Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Көлөмдүү кара сөз
© Байжиев М., 2005. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2012-жылдын 27-сентябры

Мар Ташимович БАЙДЖИЕВ

Илгерки өткөн заманда

Кыргыз прозаиги жана драматургу Мар Байжиевдин аңгемелери жана повесттери замандаштарыбыздын рухий дүйнөсүн чагылдырат. Чыгармаларында калемгер нравалык баалуулуктарды, чындыкты жана гуманизмди көркөм сөзү менен бекемдейт.

Байжиев Мар. Аңгемелер жана повесттер. – Б.: 2005 китебинен алынды

 

Улуу тоодо бороон улуп, тастайган аскалар кара ызгаардан чатырайт. Асман тиреген мөңгүлөрдөн кар тозоңу чаңызгып, кокту көздөй көчкүлөр күркүрөйт. Бир кезде жайылып шашпай аккан өзөн эми көпкөк муз болуп былтыйып тоңуп жатат, алыскы зоокалардан боюн таштаган шаркыратмалар сенейип айнектей жалтырайт. Төмөнкү коктудагы чарадай чакан көл түбүнө дейре тоңгон. Ар кайсы жерден канатуулардын өлүктөрү борошого басылып жатат. Ырбыйган ач карышкырлар үшүп өлгөн кайберендердин эттерине тиштери өтпөй жулмалап ырылдашат.

Эки бийик тоонун ортосунда, жылуу башаттын өрөөнүндө жыйырма чакты боз үй, алачыктар карарат. Бул мергендердин «ак илбирс» атуу уруусунун конушу. Айлана жымжырт. Жогоруда уюлгуган ак тозоң күндүн көзүн жел баскандай тумандатат. Бел курчоосуна чейин карга басылган кийиз үйлөрүнүн түндүктөрүнөн чубуруп чыккан көк түтүн гана бул жерде тирүү жан бар экенин билдиргенсийт. Четки үйдөн:

– Күү-ү! Кү-ү! – деп жаш баланын ыйы үздүк– создук угулат.

Үйдүн кире беришинде тумшугун койнуна тыгып чоң дөбөт үргүлөп жатат. Зыркыраган суук шамал анын буурул чалган желке жүнүн үрпөйтүп сеңселтет.

Үстүнө кайберен териси жабылган кара алачыктын коломтосунда от жылтылдайт. Чоң кара казанда шарактап шылдыр суу кайнап жатат. От жанында үйдүн ээси– орто жашап калган Касен отурат, анын тизесине башын коюп сегиз –тогуз жашар кыз жатат. Ачкачылыктын ак шишиги ала баштаган жүзүндө кап-кара көздөрү кандайдыр башкача моймолжуп жалтырайт.

Касен кызынын башын сылап сооротконсуйт.

– Эртең күн ачылса, бизге тамак табылар, кызым, чыдагын…

– Кү-үү! Кү-үү! – эмчектеги ачка баласы онтой берди.

Энеси бир аз болсо да сүт чыгар бекен деп жумшак эмчегин мыжыды. Ак тамчы баланын эрдине түштү, бирок бала аны сезген да жок көрүнөт, сүт жаагынан ылдый кулады. Аял бышактап ыйлап жиберди. Касен аны муңая карап, баланы алып, колтугуна колун салды– жүрөгүнүн соккону билинбейт… Ал тонун жонуна салып сыртка чыкты. Ызгардуу шамал мындагы адамдарды ажалдан сактап турган акыркы отту өчүрүп соолтчудай боз үйдүн туурдугун делпилдетти. Кыз төрт аяктап ирегиге жылып барып, туурдуктун боосун байлады. Улам бир күрткүгө тыгылып Касен кызыл асканын түбүндөгү таш үңкүрдү көздөй жөнөдү. Анда картаң Сайкал эне келесоо чалыш уулу менен жашачу. Ал кемпир жин шайтанды мергендердин конушуна жолотпой алыс кууп, ар кандай оорудан сакайтат, кату суук, кургакчылык, ачарчылык жана башка мүшкүл түшсө, Кайберен эне – Сур эчкиге сыйынып, көкө теңирге мунажат кылып, жараткандан жакшылык сурап берет. Ак илбирс уруусунда Сайкал энеден улуу адам жок, ал кезде бүткүл кыргыз жергесинде андан көп жашаган киши жок болушу ыктымал, анткени бул кемпирдин жүзгө чыкканы капкачан, бирок сүйлөгөн сөзү али болсо орундуу, көзү көрбөй калгандыгы болбосо, эс-акылы жайында, мергендердин кеңеше турган акылманы, ыйбаа кылган ак сакалы– Сайкал байбиче, ал бүт уруунун энеси. Анын таштан салынган үйү картаң жез кемпирдин турак жайына окшош: эшигинин алдында көз ирмебес сакчыдай болуп таш буркандар мулуят. Үйүнүн шыбында байыркы тамгалар жазылган тактайчалар, төбөсүнүн дарылыкка кургатылган жыландар салаңдайт. Текчелеринде ар түрдүү дары-дармек чөптөр, жалбырактар, кайсы бир тири укмуш айбандардын саксайган жалдары, Сур эчкинин кеби, от жанына килейген кара казанга дары тамырларды кайнатып, бирдеме деп күбүрөп –шыбырап Сайкал кемпирдин өзү отурат. Анын аяк жанында кемпай уулу Саяк кыңылдап ыйлайт. Анын жашы небак алтымыштан ашкан, чачы сакалы, сейрек муруту аппак, бирок көздөрү өтө ишенчээк моймолжуйт. Саяктын эс акылы өспөй жаш баланыкы бойдон калган.

– Азыр, чыдагын, кулунум! Сүф! Сүф! Касиеттүү чөп! Уулума тамак-аштай азык бол! – Сайкал эне жыгач аякка чөптүн кайнатмасын куюп уулуна берди. Кемпай башын көтөрүп, кардын кырчылдаганына кулак түрдү.

– Ау! –деп акырын үрүп, куду эркелеген иттей алаканы менен жерди чапкылады.

Энеси кимдир бирөөнүн келе жатканын сезип, жоолугун түрүп, чоң күмүш сөйкөсү бар кулагын ачып тыңшады.

Таш үйгө борошо менен кошо Касен кирип келди.

– Сайкал эне, көкө теңир уулумду алып кеткени жатат, – деди ал.

Саяк Касенге боору ооруп, анын бетин жалап жиберди, көздөрүнөн жаш мончоктоду. Касен кемпайды эркелетип башынан сылады.

Сайкал эне кер аякка казандагы кайнатмадан куйду.

– Менин дарым эмес, улукман акемин чар дарысы. Сүф! Муну аялың менен уулуңа ичир! –деди.

Касен аякты алып сыртка чыкты. Саяк энесинин тизесине бетин жашырып кыңылдап ыйлады.

Кемпир Сур эчкинин кебине колун көтөрдү: О, касиеттүү кайберен эне! Сен ар дайым менин бала бакырама боорекерлик кылып, эт азык берип турчу элең. Көкө теңирден күн шооласын сурап бер, экөөбүздүн тең тукумбуз куруп калбасын!

Сур эчки башын бир аз ийгенсип, кемпирди чекчейген жансыз көзү менен карагандай болду, анын сырдалган карегинен оттун чагылышы жарк-журк этти.

Бир оокумда Саяк оюна бир айла келе калгансып, башын көтөрдү, сыртка чуркап, күрткүгө тыгылып мүдүрүлүп, мергенчилердин баатыры жашаган эң четки үйгө жетип барды. Саяктын сексейген аппак чачтарын аяздуу борошо уйпалады, бирок мындан ондогон жылы мурда өспөй калган мээси ысык суукту көп сезбейт эмеспи.

Кожожаштын боз үйү башка мергенчилердикинен көп айырмасы жок. Бар болгону үйүнүн кире беришинде ак илбирстин башы кадалган – бул үйдө уруунун баатыры жашайт деген белги. Керегеде карышкыр, илбирстин терилери, төр жакта жаа жебелер, эки найза, жерге аюу талпак салынган.

Шыңга бойлуу, бой келбети келишкен Кожожаш чечинип салып от түбүндө отурат, жанында он жашар уулу Карагул, баланын койнунан кылтыйып күчүктүн башы чыгып турат. Аялы Зулайка сузгу менен жыгач аякка суюк сорпо куя баштады. Казандан далайга дейре издеп, бармак башындай эт таап, жаргак дасторконго койду да, капшытта өлүктөй болуп көзүн жуумп жаткан кайнатасы Карыпбайды чакыр дегенедей уулуна ишаарат кылды.

Кожожаштын атасы Карыпбай бир кезде анык илбирстей шер, колу балбан, көзү курч эле, ал мергендер уруусун жарым кылым башкарып келген. Бир жолу Карыпбай баатыр чоң ууга чыгып, жаасын тартканда, оң колунун титирегенин байкайт, ал эми жиберген огу кийиктин капталын бир аз гана жаралап, жерге түшөт.

Карылык жетип, колунун каруусу, көзүнүн курчу кеткенин түшүнгөн Карыпбай айылга келип, аксакалдарды чакырып, мындан ары уруу башчысы боло албастыгын айтат. «Эл башкарган адамда өзгөчө касиеттер болуш керек, эми, туугандар, ошондой азаматты өз араңардан таап, баатыр көтөрүп, ага баш ийгиле», – деп колундагы кушун учуруп жиберет. Анын уулу Кожожаш өтө күчтүү, чыдамкай, жеткен боорукер, барып турган калыс жана ак илбирс тукумунун мыктысы болуп чыгат. Ал эми анын мергендигин айтсаң, бүт кыргыз жергесинде ага теңдеш көзгө атар табылбас. Салмоорду ал башкалардан бир жарым эсе алыс ыргытат, качып бара жаткан эчкиге жаанын эки огун мадайт: бирин моюнга бирин санга. Мергендер бири жок дебей Кожожашты баатыр көтөрүшөт. Картаң Сайкал эне көкө теңирдин алкоосун сурап өзүнүн батасын берет. Ошол мезгилден тартып мергенчилер өздөрүнүн турмуш тагдырын Кожожашка аманат кылышат. Бардык оокат-тиричилик маселени Кожожаш чечет ал эми өлүм менен өмүргө байланыштуу чоң иш болсо аны Сайкал эне башкарган аксакалдардын ортосуна салып акыл калчайт.

– Ата! – деп чакырды Карагул.

Карыпбай көзүн ачып эптеп башын көтөрдү. Бала чоң атасынын колуна суу куйду. Абышка колун жуумуш болуп небересин алкады. Зулайка жанагы бармактай этти кайтанасына тартты. Карыя эттен бир үзүп ооз тийип, энеңе бер дегендей башын ийкеп Карагулга карматты.

Зулайка Кожожашты суроолуу карады.

– Ачарчылыкка картаңдар чыдамдуу болот, – деп киркиреди карыя.

Кожожаш чалдын сөзүн кубаттап аялына этти ал дегендей башын ийкеди. Зулайка этти алып, уулуна кичине кесип берди да калганын бери жакка коюп койду, калыбы, кайнатасынын көзүнчө чарым этти мүлжүңдөп чайнагандан тартынды көрүнөт.

Үйгө Саяк кирип келип, унчукпай төргө барып отурду.

Зулайка сузгу менен беркилердин аяктарынан кичинеден сузуп алып, аңкоого куюп берди. Саяк абышка менен бала шашпай эт чайнап жаткандарын байкады. Кожожаш аялына келген кишиге да эт бергин дегендей ишаарат кылды. Зулайка өзүнө деген эттин жарымын кесип Саяктын алдына койду.

Саяк сүйүнгөн күчүктөй кыңылдап этти идишине салды да эшикти көздөй жөнөдү.

– Ой, шордуу, кайда барасың,өзүң же! – деди Кожожаш.

Саяк башын чайкап, колу менен жаңдап, ыйлап жаткан эмчектеги баланы түшүндүрдү.

– О-о, кудайдын пендеси! Анда, алпар, алпарогой, – деди Кожожаш. Саяк буусу чыккан сорпону көтөрүп, калың карда ийри-муйру из калтырып, Касендин үйүн көздөй жөнөдү. Үйгө жете бергенде тайгаланып, колундагы идишин түшүрүп жиберди, ысык сорпо тамчы калбай карга сиңип кетти. Саяк тура калып, карды чапчып, кесим этти таппай ботодой боздоп ыйлап жиберди.

Касендин эшигинин алдында жаткан сары дөбөт үрпөйгөн казанбактай башын көтөрүп, өзөн жакты карап:

– Оу-у! – деп улуп койду.

Саяк башын көтөрүп, ошол жакты карады, он талаа болуп аккан жашы токтоп, жүзүнө кубанычтын нуру тамылжыды. Өзөндүн наркы жээгинде жалгыз эчки туруптур. Жылуу булактан суу чыгып, эчки туягы менен жука музду тээп, астынан серейип чыккан сары чөптү кажалайт.

Саяк кубанычтуу кудуңдап күрткүлөрдү кечип, Кожожаштын үйүн көздөй аксаңдады.

Сур эчки адамды элее карады, бирок ал алыстап бара жатканын байкап, санаасы тынчып, башын жерге салып муз каткан чөптү оттой берди.

Үйдөн жаасын камдап Кожожаш чыкты.

Саяк бир үйдөн бир үйгө чуркап, конуштун башына ажына кийик келгенин кабарлады.

Кожожаш мышыктай чебер басып муз тоңгон көк аскага жашынып, өзөнгө жакындады, бирок ал эң акыркы боз үйдөн өткөндө эчки байкап калып, жогорудагы зоокага бет алды. Мерген белчесинен карга батып, анын артынан сая түштү. Касен менен дагы эки мерген жааларын камдашып артынан жөнөштү.

Үйлөрдөн ачкачылыктан, катуу сууктан жапа чегип, эсеңгиреген бала-чака чубуруп сыртка чыгып, мергендерди узата карашып:

– О, көкө теңирим, бизге насип бере көр! Олжодон куру коё көрбө! – деп жалбарышты.

Саяк кубанычтуу кудуңдап, аягы жай таппай кыңшылады, анткени ал Кожожаштын жебеси сая кетпесин билет.

Эчки тер баскан көкүрөгү менен кургак карды жиреп, мергенчилерден алыстай берди. Касен менен жанындагы жигиттер арыштарын ылдамдатта албай, күйүгүп артта калышты. Эчкини жалгыз Кожожаш ээрчиди.

Качып бара жаткан айбандын да, кубалап бара жаткан адамдын да кышкы ачарчылыктан, ызгаардуу сууктан алдары кеткен, бирок экөөнү тең жашоо кумары жүткүнтүп, жан талаштыртып көз жетпешен зооканын чокусун көздөй камчылады.

Мерген жаасын бир нече ирет тартты, бирок капталдан соккон катуу шамал жебенин кудуретин жоготуп, тетири кетирди.

Кез-кезде чарчап-чаалыккан адам эт-бети менен жыгылып, кар сугунат. Эчки адамдын токтоп калганын байкап, бир аз дем алат, анын ажал жөнөтө турган колунан көзүн албайт.

Кожожаш акыркы күчүн жыйнап, эчкиден бир аз тезирээк боортоктоду. Экөөнүн аралыгы кыскара берди. Асканын кыры да жакын калды, кийик ага жетсе кутулуп кетери шексиз.

Мерген тизелей калып, сууктан колдоюп эби кеткен колдору менен эптеп-септеп жаасын тартты. Жебе ышкырган бойдон кетти. Эчки тумшугу менен кар сүздү.

Кожожаш кубанганынан каткырып күлүп,жаасын бир өөп, четке ыргытты, санаасы тына үшкүрүп, чалкасынан карга жыгылды.

Төмөн жакта тырмышып келе жаткан Касен менен жигиттер кубанычтуу кыйкырышты. Бир топ ит күрткүгө тыгылып, ажылдап жогору жөнөдү. Ылдыйда карап тургандар олжого сүйүнүп кучакташып, көкө теңирге жалынышты.

– О, жараткан! Ыраазыбыз! Бизди ач өлүмдөн сактап калдың!

Саяк мактанып төшүн чапкылап, саксаңдап бийлеп кирди.

Кожожаш өзүнө өзү корстон болуп, кучагын жайып, асманды карап жылмайды: эчкинин эти күндүн көзү көрүнгөнчө азык болуп, мергендер бала -чакасы менен божурашып, от жанында шуулдата ысык сорпо ичип жаткандарын элестетти, ал тургай мурдуна бышкан эттин жыты кадимкидей келгенсип таноолорун кытыгылады.

Кулагына эчкинин онтогону угулуп, мерген башын көтөрдү. Сур эчки артына кызарган из калтырып, жогору карай кетип бара жатыптыр. Жаанын жебеси кадалган сол ийнинен буу чыккан жылуу кан шорголойт.

Арсылдаган үргөн иттер Кожожашты кууп өтүп, эчкини типтик кызыл аскага камады. Айласы кеткен эчки ажылдаган иттерден үрөйү учуп, адамдан жардам сурагандай жалдырады. Мергендер көңүлү куунак болуп камалган эчкиге жакындап келишти – эми олжо кетпейт. Кожожаш кынынан шамшарып сууруп, төрт аяктап карды кечип жогору жөнөдү. Бир оокумда киши менен айбандын көздөрү бири-бирне тигиле түштү. Эчки адамга жалдырап чедирейген курсагын тартып, оор дем алат, тырсыйган желининен сүт дирилдейт. Жарадар болгон эчки Кожожашка көкүрөгүнө жебе сайылган боюнда бар аялдай болуп көрүндү. Анын көздөрү да кандайдыр өтө башкача.

Мергендин жүрөгү оозуна тыгылып, эт бети менен карга жыгылды.

Кожожаш башын көтөрдү. Эчки жан соога деп жалынгансып жалдырап турат, сол ийнинен басылбай кан шорголойт. Кожожаш эптеп эчкиге жетип, ырылдаган иттерди кубалап, анын далысына кадалган жебени сууруп алды, желинине алаканын тозсо уучу толо сүт болду. Ал иттерди ээрчитип, бир колуна канга боёлгон жебени кармап, уучундагы сүттү төкпөй төмөндөп келе жаткан мергендердин алдынан чыкты.

Эчки акыркы күчүн жыйнап, зооканы көздөй жылды. Далысынан шоргологон кан суукка тоңо баштады.

Касен менен мергендер колго түшкөн олжону коё бергендиги үчүн Кожожашты тытып жиберчүдөй түрү бар. Кожожаш алаканындагы сүттү көрсөттү.

Жаш мерген жаасын ала коюп, эчкини мээлеп калды эле, картаң Бакас аны колго чапты.

– Желиндеп калган малды атасыңбы? Акмак, – деди картаң Бакас.

– Бакас аба, эл ачкадан өлгөнү жатса, талаадагы малды аяйбызбы? Балдардын ичине кан түшүп кетти, – деди Касен.

– Көкө теңирге күнөөкөр болбойбу, Касен-аба! Балким жараткан биздин напсибизди сынап Сур эчкинин өзүн жибергендир. Сабыр кылалы, – деди Кожожаш.

Мергендердин бир тобу нааразы кобурашып төмөн кетишти. Паста жанатан бери күтүп турган бала-чака Кожожаштын жоругуна аң-таң болушту.

Ажалдан кутулуп асканын кыры менен бара жаткан эчкинин карарган сөлөкөтү асмандын айдыңынан дап-даана көрүнүп турду.

Кожожаш үйүнө келип, жаасын улагага таштап, суу болгон чокоюн чечти.

Уулу Карагул атасына барды.

– Эчкини эмне коё бердиң, ата? Ал оңкосунан тура калдыбы? – деди бала.

Карагулдун мындай суроо бергенинин себеби: ар бир мерген миң гана кийик атууга тийиш, миңинчиси жыгыларында оңко турат, андан кийин ал мерген кийик атканды токтотпосо, өзү майып болот деген сөздү ал далай жолу чоң атасынан уккан.

Кожожаш унчукпай отту тиктеди. Анын көзүнө бооз эчкинин элеси келди, анан ал боюнда бар аялга айланды, көздөрүн ботодой жайнатып жалдырайт…

– Ал… ал касиетүү кайберендин өзү окшойт, – деди Кожожаш.

– Аны сен кайдан билдиң? – деп киркиреди атасы көзүн ачпай.

– Ал… көзүмө… аял болуп көрүндү, – деди Кожожаш.

Уулунун тонун жамап отурган Зулайка ишин токтотуп күйөөсүн чочулай карады.

– Аял болуп көрүнсө, анда ал касиетүү Сур эчкинин өзү! Коё бергениң жакшы болуптур. Теңирим, жалгызымды кырсыктан сактай көр! – карыя колун жайып жаратканга жалынып жиберди.

Карагул чоң атасына барды.

– Ата, Сур эчкиге жолукса эмне болот?

– Сур эчки биздин кайберен энебиз, ал бардык жапайы айбанаттардын энеси, улуу тоонун, жер-суунун ээси. Анын канын төгүп каарына калган адам көкө теңирдин каргышына калат, укум-тукуму менен жер жүзүнөн жок болот. О, касиетүүм, уулумдун күнөөсүн кечире көр! – карыя колу менен сакалын сылады.

– Жебени сууруп алып, өзүн коё бердим, -деди Кожожаш. – Желиндеп калыптыр.

– Ырас кылыпсың, уулум. Келин-балам, сен күн жылыганда ыйык үңкүргө барып, көкө теңирге сыйынып, кечирим сурап кел. Кайберен эненин канын төккөн үчүн күйөөмдүн күнөөсүн кечиргин де.

– Макул ата, – Зулайканын санаасы тынчып ишин улантты.

– Ой, кара чечекейим! Ой, жалгызым! Кашайып калбадымбы, эл-журт! – деген аялдын үнү сырттан угулуп, үйдө отургандардын үрөйүн учурду.

– Ал! Мени да жутуп кет! Каргыш тийген кыш! – Батма чарчап калган баласын бооруна кысып боздоду.

Касен жалооруп, аялынын жанына барды эле, Батма аны жакадан алды.

– Кайсы гана каргыш тийген күнү туш болдум экен сага мен шордуу! Же мен мында ачкадан, ызгаардан өлүп жок болом деп келдим беле? Жүрү, төркүнүмө кетели, анда эт да бар, от да бар! Жүрү, ырысы жок Касен, тирүүбүздө кетели!

Касен кайрат берүүчү жооп таппай Батманын шамал уйпаланган чачтарын сылады.

Аялдын жүрөк титиреткен ыйын суук шамал алып учуп, муздуу зоокага уруп, жер бетиндеги тирүү жандардын муң-зарын жараткан да, асмандагы күн да укпасын дегенсип, күңгүрөгөн жаңырыкка айландырып кайра кайтарды.

Боз үйлөрдөн алсыраган ачка мергендер бала-чакасы менен самсаалап чубап чыгып, унчукпай Батманы карап турушту. Шордууну эч кимиси сооротуп, кайрат айткан жок.

– Мейли, бугун чыгарып алсын! – деди Сайкал эне…

Ак илбирс уруусунун аксакалдары Сайкал эненин таш үйүнө чогултушту. Үй-ээси ташбуркандай кебелбей жарык көрбөгөн көздөрү менен отту тиктеп төрдө отурат.

– Балдарым! Кеңешип кескен бармак оорубайт. Акыл калчайлы. Теңирибиз каарданып, жутта калдык. Аттарыбыздын ажырадык. Мундузбайдын кыштоосуна түшүп барып, жээрге эт, минээрге унаа сурап келбесеңер, тукумубуз курут болот, – деди кемпир.

Отургандаар баштарын шылкыйтып жооп табышкан жок.

– Мундузбайдан мал сурасак, ал бизден жоокерчиликке жан сурайт. Балдарыбыздан ажырайбыз? – деди Кожожаштын атасы Карыпбай.

– Жок. Барбайбыз! Ал канкор бизди казатка чыгарат, – деп кобурады эки-үч мерген.

– Кийин калтар-суусар менен кайтарып беребиз деп насия сурасак болбойбу, – деди Касен.

Мергендер Касендин айтканына өз ичинен баа берип, тунжурап отурушту.

– Жараткан кудай куру койбос, көкө теңирге сыйынып жакшылык күтөлү, бүгүн-эртең күн ачылып кетсе, касиеттүү кайберен эне бизге насип жиберер, үмүтүбүздү үзбөйлү, күтөлү, – деди Бакас карыя.

– Теңир бизге ызгаардуу аяз менен кардан башканы ыраа көрбөдү. Анатайдын конушуна Барсак кантет? – деди Түгөл абышка.

Анатайдын конушуна барып келгиче, айлыбыздын теңи жок болот. Мундузбайга барбаска айла жок, – деди Кожожаш.

– Жөө басканга Мундузбайдын конушу төрт күндүк жол. Кайрылып келгиче журтубузда тирүү жан калбайт, – деди Карыпбай.

– Муз төрдүн белин ашып түшсө, бир эле күндүк жол, – деди Калыс карыя

– Ушундай борон чапкында Муз– Төрдү ашам деген аман калбайт. Же арабызда ажалы жок жан барбы? – Карыпбайдын ачуусу келди.

– Кана, балдарым! Дагы кандай акылыңар бар? Ортого салгыла! – Сайкал эне башын көтөрдү.

– Мундузбайга барбаска айла жок, ак жол тилеңиз, эне! – Кожожаш ордунан туруп, кемпирдин маңдайына чөгөлөдү.

– Кожожашсыңбы? Жаныңда ким бар? – деди Сайкал эне.

– Өзүм эле барам!

– Жалгыз өлүп каласың, – кемпир аны акырын түртүп койду.

– Мен барам, – ордунан Түгөл мерген турду.

– Сен картаңсың, – деди Сайкал эне.

– Мен, – деди арыкчырай мерген.

– Бери кел! – деди кемпир. – Сол колуңду берчи!

Мерген сол колун сунду.

– Суугуң ашынып кетиптир, – деди кемпир, анын тамырын кармап. – Жетпей жолдо каласың.

– Мен барам, – деди жаш мерген.

– Сенин кабыргаң ката элек , Кожожашка бөөдө жүк болосуң!

Касен Кожожаштын катарына келип чөгөлөдү. Кемпир анын бети-башын сыйпалады.

– Касен балам, бириңдин жаның бириңе аманат, – кемпир казандагы кара суудан аякка куюп, бир чымчып Сур эчкиге жолдоп, калганын мергендерге сунду. Кожожаш картаң эненин колунан өөп, суудан ууртап Касенге сунду, ал бир ууртап, кемпирге кайтарды.

Сайкал эне сөксөөлдөй кургак колдорун көтөрдү.

– Жолуңар шыдыр, жолдошуңар Кыдыр болуп, тар жол, тайгак кечүүдө ата-бабаңардын арбагы колдосун! О-о, касиеттүү кайберен, ашуусу бийик тоолордун, агыны кату суулардын ыйык ээси, балдарыма көз сал, жол көрсөт, жакшылыгыңды аяба! О-о, айланайын теңирим, журтумдун эки кара чечекейин кашайта көрбө!

Отургандар жалпы Көкө теңирге колдорун жайды.

Саяк күчүктөй кыңшылап, энесинин колун жалады.

***

Бороон бороп, асман-жерди кар тозоңуна бөлөдү. Кожожаш менен Касен аркан кармашып, бири-бирин жөлөп-таяп, төмөн жөнөштү. Бири тайгаланып, күрткүгө чөгүп кетсе, экинчиси сууруп чыгат. Катаал жолдо бир нече көчкүнүн астында кала жаздашты, буюгуп баратканда асканын коңулдарына ызгаардан жашынып, бир аз эс алып ылдый жөнөшөт.

Күн кечтеп, борон күчөдү. Темир аяз чыкылдады.

Чарчаган мергендер муз үстүнө жатып калышты. Касен Кожожаштын үшүп бара жатканын байкап, ордунан ыргып туруп, аны күчүнүн бардыгынча жулкулдатты.

– Тур! Тургун!...

– Тура турчу… Койчу… Бир аз чырм этейин, – Кожожаш жолдошунун тилин албай, ары түрттү.

– Сени үшүк алып баратат, Кожожаш! Тур өйдө! Тоңуп каласың! – Касен досунун бети-башын, көкүрөгүн кар менен сүргүлөдү. Кожожаш бир аз эсине келип, аюудай болуп төрт аяктап эмгектеди. Ал башынан буу чыкканча жыла берди… Алар Муз– Төргө өлдүм-талдым дегенде араң жетишти. Тирукмуштай аскалар, салаңдаган муздар, үңүрөйгөн түбү жок жаракалар жүрөктү түшүрөт. Мергендер тай туяктарын тартынып, жылгаяк муз менен ылдый жылмышышты. Кокус жылт этип тайып кетсе,экөө тең күм-жам болору шексиз, мергендер белдерине кыл арканды бекем байланып, жалтыраган муз менен боортоктоп жөнөштү. Кожожаш алдыда, Касен муздун улам бир урчугун кармап артында. Бир кезде Кожожаштын буту тайып Касенди кошо сүйрөп, түп-түз жараканы көздөй зуулдады. Ал бурчуйган музга жармашты эле, анысы бычырап кетти. Эки мерген чанага түшкөнсүп, көк жылгаяк менен төмөн жакта карарган ажалды көздөй кете беришти. Ачуу кыйкырык улуу тону жаңыртты. Маңдайкы аскадан күркүрөп көчкү жылды,капчыгай ичи чаңызгып, жымжырт болду… Аяздуу тумандын арасынан муздак күн сары табактай билинер-билинбес кылтыят. Кожожаш жараканын үстүнө кыл арканга асылып калды.

– Касен – аба! Касен – аба! – деп кыйкырат Кожожаш, бирок досунан жооп жок. Ал муздун жаракасына кысылып калыптыр. Чекесинен кан шорголойт. Тирүүлүктүн белгиси байкалбайт.

– Тоо-таштын, жер-суунун ээси, касиетүү Кайберен! Мен сени тааныбай жарадар кылып, сенин ыйык каныңды төктүм. Каргышың мага гана жетсин. Жалгыз уулумду, эл журтумду аман калтыр! Өз күнөөмдү өзүм эле тартайын!

Ажал алдында турган Кожожаш мерген кечирим сурап буркурады

Касен бир аз эсин жыйнады, бирок кансыраган колдору камтууга келбейт.

– Касен-аба! Арканды кес! Жаныңды сакта! Мундузбайга жетпей экөөбүз тең өлсөк, элибиз ачкадан бүт кырылат, Кес! Мени аяба! Мен оңбой калдым! Мен Сур эчкинин каргышына калдым! – деп жалынды Кожожаш.

Касен арканды жогору тартууга аракет кылды эле, аны кармап турган муз түбү менен кычырады. Бычагы, куру, куржуну обочо калыптыр.

– Касен-аба! Арканды кес! – Кожожаш төмөн жактан кыйкыра берди. – Мен бары бир өлөм.

Кожожаштын ыйлап жатканын уккан Касен, бычагына тырмышты.

– Сен мени аяба, бала-чаканы, эл-журтту ойло! – деген Кожожаш, кыл арканды белинен чече албай тиши менен кырча баштады:

Касен араңдан зорго бычагына жетти.

Кожожаш аркандын төрттөн бирин кырчыды, бетинен жаш, ээгинен кан куюлду.

Бычагы колуна тийген соң, Касен муздун улам бир жерин оюп тепкич жасады. Кожожаш оозунан аккан канга карабай арканды кемире баштады. Эшилген аркан акырын жана берди. Бир жанды… дагы бир жанды…

Касен бир колу менен муздун оюгуна жармашып дагы көтөрүлдү, экинчи оюгуна жармашып дагы көтөрүлдү. Эми экөөнү аркандын бир гана өрүмү кармап турат, акыркысы үзүлө турган болгондо, Кожожаш аркандын жогору жагын кармай калды, анткени Касен дагы бир аз көтөрүлдү…

Каткырган күлкү тоону жаңыртты… Эки дос кызыл ала кан болсо да ажалдан аман калгандарына сүйүнүшүп муздун так четинде отурушат. Жогору жактан күркүрөгөн дабыш чыгып, мергендерди көздөй көчкү жылды. Көз ачып жумганча сай ичинде кар тозоңу кайра буруксуду.

Айлана аппак тынчтыкка бөлөнгөн. Тунжуроо. Көк асман тумандан арылып, күн нуру көз уялта чачырайт.

Мелтиреген ак кардын бетинде карарган эки караан: бири – Кожожаш, бири Касен.

Алар кар астынан суурулуп чыгышып, сапарын улантышты: сай ылдый түшүп, кырга көтөрүлүштү, кайра төмөн түшүштү. Алар жолдон небак адашкандарын билсе да божомолдоп, күч-кубаттарынан тайганча төмөн карай кете беришти.

Бир кезде таптакыр шайлары кетип жатып калышты.

– Тигини карачы! – Касен жаасына жармашты.

Кожожаш көзүн ачып, укмуш көрдү, – алардын маңдайында Сур эчки туруптур.

– Токто! – Кожожаш Касендин жаасын тартып алды.

Эчки дөңдөн ашып жок болду. – Мергендер күрткү малтап, аркасынан жөнөтүштү, бирок анын изи гана калыптыр. Мергендер эчкинин изин кууп, асканы айланышты да кубанычтуу кыйкырып жиберишти. Төмөн жакта чалкып көл жатат, жээгинде шурудай тизилген боз үйлөр, түндүктөрүнөн көк түтүн булайт, айланасында жылкы жайылып жүрөт. Жанга жагымдуу жылуулук. Бейпилдик. Тынчтык.

– Тетигини карачы! – деди Кожожаш.

Алыскы аскада көз жеткендей жерде Сур эчки туруптур.

– Оо-о, касиетүү Кайберен-эне! Ыраазыбыз жол көрсөткөнүңө! Бизди ажалдан сактап, адаштырбай алып келдиң! Ыраазыбыз сага, – мергендер Сур эчкиге таазим кылып жалынышты.

Уруунун баатыры Мундузбайдын өргөөсү заңкайып алыстан эле көрүнүп турат. Ал абдан чоң, аппак үзүк, туурдуктары карга тырмакталып кооздолгон, ичи кирсе чыккыс. Байдын өзү келбети келишкен,балбан түстүү, элүүлөр чамасындагы адам. Ал үстүнө кымкап кийип, жашыл жаздыкты чыканактап, узун чылымды буркуратып, китеп окуп отурат. Мундузбайдын эки аялы бар. Биринчиси менен он жыл жашап, бала көрбөй, токолдукка коңшу айылдагы кедейдин кызы Айкени алып келген, аны менен беш жыл жашады, бирок анын да согончогу канаган жок. Эки аялы салт боюнча эки үйдө, улуусу чоң үйдө, токолу өргөөдө, кээде үчөө тең бир үйгө чогулуп калышат. Кырк жаштагы кермаралдай керилген байбичеси Бегайым жип ийирип отурат. Мотурайган токолу Айке камыр жууруп чыгдан жакта. Казанда буркулдап эт кайнап жатат.

– Бегим, алдагы китептеги акылман ойлордон зайыптарыңызга бөлүшө отурбайсызбы, – деп жаракөрлөндү байбичеси.

– Акылман ойлор силерди да кызыктырабы? – Мундузбай китептен көзүн алып күлүп койду.

– Биз сиздин карегиңиз менен кошо айланып туруш үчүн, кез-кезде акылман ойлордон таштап койсоңуз көптүк кылбас! Туурабы сиңдим? – деди Бегайым.

Айке жылмайып башын ийкеди.

– Бул китеп адам баласынын ачкычы жөнүндө. Баласогунда жашаган Жусуп акылмандын жазгандары, – деп бай китепти окуй баштады:

Акылман хандын жеринде
    Козу менен карышкыр
    Суусаганда күн сайын
    Бир булакка барыптыр.

– О-й-и! – деп таңыркады байбичеси. – Кантип эле ошондой болсун? Бөрү деген бөрү да!

– Кептин баары ошондо, – деди Мундузбай.

Сырттан иттер үрүп, тоону көздөй кеткендей болду. Бегайым ийнине ичигин жамынып сыртка чыкты.

Айке ошол замат эрине жүгүрүп барып, алдына чөгөлөп бетин тосту. Мундузбай жаш зайыбын өөп, чачын жыттады.

– О, эркем, сенден бала жыттанган күндү көрөр бекем?

– Ал сиз менен кудайдын колунда, бай-аке, – Айке эшик жакты жалт карап алып, канжа сорууга оозун эптеди.

Мундузбай канжасын сунду, токолу бир соруп, жаны жыргай түшкөндөй көзүн жуумп дагы сурады.

– Болду, жаштар көп тартса жаман болот, – бай Айкени эркелете сөөмөйүн кесеп койду.

– Берсеңиз эми? –аялы жаш балача кылыктанды.

Мундузбай канжаны дагы сунду. Айке баш айланткан таттуу түтүндөн жутуп, күйөөсүнө эркелей мойнун тозду.

Бегайым кирип келип, унчукпай ирегиде туруп калды. Мундузбай байбичесинин көзүнчө токолун өбүүдөн тартынып, бетин назик чапкылап койду. Айке ордунан туруп, мисирейип чыгдан жакка барды да, кейкейип камырын жуура баштады.

– Байым, үйдү көздөй тири укмуш кишилер келе жатат, – деди Бегайым чочулай.

Мундузбай керегедеги кылычын алып, жүктүн астына коюп койду. Иттердин арсылдаганы угулду. Эшик ачылды.

– Ассалому алейкум! – Кожожаш менен Касен кирип келди.

– Ой! – Айке коркуп Бегайымды кучактап калды.

– Силер кимсиңер? – деди Мундузбай.

Мергенчилер кирпиктеринен тартса жыгылчудай, кийим-кечеси тытылган, сакал-мурут, чачтарына муз тоңгон, кебетелеринен чынында эле адам коркорлук.

– Тааныбай турасызбы, бай-аке? – деди Касен. – Биз ак илбирспиз.

– Кейпиңер илбирске окшобойт го, – деп күлдү бай.

Аялдар да бырс күлүп жиберишти. Кожожаш олурая бир карады эле, тигилердин жаагы жап болду.

– Баса, токточу! Ой, чын эле! – деди бай, – Кожожаш баатыр? Касен күйөө? Силерсиңерби?

– Ооба, бай-аке, бизбиз, – деди Кожожаш. – Күндүн көзү ачылбай жутта калдык. Элибиз кырылып калмай болду. Насияга эт-аш, унаа болчу мал сурап келдик. Жайында калтар-суусар менен кайтарабыз, бай-аке.

– Бербей койсомчу? –деп күлдү бай.

– Анда ак илбирс түбү менен кырылат, -деди Касен

– Биз кайыр сурап келгенибиз жок, насыя сурап жатабыз, – Кожожаш кыжыры келгендей сүйлөдү, анткени бай зайыптарынын алдында бир аз жасакерленип, маалкатып жатканын сезди.

– Биз кыянаттуу кыйын күндө, кыштын кыраан чилдесинде ажал менен арбашып, ач бел ашып, катал жол тартып келдик, бай-аке. Жакшылык кылып, эл-журттун сообуна калыңыз, сиздин акыңыз өлбөйт, – деп жалбарды Касен, анткени Кожожаш досу жаштыгы менен курч сүйлөп, байдын ачуусуна тийип алабы деп чочулады.

– Кең пейилдик кылып коюңуз, үй ээси, – Бегайымдын жумшак үнү шыңк этти. – Мергендер жакшылыкты унутпас.

– Болуптур, – деди Мундузбай бир аз ойлонуп туруп. – Силерге мал керек болсо, мага кол керек. Ойроттор кайра баш көтөрө баштады. Жакында эки жүз жылкымды тийип кетти. Мен силерге бир үйүр жылкы берейин, силер куралданып ылдый түшүп келгиле, ажыдаарды жаткан жеринен жайлабасак, ал эртең бизди оп тартып коёт. Буга кандай дейсиңер, баатырлар?

– Мергендер адамга кол салбайт, бай-аке! – деди Кожожаш.

– Душман журтуңарды бузуп, кыз-келиниңерди зордуктап жатса да, мергендер карап турат го? – Мундузбай зайыптарын карап мыйыгынан күлүп койду.

– Бизге катылгандын талпагын ташка жаябыз! – деди байдын какшыгына териге түшкөн Кожожаш.

– Ата-бабанын салты боюнча мергендер биринчи болуп адамга кол салбайт, бай-аке, – деп түшүндүрдү Касен, татаалданып бара жаткан абалды жумшартыш үчүн.

– Бизге бирөө кол салса, эл-журт, ар-намыс үчүн кан-жаныбызды аябайбыз, бай-аке.

– О-о, мунуңар дурус экен, -деди бай. – Кокус досуңарды кара душман каптап келсе, кантесиңер?

– Достукка— достук, жакшылыкка-жакшылык өлбөгөн жерде калышабыз! – деди Кожожаш.

– Мына, бул сөзүңөр мага жагат. Кана, байбиче, эмнең бар? Мейман күткүлө! – деди бай.

Айке жаш мергенди сонуркап карады, ал жөнүндө далай эл оозунан уккан көрүнөт. Кожожаштын сакал-муруттарындагы муздары эриген сайын,маңдайы кашкайып, өз өңүнө чыга баштады. Жаш келин эркектердин сөзүнө кунт койбой, келгендерди астыртан тиктей берди. Ал эми Кожожаш болсо аны түк байкабаган сыяктуу.

– Төргө чыккыла, баатырлар. Жайланышып сорпо-шилең ооз тийгиле. Буюгуп да-кеткендирсиңер, – деди Бегайым.

– Ырахмат, жеңе, биз токпуз, – Кожожаш сыр алдырбайын деди көрүнөт, бирок казанда бүлкүлдөп кайнаган эттин жыты каңылжаарын жарып кетчүдөй.

– Кутту үйдөн куру чыксаңар, жолуңар болбой калат, – деп кыңк этти Бегайым.

Айке чыныга сорпо куюп, мергендерге сунду. Алар бири-бирин карашты.

– Жаш жеңеңердин колун уялтпагыла, – деди бай.

Кожожаш башын көтөрүп, эми гана Айкени бет маңдай көрдү. Ал чынында эле мөлтүр сулуу, ууздай жапжаш экен. Сүйкүмдүү күлүмсүрөп, ак чыныны сунуп турат. Моймолжуган жаш токолдун бергенин алып, ыракмат айтпаска мергендин аргасы болбоду.

Бегайым эт туурап, Айке кесме кести, көздөрү ботодой жайнайт. Баса, Кожожаш Сур эчкини жарадар кылганда ал кайберен дал ушундай жалдырап, көздөрүн жайнатпады беле…

Жылуу үй, ысык сорпо конокторду балкытып, көңүлдөрүн көтөрдү.

– Хандар чеккен тамеки. Көңүлүңдү көтөрүп, жайдары кылат, – деди Мундузбай.

Кожожаш чылымды алып, буркурата сорду.

– И, кандай экен? –бай жооп күтүп жылмайды.

Кожожаш бейиштин төрүндө отургандай магдырап, балжая күлүмсүрөдү. Ырахаттанып таттуу тамекиден дагы сорду…

– Жоогазын чыкканда, кыз-жигиттериңер менен кыз оюнга келгиле, Кожожаш баатыр. Бай акеңер карындашын күйөөгө узатат, – деди байбичеси…

– Чакыргандан калба, өзүң басып барба дейт эмеспи, жеңе, – Касен батына албай бажаңдады.

– Курал жабдыктарыңарды ала жүргүлө. Ойротордун Дондогу жазында кутуруп калчы эле. Кокус келип калса, силер карап турбассыңар, -деди бай.

– Кам санабаңыз, бай-аке, – Кожожаш Айкени дагы бир жолу жалт карап алды.

Мундузбайдын жигиттери ай-гайлап үн салышып, жылкы дүрбүтүп, семиз бээ, мингич аттарга укурук салып жүрүштү. Келгиндерди бай узатып чыкканда, ал мөңгүлүү тоолордон шамал согуп, өрөөнгө кар тозоңун үйлөй баштаптыр.

Мергендер коштошуп, алган жылкысын айдап, жолго чыгышты. Конушунан кыйла узай бергенде Кожожаш артына кылчайды, байдын ак өргөөсүнүн жанында турган жалгыз караанды байкады. Мерген анын аркардай жайнаган көздөрүн жапжакын көргөндөй болду, жарадар болгон Сур эчкинин жалдыраганы эсине түштү.

Айке мергендердин караандары көздөн үзүлгөнчө карап турду да, эки чакасын апкөчүнө илип өзөндү көздөй басты… Кожожаш мергенди сүйүп калган жаш келиндин назик жүрөгү кабынан чыгып кетчүдөй туйлап опколжуду…

Ал түнү Айке уктай албай, көз жашын көлдөтүп жатты.

– Сага эмне болду? – деп чочулады Мундузбай.

Жооптун ордуна жаш аял алаканын бетин басып ыйлай берди.

– Бегайым таарынтып жүрөбү?

Айке башын чайкады.

– Турмушуңа нааразысыңбы? Мындай бакыт жети атаңдын түшүнө да кирген эместир, – Мундузбай таарынды.

– Э, байым, бакыт байлыкта гана бекен!.. Баланын ыңаалаган үнүн уксам, эмчегим зыркырап кетет. Сиз Бегайым эжеме кеткенде, мен момуну боорума кысып жатам, – Айке өзү жасап, жалаякка ороп алган куурчагын көрсөттү. – Кээде бул түн ортосунда ыйлагансыйт, ойгонуп эмчек берсем, оозуна албайт, өлүктөй унчукпайт…

– Айла канча, эркетайым! Жаратканым сен экөөбүзгө перзент бербеди. Менин жаным кейибейт дейсиңби? Жаш улгайды. Үйүм жымжырт. Көзүм жумулуп кетсе, туугандарым малымды, душмандарым элимди талайт. Артымда туяк жок, сен жашсың… – Мундузбайдын көзүнө жаш кылгырды…

Айке эрин мойнунан кучактап, токтоно албай шолоктоду. Өрөөндө суук шамал ышкырып, жер үстүндөгүнүн бардыгын шыпырып кетчүдөй үзүк-туурдуктарды калтылдатты. Турмуштун ырайымсыз суук шамалы кийизден курулган жеңил үйдү камгактай тоголотуп учу-кыйыры жок ааламга учуруп бара жаткансып, бакыт самап шордонуп жаткан жаш келиндин жараланган жүрөгүн ого бетер титиретти…

***

Ачкачылыктан ак шишик ала баштаган мергендер бала-бакырасы менен өбүрөп-чөбүрөп Сайкал эненин таш үйүнө чогултушту. Касен бээни жетелеп чыкты, үч жигит аны кыл аркан менен тушап, күрс эттирип жерге жыгышты.

Бээ союлуп бүткөндө, Калыс абышка этти бардык үйгө жеткидей кылып бөлүштүрдү. Көзү көрбөгөн Сайкал энени жетелеп келишип, эттин жанына отургузушту.

Калыс эттин бир бөлүгүн көрсөтүп:

– Кимге? – деп сурады.

– Касен балама, – деди кемпир.

Касен өз үлүшүн көтөрүп, үйүнө жөнөдү.

– Кимге?

– Түгөл иниме!

– Кимге?

– Карыпбай иниме?!

Кожожаш өз үлүшүн алды.

– Кимге?

– Саяк балама!

Саяк аксаңдап барып этин алып, кудуңдап сүйүнүп энесинин бетин жалады. Кемпир баласын эркелетип кулагын ушалап койду.

Эт тартылып бүткөндө Калыс абышка ортого чыгып,

– Таарынганыңар барбы? –деп сурады.

– Жок.

– Бул эт каныбызга кан кошуп бизге күч-кубат берсин! – деп картаң Сайкал эне алкоосун берди.

Бир аздан соң бардык түндүктөрдөн көк түтүн булап, жалындын кызыл тили бороктоп эт бышып жаткан кара казандын түбүн аймалады. Зулайка ооз комузун алып «Тагылдыр тону» ойной баштады. Айлана муңайым обонго бөлөндү. Жан эргиткен күү боз үйдөн сыртка чыгып, уламдан улам күчөп, уламдан улам жаңы кайрык кошулуп, узаган сайын жаңы боёкко толуп, көгөргөн көктү көздөй көкөлөдү… От жанында күү угуп отурган Кожожаштын көз алдында Айкенин татынакай келбети.

Байдын токолу, күрүчтөй аппак тиштерин кашкайтып мээримдүү күлүмсүрөйт, көздөрү сагынгандай жоодурайт…

Көгөргөн мөңгүдөн көз жашындай тамчы мөлт этип ылдый кулады, анын артынан дагы бир тамчы тып этти, анан дагы, дагы… Тоо бетиндеги кар эрип, шыбырашкан булактар кыш өткөнгө абдан сагынышып калгансып кучакташып, кошулуп, акыры дайрага айланды.

Жазгы күндүн алтын шооласы ак селделүү тоолордун чокуларына, жалтыраган аксаларга тийип чагылышып, жер бетин жаркыратты. Жайкалган өрөөндөр, жашыл токойлор, көз уялткан нурга бөлөндү. Төө тапандар гүлдөп, жер бети көгөрүп, куштар сайрады. Кышты-кыштай дымып, үлгүрөп жаткан өзөндөрдөн күркүрөп суулар акты.

Тектирдеги жайытка эки улагын ээрчиткен Сур эчки чыкты. Анын териси саал бозураак, астыңкы бутунан аксап жүрөт. Дөбөдө мүйүзүн каркайтып Алабаш теке турат. Анын дердейген таноолору жакындаган коркунучтун жытын дароо сезип, тикчийген кулагы шырп эткен дабышты жазбай угат.

Бирок Кожожаш карт текеден куураак, ал мышыктай жумшак басат, адам жытын билгизбей шамалсыз жактан келет. Мерген жаасын тартып кайберенди мээледи, ал башын көтөргөндө Сур эчкини таанып кароолго башкасын алды. Жебе ызылдаган бойдон кетти. Обочодо турган жаш теке оңкосунан түшүп, төмөн кулады. Кожожаштын бет алдынан сереңдеп улак чыга калып, корконунан селейип туруп калды.

– Чойт! Жарыбагыр! – Кожожаш ышкырып жиберди, улак так түйүлүп жөнөдү. Мерген тоо жаңырта каткырды.

Тоо эчкилердин тобу өр талашты. Үйүр алдында каркайып Алабаш теке бара жатат. Артынан эчкилери тоо эңкейип чубашып, кокту-колот, корум таштардан секирип, кадим канат бүткөндөй зымырашат. Сур эчки эки улагын ээрчитип обочодо бара жатат… Кожожаш сымбаттуу кийиктердин чуркашына сонуркап, олжосун ийнине арта салды. Мергендер атып алгандарын көтөрүшүп үйлөрүнө жол тартышты. Алардын курларында боз коёндор салаңдайт, ийиндеринде тузактан алган тирүү кекиликтер тырпырайт. Дагы бир нече ушундай канаттар болсо, аларды асманга көтөрүп кетчүдөй.

Мергендерди утурлап шыралга сурап чурулдаган балдар, арсылдаган иттер тосуп чыгышты…

Боз тоонун этегинде чоң үңкүр карарат, алдындагы арчанын бутактарында ар түрдүү чүпөрөктөр желбирейт.

Үңкүрдүн төбөсүнөн акактай таштар салаңдап, тунук тамчылар тыпылдайт, ортодо ысык булак оргуштап бууланат, төбөдөгү жараңкалардан көптөгөн кыйгач шоолалар тийип турат. Арасында Кожожаштын аялы Зулайка да бар, Сайкал эне ташбуркандай болуп үңкүрдүн төрүндө отурат.

– О, касиеттүү Умай эне, кыз-келиндериме эркек бала бере көр! Макулуктарыңды эне бактысынан ажыратпа! – дейт кемпир.

Аялдар картаң эненин айткандарын кайталашат.

– Оо, касиети зор Көкө-теңирим, тырмактай перзентиңди менден аяй көрбө, – деп бири жалынса, экинчиси:

– Бала-бакырамды көзү сууктан, өлүм-житимден сактай көр! – деп жалбарат.

– О, ачык асман, ата-бабанын арбагы, жер-суубузду, эл– журтубузду душмандан сакта!

– Эл башкаргандарды эстен тандырып, туугандын канын тууганга төктүрө көрбө!..

– О, кайберен-эне, тоо-таштын, жер-суунун ыйык ээси, Кожожашымдын күнөөсүн кечир, аяздуу бороондо сени тааныбай жарадар кылыптыр, сен анын көзүн көр, буту-колун шал кылып салба, өлүмгө кириптер кылба, айкөлдүгүңдү аябай кырсыктан сакта, – деп Зулайка жашын төгүп өзүнчө күбүрөйт.

– Оо жараткандын ыйык булагы! Жан денени жууп тазарт! Оору-сыркоо, кайгыны эритип агызып кет! –дейт Сайкал эне көлөйгөн көздөрүн күн шооласына буруп.

Аялдар жылуу булакка жуунуп, кемпирдин сөздөрүн кайталашты. Алардын үндөрү кудукка түшүп, канаттарын сабап чыга албай жаткан кушка окшоп, үңкүрдүн ичин толтура күңгүрөп, көк асмандын бучкагы көрүнгөн тешиктен чыгып, ак мөңгүлүү Улуу тоолорго, андан ары көкө теңирдин өзүнө жетип жаткансыйт.

Аялдар сыланып, таранып, кийимдерин кийип, баштарына кызыл-тазыл жоолуктарын салынып,үңкүрдөн чыгып, этектеринен чүпөрөк айрышып, жалгыз арчанын бутактарына байлашып, жалгыз аяк жол менен төмөн карай жөнөштү.

Карагул аянтчада балдар менен ойноп жүрөт, алар менен кошо топоздун үрпөк баш мамалагы да тойпоңдоп оюн салат. Балдар аны мине калышып, кайра кулап, көк чөптө тоңкочук атышат. Сур эчки эгиз улактарын ээрчитип, балдардын оюнунуа суктангандай карап коюп, алыскы кырда оттоп жүрөт.

Кожожаш менен Зулайка бийик аскадан аккан шаркыратманын көк кашка суусуна киринишип, жаратылыштын бактылуу балдарындай ойноп, шаңдуу күлүп тоо жаңыртышат. Аларды жайкы күндүн шооласы жылытып, тоо көлүнүн жибектей жумшак тунук суусу жыпжылмакай жылтыраган денелерин сылап– эркелеткенсийт, суунун ар бир чачырандысында күндүн нуру миллион түскө бөлүнүп жаркырайт. Жайкалган көк шибер, жайнаган тоо гүлдөрү, шыңга бойлуу карагайлар Улуу тоонун балдарын жат көздөн сактап калкалайт.

Кожожаш көк шиберге чалкалап, шашпай жылган булуттарды карап жатты. Зулайка күйөөсүнө эркелей мойнуна колун артты, бирок, Кожожаш аны байкаган жок, анткени, анын көзүнө Айкенин келишимдүү сымбаты көрүндү. Ал күлүмсүрөп, күрүчтөй аппак тиштерин кашкайтат, капкара көздөрү сагынгандай жайнайт.

– Кожожаш, – Зулайка акырын чакырды.

Кожожаш селт этип аялын карады.

– Сен азыр кимди көрдүң?

– Касиеттүү кайберенди, – деди Кожожаш.

– Сен андан дагы эле коркуп жүрөсүңбү? – Зулайка башын көтөрүп күйөөсүнө тигилди.

Кожожаш башын ийкеди.

– Мен Көкө теңирге мунажат кылдым. Ал сенин күнөөңдү кечет, – деди Зулайка.

Кожожаш аялын күчтүү колу менен кучактады…

Жашыл көлчөгө эликтер келип суу иче башташты.

Адамдардан алар чочуган жок, анткени алар мында келген айбанга эч ким эч качан тийбесин билишет.

***

Белине аркан байланган Карагул бийик асмандан төмөн түштү. Жогоруда аркандын учун кармап, небересинин ар бир кыймылына көз салып чоң атасы Карыпбай турат. Бала уяга жетип, бүркүттүн үрпөк баш балапанын койнуна салып, жогору тырмышты. Үстүнөн бүркүт айланып, баланы көтөрүп кетчүдөй качырды. Карагул аны таяк менен жаңсады, жогору чыгып бир нече жолу жаа менен аткылады эле, куш учуп кетүүгө аргасыз болду.

Капканга илбирс түшүп калыптыр. Мергендер жааларын камдап, аркан алып жырткычты тегеректешти. Илбирс кылычтай курч тиштерин арсайтып бардыгын кырып жиберчүдөй ырылдайт, көгөргөн ырайымсыз көздөрүн оттой балбылдатып, жакындаганга жулунат, учу кара узун куйругу ажыдаардай ийрелеңдейт. Касен илбирске таяк сунду. Жырткыч жинденип жыгачты кемире баштады. Экинчи мерген мойнуна сыйыртмак ыргытты. Кожожаш шап куйруктан алды. Мергендер илбирсти чытырата байлап, буттарын тушап,оозуна таяк тиштетип, кемээчтеп, жыгачка асып алып жөнөштү.

***

Өрөөндө байчечекей гүлдөп, бозоруп, кезекти сары башыл жоогазынга берди. Мундузбайдын айылы кызыл-тазыл кооз, ак өргөөсү аябай жасалгаланган. Айылдыктар дурусураак кийимдерин кийишип, аттарына күмүш жүгөн катып, куюшкан, көмөлдүрүктүү ээр токуп, саймалуу үртүк жаап – иши кылып колунда болгон жабдык-жарактарын, кийим-кечесин аянбай үстүнө салып, дос– душмандын көздөрүнө бир көрүнөйүн деген максатты коюшкан окшойт. Айылдын ортосунда эки чоң дөңгөлөктүү чүмбөттөлгөн араба турат. Анын бирөөндө селдечен, узун чапан кийген кашкарлык соодагер. Малчылар үйлөрүнөн шырдак, көлдөлөң, сөөктөн оюлган буюм-тайым, күмүш капталган ат-жабдык жана башка буюмдарды алып чыгып, аларды сөйкө-шакек, акак, сүрмө, чай-чамелек, фарфор идиш, чыны-чайнек, мата-жибекке айырбаштап жатышат.

Мундузбайдын ак өргөөсүнүн жанына дагы эки үй тигилген, бирөө жумурткадай аппак кыз– күйөөгө арналган, экинчиси меймандарга арналган боз өргөө.

Байдын үйүндө айылдын аттуу-баштуу аксакалдары отурат. Төрдө жибек жаздыктарга таянып, ак чапанчан семиз соодагер, анын катарында саймалуу чапан кийген, башына селде оронгон чырайлуу жаш жигит отурат, калыбы күйөө болуш керек, алардан бир аз обочороок дагы эки конок -бирөө борпоңураак, жоош, экинчиси шуртулдаган чарчы бойлуу неме. Дасторкондун үстү жаймажай. Узун моюн койкойгон бөтөлкөлөрдө күрүчтөн тартылган арак.

– Аксакалдар, биз соодагер Султанбек менен көптөн бери доспуз. Кадырлуу досубуз бизди дайыма кийим-кече, кооз буюм-тайым, чай-чамелек менен камсыз кылып турат. Бул жолу досубуз алдыбызга карындашым Жаркынды баласына кудалап келиптир. Буга кандай жооп беребиз? –деди Мундузбай.

Карыялар алгач тартип сактап унчугушкан жок.

Акырында буурул сакал Бектен башын көтөрдү.

– Ал эми кудай бизди куда кылам десе, айла канча. Жакшылыктан баш тартпайлы. Кымызды суусаганга бер, кызды сураганга бер дейт. Султанбек баатыр менен туугандашсак, бул эки элдин ынтымагы. Жамандык-жакшылыкты бири-бирибизге жөлөк-таяк болобуз, – деди карыя.

– Дагы кандай сөз бар? – Мундузбай отургандарды айлана карады.

– Бектен– аксакал оң сөз айтты, -деп кубатташты карыялар.

– Кызга даярдалган сепке кошуп карындашым бөлөк эл, бөтөн жерде жалгыздабасын деп элибизден эки жигитти зайыптары менен Султанбек кудага тартуулайын дедим. Буга кандай дейсиңер?

Аксакалдар унчугушпады. Бай кудасына мындай баалуу белек берет деп эч ким ойлобоптур.

– Бегим, кызга кандай сеп берем десең өз эркиң. Сендей касиеттүү улук адам уялаш карындашын кул-күңү менен узатса – бул илгерки ата-бабадан калган салт, – деди Жапаркул карыя.

– Сепке кетчилердин эне-атасына айтып койгула, тогуздап мал берем, – деди Мундузбай.

– Оп, баракелде марттыгыңа!

Айылга алкынтып айгыр минген Кожожаш, Касен, ийнине ак шумкар кондуруп Карагул, жаа-найза менен куралданган мергендер Кайберен терилеринен тигилген кийимдерин кийип, жанына саадак байланып мерген кыздар кирип келишти.

Жаздын аягында «ак илбирс» уруусунун бойго жеткен улан-кыздары ушинтип өрөөндөгү кыз оюнга түшүп келишет, жакадагылар менен көрүшүп-сүйлөшүп, жубай тандашып, баш кошуу жөнүндө макулдашат.

– Ак илбирсттер келе жатат! Мергендер келе жатышат! – балдар чурулдап айылды жаңыртты.

– Тоюуңар тойго улансын, жеңелер! – деп мергендер айтса:

– Улантмак силерден болсун, илбирстер, – деп айылдын кыз-келиндери шыңкылдашат.

– Кыз оюнуңар кызык болобу? – деп мергендер тийишсе:

– Кызыктыруу силерден болот, – деп беркилер жооп берет.

Үйлөрдөн таңыркагандар чыгышып, кыздар мерген жигиттерди тымызын суктана карашып, шыңк этип шыбырашып, келиндер жоолук астынан каштарын серпип, жаштарды жашыруун сынашат. Айылдын боз уландары мергендердин сымбаттуу кыздарын байкашып, колукту тандап бири-бирин колтукка түртөт.

Кожожаш менен Касен байдын ак өргөөсүнө жеткенде Айке утурлай чыгып мергендерге салам берди.

Аны көргөндө Кожожаштын жүрөгү дүкүлдөп, жеңиндеги жамаачыны эрксизден алаканы менен жаба койду.

– Тоюңар маарек болсун, жеңе, – деди Кожожаш.

– Кош келипсиңер, меймандар, – Айке Карагулду аттан алып, бетинен өптү.

– Кимдин уулусуң?

– Кожожаштын, – деди бала.

Айке Карагулду бооруна кысып алды да, жүрөгүнүн дикилдегенин баланын атасы угуп койбосун дегенсип шарт үйгө кирип кетти.

– О-о, улуу тоонун эркин мергендери келип калган тура! – Мундузбай сүйүнүп ордунан обдулду. – Төргө өткүлө, меймандар.

Карагул байга шумкарын сунду.

– Кушуңуздун боосу бек болсун, бай –аке! –деди бала.

– Ыраазымын, уулум, – Мундузбай баланы чын дили менен өптү. – Бул менин сага белегим! – Бай күмүштөлгөн курун белинен чечип, балага берди. –Чоң жигит болгондо курчанып жүр, макулбу?!

– Макул, – бала суктана жылмайды.

Касен куржунунан илбирс, суусардын түгү сеңселген терилерин байдын алдына төктү. Коноктор аны көргөндө, көздөрү кызарып кетти.

– Белектерди ал, байбиче! – Мундузбай Бегайымга кайрылды.

– О-ий?! – байбичеси жылт-жулт эткен кундузду алып бетине тийгизди.

Соодагерлер терилерди кармалап, өз ара сүйлөшө калышты.

– Ушунтип убада боюнча келип калдык, бай-аке! – деди Кожожаш.

– Азаматсыңар! Илбирстериң конок үйгө жайгашсын. Кыздарды ак өргөөгө киргизгиле. Кана, байбиче, меймандарга баягы суюк жалындан куйчу, – деди Мундузбай.

Бегайым күлүмсүрөп коюп, конокторго бөтөлкөдөгү арактан куйду. Касен ак чыныны ээрдине жакындатканда сасык жыт мурдуна бур этип бетин бырыштырды. Мерген чочулап чыныны байбичеге кайра берди. Коноктор күлүп калышты. Кожожаш шылдыңдап күлгөндөрдү акырая бир карап алып, өзүнүн чынысындагыны шарт жутуп жиберди. Мергендин бети-башы аябай бырышып, сыртка жүгүрүп чыкты. Отургандар кыраан каткы күлүштү.

– Сиз да биринчи жолу ичкенде ушинткенсиз, байым, – деди Бегайым.

Мундузбай көзүнөн жаш акканча күлдү, бир заматта күлкүсү тыйылып, элейип эшикти тиктеди: Кожожаш байды как жүрөккө мээлеп, жаасын тартып туруптур.

– Бай, сен бизди уу берип мойсоюн деген экенсиң го! – Кожожаштын көздөрүнөн чаары чыгып кетиптир.

Мундузбай мурдагысынан катуу каткырып, бөтөлкөнүн оозунан эки жолу кулкулдата жутуп, байбичесине сунду. Бегайым аракты чыныга куюп, шашпай ырахатанып ууртады. Кожожаш аргасыздан жебесин төмөн түшүрдү. Карагул кичинекей жаасын акырын артына катты. Ал жарыбагыр куралын качан камдай койгонун эч ким байкабаптыр.

– Мергендерге бал чайкагандардан берчи, – деди бай.

Байбичеси көөкөрдөгү арактан куйду. Кожожаш менен Касен бири-бирин тиктеше калып, жута башташты.

Касен ичип бүтүп ырахаттана курсагын сыйпалап, чынысын сунду:

– Дагы!

– Азырынча жетишет! Ичкениңер жүрөгүңөргө сиңсин. Анан дагы болот, – Мундузбай мурутунан күлүп койду.

Семиз соодагер жанындагысына шыбырады.

– Мергендерде маралдын жазгы мүйүздөрү барбы деп сурап жатат сиздин кадырман кудаңыз, – деди анысы.

– Мергендер кайберендин мүйүзүн жебейт, этин жейт, – Кожожаш какшыктуу жооп берди.

– Маралдын мүйүзүндө эркекке дымак берчү кудурет бар, – деди соодагер.

– Кудурет табам деп мүйүз мүлжүйсүңөрбү? Өз дымагыңар кайда? Же аныңарды да сатып жибердиңерби? – кызый баштаган Касен арсылдап күлдү.

Коноктор жооп таппай, үй ээси оңтойсузданып бир азга тым-тырс боло калды.

– Менин туугандарым алыскы тоолордо жашап, көп нерседен кабары жок, өтө тамашөкөй келишет, сиз таарынбаңыз, куда, – деп оңдоду бай.

Соодагер «түүшүнүктүү» дегендей жылмайды.

– Силер бизге маралдын мүйүздөрүнөн берсеңер, биз силерге суюк жалын менен мына муну беребиз, – соодагер арт жагынан мылтык алып чыгып Кожожашка сунду. – Бул эмне экенин билесиңерби?

Мерген мылтыкты кармалап, оозун шыкаалап, эмне экенин билбей, ийнин куушуруп Касенге берди. Касен мылтыкты жакшылап карап, ары– бери кармалап, салмактап көрүп, Карагулга берди.

– Сен билип жүрбө?

– Кытайдын чокмору! – деди Карагул.

Беркилер күлүп жиберишти.

– Азамат, таптың! – соодагер мылтыкты артына катты. Айке кымыз куюмуш болуп, анда санда жалт этип Кожожашты карайт, бирок мерген аны байкабаган сыяктуу…

***

Байдын жигиттери колу артына байланган, кийим-кечеси тытылган бир кишини жетелеп келишти.

Шордуунун колунда бир ууч ак бермет жүрөт. Шурунун жиби үзүлүп кетиптир,майда балдар туткундун артынан жүгүрүп жерге чачылган ак берметтерди терип жүрөт. Үйдөн Мундузбай чыкты.

– Артыктын Биялысы соодагерлердин бермет шурусун уурдаптыр? – Жигиттердин бири ууруну далыга түрттү, экичиси камчысын көтөрдү. Аны Мундузбай белги берип токтотту.

– Сен мени ардактуу коноктордун көзүнчө уят кылайын деген экенсиң да! – байдын ачуусу келе түштү

Ууру кызыл ала кан болгон бетин буруп, терс карап, мурдун шор тартты.

– Ууруга кандай жаза болот? – Мундузбай айлансында турган элге кайрылды.

Эч ким унчуккан жок.

– Шарыят боюнча, сол колун керте чабыш керек, – деди кимдир бирөө.

Байдын жигити ошол өкүмдү азыр эле ишке ашырып жиберчүдөй кылычын кынынан сууруду. Мойнуна камчысын салып, ортого карыя чыкты. Бай ишаарат кылып жигитти токтотту. Татынакай жаш аял кичине баласын көкүрөгүнө кысып ыйлап жиберди.

– Сакалымды сыйлап, менин жалгыз кулунумдун күнөөсүн кечир, бай-аке. Аялы эркек төрөгөн, шуруну келинчегине белек кылып берейин десе керек. Берметтин баасы беш кой эмеспи, -деди абышка.

– Алты кой. Алты! – деп кыйкырды эки дөңгөлөктүү арабанын ичинде отурган соодагер алты манжасын арбайтып.

– Мен сенден бирдеме сурадым беле, шордуу Биялы! – балалуу аял эчкирип ыйлады.

Мундузбай аялды карады.

– Соодагерге менин короомдон алты кой санап бергиле, – деп буюрду бай.

Чал байга барып, анын колун өпкүлөп жиберди.

– Айкөлдүгүңө ыраазымын, байым. Кудай-таала кудуретиңен жазбасын, кагылайын!

– Биялы, сен аялың менен Кашкарга барасың, кыз-күйөөгө кызмат кыласыңар. А жерде жакшы жүрбөсөң, башыңды кыя чабышка уруксат беремин! – Бай күпүлдөп үйүн көздөй басты.

– Бай аке, жалгызым аякка кетсе менин күнүм эмне болот? – Абышканын көзү жашылданды.

– Сен алты кой алдың, тойдон кийин дагы төрттү берем! – Мундузбай үйүнө кирип кетти.

Биялы, аялы Сонун, картаң атасы дал болуп туруп калышты.

***

Дөңгө шырдак, ала кийиз, көлдөлөңдөр салынды. Коноктор кары-жаш болуп бөлөк-бөлөк отурушту. Төрдөн кадырман аксакалдар орун алышып, илгерки өткөн замандан кеп салышты. Андан оолагыраак орто жаштагы эркектер күлкүлүү сөздөрдөн сүйлөшүп, тамашалашып отурушту. Бери четте баштарына элечектерин бапыйтып, баркыт, жибек кийген байбичелер бири-бирин сын көзү менен карашып, кызмат кылган келиндердин аракеттерин байкап, шоркурата чай ууртап отурушту. Нары жакта жаш улан, кыз-келиндер өздөрүнчө комуз чертишип, озоңдото секетпай ырдашып, ажардуу күлүшөт. Шартылдаган шамдагай жигит-келиндер буту-бутуна тийбей чай куюп, кымыз сунуп, эт тартып жүрүшөт. Кожожаш менен Касен өз курбулары менен отурушту. Карагул көзүн алайтып, болуп жаткан окуяларды таңыркап карайт, кез-кез атасынан шыбырап бирдеме сурайт, ал баласына чыдамкайлык менен түшүндүрөт.

Карагул мындай чоң тойду биринчи жолу көрүшү.

Кызыл баркыт тебетейчен жигит Мундузбайга келди:

– Бай-аке, артыктардын Биялысы аялы менен Султанбекке кул болбойбуз деп, тоону көздөй качышты, – деп шыбырады.

– Тирүүлөй кармап, маскара мамысына асып койгула! – деп буюрду бай.

Кызыл чок таазим кылып, буйрук күтүп колдору кычышып турган жигиттерине белги берди, алар тоону көздөй чаап жөнөштү. Биялы, аялы Сонун эмчектеги баласы менен тоо этектеп чаап баратты. Алардын аркасынан чаңды буратып, кыйкырык чуу менен байдын жигиттери кууп жөнөштү. Күлүк минген куугунчулар жете жаздап калганда, Биялы атынын башын чукул бурду.

– Арткы өйүзгө чык! – деп буюрду аялына.

Сонун башын чайкады.

– Бол! – Биялы бакырып аялын камчы менен жонго тартып жиберди. Биялы койнунан шалк этмесин алып, аларды көздөй бет алды, таамайлап туруп бир жигитти атынан ыргыта чапты, экинчисин качырганда, ал дыркырап жөнөп берди. Жанталашкан качкын аябай кармашты, жигиттер анын мойнуна сыйыртмак салууга аракет кылышты. Биялы дагы бирөөнү ыргыта чаап, кутулуп кетмек болгондо төмөн жактан дагы үчөө көрүндү. Биялы тайманбай каршылык көрсөттү, бирок тигилер аркан ыргытып, атын чалынтып, өзүн оодарып түшүрүп, буту-колун байлашты.

– Кайда качып кутулам дедиң, акмак! – Кызыл чок эки жолу өпкөгө тепти.

– Сен мени сепке бергидей мал белем? – деди Биялы.

– Анан ким элең?

– Мен адаммын! – деди Биялы.

– Аны сен байга айт! – кызыл чок берки жигиттерге белги берди. Алар качкындын мойнуна чылбыр салып жетелеп жөнөштү. Шордуу муунуп калбас үчүн аттардын артынан жөө чуркады.

Мунун баарын аркы өйүздөн көрүп турган Сонун, баласын бооруна кысып боздоду, анан аргасыздан сууну кайра кечип айылды көздөй жол тартты. Биялы жигиттердин артынан жүгүрүп кете берди, үстү-башы камчыдан кызыл-ала.

Тойдо ат оюндар башталып, жигиттер меймандарга шамдагай шайдооттугун көрсөтүп жатышты. Ат чабыш, тыйын эңмей, оодарыш болду. Мергендер менен жергиликтүү жигиттердин ортосундагы мелдешүү күчөдү. Ак илбирстерди дароо тааныйсың: ар биринин ийнине илбирс терисинен өөн тигилген. Оюн-зоокто Кожожашка эч ким тең келе албады. Ат үстүнөн кезектеги бирөөнү алып ыргытып, көпчүлүктүн ичинен асыл жанды издеп, анын суйкайган сүйүктүү келбетин көрүп жаны тынат. Анан калса Айкеси да топ кыз-келиндин арасында бардыгынан ажарлуу, суктангандай сулуу.

Биялы шордууну дөбөдөгү кашаага жетелеп келип, ортосундагы жоон мамыга башын ылдый каратып илип коюшту. Качкын тарбаңдап, жан талашты.

– Кайырмакка илинген соң, айлаң канча? – деп күлдү кызыл чок. Байдын жигиттери тойго кетишти. Элдин баары той– тамашага алаксып, бери жакта болуп жаткан окуяны байкашкан да жок. Асылган Биялынын каны башына куюлуп, заматта күрөө тамырлары буржуюп чыкты.

Эл чогулган аянтка жарчы жар салды.

– Азыр төө чечмей башталат! Кана, келиндер, кимиң чыгасыңар?

Аянттын ортосуна чакан ороо казып, түбүнө эңкейген кишинин колу араң жеткендей казык кагып, ага төөнүн буйласын байлашты. Очойгон эки өркөчтүү кара атан мулжуңдап жинин кепшеп, айланада болуп жатканды түшүнүп тургансып, чогулган элди менменсине карайт.

Мундузбай коноктору менен кул жебес даамдар толгон дасторкон жайдырып тактада, соодагер той ээси менен тамашалашып чоң курсагын бүкүлдөтө күлүп отурат.

– Келиндер! Кимде-ким төөнү чечип кетсе, нарга кошуп аккаймал алат! Кана эмесе, бай-аке айнып кала электе байгени алып кеткиле! – Жарчы кыйкырып ары-бери бастырды.

Топ ичинде отурган аялдар бири-бирин түрткүлөп күлүштү, бирок эч кимиси батынып ортого чыккысы жок. Семиз соодагер жарчыны чакырып, кулагына бирдеме шыбырады. Жарчы башын ийкеп, меймандын колунан чакан кутуча алып, ортого чыкты.

– Келиндер! Кимде-ким кара нарды чечип кетсе, ак каймалды алат, биздин кымбаттуу коногубуз анын үстүнө мына бул кутучаны кошуп беремин дейт. Ичи толтура сөйкө, шурулар! – деп кыйкырды жарчы. Бирок ортого эч ким чыккан жок.

Мундузбай жарчыны чакырып, кулагына дагы бирдемени шыбырады. Ал башын ийкеп, кайра ортого чыкты.

– Төөнү чечип кеткен аял эмне кааласа ошонусу кың дебей орундалат деди бай-аке!

Биялынын көзүнө кан толуп кетти. Күн так бетке тийип, чаң топуракка шордуунун тери чыпылдады.

– Чыкты! Чыкты! Ө-өй! Карагылачы! – чогулган эл дуулдады.

Биялы көзүн араң ачып, эки кемпир аянтка башынан аягына чейин карага чүмкөлгөн аялды жетелеп чыкканын көрдү.

– Бул ким? Кимдин аялы? – деген кыйкырыктар.

Элдин бары тикесинен турду. Аялдардын кимиси мындай ишке чыкканын эч ким билбейт.

Кемпирлер аялдын чүмбөтүп ачканда эл дуу дей түштү. Аны көргөн Биялы онтоп жиберди – ортого чыккан анын аялы Сонун экен.

– Ө-өй! Сонун экен! Сонун! Биялынын катыны! – Бул кабарды алыс отургангандар жеткиришти.

– Бул өрөөндүн сулуусу эмес беле? Капырай, уялбайбы! Башына эмне күч келди!

– Төө алам деп, абийрин төгөбү, бетпак!

– Шакек, шуруга кызыккан го! Акмак катын!

– Жесир неме болсо да бир жөн!

– Эри эмне дейт?

Эки кемпир Сонундун кийим-кечесин чече башташты.

– Денең менин кемпиримдикинен ак болсо, сени токолдукка алам! – деп кимдир бирөө кыйкырып калды.

Эл дуу күлүп жиберди.

– Сага бир катын да көптүк кылат! – деди Сонун.

Эл ого бетер күлдү.

Кемпирлер келинди белкурчоосуна чейин жылаңачташты. Көкү¬рөгү ачылганда, Сонун башындагы кызыл жоолугун чечип жиберди. Калың коюу кара чачы бойтөшүн бүт жаап калды.

– Ах шайтан ай, десе! – деп кимдир бирөө абдан өкүндү.

Эл кыраан-каткы күлдү.

Араңдан зорго көзүн ачып жаткан Биялы аялын көргөн сайын, чыйырчыктын тумшугуна илинген сөөлжандай жан талашып ийрелеңдейт.

Келинди дырдай жыңалачташты, бирок согончогуна жеткен калың кара чачы бүт денесин жаап калды.

Сонун шашпай суйкая басып төөгө жакындады.

Биялы аялынын маскаралыгын көргүсү келбей, көзүн жумду.

– Шашпа! – деген кыйкырыктар, күлкү, каткырыктар.

Семиз соодагер жарчынын кулагына дагы бирдеме шыбырады.

– Көкүрөгүңдү жапкан чачыңды алсаң, биздин куда бир түрмөк жибек берет! – деп кыйкырды жарчы.

– Аны өзүнө кепин кылсын! – деди Сонун.

– О-о!

Семиз соодагер орсок тиштерин арсайтып, май баскан көзү менен аялды тиктеди.

– Чачыңды жыйсаң, бай-аке сенин бир эмес эки калооңду орундатат, – деп кыйкырды жарчы.

Сонун дуулдаган элди бир карады да, чачтарын жыйнап, мойнуна эки, үч ороп салды. Чогулгандар таңыркай түшүп, жым-жырт болду. Сонундун бой келбети чынында эле суктангандай: нооча, тула бою сымбаттуу, денеси чүчтөдөй аппак, чогулгандар кудай өз колу менен жараткан периштени көргөнсүп, аялдын денесинин сулуулугуна суктанып, аргасыздан кың дей албай калышты.

Сонун ак маралдай кериле басып төө байланган ороого келип, буйланы казыгы менен кошо шарт жулуп алганда гана эл дуу деди. Эки кемпир кара чүмбөтүн жаба салышты.

Сонун тез кийинип, эмчектеги баласын көтөрүп, бай отурган тактага келди.

Семиз соодагер кутуну ачып, Сонунга сунду– ичинде бермет, мончок шурулар, күзгү, шакек-билерик, эндиктер жана дагы толгон кооз буюмдар бар экен.

Сонун кутуну ары түртүп, Мундузбайга таазим кылды.

– Сен ашкан сулуу, жаткан баатыр экенсиң! Каалаганыды сура! – деди бай.

– Кана айтчы? Эмне берейин?

– Бычак! – Сонун колун сунду.

– Сулууларга курч курал көп жарашпайт го, куда, – деп соодагер тамବшалады.

Беркилер күлүп калышты.

– Бул менин биринчи каалоом! – деди Сонун.

Мундузбай аргасыздан өзүнүн бото курун чечип, келиндин аягына ыргытты.

Сонун канжарды кынынан сууруп дөң жакты көздөй басты. Эл аң-таң калып аны узата карады.

Аял дөбөгө чыгып, Биялыны байлаган кыл аркандарды кыйып жиберди. Эс-учун небак жоготкон күйөөсү чаң жерге күп этти. Кимдир бирөө чакага суу алып келип, баштан аяк куюп жиберди. Биялы эсине келип, ордунан турду, сендиректеп аялына келди, ээгинен көтөрүп туруп, жаакка чуу дедире тартып жиберди да, басып кетти. Сонун чаңга жыгылып, өксөп ыйлап жиберди. Жанына келип калгандар ыза болгон аялды тургузуп, сооротушуп, үйүнө алып келишти…

Кечинде көптөн бери күтүлгөн кыз оюну башталды. Ар бир жигит, ар бир кыз, ар бир келин жыл бою өз ырын ойлоп жамактаган, анткени өзүң чыгарган ырың болбосо, эл арасынан чыгып каласың. Тилге чоркок, ырга жок болсоң, каалаган теңиңе кантип жетесиң?

Жашыл өтөктүн этегине кыз-күйөө жолдоштору менен жайгашты. Алардан саал төмөнүрөөк оюнга келген кыз-келин, жигиттер.

Уландар көңүлү түшкөн кыздарына арналган секетпайларын созолонтушту. Кыздар аларга жооп кайтарышты. Отургандар жаккан ырларды дуулдап сүрөп, кол чабышат, кыз-жигит ортого чыгышып, жар көрүшүп, айкалышып өбүшөт. Кыйкырык-сүрөөндөр күчөп, ызы-чуу.

Күрпүлдөк суну кече албайм,
    Күйгөнүм сага жете албайм,
    Күкүктөй болуп уча албайм
    Күткөнүм, сага жете албайм,

деп Кожожаш Айкеге кайрылып ырдап калды.

Анда Айкеси:

Күрпүлдөп суудан кечпегин,
    Күкүктөй учуп кетпегин.
    Бүркүттөй кыраан сен болсоң,
    Ошондо мага жеткениң, – 

деп жооп кайтарды.

– Жаш-а! Айке ортого чыгып Кожожаш менен айкалашып өбүштү.

– Эки ача карагайдын түбүнөн күт, – деп шыбырады Айке.

Ай чыгып, шооласын жер бетине сепкенде Кожожаш менен Айке болжошкон жерден жолугушту.

– Кожоке, жаш өмүрүм соолуп баратат. Мени Улуу тооңо алып кет. Мен сага чолпондой кыз, көзгө атар мерген төрөп берем… – Айке жалдырап, жалбарды.

– Байдын төшөгүн аттасам, ак дасторкондун анты урат, Айке, – Кожожаш башын чайкады.

– Колуңда куралың, эр жүрөк мергендериң бар. Күч кимде болсо, чындык ошондо, Кожоке, – деп жалдынды Айке.

– Мергендер эч качан адамга кол салбайт, – Кожожаш башын чайкады.

– Алтын капастагы тотудай күн сайын саргайып, жүрөгүм кургап баратат. Бир күнү өзүмдү өзүм күм-жам кылам, башка айлам калбады… – деп буркурайт Айке.

– Айкем, кагылайын Айкем, – дейт Кожожаш суйкайган сулуунун кымча белин кучактап.

– Бүгүн айдын аягы… Сенден бала көргүм келет, сүйгөнүм…

Тоо этегинде жигиттер селкинчек күүлөп, кыз-келиндер токой жаңырта ырдашат:

– Кел, уландар, тебелик,
    Кыл аркандан селкинчек.
    Кыюусун таап ойнойлук
    Кыз-келиндер эркиндеп.

Бери жактан балдар менен селкинчек тээп жаткан Карагул жогору көтөрүлгөндө атасы менен Айкени көрүп калды. Бала мерген селкинчектен шып түшүп, ийниндеги жаасын алып, жебесин камдап эки ача карагайга жүгүрүп жеткенде Айке жалгыз калыптыр.

– О, аруу айлуу, сан жылдыздуу кадыр түн! Күнөөмө сен гана күбө болдуң! Айланайын кудай, ашыгымды кырсыгыңан сакта! Мен шордууну кечир, тырмактай перзентиңди аяба! – Айке көзүнөн жашын көлдөтүп кечирим сурап жатыптыр. Муну көргөн Карагул жебесин ылдый түшүрүп, ыйлап жаткан келиндин көзүнө көрүнбөй жок болду.

Бери жакта оюн-зооктор ай нуруна бөлөнүп улана берди.

Мундузбайдын кабагына кар жаап, күрүчтөн тартылган арактан ичип, Айкенин өргөөсүндө отурат. Жанында эринин капасын бөлүшкөн Бегайым. Экөө бири-бирин карабайт, унчукпайт. Үй артынан чач мончоктордун шыңгыраганы угулду. Айке кыз-оюнда ырдаган обонун кыңылдап өргөөсүнө жакындады.

– Келе жатат, – деди Бегайым.

Айке үйгө кирип, эри менен Бегайымдын түрлөрүн көрүп колундагы жоогазындын гүлүн мыкчып салды.

– И-и, боздоп калыпсың го, – деди Бегайым.

Мундузбай Айкени бир тиктеди да, байбичесине чыгып кет дегендей ишарат кылды.

– Акмак катынга теңелип ачууга жеңдирбе, байым, – Бегайым ордунан туруп сыртка чыкты.

– Кулак сенде, – деди Мундузбай, өзүн-өзү кармап.

Айке эрдин кымтып мисирейди.

– Мени топорлордун алдында маскара кылайын дедиңби!?

Айке керегедеги камчыны эринин колуна карматып, тизесине жыгылды:

– Мени көгала койдой сою сал. Кансырап өлөйүн! – деди Айке.

Мундузбай камчысын көтөрдү. Ак куудай Айкенин аппак моюн-ийиндери калтырап жаза күтүп турат, Айыптуу токолун чыңыртып кызыл-ала кылып, сабап жибергиси келди, бирок колу барбады. Жинденип табылгы камчысын эки бөлүп, отко ыргытты да сыртка чыгып кетти.

Айке куурчагын бооруна басып боздоду…

***

Эртең менен ак өргөөдө узатуу башталды. Бегайым кайынсиңдисине арналган кошогун созолонтту.

Кызыкемдин мойнуна
    Акактан шуру такканбыз.
    Алтын бешик, шайыга
    Алпечтеп бөлөп бакканбыз.

Кызыкемдин мойнуна
    Берметтен шуру такканбыз,
    Макмалдан көйнөк кийгизип,
    Маңдайдан сылап бакканбыз…

Байбиченин кошогун Айке улады:
    Жаман жорук-жосунга
    Жакындаба, кызыке.
    Кайненеңдин алдында
    Какаңдаба, кызыке,

Күүлөнүп күйөөң тилдесе,
    Күлүңдөп артын байкагын!
    Ата-энеңди тилдетпей,
    Акылга салып жайкагын!

Кыздын себине кетип бара жаткандардын эне-аталары ыйлап-сыктап өзүлөрүнчө бушайман.

– Ой, жалгызым! Сенсиз биз кантип күн көрөбүз? – деп кара кемпир кемшеңдеп, уулунун мойнунан жыттагылайт.

– Бизди унутпа. Аманчылык болсо көрүшөбүз, жаныңды сакта, ыйлаба, – деп улгайган аял кызын кучактайт.

– Ой, эмне улуйсуңар?! Баскыла жаагыңарды! Соодагердин үйүндө жыргап жашайт. Токтоткула ыйыңарды! – кызыл чок ары-бери бастырып чочоңдоду.

Кыздын башына элечек кийгизишти, мойнуна мончок тагып, чачынын беш көкүлүн жандырышты, эки өрүм кылып аркасына өрүп, учуна чачпак тагышты. Кыздын себин төөлөргө артып, уй, жылкы, койду айдап чыгышты. Мундузбай күйөөгө арнап жабдыктарын күмүштөп, саймалуу үртүк жаап токулган жоргону жетелетип келди. Бегайым күйөөнүн ийнине ак кементай жапты. Ак өргөөдөн кыңшылатып кызды чыгарышты. Соодагердин жан-жөөкерлери коштошуу шаан-шөкөтүнүн бүтөрүн күтүп четтерээк турушту.

Мундузбайдын эшик алдына кызыл-ала кан болгон жигит чаап келип атынан кулап түштү.

– Ойроттор! – деп кырылдап эсинен танды.

Эки далысынын ортосуна жебе кадалыптыр.

Күндүн бетин кара тозоң басып, миңдеген жылкы дүргүп, айылдагы мал-жанды үркүтүп, кошуп алып токойду көздөй жөнөдү. Тоо жактан кыйкырык-сүрөөн менен жинденген ойроттор кирип келишти. Кийгендери темир зоот, колдорундагы ийри кылычтары курман издеп жалаңдайт, учуна от байланган жебелер айылды көздөй шуулдады. Заматта жер өрттөнүп, кызыл жалын, кара түтүн асманга сапырылып, ажалдын алааматы каптап, жай жаткан журтка дүрбөлөң түштү.

Айылдын жигиттери уйкулуу көздөрүн ушалап, ирегеде илинип турган жаа-найзаларын алышып, сыртка чуркашты. Мамыдагы аттар чылбырларын үзүп, үрккөн жылкы менен кошо кетти. Айылдыктар ыйлаган балдары, онтогон кемпир-чалдары менен токойду көздөй чурулдап чуркашты. Ойроттор четтеги үйлөрдү өрттөп, буюм-тайымдарын талай башташты.

Бул Дондок баатыр деген ойроттун колу. Атасы Бакей кыргыздар менен достукта жашап, аш-тойлордо ардактуу мейман болуп, учага отурчу. Дондок аттуу уулу эр жеткенде кыргыздын Айжаркын деген сулуу кызына куда түшсө, ал кыз ойротту чанып, «зордоп берсеңер, бул дүйнөдө жашабайм» деп ант бериптир. Муну угуп абдан намыстанган жаш Дондок унчукпай атынын мойнун буруп, жолго түшөт… Анан атасы өлүп, бийликти өз колуна алары менен шылуун жаштардан мыктап кол курап, аябай куралдантып, темирден зоот кийгизип, коңшу айыл-апага кылыч сууруп, кол салып, жылкысын тийип, кыз-келиндерин маскаралап айлананын тынчын кетирет. Айрыкча ал кыргыз урууларына өч. Дондок баатырдын аңгилери өрөөндө кыз оюндары башталган мезгилди күтүшөт, анткени Мундузбайдын элинде даңазалуу сулуулар көп, кыздары сымбаттуу.

Ак жуумал, кийим-кечеси келишимдүү, келиндери бураң бел, чырайлуу. Ал эми жаз алдында өрөөнгө туш-туштан келген жаштар чогулганда – өзүнчө бир укмуштай көрүнүш. Кундуз, түлкү тебетей, кызыл-тазыл жибек көйнөк, баркыт чыптама, моюндарына акак, мончок тагынган кыздар, бермет, шуру асынган, ак элечек бапайтып, акмаралдай керилип баскан келиндер, күмүштөлгөн ат жабдык, ээр токулган күлүктөр көргөндүн көңүлүн көтөрүп, суктандырат, душмандын көзүн кызартып, ичин күйгүзөт.

Дондок баатыр ойноп-күлүп, тойлоп жаткан айылга кара куюндай тийип, топурагын тос кылды. Баскынчылар жөө калган жигиттерди кылычтап, чокморлоп, тебелеп, аялдарды чачтан алып, сүйрөп кийимдерин тытышты… Айылдын ортосунда бир топ жигит найзаларын сунуп, душманга каршылык көрсөтүштү. Атынан ажырап жөө калган Мундузбай албарс кылычын алып, айбаттуу шерлерче кармашып жүрөт.

Семиз соодагер жан-жөкөрлөрү менен эки дөңгөлөктүү арабаларын сүйрөп кыдыракей тизишти. Аттары үркүп жылкы менен кошо токойго кетиптир.

Кичинекей Карагул маймылдай тарбаңдап карагайга чыгып, жаасын октоду. Бир дардайган ойрот качып бара жаткан кызды чачтан алайын деп эңкейгенде, бала мерген жебесин алып очойгон көчүгүнө мадап, күлүп жиберди. Чоң ойорт жебенин кайдан келгенин таппай, ары-бери элеңдегенче, кыз токойго качып кетти. Ойрот баланы байкап калып, аткылай баштады, Карагул буйтап карагайдын калың бутактарына жашынды.

Бир учурда Карагул ыгын таап, тарткан жебеси ойроттун так кекиртегине кадалды. Баскынчы атынан ыргыды. Башка бир ойрот жетип келип, күйгөн чычаланы карагайга ыргытты. Бутактар чатырап күйө баштады. Карагул коркуп, түтүнгө уугуп жогору тырмышты, өрттүн жалыны артынан жалмаңдады…

Баскынчылардын бир тобу токойго кеткен качкындарды кууп жөнөдү.

Касен бир топ мергендер менен бийик дөбөгө чыгып душмандарды жаа менен жайлап жатты. Аянтча оңкологон ойротко толду. Баскынчылар асканы тегеректеп, күйгөн жебе, учуна от байланган кыска найзаларды жаадырышты. Мергендердин айланасындагы куу чөп, арчалар бычырап өрттөнө баштады. Касен колунан жарадар болду, үстү-башы кызыл-ала кан, жалындаган от, кара түтүндүн арасынан эптеп тиши менен жаа тарта баштады.

Мундузбайдын жигиттеринин бир тобу талкаланды. Илбирстердин Кожожаш баштаган тобу ак өргөөнүн ичиндеги кыздарды коргошту. Арасында Айке да бар. Мергендердин мээлегени жаза кетпей, баскынчылар биринин артынан бири кулады.

Жайдак атчан Кожожаш жакын келген зомбучуларды дөңгөчтөй чокмор менен жайлап жүрөт.

– Ата-а! – Карагулдун чыйылдаган үнү чыкты.

Кожожаш үнгө бурулду. Карагай жалбырттап төмөнкү бутактары бүт өрттөнүптүр, чокусунда түтүн арасынан баласынын башы араң гана көрүнөт. Эки ойрот аны жаа менен аткылап жүрөт. Кожожаш курчап келген душмандын арасынан суурулуп чыгып, өрттөнгөн карагайга жетип, берки экөөнү ыргыта чапты, дагы бирөөнүн башын жарды, белиндеги арканды чече салып баласына ыргытты. Карагул илинип калган арканга секиргенден коркту. Төмөн жакта от жалындайт. Аркан илинген бутак күйө баштады. Бала эмне кыларын билбей атакелеп ыйлап жиберди.

– Секир! – деп буюрду Кожожаш.

Бала мышыктай секирип арканга жармашты, сыйгаланып төмөн түштү.

– Токойго кач! –деди атасы.

Жаргак шымын күйүккө алдыраган Карагул томураңдап токойду көздөй чуркады.

Аны көргөн Кожожаш аргасыздан күлүп, чокморун көтөрүп ак өргөөнү көздөй жөнөдү.

Соодагер эки дөңгөлөктүү арабаларын кырка коюп мылтыктарын октошуп, душмандын жакындаганын күтүп турушту.

Айылга ойроттордун кол башчысы Дондок баатыр кирип келди, алдында найзачылары, артында жаа тарткандары, алар өрттөнүп жаткан үйлөрдүн, өлгөн, жарадар болгон адамдардын жанынан жайбаракат өтүштү, ак өргөөгө жакындашты.

Ойроттор боз үйдүн жабуусун сыйрып, үзүк туурдугун жулуп ичине кызыл-ала кан болгон Мундузбайды айдап кийиртишти. Бегайым, Айке, жаңы эле башына элечек кийген карындашы Жаркын байга ыкталышып чырылдашат. Баскынчылар туткундарды тегеректеп кол башчысын күтүп турушту.

Кожожаш чапкан бойдон душмандардын арасына кирип барып чокмору менен улам бирин жайлай баштады. Аңгыча Касен жетип келип, ойроттордун тартып алган ийри кылычы менен оңун оңго, солун солго сулатты.

Менменсиген Дондок-баатыр дүңкүйүп жакындап келип, колун көтөрүп:

– Таа! –деп айкырды.

Найзачылар байдын үйүн көздөй жулунтушту, бирок так ошол учурда мылтыктын дүңгүрөгөнү кулак тундурду. Найзачылардын бир канчасы кулап түштү, аттары үркүп, артка ала качты. Экинчи дүңгүрөк дагы беш-алтоосун атынан ажыратты; үйлөрдөн зордукчулардын бир тобу жүрөгү түшүп качып чыгышып, лайламасына сыйынып жиберишти, кыязы, кудайдын каарына калып, жерге чагылгандын огу түштү десе керек.

Бир аздан соң талоончулардын баары, туткундаган аялдарды, олжолонгон буюмдарын таштап, чуру-чуу түшүп тоону көздөй безишти. Качкындардын аркасынан мылтыктар күркүрөп, жебелер зуулдап, чакчелекейин түшүрдү…

***

Бегайым Кожожаш менен Касендин жараттарын таңып, Айке Карагулдун чала-күйүк жаргак шымын жамап жатты. Бала белине сүлгү оронуп жанында.

– Убадага бекем турдуңар, мен силерге ыраазымын, мергендер. Силер болбосоңор, Султанбек куданын мылтыктары болбосо, биз кырылып калмакпыз. Курман болгон мергендердин кунун бөлдүрүп койдум. Айдап кеткиле, үй-бүлөөсүнө, элиңерге менин эл журтуман көңүл айта баргыла, – деди Мундузбай. – Согуш деген ушул экен. Айла канча?

– Эр жигит эл четинде, жоо бетинде, кабыландай кармашып, бай-акеңердин журтун коргоп, намысын алып бердиңер, – деди Бегайым. – Мунуңарды биз эзелде унутпайбыз.

Мундузбай алтын кындуу кылычын чечип, Кожожашка сунду:

– Бул чоң атамдын кылычы эле. Жаныңа байлана кет, Кожожаш баатыр.

Кожожаш кылычты алып өптү, чөгөлөп таазим кылды…

Мергендер мылтыкты таңыркап кармалап жатышты. Өмүрүндө мындай укмуштуу куралды эч кимиси көргөн эмес. Соодагер анын кандайча атыларын түшүндүрүп, Кожожаштын алаканына коргошун окту салды. Касен мылтыкты атып бутага тийгизди, колундагы нерсе шамалга моюн бербей, көздөгөнүн көзөп өтчү зор курал экенин толук түшүндүрдү.

Кожожаш мылтыкка суктанып кундагын сылап, оозун, кароолун бир топко дейре кармалап, кыңырылып, аргасыздан ээсине кайтарды…

– И, кандай экен? – деп жылмайды соодагер.

Кожожаш баш бармагын көрсөттү.

– Ай жаңырган күнү биз силерди Таш– Рабаттан күтөбүз. Маралдын жазгы мүйүзү, калтар-суусардан арбыныраак алып келсеңер,колуңарга мылтык, мына мындай суюк жалын тиет, – соодагер арактын бөтөлкөсүн көрсөттү…

Ак илбирстер курман болгондорун кийизге ороп, төөгө артып, алардын кунуна берилген жылкыны айдап жолго түшүштү…

Өрөөндүн үч кызы оюн-зооктордо, душман менен кармашканда эл көзүнө көрүнгөн үч мергенди сүйүп калышыптыр. Алар курман болгондордун салттуу карыздарынан кутулгандан кийин баш кошууга макулдашып, жигиттерине атайлап сайылган жибек жоолуктарын белектешиптир. Ал эми мергендердин эки кызы буюрган бактысын таап, жакада калышты. Алар кыз оюн болгон түнү качып, эртеси баштарына ак жоолук салынып, суйкайып көшөгөнүн нары жагында отурушканын аначы жеңелери кабарлашты.

Ошентип, буюрса алдыда беш той өтө турган болду. Жай бою кыз алган жана кыз берген эки тарап той камылгасын көрүп, сеп камдашып, күркүрөгөн күз келип, ак төөнүн карды жарылганда кудалашуу, алдына баруу, отко кийирмей шаан-шөкөттөрү башталат эмеспи.

Ак илбирстер түнөргөн терең капчыгай менен бара жатышты. Ар биринин белдеринде, канжыгаларында ойроттордон олжого түшкөн курч кылыч, сооттор.

Ал эми үч жаш мергендин жүрөктөрү башкача дикилдейт– ар биринин койнунда сүйгөн селкиси берген кол жоолук.

Кожожаш тамашалашпай, эч ким менен сүйлөшпөй, өрөөндө болгон окуяларды эстеп, кабагына кар жаап бара жатты. Байдын токолу менен болгон байланыштын арты кандай кайгы менен бүтөрүн ал азыр билбейт, ал тургай шеги да жок, бирок кандайдыр оор сезим, коргошундай болуп көңүлүнө чөгүп түшүнүксүз түнт ой санаасын санга бөлгөнсүйт. Буга Айке сулуу себепкерби? Же бул шамалга моюн бербей мээлегениңди заматта күм-жам кылчу күчтүү курал колго тиет деген кубанычпы? Балким – жер суунун ыйык ээси Сур эчкинин канын байкабай төгүп алганда пайда болгон коркунучу алигиче кете электир?..

***

Кожожаш куржундан таттуу, чай-чамек, жибек жоолук алып чыгып, Мундузбайды туурагансып колун кеңири шилтеп, белектерди Зулайканын алдына ыргытты.

Карагул алтындалган кындан болот кылычты сууруп чыгып, чоң атасына карматты. Карыпбай жарк-журк эткен албарсты нары-бери карап, курч мизине бармагын тийгизип көрдү да кабагын бүркөдү.

– Бул Мундузбайдын атасынын кылычы экен, – деди абышка. – Бул жаман жоосун.

– Муну мага эрдик көрсөткөнүбүз үчүн тартуулады, -деди Кожожаш. – Байдын биз менен достошолу деген ниети бар көрүнөт.

– Досуң сага белек кылып бычак берсе, акыры кан төгүлөт, – деди Карыпбай.

Кожожаш элейип Зулайканы карады. Анысы күйөөсү алып келген кызыл-ала жоолукту башына салып суйкая жылмайып алдына келди, бирок Кожожашка аялынын ордуна ботокөз Айке көрүнүп кетти…

Кожожаш атасына күрүчтөн тартылган арак куйду.

– Бул эмне экен? – деди чал.

– Суюк жалын! Ата, ич! Жаныңды жашартат!

Карыпбай сасык аракты шашпай жай иче баштады. Карагул аны кантээр экен деп карап турду.

– Кычкыл экен, – деп койду чал бир аз ачырканып.

***

Кашкарлык соодагерлер чоподон салынган Таш– Рабат коргондун короосуна көк ала чатырларын тартып, мергендерди күтүп жатышты. Бийик секиде Кожожаштар келе турган жакка дүрбү салып, кароолчусу турат.

Чоң чатырда олтурган Султанбек соодагердин алдында жер-суунун картасы.

– Ак илбирсттер мына бул жерлерде жашайт, ашуусу Көк– Бел аркылуу кетет. Ал жолду мергендерден башка эч ким билбейт… атадан балага өтүп келе жаткан сыр, – жан-жөкөрү сөөмөйү менен картаны көрсөттү.

– Кожожаштын колуна мылтык тиерин Мундузбай жактырган жок, – деди дагы бирөө. – Өзүнүн мылтык алганын жашырды.

– Мен соодагермин. Биздин максат – сатуучу нерсебизди кымбатыраак сатуу, – Султанбек чоң курсагын болкулдатып күлүп койду.

– Эки тарап тең куралданып алып бири-бирин кырып салбас бекен, – деп күлдү жан жөкөрү.

– Андай болсо пайдасы бизге тиет. Кыргыздар бирин-бири жок кылса, бул тоолордун ээси биз болобуз, – деди Султанбек.

– Келе жатышат! – Кароолчу секиден үн салды.

Алыстан аттарына аң тери, маралдын мүйүздөрүн артынган мергендер көрүндү.

Соодагерлер күлмүңдөшүп, кол куушуруп кобурап, алардын алдынан чыгышты. Мергендер Султанбектин алдына мүйүздөрдү, калтар-суусарлардын терилерин жайнатып салышты. Соодагер жумшак мүйүздөрүн тандап алып, катууларын бери жакка ыргытып койду: «булар өзүңөргө буюрсун» деп тамашалап, жан-жөкөрлөрүнө башын ийкеди эле анысы бир мылтык, беш –алты шише күрүчтөн тартылган арак алып келди.

Кожожаш мылтыкты текшерип, Касенге берди, ал карап көрүп, андан ары узатты.

– Силер бир мылтыктын наркын алып келипсиңер. Бир айдан соң дагы ушул жерден күтөбүз, – деди соодагер.

Кол кармашып, бар береке кылышты…

***

Мергендер бүт айылы менен укмуштай куралды көргөнү чогулушту. Кожожаш асманда айланып жүргөн айры куйрукту кароолго алды. Тарс эткенде – ал топ этип жерге түштү.

Чогулгандар мылтыкты биринен-бири алып кармалап, баштарын чайкашып, шыпшынышып, таңыркап суктанышты.

Мерген балдар иттерин ээрчитип, кыйкырып ызы-чуу менен сай-ойго жөнөштү. Тар капчыгайдын эки жак чокуларында жааларын камдаган мергендер. Кожожаш мылтыгы менен эң жогоруда. Төмөн жактан ышкырык, кыйкырык, иттердин үргөнү жакындады. Коктуга бир нече бугу секирип чыга калды эле, туш-туштан жаанын октору жаады. Жаныбарлар биринин артынан бири кулады. Жогору жактан Кожожаштын мылтыгы дүңк дегенде, бугулар төмөн жакка жөнөштү эле, ал жактан арсылдаган иттер, жаа тарткан балдар каршы алды. Кийиктердин тымтыракайы чыгып, туш-тарапка бет алды, кээси түз эле адамдарды көздөй чуркап ажал тапты.

Мергендер үйлөрүнө чоң олжо менен кайтышты. Ар бири экиден, кээси үчтөн кайберен атыптыр.

Төмөндөгү алыскы тоо этегинен чаң уюлткан эки атчан көрүндү.

– Кожожаш –байке! Жат кишилер!

– Ким экен? Билгиле! – деп буюрду Кожожаш.

Касен мылтык атты. Атчандар мылтык аткан жакка бурулуп алар жакындаганда Сонун менен Биялы таанылды.

– Мундузбайдан качып, силерге келе жатабыз, Кожожаш, – деди Биялы.

– Кантип качтыңар, ыя? – Касен абдан таң калды.

– Айке жардам берди. Ал эркек төрөдү. Бай той берип жатканда байкатпай кете бердик, – деди Сонун.

Кожожаш үйүнө ойлуу жана сабыры суз келди. Астынан Карагул чыгып, атасынын мылтыгы менен ойной баштады. Зулайка күлүмсүрөп атын алып, бирдеме айтмакчы болду эле, күйөөсү аны байкабагандай үңкүйүп, үйгө кирип кетти.

– Эмне болду, Кожоке? Же мага таарындыңбы? – эркелеп эрине муздак чалап сунду.

– Байдын токолу эркек төрөптүр, – деди Кожожаш, башын көтөрбөй.

– Төрөсө, бешик боосу бек болсун! – деп жарк этти аялы.

– Ал баланын атасы менмин, – деди Кожожаш.

– Эмне дейт? – Зулайка селейип туруп калды. – Баса, эмне эле түшү¬мө албарсты кирет десем… Ошол шуркуя турбайбы…

– Мени шайтан азгырды, Зулайка. Сен эстүүлүк кылып, мени кечир, – Кожожаш аялын кучактайын деди эле, ал сунган колун силкип ыйлап жиберди.

– Сени көрөйүн деген көзүм жок, жогол! –деди келин.

Кожожаш сыртка чыкты. Карагул энесине кыналып, көз жашын сүрттү.

– Сен ал катынды көрдүңбү? – Зулайка мурдун шуу тартты.

Бала башын ийкеди.

– Сулуу неме бекен?

Бала башын ийкеп жиберип, анан кайра жок дегендей башын чайкады.

– Кагылып кетейин жалгызым! – Зулайка уулун бооруна басып өпкүлөп ызаланып ыйлады.

Айдын сыныгы түнөргөн асмандагы тытылган булуттарды аралап, көгүлтүр жылдыздардын арасынан сүзүп өттү, жерге күңүрт сары шооласын чачыратып, узун көлөкө түшүрдү, анан жартысын бөлө чапкан алтын теңгедей болуп улуу тоонун чокусунда жалтырап калды.

Төшөгүндө жаткан Зулайка үйдөгүлөрдүн укташын күттү. Бирок, далайга дейре баш көтөрө албады: бир туруп уулу уйкусурап кобурайт. Акыры баары тынчып, кызык уйкуга киргендей болду. Аял акырын туруп, керегедеги кылычты алды да жылт этип сыртка чыкты, өзөндүн боюна келип, айды карап кудайга мунажат кылды. Устарадай курч кылыч кынынан чыгып айдын шооласына жан алгычтай суук жарк этти. Зулайка куралды көкүрөгүнө такады, муздак болот жаш жүрөгүн жарып өтөрдө, Кожожаштын кыйкырыгы угулду. Коркуп кеткен келин кылычты таштап жиберип, бакырып эрин кучактап калды.

Кожожаш аялын өпкүлөп, кечирим сурап жалынды… Анан алар күкүктөп аккан сууну тиктеп далайга дейре кучакташып отурушту.

– Сен жүрөгүңдү экиге бөлбө, баланы энеси менен буякка алып кел, Карагул инилүү болсун, – Зулайка ыйын баса албай шолоктоду. – Жараткандын жазганына баш ийбеске болобу? Мен шордуу чыдайын.

– О пейлиңен кагылайын периштем, – Кожожаш аялынын аягына жыгылды.

***

Түнөргөн терең капчыгайда Кожожаш артынан ач карышкырлар кууп алгансып тизгинди бош коюп, улам-улам теминип бара жатты.

Айдын алтын сыныгы карарган булуттан жылт этип чыгып, шооласын Айкениин ак өргөөсүнө чачыратты. Мерген илбирсттей жумшак басып эшиктин түбүнө келди. Айке энелик бактысына балкып, түндүктөн көрүнгөн алыстагы жылдыздарды тиктеп жаткан экен. Наристе энесинин таттуу эмчегин чопулдатат.

– Айке!

Айке чочуп баласын көкүрөгүнө кыса койду.

– Айкем, коркпо, мен келдим, – Кожожаш туурдукту түрүп баш бакты.

– О, жараткан! Сенсиңби?

– Уулум экөөңдү алып кеткени келдим. Азыр чыксак, эртең жете барабыз… Зулайка макул болду. Сага деп ак өргө көтөрүлдү. Эл журтум тойго даяр.

– Кечигип калдың, жаным. Бай муну өз балам деп элге жар салды. Уулубуз Мундузбайдын мураскору… Биз байланып калдык, – Айкенин көзүнө жаш кылгырды.

– Айке, сен анын мал-мүлкүнө кызыкпа. Эркиңен ажыраба! Байга сенин балаң гана керек. Өзүңө уу берип, Бегайым сени акыры жок кылат. Жүргүн, улуу тоодо эркибизче жашайбыз!

– Жок, сүйгөнүм! Биз кетсек, Мундузбай намыстанып, күч жыйнап элиңе кыргын салат, – деди Айке.

– Кудасынан эки мылтык алды, күнүгө тарсылдатып жигиттерин үйрөтүп жатат. Экөөбүздүн сырыбыз байга белгилүү. Ал сени жок кылмайын жаны тынбайт. Эми кет, жаным, колго түшсөң, башың аман калбайт, – деп буркурады Айке.

– Жок дегенде жүзүн көрсөтчү? – деп жалынды мерген.

Айке баласынын бетин ачып, атасына көрсөттү.

– О-о жараткан, ушундай да болобу? Карагулумдун өзү! – Кожожаштын көздөрү жашылданып кетти. – Байың мага каршы чыкса, мен бузган антты дагы бузам! Курал күч жыйнап, уулум экөөң үчүн өлбөгөн жерде калышам! Экөөңө бөлөктүн колун тийгизбейм! Ага жетпесем ак илбирс атым өчсүн! – деди Кожожаш.

Жакын жерден ит үрдү. Кожожаш уулунун мурдунан бир өптү да жылт этип жок болду.

Бир аздан соң ат дүбүртү угулду. Караңгыда мылтык атылды.

Кожожаш тоо арасында закымдап бара жатты.

Кулагына Айкенин жалынганы дагы эле угулгансыйт…

***

Мергендер Сайкал-эненин таш үйүнө жыйналышты.

– Туугандар, мындан көп жыл мурда Мундузбайдын чоң атасы ак илбирс уруусуна кыргын салып, тоо арасына чилдей тараткан. Эми Мундузбайы күч жыйнап, куралданып, бизге кол салып, катын-балабызды күң-кул кылып, өзүбүздү колуна кошуп, ойроттун журтун бузам дептир. Биз ата-бабанын намысын сактап, эл-жерибизди коргойбузбу же кулдук уруп, багынып беребизби, ушуну айткыла! – Кожожаш бакылдап, мергендерине көз чаптырды.

– Коргонобуз! Мундузбайга өлсөк да кошулбайбыз! Тоюна барабыз деп төрт балабыздан ажырадык! – үндөр туш-туштан чыкты.

– Мундузбайда мылтык бар! – деди Биялы.

– Бай менен тирешебиз десек ар бирибизде момундай нерсе болсун! – Кожожаш мылтыгын өйдө көтөрдү. – Ал үчүн биз аң-тери, бугу мүйүздү мол даярдашыбыз керек!

Ушул күндөн баштап тынч жаткан ак илбирс айылына бүлүк түштү. Алардын ар бири мылтык алгысы келди, капкан салып, тузак тартып, калтар, кундуз, илбирс терилерин, марал-мүйүз даярдап, күнү-түнү дебей тоо бетинде мергенде. Кожожаш Мундузбай менен беттешүүгө даяр¬данганынын себебин мергендердин эч кимиси билбейт, баатырынын ар бир сөзүнө ишенген мергендер байды ырас эле кудай уруп, ак илбирстерди басып алганы жүргөн экен дешип куралданууга бел байлашты.

Ар түнү ачык түндүктөр жымыңдаган жылдыздардын ордуна Кожожашка Айкенин жоодураган көздөрү элестеп, эки жүрөктү маңгиликке бириктирген кичинекей наристенин илеби сезилгенсийт. Бири-бирине ашык болгон эки жаш жүрөктү мөңгүлүү тоолор, аскалуу ашуулар, күрпүлдөгөн дайралар бөлүп турса да, Айке менен уулу алыстан шоола чачып, жашырын жылуулугун жеткирип, мергендин көкүрөгүн дикилдетип, сагынтып, куса кылып, уйкусун качырып, тынчын алды. Ал токол алып келсем, үйүмө тынч жана ынтымактуу турмуш болот деди. Зулайканын мээримине, Айкенин кылдат акылмандыгына ишенди. Согончогу канабаган кара өзгөй Бегайым менен сөз табышып, ынтымактуу жашаган Айке ак көңүл Зулайка менен да эпке келишээр деген ойдо болду.

Кожожаш Мундузбай менен кандай гана болбосун кан төгүшүп, кыргындашам деген жок. Ал он чакты мылтык менен барып, байдын айлын курчап, Айке менен баланы бер деп талап кылмак. Айбаттуу куралы бар мергендерди көргөндө, акылдуу Мундузбай бөөдө кан төгүшүп каршылык көрсөтпөс деп ойлоду…

***

Ай экинчи жаңырганда Касен бир топ мергендер менен убадалашкан Таш– Рабат чебине келди. Эчки, теке, элик, марал, илбирс, түлкү, суусар, кундуз тери төрт атка жүктөлгөн. Мергендер бул жолу бир нече мылтык алабыз деген үмүттө болчу, бирок, амалкөй соодагерлер Кожожаштын жоктугунан баасып төмөндөтүп, акысына болгону бир мылтык, ал эми арактан арбыныраак беришти. Кийинки кезигишүү жайдын аягында деп макулдашты. Соодагерлер мылтык менен ок-дарыны көбүрөөк алып келмек болушту.

Мылтык үнү дүңгүрөп тоо жаңыртты. Мергендер эки топ болуп аң уулап жүрүшөт. Бир тобу Кожожаш менен, экинчиси Касен менен. Экөөндө тең мылтык.

Териси сыйрылган бугу, эчки– теке, эликтердин эттери сарайларда, өзөн бойлорунда, талааларда сасып, аларды карышкыр жеп, иттер мүлжүп, карга, кузгун, жорулар чокуп, чөөлөр тытып жатат… Ар үйдөн ала-бакандарга сүрсүгөн эт батпай, кермелерге ашатылган терилер кургап, кереге түбүндө додолонуп жатат.

Аялдар, балдар жаңы келген терилерди тазалап туздап, ашатып күн -түн дебей алек. Ак илбирстердин ата-бабасы өмүрүндө мынчалык эт, мынчалык тери көргөн эместир…

Жайдын орто ченинде жер бетиндеги тирүү жандарды, өнүп-өскөн чөп-чарды жакыныраак көрөйүн дегенсип алоолуу күн так төбөгө келип, балбылдаган көзүн чакчайтып туруп алды. Бозоргон ысык чаң, көк кашка тунук көлгө куюлган, киргилт селдей болуп, жайбаракат жайылып асманды түнөрттү. Аба коргошундай оор. Күн ысыгы эмес, түнкүсүн да чамгарактап өтүп, денени ысытып, канды кайнатып жиберчүдөй демиңди кыстыртат.

Улуу тоого мындай ысык түшкөнүн жүз жашаган Сайкал-эне да көргөн эмес. Кырдагы чөп саргайып күйүп кетти. Өзөн булактар соолуп, шаркыратмалардын үндөрү өчтү. Мерген конуштун жанындагы күрпүлдөп аккан өзөн бир кулак сууга айланып араң жыбылжыйт. Көгөргөн көл соолуп, түбүндө тизеге жетпес көлчүк калды. Алыскы бийик чокулардын карлары ээрип карарды. Асмандагы ак булуттар да мылтыктын тарсылдаганынан үрккөн кийик, канатуулар менен кошо тынчыраак жана салкын жакка кеткен сыяктуу. Токумдай булут, шырп эткен жел жок. Үп. Ысык. Тым-тырс.

Топтошуп, жалгыздап ууга чыккан мергендер куру кол кайтышат. Кээде кимдир бирөө мөңгүлөрдүн этегинен адашып калган бирин-серин кайберенди атып алса да, анысы күндүн ысыгынан айылга жеткиче сасып, жегенге жараксыз болуп калат.

Саяк байкуш керели кечке энесинин аягында ач күчүктөй кыңшылайт.

– Ак төөнүн карды жарылып жатса бизде үзүм эт жок. Эртеден кечке тарса-турс! Тарса-турс! Мал-жанды ынсапсыз кырып, качырып, Сур эчкинин каарына да калдык! – картаң Сайкал үйүнөн чыгып, көрбөгөн көздөрүн күн чыгышка буруп, абанын ысык илебине бетин тосот, сөксөөлдөй кургак колдорун асманга көтөрөт:

– О, Көкө теңирим! Менин балдарым улуу тону дүңгүрөтүп, сенин тынчыңды алды, каарыңа калды! Жер үстүндө жашаган тирүү жандарыңан, чөп-чарыңан сууңду аяй көрбө! –деп жалынат.

Түндүктөн айдын шооласы тийип, Кожожаш адатынча асманды карап жатат, көз алдында айдай сулуу Айкеси менен тырмактай уулу. Түн ооганда картаң атасы төшөгүнөн туруп төрт аяктап чыгданга жылып барды, издеп, арактын бөтөлкөсүн таап, тилиме бирдеме тамчылар бекен деп,. Оозуна такады…

– Ата! – деп чакырды Кожожаш.

Абышка чочуп кетти.

– Каным катып баратат! Менин күнүм бүттү окшойт. Ата-бабаларымдын арбактары мени чакырып калды. Бир тамчы арак бер! – деп кыркырады чал.

– Арак түгөндү, ата! Жакында соодагерлер келет, аларга бере турган эч нерсебиз да жок. Айбанаттын бардыгы кургакчылыктан качып жок болду. Айла калбады, -деди Кожожаш.

– Казактын кең талаасында бөкөн деген жаныбар жашайт, анын эти адал, мүйүзү дары. Илгери биз ошо менен жан сактаганбыз, – деп киркиреди Карыпбай.

Эртең менен Кожожаш мергендерди чогултуп, атасынын оюн ортого салды. Чогулгандар кың дебей баатырынын тилине көнүп, чоң сапарга камына башташты.

***

Мергендер кыйкырып чуру-чуу менен жүздөгөн сайгактарды кууп жүрүштү. Учу-кыйыры жок чөл талаа. Айланада сербейген чыбык, дүмпүйгөн дөбө жок, шор топурак. Сайгактар тумшуктарын барбайтып жаанын, мылтыктын огунан, кээси көп жүгүргөндөн күйүгүп кулай берди.

Тала түнөрүп, жылдыз жылтыраганда мергендер сейрек өскөн сөксөөлдүн арасына жайланышып, от жагып, сайгактын этинен шиш кебек даярдашты. Кээсинин башынан күн өтүп, ооруп калды, дени-карды соолору эт бузуп, туздап, тери жайып, кургатып жүрөт. Кожожаш жаш текелердин жумшак мүйүздөрүн кесип, куржундарга салып жатты.

– Кожожаш-баатыр! Биялынын шайманы бошоп калды, – деди мерген.

Биялы башын ээрге коюп, жөөлүп жатыптыр.

– Мылтык!.. Мылтык бергиле мага!.. Мундузбайдан өч алам! Мен аны өлтүрмөйүн жаным тынбайт! Катынымдын абийрин төктү! – Жулунган Биялыны эки мерген эки колунан кармап отуруптур.

– Күндүн ысыгы урган турбайбы!..

Буту-башына муздак сууга чүпөрөк малып Биялынын башына, көкүрөгүнө куюшту.

– Эртең кум дөбөлөргө барабыз. Сайгактар ошол сөксөөл токойго кетти, -деди Кожожаш.

– Кожожаш-баатыр, үйгө кайталы! –деди картаң Бакас.

– Биз теке-мүйүз, эт камдаганы келдик. Бизге мылтык, тамак керек, Бакас аба, -деп Кожожаш сылык жооп берди.

– Айланадан бир да ташбака көрбөдүм. Бул жакшы жышаан эмес, -деди картаң мерген.

– Балким, бул жерде ташбака болбостур!

– Бакас абам кемпирин сагынган го! – топ ичинен кимдир бирөө күлүп калды.

Мергендер ага кошулуп каткырышты. Картаң Бакас ызаланып, кол шилтеп ары басып кетти.

Саргыч айдын шооласы өчтү, жапаан талаада көзгө сайса көрүнгүс. Туш-туштан карышкыр, чөөлөр улуду. Кара чегирткелер үнү өчпөй чырылдайт. Биялы оор онтойт. Чаалыгып чарчаган мергендер терең уйкуда. Картаң Бакас көз ирмебейт. Тузак такырдан ысык жел көтөрүлүп, тозоңду билинер-билинбес буруксутуп, чалдын сейрек сакалын сербеңдетти. Картаң мерген чочулап, башын көтөрүп, кулагын түрдү. Алыстан катуу шамалдын эпкини угулду.

Бакас Кожожашка келди.

– Кожожаш баатыр! Кум бороону башталмак болду. Мындан кырк жылы мурда ушул жерге келип, сегиз атыбыз, үч жигитибизден айрылганбыз, качпасак айла жок, – деди чал.

– Добулбасты кагыңыз! – деп буйруду Кожожаш.

Бакас добулбасын дүңкүлдөттү.

Мергендер шашып аттарын токуп, сайгактарды арта башташты.

– Түштүккө бет алыш керек, – Бакас таңкы асманга көз чаптырып, үч жылдызды белги кылып, бара турган багытты көрсөттү.

Мергендер аттарын үстөккө-босток теминишип, жол тартышты. Түнкү салкында мүмкүн болушунча жол кыскартып, аттарды аяш керек эмеспи.

Күн чоктой кызарып жерден чыгып келгенде, чөлдүн кумдуу бороону ажылдай баштады. Бозоргон талаада сербейген чөп жок, ысык шамал камгактарды тоголотуп, акшактай кесек кумду бетке чачат, аттарды көзгө чаап, куйрук-жалын, адамдардын кийим-кечесин тытып, алга жылдырбай жол торойт. Айланада баш калкалар жай жок.

– Тетиги эмне? – деп, мергендердин бирөө кыйкырып калды.

Обочоорок жерде, кум сапырылган бороондун арасынан кандайдыр бир карарган сөлөкөттөр көрүндү… Ал байыркы курулуштун ураган дубалдары экен. Айланасында казылган кемеге, жер очоктор, адамдын, малдын сөөктөрү агарып жатат. Бирок, ал жер мергендерге бейиштин ак сарайындай көрүндү. Аттардын жүктөрүн түшүрүп, өздөрү дубалдын түптөрүнө кыдырата жайланышып, баш калкалашты.

Кумдуу борон тупа-туура эки күн, эки түн ажылдады. Айланада тутам чөп, тамчы суу жок. Адамдарга бир ууртамдан, аттарга бир чөйчөктөн гана беришип, суунун ар бир тамчысын сакташты. Эки ат өлүп, кум баскан таңылчактардын арасында калып жыттана баштады.

– Бакас аба! – Биялы чалдын жанына эмгектеп келди.

Картаң мерген башын көтөрдү.

– Мен чыдабай кеттим… Жүрү кетеличи… – деди Биялы.

– Бороон басылганча күтөлү, – Бакас ордуна жатты.

– Мен күтө албайм… Өзөгүм карарып, каным катты. Мундузбайды өз колум менен өлтүрөм! – деди Биялы.

– Ме, менин шыбагымды ич, – абышка ага кичине кол чаначты карматты. – Бир аз чыда, иним. Эртең бороон басылат.

Биялы жанталашып сууну шыпкай ичти. Чаначты аңтарып, нымдуу жерин жалап да жиберди.

– Эми жат, – деп буйрук берди абышка.

Биялы өз ордуна барып жатты. Картаң Бакас уктап калганда, Биялы уурданып келип, чалдын жаа жебесин алды да, шамал согуп турган тарапка басып, караңгыда көздөн кайым болду.

Эртең менен мергендер бардык дөбөчөлөрдү, уңкул-чуңкулдарды тинтишип Биялыны табышкан жок.

Заматта башталган бороон, заматта токтоду. Айланадан сасык жыт келди. Мергендер оозу-мурундарын тумчулашып, сайгактын чирий баштаган эттерин, курттары быжылдаган терилерди, өлгөн аттарды кумга көөмп кагыраган ач тала менен сапарын узартышты. Кечке жуук алар бир жерде жорулардын айланып учуп жүргөнүн көрүштү.

– Биялы өлүптүр, – деди Касен, жоруларды көрсөтүп.

Биялы жер кучактап жатыптыр. Жорулар анын бети-башын тыткылап чокуп жибериптир. Көрдү түнкү айдын жарыгында казышты. Күн чыкканда Биялынын сөөгү бозоргон кум дөбөнүн астында калды. Мергендер көкө теңирге сыйынышып, о дүйнөгө кеткенди ата-бабасынын арбактарына тапшырып жолго түшүштү.

Аттар ысыкка чыдабай, чаңкап кырылып азайгандан азая берди. Мал эмес, адамдар да өлбө жаным, өлбө деп бири-бирин жөлөп-таяп аяктарын араң шилтешет. Суу бир ууртамдан гана берилет, аттары сеңселип араң эле басат, аларды минген киши жок, чылбырларын сүйрөп арт жакта ээрчип келе жатышат…

***

Картаң Сайкал таш үйүндө, очоктун жанында. Тегерегинде жаш балдар. Киркиреген үн менен Сур эчкинин каргышы жөнүндөгү эски дастанды айтып отурат:

Токто, мерген, атпагын!
    Кулак сал эчки сөзүнө!
    Баласы бар байкуштун
    Убалы жетет өзүңө.
    Желинден сүтү диркирейт, –
    Деп Сур эчки зиркирейт.
    Күнөөкөр болбо теңирге,
    Ачы көздүк жорукка,
    Ыйманыңды жедирбе.
    Кырдың улак түгөлүн,
    Канга толду жүрөгүм!
    Карыганда каңгырап,
    Кантип жалгыз жүрөмүн? –
    Деген эчки сөзүнө
    Мерген кулак салган жок,
    Кароолго келген кийиктер
    Өлбөй тирүү калган жок.
    Атты миңден кулатып,
    Туш келгенин сулатып,

Саяк сокур энесинин тизесин кучактап ыйлап, жаш балдар мурундарын тартып бышакташат.

Адам деген улукман
    Айбанга акыл бербейби.
    Курутуп салып тукумдан
    Боздоттуң, мерген, мендейди.
    Балдарымды кыйраттың,
    Жалынсам болбой ыйлаттың,
    Кайберен энең мен элем,
    Билбедиң, адам баркымды,
    Бардыгы үчүн өч алам,
    Угуп кой, мерген, антымды!
    Ошондо сенин, мергеним,
    Көзүңдүн жашы көл болор,
    Дардаңдабай тура тур
    Сур-эчки сага тең болор!

Картаң Сайкал жомогун токтотуп, казандан суу алып иче баштады…

Балдар кыймылдабай жымжырт отурушту. Бир гана Саяктын күчүктөй кыңшылап ыйлаганы угулат. Катырып койгон Сур эчкинин сөлөкөтү коркунучтуу тиктегенсийт, анын жансыз жалтырак көздөрүндө оттун жарыгы балбылдайт.

– Келе жатышат! – таш үйгө секелек кыз чуркап кирди. – Сайкал эне! Келе жатышат!

Балдар чурулдап таш үйдөн жүгүрүп чыгышты да жаактары жап болду. Конушка ачкалыктан, түйшүктүү сапардан алсыраган мергендер самсаалашып бири-бирин жөөлөшүп, азыр эле кандуу согуштан чыккан кейиптенип келе жатышыптыр. Бардыгы жөө, алыста Кожожаштын жалгыз аты араң гана ыргалат.

***

Күн бардык тирүү жандыкты куйкалап, Улуу тоонун чокусундагы карды эритмейин, кургакчылык бүтпөчүдөй.

Тастайган таш аскалар күндүн ысыгынан чатырап жарылып жатты. Көк жашыл көл соолуп, үстү түшкөн көрдөй оңураят.

Күнүгө эртең менен картаң Сайкал-эне үйүнөн чыгып, көрбөгөн көздөрү менен асманды тиктейт:

– Жок, жаан болбойт! – кемпир башын чайкайт.

Ысыган таштар тарсылдап жарылып, курт-кумурскалар чээндерине кирип дымып, жандуулардын бардыгы күндүн каардуу шооласына жашынышты. Тоолор аңгырап, чөптөр күйүп кетти.

Күн тозоктун канындай кайнап, мергендердин үйлөрүнүн жыртыктарынан ажал шыкаалагандай куйкалайт.

Таң азанда Кожожаштын үйүнө жаш мергенчи чуркап келди.

– Кожожаш-байке! Касен үй-бүлөсү менен жок!

– Айлананы тинтип таппадык! Түнү менен качыптыр! – деди мерген. Касендин үй ордунда саргарган чөптөн башка эч нерсе жок. Коломтосунда гана чала күйгөн дүмүр жатат. Айланада үн катпай мергендер турат.

– Ал Мундузбайга кетти, – деди кимдир бирөө.

– Мылтык кайда?

– Ала кетиптир.

– Баарын кылган Батма, ошол долу төркүнүнө ээрчитип кетти, – деди кемпир.

– Чыккынчыга кандай жаза беребиз? – деп сурады Кожожаш.

– Өлүм!

Кожожаш таштан ташка илбирстей секирип, арчанын салбыраган бутагына асылып түштү, суудан өтөм деп бир чумкуп кетип, эптеп тырмышып наркы өйүзгө чыкты.

Төмөндө алачыгын арткан арык атын жетелеп Касен бара жатыптыр, ат үстүндө баласын өңөргөн Батма. Кожожаш ылдый түшүп, Касендин алдынан чыгып, эски досун кароолго алды.

Касен жанталашып колун сунду. Батма баласын кучактап жалынып жиберди.

– Айланайын Кожожаш, бизди кое бер! Байдын токолун талашып, ата-бабанын салтын буздуң! Кайберенди обу жок кырып, Сур эчкинин каргышына калдык! Эки балабыз ачкадан өлдү, мунубузду өлтүрсөң тукумубуз курут болот! Досуңду өлтүрүп эмне мөөрөйгө жетесиң? Жан соога, Кожожаш!

– Касен, сен чыккынчысың! –деди Кожожаш мылттыкты Касендин жүрөгүнө таамайлап.

– Кожожаш, адам болсоң сабырдуулук кылып кебимди ук. Мундузбай экөөң бир катындын айынан кан төгүшкөнү турасыңар! Куралданабыз деп айланадагы мал жанды кырып жибердик, бир тууган мергендерибизден айрылдык. Эми биз оңбойбуз! Мен эски журтка барып, ата-бабанын арбагына сыйынып кечирим сурайм! Мундузбай экөөңөр кайра достошмоюнча журтуңа келбейм, бөтөн жашайм! –деди Касен.

– Мундузбай менен касташып калдык! Жер үстүндө экөөбүздүн бирибиз калышыбыз керек. Колубузга дагы эки-үч мылтык тийсе, байдын ташын талкан кылабыз! Башыма кыйын мүшкүл түшкөндө сен достуктун шертин бузба! Мени жалгыз таштаба! Калгын! Касен! – деди Кожожаш.

– Жок, Кожожаш! Мен достуктун шертин бузсам, сен ата-бабанын антын бузуп, адамга кол салганы турасың! Экөөбүздүн каныбыз кайнаса кошулбай калды! –деди Касен.

– Чыккынчыга өлүм! – Кожожаш мылтыктын курогун басты, бирок суу болгон дүрмөт от алган жок.

Кожожаш мылтыгын таштап, шамшаарын алды. Касен өзүнүн мылтыгын ала коюп, тигинин колундагысын ыргыта атты.

Кожожаш шамшаарына эңкейгенде, Касен дагы бир атты, курч болот шыңгырап барып, алыс түштү.

– Бул мылтык мергендердин эмгегине келген! Сен уурусуң! Сени ата-бабанын арбагы урат! –деди Кожожаш.

Касен мылтыктын огун алып, Кожожашка ыргытты да атын жетелеп кете берди.

Кожожаш мылтыктарды кармаган бойдон туруп калды. Дүрмөтү болбогон соң эки мылтык эки таякка арзыбайт.

– Мен сени ачык майданда жок кылам! – деп туталанды Кожожаш.

– Аны көрө жатабыз, – Касен шашпай кете берди.

***

Үйдүн жанында турган Карагулдун топоз мамалагына бир нече мерген басып келип, жонунан таптап коюп, үйгө киришти.

– Карагул балам, Сайкал-эне Көкө теңир менен сүйлөштү. Тирүү жандыкты курмандыкка чалып, жер-суунун ээси Сур эчкиге баабедин берип, кечирим сурабасак жаан-чачын болбойт дейт. Сенин топозчоңдон башка адалдан түгүбүз жок, -деди Калыс.

Карагул ыйлап жиберди.

– Айла жок, уулум, антпесек, баарыбыз ысыктап өлөбүз, – деди Кожожаш.

Бала ыйын токтотту.

Топозду кармап, мүйүзүнөн байлап, балага жетелеп келишти. Карагул жашын төгүп, досун мойнунан өптү. Мамалакты жетелеп келишти.

Карыялар белдеринен курларын чечишип, моюндарына салышты, беттерин кыбылага бурушту.

– О, жараткан! Биздин күнөөбүз болсо, кечир, кары-жашыбыз, бала-бакырабыздын ысмынан кулдук уруп алдыңда чөгөлөп турабыз. Сага курмандыкка адам керек болсо, бизди алып ыраазы бол. Балдарыбызды, небере-чөбөрөбүздү сакта, тукумубуз уланып өссүн, агарып – көгөрсүн. О, жараткан, биз сага ыраазыбыз, биз жашадык, ичерибизди ичип, жээрибизди жедик, пешенебизге жазганын көрдүк. Чачыбыз куудай, тишибиз буудай болуп картайдык! Бизди азыр алып кетсең да ыраазыбыз, балдарыбыздын, неберелерибиздин өлүгүн көрсөтпөй, бизди алдыңа алып кет! Айбанат – өсүмдүктүн тамыр-тукумун соолто көрбө! Тамчы сууңду аяба! Жерди сугарып, жандууга өмүр бер! О-о жараткан! – чалдар чөгөлөп бата тилешти.

Мергендер топозчону жыгышты.

Сайкал-эне сөксөөлдөй колун асманга көтөрдү:

– О, касиеттүү кайберен! Менин балдарыма каарыңды төкпө, ар балаадан сакта! Казаныбызды какшытпай, суу бер! Жерди жарып, көк чыгар, желинди айырып, сүт чыгар!

Кара мамалактын кызыл каны, кагыраган кара жерге жайыла бергенде, улуу тоонун чокусунан түнөргөн кара булут көрүнүп, акырындап ылдый жыла баштады.

Саяк асманды карап ырсайды. Анын чекесине тамчы жамгыр топ этип, бет ылдый тоголонду. Кемпай жаш балача сүйүнүп тамчыны тили менен аймалады. Жерге экинчи, үчүнчү тамчы түштү. Күн күркүрөдү. Чагылган жарк этти.

Балдар эттин бышарын күтүп, Сайкал эненин таш үйүндө. Саяк жалгыз жоогазындын гүлүнө суу жетпей өлө баштаганын ойноп берди: чаңкаган гүл жан бере баштады, анан денеси, колу-буту соолду, жалгыз гана чыпалагы араң кыймылдайт, эми жүрөгү токтойт… Бирок, мына жаан келди, жерге тамчылады, жоогазын кайра жандана баштады. Анан! О, жараткан! О, жаркыраган күн! О, өмүр! Саяк нөшөрлөгөн жамгырда талтаңдап бийледи.

Балдар Карагул менен дырдай жылаңачтанышып, Саякты туурап каткырып бийлешти.

Түн. Куу дөбөт килейген сөөктү кемирип ырылдайт. Нымдалган аскалар ай нуруна жаркырайт. Сайкал эненин таш үйүндөгү балдар терең уйкуда. Эртеңки үрүң бараңда Карагул суунун шырылдаганын угуп ойгонду.

– Шаркыратма!

Балдар көздөрүн чала-була ушалап таш үйдөн жүгүрүп чыгышты.

– Шаркыратма! Шаркыратма!

Балдар куушуп, көк жашыл көлчөгө жөнөштү. Карагулдун буту бутуна тийбей алдыда закымдап бара жатты. Саяк кубанычтуу кудуңдап балдардын артынан аксаңдады.

Көлгө жеткенде балдар үрккөн улактардай болуп селейип туруп калышты; төмөн жакка мелт-калт суу толуп калыптыр, үстүндөгү аскадан шаркыратма кулап,берметтей чачырандылар көз уялтат, бүт өрөөн миң түстүү нурга бөлөнгөн, ар тараптан экиден, бирден улактарын ээрчитип тоо эчки, бугулар, эликтер түшүп көк жашыл көлдөн суу ичип, баштарын көтөрүп, мурундарын дердейтип тынып, көптөн күткөн мүрөк суусун кайрадан дембе-дембе жутушат.

Карагул эчкинин терисинен тигилген тонун аңтарасынан кийип, боору менен жылып ылдый түштү, берки балдар аны туурап артынан жылмышып төрт аяктап, жашыл көлгө жетип,улактарга кошулуп суу ичишти. Кайберендер адам балдарын өз балдарынан ажырата албай чочумак тургай шектенип да койгон жок. Карагул сууну канганча ичти, калпагын маңдайына жылдырып, токол мүйүздүү улакка төрт аяктап барып, тикесинен турду. Улак эки аяктап тура калды да баланы качырып калды. Эки тентек сүзүшө баштады. Бири адам баласы, бири айбан баласы. Мажүрөө Саяк тигилер менен төмөн түшө албай көлдүн жээгиндеги балдар менен улактардын оюнуна суктанып күчүктөй кыңшылап кубанды. Бир оокумда айыл жактан добулбастын дүңкүлдөгү угулду. Саяк тура калып, үй тарапка аксаңдап жөнөдү.

Картаң Бакас дөбөгө чыгып, добулбасты кага берди.

Үйлөрдөн мергендер чыгып, жаа-жебелерин даярдап, иттерин чакырышты. Көптөн бери жаш эт жебей сууктап ачыгып калган мергендер мындай олжого чыдап тура албады. Алар бири-бирин тамашалашып, кудуңдап сүйүнүшүп, жашыл көлдү көздөй жарышып жөнөштү.

– Токтогула! – мергендердин жолун сокур Сайкал-эне тороду. – Айбанаттар суусап өлүп баратканда жан талашып бизге келсе, кырып саласыңарбы?! Көкө теңирден корккула! Убал! Сур эчкинин каргышына калабыз! – деп кыйкырды сокур кемпир. Саяк энесин кучактап ыйлап жиберди, бирдеме айтайын деген түрү бар, бирок, тили жок бечараны ким түшүнсүн.

– Сайкал-эне! Бизге мылтык, унаа керек! Касен чыккынчы болуп кетти. Ал Мундузбайга жол көрсөтүп берет, – деди Кожожаш.

– Мундузбай менен түпкү атабыз бир, мен ага өзүм түшүп барам, кан төктүрбөйм! – деди кемпир.

– Ал сизди зынданга таштап, ит турмушун көрсөтөт! Эт-аш камдап, куралданып, эл-журтубузду коргойлу, батаңызды бериңиз эне! –деди Кожожаш.

– Жок! Жок! Жо-жок! Убал! –кемпир куп-куу башын чулгуду.

Кожожаш эмне кылаарын билбей, мылтыгын төмөн түшүрдү. Мергендер үндөбөй калышты.

– Тетигини карагылачы! – деп кыйкырды жаш мерген.

Бир үйүр эчки– текелер чаңды буруксутуп, тоо ылдый көк жашыл көлгө түшүп келе жатышыптыр. Кожожаш кайберендерди көргөндө, мергендик ышкысы ташкындап, көздөрү жайнап кетти. Ал мылтыгын октоп, өзүн өзү токтото албай шаркыратманы көздөй чуркады. Анын артынан калгандар да жөнөштү.

– О-о, касиетүү кайберен! Менин балдарым, сенин балдарыңды кырганы кетти! Токтотууга дарманым жетпеди. Мен бейбакты кечир! Карыганда күнөөгө калдым! –кемпир жер кучактап улуду.

Саяк энесин кучактап, кыңшылап жашын төктү. Сокур кемпирдин, анын ыйлап жаткан кемпай баласынын жанынан жааларын камдап мергендер чуркап өтө берди. Аларды күркүрөгөн шаркыратма, колго өзү келген олжо мас кылып, ынсаб-ыйманын кетирип, алдыдагы жашыл көлгө сүйрөдү. Баса, колго түшкөн коенду, кое берген оңобу?

Кожожаш тырмышып аскага чыгып ылдый жактагы көлдү көргөндө аргасыздан селдейип катып калды, анткени, эзелде мындай көрк, мындай укмушту көргөн эмес.

Суунун жээгинде эчки-теке, элик-бугулар эч нерседен капары жок, суу ичишип, кээси оттоп, улактары оюн салып жайылып жүрүптүр. Алабаш теке мүйүздөрүн каркайтып, эки жагын элеңдеп карап коюп, дөбөчөдө турат. Суусуну канган Сур эчки чарчаган боюн сергитип, кепшеп коюп, анын жанында жатат, эки улагы сүзүшүп ойноп жүрөт.

Кожожаштын көздөрүнөн балбылдап от жанып, соодагерлердин алдына терилерди, мүйүздөрдү ыргытып, ордуна мылтык, ок-дары, шишелеп күрүч-арак алып жатканы элестеп кетти. Бул жерден алган олжого үйдөгүнү кошсо, жок дегенде дагы эки мылтык келери шексиз. Ал эми төрт мылтыкты көргөн Мундузбай кың дебей, уулу менен Айкени бербеске айласы калбайт. Кожожаш мергендерге: «көлдү айланып жолун тороп, мени күткүлө», – дегендей белги берди да ылдыйда алаканга салгандай даана көрүнгөн кайберендерди кароолго алды. Тоо ичи дүңгүрөдү. Кийиктер селт эте калып, туш-тушка качышты, биринин артынан бири кулай баштады. Кожожашка жардам берген эки мерген мылтыктарды октогонго зорго үлгүрүп жатышты. Бери жакка качкан кайберендерди жаанын октору кыйратты. Төмөн жакта ойноп жүргөн балдар мылтык атылганда дүрбөп улактар менен кошо жогору жөнөштү. Карагул кичирээк балдарды жөлөп жогору чыгара баштады.

Кожожаштын кан ичмеси кармап калгансып, көзүнө кийиктен башка эч нерсе көрүнбөйт, кулагы эч нерсе укпайт.

– Болгула! Оң жагынан каптагыла! Сол жагынан айдагыла! Бул биздин акыркы олжобуз! – деп бакырып аткылай берди. Сур эчкинин эки улагы да серең этип окко учту. Бир паста көк жашыл көлдүн тегерегиндеги мал-жан бүт кырылды. Бийик зоокага кысылып, Алабаш теке менен Сур эчки гана калды. Жаш мерген Ала башты кароолго салды.

– Болду, аларды тим койгула, тукум өнсүн! – Кожожаш биринчи секирип түштү.

Алабаш мүйүзүн каркайтып, мергенди качырды. Кожожаш буйтоо¬го араң үлгүрдү. Теке жанынан зуулдап өтүп, бурулуп келип дагы качырды. Кожожаш атып жиберди. Жаралуу Алабаш өжөрлөнүп дагы атырылды, бирок ок картаң текенин жүрөгүн көзөп өттү.

– Ары жок десе! Өлөрүңдү билбей, мага кол саласың, а? – Кожожаш канжарын сууруду, текени мууздап терисин сыйырмак болуп, бери басканда ачуу кыйкырык улуу тону жаңыртты. Кырылган кайберендердин арасында жалгыз уулу Карагул жансыз жатыптыр. Баланын көкүрөгүнөн кан шорголойт. Шордуу Кожожаш ботодой боздоп мылтыгын ташка чапкылады, жерди тыткылап башын койгулады, жансыз баласын кучактап кечирим сурап улуду. Мергендер аны сооротуп көңүл айтканга шайы келбей үндөбөй тегеректеп турушту. Бечара Саяк кыңшылап ыйлап, сокур энесин жетелеп келди. Сайкал-эне өлгөн баланы сыйпалап көрдү…

– Сур эчки бизден өчүн алды, Кожожаш! –деди кемпир.

– Эне, энекбай, кечир мени! – Кожожаш сокур кемпирдин аягына жыгылды.

– Кечиримди Көкө теңирден сура! Эми биз оңбой калдык, балдарым, – деди жүз жашар эне.

Саяк кемпирди колдон алып, жетелеп кетти. Мергендер үрпөйүшүп, Кожожаштан оолактап, биринин артынан бири кете башташты.

Көк жашыл көлдүн жээгинде күм-жам болгон айбанаттын арасында өлгөн баласын кучактап жалгыз Кожожаш калды…

Айланада кызыл гүлдөр жайнайт. Аскадан атырылып кызыл суу шаркырайт. Жашыл көл канга боелуп кып-кызыл болуп кайнады. Өрттөй кызарган асманда чоктой ысык күн кызыл-ала аскалардан ашып бата баштады… Кыпкызыл көлдүн жээгинде Сур эчки өлгөн улактарын жыттагылап ыйлап жүрдү…

Кожожаш башын көтөрдү. Анын көзүнө аял көрүндү. Анын келишимдүү мүчөсүн жапкан көйнөгү тытылган. Аппак эмчектери тирсийип көрүнүп турат. Айкенин өзү. Ал тонун аңтара кийген баланы жетелеп, табышмактуу күлүмсүрөйт. Эмчек астынан кызыл кан шорголойт. Кышында Сур эчкини жарадар кылганда так ушундай болгон. Кожожаш туруп аялды көздөй басты. Айке Карагулду жетелеп кете берди. Кожожаш артынан ээрчиди.

Кээде Айке жараланган Сур эчки болуп калат. Желининен сүт дирилдейт. Бир туруп кайра Айке болот.

Сур эчки өлгөн улактарын маарап чакырып, адыр-күдүр тоолорду, аңгектүү талааларды кыдырып кете берди. Анын көлөкөсүндөй болуп артынан Кожожаш калбады, ашуусу бийик тоо ашты, агыны кату суу кечти, карагайлуу токой, тикенектүү бадал аралады, кумдуу чөлдөн өтүп, баткактуу саз кечти… Кийими тытылды. Сакал муруту кубарып чачы өстү, көздөрү шишип кызарып, бети башы туурулду. Түрүнөн адамдын жүрөгү түшкүдөй.

Сур эчки мергенди ээрчитип, аскалуу зоокага чыкты. Кожожаш артынан тырмышты. Сур эчки асканын чокусуна жетип токтоду. Мына, ажалдуу тагдыр! Мына Сур эчки! Мени жалгызыман ажыраткан сен, сенин каргышың эмеспи! Сен жапжакынсың! Кол созсом эле жетем! Мүйүзүңдү толгоп, муунтуп салсам да өзүм билем. Эчкинин туяктары майрыйып капталы тытылып кан кеткен, сеңселип араң эле турат. Кожожаш колдорун арбайтып эчкиге жакындады. Ал кайра Айке болуп күлүмсүрөп, артка чегинди. Алы кеткен Кожожаш жарадар болгон жыландай сойлоду. Сур эчки жардын кырына жетип боюн ылдый таштады. Артынан кум эшилип, таштар кулады, арча, карагайлар сынып омкорулду. Кожожаш аскага илинип калды: төмөн жагы бийик зоо, төбөсүндө көгөргөн асман. Анда ач жорулар айланып жүрөт, көздөрү тикирейип, мергендин жаны качан чыгат деп күтүп жүрүшөт.

Кожожаш бычагын алып, борчук ташты чеге баштады. Болот жешилип, мизи майтарылды. Мерген таш алып, асканын бетин жанталашып күндүр-түндүр чеге берди. Учкундар гана чачырайт.

Жорулар төмөндөй берди. Өлүп бара жаткан мергенден тикирейген көздөрүн алышпайт. Акыры айлана жым-жырт болду.

Тоо чокусуна күн көтөрүлүп, шооласын адамдын канталаган колдоруна, мизи жышылып бүткөн бычагына, деми чыкпай калган денесине, анан асканын бетине чеккен сүрөттөрүнө чачыратты.

Аска таштын бооруна түндүктөрүнөн түтүн бургуган боз үйлөр, чуркап бара жаткан балдар, мүйүздөрү аркайган текелер тартылыптыр…

Шаркыраган өзөндүн жээгинде Сур эчки эки эгиз улагын жалап эмизип турат. Асманда жорулар айланат. Жер бети жомоктогудай кулпунат. Кызыл-тазыл гүлдөр жайнап, куштар сайрайт. Бийик аскадан боюн таштаган шаркыратма көк жашыл көлгө түшүп, суунун миңдеген чачырандысында күн нуру жүздөп кубулуп көз уялтат. Комуздун коңур күүсүнө жүздөн ашкан картаң эненин киркиреп боздогону тоону жаңыртат:

Балтыркан түбү былк этти, ботом,
    Бараңдан түтүн бурк этти, ботом,
    Басагалсам элик деп,
    Баламдын башы шылк этти,ботом,
    Эчки тон кайдан кийгиздим,ботом,
    Элик деп атып тийгиздим, ботом,
    Канатым сыздап кайрылды,ботом,
    Жалгызыман айрылдым, ботом,
    Өз колуман мерт болуп, ботом,
    Жарк эткен шамым жалп этти, ботом,
    Чырактай жанган, Карагул ботом,
    Чыркырап калдым артыңда, ботом,
    Карагул ай, ботом! Ой, жалгызым, ай, ботом!..

Илгерки бир заманда жашаган картаң аялдын жүрөктү сыздаткан кошогу улуу тоонун үстүнөн калкып өтүп, кайрылып өзүнүн байыркы дооруна кайра кеткенсип бара-бара жок болду… Тоодо ырайымсыз бороон улуп, ызгардуу шамал күчөдү. Асман тиреген аскалардан ач тозоң чаң ызгып, таштын бетине чегилген сүрөттөрдү борошо басып көрүнбөй калды…

***

Илгери-илгери кыргыз жергесинде мына ушундай кайгылуу дастан жаралыптыр. Байыркы заманда элибиз чыгарган акыл-насаттуу жомок али да болсо унутулбайт, азыркы атомдуу доордо адамзат өзү менен кошо жашаган айбанатты өлүм-житимден сактап, жер-сууга сарамжалдуу мамиле кылбаса, акыры чоң кыянатка учурап калышыбыз мүмкүн деген ойду кайра-кайра эсибизге түшүрөт.

1984-ж.

 

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

© Байжиев М., 2005

 


Количество просмотров: 16514