Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Улан Дүйшөналы-Марипат, 1996. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2012-жылдын 21-апрели

Улан ДУЙШЕНАЛЫ

Кибернетикалык сезим

Илимий-фантастикалык аңгеме

Аңгемеде поэзия, жатпланеталыктардын ыйманы жана кибернетизацияланган сүйүү жөнүндө жазылат.

Жарыкка чыкты:

1. 1996-жылы кыргыз радиосунда кыргыз тилинде берилген.
    2. 2005-жылдын июль айында кыргыз жана орус тилдеринде интернетте жайгаштылган.
    3. «Кыргыз Туусу» гезитинин 2006-жылындагы февраль-март айларындагы №№ 15-17-18-19-20 сандарында «Ак жол сага, жаш фантаст» деген ак жол тилөө менен кыргыз тилинде чыгарылган.
    4. 2007-жылдын 31-августунда «Ойчулдун түбөлүк жаркыроосу» деген илимий-фантастикалык китепте «Кыргызпатенттин» колдоосу менен 150 (жүз элүү) экземпляр менен.

 

Бул касиеттүү түндө, ушул саатта, мобу асман таптаза, булутсуз. Метеорологиянын тили менен айтканда – "булуттуулук нөл балл". А бирок, Саманчы жолунда бозоруп көрүнгөн сансыз жылдыздардын тумандуу топтолушу космостун көркүн арттырып, ар секунда сайын кайталангыс, мурдакысына такыр окшобогон тынымсыз кубулган кооздуктун сүрөтүн жаратып, жарыкчалардын учкун нурлары коюу түндүн тыгыз молекулаларын черткилеп, зыңылдаган музыка жаратып, Ааламга кайып учууга эргүү берип жатты. Тээ горизонттун аркы асман океанында "зарницалар" улам жарк-журк эте жана коюп, дегеле түнү бою тынбаган "тыз-тыз" метеордук кубулуштар, космостун көздү кызыткан ажайып сулуулугун мындагы кең талаага урук сепкендей жайып жатты.

Үй-үйлөрдөн иттердин үргөнү угулуп, мындан бир миля (1852 метр) арыда агып жаткан дарыя суусунун симфониялуу шоокуму мемиреп уктап жаткан айылды жаңырткансыйт да, анын элинин түш көрүүсүнө жагымдуу музыканы тартуулагансыйт. Тээ төмөнүрөөктөн шаар аралык трассада уйку билбеген айдоочулардын машиналары зыпылдап эки тарапка шашылышат. Айылдын үлбүлдөгөн түстүү шамдары не бир табышмактуу ыргактарды жаратып өзүнө тартат.

Бул ээн талаанын, космосту ылдыйлатып колго жакын кылган кең мейкининин жайкы тунук абасынан кере-кере жутуп жайбаракат сейилдеп, рахат алууга жан жетишпей турат сыягы. Кур дегенде сырдашууга чыккан кыз-жигиттер да көрүнбөйт. Бекер гана сейрек келчү …идеалдуу романтикалык түн айып болуп жатат, аттигин. Мындай ажайып түндү башка планетадан издеп таппайсың.

– Эх, фотоаппарат алып алганымда үстү жылдыздуу асманды, асты жашыл теребел жамынган горизонтту жакын алып сүрөткө тартып алаар элем, – аңгыча бир жаш жигиттин ушундай бир кейиштүү сөздөрү ээнсиреген талаага эрмек болду.

Демек, бул романтикалуу азгырык пейзаж өзүнүн курмандыгын аёосуз кармайт бүгүн...

 

Кичинекей алма багы турган. Бактын ичинен жарык терезе көрүнүп, анын нурлары жанында өскөн алма дарактарына жана жер бетиндеги жашыл жайсаң чөптөрүнө төгүлүп турган.

Үйдүн ичи салкын, комфорттуу. Диван десең серпилгич жумшак диван, телевизор десең экраны түстүү жаркылдаган телевизор, эрмектөөчү телефон, магнитофон, музыка, тамак-аш, муздаткычта таттуу суусундук, балмуздак, айтор, үйдөн чыкпай эле жыргап отура берсең болчудай. Өзүнчө не бир этюд ыроологон жылдыздуу түнгө азгырылбай Алтай деген бул жигит ошентсе эле болмок экен...

Алтай үйүнөн чыгып талаага бет алганын өзү да капарына албай калды. Улам кадамын арбытып отуруп курмандыкты күтүп турган азгырык керемет түндүн алкымына жакындап келди. Фотоаппарат алмактан өзүн эле үйүндө аман алып калса болмок экен... Анан ырас эле сүйгөнү менен сейилдөөнү болжошпой өзү жалгыз чыгыптыр. Же сүйгөнүн үйүнө эле чакырса болмок. А балким, сүйүүнүн биримдиги үчүн экөө тең бул талаага чыгышса туура болоор беле?..

Экзотикалуу түнгө суктанууга ал үлгүрбөй калды. Капысынан Алтай, артынан денесин дүүлүктүргөн ысыктын табын сезе койду. Ал көз ирмемде артка бурулайын деди эле, бирок бурулушунун жарымында, таасир этчү объекттердин көрүнүшүндө, анын кыймылы өзүнчө жай абалга өтүп аларга бетме-бет туруп калды. Бул күтүүсүз абалдан Алтай чоочуп айыл тарапка зуу коюп качмакчы болду эле, бирок келгиндер башкарууну күчөтө коюп жигитти кармап калышты.

Алтайдан анча алыс эмес жерде бири жарык-көк, бири жарык-сары түстө жаркырап адамга окшош эки жан туруптур. Бойлорунун узундугун эки метрге чыгарып алышыптыр, кичине болсо да адамдарга окшоп калалы деп. Алардан бир аз арыраак жагында космостук аппарат – жарык ылдамдыгынан тез учуучу жылдызучак (звездолёт) туруптур. Анын формасы Сатурн планетасына окшош экен. Бирок, албетте, бул келгиндер Сатурндан учуп келишкен жок. Себеби ал планетада тирүү жандар жашабашы, эгер микроорганизмдер эле жашабаса, аң-сезимдүү жандардын жок экендиги айкын. Жөн гана жылдызучагынын конструкциясы космос мейкининде учуу динамикасына ылайыкталган.

Жылдызучактын үстүңкү жагында солдон оңго кызыл жарык, ал эми астыңкы жагында оңдон солго жашыл жарыктар өчүп-жанып айланып жатыптыр. Бул эки жарык тең кабыл алынган мыйзам ченемдүү система боюнча иштеп, айлануусу жана өчүп-жануусу жогорку жыштыктагы комбинация кодуна ээ. Бул көрүнүш башка учуучу аппараттар жана космостук байкоо точкалары үчүн керек болгон оптикалык чакыргыч системасы автоматикалык ыкма менен чечилет.

Алтайга болсо өз денеси бөтөнчө, таштай катуу болуп сезилди. Ал өз тилинде инопланетяндар менен контакт түзө баштады.

– Силер!-Силер! Ким-кимсинер?! – деп тили байланып толкунданып сурады. Бирок келгиндер анын ички сезимдеринин толкунун, коркунучун да басаңдатып алышты.

– Силер-силер башка космостук цивилизациянын келгиндерисиңер, – какшыганы, тамашалаганы же адашканы түшүнүксүз.

Анткен менен эреже катары инопланетяндар менен болгон алгачкы сүйлөшүү контакты ушул сыңары, мындайча айтканда, компьютердик тилге мүнөздүү болот. Бирок учурда келгиндер же какшып жатышат же тамашалап жатышат. Андай болсо алар деле биз сыяктуу сезимдерге ээ окшойт, мисалы ошол эле юмордук сезимге.

Анда бул келгиндер биздин космостук жакын туугандарыбызбы? Муну биз, албетте, алардын Алтайга болгон мамилесинен байкап көрөлү, гумандуубу же ырайымсыз болушаар бекен?

– Кайсы? – деп сурап калды. Ал өзүн ишенимдүү сезе баштады жана өз акылында экенин кынтыксыз туюп турду.

– Бул туурасында анан сүйлөшөбүз, Алтай, – келгиндер анын атын билгенине жигит абдан таң калды. Демек алар адамдын мээ жана анын психикалык процесстерин даана көрүп жатышкан турбайбы.

– А силер менин атымды кайдан билесинер? – деп таңдана сурады.

– Биз балекеттин баарын билебиз, жердик (жер адамы).

– А өзүңөрдүн атынар ким болду экен?

– Биз аталбайбыз, бири-бирибизди таануу ыкмабыз башкача. – Кызык, кандай жашырын ыкма болду экен ал?

– Силерге эмне, менден бирдеме керекпи?

– Ананчы, Алтай, сенсиз биздин көргөн күнүбүз эмне болот?

– Ошенткиле.

– Ошентелиби? Деги сен эмне жөнүндө "ошенттирип" жатасың бизди?! – деп инопланетянин адамча кекирейгенсип эки колун белине таяп "Ф" тамгасына окшоп туруп алды. Анысы аз келгенсип боюна дагы жарым метрдей кошо салды эле, Алтай коркконунан купкуу боло түштү.

Ушул замат инопланетяндардын суроо берген манерасынан улам Алтай, алар эмне, мушташканы жатабы мени менен? – деген ойго кетти. А эгер андай болсо деле, ар кайсы билогиялык формадагы жандардын мушташуусун элестетүү такыр кыйын болуп жатат. Андыктан, чынында Алтайдын оюна бул инопланетяндын "кекирейүүсү" жөн гана адамдардын урушуп анан мушташуу манерасын эсине салып жатканы ыктымалдуу.

– Ошол, өзүңөрдүн оюңарга келгенин жасагыла, – деп алжып калгандай болду Алтай.

– Анда эмесе, айланайын биздин Алтай, ошентерибиз – сени бул жерден алып кетерибиз.

– Кайда жана эмне үчүн? – күтүүсүз жарыядан Алтай чоочуркай түштү.

Эми Алтай кайда бармак эле? Адам баласынын жашоо тагдыры үстүртөн алдын ала чийилген да, жазмыштан эч жакка качып кутула албайсың деген кеп бар эмес беле. Бирок ошондой болсо да бул, албетте, колу-буттарын өзүнүн табигый эркине коё берүү дегендикке жатпайт. Адам баласынын жашоосунда дайыма тандоо бутакчасы болот, көпчүлүк учурда жалгыз эмес жол.

– Биздин Цивилизацияга.

– Мен макулмун, – деп Алтай ойлонбой дароо жооп берип салбаспы.

Алтай өзүнүн шашма, ойлонуп көрбөгөн тандоосун акылына алды бекен?

– Анда кеттик, жердик.

– Бирок, мен адегенде өз апам менен коштошуп алышым керек, – деди да, апам бул окуяны кандай кабыл алаар экен деп ойлоно калды.

Алтай, Саян айымдын жападан жалгыз сүйүктүү баласы. Ошону менен бирге ал сүйгөнү Канымгүлдү эстеди.

Канымгүл өзү орто бойлуу, чачы болсо, ачык космоско чыгаар алдында башына кийилчү экипировкага ыңгайлаштырылып ырас эле желкесинен кыска кыркылып, аны көргөндөр кесиби учкуч-космонавт го деп ойлошу мүмкүн. А чындыгында ал өзү студент-журналист, сулуу, жаш акын кыз Канымгүл Элкеева деген өзүнчө бир жан-дүйнөсү эбегейсиз бай жана алп күчкө ээ. Ооба, айымдын назиктигине жараша эрки ошончолук күчтүү, өзү талбаган, изденип иштеген нагыз чыгармачыл адам, болочок генийдин дал өзү, жылдыздай жаркыраган көздөрүнөн эле көрүнүп турат.

Жазган ырлары моколуп уктап жаткан, өмүрүндө дирилдебеген жан-дүйнөңдүн катып калган кылдарын да козгоп кере тартып, резонанска салып зыңылдатып термелтип жиберет. Ошондо бооруң толгонуп, жүрөгүң албуут туйлап, таттуу поэзия дүйнөсүнүн мухитине чөгүп, чексиз мейкининде канат серпип, таптаза мөлтүр көз жаштарың башка жылдыздар системасына, планеталарына жамгыр ордуна тамып түшөрүнө өз жаның катышкан күбө болосуң да каласың. Поэзиянын сыйкырдуу дүйнөсүндө көпкө дейре жоголуп укмуштай транс кубулушунун эрксиз туткуну болуп каласың.

Кимге кандай, мынчалык узак жана терең транска Канымгүлдүн жылдыздуу көздөрүнөн, дидар татына сүйкүм иреңинен эле түшүп кетесиң да, анын суйкайган сулуулугу көпкө дейре коё бербейт...

Ушул Канымгүлдүн Ааламда кайталангыс келишкен сулуулугу инопланетяндардын курмандыгы болуп жаткан Алтайды да коё бербеди:

– Бирок менин сүйгөнүм бар да?

– Ким, аты Канымгүлбү?

– Ооба.

– Ыр жазчу беле? – калп эле билмексен болушат.

– Ооба, акын. Сулуу десең сулуу, акылдуу десең не бир гений өзү, көркөм десең көркөм, сени да көркөмдөп турат.

Ушул жерде Алтай, инопланетяндардын акыйкатта жүрөк түшүргөн бөрүдөй түрү суук, противогазга окшогон табигый кебетесине таамай ишарат кылып айтты. Мына, Алтай, мушташа турган жүрөктүү жигит көрүнөт. Бирок, инопланетяндар менен мушташуу түшүнүктүү себептер менен акылга сыйбастыр?..

– Кимди, мениби? Канымгүл Элкеева бизди ырас эле көркөмдөгөн, – деп инопланетяндардын бири Алтайдын алып учкан закым кыялдарын токтото калды.

– А силерди кандайча көркөмдөдү? – таң кала сурады Алтай.

– Эмне, бизди китеп окубаган түркөй дейсиңби? Биз деле Канымгүлдүн ырларын окуганбыз, – көрсө жат планеталык келгиндер жер адамдарынын маданиятына кош көңүл эмес тура. Жерге учуп келгендери да бекеринен эместир?

– И, кандай жазат экен?

– Э, анын ырларынан Кудай сактасын... Мындайча айтканда ырлары интеллектуалдык капкан турбайбы.

Инопланетяндар, албетте, жер адамы менен сүйлөшүп жатканынан "Кудай сактасын" деп шарттуу гана сүйлөп жатты. Ошол, Кудайдан коркпой Алтайды уурдап жаткан инопланетяндар Кудайга ишенбей калсын!

– И, кандайча?!

– Көрсө, сенин сүйгөнүңдүн ырлары адам баласын гана эмес, башка планеталардын гуманоид балдарынын да кызыгуусун ойготуп, көңүлдү эргитип, аң-сезимди балкытып транска чөгөрүп коёт экен. Канымгүл Элкееванын ырларын берилип окуп жатып, алаксый түшүп, башка космостук цивилизацияларды окуп изилдеген Уфологиялык борборуңардын колуна аз жерден түшүп кала жаздадык. Эгер кармалсак, Кудай өзү сактай көр, адамдар биздин биологиялык системабызды изилдөө максатында ичеги-карындарыбызды чубалтып жулуп чыгып, күнгө кургатып, айтор быт-чытыбызды чыгармак эле фашисттерге окшоп, анан акырында бизди музейлерге берип мумиё кылып катырып коюшар эле да, туурабы, Алтай?

– Жок, айланайындар, адам баласы гумандуу жан келет, – деп жатып бул инопланетяндардын "фашист" деген сөздү билгенине таңыркады.

– Гумандуу болбой калсын. Силер жаралгандан бери эле согушуп келе жатасыңар... Мейли, Алтай, биз адамдардай философ эмеспиз. Бул сөздөрдүн кажети жок. Алгач сага биздин планетабызды көрсөтөлү, анан деле апаң менен ошол сүйгөнүңө жолуга бересиң.

"Фашист" деген сөздү уккан Алтай эми "философ" деген сөзгө анча таң кала бербеди. Кызык, бул космостук келгиндер фашизм тууралуу биздин китептерибизден билишеби, же адамдардын ойлорун окуп алып эбегейсиз бай акыл казнабызды өздөштүрүп алышканбы, же Улуу Ата Мекендик согуш учурунда биздин планетага учуп келип, адамдардын согушуна байкоо жүргүзүп жүрүшкөнбү? А эгер андай болсо, эмне үчүн согуш учурунда адамдарды гумандуулук менен туура жолго салышкан жок? Бирок эми алар деле бизге жардам берүүгө милдеттүү эмес да. Канткенде да согушсуз жашай албаган адамдар өздөрү күнөлүү…

– Анда эмесе кеттик, – деди жигит ойлонбой эле.

Бул, аң-сезимдүү сыңарган биожандар Алтайды Саян айымга билгизбей, анын жападан жалгыз уулун уурдаган мындай жөрөлгөлөрү адилеттүү баага татыктуу бекен? Алтай эми инопланетяндардын космостук кызматчысы болуп калып анын аткара турган иштери адамзатына жакшылык алып келээр бекен, же кооптуу бекен?

Инопланетяндар жердикти өздөрүнүн жылдызучагына киргизишти. Алтай анын ичиндеги тазалыкка, кооздукка жана жабдууларына суктана көз жүгүрттү. Аппараттын ичи аны үчүн абсолюттук башка дүйнө, өлчөм сыяктанып Алтай кандайдыр бир денгээлде "кайф коэфициентин" сезип жатты. "Коён карышкырдын ченинде өзүн бөрүдөй сезет" дегендей, Алтай да өзүн ушул жылдызучактын астронавты, интеллектуалдык күчтүү гуманоиддей сезди. Жер акылын космостук келгиндерге алдырып алданган киши акылман гуманоид болбой калсын!

Инопланетяндар аны чоң кабинадан кичине кабинага киргизишти.

– А силер эмне үчүн отурбайсыңар? – деп тике турган инопланетяндарга кайрылды.

– А антүүнүн эмне кереги бар? – деген суроо Алтайды таң калтырды.

– Кандайча эмне кереги бар? Уча баштаганыбызда кулап түшпөйсүңөрбү?

– Биздин космостук кемелерде кулабайт. А биз эчак эле учуп баратабыз, экранды кара, бул силердин Галактикаңар, анын чек арасын кесип өтүп жатабыз.

– Күн системабызга жакынкыбы же алыскы чек арасын өтүп жатабызбы?

– Жакынкысын.

Алтайдын көздөрүнө экрандан түшүнүксүз көрүнүш урунду. Эчак эле учуп баратышканын ал сезбей калыптыр, – мына уникалдуу жетишкендик, байкоосуз жана оперативдүү тез, – деп күбүрөдү ал.

– А экрандагы эмненин сүрөтү?

– Биз сага айткандай бул силердин Галактикаңар, көрүнүш өлчөмү улам кичирейип бизден алыстап баратат.

Жогоруда айтылган жооптон белгилүү болгондой, бул келгиндердин турган жери такыр башка галактика экен. Өздөрүнүн галактикасында эмне жетишпейт, эмне үчүн мындай алыс жол учуп келишти экен? Башка галактикадан атайын учуп келгендерине караганда, биздин планета цивилизациялык статусу боюнча бул Ааламда эң сейрек планеталарынын бири деген ой акылыңа келет экен. Болбосо, ар бир эле галактикада дагы канча миллиарддаган объекттер, мүмкүн тирүү цивилизациялар бар дейсиң? Алардын бизге кызыкканы эмнеде болду экен? Биздин кичинекей цивилизациябыз кантип гана бул жогорку интеллектүү жандардын алдында маани-маңызга ээ болду экен? Же чындап эле биз килейген, жүз миң жарык жыл (астрономиялык чен-өлчөм) аралыгына созулган Галактикада жападан жалгыз цивилизациябызбы?

Кандай гана болбосун биз, адамдар, алардын биз тууралуу ой-пикирин аң-сезимдүү, ыйманы таза өнүккөн, жалпы космостук масштабда этика-эстетика нормаларына жооп берген цивилизация катары өлчөмдө көрөөрүнө татыктуу бололу. Булардын баарына биз "ушундайды каалаймын" дебей, "ушинтүү керек" деген акылмандык менен бүткүл жашообуздун глобалдык акыйкатына аң-сезимдүү мамиле жасоо менен жетишибиз керек. Жана бул суроолор үчүн мындагы келгиндерден үлгү алуунун кереги жок, сыягы. Алар адилетсиздик да кылып жатышат. Андыктан биз алардан да акылдуураак, нравалык жарыгыраак боло алабыз деген билим-ишенимди жаратышыбыз керек. Акыйкатта эч жаңылбас элек.

– Бирок, мен эч нерсеге түшүнбөйм, бул экрандагы көрүнүш түшүнүксүз?!

– Биз да ушинтип ойлогонбуз, бул табигый көрүнүш, жердик. Себеби, жердиктердин кабылдоо деңгээлине бул ашкере чоң нерсе.

– А биздин сезимибиздин кемтиги эмнеде?

– Сезимиңер эмес, силер, адамдар, сезимдерге абдан бай келесиңер. Кабылдооңор бүгүнкү күндө чектелүү. Бирок сен кейибегин, Алтай. Силердин интеллектуалдык мүмкүнчүлүгүңөр жогорку деңгээлине өсүп жете элек. Кабыл алуу-сезүү диапазонуңар дагы да чектөөсүз кеңеет. Ал түгүл силер жерде туруп куралданбаган эле көзүңөр менен айдагы майда кум-таштарды да көрө аласыңар. Бирок бул стадияга жетишиңерге чейин көптөгөн кылымдар өтөт.

– Эмне үчүн ал күндөр абдан алыс? – деп Алтай сурап калууга үлгүрүп калды эле. Ушул заматта жылдызучактын автомаалымдоочусунун дабышы угулду: "Жолдош астронавттар жана ардактуу коногубуз жер уулу, конууга "Номер бир" даярдык жарыяланат! 10080 стринге (Жер убактысы боюнча он секундага жакын) өткөн соң коносуңар".

 

***

Алтайдын тууган планетасы Жерде уулунун экинчи күн үйдө жоктугуна байланыштуу апасы Саян айым тынчсызданып сар-санаага, кайгы-капага батып жатты. Баарынан да мурда ал уулунун сүйгөн кызы Канымгүлгө телефон чалууну чечти. Саян айымдын шаштысы кетип Канымгүлдүн телефон номерин терди. Кыздын бөлмөсүндө телефон шыңгырады. Акын кыз өзүнүн чыгармачылыгынын үстүндө иштеп отурган. Телефондун алгачкы үнүнөн эле ал трубканы заматта көтөрө койду. Сыягы жүрөгү олуттуу кырдаалды сезе койгон го.

– Канымгүл угуп жатат?!

– Менин уулум кайда?! – деп эң оболу өзүнүн ким экендигин тааныштырышы керек эле, бирок энелик сезим күчүнөн улам "менин уулум кайда?!" – деп олуттуу баса белгилеп айтты.

– А эмне болду, Саян эже?! – деп Канымгүл аны үнүнөн тааныды.

– Ай кызым, кантип гана менин уулум сенин үйүңдө да эмес?! Ал үйдө мына эки күндөн бери жок?!

– Ой, Кудай, кантип ушундай болсун, ал бул жерде жок, болбосо телефон чалмак эле да! Милицияга кабарладыңарбы?!

– Ой кызы...

Саян айымдын үнү кокусунан үзүлүп калды. Телефон өткөргүчү заматта лазер нурунун таасиринен үзүлдү. Саян айым кайра-кайра телефон номерин терип жатты, бирок такыр алалбады. Канымгүл артына бурулуп капилеттен Алтайдын бөлмөдө турганын көрө койду. Ал жайбаракат анын жанына жылып барды.

– Кайда жоголуп жүрөсүң, жаным менин?! – байкуш Канымгүл ачуу көз жашын төгүп эреркеп ыйлап Алтайды бек кучактай калды эле.

Кыздын назик колдору ташка урунгандай ооруй түштү. Денеси да сүйгөнүнө даарыгандай балкый албады. Ал анткени:

– Мен Алтай эмесмин! – кескин жарыялады денеси таштай каткан муздак сүйгөнү.

– Ой Кудай! Анда сен кимсиң?!

– Мен – космостук кызматчымын. Артыман жүр, анан бардык суроо жана шегиң жоголот.

– Жок! Мен коркуп жатам! – Алтай аны колдорунан алып жатканда Канымгүл каршылык көрсөттү. Айла канча, денеси темирдей каткан муздак сүйгөнүнүн артынан басууга мажбур болду.

Алар кулпуланып калган чыгуу эшигине урунушту. Алтай оң көзүнөн бир заматта кыска импульс лазерин кулпуга нурдантты. Эшик баш ийгендей ачыла кетти. Жүрөктү түшүргөн кубулуштан Канымгүлдүн жаны кашайды. Шексинүүгө орун калбады. Ал өз көзү менен көргөн соң, Алтайга ишенди. Ал калтырап-титиреп сүйгөнүнүн артынан басты.

– Биз кайда баратабыз, кымбаттуум? – Канымгүл толкундана сурады.

– Сен буларды билишиң керек эмес! Мындан ары суроо берген адатыңды койгун. Эми сенин суроолоруң мени кызыктырбайт, себеби мен жалпы адамдык касиеттеримди жоготтум!

– Кокуй! Кайда жоготтуң?!

– Эмне кыласың билип? – кош көңүл жооп берди.

Мурда сүйгөнү менен мындай орой сүйлөчү эмес эле. Дайыма сылык, этият мамиле жасап, сүйүүсүн бапестеп көздүн карегиндей сактачу. Демек сүйүүсү да, денеси да жулуу жумшак эле.

– Анда кандай максатта мени жетелеп баратасың?

– Бөтөн цивилизациялар тарабынан мен ушундай программаланганмын.

– Кайсы цивилизациядан? – деп Канымгүл жүрүп жаткан окуянын маңызын түшүнө бербеди. Алар шашылыңкы белгисиз багытка кетип баратышты. Жашыл майданга чыгышып жарды бойлой басышты. Бир километрдей аралык басып өтүшкөн соң жерге отура калышты.

Алтай Канымгүлдүн тулку боюна кылдаттык менен башынан аягына чейин көз жүгүрттү. Өмүрүндө биринчи жолу көргөндөй. Анын мындай адаттагыдай эмес жоругунан Канымгүлдү коркунуч сезими сайгылады. Роботтун кызды минтип карап жатканынын себеби, бул учурда анын оң көзүндө "таамай" режими иштеп аялдын ички организминин түзүлүү өзгөчөлүгүн изилдеп жатты. А эркек адамдын организми Алтайды инопланетяндар операция кылганда изилденген. Учурда кабыл алынып жаткан маалыматтардын баары нейтриндик байланыш системасы аркылуу инопланетяндардын цивилизациясына шар аккан суудай кетип жатты.

Аталган "таамай" режими, албетте, жердик кызды "жылаңачтандырып" анын айтып бүткүс сулуу табиятынын сүрөтүн гуманоиддердин Илим-изилдөө Борборуна "салып жиберди".

Биороботтун сол көзүндө "көрүү" режими кабыл алынган. Оң көзү керек болгон учурда "таамай" режимин блокировкалап, Канымгүл роботтун апасы менен сүйлөшүп жатканда телефон зымына, андан соң жабылып калган эшигинин кулпусуна лазер нурун аткан.

– А бул болсо менин скафандрым, – деп капилеттен жерде үйүлүп турган капкара күлдү буту менен тээп мейкинге сапырып жиберди.

– Сен эмне, күл менен скафандрыңды айырмалабай калдыңбы?! Кур дегенде Жердин ыйык ысык отунун сырын унута электирсиң, жаным?! – сүйгөнүмдүн акыл-эси да жабыр тарткан го, деп Канымгүлдүн зээни кейий түштү.

Албетте, адам сезимин кибернетикалык сезимге алмаштырган Алтай эми сүйүүнүн жана көп асылзаада дөөлөттөрдүн символу болгон ыйык оттун керемет касиетин билмек беле?

Байыркы Енисей кыргыздарынын баласы гана, бөтөн гуманоиддердин кандай гана даражадагы операциясына дуушар болбосун, отко болгон назик сезимин сактап калмак эле. Анткени, Енисей кыргыздары Ислам динине өткөнгө дейре отту ыйык, таза, касиеттүү көрүп ага сыйынып келишкени белгилүү.

"Өткөн түндө кай бир бактылуу кыз-жигиттер бул жайдын жылдыздуу ажайып түнүндө, бул жерде от жагып сүйүүлөрүн ысытып рахаттуу эс алып кетишкен го? ...анан жылдыздарга учуп кетишкен го?" – деп махабаттын белгисиз бактылуу инсандарына бир заматта кыялдана суктана түшкөн Канымгүлдүн учурдагы санаасын Алтайдын жообу бөлүп-жарып жиберди:

– Терең түндө мени инопланетяндар өздөрүнүн жылдызучагынан жерге парашют менен ташташкан эле…

Адам кезинде өмүрүндө парашют менен секирбеген киши, машина болуп калганда секиргенин көрбөйсүңбү. Демек, бул машиналык адам парашют менен секирүүнүн рахатын сезбей калган турбайбы. Алтайды таштаган бийиктик – ионосферанын астыңкы негизинде сексен километрге, ал эми андагы курчаган чөйрөнүн температурасы -88° С суукка барабар эле. Атайынкы дайындалган скафандр, албетте, Алтайдын тулку боюнан калган табигый биологиялык жагын түркүн зыяндуу фактордон сактап турат.

Анда Алтайды жерге парашют менен таштап коюп инопланетяндар өздөрүнүн жылдызучагын кайра асманга бурушкан эле. Аз ылдамдыкта учуп отуруп Жер планетасынын атмосферасы толугу менен чегине чыкканча Жерден алыстап көтөрүлө берип, атмосферанын составын жана андагы көптөгөн компоненттерди борттон туруп изилдешкен. Ал эми ылдый жагын жерге конгонго чейин Алтай өзү изилдеп чыккан эле.

Учурда ал абаны терең жутуп демин бир саамга кармап турду. Бул учурда анын "денесинин" ичинде аба катмарынын анализи жүрүп жатты. Айтор, Жер атмосферасынын жаратылышы албетте, бизге бир далай эле белгилүү. Ал эми инопланетяндар болсо, буларды өз алдынча өз ыкмалары боюнча окуп-үйрөнүп жатышат.

Алтайдын сол көзү "спектр" режиминде спектралдык анализдин функциясын аткарат. Робот угуп-көргөн нерселердин баарын инопланетяндар да ошондой эле угуп-көрүп турушат. Мындагы күлгө айланган скафандрды лазер нуру менен күйгүзүп жиберүүгө да өткөн түнү инопланетяндар Алтайга буйрук жиберишкен.

Мына ушундай ыкма менен Алтайдын жардамынан пайдаланып инопланетяндар бардык маалыматтарды чогултуп Жер шарыбыз жөнүндө илимий-популярдуу электрондук китеп жаратышмакчы. Алтай эми тигил планетада глобалдык өзгөчө-зарыл мааниге ээ болгон биологиялык робот. Ал кадимкисиндей элдин арасында жашап, нейтринонун импульстары кайда багыттаса, ошол маршрут боюнча Жер шарын кыдырып жүрө берет. Анан да ал чалгындоо инструкциясына ылайык, кылдаттык менен нормалдуу адам сыяктуу эмоционалдык жүрүш-турушту, техникалык дефекти жок сүйлөөнү, тамактануу жана ушул сыяктуу табигый функцияларды жасалма имитациялап маскировка системасын кылдат сактап жүрө берет. Булар туурасында инопланетяндардын эрки менен Алтай Канымгүлгө айтып берди.

– Мунуңдун баары бүт адамзатка чыккынчылык эмеспи? – деди ал.

– Жок, Канымгүл!

– Сен мени сүйөсүң да, Алтай?

– Жок, Канымгүл! – кесе жооп берди ал заматта, – мен жүрөгүмөн жана бүт адамдык туюмдарыман айрылгам. Менин сүйүүм, жүрөгүм жана бардык ички органдарым бөтөн галактикада операциялык столдо калып алар муздаткычта тоңдурулган. Андыктан мен эми адам эмесмин. Жансыз денем, электроника-автоматика системасы менен бириккен мээм гана калды, – деп ал оң сөөмөйү менен бешенесин көзөдү.

– Саткын экенсиң, Алтай! – деп Канымгүл атайылап айтты. Мындай кемсинтүүгө ал нормалдуу адам катары кенелээр бекен деген ойдо. Тилекке каршы Алтайда эч кандай сезим пайда болгон жок да минтип айтты: сен жаңылып жатасын, мен саткын эмесмин, мен космостук кызматчымын, мурдакы эске тутуум жок муздак роботмун! Сүйүүбүздүн оту өчтү, бүттү! ЖОК, КАНЫМГҮЛ!!!

Канымгүл селт дей түштү.

Робот Канымгүлгө, эгерде бул сырларды адамдар арасында жайылтса, жакшы учурда эсинен бардык жашырын маалыматтарды өчүрүп, ал эми жаман учурда аны жана булар жөнүндө билип калышкан адамдарды четинен кырып жок кылаары тууралуу катуу эскертти. Болгондо да мындай мыкаачылык тапшырманы көзүндө лазердик куралы бар Алтай өзү аткарат.

Жер кыздарынын сулуулугун жана ички организмин көрүп чыккан "таамай" режими эми болсо айланадагы жакынкы жана алыскы тоолорго өткүр көздөрүн артты. Геологиялык чалгындоо жүргүзүп жатып алтын, көмүр жана башка кен байлыктарды тапты. Көрсө бул жердин жашыл теребел жамынган арчалуу тоолору өз бооруна алтын жана башка баа жеткис байлыктарды катып ырыстуу келет экен. Эми адамдар буларды кези келгенде издеп тапкан соң тоолордун көркүн бузбай, экологиялык тартипти сактап, жаратылыш ресурстарын этияттык менен казып алып цивилизациялуу пайдаланышса. А инопланетяндар албетте, биздин алтыныбызга тийбейт. Алардын максаты такыр башка.

Жерде инопланетяндардын цивилизациясынан эч ким жок болчу. Өздөрүнүн планетасында туруп эле роботту башкарууга технологиялык кубаты жетип турат. Анан ырас эле алар Аалам аралыгынан жана нейтринонун учуу ылдамдыгынан көз каранды болбогон заматтык нейтриндик байланыш жүргүзө алышат экен.

Капысынан робот шарттуу түрдө өз апасын эстей калды:

– Канымгүл, жүрү менин апама.

– Ооба, эң туура, ал сени эки күндөн бери издеп сар-санаага батып жүрбөйбү?

Кандай гана болбосун, роботту апасына алпарууну Канымгүл өзүнүн моралдык милдети катары сезди.

Алар үйдүн астанасын эми эле аттаганда кусадан запкы чеккен апасы жансыз робот-уулуна кучак жая боюн таштады. Саян айым эми эле уулун кучактайын деди эле, бирок ал кучагына жетпей калды. Космостон жүрөк жанчыган буйрук келип автоматикалык айрылуу абалы өкүм сүрдү: робот тездик менен заматта артка бурула коюп, эми эле сырттан кирип келишкен эки милиционерге лазер нурун атып, алардын денелерин жырткычтыкча күл болуп асманга сапырылгыча куйкалап салды. Алардын кымындай да издери калбады.

Бул милиционерлер, Саян айымдын уулунун жоголгондугуна байланыштуу телефон аркылуу чакыруусу менен келишкен эле. Саян айымды болсо Канымгүл араң жан кармап өзү да роботтун апасы менен кошо эс-учунан танып жатты. Алтай аёосуз жана кымындай да сезимсиз өз үйүнөн тескери жакка, кайдагы бир инопланетяндардын эрки менен кетип жатып, эгерде бул сенсациялык сырларды элге жайылтышчу болсо, кандуу жазалоо күтүп тураарын эскертти.

"Кош болгула, менин кымбаттууларым!" – деп Алтай шарттуу гана үн чыгарып жатты.

Робот эч бир өкүнүчсүз, кусалыксыз, тууган апасын, сүйүктүү кызын, Жердеги жашоо гүлүн, түркүн түстүү ажайып тоолорду, мөлтүр сууларды, жыты буруксуган гүлдөрдү жана да көптөгөн, жан-дүйнөсүнө сиңип калган жаратылыш палитраларын таштап кетип жатты. Себеби анын адамдык, биологиялык, өз алдынча ой жүгүртүү касиеттери, наз жүрөгү, сүйүү жана башка ыйык сезимдери, жалпылап айтканда нормалдуу аң-сезими бөтөн галактиканын белгисиз цивилизациясынын аймагында жоголгон.

 

Эпилог

Мына ошентип окуя да бүттү, бирок Канымгүлдүн таланты да, сүйүүсү да бүтпөй жашарып уланып келе берет. Эми жогоруда айтылган сөздү Канымгүл Элкееванын ырлары аркылуу карап көрсөк:

Менин досум

Жолум алыс, сапар тартып барамын,
    Чарчагансып тайыйт кээде каламым.
    Чарчаба деп жөлөп-таяйм мен аны,
    Түшпөс үчүн бекем кайра кармадым.

Калем менин эң негизги куралым,
    Ал чарчаса анда эмне кыламын.
    Бар күчүмдү болушунча мен топтоп,
    Таалыкпаска мен аракет кылайын.

Ал менин эң биринчи курдашым,
    Капалыкты тең бөлүшкөн сырдашым.
    Башкаларга айта албас сырымды,
    Каламыма дароо эле айтамын.

Капалыкты, кубанычты кошо тарткан,
    Мени менен кошулуп тамак тапкан.
    Жалгызмын деп жалооруп отурганда,
    Шерик болуп аны мага унуттурган.

Мына ушул ыр саптары Канымгүлдүн акындык жолун тандап алганынан кабар берет. Ал эми анын төмөндөгү ырын бир караганда автордун кадырэсе түшү болуп көрүнгөнү менен, чынында бул ыр фаталисттик-мистикалык терең сырды катып жаш акын кыз Канымгүл Элкееванын чыгармачылык келечегин ыроологонсуйт:

Алптардын деми

Сапар тартып бара жатып,
    Көрдүм жарык күйгөн отту.
    Ошол отко жакын барып,
    Жылытамын тоңгон ойду.

Айлана бүт жарык болуп,
    Чогулду улуу акылмандар.
    Жүздөрүнө күлкү толуп,
    Келди дагы жазуучулар.

Мен көрдүм Шекспирди,
    "Гамлетти" жазып отурган.
    Дагы көрдум Гётени,
    "Фаустту" улап токуган.

Менделеев дагы ойлонуп,
    Элементин тизип жатат.
    А Ньютон миң толгонуп
    Күчтөр менен алп урушат.

Омор Хайям шарабы бар жанында,
    Ойлуу дагы каламы бар колунда
    Баласагын китебин бооруна алып
    "Кут билимин" дагы эле улантууда

Пушкин ойлуу чакырат мени,
    Окугун деп "Евгений Онегинди".
    Эркимди көтөрүп койду
    Алыкулдун берген деми.

Көп сүйлөштүм кечке отуруп,
    Акыл насаат айтышты.
    Мендеги бөксөлүктү толтуруп
    Капалыкты жууп салышты.

Бүткүчөктү маек салып,
    Атып кетти таң агарып,
    Түш болсо да мени алдаган,
    Жан дүйнөм калды тазарып.

Мына ушул жогоруда чагылдырылган ырлары өзүнүн маанисине жараша жаш акындын чыныгы, реалдуу фаталисттик ишенимдүү белгиси болуп калсын!

Анан сүйүү маселесине токтолсок, Канымгүлдүн сүйүүсүнүн учурдагы тагдыры аңгемедеги фантастикалык сюжеттен такыр башкача. Эмесе, жаш акын Канымгүл Элкееванын сүйүү ырларына токтолсок:

Кыялдагы ойлор

Келет ыйлагым,
    Өзүмдү кыйнагым,
    Жеңилдетип жан дүйнөмдү.
    Шамды жагып.
    Жылдыз тагып,
    Жарык кылып бул өмүрдү.

Табамбы мен
    Өзүмө тең
    Жашымды менин аарчычу.
    Жанымда болуп,
    Кайгырсам эгер,
    Жүрөккө дары табуучу.

Кээде болот,
    Кайгыга толот,
    Жалгызсырап жан дүйнөм.
    Акыл айтса,
    Акылман мага,
    Жаш баладай сүйүнөм.

Табышмак болгон,
    Сырга толгон.
    Өйдө-ылдый жолдордон.
    Адашпай мен,
    Тапсам экен,
    Бактымды өзүм болжогон.

Издейм сени

Тоодон издейм бийик бийик чокулары,
    Тоодой токтоо болсун деп сени дагы.
    Көлдөн издейм туптунук мелмилдеген,
    Көлдөй сулуу болсун дейм го сыягы.

Издеп жүрөм кең жайылган талаадан,
    Пейли кенен болсо экен деп сүйгөнүм.
    Суудан издейм таштан ташка урунган,
    Суудай шайыр болсунчу деп күткөнүм.

Өзүңдү чыгабы деп капысынан,
    Достору көптөрдүн арасынан.
    Ошолорду аралап издеп жүрөм,
    Түгөйүмдү тапсам экен жаңылбастан.

Узун-узун жолдордон калбай издейм,
    Сүйүүбүз түбөлүктүү болсун деп.
    Сүйүүдөн жаралган уул-кыздарды,
    Экөөбүз жүрсөк деймин жетелеп.

Жарык чачып жүрөгүмдү
    элжиреткен,
    Издеп жүрөм жылдыздардын
    арасынан.
    Көктөн издейм өзүңдү мелтиреген,
    Болот дейм го адамдардын
    Тазасынан.

Издеп жүрөм жөнөкөйлөр
    арасынан,
    Жолугаар дейм ошол жактан
    капысынан.
    Принц болуп же мага жолугат деп,
    Издеп келем хандардын
    Тактысынан.

Таланттуулар арасынан издеп келем,
    Ошол жакта болбосун деп түгөйүм.
    Таланты болбосо да мейли эле,
    Жүрөгүндө сүйүү болсун тилегим.

– дегендей Канымгүлдүн турмушунда Алтай-роботко окшогон сүйгөнү боло элек жана андай, инопланетяндардын экспериментине кабылган сүйгөнү болбосо экен. Жаш акындын ырларынын мазмуну өзү айтып отургандай чынында эбегейсиз жароокер Канымгүл өз сүйгөнүн табияттын таза булактарынан издейт.

Менин илимий-фантастикалык аңгемеме каарман болуп чеберчилик менен катышып бергенине Канымгүлгө койнума баткыс ыраазылыгымды билдирем.

Андыктан, жаш акын Канымгүл Элкееванын "Кибернетикалык "сезим" аңгемедеги тагдыры, мындайча айтканда, актрисанын ролу болуп калды да, ал эми турмушта таланттуу Канымгүлдүн ак сүйүүсү али алдыда...

 

© Улан Дүйшөналы-Марипат, 1996

 


Количество просмотров: 2442