Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия
© Зинакан Пасаңова, 2012. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2012-жылдын 18-майы

Зинакан ПАСАҢОВА

Эне ыры

(ыр түрмөк)

Бул ыр түрмөк көп жылдардан бери энелик жүрөктөн жазылып келатат. Жакшы тилектер менен перзент өстүрүп жана балдарынын урмат-сыйына бөлөнгөн бардык энелерге арнайм.

 

                                      Жакшы тилектер менен перзент өстүрүп
                                      жана балдарынын урмат-сыйына ээ болгон
                                      энелерди жана эне болуучу кыздарды
                                      Эне күнү майрамы (20-май) менен куттуктайм!

 

Кутман тан

Жекшембинин кутман аруу таңы атты,
Асман бүркөө, болбосо да күн ачык.
Оокат жасап ойгонгончо балдарым,
Ырыскылуу эне болгон күн бакыт.

Дем алыш күн мага өзгөчө кутмандуу,
Дасторконго даам толтуруп эң таттуу,
Бул күнү мен жөпжөнөкөй энемин,
Үйдүн куту, балдарыма урматтуу.

Күтөм ушул жекшембинин ак таңын,
Күндү тосуп, эрте турар адатым.
Мээримине бир үй-бүлө жылынган,
Бул күнү мен эң бактылуу апамын.

 

Бала деп кагам канатты

Оорушпаса балдарым – ойлорум тынч,
Оозуна жем тиштеген болуп чымчык,
Калган күнүн өмүрдүн аларга арнап,
Канатымды талыкпай кагаарым чын.

Күлүп-жайнап турушса – көңүлүм тынч,
Күндө менин Кудайдан тилээрим шул.
«Алдыңарга кетсем», — деп миң айлансам,
Алпка тете кайрат-күч табаарым чын.

Эне-бала жашоонун түйүнү экен,
Сүйүүсүнө эненин не келээр тең!
Эл-журтума өстүрсөм эр азамат,
Ошол баар тапканым эмгегимден.

 

«Тар бөлмөдө тоскон кышты сагынып…»

Пенде болсом көзгө түшпөс көп элге,
Эки жанга канат жайган энемин.
Бири-бирибизди демибизге жылытып,
Бир бөлмөдө кыш өткөрүп келебиз.

Жаңы жааган аппак карга сүйүнүп,
Тар бөлмөгө батпай туйлайт балдарым.
Мен алардын тоңгон колун жылытып,
«Оорушпаса…» деген ойдон чарчадым.

Кыш да өтөөр, добул токтоор, кар эрип…
Балалыктай артта калаар баарысы.
Күтүп турар уулдарымды улуу иш,
Алып кетер арбап жолдун алысы.

Учаарсыңар канат күүлөп алыска,
Мен калаармын тууруңарды жай кылып.
Хан сарайда жашаарсыңар, а бирок,
Тар бөлмөдө тоскон кышты сагынып…

 

Ооруканада жазылган ыр

Өлбө, жаным! Мен уулума керекмин!
Өлүп калсам эркелетип өбөт ким?
Тентектигин, кежирлигин көтөрүп,
Ачынса жаап, түн уйкусун бөлөт ким?

Ким тажабай былдыр тилин уга алат,
Ким чарчабай ою менен боло алат?
Кимдин көзү тойбой тиктеп кубанып,
Кудайындай, паашасындай көрө алат?

О Жараткан, бала-энени бөлбөгүн,
Балапаным жетилгиче өлбөйүн?!
Ууз сүйүүдөн өксүп өткөн жандар көп,
Жетимдикти балама ыраа көрбөгүн?!

 

«Ыр жазгым келет балама арнап…»

Ыр жазгым келет балама арнап,
Ылайык сөздөр табылбай кыйнайт.
Жүрөгүм толо сүйүүнү кантип,
Төрт саптуу ырга батырып ырдайм.

Кылыгын айткым келсе да эгер,
Керектүү сөздү таба алар белем?
Кымбаттан кымбат перзентим сени,
Сыпаттап берер дарман аз экен.

Сагынып өпсөм бетиңден искеп,
Сан гүлдөрдүн жыпары жетпес.
Кучактап туруп кумарым канбайт,
Садагам менин санаамдан кетпес!

Ширинин шимип тилине канбайм,
«Апа» деп койсо ааламга батпайм.
Утурлап тосуп келатса чуркап,
Алдымдан чыгат Күн менен Ай!

 

Тилек

Башы көккө жете түшөт энеңдин,
«Багам, — десең, — Сизди колго көтөрүп».
Бар бол, уулум! Кудай берсин тилегиң,
Ошол күнгө аман-эсен жетелик.

Эр жигитке эне багуу кеп бекен,
Бир тиргилик өтөөр тоюп, ач калып.
Энем десең элге коргон болуп бер,
Ошол мени колго салып бакканың.

Калайык калк жүдөп турган кезинде,
Хан сарайда жашаганың эп дебейм.
Пейил күтүп, бей-бечараны жерисең,
Мен төрөгөн азамат уул Сен! дебейм.

«Майда эл» деген кирбе душман кебине,
Намысы курч, көк жал улуу бар журтуң.
«Кыргыз» деген атты бизге жеткирген,
Тилин сактап, жерин сактап үч миң жыл.

Ак калпакты алчыланта кий, уулум!
Мекен үчүн кош билекти түр, уулум,
Баба салты, бай мурасы коштогон,
Үч миң жылдык тарыхың бар, бил уулум!

 

«Жаштыгымды балдарымдан көрөмүн…» 

Күрмө кийип, күзгү алдында каранып,
Каада күтөт, жигиттерче таранып.
Жаш өмүрдүн гүлдөөр маалы келди бейм,
Жашчылыкка жол бошотуп балалык.

Боюн сыпаа, кызга жагар күтүнүп,
Кыял-ойго көп арбалат үшкүрүп.
Менден алыс качкан бакыт кушуна,
Уулум жетсин түгөйүн таап, кыз сүйүп.

Дарак сымал ийип турган мөмөсүн,
Бактым чексиз, доорун сүрүп эненин.
Жаштык менден кеткенине кейибейм,
Жаштыгымды балдарымдан көрөмүн.

 

Уулум тапкан нан таттуу 

Алган күнү эң алгачкы маянаң,
Сатып келдиң сүткө жууруп жапкан нан.
Ооз тийдим мен эбеденим эзилип,
Мындай таттуу нанды эзели татпагам.

Балам тапкан нандын даамы таттуу-ов!
Уулдун нанын жеген кандай жакшы го!
Ак пейилден ак батамды берейин,
Арзып тургун ар убакта алкоого!

Алкап-алкап ак батамды берсем деп,
Апаң сага кош алакан жайып тур.
Аман жүрсөң эл ичинде, берекем!
Ак сүтүмдү актаарыңа көөнүм тынч.

Калк ичинде кадыр тапкын, каралдым!
«Кимдин уулу?!» — деп көргөндү тамшантып.
Кыйын чыкса кымбат көргөн перзенти,
Кайсы энеге андан артык бар бакыт?

Күнүм бүтсө мен да өтөөрмүн өмүрдөн,
«Апам – ой! — лоп жоктоп ыйлап турарсың.
Көзүм барда миң айланам өзүңдөн,
Бул жашоодон тапкан жалгыз кубанчым.

Жараткандын мага кылган тартуусу,
Жандай сүйгөн эки уулум – эки шер.
Мен силерге тилейм өмүр бактылуу,
Тагдыр тилейм жоомарт жана берешен!

 

Уулдарыма насаат

1-ыр

Күндөр кандай тез өткөнүн карачы,
Күүлөп канат, талпынасың учууга.
Жаза басар жолдон сактап арачы,
Жаныңда эми боло албасмын, уулум ай!

Жүрбөстүрбүз жетелешип эми биз,
Жүрөгүмдү төшөсөм да жолуңа.
Арзып айткан акыл менен кеңешим,
Айланса экен сенин акыл кошчуңа.

Айткан сөзүм кулагыңа иле жүр,
Ар убакта көкүрөккө түйө жүр.
Ак-караны алмаштырбай бөлө бил,
Адал -арам ажыратып биле жүр.

Уулум, сени бакыт үчүн төрөгөм,
Багып келем балапандай бөпөлөп…
Балалыгың өтүп жатат бактылуу,
Өмүрдү да сүйгүнчүктүү жашап өт.

Куттуу үйдү жарык кылар чырагым,
Саябандуу бак болор деп турамын.
Адам туулат аркалоого бир милдет,
Ал милдеттиң өтөсүнөн чыга алгын!

Башың көккө жетсе дагы бузбагын,
Улууга урмат, кичүүлөргө ызаатың.
Байлык берсе башкаларды унутпа,
Жашоодо көп карып менен мусаапыр.

Балам, дайым адал нан жеп чоңойдуң,
Ак жашап өт. Кызыр болсун жолдошуң.
Амандыгың ар убакта тилөөгө,
Ата-энең да бешенеңде бар болсун.

2-ыр

Тең курбулук издебе мансаптуудан,
Теңине албайт даражаң төмөн турса.
Таң калбагын, кай бир күн тийсе пайдаң,
Намыс-арды унутуп кулдук урса…

Бойлошом деп ойлобо бактылууга,
Бул жашоо ага күндө той, күндө майрам.
Акты актай, караны кара бойдон,
Көрө албайт го бакытка мас болгон жан.

Курдаш болуу кыйын го дөөлөттүүгө,
Ага-иниң тың чыгып жөлөбөсө.
Аш-тойлордо : «Артында кими бар?» — деп,
Карап турат сын тагып жөнөкөйгө…

Алыс болгун ашынган акчалуудан,
Бир тыйындын артынан сая кууган.
Кайдан жетсин адамдын кадырына
Дүнүйөгө кул болуп шору куруган.

Жаратканым сактасын кара өзгөйдөн,
Адам дилин уулаган суук сөздүүдөн.
Калган көңүл – тоңгон муз эч эрибес,
Сууган сезим  — өчкөн от, кайра күйбөс.

Жолотпогун жаныңа, жүргүн оолак,
Жан күйөрдөй көрүнгөн шумпайлардан.
Миң кубулма жүзү бар аларыңдын,
Ичи-койнуңа кирүүгө күчүн жумшайт.

Эгерим түк жолуң туш келбесе экен
Бул дүйнөдөн жөө качкан безерлерге.
Жакшы адамдын тиет го шарапаты,
Жаман жолдош кабылтат кесепетке.

Жарык болуп күйүп турсун жылдызың,
Ак жолуңда жайнап турсун ырыскың.
Өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп,
Ага-инилер ийнин жөлөп турушсун.

Антка бекем ак ниет болсун жолдошуң,
Аруу сүйгүн, ажырашпай колдоруң.
Ак батасын алган элең апаңдын,
Ар убакта ачык болсун жолдоруң.

2000-2012-жылдар

 

© Зинакан Пасаңова, 2012

 


Количество просмотров: 4375