Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз / Котормолор
© Франц Кафка
© Кыргызчага Абдыкерим Жолдошбеков которгон, 2000
© Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2000
Котормо котормочунун кат түрүндө уруксаты менен жарыяланып жатат.
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2012-жылдын 14-марты

Абдыкерим Жолдошбекович ЖОЛДОШБЕКОВ

Элеттик дарыгер

Франц Кафканын аңгемесинин котормосу. "20-кылымдагы Австрия аңгемелери" жыйнагынан аңгеме.

20-кылымдагы Австрия аңгемелери / Котор.: А.Жолдошбек уулу. – Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2000. – 264 б. китебинен алынды.

ББК 84(4А)
    Ж-94
    ISBN 5-89750-112-2

 

Аябагандай кыйын абалда калдым. Шашылыш жолго чыгып, мындан он миля* аралыктагы кыштак-тагы катуу сыркоолоп калган бирөөнү барып көрүшүм керек эле, мен бара турган кыштак менен бу жердин аралыгындагы жолду күрткү басып калып жол жүрүш татаал, жолго чыгышка, арийне, дөңгөлөктөрү бекем, жеңил-желпи арабам бар, тонумду кийинип, керектүү аспаптар салынган дарыгерлик баштыгымды колума кармап, короодо турам, бирок арабага чекчү атым жок. Калың күрткү каптаган жолдо көп жүргөндүктөн күчүркөп, байкуш атым кече түнү каргаша болуп, тороюп өлүп калыптыр. Бирөө атынын күчүн берип турар бекен деп, үй кызматын кылган аял кыштакты түрө кыдырып, ат сурап жүрөт, бирок ат табылчыдай эмес, ошондой болсо да үмүтүмдү үзбөйм, кар бапылдатып улам күчөп жаап жатат, кардын жааганын тоготмоксоңго салып короодо турам. Бир маалда дарбазадан үй кызматын кылган аял көрүндү, колунда чырак, өзү жалгыз, ой-талаанын баарын күрткү баскан кычыраган кышта ким эле атын «ме»! деп кармата койсун! Эч айла таба албай карбаластаган бойдон короонун ичин бир жолу айланып чыктым, айлам түгөнгөндө көптөн бери жабык турган чочкокананын эшигин тээп жиберсем, шарт ачылып кеткени. Чочкокананын конурсуган жыты каңылжарымды өрдөп кетти. Чочкоканадагы мамыда шам чырак илинип турган экен, ары-бери кыймылдаган сайын чочкокананын ичиндеги көлөкөлөр бирде узарып, бирде кыскарып, ары-бери жылып жүрүшкөнсүйт, чочкокананын ары бурчундагы жапыс көгүлтүр көздөрүн жылтыратып бир киши жатат, үшүп кеткен көрүнөт, төртаягын бириктирип бүрүшүп алыптыр. Ошол киши бизди көрө коюп, төрт аяктай бери жылып чыгып келди да:

(*Миля – жол узундугунун өлчөмү. Деңиз милясы – 1,852 км. барабар; мында: кургак жол милясы, 1 миля 1,609 км. Барабар)

– Арабаны кошоюнбу? – деп сурай кетти. Анын соболуна кандай жооп береримди билбей, эки жагымды элтеңдей тиктейм, жанымда үй кызматкеринен башка эч ким жок, собол мага карай багытталганына ошондо көзүм жетти.

– Өз короо-жайында эмне жок, эмне бар экенин билбеген да үй ээси болот экен, ой-тобоо, – деди жанагы киши. Анын сөзүнө үй кызматкер аял экөөбүз тең күлүп калдык. Көрсө тиги киши атчы экен, уйкусурай керилип-чоюлуп коюп:

– Хелло, тууган! Хелло, карындаш! – деди эле, чочкокананын эшигинен эки аргымак туйлай чыга келишкени, экөө тең асыл тукум жылкы баласынан, өрдөк моюн, буура сан, куйрук-жалы жайкалган, чара туяк, кең соору, көздөрүнөн от жанган, кайчы кулак, керкашка, келишкен эки ат, жондорунан буркурап буу көтөрүлөт, эки таноодон чыккан буу эки жеңдей, жанымда турган үй кызматындагы аялга карап:

– Жардамдашып жиберчи, – дедим эле ал атжабдыктардын кайбирлерин колуна алып, атчыга жакындап барды, аялдын бети тиги кишинин бетине жанаша бергенде аялдын «чыр»! эткен үнү угулуп, жоосандаган бойдон жаныма чуркап келди, карасам, анын сол бетинде эки катар тиштин тагы жүрөт, аны көрүп ачуулана кыйкырды:

– Ой, акмак! Таяк жегиң келип турабы? – Бирок тиги атчы чоочун экенин, мунун кайдан-жайдан пайда боло калганын билбей турганымды, кокус ал кетип калса, ат эмес аттын тезегин таппай каларымды, айлам кетип карайлап турганда муну мага кудай айдап келгенин эстей коюп, жаагым жап болду. Менин ачуум келип албууттана кыйкырганыман тиги элес алган жок, анын ордуна жайбаракатынан унчугуп:

– Урматтуударыгер төрө, араба даяр, отуруңуз, кеттик эмесе, – деди.

Чын эле, кош ат чегилген араба жолгочыгууга даяр болуп калыптыр, анын көз ирмемде даяр болуп калганына эмнегедир таңыркаган да жокмун же таңыркаганга чолоом деле келбей калды көрүнөт. Бир орунга тура албай туйлаган аргымак аттар чечилген арабага мурда эч убакта түшүп жол тартпасам керек, көңүлүм көтөрүлүп, көөнүм шат бойдон арабага чыгып орун алдым да, атчыны карап:

– Тизгиңди мага бер, арабаны мен айдайын, сен жолду билбейт эмессиңби, – дедим.

– Дегеле ырас болбодубу, барбай койсом дегенде эки көзүм төрт болуп турду эле десе болобу атчы, – үйдө калып, Роза менен чымчылашып отурганга не жетсин.

– Эмне дейт бу шумпай! – деп, чоочуп кеткен Роза тызылдаган бойдон үйгө кирип кетти, кирери менен эшиктин шипширгесин ичинен илип алганы угулуп турду, шипширгенин артынан кулпулап койду, үйдүн кире беришиндеги эшикти эле жаап бекитпестен, андан ары ички эшиктерди да кулпулап жатканы даана угулуп жатты.

– Жок, арабаны сен айдап барасың, – дедим атчыга, мен жаныңда отуруп, жол көрсөтүп берем. Быякта калып, Роза менен жакындашам дейсиң го, шүмшүк, буга мен жол бербейм.

Арабанын алдыңкы отургучуна чыгып отурар замат:

– О, эң сонун болот – анда! – деп, атчы алаканын шак койгоңдо араба зуулдаган бойдон учуп жөнөгөнсүдү, дарбаза араба үчүн тар болсо керек, анын кычырап сынганын даана эшиттим, анан эки көзүм чымырап, эки кулагым чуулдап ың-жың боло түштүм, мунум көз ирмемге эле созулгансыган, араба токтой калгансыганына көзүмдү ачып, эки жакты карасам, биздин короонун так карама-каршысында эле дагы бир короонун дарбазасы ачылып жатыгпыр, көрсө көздөгөн жериме жетип калыптырмын; арабага чегилген эки аргымак куйрук-жалын желге желбиретип, тыптынч турушат; эми эле бапылдата жаап жаткан кар басылып, күн чайыттай ачык; асмаңда токумдай да булут жок, ачык асмаңда ай жаркырап, теребел жапжарык; сыркоолоп жаткан жигиттин ата-энеси шашкалактай мага утурлай келатышат, алардын артында сыркоо кишинин карындашы; арабадан мени так көтөрүп түшүрүп алышты; ар кимиси бирди айтып ызы-чуу, баш-аягы жок айтылган сөздөн эчтеке баамдай албайм; сыркоо жигит жаткан бөлмөнүн абасы кишинин көптүгүнөн үп болуп кетиптир; анын үстүнө жүр-нарыга салып курулган меш ыкшып, бөлмөгө түтүн толуп кетиптир, кирерим менен ириде терезелерди ачып жибердим эле, бөлмөгө таза аба кирип сергий түштү; анан ооруп жаткан жигитти көрө баштадым. Ачайып арыктап сөөгу эле калыптыр, колтугуна кол салып көрсөм, эти ысык эмес, анчейин муздак да эмес, көз карашы кайдигер, ич кийими жок жыналач этине жабылган кош жууркан, мени байкай койгон жигит жуурканды силкип жиберип, обдулуп өйдө болду да, мойнума колун арта салып минтип шыбырайт:

– Таксыр дарыгер, мени жайыма кой, өлүмдөн арачалап калам деп убара болбо!

Анын сөзүнө жооп айтыш ордуна унчукпай эки жакка, көз салып байкайм, мунум анын сөзүн эч ким уккан жокпу дегеним эле; ата-энеси унчугушпай кол куушурушуп, кандай өкүм айтарымды күтүп турушат; сыркоо жигиттин карындашы дарыгерлик баштыгымды коюп коюш үчүн отургуч апкеле койду. Баштыгымдын оозун ачып, аспаптарымды бир сыйра карап чыктым; сыркоо жигит колун жаңсап, эми эле айткан сөзүн кайрадан мага эскертет, баштыктан кичинекей кыпчуурду алып чыгып, чырактын жарыгына салып карап чыктым да, кайра салып койдум.

– Туура айтасын, – дедим, – кудай алдында күнөкөр болуп, күнөөгө батышка болбойт, мындай учурда жалгыз жараткан өзү гана жар болбосо, башка айла жок, мына, жок жерден арабага чекчү ат жибере койду, арабакеч, ат баккыч даяр боло калды, – ушуларды айтып жатып, кокусунан Роза оюма түшө калат; эми аны бу оңбогон арабакечтин колунан кантип куткарып аларымды билбей башым катат. Роза азыр менден он миля алыс жерде, анын үстүнө арабага чегилген аттар азоо. Ошол азоо аттардын куюшкандары бек тартылып, чаполоңдору бош тартылып мында турушат; ана, ошол эки ат эми экөө эки терезеден башбагып, үйдөгүлөрдүн ызы-чуу, гүрү-гүүсүн капарына да алып койбостон сыркоо жигитти тиктеп турушат. Терезеден башпактаган эки атты көрө коюп, үйгө кайтышка убакыт болуп калганын баамдайм, бирок сыркоону таштап кетишке болбойт; анын үстүнө тонум кайда экенин да билбейм, жана кирип келгенде эле «үй ысык, ысыктан жүдөп кетесиз», – деп чечтирип кеткен. Ошол арада бирөө далымды таптаганын карасам, сыркоо жигиттин атасы экен, колунда бир стакан ром, эгер уулун өлүмдөн арачалап калсам, колунда барын менден аябай турганын айтат, анын сөзүнө ынана албай турганымды туюнтуп, башымды чайкайм, абышка колундагы стаканын мага сунат, аны ичип жиберсем, эмне болорумду билип тургам, ошондуктан ичкиликтен баш тартам. Сыркоо жигиттин энеси болсо керебеттин жанында турат, алдыртан мага көз салып турат; ошол арада жана арабага чегилген эки аттын бири үйдү жаңырта кишенеп, терезеден башын созуп, тумшугун сыркоо жигиттин төшүнө такайт, тердеп кеттимби, билбейм, сакалымды сыласам, шорголоп суу агат, жигит болсо эки көзүн бакырайтып мени теше тиктеп туруптур, анан эсиме түшө калгансып, сыркоо жигитти кайрадан көрө баштадым. Мына, айтканым туура келди: Жигит куландан соо, ал эми анча-мынча кан жөткүргөнү – энесинин камкордугунан, баласын аяган байбиче кофени үстөкө-босток бере бериптир; жигиттин эч оорусу жок, куландан соо, аны азыр эле төшөктөн айдап тургузуп жиберсе болот. Мен өзүм дарыгер болгондуктан жашоо жагдайына дайыма жардам беришим керек, ошондуктан аны жата берсин деп, жайына коем, бекеринен мени дарыгерлик кызматка дайындашкан эмес да, дарыгерлик кызматымды убагында аткарып туруш – ыйык милдетим. Жарыбаган маяна алганым менен колум ачык март кишимин, колумдан келген жардамымды бей-бечаралардан эч аябайм. Эми Розанын камын көрүшүм керек; бу баланын сөзүндө эч калет жоктой – өзүм деле өлүмдөн качып кутулуп кетем деп ишене албайм. Кызык, деги ушул кычыраган кышта мен биякта эмне кылып жүрөм! Жалгыз атым тороюп өлүп жатса, ат күчүн берип турушка кыштактан жан чыкпаса! Арабага чеккенге чочкоканадан эки ат табыла калганы абийир болбодубу; кокус ушул эки атты кудай таалам алдыма даяр кылбаса, эмне, арабага эки мегилжин чегип келмек белем?! Ушундай эмесе бурадарлар! Айланамда турушкандарга карап башымды ийкеп койом, биррк алар эчтеке байкашкан жок, байкаган күндө да эчтеке түшүнүшкөн жок. Акыры рецепт жазууга кириштим, рецепт жазыш, арийне, текейден арзан, рецепт жазганга караганда эл менен сүйлөшүү бир топ татаал. Тынчымды алып, бекер эле чакыры-шыптыр, баса, мындай чакыра беришке көнүп деле калбадымбы; үйүмдүн дарбазасындагы конгуроону түн дебей, күн дебей шынгырата беришип жадатып бүтүштү, бүгүн минтип Розаны тиги шумпайдын колуна салып берсем мен үчүн кечирилгис күнөө болбойбу; кой эми, атайы келгенден кийин тиги жигиттин оорусун текшерип чыгып, анын соо экенин далилдеп кетейин. Бир нече жылдан бери үйүмдө жашап, үй кызматын кылып жүргөнү менен мен ушул убакка чейин байкоос албапмын, көрсө – Роза татынакай кыз турбайбы; мобу үй-бүлөнүн чакыруусу боюнча байкоостон келип алып, эми минтип Розадан кол үзүп калганы турам; эптеп бир куулук кылбасам, булар Розаны колго тийгизгидей эмес. Дарыгерлик баштыгымды алып, тонумду таап кийейин дегенимде үй-бүлө бүт бойдон чогулуп калыптыр, ром куюлган стаканын улам жыттап коюп абышка турат, анын ары жагында кемпири, «эл ушундан не деген жакшылык күтсүн?» – дегенсип, иренжиген түрү бар, кемпирдин эки көзү жашылданган, астынкы эрдин тиштенип алыптыр, колуна канга боелгон кол жоолукту желбирете кармап, сыркоо жигиттин карындашы турат, баарынын мага кысым көрсөткөнү жүздөрүнөн жана көз караштарынан даана сезилет, булардын кысымынан кутулуш үчүн жигитти «чын эле сыркоо» деп таппасам болчудай эмес. Аста басып жигиттин керебетине жакындай барсам, ал менин колумдан таттуу майтокоч алып кубанган балача мага карап жылмайып коет, дал ошол арада жана арабага чегип келген эки ат жарыша кишенеп жиберишкени; аттардын кишенегени жогорку бийлик уюмдарынын көрсөтмөсү сыяктанып, сыркоо жигитти көрүп чыгышымды жеңилдетип жибергенсиди, ошо замат бүтүм чыгардым: Бу жигит чын эле катуу сыркоо! Анын оң капталында, жамбаштын башында алакандай жара бар экен. Жарасы малакызыл тартып, тегереги карттанып калыптыр, жаранын оозу ачылып, шүүшүн чыгып диртилдеп, кичинекей жанар тоонун элесин берет. Анын катарында дагы бир жара, мындай жараны көргөн адам кантип таң калбасын, таң калганынан кантип ышкырып жибербей жөн турсуң? Жаранын ичинде бармактай бадырайган аппак курттар быжырайт, малакызыл келген жаранын оозунан кан аралаш ириң агып турат, жаранын ичиндеги ак баш курттар жаранын четине тырмышып, бирин бири тебелеп, жарык дүйнөгө чыгышка жан талашкансышат, дагы бир кызыгы – курттардын боорунда майда-майда буттары бар экен, мындай буттуу жара курттарын өмүрүмдө биринчи көрүшүм. Бечара жигит десе, сага жардам беришке эчак кеч болуп калган турбайбы! Сенин жараларың өзгөчө жаралар экенин аныктадым; мала кызыл тарткан жараларың сени акыры жеп тынарында шегим жок. Мен дарыгер катары ушул сөздөрдү айтканымда үй-бүлө мүчөлөрүнүн жарпы жазыла түшпөдүбү, анткени – алар менин дарыгер катары кылган аракетимди өз көздөрү менен көрүп турушпайбы; жигиттин өңү тамылжый түшкөн карындашы энесинин кулагына бирдемелерди шыбырайт, энеси андан ары абышкасына шыбырайт; ай асмандан жаркырап үй ичине жарык чачат; кандайдыр бир коноктордун келатышы ай жарыгында даана көрүнөт, ана, жигиттин атасы колдорун булгалап, келаткан конокторго бирдемелерди шыбырап жатат.

Денесиндеги жаралар кобулдап кеткенин көргөн жигиттин өңү кубарып кетиптир, эриндери кеберсиген, кеберсиген эриндерин араң кыймылдатып ыйламсыраган үн менен жигит мага шыбырайт:

– Таксыр дарыгер, жанымды алып кала алаар бекенсиң?

Мына, мен жашаган жердин тургундары ушундай. Дарыгер болгондон кийин аңдан колдон келбей турган нерсени талап кыла беришет. Баары кайырдин болуп жаман көнүп алышкан. Кудайдын кудуретин эстеринен чыгарып салышкан. Ошондон улам чиркөө поптору жумушсуз калышкан, бечара поптор айлалары кеткеңдиктен эски-уску кийим-кечелерди чогултуп, аларды сөгүп, жиптерин сатып оокат-тиричилик кылганга өтүшкөн; ал эми мага окшогон дарыгер байкуштан колдон келбегенди талап кыла беришет; мага окшогон дарыгер байкуш таза колун булгашка дайыма ушинтип мажбур болот. Болуптур эми, жаман-жакшы көрүнүп отурбайын; дарыгерлик кызматымды буларга мен өзүм таңуулап жатканым жок; эгер мага окшогон тажрыйбасы чон дарыгерди пайдалангыңар келсе, ыйык ишгерге гана пайдалансаңар болор эле, кантейин, айла жок силерге! Мага окшогон улгайып калган дарыгердин бир гана өтүнүчү бар: Эмнеси болсо да үйүмдө көптөн бери кызмат кылган аялдын өзүнө көз артып ага тийбесеңер экен! Мына эми, акыры кыштакбашы баш болгон кышгак тургундары, сыркоо жигиттин тууган-туушкандары баары жабылып келишип мени чечиндирип жатышат, мектеп мугалими баштаган окуучулар тобу жөнөкөй бир обонго салып шыгыр айтып ырдап жатышат:

Кийимин чечип албасаңар, дарылоодон
                                                            баш тартат,
    Дарылоодон баш тартса, күм-жам кылып
                                                            койгула!
    Ана, дарыгер качып баратат, дарыгер качып
                                                            баратат.

Ошентип кийимимди чечиндирип алышты, сакалымды сылап коюп, былк этпей мен отурам, үңкүйүп башымды жерге салам, маал-маал тегеректеги элди тиктеп коем. Алдастап шашып, акылдан адашкан жерим жок, эми мага эч нерсе жардам бере албасына көзүм жетип турат, ошондуктан эч каршылык кылганым жок. Ана, эми бири бутумдан, дагы бири колумдан алып, мени көтөрүп баратышат, көтөрүп барышып, жигиттин жарааты бар каптап жагына мени дубалга каратып, катар жаткызып коюшту, анан бири калбай баары бөлмөдөн чыгып кетишти, эшикти сыртынан бекитип кетишти; окуучулардын шыгыр ыры да угулбай калды; ай булутка кирип кетиптир; үстүмүжылуу жууркан менен кымтылап жаап коюшуптур; терезеден башбактаган аттардын баштары көрүнөт.

– Билесиңби? – дейт бирөө, кулагыма шыбырап. – Эми сага ишенбей калдым. Сени аябай кыйнап салышкан тура, бутуңа турушка алын жок, байкуш. Мага жардам бермек тургай, өлүм төшөгүмдү талашып, жанымда жатасын, төшөгүм ансыз деле тар эле, эми таптаза тарып калды. Ошону үчүн эки көзүңдү оюп алып, колуңа карматайынбы?

– Сөзүңдө калет жок, – дейм, – аябай уят болдум сага. Дарыгер болгонум менен колумдан эмне келмек? Ишенип кой, мен деле жыргап кеткен жерим жок, менин азыркы акыбалым деле сеникинен айырмасы жок.

– Ушинтип актансам, мени жибитип жиберем деп турасыңбы? Татынакай бир жарашыктуу жараат менен ушул жарык дүйнөгө келдим эле, менин жалгыз кооз жасалгам ушул жараат болчу, эми ушуну да мага ыраа көрбөйсүңөр.

– Жашым улук болсо да, сага жаным курбу болуп калды, ошону үчүн сен «досум», – деп көптү баамдап түшүнө албайт экенсиң. Мына менчи, канча ооруканадан иштеп, канча сыркоо адамдарды сакайтып, бутуна тургузган киши катары айтып коеюн: Сенин жараатың анчалык коркунучтуу эмес. Жарааттын бир четинде билинер-билинбес эки сызык бар экен, ошол эки сызыктын учтары биригип келип, тар бурчтук түзүп турушат, ошол тар бурчтук согончокко окшоп турат, бул – жакшы белги, мындай белги көрүнгөн эле кишиде боло бербейт, сенин өзгөчө ыйык белгиң бар тура, ошондуктан сен өзүңдүн башкача адам экениңди эсиңден чыгарба.

– Эмне, этиң ысып чыдай албай жөөлүп жатасыңбы же чын оюңду айтып жатасыңбы?

– Жөөлүгөн жерим жок, акыл-эсим ордунда, болгонун болгондой айтып жатам, атайын билими бар дарыгердин сөзүнө ишене берсең болот, тиги дүйнөгө ишенич менен жол тартышын керек.

Сөзүмдүн чындыгына көзү жеткен жигит унчукпай калды. Эми өз башымды кантип куткарыш туурасында ойлонуштурушум керек. Аттарым ишеничтүү, алар мени күтүп сыртта турушат. Кийим-кечемди, тонумду, дарыгерлик баштыгымды кыргыйдай илип ала койдум, кийинип отуруп буйдалып калбайын деп, кийим-кечемди тонума ороп колума кармап алган бойдон арабага көз ачыл жумгуча секирип чыгып, аттарды кое бердим; аттардын бири терезеден башпагып турат эле, анын кантип арабага чегиле калганын байкабай да калдым; арабага отуруп жатып, кийим-кече оролгон тонду арабага ыргытып жиберсем, оролгон тон жазылып кетип, желбирей барып бир жеңи арабанын ок жыгачынын арткы учуна илинип калса болобу. Таптаза жерге түшүп калбаганына кудая шүгүр. Арабага отурдум десем, кайран өзүм атка минип калыпмын, мына, ат үстүндө теңселип баратам, аттардын тизгинин да албаптырмын, жерде сүйрөлүп баратат, эки аттын жан жиптери да бири-бирине бош байланып калыптыр, экөө эки тарапка тартылышат, бирок алга карай арыш ташташат, аттардын артында араба калдырайт, арабанын артынан тонум илешип сүйрөлүп келатат.

– Кана, жаныбарым, арышыңды дагы кере таштагыла! – дейм, бирок аттар андан артык арыш кере чуркай алышкан жок; кар калың, жолдун баары күрткү, аттар күрткүдөн буттарын араң суурушат; арт жактан баягы окуучу балдардын шыгыр ыры угулат:

"Оору-сыркоо, болгун шат,
    Сен, дарыгер, төшөктө 
    Кыймылдабай, турбай жат!"

Дарыгерлик кызматта иштегенден бери башка кыштактагы сыркоолорду далай ирет барып көргөм, бирок эч убакта үйүмө мындай абалда кайрылып келген эмесмин; ушинтип акыры дарыгерлик ишимден айрылдым; дарыгерлик кесипте иштеп жүрүп жыйып-терген тажрыйбамдын баарын уурдатып жибердим, бирок ошол тажрыйбаларды алган адамга пайдасы жок, анткени – бирөөнүн мүлкү башка бирөөгө түк опо болбойт; үйүмө келсем, баягы атчы билген намазын окуп жатыптыр; татынакай Роза анын олжосу болуп калыптыр; муну мен жок жерден ойлоп таба койгонум жок, болгон чындыкты болгондой кылып айтып берип жатам.

Ушинтип мени каары катуу, кара жолтой замана кычыраган кыштын аязына карабастан карапайым арабага туш кылды, ага чегишке жер бетинде жолукпаган эки бедөө аргымак атка туш кылды, ошол эки атты арабага чегип алып карыган чагымда калжыңдап жер кесип жүрөм эми минтип. Баягы тонум дагы эле арабага сүйрөлүп жүрөт, аны алып коюшка чолоом тийбейт, сансыз сыркоолорду убагында сакайтып, бутуна тургуздум эле, ошолордун бири да сүйрөлгөн тонумду өйдө кылып алып беришке кол созбойг, көмөктөшүп коеюн дебейт. Жакшылыкка жамандык кыла берет, адамзат деген ушу турбайбы. Алдандым! Адаштым! Кокусунан чыккан коңгуроо үнүнө алданып, акыры ушуну көрдүм, өткөн ишти кайрадан жаңыча баштай албайт экенсиң, атаңдын көрү!

/1920-ж./

 


Количество просмотров: 1974