Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Драматургия, киносценарийлер, Драматургия
© Кулмамбетов Ж.О., 2010. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2012-жылдын 19-сентябры

Жаныш Осмонович КУЛМАМБЕТОВ

Алай ханышасы

Драма

Алай канышасы Курманжан-датканын өмүрү жана тагдыры тууралуу драма.

 

Катышуучулар:

Курманжан – кыз кези.
Курманжан – жаш кези.
Курманжан – улгайган кези.
Маматбай.
Маматбайдын аялы.
Сейит Кулу Садиар уулу.
Алымбек–датка.
Мусулманкул-аталык.
Соодагер.
Топчугүл.
Шекергүл.
Жуучу.
Кой айдаган жигиттер.
Молдо.
Чоң эне.
Чоң ата.
Өспүрүм кыз.
1-карыя.
2-карыя.
Келдике-ажы.
Ташыр.
Абдыбасил.
Эмир Музаффар
Вазир.
Кудаяр-хан.
Аскер башы.
Эшик ага.
Генерал Скобелев.
Апыш-тапан.
Тиңшигий.
Камчыбек.
Ырыскул.
Абдыжуман.
Чабарман.
Болук аял.
1-ызматчы кыз.
2-кызматчы кыз.
Мындан тышкаары эл, кыз-келиндер, жигиттер, жоокерлер, күзөтчүлөр, балдар ж.б.у.с.

 

Пролог

Мунарык баскан тоонун арасында жалгыз атка араба чегип алып бир караан келатты. Жакындап келгенде ал караан аялзаты экени баамга түштү.
Аңгыча капилеттен арабанын капталынан келимшимдүү мырза киши чыга калды.
Киши. Курманжан!..
Курманжан. (Арабасын токтотуп, колун серепчилеп тиги кишини карап калды, анан сүйүнүп кетти) Даткам?!. Кудайга шүгүр!.. Сиз белеңиз?!.
Алымбек-датка. Менмин, Курманжан. Каяктан келатасың, арабаңды тартып?
Курманжан. (Тунжурай) Каяктан келатам?.. Каяктан болмок эле, балалыктан келатам, даткам...
Алымбек. Балалыктан?..
Курманжан. Ооба, даткам... Адамдын өмүрү балалыктан башталып... балалык менен аяктайт экен.

Биринчи сахна

Күн чакыйып тийип турган. Маматбай колуна таяк кармап, мал жайып, анда-санда үн чыгарып коюп, бирок, негедир айыл тараптан көзүн албай, алда-неге бушайман эле. Чегирткелер чыркылдап, айланага боз түшүп аткан мезгил болчу.
Маматбай. (Тээ алысты карап сүйүнүп кетти) Келатат!.. Бабээдин!.. Бабээдин!..
Чабарман. (Үнүнүн жетишинче кыйкырып) Кырк жылкы-ы!.. Кырк жылкы-ы!..
(Маматбай тигини тосо чыкты. Чабарман Маматбайдын жанына жете бергенде шиберге сүрдүгө жыгылды, таягын кучактап).
Маматбай. (Тигини ордунан тургузуп, уккан кулагына ишенбей) Кырк жылкы?!.
Чабарман. (Бетиндеги топуракты сүртүп) Ооба!..
Маматбай. (Кубанычы койнуна батпай) Болсун!.. Болсун!.. Оозуңа май!.. Ал тээтиги быштыны!
Чабарман. (Ишенбей) Бышты дейсизби?!.
Маматбай. (Кубанычы койнуна батпай) Ооба! Ноктолоп алып кете бер!
Чабарман. (Делдейе түштү, анан кубанганынан бышактап ийди) Ыраазымын, Маке!.. Ыраазымын!.. (Колундагы таякты алда кайда ыргытып, араакта оттоп атышкан Маматбайдын малын көздөй чуркады.
Маматбай да жыгылып-тура атына жүгүрүп жөнөдү. Ананан, аттын дүбүртү алыстап барып, узады)..

Экинчи сахна

Маматбайдын боз үйү. Дегдеңдеген Маматбай, аял-буялга келбей эле боз үйгө кирип келди. Боз үйдүн бир капталында Маматбайдын келинчеги, жаны кыйналып калганына карабай ымыркайын эмизип жаткан. Жанында эки-үч кыз-келин олтурушкан. Маматбай кирип келгенде кыз-келиндер кымырылып, четтей беришти. Маматбай босогону аттай элек жатып эле, аялына ээк өкчөдү.
Маматбай. (Энтелеңдеп) Кана, кызым?!.
Аялы. (Күлүмсүрөй) Мына... (Ымыркайдын оозунан эмчегин алды).
Маматбай. (Аттап-буттап кызына жетти да, дароо колуна ала коюп, жыттагылап ийди. Өнтөлөп, күбүрөндү) Жаным курман!.. Жаным курман!..
Аялы. (Чала угуп) Курман дейсиңби? Атын Курман койгон атасыңбы?
Маматбай. (Кубанычы койнуна батпай) Ооба!.. Курман!.. Курман-жан!.. Курманжан!.. (Ымыркайын чамгаракты көздөй кош колдоп көкөлөтө көтөрүп ийди) Кызымдын аты-Курманжан!.. (Кызын апасына бере салып, Асан чакырып кирди) Кызымдын аты Курманжан болсун! Аты Курманжан болсун! Аты Курманжан болсун!
Аялы. (Күйөөсүнүн кылыгына ичи элжирей) Жакшы ат экен – Курманжан!..
(Кыз-келиндер да “Курманжан, Курманжан” деп шыбыраша кетишти).

Үчүнчү сахна

Жай мезгили. Бөксө тоонун этегиндеги дөңдөрдүн арасы. Бир көзү сокур, улгайган жолоочу киши атынын чылбырын сүйрөп, колун серепчилеп кайдадыр карап атты.
Киши. (Таң кала кайдадыр тиктеп) Оке-ей, ай!.. Карасаң, кыз бала го?..
(Ошол учурда киши карап турган тарапта мал кайтарып жүргөн өспүрүм Курманжан тай үйрөтүп жүргөн).
Курманжан. (Арканды тарта, тайга жакындап) Акырын, акырын!.. Мен сени эч нерсе кылбаймын!.. Анчалык асман-айдан кетип секирбе!.. Сен туйласаң, мен да көгөрөм!.. Мен бир көгөрсөм.!.. Менден кутула албайсың!.. Баары бир колумдан арканды чыгарбаймын!.. Жалыңдан эле сылап коеюн деп атпайымбы!.. Акырын, эми, акырын!..
(Киши Курманжанды суктана карап турду).
Бая эле ошентпейсиңби!.. Мына, ушинтип эле туруп бер да. (Аяр басып тайга жакындады. Тай дагы кошкурук атып кетти) Так!.. Так!.. Так!.. Болду!.. Болду!.. (Колун созуп) Мына, сылап эле коем!.. Мынакей!.. И-и, ошентпейсиңби... Мына, көрдүңбү? Эч нерсе болбойт бекен?.. А сен тим эле кошкурук атасың!.. Атам сени мага энчилеп бербедиби. Ошону билип жүр да, сен дагы. Күзүндө сени үйрөтөбүз. Анан мен сени минип алып, экөөбүз барбаган жерге барабыз!.. Сени аябай жорго тай болот деп атат, атам.
(Ошол маалда капысынан кишинин үнү чыкты).
Үн. Эй кыз!..
(Курманжан артына шак бурулуп, аркан бою жерде турган баягы бир көзү сокур, улгайган кишини көрдү).
Курманжан. (Иймениңки) Арбаңыз...
Киши. (Өспүрүмгө сугу артыла) Арба, арба... Атың ким?
Курманжан. (Дагы эле иймениңки) Курманжан...
Киши. (Элжирей кайталап) Курман-жан... Кимдин кызысың?
Курманжан. (Дагы эле иймениңки) Мөңүш Маматбайдын.
Киши. (Кызга ого бетер сугу арта) А-а, анда бул мал да Маматбайдыкы турбайбы?
Курманжан. Ооба.
Киши. (Кызга жакындап) Баятан карап турсам, азоого тайга укурук салып, алышканыңа караганда, чыйрак окшойсуң, ээ?.. Тай үйрөтөсүңбү?
Курманжан. Жок. Атам мага энчилеп берген. Ошон үчүн өзүмө үйүр алдырайын деп аткам. Арабамды чегип алсамбы деп, сүйрөп келгем.
Киши. Атаң кайда?
Курманжан. Жолоочулап кеткен, бир жума болду. Эртеңден келип калса керек.
Киши. (Канааттана) Сен колго кол, бутка бут боло турган кыз турбайсыңбы. Мени тааныдыңбы?
Курманжан. (Башын чайкап) Жок.
Киши. (Күлүп) Тааныбасаң таанып аласың жакында.
(Курманжан тиги кишинин сөзүнө түшүнбөй калды).
Киши. Бойго жетип калган кыз-турмуш куруш керек, билесиңби ошону?
Курманжан. (Кабагын чытый) Билем...
Киши. Билгениң жакшы. Атаңа айта бар, жолоочулап баратып Сейит Кулу Садияр уулу жолукту де. Жакында атаңа жуучу жиберем деп кетти де.
(Курманжан дагы эле тигинин сөзүнүн түп маанисине түшүнгөн жок. Кулу кызга сугула карап, жактыра башын чулгуп алды да, маашырлана атын көздөй басты. Анан аттын текиреңдегени угулуп, узап кетти. Курманжан Кулуну узата карап турду, бүшүркөп).
Курманжан. (Өзүнчө кобуранып) Мага курбалдаш уулу бар го бул кишинин?.. Же...

Төртүнчү сахна

Эртеси. Күн чак түш. Маматбай сапардан кайтып келаткан. Маараган койлорду айдап топ киши Маматбайдын алдынан чыгышты.
Кой айдагандардын бири. Ассалому алейкум.
Маматбай. Алекима ассалом. Жол болсун жигиттер?
Кой айдагандардын экинчси. Жапалактык мөңүш Маматбайдыкына баратабыз.
Маматбай. (Бүшүркөп) И-и?..
Кой айдагандардын бири. Кызына жуучу түшөлү деп, жыйырма койду алдыбызга салып, бир күмүш кисе дилде алып, калың менен баратабыз.
Маматбай. Кимден келатасыңар?
Кой айдагандардын бири. Сейит Кулу Садияр уулунан... а өзүңүз ким болосуз, акетай?
Маматбай. Мен ошол силер издеп бараткан Жапалактык мөңүш Маматбай деген боломун.
Жуучу. (Шаша-буша курун мойнуна сала койду) Тааныбасты сыйлабас, кулдугубуз бар, кулдугубуз бар!..
(Жанындагы жигитти этектен тарты эле, анысы эт-бетинен жыгыла жаздап барып, кошо мойнуна курун сала коюп, кулдук уруп калды. Маматбай камчысы менен нускап, тигилерди ордуңардан тургула дегендей ишаарат кылды. Тигилер этек-жеңдерин кагынышып, орундарынан турушту).
Маматбай. (Бүшүркөп) Сейит Кулу Садиярдын бойго жеткен уулу бар беле?
(Жуучулар астыртан бири-бирин карашып каткырып күлүп ийишти).

Бешинчи сахна

Жуучулар менен Маматбай өргүп олтурушту.
Маматбай. (Тунжурай) И-и... дегиле... Кызым жаш эле... Анын үстүнө Сейит Кулу Садияр...
Жуучу. (Жапылдап) Маматбай, аке, сураган колду суутчу эмес. Ата-бабадан калган салт ушул. Кыздын сураганга, кымызды суусаганга бер дейт. Сейит Кулу Садияр уулу барктуу-нарктуу киши, сиз чана турган адам эмес. Антсеңиз, Кудай алдында, арбак алдында күнөөгө батып каласыз, акетай.
Маматбай. (Тунжурай, маанайы пас) Чанган жокмун... Кызым өзү теңдүү бирөө менен турмуш курса деп тилек кылчу элем... Тең теңи менен, тезек кабы менен эмеспи.
Жуучу. (Жапылдап) Бул сөзүңүздү Кулу укпасын. Укса катуу таарынат. Сиз аны теңсинбей тургандай ал эмнесинен жазды? Бир уруунун кадырман кишинсинин шагын сындырганыңыз кантип болсун? Кызыңыздын башы байлануу болсо, бир жөн эле. Башы ачык кыз баланы сураган кишиге бербей койсоңуз... Бул салтка жатпайт. Мхи... Бизде да ооз бар, тил бар-бөөдө эл караган жүзүңүз жер карап калбасын, акетай!..
Маматбай. (Улутуна) Болбостур... болбостур...
Жуучу. (Күлө багып) Мына, эми оңолдуңуз. Билип турабыз, бала боор эт менен тең болот. Бирок, Кулу кызыңызды кор кыла турган кишилерден эмес. Алаканына салып бөпөлөп алат. Аягынан кам санабаңыз. Мына, мал сиздики, мобул күмүш киседеги дилде сиздики. (Маматбайга күмүш кисе узатты. Маматбай кисени алып, кыйлага чейин тунжурап олтурду. Жуучулар да кыйлага чейин үндөшкөн жок).
Жуучу. (Маматбайга астыртан карап) Акетай, күн кечтеп баратат, малды айдап жөнөйлүбү?
Маматбай. (Улутуна) Айдасаңар айдагыла... (Ордунан турду.
Тигилер дароо орундарынан тура калышып, жайылып турган койду көздөй чуркашты).

Алтынчы сахна

Күз айынын бири. Бешим ченде чоң суунун жээгинде топ кыз-келин Курманжандын чачын өрүп олтурушту. Курманжандын жүзүндө санаа бар эле.
Топ кыз-келинден нараакта Топчугүл менен Шекергүл дайрадагы сууга колдорун жуумуш болуп, сүйлөшүп атышты.
Шекергүл. (Мыйыгынан) Жеңе, кайынсиңдиңиздин кабагы бүркөө го?
Топчугүл. (Курманжан тарапты карап итиркейи келип) Обу жок да. Күйөө бала келет дегенден тартып эле ушинтип, кабагына кар жаап калды, тим эле Кудайдын эрке кызынан бетер.
Шекергүл. (Башын чайкап) Деги кыялы бир башкача, курбумдун.
Топчугүл. (Жактырбай) Тай туйлап такка чыкмак беле! Алтын баштуу аялдан, бака баштуу эр артык! Чал деп чанып атса керек, дегеле мырзага тийчүдөй болуп!
Шекергүл. (Шыкактап) Коюңузчу, жеңе, Курманжан экөөбүзгө мырзаны ким коюптур! Бара бербейби, ырысын теппей! Чал болсо да күйөө да! Үңкүр да болсо үйүм бар, аюу да болсо күйөөм бар дейт.
Топчугүл. (Жактырбай) Ошону айтпайсыңбы! Акемдин кылганы да, кызын тайраңдатып, тим эле ханга берчүдөн бетер! Көрөбүз, бала басты болгондо, кантип чамгарактаар экен!
(Ордунан туруп Курманжанды көздөй басты.
Топчугүл Курманжандын чачын өрүп берип аткан келинди четке чыгарып ийип, өзү өрө баштады кайынсиңдисинин чачын).
Топчугүл. (Курманжанга сынай карап) Эмнеге эле кабагың бүркөө, кайынсиңдим? Дегеле, бир ачып койбойсуң да, эки-үч күндөн бери.
Шекергүл. (Шыкактап) Баарыбыздын бараар жерибиз күйөө.
Кыз-келиндер. (Шаракташа күлүшүп коштоп кетишти) Ырас эле!..
— Жезедекебиздин кулагынан бир чоелу!.. 
— Жездебиз кандай жигит болду экен?
— Курманжан, көңүлүңдү көтөр. 
— Күйөө бала келген атса, кубанбайсыңбы, Курманжан.
Курманжан. (Суз) Кайсы арыма кубанам? Ушул кезге чейин күйөөмдүн ким экенин билбесем. Жок дегенде бир ирээт көрбөсөм. (Улутуна) Арзыганыма чыксам деп эңсөчүмүн.
(Кыз-келиндер Курманжандын сөзүнө кулак төшөшүп, элейишип туруп калышты. Бир даары шыпшынып ийишти).
Топчугүл. (Калп күлүп) Кой, секетим, антип көңүлүңдү бузба, кокуй. (Тымызын жактырбай) Арзыганына жеткен ким бар экен?
Шекергүл. (Шыкактап) Ошону айтсаң...
Курманжан. (Олуттуу) Биз анда мал турбайбызбы, арзыганыбызга жетпей, калыңга сатылып, дилдеге алмашылып кете берсек! Өз эркибиз өзүбүздө болбосо! Өз башыбызга өзүбүз ээ боло албасак!
(Кыз-келиндердин бир даары Курманжанды коштошуп, кубаттап ийишти, ичтеринен, бир даары ыргылжың болуп турушту).
Топчугүл. (Шагы сынганын билгизбей, калп күлүп) Кой, кайынсиңдим, антип ата салтына акаарат келтирбе, айланайын. Сен эмес сенин апаң, чоң энең, таянең, андан аркылары дагы ушинтип эле күйөөгө чыгышкан. Ушинтип эле калыңга сатылып келишкен, “малча!” Биз да ушинтип күйөөгө чыкканбыз. Ушинтип эле чыга беребиз. Биздин кыздарыбыз дагы ушинтип эле чыга беришет.
Курманжан. (Кабагы бүркөлүп) Мен мал эмесмин, адаммын!..
Топчугүл. (Чочуп кетти) Ыя?!.
(Кыз-келиндер да үрпөйүшө тиги экөөнө алмак-салмак карап туруп калышты).
Курманжан. (Так кесе) Ооба!.. Эгер... эгер күйөө бала көңүлүмө жакпаса-чыкпаймын!
Топчугүл. (Ченебей чочуп) Ай, кайынсиңдим!.. Ко-ой кокуй, ал эмне дегениң?!. Антип айтчу эмес!.. Бул сөзүңдү киши укпасын, катыгүн!.. Эртең эле эне-атаңды кепке кемтик, сөзгө сөлтүк кыласың, кокуй!
Курманжан. (Так кесе) А менин бактысыз болгонумчу?!.
(Кыз-келиндердин бир даары Курманжанга боор тартып турушту).
Топчугүл. (Жактырбай) Бактысыз боло элек жатып антип айтпа да. Күйөө баланы али көрө элекпиз, кандай экенин биле элекпиз... Келсин, көрөлү...
(Так ошол учурда суунун аркы бетине кечмелик издеп, Кулу баш болгон топ караан келип калды).
Шекергүл. (Селт эте) Тээтиги кечмелик издеген топ караан ошолор го?!.
(Кыз-келиндер орундарынан тура калышып, жардана тигилерди тиктеп турушту).
Топчугүл. (Колун серепчилеп, чочуп кетти) Ошолор экен!.. Баскыла, кокуй, кеттик!..
(Кыз-келиндер биринин артынан-бири убап-чубашып, жээктен алыстап, жөнөп беришти. Маанайы пас Курманжан тигилердин арасында баратты. Анан токтоло калып артын бир карады. Эмнегедир анын көзүнө, топ караандын ичинен сокур Кулу Садияр уулу урунду. Курманжандын маанайы ого бетер чөгө түштү).
Курманжан. (Күбүрөнүп) Бул кимиси? Атасыбы же...
(Кулу Садияр уулу Курманжанды узата карап, бирин-серин тиши бар оозун ыржайта ачып, суктанып турду).

Жетинчи сахна

Айлуу түн. Суу жээгинде алты бакан салынып, отту дуулдата жагып коюшуп, жаштар селкинчек тээп атышты. Коштой келгендердин арасында Кулу Садияр уулу олтурду, чепкенин желбегей жамынып, селкинчек тепкендерге көз салып. Аңгыча Топчугүл, Шекергүл баш болгон кыз-келиндер жүзүн жоолук менен жашырган Курманжанды алып, күйөө бала тарапка бет алышты.
Шекергүл. (Шадаңдап) Кыз көрмөй!.. Кыз көрмөй!..
(Курманжанды курчоого алган кыз-келиндер түз эле Кулунун маңдайына барып токтошту).
Топчугүл. (Кулуга, кылыктана карап) Күйөө мырза!.. Колуктуңуз келди алдыңызга!.. Көрүндүгүн бериңиз!..
(Үч-төрт кыз Кулунун кулагынан чоюп киришти “жездекелешип”. Кулу кулагы ооруганынан калп күлүмүш этип кыздарга бир-бирден акча берди да, оордунан туруп, Топчугүлгө дилде карматып, анан Курманжандын жүзүн жапкан жоолугун секин ачты. Адегенде селт эткен Курманжан оттун жарыгында сокур чалдын ыржайып турган жүзүн көрдү да, ченебей чочуду. Бир паста Курманжандын ындыны өчүп, жүзү чүпүрөктөй болуп бозоруп чыкты. Ыржайып жүзүнөн сылакмакчы болуп келаткан Кулунун колун кагып ийип, башын тескери буруп кетти, ал).
Топчугүл. (Курманжанды жекире) Ай!.. Антчү эмес!.. Ал эмнеси экен?!.
(Курманжан үндөгөн жок, бетин кайра жоолук менен жаап, мелтиреп, таштай катып туруп калды).
Топчугүл. (Кулуга жалпактап) Жаш эмеспи, салтты билбейт... Үйрөнөт, көнөт!..
Кулу. (Шагы сынганын билгизбей, ыржая) Көнбөгөндө кайда бармак эле... Кыргыздын кыздары да...
(Курманжан жоолугунун артында ээрдин кырча тиштеп турду. Жаштар селкинчек тепкенин улантып атышты).

Сегизинчи сахна

Ошол эле түнү. Нарыда таң-тамаша уланып атты. Бериде Маматбай боз үйүнүн жанында, айдын жарыгында атынын ээрин алып, капшытка коюп аткан. Аңгыча Курманжан келип калды, ашыга басып, Шекергүлдүн коштоосунда. Курбусун ишаарат кыла тигиндейрээк токтотуп коюп, Курманжан түз эле атасынын жанына басып барды.
Курманжан. (Ичи ченебей ачышып, ызалуу) Э, кокуй, ата, күйөө балаңыз ушулбу?!..
Маматбай. (Күнөөлүдөй, үшкүрүнүп) Ооба, кызым...
Курманжан. (Күйбөгөн жери күл болуп, ызалуу) Мени ушул өзүңүздөн да улуу, өлөсөлүү чалга ыраа көрүп атасызбы, ата?!..
Маматбай. (Башын жерге салып) Эмне кылайын, балам, салт...
Курманжан. (Тамагы буула, ызалуу) Ата!.. Мен... Кулуга чыкпаймын!..
(Ошол учурда боз үйдөн чыга калган апасы сөзгө аралаша кетти).
Курманжандын апасы. (Кабатыр боло) Ал эмне дегениң, кызым?!.
Курманжан. (Ичи ого бетер тызылдап, ызалуу) Апаке!.. Ушундан көрө өлүп алганым артык!..
Курманжандын апасы. (Кызын жайгарууга аракеттенип) Ай, балам, сабыр эт!.. Ата салтын аттаба!..
Курманжан. (Көзүнө жаш толо, ызалуу) Ушул чал менин теңимби, апаке?!. Атаке?!.
Маматбай. (Айласы кетип) Балам... Сени бактысыз кылалы деп аткан жокпуз... Бойго жеттиң, балам... Биз аны атайылап тандаган жокпуз. Ал сени өзү тандаптыр...
Курманжан. (Ичи өрттөнүп, ызалуу, сыздай) Ай, атаке, ай!.. Ушундан көрө туулбай туна чөксөм эмне!
Курманжандын апасы. (Ачуулуу) Балам!.. Элге-журтка шерменде кылган турасыңбы, бизди?!.
Курманжан. (Ызалуу, тамагы буула) Апаке, а силер мени ойлодуңарбы?!. Мен ушул киши менен кантип жашайм?! Кантип?!. Ата, сиз мени “жаным курман, жаным курман” деп эркелетчү элеңиз го?!.
Маматбай. (Жашып кетти) Ооба, кызым, ооба...
Курманжандын апасы. (Маматбайды жаман көзү менен карап) Ай, атасы, кантесиң, аялдан бетер бырбыңдап!..
Курманжан. (Ызалуу, тамагы буула, дагы эле атасын беттеп) Ушул сиз кыйдыңызбы мени, ушундай таалайга?!. Ушул жыйырма кой, бир күмүш кисе дилде менин бактымдан артык беле?!
Маматбай. (Жаны кейип, безилдеп) Кагылайын, кызым!.. Атадан калган салт болот экен, кызды ушинтип сурап келген кишиге кудалайт экен... Муну, сенин мобул курган атаң ойлоп тапкан жок да, балам!
Курманжан. (Ого бетер ызалуу) Ата, ошол ата-бабыздын салты менин бактымдан, көз жашымдан артыкпы?!.
Курманжандын апасы. (Ачуусу келип) Эмне демитип атасың, атаңдын жумшактыгын билип алып?! Ыя?!. Эртең эл-журттун алдында шерменде боло турган алыбыз жок, биздин! Атаң экөөбүздүн кебибиз бир. Атаң тартынып айта албай атса, мен сага айтып коеюн — ыйласаң да, сыктасаң да Кулуга тиесиң! Сөз бүттү! Бар, күйөө баланын жанына. Ай, Шекергүл, эмне турасың ал жерде, делдейип, колтукта, курбуңду!
(Баятан тигилердин сөзүнө күбө болуп турган Шекергүл чочуп кетип, энтелеп Курманжандын жанына жетип келип, жеңинен чойгулады).
Шекергүл. Курманжан, жүрү...
Курманжан. (Ызалуу күбүрөнүп) Баары бир мен ага бүлө болбойм!..
(Ызага муунган Курманжан басаар-басмаксан болуп, таң-тамаша өтүп аткан тарапты көздөй кадам таштады. Ата-эне кызын узата карап турушту).
Маматбай. (Жаны кейип) Малы менен да, пулу менен да кара жерге кирсинчи!..
Курманжандын апасы. Бош болбо, атасы, бош болбо!.. Эртеңкини ойло. Биз эл-журттун ичиндебиз, тоо-ташта жалгыз жүргөн кайберен эмеспиз! (Басып кетти.
Маматбай унчукпай, тунжурап турду).

Тогузунчу сахна

Эртеси. Кулу Садияр уулу келген тобу менен Курманжанды алышып, айылдан узашты.
Курманжан томсоргон бойдон кетип баратты.
Маматбай кызын узата карап, аялы менен боз үйүнүн жанында турган. Бир убакта жүзүн буруп кетти. Аялы башын кыңайтып, Маматбайдын көзүнөн жаш кетип атканын көрүп, улутунуп алды.
Курманжандардын карааны үзүлдү.

Онунчу сахна

Күүгүм кирип, эл орунга олтуруп калган убак. Кулу Садияр уулунун боз үйү. Боз үйдүн капшытында, жибек көшөгөнүн артында кабагы бүркөө Курманжан олтурду, чоң жоолукту чүмкөй салынып, алда нени ойлоп. Жанында жеңеси Топчугүл анан Курманжандын кайынсиңдилери олтурушту.
Топчугүл. (Кайынсиңдисине кабагын чытый карап турду да анан) Бир аздан кийин нике кыйылат. Молдо келип “Маматбай кызы Курманжан Кулу Садияр уулунун никесин туттуңбу? ” деп сураганда, “туттум” деп жооп бересиң.
Курманжан. (Алда нени ойлоп) Жеңе, мен кайынсиңдилерим менен эшикке чыгып келейинчи, кабакка.
Топчугүл. (Таң кала) “Кайынсиңдилерим менен” дейсиңби?
Курманжан. (Башын ийкеп) И-и...
Топчугүл. (Капысынан мыйыгынан күлүп) Бар, барып кел, кайынсиңдилериң менен, кайынсиңдим. Тез кел, молдо келип калат.
(Кымырынып-кымтынган Курманжан кыздарды ээрчитип эшикке чыга жөнөдү).

Он биринчи сахна

Кулу Садиярдын чоң боз үйүнүн ичи. Төрдө молдо, андан берээкте жасана кийинген Кулу менен никеге күбө болчулар олтурушту.
Молдо. (Кулуга) Иншалла... Кулу иним, колуктуңузду киргиз дебейсизби.
Кулу. (Шашкалактап) Азыр алып киришет, молдоке. Азыр..
(Ошол маалда сырттан бир улан шашып кирип келип, Кулунун жанына өтүп, жүйүртө басып, тигинин кулагына бир нерсе деп шыбырап ийди. Кулунун өңү дароо өзгөрө түштү).
Кулу. (Уккан кулагына ишенбей) Чын элеби?!
Улан. (Безилдеп) Чын, Кулу аке, чын!.. Издеп таппай атышат! Эмне болгону белгисиз!
Кулу. (Аптыга, молдого) Молдоке, колуктум... жоголуп атыптыр!..
Молдо. (Чочуй) Эмне дейт?!.
Кулу. (Кабатырлана) Ооба, молдоке... Биз издеп келели. (Ордунан шашыла турду. Аны көрүшүп күбөлөр да кошо турушту).
Молдо. Издегиле, издегиле... Мен күтө турам...
(Кулу баш болгондор шашып-бушушуп сыртка чыга жөнөштү).
Молдо. (Тигилерди узата карап, башын чайкап) Шайтан кыз десе...

Он экинчи сахна

Айлуу түндө толгон-токой эл Курманжанды издөөгө чыгышты. Жердин баарын аңтарып-теңтерип кыдырып издеп баратышты.

Он үчүнчү сахна

Ошол учурда шаркырап аккан дарыянан жээги менен улам кечмелик издеп, чыканактай болгон Курманжан жанталаша качып баратты. Шыбырт эткен дабышка кулак түрүп, жашына калып, куугун жокпу дегенсип, артын кылчак-кылчак карап, жанын үрөп суу бойлогон боюнча тызылдады, Курманжан. Аңгыча Курманжанды издегендер анын артынан чукул кирип келип калышты.
1-кыз. (Жүрөгү түшө) Биякта жок!
2-кыз. (Ого бетер жүрөгү түшө) Биякта да жок!
1-кыз. (Жүрөгү түшө кыйкырып) Жеңе-е!..
2-кыз. (Жүрөгү түшө кыйкырып) Жеңе-е!..
Курманжан. (Ээрдин кырча тиштеп) Тобокел!.. (Аял-буялга келбей дарыяга боюн таштады. Кыздын жанталашканына карабай кирген суу аны агызып жөнөдү.
Топчугүл жетип келди энтеңдеп, дагы бир кыздын коштоосунда).
Топчугүл. (Үрөйү учуп) Эмне болду?!.
1-кыз. (Коркконунан мукактанып) Сууну көздөй баскан, ошол бойдон жок!.. Издебеген жерибиз калган жок!..
2-кыз. (Жүрөгү түшө, ыйламсырап) Сууга чөгүп кетти окшойт!..
Топчугүл. (Жекирип) Оозуңа кара таш!.. Андай жаман сөздү айтпа!..
(Ошол учурда Кулу менен бир топ караан тигилердин жанына келип калышты).
Топчугүл. Барбы?
Кулу. (Маанайы пас) Карабаган жерибиз калбады, жеңе. Суй жыгылгыча издедик. Аң-чөнөктүн баарын тинттик. Турабыз түгөндү. Табылаар эмес... (Ичи тызылдап) Соо болбой калды!.. Качып кетти десек, мынабул суудан кантип өтөт? Күкүктөп кирип турган чагы, киши эмес атан төөнү агызат, азыр. (Бир аздан соң) Эмнеси болсо дагы сууга аккан окшойт деп ойлоп атабыз. Чуңкур-муңкурга түшүп кетсе көрөт элек.
(Турган эл күбүр-шыбыр болуп Кулуну коштоп кетишти).
Топчугүл. (Үрөйү учуп) Сууга агып?!. Э, кокуй, эми ата-энесине эмне деп жооп берем, ыя?!
Кулу. (Айласы кетип, үлдүрөй) Жеңе!.. Кудай акы, менин күнөөм жок!.. Эч нерсе деген эмесмин!.. Өзүңүз күбөсүз. Кун төлө десеңер, ырмая-чырмая төлөп берээрмин...
(Топтошкон эл эмне кылаарын билишпей турушту).

Он төртүнчү сахна

Күн шашке маал болчу. Күкүктөп кирип турган дарыянын жээги эле. Жолборстун күркүрөгөн үнү угулду. Жээкте илме-чалма суу болуп, калтырып-титиреп жаткан Курманжан акырын көзүн ачты да, так маңдайында турган эки жолборсту көрдү. Курманжан коркконунан эмне кылаарын билбей катып калды.
Курманжан. (Жүрөгү түшө) Жолборс?!.
(Эки жолборс Курманжанды карап баштарын созо жыт искегенсип турушту да, анан дагы бир ирээттен күркүрөп алышып, арттарына шарт кайрылышып, калың камыштын арасына кирип кетишти. Ошондо гана Курманжандын жүрөгү оордуна келди. Күкүктөп аккан дарыяны карап аман калганына ишене албай турду, ал. Анан, капысынан жаш аралаш күлүп ийди. Бир кыйлага чейин токтоно албай ыйлап-күлүп атты, Курманжан. Кыйладан соң башын көтөрүп асманды карады).
Курманжан. (Кусалуу) Асман көгөрүп туптунук экен!.. (Суунун жээгиндеги чөпкө чалкасынан түшүп, асманды тиктеген бойдон көпкө чейин жата берди. Жүзүнөн дагы эле токтобой кубанычтын жашы куюлуп атты, анын).

Он бешинчи сахна

Түш оогон маал. Жапалак. Курманжандын апасы шаркырап аккан суудан жыгач челекке суу алып аткан. Аңгыча аркы өйүздөн аттын дүбүртү чыгып, апасы башын көтөрдү. Маңдайында, суунун аркы өйүзүндө Кулу баштаган эки-үч аксакал киши, анан Топчугүл турушкан. Бир жамандыктын жышаанын сезген Курманжандын апасы колундагы челектерди жерге таштай салып, тигилерди тиктеп, жүрөгү опкоолжуп туруп калды. Челегинин бири капталынан жыгылып, ичиндеги суу төгүлүп, жылжып кайра дарыяны көздөй акты.
Курманжандын апасынын селейе түшкөнүн көргөн Топчугүл аял-буялга келбей түз эле сууга кирип, бакырып кечип жөнөдү.
Топчугүл. (Бакырып) Жеңе-е!.. Жеңе-е!.. Коку-у-у-у-уй!.. Коку-у-у-уй!..
(Муну көргөндө Курманжандын апасынын үрөйү ого бетер учуп кетти. Тигил жээкте тургандар да, Топчугүлдүн аркасынан шабыратып сууга киришти. Топчугүл жыгылып-тура жээкке жетип эле Курманжандын апасын кучактап калды).
Курманжандын апасы. (Үрөйү учуп) Тынчылыкпы, деги?!.
Топчугүл. (Бышактаган калыбында) Же-ңе-е, Курманжандан айрылдык окшо-ойт!..
Курманжандын апасы. (Ого бетер үрөйү учуп) Эмне дейт?!.
(Ошол учурда Кулу жете келди).
Кулу. (Мүңкүрөп) Кумаш... Курманжан... жок, түндөтөн бери, эшикке чыгып кеткен бойдон!.. Таң атып, күн түш болгуча издебеген жерибиз калган жок!..
Курманжандын апасы. (Сабыр эте) Жакшылап издедиңерби?!.
Кулу. (Үлдүрөп) Жакшылап эле издедик... Сууга аккан окшойт...
Курманжандын апасы. (Бакырып алып, жерге олтура калды) Катыгүн, ай!.. Ушуну көрмөк экенбиз, ээ?!.
Кулу. (Күнөөлүчө) Сабыр кылыңыз!.. Сабыр кылыңыз!.. Кудай акы, эч нерсе деген эмесмин, мына жеңем күбө!.. Менде күнөө жок!.. (Топчугүлгө ээк өкчөдү.
Капысынан Курманжандын апасы эси оой жыгылды. Топчугүл бакырып үстүнө түшө калды.
Кулу тараптан келгендер Курманжандын апасын тегеректей калышты).

Он алтынчы сахна

Кечке маал. Өң-алеттен кеткен Маматбай суу бойлоп кайдадыр чуркап баратты.
Маматбай. (Күбүрөнүп) Ишенбейм!.. Ишенбейм!.. Курманжаным тирүү!.. Тирүү!.. Ишенбейм!..
(Аңгыча Маматбай бирөөнүн караанын көрүп тык токтоду. Суунун боюндагы дөңчөдө Курманжан турган, атасын тиктеп. Маматбай адегенде көргөн көзүнө ишене алган жок. Көзүн ачып-жуумп кайра-кайра тиктеди. Курманжан да оордунан былк эткен жок. Ошондо Маматбай кызын көздөй дегдеңдеп чуркап жөнөдү).
Маматбай. (Кыйкырып) Балам!.. Курманжаным!..
(Курманжан дагы эле былк этпеди. Маматбай кызына жетип эле, кучактай калды да, өңгүрөп ыйлап ийди).
Маматбай. (Ыйын тыя албай) Тирүүсүңбү, балам, тирүүсүңбү, деги?!.
Курманжан. (Атасын сооротуп) Ыйлабаңыз, ата.
Маматбай. (Бышактап) Кантип ыйлабай коем, балам!.. Кантип?!. Эмне болду, сага?!
Курманжан. (Суз) Качтым...
Маматбай. (Башка чапкансып селейе түштү) Качтым дейсиңби?!.
Курманжан. (Дагы эле суз) Ооба...
Маматбай. (Кейий) Э, кызым, кокуй, ал эмне кылганың?!.
Курманжан. (Суз) Мен ага бүлө болбойм, ата!
Маматбай. (Жаны күйүп) Балам, ал эмне дегениң?!.
Курманжан. (Суз) Эгер, мени кыйнай турган болсоңор – жанымды кыйып коем, атаке! Айткан сөзүмөн кайтпайм, ата! Эгер мен сиздин кызыңыз, балаңыз экеним чын болсо...
Маматбай. (Көзүн жашылданта кызына тигилди) Каралдым, ай... (Кызын бооруна кысып токтоно албай ыйлап кирди.
Курманжан да чыдай албай эреркеп кетип, атасын кучактай, үн-сөзсүз ыйлап атты.
Ошентип ата-бала суунун жээгинде бир кыйлага чейин күйүттөрүн баса албай олтурушту. Агын суу тигил экөөнүн кайгысына күбө болгондон бетер кайдадыр тынымсызшаркырап агып жатты).

Он жетинчи сахна

Ошол кеч. Маматбайдын айылы. Кулу баш болгон баягы эки-үч аксакал Маматбайдын үйүнүн сыртында олтурушту, кимдир бирөөнү күтүп.
1-аксакал. Кулу, кайнатаң кайда жоголду? Ушинтип эле зарыгып күтүп олтура беребизби? Убакыт карып баратат.
Кулу. (Сар-санаа боло) Кайнатам келип калаар. Күтө туралы...
(Жакын жерде топ бала чымылдык ойноп атышкан).
1-бала. (Алысты карай сала кыйкырып) Маматбай акем Курманжан эжемди таап келатат!.. Келатыша-ат!..
(Чымылдык ойноп атышкан балдар да тиги менен кошо жарыша чуркап кетишти.
Кулу баш болгондор орундарынан тура калышып, тигилерди утурлап калышты. Шекергүл тигилердин жанына келе калып, келаткандарды бир карап делдейип туруп калды
Айылдын эли үйлөрүнөн чыгып, айыл ичине кирип келатышкан Маматбай менен Курманжанды жардана карап турушту. Сыртка Курманжандын апасы чыга калды).
Курманжандын апасы. Эмне болду?!.
Шекергүл. (Курманжандын апасына) Эмне болсун, эже!.. Курманжанды Маматбай акем алып келатат!..
(Курманжандын апасы көзүнөн жаш жылжый, кызы менен Маматбайды карап турду.
Ошол маалда сыртта Маматбай менен Курманжан үйдүн жанына келип калышкан).
Кулу. (Кубана Курманжанды көздөй умтулду) Кумаш!.. Кумаш!..
(Курманжан токтоп, үн-сөзсүз томсоруп туруп калды, атасын тиктеп, эмне дээр экен дегенчелик кылып).
Маматбай. (Токтоо) Кулу, кызым сага барбайт. Тигине, коородогу жыйырма коюң, мына күмүш кисең! (Белине байлаган күмүш кисени Кулуга сунду).
Кулу. (Чочуп кетти) Ал эмне дегениңиз?!. Ушундай да болчу беле?!. Бүлө меники!.. (Курманжанды көздөй басты).
Маматбай. (Кулунун жолун тороп, бирок жалбара) Кулу, малыңдын үстүнө мал, дилдеңдин үстүнө дилде кошуп берейин, Курманжандан кайт! Мен баламды жамандыкка кыя албайм! Өзүң айтчы, ким баласын жамандыкка кыят?
1-аксакал. (Нааразы боло) Ай, Маматбай куда, салтта жок ишти кылып атасыз. Минткениңиз жарабайт! Бүлөбүздү бериңиз! Болбосо, айыпка жыгыласыз!
(Калган аксакалдар 1-аксакалды коштоп, жаалап ийишти).
Аксакалдар. (Жаалашып) Бүлөбүздү бериңиз! Бүлөбүздү бериңиз! Айып тартып каласыз!
Маматбай. Аксакалдар, Кулу... Азыр Курманжанды алып кетсеңер, дагы качат, же болбосо жанын кыйып коет!
2-аксакал. (Нааразы боло) Антип шылтоолобо, куда. Кызың элден башкача бекен?
Маматбай. Кыздын сыры-төркүнгө маалим дейт. Кызымдын кандай экенин эң сонун билемин. Кызымдан ажырагандан көрө, айып тартамын!
1-аксакал. (Өкүм) Маматбай куда! Эмне болсо да, бүлө биздики! Жолубузду тоспоңуз!
Кулу. (Өкүм) Тоспоңуз!
Аксакалдар. (Жаалашып) Тоспоңуз!
Маматбай. (Чечкиндүү) Мен тирүү турганда – ала албайсыңар!..
Кулу. (Көшөрө) А мен бүлөмдү алмайынча кетпеймин!..
Маматбай. (Опузалай) Сыйыңар менен кетип калгыла-болбосо!.. (Жүткүнө түшүп, кайдан-жайдан экени белгисиз кара бараңын алып, дароо затворун тартты.
Муну көргөндө аксакалдардын да, Кулунун да үрөйлөрү учуп кетти).
1-аксакал. (Эси чыгып) Ой, койгула, аман-сообузда кетели!.. Бул, өзү соо киши эмес турбайбы?!.
2-аксакал. (Эси чыгып) Астапыралла, бул бурадар жанкечти го?!. Теңелбей кете берели!.. Кыз албасак койдук!..
Маматбай. (Мылтыгын кезеп) Ооба, жан кечтимин!.. Жайлап коем баарыңарды!..
(Аксакалдар менен Кулу тигиндейрээк узашты).
Маматбай. (Кулунун артынан кыйкырып) Койлоруңду айдап кет!.. Ме, кисеңди!.. (Кулуну көздөй ыргытты).
Кулу. (Тиштене) Бүлөмдү алам!.. (Узап бараткан аксакалдардын артынан түштү.
Айыл эли күбүр-шыбыр болуп, таң калып карап турушту).
Өспүрүм кыз. (Чоң энесине карап, жеңинен тартып) Ырас кылды, ээ, чоң эне?
Чоң эне. (Түшүнмөксөн болуп, көзүнүн кыйыгы менен жанындагы абышкасын карап) Кимди айтып атасың?
Өспүрүм кыз. Курманжан-эжени айтып атам, чалга барбай койгонунчу.
Чоң атасы. (Тыйып) Э-эк!.. Дайны жок сүйлөбө! (Кемпирине) Көрдүңбү, момунун айтып турганын, тээтиги тежик немеге жан тартып?! Сыныктан башкасынын баары жугуштуу деген ушул!.. Курманжанды көрүп, эми кыргыздын кыздарынын баары бузулат!.. (Небересине) Ал тежикти туураба, сен!.. Курманжан биздин баарыбыздын бетибизге чиркөө кылды!.. Уяты жок!..
Өспүрүм кыз. (Каяша кылгысы келип) Эмнеге?..
Чоң атасы. (Ачуулуу бурк этип) Ошого!..
(Өспүрүм кыз кабагын бүркөп унчуккан жок. Чоң энеси абышкасына байкатпай небересинин башынан сылагылап, денесине кысып койду).

Он сегизинчи сахна

Ошондон бир аз убакыт өткөндөн кийин. Кыз-келиндер кийиз басып атышкан. Аңгыча Курманжанды ээрчитип, апасы айыл аралап, кийиз баскандарды көздөй келатты.
Кыз-келиндер. (Шыбыраша) Курманжан келатат!.. Курманжан келатат!..
(Курманжан апасы экөө тигилердин жанына келишип, учурашышып, дароо эле кийиз басканга киришишти. Курманжан Шекергүлдүн жанына катар олтурду.
Курманжан жаңы эле кийиз басмакчы болуп эңкейгенде бир болук аял бетинен жаалын чыгара тигилердин жанына жетип келди да, кеп-сөзгө келбей эле Шекергүлдү колдон алып, сүйрөп тургузду).
Болук аял. Тур, ай, кыз!
(Шекерегүл боз ала болуп ордунан турду. Кийиз баскан аткандар эмне болуп кеткенин түшүнүшпөй токтоло калышты).
Болук аял. (Курманжанды сөөмөйү менен көрсөтүп) Бул келген жерге, жолобойсуң, экинчи!.. Жолочу болсоң-шыйрагыңды гана сындырам!.. Бас, үйгө!.. (Кызын дегдеңдетип, алдына салып алып, айдаган бойдон артын көздөй жөнөдү.
Курманжандын апасы кумсара түштү. Курманжан кабагын чытып унчуккан жок. Келин-кыздар да эмне дээрин билишпей бир саамга ыргылжың боло олтуруп калышты. Анан арасынан бирөө ордунан тура калып, четке чыга берди. Анын соңунан калган кыз-келиндер да биринен сала бири орундарынан тура калышып, тарап-тарап басып кетишти. Кийиз баскан жерде үй ээси, анын кызы, анан Курманжан менен апасы гана калды).
Үй ээси. (Курманжандын апасына боору ооруй) Түшүнүп турам, силерге кыйын болуп атат. Көрүп атам, силерди жектегендер көп. Эл бар жерде ушинтип өйдө-төмөн боло берет. Бирок, Курманжанымдыкы туура деп ойлоп деп ойлоп атам, ичимден.
(Шагы сынган Курманжандын апасы үй ээсине таң кала, бир чети үмүттөнө карады).
Үй ээси. (Кызын көрсөтүп) Мен деле, мобул алмончоктой болгон кызымды кантип чал-чабырга ыраа көрөм, тим эле чылк алтынга бөлөп койсо дагы! (Үшкүрүп) Башынан эле, кыз баланын таалайы тайкы турбайбы, кыргызда. Койчо эле сатылып кете берет экенбиз. Өз башыбызга өзүбүз ээ боло албайт экенбиз. (Курманжанга) Сен эми буларга үлгү көрсөттүң, кагылайын Курманжан. Ой, буларга эле эмес, бизге да үлгү көрсөттүң! Теңтуштарыңдын көпчүлүгү сени жактап, сага боор тартып эле атышат. Ата-энелеринен коркушуп, ачык айта албай атышпайбы. Э-э, балам, сенин өрнөгүңдү эмне үчүн жаман көрүп атышат, дейсиң? Коркуп атышат, кыздарыбыз өз бактысын талашып чыгышат, бизди укпай коюшат деп. Калың жебей калабыз деп кабатыр болуп атканы канча, дейсиң. Кулкундун кулу болгондор толтура да, кыргызда. Ошонун баары сени жаман көрүп атышат. Ага кенедей да терикпе. Атаңа ырахмат!.. Мыкты жигит экен. Атанын баары сеникиндей болгондо, кыздарыбыздын таалайы тайкы болбойт эле. Мейли, айта беришсин, дей беришсин, кулагыңдын сыртынан кетирип кой. Алардын айтканы, дегени эртең эле унутулат, а сенин үлгүң — эгерим унутулбайт, Курманжан.
(Курманжан үн-сөзсүз мелтиреп үй ээсинин айтканын угуп олтурду. Үй ээсинин кызы Курманжанды суктана тиктеп, ага жан тартып атты).

Прологдун уландысы

Алымбек менен Курманжан.
Алымбек. Жолоочулап баратып, ошол үч жылга созулган чырыңарды мен чечпедимби. Кулуга жыйырма кою менен бир кисе дилдесин ой-боюуна койбой, колуна карматтым.
(Пауза).
Курманжан. Анжияндан эл-жериңизди кыдырганы чыгып, жолоочулап баратып, Жапалакка түштөнө эле коем деп келип, үч күн, үч түн күйөөлөп келгенсип, баса жатып алдыңыз, ошондо.
Алымбек. (Жылмая) Сени көрүп арбалып калбадымбы.
Курманжан. (Үшкүрүп) Аттигиниң, ошол кезибиз кайра кайрылып келсе гана. (Кусалуу) Сиз баралыңызга келип турган чагыңыз экен. Мен да жаш экемин. Мени тиктесеңиз – көзүңүз от менен жалын болуп, карегиңиздин нурлары жүрөктүн толтосуна кадала түшкөнсүп... Үч күн, үч түн кыз оюнун куруп, алты бакан тээп... Сиз кетээрде, көзүмдөгү кылгырган жашты эч кимге көрсөтпөй, сабырым суз тартып, ушуну менен биротоло өзүңүздөн ажырып калчудай сезип, заманам куурулуп, ичим тызылдагыдай болсо... Ошонун баары күнү бүгүнкүдөй эсимде. Өлүү-тирүү экенимди биле албай, бактымды биротоло колдон учургансып, нес болгон немече делдейип жүрүп, жай кантип өткөнүн да билбей калыптырмын. Көрсө, арзуу деген ушул турбайбы. Күзүндө атан-атан төөлөргө жүк арттырып, калың тартуулап, Жапалакка Анжияндан сиз жиберген, кербениңиз кирип келгенде гана, эсиме келбедимби. Ошондогу кубанганым!... (Дагы үшкүрүп) Ошол күндөр закымдай болуп кайрылбастан жоголду... Өмүр агылып турган дайра сымал турбайбы...
Алымбек. (Сагыныч менен) Менин да өмүрүмдүн эң таттуу учурлары ошол экен.
Курманжан. Чынбы, даткам?
Алымбек. Чын.
(Пауза).
Курманжан. (Арабасын кыймылдатып) Мен жолумду улайын... Баса, даткам, ушул арабага сизди салып, кан күйгөн Оштон алып чыккам, Мусулманкул-аталыктын курчоосунан... Анан Алайга салып келгем. Эсиңиздеби?
Алымбек. Эсимде-эсимде... Ошол араба ушул беле?
Курманжан. Ооба... ушул...

Он тогузунчу сахна

Түн. Шаркырап аккан суунун жээги. Курманжан жээкте мелтиреп турду, бирөөн күтүп. Аңгыча соодагер кирди, эки жагын ууру мышыкча каранып.
Соодагер. (Элеңдеп) Эч ким биздин сөзүбүздү укпайбы, урматтуу айым?
Курманжан. Эч ким көрбөсүн деп, көөдөй караңгы түндү күттүм. Эч ким укпасын деп, шаркыраган суунун жээгине чакырттым, соодагерим.
Соодагер. (Курманжандын жанына жакын келип шыбырай) Урматтуу айым, Ошто тополоң...
Курманжан. Андан кабардармын. Суук кабарыңызды угайын.
Соодагер. “Оштун элин баштап, дүрбөлөң чыгарып аткан Алымбек-датка. Ал кыргыздарды өзүнчө бөлүп чыгып, хан болгон атат” деп, Мусулманкул-аталык хандын кулагына кумдай куюп, “датканы кармап, койчо мууздатыш керек, ошондо башсыз калган эл тынчыйт” деп, аскер топтоп атыптыр. Аскерин Мусулманкул-аталык өзү баштап, бүгүн түнү менен Ошко аттанмак экен. “Алымбек-датка өтө кыраакы эле, максатыбызды билип койбосун, аны алдап-соолойлу” деп, чабармандан кат жөнөткөн экен, Мусулманкул-аталык, кечээ. Катта, “ордого каршы бирге туралы” деген сунуш айтылды дейт. Баса, Алымбек-датканын жанында ар бир баскан кадамын ордого жеткирип турган бир жансыз бар экен.
Курманжан. Алымбек-датка козголоңду баштабаса, элди жайына коет бекен, Мусулманкул-аталык?
Соодагер. Ордо ошондой ниеттте экен, урматтуу айым.
Курманжан. (Арсарсып) Ай, таң, Кокон бийлигинин нитетине да киши ишенеби...
Соодагер. Козголоңду жалгыз Алымбек-даткадан көрүп атыптыр, ордо.
Курманжан. Түшүндүм... (Койнунан дилде алып чыгып соодагерге узатат) Бул, ак кызматыңыздын акысы.
Соодагер. (Дилдени алып, жүгүнүп) Кызматыңызга ар дайым даярмын, урматтуу айым! (Дароо коюу караңгылыкка сүңгүп, көздөн кайым болду).
Курманжан. (Өзүнчө ойлуу күбүрөнүп) Каран түн башка түшкөнү калганын туйбай аткан экенсиң, ээ, даткам? (Ал дагы түндүн кучагына кирип кетти).

Жыйырманчы сахна

Ош. Курманжан эски-уску кийим кийинип, арабасын сүйрөтүп, үстүнө чүпүрөк-чапырак салып, ызы-чууга толгон шаарга кирип келди.
Курманжан. (Койнунан камчы алып чыгып, Араба сүйрөгөн Апыш-тапанга) Ме, мобул күмүш камчыны койнуңа катып, Алымбек-датканы тез тап да, кимден экенин жарыя кылбай колуна тапшыр. Өзү билет. Мен эски мечиттин жанындагы чайханада күтөм. Сакчыларын калтырып, өзү келсин, сени менен.
Апыш-тапан. (Күмөн боло) Сакчылары мени даткага жолотоор бекен?
Курманжан. (Ачуусу келе) Тил-оозуң барбы?! Сени эмне үчүн ээрчитип жүрөм, ыя?! Атың сенин Апыш-тапан болгон үчүн ээрчитип жүрөм! Көрсөт, кандай тапан экениңди! Керек болсо, кыйкыр, өкүр, өзүңө датканын көңүлүн бурдур. Ошентсең, датканын алдына барасың. Абалга жараша айтчу сөздү өзүң табасың.Тез, жөнө!
Апыш-тапан. Түшүндүм. (Жүгүргөн бойдон жолго түштү.
Курманжан ызы-чууга кулак төшөп бир кыйлага турду да, анан сапарын улады).

Жыйырма биринчи сахна

Ош. Шаардын ичи түтүнгө толуп, элдин кыйкырык-чуусуна жаңырып, кызыл, көк байрак көтөрүшкөн кыргыздар ары удургуп-бери удургуп, толкундай толкуп атышкан.
Үндөр. -Азаттык!..
— Ош элине азаттык берилсин!..
— Мындан ары Кокондун эзүүсүнө чыдай албайбыз!..
— Жашообуз өтпөй калды!..
— Кокон хандыгынан бөлүнөбүз!..
— Кана, Алайдын жолборсу?!.. 
— Кайда, Алымбек-датка?!.
— Ошол бизге өзү хан болсун!..
— Келатат!.. 
— Алымбек-датка келатат!
— Алайдын жолборсу келатат!
(Эл тең жарыла берди. Көпчүлүктү жиреп, сакчыларынын коштоосунда кирген Алымбек-датка арабанын үстүнө чыга калды).
Алымбек. (Элге, кыйкырып) Мен мындамын!..
Эл. (Удургуп) -Сен өзүң бизге хан бол, Алайдын жолборсу!
— Сен бизди баштадыңбы – сен бизди эркиндикке жеткир, датка!
— Убадаңа турасыңбы?!.
Алымбек. (Жалындай) Убадам убада! Айтканым айткан – дегеним деген!.. Мен сөзүмдөн тайбаймын! Башымды канжыгага байлап койгом!
Үндөр. -Өлсөк өлөбүз, бирок кул болбойбуз, Коконго!
— Окко көкүрөгүбүздү тосуп беребиз!
Алымбек. (Жалындай) Жылаңач баатырлыктын кереги жок! Окко көкүрөктү тоскон эрдик эмес! Акыл токтотуп иш кылган эрдик!
Үндөр. -Өзүң башта, Алай жолборсу!
— Биз сага ишенебиз! 
Үн. Датка!.. Датка!.. Мусулманкул-аталыктан кат келди, өзүңө!
(Эл колдон-колго өткөрүп, түтүкчө болуп оролгон катты Алымбекке жеткиришти).
Алымбек. (Катты алып, үн чыгара окуй баштады) “Улуу даражалуу Алымбек-датка! Сизди кыргыз элинен чыккан көй кашка баатыр гана эмес, акылгөй, кеменгер эл башчы катары да өтө сыйлаарымды сиз жакшы билесиз. Бүгүн Ош элинин башына катуу мүшкүл иш түшүп турган чак. Мен муну эң сонун түшүнүп атамын. Ордо элдин жашоо-турмушун жадынан чыгарып койгон экен. Элди ушул ахыбалга жеткирген экен. Бул, ордонун өтө чоң катачылыгы деп ойлоймун. Кудай бюурса ушул кечте сиз экөөбүз касиеттүү Сулайман тоосун курчаган Оштон жолугушуп, ордону кантип өз тарабыбызга оодаруу туурасында, элдин жашоо-турмушун канткенде жеңилдетүү туурасында масилеттешебиз. Сизди бир тууганынан артык көргөн, Мусулманкул-аталык”.
Үндөр. -Алымбек-датка, ишенбе, бул кыпчакка!
— Ал куу түлкү!
— Алдап туруп тузакка түшүргөн атат!
Алымбек. Дароо жаман ойлобойлу. Мусулманкул-аталык өтө кыраакы, сөзүнө турган адам. Иши менен айтканы эки ача чыккандардан эмес! Бирок, кандай болбосун, даяр туруш керек. Азыр, топ-тобуңар менен бөлүнүп, өз-өз ордуңарды ээлегиле.
(Эл Алымбек-датканын көрсөтмөсүн аткарууга киришти. Ошол учурда Курманжан жиберген Апыш-тапан жетип келип, Алымбек-датканы көрдү да, аны көздөй умтулду).
Сакчы. (Апыш-тапанды каруудан алды. Өкүм) Токто! Сен кимсиң?!
Апыш-тапан. Мен... мен Алайдан келдим. Даткага... датым бар!
Сакчы. Көрбөй атасыңбы, эмне болуп атканын?!. Азыр сенин датыңды уга турган чак эмес!
Апыш-тапан. (Өкүрүп-бакырып ыйлап ийди) Кое бер!.. Кое бер!.. Даткада датым бар! Датым бар!
(Датка ызы-чууга көңүл буруп калды).
Алымбек. (Сакчыга ээк өкчөп) Ал ким?
Сакчы. Алайдан келгем, датым бар деп атат.
Апыш-тапан. (Ансайын күчөп) Датым бар! Датым бар!
Алымбек. Даты болсо, бери алып кел!
(Сакчы Апыш-тапанды деңдеңдете сүйрөп, датканын алдына алып келди).
Алымбек. Эмне датың бар? Айт!
Апыш-тапан. (Койнунан күмүш камчыны алып чыгып) Даткам... мобу камчымды сүйрөп... жөө калдым... атымды бирөө жыгып кетти.
(Алымбек-датка күмүш камчыны көргөндө селт эте түштү да, Апыш-тапандын колунан алды. Тигиге карап, ойлоно түштү).
Алымбек. Атыңды жыккан ким экенин билдиңби, анан?
Апыш-тапан. (Тайманбай) Ошону, сиз мага таап бересиз!
Алымбек. (Кара күчкө күлүп) Менби?..
(Жигиттер кошо күлүп калышты).
Апыш-тапан. Сиздин жигиттериңиздин бирөө жыгып алды. Бер десем “Мен датканын жигитимин, мага десең даткага арыздан, өзү келсе да бербейм! Кыйын болсо жалгыз келсин, коендой болуп, коңулда жатып алып мактанбай!” деди.
Алымбек. (Ачуусу келген немече, Апыш-тапанга сынай карап) Чын эле ошенттиби?!
Апыш-тапан. Кусур урсун, ошентти. Ат кайсы жерде байланып турганынан бери билем, даткам.
Алымбек. (Сакчыларына) Силер, мында болгула! Көрөйүнчү, ал кайысы жылы төө жигитим экен! (Апыш-тапанга) Жол көрсөт, мага!
(Апыш-тапан Алымбек-датканы баштап жолго түштү).

Жыйырма экинчи сахна

Чайхана. Курманжан Алымбек-датканы күтүп турган. Ачуулуу Алымбек-датка, кирип келди.
Алымбек. (Кабагын бүркөп) Тынччылыккпы?!
Курманжан. Даткам, зарыл иш чыкса, күмүш камчыны берип ий, деген шертиңизге ылайык, келип калдым.
Алымбек. (Ачуусу келип) Моминтип, кыл чайнашып, кырчылдашып, жаныбыз кылдын кырында турганда, эл козголуп, деңиздей толкуп атканда, экөөбүз жолуккудай эмне анчалык зарыл иш чыгып калды?!.
Курманжан. (Аста) Даткам, сабыр этиңиз, эми. Адегенде, эл-журтуңуздун, бала-бакыраңыздын жайын айтайын.
Алымбек. (Ачуусу тарабай) Угуп атам!..
Курманжан. Эл аман. Бала-бакыраңыз тынч. Сизге салам айтышты.
Алымбек. (Сабыр эте) Саламат болушсун! Элдин амандыгы кымбат. Элдин ичинде силердин амандыгыңар кымбат, мага. Дагы эмне кебиң бар?
Курманжан. (Аста) Өзүм да сизди сагынып...
Алымбек. (Ачуусу ого бетер келип) Ушуну айтайын деп келдиңби, Алайдан?!.
Курманжан. (Шагы сына түшкөнүн билгизбей) Сөз келгенде айттым, даткам. Туулган жерин сагынган чыгаар, момундай кырдаалда, ушундай учурда сизге дем-күч болсун деп, атайы Алайдын кымызын алып келдим, кол чаначка. Ичип алып, ишиңизге аттаныңыз. Келгенимдин себеби – ушул.
Алымбек. (Жибий) Мунуң жакшы экен. Туулган жеримдин кымызы каныма жүгүрсө, дем бербей койчу беле.
Курманжан. (Керденге кымыз куюп сунат) Ичиңиз, даткам.
(Алымбек керденди колуна алып дароо шыпкап иет).
Алымбек. (Тамшанып) Алайымдын жыты жыттанган кымыз экен!
(Курманжан дагы бир жолу керденге кымыз куюп, күйөөсүнө узатат. Алымбек аны да шак тарып иет).
Алымбек. (Тамшанып) Көзүм умачтай ачылды! Кана, кеп салчы, сөздү угуп алып, анан аттанайын.
Курманжан. (Аста сөз баштап) Даткам, эртең сиз мен ыктыярыңызга каршы иш кылып койгонумду билсеңиз, не дээр элеңиз?
Алымбек. (Кооптоно) Эмне иш?!.
Курманжан. (Жайгара сүйлөп) Чочубаңыз, даткам, сизге кенедей да залалы тие турган иш эмес. Сиздин алтын башыңыздын аманчылыгынын гана камы.
Алымбек. (Кымызга магдырап) Келгениң да сырдуу, кептериң да сырдуу... Бир билгениң бар болсо, ачык эле айтчы, угайын.
Курманжан. Мен азыр айткан менен, сиз ага муюбайсыз, даткам. Бүгүн айтканга эрте. Эртең аныгына өзүңүздүн көзүңүз жетет. Ошондо мага ачууланбайсызбы деп алдын-ала сурап атам.
Алымбек. Менин аманчылыгымдын камы болсо, ага эмне ачуулунам?
Курманжан. Кебиңиз бир болсун, даткам.
Алымбек. Качан менин сөзүм эки болчу эле?.. Капырай, кымызың өтө күчтүү го, бир паста көзүм жабышып, кирпигимди ирмегенге шайым келбей баратат да... Бир нерсе кошкон окшойсуң, буга... (Дароо уйкуга кетти).

Жыйырма үчүнчү сахна

Ош. Күндүн бети буурул тартып, айлана мунарыктап турду. Дүңгүрөтө урулган добулбастын жүрөктүн үшүн алган үнү угулду. Мусулманкул-аталык турду, шаардын ортосунда, жүзүнө каар айланып, аскеринин курчоосунда.
Мусулманкул-аталык. (Өкүм) Оштон бир жан сыртка чыкпасын! Бир жан сырттан кирбесин! Шаардан чыкчу, шаарга кирчү жолдун баарын тоскула! Чычкан мурду өтө алгыс болсун! Алайдын... мышыгын кармап, алдыма алып келгиле! Өз колум менен койчо мууздап өлтүрөм! Үймө-үй, короомо-короо калтырбай тинткиле! Кайсы жерден болбосун сууруп чыккыла! Тирүүлөй кармай албасаңар, канын суудай төгүп туруп, башын кесип, алдыма алып келгиле! Жан-жөкөрлөрүнүн бирин калтырбай кырып салгыла!.. Баргыла!..
(Аскери ар кайсы тарапка аткан октой кетишти).

Жыйырма төртүнчү сахна

Ошол мезгилде Курманжан арабаны тарттырып, Оштун ичиндеги ийри-муйру жол менен кетип баратты, эки жагын элеңдей карашып.
Курманжан. (Дүңгүрөгөн добулбастын үнүнө кулак түрө, жакасын кармап) Кудай сакта!
(Ошол учурда энтеңдеп шашкан Апыш-тапан Курманжанга жете келди).
Апыш-тапан. (Үрөйү уча, арабаны жандай басып) Мусулманкул-аталыктын колу Ошту курчады! Жолдун баары тосулду! Кантип чыгабыз, курчоодон, жеңе?
Курманжан. Тобокел... Кудайдын жардамы тийсин!
(Экөө арабаны тарттырып андан ары жолун улашты).

Жыйырма бешинчи сахна

Оштун чыга беришинде. Күүгүм талаш. Тосмо — Мусулманкулдун аскер күзөтү. Арабачан Курманжан менен Апыш-тапан күзөттүн жанына жакындашты.
Биринчи күзөтчү. (Мылтыгын кезеп) Токтогула! Кайдан келатасыңар? Кайда баратасыңар?
Курманжан. (Токтоо) Оштон келатабыз. Айыл кыдырып жүрөбүз.
Экинчи күзөтчү. (Арабанын үстүнө мылтыгы менен жаңсап) Бул эмне?
Апыш-тапан. (Алаңдап коркуп кетти, өзүнчө) Кудай у-ур, өлдүк!..
Курманжан. (Токтоо) Курумшу. Боекчубуз. Айыл кыдырып, эски-уску буюм чогултабыз – боекко алмашыбыз.
Биринчи күзөтчү. (Курманжанга) Боекчусуңбу?
Курманжан. Окшобой турамбы?
Биринчи күзөтчү. (Экинчи күзөтчүгө) Эмне кылалы? Өткөрөлүбү?
Экинчи күзөтчү. Өткөрбөгөндө, боекчуну кармап эмне кылабыз? Курумшусун чогултуп, боегун таратып, оокатын өткөрүп жүрө берсин да.
Биринчи күзөтчү. Өткүлө.
(Курманжандын арабасы тосмодон өтүп, андан ары жолуна түштү).

Жыйырма алтынчы сахна

Күүгүм талаш. Жалпак тоолордун этеги. Курманжандын арабасы тосмодон кыйла узап кеткен.
Апыш-тапан. Жаным калсачы, кармап калса эмне болот деп. Жүрөгүңүз тоодой экен, жеңе.
Курманжан. Жүрөк керек, бирок жүрөктөн мурда акыл керек, айла керек, кайним!
Апыш-тапан. Ошо, акылыңызды айтып атам. Эптеп кутулдук, Мусулманкулдун чеңгелинен.
Курманжан. Эрте кубанбай кое тур. Оштон көп узай элекпиз. Тоо таянып кетели. Ошондо биротоло кутулабыз.
(Курманжандын арабасы жалпак жолдорду кыркалап жолун улады).

Жыйырма жетинчи сахна

Ошондон бир аз эле өткөндөн кийин. Оштон чыкчу жолдордун бири. Ачуусу ченден чыккан Мусулманкул-аталык келатты, жолунан чыккан аскерлерин карсылдата сабап баратты.
Мусулманкул. (Күйбөгөн жери күл болуп кыйкыра) Токулгасы менен Карегер аргымагы калып, өзүк жок, дейсиңерби?! Кана, өзү?!. Кана?!.. Кана, Алайдын мышыгы?!. Каякка житип кетти?!. Тапкыла, тирүүлөй кармагыла дебедим беле?!. Кармай албасаңар, жайлагыла дебедим беле?!. Кантип куткарып ийдиңер?!. Кантип?!. Акмактар!.. (Колго тийгенин карсылдатып сабаганын улантты).

Жыйырма сегизинчи сахна

Эртеси. Алай. Алмбек-датка турду, таң кала, эки жагын каранып.
Алымбек. (Таң калып) Капырай, кантип келип калдым, Алайга?
(Курманжан келди, жанына, кымыз көтөрүп).
Курманжан. Арбаңыз, датка.
Алымбек. (Жини ашып-ташып) Сен алып келдиңби, мени, биякка?!. Кымызга меңдумана кошуп, магдыратып уктатып туруп, кылганың ушул экен да, сенин?!.
Курманжан. (Астыртан) Ачууланбаңыз, даткам. Алайга келбесеңиз, Мусулманкул-аталык, кечээ сизди койчо мууздатмак.
Алымбек. (Жини ого бетер келип) Эй, акылсыз аял!.. Кантип ушуга дитиң барды?!. Мен кечээ Мусулманкул-аталык менен жолукмакмын, эси жок! Каты колумда болчу!.. Ат-көлүгүмдү дароо даярдагыла, Ошко кайтамын!
Курманжан. Сабыр этиңиз, даткам. Сиз дагы эле Мусулманкул-аталыктын бал тилине арбалып атасыз.
Алымбек. (Ордунан атып турду, кыжыры келип) Аялдын чачы узун, акылы кыска деген ушул!
(Ошол учурда сырттан жарадар жигит кирип келди).
Жарадар жигит. Ассалому алейкум, даткам!.. (Андан ары сүйлөөгө дарманы келбей, тулганы сүзө жыгылды).
Алымбек. (Үрөйү учуп кетти) Кармышак?!. Сага эмне болду?!. Ким сага кол көтөрдү?!. Көрсөт, мага!..
(Эшик башы жигиттин башын жөлөй калды).
Жарадар жигит. (Башын зорго көтөрүп) Даткам, Мусулманкул-аталык... жигиттериңизди чекесинен кырды... баарыбызды кан жуткурду!.. Кээ бирибиз, курчоосун жарып өтүп, араңдан зорго кутулуп чыктык... Сизди тирүү кармагыла, болбосо башын кесип алдыма алып келгиле деп, амир этиптир...
Алымбек. (Күйбөгөн жери күл болуп кетти) Мусулманкул-аталык, дейсиңби?!.
Жарадар жигит. Ооба.
Алымбек. (Күйбөгөн жери күл болуп) Көк жал карышкыр десем куу түлкү белемсиң!.. Бал тилге салып, мени алдап, көзүмө топурак чачкың гана келген экен, ээ?!.
Жарадар жигит. (Онтоп ийди) Ош канга чыланып жатат... Мусулманкулдун желдеттери элди аесуз кырып салды!.. Даткам!..
Алымбек. (Эмне кылаарын билбей, кыжынып) Кудайсыз!.. Куралсыз элге катылган кузгун!.. (Кекенип) Сениби, шашпа, кезегиң келээр! Териңди тескери сыйра албасам элеби!.. Бүгүндөн баштап кол курайм! Эсебиңди табам, сенин!
Курманжан. (Аста) Даткам, сабыр этиңиз. Ордого каршы уруш баштасаңыз – эл бөөдө кырылат. Элдин асыл башынан артык эмне бар, даткам? Баары убак-сааты менен. Ордо да алсырачу учур келет. Ошондо калың букараны кан төкпөй бөлүп чыкса болот, ордодон.
Алымбек. (Муюшуп) Аның туура... аның туура... (Жигитке) Тыныгып ал. Дарылан. Калганын көрө жатабыз.
(Жигит араңдан зорго ордунан туруп, бутун сүйрөй, эшик башын ээрчип, сыртка чыгып кетти).
Курманжан. (Жигитти узата карап, ойлуу) Ордо, ордо дейбиз – ордобуз калың элдин жонунан кайыш тилип, каяша айтканды моминтип аесуз кырып олтурат. Анда, элине каршы иш жүргүзгөн мындай ордонун, мындай бийликтин кимге кереги бар? Мындай ордонун жүзү курсун!
Алымбек. (Курманжанды таң кала карап) Сен дагы эле баягы, кыз кезиңдеги салтка каршы иш кылган Курманжан бойдон турбайсыңбы.
Курманжан. (Жылмайып) Атадан ушундай туулуп калсам, кантейин, даткам.
(Пауза).
Алымбек. (Ыраазы боло) Жанагы сөзүмдү кайра алдым. Тилим тийип калса – кечирип кой, мени. Чын ниетимден айтып атам — сен ургаачынын кеменгери экенсиң! Асылы экенсиң! Ыраазымын сага! Алтын башымды сактап калыпсың! Сен болбосоң, жанагы кузгун Мусулманкул, алдап туруп, колго түшүрүп, башымды топтой томолотмок турбайбы!
Курманжан. Алган жардын парзы ушул да, даткам – биз сизге, өйдө тартсаңыз — өбөк, ылдый тартсаңыз – жөлөк болобуз.

Прологдун уландысы

Алымбек-датка менен Курманжан.
Алымбек. Сен ошондо мени Мусулманкулдун кандуу чеңгелинен куткарып калдың.
Курманжан. (Үшкүрүп) Бирок, ордонун арам оюунан сизди сактап кала алган жокмун, даткам. Канча какшасам да, тилимди албай, кайра кеттиңиз, ордого. Ордо сизди аядыбы, ошондо? Өз урууңуздан чыккан эси жок бирөөн дилдеге сатып алып, өңчөй билермандар чогулуп олтурган жерде койчо мууздатып салды. Хан ордонун жүзү курсун! (Пауза) Өзүңүз шейит кеткенден кийин, Алай элинин толкуганын айтпаңыз.

Жыйырма тогузунчу сахна

Алай. Эл жыйылып чуру-чуу, күрү-күү болуп, ары дүргүп, бери дүргүп атышты.Четте Келдике-ажы турду, кабагын түйө элди байкап.
Эл. –Барсыңарбы, кыргыздар?!
— Жүзүкараларга баш ийип беребизби?!..
— Алымбек-датканын кунун кууйбуз!
— Ордону чабабыз!
— Кокон хандыгынын күлүн көккө сапырабыз!
Келдике-ажы. (Кабагын түйө) Алымбек-датканын жакындары эмнеге унчугушпайт?!
(Курманжан элди аралап келип, алдыга чыкты).
Курманжан. (Салмак менен) Мына, мен унчугуп атам!
(Эл дымый түштү да кайра дүргүдү).
Эл. –Бул аял кишинин иши эмес!
— Эркек жокпу?!
Келдике-ажы. (Кабагын түйө) Биз сени сыйлайбыз, Курманжан, бирок бизге туу боло турган эркек киши керек!
Курманжан. (Токтоо) Баятан силердин сөзүңөрдү уктум. Эми менин кебиме конок бергиле.
(Эл дагы дымый түштү).
Курманжан. (Токтоо) Датканын өлүмүнө силердин кабыргаңар сөгүлүп атса, биздин өзөгүбүз андан жаман өрттөнүп турат. Күнүбүз түнгө, күлкүбүз ыйга айланды! Коломтобуз муздап, туурубуздан кушубузду учуруп, аңгырап ээн калды! Бизге оңойбу?!
(Эл үн-сөзсүз дымып калды).
Курманжан. Хан ордону, силерден көп болсо көптүр, асты аз эмес, биз да жек көрүп турабыз! Же жалганбы?
(Эл үн-сөзсүз дымып турду).
Курманжан. (Токтоо) Хан ордо, чаап кирип барсак – чачырап кетчү кумурсканын уюгу эмес – калың журтка шор алып келе турган калабалуу сепил! Сан миңдеген шайма-шай аскери турат, ок-дары курал-жарагы менен! Бизде барбы ошондой күч?!
Келдике-ажы. (Кабагын түйө) Ат коюп, каптап кирсек, ордого калабаны мына биз салабыз!
Эл. –Туура!
— Каптайлы!
Курманжан. (Токтоо) Жылаңач колубуз, шалк этме камчыбыз менен ордону алсак, анда эчак эле алып койбойт белек?! Кана, ошондой болгону? Бир ууч биз эмес, Оштогу селдей толкуган элди хан ордо аесуз кырып, канын суудай төккөнү эсиңерден чыгып кеттиби?!
(Эл дымый түштү).
Курманжан. (Күчөп) Кун кууйлу – башыбызды канжыгага байлайлы – отко-чокко түшүп берели – ар бириңердин үйүңөрдө бирден каралуу жесир, чыркыраган жетим балдар калат! Алардан көргөн күнү эмне болот?! Ушуну ойлодуңарбы?!
(Эл лам дебей дымып турду).
Курманжан. (Токтоо) Ачуу душман – акыл дос дейт. Биз азыр, хан ордо менен тиреше турган маал эмес. Акыл токтотуп, алыбызга жараша иш кылалы!
Келдике-ажы. (Ачуулуу) Кул болуп берелиби, Коконго?!
Курманжан. (Токтоо) Кул?!.. Кана, ушул кезге чейин, кимиңер кул болдуңар, ордого?! Датка учурунда кайсы кыргызды хан ордого басынтып берди эле?! Датка бизди канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай, элетте, элибиздин башы бүтүн-боору эсен, ээн-эркин, бейкут жашап аттык? Же жалганбы?
Эл. –Чын!
— Алымбек датка турганда ордодон кордук көргөн жокпуз!
— Бизди дайыма канатына калкалап келген!
— Ээн-эркин болчубуз!
Курманжан. (Токтоо) Ошол эркиндигибиз кымбат, азыр! Даткасынан айрылды деп, хан ордонун сарбаздары сан-миңдеген аскерин алып, бүгүн-эртең Алайды каптап кирип келсе — каруубуздан канга чыланабыз!
(Эл кайрадан дымый түштү).
Курманжан. (Токтоо) Датканын учурундагыдай эркин жашаган, ээн-басып, ээн турган эл бойдон калышыбыз керек! Бизге азыр ошол нерсе кымбат! Биз, канткенде, хан ордодон элибиздин эркиндигин арачалап калабыз, ошону ойлой турган учур, азыр!
(Эл дымып турду).
Курманжан. (Токтоо) Эгер, менин айткандарыма муюсаңар – оюңардан кайткыла. Айла издейли. Элдин эсендигин, Алайдын амандыгын ойлойлу!
Эл. –Курманжан, биз муюдук!
— Оюбуздан кайттык!
— Айла издейли!
(Келдике-ажы кабагын бүркөп четте турду).

Отузунчу сахна

Түн. Кайрадан шар аккан суунун жээги. Курманжан турду, ары-бери басып, бирөөнү күтүп. Аңгыча соодагер келди, эки жаган карап, элеңдеп.
Соодагер. Арбаңыз, айым.
Курманжан. Шүгүрчүлүк, соодагерим. Айтчуңду токтолбой айта бер.
Соодагер. Худаяр хан көп аскер топтоп, Алайды бүгүн-эртең чабууга даярданып атат. Силерге согуш иишине каныккан, ордонун эң кыйын аскер башчыларынын бирин жибергени турат. Алышсаңар да, чабышсаңар да, аларга күчүңөр жетпейт. Башка эле бир айласын таппасаңар.
Курманжан. Дагы?
Соодагер. Дагы эмнени сурайсыз?
Курманжан. (Ойлуу) Орус падышасынын аскери каптап келатат деп эшитип атам. Буга Кокон хандыгынын даярдыгы кандай?
Соодагер. (Курманжанга таң кала карап) Ооба... Ооба, Россейдин аскери каптап кирип келатканы чын. Ордо күрп баскан тооктой болуп үрпөйүп карап турат, эмне болуп кетээр экен деп. Батынып, айбат көрсөтүүгө, же аларды токтотконго Кокон хандыгынын чамасы жетпейт го, айым?
Курманжан. (Өз оюн бышыктагансып башын ийкеп) Жетпейт-жетпейт. Россей менен ким текөөрлөшө алат.
Соодагер. (Күлүп) Айым, эми Россей каптаса каптап келаткандыр, силердей тоолуктарга алардын ысык-суугу деле жокко?
Курманжан. (Ойлуу) Бар, соодагерим, бар...
(Соодагер оозунан алдырган бөрүдөй болуп, күлкүсүн дароо тыйып Курманжанды элейе карап калды).
Курманжан. (Койнунан дилде алып чыгып берип) Дайыма, кыйчалыш учурда бизге жардамыңыз тиет. Сизге ыраазымын!
Соодагер. (Дилдени алып, ыраазы боло жүгүнүп) Ак кызмат этүүгө дайым даярмын! Кошуңуз. (Караңгылыкка сүңгүп кирип кетти).
Курманжан. (Ойлуу, мелтиреп, шар аккан суунун шоокумуна кулак төшөдү) Башка айласын табабыз...

Отуз биринчи сахна

Бухара эмиринин ордосу. Эмир Музаффар менен баш вазир аңгемелешип басып жүрүштү.
Эмир Музаффар. Алымбек датканын жесири Курманжан айымды Бухарага чакырталы, үстүнө нооту чапан жаап, мөөр басып, датка деген даража берели.
Вазир. Оюңуз эмне, амирим?
Эмир Музаффар. Оюум бирөө — Бухара амиринин таасирин кеңейтели. Шерик күтөлү. Орус падышасы басып кирип келатат – бизге ар кайсы жактан тирек, колдоо керек. Тоолуктар ат чапканга мыкты, мылтык атканга маш. Ак падыша менен кармашсак, бир капталыбызды чоюп берет. Жок эле дегенде, орус аскеринин бир бөлүгүн тоолуктар менен кармаштырып койсок, бизге жеңил болот го деп ойлоп атам.
Вазир. Туура-туура, амирим. А эмне үчүн Курманжан айымды чакырткан атасыз? Эркек билерманы жокпу, кыргыздын?
Эмир Музаффар. Алайлык кыргыздар Кокон хандыгына ат коердо Курманжан айым токтотподубу.
Вазир. Анысы бар, амирим, анысы бар.
Эмир Музаффар. Ушундан улам ойго келип атам, аял экенине карабай, акылгөйлүгү, кырааккылыгы менен бүгүн-эртең — Алымбек-датканын кыркылыгы өткөндөн кийин, Курманжан айым күйөөсүнүн ордун басышы ажеп эмес. Анын үстүнө, бизден айырмаланып, кыргыздарда аял заты эркек менен бирдей бааланат эмеспи.
Вазир. Аныңыз чын, амирим.
Эмир Музаффар. Эгер менин оюумду туура көрүп турсаңыз, Курманжан айымды Бухарага чакырта берели, эртелеп.
Вазир. Амириңди аткарабыз!
Эмир Музаффар. Аткаргыла.
(Экөө сүйлөшүп, андан ары басып кетишти).

Отуз экинчн сахна

Алай. Иңир кирген маал. Курманжандын өргөсү. Курманжан менен Келдике-ажы.
Курманжан. (Аста ) Иңирде келгенииңизге жол болсун?
Келдике-ажы. (Кабагын түйө) Жакшылар жиберишти, Ташырдын үйүндө олтурушат, масилет курушуп.
Курманжан. (Астыртан) Жакшылардын оюу кандай, ажым?
Келдике-ажы. (Кабагын бүркөп) Оюу кандай болсун... Алымбек датканын ордун ким басат, деп кабатыр болуп турабыз, баарыбыз тең.
Курманжан. (Астыртан) Ким басат экен?
Келдике-ажы. (Кабагын ачпай) Ошону адегенде кеңешешип кел деп, мени сага жиберишти, Курманжан.
Курманжан. (Астыртан) Жакшылардын оюу барбы?
Келдике-ажы. (Кабагын ачпай) Ар кимдин оюнда бардыр, ар нерсе, бирок, ким эле ачык айта коймок эле анысын.
Курманжан. (Астыртан) А сиздин оюңуз кандай, ажым?
Келдике-ажы. (Кабагын түйүп) Оюум ошол... Датканын балдары жаш. Бизге, Алай элине баш-көз боло турган адам керек, Курманжан.
Курманжан. (Астыртан) Ошондой адам барбы?
Келдике-ажы. (Кабагын түйгөн калыбында) Жакшылардан арасынан чыгаар бирди-жарымы.
Курманжан. Ким дейсиз?
Келдике-ажы. (Буйдала түштү) Мобул деп көзгө сайып көрсөтө албайм, азыр. Бирок, жакшылар чогулганда, тандайбыз да бирөөн.
Курманжан. (Астыртан) Ажым, тандай турган кишибиз хан ордо менен кырды бычак болуп кырчылдашпай, тил табыша билген, бир уруу журтка эмес, бүтүн Алай элине кадыры бар адам болуш керек.
Келдике-ажы. (Кабагын түйө) Андай адам чыгаар жакшылардын арасынан.
Курманжан. (Астыртан) Орус падышасы босогобузга кирип келип калганын билесизби, ажым?
Келдике-ажы. (Кабагын түйө) Келип калса эмне экен?
Курманжан. Орустар менен кыргыздын мамилеси кандай болот, ошону ойлош керек, эмитен.
Келдике-ажы. (Кабагын түйө) Каапырлар менен кандай мамиледе болмок элек. Алар менен кайнаса каныбыз, эзели динибиз кошулбайт! Кармашса – кармашабыз, кырылышса – кырылышабыз!
Курманжан. (Аста) Мындай оюңуз болсо – кыргызды кырдырып иебиз, бөөдө. Орус деген биз эмес, Жаарапа менен Түркиянын белин сындырган. Тиягы Шибер, биягы Түркияга чейин созулган жерди ээлеген, быкылдаган эл болот, ажым. Колунда биздикиндей, атам замандан калган түтөтмө мылтык эмес, тез атаар куралы, бир атканда дөңдү түздөп салчу замбиректери бар. Ушунун баарына түтөбүзбү, биз?
Келдике-ажы. (Кабагын түйө) Көп болсо, жигиттерибиз окко учаар! Кырылбай жүргөн кыргыз белек?!
Курманжан. (Аста) Аңды-дөңдү карабай кырыла берсек, эртең кыргыз тукуму кантип уланат, саны кантип өсөт, ажым? Ансыз да бир уучка толо бербеген элбиз. Мындай сөз, кыргызга боор ооруган эмес, душмандын айтаар сөзү, ажым.
Келдике-ажы. (Кабагын түйө башын ийкеп) Түшүндүм, Курманжан, оюңа.
Курманжан. (Аста) Эмнени түшүндүңүз?
Келдике-ажы. (Кабагын түйгөн калыбында) Алымбек-датканын ордун өзүң басканы калган турбайсыңбы!
Курманжан. (Аста) Мен антип айткан жокмун, аны жакшылар чечет, ажым.
Келдике-ажы. (Кабагын түйгөн калыбында) Эскертип коеюн, Курманжан. Тай туйлап такка чыкпайт! Алтын баштуу аялдан, бака баштуу эр артык! Аял баштаса – чөлгө, эркек баштаса – көлгө!
Курманжан. (Астыртан) Эгер, Алай элине арка-бел болом деген оюңуз болсо, ачык айтыңыз.
Келдике-ажы. (Кабагын чытый) Аны жакшылар чечет.
Курманжан. (Астыртан) Менин оюумду билдиңиз, ажым. Бул жерден эмнени уксаңыз, ошонун баарын төкпөй-чачпай жакшыларага жеткирсеңиз болот.
Келдике-ажы. (Кабагын түйө) Айтылат, баары, кадырың жан болсун.
(Келдике-ажы чыгып кетти, Курманжан узата карап турду, ойго батып).

Отуз үчүнчү сахна

Ошол эле түн. Көз байланган маал. Курманжан менен Апыш-тапан.
Апыш-тапан. (Энтеңдеп демин баса албай) Сизди жакшылар чакыртып ийишти.
Курманжан. (Кабатыр боло) Түрпөттөрү кандай?
Апыш-тапан. Келдибек-ажы, сизди айтты деп, көп нерсени сүйлөдү, күпүлдөп. Бир даары муюду, бир даары сизге нааразы болушту. Бирок, көпчүлүк, сиздин айткандарызды туура көрүп атышат окшойт. Сизге баа берип атышат. Өз оозунан угалы, деп чакыртып ийишкеннин себеби ошол.
(Курманжан менен Апыш-тапан чыга жөнөштү).

Отуз төртүнчү сахна

Ошондон бир аз өткөн соң. Жакшылар менен Курманжан. Жакшылар тунжурап олтуршту.
Ташыр. (Тунжураган калыбында) Сөзүңдү уктук, оюңа түшүндүк, Курманжан. (Эки жагындагы жакшыларга карап) Абалыбыз кыйын экен, агайиндер. Курманжан айткандай, хан ордо мойнун созуп, көзүн кызартып, ишенген Алымбек-даткасы жок булардын, эртең-бүгүн кыргызды бүлүнтөбүз деп, омуроолоп турат. Орустар бир жагынан тигинтип демитип келатат. Ушундай кыйчалыш учурда, ким баштайт элди?
(Пауза).
А дейбиз, бу дейбиз – бирок, мойнубузга алалы — Курманжан айткандай, бир да бирөөбүздүн кадырыбыз Алайга өткөн эмес. Аял да болсо Курманжандын кадыры чоң, эл ичинде. Алымбек-датканын жанында жүрүп, көп нерсеге көзү каныккан. Аны баарыбыз эле көрүп атабыз. Өз көзүбүз менен көрүп жүрөбүз. Аял заты деп жерибейли. Кечээ эле Фаргана өрөөнүн аялдан чыккан ханыша — Надирабегим бийлеп турду. Аны да билебиз. Жаман болгон жок. Башкасын айтпай ак коеюн, Манас баатыр өлгөндө Семетейдин башын арачалап калган Каныкей эмеспи. Же сөзүмдүн жүйөөсү жокпу?
Абдыбасил. Туура, туура.
Ташыр. Анда, кур намысты коелу – эки тизгин бир чылбырды Курманжанга берели. Кандай дейсиңер?
Келдике-ажы. (Силкинип) Ушундай да болчу беле?!. Качан эле кыргызды аял баштачу эле?!. Бул ата-бабабыздын салтына тура келбей турган жорук! Мындай болбойт!
Абдыбасил. (Кымыңдып) Болот, ажым, болот. Ташыр-аке айткандай, Курманжанчалык эл арасында кадыр-барк күткөн арабызда ким бар? Ачык айтышалы, чычалабай эле коелу.
(Пауза).
Ташыр. (Курманжанга сынай карап) Курманжан, сен кандай дейсиң, элдин тагдырына жоопкер боло аласыңбы?
Курманжан. (Токтоо) Башка түшсө — байтал жорго дейт, акелер. Эгер, эл туура көрсө, силер мага ишенсеңер, мойнума албаска чарам барбы?!
Ташыр. (Кубанып кетти) Анда сени Кудайга, тагдырыбызды сага тапшырдык, Курманжан!
(Жакшылар бата берип ийишти. Келдике-ажы гана көпкө кошулган жок).

Отуз бешинчи сахна

Ошондон бир аз өткөндөн кийин. Келдике-ажы менен Абдыбасил баратышты, жолдо, масилет курушуп.
Келдике-ажы. (Нааразы боло, таарыныч менен) Алайдын эркеги кырылып калгансып, Алымбек-датканын жесирин көрө коесуңар да!
Абдыбасил. Эгер өзүңүздүн оюңуз болсо, ачык атпайт белеңиз, ажым. Аны да масилеттеп көрөт элек да.
Келдике-ажы. (Нааразы боло) Силер башынан эле ал жесирди шайлап койгонсуңар. Билинбедиби ал кыябыңар, бүгүнкү жыйыныңардан.
Абдыбасил. Сиздин Курманжанга каршы эмне ич күптүңүз бар?
Келдике-ажы. (Кабагын түйө) Түштөн кийин айтып эмне кылайын. Көрө жатаарбыз, ишенген жесириңердин кыйратып ийээрин!
Абдыбасил. Э, кокуй, душманды табалагандай бири-бирибизди табалап олтурсак, көргөн күнүбүз эмне болот?!. Андан көрө Курманжанга жапа тырмак жардам бергенибиз түзүк го.
Келдике-ажы. (Силкине) Силер шайладыңарбы, жардамды силер бергиле! Менсиз да жетесиңер! (Кадамын ылдамдатып алдыга кетти).
Абдыбасил. (Артынан узата карап) О, кокуй киши!.. Басташкан душмандан бетер, ичине таруу айланбай турганын кара! Тобо-о!..

Отуз алтынчы сахна

Тиңшигий тоонун башында кароол карап жатты.
Тиңшигий. (Өзүнчө күбүрөнүп) Момунда бирөө келатат! (Кубанып кетти) Апыш-тапан экен! (Элейип) Бул го мына, а калгандары кана?!
(Аңгыча аттын дүбүртү жакындап келип, тык токтоду да, бир аздан соң Апыш-тапан элге жетип келди, энтелеңдеп).
Тиңшигий. Ай, аман-эсен барсыңарбы, баатыр?
Апыш-тапан. (Демин зорго басып) Кабатыр болбо, аман-эсенбиз.
Тиңшигий. Курманжан жеңем кана? Калгандары кана?
Апыш-тапан. Калгандары артта. Келатышат. Аларды коюп, сүйүнчүмдү бер!
Тиңшигий. (Чочулап) Эмне сүйүнчү?
Апыш-тапан. Курманжан жеңебиз – датка болду, досум! Нооту чепкен кийди, мөөрү бар кагаз алды, эмир Музаффардын колунан!
Тиңшигий. (Кудайды карабай чочуп кетти) Ок!.. Эмне дейт!.. Кайсы датка?!.
Апыш-тапан. (Күлүп) Безге сайгандай секирдиң да, тим эле?
Тиңшигий. (Эсине келип) Безге сайгандай кылып атпайсыңбы, ойдо жок кабарды айтып.
Апыш-тапан. Ошол, досум, Бухара эмири Музаффар бизди укмуштай кастарлап тосуп алды.
Тиңшигий. (Ишеңкиребей) Койчу?
Апыш-тапан. Кудай бетин салбасын, ушундай бир сыйлады! Бейишке чыккандай эле болдук!
Тиңшигий. (Тамшанып) Жылкы союлдубу?
Апыш-тапан. (Колун шилтеп) Союлду!
Тиңшигий. (Тамшанып) Чучук тартылдыбы?
Апыш-тапан. (Колун шилтеп) Тартылды!
Тиңшигий. (Тамшанып) Өрүк-мейиз коюлдубу?
Апыш-тапан. (Колун шилтеп) Коюлду!
Тиңшигий. (Тамшанып) Патыр-нанчы?
Апыш-тапан. (Колун шилтеп) Патыр-нан да коюлду!
Тиңшигий. (Тамшанып) Анан, ошонун баарын жедиңерби, силер?
Апыш-тапан. (Колун шилтеп) Жедик!
Тиңшигий. (Тамшанып) Айда жыргаган экенсиңер, ээ?
Апыш-тапан. (Колун шилтеп) Жыргадык!
Тиңшигий. (Тамшанып) Атаңдын көрү, ай, силер менен кошо барсам, эмне!
Апыш-тапан. (Күлүп) Ай, тамаксоо кургурум, коркуп барбай койбодуңбу, өзүң, байлап калат, матап калат деп.
Тиңшигий. (Актанып) Анан эмне, оңойбу, жок жерден эле Курманжан жеңени Бухара эмири чакыртып атат десе, оюң алда кайда кетет да.
Апыш-тапан. (Күлүксүн тыя албай) Жаныңдын таттуулугунан көр! Дүр-дүйүм тамактан кур калдың! Сый көрмөксүң, урмат көрмөксүң...
Тиңшигий. (Үлдүрөп) Ошону айтпайсыңбы... Эми дагы чакыртат бекен?
Апыш-тапан. Улам-улам эле чакырта бергендей, биз эмир менен жайлоого бир чыккан короолош кошунасы белек.
Тиңшигий. (Санын чаап, өкүнүп) Ит болуптурмун, ээ?
Апыш-тапан. (Күлүп) Ит болдуң, куш болдуң, досум.
Тиңшигий. Эмне келатасың анан, энтеңдеп, элдин алдында?
Апыш-тапан. Сүйүнчүлөйүн деп чаптым! Сүйүнчү жыйнап алайын деп келатам! Сүйүнчүмдү бербейсиңби?
Тиңшигий. (Кооптоно) Эмне сүйүнчү?
Апыш-тапан. (Күлүп) Бир козу эле жетет.
Тиңшигий. (Чочуп кетти) Бир козу?!.
Апыш-тапан. (Күлүп) Ай, дос, ал чабыр козуңду өзүңө эле союп берем, чочуйсуң да ченебей.
Тиңшигий. (Куйкасы куруша түштү) Чабыр козу дейсиңби?
Апыш-тапан. (Күлүп) И-и, анан, сенин колуңдун башкасы чыкмак беле, өзүң чык татырбас Чынарбай болсоң.
Тиңшигий. (Мурчуюп) Сени адамды келекелетип эле койсо!
Апыш-тапан. (Күлүп) Тамаша да, ошого да теригесиңби? Бересиңби козуңду, өзүңө союп берем.
Тиңшигий. (Ишеңкиребей) Чын айтып атасыңбы?
Апыш-тапан. Чып-чын! (Күлүп) Калп айтсам, Майнакенин таз катыны болоюн!
Тиңшигий. (Муюшуп) Анда берейин.
Апыш-тапан. (Күлүп) Эми оңолдуң!
Тиңшигий. (Таягы менен жаңсап) Тигине, жайылган койдун арасынан тандап алып, өңөрүп кете бер!
Апыш-тапан. Семизин тандайынбы же арыгын тандайынбы?
Тиңшигий. Союп берем, өзүңө дебедиңби?
Апыш-тапан. И-и, союп берем.
Тиңшигий. Союп берсең – семизин танда да. Карма, тээтиги кара күрпөңдү!
Апыш-тапан. Ап, баракелде! Оозуңа береке!
(Экөө ээрчише басышты).

Отуз жетинчи сахна

Алай. Курманжан-датканын өргөсү. Түн. Шамдын жарыгында Курманжан Апыш-тапанга кат жаздырып атты.
Курманжан. Кайсы жерине келдиң?
Апыш-тапан. (Кагаздан башын көтөрүп) “Ал тилегиңизди ишке ашыра турган болсоңуз, анда биздин элден, биздин жерден биротоло кол жууп каласыз!” деген жерине.
Курманжан. Анда улайлы...
Отуз сегизинчи сахна
Кокон ханынын ордосу. Худаяр-хан менен аскер башы.
Худаяр-хан. Аскер жүрүшкө даярбы?
Аскер башы. Даяр, таксырым!
Худаяр-хан. Тоолуктарды кыргын түшүргөнгө карууңар жетеби?
Аскер башы. Жетет, таксырым! Жакшы эле кол топтодук.
Худаяр-хан. Алымбек-датканын уулдарын тирүүлөй кармап туткундагыла. Тирүү карматышпаса, өлтүрүп туруп, баштарын куржунга салып келгиле!
Аскер башы. Атканыңыдай кылабыз, таксырым! А Курманжан-датканы кантебиз?
Худаяр-хан. (Текебер) Алымбектин жесиринби?
Аскер башы. Ооба.
Худаяр-хан. (Текеберсингенинен жаспай) Ал жесир, датка беле?
Аскер башы. Бухара эмири Музаффар датка деген даража бериптир го, таксырым, кечээ жакында?
Худаяр-хан. (Дагы эле текеберсине) Билем. Ал дагы бир айныган неме да – катынга датканын даражасын берип! Кудайды бир караса боло! Ал жесирди тим койгула, жүрө берсин, тезек тердиртип, кыз-келиндерине, колунан ошол гана келет, анын.
Аскер башы. (Аста) Кептин баары ошол аялда деп атышпайбы?..
Худаяр-хан. (Жактырбай) Ким ошентип дөөрүп атат?! Балдарынан айрып койгулачы, калат, темселеп, ар кайсы жерде, багар-көрөөрү жок. Эми, ошол чачы узун, акылы кыска катындан да корколубу?!
Аскер башы. (Аста) Аял деп теңсинбей коюп, сазайыбызды ошол берип жүрбөсүн?..
Худаяр-хан. (Жини келип) Башыңда тебетейиң барбы, сенин?! Же сен дагы жоолук салынып калдың беле?! Эмне, Жаңыл-Мырза болуп кетиптирби, аныңар?! Керек болсо, Жаңыл-Мырзаңар дагы, Калматай деген бир чалдын катыны болгон! Тим эле кастарлайсыңар да, каяктагы бир катынды! Сен мага акыл үйрөткөндү коюп, өз ишиңди бил! Чаап кел, Алайдын элин, тыйпыл кылып, ошондо мен сени марытам, мартабаңды көтөрөм! Чаап келе албасаң, алдагы башың алмадай үзүлүп калышы ыктымал! Эсиңде болсун!
Аскер башы. (Териге, бирок сабыр эте) Катуу кетпеңиз, таксырым! Мен сизге далайдан бери ак кызмат өтөп келаткан кишимин! Же менин жаманчылыгымды көрдүңүз беле?! Улагаңызда жүргөн кол балаңыз эмесмин, каалаганыңыздай кагып-силке бергидей. Менин да кадыр-баркым бар! Аскер башымын!
Худаяр-хан. (Бир аз жоошуп) Анан, кайдагы бир жесир катынды арстан-жолборско теңей бербегиле да, адамдын куйкасын куруштуруп. Курманжан десе, тим эле баарыңардын келмеңер оозуңардан түшө калат да. Капырай, ал аял эмес эле желмогуз го, анда? Анын эмнесинен анча коркуп атасыңар?
Аскер башы. (Аста) Мен жансыздардын айтып келгенин гана сизге билдирип жатамын, таксырым.
Худаяр-хан. (Уккусу келбей) Жансыздарыңардын баарынын жүрөгү согончогунда го анда, кайдагы бир катындан ушунчалык сестенип атышса?
Аскер башы. (Кабыгын чытып) Мейли, сиз айткандай кылалы.
Худаяр-хан. Качан сапарга чыкканга даярсыңар?
Аскер башы. Сиздин амириңизди гана күтүп атабыз.
Худаяр-хан. Анда эртең түш оой жолго чыгасыңар.
Аскер башы. (Таазим эте) Куп болот, таксырым!
(Ошол учурда ордого эшик ага кирип келди).
Эшик ага. (Жүгүнүп) Таксырым!.. Бул кат сизге, Курманжан-даткадан экен!
Худаяр-хан. (Мыскылдай күлүп) И-и, жансоогалап, жалбарып жазса керек! (Аскер башына карап) Жалынмактан, тим эле садага чабылайын десе дагы, эртең сапарга чыгасыңар! (Эшик агага) Оку!
Эшик ага. (Окуй баштады) “Улуу даражалуу Худаяр-хан! Биз, алайлык кыргыздардын атынан, Сизге кат жолдоп аткан Маматбай кызы Курманжан-датка...”
Худаяр-хан. (Тигинин сөзүн бөлүп, мыскылдай) Мхи!..“Курманжан-датка!..”
Эшик ага. “Кат жолдоп турганымдын себеби – Эртең-бүгүнбү, сиздин аскериңиз Алайга кириши ажеп эмес. Элдин канын төгүп, үшүн алып, баш көтөргүс кылалы деген тилегиңди билип турам. ”
Худаяр-хан. (Тигинин сөзүн бөлүп, мыскылдай) Билгениң жакшы, эмне сүйүнчү берейинби?
Эшик ага. “Ал тилегиңизди ишке ашыра турган болсоңуз, анда биздин элден, биздин жерден биротоло кол жууп каласыз!”
Худаяр-хан. (Келекелей) Мхи!.. Коркутканын кара!..
Эшик ага. “Улуу даражалуу, Худаяр хан, өзүңүзгө жакшы маалим, Россей падышасынын аскери каалгабызды каккылап кирип келди, жерибизге. Ага каршы кармаша турган күч, биздин чөлкөмдө жок. Аны да билесиз. Россейдин букаралыгына өткүлө деп, үгүт жүргүзүп атышканы да сизге дайын болсо керек? Эгерде, Алайды чабам деген ниетте болсоңуз, биз Россейдин букаралыгына өтүп кетүүгө аргасыз болобуз!”
Худаяр-хан. (Безге сайгандай чочуду) Эмне-е-е?!. (Аргасы түгөнө) Мобул аял эмне деп атат ыя?!. Муну мен чаласабат бир бечара деп жүрсөм!.. Жаткан турбайбы, мында!
(Аскер башы мыйыгынан жылмая ханына астыртан карады).
Эшик ага. “Бул катты сизди коркутуш үчүн эмес, абалдын кандай экенин түшүндүрүш үчүн, сиздин аскерлер Алайды буту басса эмне болоорун эскертиш үчүн жазып жатамын.”
Худаяр-хан. (Эмне дээрин билбей калды) Пай-пай-пай!.. Пай-пай-пай!.. (Аскер башына карады) Бул аял чын айтып атабы?
Аскер башы. Мен сизге бая айтпадымбы. Бул киши оңой жоо эмес.
(Узакка созулган пауза).
Худаяр-хан. (Итатайы тутулуп, бирок аргасы кете, аскер башына) Алайга жүрүштү токтото тургула... Кийинчерээк... Убагы келгенде... Кеңешебиз...
Аскер башы. (Таазим эте) Баары сиздин амириңизге жараша, таксырым.
Худаяр-хан. (Аргасы түгөнө) Ошенткиле...
Аскер башы. Айтканыңыздай болот! (Таазим эте чыгып кетти).
Эшик ага. “Эгерде Алай элинин маселеси күч менен эмес, ынтымак менен чечиле турган болсо, анда ордонун букаралыгында кала берүүгө даярбыз. Ошого жараша бир шартым бар: Алай эли Алымбек-датканын учурандагыдай эле жашай турган болсун!”
Худаяр-хан. (Куйкасы куруша, бирок аргасы түгөнө) Ай-ай-ай!.. Ай-ай-ай!..
Эшик ага. “Кат ээси: Маматбай кызы Курманжан.”
(Пауза).
Худаяр-хан. (Эшик агага, түнөргөн калыбында) Тезинен Курманжан... датканы ордого чакыргыла! Шартыңызга хан макулдугун берди дегиле! Көк ноотудан кымбат чепкен камдагыла! Курманжан Маматбай кызына датка деген даража берүү туурасында, менин жарлыгымды даярдагыла! Менин атыман, Алай элине салыктын өлчөмү мурдагыдай калтырылсын деген макамды токугула!
Эшик ага. (Жүгүнүп) Куп болот, таксырым!

Прологдун уландысы

Алымбек-датка менен Курманжан.
Курманжан. Даткам, элиңизди ошондогу Кокон ханынын бүлгүнүнөн ушинтип сактап калдык.
Алымбек. Акыл таапсың, кыракылык кылыпсың, Курманжан. Мен сенин колуңдан көп нерсе келээрин билчүмүн да, башынан.
Курманжан. Башка аргам канча эле, даткам. Өзүңүз бардагыдай Алай эли эркин болуп калды. Ордо менен соодалашканыбыздын олжосу – элиңиздин башы бүтүн, боору эсен калды. Сиз бардагыдай эркин жашоого жетиштик. А бирок, акыры Россей баары бир баспадыбы, бизди. Россей менен кармашкан жакшылыкка алып келбесин башынан эле билгем. Бирок, элдин каны кызып, козголуп албадыбы, каапырларга каршы согушабыз деп. Ордо козутту, элди. Бизди да аралаштырды, чоң чырга. Жандалбастаган ордого ошол эле керек экен да. Он беш жыл тынбай кармаштык, Россей менен. Арасында Абдылдабек баш болгон уулдарыбыз кошо жүрдү, бычактын мизинде, кылдын кырында. Эмне майнап чыкты? (Кейиштүү) Өңчөй азаматтар шейит кетишти. Кан суудай акты. Аялдар жесир, балдар жетим калды. (Үшкүрүп) Ошону көрүп, элдин кызуусу тарасын, деми басылсын, болбосо бүлүнүп, чабылып калат го деп, уулдарыңыздын караманча каршы чыкканына карабай, акыры, эл-журтуңузду алып, Кашкарга Жакып-бекке көчүүгө аргасыз болдук. Жакып-бекке ырахмат, жаман көрсө да бизди бир кыш батырды.
Кашкардан кайра көчүп келатып, Алайдын ашуусунан, ал учурда Орто Азияны бүтүн каратып алган орус аскерлерине туш болдук. Артыбызга кайра тарттык эле, баары бир, орус аскерлери кууп жетип, туткундап алышты, бизди...

Отуз тогузунчу сахна

Генерал Сокбелевдин чатыры. Курманжан менен генерал Скобелев.
Генерал. (Өтө сылык) Урматтуу Курманжан Маматбай кызы, кечирип коюңуз, кокус солдаттарым сизге копол мамиле кылып койсо.
Курманжан. (Токтоо) Кабатыр болбоңуз, генерал мырза, Россей Орто Азияга күйөөлөп келген жок да, аскерлериңиздин кылаар кызматы ошол. Мен согуш менен тынчтыктын айырмасын эң сонун түшүнөмүн.
(Генерал Курманжанга таң кала карап койду).
Курманжан. (Ошол калыбында) Сөздү ток этээр жеринен баштаңыз – каалаганыңыз эмне?
Генерал. (Сылык бойдон) Урматтуу датка-айым... Сизди ушинтип атасам болобу?
Курманжан. Айта бериңиз, бул мага Бухара эмири менен Кокон ханынын берген даражасы.
Генерал. (Сылык) Өзүңүз да жакшы түшүнүп турсаңыз керек, Россия баскынчы мамлекет эмес. Биздин максат, сиздердей майда элдерди улуу империянын канатына калкалап, биротоло жоголуп-жоюлуп кетүүдөн сактап калуу.
Курманжан. (Калыбында) Күмөнүм бар, генерал мырза.
Генерал. (Кооптоно) Эмне үчүн?
Курманжан. (Калыбында) Анда эмне үчүн, Орто Азияга киргенде, Россейдин кылычынын мизинен кан таамп турду?
Генерал. (Таң кала, бир паска буйдала түштү) Эми... Каршылык бар жерде, кан төгүлбөй койчу беле...
Курманжан. Кан төгүлгөн жерде, жоголуу бар, жоюлуу бар, генерал мырза.
Генерал. (Башын аргасыз ийкегилеп) Аныңыз чын, аныңыз чын. Мен сизди ынандыра алган жокмун, датка-айым.
Курманжан. (Бир калыпта) Ынандыра алган жоксуз, генерал мырза. Россейдин максаты сиз айткандай эле эмес, чегин кеңейтүү, жерин чоңойтуу, байлыгын арттыруу экенин биз дагы айттырбай эле билип турабыз.
Генерал. (Эмне дээрин билбей) Сиз анда биздин шартка көнбөйт турбайсызбы?
Курманжан. (Токтоо) Россейдин букаралыгына өтүү жөнүндөгү шартты айтып жатасызбы?
Генерал. (Жандана түштү) И-и... Сөзүмдү баштай электе эле, илгиртпей түшүндүңүз.
Курманжан. (Токтоо) Генерал мырза, кокус сиз жылчыгы жок, жырткычы толтура, чытырман токойго кирүүгө аргасыз болсоңуз, жаныңызга шерик кылып азуусун айга жанган арстанды аласызбы, же козу-корподон башкага алы жетпеген чөөнү тандайсызбы?
Генерал. (Шыр) Албетте арстанды.
Курманжан. Биз дагы, карайлаган там сүзөт болуп турган учурда, канкор болсо да, үйралышып алып, ошол арстандын жанында жүрсөк, бейкуттугубуз бузулбайт го деген үмүттөбүз, генерал мырза.
Генерал. (Кубанып кетти) Түшүндүм, түшүндүм!.. Демек...
Курманжан. (Токтоо) Демек, биз сиздин шартыңызды кабыл алабыз, генерал мырза.
Генерал. (Чын ниетинен ыраазы болуп) Сиз өтө акылдуу, кырааккы адам экенсиз, датка-айым! Чынымды айтайын, сизди ушул саттан тартып, датка-айым деп атаганга ыраа көрбөй турам. Эгер сизди Алай ханышасы деп айтсам, каршы болбойсузбу?
Курманжан. Ал сиздин ыктыярыңыз, генерал мырза. Шарт-наамаңыз даярбы?
Генерал. (Талаа сумкасынан бир барак кагаз алып чыгып Курманжанга узатты) Мынаңыз.

Прологдун уландысы

Алымбек-датка менен Курманжан.
Курманжан. Даткам, Россей элибизге түркүк болду. (Кейиштүү) Бирок, Камчыбекти эстесем, сай-сөгүм зыркырап, Россейди же жек көрөөрүмдү же кечирээримди билбей, эки анжы болом. Чындык кайсы тарапта – эмгиче акылым жетпейт. Кокон хандыгын калыбына келтиребиз деп эңсегендер, англистердин тилине кирип алып, Камчыбекти, сени хан көтөрөбүз, туу түбүнө туруп бер, Россейге каршы козголоң баштайлы деп, көкүтүшкөн окшойт. Англистер Ооганстанда атайы курал топтоптур, козголоңго деп. Ошол куралды жүктөп келатканбы, курган балам, айтор, чек арага келгенде анын курал экенин шекшип калганбы, аскерлердин бирөө капты жара тартмак болуптур. Ошондо уулумдун жанындагылар, чек арачы аскерди өлтүрүп туруп, чек арадан өтүп кетишиптир. (Үшкүрүп) Россейдин укуругу узун экен, уулумду да, жанындагыларды да кармап алышты...

Кыркынчы сахна

Алай. Курманжан-датканын өргөсү. Күүгүм чен. Абдыжуман, Ырыскул менен Курманжан.
Абдыжуман. (Суз) Курманжан-апа, Камчыбекти Оштун аянтында дарга асат деп атышат, ушул чынбы?
Курманжан. (Жүзү таштай катып) Чын...
Ырыскул. (Кызуулана) Анан эмне кылган атасыз?! Камчыбекти каратып туруп эле канкордун колуна салып берип, тим болобузбу?!
Курманжан. (Жүзү таштай каткан калыбында) Кандай оюуңар бар?
Абдыжуман. (Опурулуп) Эмне ой болмок эле, жаштарды баштап барып, түрмө кайтаргандарды тындым кылып туруп, Камчыбекти алып чыгып кетебиз!
Курманжан. (Жүзү таштай каткан боюнча) Аныңардын аягы эмне менен бүтөт?
Ырыскул. (Кызуулана) Эмне менен бүтмөк эле – Камчыбекти өлүмдөн аман алып калабыз!
Курманжан. (Жүзү таштай каткан боюнча) Сөзүңөргө көнсөм болот эле, балдарым, бирок, бир менин уулум үчүн бөөдөдөн-бөөдө миң бейкүнөө адамдын каны төгүлүп кетсе эмне болот?!
Абдыжумун. (Кызуулана) Кырылса-кырылабыз! Жатып өлгүчө — атып өл дейт!
Курманжан. (Башын чайкап) Болбойт, балдар, болбойт!
Ырыскул. (Кызуулана) Сиз энесизби же?!.
Курманжан. (Жүзү таштай каткан калыбында) Ай, балам! Антип айта! Мен да энемин! Энемин!.. Бирок...
Абдыжуман. (Кызуулана) Датка-апа, өлсөк-койсок да – Камчыбекти бошотолу! Каапырлардын колунан акка моюн сунган атса — кантип чыдап турабыз, биз биякта?! Мусулманбызбы же биз да каапырбызбы?!
Ырыскул. (Демитип) Уруксаат бериңиз – түрмөнүн ташын талкан кылып туруп, Камчыбекти алып чыгып кетебиз!
Курманжан. (Жүзү таштай каткан боюнча) Бере албайм!..
Абдужуман. (Сөз таба албай туттугуп) Анда!... Анда!.. Сиздин уруксаатыңызсыз эле!.. Өзүбүз эле!..
Курманжан. (Жүзү таштай каткан калыбында) Балдар, кийлигишпегиле, бала меники!..
Ырыскул. (Эмне дээрин билбей, үнү каргылданып) Сиз!. Сиз!.. Сиз!.. Камчыбек дарга асылса, мен сиздин жүзүңүздү экинчи карабайм!
Абдыжумун. (Жалдырап) Уруксаат эле берип коюуңуз...
Курманжан. (Жүзү таштай катып) Жок!..
(Тиги экөө аргасы түгөнө, баштарын шылкыйтып сыртты көздөй басышты).
Курманжан. (Өзүнчө) Алда курган балам, ай!.. Эмне карантүндү салдың, башыңа?!. (Үшкүрүп) Ө-өх!.. Кудай, айланайын Кудай, күч-кубат бере гөр, мага!.. Күч-кубат бере гөр!.. Чыдайын!.. Чыдайын!.. Кайратымдан жанбайын!..
(Ошол учурда сырттан кабагы түйүңкү Келдике-ажы кирди, таяк таянып).
Келдике-ажы. (Ачуулу) Курманжан, бул эмне кылганың?!.
Курманжан. (Маанайы пас) Кулагым сизде.
Келдике-ажы. (Ачуулу) Баягүнтөн бери, келип-кетип аткандардын бирөөнө да көнбөй атыпсың?!. Элдин баары нааразы, сага!..
Курманжан. (Маанайы пас) Эмне десеңер да, көнө албайм, ажым.
Келдике-ажы. (Уккан кулагына ишенбей) Курманжан?!..
Курманжан. (Маанайы пас) Мени кыйнабагыла.
Келдике-ажы. (Жини келип) Эмне үчүн?!.
Курманжан. (Токтоо) Сиз тээтигил каны кызуу жаш балдардан эмессиз, ажым. Ачуу душман, акыл дос дейт. Абалдын кандай экенин түшүнүп турсаңыз керек? Эртеңки күндү олойлу.
Келдике-ажы. (Жаны күйүп) Ай, Курманжан, өз балаңды өлүмгө кыйган атасыңбы, ыя?!
Курманжан. (Маанайы пас) Башка арга жок, ажым, башка арга жок...
Келдике-ажы. (Сөзүн жулуп алды) Өз балаңа кылаарың ушулбу, сенин?!. Сен эне болбой ак кой, а-а!
Курманжан. (Үшкүрүп) Бул дагы Кудайдын маңдайга жазганы, ажым!
Келдике-ажы. (Ачуусу ашып-ташып) Кудайдын маңдайга жазганы эмес – сенин таш боордугуң, Курманжан! Капырай, өз баласын аябайт деген эмне шумдук?! Сендей энени өмүрүмдө көргөн эмесмин!
Курманжан. (Жүзү таштай катып) Эмне десеңер – ошо дегиле! Мен сөзүмдөн кайтпаймын!
Келдике-ажы. (Кагынып-силкинип) Э!.. Жолуң болсун сенин!.. (Чыгып кетти).
Курманжан. (Көзүнө жаш тегеренип) Кечир, балам, кечир мени!.. Кечир энеңди!.. Башка аргам жок!.. Башкалар түшүнбөсө да, сен түшүн балам, сен түшүн!.. Кокус азыр бир солк этсем – Алай эли Оштун түрмөсүн кара таандай каптап кирип барат. Сен бошойсуң – Камчыбегим! Бирок, эртеси эмне болот? Ак падышанын аскери кыргын салбайбы Алайга! Элибизди кандуу булоон түшүрбөйбү!.. (Пауза) Уулум, мен сенин бир өмүрүңдү – элимдин миң өмүрүнө алмаштым! Балам!.. Кечир мени!.. Кечир курган апаңды! Башка айлам жок!.. Башка айлам жок!.. (Ачуу жашын жутуп, өзөгү өрттөнүп турду).

Кырк биринчи сахна

Ош. Эрте жаз. Айлана мунарык тартып, чыкыроон. Камчыбекти дарга асуу учуру. Башын жерге салган Камчыбек дардын алдында турду, былк этпей. Андан обочороокто өңү чүпөрөктөй кубарган Курманжан. Эл тунжурап, орус солдаттары курал-жарактарын даяр кармашып, күтүп турушту.
Курманжан. (Сабыр эте) Балам, башыңды көтөр! Ажалга тик кара!
Камчыбек. (Селт эте башын көтөрдү) Апаке!..
(Курманжан уулу тарапты тик карабай көзүн ала качып кетти. Камчыбектин мойнуна сыйыртмак салынды).

Прологдун уландысы

Алымбек менен Курманжан.
Курманжан. (Кейиштүү үшкүрүп) Сиз мени кечирээрсиз, даткам?! Уулум мени кечирээр?! (Пауза) Анан, дарга асылгандан кийин, ушул арабага Камчыбегимдин жансыз денесин салып алып, ичимден жаш оордуна кан өтүп, бейтитине жөнөдүм. Ошондогу менин абалымды бир Кудай, анан бир өзүм гана билем! (Көзүнөн жылоолоп жаш кетти) Эгерим эне башына мындай мүшкүлдү салбасын!.. Олда курган балам, ай!.. (Ичинен солкулдап ыйлап турду.
Пауза.
Экөө бир паска тунжуруп калышты).
Алымбек-датка. (Аста) Чарчадыңбы, Курманжан?
Курманжан. (Дагы үшкүрүп) Чарчадым, даткам. Узун жол бастым. Өтө узун... Бала кезимде, сизге жолуккан учурда... сапарымдын учу-кыйры билинчү эмес эле, эми жолумдун аягы көрүнүп калды.
Алымбек-датка. Анда мага келаткан турбайсыңбы, Курманжан?
Курманжан. Ошондой го, даткам...
Алымбек-датка. Калтыр анда арабаңды, ушул жерге.
(Курманжан арабасын калтырып, Алымбек-датка экөө алдыны көздөй жөнөштү. Араба улум алыстап кала берди, жентимсиреп, ай-талаада).

Эпилог

Кечке жуук. Курманжан-датканын өргөсү. Датка далайга чейин боз үйдүн чамгарагынан түшүп турган билектей болгон шооланы тиктеп, ойго бата тунжурап жатты.
Курманжан. (Күңгүрөнүп) Өмүрүмдүн арабасы... Келчү жерине келип калган белемсиң...
(Ошол учурда сырттан кызматчы кыздар киришип Курманжандын жанына үйрүлүп түшө калышты).
1-кызматчы кыз. Датка апа, ойгондуңузбу?
Курманжан. Кайсы убак?
2-кызматчы кыз. Кеч бешим болуп калды.
Курманжан. Күн кызара баштадыбы?
1-кызматчы кыз. Ооба.
Курманжан. Анда мени эшикке чыгаргыла.
(Кызматчы кыз жүгүнүп алып, Курманжан-датканы жөлөп-таяп эшикке чыга жөнөдү.
Курманжан-датка эшикке чыкканда күн кызарып батып бараткан. Эки колтугунан эки кызга колтуктаткан Курманжан-датка тептегерек болуп кызарып бараткан күндү кусалуу карап, алда-нени эсине түшүрүп турду...)

Бүттү

15.01.2010 – 09.02.2010. 18.01.2011— 27.02.2011. 15.03.2011

 

© Кулмамбетов Ж.О., 2010

 


Количество просмотров: 3472