Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз / Котормолор
© Роберт Музиль
© Кыргызчага Абдыкерим Жолдошбеков которгон, 2000
© Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2000
Котормо котормочунун кат түрүндө уруксаты менен жарыяланып жатат.
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2012-жылдын 14-марты

Абдыкерим Жолдошбекович ЖОЛДОШБЕКОВ

Шаар четиндеги конок үйүндө

Роберт Музильдин аңгемесинин котормосу. "20-кылымдагы Австрия аңгемелери" жыйнагынан аңгеме.

20-кылымдагы Австрия аңгемелери / Котор.: А.Жолдошбек уулу. – Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2000. – 264 б. китебинен алынды.

ББК 84(4А)
    Ж-94
    ISBN 5-89750-112-2

 

Саат он эки, түн жарымы. Конок үйүнүн чоң дарбазасы эни он элиден ашык темир шипширге менен ичинен илинип жабык; уйкудан көзүн ача албаган өңү серт кызматкер аял гана күндү күн дебей, түндү түн дебей келип-кетишкен конокторду дайыма күтүп отурар эле, болбосо андан бөлөк баскан-турган киши көрүнчү эмес, анан дагы бир милдети – түн жарымынан жарым саат өткөндөн кийин мейманкананы бир кыдырып чыкмай, бүгүн да ошентип кыдырып баратып мейманкананы кайтарган шуцмандын жанынан өтүп баратты. Түнкү саат бир ченде туман арасынан үч кишиден турган патруль чыга калып, конок үйүнүн алдынан шарт-шарт баса өтүп кетги, аскердик патруль аркы аскердик казармадан болсо керек, кыязы. Ноябрь айынын нымдуу жана ызгаар түн жымжырттыгын бузган аскер патрулунун бир калыпта шилтенген кадамынын доошунан бөлөк доош жок. Саат үч ченде гана элеттен калаага келчү жолдо арабалардын кыйчылда-гандары угула баштады. Таш төшөлгөн жолдо араба дөнгөлөктөрүнүн карсылдаган доошу, арабалардын алдыңкы секичелеринде мурду-баштарын тумчулап алышкан арабакечтер арабанын күүсү менен ары-бери теңселишет.

Ушундай түндөрдүн биринде саат он экиге чукулдап калган маалда бир эркек, бир аял конок үйүнө келишип, бош бөлмө берүүнү талап кылышты. Кызматчы аял эркек кишини тааныса керек, анын үнүн эшитер замат дарбазаны ачып, эчтеке сурабастан алдыга түшүп басты, анын артынан эркек менен аял ээрчий жөнөштү. Таш тепкич менен көтөрүлүп, конок үйүнүн оозгу бөлмөсүнө киришти, андан ары терезеси жок узата коридордон өтүшүп, эки ирет бурулушкандан кийин тепкич менен дагы жогору көтөрүлүштү, адамдын буту көп баскандыктан таш тепкичтер жешиле баштаптыр, баскан сайын тактайлары ийилип кыйчылдаган дагы бир коридордон өтүшүп, анчалык бийик эмес тосмо менен тосулган аянтчага чыгышты, аянтчага чыккан үч эшик бар экен, эшиктер полдон төмөнүрөөк.

– Тиги жакта бирөө барбы? – деди эркеги, эшиктердин бири жакка ишарат кылып. Кызматчы аял унчукпай башын чайкап жооп берип, шамдын жарыгына салып, эшиктердин бирин ачты да, келгендерди ичкери киргизди, келген аялдын бут кийиминин бийик такалары тык-тык доош салып, бөлмөнүн ичин жаныртат, кызматчы аял мындан мурун бу бөлмөдөн жибектин шуудураганын жана бийик такалардын тыкылдаганын эч эшитчү эмес.

– Ой-иий, кишинин эси чыккыдай жер экен! У-ух, жомоктогудай экен, бөлмө болбосоң кое кал! – деди аял, эркекти ээрчип келген аялдын оозунан чыккан кеп зекигеңдей угулуп, кызматчы аял үстүнө чылк жибек кийинген айымды шектүү тиктеп койду, конок айым шам кармап турган кызматчы аялдын жанынан өтүп баратып уялгансый баш ийкеп койду. Кызматчы аялдын баамында конок айым кырктын кырынан ашып калгандай.

– Жаштыкты кимдер кылбаган, – деп, кызматчы аял ичинен ойлонду, – бу киши тигинин кудай кошкон эри эместей, бир эриккен неме го өзү.

Эркеги чөнтөгүнөн намыянын алып чыгып, бөлмөнүн акысы үчүн акча төлөгөндөн кийин кызматчы аял кире бериштеги шамды өчүрүп, чыгып кетип калды. Эч жерде «жылт» эткен жарык жок, конок үйү түндүн караңгы кучагында, эркеги ширеңке чагып, үстөл үстүңдөгү кичинекей шамды күйгүздү эле, бөлмө ичи күңүрт жарык боло түштү. Эркек киши терезени карап делдейет, андан ары эмне болорун күткөнсүп, аял керебеттин четинде коомай отурат. Экөөнүн мында келишкенине бир топ болуп калса да тигил эркек неме бир орунда катып калгансып зоңкоет. Буга чейин бул экөөнүн мамилелери кандай экенин ким билет, мүмкүн экөө көрүшөргө зар болушуп, түштөрүндө жолугушуп, өңдөрүңдө бирин-бири көрүшкө зар болушкандыр, бири-бирине жетишке элеп-желеп болушуп, бирин-бири эңсешкендир. Айым азыр араң отургандай, эгер эркектин колу тийсе, аялзаты эмеспи, кылыктанып каршылык көрсөтүмүш болор, айымдын аны күтүп жатканынтиги эркеги байкабагансыйт. Түн жамынып конок үйүнө тымызын келишке ынанган аял эркектен эмнени, күтмөк? Арийне, алдына чөгөлөй калып, анын жалынып-жалбарышын күтөөр. Ал эми эркеги тартынчаак немеби, дулдуюп үндөбөйт, «кантип ага жакыңдашсам?» – дегенсип, аялды алдыртантиктеп да коет, аял кабат-кабат кийинип, тумчуланып-топчуланып алыптыр, анын ушунусун көргөндө эркеги иренжип кеткенсиди: Мынча кийим-кеченин жайнаган топчулук-бүчүлүктөрүн чечип отуруш өзүнчө эле бир азаптай сезилди.

Бөлмөнүн ортосунда үстөл, үстөл үстүндө аялдын колкаптары, майда-чүйдө салынган баштыкчасы, булардын баарын тиги эркек жийиркенгендей тиктейт. Акыры аял сырт кийимин алып коюп, шашпай чечине баштадыг аялдын чечине баштаганын көргөн эркектин делебеси козголуп, көзү алачакмактагансып кетти, кулактары шуулдайт, бечара неме узак убакыт бою аял жытын жыттабай, көзү бозоруп калганбы, ким билет. Ошентип отуруп, эркек акыры тилге келгенсиди:

– Баятан бери өзүңдөн көзүмдү ала албай отурганымды байкадыңбы?

– Байкабагандачы, көздөрүң мени оп тартып, арбап турбадыбы.

– Сени тиктеген сайын кумарданып, кумарым артып баратканын сездиң бекен?

– Сенин кумарданганыңды билип, мени да кумар оту өрттөп жибербесе, быякка түн жамынып сени ээрчип келбейт элем да, жаным? – деп, суроо аралаш айтылган кеп эркектин суроосуна жооп болду. Тышкы кебетеси, кийим-кечеси, баскан-турганы аял-дын ак сөөктөрдөн экенин күбөлөндүрүп тургансыйт, ашыктык оту тандап отурбайт тура. Ашыктыктын көзү сокур! Кеп мына ушунда болсо керек. Ким билет, бу суйкайган сулуу бир шумпайдын тузагына илинип калганбы?

– Сары изиңе чөп салып, артыңдан канча аңдый ээрчип жүргөнүмдү билесиңби? – деди эркек бир маалда. Анан учуп жүргөн кушту кармай тургансып арбалаңдап келип аялды кучагына кысты. Аялдын мамыктай жумшак денеси денесине кынала түшкөндө аялдын жүрөгүнөн чыккан оттун жалыны аны каптап кеткенсий түштү. Экөөнүн денелери кайчылашып, биринин деми экинчисинин демине кошулуп, эки жүрөктүн кагышы биргелешип кеткенсиди.

– Аялдардын бир адаты, ээ? Кандай адат экенин айтып берейин: Кончу тар бут кийим кийип алышат да, байпактарын жоон санынан ашыра тартып тырыштыра байлап алышат, анан ошол байпак байлаган жердин жогору жагы аппак болуп булайып, көздүн жоосун алып, адамдын делебесин козгогону аз келгенсип, ошол жердин буркураган жыты каңылжаарды өрдөп, мээге жетип, адамдын мазасын кетирет. Мындай аңкыган атыр жыт деги жаратылышта болор бекен? И-ий, жаным, кана чечинбейсиңби?

Бечара аял буга өз ысымын айтып, муну менен толук тааныша элек көрүнөт, эркектин сөзүнө теригип кетти:

– Эмне үчүн мага «сен» деп сүйлөйсүз? Анте турган болсонуз кетип калам. Жаңылып жатасыз, мен каада-салтты сактаган аялмын, сиз ойлогондой жеңил-желпилерден эмесмин!

– Орой айтсам кечирип кой! – деди эркек киши, анын жүзүнөн кыйналып-кысталгандыктан жышааны байкалат, ошону менен бирге асылзаттыктын изи билинет, мындай көрүнүш өзгөчө сезимтал адамдарга тиешелүү болот, ушундай асылзат жана сезимтал немени тиги аял экөөнүн ортосундагы пенделик иш, пенделик мамиле кыйнап-кыстап жаткандай. Ошол маалда аялдын оюна бирдеме кылт эте түштү: Леопольд эки күндөн кийин келерин, бирок баары бир Леопольд аны түшүнбөй турганын, ошентсе да түнү бою үйдө болбой турганын айтып, телефон чалып коюш абзел экенин ойлонуп кетти. Каны кызып, делебеси козголо түшкөн аял бүт денесин кандайдыр бир укмуш сезим ээлеп баратканын сезди. Ошол арада эркек эки колу менен көзүн басып үңкүйүп отуруптур, анын антип отурганын көрө койгон аял эркекке катуу айтып койгонун ойлоп, уялыңкырагансып кетти, бир жагынан уялыңкырай түшсө, экинчи жагынан эркектин кыжалат болуп отурганын байкаган аял ичинен өзүнө өзү ыраазы болуп кубангансыйт? «И-ии, кайран неме, кантээр экенсиң? Ичиң күйсө туз жала, күнүлөй баштадыңбы? Леопольддун жаман жигит эмес экенин айтып жиберсем кантээр элең, байкушум?» – деп ойлоду ошол арада аял, – «эркектана эмеспи, күнүчүлүк кылбаган эркек эркекпи. Кокус Леопольд туурасында сөз баштасам, «анын аты-жөнүн мага угузбачы, анын атын уккан сайын ичим тарый түшөт», – демек эч бол-босо».

Аялдын эмнени ойлонуп жатканын эркеги билип тургансыйт же анын да делебеси катуу козголуп калганбы, эмнегедир көз карашы башкача, эки көзү жайнап, кыймылы тез, бирок анын оозунан аялга жалынып-жалбаруу чыккан жок, анын сөзү кайдигер кыраатта айтылганы аялды таң калтырбай койгон жок:

– Ичи тар эркектерден эмесмин, бирөөнү бирөөгө күнүлөгөндү билбейм. Ал эми конок үйү туурасында оюмду билгиң келсе, мага ушундай жупуну бөлмө абдан жагат, момундай жөнөкөй жыгач отургучтарды жакшы көрөм, эски төшөктө ооналактап жатканды жактырам, жуулуп крахмалданган же жапжаңы шейшептин шуудураганын жаман көрөм, мурда бирөөлөр жаткандыктан жылуусу кете элек төшөктөн өтөрү барбы, мобул төшөктө бир-эки саат мурда эле кандайдыр бир жигит дагы бир айым менен аймалашып жаткандыр, мисалы, ушуга деле ич күйдүлүк кыла бериш бир болбогон иш. Туура айтамбы?

Анын сөзүнө аял айласыздан жылмайымыш этип сөз кошту:

– Тамаша кылып жатасыңго балакет десе. Сага көзүм түшүп, минтип тузагыңа илинип калганыма корстон болуп, мени шакаба кылайын дегениң го, жарыбагыр.

– Андай эмес, – деп эркек кебин улады, – мобу шамдын калдыктарын көрүп турасыңбы? Биз экөөбүз да ушинтип бүтүп калган шам калдыктарына окшош болуп жүрбөйлү? Мүмкүн дал ушул бөлмөдө сени башка бирөө саргара күтүп зарыккандыр? Дал ушул бөлмөдө сени башка бирөө күтүп зарыкмак дегеним. Мүмкүн дал ушул төшөктө сени башка бирөө мойнуңа колун арта салып кыса кучактап, алкымыңдан аймалап жатмак. Быякка мени менен келгениңден гана башка бирөөнү азыр эсиңден чыгарып коюп жаткандырсың. Баары бир мага, ушул конок үйүнө мени менен түн жамынып келген сага ыраазымын. Дал ушул учурда, дал ушул мүнөттөрдө, дал ушул бөлмөдө менин ордума башка бирөө болушу ыктымал. Эмне себептерден улам минтип айтып турганым сага маалым болуп жаткандыр. Мен ар бир шилтеген кадамымды, жасаган ишимди эсептеп жүргөн кишимин, каалаган аялымдын көнүмүш адаттары ошоңдуктан мага беш колдой белгилүүболсо дейм. Менин дагы бир адатым – кадам шилтесем, аны токтото албайм, баштаган ишимди таштай албайм, кандай аялзаты болбосун, ал мага жагып, ага жетсем деп дегдеп калсам, анын артынан ээрчибей кое албайм, ага жеткиче шемпейип ээрчип жүрө берем. Чынымды айтсам, кандайдыр бир аялзатынын илеби тийип кетсе, илебине туруштук бере албай, камгактай калдактап учуп жөнөйм. Ошондон улам аялзатынын алдыңда өзүмдү дайыма камгактай жеңил сезем, сен дагы каалаган жагыңа мени үйлөп жибер, үйлөгөн жагыңа камгактай тоголонуп кете беришке мен даяр, денемдеги тетиктердин баары жешилип калса дагы камгактай капдактап кете беришке мен даяр, бирок ошондо денемдин тетиктери эскилигинен калдырап-шапдырап кетсе, сен андан чоочубагын, макулбу?

Сүйлөп жаткан эркектин кебинин төркунүнө толук түшүнө албай жаткан аялдын оюна мына булар келди:

– «Бу киши өзү деги ким, акынбы же философбу? Ушинтип каймана сүйлөгөнгө өзгөчө акындар менен философтор уста болушчу эле. Азырынча муну жайына коеюн, учуру келгенде жипсиз байлап алармын, бүгүнчө эркектин жытына туруштук бере албаган аялзаты боло турайын», – ойлогон аял үстүндөгү кийим-кечесин чече баштады; серп салып байкаган кишиге мындай ишке бу аял айласыздан барып жаткансыйт.

Ал эми эркектин турган турушунан кандайдыр апкаарыгандыктын жышааны байкалат, эми эле ички сырын аялга ачык айтып бергени аны бушайман кылып жаткандай. Наристе баланын колуна оюнчук тийсе, ал ошол оюнчуктун ичинде эмне бар экенин ачып көрүшкө кызыгат эмеспи, ал эми ички сырын аял алдында өзү ачып берип, аялдын колундагы оюнчукка айланып калбагай элем деп бушайман болгонсуйт. Чечинип жатып аял бирдеме деп күбүрөгөнсүдү эле, анын күбүрөгөнүн жигит укпай калды. Бул аял дагы эмненин башын чалып жатат болду экен? Ошол арада чечинип жаткан аялды ал топтоголок топтой, өзүн ошол топ менен ойноп моокун кандырчу күчүктөй сезип кетти. Бир маалда жигит башын көтөрүп караса, аял таптаза чечинип салыптыр, үстүндөгү байпагы менен бут кийими эле калыптыр. Алдында энеден туума жыңалач турган аялды көргөндө эркек апкаарый гүшкөнсүдү, бул аял ага бүт денесин ачык көрсөтөйүн деген го, аялдын аппак балтырлары балкылдап, төшүндөгү эки алмасы тырсыйып, деңиздин ак көбүгүнүн ичинен жаңы чыгып келген Венераны элестетет, аялдын аппак денесин көргөн кайсы эркек чыдап тура алсын! Аялга эркек жакындаганда аялдын денеси анча-мынча калтырап турганы көзгө урунат. Эркек аялдан көзүн ала албайт, көзүн алышка кудурети да жетпейт! Аялдын аппак денеси аны азгырып, делебесин козгоп айласын кетирип жатканы менен жигит турган жеринде ным колубутун бирөө тушап койгонсуп, ордунан жылбайт же аялдын аппак денесин көрүп, анын ээси ооп калса керек...

– Өзүң эмнеге чечинбейсиң? – деген аялдын сөзүнөн жигит чоочуп кеткенсиди, ошентсе да аялга карай унчукту:

– Ушу бойдон ириде бир ойсоктоп бийлеп жиберчи, көрөйүн!

Жигиттин орунсуз айтылган кеби аялды капа кылып койду көрүнөт, көздөрү жашылдана түштү. Ичинен өкүнгөнү менен өкүнүчүн сыртка чыгаргысы келбегенсийт, болору болуп, боесу канып, быякка түн жамынып эркекти ээрчип келгенден кийин чыдабаска айла жоктой көрүндү. Же махабат чиркин анын денесин бүт бийлеп алып, ошол бийликтин күчүнөн бошоно албай калса керек. Махабат дегениң ички жан дүйнөдө болобу же адам денесинин сыртында да болобу? Ал эми адамдын ички жан дүйнесүн тышкы дене түзүлүшүнөн ажырата караш мүмкүн эмөс го...

– Сен ушу укмуш бийлейт болушуң керек, денебашың келишкен, эч жериңде кемтик жок, – деди жигит, – аялзатынын денесин табыйгат адам баласын кызыктырып, эркектердин делебесин козгош үчүн жаратып койсо, жараткаң да да сөз менен бере алгыс сулуу жаратса, музыка дегениң жаратылыштын тазалыгы эмеспи, ошондуктан кооздук менен тазалык өз ара тогошсо, мындай тогошуу аялдын музыканын коштоосу астында бийлегени эмеспи. Музыканын ыргактарын ээрчий аялзаты бийлеп жатса, анын денесинин сөз жеткис кооздугу дагы ансайын чырайы чыгып, адамдын жанын жыргатат эмеспи. Чынбы?

– Жок, мен бийлей албайм, – деди аял, – кайдагы бир болбогон кебиңди токтотчу ары. Эми мага баары бир, эмне десең, ошо де, сени ушунчалык жакшы көрүп, сүйүп калсам эмне кылайын? Ой, оңбогур и-ий! Келчи бери! Эч болбосо өөп койсоңболо, дуңкуйбай! Ой, оңбогур, эмнеге өппөйсүң?! Келчи, бери! – Экөө кучакташып, эрин эринге жабышып, өбүшүүнүн назик доошунан бөлөк доош чыкпай, бир топ убакыт өттү.

– Эки алмаң кичине жумшара түшкөнбү? Баягы кыз кыялдарың кайда кеткен? Ошол кыз кыялыңды бир карматып койсоң боло, – деди жигит. Сөзүнүн орунсуз чыгып кеткенин өзү байкай коюп, сөздүбашкага бурду, – сүйүү жашты ылгабайт.

– Чын айтасың, сүйүү жашты ылгабайт, – деген аялдын аппак билектери жигиттин мойнуна артыла түштү, эркегинин эриндери аялдын эриндерин издейт.

– Жаным, сүйүктүүм! Эмне үчүн балдай ширинсиң да, калемпирдей ачуусуң?

Аялдын оозунан чыккан ушул сөз кулагына жетер замат жигит аялды кыса кучактап борсойгон эриндеринен сорот, ошентип биринин демин бири жутат, дем жутушуп өбүшкөндүн арасында эркектин:

– Таарынган жоксуңбу? – дегени угулат, шыбырап айтылган сөзгө аял эркекти дагы сыга кучактап өбүү менен жооп берет, бу эркек алдында аялзатынын алсыздыгын жана назиктигин туюнтушка кылган аракети сыяктанат. Эркектин тилинин учу аялдын бети-башын, эки алкымын, төшүндгү эки алмасын жалап-жуктап жибергени анын денесин коргошундай балкытып жиберди. Бирин бири ысык сүйүшкөн аял-эркектин ортосундагы сезим кубатынын өткөргү чүтил болорун бул аял жакшы билсе керек, эми аял өзүнүн соймоңдогон тилин эркектин оозуна салып жиберип, анан эркектин тилин балкылдата соруп коет, ошонун ортосунда жасакерлене күлүп койгонго да үлгүрөт, аялдын кылыктана күлүшү өзгөче болот эмеспи, жасакерлене күлүп, улам тил соруша өбүшүү арасында эркектин жанагы суроосуна эми жооп берди:

– Таарынганым деле жок... Кичине таарындым эле, эми таарынычым тарап баратат, денем балкып, коргошун болуп эрип кетпейин, коргошундай эрип агып кетсем, кармай албай, жыйнай албай каласың, кел эми биротоло эритип жибер. ..

Күнүрт карангы бөлмөдө аял менен эркектин онтологондорунан бөлөк доош жок, болсо да аны тигил экөөнүн эшитер түрү жок, бир саам гана.

– И-иий, дагы ошентчи, дагы... дагы..., деген эркектин шыбыраганы угулат... Бир маалда экөө тен онтой тынчып калышты, экөө айкалыша кучакташып терең уйкуга киришти... Шаар четиндеги анчалык көзгө урунбаган конок үйүнүн күңүрткү жупуну бөлмөсүндө бири-бирине ымалалары ысык аял менен эркектин кадыр түнү өтүп жатты.

/1906-ж/

 


Количество просмотров: 53863