Главная / Драматургия, киносценарийлер, Драматургия
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2012-жылдын 8-февралы
«Биз – бир тууганбыз!»
(жаңы жомок)
2010-жылы жазулган пьеса адамдарды толеранттуулукка, тынчтыкка, табият менен эриш-аркак жашоонун зарылдыгана чакырат. Бул пьеса боюнча спектакль учурдагы драматургдардын БДТ “Коңгуроо” театрында коюлган.
Бишкек – 2010 ж.
Катышуучулар :
I. Байыркы жомок
1. Кайберен эне
2. Үрмарал
3. 1-Улак
4. 2-Ул ак
5. Асанмырза
6. Эсенмырза
II. Азыркы жомок
1. Атауул
2. Кемуул
3. Кермарал
4. Бугучар
5. Сагызган
6. Көпөлөк
7. Аары
8. Жоогазын
9. Саймалуу таш
БИРИНЧИ КӨРҮНҮШ
ПРОЛОГ
Улуу Тоодо жаздын жылдыздуу түнү. Кермарал музоосу менен жайытта, Сагызган карагайдын бутагында, Аары менен Көпөлөк чөптө таттуу уйкуда. Жылаажын коңгуроонун үнү угулуп, сахнага шаа мүйүзү айдын нуруна чагылышып жарык чачып коңгуроосу жумшак шыңгыраган Кайберен эне чыгат.
Кайберен эне. Урпактарым мекендеген Улуу тоого жаз келатат... Жер жарылып чөп чыксын, желин айрылып сүт чыксын, таш жарылып гүл чыксын... Куштар сайрасын, бугу – марал жайнасын койнуңда, касиеттүү жер! Көзү жамандын көзүнөн сакта! Сөзү жамандын сөзүнөн сакта! пейли бузук пейлинен тапсын! Кайберендин тукумуна паана бол! (Жарык Кайберен энеге гана берилип, ал улам бирине барып өтөкөндөн кийин каармандар сахнадан кете берет. Кайберен эне акыры Кермаралга келет). Тозоктун отунан чыккан урпагым. Укта... уктай гой. Билем... Бугуңдун баш терисин кургатып, мүйүзүн кеп кылып кийип, музоочугуңду ээрчитип, ыйык ташты беттеп баратасың... Баргын... бар...Ал жерге жайында кайберен тукуму чогулат...(Кермаралды музоосу менен сыйкырлап өтүп сахнадан чыга. Коңгуроо үнү алыстайт. Сахнага жарык бериле баштайт. Кермарал чочуп ойгонот. Эки жагын карайт. Энеси туруп кеткенден кийин Бугучар оңдонуп жатып уйкусурап сурайт).
Бугучар. Энеке, эмне болду?
Кермарал. Сен эч нерсе уккан жоксуңбу?
Бугучар. Эмне?
Кермарал. Коңгуроо...
Бугучар. Жок, энеке. Эч нерсе уккан жокмун.
Кермарал (өзүнчө). Түшүмбү?!. Түшүмө Кайберен эне кирдиби?!. (Түшү же өңү экенине ишене албайт). Коңгуроо... сырдуу коңгуроо... (Бугучарга). Музоочугум... Карачы айланаңды. Кечээги жамгырдан кийин жаз келиптир...
Бугучар. Энеке, кичине эле уктап алайынчы...
Кермарал. Эрте турган жакшы. Эрте турсаң ар дайым жолуң жакшы болот. Тур...
Бугучар (керилип – чоюлуп турат. Эки жакты карайт. Сүйүнөт). Энеке! Биздин тоого жаз келиптир ээ?!. Жаз келди! жаз келди!
Кермарал. Жолду уланталы, балам.
Бугучар. Кайда баратабыз?
Кермарал. Ыйык төргө. (Чыгышат).
Жаз. Жан-жаныбар ойгонуп, куштар сайрап, мөңгүлөр эрип суулар сайга толуп, теребел кулпуруп көк жашыл тулаң ыргалып, көрккү чыгып турган кез. Тоодогу көйкөлгөн кичинекей көк жайык. Каармандар дайым кыймылда болгондуктан декорация ошого жараша тез-тез өзгөрүп турат. Баардык көрүнүштөр окшош сезилгени менен экрандан бизди курчап турган жаратылыш, спектаклдин аягына чейин каармандардын сүйгөн жерлери көрсөтүлөт. Мылтыгын жанына коюп, баштыгын жазданып, кепкасын көзүнө түшүрө кийип Кемуул уктап жатат. Мойнунда дүрбү. Кызыл-тазыл спорт костюмчан. Улам бир жерге конуп, Көпөлөк чыгат. Ал биринчи жолу учуп чыккан эле.
Көпөлөк. Жаз... жаз келди! Биздин тоого жаз келди... (Ырдайт).
– Мен көпөлөк, көпөлөк,
Бийик учам көкөлөп... (Көпөлөктүн бийи. Ал улам бир жерге конуп учат – Кичине эмесмин... гүлдөргө теңештим... Ой! Гүл эмес го булар...(Гүл издеп учат. Уктап жаткан Кемуулду көрөт). Ой...бул эмне, ыя? (Кемуулду айланып учат. Жакындайт). Ташпы? Кооз экен... Конуп көрөйүнчү... (Бетине коноюн дегенде Кемуул колу менен чаап кубалайт, Көпөлөк күү менен учуп барып жыгылып калат. Кемуул оңдонуп жатып уйкусун уланта берет). Ой! Бул эмне?.. Канатымды сындырып кое жаздады... Гүл эмес окшойт... (Күбүнүп, канатын сылап, Кемуулду чочулай карап учуп жөнөйт). Ак гүлдөр... көк гүлдөр... Жайнаган көп гүлдөр... (Өзүнө таандык обонун созуп Бала аары келет. Ал дагы биринчи жолу шире чогултканы учуп чыккан).
Бала аары:
– Мен аарымын, аарымын,
Көп ооруга дарымын... (Ал ызылдап, улам бир жерге учуп-конуп жүрүп, уктап жаткан Кемуулга келип айланып учат). Ой... Бул эмне болду экен? Гүл го? (Кемуул ызылдаган аарынын үнүнөн ойгонуп, айланып учуп жүргөн аарыны көрөт).
Кемуул. Ушу сенин ызылдаганың өтүп кетти. (Кепкасы менен аарыны чабат. Аары тоголонуп барып жерге отуруп калып, кокконунан урунуп-беринип ушунча тездик менен учуп жөнөйт. Кемуул кепкасы менен бетин жаап уйкусун улантат. Сахнада Көпөлөк ырын ырдап, гүл издеп жүрөт).
Көпөлөк. – Ак гүлдөр, көк гүлдөр... Ой, бу жердеги гүлдөр кайда кеткен? (Кемуулдун чапканынан коркуп калган Бала аары, күү менен Көпөлөккө келип урунат. Экөө эки жерге отуруп калат).
Көпөлөк. Ой! Сен кимсиң?
Бала аары. Мен Бала аарымын!
Көпөлөк. Бал аары?
Бала аары. Бала аары. А сен кооз гүл экенсиң.
Көпөлөк. Мен гүл эмесмин. Көпөлөкмүн. Ойноп жүрөм.
Бала аары. Мен гүл издеп жүрөм.
Көпөлөк. Гүлдү эмне кыласың?
Бала аары. Ширесин чогултам. Бал тартам.
Көпөлөк. Кызык экен. Бала аары... бал аары.
Бала аары. Бул жерде гүлдөр жок экен. Жүрү чогуу издейбиз.
Көпөлөк. Кайдан?
Бала аары. Тоонун гүлү баарынан сонун, касиеттүү болот деп чоң энем айткан.
Көпөлөк. Апам мени үйдөн алыстаба, бул эле жайыкка баргын деген. Бирок бул жерде гүл жок экен.
Бала аары. Биринчи жолу учуп чыгышыңбы?
Көпөлөк. Ооба. Сенчи?
Бала аары. Менин да биринчи жолу шире чогултушум. Жерибиз укмуш кооз экен, ээ?!.
Көпөлөк. Укмуш.
Бала аары:
Ырдагың эле келет.
Мен аарымын, аарымын,
Көп нерсеге дарымын.
Жашоо болот таптаттуу,
Даамын татсаң балымын. Көпөлөк... Сенин ырың барбы?
Көпөлөк. Бар...
Мен көпөлөк, көпөлөк,
Бийик учам көкөлөп...(Такалып калып улап кетет).
Гүлдөн гүлдү тандайбыз,
Аары досум экөөлөп.
Бала аары. Сонун айттың. Жүрү, эми гүл издейбиз.
Көпөлөк. Апам алыс барба деген.
Бала аары. Мени да алыс барба деген. Бирок... мен чоң энемдин чоң аарыларга “адам баласынын буту баспаган жерде укмуш сонун касиеттүү чөптөр өсөт. Алардын дарылыгы күчтүү” – дегенин уккам.
Көпөлөк. Адам баласы деген ким?
Бала аары. Ал баарынан кыйын. Кеттикпи?
Көпөлөк. Коркуп атам.
Бала аары. Коркпо. Мен жаныңда болом. Сага бирөө тийишсе, сайып алам. Карачы, найзам да бар.
Көпөлөк. Ой-ий, сен да кыйын экенсиң...
Бала аары. Кеттикпи?
Көпөлөк. Кеттик. (Экөө жетелешип ырын созуп учуп кетет).
Экөө.
Ак гүлдөр, көк гүлдөр,
Жайнаган көп гүлдөр.
Жаз келди жадырап
Жакшы болсун көп күндөр.
(Кетишет. Кемуулдун мобилдик телефону чырылдайт. Кемуул уйкулуу көзү менен телефонун чөнтөгүнөн алат).
Кемуул. Аллоо! Угуп жатам. Көк жайыкка жеттим. Жок. Эч нерсе жолуктура элекмин. Тынч эле азырынча. Макул. Албетте кабар берем. Бир укмуш эс алабыз дейсиң... (Каткырат). Болуптур досум... (Телефонду коет. Керилип-чоюлуп, анан баштыгынан желим бөтөлкөдөгү сууну алып чыгып ичет, бетин жууйт. Сергий түшөт). Кой... жолоочунун жолдо, жолдо болбосо үйдө болгону жакшы. (Айлананы карап). Ух! Жаз жадырап күчүнө келип турган экен... Эми, кудай тилекти берип, кароолго бир нерсе илинсе! (Кийинип, баштыгын асынат).
Кемуул:
– Сай сагызган эй, сайда экен,
Сан жылкы колхоз байда экен... (Шакылыктаган Сагызгандын үнү угулат. Анан Сагызган чыгат).
Сагызган. Кайдагы колхоз? Кайдагы бай? Колхозду талап бүтүп, эми талаа-түздөгү жаныбарларга киришпедиңерби...
Кемуул. Сен эле жетпей турдуң эле. Эмне шакылыктайсың? (Жерден таш алып урат).
Сагызган. Сенин келгениңди көрүп, тоого жамандык келатат деп кабар берип жатам. (Шакылыктайт). Сен аны түшүнмөк белең...
Кемуул. Жоголчу!
Сагызган. Өзүң жогол!
Кемуул. Ушунун шакылыктаганы өттү. Башыңды жула атайынбы? (Мылтыгын алат).
Сагызган. Акича-ай!.. Айбанаттар! Сактангыла! Кырсык! Кырсык келатат! (Учуп кетет).
Кемуул:
– Сай сагызган эй, сайда экен,
Сан жылкы колхоз байда экен... (Чыгат).
ЭКИНЧИ КӨРҮНҮШ
Ак мөңгүлүү тоолор. Токой. Жайык. Ийнинде мылтык, мойнунда дүрбү, колунда чоор кармаган Атауул эки жакты суктанып карап турат. Көпөлөк менен Бала аары гүлдөн гүлгө конуп, учуп жүрүшөт.
Атауул. Жаз... Жаратылыш жанданып, жашоосун өз нугунда уланткан керемет учур. Көпөлөктөр да учуп чыгыптыр. ( Ал Көпөлөк менен Бала аарыны көрөт. Чоорун тартат. Аларды чочутпайын дегенсип акырын жакын барат). Кон, кон көпөлөк, кайда учасың көкөлөп?..
Көпөлөк (Бала аарыга). Кон, кон көпөлөк деп жатат.
Бала аары. Эй... бул жанагы бизди ыргыта чапкан немеге окшош экен.
Көпөлөк. Окшобойт.
Бала аары. Окшойт.
Атауул. Ананай көпөлөк... (Көпөлөктү суктана карап ).
Көпөлөк. Мени ананай деп атат.
Бала аары. Алдап туруп кармап алып, экөөбүздү жалпайта чабайт.
Атауул. Ананай бала аары... Коркпогула. Эч ким силерди жалпайта чаппайт.
Көпөлөк. Ой... бул биздин сөздү түшүнөт экен.
Атауул. Түшүнөм... түшүнөм...Жазың менен, Көпөлөк! Сенин да, Бала аары! Гүл издеп келдиңерби? Бул тоодогу гүлдөрдүн баары силердики. Эч нерседен коркпогула!
Көпөлөк. Көрдүңбү, Бала аары! Бул бизди коргойт экен...
Бала аары. Ооба, Көпөлөк. Жүрү учтук. (Көпөлөк менен Бала аары Атауулду айланып ырдап-бийлеп, анын учуп чыгып кетишет).
Атауул. Мындай калдыркандар жоголуп кетти эле... Кайра пайда боло баштаптыр. (Сүйүнүп) Кудай буюрса бу тоолордо баары жакшы болот. (Чоорун алып “Насыйкатты”тартат).
Бул насыйкат, бул насыйкат мага калган,
Бул насыйкат сага калган.
Калган керээз бабалардан,
Өттү насыйкат,
Тоолордон, талаалардан э-э-й.
(Сагызгандын шакылыктаганы угулуп, анан Сагызган келет. Канаты менен бетин желпип, Атуулдун алдына чалкасынан түшүп энтигип жатып калат).
Атауул. Башыңдай бир үзүм май берейин. Ачык айтып, ак сүйлө Сагызган.
Сагызган. Ооба... Тим эле майды чөнтөгүңө салып жүрсөң да... Бербейсиң. Адамдар жөн эле ошентип айта бересиңер.
Атауул. Ии... Эмне мынча энтигип? Жоо кууп келатабы?
Сагызган. Жоо келатат. Сен бу жерде “Бул насыйкат, бул насыйкат” чоор тартып жыргап отурсаң, тиякта “Сай сагызган эй сайда экен” деп бирөө келатат. Мылтыкчан. Мобу алтынга алмашкыс башымды ыргыта атып сала жаздады.
Атауул. Чын элеби?
Сагызган. Калп айтсам кара башыма көрүнсүн.
Атауул. Жол башта анда. Каерге жетип калды?
Сагызган. Босогодо. (Кетишет)
ҮЧҮНЧҮ КӨРҮНҮШ
Ошол эле көрүнүш. Кермарал, Бугучары менен жол жүрүп келатат.
Бугучар. Биз кайда баратабыз, энеке?
Кермарал. Үйүрүмдөн айрылып, атаңдан ажырасам да, сени карышкырга алдырбай, илбирске чалдырбай, кыштан аман алып чыктым. Эми, ыйык жерге тайынганы ээрчитип баратам.
Бугучар. Ал кайда?
Кермарал. Улуу тоонун койнунда.
Бугучар. Ал жерде эмне бар?
Кермарал. Ал жерде Кайберен энеден калган ыйык таш бар.
Бугучар. Энеке... Биздин тоолор биринен бири кооз экен, ээ?
Кермарал. Бул тоолор... суу... көл... токой... ушунун баары сеники.
Бугучар. Ай-ий... Баары... баары меникиби? (Ойноктоп секирип турат).
Кермарал. Баары. Мобу таш да... гүл да, сен тебелеген чөптөр... учуп жүргөн көпөлөк... аары... баары сенин досторуң. Сен алар менен ынтымакта жашышың керек. Эч кимисин тарынташың керек.
Бугучар. Ташты дагыбы?
Кермарал. Ташты дагы. Ал сен секирип ойногондо көтөрүп турат.
Бугучар. Энеке. Таштын жаны жок да.
Кермарал. Бар. Ким айтат? Бул ааламда бардык нерсенин тили бар. Ташта да. Сууда да. Шамалда да. Уга билүү керек.
Бугучар. Кантип?
Кермарал. Көңүл коюп. Алдыга кетпе.
Бугучар. Эмнеге?
Кермарал. Ууру алат.
Бугучар. Макул. (Бугучар ойноктоп ар кайсы чөптү жыттап артта калып калат).
Кермарал. Артта калба. Карышкыр жейт. (Бугучар элеңдеп чуркап келет). Катар бас. Улуулар сүйлөп жатканда башкага алаксыба. Көңүл коюп ук.
Бугучар. Макул энеке.
Кермарал. Кеч кирип баратат. Бүгүн ушул жерге түнөйлү. Эртең жолубузду улантабыз.
(Түн. Кермарал ташка чыгып эки жакты карап, анан таштын түбүнөн орун алып жатат. Бугучар ойну канбай улам бир ташка секирип, оюн салып, уйкусу келбейт).
Бугучар. Энеке! Асман экөөбү?
Кермарал. Жок. Асман бирөө эле.
Бугучар (ташка чыгып). Тээ ылдый жакта эмне бар? Ал жакта да жылдыздар жанып атпайбы...
Кермарал. Аны билип кереги жок.
Бугучар. Эмнеге?
Кермарал. Эс алалы. Эртеңки жол алыс. Бүгүнкүдөн алда канча татаал болот.
Бугучар. Эмнеге айткың келбей жатат. Чуркап түшүп барып билип келейинби?
Кермарал (алдын тосот). Барууга болбойт. Алар өздөрү келет бизди издеп өздөрү келет.
Бугучар. Кимдер?
Кермарал. Адамдар.
Бугучар. Энеке... Алар да биздикиби?
Кермарал. Жок... Биз алардыкыбыз.
Бугучар. Эмне үчүн?
Кермарал. Алар жер үстүндөгү жан-жаныбардын баары биздики деп ойлошот. Бир кезде башкача болчу.
Бугучар. Энеке... Алар бүркүттөн да кыйынбы?
Кермарал. Кыйын.
Бугучар. Илбирстен дагыбы?
Кермарал. Илбирстен дагы.
Бугучар. Ой-ий... Анда адамдар баарынан кыйын турбайбы. Энеке! Мен да адам болгум келип атат... (Секирип бийлеп жөнөйт. Кермарал ыргып турат).
Кермарал (чочуп). Бугучар... Музоочугум... токто... сөзүңдү кайра ал... кайра ал!..
Бугучар. Энеке... Мынча эмне коркуп кеттиң? Адамга айлансам жаманбы? Мен адам болсом... Силерге эч ким... эч ким, эч ким курал көтөрбөйт. Кайберендер улактарынан ажырап ыйлабайт. Анан сага окшоп жалгыз улагын калкалап, жер кезип ыйык жерге тайыныш үчүн узак жолго чыкпайт. Мен баарыңарды коргойм. Анда ар ким өз туулган жерин мекендеп, коркпой жашайт.
Кермарал (кулагын басып). Сөзүңдү кайра ал балам.
Бугучар. Эмнеге?
Кермарал. Себеби... Себеби миң жылда бир жолу... (Кермарал оозун кармап унчукпай калат).
Бугучар (сүйүнүп кетет). Миң жылда бир жолу?!.. Миң жылда бир жолу эмне болот, энеке?!
Кермарал. Айтууга болбойт... Кыйнаба балам. Тыюу салынган.
Бугучар. Ким тыюу салган?
Кермарал. Кайберен ата. Алардан белги болмоюнча айтууга болбойт.
Бугучар (ого бетер кызыгып). Энеке! Айтсаң кандай белги болуш керек?
Кермарал. Болду. Уктайлы. (Ушул мезгилде жылаажын коңгуроонун шыңгыраганы угулат). Оо, Жараткан Теңирим!..
Бугучар. Энеке... бу эмне?
Кермарал. Бул белги... Кайберен атанын жылаажын коңгуроосу... (Тыңшап калат. Асмандан жылдыз болуп мүйүзүндө жылаажын коңгуроосун шыңгыратып Бугу эненин силуэти өтөт). Миң жылда бир кайталанчу сырдуу үч белгинин бири ушу балам. Кайберен ата жаратылыш ойгонгон жаздын бир түнүндө, өзүнүн урпактарын түгөлдөп, аларга өмүр тилеп асмандан жылдыз болуп учуп өтөт. Бул сырдуу аян. Жакшы белги, музоочугум...
Бугучар. Энеке, музоочук дебечи. Мен чоңойгондо... супсулуу марал болом.
Кермарал. Үр кызындай сулуу марал болосуң чоңойгондо. Азыр музоочуксуң...
Бугучар. Жакшы белгинин экинчиси кандай, энеке? Мен билгим келип атат.
Кермарал. Ташты жарып жоогазын гүл ачат. Ошондо бейпил заман болот бизге.
Бугучар. Үчүнчүсүчү? Үчүнчү белги кандай?
Кермарал. Адам баласынын оозунан ыйык сөз чыгат...
Бугучар. Эмне деген?
Кермарал. Аны билип кереги жок.
Бугучар. Миң жылда бир жолу дагы эмне болот?
Кермарал. Болот. Миң жыл мурун... Кудайдын кудурети менен кайберен тукумунан бир кыз адамга айланган.
Бугучар. Чын элеби? (Сүйүнөт). Кантип? Айтсаң энеке... (Жарык өчөт).
ТӨРТҮНЧҮ КӨРҮНҮШ
Байыркы жомок
Акмөңгүлүү тоолор. Жаз. Бугунун терисинен кийим кийген, 12-14 жаштардагы сулуу кыз ооз комуз кагып, улактарды таштан ташка секиртип тактеке ойнотуп, оюндун кызуусунда. Башындагы саймалуу кеп такыясы да бугунун терисинен жасалган.
1-Улак:
Так, так, тактеке,
Кыйын болсоң чык, жеке!
2-Улак:
Чык десең жеке чыгамын,
Сени чалып жыгамын. (Улактардын бийи. Улактар бий аркылуу таймашат).
1-Улак. Так,так, тактеке...
2-Улак. Баатыр болсоң, чык жеке!
1-Улак. Тактеке биздин бийибиз...
2-Улак. Тоо койну биздин үйүбүз...
1-Улак. Аксай, Арпа төрүбүз,
2-Улак. Ысык-Көл, Соң-Көл көлүбүз...
Үрмарал (кошулуп). Ак калпактуу элибиз...
1-Улак (бийин токтотуп). Сен эмне эле аларды мактай бересиң?
Үрмарал. Алар улуу... Адам.
1-Улак. Кокус кармап алышса, териңди тескери сыйраарын эсиңден чыгарба.
Үрмарал. Жок. Алар мени кармап алышса, Кайберендин тукуму деп кадырлашат.
2-Улак. Үрмарал... алар сени кармабай эле коюшсунчу. Эгер сага адамдын колу тийсе... сен... сен кайра маралга айланбай каласың да!
Үрмарал. Ооба... эгер адамдын колу тийсе ошондой болушу мүмкүн. Алардын оозунан касиеттүү бир сөз чыгышы керек. Бирок... коркпо. Ал сөздү айта алышпайт. Колу да тийбейт. Мен алыстан гана алардын баскан турганын, ырдап-бийлегенин карап туруп... коркунуч пайда болгондо бугуга айланып качып кетем.
1-Улак. Үлгүрбөй калсаңчы эгер?
Үрмарал. Үлгүрөм... Далай жолу качып кутулбадымбы. ( Бутактанган мүйүзүндө жылаажын коңгуроо шыңгыраган Кайберен эне келет).
Кайберен эне. Талашыңар эмне?
1-Улак. Энеке! Карачы... Үрмарал дагы адам кебин кийип алды.
Кайберен эне (Үрмаралды карап). Кызым... Башкача сулуу болуп кетипсиң... (Суктана карайт). Тү-тү! Көз тийбесин. Көп кызыкпасаңчы... Адамдын жүгү биздикинен алда канча оор...
1-Улак (Үрмаралга). Ии... айттым беле сага!
Үрмарал. Энеке... мен аларды жакшы көрөм. Мен да адам болгум келет.
Кайберен эне. Сен кайберендин тукумусуң... Сага Жараткан миң жылда бир келчү касиетти берген. Ошентсе да... Чеч кебиңди.
Үрмарал. Энеке... бир аз... бир аз эле ойной турайынчы. Бул жерге эч ким келбейт... эч ким көрбөйт.
Кайберен эне. Мейли... Биз жайыт чалып келели. Силер бул жерден эч кайда кетпегиле.
Үрмарал. Макул энеке! (Кайберен эне кетет. Үрмарал ооз комузун кагат. Улактар оюндун кызуусунда. Ташка далдааланып келаткан Асанмырза менен Эсенмырза сахнанын бир четинде пайда болот. Экөө тең кайберендер жыт албасын деп бугунун терисин жамынып алган).
Асанмырза. Көрдүңбү?
Эсенмырза. Көрдүм. Кадимки эле кыз го?
Асанмырза. Айтсам ишенбейсиңер... Кадимки эле кыз.
Эсенмырза. Бугулардын үйүрүндө кайдагы кыз болмок эле? Көзүбүзгө жин шайтан көрүнүп жатпасын?! Же Жезтумшук болуп жүрбөсүн, ыя?
Асанмырза. Суу жүрөк.
Эсенмырза. Жүрү, кетели айылга. Баары бир бизге эч ким ишенбейт.
Асанмырза. Ишендиребиз.
Эсенмырза. Кантип?
Асанмырза. Сен да ишенбей аттың беле мага? (Эсенмырза баш ийкейт). Эми ишендиңби? (Эсенмырза баш ийкейт). Эмне тил байланып калдыңбы?
Эсенмырза. Ишендим. Бирок... элди кантип...
Асанмырза. Кармап барсак эл да ишенет.
Эсенмырза. Кармап эмне кыласың? Жүрө берсин...
Асанмырза. Сага алперем... (Каткырат). Бас... Бугунун терисин кийсек жыт алалбай калат деген менин акылым туура болуптурбу? Энеси да эч нерсе сезбей кетип калды. Буларды колго түшүрүш керек...(Жааны алат). Тиги эки улакты ыргыта атып, кызды кармап алабыз.
Эсенмырза. Атпагын, кудай жалгагыр. Бул жөн кыз эмес. Бул бир көзгө көрүнгөн Жараткандын сыр... бекер эмес. Жааңды ташта. Урук-тууганыбызга, укум-тукумубузга залакасы тийбесин. Кан чыгарба. Атпагын...
Асанмырза. Мейли. Бир жолу сени угуп коеюн. Кээде момураган момундан да акыл чыгат. (Үрмарал улактар менен камаарабай ойноп жатат. Улактардын бийи. Асанмырза илбирстей жылып аларга жакындайт. Оюндун кызуусуна кирип алган немелер коркунуч жакындаган сезбейт. Бийлеп жатып 1-Улак токтой калат).
1-Улак (жыт алып). Токтогулачы... Чоочун жыт... (Эки жакты карамак болуп Үрмаралга жакындап калган Асанмырзаны көрөт). Үрмарал! Кач! Адам! (Үрмарал артына кылчая бергенде Асанмырза секирип келип колдон алат).
Үрмарал ( улактарга). Бир боорлорум! Силер качкыла! (Улактар качат. Бирок алыс узабай кылчактап карап турушат).
Асанмырза. Колго түштүңбү, Бугу кыз!
Үрмарал. Кое бер колумду, адам баласы. (Эсенмырза келет энтигип).
Эсенмырза. Улактарга тийген жоксуңбу? Кое бер колун.
Асанмырза. Кое бербеш керек. Бул Кайберен эненин тукуму... кайып болуп кетет. Айылга алып барып буга нике кыйдыруу керек. Ошондо никеге байланып кете албай калат. (Жашынып тиктеп турган улактар ыйлап бетин басат).
Үрмарал (улактар тарапты карап). Бир боорлорум... Силер Улуу тоолорго кете бергиле. Энекем батасын берсин. Мен кайрылбай калдым... Адам баласынын оозунан “нике” деген касиеттүү сөз айтылып калды. (Улактар жарыша чуркап кетет).
Эсенмырза (суктанып). Сулуу да, акылдуу да көрүнөт.
Үрмарал (Асанмырзага). Адам баласы... Менин денеме биринчи сенин колуң тийди. Өзүң ал.
Асанмырза. Жок. Менин аялым бар. Керек болсо сенден акылдуу. Сени мынабу иним Эсенмырзага алперем.
Үрмарал (Эсенмырзаны карап). Нике кайыптан... Адам баласынан буюрган теңим сен болсоң... Макулмун.
Асанмырза. Колуктуңдун колун өзүң карма. Аялың жүүнү бош эле. Эми кайыптан катын алып багың ачылсын. (Үрмаралдын колун Эсенмырзага карматат).
Эсенмырза. Сен кайда?
Асанмырза. Коркпо. Улактардын артынан барбайм. Айылга кабар бергени алдыга жөнөдүм. (Чуркап чыгып кетет). Эл-журт! Сүйүнчү!.. Касиеттүү Кайберендин тукуму, Бугу кыз келатат! Келин келатат! Энелер элечегиңерди камдагыла! Жеңелер чачылаңарды чачкыла!
Үрмарал (Эсенмырзага).Көрүп турам... Жаман адам эмессиң. Улунуп-жулунбаган кудайы момун адам көрүнөсүң. Бир туугандарың, ата-энең...баары жакшы адамдар... Бул агаң гана... карамүртөз, орой окшойт. Тукуму көп болбойт мунун.
Эсенмырза. Кантип билдиң?
Үрмарал. Билем... Мындан ары Үрмарал атым өчүп, Бугунын кызы, анан барып Бугу эне аталам... Мырзам! Бир өтүнүчүмдү аткар...
Эсенмырза. Эмне өтүнүч?
Үрмарал. Аткарасыңбы? (Эсенмырза баш ийкейт). Мен чачымды жууп жатканда карабагын. Эч качан... Макулбу?
Эсенмырза. Макул. (Экөө жетелешип чыгат. Жарык өчөт).
БЕШИНЧИ КӨРҮНҮШ
Азыркы жомок
Баштагы көрүнүш. Кермарал менен Бугучар. Эртең менен.
Бугучар. Ой-ий, энеке. Түндөгү Бугу эне жөнүндө жомогуң кызык экен,ээ?
Кермарал. Жомок эмес. Уламыш.
Бугучар. Уламыш жомок эмеспи?
Кермарал. Жомок ойдон чыгарылат. Уламыш чындыкка жакын болот.
Бугучар. Анда Бугу эне болгонбу?
Кермарал. Болгон. Кайып болуп кеткен.
Бугучар. Эмнеге?
Кермарал. Себеби, адам баласы сөзүнө турган эмес. (Cагызгандын үнү угулат. Кермарал кооптоно эки жагын карайт). Бугучар. Энеке! Мен да адам болгум келип кетти. (Энтигип араң дем алган Сагызган келет).
Сагызган (Бугучарга). Адам болом?! Адамдар өзү адам боло албай атса...сага ким коюптур? Кермарал! Кач! Тезирээк качкын!
Кермарал. Ыракмат, Сагызган. Чын эле чоочун жыт... Бул жерден тез кетели... Тез...Тез балам... (Чуркап чыгып кетишет. Сахнага бир аздан кийин Кемуул чуркап чыгат).
Сагызган. Кырсык келди тоого... кырсык...
Кемуул ( Сагызганга). Сен да жетип келдиң беле бу жерге? (Таш алып урат.Сагызган буйтап кетет).Оңбогон сынык мүйүз, куу Бугу. Сезип калдың ээ! Шашпа! Сенин артыңдан сая түшүп, жердин жети катарына житип кетсең да атып албасам элеби?! Баарынан да музоосучу! Тим эле баглан козудай бышып турган кези экен. Ох! Кадырлуу конокторго куурдак жасап берсем! Мындан өткөн чүйгөн тамак болобу? (Сахнага Атауул чыгат).
Атауул. Жол болсун, жолоочум. (Учурашат). Кайда баратасыз?
Кемуул. Тоого. Жайлоого.
Сагызган. Калп айтат.
Атауул. Жалгызбы?
Кемуул. Эмне болбойбу?
Сагызган. Жанын жейт. Былтыр да вертолет минген жапайы мергенчилерди ушул ээрчитип келген.
Кемуул. Ушу Сагызгандын шакылыктаганы өттү. (Таш алып урмак болот).
Сагызган. Акича-ай! Өлтүрдү.
Атауул. Бул жер табигый корук. Ташты таштаңыз. Мергенчилик кылууга болбойт. Бул жерде жан-жаныбарлардын баары кызыл китепке кирген.
Кемуул (ташын таштап). Мобу шакылдаган Сагызган да кызыл китептеби?
Сагызган. Мына... ишенбесең бутумда шакекчем бар. Сагызган Саргалдаевич...
Атауул. Кызыл китепте.
Кемуул. Гүл терсем да болбойбу?
Атауул. Болбойт. Жок болуп бараткан гүлдөрдүн түрлөрү өсөт. Эскертип коеюн.
Кемуул. Алар да кызыл китепке киргенби?
Атауул. Айтып атпаймынбы. Бул жер корук. Жок болуп бараткан жан-жаныбарлардын... өсүмдүктөрдүн түрлөрү жашайт. От жакканга да болбойт. Чөптөргө... бадалга өрт кетет.
Кемуул. Деги кызыл китепке кирбеген эмне калган?
Атауул. Эс алууга да жоого бараткансып мылтык асынып чыксак, туш келди аткыласак... баары кызыл китепке кирет да анан?!.
Сагызган. Кызыл китепке сен эле кире элексиң. Кирбейсиң да.
Кемуул. Ээ-э-эк!.. Мойнун жулуп таштаса...
Атауул. Тийбеңиз.
Кемуул. Анан эмне шакылыктайт кулак мээни жеп... Кетчи, эй!
Сагызган. Өзүң кет.
Кемуул. Ушунун шакылыктаганынан бирдеме түшүнүп жатасыңбы?
Атауул. Сизди кет деп жатат.
Кемуул. Койчу! Тим койсо канатууларга тилмеч болуп кетесиң да.
Атауул. Мылтык алып жүрүүгө уруксаат барбы?
Кемуул. Бар. (Документин берет. Атауул көрөт).
Атауул. Ырахмат. Баары жайында экен. Бирок...жайлоого бу коруктан барчу жол жок. Тээ тиги чоң сууну көрдүңүзбү? Ошо сууну бойлоп кетет жол жайлоого. Артка кайтышыңыз керек.
Кемуул (аргасыз). Болуптур.
Сагызган. Барагой, бар... (Кемуул Сагызганга бир тап берип алып чыгат). Эч кандай жайлоо-пайлоого барбайт бул. Мергенчиликке чыккан неме бул. Былтыр да ушу маалда Ашуу-Төрдө жаткан бугулардын үйүрүнө вертолет минген мергенчилерди апкелген ушул...
Атаауул. Көрөбүз. (Ушу маалда Кемуулдун ачуу кыйкырыгы угулат. “А-а! Жардамга!” Атауул менен Сагызган чуркап чыгат. Бир аздан кийин бутун сүйрөп бакырган Кемуулду Атауул колтуктап чыгат).
Кемуул (бакырып). Акырын... Бутум... бутум....
Атауул. Акырын... Отуруңуз... Эмне болуп кетти?
Кемуул. Тайгаланып жардан учуп кеттим.
Сагызган. Сооп болуптур. Кайберендин каргышы тийди буга.
Атауул. Кана көрөлүчү. (Кемуул кол тийгизбей сайын онтоп бакырат).
Кемуул. Сынып кетти окшойт.
Атауул. Жаман аялча бакыра бересизби... Биринчи медициналык жардам көрсөтүү керек. (Кемуулдун багалегин түрүп).
Кемуул. Жок... Андан көрө эптеп айылга жеткир.
Атауул. Кайсы жериңиз ооруп жатат?
Кемуул (онтоп). Жамбашым сынды окшойт.
Атауул. Таңыш керек.
Кемуул (спорттук костюмун берип). Ме... муну менен оро. (Бакырып атып оротот). А-ай! Акырын! Ой, жаным – ай!
Сагызган. Өлбөйт. Катуу эле таң. Ооруган кандай болорун билсин. (Атауул таңат).
Кемуул (сагызганды карап). Таң атпай шакылыктаганы бузук болчу мобу Сагызгандын. Каскак.
Атауул. Ордуңуздан козголбой жатып туруңуз. Мен базага барып санавиация чакырайын. (Кетет).
Сагызган (Кемуулга). Бутуң эмес, алдагы мылтык кармаган колуң сынса болмок...
Кемуул. Кыш-ш!.. (Телефонун алып чалат). Алло-о! (Сагызган кайрылып тыңшап, акырын жакындайт). Дос! Камдана бергиле. Кермаралдын изине түшкөндө... Бу жерде корукчу бар экен. Ошол неме тоскоол болуп... Ооба... Ооба... Өз көзүм менен көрдүм. Укмуш... Алыс кетпейт. Бир аздан кийин чалам. Ошол жерге келип каласыңар. (Телефонун жанына коюп, өзүнүн жасаган куулугуна өзү ыраазы болуп чалкалап жатат). Сылыктыгына не бересиң... Тынч жата туруңуз деп... А-ха-ха! Азыр... Жата турам... жата турам. (Белинде таңууну чече баштайт. Ушул учурда Сагызган акырын келип кол телефонду илип кетет). Ташта! Эй, ташта дейм... (Кубалайт. Сагызган буйтап качып, секирип ташка чыгып телефонду бийиктиктен ташка таштайт. Кол телефон чачырап жатып калат. Кемуул мылтыкка чуркайт).
Сагызган. Акича-ай! Жардамга! (Уча качат).
Кемуул. Тезинен из суутуш керек бул жерден. (Мылтыгын, буюмдарын алып чуркап чыгат. Сахнанын сыртынан Сагызгандын “Атауул! Бол! Тезирек! Качып кетти!” деп кыйкырган үнү. Энтиккен Атауул келет).
Атауул. Ким?
Сагызган. Жанагы неме.
Атауул. Эмне болду?
Сагызган. Ал алдаптыр. Качып кетти.
Атауул. Кайсы тарапка кетти?
Сагызган. Быякка. Билем... Бул эртең менен Кермаралды көрүп калыптыр. Ошонун артынан кетти. Бол... Андан мурун жетели...
Атауул. Кеттик... (Кетишет. Музыка. Сыздаган “Насыйкат”).
АЛТЫНЧЫ КӨРҮНҮШ
Жайык. Сахнага элеңдеп артын караган Кермарал менен Бугучар келет.
Бугучар. Кооз жер экен ээ? (Туш тарапты карап токтойт).
Кермарал. Чарчадыңбы? Бираз эс алып алалы.
Бугучар. Жок, энеке. (Кермарал дем алып көзүн жуумп жатат. Бугучар таштан ташка секирип ойнойт. Сахнага Бала аары менен Көпөлөк учуп кирет. Алар ушунчалык тездик менен учкандыктан, экөө тегеренип жүрүп Бугучарды сүзүп алып корккондуктан отура калып ыйлап жиберишет).
Бугучар. Ой! Силер кимсиңер?
Көпөлөк. Сенчи?
Бугучар. Мен Бугучармын.
Көпөлөк. Мен көпөлөкмүн. Бул бала аары.
Бугучар. Энеке! Бизге аары менен Көпөлөк келди! Карачы кооз экен...
Кермарал (башын көтөрүп). Булар бала го?.. Адегенде сооротолучу. Эмне болду, балакайлар?
Көпөлөк. Адашып кеттик. (Бугучар тиги экөөнү кызыгып карап ойнун улантат).
Бугучар (тегеренип чуркап). Энеке канаты бар экен. Учат экен.
Кермарал. Кайда бараттыңар эле?
Көпөлөк. Гүл издеп. Кө-ө-п... момунча
Бала аары. Мен дагы. Шире чогултканы.
Бугучар. Шире деген эмне?
Кермарал. Ширени ушу тоодон чогутат бекен?
Бала аары. Тоо гүлүнүн ширеси касиеттү дешкен.
Кермарал. Кимдер?
Бала аары. Чоң аарылар.
Бугучар. Энеке. Шире деген эмне?
Кермарал (Бугучарга). Гүлдөн чыккан таттуу даам. (Аары менен Көпөлөккө). Силерди ата-энеңер үйдөн алыс барбагыла деп эскерткен жок беле?
Бала аары. Эскерткен.
Кермарал. Эскертсе эмне үчүн уккан жоксуңар?
Бала аары. Ойноп жүрүп...
Көпөлөк. Алыс кеткенибизди билбей калдык.
Кермарал. Болду эми ыйлабагыла. Кел, келегой. (Экөөнү сооротот). Ыйлаак жана коркок балдарды тоолуктар жаман көрөт.
Бугучар. Анан улуулардын сөзүн укпагандарды...
Кермарал. Анан ата-энесинин сөзүн укпаган ээнбаш балдарды жаман көрөт.
Бугучар. Мен дайым сени угам ээ, энеке?!
Кермарал. Угасың. Сен жакшы баласың да.
Бугучар. Көрдүңөрбү. Улуулардын сөзүн дайым угуш керек. Мен жакшы бала болом. Чоңойгондо мындан да бийик тоолорго чыгам. Кайберендерди, чөптөрдү, гүлдөрдү баарын... баарын коргойм. Келгиле... дос болобуз. Чогуу коргойбуз.
Бала аары. Кел... чын эле достошобуз.
Көпөлөк. Келгиле. (Буттарын, колдорун, чекелерин тиййгизип кандайдыр бир ритуал менен достошушат).
Бугучар. Сенин ырың барбы?
Көпөлөк. Бар. Сеникичи?
– Мен көпөлөк, көпөлөк,
Бийик учам көкөлөп...
Кооз гүлдү тандайбыз
Аары досум экөөлөп
Бала аары. Менин да ырым бар.
– Мен аарымын, аарымын,
Көп нерсеге дарымын.
Жашоо болот таптаттуу,
Даамын татсаң балымын... Бүттү (жүгүнүп коет). Сен ырдачы, эми...
Бугучар:
– Мен бугумун, бугумун,
Кайберендин уулумун.
Тактекедей секирем,
Тоого-ташка бекинем.
Тентек бала болбоймун,
Табийгатты коргоймун
Баары (кошулуп бийлеп кетет):
Тентек бала болбойбуз,
Табийгатты коргойбуз.
Кермарал. Балакайлар... Кара, заматта коркконун унутуп ойноп кетишекенин... Бугучар! Жолду уланталы. Биздин артыбызда куугун бар экенин унутпайлы. Кеттик. (Басып келатышат).
Бала аары. Кайда?
Кермарал. Жаман адам жетпей турган касиеттүү жерге.
Бала аары. А бизчи?
Кермарал. Жүргүлө биз менен. Гүл деген ошол жерде.
Бугучар. Бизди бир жаман киши кубалап келатат. Момундай мылтыгы бар.
Көпөлөк. Андан биз да корктук. Кооз гүл экен деп коно калсам...
Бала аары. Мен дагы ширесин сороюн десем... ыргыта чапты дейсиң... Аз жерден канатыбызды сындырып кое жаздады.
Көпөлөк. Ошондон коркуп качкан бойдон безилдеп учуп отуруп... үйдөн алыстан кеттик. (Сүйлөшүп жүрүп отуруп Саймалуу таш менен жогогазынга келет).
Көпөлөк. Ой... бул эмне?
Кермарал. Бул жоогазын. Гүл.
Бала аары. А сенчи?
Саймалуу таш. Мен саймалуу ташмын. Тарыхмын.
Көпөлөк (Жоогазынга барат). Аты кызык экен. Жоо-газын...
Саймалуу таш. Кызык болсо билип алгыла. Бул гүл жоокердин канынан жаралган.
Бала аары. Кантип?
Кермарал. Илгери... илгери... Ата-журтун коргоп майданда жоокерлер курман болушкан.
Саймалуу таш. Баары кырчындай жаш... сулуу... баатыр болгон.
Кермарал. Алардын каны тамган жерге Жоогазын өнүп чыккан.
Көпөлөк. Ай-ий...
Кермарал. Булар жаз сайын чыгат.
Бала аары. Ушунун баары жоокер болгонбу? Жер жайнайт го...
Саймалуу таш. Баары. Мурда мындан да көп болчу.
Кермарал. Адамдар мурда жоокердин канынан жаралган ыйык гүл деп үзүшчү эмес. Жазында биз жайнап гүл ачканда үзмөк тургай, өтүп бараткан жолоочу аттан түшүп шейит кеткендерге куран окушчу.
Көпөлөк. Азырчы?
Кермарал. Азыр анын баары унутулду. Кийинки муун көп нерсени билбей калды. Булар да жок болуп баратат.
Көпөлөк (таң калып). Кантип?
Кермарал. Тамыры менен жулуп... гүлдөтпөй, бүрдөтпөй...
Көпөлөк. Тамыры менен жулуп эмне кылат? Жейби?
Бала аары (кыткылыктап гүлдөн гүлгө конуп жүрөт). Макоо! Гүлдү жемек беле? Базарга алпарып сатат.
Көпөлөк. Анысы жаман экен... (Ойлонуп). Бул жерде деле куурайт да. Айырмасы кайсы?
Кермарал. Бул жерде аары экөөңө шире берет. Урук байлайт. Артына тукум калтырат. Көпөлөк. А бирөөлөр деген ким?
Кермарал. Алар шаардан келет.
Бала аары. Алар жанагы экөөбүздү кубалган эмеге окшош.
Кермарал. Саймалуу таш... Ата-бабам жердеген ыйык төр!.. Амансыңбы? (Өпкүлөйт. Бугучар, Көпөлөк, Бала аары Саймалуу ташты, көз жоосун алган Жоогазынды, Саймалуу таштын боорундагы сүрөттөрдү таң кала карап жүрүшөт).
Саймалуу таш. Амансыңбы, Кайберендин урпагы...
Кермарал. Баягыдай эле сырдуу, сүрдүү экенсиң. Бооруңда Жоогазын гүлдөп ого бетер кооз болуп кетипсиң...
Саймалуу таш. Ал сен үчүн жакшы белги.
Кермарал. Билем. Биринчи белгини сездиңби?..
Саймалуу таш. Уктум.
Кермарал. Кайберен тукуму бүт уктубу?
Саймалуу таш. Уктум, Кермарал ...Үйүрүңдөн айрылып, Бугуңдан ажырап, улуу тоону караан тутуп келатканыңды да билгем. Мүйүздүн эки бутагы сынык...адам баласына эки балаңды алдырганыңды да уккам, Кермарал... Учкан куш, сыдырым жел, жааган жамгыр болуп сенин зарың жеткен мага.
Кермарал. Жер тарып баратат бизге. Өткөн жайда вездеход деген эме менен келип, окту жамгырдай жаадырып, артыбыздан кубалап атып кыргын салды. Мен бир жар таштын коңулуна музоомду боорума басып жашырып аман калдым. Алар үчүн биз бир кумардан чыга турган бутага айландык...
Саймалуу таш. Аның чын... Эстерине келбесе... табийгат кечирбейт зомбулукту...
Кермарал. Саймалуу таш... Карачы... сенин бооруңда сүрөтү тартылган адамдар азыркыдай эмес эле го?! Бир боор элек го?! Бири-бирибизди түшүнүчү элек го?! Булар эмне мынча таш боор болуп баратат? Сактап кал. Тукумум улансын.
Саймалуу таш. Ыйлаба, Кермарал. (Сагызгандын кооптуу шакылдаган үнү угулат).
Кермарал . Алар артымдан түшүп быякка келатышат. Уктуңбу? Сагызган кабар берип жатат. (Сагызган канатын зорго шилтеп келет. Саймалуу ташка жөлөнөт).
Сагызган (энтигип). Кырсык келатат... кырсык! Саймалуу таш... Касиетиңден айланайын... Бир сыр көрсөтчү... Кермаралды музоочугу менен сактап калалы.
Саймалуу таш. Карагай бою кар жааса да кайышпаган, көчкүдөн көкөлөп учуп кутулган, ишке так, өтө сак Сагызган баатыр! Мынча эмне алактап коркуп алгансың?
Сагызган. Сен ташсың. Сага ок тийсе ок өзү өлөт. Мага тийсечи... мен өлөм да?! Менин алтындай башым жулунуп кетет. Анан ким сакчы болот силерге? Ким чабарман болот? Ким кабар алып келет?
Кайберен. Музоочугум! Бери басчы.
Бугучар. Азыр энеке. Кооз сүрөттөр экен. Көрүп алайынчы.
Кайберен. Сагызгандын айтканын угуп жатасыңбы? Бери кел. (Абадан жыт алып). Келатат. (Бугучарга чуркайт. Бугучар коркконунан секирип ташка чыга качат. Бет алдынан дабыш алдырбай келаткан Кемуул чыгат).
Сагызган. Акича-а-й! Өлдүк!
Кемуул (Сагызганга). Сен жетип келдиң беле? Ушу сени биринчи жайлайын. Өтүп кетти сеники. (Атат. Ок тийбейт. Мылтыктын үнүнөн корккон Көпөлөк канаты менен бетин жаап ыйлай баштайт, Бала аары ызылдап айланып учуп жүрөт. Сагызган кулап түшүп, тоголонуп турат. Бугучар коркконунан калтырап баса албай калат. Кермарал Бугучарга жетпейт).
Кемуул (Кермаралга). Менден кутулам дедиң беле? Азыр бооруңду жара атып, вездеход менен жүктөп кетем. Ал эми мобу дирилдеген музоочугуңду... кара коркконунан баспай калыптыр... тирүүлөй кармап, шаарга алпарып куйкалатып бышыртам... ал эми мүйүзүңдү... мүйүзүң укмуш экен...
Кермарал. Балама тийбегин. Мени ал.
Кемуул. Колго түшкөн коенду, кое берген оңобу... Экөөңдү тең алам.
Атауул (чуркап чыгат). Ташта мылтыкты!
Кемуул (мылтыгын Бугучарга сунат). Сен да ташта. Болбосо, мобу бугунун баласын жалпайта атам.
Атауул. Экөөбүз тең таштайлы.
Кемуул. Болуптур.
Атауул. Мылтыгыңды тарт. Үч дегенде жерге экөөбүз тең коебуз. Мен эч жакка кабар бербейм. Иш козготпойм. Кана... Бир... эки...
Сагызган. Абайла... Дагы алдап кетет.
Атауул. Үч... (Жерге коет. Кемуул жерге коюмуш болуп туруп, Атауулдун мылтыгын тээп жиберип, өзүнүн мылтыгын шап ала коюп Атауулду мээлейт).
Кемуул. Келесоо! Эй, коргогонуң ушуларбы? Аары... Көпөлөк...
Атауул. Ушулар. Бул жок болуп кетсе жер жүзүндө жашоо токтойт. Ансыз да көпөлөктөр азайып кетти.
Кемуул. Анан гүл... Саймалуу таш.
Атауул. Ооба... гүл... Саймалуу таш биздин тарыхыбыз. Койсоңчу!.. Куштун тилин билген, жылан менен сүйлөшкөн элдин тукуму элек... Эмне болуп баратабыз деги?!.
Кемуул. Кызыл китепке өзүңдү да киргизип коюш керек окшойт. Эй! Эколог... Биолог... Ботаник... Адегенде өзүңдү корго! Макулуктарды коргобой. Ушулар сенин жакшылыгыңды билип коюптурбу?! Бир Кемчонтой көрүнөсүң. Мен сенин ордуңда болсом... оңун оңго, солун солго соломокмун.
Саймалуу таш. Жакшылыкты билебизби, билбейбизби, азыр көрөсүң! Тим койсо, кайберен бүтүп адамга кол салгысы бар. Сагызган! Аары! Кермарал! Бүт табияттын күчү бизде! Ээн баш немени экинчи келгиз кылып эсине келтирип койбойлубу... (Саймалуу таш сүрөткө жараша кубулуп ар түрдүү формада көрүнөт. Бала аары Кемуулдун артына келип улам бир кулагынын түбүндө ызылдайт. Кермарал сүзүүчүдөй демитет. Сагызган шакылыктап ары-бери учат. Кемуул аарыны чабам деп бир колун бошоткондо, Атауул мылтыкты тартып алат).
Кемуул (Бала аары бир көзүн чагып алат). Ай... (Сагызган бир нерсе чачкандай болот. Кемуул бакырып экинчи көзүн басып бакырат. Кермарал мүйүздү алып көмөлөтө сүзөт).
Атауул (Кемуулга). Тур... (Эки көзүн баскан Кемуул турат. Бир көзү кызарып кеткен. Бир көзү– башы агала. Атауул күлкүсүн тыя албайт). Эми сага мылтыктын деле кереги жок. Эй, мергенчи сөрөй! Канаттуулар заңы менен атып коргоноорун уктуң беле?!. Билип жүргүн. Эми, кайсы жол менен келсең, кет ошол жолуң менен... Тезирээк суу таап көзүңдү жуушту унутпа. (Кемуул көзүн баскан боюнча кетет. Сагызган менен Кермарал артынан айбат кылып кубалап барып чыгарып салышат. Атауул канаты менен бетин жаап, бүрүшүп коркуп отурган Көпөлөккө, Жоогазынга анан Бугучарга келет). Ананай, Көпөлөк... коркпогун...Баары бүттү... Жамандыкты баарылап кууп жибердик.
Кон, кон Көпөлөк,
Бийик учкун көкөлөп.
Жазда сени күтөбүз...
Бала аары (кошулуп) Атауул досум экөөлөп. (Көпөлөк менен Бала аары кол кармашып бийлейт).
Атауул. Сен азаматсың, Бала аары! Эр жүрөк экенсиң! (Жоогазынга). Сен да коркуп кеттиңби, Жоогазын? Коркпогун. Сен жоокердин канынан жаралгансың да.
Саймалуу таш. Мен кан төгүлгөндөн корком. Адамдар бири бириңерге аяр болсоңор.
Атауул ( Бугучарга келет). Сенчи? Катуу корктуңбу? Карачы... Сени коргой тургандар көп. (Колун сунуп кармамак болот. Бугучар үркөт. Атауул акырын эркелетип жакындайт). Чоңойгондо сулуу марал болосуң...
Кермарал (Саймалуу ташка). Саймалуу таш... Кечээтен бери эки белги болду мага... Эми үчүнчүсү...
Атауул. Кел... келегой, таштан түшүрүп коеюн. Коркпогун. Менин Атауулмун. Мен да Бугунун баласымын. Биз бир тууганбыз.
Кермарал (сүйүнүп). Саймалуу таш...Адам баласынын оозунан ыйык сөз чыкты. Биз бир тууганбыз деди. Биз бир тууганбыз!
Көпөлөк. Биз бир тууганбыз!..
Бала аары. Биз бир тууганбыз!..
Бугучар. Биз бир тууганбыз!
Сагызган. Биз бир тууганбыз!
(Саймалуу таш менен Жоогазынды тегеренип бийлешет).
Саймалуу таш. Баарыбыз жаратылыштын балдарыбыз... Бир тууганбыз...
(Каткырык. Табышмак айтып бийлеп жатышат. Табийгат шаңданып турат. Кайберендин коңгуроосу угулат).
Каармандардын ыры:
Сагызган. Сай, Сагызган, Сагызган,
Атауул. Сагызган деп ким айтат?
Сагызган. Сакчы болгон киши айтат.
Кермарал. Киши айтат деп ким айтат?
Жоогазын. Кишендеги тай айтат.
Көпөлөк. Тай айтат деп ким айтат?
Бала аары. Таенеси кулпу айтат.
Сагызган. Кулпу айтат деп ким айтат?
Бугучар. Кудуктагы бака айтат...
Баары:
Ала-Тоо биздин жерибиз,
Ак калпактуу элибиз.
Ысык-Көл, Соң-Көл көлүбүз,
Аксай, Арпа төрүбүз.
Көбү төгүн, көбү чын,
Көрөрмандын көөнү үчүн.
Уламышты сөздү улайбыз,
Улуулардан сурайбыз
Урпактары билүү үчүн!
Жармы төгүн, жармы чын,
Жаш өспүрүм көөнү үчүн.
Жомок сөздү улайбыз,
Жомокчудан сурайбыз
Жаш муун окуп билүү үчүн!
ТАМАМ
© Бурул Калчабаева, 2009
Количество просмотров: 3445 |