кызыл китептеги" ЧӨНДӨЛӨЙДҮ.
Анан мыйзамсыз ишке машыккан Чочко, "зарыл кадр"-деп,
Юрист-кеңешчи кылып алат, делдең кулак МӨНДӨЛӨЙДҮ.

Кийин, калган орун басарлар кезек алыптыр,
Саясатка да, талаа жумушуна да "абдан макул",
Алаң көз, дежур кадр КОЕНЕК да дайындалыптыр.
Эң кызыгы, чоң токойго адашып айдап киргизген,
Сабатсыз ТОРПОК, эки жүздүү ЭШЕК оозго алыныптыр.
Кашек берип кызматын көрөйүн деген го,
Торпок – орун басар, Эшек – жарчы болуп калыптыр.

Дагы бир орун басарлык орун бош экен,-деп,
Сай ташынан короо курган бок курсак КҮЧҮК барыптыр.
Ага да кызмат берип, кадрларын жалпыга жар салыптыр.
Ал эми аппарат менен иштөөгө, алыс барбай,
Жакынкы колхоздон эле үй ӨРДӨГҮН алдырыптыр.
Катчысы түлөгөн ТҮЛКҮнү бөлүм башчы кылганда,
Экөө тууралуу күбүр-шыбыр, ар түрдүү кеп айтылыптыр,
Кыскасы, Чочко каалагандай өз кадрлары тандалыптыр.
Бирок, буга көпчүлүк абдан айраң-таң калыптыр…

5. АБИЙИРСИЗ АГЫТЫЛГАНДАР

Жаңы кадрлар жабыла өз кызматтарына киришишет,
Эң негизгиси эле – башчыга жагынуунун жолун издешет.
Чочконун чорт кыял-жоругунан чочуша коркушуп,
Баары бир ооздон: бактыбызга жаралган жалгыз Сиз дешет.
Душмандарыңызды биротоло жайлап, түбүнө жетебиз,
Эмне тапшырма болсо да жарай турган – биз, – дешет.
Кызыгы, жалпыга жосунсуз жоругу менен таанымал,
Алгач башчыга жагынууну баштайт, эки жүздүү ЭШЕК.

Чуукуйрук аталып, согулуп жүргөндө терип тезек,
Эчен жону жооруганда айыктырып, бапестеп баккан.
Эски өз ээсин жамандап жар салып, абийири кетет.
Анын арам оюна көгүш КОДОЛЕК да жетеленет.
Эки жүздүүдөн этияттан, эмчегин эмген энесин кечет,
Жетиштүү болоор, Эшекке эч, түк жакшылык жок десек…
Эшек дарбыса, МӨНДӨЛӨЙ кошо дарбыганы да кызык,
Эч бир күнөөсүз өз агасын ал чукуганга өтөт.
Аны каралоо материалдарын органга сунуш этет.
Бирок, анын чындыгына юрист МӨНДӨЛӨЙ эмес,
Жогорку Сот мыйзам чегинде эле жетет,
Акыры, алардын ишинин баарын мыйзамсыз деп чечет.

Абийири төгүлгөн Чочко ары-бери ойлонот,
Бийликтеги биринчи кадамында эле осол болот.
– Эми өзүмдү сынап, кадыр-баркымды көтөрөйүн,-деп,
Саясатта, саясий оюндарда жеңүүнү максат коет…

6. ДЕПУТАТТАРДЫ ШАЙЛООДО

Аңгыча Жогорку Кеңешке депутат шайлоо башталат,
Саясатка жапырт киришишип, чарбалык иштер дагы калат.
Аалымды, байларды, бийликке каршыларды өткөрбөө үчүн,
Жаңы дайындагандарынын бири калбай тапшырма алат.
Алар өз мансабы үчүн, өз туугандарын каралайт,
Торпок, Эшек баш болуп, эски табакташтарын жамандайт.

Ошентип, командасы эки ай бою тынбай токой аралайт.
Бирок, иштин натыйжасы башчыны канааттандырбайт,
Себеби, кара тизмедегилер баары ишенимге ээ болот.
Кошоматчылар: начар иштедик, кечириң,-деп жалдырайт,

Чынында, бул өнөктүктө эки гана кемчилик байкалат:
Биринчиси, көпчүлүктүн Чочкого өчөшкөндүгү аныкталат,
Экинчиси, кадрларынын кадыр-барксыздыгы такталат.

7. БОРБОР БАШЧЫСЫН ШАЙЛООДО

Чочко дагы, ары-бери ойлонот, катуу толгонот,
Оор үшкүрүп, мындай чечимге келип токтолот:
Чоң токойдун көп жаныбар жашаган борборуна,
Ишенимдүү башчы шайлап алууну эп көрөт.
Анткени, өз колдоочусу болбосо, көпчүлүк жеп коет.
Бийлиги, кадыр-баркы да чоң токойдо жок болот.

Бул орунга өз талапкерлерин чертип тандайт,
Тууган-дос, тааныш-тамырлардын бири да калбайт.
Эң акылдуусу, куусу, жердешим, ушул жарайт, – деп,
Бакма БАЧИКТИ борборго башчылыкка таңуулайт.
Канча колдосо да, ал шайлоодо жетиштүү добуш албайт,
Ошентип, жан тарткан бечара Бачиги башчы шайланбайт.

8. ТӨРАГА ШАЙЛООДО

Чочконун башы маң болуп, эми чындап айланат,
Жергиликтүү депутаттар менен иштөөгө шайманат.
Антпесе, иштери ирип, өзү биротоло жайланат,
Ар бир депутатка аппараттан экиден жан байланат.

Кыскасы, төрага шайлоого баары катуу даярдалат,
Кызыгы, чочконун кадры өз талапкерлигин алат.
Натыйжада, аны тоотпогон, Падышага да кер сүйлөгөн,
Жапайы КАМАН көп добуш менен төрага болуп шайланат.
Бул шерменделигине ЧОЧКО өзү да өтө таң калат…

9. БҮТКҮЛ ДОБУШ БЕРҮҮДӨ (РЕФЕРЕНДУМДА)

Эми эмне кылуу керек, – деп Чочкону катуу ой басат,
Эптеп улуу даражалуу падыша АРСТАНГА жагууга шашат.
Анын бийлигин өмүр бою узартуу демилгесин көтөрүп,
Жан-жаныбарлардын бүткүл добуш берүү идеясын табат.
Ошол замат, ал "референдум атасы" аталат,
Мындай жөрөлгө жогоркуларга да майдай жагат.

Ошентип, Чочко чоң иш баштап, чоң ишенимге кирүү үчүн,
Илгери токой бийлеген карт БӨРҮНҮ кеңешчиликке алат.
Ал эми, дайыма бата берчү тантык ТӨӨ өзү барат,
Алардын Бөрү, Төөлүгүнө карабай, тоту куштук милдет тагат.

Буларга да бир топ дежур кошоматчы, жасакерлер кошулат,
Кол топтоо, үгүт иштерине көп каражат ыксыз жумшалат.
Натыйжасы, мыйзамсыз иш болуп, тилектери таш кабат,
Кадыры кеткен карт Бөрү менен тантык Төө калат жер сабап.
Бу жолку таш жарган идея да жараксыз аталып ташталат,
Ошондон кийин гана Падышаны шайлайбыз, – деген сөз башталат…

10. ПАДЫША ШАЙЛООДО

Бул саясий өнөктүк тууралуу дароо эле тарап кетет кеп,
– Демек, Падыша шайлоо башталса, мындай кылуу керек – деп.
Айбаттуу, кайраттуу Арстанды гана колдоп берет элек, – деп,
Баягы кошоматчылар дагы келишет, Чочкону тегеректеп,
Ал эми орун басарлары жолой алышпайт чебелектеп.
Айрымдары качып жүрүшөт, сөгүнөт деп, жемелейт деп.

Башка айла жок, кайра эле баары бөжүрөп чогулушат,
Бул-өтө жооптуу иш, – деп бири-бирине талап коюшат.
Токойдогу жаныбарлардын баары жапырт киришишип,
АРСТАНдын талапкерлигин гана колдоону сунуш кылышат.
Формалдуу, кагаз менен алгачкы аракеттери дурус болушат,

Албетте, шайлоого абдан шайма-шай даярдык көрүшөт,
Жер-жерлерде үгүт-насаат иштерин улам күчөтүшөт.
Арстанды бир добуштан колдогонго, Чочко сүйүнүп жүрөт.
Бөлөк аймактардан башкалар көрсөтүлбөсө, – деп кулак түрөт,
Чоң токойдо темирдей тартип, кадимки диктатура өкүм сүрөт,

Бирок, саясий партиялар, түрдүү кыймылдар түп көтөрүлүшөт.
Башка токойлордон да бир нече талапкерлер көрсөтүлөт,
Көпчүлүк демократиялуу, атаандаштыкта шайлайбыз, – дешип,
Натыйжада, ушундай чечим чыгарган жалпы жыйын өткөрүлөт.

Эми чоң саясий күрөш башталаарын Чочко далысынан туят,
Ал Арстан менен чоң-чоң жолугушууларды уюштурат.
Айбаттуу талапкердин айткандарын чогулгандар муюп угат,
Атайын даярдалгандар, жерге койбой бир ооздон мактап чыгат.
Атка минер ашкере жасакерлер, алакан чаап, жактап турат,
А Чочко болсо; чоң процент берем, – деп убада кылат,
Чынында Арстандын аброю бар, баары жактырат.
Ал жөнүндө атпай журт алкоо айтып кеп курат,
Бирок, маселенин төркүнү башка экенин ким туят?..
– Башчыбыз маданиятсыз Чочко болгондугу – шерменде, уят,-
Дегендер чыгып, көпчүлүктүн көңүлүн башкага бурат.
– Ка-ап, Арстан чеки иш кылды, турса болмок бир аз чыдап,
Чочкого ишенип, абийирин кетирет, – дейт карт Кашкулак.

Аны Аюу, Кирпи, Түлкү жана көптөрү колдошот сөзүн улап…
– Анан кызматтан түшкөн, депутат КАМАН көпчүлүккө күрүлдөйт:
Эсибизге келели, башкысы Чочкого ишенгенден түңүл, – дейт,
Азыр демократия, азгырылбай адашпай шайлагыла,
Терең ойлонуш керек, саясий иштин эң түбүн, – дейт.

Андан ары сөзүн улап: – Жолдоштор, мага да көңүл бөлгүлө,
Ар бир талапкерди жакшы талкуулап, таразалап көргүлө,
Менимче, илгери адамдар маймылдан эле жаралган дейт,
Өз токоюбуздагы МАКЕНИН талапкерлиги да каралган, – дейт,
Эмгекти билет, жер-жемиштерди мээнети менен өзү терип жейт.
Эч кимге жамандык кылбаптыр Пайгамбар жашына келип, – дейт,
Түз, таза жүргөн ушуну шайлайлы, добушубузду берип, – дейт…

11. ШАЙЛООНУН ЖЫЙЫНТЫГЫНДА

Ошентип шайлоо өтүп, жооптуулардын баары топтолот,
Жыйынтыгын чыгаруу убагы келип, ишенимдүүлөр жоктолот.
Процентти уккан Чочконун сырты жалын, ичи чок болот,
Ишенгендерин катуу сөккөндө, бирден безип жок болот.

Аз жерден Арстандын өтпөй калуу коркунучу туулат,
Чочко жооптууларды процентти дагы көтөр, – деп куурат.
Кызматынан корккондор алынын жетишинче тууралайт,
Ошондо гана алардын "күнөөлөрү" бир аз жуулат.

Бир катар жалган-жашык протоколдор жазылат,
Каршы добуш берген баракчалардын көбү бузулат.
Ашып калгандардан Арстандан башкасы сызылат,
Чочко баш болуп, көбү процентти көбөйтүүгө кызыгат.
Бирок, бүт аракет болсо да, элүүдөн ашпай кысылат,
Түпкү натыйжа ушундай төмөн процент менен бычылат.
Чочко буулугат, шараптан урат, шалпайып отурат…
Кудай жалгап, бөлөк токойлордон колдошуп, добуш көп кошулат.
Ошентип, Арстан шайланса да, Чочко куттуктай албайт чочулап,
Анткени, кантип актанышын билбейт, ага учурап…

12. ШАЙЛОО ШААНИСИНДЕ

Кыскасы, чоң ишенимге ээ болуп, Арстан такка олтуруптур,
Түркүн тамак, арак-шарап кең дасторконго толтуруптур.
Падышанын шайланышын ырымдап белгилеп коелу,-дешип,
Чоң токойдогу аттуу-баштуулардын баары топтолуптур.
Ырдашып-жыргашыптыр, жакшы каалоо-тилектер айтылыптыр,
Абдан сый көрсөтүлүп, эч бир кемчилиги жок болуптур.
Аягында кошоматчы, тантык Төө адатындай туруптур:
– Башчыбыз Чочкого бата берели,-деп алакан жайып сунуптур,

Ошондо Чочконун чочкодой терс кыял-жоругу тутуптур.
Эки саат эзип, энесинен кетип, берген батасын "уруптур",
Баарын "эл эмес экенсиңер", – деп, сөздү ата-тегине буруптур.
Эки жүздүү кошоматчыларды ырас эле шерменде кылыптыр,
Уяттуулар бетин чымчып, келгенине бушайман болуп чыгыптыр.
Уккандар, оозу менен эмес, көчүгү менен күлүптүр…

13. КҮНӨӨЛҮҮ – БИРӨӨ, БААРЫ КҮБӨ

Терең ойлосок, токойдогу бүт кемчиликтин себеби – бирөө,
Жалгыз гана Чочкого барып такалат, бардык күнөө.
Анын жосунсуз жоругу, маданиятсыздыгы буга толук күбө,
Ишенсең уят кылат, абийир кетирет, ага жарашпайт сүрөө,
Басканы-балчык, жатканы-чалчык, сүйлөгөнү – жүдөө.
Чочкодой башчы менен кантип аткарылсын элдик мүдөө?

14. ӨЗҮҢ КЫЛГАН ИШ-ӨЗ БАШЫҢА МУШ

Ушинтип, майлуу чоң токойдо "чоң" болду го Чочко,
Саясатта, кадрда көп ката кетип, убакытты өткөрдү бошко.
Эми эң кызыгы, ээрден жылмышып, кызматтан кетти,
Намысын коргоп, бир кадры төшүн тоскон жок окко,
Жамандын артынан күл болгусу келбеди "табы жок отко",

Анан дагы көптөрү сурак берип жүрүшөт – дейт – сотто,
Себеби, мыйзам жеп-ичкенин чыгарбайт жокко.
Кыскасы, иштер ар тараптан ириген, ушул токойдо,
Акыры өзүң кылган иш-өз башыңа муш болду го, Чочко!..

15. ТАМСИЛ АЯГЫ – БАШКАЛАРГА ТИЙСИН САБАГЫ

Улай берсе, узун сөз, бул – тамсил-памфлеттин аягы,
Ушундай, Чочконун саясий гана ишиндеги айрым баяны.
Кимдиги акыры бааланат, кыбыла болсо да төрт тарабы,
Анткени ал – мезгилдин мыйзам ченемдүү өктөм талабы.
Маалым го, башчы жаман аталса, түбөлүк тарыхта калары,
Сөз атасы – чындык, – дейт, – башкаларга тийсин сабагы…

 

Талантбек МОҢОЛБАЕВ, памфлетист

Кыргызстан, Ош шаары

 


Количество просмотров: 4158