Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия
© Зинакан Пасаңова, 2012. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2012-жылдын 19-сентябры

Зинакан ПАСАҢОВА

Күз элегиясы

(ыр түрмөк)

Бул ыр түрмөктө автордун сүйүктүү жыл маалы болгон күз айында жазылган ырлары топтолду.

 

Күзгү бак баяны

Шуудуратып кечип сары барикти,
Ээн калган бак аралап күз жүрөт.
А эски бак ушул күзгү тагдырын,
Токтоо кабыл алып, секин үшкүрөт.

Ала качпай тула боюн сары чалган,
Сыр бербестен турат кербез керилип.
Эми гана келип кирген санаага,
Өмүр күүсүн тыңшагансыйт берилип.

Өтүп барат, кетип барат бир өмүр,
Баалап баркын түшүнө албай жүргөнчө.
Кандай кыйын ойго салуу өлүмдү,
Бүткүл жашооң көрүнбөсө бир күнчө.

Жалбырактар жагалданып дирилдеп,
Жаш көркүнө өзгө түгүл өзү мас.
Саябанын сүйүшкөндөр самашчу,
Кайда кетти шаан-шөкөттүү ысык жай?!.

Сээлдеп учуп бариктери күбүлгөн,
Бак айрылып шуудураган үнүнөн.
Жаңыланып турган ушул дүйнөнүн.
Жашоо сырын дайым күздө түшүнгөн.

Эң акыркы баригинен айрылтып,
Жамгыр арты сары карга айланды.
Ичке катып махабатын акыркы,
Күзгү бак да узак кышка байыр алды.

 

Күзгү маанай

Саратандуу маанай күтүп жүрсөк биз
Сары убайым санаа болуп келди күз,
Суз ойлорду «дуу» учуруп үркүтүп.
Сүйгүм келди мен бирөөнү күтүүсүз.

Көөдөн бопбош. Салкын көңүл ээлеген,
Не кечигет «сүйүү» деген керемет?!.
Жабалактап жанды эзген ойлорум,
Алтын күздүн сулуулугун сезе элек

Соолуй элек гүлдөр үшүп түнкүсүн,
Кыроо тоңгон желекчелер бүрүшөт.
Суукту сезбей жалгыз гана кыз-жигит,
Түн күзөтүп сейилдешип жүрүшөт.

Жалбырактар жапырт жаап күбүлүп,
Жай каалгыса сабагынан үзүлүп,
Жаным ачып карай берем аеолуу,
Узатканга өмүрдүн да бир күзүн.

Өзүмө өзүм окшото албай турам бул,
Күз көркүнө кайдыгермин не быйыл?
Жүрөгүмө түнт сезимди түнөтпөс,
Сүйүүгө мен кабылсам ээ бир укмуш!

 

Күз жана Көл

Кусалантып көздөн учуп көк түсү,
Келдим Көлгө күндөрүндө кеч күздүн.
Ээн жээкте эргүү батпай көөдөнгө,
Эстен кетпес эңсөөм менен көрүштүм.

Кандай сулуу! Карасаң да кайсы убак,
Таңда башка, күндүз жүз маал түс бурат.
Күткөн жандай эрээркеши… Эх, чиркин!
Күүсү күчөп, чайпалганы катуулап.

Көлдү көрсөң күздө көр да, кышта көр,
Көк ирими күндөй таза мөлтүрөп.
Карагандан тойбой турам, аттиң ээ-
кучагыма бекем кыссам өпкүлөп.

Жүдөө эле көңүлүмдүн оор жүгү,
желдей айдап… Жеңилдеген кезим бу.
Азык болсун алып кетем өзүңдөн,
Аруу, тунук ойлор менен сезимди…

 

Сен жоктогу ыр

Күз келиптир бүгүн шаарга түн ката,
Жолго төгүп сары жалбырак неченин.
Сагынычтын ырын ырдап, сенин да
айнегиӊден туштап басып өткөндүр.

Ушул түнү дүпөйүл бир кусалык,
Жүрөгүӊө бейжайланып кол салып,
Уйку бетин көргөздүрбөй далайга,
Эӊсеткендир мени жана бул шаарды.

Сен калтырып кеткен жетим ушул шаар,
Адамдары өӊсүз, муздак, көӊүлсүз.
Кусалыктан үзүлүүгө калып аз,
Сүйбөй турам күздү мен да өзүӊсүз.

Жугуму жок өгөй неге быйыл күз?
Же жанымда сен жоктугуӊ үчүндүр.
А тиргилик бейгам жана кайдыгер,
Бир жол менен өтөт мага түшүнгүс...

 

“Сөздөрүӊдөн келет күздүн илеби...”

Тереңинде муңайым бир оту бар,
Көзүң күлөт, көргөнсүймүн көз жашың...
Асыл таштай жарк этээр бир ойду таап,
Кымбат курбум, сүйлөп берчи чер жазып!

Сөздөрүңдөн келет күздүн илеби,
Туман басчу, жамгыры көп мен сүйгөн.
Не кылалы шу көңүлдү экөөбүз,
Бул турмуштун жарык жагын күсөгөн.

Жаш өмүрдүн кубанычы аз жолунда,
Чарчабадык, тунук шоола издедик.
Азгын ойду дилге көөлөп кокустан,
Азар берген адамдардан кирдедик.

Көӊүл калуу күз кыроодой бат эрип,
Жакшылыкка кайра ишенип жүрчүбүз.
Жаркын, жарык күндөр бизге төп келип,
Таза, бийик, шаттуу чыгып күлкүбүз.

Асыл курбум, сүйлөп берчи чер жазып,
Бул өмүрдүн оо далайын кечирдик...
Айтпа, бирок: “Сүйүү жалган, сүйүү калп!”
Деген сөздү... Кой, укпайын! Кечиргин...

 

“Кайрадан кабылдырып ошол күзгө...”

Кайрадан кабылдырып ошол күзгө,
Кымбатым, махабаттуу ыр ырдадыӊ.
Оо кантип күдөрүмдү үздүм экен!
Каттардан – өзүӊ жазар күйүп-жанып...

Өмүрдүн күндөрүндө ызаланткан,
Кыйналсам дайным таппай кусаматтан.
Жылытып турчу жумшак жүн жоолуктай,
Жылуу ойлор күз жөнүндө биз жолуккан.

Адамдар мени айланып өтчү болгон,
Кайдыгер көздөрүмдөн таппай жарык.
Сен келип мени кайра тапкан жолдон,
Ал жарык “жарк” деп күйдү жаӊыланып.

Мага өтө керек эле ушул сөздөр,
Көздөрүӊ – “сүйөмүн” деп сырын ачкан.
Жарыгым, сээп кой аны бул дүйнөгө,
Жаз күтпөй кар алдынан өнүп чыгар!

 

Кечигүү

Жалбырагын кагып-күүп күздөр өттү,
Айрылуунун күйүтү эчак өчтү
деген элем... А бүгүн каректериӊ
Арман толо сагынчын айтып өттү.

Унутулбас сезимиӊ албууттанган,
Ала-сала жаздаган тар жолумдан.
Муздак акыл толкундун жолун бөгөп,
Муздай тоӊгом, мизиӊ да майтарылган.

Унутулбас умсунган улутунууӊ,
Экөөбүзгө буюрбас бир бакытка.
Кыйнап туруп жүрөккө берип буйрук,
“Кош” дегенге оозумдун барганы ай!

Арга жок го тагдырдын бул ойнуна,
Капыл-тапыл жолугуп чоӊ жыйында
Күлүп-жайнап көрмөксөн болуп турдум
Бейтааныштай... Көп элдин ортосунда.

Жалбырагын кагып-күүп күздөр өттү,
Айрылуунун күйүтү эчак өчтү
деген элем... А бүгүн каректериӊ
Арман толо сагынчын айтып өттү...

 

Күзгү элегия

Күздүн ымырт түшүп турган күүгүмү,
Жылуу кечте бөтөн үйгө кайдадыр,
Кирип бардым чоочун, беймаал коноктой,
Телефондун шыӊгырына айланып.

Таӊ калбачы мага бир аз, жаш аял,
Анын ысмын өздүк кылып атаган –
Он жыл бою мен эч кимден уга элек,
Он жыл бою жан адамга айтпаган...

Салам, менин сырдуу, жылуу чоочунум!
Сестейиӊки добушуӊду нес болуп,
Ал жөнүндө аӊгемедей тыӊшадым,
Ага алпарчу дагы бир жолго кез болуп.

Айтчу, курбум, кыла алдыбы бактылуу?
Мендей болуп сүйдүӊ бекен аны да?
Оттой болуп күйүп турган жан эле,
Жетпей калбас бир беттеген жагына.

Сүйдүӊ бекен түтүп өжөр пейлине,
Шок уулуна мээри түшкөн энедей.
Кээде көпкө өчүккөндөй түнт эле,
Сапарынан кайтпай калган кемедей.

“Тээ илгери, илгери-и бир...” деп баштап,
Чубап чыгып эскермесин жаш кездин..
Он сегиз жаш бир бийкечтин арзуусун,
Баян кылып жүрөгүндү эзгендир...

Ысык жүздүү эне жана аялдын,
Периштеси түшүп турган бул үйгө,
Ошол баян бойдон калбай мен минтип,
Келип алып турам даабай кирүүгө.

Кой, курдашым, ушунчамда кайтайын,
Бир аздан соӊ мени такыр унутуп кой.
Алыс, алыс, алыстагы бир жандын,
Азгырмалуу тагдырынан оолак бол.

Күздүн ымырт түшүп турган күүгүмү,
Жылуу кечте бөтөн үйдөн кайдагы.
Узап чыктым узатуусуз эч кимдин,
Сагынчымды көтөрүнүп саргайгыс.

 

Көл жээгинде жаккан от

Сур булуттар чөгүп көлдүн бетине,
Сүрүн артып жаалданат толкундар.
Суугун жеңип сөөктөн өткөн кеч күздүн,
Сен тутантып, таптуу жаккан отуң ай!

Сен тутантып жаккан таптуу отуң ай!
Көөрүк болуп үйлөйт аны толкундар.
Жалын аймап кара түндү качырса,
Учкун ыргып, көлгө түшүп, өчөт бат.

Отту тиктеп, арман чөккөн карегиң,
Ойго терең жан сырыңды туйгузат.
Чычаланы улам койсоң ичкертип,
Колдоруңдан келет мага ысык тап.

Издегеним өзүң болуп сезилдиң,
Бирок, мынча жашоодо көп кечигүү?!
Табышсак да таалайыма буюрбай,
Тагдыр, дагы алдыңбы бир өчүңдү!

Сур булуттар чөгүп көлдүн бетине,
Сүрүн артып жаалданат толкундар.
Суугун жеңип сөөктөн өткөн кеч күздүн,
Сен тутантып, таптуу жаккан отуң ай!

 

© Зинакан Пасаңова, 2012

 


Количество просмотров: 4333