Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Руханий адабият / Философия жана илим, Философия / Философия жана илим, Илим
© Чоюн Өмүралиев, 2012. Бардык укуктар корголгон
© “Кыргыз Жер”, 2012. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2012-жылдын 28-майы

Чоюн ӨМҮРАЛИЕВ

Теӊирчилик. Коом-Мамлекет

Теңирчилик – дүйнөлүк окуу, диний-илимий-философиялык улуу система. Автордун бирдикт үү концепциясы ушундай. Ал буга дейре теңирчиликти этикалык («Теңирчилик», 1994), тил, жазуу, табигый илим («Теңирчилик. Бурут тамга – Төрөн тил») өңүттөрүндө изилдеген монографияларын жарыялаган. Колуңуздардагы китеп автордун мурда жарык көргөн «Теңирчилик» (Көчмөн цивилизация тереңин көздөп… Б. 1995) жана «Теңрикут» («Кыргыз Эл» мамлекети, Б. 2010) китептери, ар жылдары жазылган ой-толгоолордон түзүлгөн, теңирчиликти укук жаатында тереңдеткен эмгек. Бул китебинде ал көчмөн цивилизациянын көп кырлуу, төтөн, руханий мүнөзүнө токтолуп, дүйнөдөгү ээлеген өзгөчө маанисин, ордун белгилейт. Єткөндүн өңүтүнөн чыгып азыркы заманды аңдайт, алдыга жол чалат. Руханий эволюциясын сактаган коом гана айтөгөрөктөлгөн төл системине ээ болот, түбөлүгү түз деген жыйынтыкка келет. Ошондой эле батыш жана көчмөн мамлекеттүүлүк философиясынын тек-генезисине саресеп салып, аларды салыштыра жана синтездей келип, бүгүнкү кыргыз укукчул мамлекети кандай болушу керектиги тууралуу ой толгойт. Улуттук идеологиянын уңгусун жаңы «КЭЛ» — «Кыргыз Эл» мамлекети концепциясынын өзөгүнө чөгөрүп сунуштайт. Жалпы адамзатка алымдуу идея – «Манас цивилизациясынын манифестин» жарыялайт. Китеп мугалимдерге, студенттерге, укуктаануучуларга жана жалпы эле улут философиясынын проблемаларына кызыккан окурмандардын кеңири чөйрөсүнө багытталат. Кыргыз Идеясына кызмат кылат.

Өмүралиев Чоюн. Теӊирчилик: Коом-Мамлекет. – Бишкек: Кыргыз Жер, 2012. – 304 б. китебинен алынды

УДК 1/14
    ББК 87.3(2)
    Ө–99
    ISBN 978-9967-26-597-4
    Ө 0301030000-12

Жооптуу редактор

Мукасов Ы.М. – КР УИАнын корреспондент-мүчөсү, философия илиминин доктору, профессор

Рецензенттер:

Аскаров Т.А. – КР УИАнын корреспондент-мүчөсү, философия илиминин доктору, профессор,
    Асанова Ү.А. – философия илиминин доктору, профессор,
    Абдырахманов Т.А. – тарых илиминин доктору, профессор,
    Кайыпов С.Т. – филология илиминин кандидаты, профессор.

КР УИАнын Философия жана саясий-укуктук изилдөөлөр институтунун окумуштуу кеңешинин жыйыны Ч. Өмүралиевдин «Теңирчилик. Мамлекет-Коом» аттуу китебин басмадан чыгарууну сунуштайт.

 

Редактордон:

Урматтуу окурман!

Сиздин колуңуздагы эмгек «Кыргыз Жер» илимий-агартуу басылмасынын кезектеги чыгарылышы. Айтып кетчү сөз, бул 1998-жылы негизделген журнал, андан бери ай сайын же квартал сайын эмес, ал эмес жыл сайын да чыккан жок. Анткени бул журналда башка басылмалар баспаган, бирок элибиздин илиминин, билиминин өсүшүнө зарыл керектүү гана чыгармалар жарык көрөт.

Мисалга, «Кыргыз Жер» журналынын биринчи номерине залкар физик маркум Самат Кадыровдун Уңгуталаа теориясы орус, англис тилдеринде басылып чыгып, дүйнөлүк илимий коомчулукка таркатылган. 1996-жылы Санкт-Петербургдагы Эл аралык илимий конференцияда С.Кадыровдун баяндамасы зор кызыгууну жаратып, конференция анын бул илимий ачылышы тууралуу А.Акаевке атайын Кайрылуу кабыл алган. Бул тууралуу учурунда өлкөбүздүн жалпыга маалымдоо каражаттарында кызуу талаштуу макалалар жарык көргөн. Мисалы, бирөөнү эле алсак, «Слово Кыргызстана» гезити «Эйнштейнди көңтөргөн Кадыров» деген макаланы басып чыгарып, орус тилдүү окурмандар чөйрөсү да талашка кеңири тартылган.

Тилекке каршы, бул фундаменталдык физикадагы XX кылымдагы эң бир чоң илимий ачылыштын бири азырынча өзүнө тиешелүү баасын ала элек. Бирок анын зор келечеги алдыда деп үмүттөнүүдөбүз.

«Кыргыз Жер» журналынын кийинки номеринде Ч.Өмүралиевдин «Теңирчилик. Бурут тамга – Төрөн тил» аттуу көлөмдүү чыгармасы басылган. Бул чыгарманын жаңылыгы – автор мында азыркы синология илиминде бир гана байыркы кытайлыктардын жазуусу катары эсептелип жүргөн «инь» жазууларынын түркү тилиндеги окулушунун ачкычын таап берген. Ошондон чыга, азыркы кытай жазуусунун 214 йероглиф ачкычынын баарын тең түркү тилиндеги окулушун (фонетикалык да, графикалык да) сунуштаган.

Мындан тышкары, «вэньян» жазма тилинин теги байыркы түрк тили менен тектеш, демек, бүгүнкү күндө жалаң эле «байыркы кытайдыкы» катары эсептелип жүргөн «Шаң Ин» маданиятынын жаралышында байыркы Алтай урууларынын салымы зор, «мүмкүн негизги» деген азыркы илим үчүн эч күтүүсүз болгон жыйынтыкка келген автор.

Журналдын ал саны шартка байланыштуу чектелүү гана нускада жарык көрүп, илимпоздордун тар чөйрөсүнө таркатылган эле.

Жакында бул чыгарманын экинчи жолку басылышы кайрадан ушул эле журналда жарык көрмөкчү.

Ал эми колуңуздардагы басылмада болсо Чоюн Өмүралиевдин «Теңирчилик. Мамлекет–Коом» аттуу жаңы чыгармасы. Автордун кыргыз дүйнөтаанымы боюнча монументалдуу изилдөөлөрүн түзгөн бул эмгекте жыйырма жылдан берки Кыргызстандын мамлекет жана коомдук көйгөйлөрү жыйынтыкталат. Эгемен мамлекетибиздин тарыхында биринчи жолу анын мамлекеттүүлүк таржымалына байланышкан, т.а. соңку кыска тарыхы; мамлекеттүүлүктүн генезиси жана философиясы; конституциялык оңдоолорунун эволюциясына системдүү анализ; улуттук башкы символиканын табияты; өлкөнүн идеологиялык өнүгүүсүнүн комплекстүү программасы, жалпы адамзаттык цивилизациялык көйгөйлөр жана бул контексттеги Кыргыз-Алтай элдеринин цивилизациялык орду – мына ушунун баары автордук бирдиктүү концепцияда берилип отурат.

Көңүл бурарлык нерсе – өткөн жыйырма жыл ичинде үч президенттин тушунда мамлекеттик саясат канча түрлүү өзгөрүлбөсүн, автордун позициясы дайыма туруктуу. Ал – Мамлекет менен Жарандын кызыкчылыгынын ажырастыгы, мамлекеттин элдиктүүлүгү, мамлекеттик менчиктин артыкчылыгы, Киши – Эл укугунун гармониясы, соңкусунун дайыма Сый абалга ээлиги.

Мындан тышкары улуттук Конституциянын автордук долбору берилген.

Кыргызстан эгемендүүлүк жылдарында узак, ар кандай оомалуу-төкмөлүү окуяларга бай жол басса да, биздин оюбуз боюнча, азыр деле өзүнүн келечекке багыт алган түз, даңгыр жолун таба элек. Коомдук, илимий чөйрө да мамлекеттин, коомдун өз жолун табышына өзүнүн керектүү салымын кошо элек. Ушундай жоопкерчиликтүү тапта бул чыгарманын мааниси зор деп санайбыз.

Урматтуу окурман! «Кыргыз Жер» илимий-агартуу коом жамаатынын атынан Чоюн Өмүралиевдин чыгармасынын тереңдигине жана кенендигине кирип-чыгуу жолуңуз байсалдуу болушун каалайбыз.

 

КООМ – МАМЛЕКЕТ

 

Алгы сөз

Замананын зарын ук.

Арстанбек

Басаар болсоң алдыга,
    Байыркы Жол учун айт. 
    Багытыңды “сак-сак!” — тап, 
    Бабаң Манас учурайт.

90-жылдардын башында айтылган кеп эле бул. Ооба, ошол жылдары сырткы коомдук турмушубузда да, ички руханий дүйнөбүздө да, аңылдап оңбогондой бир вакуум турду. Жаңы эле эгемендикке бут малган жайдары кыргыз эли кайда басаарды, кимди ээрчирди билбей дел турдук. Анткени буга чейинки көндүм түшүнүк боюнча коомдук экономикалык формациялардын – капитализм деп аталган бир орчун тепкичин эч баспай туруп улуу орус элинин шарапаты менен феодализмден социализмге карай бир аргып секирип өтүп кеткен бактылуу эл биз элек! Биз билген бир-ак чындык ушул эле!

Көрсө андай да болбойт экен. Жеңил бакыт болбойт экен. Кудай калыс (же, табийгат) баары бир бастырат экен баспай кеткен жолуңду. Өткөрөт экен өтпөй койгон кыл көпүрөлөрүңдү. Эми, ошондогу биз кыйгап кеткен кыйынчылык эсесине, ана, кыл көпүрө болуп алдыбыздан биз үчүн такыр чоочун жана суроолуу капитализм заманы карп – күрп тосуп алды, Сурайыл сурданып! Эми бул тозооку жолго баары бир түшүшүбүз керек экен, башкалар эбак өтүп койгон, артка эң кеми үч жүз жыл ыргытылып! Ушундай ындыны өчкөн ныл маанай бийлеп турган эле, ошондо көпчүлүгүбүздү.

Ушунда, жапырт жабылып жол издедик, жооп издедик.

Швед социалистик капитализми! Француз капиталистик социализми! Швейцария – үчүнчү жолу! Түркия модели! Баары, баары ... бирок, бир гана Кыргыз Жолу эмес эле издегенибиз. Анткени, кыргыз тарыхы, айттык, бул кыямат жолду билбейт эле, анын кыл четин да көргөн эмес эле. Демек, жол сыртта! Ошентип, курук ал вакуумду ар кимибиз каалаганыбыздай, алды алдыдан тал кармап беткелди толтурганга кириштик, үзүрү — бүгүнкү күн...

Арийне, бул жылдары улуттук ураан салынган жок деп да эч кимибиз айта албайбыз. Салынды. Салынганда да кандай! Мол! Берекелүү! Өткөн эки президенттин тең тушунда. Мисалы, “Манастын жети осуяты”, “Манас эпосунун миң жылдыгы”, “Оштун үч миң жылдыгы”, “Көчмөндөр цивилизациясы”, “Улуттук идеология-макал лакапта!” ж. б. “бахх” кычуубузду кандырып алаар баа жеткис улуттук идеологиялар! Бирок ушул баа жеткис шаң салтанат ураандарды шаңшып салгандан, бая бир гана нерсе – турмушубуз гана берекелүү болуп кетпеди. Керинче, кедерибизге кеткенден кетип, соңу “качкын эки президенттүү” абалга жеттик. Мунун баарынын түпкү себеби кайда, эмнеде?

Колуңуздардагы китепте ушул суроолорго жооп изделди.

Белгилүү, биринчи Президенттин тушунда өлкөнүн өнүгөр багыты такталды, башкы стратегиясы аныкталды. Башта тапталган айдаңгыр жол жок, жаңы чыйырлар салынды (тек, ал “стратегиялардын” курсу-куну гана эмнеге турганын кийинки турмуш көрсөттү). Ал жылдары алдыда али басылган жол жок, тарыхый сабак болчу практика жок, чаап баратып ат үстүндө ойлондук, күжүлдөгөн турмушту жашап жатып күндөлүк багытыбызга тээк — миң кыл теорияларды колдондук. Арийне, жаздык, жаңылдык...

Баяраак, “байыры жолдун түбүнө түшсөң – алгы жолдун учун тутасың” деген элек. Биз да заман багытын чалууда, баскан жолубузда, дамамат ушул баба чындыгын тутундук. Кечээгини келечегибизге айтөгөрөк жарык кармоого аракеттендик. Анткени, элдик философия – дайыма универсалдуу (универсалдуу болбосо ал философия болбой калат!). Ушул философиянын жарыгында буга чейинки биздин акыл эсти түгөл бийлеп келген окууларды (м: марксизм, ленинизм), не, эми бизди баш көтөртпөй, көз ачырбай ураган-бороонунда ур-прессинге алып, ойлонууга да үлгүртпөй камгактай айдап чыккан учурдун улуу демократиялуу ураандарын (т. а. “оюндарын”, м: укукчул мамлекет – гражданчыл коом; жеке менчик; сөзгө, динге эркиндик ж. б. д. у. с. ) түшүнүүгө жана маңызын ачууга ыклас арттык. Андыктан китептин Акаев заманына байланышкан биринчи бөлүм материалдары көбүнесе теориялык өңүттө түзүлдү, жана да ал, автордун көз карашы өз мезгилиндеги расмий саясы курс менен канчалык полемикалуу өңүттө өнүгүп жүрүп отургандыгынан кабар айтат.

Экинчи бөлүм материалдары экинчи Президент К. Бакиевдин мезгилине арналды. Бул кезеңде баштагы курс негизинен өзгөргөн жок, кескин өзгөрүшү да,чыны, кыйын эле. Анткени, Акаев матырган саздан мамлекетти чечкин сууруш... жок, козгош үчүн да (!), өзү ошончо чечкин, интеллекти жеткилең, заман бийигиндеги чыныгы улуттук революционер лидер (революция бийликке алып келген) болушу керек эле. Экинчи Президентибиз да, тилекке каршы, андай чыгаан чыкпады. Тескерисинче, эл аралык таякемафия менен тыкыз быгышып кеткен жээнуул курсу бүтүндөй мамлекетти эмне деген гана улуу куяга куюктуруп баратканын элебей, кайра аны так— таажылоого умтулуп, мүлдө элдин тагдырын жана тобокел жолго салды. Заман мүнөзүнө жараша китептин экинчи бөлүм материалдары ушул өңүттөгү практикалык жашообузду чагылдырды. Ошол эле кезде түпкүлүктүү жолду издөө улантылды.

Баяраак дагы, улуттук идеологиялар канчалык шаң салтанаттуу салынса да «Шананын шымынан» өйдө көтөрүлбөдүк дедик, Неге? Көрсө, улуттук идеология деген, анын зыл уңгусу деген, бул, биринчи ирээтте – мамлекеттик түзүлүштүн дал өзү, ага бап мамлекеттик башкаруунун дал көзү экен! Же, күпүлдөгөн Манастан да мурда – күндөлүк практика, элдин өзүнүн бир бүтүн организмделиши –мамлекеттелиши экен! Бул эң башкы фактор-коргон зыл орномоюнча руханий, адебий, философий ураандарды улам бирден кубулжутуп салганыбыз бекер, бекер, бекер... Натыйжасыз!

“Эл” менен “Бийликтин” биримдиги — бүгүнкү да, эртеңки да, алыскы келечектин да, көздөй эң биринчи зарылдыгы ушул!

Анткени, кечээ араб дүйнөсүн кебез менен мууздап билги бүлүндүргөн дүйнөлүк төбөл күчтөрдүн эртеңки дүйнөлүк сапары да эми эч токтобойт, бүтпөйт, күчөйт. Ырксыз итарка эл— мамлекеттердин ичине быкшы чычала ыргытыла берет.

Ушунда, Эл бийликтин бирлиги гана, Элдин кудурети Мамлекетинде чулу уюшу гана (Йога – Мамлекет!) элди сактайт. Кыргызды сактайт.

Башка жол жок, болбойт дагы.

Китептин үчүнчү жана калган бөлүм материалдары ушул маселелерге арналды.

Арийне, кыргыз мамлекеттүүлүк философиясы бул китепте (бир автордун позициясында) толук айтылды деп эсептебейбиз.

Көп маселе китеп сыртында калды. Атаганда, көчмөн мамлекеттүүлүк – отурук мамлекеттүүлүк тек генезисин ары улай:

батышта – байыркы зылдар Платон, Аристотелдерден тарта, берки – социал-утописттердин чыныгы тегин теңшөө; Жаңы Европа салдары: Канттын укукчул мамлекети, Гегелдин «мамлекеттенген» абсолют духу, Гоббс, Локк, Монтескье, Руссо, Дидро окуулары;

ортодогу орустун – Чернышевский, Добролюбов, Герцен, кийинки Соловьев, Булгаков, ж. б. дааналарынын биздин жан дүйнөбүзгө жакын жамаатчыл социализми (общинный социализм), жана рухий коом жайындагы омоктуу идеялары;

чыгышта – эзелки хунн, эски түрк, эртеги кыргыз, соңку монгол, жаңы селчок көчмөн империяларынын мамлекет курум, эл башкаруу салты, философиялары тууралуу кеңитип кеп кызытса болор эле, бүгүнкү биз сунуштаган “Телегей” систем – Эл башкаруу теги, тээ тереңден салттуу жылжып келээрин санаттасак болор эле, бирок буга бурчабыз келбеди. Балким, эртеңки күндүн иши чыгаар, бул...

“Телегей” систем демекчи, өз мамлекеттүүлүк философиябызга негизделген улуттук укукчул мамлекетти саргарып издөөнүн зарылдыгы неде? Батыштан бизге байма-бай агылган көп демократиянын бизге ылайык көркөмдүү бир үлгүсүн албайбызбы да, төп жашай бербейбизби?

Жок, жашай албайсың?! Жашатышпайт! Ал адеми демократиянын сага ылайыксыздыгынан да эмес бул (“ылайыктап”, же “ылайыкташып” алсаң да болот ко, акыры!), жок, ал “демократиялардын” уламдан улам түр өзгөртүп, калтар кубулуп, хамелеон кулпунуп, чөл закымдап, сени миң азгырып — жазгырып бара берээр, акыры кууп жүрүп жыгаар-тынаар куу философиясына байланышкан маселе, бул. Бирин эле мисалдайын – “бихевиорализм” теориясын. Алгач 30-жылдары Чикаго мектебинен өнүп чыгып, бу күндө салаа-салаа, талаа-талаа болуп тарамдалып кеткен бул саясы философиянын эң башкы маңызы – мамлекеттерди «мамлекетсиздендирүү», бийликтерди ичтен (сыртын айтпаганда) курутуу, рынок стихиясында экономикаларды быркыратуу, уюп келаткан уюшмаларды ичтен иритүү, түзүлүп келаткан түзүмдөрдү эс жыйдырбай талкалоо, алардын ар бирине, ар бир жолу улам жаңы бир, ага гана «ылайыктуу» (эстеңиз: «о кыргыздар, силер неткен гана табигый тоодон тоголонуп түшө калган даяр демократ элсиңер, мына, анык тоолук деп силерди айт, бийликти эч тоготпойсунар, молодес!») ультразаманбап укмуш моделдерди билги таңуулоо аркылуу былгы анархиялоо!

Демек, «демократиялуу» боло берип үлгүрбөйсүң («мы только учимся демократии» беле, түбөлүк урааныбыз?!), акыры «окуучу козу» (же «гои») «молдо карышкырдын» алдында баары бир «демократиялуу күнөөлүү» болуп чыгат, өлүп тынат (Крылов).

Бу мектептин таянган илимий негиздери да ультразаманбап:

акыры күчтүүлөр, жырткычтар гана тандалат, алга! (социалдарвинизм, неофрейдизм);

дүйнөнүн түбү өзү будуң чаң— хаос, демек, бир будуңдап алмайын баары бир жаңы ыраатка, системге өсүп чыгуу жок! (өзү уйушмал, синергетика);

табияттын өзүндө, ар бир кадам – эсеп «чотсуз, окус-кокус» («вероятность, случайность поведения элементарных частиц»), а демек бийлик табияты да ошондой кылт өзгөрмөлүү болууга тийиш — өзүңө ыңгайлуу, өзгөгө ыңгайсыз, кылт-култ, жылт-жулт («гейзенберг аныксыздыгы»)...

Ушундай мүлтүң теорияларда, алар анан, эң билимдар акаевдерди да, эң билимсиз бакиевдерди да улам бирден жеңип ала беришет, расса, маданияттуу, кансыз-жинсиз... Мамлекетине кошуп! Бизди жыйырма жыл бою жиниктирип, улам жаңы бир «демократиялуу ыкыттарга» сала коюп өсөртө чаап жаткандын бири ушул — бихевиорал философия!

Ким информацияны мурда ээлеп кетсе, ал дүйнөнү башкарат деген да ушулар. Жок, дүйнөнү акыры жылт-кылт информация эмес, зыл философия башкарат. Солк эткис улуу философияга ээ эл гана бир болк этпейт, ар кандай куу, утурум, азгырык-жазгырык желкайып желдең информацияларды боюнан кагып жиберет, кайытып ийет. Асман-Жер арасын шаалдап тиреп, дүйнөгө үстүн калат. Түркүк!...

Эми мындай эң жаңы, эң күчтүү түптүү делген ультразаманбап теорияларды тегинен теңшеп, ар бирин орду-ордуна койгон универсалдуу анык теория да, акыры, кыргыз кыртышында түзүлдү.

Чыныгы табигый фундаменталдуу теорияга гана таяна («Уңгуталаа»), чыныгы элдик универсалдуу чындыктан чыксак гана («Телегей») түпкүлүгү түз жолдо болорбуз. Ар кандай «би... си... хевиорал» куу теорияларга алдырбаспыз, чалдырбаспыз. Китептин эң соңку «Манас цивилизациясы» бөлүгү ушуга арналды.

Сөз соңунда да бир эске саларыбыз — китеп тарыхый-хронологиялык мүнөзгө ээ. Телчигип жаткан мамлекет менен тең үзөңгүлөш жашадык биз дагы. Болуп жаткан окуяларга баам — бүгүнкү күндүн бийиги эмес өз күндөрүнүн кызуусунда айтылган. Демек, ал жыйырма жылдык эгемен тарыхыбызды кайрадан бир, эми китеп бетинде, басып өтүүгө окурманга мүмкүнчүлүк ачат деп ойлойбуз. Автор неде жазды, неде азды, а эмнеде ашты – муну таразалоо эми сиздин ыкыбалда, азиз окурманым. «Өмүрүң өткөөлгө туш болбосун» деген орустун бир айткан сөзү бар. Биздин өмүрдүн гүл чактары өткөөлдө өттү. Бирок кимдир бирөөлөрдүн да өмүрү өткөөлдө өтүшү, соңкуга көпүрө сунулушу, милдет! Ал эми өткөөл али да өтүлө элек, бүтө элек. Сөздүн эң башында айтылган өз философияңдын угунан чыгып өнөгөлүү өлкөңдү түзүү, куруу, соңкуга мурастоо озуйпасы – эми биздин тагдырга жазылды, замандаш. Биз ушул улуу миссиянын бийигинде боло алабызбы?

Болушубуз... милдет!

 

1-БӨЛҮМ. ЧЫЙЫР АЗАБЫ

 

ТИЗГИНЖАЯР

 

ИЛГЕРИ

көчмөн цивилизациянын тереңин көздөп...

Жон-жондон желдей зуулдап,
    Жолборстой сүрдүү эр өттү,
    Эр өтпөсө ким өттү.
    Эчен кылым эл өттү!
    Тоо бузулуп сай болду,
    Сай козголуп тоо болду.
    Аты калып өзү жок
    Ар канча деңиз жоголду.

Манастан

Ооба, Аккан Дүйнө салтынан жанбай сансыз кылым салаадан чубурду. Сай бузулуп тоо болду, тоо бузулуп коо болду, аты калып жыңы жок албан деңиз эл жоголду. Аккан Дүйнөнүн мыйзамы ошол. Заманга жарыш бара албасаң ал тагдыр сени да ара жолдо акмалап багат. Айкын багытын айра албай көзү жумук, көкүрөгү туюк ээлене келген Эл – Пендени акыры кара аскага согуп тынат. А демек, кай заман болсун, качан болсун Кан Жолду чалмак лаазым. Илгериден бери ушул.

Илгериден...

Айтса, кыргыздын жомокторунун баары ушинтип башталат. «Илгери, илгери»... дейт, өткөн, өткөн бир окуяны санаттайт. Бирок таңгаларлыктай түрдө келээр илгеринин сабагын айтат. Таамай айтат. Залкар заманачылар да ошенткен: «байыркынын тарыгы, деги жакшы нарыгы» дешкен. Аларды өткөндү зарлап көксөп жатышат дешкен. Бирок ошол арман-идеянын экинчи учу айланып келип болочокту боолгоо болгон. Ооба, бул билгенге, бир улуу айланыш Жол экен көрсө. «Илгеринин» философиясы да ушул жакта; анын баш-аягы түпкүчтөй биригип калган, Айтөгөрөк ийрилип калган, демек эки «илгери» туташ калган. Андыктан көчмөндүн көксөгөн идеал зары эч качан көңкү бир заманда кайтпас катылып кете берген эмес, ал ар бир жолу алдынан жаңырып турган, табылып турган. Ушундай болушу мүмкүнбү?

Эгерде болсо, кай заманда, не коомдо? Же дагы; эмне үчүн адамзат тарыхында не бир дүңгүрөгөн албан цивилизациялар улуу мезгилде аңтарылып агып кеткен, куму алдында калган? Ал эми көчмөн цивилизация тирүү келген? (Ооба, канчалык парадоксалдуу угулбасын, көчмөн доор өз саатын кагып бүткөн дешпесин, ал цивилизация али тирүү!) Айтса, дегеле цивилизация дегениңдин өзү эмне? Башкы аныктооч белгиси кайсыл? Соболдон собол туулат...

Көрсө, ал акыры түбүндө, аныктооч белгисинде барып-барып руханий кубулуш экен. Байыркы Египет пирамидалары, же байыркы Шумер жер китеби (глиняные таблички), жаки, ташбака ташын саймалаган Шаң Ин мурасы – «жйагу» жазуу, болбосо эртеги эллиндердин эргиген асем өнөрү өз-өзүнчө турганда канчалык көз жоосун алсын, көөнөрбөс эстелик саналсын, алардын эң башкы баа өлчөмү кайталангыс сырты эмес, балким кайталанган ичи, башкача айтканда, адамзат руханы, анын ажайып мүмкүнчүлүктөрүнүн ар кыл порумда жарыя ачылышы, чагылышы. Соңкулар үчүн өтпөс-өчпөс баасы ошондо – көкүрөк нурдун көңкүдө калып кеткен бир мерчемин көөхар сыныгындай кайра алаарга бир аңсатып-эңсетип идеал калганында чыгаар. Ал цивилизациялардын жашоо поруму өзү жалынын сыртка жагып, шаар салып, эстелик куруп, эсин китеп түйүп, сүрөт чийип, кыскасы рух кудуретин материалдаштыруу багытына басым ооштурупур. Андыктан алардын изи ар-ар жерге мөөр басылып, эстелик орноп, арал чачылып кала берипир. Кечээги менен келечек-отурук элдин тарых-тагдырында арасы ачык жиктел эки айрык абалда калып кеткени ошолдур. Ал эми көчмөндухта дал ошол өткөн чак да, келээр чак да жок мисал, же тагыраак айтканда, анык бар, ал тынымсыз... тынымсыз... кыймылда аккан, аягы-башы бир кошулган-жошулган айтөгөрөк АБАЛ экен. Көчмөн цивилизация жердиги-табияты боюнча мүлдө руханий кубулуш экен. Анын жашоо поруму өзү ошол экен. Дүйнө өзөгүнө өткөн, жашап калган, кайталайм, дайымкы АБАЛ экен ал!

Эгерде отурук цивилизация жалынын сыртка бүркүп басым материалдашса, көчмөн цивилизация, керинче, жалынын ичке жыйган, руханий жанарланган. Андыктан, айталы, Александрия китепканасы менен кошо канча бир муундун эси кошо өрттөлгөн-өчкөн, түтүндөй житкен. Байыркы гректин не бир аруу айкелдери, асем курулуштары кулаган, бүткөн. Байыркы Египет папирустарынын төл тил ыргагы жоголгон, оңгон. Заманында улуу рух уютуп жыйган санскрит менен латын тил да өлүүгө өткөн. Шаңлар жазуусу болжол окулган. «Идиш» тил жасалма тирилген. Ал эми көчмөндүн аабалкы АСМАН – МАНАС китеби ар бир мезгилдин данын кагып, маңызына канып, сансыз кылымды салаада сапырып, байыркы тейин баймабай сактап, сактап гана эмес, бараткан багытында байытып да жүрөктөн түз жүрөккө алоо табын алып өткөн. Ар бир муун алмустактан берки баба өмүрүн Манасы аркылуу кайра бир жашап алган, аа таяна алдыңкы Жолун чаап, жасап да алган (кечээги жарык, бүгүн күңүрт).

«Жок! – дейт ким бирөө буга каршы, — башка эмес, дал көчмөн цивилизация көрүнөө быдырап чачылып кеткен, – дейт. Байыркы рун, уйгур жазуусун унуттук, эртеги скифтин ааламды жайпаар өнөрү кайда, болбосо ташты ырдаткан таңкалардыктай тере-ең-терең... Теңирге сөнгөн таңгажайып белги сүрөттөр таш кылымга неге житти, сыры жангыс маңги катты» – дейт. Жок, анын бири да өчкөн жок, үзүл өткөн жок. Көчмөн цивилизациянын табияты өзү руханий үчүн анын баары тең үзүлбөй, сүзүлбөй рухта бир чулу уюп калган. Материалий жана руханий өнөрүнүн эволюциясында соолгус тирүү ийип калган. Манас – ошол цивилизациянын Алтын Кору. Бардык Сыр ошондон жанат, бардык учук ошондон табылат. Ал, Манас, алоого айланып дүйнөнү шыркырай каптап Жер – Көккө сыйбай чыкканы ошолдур... Ушинтип гана жер бетиндеги эң байыркы цивилизация кылым кыйырлап бу күнгө эсен келген. Ушунча узак сапарында ал Теңири тарабынан Асман – Жер арасында рух кулачы сунулар не мүмкүнчүлүк берилсе ошонун өрүнө өскөн, бийигин алган. Соңкулар диалектика атаган улуу таанымын таап кыймылдуу Дүйнөнүн ТЕҢ салмагын кармап, Дүйнөзөктө калган. Жер үстүндө мынча узак үзүлбөй — рухий жашаган башка кайсы цивилизация бар? Андыктан көчмөндүн өзү дагы, бир карасаң, калган дүйнө кайтпас жоготуп алган, улуу мезгилдин улуу тирүү эстелик-күбөсү өңдүү көрүнөт маа. Демек, ал материалдуу дүйнөнүн ириде ички маңыз, руханын асырап баруу Жараткан – Теңирден вазийфатталган өзгөчө цивилизация! Муундан-муунга, тарыхтан-тарыхка, илгериден-илгериге... Учу-Түбүн айтөгөрөк уютуп, кошуп...

Ал ырас, акыркы жүз жылдыктар Батыш арааны жүргөн заман болду. Техника өстү, илим өнүктү. Адам акылы ай чапчыды. Aгaн салават! Бирок да адамзаты, айталы, азыркы күү-шаа агылган кыймыл тээ байыркыда көчмөн Угуз Каандын Канглы (арабалуу) устасы аавал чапкан дөңгөлөк үстүндө зыпылдап тездик арттырып келатканын билер бекен? Демек, өнүгүшүңдүн өзү — абалтан алгы-берги дүйнө экен. Ооба, күлүк күнүндө, тулпар тушунда. Кезинде көчмөндөр улуу өнөр, тааным жараткан. Бир жерден экинчи жерге маданият тараткан. Адамзат тарыхында анын айгине жаратман орду тур. Агэр соңку замандары ал сырттан алып атса, о замандагы бергени кайра оролуп атканы. Адамзат тарыхы али бүтө элек. Бардыгы Адам руханынан башталма алары турган соң, улуу руханий цивилизацияны уңгусунда уютуп калган көчмөндүн да алдыңкы заман бийигинде кайрылып кайра берээри бар. Билим чечээр заманда билги зээни серпилээр. Бирок бир гана шартта, эгерде ал руханий эволюциясын сактай алса...

Айттык, анда улуу мезгилди арыткан улуу руханий эволюция жүргөн. Ошол эволюция эч бир заманда эч качан үзүлбөгөн, сүзүлбөгөн, тагырак айтканда, акыркы жүз ашуун жылга чейин. Акыркы кылым ичинде анын жашоосу оомалуу-төкмөлүү жүрдү. Көчмөн руху заман талабына жараша ыкчам кыймылга өттү. Ыңгайын өзгөрттү. Тагдыры экен, сырткы революцияларды айтпаганда да жалаң этнопсихологияны тамырынан булккан эчен бир бууракан революцияларды башынан кечирди. Айталы, падышалык Россия тушундагы социалдык ар бир реформа орус адамынын өзүн түбүнөн канча титиретти. Бул, демек, этноменталитети таптакыр башка тегиздиктеги көчмөнтагдырда эволюция эселеп бузулуп барды деген кеп. Кайриет, азоо тарыхтын жалында колу карышып, ал уңгутагдыр, руханын алакачып чыкты. Төгүлүп-чачылып чыкты, жоготконун эселеп таап ачыгып чыкты, асылын ашырып чыкты. Ошентип жашоого ийкем рух табияты XIX-XX кылымдын зор катаклизмдеринде сындан өттү.

Азыр да ошол абал, ошол кысталаң... Жок, бу жолку сапар эми алдече катаал, татаал. Сырттан жасалма таңууланган тездик процессти тездетти. Бул тездиктин опуртал жайы мында — окуя агым эми улуттук аң-сезимдин өнүгүүсүн утурлап, озуп барат. Биз анын өзөккү маани-маңызын туюнууга шаабыз келип-келбей турбуз. Адаптацияга үлгүрбөй. Демек, руханий зволюция дагы опурталда. Дамамат артын жыйып, алдыга чалма ыргыткан бая дуудамал серпилген чулу организм эми чуудасын чубап, чың бою бошоп, бир туташ АБАЛЫНА зак алар алды, балким. Бу демек, кечээгиси эми келечегине айтөгөрөк өтө бербейт, күмөн. Тамырдын бойго кубаты кемийт, тарыхтын Жолго жарыгы чаңыйт деген сөз. Эгерде улут өзүнө гана таандык мөл табиятын төл кыртышынан чыгып, кечикпей аңдай албаса! Руханий эволюцияны сактабаса. Демек, кайрадан улут тагдыры улуу сыналаар учур. «Көчмөн цивилизация – АБАЛДЫН» өзгөчө табиятын, философиясын түшүнүү ушун үчүн өткөрө зарыл. «Көчмөн цивилизациянын тереңин көздөп» деген түшүнүк ошол үчүн эки мизинде тең иштейт, эки «илгериге» бирдей умтулат, эки учун бир кошуп айтөгөрөктөлгүсү бар...

«Теңирчиликтин биринчи китебинде ошол Айтөгөрөктүн Жолун чалып, «Замана» бөлүмүн тек шилтем тейинде сунуштагам. Эмики үдөөм – аны улоо. Арийне, Замана жайында айтуу – Дүнүйө жайында айтуу. Экөө эриш-аркак. «Дүнүйө» калк таанымынын ээзелден келген зыл уңгусу, же универсуумдун чагылышы катары көрүнсө, «Замана» анын ар мезгилдеги конкрет жүзү, ыраңы катары чыгат. Болоорго боолгоо ирээти туюлат. Андыктан «Замана» маңызын «Дүнүйөнүн» уңгу удул, контекстинде карамак эп. Эгерде экөөнүн чыныгы ыраатын таба алсак, «эриш-аркак» аталган табигый бир бүтүндүк түзүлөт. «Улуттук философия», «улуттук идея» деген түшүнүк ушунда бир ийге келет, же улуттук философия универсуум аталган мейкинден конкрет мезгилге жанат да, улуттук идеяга байтүп суналып калат. Заман багытына жарык чагат. Маркс айтмакчы, карандай идея ошондо массаны козгоор кара күчкө айланат. АБАЛ сакталат. Ич-Сырт жашоосун идеалына шай улаган төл системи тирилет. Ушунда гана улут Руханий Конституциясына ээ болот! Демек, эгемен болдук деп делбе ээленбей, ириде рухтун өзүн эркиндикке алып чыгууда турат маселе. Эл, коом, менчик, бийлик жана башка түшүнүктөрдү өз кыртышыңдан серпилип, кайра маңыздап чыгышта турат маселе. Адамы азатчыл, өзү укукчул деп ууру кылтыйтпай, улуу тогоол – «мамлекет» деген түшүнүктүн өзүн чытырман жыштан бошотуп, азаттыкка алып чыгышта турат маселе. Эгемен эске ошондо ээ болот эл. Руханий Конституциясын ошондо аңдайт. Расмий Конституциясын ага далдайт. Руханий эволюция үмүт байлайт. Төл системи төгөрөктөлөт!

Систем демекчи, эмгиче Тоораттан аяк ажыратпаган еврейдухтун, протестантизмден наар аткан евродухтун, шариатты шам кармап ислам мамлекетин курмакчы мусулман калктын, Конфуцийге кайра ийрилген Чыгыш элдин, баарын-баарын козгоп, кыймылга алган да идея ушул – улуттун уңгутагдырын улаар, сактаар рухий-фалсафий системаны таануу, табуу, түбөлүгүнө жол алуу. Аал, көчмөн цивилизацияга келсек, анын системи Теңирчил илимдедир.

Теңирчилик... Ал тек карт заманда калып кеткен качанкы ишеним эмес, анда заманды аныктаар кудурет катылган. Жалгыз кыргыз эмес, жамы түрк дүйнөсүн баш коштурар байкыртыш ал.

Көчмөндүк жана көчмөндух... Көчмөндүк жашоо мүнөз болсо, көчмөндух ошол миңдеген жылдар калыптаган дүйнөгө көз караш, дээр-зээн-уңгутагдырды өзүндө уюткан.

XXI кылымда Дүнүйө диний, рухий, тарыхый, маданий, тил жалпылыктарында ириленээр, иргелээр. Бүткүл Батыш-Чыгыш түркий баш кошуусу эки тепкич аркылуу өтөөр: обол Теңирчиликти ислам менен эптүү элдештирген Баласагундук Жусуп баба баштаган ойчулдар кыркаарында, соңунда андан аргып көчмөн дүйнөнүн көй санатын батырган Манас баштаган көңкү рух ааламында. Көөнө түркий маданияттын көзүндө жаткан көчмөндухтун орошон алып жүрүүчүлөрү ордолу кыргыз, казак, Алтай журттун башка боордоштору алдындагы озуйпасы артыкча. Субконтиненталдык орток маданияттын кут тамган очогун кармап тургандар алар. Демек, бу күндө, бу эл тек керт тагдырынын гана ээси эмес, уңгутагдыр үчүн да жоопкер!

Биз, кыргыздар, ошол жоопкерчиликтин бийигин сездикпи? Башкы багытыбызды кармадыкпы? Же...

 

I БАП. ДҮЙНӨЗӨК

 

Судьба наций и национальных культур должна свершиться до конца. Принятие истории есть уже принятие борьбы за национальные индивидуальности, за типы культуры.

Н. Бердяев

Көчмөн ат үстүнөн Дүйнө акканын көрөт.

Автор

 

ЖИНИККЕН АТТАРДЫ АТЫП САЛЫШАТ!

же

УЛУТТУН ӨЗҮН АҢДОО ЗАРЫЛДЫГЫ

«Жиниккен аттарды атып салышат, ыраспы, эй?!» Жетимишинчи жылдары америкалык белгилүү режиссер Стэнли Крамердин дүйнөгө дүң түшүргөн фильми ушундайча аталаар эле. Анда «улуу даражалуу капиталдын» бүт бардык нерсени өзүнүн алкагына алып чарк имерген табияты шоу-жарышка түшүп, бир-бирден жиниккен адамдардын трагедиялуу образы аркылуу таңкалаарлыктай таасын ачылган. Биздин азыркы турмушубуз дал ошол адам жиниктирген жарышка окшойт.

Убакыт ушунчалык учкул агат! Биз болуп өткөн окуялардын маани-маңызын аңдап үлгүргөнгө да буямабыз келбей калууда. Кечээги ой бүгүн эскирип, азыркы мыйзам ананкыга жараксыз чыгууда. Каякка баратабыз, кайсы чектебиз, бет алганыбыз эмине? Муну бир ууч саясатчылар, анда-мында аалымдар боолгобосо (алардын да баасы, баамы ар бөлөк), жалпы караламан калкты кой, улут эси делген интеллигенциянын башкы сабы да не болуп, не койгонун аңдай албай эңги-дең.

...Абай салсак, Ай деле өз ордунда тургансыйт, Күн деле өз огунда жылгансыйт. Асман, жылдыз баары абалкыдай. Ала-Тоо да кечээги ордунда. Эшек эскиче бакырып, ит деле илгеркиче жортот. Мамлекетибиз менен дүрр козголуп куюндай чамбирик аткан бир гана бизбиз. Ооба, дүйнөлүк шериктештикке коошкон соң, теңдешсиз жарышка түшкөн соң рыноктун ыркыраган ылдамдыгын кабыл албаска аргаң жок. Алабыз. Ыкшоолук кылсак эми катаал заман шарында көмөлөнүп тынаарбыз. Бул – ак! Бирок да бул чындыктын бир гана жагы, жана биз анын экинчи жагын да кошо моюндашыбыз керек — бул кутургандай темп бизге эми сырттан атайын жасалма түрдө түзүлүп таңууланганы да жашырын эмес. Бокстагы атаандашын эсине келтирбей прессингурга алгандай бир кырдаал... Мындай кырдаалда мамлекет бараар жердин танабы таанылдыбы, токтоор жердин кыяпаты ачылдыбы, бараткан багыт элдин, ириде мамлекетке атын берген кыргыз элдин түпкү муратына канчалык шай, же ар бир жолу улам жаңы реалдуулук сырттан жасалма түзүлүп, өкүм күчтөр өз ыңгайына өжөр баштап барабы деген да собол жанат. Баса, кыргыз эл демекчи, бул өзү эмине эл? Эмне коомдо жашаган? Анын чыныгы руханий, философиялык, социалдык, тарыхый турпаты кандай жана анын ошол чыныгы менталитетине жооп берээр коом кандай болушу мүмкүн? Укуктук мамлекет дегендин өзүн да ар бир улуттук мамлекет өз элинин философиялык, психологиялык ыңгайынан чыгып конкреттүүрөөк түшүнөбү, же ал бир, башкы түшүнүктөрүнүн баарын (Адам, Мамлекет, Менчик, Укук) бирдейлеп, экономика эрежелерин тегиздеп алган дүйнөлүк жаңы космополит мамлекеттердин катарыбы? Ал, андай болсо дүйнөлүк өкүмзор мамлекеттердин көздөгөн акыркы максаты эмине? Анда кичи мамлекет кантиши керек? Кай куралын тутушу керек? Кантип коргонушу керек? Айтса, биз чын эле өзүбүздү өзүбүз билебизби, тааныйбызбы, же кайра эле бая башка жактын окуу, теорияларын башыбызга ширге кийип, калыптарга жанды камап, кыскабызды чоюп, узунубузду кертип, миф үстүнө миф жаратып келебизби? Андай болсо ал миф акыры эмнеге согот? Суроодон суроо... ойлонуп үлгүргүчөң шуу этип заман сызат. Шарына алат. Жинигип келебиз. Эс пештегиче эмкиси даяр. Акыл калчагыча ананкысы даяр...

Өзүнүн ким экенин аңдап билбеген калк эртедир-кечтир тарых айдыңынан жок болот. Ал эми чыныгы аңдап билүү ал өтө терең кубулуш. «Умом Россию не понять» деп орус акыны айткандай, узаакы тарыхы бар улуу элдердин тагдыры-табиятында карандай акылдын чаркы эч качан жете албай турган аркы тереңдиги калат. Мисалы, Манастай улуу Сырды жараткан элдин тереңи түпсүз. Элдин тереңин аңдап билүү ар түрлүү. Бир эл тууралуу экинчи бир элдин ою болот. Элдин өзү тууралуу өз ою бар. Булар бири-бирине дал келе бербейт.

Өкүм зордугун жүргүзүп көнгөн эл, эгерде маданий деңгээли анчейин болсо башка элге кекирейип мамиле этип, аны жапайысынта берет. Өз таанымын таңуулай берет. Ушунун өзү жапайылык экенин элебейт. Ошого тең, такай басынып, бирөөнүн көзүн карап жүргөн эл да чынды жүз жолу калп дей беришсе чын эле калптыгына ишенип алгандай, өзүнө таңууланган «варварлыкты» айныксыз моюндап да алат. Анан Манасына кошулуп миң машайак келсе да, мейли, сыртынан макул, а бирок ичинен мунун баары кандайдыр өзүнө тиешесиз («космоско учкан заманда таш кылымдагы Манастан улуттук идея издеш апендилик» дейт ал), сырткаркы, иши кылып бир себеп-күчтөрдүн натыйжасында иши кылып бир жаралып калган нерседей гана санайт. Маңкуртчулуктун коркунучу ушунда, ал энеси айтса да ишенбейт, анткени элинин тарыхынан, рухунан ажырап калган.

Белгилүү деңгээлде биз – кыйла бөлүгү ошондой акыбалда калган элбиз, андыктан «цивилизованный мирде мындай, андай» деп таптакыр башка кыртышта, өзгөчө социалдык-тарыхый шартта көз жарган, калыптанган элдердин турмушунда болгон-неткен нерсени өзүбүзгө механикалык түрдө көчүрүп түшүнгөнүбүздү койбой келебиз. Ал эми улуттун өзүн-өзү чындап таанышы, өзгөрмөлүү дүйнөнүн бардык кыйды жүрүштөрүнө жараша контр жүрүштөрүнүн запасын карманышы уламдан улам зарылдын зарылына айланып барат. Ал эми бул болсо улут өзүнүн төл философиясына таянганда гана ишке ашар мүмкүндүк. Ушул себептүү биз, өзүбүздү азаттыкка чыктык деп эсептеген эл, айрыкча анын ар-намысы болгон интеллигенция, башыбызга жабылган ширгени сыйырып, «улуттук стратегия», «улуттук мамлекет», «граждандык коом», «жеке менчик кудайдын берген укугу», «ведь носителем высшей суверенности является человек» өңдүү ж.б. ушунчалык күнөөсүз, татына, сулуу, жылма түшүнүктөрдү механикалык түрдө көчүрүп түшүнбөй, жана эң башкысы, анын кайсы убакта чын да, кайсы убакта саясы максат көздөп айтылып жатканын ажыратып билишибиз алдэбак абзел жанган. Белгилүү грузин философу Мамардашвили айткандай, жыйырманчы кылымда саясы айдыңда Сөз, Түшүнүк өзүнүн абалкы биринчилик аруу маанисин жоготуп тынган. Анткени ал эч качан чын маанисинде чыкпай, саясы ниеттерди гана жаап көшөгөлөгөн мүлтүң функция аткарууга өткөн! Сөздөрдүн, Түшүнүктөрдүн, Мыйзамдардын, Эрежелердин мына ушундай чытырман жышында улут үчүн чындыкты ажыратып билүүгө мүмкүндүк ачаар чыныгы критерий акыры бирөө гана калат, ал — улуттун тарыхы, улуттун дүйнө таанымы, улуттун келечек коопсуздугу. Ал эми дүнүйөгө өзүнүн көзү менен кароо деген, ал — стереотиптерден арылуу деген сөз. Абсолют чындык катары калк эсинде кабылданып кеткен кай-кай түшүнүктөрдү кайрадан өз позициясынан аңдоо деген сөз. Жарамсыз калып-теорияларды жарып чыгып, жаңы тарыхый реалияны камтууга кудурети жетик, жан жарыгында жарыткан жаңы методологияны түзүү деген сөз. Антпесек, заман көлдөлөң койгон башкы маселелердин бар тереңин өз позициябыздан аңдай албасак, башкы дөдөмөлүбүздү тактабасак, анда таман алдыбыз дайым тайгак. Демократия — азоо тайдай... Бул жөн эле баарын жерий берген кезектеги нигилизм эмес, эстин эгемен экендигин («суверендүүлүк парадын» рухка ооштуруп) иши кылып эле жар салып коюу да эмес – улуттун келечек тагдырында өз Жүзүн, Жолун түзүүдөгү эң биринчи шарт, зарылдык! Анткени, өзүн тааныбаган, рух философиясын аңдай албаган калк дүйнөлүк тарыхый процесстин тек бир пассивдүү субъектисине айланат да, соңунда андан чийилип тынат. Ушул ыңгайдан чыгып, абалы, эң жалпы мүнөздө болсо да өзүбүздү боолгоп көрөлү, кимбиз, неткен, элбиз, соңунда керектүү сөзгө кезек таштаарбыз.

Сөздү Түптүн түгүнөн баштабаса маселенин башы ачылбайт. Сөз отурук Батыш менен Азиялык көчмөн элдин эң жердигиндеги айырма тууралуу. Арийне, тээ аавалда аалымдар айткан бар адамзаты «жайылжурт» («пастушеские племена») жашап турган бир доорду айтпай-ак бери, берээк келгенде, жашоо ыңгайынан улам бирөөлөрү отурук мүнөз күтүп, экинчилери көчмөн жашоого өтүптүр. Алардын жан дүйнөсү ошончо алыстан калыптана баштаптыр. Отурук жашоо ыңгайынан, тарыхый-социалдык да башка себептерден улам жеке менчик институту келип чыккандан тартып Батыш отурук элдерде турмушка керектөөчүл (потребительское отношение) мамиле акырындап биринчи планга чыгат. Ал эми керекчил мамиле табигый түрдө адамда эгоизмди, индивидуализмди калыптандырат. Арийне, ал чактары Батыш адамында бул сезимдер кийин-кийинки ээ-жаа бербей агылган сурайыл түрүнө өтпөгөн чыгаар. Анткени аны мораль, дин өңдүү коомдук аң-сезимдин да башка түрлөрү кантсе да ооздуктап келген. Бирок ошол диндин өзөгүндө да Батыш адамынын керектөө¬чүл маанайы басым чагылып калганын христианчылыкты кенен, терең изилдеген, өзү Батыш адамы Л.Фейербах бир нече ирет баса айтканы бар. «Учение о творении исходит из юдаизма. Лежащий в его основе принцип есть не столько принцип субъективности, сколько эгоизма... Свои особенности евреи сохранили и до настоящего времени. Их принцип, их бог есть самый практический принцип в мире – эгоизм и притом эгоизм в форме религии» (62. 143).

Жогорку айтылган ой иудаизм байтүп болуп берген Батыш христианчылыгын да кыйла мүнөздөйт. Протестантизмдин суурулуп бөлүнүп чыгышынын өзү да Асман-Кудаага эмес, Жер мудаага байланыш жатканы бекер эмес. Менталитети, жашоо образы Батыштыкынан бир топ өзгөчөлүү кең «русская душалуу» орустардын, азыр, төл православие ишенимин, ал аркылуу жанын-дээрин чыркырап калкалап атканынын, коргоп бөлүп айтканынын да бир жөнү бар чыгаар. Ошентип башканы койгондо да адамдын эң бир изги, ички аяр дүнүйөсүнөн арууланып сызылып чыгаар диний сезимдин өзүндө да керектөөчүлүктүн кермек даамы катылып жатса, башканы айтып не кылабыз…

Эми Европанын бүткүл өнүгүш жолуна серп салсак, анда, өндүрүштүк мамилелердин тынымсыз-тынымсыз өркүндөшү, экономикалык түзүлүштөрдүн биринен сала бири өзгөрүшү, социалдык революциялар жүрүп, коом бир формациядан экинчи формацияга өтүп келгенин көрөбүз. Дал ошол «коомдун базиси» деп аталган байтүптү козгоп кыймылга келтирген эң башкы күчтүн өзөгүндө да рационализмге айкаш практицизмдин, керектөөчүлүктүн күчтүү деми жатканы айкын. Керекчил дух Батыш коому өнүгүүнүн капиталисттик тилкесине кирген ченде баштагыдан алда канча эсе артылып чыкты. Ар бир сословие, ар бир класс, ар башка мамлекеттер өзүнүн кызыкчылыгын, жеке менчигин коргоп, жактап, жан аябай кырчылдашып жатышып акыры Күн алдында чоң, кичине орундарын ар бири алып тынышты.

Демократия, Мамлекет, Адам, Укук, Рынок, Жеке менчик деп аталган фундаменталдуу түшүнүктөрдүн Батыштык өзгөчө мааниси эволюциялуу калыптанды. Адамдын экономикалык кызыкчылыгы (демек, пайдакечтиги да) эң башкы планга аныктооч мүнөз күтүп, жеке кызыкчылыгына кайчы келген мурдагы кай-кай эрежелерди, түшүнүктөрдү, салттарды аеосуз кыйратып, ар бир жолу өзүн башкы планга бөлүп чыгып турган өзгөчө менталитет өөрчүдү. Анын акыры — өткөн кылым соңунда, биздин кылымдын башында Батыш коомун терең руханий деградацияга алып келгени бекер эмес.

Эми, Күн Чыгыштын Жолу өзүнчө болду. Оболу баштагы стереотип боюнча окумуштуулар бир ооздон «чыгыш деспотизми», «чексиз тирания», «варварчылык» деп атап келишкен зылдай түшүнүктөр 30-жылдары Кытай революциясынын («Синхай») мүнөзүн, кыймылдаткыч күчүн териштирүү башталганда байтүбүнөн бир зак берди. Алар мурда өзүлөрүнө тааныш эмес жаңы жагдайга тушугуп, Маркс алда эбак дүңүнөн айтып кеткен Азиялык өндүрүш жолу тууралуу теориясына кайрылууга аргасыз болушту.

Кийин 60-жылдары, дүйнөдө Азиянын добушу улам күчтүү жаңырышы, Африканын ойгонушу менен кайрадан ага кызыгуу күчөп, байыркы Кытай, Индус, Египет, Шумер цивилизацияларынын узаакы тарыхы комплекстүү изилденүүгө өттү. Аалымдардын басым бөлүгү — Күн Чыгыш өзгөчөлүү жол басканын, ал Батыш өңдүү коомдун байтүбүн шымаланып талкалай бербей, Батыш басып өткөн коомдук өнүгүү баскычтарын (жолдорун) сөзсүз эле басып өтпөй, маданий-рухий салттарын аяр сактап өнүгүп отураарын мо-юндашты. «Түбөлүк феодализмдеги» «традициялуу коом» түшүнүгү калыптанды, бирок да ал «Чыгыш деспотизмине гана кызмат кылган» деген бая талаштуу ой кала берди.

Ал эми көчмөн коомго эмне үлүш тийди? «Азиялык өндүрүш жолу»тууралуу ошончо орошон талаштарда дүйнөлүк аалымдардын көңүлү бир гана Чыгыштын отурук калктарынын жашоо турмушуна бурулганын эстесек, анда дүйнөлүк тарыхый процесске, өндүрүшкө, акыл-эске эч бир «экономикалык салым» кошпой, даярга тап жамбаштап жата берген, болбосо жортуул жүрүп байлык карактаган, бүтүлүүнү бүлдүргөн «варварларга» башкалар тарабынан тарыхтан кайсы энчи биротоло ыйгарылганын баамдоо анчалык кыйынчылыкка турбас. Бир гана көчмөн элдин өз өкүлүнөн чыккан аалым, казак Д.Кшибеков «Кочевое общество» (АА.1986) аттуу китеп жазып, ошол бөксөнү кыйла биринчилерден болуп толтуруптур. Бирок да бар маселеге таптык тургудан мамиле этүү, марксизмдин теориясына камалуу, балким, авторго аталган маселенин чыныгы бийигине серпилип чыгууга мүмкүндүк берген эмес шекилденет. Демек, бул маселе дыңдын дыңы бойдон калып келет. Эми Азиянын картасында чыныгы өз боёгу менен боёлуп чыккан Монголия, Казакстан, Кыргызстан өңдүү жана Борбор Азиянын башка эгемен мамлекеттеринин тагдырына чыныгы жүзүн издөө буйрук-милдет болуп жазылып чыкты. Эгерде алар дагы эле буга дейре бирөөлөр каалагандай боёй берген картадагы боек бойдон калбай, чыныгы улуттук жүзүнө ээ мамлекетин курууга белсенишсе, же бирөөлөр көргүсү келген (аныгы — жеңгиси келген!), абстракт демократиялуу мамлекетти көчүрмөлөй бербей, жана эң башкысы, чыны менен калкынын табиятындагы жанар күчкө таянгысы келсе, анда алар өзүлөрүн чындап билиши лаазым, өз башы менен өзүн таанышы лаазым.

Менин жеке баамымда көчмөн цивилизациянын анык маңызын түшүнүш үчүн тээ жердигинде жедеп эске сиңип болгон тарыхый материализмдин башкы теориясын, б.а. базис жана надстройканын бир бирине катышы тууралуу ойду догма тутпай, чыгармачылык менен түшүнүү керек. Эгерде биз ушул байтүптөгү маселени башын ылдый салаңдатпай ордуна коюп карай албасак, анда эч качан өз коомубуздун баскан жолун, ошондон улам бүгүнкүсүн нак түшүнө албайбыз, эртеңки мүдөөбүздү көрө албайбыз. Буга кийинчерээк арналуу токтолобуз. Азырынча көчмөн коомдун жердик табияты тууралуу кептин түбү түшүнүксүз калбасы үчүн жалпы текст алкагында буларды белгилемекпиз.

Жогоруда Батыштын баскан жолунан көрдүк, аякта коомдун базиси дамамат башкы планга чыгып, ар бир жолу надстройкасын өзгөртүп жүрүп отурду. Эгерде материалисттерче, тарыхтын кыймылдаткыч күчүн массанын жай аң да, бейаң да умтулуштарынан жыйылып бириккен күч түзөт деп эсептесек, анда Батыш журту адамзатка бир кез асем грек маданиятын, кайра жаралуу заманын, классицизм, романтизм, реализм, позитивизм, изм... изм... дердин түрлөрүн байма-бай бергенине карабай, акыры бая айткандай терең руханий деградация тилкесине келиши, глобал экологиялык апаатты жакындатышы, анын байыркы ыйык «Осуяты» айткан «ни хлебом единым сыт человек» философиясы да ошол айныгыс практицизмине каршы тараза туруп такаат бере албай калгандыгын кашкайта ачып берет. Жөжө күзүндө саналат.

Ушинтип базистин надстройканы, же орой айтканда кара курсактын, карандай акылдын рухту ар бир жолу айрандап басып кетип турган тараза ташы, соңунда, Адам – Табият – Космостун абалкы гармониясын да ошондойчо ойрондоп бузуп тынды. Ал эми көчмөндөргө келгенде, маселе түп тамырынан өзгөрөт. Албетте, бул айтылгандын баары Батыш жолун жокко чыгарып чийип салыш үчүн керек эмес, «жайлоодо жамбаштап жатсаң сонундага» чакырык салыш үчүн керек эмес, биз келечекке карай керектүү ориентирлерди карманыш үчүн зарыл. Батыш, же калган Чыгыш дүйнөсү сыяктуу эле көчмөндөр цивилизациясынын адамзат тарыхында алган кайталангыс асыл орду бар, жана алдыда айтаар сөзү да бар, ошону аңдаш үчүн зарыл.

Ошентип көчмөндөргө келгенде базис менен надстройканын катышы өзгөрөт. Же ал идеалдуу гармонияга келет. Гармонияга келгени ушу; ал: «ни хлебом единым сыт человек» деп формуланы жерге (хлеб) ийип мүлтүңдөтпөйт. «Человек жив Небом!» деп, аабалкы гармониянын башкы учугун жоготпой көкүрөк керип, түптүз эле айтат. Анткени ал отурук элдей таңдан кечке бүгүлүп, жер чукуп калган эмес. Жүлүнү түз! Жер менен Көк ортосун керилип тиреп турат. А балким аргымагынын боюнча Көккө жакын. Ал Жерден жулайын дебейт, Жер өзү берип турат аган. Андыктан Жердин өзүн да ал Ыйыктап алган. «Ыйык Жер-Суу» деп атап алган. Ээсине табынган (Жеке менчикчил дух жердиги ошон үчүн көз жарбаган). Аны менен толук шайкеш келген. Мундуктан Көк Теңир да далысын салбай ага мээрин ийип турат.

Метафораны жөнөкөйлөтүп айтсак, анда, көчмөн коомдо — «кайра өндүргөн экономика» деген болбогону белгилүү жана бүт аалымдардын найза сындырган жери да ушерде. Алар көчмөн коомду мал азыгы менен даяр оокат кылган, турмуштук биринчи зарылдыкка айланбаган соң, жер чукуса да бир буурсундан башканы ойлоп да таба албаган, бүткөн бир примитив коом деп Батыштын чен өлчөмүнөн чыгат (баса, алардын өзүн «жайылжурт – пастушеские племена» замандан соң табияттан киндик үзбөй, континенттерди чалмакей чалбай, индейлерди кырып тынбай, улуу цивилизациясын сапырып салбай, акыры барып жаратылыштын тең салмагын бузуп, жамы адамзатты улуу апаатка такабай эмне үчүн башка бир гумандуу жолго түшүп кете албадың деп айтканга, эми Гоген жок!). Ошондон улам көчмөндүн чарба жүргүзүү ыкмасын экстенсивдүү (Батыштын интенсивдүү ыкмасына анти) деп табышат. Чынында «экстенсивдуу өнүккөн» дештин өзү да көчмөн коомго ылайыксыз, аны отурук Чыгышка колдонсо эп. Ал эми көчмөндүн тээ байыркы таш замандан берки бар таап алган куралы — бир камчы, бир ээр, бир жүгөн, бир сабаа, бир көнөчөк, бир жаргылчак, бир буурусун, бир балта, бир чот экен болгону. Муну кандайча экстенсивдүү өнүгүш деп айтасың. Ашырып биротолу, стагнация десең жарашпайбы? Стагнация... Тык! Жок, тарыхый процессте сенек каткан же жансерек калган коом болбойт. Эгер ошого чапса эле, бүттү, тарыхтын кан жолунан өзү четке ыргыйт. Урушсуз, согушсуз эле, диалектиканын, өнүгүштүн ички мыйзамы аны ичтен иритип жок кылат. Тарыхый процесс – активдүү, катаал процесс. «Атасынан баласы ашпаса акыр заман болот» дешкен экен кыраа көчмөндөр. Ушунун өзүн алардын бүтүндөй коомуна түз көчүрүп түшүнүү орундуу.

Андай болсо көчмөн коом каякка өнүккөн? Патриархалдык – уруучулдук деп аталган узаакы-узаакы жолдо «түбөлүк примитивизм» түрүндө жыйырманчы кылымдын башына чейин жылмышып куюкка кулабай кантип гана эсен жеткен? Кайда өнүккөн? Кайда-а?..

Ичке өнүккөн! Руханий тилкеде өнүккөн экен көчмөн коом! Тынымсыз... тынымсыз... бир тынымсыз руханий өнүгүштүн улуу жолун баскан экен көчмөн коом! Рух жарыгын уютуп жыйган экен көчмөн коом. Сырты экстенсивдүү, ичи интенсивдүү иримденип аккан экен көчмөн коом!

Марксизмдин классиктери надстройканын пассивдүү калбай айланып келип базиске тийгизип турар таасири тууралуу айтышкан, бирок баары бир барып-келип коомдун өнүгүшүндө базистин чечүүчү ролун белгилешкен. Күн Батыш кыртышынан көз жарган окуу катары марксизм андан башкача айта да алмак эмес жана анын теориясы прагматик Батыш коомунун тарыхый өнүгүшүн туура мүнөздөп берет. Ал эми көчмөн коомдо анын базиси Батыштагыдай эч качан башкы планга бөлүнүп чыкпайт. Көчмөн жашоо мүнөздүн өзү мүмкүнчүлүк бербейт. Кийиктей от кубалап мал ээрчиген ал маңырайып Асманга суурулган, Жерге жуурулган. Мал асыроо дегендин өзү дагы көчмөн үчүн тек жан багуу каражаты эмес, тирүү дүйнө менен киндиктеш өсүү, боорун жерден алганы боорлошуу («мал боор эт менен тең») деген да сөз болгон. Б.а. экономикалык кырдаалдын өзү табиятында рухий кырдаалга жуурулуш, чулу жатат. Кайталайм, чулу! Демек, мында сөз базистин надстройкага үстөм жүрүшү жайында эмес, өзгөчөлүү түзүлгөн тарыхый-социалдык кыртыштын өзгөчөлүү мыйзамына ылайык экөөнүн табигый шайлыкка келгени тууралуу жүрүшү керек. Ошентип, коомдун чыныгы жаратман энергиясы көр оокатты «көр оокат чегине» таштап, көкүрөгүн Көккө керип, жердиги адеп, рух тегиздигине көчкөн. Адамзат тарыхындагы кайталангыс кубулуш — кара жердин бир ыптасын бооруна баскан прагматик, керекчил, жекечил тарабына Тагдыр тарабынан Адамзатка бир тараза салмак катары тынымсыз агылып турган, тазарып турган аккан суудай аяк башы үзүлбөгөн, сүзүлбөгөн, баарына тең ачык, таандык, жамаатчыл, рухий-маданий бир коом ушинтип тамчыдай Жердин жети катмарынан сыгылып, сызылып отуруп узаакы жолдо табигый түзүлгөн экен. Үзүлбөй уланып келген экен!

Ырасын айтсам, руханий-маданий коом деп да мен тек башка отурук Чыгыш элдеринен айырмалаш үчүн гана орусчадан калькалап айтып (духовно-культурное) атканым. Акыйкатта көчмөндүн өз тилинде айтсак, ал Нарк-Салттуу коом делсе туура. Бир аз чечмелейли; Нарк адамдын керт башына – ичке байланышса, Салт – сыртка байланышат. Бирок көчмөн коом бир ордунда жылбай каткан отурук эмес, дайыма кыймылдагы, бар мүчөсү так уюшкан, социалдык бир бүтүн организм болгондуктан бу дагы бир шарттуу бөлүү. Анткени ар адамдын ички наркынан куралып барып эл наркы аныкталат, же салт чегине өтөт. «Нарк билген эл бекен? Нарк билген жер бекен?» делет элде. Ошондой эле салт дагы өз кезегинде сырткар чөйрө түшүнүгүндө кала бербей, сөзсүз ар адамдын керт башында, нарк тегиздигинде уланат, ал салт тутумунда эреже адеп карманып жашайт. Андыктан «Салт бузаар – журт бузаар» деп да айтылат элде. Нарк-Салттуу коом ушинтип ичи-тышы бирдейленет. Ал эми көчмөн коомдо нарктын да, салттын да учугу Көк-Теңирге жалгашат. Демек, бул Теңирнарк – Теңирсалт деген кеп эмес бекен! Жарымы Жер, жармында Асман калкылдаган «Айтөгөрөктүн» белгиси как ушунда. Жалпы Чыгышка тан айтылган «Салттуу коом» («Традиционное общество») деген түшүнүк өзүнүн жердигинде өзгөчөлүгү бар көчмөн коомдун нак маңызын ача албайт дегенибиздин себеби ушул.

Эми көчмөн дүйнөнүн ошол отурук Чыгыш калктарынан айырмалуу жагына азыраак серпсал.

Биринчиден, отурук «Салттуу коом» байыртан келаткан баба салтын, жашоо мүнөзүн бекем карманып, өзүн туруктуу сактайт. Бул анын белгилүү деңгээлде оң, консервативдүүлүгүн да шарттайт. Мындай коом сырткы таасирди оңой өткөрбөйт, өткөргөнүн акырындап өзүнө «аш» кылып сиңирип барат да, соңунда өзүнө эритип менчиктеп алат. Ал эми көчмөн коомдун өзүнүн тээ абалтан табият койнунда эриш-аркак ийкемдүү тил табышып, Дүйнө өзөгүнө сүңгүп, камыр-жумур жуурулушуп кетээр табиятынын өзү сырткы таасирге бат коошоор мүнөзүн шарттайт, жаңыны тез кабылдагыч (терс консервативдүү эместигин) табиятын калыптайт. Бирок мындай «өзгөргүчтүк» анын тээ эң түпкү өжөр туруктуулугу менен өзөктөш чырмалышкан, кылымдар бою катмарлап жыйылган «өлүү жүк» эмес, «тирүү дем» болуп жашаган Алтын Кордон (айталы Манастан) азыктанат. Алтын Казыгын айланат («Ат айланып казыгын табат»). Андыктан ал ошончо жаш демократиялуу да, ошончо карт традициялуу. Ал — руханий! Жашоого ийкем! Ийкем, бирок... бир гана шартта! Улут өзүн өзү аңдап турган тушта! Жок, улут башатынан адашып, башына жарым ширге жабылып турса, «менталитет» өңдүү жат түшүнүктөрдүн мээкаңгыт талаасында адашып, «кыргыз табиятынан ачык, кабылдагыч, демократ!» деп делбелене эргий берет да, улуттук иммунитети билинбей иштен чыгат, жакшы-жаманды ылгап ала албай жат таанымга бастырат. Кедерине тартат. Керинче, улут өзүн өзү аңдап эс бийигинде турганда, жаңычыл умтулушу салтынан таман ажыратпай барат да, аны активдүү кыймылга алат, ишке салат. Демек, келечегине тартат.

Отурук Чыгыштан дайыма кыймылдагы Аккан Дүйнө – Көчмөндухтун башкы айырмасы ушунда. Калганы мындан агылып чыгат.

Же, экинчиден, отурук чыгыш элдеринен айырмаланып көчмөн коом бардык матералий-рухий дасмыясын ороо казбай, китеп жазбай, сарай салбай, жыйып-жыйып катмарлабай өзү менен кошо журттан журтка көчүрүп, көкүрөктүн деминде кармап, табын сактап, муундан муунга тирүү берет.

Үчүнчүдөн, Менчик, Укук, Мамлекет, Адам, Дөөлөт ж.б. түбөлүктүү түшүнүктөргө карата көчмөн тирлигине байланыштуу бардык отурук калктарга салыштырмалуу өзгөчө баамы, баасы калыптанат.

Биздин оюбузча көчмөн коомдун отурук Батыш, Чыгыш дүйнөсүнөн дүң айырмаланган өзгөчөлүгү ушундай. Батышта калыптанган методология, теорияларга сыйбай ай чапчый берип жамажайын жарган көчмөндүн (а биз ансайын камай берген) азоо духу ошол руханий-маданий кеңдикте. Ага эрк керек! Б.а. жандуу турмушту жат кыртышта көз жарган теорияларга камай бербей, жандуу турмуштун өзүнүн ырын-сырын укмак зарыл!

Бул тууралуу, кайрылып эле Энгельстин өзүнүн мындан туптуура жүз жыл мурунку бир сөзү менен айтса жарашат: «Исторический идеолог располагает в области каждой науки известным материалом, который образовался самостоятельно из мышления прежних поколений и прошел самостоятельный, свой собственный путь развития в мозгу этих следовавших одно за другим поколений... Но факты эти, как молчаливо предполагается, представляют собой опять-таки просто плоды мыслительного процесса, и таким образом мы все время продолжаем оставаться в сфере чистой мысли»... (64. 16). Демек, маселе көндүм эреже-ойлордун калыбынан суурулуп, өзүбүздү өзүбүз үчүн да, өзгөлөр үчүн да жаңыдан кайра ачып чыгууда турат. Марксты ээрчий айтсак, маселе көчмөн коомду жарамсыз теориялар менен түшүндүрө бергенди токтотуп, эми теориянын өзүн өзгөртүүдө турат.

Арийне, бизди ичтен билбегендерге, же көнүмүштүн күчүндө калгандарга «көчмөн коомдун жаратман энергиясы адеп, рух тегиздигине көчкөн» деген түшүнүк бир кур кыялдай көрүнөөр. Кечээги Калыгул, Арстанбек, Молдо Кылыч аталардын соңунан дагы бир кылым кечигип чыккан дагы бир заманачынын кеч жаңырган зар-зарындай сезилээр. Анткени далайдын акыл-эсинде көчмөндүн образы эч качан бийик руханий, асыл адеп, таза аристократ борумда калыптанган эмес, керинче, ал — варвар гана! Сырт тарых гунндардын жүрүшүн, селчоктордун жүрүшүн, Чыңгыз каандын жүрүшүн, Аксак Темирдин жүрүшүн гана билет, анан да бүткүл көчмөн дүйнөнү ичтен ирип, өз-ара « ыркырашкан итарка заман» кечирген деп гана түшүнүшөт. Ошону эң башкы планга алып чыгып айтышат, жазышат, ишендиришет. Тарых чындыгын да өзүнүн күлдөбөсүнөн карап, жарымы төгүн, жарымы чын миф жаратышат. Бул чоң сөз, атайын сөз. Аа дейре жортуулчул замандын жоокер рухунун баасын эч кемитпей туруп бир шилтеп айтаар чындык бул: керек болсо, көчмөн дүйнөнүн ички анык философиясын, мисалы, «Көкөтөйдүн ашы, көп чатактын башы» делген улуу аштан соңку окуя эмес, улуу ашка чейинки окуя, дал ашка чакыруунун фактысынын өзү аныктайт. Теңирдей Наркты, Салтты, Адилдикти туу тутканы аныктайт. Ал эми Адилдик буулганда кылыч суурулган. Көкөтөйдүн ашындагыдай! Көчмөн жанар жана бүркүлгөн — Теңир алдында Теңирдей тең Калыстыкты, Адилдикти, Намысты, Сөздү кайра ордуна коюш үчүн! Тарых ошентип кайрадан чайпалган, чайкалган. Айттык, бул чоң сөз, өзүнчө сөз...

Ошентип, коомдун базиси миңдеген жылдар бою өзгөрүүгө учурабай, коомдук аң-сезим утурумдукка байланбай, аалымдар «мифтик аң-сезим» деп атап салышкан тээ абалкы Дүйнө-Аалам менен чулу жуурулушкан балалык баёолугун, тазалыгын сактай келген, мезгилге жарыш байыта келген көчмөн өзүнүн да, табияттын да, Асмандын да Сырын көкүрөк менен жандыра отуруп, узаакы жолунда керемет, чулу рух илимин жаратып келген экен. Эгерде Күн Батышта экономикалык революциялар жүрүп адамды кара оокат, менчик өз алкагында улам чарк айлантып алса, көчмөн коомдо ар бир чоң согуштардан, табигый алааматтардан, дагы башка түрлүү-түрлүү адам коомун аңтар-теңтер сапырып ийген сабактардан соң, ар бир жолу пейил-куюнда, рухунда зор силкиништер жүрүп турган экен. Мындай өзгөрүштөр Батыш адамын ар бир жолу дагы акылдуураак, дагы эпчилирээк, дагы камбылыраак, өзүмчүлүрөөк кылып барса, көчмөндүн аабалтан келаткан салттарын, көз караш ишенимин, жыйган накылын аеосуз мезгил сынагынан кайра өткөрүп таразалап, жамаатчыл заманга зарылын (боордошчулук, бир туугандык, күйүмдүүлүк, кайрым, ыйман) ылгап алып турган. Теңирге табынып, бардык идеалын Теңирден көрүп, көөнүндө чексиз ошого умтулушу — көчмөндү руханий да, нравалык да жактан тынымсыз, тынымсыз тазалап турган, аруулап турган. Ал өзүн өзү күзгү караган Аккан Суусуна окшоп тунуп барган. Ошентип анын Теңирчилик деп аталган Рухтаанымы акырындап бир системге келип, илимге айланыптыр. Бул таанымдын өтө көөнө, узаак-узак жол басканы ушунчалык, ал көчмөндүн каны-жанына чыккыс сиңген, өзөгүнө өчпөс өскөн, акыры Өзүн түзүп калган! Адам туруму канча тегиздикте өлчөнөөр болсо, ошончо тегиздикте уйуп Теңирчилиги жатканы таң калтырат. Бул уңгу тууралуу мурдагы «Теңирчилик» деп аталган ой толгоомдо кененирээк айткан элем, антсе да сөздун ыраатын бузбай буерде кыскача нускап алгым бар.

 

УҢГУ ТУУРАЛУУ УЧКАЙ КЕП

Бири биринде оошуп бөлүнбөй чулу жаткан ал дүйнөнү элестүүрөөк болсун үчүн бир аз жиктеп айталы.

1. Теңирчилиги – рухунда.

Көктүн, Жердин, Адамдын жаралышы, байланышы жайында космогониялык миф уламыштарынан тартып, түтөгөн оозеки чыгармачылыгынын бардык түрүндө байма-бай жатат. Жан, арбак, Жер-Суу ээси, колдоор жылоосу тууралуу ишенимдеринде тунат. Рухтун Сырын уга-туя билген, кармай-башкара алган касиетинде жатат. Аалымдардын буга дейре «шаманизм», «тотемизм» «анимизм» деп бир чулу ишенимди бөлөк-салак жиктеп караганы эскирген мамиле катары каралыш керек мындан ары.

2. Теңирчилик – асем дүйнөсүндө (эстетикасында).

Байыркы таштарга чегилген сырлуу белгилерден тартып, Көк чапчыган табышмактуу сүрөттөр, татаал сюжеттер, жандуу табият, скиф – айбанат стили, жасалга-колдонмо өнөрү, оймо-чийме, ала кийиз, шырдакка чейин жөнөкөй мазмуундан татаал символикага өсүп бир үзүлүп-сүзүлбөй ырааттуу эволюциялуу өнүгүп келген, асем өнөр эле эмес, дүйнөнүн ички сырын өздөштүрүп өрлөгөн материалий таанымында уюп жатат.

3. Теңирчилик – ыйман, адеп-ахлак, пейил-куюнда (этика, мораль, нрава).

«Үстүдө Көк Теңири жаралганда, астыда буурул Жер жаралганда, ортосунда Киши уулу жаралды». Көчмөн бүткүл жашоо гөйүн, өмүр тирлигин өзү ыйыктап ташка чегип салган ушу ыраатка ылайык курган.

Анын ишениминде Теңир – ата, Жер – эне, ортосунда – уулу адамзат. Үчыйык. Комуздун үч кылындай бир биримдик. Жан — Көктөн бүткөн, Ден — Жерден бүткөн. Көк – руханий, Жер – материалий. Теңир – бийик, Жер – жапыз. Бийикти Жапыз ээрчимек шарт. Бирок Бийиктин да Жапыз алдында улуудай милдети, бар. Атанын Бала алдында милдети бар. Эрдин Аял алдында милдети бар. Кандын Кара – (мамлекет-эл) алдында милдети бар. Теңир ийип багат, Жер сүйүп канат. Адамзаты Көктүн – Жердин кулуну катары өзүнүн Жолун ушул улуу Ыйык Жолго удул кармашы шарт. Ата менен Баланын, Эркек менен Аялдын, Улуу менен Кичүүнүн, Кан менен Каранын мамилеси Теңир менен Жердин катышында түзүлүшү лаазым. Ошондо гана Теңир алдында бүткүл жашоо, адам коому ыраатталат. Теңирге табынган көчмөн өзүнүн жашоо-тирлигин ушул уңгуга кармаган. Улуу, Кичүүнүн Ордун тактап, мамилесин идеалдуу Жолго салган. Же муну азыркы тилде айтканда «жарандын укугу менен милдети» десе жарашаар. Тек, бир айырмасы, эмики керектөөчүл замандай, же укукчул мамлекетте дегендей, ал сырт мыйзамга байланган эмес, ички моралдык бек императивге негизделген. Нарк-Салттуу коомдо мындан башкача да болууга мүмкүн эмес эле. Бул тууралуу сөз кийин. Ошентип табияттан киндиги түк үзүлбөй калган көчмөндүн пейил куйу чексиз тазара барып, адеп-ахлак маданиятынын шыңгыр үлгүсүн жараткан экен.

4. Теңирчилик – укукта.

Элдин алгаачы уютку-башаты – үй бүлөө. Үй-бүлөө ичинде атаны – Оң жараткан, энени – Сол жараткан, ортосунда данакер ТЕҢ – Бала. Бала да кезегинде тамырлап, көктөп чайлап өнүп, үй бүлөө курап, кези келгенде ал да же Оңго (Эр), же Солго (Үр) айлана, ортосунан Балада как жарылган! Кайра-кайра, кайра-кайра… Үй бүлөө, Чоң үй, Ата уулу, Жети ата, тууган, урук, уруу, тайпа, Канат, Эл — көчмөн мамлекет! Көчмөн мамлекеттин өзү аабалкы теңирчил салтта Оң канат, Сол канатта чалгын керип, Ордо-Ичкиликте бир уюган. Көчмөн мамлекеттер куралган. Ушул эле салттуу нукта, ал кезинде, улуу каганатка кеңиген...

Да кайталап айтам, биз ачыгыраак түшүнүп алуу максатында гана ар салаага бөлүп, жиктеп айткан Теңиртааным өз табиятында бөлүнбөй чулу жатат. Мындай бардыгы бир ийкемге келген, бир системге келген, бир тоомдон табышкан кубулуш көчмөн коомдо гана болушу мүмкүн, ишке ашышы мүмкүн. Себеби, анын баарын ал өзү менен кошо тирүү алып жүрөт. Манасына жууруп ойдон ойго, бойдон бойго тирүү өткөрүп отурат. Теңирчилиги чулу сыйган ушунча улуу мухиттин бөксөрбөй жандуу сакталып келгендигинин себеби да ушунда – ал бир эле убакта элдин эң байыркы тарых-таанымы да болгон, ошол эле кезде Эл өзү жашап турган дайымкы турмуш абалы да болгон. Манасты жаратып келген кыртыш же коомдун байтүбү кебелбей сакталган. Ошол байтүптү кармаган Манасчы бир эле учурда көкүрөгүн Көк даарыган Жайсаң катары чыкса, ошол эле учурда аягы түбөлүк кыртышынан ажырабай калган Антей сыңары көрүнгөн. Бир карасаң ал тээ байыркы замандын сыпатын санаттап жаткандай сезилсе, ошол эле учурда өзү күндө көрүп, аралаш жүргөн коомдун нарк-насилин, ыраатын ырдап, күпүлдөп күүгө салып турган. Манасчынын жан тереңи Аң Тереңден бөлүнгөн эмес, Жомокчунун ой тереңи гөй Тереңден төгүлгөн элес болгон. Теңирчилик уюган Манастын философиялык генезиси ушул жерде!

Ошентип базиси надстройканын мүнөзүн өзгөртпөй, балким, узаакы жолунда надстройка – Наркы-Салтынын артылып барышы, күзгүдөй жаркып тунушу бүтүндөй коомун гумандаштырып отурган. Батыштагыдай базисти надстройкага үстөм алып чыкпай, керинче, эч үзүлбөгөн эволюция коомдун философиялык, моралдык, нравалык кыртышын асылдандырып барган.

Улам жыйылып, көрөңгөлөнүп уюган рух нурунда (духовность), артылып барган;

Асем өнөрдүн (эстетика) миң кырында тазарып барган;

Таалим-тарбия пейил-куюнда (этика) бир бирине үналыш (синхрон) жаңырып, азбас-тозбос алтын корго айланып барган;

Анан мүлдө ушул көөрлүү тартибин мамлекетинде (укук) так мөөрлөп алган.

Кыскасы, руханий-материалдашкан. Гумандашкан!

Антей демекчи, Европаны байыркы Илиаданын акчайыт духунан алыстатып, Гомердин тукумун үзгөн да Батыш өзү, прагматик коому. Ырас, Батыш өзү да алтын заманын дамамат кусаланып эңсей келди. Улам артка барам деп кайра алдынан ренессанс тапты, классицизм, романтизмди тапты... Илим өнүктү.. Улам динамикалуу өсүп барган коомун түшүнүп туруу үчүн өз койнунан титандарын күрдөөл бөлдү. Вольтерди, Руссону, Кантты, Гегелди, Фейербахты, Контту... Бирок нетесиң, рационализм – кара акылдын да челегине калтылдап, калтылдап толуп барышы экинчи бир нерсенин уламдан улам кемип, кемип кедерине кетип барганы менен да коштолгону жашырын эмес. Б.а. бая көчмөн коомдо улам-улам жыйылып Рух көрөңгөлөнүп, соңунда азбас-тозбос түзүлүп калган Алтын Корго антикубулуш – камбыл керектөөчүлүктүн Кара Туюгу да (черная дыра) ошончо уюлдады. Эң “алгачкы” аталган капитализм заманында араанын айрыкча ачып чыкты. Ал эми бул болсо, Батышта тарыхты жылдырган кыймылдаткыч күчтүн өзү-көзүнө айланып, улам арааны ачылгандан ачылып, ажаан түр күтүп, ал Өзүн оболу кошунанын, анан айылдын, анан Элдин, Жердин, акыры Кудайдын да үстүнө алып чыгып, бөлүп чыгып, Мефистофель духу басып кеткенин тастыктайт. Сөздүн өтмө да, түз да маанисинде. Атасынын (Көктүн), Энесинин (Жердин) үстүнө калкып чыккан эгосун кийин «адам укугу» деп аталган жалбырак менен сыйда жаап көшөгөлөп алганын каңкуулайт. Ага ал өзүнүн балалык сүйүүсүн аттап (“библейская любовь»), “эдип комплексинде” курман чалып барганын айтат. Сыягы, айып Фрейдде же Дарвинде деле эмес (ал кезде социал дарвинизм капарында да жок), дарт чалган кыртыштын дал өзүндө жатса керек. Руссо да, Вольтер да, Монтескье да, ошол түбүн зак чалган нравалык кыртышты кайра асылдаш үчүн кажынып кык ташып жүрүшкөн Мезгилдин бир ак ниет дыйкандары гана сыңар...

Дыйкан, Кожоюн, Укук жана... Жеке менчик... Айтса, Батыштын бардык замандагы, бардык чоң-кичине ойчулдарын өз орбитасында айланткан башкы маселе, акыры ушул. Коомдун өзүндө, тарыхтын көзүндө жаткан маселе ушул. «Адам укугу» деп биз бүгүнкү күндө идеал тутуп аңыздаган Батыш үлгүдөгү башкы кооз түшүнүктүн экинчи көмүскө бети да бир гана «жеке менчик» деген түшүнүктөн турат. «Жеке менчикке укук» деген маңыз тунат.

Америкалык колонист уулдары өзүлөрүнүн киндиктеш жери Англиядан кол үзүшүп согушуп чыкканда, аабал мурда араларын аңырдай ачкан себеп – ошол Жеке Менчик эле.

Америка адеп Кошмо Штаттарга биригип, көз каранды эместик Декларациясын жарыялап, «адамзаты дүйнөгө акысы бирдей туулат» деп жар салып чыгышканда да, ошол айыпсыз ураанды артынан кара дөөдөй кайтарып жаткан сакчы түшүнүк – Жеке Менчик эле.

Атактуу француз революциясынан соң Улуттук Жыйын Адам Укугунун Декларациясын дүйнөдө алгач жарыялап чыкканда да жар салынган бардык ыйык укуктары байланып жаткан козголгус мамы да ушул — Жеке Менчик эле.

Ал тургай азыр Батыш дүйнө башка дүйнөгө азгырыктуу сонундаткан «Адам укугунун» да башкы маңызы дал ушул «адам укугу жеке менчиктен ажырагыс» деп жар салынган көзүр принцибинде катылган.

Батыштын бүткүл философиясы барып келип ушул башкы айлампада айланат. Тээ Платондон тартып Маркска чейин ар бири Жеке Менчикке байланган Адамдын укугун тактап, эркиндигин нускап, коомдун идеалын чуктап, ар бири өз-өзүнчө изденген экен, бир-бир Жол издешкен экен. Мына ошондуктан да Батыштын ар философу тарткан дүйнө сүрөтү өзүнчө, этикасы өзүнчө, эстетикасы өзүнчө, идеалы өзүнчө. Аабалкы чулу бүтүндүктү акылда экчеп, ар бири карандай башы менен кажынып казып, ар бири өз-өз тегиздигинде бир бирине кайчы кайып, кантесиң, баары бир «чаты айрык бараткан» (раздвоение личности, разложение индивида) адамды аман сактап калышка кудурет шаалары жетпей кала беришкен экен. Жетмек да эмес экен! Анткени, эми анын – Батыш адамынын таман алдынан таканчыгы тайып, Жер өзү кайып бараткан эле. Түптүз маанисинде да, философиялык маанисинде да! «Колуңду ишке арна, көкүрөгүңдү Көккө арна» деп жердиги көчмөн коомдо Адамды бөлбөй-жиктебей чулу сактаган кубулуштун Күн Батышта — «экономика материалдуу, нрава рухий» деп ажырым саналып, соңунда ошол жиктин коркунучтуу жаракага айланышы, жүрүп отуруп катардагы адамды эми ошол өзү тырмышып тутунган акыркы арга – экономикалык эркинен да ажыратып тынды. Ажыратып гана тынбай, аны Тагдырдын, Кудайдын бардык функциясын энчилеп бир өзүндө топтоп алган Улуу Кудуреттин – Жеке Менчиктин кулдур кулуна айлантып салганы да калп эмес. «Самоубийство – это господство человека над законами природы». Фихтенин ушу айтканы Жанды да Денди да, Асманды да Жерди да аттап, бардык Ыйыкты тепсеп салган керектөөчүл коомдогу Абийирдин аскадан боюн таштаар алдындагы акыркы жанчыңырыгынын апофеозундай угулат. Аны дүрр коштоп: «воля к смерти», «воля к жизни», «воля к войне», «экзистенция» өңдүү түрдүү, түрдүү «волялардын» жамырап чыгышы ага жаңырыктуу үч илеп (!!!) нокот коет. Ушундай улуу деградациядан соң гана аабалкы алтын заман — коммунизм идеясын башка эмес, дал ошол коммунизмди тып-тыйпыл кыйратып тынган кыртыш гана кайра өзү аңсамак, жандандырмак! Ал ыйык вазийфат кийин дүйнөлүк биринчи коммунисттер Маркстын, Энгельстин тагдырына жазылып чыкты. Ал эми көчмөнгө келсек, ал тек, эзелтен эмкиге дейре дээрлик өзгөрбөй келген өз кыртышында таман ажыратпай жашап жатты...

Байыркы Кронос заманында деп Платон айткан коом ушул.

Эртеги Ирокездер деп Энгельс эңсеген коом ушул.

«Алтын заман» деп Руссо, Гегель аңcаган да заман ушул.

Ал тургай Лао, Куң даанышмандар Дүйнө өзөгүнө өтсөк деп тамшанышып, Лао кетип тынган, Куң жетип тынган да коом ушул эле!

Ошол коом өзүнүн өзөгүн жарып тапкан таанымын аркалап, алмустактан аликүнгө маңызын сактап, «төп төгөрөк» тегеренип, бирине бири сүйөк-жөлөк оошуп-коошуп, биз жашаган кылымга бүтүн чулу келген экен. Батыш, Чыгыш арасын жаадай керип жаткан экен. «И что за чудесная организация этот родовой строй во всей его наивности и простоте! Без солдат, жандармов и полицейских, без дворян, королей, наместников, префектов или судей, без тюрем, без судебных процессов – все идет своим установленным порядком. Всякие споры и распри разрешаются сообща теми, кого они касаются – родом или племенем, или отдельными родами между собой...» (38. 294)

Бир ооз айткан СӨЗ эле,
    Чектен чыккан тентегин
    Сот, милийса жок эле
    Аксакалдар чогулуп
    Тескеп койчу өзү эле...

Эй, дүнүйө-эй! Кимиси Казыбек да, кимиси Энгельс! Алыскы индейлердин континент артындагы алы-жайы, турмушу, коом куруму, салт-санаасы бабаларыбыз баштан кечирген жашоо гөйүнө канчалык бап жаңырганы таң калтырат! Байыркы Алтайрухка киндиктеш жайын да бир ирет кашкайта айтат! Болбосо, Азия тереңинен жаңырган доош да эмне үчүн эле дамамат байыркы бир баеолукка чакырат да, Түпкө үндөйт: «Прогоните мудрецов и отрекитесь от знания, и только тогда крупный разбой прекратится, выкиньте яшму и уничтожьте жемчуг, тогда мелкие воришки переведутся, сожгите все грамоты и разбейте яшмовые печати, и народ станет простым и бесхитростным, уничтожьте мерки и сломайте весы, и прекратятся раздоры среди людей, отмените в Поднебесной все законы мудрецов и совершенномудрых, и тогда с народом можно будет разговаривать». (7. 216)

Табияттан улам ажырап барган агедил Адамды кайрадан аа кайтара албай, табыштыра албай, тазарта албай, анын бар айласын байыркыдан гана көрүп, аа кайтууга чакырык салып кардыккан качанкы карт Чжуаң зыга кайра эле дулдул Казыбек туура эки миң жыл кийин кардыкпаган үн менен, сүрдүкпөгөн тил менен дүбүрт улап, көңкү дүйнөдөн көөнөрбөй келген көч жайын үналыш минтип сайрайт:

Көчмөндүү кыргыз калкы бар,
    Көрөөргө түрлүү салты бар.
    Алы келген үйлөрдө
    Алмач өркөч алты нар.
    Жабдык салып төөсүнө,
    Жапса килем жаркыраар.
    Жаштары ойноп күлүүгө
    Жарашыктуу наркы бар.
    Ар боруму келишкен,
    Am жабдыгы күмүштөн.
    Булгаары тердик кундуздап,
    Бурчунда чеге жылдыздап,
    Буластаган келин кыз,
    Бурала басып ыргыштап.
    Кымбат баа кийгени,
    Кылыктуу жoрго мингени,
    Кыз-келиндер аралаш
    Кызыл-тазыл көч ошол.
    Суулуктап күлүк am минип
    Суктанып жүргөн кез ошол.

Ак Сай, Арпа конушка,
    Айылы консо жадырап.
    Карыялар чогулуп,
    Кашатка чыгып бабырап.
    Кырка наспай тартуучу,
    Кызыктуу сөздөн айтуучу.
    Кымызды чайкап ичишип
    Кызымтал болуп кайтуучу.

Кемселчен басып кыйгачтап
    Келеңкoр чачпак бош таштап
    Келиндер үйгө кирбеген,
    Келберсип ачык күлбөгөн,
    Кесирди көзгө илбеген.
    Ken айтууга ошого
    Кээ жигиттер сүрдөгөн,
    Кезеги келген күндөрдө
    Келинди кимдер сүйбөгөн.

Күмүштөй тиши кашкайып,
    Күлө багып сүйлөгөн.
    Күлүктү кимдер минбеген,
    Күүлөнүп кимдер жүрбөгөн,
    Дөөлөтү болco башында
    Дооронду кимдер сүрбөгөн.
    Кадырлап ошол баркыңды
    Каталык бизден билбеген... (28. 51)

Арийне, көчмөн коомдун ошол абалкы коммунизм экендигин Батыш аалымдарынан баштап биздин марксисттерге чейин баары эле моюндашкан. Бирок Казыбек акын өзөгүн как жарып айткан көчмөндү ичтен билишпеген соң бир кичинекей нерсени «унутуп» (т.а. элебей) калышкан. Ал бая Толстой чал айткан «кеңдик менен кемдиктиктин» арасында жаткан «чуть-чуть». Мына ушул «чуть-чуть” — көчмөн коомду алар айткан «примитивдүү общиналык коммунизм» менен чектеп, биз айткан биздин заманга жеткен бийик руханий-маданий, же нарк-салттуу коом арасын бөлүп турат.

Марко Полодон тартып кечээги орус ориенталисттерине чейин «жапайылардын» нравалык жактан ушунчалык бир бийик, мөл тазалыкка жетишкенин таң калып да, суктанып да жазышканы бекер эмес! Кийин Радлов да кыргыз сүйлөсө эле куюлуштуруп ырдаарын айткан!! Затаевич жазып алган «казактын беш жүз ан-күйүн» Чыгыш маданиятынын билерманы Ромен Роллан угуп отуруп, эрксизден эрээркеп ыйлаган!!! Ал эми Нарк-Салттуу коомдун уңгу табиятын, башкы мүнөз удулун аныктап калган Сөз, Музыка, бул — «частная собственность», же экономикалык категория эмес, рухий мейкин. Б.а. коомдун аныктооч мүнөзүн түзгөн башкы көрсөткүч экөөндө эки башка. Көчмөн коомдун мына ушул өзгөчөлүгүн билбей, материалисттик таанымдагы «бытие определяет сознание» дегенди түздөн-түз өндүрүшкө көчүрүп түшүнүү, демек, көчмөндүн дүйнөтааным, акыл-эсин тээ ташкылымдан бир аз эле берээк чектен көрүү — анын чыныгы жүзүн билбестик болгон. Орой айтканда ошону ойлоп тапкан аң-сезимдин өзүнүн жармачтыгы болгон. Коомдук аң-сезимдин деңгээли сөзсүз эле өндүрүштүн деңгээли менен өлчөнбөйт. Керек болсо, белгилүү бир шартта, коомдун базиси «каткан» кезде — коомдук аң-сезим күчтүү өнүгөт! Төтөн, эгерде ал көчмөн коомдой эч качан жандуу табияттан ажырабай киндиктеш калса! Ушунда гана аң-сезим табияттын жан Сырын тартат. Теңир менен түз байланышка чыгат. Дүйнө өзөгүнө сапар алат. Чыгыштын улуу устаттарынын – даостордун, бутпарас кечилдердин, сопулардын, дервиштердин аска учундагы кечилканаларда, болбосо жылдыздуу мейкин тепчиген учсуз Жолдо жылжып-куюлуп Дүйнө өзөгүнө кошулганы-жошулганы бекер бекен! Отурук Чыгышта айрым-айрым Дааналар коомдон бөлүнүп, буга атайлап умтулушса, көчмөн Чыгыш бүтүндөй Коому менен ал абалда табигый жашаган. Көчмөн коомдун байыркы примитив эмес, мезгилге адымдаш дайымкы замандын бийигиндеги чыныгы ушул ордун Евроордо (Евроцентризм) апологеттери эч качан көрө алган эмес. Көрө да алмак эмес!

Мына ушундан соң мыйзамдуу бир суроо туулат. Деги ал, философия дегениң эмине өзү? Биздин элде Батыш менен Чыгыштын өнүккөн өлкөлөрүндөгүдөй бир системге салынган классикалык философиясы иштелип чыккан эмес деген сөздүн канчасы чын? Дегеле көчмөн философиянын формасы кандайча көрүнөт? Философия дегениң ал ар бир титаны жогоркудай, м: Батыштагыдай, ар башка салаа-тегиздиктерде табышпай, адашкан талашкан акылдардын тирешкен плюрализми элеби, же Дүйнө-Болмуштун чулу бүтүндүгүн сактап келген эспи, сактап эле эмес дирилл жашап калган тирүү дилби? Бүтүндөй бир Элди өз Жолунда адаштырбай баштап барган турмуштук Дааныш да Жолбу? Андай болсо Калк Жолун, Мамлекет курумун кайдан чалыш керек? «Сифилизованный элдерден» эле издей бериш керекпи, же...

Ооба, Нарктын, Салттын бийиктигине өскөн элдин философиясы түзүлбөй калмак эмес. Түзүлмөк! Бирок, көчмөн түр алмак. Ошол философия-илимдин аты-ысмы – Теңирчилик. Бардык эле эл Дүйнө-Болмуштун сырын тартмакка белсенет, бирок баары эле анын калкагар бийигине жанаша бербейт. Эгер элдин Дүйнө түшүнүгү толук, терең бир системге келсе, ыраатталса, жашоо турмушунун бар жагын камтып жайылып калса, ичин да, тышын да бирдейлеп салса, сарай, сарайга китеп толуп жыйыла бербей баскан Жолуна жарыгын тийгизип кызмат кылса, кыяматтын эчен бир кыл көпүрөсүнөн эсен-аман өткөрүп келсе, өбөк-жөлөк болуп берсе, акыры барып кийген кийими, ичкен ашына айланып кетсе, рухун гүлдөтсө, ошол – философия! Же мындай учурда философиясын жашоо, жашоосун философия аныктап шарттап калат. Экөө бөлүнүп жиктелбей жашоонун философиясы деген чулу, нак маанисине келет.

Мындай тааным өтө узаакы руханий Жол басып, Дүйнө өзөгүнөн тамырын үзбөй жашаган улуу элдердин гана ыкыбалына туш. Көчмөндөр — ошол сапта! Кыргыз бир территорияда отурук жашаган эмес, бирдиктүү экономикалык системи түзүлгөн эмес, өнүгүүнүн капиталисттик тилкесине жеткен эмес деп сыртын чапчыган отурук стереотип миф кишени ушул жерден кыйрайт. Анткени Улут, Эл деген нак маанисинде — массаны билдирген материалдык түшүнүк эмес, Дүйнө Болмушка өзүнүн ички мамилесин иштеп чыккан, иштеп гана чыкпай, аны менен дем алып жашаган эгемен эс, маданий-рухий кубулуш! Улуттук мүнөз, улуттук психология, улуттук дүйнөтааным ушинтип өтө терең-тереңден калыптанат. Ал өзгөчөлүктөрүн барк албай, аа таянбай, тааныбай туруп чыныгы улут мамлекетин курам деш, бекер кеп.

Батыш менен көчмөн коомдун эң түпкү айырмачылыктары ушунча алыстыктарда. Ошол айырмачылыктардан улам келип чыгаар баам-баасы, дүйнөтааным өзгөчөлүктөрү ушунча тереңдиктерде. Демократия, Адам, Мамлекет, Жеке менчик, Жер өңдүү улуттун тагдыры байланышкан башкы маселеде чыныгы өзүнүн философиясынан чыга албай, стратегиясы ошондон такталбай, Батыш өзүнчө өзгөчөлүү өнүгүү Жолун басып өткөнүн элес албай, Монтескье минткен, Гоббс анткен, “как сказал Медисон»(Акаев ыкма) деп карыш четке чыксаң каңк эттире АКШнын Конституциясы ме¬нен башка чаппай, чет элдик эксперттерди чакыра коем деп коркутпай, таптакыр башка тарыхый-социалдык шартта жашаган башка элдин психология-философиясынан жаралган туундуларга историзм принцибинен мамиле эткен оң. Бир элде реалдуу быгышып кеткен нерсе, экинчи кыртышта фарска айланат. Орус атка минсе өпөңдөбөй койбойт. Ал эми азыр айла-амалы ашынган бу куу заманда ар бир эл жантабиятында не күчтүү жагы болсо, ошону көтөрүп чыгып күрөшөт, коргонот, башканы иритээр не күчү болсо, ошону башкы планга алып чыгат, башкага таңуулайт. Бул эзелтен сыналган жол. Жинди ылдамдыктын жиниктирген философиясынын тамыры да так ушерде!

 

ТАП ТУУРАЛУУ

Ким билет, кынтыкчыл окурманга, биз тарткан көчмөн коом сүрөтү мурда ал көнгөндөй эмес, кыйла идеалдуу, тапсыз коом, бир сөз менен айтканда бир тузу кем коммунизмдей сезилип мыйыгына күлкү чакыраар. Жок, мен деле ал сыңары реалист болгум бар, өткөндү өжөр мактагым жок, тек, көңкүдөн келген дүйнөнү өзгө эмес, көчмөн тургудан түшүнүп көрүү ниетимде тур. Арийне, көчмөн деле Ай алдында Күн алдында ыйы-күлкүсү аралаш бардык эле адамзатындай реалдуу өмүр сүргөн.

Бирок анын Батыш адамынан башкы айырмачылыгы, жантабияты башка тегиздикте жатаарын атайылап нускадым. Көчмөн жашоо мүнөздүн өзү керекчил коомдун табиятында калыптанаар эгоизм, индивидуализмден сырт тураарын, керинче, жамаатчылык-жашоосунун башкы шартын аныктап калгандыктан жалпыга алымдуу эрежелер милдетке айланаарын, соңунда барып коом Нарк-Салттын бийигине өсөөрүн белгиледим. Акыйкатта, кандай гана эл болбосун анын элдик куну, касиети, өзгөчөлүк-артыкчылыгы да биринчи ирээтте анын рухий-нравалык бийиги, гуманисттик салттары менен өлчөнүүгө тийиш. Ал эми анын тапсыздыгына келсек, биякта чыны менен тактап алаар жагдай бар. «Көчмөн социализм» деген түшүнүк көз жарганга чейин далай башты карытып, далай акылды талытканы бекер эмес чыгаар...

«Тап» деген түшүнүккө келээр алдын дегеле бу атаманын түркү тилиндеги түпкү маанисин тактап алалы. Билишибизче, ал «тайпа» деген аталыштын эле экинчи бир угуму. Бизде пассивдүү тарткан. Кээ бир тектеш тилдерде, активдүү колдонулган, мисалы татарларда. Менимче, айрым авторлордун «тап» деген түшүнүктү К.Тыныстанов ала кийизге салынган эки карама-каршы оюунун ортосуна кармалган жик-милтенин аталышынан алып, «класс» маанисиндеги жаңы терминди жаратып салган деши натуура кеп. Окумал Касым ага деле бу атаманы татар тилинен алып, аны «класс» маанисине которуп неологизмге айлантып салган шекилди.

Эми атынан затына барсак, анда «тап-класс» түшүнүгү жеке менчиктин келип чыгышы менен классикалык антагонисттик маанисине өтөт. Энгельстин айтуунча Европада тарых тастыкталып катка алына баштаган заманда эле жерге жеке менчик орноп калган чагы экен. Байыркы Афина мамлекетинин тарых аренасына келиши менен уруучул тартип ургаалдуу кыйрап, соодагерлик, дыйканчылык, кол өнөрчү атанып эмгектин өз ара бөлүштүрүлүшү баштагыдан өркүндөптүр. Акчанын жүгүртүлүүгө өтүшү натуралдык чарба жүргүзүп жашаган айыл коомдорун «ичтен кислотадай иритип» бир эле уруу ичиндеги жер ээлеринин ортосунда аңырдай ажырым чыгыптыр. Сүткорлук гүлдөптүр. Жер мурда уруу ээлигиндеги кезде анын сатылышы, колдон колго өтүшү мүмкүн болбосо, жеке менчикке айланышы менен жеке мүмкүнчүлүк гана эмес ага ээлик кылууга, мыйзамдуу тартып алууга тарыхта биринчи ирээт шарт түзүлүпүр. Ал — ипотека ыкма. Бул ыкманын ишке кириши — жерди массадан тартып, соңунда аны азганакай бир ууч жер ээлеринин бутуна жыккан. Малын саттырган, баласын саттырган, аялын саттырган. Акыры өзүн «сатса пулсуз, өлтүрсө кунсуз» чулук кулга айлантып тынган. Ошентип уруу ичиндеги ынтымак кыйрап, коом колунда бар бардарларга жана жону ачылган жокторго жиктелген. Кулдан өз байлыгын коргош үчүн да, аны иштетип байлыгын арттырыш үчүн да эзген тап Мамлекет аталган аппарат тапкан. «Классовый антагонизм, на котором покоились теперь общественные и политические учреждения, был уже не антагонизмом между знатью и простым народом, а антагонизмом между рабами и свободными». (40.315) Тарыхта каршылаш таптар ушундайча чыккан. Марксизм ошондон соңку дүйнөлүк тарыхый өнүгүштү жалаң антагонисттик таптар арасындагы бир туташ күрөш катары сүрөттөйт. Ал кулчулук, феодализм, капитализм аталган коомдук-экономикалык формацияларын басып, бирде ич ара айыгышкан тажаал түр күтсө, бирде сырткы кысталаң шарттан улам улуттук ынтымакка келип тымызын басмырт тарткан, бирок эч качан үзүлбөй-сүзүлбөй уланып келген. Батыш коомуна толук мүнөздүү болгон бул көрүнүш бая байкалгандай көчмөн коомдун табиятына дал түшө бербейт. Анын уруучул-жамаатчыл мүнөзү социалдык жиктелүүнү эч качан таптык антагонисттик деңгээлге өстүрүп чыгарбайт. Көчмөн коомдогу катыш-мамиле тээ түптөн келаткан уруучул, жамаатчыл вертикал түрүн солк этпей сактайт, Батыштагыдай жекечил мамилеге негизденген горизонталь түргө ооп кетпейт. Көчмөн жашоонун өзү ага мүмкүнчүлүк бербейт. Элестүү айтканда, жалкынын (кул ээсинин, помещиктин, капиталисттин) байлыгына эмес, жалпынын маакул (жамааттын, уруунун, элдин) бийлигине негизденет.

Арийне, бул көчмөн коомдо социалдык теңсиздик такыр эле болгон эмес деген түшүнүктү билдирбейт (социалдык теңсиздик, албетте, болгон, бирок ал тапчыл коомдогудай биротоло өзгөрбөс калган, аягына че аныкталган, бүткөн, каткан, түшүнүк эмес, көчмөн коомдун өзүндөй кыймылдуу, конкреттүү тарыхый кырдаалга, жалпы нравалык климатка жараша өзгөрмө түшүнүк, демек «таптык антагонизм» эмес, «социалдык ажырым» дешибиз эп), ал башка күчтүү башталышка, же уруу, эл ынтымагына баш ийдирилген. Мында коомдук орун-озуйпанын, функциянын өз ара бөлүштүрүлүшү айрыкча так, ырааттуу, күчтүү. Ар социумдун ээлеген иерархиялык орду ар башка болсо да, баары бир нерседе – уруунун, (уруу боюндагы ар биринин) кызыкчылыгында, жашоо коопсуздугунда кесилишип, тил табышат. Ушул коопсуздук уруунун ар бир мүчөсүн-механизмин өз-өз ордуна коет, так иштетет. Койчунун кой артында, мырзанын журт башында, баатырдын эл четинде, дыйкандын жер четинде болушун талаптайт. Кезинде, бул — ич ара кактыгыш, каршылыкты эмес, керинче Наркка-Салтка, б.а. бийик адепке негизделген уруу ынтымагын, намысын башкы планга алып чыгат. Ушунун эле өзү жекелик планда ала келгенде да ар кимдин түбүндө ууру буккан индивидуализм менен эгону дамамат ооздуктап, бир тилектеш, пикирлеш жамаатчыл сезимди жар салат. Демек, Батыштык маанидеги антагонисттик тапчыл жиктелүүнүн келип чыгышына эң түпкү даректин-данектин өзүндө уюп каршылык жатат. Көчмөн коомдун негизги табиятын, социалдык-психологиялык жагдайын аныктаган, тапчыл маанай эмес «журт ынтымагы» деген фалсафий түшүнүк ушундайча келип чыгат. Балким муну кыргыз эмес, орус баласы айтканы оңдур. Ошондо ал ишенимдүүрөөк угулаар. Эмесе казак турмушун революцияга чейин кеңири изилдеген этнограф А.И.Левшиндин бир сөзүнө кулак кагалы. «Образ внутреннего управления киргизов представляет глазам наблюдателя явление странное и совсем необыкновенное, анархическую смесь деспотизма с неограниченной свободою каждого частного лица. И поэтому в одно и то же время видим здесь полномочного властелина, который вешает своего подданного за покражу барана или лошади, а возле него толпу подвластных ему же, которая торжественно отказывается от повиновения и объявляет, что она переходит от него под власть другого повелителя за то, что он из нее какого-нибудь хищника выдал русскому пограничному начальству» (45.).

Жагдайдын ички себебин анча кармай албай дел калган жазгычтын бул пикиринде, билгенге, көчмөн коомдун мүнөздүү бир учуру дүңүнөн таамай чагылдырылып турат. Оторчул замандын оор запкысынан бели майышкан, пейил-куйун зак чалган элдин аянычтуу абалы канчалык айкын турса да келтирилген ушул мисалда тапчыл тилектештиктен мурда жамаатчыл тилектештик башкы планда байкалат. Арийне, эл эл болгону соң журт боюнда жалаң Теңирий жаратман нук гана эмес, малсезим кыйратман жук да жашайт. Ал да жыйылат, ал да катмарланат, жанарланат... Ал дагы конкрет-кырдаалга, тарыхый өткөн-кеткен себептерге, болбосо, алдыдан күтүлгөн кооп болжолго байланышат. Ошондой чактары да көчмөн дүйнө өзөгүнө жыйыла келген өрт бир күнү өзүн өтүнөн жарып чыгаарын туйгандай өрөпкүп өзү сыртка алгач чыгарган. Болбосо, тарых сапары кайталанма экенин кадиксиз билген ал мезгил ырайын кыраа туюп, эртеңки кооптун алдын алган: «кезек бир келет!» «келме кезек – терме тезек», «чабылбайм десең чаап тын!» деп чагылгандай кубатын жыйган. Эзелки эгешкен жоосун беттеп жортуул жүргөн. Урунаарга тоо таппай, урушаарга жоо таппай, Жер-Көккө сыйбай калганда көчмөн дүйнөнүн күтүүсүз бир бүркүлүп жанардай жарылып чыккан себеби да ушул жакта чыгаар.

Же дагы, баатыр жигиттер зеригип болду, кыз күлкү, келин шыңкы боюн матап, катын сыяк муунун качырып барат дешип, же дагы, урунаарга тоо жок, же урушаарга жоо жок, ошондо жоктуктан эмес бардыктан, сараңдык эмес эрдиктен бир биринин жылкысын тийип, күч эле сынашпай ар намыс, Нарк сынашып, кадыр билишкен Барк сынашып, чатырап дуулдап, соңунда Салт Жолунда жыгып же жыгылып келген, ушинетип да көчмөн дүйнө өз жашоо ыраатын, Нарк-Салт Жолун сергек туткан. Ортодо жүйөө жүргөн. Коом өнүгүүсү жапан стихия эркинде калбай кадимкидей эле башбилги башталган, башкарылган. «Турмуштун туткасы – Адам» деген туу чындыктын түбү ушуякта. Демек, эгешкен тапчылдыкка табиятында орун калбай калган. Сырт көзгө анын бу ички мыйзамы дайым эле дайын болгон эмес. Далдаа калган. Эсеби, «аскерий демократия» аталган аксиомага айланган көз караштын да бир жаңылыштыгы ушул жерде. Алдуусу алсызын баскан, күчтүүсү күчсүзүн чапкан тартипти даң кылган бу теория өткөн тарыхыбызды түшүндүрүүдө кай бир калпыстыктардын келип чыгышына да жол ачкан. Өз өткөнүбүздүн кай-кай жактарын өзүбүздөн көшөгөлөп салган. Андыктан ушерден бир келки мисал келтире кетүү орундуу: «Богатство соседей возбуждают жадность народов, у которых приобретение богатства оказывается уже одной из важнейших жизненных целей. Они варвары: грабеж им кажется более легким и даже более почетным, чем созидательный труд. Война, которую раньше вели только для того чтобы отомстить за нападения... ведется теперь только ради грабежа, становится постоянным промыслом.

...То же самое происходит и внутри общества. Грабительские войны усиливают власть верховного военачальника... родовой строй превращается в свою противоположность: из организации племен для свободного регулирования своих собственных дел он превращается в организацию для грабежа и угнетения соседей, а соответственно этому его органы из орудий народной воли превращаются в самостоятельные органы господства и угнетения, направленные против собственного народа. Но этого никогда не могло бы случиться, если бы алчное стремление к богатству не раскололо членов рода на богатых и бедных, если бы имущественные различия внутри одного и того же рода не превратили общность интересов в антагонизм между членами рода».(40. 356)

Байкагандырсыз, Батыш адамынын бардыгын ыйып-жыйып бооруна баскан отурук психологиясынан жаралган материалий баам-бычым мында да башкы орунга чыккан. Ал эми байлык жана менчикке келсек анын эки руханий континенттеги-менталитеттеги мазмуну ар башка. Анын жөнү өзүнчө. Дүйнөлүк тарыхый өнүгүштү жалаң антагонистик таптардын күрөшүндө көргөн марксизмдин башкы теориясы ушинтип өз кучагына Азиялык көчмөндөрдүн да тарыхын натуура тартып алган.

Ырас, ар кандай коомдук өнүгүүдө кыймыл булагы — карама каршылыктардын өз ара аракетине байланышат. Бирок бул императив чындык эмес. Төтөн, көчмөн дүйнө үчүн! Арийне, уруучул көчмөн коомдо да түмөн түрлүү ачык-анык каршылыктар болбой койбойт, бирок ал мында социалдык катмарлардын эмес, айрым-айрым уруулардын, элдердин арасына оошот, жана да эч качан таптык антагонисттик түр күтпөйт. Уруулар аралык мамиле чегинде калат. Же чабыша келет, же табыша келет... Коом канчалык Нарк-Салттын бийигине көтөрүлүп барса уруктун, уруунун, андан барып Элдин ынтымагы артылат. Эл биримдиги келип чыгат. Керинче, Нарк-Салттан канчалык тайып барса, Ынтымагы ошончо ыдырайт. Каршылык күчөйт. Алтоо ала болуп алдындагыны алдырат. Журт бузулат, чабылып чачылат. Нравалык башат аныктооч ролду ойногон Нарк-Салттуу коомдун башкы мыйзамы ушундай. Узаакы, узаакы кылым кечкен тажрыйбасынан чыгып көчмөндөр бул кубулушту «Кел-Кел» жана «Кет-Кет» заман деп дүң мүнөздөп салышкан. Улуу баян Манастан тартып кенже делген эпосторго чейин, таш жазуудан тартып санжыра сабагына чейин эски накылдын данегине катылган Сыр шыбырга баам салсак, анда, кайран бабалар самырдай какшап кайра-кайра келээр муунга эки гана башкы осуятын эриш-аркак санаттап салганын көрөбүз. Ал дал ушул «Кел-Кел» жана «Кет-Кет» заман чындыгы. Кайсы учурда Теңир көчмөнгө ыбаа карап, кай кездери андан тетир жүз бураары, ал бир тарап – Теңир эркинен гана агылбастан (Ал – улуу айкөл, тегиз, теңиз, кечиримдүү), адам, коом өз пейил куйунан да табаары, баары, баары Теңирчийинге байланышаары, Ыйык Чийинден («Төп Төгөрөк») чыкканды анын кыйыктаары жайындагы зор чындык. Карт тарых кай заманда көчмөн өз эркин Теңир эркине шай жалгап, демек Адилдик, Калыстык, Биримдик, Намыс, Ынтымакты ТЕҢ жарлап «Кел-Кели» келип жылдызы жанганын, кай кездери элдик намысын тепсеп Каралыгынан (эл) Караламанга (аламан) тайыганын, кедерине кеткенден Теңир да тетир бурулуп, соңунда эл бузулуп, журт ирип «Кет-Кеттин» кээри басканын, баарын, баарын билет. Анын бар билген, баскан-кечкен төл «формациясы» ушул. Диалектикалык байланыштагы эриш-аркак эки Абал. Кыймылдуу көчмөн коом бирде толуп жайнап «Кел-Кели» жанса, бирде чөгүп, дымып «Кет-Кети» баскан. Б.а. ал бирде Нарк-Салттын бийигине көтөрүлсө, бирде кедерине тарткан. Ошого тең, коом мүчөлөрүнүн өз ара алакасы, менчикке мамилеси да өзгөрмөлүү-кыймылдуу болгон. «Өлүү дүйнөнүн» өлөрманы, не «тири Дүйнөнүн» билерманына өткөн. Эриши бирде жумшак, бирде катуу, Аркагы бирде чыйрак, бирде бошоң...

Энгельс белгилүү эмгегинде мындай бир айткан жери бар: «На средней ступени варварства у пастушеских народов мы находим уже имущество в виде скота, которое при известной величине стада регулярно доставляет некоторый излишек над собственной потребностью...» Ушул сүйлөм, билгенге, көп нерсеге ачкыч.

Бул көчмөн коомдун сырт жоого бастырбай, ыңгай-табиятына табышып, толук бойдон ички мыйзамынын чегинде жашап турган бир бейпил, бакыбат чагын мүнөздөйт. «Аш көп болсо — каада көп» дейт кыргыз. «Адеп — бардарчылыкта калыптанат, жетпеген турмушта – бузулат» дейт Гуаң зы9*. Башкача айтканда, бардар заманы элдин пейил-куйун оңоп, эзелтен келаткан Нарк-Салттын бийигине үндөп турган чагы бул.

Биз бая, узаакы тарыхында Нарк Салттуу коом өзүнүн оюлбас да ноюбас Алтын Корун түзөт, алгы сапарында ал ошол соолгус мүрөгүнөн наар татып, байытып барат деген элек. Арууланат, гумандашат, Теңир Жолунда өрлөп-төрлөп руху ургаал өнөт деген элек. Ошол чен-өлчөм – Алтын Кор, көчмөн үчүн нагыз дөөлөт эмине, жалган дөөлөт эмине экенин айныксыз айтып нускап турат. Элдин байлыкка да, бийликке да, утурум майдалыкка да, түбөлүк бийикке да карата классикалык баа-бычымы түзүлөт. Ал эми «бүгүн бар да эртең жок, ушундай экен Дүйнө бок» деп бар утурумдуктан, өтөөр-кетээрден өзүн тазалап арылган-арууланган, табияттан киндик үзбөй бир жумуруланган, Улуу Теңирдин мээр-каары алдында жыпжылаңач даң салган, ал гармония – ыраатка алган, руху үзүлгүс туташ калган көчмөн үчүн эң башкы өлчөм саналып эмне байлык, эмне бийлик калат акыр? Улам Асмандай түбүнөн тазарган, мөлл кристалдашкан улуу гуманизми гана калат! Көчмөн коомдун түпкү умтулган бийиги Теңирдей Нарк-Салт калат! Бардык заманга баа өлчөмү, идеалы — классикалык «Баарзаман» калат. Кай заман болсун ага анти, баары тик туруп каршы уюшаар «Каарзаман» калат. Кайталайм, көчмөн доордун мүлдө тарых-тагдыры диалектикалык байланышта термелген ушул эки гана Абалды билет. Анын төл формациясы ушул.

Арийне, коомдун «Кел-Кел» же «Кет-Кет» түр алышы бир гана ички мыйзамдан агылып чыкпайт, ал жалпы тарыхый процесске, сырткы окуялардын да эбине байланышат.

Демек, көчмөн коом Батыш басып өткөн коомдук-экономикалык формациялардын капитализмге чейинки тепкичтерин да ырааттуу басып өтпөгөн соң болбой эле аны алдын ала түзүлгөн калыптарга камап, «таптык коомдун келип чыгышы, эртеги феодализм, кеч феодализм, капиталисттик мамилелердин түзүлө башташы» ж.б. ж.б. деп, эң эле болбой калганда: «таптык жиктелүү анча айкын формада көрүнгөн эмес» деп жумшарта айтып, айтоор түп фактынын түбүндө калпыс интерпретацияланышы уламдан улам чындыктын көзүнө чым бастырып, көчмөн табиятын так аныктап алууга болгон мүмкүндүктү тарытып, миф үстүндө миф жаратып бара берген, бара берген, бара да берет, эгерде...

Акыйкатта, факт жана анын интерпретацияланышы диалектикалык байланышта. Аксиомага айланып алган эски интерпретация ар бир жолу жаңы фактыны болбой эле өзүнүн айлампасына ийирип ала берет. Жаңылыш ойго чала берет. Андыктан биз да калк тарыхын акыры барып анын өзүнүн төл таанымынан чыгып жоруптабасак, эч качан объективдүү чындыкка келе албайбыз. Ал бирөөлөргө ылайыкталган, бирөөлөр көргүсү келген гана тенденциялуу мүнөз күтүп кала берет. Ушул тургудан алганда марксизмдин бая айтылган «дүйнөлүк тарых жалаң антагонисттик таптардын күрөшүнүн гана тарыхы» деген Батышка дал белгилүү жобосу бизге анчейин алгылыксыз чыгат. Бул теория, менимче, эки жерден айласыз зак берет.

Биринчи, бул, керекчил маанайды башкы планга алып чыккан (базис, надстройканын катышын эстеңиз) Батыш коомдун позициясынан туулган көз караш.

Экинчи, мүмкүн тарыхый өнүгүштүн белгилүү бир этабында белгилүү бир элдер үчүн (м. Европа алкагы үчүн) ал акыйкат бүтүм чыгаар. Бирок да ал этапты конкрет бир мезгил тепкичтеринде басып өтүп кеткен коом менен (Батыш), өтүп кетпей ошол тилкеде түбөлүк өркүндөп (!) калган коомдун (көчмөн) ортосунда бая айтылган руханий-тарыхый улуу айырма аралык жатат. Демек, алиги «уруу мүчөлөрүнүн арасына оошкон антагонизм» теориялык планда алганда, көчмөнгө, тек сырттан таңууланган жасалма антагонизмге окшойт. Андыктан бул учурду марксизм булагы аркылуу эмес, Манас, Эл булагы аркылуу үйрөнүү биз үчүн аавал зарыл.

Ырас, өз өткөн тарыхыбызга тапчыл тургудан айныбай мамиле этип калышыбызга марксизмдин официал идеологиясы гана эмес, ага чейинки элибиз башынан кечирген «кош эзүү» аталган оторчул оор кезең да олуттуу таасир тийгизгени анык. Арийне, акыркы үч жүз, төрт жүз жыл — камбыл Батыштын заманы болду. Ооматы келип тарыхый өнүгүшкө активдүү таасир этишти алар. Көчмөндөрдүн басым бөлүгү зор Российдин кол астында калды. Буржуазиялык коомдун кыйла тартиби көчмөн коомдун традициялуу ыраатына аздыр-көптүр өз тартибин, ритмин киргизди, чарба ыкмасына гана эмес жан дүйнөсүнө да өз таасирин тийгизди. Бирок бул ички эмес, сырткы фактор болду, же келип чыккан капиталисттик эң адепки мамиле элементи да анын өз табиятынан табигый өнүп чыкпады. Марксизм белгилегендей өндүрүштүк мамилелердин өзгөрүшү эволюциялуу, өзүнө чейинки өкүм сүрүп турган коомдук мамиленин өнө боюнда ичкериден бышып табигый жетилет. Ошого тең, анын кыймылдаткыч күчүн түзгөн таптар суурулуп башкы планга чыгат. Көчмөн коом муну билбейт. Андыктан оторчулдук заманда да мурдагы таптык жиктелүү тереңдей берди деген бүтүм бир жактуу, калпыс. Анын ордуна сырткы эзүүнүн күч алганы, Нарк-Салттын тебелендиде калганы, жерин, суусун тартып алуу, кысталаң шартта бирин экинчисине шилтеп эптүү башкаруу, социалдык теңсиздиктин тез тереңдеши, айла-амалын ашырып урууларды араздаштырып трайбализмге аңырдай жол ачуу, акыры журттун суканы качып кедерине кетиши, же элдин өз сөзү менен айтканда «Кет-Кет» заман баскан кезең болгонун айтуу чындыктын көзүнө чыгарат (өйдөкү А.И.Левшин айткан мисалды эстеңиз).

«Кет-Кет» заман караңгы-ы, караңгы замандардан бери калк башына канча жолу каран түндөй жабылды экен, ким билсин, бирок эл да өлтүргөн сайын өөрчүп, өжөр тирилип ички кудурет-дем эсебинен өзүн сактап отурган экен. Анткени, мейли бир учур — ичтен ирип, Теңири каарласын, экинчи учур — сыртынан калмак алсын, манжуу чалсын, эң башкысы, кылымдар бою калыптанган жашоо мүнөзүнүн өзү, чарба жүргүзүү ыкмасы, түп кыртышы, психологий ыңгайы, эмкиче айтканда этноменталитети бир солк этпей, өзгөрбөй сакталып турган экен. Ыңгай-табияты ирибей фалсафий кыртышы сакталган калк эч качан маңкуртка айланбайт. Уңгутагдырын (самоидентификация) улайт. Ошол зылдай өзөк кайран эл орус оторчулугунда калганда бир күчтүү солк эткен экен! Жанга зак алган экен кыргыз. Акыйкатта, Калыгул олуя баштаган кылымдардын тажрыйбасына канык кыраа салт сакчыларынын замана ырлары тапчыл аалымдар айткандай мезгил тамырын кармай албай тек өткөндү бир жактуу көксөгөн арман эмес, керинче, Нарк-Салттуу коомдун байтүбүн баккан (же идеалын мураска алып жүргөн) даанышмандардын Батыш эмес көчмөн тургудан, башканын эмес өз көзү менен карап замандын реализмге канык тарыхый-философиялык зор полотносун таасын тартып бериши катары каралмагы эп.

«Кет-Кет» замандан соңку эл тагдыры эки гана түрлүү. Же ал узаакы кор замандан соң биротоло кедерине кетип тагдырын трагедиялуу аяктайт, дүйнөлүк тарыхтан чийилет. Жок болот. Же, «Кел-Кели» жанат. Тарыхый тагдырыбыз экен, акыркы бир жарым кылым ичиндеги замандын «Кет-Кет» каары да, «Кел-Кел» баары да Россия мамлекетинин тарыхый жолу менен байланышта болду.

Эгерде эл кылымдап калыптанган табигый жашоо ыңгайына карандай кайчы, терс жолго күргүштөп күчтөп салынса, анда аны эмне тагдыр күтөт? Буга анык жоопту орус оторчулдугуна байланышкан жөн эле экономикалык эзүү эмес («журт аркасы темир талкуу», чыдайт ал, бул али акыркы опуртал эмес), андан жаманы – этнопсихологиялык эзүүдө калган абалы берет. Улуттук дүйнөтааным негиздин ургаал талкаланып кириши менен шартталган трагедиялуу сабак ушуну айтат. Же керинче, замандын күр жаңылыгы, сырт жаңырыгы канчалык күчтүү жаңырбасын ал дал ошол этноменталитет өзгөчөлүгүнө эптүү жуурулуш өткөндө — Ич менен Сырт илинчек кетет. Көчмөн социализмге табияты эң көп жеринде айкаш түшкөн, жылдызын кайра бир жандырып кеткен кечээги Кеңеш доор тушундагы «Кел-Кел» замандын сабагы да ушуну айтат. Эки сабак эми алдыга ой калчатат...

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

PDF форматында китепти көөчүрүү

 

© Чоюн Өмүралиев, 2012
    © “Кыргыз Жер”, 2012

 


Количество просмотров: 8950