Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Публицистика / Философия жана илим, Илим
© Тукембаев Ч.А., 2012. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2012-жылдын 12-сентябры

Чоро Абдылдаевич ТУКЕМБАЕВ

Енисей кыргыздарынын жана россомондордун проблемаларын чечүү

«Колыбель арийской расы» жана «Реинкарнация – ключ к истине» деген китептерде койгон суролорду макалада автор улантыпжатат. Биринчи жарыялоо. Жакын арада бул китептердин кыргызча котормосу жарыкка чыгат.

Авторлоштурулган котормосу Ыканов А.И.

 

Кыргыз Республикасынын парламенти КРнын желегин (асабанын) тандоодо кырктан ашык желектин ичинен тогузунун эскизин тандап алды. Желектин авторлору өзүлөрүнүн ойлоп тапкандарын кайталангыс жана кыргыздын үмүт-тилегине төп келет деп калың журтка сунуш кылышууда. Бирок, бир дагы автор элдин чыныгы тарыхын, анын тамырын билбейт, ошондуктан кыргыздагы уруулардын санына жараша, ушунчалык көп сандагы желектер элдин жогорку символуна (рухий тамгалар) сунушталып жатат.

Кыргыз ким? Кыргыз аталардын каада – салттарын, символдорун бекем тутуп келген, ошондуктан ал өзүн элдин бир бөлүгү катары сезет. Бир эле салт, жети атасын өткөрүп баш кошуу, Чынгысхан монголдун геноцидинен кийин кыргыздарга 1220-жылдан азыркыга чейин, тукум курут болбой жашап кетүүсүнө жардам берди. Буга “Манас” эпосу – кыргыздын оозеки тарыхы күбө. Бул эпос эмне үчүн азыркыга чейин тирүү, анткени кыргыздар геноциддин шарттарында жашап келишти, эпос – кыргыздардын ойлоп тапканы, башкача айтканда “фольк-хистори” (дилетанттык тарых) дегендерге каршы өзүлөрүнүн тарыхын азыркыга чейин жеткирди. Кыргыздар ата салтын катуу туткан үчүн жашап кетишти. Жети муундан кийин баш кошуп, кан бузушпай, кылымдар бою өзүлөрүнүн тарыхын алып келишти. Кан аралашуу болбойт, себеби, келин баш кошуунун тең укуктуу мүчөсү, себеби, анын атасынан баштап, күйөө балага чейинки жети муунду санап, анан баш кошуп отурбайбы. Башка элдерде кыздардын мындайга укугу жок, ошондуктан аларды ала качып, же согушта туткундап, колго түшкөн туткун катары мамиле жасап келишет.

Ар бир желекти ойлоп тапкандар өзүн элдин бир бөлүгү катары сезбегендиктен, желектер мындай быжырап көп болуп, ошондуктан алар желектеринде өзүлөрүнүн уруусунун катмарларын чагылдырышууда. Мисалы, өзүлөрүн түрктөр же кыпчактар, монголдор, калмактар, казах жүздөрү деп кабыл алышат, бирок түрк – кыпчактар кыргызмын дегендердин арасында болгону 2,4%, ал эми монголдор (калмактар менен казах жүздөрү) 19,5%, бирок алар монголдордун С3с гаплогруппасына ээ.

Кашгарияга монголдор Тибеттен 750 – жылдары түшүп келишкен. Ошондо, 750-жылдан баштап, 1300 – жылга чейин алардын түрктөр, якуттар, эвенктер, чукчалар менен этногенези жүргөн. Азыркы кездеги казахтар, ойроттор, калмактар, буряттар, Циньхуа провинциясынын тибеттиктери, МЭРдин монголдору, эвенктер, чукчалар, юкагирлер, нивхалар, коряктар жана башкалар, булар – бири-бирине кандаш туугандар – С3с. 841-жылы R1a1-кыргыздар монголдордун бир бөлүгүн – курилерди өзүлөрүнүн ак карындаштарына үйлөндүрүп, тууган кылып алышкан. Монголдордон пайда болгон балдар Гардизи көргөндөй жалпак беттүү С3с-киргиздер болуп, 1927-жылга чейин кала беришти. Манастын сөзүн эстегилечи: “Алманбет, сенин элиң Тибеттен келген”. Алманбеттин (Алма+бет) бети монгол жөнүндө айтат: бети алма сымал тегерек жана кызыл жүздүү. Чубактын эли жөнүндө, алар Монголиядан деп айтылат. Ошол кездерде монголдорду анчуктар (эки муун менен аныкталат: “ан”– эркек, “чук”– чукча) деп аташкан (карагыла, А.Мокеев. Алтай жана Тянь-Шандагы кыргыздар, 154-155-беттер).
Ошондуктан чубак – бул ак чукча. Буряттарга (курикандарга) тамга тааныганды уйгурлар үйрөтүшкөн.

Азыркы мезгилдерде КРнын парламентинде таза кандуу кыргыздар жөнүндө талкуулар жүрүүдө. Алар кыргыздардын арасында 63,4% ти түзөт жана баары тең R1a1 гаплогруппасына ээ, ал эми киргиздер – С3с. Кыпчактар менен түрктөрдүн R1b1b1 гаплогруппасы алардын атасы тарабынан кандаш тууган экендигин аныктайт, ал эми алардын алыскы тууганы – R1b1b2 гаплогруппалуу немец. Кыргыздар үчүн ата салты – ыйык. Анда Ата-Журт, орусча – Отечество, украинче – Батьковщина, скандинавча (шведче жана норвежче) – Асгард деген сөздөрдүн мааниси салынган. Бул маани R1a1 гаплогруппасындагы элдердин патриотизмин жана тамырын аныктайт. Ал эми башка элдерде бул маани жок, себеби алар келгиндер (келди), башкача айтканда, кельттер, ошондуктан алар Ата-Журтун, туулган жеринен айырмалай алышпай, Ата-Журтту мекен (прародина) деп келишет. Көптөгөн элдер каяктан келгенин билишпейт, башкача айтканда, ата-теги, уруусу жок, мына ушуну 19-кылымдагы немец философу А.Шопенгауер азиатка эскертүү ирээтинде мындай деп айткан: “Бул жер– адамдар жок нерседен пайда болгон, жана бул жаралуу алардын жарык дүйнөгө биринчи жолу келиши деп сокурдук жана көк беттик менен ишенген дүйнөнүн бир бөлүгү”, бул Европага да тиешелүү.

Эл көз карандысыздык алганда, өзүн – өзү аныктап, ата-бабалар бир катар кылымдар бою согуштар, башка уруулар аркылуу өткөрүп келген аталардын символдорун (рухий тамгалар) кайра жаратат. Мында эл өзүнүн гаплогруппасына ылайык өзүн – өзү аңдай баштайт. Эгерде сенин энең кыпчак же монгол уруусунан болсо, анда сенин келбетиң түрккө же казахка окшош болот. Бирок сенин каның кыргыз бойдон кала берет, себеби сен R1a1 гаплогруппасын алып жүрүүчүсүң. Түрктөр жана монголдор ата-тектеринин символдоруна жана тамырларына ээ болгондуктан парламентке көп сандагы желектер сунушталган. Ошондуктан авторлор ар кайсы урууларга тиешелүү экендигин билдиришүүдө, себеби, алар энесинин сүтү менен кошо бөтөн уруулардын ишенимдерин жана ырым-жырымдарын сиңиришип, аталардын – Ата-Журттун каада-салттарын унутушкан.

Кыргыздар кыргыз тилин энеси – кыпчактын сүтү менен алышкан, себеби энеси баласына тил үйрөтөт. Кыргыз тили кыргыз-кыпчак тобуна кирет, ал эми монголкага чейин R1a1-кыргыздын энеси болуп, R1b1b1 гаплогруппасындагы кыпчак болгон, башкача айтканда түрк. Кыпчактар бүт дүйнө жүзүнө таралып, мамлекеттүүлүгүнө ээ эмес. Россияда кыпчактарды половецтер, Византияда – кумандар деп аташып, аларды венгерлер чыгыштан келген кандаш тууган катары кабыл алышкан. R1a1нын бир бөлүгү (16%) Жакынкы Чыгышка чыгып, Осман империясын негиздешкен. Өзүн-өзү венгерлер деп, ал эми гунн мамлекетин Хунгария деп атап алышып, мында “гар” – деген турган жер, үй-жай деп которулат. Кыргыздар түрктөр, кыпчактар, казахтар менен бир тилде сүйлөшө алат, бирок аларды еврейлер сыяктуу энеси тараптан туугандык мамилелер жакындаштырат, а мындай туугандашуу тиби “жээн эл болбойт” дегенди билдирет.

Ылдый жакта 841-жылдагы кыргыздардын эки түстүү желеги көрсөтүлгөн. Желектин ортосунда үч айчыктуу кыргыз жебеси – билимдерге умтулуу жайгаштырылган. Желек мындай түрдө мамлекеттин штандарты катары болуп, жебени карабай деле койсок болот. Украинанын желегинде кызыл тилкенин ордун сары тилке алмаштырат. Швециянын желеги көк түстө, Норвегияныкы – кызыл түстө. Россиянын желеги үч тилкеден турат: ак, көк жана кызыл. Украинанын гербинде үч тиштүү айры, анда кылыч сайылып, анан желек желбирейт. Украиндер бул штандартты согушка алып киришчү. Штандарт глаголицада “шта” – сегиз жүз тамгасы, ал эми үч айчыктуу кыргыз жебеси1 – “Ас”– биринчи тамгасы менен белгиленет. Улуу немец акыны Гётенин ырларында айтылгандай, көк жана кызыл түстөр – бул аруу, таза түстөр (рухий түстөр).

 

 

Ар бир кыргыз урууларында жакшы жана жаманды айырмалай турган символдор жана түстөр жөнүндө өз түшүнүктөрү бар. Азыр бул түшүнүктөр мамлекеттин асабасы-желеги (?) катары жогорку символго (рухий тамгалар) тете түшүндүрүлүүдө, а “асаба” эки уңгудан турат “ас-” жана “-аба” – аба (air). Ошондуктан ар кайсы уруулардан кыркка жакын желектер (знамя – туу) сунушталып, бирок алардын арасында 841-жылы кыргыздардын мамлекетин негиздеген көк-кызыл желеги унутта калган. Дал ошондо Манас Теңир-Тоонун алдында көк-кызыл желекти (асаба) көтөргөн. Эскерте кетсек, туунун алдында уруулар жана ордолор жүрүшкөн, ал эми желек (асаба) – мамлекеттин символу болуп саналат.

Ал эми көйрөңдүк, даңкка умтулуулук жөнүндө өзүнчө сөз. С.Михалковдун “Биздин терезенин алдында Кызыл аянт көрүнөт” деген ыр саптары баарыбызга белгилүү. Желекти сунуштагандардын аң-сезиминин тээ түпкүрүндө “а менин желегимдин (асаба) астында бүтүндөй өлкө басышы керек” деген ой жатат. Андан көрө ошолор өзүлөрүнүн урууларынын идеалдарын жалпы дүйнөлүк баалуулуктардын деңгээлине жеткирип, башкача айтканда, ошол Гётенин деңгээлине жетип, анан өзүнүн уруусунун жарлыгын элге илишсинчи. Мындай элдин үстүнө чыгып, кыйынсынууну токтотуш үчүн монголдордун басып кирүүсүнө чейин болуп келген кыргыздардын көк–кызыл желегин (асаба) жандандыруу керек. Маалымат ирээтинде, Молдованын оппозициясынын желеги (асаба) эки тилкеден турат: үстү – кызыл, асты –көк.

Сун доорундагы кытай булактарында кыргыздардын желеги жөнүндө маалыматтар калган: “тянь-шань кыргыздарынын желегине (асаба) ылайык (ичкилик-борбор) кыргыздардын желегинин (асаба) асты кызыл болуп калды”. 841-жылы хойхустардын ордосун хойхус полководеци Гуйлу Мохэ сатып кеткенде, кыргыздар тарабынан талкалангандыгы жөнүндө кытай императоруна билдиришкенде желек жөнүндө да эскертилет. Байкадыңарбы, билдиришкен, себеби кыргыздардын мамлекетинин Кытай менен дипломатиялык мамилелери 632-жылдары негизделген, башкача айтканда 2012-жылы бул маанилүү датанын 1380-жылдыгын белгилөөгө болот. Ордо, каганаттар эмес, а дал мамлекеттер, себеби, феодалдык мамлекеттер көчмөндөрдүн, кул ээлөөчүлөрдүн жапайы ордолорунан айырмаланып жогору турушкан.

Эскерте кетчү нерсе, тарыхта кыргыздар жөнүндө болгону эки эпизод – 632– жана 841-жылдар бар, бул боюнча азыркы Кыргыз Республикасынын тарыхчылары кыргыздардын улуу державасын түзүп келишет, бирок булар енисейлик кыргыздар. Кыргыздардын ошол кездеги башка жашоолору жөнүндө бир ооз сөз жок. Сөз көк жана жашыл түстөгү көздүү кыргыздар жөнүндө болуп жатат, а мындайлар болуп сары (белокурые) (жун) чачтуу украиндер, орустар, шведдер жана норвегдер саналат, башкача айтканда ак раса, алардын 632-жана 841-жылдары өзүн-өзү атаган аты – россомондор. (У монголов чач катуу.) 632-жылга чейин кытайлар ак расанын жоокерлерин цзянь-гундар (темир калк) деп куралы боюнча атап келишкен, ал эми алардын желеги (Манастын көк асабасы) көк түстө болгон. Дал ошол Иртышта Обдон Уралга чейинки жашаган цзянь-гундардан Байыркы Русь жана орус казактары келип чыгат. Ак асты түрктөр казак деп аташкан: Манас дал ошолор жөнүндө айткан.

О.Н.Трубачёв боюнча “темир аргументи” протославян мезгилине чекит коюп, аларга цзянь-гундар жооп беришет. Себеби, монголдордун этногенези 750–1300-жылдар менен чектелгендиктен, казахтар 750-жылдан мурун Тибеттен Кашгарияга – карышкырлардын турагына түшүп келе алышпайт, себеби түрктөр жана монголдордун уруусу уламыштар боюнча карышкырдан келип чыккан. Казахтар түрктөрдүн маданиятын, үрп-адатын жана каада – салттарын алып алышкан. Саянда жашаган ак астар түрктөр үчүн хакастар болушкан. Цзянь-гундарды бир аздан кийин гегунь деп украиндердин жоокердик урааны боюнча геть гунн, бул кыргыздын “кет гунн” деген сөзүнө уйкаштырып аташкан, түрктөр аны азыр алар бизди катуу ура баштайт деп түшүнгөн. Демек, уйгурлардагы украиналык цимбаланын пайда болуусу, бул Кашгариянын калкынын этногенезинин жыйынтыгы2 деп түшүнсөк болот.

737-жылы арабдар Түркестанда түрктөргө катуу сокку урушкан, ал кезде алар бутпарастар (язычники-капрлар) – теңирчилер болушкан. Мындан кийин түрктөр батышты көздөй качышып, хазар, болгар, венгерлерди башкарышкан, а мындай достук, белгилүү болгондой эч кандай жакшылыкка алып келген жок. Енисей кыргыздарынын басымынан улам түрктөр, хазарлар, болгарлар, венгерлер Дунайдын ары жагына качышты. Түрктөр Жакынкы чыгышта плацдармга ээ болуп, улуу крест жортуулдарынын жол баштоочулары болушкан. Түрктөр 1299-жылы гана Осман империясын негиздешип, ислам динин кабыл алышып, мусулман болуп калышкан. 737-жылдан кийин арабдар 751-жылы Таласка жакын жерден кытайларды талкалашкан да, азыркы өзбек – согдийлерден, уйгурлардан, дунгандардан жана башка ошол кезде ислам динине кирген элдерден Уйгур каганатын негиздешкен. Белгилей кетсек, енисей кыргыздары Теңир-Тоого 841-жылдары кайтып келишкен, себеби, ага чейин алыста, батышта франктардын империясына каршы согушуп жүрүп, аларды 840-жылы талкалаган.

Азыркы кездеги кыргыздар 632– жана 841-жылдардагы кыргыздарга окшош эмес. Андан кийин R1a1-кыргыздары бир нече кылымдарга жоголуп кетип, Тянь-Шанда алтай кыргыздары катары пайда болушат. Караханиддер доорунда караханиддик түрктөр кебетеси боюнча монголдор болушкан, ал эми бети боюнча монголдор түрктөрдөн абдан эле айырмаланышат. Кара-кытайларды жеңип алгандан кийин, кыргыздардын арасында кытай деген уруу пайда болгон, ал А.М.Тюриндин маалыматтарына ылайык башка генотиптер менен бирдиктүү жыйнактардын гаплогруппасына кирет. Алар жалпысынан 2,4 % ти түзөт. А.Акаев окумуштуу катары енисей кыргыздарынын проблемаларын КР нын мамлекеттүүлүгүнүн 2200-жылдыгын белгилөөдө чечүүгө чакырган, себеби, байыркы европалык карталарда Россомон Сибирдин түштүгүндө, ал эми Матфейдин храмы Ысык-Көлдө жайгашкан болучу. Проблема чечилген жок, бирок КРнын 1170 -жылдыгын майрамдоо менен алмашылган, бирок аны 841-жылдан баштап эсептөө керек. Демек, ал майрамды 2011-жылы да эстешкен жок. Азыр болсо енисей кыргыздарынын проблемалары А.А.Клесов тарабынан көтөрүлүүдө3.

ДНК – көк бет нерсе, этногенезде чечүүчү ролду ойнойт жана тарыхта чындыкты орнотууга мүмкүнчүлүк берет. Мисалы, атасынын ким экендигин ДНК аркылуу аныктайт, ошондуктан эки күбөнү алып келип, ынандырмай четке кагылат. ДНК тарыхты бурмалагандарды ачыкка чыгарат. Падыша Николай II нин R1b1b2 гаплогруппасы, акырында орустуку эмес, германдык болуп чыкты. Романовдордон акыркы падыша болуп Петр I болгон, бирок анын убагында эле Русьту немистер башкарган. Акылман Ярослав угр (финн) болгон, себеби анын жана Петр I дин генотиби N1c1. Рюриковичтер дагы угрлар (бир тууган якутменен). Ошол кездерде R1a1 орустары J, R1b1, N1c1, I1, I2 орустарына каршы, себеби, династиялар ортосундагы баш кошуулар аркылуу душман өлкөлөрдүн саясаттарын өзгөрткөн. Гунндар мындай кошулма урууларды бояндурлар деп аташкан, себеби, байыркы түрк тилинде боян – аял, кыргызча – катын, ал эми Ригведа боюнча алар vratya – өзүнүн мурунку ишениминен баш тарткандар, алар үчүн дарбазалар жабык болгон. Ошондуктан азыркы кездерде тарыхтын көп жактары кайра каралууда. Ушуга байланыштуу Петр I дин R1a1 орустарынын кандаш туугандары – шведдерге каршы согушканын жана козголоң мезгилинде россиялык тактыны басып алган угр Романовдорго каршы согушта, Мазепанын шведдерди колдоосун түшүнсөк болот.

Азыр кыргыздар КРнын тарыхчылары өзүлөрүн кошуп жазган кебетеси боюнча көк жана жашыл көздүү кыргыздар эмес. Ошондуктан 841-жылы хойхустардын ордосун талкалаган кыргыздар болуп, орустар, украиндер, норвегдер жана шведдер болуп саналат, себеби, ак расанын эки метр келген эркектери алардын арасында жашайт, ал эми алардын желектери 841-жылдагы кыргыздардын желегинен эч айырмаланбайт (сүрөттү карагыла). Бул болсо 632-жылдагы енисейлик кыргыздар ак расага тиешелүү экендигин дагы бир жолу айгинелейт. Азыркы кыргыздар кебетеси боюнча казахтарга окшош, ал эми казахтар 14-кылымдан бери (ал тургай андан да мурунку мезгилдерде) 1927-жылга чейин кыргыздар деп аталып келишкен, качан гана улуттарга өзүн-өзү аныктоо укугу берилгенде, алар казах деп аталышкан. Демек, азыркы кыргыздар – булар хойхустардын ордосун талкалаган кыргыздар эмес, себеби, кебетеси боюнча ак раса болуп саналбайт.

Кытайлар (976-983-жылдарда) жазышат: кыргыздар “жыгач лыжаларды колдонушкан. Алар тоонун түндүк беттеринен ылдый карай түшүп баратканда, учуп бараткандай сезилет”. Сөз тоо-лыжа спортун жоготушпаган Тянь-Шандагы енисей кыргыздары жөнүндө болуп жатат. Мындай кыргыздын муундары шведдерде жана норвегдерде көрүнөт, ал эми алар спорттун кышкы түрлөрүнүн мыйзамчылары жана лидерлери. Бир дагы тарыхчы кыргыздар менен монголдорду тоо лыжа спортуна этностун белгиси катары байлабайт. Лыжа жөнүндө монголдордо Тибетте жашап жүргөндө түшүнүк да болгон эмес, ал эми бон динин 1027-жылы аларга түндүк-батышта жашаган ак адамдар тараткан. Ал эми Тибеттен түндүк-батышта Сибирь жайгашкан.

Улуттарга өзүн-өзү аныктоо укугу берилгендигине байланыштуу уйгур этноними 1921-жылы бекитилген. Ошол эле убакта хакастар өзүлөрүн татарлар (тадарлар) деп аташып, алар биринчилерден болуп Чынгысханга багынып беришти. Кимдер болгону 95 жыл жашаган хойхус ордосун Уйгур каганаты менен байланыштырып жиберген? Бул эми тарыхчылардын уятында болсун. Алар енисей кыргыздары жөнүндөгү проблеманы чечишкен жок, себеби, 700 жылдын ичинде монголдор алардын акыл-эсинен ата-теги жөнүндөгү ойлорду уруп чыгарып салышкандыктан, алар азыр эмгектерин түрк-монголдун, славяндын жана семиттин ойлонуу стереотибинде жазышууда, ошондуктан азыркыга чейин 841-жылдагы кыргыздардын көк-кызыл желегин (асаба) эстей албай келет.

Ата-теги жашаган жерин коркпой (от чистого сердца) эле Ата-Журт деп атаган жана аталардын каада-салттарын жана үрп-адаттарын бекем сактаган кыргыздарга коркпой эле койсо болот. Ичкиликтен тышкаркы кыргыздардын төрттөн үч бөлүгү енисейлик кыргыздар болуп саналат, бул биринчиден алардын динлин деп аталышы менен аныкталат. Динлиндер “күн күркүрөгөн үндү жакшы көрүшөт. Ар бир күн күркүрөгөндө кыйкырышып, асманды көздөй атышат.” Викингдер дагы күн күркүрөгөндө корккон эмес, ал эми Күн тутулганда, асманга карай муштум кезешип, күндүк көзүн жапкан жин-шайтандарды кубалашчу. Бул убактарда калган башка элдер коркконунан жерге башын катышчу. Саяндар ак расадагы жана узун бойлуу динлиндерге карата (220-240 см) Динлин деп аталышкан. Динлиндер илгертеден бери кытайлар менен тынчтыкта жашап келишкен, себеби алардын ортосун тоскоолдук катары гунндар, түрктөр тосуп келген, ошондуктан биздин заманга чейинки 3-кылымда Улуу Кытай дубалы курулган.

Кыргыздар Алтайда эмес, а Ангаранын сол жээгин бойлой Чыгыш Саянда Енисейге куйган куймасына чейин, Минусинскти чыгыштан кол салуулардан сактап, Байкалга Селенга аркылуу жолду жаап, жашап келишкен. Чыгыш Саяндан Иркут, Китой, Ак жана Ока дарыялары чыгышты көздөй агып, кытай булактарында кыргыздардын жашаган жери жөнүндө эскерилет. Булардан башка чыгышты көздөй аккан төрт дарыя Уралдан Тынч океанга чейин жок. Эскерте кетсек, Селенга аркылуу түрктөр Минусинскиге өтүшүп, Барсбекти өлтүрүшкөн. Ал болсо өзүнүн элин сатпай, ак жуумал кызын Күлтегинге бербей, түрктүн боянына үйлөнбөй, катын болгон эмес, башкача айтканда кыргыздарды бояндурага кетирген эмес. Кыргыз-катындар түрктөрдө кандай жашоого кабылганы, Рахманкул-хан боюнча белгилүү го.

Экинчиден, кыргыздар ДНК-генеологиянын шкаласы боюнча 1350±570 жыл жаштагы R1a1 гаплогруппасына ээ. Курак этносту тарыхый дата болгон түрктөргө жана монголдорго каршы согуш менен байланыштырат. 2000 -1350=650 жыл, ал 632 – жылдан болгону 18 жылга айырмаланат. Ичкилик кыргыздар дагы R1a1, бирок жашы 4050±900 жыл, ошондуктан алар ДНК-генеологиянын шкаласы боюнча “байыркы” кыргыздар. Ал эми “жаш” кыргыздардын жашы 80-1220-жылдарды камтып, 1219-жылы Чынгысхан тарабынан Орто Азияны басып алуу менен аяктайт. Биз үчүн эң маанилүүсү, енисей кыргыздары, башкача айтканда, “жаш” кыргыздар Тянь-Шанга Теңир (Ыйык) – Тоого көк желеги (асаба) менен Тянь-Шандын “байыркы” кыргыздары менен биригиш үчүн келип, 841-жылы көк-кызыл желекти кабыл алышкан болчу.

Үчүнчүдөн, азыркы кыргыз түрк-монгол кабыгы бар алманы элестетет, а кабык – бул кыргыздын акыркы энеси – монголкадан калган келбет. Эгерде кабыгын кесип салсаңар, ак расадагы R1a1 гаплогруппасындагы адамды, башкача айтканда дал ошол енисей кыргызын алабыз. Азыр кыргыздар ак расанын белгилерин алып жүрүшөт: көзүнүн түсү, үн аппараты, дене-боюнун арыкчырай болушу, (жунчач). Ал эми С3с – киргиз 750-жылы монголдун расасын алып жүрүүчү болсо, азыр деле ошол бойдон калууда.

Түндүк элдерин М17 мутациясы бириктирип, ал орустарда (62%), украиндерде (55%), кыргыздарда4, норвегдерде (23,6%), шведдерде (18,4%), датчандарда (16,5%) түзөт. R1b1b2 жөнүндө кара.5

Кытай, Англия, Ирландиянын жана Американын окумуштуулары (Cynthia M.Beall et all. www.pnas.org/cgi/doi/10.1073/pnas.1002443107) аныкташкандай, тибеттиктердин организминин бийик тоого, -500С (?) га чейинки температуранын түшүшүнө жана ультрафиолеттин ашыкча болушуна ыңгайланышуу үчүн 10 миң жыл мурун теринин астында капиллярлардын өнүккөн тармагы түзүлгөн. Адаптация тибеттиктин EPAS1 генинде бекитилген. С3с гаплогруппасында гемоглобиндин төмөнкү көрсөткүчү, ошондуктан бийик тоого ыңгайланышкандар гана жашап кетип, натыйжада эритроциттерди иштеп чыгаруучу жана кандагы гемоглобиндин санын жөнгө салуучу EPAS1 гени түзүлгөн. Тери алдындагы өнүккөн капиллярдык тармак монголдорго териси калыңдыкты жана эриндин толук болушун, ысык – сууктан сактоону, ал эми жүлжүгүй көздөр ультрафиолеттин ашыкча болуусунан сактоону берди. Тажрыйбаларда генетиктер эриндин ички бетинен капиллярлардын өнүккөн тармагын табышкан. Толук эриндер, африкалыктар боюнча белгилүү болгондой, ысыкта жылуулукту жөнгө салуучу орган болуп саналат. Тибетте өнүккөн физикалык сапаттар монголго түздүктө көп көбөйүүсүнө жардам берди, бул жөнүндө папа легаттарынын отчёттору күбө.

Кыргыздардын, орустардын, украиндердин, шведдердин жана норвегдердин үн аппараты орой угулат, себеби, төмөнкү тембрге ээ, бул болсо түздүктө жашагандарда жок, мисалы, казактардын үнү назик келет. Кыргыз музыкасы катмарланбаган, оригиналда Ч.Үмөталиева-Баялиева “Кыргыздардын этногенези” (Бишкек, 2008) деген китебинде аныктагандай, орустардын жана жалпы европалык музыкага шайкеш келет, анын негизинде алтын кесилиш жатып, ал мээнин сол жарым шарынан келип чыгат.

Кыргыз алфавитинин тамгаларына мүнөздүү болгон фонетика бир гана батыш– жана түндүк германиялык тилдердин тобунда бар. Түрк тилдеринде бул тамгалардын үндөрү жок. Жөнөкөй айтканда, түрк тилинде баритон, же бас менен сүйлөп жаткан скандинав, бул азыркы кездеги R1a1 енисей кыргызы. Мисалы, кыргыз тилиндеги “даңк” сөзү жана немистердеги “dank” бирдей айтылат жана бир маанини туюндурат. Скандинав каны боюнча дин, себеби, “-кан-” “с-кан-дин-ав” этнониминде канды түшүндүрөт. Түндүк немистери байыркы скандинав тилин, энесинин тили катары кабыл алышкан, ал бара-бара немис тилине айланган. Немистердин аталарынын тили – байыркы түрк тили, бул жөнүндө немец түркологдору жана Атилла айтып турбайбы: “Ата-тиль” – атанын тили, латын тили көптөгөн түрк сөздөрүн сактап турат. Скандинав кыргыздарга кандаш тууган экендиги R1a1 генотиби жана Швециянын “жаш” скандинавтарынын 1475±320 жылдары (205-845-жылдар) жана Норвегиянын “жаш” скандинавтарынын 1475±750 жылдары (б.з.ч.225 – 1275 жылдар) аркылуу аныкталат. (карагыла Рожанский И., Клесов А.А.6). Енисей кыргыздарынын – динлиндердин монголдорго каршы акыркы согушу 1273-жылдары болгон, бул жөнүндө көптөгөн мүрзөлөр кремация салты боюнча жасалгандыгы көрүнүп турат. Андан кийин норвегдер Обь дарыясы аркылуу Норвегияга кайыктар менен кетишкен, башкача айтканда “бөтөлкөнүн оозу” аркылуу, ал эми динлиндер Тянь-Шанга R1a1 ата-тектеринин ыйык тоосу – Асгардды коргогону кайтып келишкен. Байыркы сочинениелерде Тянь-Шандын кыргыздарын “ас” деп аташат (карагыла Мокеев А. 159-бет).

Викингдердин жашы, а булар скандинавтардын аскерий катмары, ДНК-генеалогиянын шкаласы боюнча “ондуктардын” эки бутагынан 1300±330 жыл жана 1325±300 жыл турат. Аларга гегундардын жетекчилиги астында (украиндер алардын тукумдары) жаш аскердин даярдыгынан өткөн 370 – 1030-жылдары жана 375-975-жылдары Улуу талаада “ондуктардын” түзүлүүсү жана курчуусу туура келет. 370-жылы алар Волганы сүзүп өтүшүп, гунндарды (геть гундарды) жана аландарды батышты көздөй сүрүп чыгарышкан. Викингдердин жашы “жаш” кыргыздардын жашынын ичинде башкача айтканда, 80-1220-жылдардын ичинде турат. Анын башталышы 370-жылдарда Волганы сүзүп өтүп жана Атилланы Францияга кубалап баруу, гунндарды кубалоо менен дал келет. Интервалдын аягы хазар, болгар жана кыпчактарды Дунайдын жана Днепрдин ары жагына батышка, ошондой эле Жакынкы чыгышка кубалоо менен дал келет. Гунндар жана аландар жөнүндө Г.В.Вернадскийден “Байыркы Русь” деген китебинен цитата келтиребиз: “Гунндар Түндүк-кавказ регионуна чоң көңүл бурушкан жана бара–бара ал жерлерде өзүлөрүнүн башкаруусун орноткон. Аландардын, остготтордун жана герулдардын бандалары 370–жылдан кийин гунн ханынын сюзеренитетин, башкача айтканда, викингдердин соккусунан кийин Францияда башын куткарган Атилланын–немец королунун көз карандысыздыгын таанышкан”. Кекирейген аландарды кайсы бир элдер эмес, дал викингдер талкалаган.

Кыргыздар менен немистердин ортосунда туугандык байланыш аныкталган, башкача айтканда алар бизге жээн болушат, ошондуктан енисей кыргыздарын эч качан тарыхтан чийип сала албайсың. Биз 1350±570 жыл болгон “жаш” кыргыздардын ичине камтылган 1300±330 жыл жана 1325±300 жыл болгон викинг – “ондуктарды” карадык. Бирок азыркы кыргыздардын арасында дагы викинг – “ондуктардын ичинде кармалган жашы 1300±200 жыл болгон бутагы табылды (см. сноску 3). Демек, азыркы биздин кыргыз замандаштарыбыздын арасында кадимки викинг.kg жашап жаткан турбайбы. Демек, викинг.kg ден турган үчүнчү полк болгон! (Бизге бир туган эл.) Алар норвегдерди Скандинавияга чегинүүсүнөн калкалашкан. Бул жөнүндө Үсөн Кудайбергенов да айткан (кара Тукембаев Ч.А. Реинкарнация – чындыктын ачкычы).

Викингдердин жашына байыркы орус аскерлери – россомондор менен бирге 860-жылы Киевди негиздеген Аскольддун ишмердүүлүгү туура келет. Андан кийин Аскольд динлиндер (енисейлик кыргыздар) менен бирге 1056 – жылы Киевдин жанында болуп, андан Москва – дарыяга Волга-варяг жолун негиздегени кеткен. Теңир-Тоого – Асгардка дагы, кыргыздар Манас – Асмандан-жоокер (кудай) деп атаган Аскольд келген. (Иордандын россомондору жөнүндө И.В. Зиньковскийдин8 статьясынан карагыла). Россомондордон жана динлиндерден Юрий (Рюрик) Долгорукий, Александр Невский, Волконский жана башка орустун атактуу фамилиялары келип чыгат. Аларга полководец Суворов дагы кирет, себеби алар R1a1-скандинавтар Юрий Долгорукий боюнча (мисалы, князь Долгоруков) Аскольд, Рюриковичтердин тукумунан. Орустар айткандай, эгерде орустарды татар менен болгарлардан кырып-тазаласаң, атактуу орус фамилиясы менен шведди аласың.

Россомонду түркчө которгулачы, кыргыз этнонимин аласыңар, башкача айтканда урууларды кыргыч, бул Ригведа боюнча ксатрийлер, кыргычтар менен дал келет. Киргиз, ичин көздөй киргиз деп которулуп, француздардын эсинде ушул ат менен калды. Де Гиз, французча, кебете дегенди билдирет. Ошондуктан R1a1-М17 – викинги куралы боюнча «жаш» кыргыз R1a1-М17ге кандаш тууганы, викингдердин Норвегияга чегинүүсүнөн калкалашкан, андан кийин утулуунун ачуу кайгысын тең бөлүшкөнү Теңир Тоого тянь-шань кыргыздарына келген. Толугу менен Тукембаев Ч.А “Колыбель арийской расы” www.literatura.kg/articles/?aid=1199 жана “Реинкарнация–ключ к истине” www.literatura.kg/articles/?aid=1350 деген китептеринде.

Ошентип, енисей кыргыздарынын проблемалары чечилди. R1a1-енисей кыргыздары алыста, батышта франктардын империясына каршы согушуп, аларды талкалагандан кийин, 840-жылы Тянь-Шанды бошоткону келген. Андан кийин енисей кыргыздары хазарларды, болгарларды, венгерлерди, түрктөрдү Дунайдын ары жагына сүрүп салышкан, ал эми С3с-киргиздер мында катышкан эмес. R1a1-кыргыздары Кыргызстандын калкынын жарымынан көбүн түзүшөт, ал эми орустар жана украиндер менен кошкондо – 3 млн. дон ашык, алар өзүлөрүн түрктөр жана монголдор деп эсептешпейт, себеби аталардын салтын бекем сакташат, а буга далил катары R1a1 нын КРда 63,4% болушу. Азыр КРда 5,5 млн адам бар жана демократия орнотулган, ошондуктан ким түрк же монгол болгусу келсе, боло берсин. Кыргыздар үчүн алар катын бойдон калышат, ал эми түрктөр үчүн – бояндура. Демократияда көпчүлүк мамлекетти башкарат, мисалы, Францияда калктын 64% и R1b1b1.

Миллиондогон кыргыздар ата – тектердин чакырыгы менен Россияга кетишти. Акыр аягында Манас менен бирге келишип, кыргыз этносун Тянь– Шанда түзүшкөн енисей кыргыздары кайрадан өзүнүн желеги менен Енисейге Тянь-Шандын кыргыздарын алып алып, этникалык россиян катары кайтып барышы мүмкүн. Кыргыздын аталарынын тили, ошондой болсо дагы байыркы орус жана байыркы скандинав тили. Сол линияга (орусча, канат9) тиешелүү кыргыздардын аталарынын тили – байыркы орус тили (по письменности). Скандинав линиясына (онг канат) тиешелүүлөрдүн аталарынын тили – байыркы скандинав тили (по фонетике). Орус казактары каада-салттарды 19-кылымдын аягына чейин сактап, эки тилде сүйлөп келген. Жумушта орус тилинде сүйлөп, үйдө – түрк, кавказ, башкача айтканда үйдөгү тилдеринде сүйлөшкөн. Философия мындай болчу – душманыңды жеңиш үчүн, алардын каада-салттарын, тилин билиш керек, а бул үчүн душман болгон уруунун кыздарын колго түшүрүп, аларды сенин балдарыңдын апасы кылышың керек.

Россия 1150 жыл мурун Россия мамлекетинин негизин орноткон балдарына жана “Манас” эпосунун тарыхый мекенине кайтып келишине сүйүнөт, анткени эпос енисейлик кыргыздарга – 75%, тянь-шандык кыргыздарга – 25% жана тажиктерге таандык, себеби, алардын кызы Санира11(Каныкей) – Манастын мыйзамдуу аялы болгон. Илгери Фергананын кыргыздарын жана тажиктерин ассиандар деп аташкан. Бир – эки муундан кийин енисей кыргыздары Россияда көк көздүү блондин жана блондинкалар болушат: реинкарнацияны башынан өткөрүшөт. 1170 жылы кеткендей кыргыздар Россияга кетишип, Кыргызстанда С3с, R1b1 генотиптери бар уруулар, башкача айтканда киргиздер калып, миллиарддаган кытайлардын арасында кумга сиңгендей сиңип кетишет. Израиль, Турция, Франция, Германия жана АКШ мындай кырдаалда жардам бере албайт.

Россияга енисей кыргыздары Жети-Суунун казактары менен кошо кайтышат. Москванын алдында курман болгон панфиловчуларга таазим этип, мамыры чөп койгонду да унутушпайт. Родинаңды сүйүү Ата-Журтту коргоо жана кызмат кылуу менен тыгыз байланышта экенин алар билишет. Балким, пуштундарды кошо ала кетишет. Бирок россомондордун жана викингдердин тукумдары монголдордон Теңир-Тоодон качып кетишпейт, себеби, Фергана өрөөнү – бул муз каптоо доорундагы R1а1 гаплогруппасынын баш калкалоочу жайы (которое предназначено нам защищать), ал эми монголдордун жери – Тибетте жайгашкан.

Эгерде кыргыздар маңкурт болбосо, эгерде кыргыздар мамлекеттин идеологиясынын негизи болгон аталардын каада-салттарын (рухий тамгаларды) бекем кармаса, биз айткан ой – пикирлер мааниге ээ. Енисей кыргыздарынын желеги Швециянын, Норвегиянын, Россиянын жана Украинанын желектерине (асабага) окшош, ал эми бул өлкөлөрдүн элдери R1а1 аталарынын адаттары жана символдору (рухий тамгалар) менен ажырагыс байланышта. Качан гана Асгардка – Теңир Тоого 1170 жыл мурун келген кыргыздардын желеги Кыргыз Республикасынын желеги (асаба) болгондо гана, кыргыздар өзүнүн тамырына кайрылышат. Бул алардын акыл – эсинде, (журукте) жүрүшү керек. Энеси боюнча бөлүшкөндө (как у евреев), элдер кырк уруусун көздөй чачырап, өзүнүн желегине качат, ошондуктан бириктирүүчү күч болуп 63,4% кыргыздарга R1а1 гаплогруппасын алып келген аталардын адаттары жана салттары эсептелет. П.А.Столыпиндин сөздөрү туура: “Өзүн – өзү улут катары аңдап, түшүнбөгөн эл – кык сыяктуу, андан башка элдер өсүп чыгат”.

Корутунду. 841-жылы енисей жана Тянь-Шань кыргыздарынын биригүүсү жүргөн. Енисей кыргыздары көк желек (асаба) менен келишкендиктен, тянь-шань кыргыздарынын үмүт-тилегин эске алып, көк-кызыл желек пайда болду. Ошол эле кездерде кыргыздарга тажиктер да биригишкен, себеби алар R1а1 гаплогруппасына ээ, ал эми алардын кызы Санира – Манастын мыйзамдуу аялы болгон, бул аларга Фергана өрөөнүндө тажиктерде R1а1нын үлүшүн 63,6% ке сактоосуна мүмкүндүк берди.

ДНК-генеалогиянын маалыматтарына ылайык, енисей кыргыздары R1а1нин М17 сниптүү 1350±570 жаштагы бутагы болуп саналат. Алар орусча жана шведче россомондор, башкача айтканда, байыркы орус жана скандинавтардын тукумдары, КРнын калкынын 75% ин түзөт. Алардын 860 – жана 1056-жылдарда, ошондой эле андан мурунку мезгилдерде, Орус мамлекеттүүлүгүнүн пайдубалын түптөөдөгү ролу зор экендиги эч талашсыз. Муну Байыркы Русьтун аскерлеринин тиреги болгон алгачкы монастырь – Гнездовонун курулушу аныктайт, анын тегерегине Ата-Журтту коргоо үчүн ишеним бириккен, монастырь деген сөздөгү Манас – турган жер Россиядагы енисей кыргыздарынын тарыхый мекенине таандык.

Россомондордун биргелешкен байыркы орус жана байыркы скандинав аскерлери кыргыз элинин эсинде калып, азыркы кездерге чейин жетиши индоевропалык тилдердин түзүлүүсү жөнүндөгү илимдеги жана дүйнөлүк тарыхтагы карама-каршылыктарды чечүүгө мүмкүндүк берет. Байыркы арийлерден индиялык арийлерге чейинки жол Фергана өрөөнүндө, Тянь-Шанда, Памирде жайгашкан R1а1 гаплогруппасынын баш калкалоочу жайы аркылуу өтөт. Кыргыздын энесинин тили ата тилинин үстүнө курулган (надстройка). Кыргыз тили – бул түрктөрдүн арасында жашаган тянь-шань кыргыздарынын тили. (Тюрки ранее назывались шумерами, а их выгнали персы из Вавилона). Кыргыз алфавитинин тамгалары жана айтылышы батыш– жана түндүк германиялык тилдердин тобуна кирет, ошондуктан кыргыздардын аталарынын тили (байыркы скандинав тили) байыркы орус тили менен кошо санскриттин ядросун берет. Анда индоевропалык тилдердин проблемалары чечилет, ал эми түрк тилдеринин кошундуларын украин жана орус тилдеринен табууга болот, (так как этим тюркским словам обучила кипчачка, братья которой были изгнаны в Венгрию и Турцию).

---------------------------------------------------------------------------------------

1 бул жебелер өткөн кылымдарда кыргыз жебеси деп, археологиялык казуулардын натыйжасында аталып калган, бирок аларды орустар жана украиндер куюшкан, себеби, алар бир гана байыркы орус аскерлери эмес, ошондой эле укум-тукумунан бери келе жаткан усталар болушкан.

2 турган жер, үй-жай (обитель) македониялыктарча -останна; норвежче– будда (bodde); шведче станаде (stannade) деп айтылат, мында “стан” деген уңгу так бөлүнүп турат. Астана шаарындагы эки уңгу “ас” жана “стан” менен салыштырып көргүлө. Гарольд деген атта эки уңгу “гар-” жана “-ольд“, башкача айтканда алтын турган жер ди алабыз. Викингдердин кайдан келип чыкканы түшүнүктүү болгондо, турган жер дин норвежче мааниси аныкталат.

3 Клесов А.А. Об одной древней гипотезе происхождения киргизов в свете ДНК-генеалогии//Вестник Российской академии ДНК-генеалогии. 2011.Т.4. №12. С.2249-2262.

4 Кыргыздардан түштүгүрөөк М17 снипи менен пуштундар энчиленген, алардын согушчандыгында күнөм жок.

5 R1b1b1 генотиби боюнча алар кыпчактарга, түрктөргө кандаш туугандар. Итальянец – канаттуу ит-жоокер: “ит-ал-ян”, ит (барабир) ит, ала – канат, ян – жоокер дегенди түшүндүрөт. Немец, французча – алеман, а мындай “ала-ман” жөн эле канаттуу жоокер (салыштыр, аламан-байге). Түрк-османдар айткандай, алар космостон келгендер, себеби “асман” – бул космос, россомон дегенден бурмаланган “р-осман”. Түрк адмиралынын аты – Барбаросса (Барбаросса (Гитлери) планы менен салыштыр) жалганма сөз “барба+росса” = россторго (орустар менен) каршы күрөш (борьба против русских). Батыш Европанын элдери өзүлөрүн көкөлөтүп атаганды жакшы көрүшөт, ошондуктан 19-кылымда арийлер деп аталып алышты. 20-кылымда арийлер Гитлер менен Муссолининин жетекчилиги астында “чыныгы арийлер” ге айланып, улутчулдук менен фашизмди пайда кылышты.

6 Рожанский И., Клесов А.А. Гаплогруппа R1а1: гаплотипы, генеалогические линии, история, география//Вестник ДНК-генеалогии. -2009. -Т.2, №6. -С.974-1099.

7 Викинг эки сөздөн турат: “ви-кинг”, мында экинчи сөзү – падыша, ал эми биринчиси – жашоо. Викинг – балким, англосактардын: сиз – падыша деп урматтап кайрылуусу. Норманндар – түндүктүн элдери. Себеби норман рыцары – бул оор кийимчен аскер, демек анын атында латынчага тиешелүү түркизм байкалат “оор”– оор, а ман – жоокер. Орустардан келип чыккан рыцарь сөзү “рцы”– жүз дегенден башталма алат, башкача айтканда, бул ротанын командири – жүзбашы. Бардык түрк тилдүү элдерге орустар – урус. Бир гана кыргыздар орустарды “орус” деп аташат, мында “ор-рус” – оор кийимчен аскер. Одиндин оор куралданган аскерлерине жараша “ор-ден” беришет, ал эми “ден” – скандинавча – эл дегенди түшүндүрөт. Латынча “ordo” – катар, тартип, ордо – жоокердик тартип менен байланышкан, башкача айтканда, латын түрк тамырына ээ. Кыргыз тилинде “ордо” сөзү – бул стандагы (мамлекеттики) тартип.

Ошентип, викингдер – Гарольддун алтын турагын талкалай турган жана падыша үчүн жанын берүүгө даяр норвегиялык аскерлер, алар иш жүзүндө сөзүнүн өтөөсүнө чыгышты. Алгач, 1013-жылы Англияны басып алышты (2013-жылы 1000-жылдыгы болот), андан кийин, 1066-жылы Англиянын тактысына Вильгельм жеңип алуучу I ди отургузган болучу.

8 Зиньковская И.В. Россомоны Иордана в свете германской эпической традиции и этимологии // Вестник Воронежского гос.ун-та. 2008. №2. С.25-36.

Россомондор Иордандын “Гетика” сында 375 – жылы же 376 – жылы Эрманарихтин өлтүрүлүшү менен эскерилет, бул викинг – “ондуктар” дын жашы менен дал келүүдө (Зиньковская И.В.). Эрманарих: “Эр-ман-арих”: “эр” – жол башчы, “ман” – жоокер, “арих” – немецтер тарабынан сүйүктүү ариец, бирок кыргызча окулат, себеби – эр – жол башчы (шведдердеги Эрик деген ат менен салыштыргыла). Ошондуктан фюрер – бул өч алуунун жол башчысы, себеби, фурия – өч алуунун кудайы. Бирок, Гардизи боюнча фури – Ааламды басып алуучу көбүрөөк дал келет, андыктан д’Аламбер деген фамилия – Аалам бер ди (отдай Вселенную) түшүндүрөт. Баламбер менен салыштырып көргүлө. Немецтер менен кыргыздардын туушкандыгы жөнүндө Ч.А Тукембаевдин “Реинкарнация–ключ к истине” деген китебинен кара. Византиялык булактарда, шведдер Швецияга барганда, аскер катары – россомондор деп аталышкан, бул жөнүндө Г.В.Вернадский “Байыркы Русь” та айтат. Ошол эле жерде армян летопистерине жана византиялык император Константин Багрянородныйдын эмгектерине ылайык (912-957-жылдар), Армения 750– жана 760-жылдары кара савартилер – чыныгы шведдер тарабынан талкаланган деп айтылат. Бул болсо, качан монголдор Тибеттен түшүп келгенде енисейлик кыргыздардын Тянь-Шанда болбогонун ырастайт. Армян летопистеринде “кара” деген сөз түндүктүк деп түшүндүрүлөт. Бирок бул учурда, “кара” деген сөздүн 1) кара, даана же 2) жазага тартуу деген эки мааниге ээ экендигине байланыштуу, Арменияга экинчиси туура келет го, себеби, Арменияны согушта хазарлар тарапта согушкандыгы үчүн жазалашкан болчу.

9 Окумуштуу тарыхчылар Ала-Тоо – Асман тиреген тоолор жана Алтай дегендерди түшүндүрө албай келет. Себеби, байыркы түркчөдөн “ала”– деген сөз – канатты билдирип жана асман менен байланышкан, анда Ала-Тоо – тоо канаты болуп которулат. Ал эми Алтай – тайгалык канат болуп саналат. Канат – итальянча – “ala”, ошондуктан ал Альпы – Асман чатыры дегенди түшүндүрөт. Памир менен салыштырып көргүлө.

Тан доорундагы кытай булактарында кыргыздарды сүрөттөп – жазганы Гардизи менен дал келүүдө. Обь дарыясынын жээктерин Урус-инал (инал – предок) башында турган орустар жердешчү. Енисейде Еди-инал (Один-инал) башында турган динлиндер – Одиндин балдары – шведдер менен норвегдер жашаган. (Их мать, сестра Нал-эже – первородная мама, блондинку, см. рис.). Обь менен Енисейдин калкынан турган биргелешкен аскерлер түркчө – кыргыз деп аталып, аскерлердин өзүн – өзү атоосу – россомондор болгон. Бир гана кыргыздар байыркы скандинав жана байыркы орустардын аскерлеринин биригишинин жыйынтыгы катары, түрктөрдү коркутуу үчүн “кыргыз” этнонимин сактап калышкан.

10 Андижан (Андукан=Andy+кан) кыргыздардын скандинав линиясы тарабынан 10– кылымдарда негизделген, ошондуктан атында Энди-кан деп аталган скандинав атын кармап, түрктөрдө – эфенди – кожоюн дегенди билдирет. Түрк тилдериндеги элдер “Энди-жан” ды, мисалы анлгичандарча, батыш герман тилдер тобундагыдай так айта алышпайт. R1а1-кыргыздарынын жана С3с – киргиздеринин мээсинин оң жарым шарында кыргыз тили бекитилген. Бирок R1а1-кыргыздарынын сол жарым шарында скандинав тили жайгашкан, ал эми С3с – киргиздеринин сол жарым шарында – монгол тили жайгашкан. Мына ушундай инсандын экиге бөлүнүшү. Кыргыз менен киргиздер оң жарым шардын образдары болгондо – бир туугандар, бирок кыргыздын сол жарым шары – Обь жана Енисейде, ал эми киргиздики – Тибетте. Теңир-Тоого келсек, скандинав тилинде “фенир” сөзү – алп карышкыр дегенди түшүндүрөт. Монголдордо “ф” тамгасы жок болгондуктан, “фенир” сөзү пенир же тенир деп айтылат. Ошондуктан Теңир-Тоо – карышкырлардын тоосу, алар Кашгарияны түндүктөн коргоп турат. Муну монгол булактары да ырастайт, анткени монголчо “боро” деген сөз – карышкыр. Эскерте кетсек, кыргыздар уламыштар боюнча бугунун балдары.

11 Санира атын муунга бөлсөк, “Сан-Ира” – “Сан-” – жогорку даражалуу жак, “-Ира” – байыркы ат. Массагеттердин атактуу канышасы – Томирис – “Томь-ирис”, мында ирис (грекче) – күн желеси (саймалуу – радуга), ал Томь дарыясынан келип чыгат да, ал Обдун оң куймасы болуп саналат, башкача айтканда, Томирис, россомондор жашаган жерден келип чыгат. Улуу аялдардын аттары дарыяга байланыштуу алардын кайдан келип чыккандыгын көрсөтөт. Массагеттер – бул асстар менен гёттердин (гөтөр – подымай, от которых происходит великий поэт Гёте) согуштук союзу, башкача айтканда Обь менен Иртыштын байыркы орустары менен Енисейдин скандинавтарынын союзу. Белгилүү болгондой Иордан гёттерду готтор менен алмаштырып койгон (профессор Ирина Владимировна Зинковская ушундай дейт). Орустар менен скандинавтардын мындай союзу кийинчерээк цзянь-гунь, гегунь, кыргыз деп аталган. 841– жылдары кытайлар айтат: кыргыздардын баары “дене-бою узун жана алп, кызыл чачтуу, жашыл көздүү ” болушкан. Көпчүлүк герман окумуштуулары россомон аталышын rosamo/rosomo – “кызылдар”, “кызыл-күрөңдөр” деп түшүндүрүшөт, бул балким, россомондор чачтарын кызылга боёчу аскерий салты үчүн алышса керек (ошол эле жерде). Фергана, Тянь-Шанды жер ченеп өтүшкөн (землепроходцы) орус казактарынын карталарында. Кызылбаш кутузка менен белгиленген.

Дагы бир жолу белгилей кетчү нерсе, басылып алынган элдер кыздарын басып алуучуларга беришчү. Мисалы, Түрк каганатынын уруулары Манас менен туугандашууга сүйүнгөн. Бирок Манастын балдары күңдөн туулган, баары бир кулдар. Мындай болбосу үчүн энеси ак сөөктүү, тектүү жердин кызы болуш керек болчу. Бул жөнүндө Алманбет Манаска Санирага үйлөнөөрдүн алдында айткан болучу. Тектүү аялдан туулган бала күңдөн туулган балага тең эмес.

 

© Тукембаев Ч.А., 2012

 


Количество просмотров: 7587