Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Байжиев М., 2005. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2012-жылдын 27-сентябры

Мар Ташимович БАЙДЖИЕВ

Жаңылуу

Кыргыз прозаиги жана драматургу Мар Байжиевдин аңгемелери жана повесттери замандаштарыбыздын рухий дүйнөсүн чагылдырат. Чыгармаларында калемгер нравалык баалуулуктарды, чындыкты жана гуманизмди көркөм сөзү менен бекемдейт.

Байжиев Мар. Аңгемелер жана повесттер. – Б.: 2005 китебинен алынды

 

Шаарга күз ууру мышыктай жумшак басып, билинбей келет эмеспи. Күн кадимкидей бакырайып, асфальтты, үйлөрдүн чатырларын ысытып, бак-дарак көгөрүп, көчөлөргө көлөкөсүн салып, шаардыктарды коргогонсуйт. Бирок чындыгында мезгил өткөн сайын күн жерден алыстап жылуулук кудурети сараңдай берет. Күндөрдүн биринде асман түнөрүп, олдоксон бирөө байкабай жаратылыштын чакасын оодарып алгансып, ак жаан төгүлүп, көчөлөрдү сел каптап, арыктарга суу батпай шаркырайт.

Бул жаан жалбырактардын жүлүнүн бошотуп, саргартып, жерге түшүрүп, барпайган бак-даракты заматта жылаңачтап жиберет. Анан күз шаарга биротоло жайланышып, шашпай, эч жаңылычсыз өз ишин бүтүрө берет.

Быйыл да күз шаарга байкатпай келип калды.. Үч күндөн бери жаан-чачын басылбайт. Күн ачылбайт. Тоодон салкын жел согуп, шуудураган жалбырактар ным жерге жабышып, арыктардагы суюк сүзүлгөн бозо түстүү суу менен агып, көпүрөлөрдүн түбүндө додолонуп жатат.

Асылбек үч күндөн бери ичкени ирим, жегени желим болуп, өңү кубарып, өзү делдейип, жүдөп кетти. Үч күндөн бери кызматынан чыгары менен каадансынча биллиардга барбай, борбордук ооруканага келет. Аялы Жумагүл үч күндөн бери ушул жерде жатат. Адегенде жөн эле сасык тумоо экен деп көп камаараган эмес. Бирок, мурдагы күнү жаш доцент Алманбетов Жумагүлдүн канын изилдеп көрүп, оорусу өтө коркунучтуу дептир.

– Коркунучтуу болгондо… ачыгын айтсаңыз, доктур, – деди Асылбек.

Алманбетов кабинетинин эшигин жапты да, бир топко дейре унчукпай отурду.

– Балдарыңыз барбы?

– Үч балабыз бар… Улуусу 7-де окуйт, кызыбыз үчүнчү… кенжеси 8 айлык, – деди Асылбек.

– Жаш экен балдарыңар, – Алмамбетов чекесин ушалап үшкүрдү. – Аялыңыздын оорусу катуу.

– Катуу болгондо?

– Ак кан…

– Бул сөздү укканда, Асылбектин көзү ымыр-чымыр боло түштү. Бул дарттан айыккан адам азырынча жок болсо керек! Каны бузулуп, денеге кислород жеткирип туруучу кызыл клеткалар барган сайын азайып, адамдын шайманы бошойт, анан… анан… о-оой! Калганы белгилүү эмеспи! Ырас, орулууга жаңы кан куюп турууга болот. Бирок аның деле убактылуу…

– Балким… андай эместир? Балким сакайып кетер!

– Биз жүрөгү согуп турган адамдан эч качан үмүт үзбөйбүз… балким айыгып да кетер. Бирок, кайрат кылып бардыгына даяр болуңуз. Бул дарт дүйнөлүк медицинада чечиле элек түйүн…

– Кандайча, доктур! Айтыңызчы! Техниканын, илимдин жетишкендигинен эркек эмес, аялдар да космоско уча баштады. Жаратылыштын ой жетпеген сыйкырлары ачылып жатат. Анан, анан ушул бир байкушту ажалдан алып калууга илимдин кудурети жетпейби? – Асылбек жалдырап жаш доцентти карады.

Жаш доцент колун Асылбектин ийнине койду да жооп берген жок, бирок көздөрү: «Эмне кылайын, кагылайын, ошондой болуп жатпайбы, айла канча?» – дегенсийт.

– Азыр Жумагүлгө кирүүгө болобу?

– Болот, болот. Мынабу халатты кийиңиз. Аялыңызды өзүнчө бөлмөгө орноштурдук. Азырынча эс-учу кадимкидей, бир аз гана температурасы бар. Жанына атайын медсестра койдум. Жүрүңүз, өзүм киргизип коеюн.

– Ыракмат доктур… Чоң ыракмат. Профессор Алтынбаев өзү да көргөн чыгар? – Асылбек аппак халатты желбегей жамынды.

– Жок, профессор көрө элек. Москвага кеткен. Бүрсүгүнү келет! Ал киши деле мен айтканды айтар, мени ошол киши окуткан, – деди жаш доцент.

Асылбек унчукпай сыртка чыкты: «Профессор жөнүндө бекер айттым окшойт, мага ишенбейт деп көңүлүнө кеттиби», – деп өкүнүп да калды.

Эшик ачылганда Жумагүл кабагын түйүп, бери бурулду, ийне сайганы же дары бергени келишти десе керек, бирок, күйөөсүн көргөндө жылмайгансып, башын көтөрдү. Асылбек орундукту кроваттын жанына коюп, аялынын чекесин кармады.

– Колуң муздак экен, – деди Жумагүл.

– Өтө муздак бекен? – Асылбек колун дароо тартып алайын деди.

– Жок, жок. Жакшы, муздак болгону жакшы, башым бир аз кеңгиреп турат.

Асылбек аялынын жылуу маңдайына улам алаканын коюп олтурду.

– Келгениңе ыракмат. Асылбек… – деди Жумагүл.– Балдар кандай, кичинекейи ыйлап калды го…

– Алардан кам санаба, эртең чоң энеси келет, сен чыкканча көз салып турат.

– Мен чыкканчабы? – аял унчукпай калды.

– Бат эле чыгасың – доктур айтты?

– Ыракмат, Асылбек, ыракмат.

– Эмнеге ыракмат дейсиң, мен сага жат киши белем, сенин менден башка кимиң, менин сенден башка кимим бар, – деп сүйлөй баштаган Асылбек, аялынын түрүн көрүп сөзүн токтотту.

Жумагүлдүн эки көзүнөн эки алмаз мончок жаздыкка мөлт этти.

– Эмне ылайсың, кой, ыйлаба, – деди Асылбек.

Аял унчуккан жок.

Өгүнү эле экөө чатакташып калышкан. Ал чатак эмнеден чыкканы азыр экөөнүн тең эсинде жок.. Анын бардыгын көңүлүңө түйүп чогулта берсең, тулуптай шишип кетпейсиңби. Бирок, акыркы жылдары мындай чатактар көбөйүп кетти… Кээде жөнөкөй эле сөз уруш-талаш, балдардын ыйы менен бүтөт. Ачууң тараганда баамдап көрсөң, болор-болбос нерсе: баланы сен ал, мен ал, электрдин акчасын сен төлө, мен төлө, кызматтан кечигип келдиң, эрте келдиң, айлыктын 5 сому кана? Ий-ий, койчу! Иши кылып ойлосоң, жиниң ого бетер келет.

«Тү, кудай урган! Болор-болбос үчүн өлүгүмдү да, тиригимди да көргүсү келди, ээ! Ошол 5 сом менден – үч баласынын атасынан артык болуп кетиптирби? Тили жаман, тили! Андай болбосо, өзүмөн өзүм эле жаакка чаап жинди болуптурмунбу!» – деп ойлойт күйөөсү.

«Ушу да турмушпу! 5 сомду сурайсың деп урушабы адамды! Мен сурап коюптурмун, аялмын да. Ошончону көтөрүп койсо не болот? Бир кезде өбүүгө зар болуп жүргөн бетимден эми ошол 5 сом артык болуп кетиптирби?! Оту күйүшпөй калыптыр деген ушул эмеспи!» – деп ойлойт аялы. Кээде бул ойлорун бири-бирине билдирет, анда өчүп калган чатак-от кайра тутанып, алоолонот. Жумагүлдүн күчү жок болсо да, тили бир топ бар. Жадаганда Асылбек плащын алып, үйдөн чыгып кетет. Жумагүл чегинип бара жаткан жоонун артынан пулемет аткансып, коридордон эңкейип алып күйөөсү төртүнчү этаждан биринчиге түшкөнчө:

– Балдардан айлан, келбе! Деле көзүмө көрүнбө. Сендей эрдин барынан жогу! – деп дыбыратат. Мунун бардыгы чын эле ок болсо, бечара Асылбек эбак калбыр болуп, жел соккондо денесинен шамал ышкырып турат болчу. Ал эми үстүнөн ылдый атылган октор бөтөлкө ачкан штопордой төбөсүнө буралмак. Бирок Асылбек миң кылганы менен жигит да! Башына ок өтпөс калпак кийип алгансып, камаарабай, шарт-шарт баскычтарды аттап ылдый түшүп башын көтөрөт да, жакшы мээлеп туруп, сыр бараңы менен бир гана атат:

– Э-й, былчыйган долу, бас жаагыңды! – дейт да, көздөн кайым болот. Аялы чын эле ок тийген аюудай аксаңдап үйгө кирип диванга жыгылат.

– Кайсы каран күнү туш болдум экен ушуга! Семирип кеттиң деп да кордойбу адамды! Тапкан-ташыганын бардыгын мен жеп жаткансып, өзү менен балдарына берип жатпаймбы, денемдин түзүлүшү ушундай болсо кантейин! Кыз кезимде, сүйлөшүп жүргөндө көргөн жок беле муну! Керели кечке балдарын багып, кир жууп, тамак бышырып, өз боюмду кароого чолоом жок. Башкалардай оозумду боеп, көйнөктүн астынан тар чыптама кийип алайынчы мен деле!

Жумагүл ыйын басып, балдарын жаза-буза чаап, жуунуп алып аргасыздан баягы эле тиричиликке киришет, аялдын жумушу чачынан көп эмеспи!

Жакында ушул сыяктуу окуялардын бири болгон, Жумагүлдүн пулемету өлтүрбөсө да, сай-сөөккө жетип койду окшойт. Асылбек столдогу тарелканы күм-жам кылып, каалганы даң эттире жаап, артынан кошо басып дыбыраткан аялына: «Жаагыңды басчы!» – деп айтып чыгып кеткен. Биллиардга барып бир-эки саат ойноду, майланышып дайыма ошол жерде жүргөн курдаштардын бири менен ресторанга кирип, андан чыгып таксиге түшүп, тээтиги Төкөлдөштөн ары бир жакка барышкан. Эртең менен турса жепирейген үйдө жатат, столдо бирин-серин бош бөтөлкө, помбаркыт көйнөкчөн семиз аял кудуңдап примуска колбаса кууруп, жаш бийкечтей шыңкылдап жүрөт. Чогуу келген жолдошу бышылдап, чачын үксөйтүп, батинкесинин үзүлгөн боосу менен алек.

Ал дем алыш күнү эле. Асылбек үйгө күүгүм киргенде келди. Жумагүл балдарын жетелеп эжесиникине кетип калыптыр. Ошентип, бири-биринен безип жүрүшүп, Асылбек менен Жумагүл төртүнчү күнү гана жолугушту. Бирок экөө эки бөлмөгө жатып, сүйлөшпөй, акча, таза көйнөк жана башка ушул сыяктуу нерселерди сураганда балдарды ортодогу тилмеч катары пайдаланышкан. Ишемби күнү Жумагүл башым деп төшөктөн турбай калган болучу. Доктур чакыртса, дароо ооруканага алып кетиптир. Аны Асылбек кечинде, кызматтан келгенде билди… Кийинки окуя жанакыдай…

– Ыйлабачы, Жумакайым, доктур менен сүйлөштүм, жаш болгону менен мыкты жигит көрүнөт, профессор Алтынбаевдин сүйгөн окуучусу экен, бат эле айыгат деди. – Асылбек алаканы менен аялынын жашын сүрттү.

Жумагүл мындай назик мамилени сагынганбы же «Жумакай» деп эркелеткен атын угуп жибидиби, айтор, күйөөсүнүн колун албырган бетине басып, жылуу жана жумшак эриндерине тийгизди. Экөө тең өз ойлорун ойлоп, бири-бирин карап унчукпай олтура беришти.

Жумакай… баса менин илгерки атым ушундай эмес беле. Мындан 17 жыл мурун, жаңыдан сүйлөшүп жүргөндө, андагы Жумагүл деген атымды эркелетип Жумакай деп койбоду беле. Бирок, кийин бул атым унутулуп кетти. Эмне үчүн? Оозуң барбай калдыбы? Же Жумакай деген эркелеткиндикке жатабы… Башка сөз айтпасаң да анда-санда Жумакай деп койсоң, төбөм көккө жетпейт беле. О-о, сен билбейсиң го аны. Бир жумада бир жолу азыркыдай мамиле кылып, жумшак үнүңдү угузуп койсоң, ал мага бир айлык гүлазык болбойт беле, сен үчүн кайда гана барбас, эмне гана кылбас элем анда. Жүрөгүмдү, канымды, керек десең калган өмүрүмдү садага чаппайт белем сага. Бирок, турмушубузда андай болбоду. «Тилиң ачуу» дейсиң. Мен өзүмдөн өзүм эле сүйлөбөйм да. Сенин кээ бир кылыктарың көзүмө өөн учурап безилдетет турбайбы мени. Макул, менин акылым сеникиндей эмес экен, ал табигаттын жаратканы. Сен билишиң керек го ошону. Жаңыдан таанышып, бири-бирибизге бир дептерден ыр , эскерме жазып жүргөндө, ушундай мамилеге жетебиз деп ойлогон эместирбиз. Эртеден керели-кечке, таң атканча унчукпай жанаша басып жүрүү бизге чоң бакыт эмес беле! Алдыдагы келечек турмуш бейиштин төрүндөй саналуучу эмес беле! Театрдан же кечеден узатып келип, түн ортосуна чейин колумду кое бербей, унчукпай, бир мени, бир жылдыздарды карап тура берүүчү эмес белең. «Асылбек, кое берчи, апам күтүп калды» – десем, сен үшкүрүп: «Эх, Жумакайым, ушул куурал качан бүтөт?» – дечүсүң. «Кайсы куурал?» – десем: «Бул тозок, тозок! Качанга дейре түн киргенде, экөөбүз эки жакка басып кетебиз? Кетким келбейт, босогоңо олтуруп алайынбы? Сенден кетип троллейбуста бара жатканда караңгы терезени карап алып, жинди немече жылмая берем. Кээде билет алууну унутуп, элге шылдың болом», – дечү эмес белең. Анан…. анан кошулдук, «куурал» бүттү. Үйлүү-жайлуу болдук, балалуу болдук… Кайсы күнү, эмнеден башталды келишпегендик? Сен үйдөн кача баштадың… Менин ичим күйдү. Ызаландым, ыйладым. Сен да капаландың, менин тилим тийди, сенин колуң тийди. Эсиңдедир, былтыр күзүндө, ажырашабыз деп турганда сени чукул командировкага жиберишти.
Адегенде сенин кеткениңе сүйүндүм, бир жумадан кийин жалгыздыктан жададым, экинчи жумада сени менен кат жүзүндө сүйлөшкүм келди. Күнүнө жол карачу болдум. Келер күнүңдө тосуп чыксамбы деп балдарды жуунттум. Бир саат калганда барбай койдум. Таарынычым эсиме түштүбү же мага суз мамиле кылсаң капаланам дедимби, билбейм. Айтор, сен келгенде ички үйгө кирип кеттим. Сен балдардан мени сураганда сүйүнгөнүмөн оозума жүрөгүм тыгылды. Чуркап чыгып: «Мына, мен мындамын, күтүп зарыктым. Кетпе, мындан кийин кетпечи», – деп мойнуңа асылайын дедим, бирок эмнегедир антпедим. Сен бейтааныш адамдай, колумду кысып коюп, ваннага кирип кеттиң. Бир жумадан кийин сагынычымды унуттум, анткени, баягы турмуш кайра башталды… Эми минтип, жалдырап чекемди сылап олтурасың. Колуң жумшак, мэримдүү, баягыдай, илгеркидей мээримдүү… Жумакайыңдын эсинен кетпес колдор… Үч бала менен жүдөйсүң го, жаным. Эмне кылайын, Жумакайыңдын өмүрү ушундай кыска экен да. Муну мен билем, билип алдым. Бул айыкпас дарт, эми төшөктөн башым көтөрүлбөйт. О-о, жок дегенде дагы бир жылдык өмүрүм болсо, өткөн каталардын бирин да кылбас элем го. О, жаңылуу. Неге адам өткөн турмуш жолун кайталай албайт? Бул ойлорго келгенде, унчукпай жаткан аялдын көздөрүнөн дагы эки алмаз мончок мөлт этти.

Жанатан бери аялынын маңдайын сылап олтурган Асылбектин да ойлору алда кайда кеткен:

«Жалдыраган байкушум. Жашар күнүң аз калганын билбейсиң го… Билсең, мага далайды айтпайт белең. Оо, турмуш! Колдо бар алтындын баркы жок деген ушул эмеспи. Канча күнүбүз, канча жыргап турчу мезгилибиз, ден соолугубуз текке кетти, канча жаңылдык. Эч качан оорубастай, карыбастай, колубуздагы бактыбызды майдалап, кара жолдун четине чачкан жолоочудай болуптурбуз го. Экөөбүздө тең күчтүү сүйүү, зор үмүт, канаттуу кыял бар эмес беле! Канакей алар? Алардын жаркыраган бетин майда-чуйда, ыпыр-сыпыр, чаң, дат басып калган сыяктуу. Айып кимде? Экөөбүздө тең болсо керек! Эсиңде бекен! Былтыр экөөбүз ажырашабыз деп турганда, мен бир айга командировкага кетип калгам. Ошондо атайын кеткем. Ыраак сапарга кетип ойлонуп, экөөбүздүн мамилебизди жакшылап текшерейин дегем. Айла болсо, ошол бойдон келбейин деп ойлогом. Бирок, бир жумадан кийин балдарды сагындым, экинчи жумада өзүңдү көргүм келди. Үчүнчү жумада ойлогонум, самаганым жалгыз сен гана болдуң, төртүнчү жуманы күн санап, саат санап араң өткөрдүм. Үйгө кайтуунун айласын издедим.

Вокзалга түшкөнүмдө алактап далайга дейре өткөн элди карап турдум. Тосуп чыкпасыңды билгем, бирок, келип калабы деп үмүттөндүм. Келсең, элдин көзүнчө кучактап, жаш баладай үйгө дейре көтөрүп бармакмын. Бирок, сен келбепсиң. Ал тургай, мен үйгө келгенде сен бөлмөгө кирип кеттиң. Мен да өзүмдүн накта сезимимди билгизгенди ыраа көрбөдүм окшойт. Анан баягы чыр-чатактар кайра башталды. Эми минтип жалдырап өлүм алдында жатасың. О, турмуш! Адамдын накта дүйнөсү, сезими, сүйүүсү чоң түйшүк алдында толук ачылат турбайбы! Чындыгында адамдын өмүрү өтө эле кыска. Балалык, жаштык, адам болуу, анан эле карый баштайт. Анан эмне үчүн жаратылыштын берген энчисин, ишеничибиз болсо, чоң ишенишип, бактыбыз болсо, чаң жугузбай бийик кармай албайбыз? Адам бул дүйнөгө жыргайын, сүйөйүн, бакыт күтөйүн деп келет эмеспи! Анан эмне үчүн жаңылат! Сенин өмүрүң мындай кыска болорун билгенде бардыгы башкача болбойт беле. Жумакайым. Жок дегенде дагы бир жылдык өмүрүң болсочу? Үстүңө чымын кондурбай, эркелетип, эртедир-кечтир сени менен, томураңдаган балдарым менен болбойт белем. Бирок, кеч… Кеч болуп калды… Жумакайым… Менин кичинекей Жумакайым…» Муну ойлогон Асылбектин көзүнөн да жаш кылгырды. Бирок, ал ары карап жөтөлүмүш болуп көзүн сүрттү. Эки адам далайга дейре унчукпай бирин-бири карап олтурушту. Чакан бөлмөгө акырындап-акырындап күүгүм кирип, аппак шейшеп-пардалар бозоро баштады. Сыртта жаан шатыратып жаап, терезеден шорголоп,бактардан бирин-серин сары жалбырак канаты сынган калдыркандай аксак калкып жерге түшө берди.

– Кеч болуп кетти, – деди аял.

– Эмне дейсиң? – деп Асылбек оюнан ойгонду.

– Балдар жалгыздайт, – Жумагүл кечирим сурагандай жылмайды.

– А-а… дагы бир аз олтурайын, – Асылбек электр шамын жандырды.

– Жаан катуубу?

– Ооба… Күз түшпөдүбү?..

Жаан темир чатырды дыңгыратып, терезенин алдындагы бактарды шуудуратат. Өтө алыс жерде реактивдүү самолет уңулдагансыйт.

– Жумакай… – Асылбек унчукпай калды… Ким билет, балким: «Мен сени сүйөм, абдан сүйөм, мурдагыдан, кыз кезиңден күчтүү сүйөм. Кылык-жоругуңду, мүнөзүңдү, кебетеңди, денеңди, үнүңдү, бүткүл өзүңдү жанымдан артык сүйөм», – деп айткысы келгендир, бирок анын ордуна:

– Эртең эмне алып келейин? Эмне жейсиң? – деди.

Аял башын көтөрбөдү.

– Эч нерсенин деле кереги жок… Жүзүмдүн ширеси болсо, бир аз ичем…

– Мен кетейин… Коркпойсуңбу?

– Жанымда татынакай медсестра бар… балдарды өөп, мени жакында келет деп алдап кой.

Асылбек ордунан турду.

– Асылбек… – Жумагүл анын колун бир аз кармап калды:

«Сен абдан жакшы адамсың, менин күнүм бүтсө да сен каласың, бул мен үчүн чоң бакыт», – деп айткысы келди, бирок, мукактана түш¬тү да:

– Шейшеп-сүлгүлөр кирдеп кеткендир, тетя Нюрага 4-5 сом берсең, баарын жууп берет, – деди.

…Ал түнү Асылбек да, Жумагүл да укташкан жок. Адеп таанышкандарын, биринчи жолу өбүшкөндөрүн, кошулгандарын, баштарынан өткөн кызык окуяларын эстеп, таң атканча ар бири өзүнчө жылуу жылмаййып жатышты.

Эртеси Асылбек таң азандан туруп ооруканага келди.

– Азыр саат алты, ооруларды сегизден тартып гана көрүүгө болот, – деди медсестра.

– Терезеден көрүүгө болобу?

– Ойготпоңуз.

– Ойготпойм… көзүмдүн кыйыгы менен гана көрөм…

– Короо жактан, үчүнчү терезе…

Асылбек жакындаганда, Жумагүл башын көтөрүп жылмайды, эчактан бери күтүп терезеден көзүн албай жатыптыр:

– Эмне эрте ойгондуң, Жумакай?

– Жакшы угулбайт, терезе жабык.

– Ачпа, суук тиет. Күздүн шамалы суук.

– Өзүң эмне эрте келдиң?

– Жөн эле. Начальник эрте кел деген. Өтүп бара жатып кирип калдым.

– Кечикпейсиңби?

– Убакыт бар. Акыбалың кандай?

– Башым бир аз кеңгирейт. Кан куюшту. Эртең профессор Алтынбаев келет экен. Бар эми, үшүйсүң, плащың жука, ичинен жылуураак бир нерсе кийип албайбыңбы?

– Эч нерсе эмес, жигитмин да.

– Угулбайт.

– Жигитмин дейм. Жигит ысык-суукту көтөрүп коет, – Асылбек күлдү.

– А-а… – Жумагүл жылмайды. – Жакаң кирдеп кетиптир, тарткычтын астында жаңы көйнөк бар, туулган күнүңө деп катып койгом.

– Ыракмат, Жумакай!

– Кечигесиң, кызматыңа!

Асылбек саатын карады:

– Кечикпейм, дагы эки жарым саат бар…

Күйөөсү атайын эрте туруп келгенин түшүнгөн Жумагүл кичинекей муштумун көрсөтүп койду. Асылбек да уурусун карматып койгон жаш баладай жылмайды.

***

Профессор Алтынбаев Москвадан келери менен каадасынча кол астында иштеген доктурларынын бардыгын чогултуп, оорулардын абалын сурады.

– Жакында татаал оорулуу аялды жаткыздык, – деди доцент Алмамбетов.

– Белокровие…

– Ак канбы?

– Белгилеринин бардыгы ошондой болуп жатат, профессор, канынын анализи коркунучтуу.

– Кыйын болгон экен… Көрсөтүңүз…

Ак халатчан адамдар профессорду ээрчип киргенде Жумагүлдүн жүрөгү лакылдады.

Профессор Алтынбаев алтын чынжырлуу чоң алтын саатын алды.

– Неге мынча танчсызданасыз, кызым? – деди.

– Жөн эле…

– Канча жаштасыз?

– 35те…

– Балдарыңыз барбы?

– Үчөө… Кичүүсүн жакында эле эмизбей калдым.

– Ко-ош… «Эмизбей калдым»… Канынын басымын өлчөп көрөлү, – деди Алтынбаев. Ал Жумагүлдүн кан басымын өлчөдү.

– Та-ак… дурус… Оору баянын бериңиз… Та-ак… абдан дурус, – деди профессор журналды барактап көрүп.

Жумагүл келгендердин ар бир кыймылын, ар бир көз карашын байкап жатты.

– Дагы бир жолу кан куйгула. Күчтүү тамак ичиш керек… Кант, жүзүмдүн ширеси, кымыз сизге абдан пайдалуу. Турмушуңар кандай? Тамак-аш жетиштүүбү?

– Жетиштүү…

– Балдарды сагынгандырсыз?

– Сагындым…

– Жакшы калыңыз, балам, – профессор жан-жөкөрлөрүн ээрчитип чыгып кетти.

«Айыкпасыма көзү жеткен соң, балдарын көрүп калсын дегени го», – деп ойлоду Жумагүл.

Профессор Жумагүлдүн палатасынан чыгары менен кызматкерлерин кайра чогултту.

– Түштөн кийин температурасы дурус болсо, үйүнө кете берсин, – деди Алтынбаев.

– Кандайча, профессор?

– Оорусу өтө жеңил. Жакында төрөптүр, ошондон кийин бир аз начарлап каны суюлуп калган. Кыргызча айтканда сууктап кеткен.

– Түшүнбөдүм, профессор. Канын анализи ак канын далилдеп жатпайбы? – деди жаш доцент.

– Канынын басымычы? – Чалдын жини келе түштү окшойт. – Кептин баары ошондо да!.. Белокровие болгондо басымы өйдөлөйт, мунуку ылдыйлап жатпайбы? Анемия.

Беркилер унчукпай калышты.

– Кечиресиз, профессор, аны эске албаптырмын… жаңылуу, – жаш доцент чекесин сыйпалап оңтойсузданды. – Белокровие эмес экен да…

– Ылайым эле ошондой болсун! – Профессор борс-борс күлүп, Алмамбетовду далыга чапкылап койду. Беркилер да жылмайышты.

…Кечинде Асылбек терезеге келсе, Жумагүл шейшебине чүмкөнүп жатыптыр.

– Жумакай…

Унчукпайт

— Жумакай, мен келдим. Жумакай, – деп терезени тыкылдатты. Тиги шейшепти ачып, башын көтөргөндө, Асылбек бакырып жибере жаздады. Жумагүлдүн ордуна сакалы бапсыйган, көздөрү үлүрөйгөн бети куп-куу абышка жатыптыр.

– Мында… Бул жерде жаткан… Жумакай… Аял кана? – деп сурады Асылбек эс-учун жыйып.

Чал «билбейм» дегендей ийнин куушурду.

– Жумакай! Жумакайым бат эле ушундай болуп калдыбы? Дагы бир аз жашайт дебеди беле доктур! О, шордуум! Шордуу балдарым! Мындайын билгенде, күндүр-түндүр жанынан кетпей турбайт белем! Бактым… Жалгызым… – Асылбек көзүнө эч нерсе илбей, короодогу сууну, баткакты кечип, оорукананын каалгасын көздөй чуркады. Тайгаланып жыгылып, киймин булгап алды, каалга жабык экен.

– Жибергиле, мени, Жумакайым кана?! Кана, менин бактым?! Кана менин күнүм?! Жумака! – ай! – Асылбек өкүрүп-бакырып каалганы муштагылады.

– Сизге эмне болду, жолдош? – деди медсестра чыгып.

– Менин Жумакайым! Чырактай болгон… Жума… – Асылбек сөзүн бүтүрө албай, көзүн алайтып тамга жөлөнүп калды, анткени ары жактан кийим-кечесин жоолукка түйүп келе жаткан аялын көрдү.

Жумагүл менен Асылбек көп жыл бою бирин-бири күкүк-зейнептей издеп таппай, эми, азыр табышкан эки жүрөктөй кучакташып калышты.

***

Арадан мезгил өттү. Күндөрдүн биринде коңшулар коридордо аял менен эркектин чатакташып жатканын угушту.

– Баладан айлан! Келбе! Деле көзүмө көрүнбө! Сендей эрдин барынын жогу! – деп кыйкырды аял төртүнчү этаждан, тиги болсо ок өтпөс калпак кийип алгансып, тоотпой алдына түшүп башын көтөрдү да:

– Эй, долу! Бас жаагыңды! – деди.

Аялдын жаагы жап болуп үйгө кирди, бирок диванга боюн таштап ыйлоонун ордуна негедир терезеге барды.

Ак жаан шатыратып жаап жаткан экен… Ырааактан реактивдүү самолет угулгансыйт.

Асылбек болсо боз плащынын жакасын көтөрүп алып, жаан жууп кеткен аллея менен кете берди. Бактардан бирин-серин сары жалбырактар аксак калкып, анын жаңыдан кубара баштаган чачтарын сылагансып жерге түшүп, ным асфальтка чапталып, аяк астында кала берди.

Шаарга күз ууру мышыктай жумшак басып, билинбей келет эмеспи...

1964-ж.

 

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

© Байжиев М., 2005

 


Количество просмотров: 2378