Главная / Сын, адабият таануу, Адабият таануу / Публицистика / Даректүү жана өмүр баянды чагылдырган адабият
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2012-жылдын 24-июлу
«Бүгүнкүгө конокпуз, эртеңкиге жомокпуз»
Акын Абдирашит Урбаевдин жаркын элесине арнаймын. Калемдешти эскерүү.
«Адабиятта өлгөндөр болбойт»
Н.Тургенев
Тааныш-билиштердин телефон сандары жазылган чөнтөк дептерчемди барактаган сайын Абдирашит Урбаевдин ысмы көзүмө урунат. Аны көргөндө турмушумдагы дагы бир жоготуунун муздак демине үшүй түшөм, бирок бул санды сызып таштоого даай элекмин. Абдирашит агайдын арабыздан мезгилсиз кеткенине жыл айланды, бирок анын жоктугуна ушул күнгө чейин ынануу кыйын. Ал өзүнүн ыр сапарынын мөөнөтү бүтө электе, чыгармачылык күч-кубаты ашып-ташып турганда жарык дүйнөнү күтүүсүз таштап кеткени биз үчүн оор жоготуу болду.
Эсимде, өткөн жылдын 3-июнунда суук кабарды уккандын баары ишене алыша алышпай катуу чочушкан. Акын агайыбыздан айрылганда анын адабияттагы орду, кайталангыс таланты, адамдык кадыры айрыкча билинди. А.Урбаев чыгаан акын, журналист катары элге таанымал болсо да буга чейин көкүрөгүн каккылабай, сыйлык, наамдарды талап кылбай, а түгүл көпчүлүккө жүрөгүн ачпай табышмактуу жана басмырт жашап, анан эч кимге коштошууга үлгүрбөстөн туруп жарык дүйнөдөн кокусунан узаганы менен баарыбызды арманда калтырды. Акын агай да бул тагдырын алдын-ала болжоп койгондой 30 жашында эле:
Мен өмүрдү командировкага окшотом,
Көп жүрөт да бирөө иштейт азыраак,
Аз жүрөт да бирөө эрте тайгылат,
Мен өмүрдү командировкага окшотом… («Күндү күтүү» ыр жыйнагы, 1976)
– деп жазыптыр.
А.Урбаев быйыл арабызда болгондо 65 жашка чыкмак экен. Бирок, ал дайыма чыгармачылык менен активдүү алектенген, ой-сезимдери таза, дараметтүү адамдардай эле өз курагына караганда алда-канча жаш жана оптимист көрүнчү. Омүрүнүн акыркы демине чейин иш үстүндө болду. Жүрөгүнүн курч оорусу кармап калганда да Жалал-Абатта журналисттик кесиби боюнча иш сапарда жүргөн экен. Мейманкананын ээсинин айтуусуна караганда иштен кийин кечинде бөлмөсүндө гезит окуп олтуруп узап кеткен. Буга чейин үй-бүлөсүнө да, дос-туугандарына да Абдирашит агай жүрөгү ооруп жүргөнүн билдирбептир. Оз дартын, ички уйгу-туйгусун эч ким менен бөлүшпөгөн ошондой бир сырдуу мүнөзү бар эле. Ал ырларында гана дили жарылып сырын айтып, жүрөгүн аччу:
«Сырымды кимге айтамын, кимдер угат,
Жүрөктү ким жылытат турган муздап?
Жалгыздык ээлеп алып жан дүйнөмдү,
Түшүмдү түшүнүксүз түштөр бузат.
Көбөйүп көңүлдөгү кайгыларым,
Көйкөлүп көрүнгөңгө кайрыламын.
Кайрадан кайдыгерлик карайт салкын,
Качан мен жалгыздыктан арыламын…» («Жалгыздык»)
Же
Ыйлагым келет кээде өксөп-өксөп,
Ышкымды түшүнүксүз ойлор өрттөп.
Ыйлаймын көз жашымды талаа кылып,
Ырлардын сыйкырлуусун көксөп-көксөп. («Ыйлагым келет өксөп»)
«Кээ бир акын-жазуучуларды биз мыкты чыгармалары үчүн сүйөбүз. Бул – калемгер менен окурмандын ортосундагы эң таза жана чыныгы мамиле», – деген экен түрк жазуучусу, Нобель сыйлыгынын лауреаты Орхан Памук. Абдирашит Урбаев да мыкты ырлары менен окурмандарынын сүйүүсүнө ээ болгон аз сандагы акындардын бири болгондугун эч ким тана албайт. Ал сөз өңөрүнө өтө терең, аярлуу мамиле кылгандыктан аз, бирок саз ырларды жазды. «Бөбөгүм» аттуу алгачкы ыры 1962-жылы Озгөн шаарындагы Гагарин атындагы мектеп-интернаттын 8-классында окуп жүргөнүндо «Кыргызстан пионерине» жарыяланат. Ал эми алгачкы жыйнагы 30 жашында «Күндү күтүү» деген аталыш менен 1976-жылы Бишкектен жарык көргөн. Андан кийинки «Жаштык экспресси» аттуу китеби 13 жылдан кийин (1989), «Ак-Буура авандары» 1994-жылы, «Оттук» 2010-жылы басылып чыгат.
Бул жыйнактардын ар бири акындын китебин сагынып күткөн окурмандарынын үмүтүн актап, колдон колго өткөн таберикке айланды. Түштүк жергесиндеги калемгерлерден алгачкылардан болуп Москвадагы маданият институтунда билим алган агайдын адабий жана маданий көрөңгөсү, бийик ой-чабыты чыгармаларынын деңгээлинен көрүнүп турат. Поэзияга жеңил-желпи мамиле кыла албаган акын ар бирин ырын ийнине жеткирип бышырып туруп анан окурманга тартуулоочу. Ошондуктан, көптөгөн ырларынын өмүрү узак болуп, элдин көңүлүнөн түнөк тапты. Ош жергесинде А.Урбаевдин ысмын билбеген, обондуу ырларынан ырдабаган адам жок. Окурмандардын сүймөнчүлүгүнө көбүнчө лирикалык ырлары арзыган. Бирок атуулдук бийик сезим менен Ата Журт, жашоо, адам, коом, прогресс жана башка түбөлүктүк темаларга да көп кайрылып, мыкты чыгармаларды жараткан.
Ата-Журт, сен жөнүндө ойго батсам,
Көздөрүм ирмелбестен ойгоо жатам.
Мен сага бала болбой ата өндөнөм,
Сен мага баламдайсың ойноп жаткан.
Укпастан өмүрүндө тоңдоосун кеп,
Убайсыз балдар менен ойносун деп.
Бержактан карап турам ичим түтпөй,
Бирөөлөр сени ыйлатып койбосун деп («Ата-Журт»)
Мындай ырлар жүрөктөгү чыныгы сүйүүдөн гана сызылып чыгаары айгине.
Абдирашит агайдын чыгармачылык кечелерде, талкууларда, жолугушууларда сүйлөгөн сөздөрү эч кимди кайдыгер калтыруучу эмес. Адабиятты терең билген жана чыгармачылык бай тажрыйбага ээ акын ынанымдуу жана мазмундуу сүйлөөчү. Эч кимдин бийлигине, жүзүнө, пайдасына карабай туруп адил оюн, ак сөзүн түз айтчу. «Кудайга миң мертебе калп айтсам да, ырыма бир мертебе калп айта албайм» деген Алыкулдун саптарындай Абдирашит агай өз ыйманына эч качан кара өзгөйлүк кылбаган. Эч кимге көшөкөрлөнбөгөн. Ошондуктан, кимге болбосун калыс, туура баа берип, пикирин ачык-айкын билдирчү. Бул баанын салмагы бир топ эле, кээде көпчүлүктүн ошол инсанга карата көз карашын түзүп койчу.
Эсимде, Ош шаарында Кыргыз радиосунун 70 жылдык мааракесине арналган чоң салтанат болуп калды. Бишкектен радионун жетекчилиги, мындан тышкары жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, жоон топ интеллигенция олтурушат. А.Урбаев сөз алганда мааракеде айтыла жүрчү шаблон мактоолордон качып, радионун жетишкендиктери менен бирге эле мүчүлүштүктөрү жөнүндө ачык айтуу менен бирге радиожурналисттердин маянасынын аздыгы жана социалдык камсыздоосунун начардыгы боюнча пикирин кызууланып билдире баштады. Ошондо, трибунада олтурган жетекчилик Абдирашит агайды кантип токтотушарын билишпей кызарып-татарышып тынчы кетишкени көз алдымда.
Агайдын акыркы сөзүн 2011-жылы март айында оштук драматург Суранчы Жетимишовдун чыгармачылык кечесинде угупмун. Ал өзү акын, жазуучу деп эсептебегендердин эч кандай кечесине басып келбейт эле. Эгер келсе ошол чыгармачыл инсандын дараметтүүлүгүн билдирчү. Суранчы акенин ошол жылы «Будуңдуу буурул түндөр» аттуу тарыхый романы жарык көргөн. А.Урбаев өз сөзүн адегенде эле жаңы роман жөнүндө баштады. Баарыбыз кандай баалар экен деп кулак түрүп турабыз.
– Суранчы, кечирип кой, бул китепти окууга үлгүрө албадым, азыр колума тийди. Бирок, көлөмүн көрүп эле мен «пас!», – деп эки колун көтөрүп күлүп жиберди. Анан мындай деп кошумчалады: – Азыркы заманда мындай көлөмдүү, анын үстүнө тарыхый чыгарма жазыш чоң эрдик. Ушундай эмгек жаратууга бел байлаганың үчүн сага рахмат айтса аздык кылат.
Абдирашит агай ошол кечеде жазуучу-акындар белекке берген китепти бир жолу да барактап көрбөгөн адамдардын, айрыкча жетекчилердин же бизнестин өкүлдөрүнүн дарегине нааразычылыгын билдирген. «Колго тийген китепти окубаса да барактап койбогондук – бул жеткен наадандык !» деп, руханий жардылыкка, түркөйлүккө тушуккан замандаштарына жанын кейиткен.
«Акчабайдын» доорунда жалпы эле маданияттын абалы жана чыгармачыл инсандардын тагдыры жүрөгүн оорутуп жүргөнүн байкачумун. Кыргызстан улуттук жазуучулар кошунуна атайылап ат арытып барып, аймактык акын-жазуучулардын маселелерин жеткирүүгө аракеттенчү. Омүрүнүн акыркы жылдары кошундун Ош облустук бөлүмүнүн төрагасынын кызматын аркалады. Аймактык адабиятты көтөрөм деген ой-максаттары арбын эле. Облустук бөлүмгө ушундай абройлуу жана таланттуу инсандын жетектеп турушу аймактык адабияттын да кадырын көтөргөн. Облустук бийликтен акча бөлдүртүп, жаш акындардын бир тобунун төл алды китептерин чыгарып берди.
Башкаларды билбейм, мен агай менен 20 жылдан ашуун кесиптеш, калемдеш катары чыгармачылык мамиледе болсом да, бир да жолу чыгармаларымды окутуп, пикирин билүүгө даабапмын. Жарык көргөн китептеримден да өз колум менен тартуулабапмын. Агайдын адабият боюнча терең билиминен сүрдөгөнмүнбү, же кескин сын угуп калуудан этияттанганмынбы, айтор билбейм. Бир жолу ал иштеген жериме келип, 2006-жылы басмадан чыккан «Кут түшкөн түндөр» аттуу прозалар жыйнагымды дүкөндөн сатып алып окуганын айтып, жылуу пикирин билдирди. Мен уялып кетип, эки ыр жыйнагымды колуна кармата салдым. Көп узабай Абдирашит агай мен жөнүндө көлөмдүү макала жазып, облустук жана республикалык гезиттерге жарыялады. Бул макала мен үчүн күтүүсүз болду. Анткени, буга чейин менин чыгармачылыгымды эч ким мынчалык кеңири жана ар тараптуу, терең талдай элек эле. «Ишти кылса майын чыгара кылган» агайга ошондо өтө ыраазы болдум. Ал кийинки адабий муунга дайыма көз салып, туура баалап, калыс пикирин айта билген айкөлдүк касиети менен да бизге чоң өрнөк калтырды.
Ал эми кыргыз журналистикасынын өнүгүшүнө А.Урбаевдин кошкон салымы өзүнчө сөз кылууга арзыйт. Айрыкча, 1991-жылы жаңыдан ачылган Ош шаардык «Ош шамы» гезитинде журналисттик тушоосу кесилген мен сыяктуу бир топ жаш калемгерлер үчүн ал өмүр бою устатыбыз бойдон калды. Орус, кыргыз жана өзбек тилинде чыгуучу жаңы гезиттин бир топ жаш кызматкерлери «журналист болсом» деген тилектен башка атайы кесиптик билимибиз, же тажрыйбабыз жок иш баштаганбыз. Арабызда орус бөлүмүнүн редактору Абдирашит агай гана москвалык билими жана журналисттик чоң мектептен өткөн тажрыйбасы менен айырмаланып турчу. Ал буга чейин 20 жылдай облустук орус тилдүү «Эхо Оша» гезитинде кабарчы, бөлүм башчы, «Вечерний Бишкек» гезитинде өз кабарчы болуп иштеп келиптир. Жарым жыл өтпөй ал гезитке башкы редактор болуп дайындалды. Эрте мененки ар бир «планеркасын» бизге журналистикадан сабак катары өтүүчү. Материалдарды жанрлар боюнча кандай жазуу, тема издөө, актуалдуулукту аныктоо, оперативдүүлүк сыяктуу журналисттик «кухнянын» сырларын агайдан үйрөндүк. Ошондой эле бизге чуркап жүрүп иштөөгө, чыгармачылык эркин ой жүгүртүүгө тарбиялады. Баарыдан да ич ара ынтымакты бекемдеди. А.Урбаев жетектеген жылдары гезитке жөндөмдүү жана келечектүү жаштар топтолгон эле.
Анын тарбиясын көрүшкөн ошондогу жаш журналисттердин көбү азыр республикадагы белдүү калемгерликке өсүп жетилишти. Алардын катарында шаардык гезиттин азыркы башкы редактору Тургунбай Алдакулов, «Азаттык» радиостанциясынын кызматкери Алмаз Исманов, «Журналисттер» коомдук бирикмесинин түштүк аймагы боюнча өкүлү Бакыт Ибраимов, Молдо Нияз атындагы сыйлыктын ээси, акын, АКИpress маалымат агенттигинин редактору Рахим Карим жана башкаларды атоого болот.
Биз, агай менен 1991-жылдан 1998-жылга чейин чогуу иштеген аралыкта ишке байланыштуу бир топ өйдо-ылдыйлар да болду. Ортого бузукулар от да жагышты, баладай ишенчээк мүнөздүү агай алардын тилине кирип, кызматкерлерди иштеген себепсиз кетирген учур да болду. Алардын ичинде мен да бар элем. Ким ак, ким кара экендигин турмуш тез эле далилдеди, жаңылыштыгын оор болсо да мойнуна алгызды.
Озү бир топ жылдары ичкиликке берилип кетип, жумалап-айлап кызматка келбей калуучу. Бирок, биз– ошондогу жамааты, агайды баары бир терең урматтоодон жазган жокпуз, анткени аны чын дилибизден жакшы көрчүбүз жана бардыгын кечирчүбүз. Анын таланты, жаш баладай ак көңүлдүгү, куулук-шумдугу жок тазалыгы, мансапка, байлыкка көз карандысыз демократтыгы үчүн сыйлоочубуз. Ичип жүргөнүндө иште жоктугун билгизбей, эч кимге шардана кылбай жаап-жашырып, бир үй-бүлөдөй ынтымак жана намыс менен гезитти үзгүлтүккө учуратпай чыгара берчүбүз. Жалпы элдин сүйүүсүнө чыныгы талант гана арзырын жана эли ошол таланты үчүн калган пендечилик жактарын кечирээрин А.Урбаевдин тагдырынан көрүүгө болот. Ал убагында шаардык гезиттин жана партиялык жеке менчик гезиттердин башкы редактору, жазуучулардын облустук бөлүмүнүн төрагасы сыяктуу бир топ жетекчилик кызматты аркаласа да табияты акын бойдон калып, өзгөргөн жок. Бул жетекчилик милдет чыныгы акындын эркиндикти сүйгөн жан дүйнөсүн жүдөтүп, буту-колун тушаган, дилине туура келбеген ашыкча жүк экени байкалып турчу. Бирок, ошол учурда кызматы өзүнөн жогору турган жетекчилерге кошомат кылбай, түз сүйлөп, абийрин сатпаганы менен кээ бирөөнө жакпаса да, элдин сыйына арзыган.
Улуу орус жазуучу Н.Тургенов айтыптыр: «Адабиятта өлгөндөр болбойт». Ак сөз. Таланттуу акын-жазуучулардын көзү өтсө да алардын экинчи жашоосу башталат. Чыгармалары элдин руханий мүлкү катары өз ордун жана баасын табат. Абдирашит Урбаев – да чыгармачылык экинчи бактылуу өмүргө ээ талант. Көзү өткөндөн берки бир жылдай убакыттан бери адабият сүйүүчүлөрдүн оозунан түшпөй, баркы ансайын жогорулап, жылдызы бийиктеп баратат. Агайдын ысмы жакында Озгөн райондук китепканага берилди. Ош мамлекеттик университетинде А.Урбаев атындагы поэзия клубу түзүлдү. Убагында жулкунмай мүнөзү жоктугунан тийиштүү наам-сыйлыктарды албай, республикалык денгээлде бааланбай калса да элдин сүйүктүү акыны болууга жетишти. Калемгер үчүн мындан өткөн бактылуу тагдыр барбы? Андан тышкары агай бир чоң үй-бүлөнүн бактылуу ээси болгон. Ата катары да татыктуу тарбиялаган 4 перзенти анын өмүрүн улай турган мыкты уул-кыздардан чыгышты.
Абдирашит агай өлөөрүнөн бир ай мурда Бишкек шаарындагы «Манас» эл аралык аэропортунан кезигишип калдык. «Кызым Америкада магистрди бүтүп, илим жактаганы жатат, дипломунун көчүрмөсү керек экен, ошону алганы министрликке келдим», – деп толкундана айтканы эсимде. Самолетто бирге учтук. Атасын Оштон жалгыз уулу Жеңишбек жеңил машинеси менен тосуп алды. «Зинакан эжеңди да үйүнө жеткирип коелу!» деп бир машинеде келатканыбызда уулу жөнүндө терисине батпай сыймыктанып сөз салды: «Жеңишбек үчүн эч бир чоңго жүгүнбөдүм, суранбадым. Озү эле мектепте, анан университетте жакшы окуду. Банкка кызматка сынактан өзү өтүп, ишке кирди. Эми минтип бизди баккыдай болуп калды». Агайды акыркы көргөнүм ушул болгон экен. Анын бактылуу ата, тамыры жайылган бай түп чынардай турмушта өз ордун тапкан адам, элге белгилүү инсан катары бул жашоого ыраазычылыгы нурданткан сөөлөтү көз алдымда калды...
Бул макаламда түштүк адабиятынын, ооба «түштүк адабияты» деп батыл айта алам, анткени өзүнүн корифейлери, өсүп-өнүгүүсү, чыгармачылык тагдыры бар адабий чөйрө, көрүнүктүү өкүлү, таланттуу акын Абдирашит Урбаевдин бейнесинин мен билген жактарын чагылдырууга аракет жасадым. Аны жазып жатып «Бүгүнкүгө конокпуз, эртеңкиге жомокпуз» деген ой дилиме келе берди. Артында жакшы сөз, бай мурас, тарбиялык өрнөк калтырган инсандарыбызды ар убак кадырлап, эстей жүрүү – биздин милдетибиз. Анткени, «өлгөндөр баркталмайынча, тирүүлөр даңкталбайт».
Зинакан Пасаңова
жазуучу жана журналист
Количество просмотров: 2856 |