Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Улан Дүйшөналы-Марипат, 1996. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2012-жылдын 21-апрели

Улан ДУЙШЕНАЛЫ

Жарк эткен интеллект

Илимий-фантастикалык аңгеме

Аңгемеде жарк жанган сүйүү жөнүндө, гумандуу ой жүгүрткөн жарк жанган интеллект, ошондой эле адам аң-сезиминин жасалма интеллекттин туура белгисин кабыл алып артынан кадам шилтегендиги тууралуу баяндалат. Жерде жанган махабат, жасалма интеллекттин аракетинен улам Космоско чыга алган жок…

Жарыкка чыкты:

1. «Кырчын» журналынын 1996-жылындагы № 2-санына кыргыз тилинде.
    2. «Жан дүйнө» гезитинин 1997-жылындагы № 5-санына «Атлантис махабаттын курмандыгы» деген аталышта кыргыз тилинде.
    3. «The Enqlish Times» деген англис тилиндеги гезиттин 1998-жылындагы №№ 7-8-9 сандарына англис тилинде.
    4. «Азия нуру» гезитинин 2001-жылындагы №№ 10-11 сандарында кыргыз тилинде.
    5. «Кыргызпатент» чыгарган «Саамалык-6» альманахында 2005-жылы орус тилинде.
    6. Кыргыз радиосунда эки жолу берилген.
    7. 2005-жылдын июль айында кыргыз жана орус тилинде интернетте жайгаштырылган. Ошондой эле 2006-жылдын жай айларында «Кабар» маалымат агенттигинин сайтында орус тилинде жайгаштырылган.
    8. 2007-жылдын 31-августунда «Ойчулдун түбөлүк жаркыроосу» деген илимий-фантастикалык китепте «Кыргызпатенттин» колдоосу менен 150 (жүз элүү) экземпляр менен.

 

Сулуу таңдын көркү ай-ааламга кайып кетип, тамылжыган күндүн улам коюуланган таң шооласы чайыттай ачык асман кумурасынан көк мейкинге, жашыл теребелге кылкылдап куюлушу менен, алтындын ширөөсүндөй көрүнгөн жылдызучак (звездолёт), ионосфера бийиктигинде жайгашып жаркылдаган күмүштүү булуттарга ("күмүштүү булуттар" – көркөм же образдуу сөз эмес, астрономиялык илимий термин) теңелип уйкулуу көз жоосун ала баштады. Жылдыздар мейкинин жиреген космос машинасы, калкып чыккан ысык күндүн түстүү нурларынын күүсүнө ыргалыша зыңылдап, адамдын учуу каалоосуна закым салып канат байлап өзүнүн астронавтын, буга дейре татып көрбөгөн космос каттамына чакырып жатты.

Атлантис аттуу жаш астронавт ашып-ташып тим эле абага жулунуп, өзүнүн жылдызучагына бет алып асман астында метеордой күйүп учуп бараткансыды. Артында болсо, улам-улам шашкалактап чуркап койгон өткүр ысык издерин жерге ныгыра басып калтырып жатты. Бул учурда анын жылдызучагы жаркыроосу боюнча күмүштүү булуттардан озуп, оптикалык артыкчылыкка жетишип кооздоно гана бербестен, эми булуттарды мейкин жагынан багындырып, жылдыз асманына кайып учуп чыгып зыңылдаган космос алкагына сүзүп чыгышы керек.

Ошол космоско умтулган жылдызучагына Атлантис кайталанбаган, жападан жалгыз бир жолку гана секирик менен жетсем дегенден эки көзү төрт болуп: оң көзү Чолпон жылдызындай, сол көзү Сириус жылдызындай, үстүңкү көзү Алтын казык жылдызындай, астыңкы көзү Канопус жылдызындай жанып жатты. Баса, ушул учурда Атлантис чынында эле Канопус жылдызын да жарк эте эстей коюуга үлгүрдү. Анткени Марс планетасына планеталар аралык "Маринер-4" автоматикалык станциясы учурулганда, анын жылдыз датчиги өзүнүн космостук жолун таап алышы үчүн Канопус жылдызын "таппай убара болуп" бешинчи аракетинде гана тапканын эстеди. Бирок, албетте, бул астронавт өзүнүн космос жолун табышы үчүн Канопус жылдызынын дегеле кереги жок. Анын карамагында радиомаяк жана башка өнүккөн космостук навигация системалары бар. Анын үстүнө ал Марска деле учуп барат жок да.

...Бирок ал, кенгуру эмес да акыры. Кенгуруга айлана калган учурда деле, куду анын, жылдызучакты айдоо укугун бирөө тартып ала тургансып, башкаруу ручкасын тырыша кучактай калып бортто отуруп калуудан алдын он жолу секирип бараар эле го, ошол жылдызучагына чейин.

Ал көздөрүнөн алып учкан кызыма импульс нурдандырып өзүнүн жылдызучагына жалт карай салды! Болбоду. Дагы буюрду! Болбоду. Дагы! Болбоду. Сигнал жетпей жатты. Анан ал күн нурунан калкалоочу караңгы көз айнегин эстеди. Анысын бетинен жула коюп каптал жагына ыргытып жиберди. Таң калыштуу, көз айнеги жер бети менен асфальтка сүрүлгөнүнөн, учкун чачып жалт этип күйүп кетти да, алоолонгон оту жүрөктүн формасын жаратты. Балким көз айнек үстүңкү кыры менен жерге туруп калганынан оттун ушундай сөлөкөтү келип чыккандыр. Эми космопорттун өрт коопсуздугу кандай болоор экен?

Мына ушундай, адамдын биологиялык сигналын өткөрбөгөн, учкуну бар өзгөчө колориттүү көз айнек.

Ошентип жылдызучактын бортунда, алып учкан ысык сигналдын кабыл алынышын ырастап экилик импульс менен жарык-жашыл чырак балбылдап жанып калды. Бирок бул эми, учуучу аппаратка кенгурунун беш секиригиндей аралык калганда болуп өттү. Кыймылдаткычы автоматташтырылган иретте от алып жылытуу режимине кирди.

Ооба, бул акылман учуучу аппарат туш келген кишинин көз карашын тутуп жүрүп кете бербейт. Ал өз ээсин "тааныйт" да, анын көздөрүнөн алдын ала кабыл алынган бир нече эмоционалдык-психологиялык буйрукту окуп турат. Өч десе, өчүп калат. Мындай технологиянын феномени – жылдызучактын бортуна жабдылган электрондук-оптикалык куралга салынып кодировкаланган программасы менен түшүндүрүлөт. Адам баласынын көздөрү анын жан-дүйнөсүнүн күзгүсү деген чын тура. Көрүү органыбыз аталган функциясы менен гана чектелбестен, нени гана чагылдырбайт: сүйүүнү, жек көрүүнү, кубанычты, кайгыны, суктанууну жана башка нерселерди. Учурда болсо жылдызучактын электрондук радиоавтоматикасы көздөн нурданган атайын буйруктарды окуп турду.

Атлантис өткөн космос саякатында бейиш шарттарында жашоого мүмкүн болгон ажайып кооз планета таап, анын эң бийик тоо чокусуна радиомаяк орнотуп келген. Бул чакыргычтын радионурдануусунун алыстыгы, ошол планетадан Жерде турган ушул жылдызучактын антеннасына чейинки аралыктан бир азга, болжол менен бир жарым парсек (астрономиялык чен-өлчөм) аралыкка жогору эле. Тилекке каршы бул чоңдук кичирейүү коркунучун туудуруп турат, себеби радиомаяктын электр булагы өзүнүн акыркы мөөнөтүндө иштеп жаткандыктан өз ээсин "шашылыш чакырып" жатты. Ошондуктан ошол планетанын координаттарын Ааламга мелодиялуу зыңылдатып берип турган радиосигналдар өчүп, чакыргыч маяк тыгыз жайгашкан жылдыздар арасында адам кыялын өзүнө магниттей тартып жоголуп кетүүсү мүмкүн. Ошондо ошол жарык жанган космос жолун кайрадан таап чыгууга адам өмүрү жетпей калаар эле.

Ошондо жаш астронавттын алдында анын өмүр, жашоо турмушу, келечек тагдыры үчүн идеал болгон, Галактиканын кол жеткис терең бурчунда катылган, жансыз, бирок физико-климаттык шарттарына ылайык тирүү жан күтө ала турган укмуш планетасы жок болмок.

Астронавт, бул бейиш дүйнөдө түбөлүк жашап калуу асыл мүдөөсүн алдейлеп, бул ыймандай сырын бир да гомосапиенс жана түркүн гуманоиддерге ачкысы келбеген. Себеби ал, бул жашырын максатымды эч ким билүүгө акысы жок, "менин жеке турмушум" деген гриф ыйгарды. Ырас эле Жылдыздар аралык өз ара жашоо Кодексинде "Космос цивилизацияларынын ар бир жашоочусу, айланага зыян келтирбеген жеке турмушунун жашырын сырына укуктуу" деген статья каралган.

Жаш астронавт шашып баратып жүргүнчүлөрдү ташуучу планеталар аралык космоучактын (космолёт) тушунан өттү. Анын көзүнө бортунда отурган учкуч-астронавт кыз кадалды. Бул сулуу кыз кабинанын фонарынан башын чыгарып алып мына-мына күтүп турган көгүлтүр асман аркылуу, жердеги байкоочуга салыштырмалуу, мындайча айтканда көмкөрүлгөн космос океанына сүйкүмдөнүп карап жатыптыр. Айдарым желге ыргалган романтикалуу чачтары астронавттын көздөрүн суктандырып өзүнө тартты. Иллюминаторлорунан байкалып турган жүргүнчүлөрүнө караганда ал да асманга кайып учуунун алдында турат сыягы. Көңүлдүүлүктүн илебин чагылдырган рахаттуу күлүмсүрөгөн балакай жүзү, ансыз да буту жерди сезбей алдыга умтулуп сызып бараткан Атлантисти мастыкка чөгөрүп жатты. Ушул унутулгус учур менен Атлантистин тагдыры өмүрүнүн акыркы секундасына чейин байланышып калды.

Келбетин айтып бүткүс назик сулуунун карагаттай кара көздөрү көз ирмемде жаш астронавттын жан-дүйнөсүн ээледи. Күтүүсүздөн эки жаштын лирикалуу көздөрү бири бирине бир заматка кадала калып, өз ара нурдана түшүп албуут туюмдун резонансын жаратты. Сырдуу кагылышуудан жарк жанган оттон ысык, гүлдөн назик сезим жигиттин бүт денесин жана жан-дүйнөсүн сестендире дүүлүктүрдү. Болжолу бир көз караштан сүйүү оту жандыбы бейм.

Бул эки жаштын тең көңүлдөрү, жан дүйнөсү космос багытына жан дили менен берилген. Бул туурасында алардын учкучтук кесиби ыроолоп кыз-жигиттин, бүткүл дүйнөлүк тартылуу күчүнөн кем сокпогон өз ара тартылуусуна ыктуу, жагымдуу психологиялык жагдай түзүп жатчудай. Адамдын сезимин аңтара көрө алган көрөгөч Атлантис айымдын ички дүйнөсүнүн дайрадай түгөнгүс сулуулугун көздөрүнөн таасын байкады.

Атлантис анын баш айландырган, жүрөктү албуут соктуруп коё бербей өзүнө магниттей бекем тарткан келишкен ажарына, жан-дүйнөсүнүн нурдуу чокусуна энтигип суктанып чечкиндүүлүккө дуушар болуп, анын алдында уйгактай жабышкан альтернатива турду да калды. Ал ошол көз ирмемде келген руханий, жан-дүйнө жана денелик бактысын толуктап түбөлүк жар боло турган сүйүү жандоочусун же болбосо алтын табылгасы, планетасын кармап калууну тандап алышы керек эле. Ал эми, экөөн тең бир кармоого такыр мүмкүн болбой жатат. Себеби, эгер Атлантис ал кыз үчүн ушул чакта бир азга эле кармалып калса, радиомаяктын эң акыркы энергиясын берип жаткан электр булактары мына-мына солгундап, мындай учурда жылдызучак ошол тарапка эч качан багытын ала алмак эмес.

"Бул чүрөк кайдан келди? Аты ким болду экен?" деген бушайман ойдо баратты Атлантис. Аны менен кайра жолугууга ичинен шерт кылган жигит кызга "Айлина" деген шарттуу ысым ыйгарып турду. Ал аталыштын ар бир ариби чоктой ысып жүрөгүндө өчкүс жылдыз болуп кадалып калды. Ал шашылыш чечимге келди: токтоосуз тезинен планетага учуп барып, электр булактарын заряддап, анан Айлинаны издөө максатында космос мейкинине учуп чыгуу.

Жылдызучактын бийик бортунан жерге автоматикалуу түшкөн траптын экинчи тепкичин Атлантис эми эле баса калганда, али кадала элек костюму капилеттен анын капталындагы тосмосуна илине калды. Ачуусу кайнап костюмун эми эле чече коюп ыргытып жиберейин деди эле, бирок, убакыттын тардыгынан анткен жок. Илээшкен жерин бошотуп алып андан ары басты. Ырас эле ыргытпады. Себеби костюм жөнөкөй эмес, артыкча жүктөмдөн сактоочу костюм. Маселен, тик ылдамданууда жүктөмдүн өсүүсүнөн улам пайда болгон денени басымдаган күчтөн костюм сактабаганда, астронавттын организмин эмне сактамак эле?

Жылдызучактын ичине шашкандагы көндүм адаты боюнча акробаттык шамдагайлык менен томолонуп кирип, креслосуна автоматтык түрдө көчүгүн жабыштырып алуудан алдын, анын тунук корпусунан сакалы алынбаган жүзүн байкап калып ачуулана сүйлөндү: ушундай майбылбашты Айлинага көрсөтүп алдымбы?! Анан эле үйүндө шашып-ташып чайнап алганы болбосо эле, жуунганга, тишин тазалоого үлгүрбөгөнүн эстеди.

Учуучу аппараттын бортунда отурган Атлантис анын тиричилик жабдуусунан пайдалангысы келип электрдик сакал алгычын алып бетин жаркырата кырып алды. Андан соң тиш тазалоонун ордун толуктоо үчүн сагыз чайнап кирди.

Атлантистин, тигил кыздын космоучагынын да учуп чыгаар-чыкпасын күтүүгө чамасы келбей, чыдамы кетип заматта асманга кайып чыкты. Бирок анын бактысы бар экен: Ал стратосфера менен мезосфераны бөлүп турган стратопаузаны кесип өтүп жатканда, тээ ылдыйда стратосферага эми эли кирип жаткан Айлинанын космоучагын мейкин баамдагычы бийик өөрчүгөн көрөгөч Атлантис дароо эле байкады жана андан тышкары бул сүйүү жылдызы жылдызучактын бортундагы радиолокациондук системасынын экранында көзгө урунду.

Албетте Айлина Атлантисти кууп жете албайт. Себеби ал космоучагынын бийиктөө ылдамдыгын өөрчүтүүгө укугу жок, анткени анын бортунда жүргүнчүлөр бар эмеспи. Ошондуктан, эгер, астронавт космоучакка ылдамдануу берсе, өсүүчү жүктөмдүн басымын кабылдоого машыккан кесипкөй Айлина чыдаса, ал эми жүргүнчүлөр үчүн бул кооптуу. Андан көрө Атлантисти артынан кууп жетүү үчүн Айлина жылдызучакты көрүп жатты бекен? А эгер көрсө да, таанышуу демилгеси айымга таандыкпы же мырзагабы?..

Андыктан, бул жагдайды түшүнгөн Атлантис жаңы планетага шашылып жатканын унуткара түшүп, ионосферага киреер алдында мейкинде калкып Айлинаны күтүп калды. Анан, мүмкүн болсо сүйгөнүн көрүп калууга жетишип сүйүүнүн ачык боёкторуна рахаттанып сүйкүмдөнгүсү келди. Бир аздан соң космоучак менен жылдызучак бир деңгээлге келип, алар бири-биринен анча алыс эмес аралыкта бийиктеп жатышты. Тилекке каршы, байкоо секторуна сүйүү сырлары куюлбады. Себеби, машиналардын артыкча жакындашуусу техникалык кооптуу болуп жаткан эле. "Анткен менен биз экөөбүз бирдиктүү кибермейкиндебиз", – деп өзүнчө курсан болот Атлантис. Анан кызыгы, астронавттын "кибернетикалык мейкин" деген түшүнүгү экөөн канчалык жакындатат экен? Кантсе да бул анын терең сезими менен ширелишкен нукура жекече илимий-техникалык элестүү кыялы.

Бул учурда жүргүнчүлөр, мынчалык зор бийиктиктен уюлдук жаркыроону көрүүгө мүмкүн болоор бекен деп кызыгып жатышты. Себеби, табияттын бул оптикалык эффекти ионосферада пайда болуп уюлдук атмосферага түстүү боёкторду куят эмеспи. Атлантисти Айлина кызыктырып жатса, ал эми сулуу перини эмне кызыктырып жатты экен?..

Космостук учуучу аппараттар жыйырма миң километр бийиктиктеги Жердин геокоронасынын чек арасына чейин бирге учуп чыгышты. Бул албетте, сегиз жүз километрден элүү миң километр бийиктикке чейин созулган экзосфера катмары. Андан ары планеталар аралык космос мейкини башталат.

Экзосфера эки жаштын коштошуу бийиктиги болуп калды. Ушул жерден алар абалга ылайык өз багыттарын алышты. Тилекке каршы, алардын маршруттук багыттары бири-бирине карама-каршы келип, учуунун пайдалуу өз ара ракурстары үзүлдү. Буга Атлантис ичинен сыздады. Эми алар кайсы жерде кезигишеер экен: "литосферадабы" (жер катмары), "гидросферадабы" (суу катмары), эгер андай болсо, кайсы планетанын сферасында? А балким, жылдыздар аралык плазмададыр? (Жылдыздар аралык мейкин плазма абалында)

Атлантис аны менен радио аркылуу байланышууну чечти. Бортундагы компьютерге, жүргүнчүлөрдү ташуучу космоучактардын ошол сааттагы бирдик галактикалык убакытка салыштырмалуу мезгилдүү радиожыштыгын экранга чыгаруу буйругун берди. Аны тапты. Кыздын борт чакыруусун билбей радиосигнал жөнөттү: "Алена", "Алена", анан ушул замат Айлинанын атын туура атоого сагыз калакат кылып жатканын түшүнүп анысын түкүрүп салды. Ал болсо фонардын айнегине жармашып өзүнүн боёктуу кооз көрүнүшү менен сансыздаган жылдыздардын катарында айырмасыз болуп калды. Анан аны Айлинанын космоучагы менен чаташтырып албоо үчүн тезинен үзүп салып кайрадан радиобайланышууга далалат кылды: "Айлина", "Айлина", мен – "Центавр", мен – "Центавр", – кандай угуп жатасың, кабыл алам?". Ал аны Айлина деп чакырып жатканын капарына алган жок. Чын жүрөгүнөн жараткан Айлина деген жакшынакай аты анын сезимине гипностикалуу сиңип, аң-сезиминин мазасын алып жатканы. Ушинтип отуруп ал радиобайланышка мүмкүнчүлүгүн жоготту. Качан гана эсине келип, радиотерминден "Айлина" деген чакыруусун алып таштаганда кеч болуп калды эле, анткени, жылдызучак жарык ылдамдыгынан алда канча эсе закымдап тез учуп бараткан. Ошол себептен ал, жүргүнчүлөр космоучагынын бортундагы радиобайланыш станцияларынын радионур таратуу зонасынан тез эле чыгып кеткен болчу. А бирок кызга жигиттин радиосигналдары жеткен учурда деле, ал кыз өзүнүн "Айлина" экендигин кайдан билсин?.. Шашылыш учуп бараткан Атлантис багытын албетте, өзгөртө алган жок. Ал эми чексиз Ааламдын мейкининде космоучактын бортунан жылтылдаган жарык нуру бара-бара алыстагандан алыстап, жылдыздар арасына кошулуп, алардан айырмаланбай калды, акырындап көздөн кайым болду. Бир аздан соң көгүш жаркырак так борттогу радиолокациондук системасынын экранынан да жуулуп кетти. "Көрүшкөнчө, Айлина, менин сүйкүм жылдызым", – деп муңдуу абалда учуп баратты.

Көп убакыт өтпөй Атлантис радиомаяк жайгашкан зонага, тоо чокусуна конду. Анын индикаторунан электр тогунун чейрек бөлүгү азайганын билди. Төрттөн эки бөлүгүн жоготууга акыркы минуталар күтүп турган экен. Бирок, аккумуляторлорду заряддоодон баш тартты. Себеби, ал убакыттын ар бир секундасы үчүн тырышып аянып жатты. Тилегине каршы жөн гана ордуна коюп коюуга запастагы аккумуляторлору да жок эле.

Анан ал Жерде кабыл алынган чечимине кайрылды: тезинен космос мейкиндигине учуп чыгып, Айлинанын космоучагын издеп табуу же болбосо космопортто аны күтүп туруу. "Балким, ал дагы эле мейкинде космостук канаттарын кенен жайып учуп бараткандыр, а мүмкүн радиолокациондук экрандан аны таап алармын?" – деп бир четинен өзүн-өзү үмүттөндүрүп жатса, бир чети өзүнүн космостук навигация боюнча унуткан бир ыкмасы үчүн өзүн кыжырданып тилдеп жатты.

Көрсө, алгач Жерден бул планетага учуп барган маршруту электрондук астронавигациялык картанын бетине сызылып, эске тутуу бөлүгүндө сакталып калган тура. Муну астронавт, басканда "пи-пип" эткен бир нече клавишаларды тере коюп монитордун экранына чыгарып даана көрүп жатпайбы. "Мындай болсо, эч шашылбай эле Айлинанын космоучагынын артынан акырын ээрчий учуп отуруп, ал бет алган планетага биргеликте барып конуп, же космопорттун эс алуу бөлмөсүндө, же учкучтук ашканада жайбаракат таанышып анан учкуч-астронавттардын мейманканасына бирге жайгашсак деп сунуш кылсам болмок экен" – деп бойдок жигит зээни кейип абдан ызаланды.

Эми арга барбы. "Айлинаңа жетпей өлүп кал, макоо Атлантис!" – деп кыймылдаткычтын от алдырчу «ЖҮРГҮЗҮҮ» – «ЗАПУСК» деген кнопкасын жинденип басып жиберди. Албетте, Айлинанын артынан учуп баруу үчүн.

Бирок, ушул заматта баяраакта эле сулуу таңдан кийин тамылжыган кызыл күн шооласына чайылып кооздонуп жаркылдаган, күн нурларынын күүсүнө ыргалыша симфониялуу зыңылдаган жылдызучак жарылып, анын таш-талканы чыгып, асманга сапырылып, тып-тыйпылы чыгып чачылып жок болду. Жарылуунун кулак тундурган күркүрөөсүнүн жаңырыгы кыйлага дейре күч алып, анан араң дегенде басылып айлана тымтырс боло түштү. Байкуш Атлантистин да өзү "тилегендей" (Айлинаңа жетпей өлүп кал, макоо Атлантис!)" өмүрү тынып о дүйнөгө кете берди. Бирок чын эле ушундай болдубу?

Планета эч кандай экологиялык зыянга учурабады. А эгер андай болсо, бул адам колунан жаралган зыян алгачкы жана соңку болуп калуусун гана тилеер элек.

Атлантис аман калганда Айлина менен, ал болбосо да башкасы менен алгачкы адам ургунун ата-энеси Адам жана Ева сыяктуу жаңы адамзаттын цивилизациясын жаратмак. Ошентип уул төрөлсө, Жерден ага ылайыктуу кыз алып келип беришмек. А эгер кыз төрөлсө – жигитти. А эгер антишпесе, адам уругун мутациялап алышмак. Анан ушул цивилизацияда деле Жер жашоосундагыдай жамандык, жакшылык, кан төгүү, адилетсиздик жана башка ушул сыңары мыйзам ченемдүү нонсенс көрүнүштөр сөзсүз термелип-кагылып турмак, анткени гомосапиенс жамандыктын генетикалык чогултмасынан тазала элек. Кайсы гана доордо болбосун кээ бир адамдын, "эмнеге ушул жалган дүйнөгө жаралдым экен?!", деген армандарын угасың. Мына ушул сыяктуу, аскадан бийик арман сөздөр кайталанбасын үчүн, бул жарылуу алдын алуу глобалдык маанисин өзүнө камтып турат.

Демек, Атлантистин: "...бул жашырын максатымды эч ким билүүгө акысы жок, "менин жеке турмушум" деген жашырын грифи, Жылдыздар аралык өз ара жашоо Кодексиндеги "Космос цивилизацияларынын ар бир жашоочусу, айланага зыян келтирбеген жеке турмушунун жашырын сырына укуктуу" деп каралган статьясынын гумандуулук позициясына ылайык келбей калганбы?..

...Бул адилеттүү жарылууга себепкер болгон, жасалма интеллектин күтүүсүз жерден жылдызучактын бортундагы электрондук-эсептөө системасында жарк эте жанып, укмуштуудай ой жүгүртүү деңгээлине чыгып аткарган үзүрдүү салымы. Ал Атлантистин кумар максатын билип, анын жолун бөгөп калды. Ал астронавттын өмүрүн аман сактап калып жөн гана жолун тосуп койсо болмок, бирок анын көнбөшүн билген. Анткени адамзат анча-мынча терс көрүнүштөгү өжөр инстинктине бөлөнгөн эмеспи. Атлантис, албетте, адамзаттын бири.

Жасалма интеллект акыркы учурда гана өй жүгүртүүгө өсүп жетилип, ал гана болбостон, адамдык назик сезимдерди да байлап, демек жашагысы да келген бул жаңы жандык өзүнүн жаңы эле жаралган жаш өмүрүнөн кечип, кыска өмүрүнүн ичинде, жаралбай калган "Жаңы адамзатка" салыштырмалуу жогорку гумандуулук миссиясын аткарып, Биоциклди жер параллелдеринде жана меридиандарында кулпулап койгусу келди.

Жасалма интеллектин салыштырмалуу "гумандуу" позициясын мындай коё туралы.

Демек, жасалма интеллект жаңылды. Ал бир зарыл кырдаалды эске алууга үлгүрбөй калды, чыныгы абалды жетишеерлик толук баамдап көрө албады.

Атлантис болсо, жат планеталыктардын кол салуу кокустугунан сактай турган жылдызучактын жарылууга каршы атайын бекемделип брондолгон жагында жайгашкан эле. А эсептөө системасы, башкача айтканда жасалма интеллект борттон сырткары калып калды. А Атлантис, албетте, аман калды. Анан ал ырас эле жасалма интеллекттин оперативдүү эволюциясы боюнча ой жүгүртүүсү жагынан артта калган жок. Башкача айтканда эсептөө системасынын оюн түшүндү.

Муну төмөндө карап көрөлү: көп өтпөй борту жүргүнчүлөрдөн бош Айлина учуп келди. Махабат үчүн да, жигитти куткаруу үчүн да. Анткени космопортто ал экөөнүн көздөрү чагылышып өз ара жаркылдап калганда, Атлантис өзүнүн жылдызыучагына сигнал берип гана калбастан, кызды сүйүп калгандыгы жана таанышууну каалагандыгы тууралуу белги да берип кеткенге үлгүрүп калган эле. Ошондо бейтааныш учкуч зиректик менен жигиттин кумарын өзүнүн оттой жанган жүрөгүнө сиңирип алган. Ошон үчүн, капилеттен анын кырсык жөнүндөгү кооптуу сигналын пеленгациялап алып таап учуп келген Айлинага Атлантис, Жер шарына түбөлүккө учуп кетүүнү сунуш кылды. Анткени ал жасалма интеллектин ак көңүл жана курмандык менен коштолгон эволюциясынын артынан аң-сезимдүү кадам жасады.

 

© Улан Дүйшөналы-Марипат, 1996

 


Количество просмотров: 2239