Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Публицистика
© Зинакан Пасаңова, 2012. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2012-жылдын 19-апрели

Зинакан ПАСАҢОВА

Ысык-Көлдө Алыкул Осмонов жашаган үй

Улуу талант Алыкул Осмоновдун Ысык-Көлдөгү үй-музейи жөнүндө ой толгоо.

 

«Көлдө жүрдүм, көл боюнда бойлодум, 
токсон ирет көргөнүмө тойбодум»

(Алыкул)

 

Жыл сайын Ысык-Көлгө дегдеп келем. Бала чакта бир көргөнүмдөн тартып түбөлүк арзуума айланган көлдүн кереметтүү сулуулугу менен көк ирим мөлтүр тунук суусунан башка да өзүңө тарткан дагы бир касиети бар. Ал улуу талант Алыкул Осмоновго байланыштуу. Ысык-Көлгө келген ар бир поэзия ышкыбозу акынды эстебей, анын көлгө арналган учкул саптарын жатка айтпай кое албайт. Мен билгенден бир дагы акын көлдүн ажайып табиятын сөз берметтери аркылуу Алыкулдай таасын сүрөттөп бере элек: «Ысык-Көл, кээде тыптынч, кээде толкун. Толкусаң толкунуңа тең ортокмун. Турмушта кандай жоллош күтсөм дагы, Бир сырдуу сендей жолдөш күткөн жокмун…», же «Ысык-Көл, сени сүйдүм, сени ырдадым…» Мындай ташка чегилгендей өлбөс-өчпөс саптар улуу сүйүүдөн гана жаралат эмеспи. Биз Алыкулга Ата Журттун ажарын ачкан ушул улуу сүйүүсү үчүн эки эселенген таазим этип, ал эми көлдү улуу таланттын жалгыздыгына жан шерик жана түбөлүктүү гимни боло алганы үчүн он эселеп аздектеп келаткансыйбыз.

Көл кылаасына келген сайын Алыкул акындын баскан-турган жерлерин, жашаган үйүн көрсөм деп энсөөчүмүн. Таң эртелеп, же кечке жуук ээн калуучу жээкти бойлоп басып жүрүп анын элесин издеп, кыялымда сырдашчумун. Бирок, көп жылдар бою бул тилегим ишке ашпады. Алыкул өмүрүнүн акыркы жылдарын (1946-1950) өткөргөн Чолпон-Атада бир нече жолу болсом да ал жашаган үйдү издөө аракетим текке кетти. Жергиликтүү жашагандар деле болжоп айтышат, бирок түз ээрчитип бара турган адамды таппадым. Анын үстүнө жайкы эс алуу сезонунда ысык-көлдүктөрдүн убактысы да жок. Бир жылдык жашоо каражатын таап алуу үчүн кара жанын карч урушат эмеспи.

Бактылуу кокустук өткөн жылы мени сүйүктүү акынымдын 4 жыл турак алып жашаган үйүнө туш кылды. Саламаттыкты сактоо министрлиги 2011-жылдын жайындасы журналисттер үчүн Ысык– Көлдун боюнча жайгашкан балдардын ден соолугун чындоо санаториясына уюштурган пресс-турга катышып калдым. Санатория Чолпон-Ата айылындагы тынч жана бак-дарактуу жашыл дөңсөөдө жайгашыптыр. Эңкейиште көл шарпылдап, жел аргы айдаган жыты менен абасы Алыкулдун «көкүрөк чарчап турганда шамалың, жаным, Ысык-Көл…» деген ыр саптарын эстетет. Дарактардын арасынан чалкайып көрүнгөн көгүлтүр көл кудум эле кооз картинадай көз арбайт. Катар тизилген теректер, суйсалган ак кайың, бутак-шактуу талдар көшөгөлөп турса да көлдүн абасы менен жыты көңүлдү сергитет.

Башкы дарыгер санаториянын абалы менен тааныштырып жатып бул кургак учук илдетине чалдыккандардын ден соолугун чындоо жайында 1945-жылдары кыргыз адабиятынын гиганты Алыкул Осмонов да жашап жүргөнүн, ал тургай жакын жерде анын үй-музейи да бар экендигин белгилеп өттү. Бул сөздү уккандан кийин бир топ журналист акын жашаган үйдү көрүү учун дилгире баштадык. Башкы дарыгердин орун басары орус улутунда гы аял да Алыкулдун поэзиясынын күйөрманы окшойт, бизге жол баштап барууга дароо макул болду. (Пресс-турдун программасын үзгүлтүккө учуратканы үчүн кийин жетекчиликтен тил угаарына да кайыл болгон ошол жан дүйнөсү таза жана бай аялга мин мертебе таазим!).

Биз эңсеген үйгө алып баруучу таш төшөлбөгөн боз топурактуу жол көл жээгиндеги коюу бакты аралап өтөт экен. Кыркаар тизилген бай түп теректер, жалбырактары сенселген жоон кайыңдардын коюу жалбырактары жайкы күндүн ысык нурун өткөрбөй көлөкөлөп турат.

Бактын арасындагы жашыл шалбаада бир бада көөмүш уйлар жайбаракат оттоп жүрүшөт. Көл жээгинде сууга түшүп жатышкан бирин-экин гана бала-чака караандайт. Жымжырт жана жашыл дүйнө, көкмөк көл, көлөкөлүү бак жана бир аяк сокмо жол мага Алыкулдун биз али толук ача элек терең жана сырдуу дүйңөсүнө кез кылчудай бир башкача сезилди. Ал ушул жерди эмне үчүн жүрөгүн чаап сүйүп, кумары канбай суктанып,

Акындын замандаштарынын эскермелерине караганда оорулуу акын Ысык-Көлду жылы биринчи жолу 22 жашында (1942-жыл) көрүп, жан дилинен берилип сүйүп калган экен. «Көргүм келет, көргүм келет миң ирет. Айткым келет, сүйөм көлүм, сүйөм деп. Элесинде көл жатпаса шарпылдап, ырларымда андай кандай касиет» («Көлдүн кечки көрүнүшү»). Ал адегенде Жети-Өгүз жана Койсары курортторунда эс алып, ден соолугун чындаса да шапар тепкен эс алуучулардын шарданынан качып, сууга түшчү пляждарга жолобой, жалгыздап көл жээктеп басып жүрчү дешет. Качан да болсо жылуу кийинип, жээктеги бадалдарды аралап кумдан алтын издегенсип ойлуу кадам шилтеген, же кээде таш үстүндө сааттар бою кыймылдабастан отуруп көлдөн көз албай тиктеп кыялга баткан акындын табияты көпчүлүккө табышмак эле. Жан-дүйнөсү жалгыздыктан, оорудан жабыркап келген акын таза абадан кере-кере жутуп, көлдүн көккө кошулуп мелмилдеген кеңдигинен буулуккан сезимдерине эркиндик тапкандай ак чардактардын сууга учуп-конгонуна куштарланып тиктейт. Табияттын керемет сулуулугун
сезип-туя билген улуу талант өзүнө муңдашты, сырдашты Ысык-Көлдөн тапты.

1946-жылы күзүндө Койсары менен биротоло коштошуп, Чолпон-Атанын боорунда жайгашкан Бирлик айылына байырлады. Акынды бул айылга тагдыр айдап келди. Жайы салкын, кышы жумшак, «сагынткан өзгөчө касиети бар», эли алпейим жана эмгекчил Чолпон-Атаны ал өтө жактырып калып, өмүрүнүн аягына чейин жашаган. Белгилүү жазуучу, публицист Кеңеш Жусупов «Ыр сабындагы өмүр» аттуу даректүү баянында Алыкулдун Чолпон-Атада өткөн өмүрүн кеңири жана элестүү баяндаган. Бирлик айылы ал мезгилде колхозго кароочу экен. Жергиликтүү эл эгин эгип, апийим өстүрүп керээлден кечке колхоздун талаасында алек. Алыкул көлгө чукул, коктучада салынган балдардын санаториясындагы жыгач үйдө жашоочу. Балдар эс алууга жайында гана келишчү. Калган убакта имарат бош калат. Санаторияга жакын жердеги тектирчеде турган жапыз там Алыкулдун экинчи уйуно айланды. Ушул жердик Курбанбай аттуу жыгач устанын үйү ага боор тартып имерип алды. Күздүн, кыштын жалгыздыкка чөктүргөн кусаалуу күндөрүндө акын ушул уйгө үч маал илкип келчү. «Жыгач жоонуп, кесе-аяк, кашык жасап олтурган Курманбай акынды ар качан жылуу ырайы менен тосуп алып, «төргө өт!» деп жаңсайт. Кемпири Алыкул жылынсын деп мешке отундун кабыктарын салып, дүркүрөто жагат», – деп сүрөттөйт акындын бир үзүм өмүрүн Кенеш Жусупов. Оорулуу акынды өз баласындай көрүп, үйүнөн жай берген Курманбай карыянын көзү тирүүсүндө ага жолугуп, бул баянды өз оозунан уккан. Курманбай үйүнүн жанындагы тектирчеде Алыкулдун жыгачтан үй салам деп тандап алган жерин көрсөткөн. Акын көлдүн жазгы, жайкы, күзгү жана кышкы турмушун, көркүн ушул жерде жашап жүрүп көрдү, айылдын турмушу менен таанышты. Эми ал биротоло айылдык болууга куштарланды. Көл жээгинен чыгармачылыгына бай азык таап, калеминин сыясын кургатпай кажынып иштеди. Алыкулдун эн мыкты ырлары ушул жылдары жазылып, пьесалар жаралды, «Лайли менен Мажнун», «Евгений Онегин» сыяктуу дүйнөлүк классикалык чыгармаларды кыргыз тилине которду. Ал бул дүйнөдөн узаарында өтө оор абалда ооруп турганына карабастан узак жол басып көл менен коштошуу үчүн Бирликке келген. «Көп кыйналбай, капаланбай көөмп кой, Ысык-Көлдүн толкун чачкан боюна», – деп керээз калтырат замандаштарына… «Көл боюнда атым турса эмне арман?.. Муштумдай бир кара таштан»… Көлдү терең сүйгөн улуу калемгердин бул керээзи аткарылбады…

Алыкул жашаган үйгө баратып Кенеш Жусуповдун китебинен, замандаштарынын эскермелеринен, өзүнүн ырлары менен пьесаларынан окугандарым көз алдыма тартылды. Бирок, «миң уккандан бир көргөн артык». Коюу бактын суурулуп чыккан топурактуу төтө жол түз эле көлгө барып такалат экен. Ушул жол менен Алыкул эртели-кеч көлгө каттап канча жолу басты экен деген сезимге толуп-ташып бараттым. Бирин-серин сууга түшкөн балдар болбосо жээк ээн. Өзүн теңдешсиз сүйгөн акынды күтүп жаткандай көл да толкунсуз жымжырт болуп мемирейт. Кумдуу жээкте төөнүн өркөчүндөй болуп туруп калган ак ташты да тааныдым. Айылдын эли Алыкулдун ушул таштын үстүнө олтурганын көп көрүшчү. Сааттар бою көлгө көзү тойбой телмирип тиктеген акынга тан калышып, адам эмес жансыз табиятты көбүрөөк эш тутканы аларга түшүнүксүз эле. Ал эми көл жээгиндеги шалбаа азыр калың бакка айланган. Кучак жетпеген чынар теректер, ак саамайлуу ак кайыңдар, мүмкүн Алыкулдун көзү барында олтургузулгандыр…

Улуу талант өмүрүнүн акыркы жылдарын өткөргөн үй көл жээгинен 100 метрдей гана алыста жайгашыптыр. 30-жылдары орус тибинде салынган үй. Жыгач терезе-эшиктери, эски дубалы акталып, сырдалса да тамдын канча доорду арытып койгонунан кабар берип турат. Короосу жол жактан зым тосмо менен айланта тосулуптур. Ал дагы кыйшайып жыгылууга аз калган. Атайын келип үйдү окчун жерден карап коюп кете берүүгө жүрөк түтпөдү. Тосмонун бир капталынан өйдө көтөрүп жөрмөлөп өттүк. Эшигинде кулпу. Алыкулду издегенсип үйдү айланчыктап, ар жак бери жагын умсунуп карап жаттык. А түгүл бир-эки түп арча дарак, терек, ар кайсыл жерде серейген бирин-эки гүл болбосо, эшик алды чөп басып, ээси жок үйдөй кунары учуп томсорот. Терезесинин айнектери ичинен кагаз менен тосулуп коюлгандыктан, ички бөлмөлөрдү көрө албай ансайын ичибиз күйдү. Санаториянын дарыгеринин маалыматына караганда бул үй Курбанбай карыядан сатып алынып, Алыкулдун үй-музейине айланган. Жылына бир жолу акындын туулган күнүнө карата Бишкектен бир топ акын-жазуучулар келишип, иш-чара өткөрүп кайтышат экен. Алар ким болсо да миң мертебе рахмат, акындын сөөгүн агартып, жоктоп коюшканына.

Акындын үйүн кыя албай кылчактап бир топ кармалдык. Пресс-турдун программасын үзгүлтүккө учуратып, башка журналисттерди жана айдоочуну күттүрүп койдуңар деп жетекчибиз чый-пыйы чыгып телефон чалып жатты. Кайтаарыбызда жанаша жайгашкан үйлөрдө жашагандар менен сүйлөшкүм келди. Мүмкүн, Алыкул жөнүндө жаңы кабар угаарбыз. Уй-музейине жанаша турган эки-үч үйдүн дарбазасын каккыладым. Эч ким чыкпады. Эшиктери да жабык турат. Дагы бир үйдүн дарбазасы ачык экен, үн салып чакырсак эрине басып орто жаш аял чыкты. 2-3 жашар кыз баланы жетелеп алган. Алыкул жөнүндө сурасам, башын чайкап, ушул жерде үй-музейи бар экендигин укпаганын айтты. Алар эс алуучулар экен, Бул жердегилердин көбү жайкысын үйлөрүн эс алуучуларга батирге берип коюшуп, өздөрү башка жакта убактылуу жашап турушарын билдим. Ысык-Көлдүн азыркы турмушу жана тагдыры ушундай экени эстен чыга түшүптүр. Бирок, жай мезгилинде көлдүн аймагын өлкөбүздүн төрт бурчунан гана эмес коңшу мамлекеттерден да убай-чубай келишүүчү эс алуучулар басып кеткенде Алыкулдай зор таланттын үй-музейи кулптанып, жетимсиреп турганы ызалантпай койгон жок.

Көлдүн көркүн ачып, даңазасын ашыра турган маданий, тарыхый жайлар деле көп эмес (Кийинки жылдары курулган «Кут ордо» комплексин, же союз мезгилинен калган орус саякатчысы Пржевальскинин эстелигин айтпаганда). Адабияттан, тарыхтан кабары бар, жан дүйнөсү кооздукка куштарлуу адамдар үчүн бул үй-музей зыярат борбору болуп бермек. Кээ бир маалымат булактарына караганда бул үй-музей азыркы убакта фотожурналист Бактыбек Асанбаевге таандык экен. Бирок, Алыкулдун үй-музейи жалпы кыргыз элине таандык. Ысык-Көлдүн мартабасын ашыра турган баалуу тарыхый жай катары баркталышын каалар элек. Ушундай улуу акыныбыздын баркына ушул убакка чейин жете албай жүргөнүбүздү тарых кечирбейт. «Сен ооруба мен ооруйун Ата-Журт» деген сабы үчүн Алыкулга алтындан эстелик тургузса болот.

Ушундай ары өкүнүчтүү, ары сүйүктүү акыныбыз менен жолуккандай жүрөк жылып, керемет көлдүн бейиштей бир бурчуна өзүбүздүн да жүрөгүбүздү таштагандай кылчактап жолго түштүк.

 

© Зинакан Пасаңова, 2012

 

Сүрөттөр: 

1. Ушул үйдө Алыкул Осмонов 4 жыл жашаган.

2. Бул жолду эртели-кеч таптап басып акын көлгө баруучу.

3. «Көлдө жүрдүм, көл боюнда бойлодум, токсон ирет көргөнүмө тойбодум»

4. Бак арасындагы шалбаада дагы эле бир бада көөмүш уйлар оттоп жүрүшөт.

5. Алыкул 1946-жылы Чолпон-Атага алгач келгенинде убактылуу жашаган санаториянын азыркы көрүнүшү.

 


Количество просмотров: 10994