Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Драматургия, киносценарийлер, Драматургия
© Бурул Калчабаева, 2012. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2012-жылдын 1-октябры

Бурул Макыповна КАЛЧАБАЕВА

Алдей

Ыплас жашоо, ыплас адамдар, кишилердин айбанчылыгынан көңүл калуу, тепселенген аруулук, адамдарга ишеним жоготуу... Кайрадан жылт эткен үмүт, кайрадан адамдарга ишеним артуу...

 

КАТЫШУУЧУЛАР:

1. КЫЗ – 20-21 жаштарда
2. МАСКАЧАН ЭРКЕК:
Өгөй ата
Жезде
Сүйгөн жигит
Короо шыпырган жигит

Бир гана короо шыпырган жигитти ойногондо маскасы жок чыгат.

Окуя биздин күндөргө таандык.

 

Биринчи көрүнүш

Ар кимиси өз арбайын согуп, эч ким менен эч кимдин иши жок, чоң шаардагы көп кабаттуу үйдүн жертөлөсү. Көшөгө ачылганда сахна ала көлөкө. Даана эч нерсе көрүнбөйт. Бир гана сырттан кирүүчү эшик, фанера урулган ичке терезе көзгө чалдыгат. Мышыктын мыңлогону, бир туруп чарылдап-чарпыша кетип, караңгыда кош чырактай ойногон көздөрү, бири-бирин соороткондой, сагынгандай жалооруган үндөрү угулат. Сыртта жоо куугандай энтиге дем алган бирөөнүн чуркаган дабышы. Ал бирде чуркап, бирде басаңдап, терезенин тушуна келип токтойт. Терезеге урулган фанераны жанталашып түрткүлөйт. Фанера кыйчылдап барып ачылып, бир бурчундагы мыгы кармап салаңдап калат. Сахнага адегенде түйүнчөк ыргыйт. Ыргытылган түйүнчөктөн чочуган мышыктар «чарр» дей түшүп качып жок болот. Түйүнчөктүн артынан өлөөр – тирилерине карабай Кыз секирип түшөт. Ал жер төлөдө жыйылган жаман-жуман өлүүгө чалынып жыгылып, будаланып отуруп калат. Бир аздан кийин артынан кууп келаткан куугунчулардын дабышы жакындайт. Кыз эсин жыйып, энтиккен демин ичине алып, шоола түшүп турган терезеге келип, жанталашып фанерага жетип терезени жаап, бүт денеси менен тиреп, титиреп туруп калат. Дабыш жакындайт. Кыз демин чыгарбаска аракет кылып, көзүн бекем жуумп, фанераны жөлөп турат. Бир гана көзүнөн сызылып аккан жаш даана көрүнөт. Сыртта сөгүнгөн үндөр. Ары-бери чуркап, анан алыстап барып жок болот. Кыз тигилердин кеткенине көзү жеткенден кийин гана отура калып, үн чыгарбай ыйлап жиберет. Мыкка илинген фанера салаңдап, кылдын учунда турган Кыздын тагдырындай термелип, айдын алсыз шооласы жарык берет. Кыз эсине келип, ыйын бирөө угуп калбасын дегендей оозун басып эки жагын элеңдеп карайт. Жөрмөлөп бая ыргыткан түйүнчөгүн издеп, жерди сыйпалап жатып түшүнүксүз үн чыгарган бир нерсени басып алып, бакырып жибере жаздап артка качып, дагы бир нерсеге чалынып жыгылат. Жертөлөнүн кайсы бир бурчунан чычкандын чыйпылдаганы, мышыктын мыңлогону угулуп жок болот. Өлүү тынчтык. Кыз бүрүшүп бурчта отурат. Акырындап караңгыга көз үйүр алып, сахна жарык боло баштайт. Кайдандыр суунун анда-санда тып этип тамганы угулат. Жертөлөнүн бир бурчунда жөлөнгөн шыпыргы, күрөк, чака турат. Анын катарында илинген жумушчу кийим, жылуу фуфайка. Бая Кыз чалынып жыгылган жерде эски-уску кийим, матрац, кагаз, бөтөлкө, колу – башы кайрылган, көйнөгү башына кийилген чоң куурчак жатат. Кыз жана ушу куурчакты басып алып түшүнүксүз үн ушул куурчактан чыккан эле. Андан алыс эмес жерде Кыздын түйүнчөгү жатат. Кыз ордунан туруп онтоп отура калат. Денесинин жанчылганын эми гана сезет. Ал тытылган көйнөгүн, айрылган, көгала болгон буту – колун кармалап көрөт. Сылтый басып түйүнчөккө келет. Түйүнчөктү чечип таза кийим алат. Дагы эле көзүнүн жашы тыйылбайт. Анан суунун үнүн тыңшап божомолдоп барып, суунун чоргосун таап суу ичет. Бетин, буту – колун жууйт. Бир аз сергий түшөт. Онтолой басып түйүнчөгүнө келип кийим которот. Кийими деле жыргаткан кийим эмес. Болгону бир юбка, кофта. Бир чоң полотенца. Кыязы качканда колуна тийгенин алган болуу керек. Калчылдап, чыйрыгып чыгат. Эптеп сүйрөлө басып, илинип турган фуфайканы алып жамынып, чечкен киймин ороп башына коюп, эски матрацка бүрүшүп жата кетет. Ичине толгон ыза-кордук муунтуп, көзүнөн жаш сыгылат. Көзү маңдайында жаткан, буту-колу кайрылып, башы тетири караган чоң куурчакка түшөт. Колун созуп аны алат. Ары бери карайт.

КЫЗ. Шордуу... Сени да кордоштубу? (Куурчактын буту – колун түздөйт, башын оң каратат. Куурчактан тумчуккан баланын үнүнө окшогон түшүнүксүз үн чыгат.) Ыйлап атасыңбы?! Сен да мага окшоп үн чыгарбай ыйлаганга үйрөнгөнсүңбү?! Качантан бери? Таштандыга ыргытылгандан бериби? Шордуу!.. Басыл… басыла гой! (Куурчакты бооруна кысат. Тирүү адам менен сүйлөшүп жаткансып, аны караан тутуп, бел байлайт.) Мени күтүп жүрдүң беле? Мына... мен келдим... Болду, ыйлаба!

– Алдей, алдей ак бөпөм,
Ак бешикке жат бөпөм.
Энең тойдон келет,
Эмчеги толгон сүт келет...
(Куурчакты карайт.) Жок. Бул ыр сага жарашпайт. Сен чоң турбайсыңбы?! Сенин там – туң баса турган маалың болуп калыптыр. Сага...

– Атаң тойдон келет,
Этеги толгон эт келет,
– десе болчудай... Жинди дейсиңби? Жок. Мен жинди эмесмин. Мобу көрдө жинди болуп кетпес үчүн сени менен сүйлөшүп жатам. Кана... (Куурчакты аласалдырып карайт) Кезинде сен эң кымбат куурчак болсоң керек. Бирөөнүн эрке Кызына белекке берилгенсиң. Сен магазинде да, үйдө да эң сыйлуу жерде турчусуң. Тим эле гарнитурдун төбөсүндө тукрсаң керек. Түнкүсүн эрке Кыздын керебетинде уктачусуң. Чынбы? Мен болсо эс тартканы босогодо жүрдүм. Малай катары. Менин сеникиндей көйнөгүм да болгон эмес... Анан сага эмне болду? Анан... сенден да сонун куурчактар чыга баштады. Сен төрдөн төмөндөп колдон колго өтүп отуруп, акыры ушу жертөлөгө түштүң. Адамдар ошондой. Кызыгы тарагаганча эле эрмектейт. Кызыгы тарагандан кийин, куурчак сени эмес, карабашыл адамды деле ыргытып жиберишет...Сени да адегенде таштандыга ыргытышты. А бул жерге сени бирөө таап алып, көзү кыйбай апкелсе керек... (Пауза. Куурчактын чачын тарайт.) Сен аларга таарынбагын. Бүгүндөн баштап меники болосуң. Мен сага жибектен жаңы көйнөк тигип берем. Тыбыттан жемпир түйүп кийгизем. Менин эч качан куурчагым болгон эмес. Куурчак ордуна бөбөктөрүмдү бакчумун.

– Сал-сал, салбилек,
Салып койгон кош билек.
Кунан койду сойгула,
Куйругуна тойгула.
Сал-сал, сал билек...
(Ою алыска кетет. Үйү. Бөбөгүн таптап уктатып жатат. 14-15 жаштагы кези.)

 

Экинчи көрүнүш

КЫЗ:
Алдей, алдей ак бөпөм,
Ак бешикке жат бөпөм.
Апаң иштен келет,
Эмчеги толгон сүт келет.
Атаң тойдон келет,
Этеги толгон эт келет...
(Сырттан Маскачан Эркек кирет. Алагүү мас. Ал Кыздын Өгөй атасы. Ал киймин чечип илип, Кыздын ырын тыңшап туруп калат. Кыз капарсыз кыңылдап ырдап, бир колу менен баланы терметип, бир колу менен китепти барактап, бүт дити китепте.)

ӨГӨЙ АТА. (Кыздын ырын тыңшап, өзүнчө.) Тигини, тигини... Эси дарты эле тамак. Эт менен сүт асмандан түшүп жаткансып. Сетер... колго тиерсиң... (Кыжырданат. Кызга жакын барат.) Дореволюционный ырларды кайдан үйрөнгөнсүң? (Кыз чочуп ордунан тура качат.)

КЫЗ. Таенемден. Сиз качан келдиңиз?

ӨГӨЙ АТА. Азыр эле. Апаң кайда?

КЫЗ. Базарга кетти. Сиз жумушка барган жоксузбу? Чай коеюнбу?

ӨГӨЙ АТА. Жок. Суу берчи. (Кыз илбериңки басып чыныга суу апкелет. Эркек бузулган бөтөлкөнү алып чыгып столго коет. Кыз апкелген сууну куркулдатып жутуп, чыныны столго коет. Чыныны алайын деп кол сунган Кызды билектен алып өзүнө тартат. Кыз эбелектей болуп күү менен келип Эркектин алдына отуруп калат. Турмак болуп обдулат. Карылуу эркек кое бербейт.) Отур!

КЫЗ. Мындай эле отурайынчы, ата! (Обдулат.)

ӨГӨЙ АТА. Мындай отурсаң эмне болот экен? (Мылжыйып күлөт.) Мен сени тиштеп жатамбы? Кызы деген атасынын алдына отура берет.

КЫЗ (боюн ала качат). Ата, мындай эле отурайынчы! Чоңойбодумбу?!

ӨГӨЙ АТА. Ыя?! Чоңойдуңбу? Мага ошо чоңойгонуң керек болчу! Мен Сенин чоңоюшуңду күтүп жүргөм...Өзүм багып өстүргөн алманын ширесин өзүм таткым келчү. (Кызды өпкүлөй баштайт.)

КЫЗ. Ата!

ӨГӨЙ АТА. Кайдагы ата?

КЫЗ. Ата! Ата! Эмне болду сизге?! Ата, кое бериңизчи..

ӨГӨЙ АТА. Жин тийди! Эпкин урду! Мен бул күндү узак күттүм. Өтө узак күттүм. Бакырба! Акырын. Бала ойгонот. Эми кыйкырсаң да, өкүрсөң да сен меникисиң!

КЫЗ. Ата! Ата дейм! (Тыбырчылап, туйлап, бир убакта тиштеп алат. Эркектин алаксып калганынан пайдаланып эшикке чуркайт. Корккондон калдастап ача албайт. Ызырынган Эркек учуп жетип чачтан алып, жаакка чаап-чаап жиберет. Кыздын эси эңгирейт түшөт.)

ӨГӨЙ АТА. Атаң эмесмин мен! Уктуңбу?! Атаң эмесмин! Мен сенден болгону он беш жаш улуумун. Анан кантип сага ата болом? А жанагы сенин келесоо энеңден он жаш кичүүмүн... Мага апаң эмес сен ылайыксың. (Кызды чырылдатып оозун басып, тыбырчылатып көтөрүп жөнөйт. Жарык өчөт. Пауза. Жарык күйөт. Уйпаланган, солуктап ыйлаган, баардыгына кайдыгер караган, эмне болуп кеткенине анча түшүнө бербеген, жылдызы өчкөн, кордолгон Кыз. Жанында Өгөй ата. Бая арактан куюп басып алат. Кыздын чачынан сылайт.) Болду эми, бышактаба! Көзүң Кызарып калат. Илгери сенин курагыңдагы кыздар, бирдин энеси болуп калчу экен. Тур... жуун... Мен эми сага баарынан жакын адаммын. Апаңдан да жакынмын. Түшүндүңбү?! Менин айтканым менен болсоң, баары жакшы болот. Каалаганыңды сатып берем. Окутам. Уктуңбу? Баары жакшы болот. (Кучактап өпмөк болот. Кыз башын ала качат.) Бери кара! (Зекийт.) Апаңа же бирөөгө айтам деген ой башыңа келбесин! Апаң ишенбейт. Ишенсе жүрөгү жарылып өлөт. Сени болсо ким көрдү кылып өзүм өлтүрүп коем. Ким бар сени издеп алар? Түшүндүңбү? Жаныңдан корксоң тур! Жуун. Мен кеттим. Эми дайым ушинтип апаң жокто убакыт таап келип турам. Отура берсин ал базарда. Бүгүн сабакка барбай эле кой. (Чыгып баратып кайра келет.) Бирөөгө айтсаң, өлдүм дей бер! (Кетет. Жарык өчүп күйөт. Кайрадан жертөлө. Куурчакты кучактап мисирейген Кыз.)

КЫЗ. Кыз болбой эле, сендей куурчак болуп калсам эмне... Мени эч ким зордуктамак эмес. Мен анда бар болгону он төрт жашта болчумун. Ал мени менен каалаганын жасады. Чүнчүп, сабактан начарлап кеттим. Зөөкүр, өзүнөн жаш эринин көзүн караган апамдын мени менен иши да болгон жок. Билсе да билмексен болдубу, билбеймин. Кантип эле жүрөгү сезбесин. Көр оокаттан, таяктан башы арылбаган апамдын мени арачалаганга кудурети да жеткен жок. Койчу... эстегим да келбейт. Кел...андан көрө уктайлы экөөбүз. Куурчак да болсоң караан бол... Сен мага бала бол. Мен сени алдейлеп жатып, бар көргөн кордугумду унутуп уктап калайын. Кечээкимди да, эртеңкимди да ойлогум келбейт.

(Куурчакты кымтылап бооруна кысып кыйшаят.)

– Алдей, балам ыйлаба,
Апакеңди кыйнаба.
Апакеңдин алы жок,
Бир сындырым наны жок...
(Терезенин тушунда шыбырт. Мышыктын мыңлогону.) Мыш-ш! Уйку бербейт ко булар.

(Жерден бир нерсе алып, мышыктын үнү чыккан жакка ыргытат.) Уктабай эле коелубу? Мейли уктабаса уктабай эле коелу. Сен да коркуп жатасыңбы? Эмнеден? Мышыктанбы? Келемиштенби? Коркпо. Алар сен экөөбүздү таштандыга ыргыткан адамдарга караганда, алда канча коркунучсуз. Жүрө беришсин. Алар кишкилерге караганда – периште. Сен билесиңби? Мышык илгери периште экен. Тайенем айткан. Анан ал кудайдын каарына калып мышыкка айланыптыр. Тайенем тирүү болгондо сен экөөбүз бул жерде отурбайт болчубуз. (Улутунат.) Бала да периште дечү тайенем. Мына сен – периштесиң. Мен да периште болчумун... Өгөй атам тебелеп – тепсегенге чейин периште болчумун. Ошондо бир периште өлүп калды. Анын өлгөнүн эч ким билген да жок. Бир гана Күн кейиди ошондо. Көпкө жаады. Эл ак жаанга айланды дешти. Жердин баары ылай. Ошондо бүт дүйнө ылай болуп турду. Мен өлгүм келди. Бирок кантип өлүштү билбедим. Апамды аядым. Мен өлүп калсам бөбөктөрүмдү ким карайт деп ойлодум... Тажап кеттиңби менден? Эмне кылайын? Сага бөбөк жасап берейинби? (Бая өзү чечкен кийимден ороп куурчак жасайт.) Мына... эми үчөө болдук. Сен менин улуу Кыз ымсың. Бул кичүүсү. Албетте, сен буга караганда сулуусуң болосуң. Жок! Сулуу болбо. Сулуулар бактысыз болот. Бетиңе ылай шыбап коеюнбу? Көз тийбесин. Пейли бузуктун сугу түшпөсүн. Коркпо... Мен эч качан кайра турмушка чыкпайм. Силердин өгөй атаңар болбойт. Мына, сенин бетиң куду өгөй атам менен жездемдин бетине окшоп калды. Бир бети ак... бир бети кара... Жездем... Жездем демекчи... Мен сага жакшы жомок айтып бере албайт окшойм. Жомок окуганга да убактым болгон эмес. Бакканым бала, эптеп – септеп сабакка бармай, бүтпөгөн көр оокат. Базарга кол кабыш кылганы апама чуркамай. Анан бир күнү шаарга улуу эжем алып кетти. Алар мени окутабыз – чокутабыз дешкен. Көрсө... ал жерде деле менин күчүм керек экен...

 

Үчүнчү көрүнүш

Жездесинин үйү. Кыз үй жыйнап бүтүп, чаң сүртүп жаткан. Төркү бөлмөдөн колуна көйнөк кармаган Жездеси чыгат. Анын кебетисин көргөн Кыз коркуп калчылдайт.

ЖЕЗДЕ. Эй! Кечинде мен сага эмне дедим эле?! Мобу көйнөктү үтүктөп кой дебедим беле! Телевизор көргөндөн айланасыңбы?

КЫЗ. Азыр.

ЖЕЗДЕ (көйнөк менен башка чабат). Азыры түгөнбөйт мунун... Бол тез! (Кыз көйнөктү алып башкага бөлмөгө кирип кетет. Жездеси эки жагын карап туруп, чөнтөгүнөн бир нерсе алып, Кыздын сумкасына салып жиберет да, билмексен болуп сакал – мурутун кырат. Үтүктөлгөн көйнөктү алып Кыз чыгат.) Апкел туфлини! (Кыз үнсүз барып босогодо турган туфлини апкелет.) Аарчы чаңын...

КЫЗ. Таза эле. Кечинде сүрүп койгом.

ЖЕЗДЕ. Дагы сүр. Этегиң менен сүр. (Кыз чүпүрөк алып сүргөнү басат. Жездеси билектен алат). Этегиң менен аарчы деп жатам. Керек болсо тилиң менен аарчышың керек. Кимдин эсебинен жашап жатасың билесиңби? (Кыз жашын жутуп, этегин өйдө көтөргөндөн тартынат). Кана...

КЫЗ. Жезде!

ЖЕЗДЕ. Эмне? Этегиң менен сүр деп жатам! (Кыз үнсүз ыйлап, тартынып этегинин учу менен сүртөт. Жездесинин көзү Кыз дын жоон санына түшөт. Акырын сугалактана КЫЗдын санын сылайт). Кимдики болор экен?

КЫЗ. Жезде! (Ыргып артка кетенчиктейт).

ЖЕЗДЕ. Бар, костюмду алып кел. (Туфлисин киет. Кыз кетет). Тигини... Качып коет. Мен эч нерсени билбегенсип. Келесоо эжең алда качан баарын айтып берген. (Кыз костюмду алып чыгат. Жездеси киет. Чөнтөк башын кармалап, бир нерсе издемиш болуп, Кызды акшыя карайт). Сен алдыңбы?

КЫЗ (калтырап). Эмнени?

ЖЕЗДЕ. Акча.

КЫЗ. Жок.

ЖЕЗДЕ. Чыныңды айт.

КЫЗ. Өлүп кетейин. Алган жокмун.

ЖЕЗДЕ. Маа десең бир эмес беш өл... Сен өлгөндөн аалам аңтарылып кетпейт. Бас бери! (Кыз калтырып басып келет. Кыздын чөнтөк башын аңтарымыш этип, моокуму кана Кыздын денесин кармалайт).

КЫЗ (чырылдап). Мен алган жокмун. Алсам колум сынсын...

ЖЕЗДЕ. Сенден башка ким алат? (Жини менен Кыздын сумкасын ыргытып жиберет. Бая өзү салган акчаны алып чыгат. Бир Кызды карап, бир сумканы карап эч нерсе билбегенсип болуп, таң калгансып акчаны алат). Колуң сынсынбы? Бу эмне? Же мен сындырайынбы? (Кыздын колун толгойт).

КЫЗ. Мен алган эмесмин. Арбак урсун!

ЖЕЗДЕ. Албасаң бу кайдан чыкты? Жан бүтүп, менин чөнтөгүмдөн чыгып, өзү буту менен басып барып сенин сумкаңа кирип кеттиби?

(Кызды эки жаакка эсине келтирбей чаап-чаап алат. Кыз буулугуп ыйлайт). Жаз! Мен акча уурдаганым чын деп жазгын.

КЫЗ. Уурдаган жокмун!

ЖЕЗДЕ. Уурдабасаң бу кайдан чыкты? Мени билбей калат деп ойлодуңбу?

КЫЗ. Чын эле...

ЖЕЗДЕ. А-а! танасыңбы? Эжеңди чакырайынбы? Же... милиция чакырайынбы? Кимге ишенээр экен... Магабы? Же сагабы? Жазасыңбы? Кана?

КЫЗ. Эч кимди чакырбайсызбы?

ЖЕЗДЕ. Көрөм...

КЫЗ. Эжеме айтпайсызбы?

ЖЕЗДЕ (маалкатып). Анын баары сага байланыштуу...

КЫЗ. Эч кимге айтпайсызбы?!

ЖЕЗДЕ. Жазып берсең айтпайм. (Кыз жазып берет. Тил каты чөнтөккө салат. Ырсактап). Эми муну кечинде эжеңе көргөзөм. Ал сени бул үйгө бир мүнөт тургузбай кубалап чыгат.

КЫЗ (жалооруп). Жезде... айта көрбөңүз.

ЖЕЗДЕ. А сен мени кантип ыраазы кыласың?

КЫЗ. Айтканыңызды аткарайын...

ЖЕЗДЕ. Бул башка сөз... Айтканымдыбы? (Сырдуу тиктейт). Ооз басырык жаса.

КЫЗ. Эмне менен? Кантип? (Түшүнбөй элеңдейт).

ЖЕЗДЕ. Моминтип... Балдыздыкы бал татыйт... (Капыстан өзүнө тартып өпкүлөй баштайт).

КЫЗ. Жезде... жезде... Эже! Жардамга! (Күрсүйгөн эркектин кучагында тыбырчылайт).

ЖЕЗДЕ. Мен жанагы арак – бозо жыттанган өгүздөй болгон Өгөй атаңа караганда кырчындай жигитмин... (Кыз бошонууга аракет кылат. Чапкылайт. Жездеси оозун басып көтөрүп кетет).

 

Төртүнчү көрүнүш

Подвал. Кыз. Куурчактар. Кыз эки куурчакты эки жагына жаткырат.

КЫЗ (өзүн сооротуп).Эки жагыма эки периште жаткырып койдум. Келгиле, уктайбыз. (Көзүн жумат. Тынчтык. Мышыктын мыңлогону. Кыз мышыкты дагы кубалайт. Кайра туруп отурат. Куурчакты колуна алат). Уйкум качты. Мени бүгүн үчөөлөп зордукташты. Терезеден секирип түшүп качып чыктым. Алардан качып келатып сага жолуктум. Мени алардын колуна ким салып берди дебейсиңби? Мен сүйгөн Адам! Жездемден качып, темселеп жумуш издеп жүрүп мен ага жолуккам. Мен аны чын дилим менен сүйгөм. Өгөй атамдан, жездемден көргөн кордуктан кийин ал мага жомоктогу ханзаада болчу... (Үшкүрүнөт. Куурчакка) Сен эстүү бол... Мен кетирген кемчиликти кетирбе! Кулагыңа түйүп ал. Сени бирөө сулуу десе... алданба! Торуна түшүрүш үчүн айта беришет. Сени бирөө сүйөм десе, ага да ишенбе! Максатына жеткиче ошенте беришет! Эч кимге ишенбе! Өзүңө гана ишен!..

 

Бешинчи көрүнүш

Кыз. Жигит. Кайсы бир мекеме. Креслодо чалкалап Жигит отурат. Колунда сотовый телефон.

ЖИГИТ. Чымчык керекпи? Кандайы? Сулуусубу? Аяш айда? Үйдө элеби? Алардын орду үй да. Отура беришсин. Биз келгиче төшөк жылытып... Ха-ха-ха... (Кыз кирет. Аны отур дегендей жаңсайт. Тетир карап телефонго сүйлөйт). Анан чалчы... Кечирип кой... киши келип калды. Ии-и.. Кандай дейсиңби? Высшая проба! Канча? 20 карат. Албетте ... Түшүндүңбү? (Телефонду коет. Кызга). Эмне келдиң? Бул жакка келгенге болбойт дебедим беле? Кантип таптың мени?

КЫЗ. Коркпой эле гой. Эч ким көргөн жок.

ЖИГИТ. Кантип таптың деп жатам? Мен сага адрес берген эмесмин.

КЫЗ. Керек болдуң... таптым. Күткөндөн тажадым.

ЖИГИТ. Аңдыдыңбы?

КЫЗ. Ооба. Артыңдан ээрчип отуруп таптым.

ЖИГИТ. Сен... экөөбүздүн ортобуздагы эң ыйык эрежени буздуң.

КЫЗ. Эмне эреже? Мен күтө берип тажап кеттим. (Кучактамак болот. Жигит Кызды диванга түртүп жиберет). Сага эмне болду?

ЖИГИТ. Жинди болдум. Кана... айтчы?! Эмнеге келдиң?

КЫЗ. Кемпир үйдөн кууп чыкты.

ЖИГИТ. Эмнеге?

КЫЗ. Жалапсың деп. Сени тааныган бирөөлөр айтыптыр ага. Бул агасы эмес, ойношу деп... Куттуу үйүмдүү булгабайм деп кууп чыкты.

ЖИГИТ. Биз сүйлөшпөдүк белек?!

КЫЗ. Сүйлөшкөнбүз. Сен мени сүйөм-күйөм дегенсиң. Жакшы жерден иш таап берем дегенсиң.

ЖИГИТ (шылдыңдай карайт). Келесоо... Мен сүйөм дегендин баарына үйлөнө берсем, перс султанынын гареми болмок. (Кыз оозу ачыла, ишенбегендей карайт). Иш таап бербедимби. Мени менен болгонуңдун өзү иш. Жашаган үйүңө төлөдүмбү? Төлөдүм. Кийим алып бердимби? Алып бердим. Баскан – турганыңды, бийлегениңди, көчөдө, ресторанда өзүн кандай алып жүрүү керек экендигин үйрөттүмбү?! Үйрөттүм. Ал тургай аял деген төшөктө кандай болуш керектигин үйрөттүм! Азбы? Эми, сен мага иштей турган кез келди.

КЫЗ. Сен... сен... акмак турбайсыңбы! Акмак!

ЖИГИТ. Сүйүү деген – мен үчүн бизнес. (Мобильный телефон шыңгырайт). Алло! Жанагы сураганың менде отурат. Бая айтпадымбы... баасы жогору! Бышкан жүзүм быякта калат. Жибер. Же өзүң келесиңби? Ооба, ооба... Куурчактай тим эле... (Кыз Жигиттин сөзүн уккан сайын кетенчиктеп отуруп, брондолгон эшикке барып урунат. Жарык өчөт. Кайрадан подвал. Кыз эки куурчагын бооруна кысып үнсүз отурат. Сырттан көчөдөн өткөн бирин – серин дабыш угулат. Кыз акырын туруп фанераны кыйшайтып сыртты карайт).

КЫЗ. Таң атып калыптыр. (Аңгыча сырттан нааразы болгон Короо шыпыргычтын үнү чыгат. Кыз чуркап келип куурачтарын кучактайт. Чоң куурчакты жерге кое коюп, чүпүрөк куурчакты кучактап, фуфайка менен жаба коет. Анан бала сооротуп аткансып таптап отуруп калат).

КОРООШЫПЫРГЫЧ (сырттан). Кандай бир кудай урган эл экенин түшүнбөй койдум. Мен бекиткенимди койбойм, булар ачканын койбойт. (Эшик ачылып кобураган короо шыпыргыч кирет. Эркек ушул жолу гана маскасы жок өз жүзү менен). Улам тазаласам улам...

(Жарыкты күйгүзп, илинген фуфайканын жок экенин көрүп, түшүнбөй туруп калат да анан акырын артына кылчайып Кызды көрөт. Пауза). Сиз... Сиз кайдан чыга калдыңыз?

КЫЗ (элеңдеп). Түндө жан айласы кылып качып киргем. Эрим мас болуп келип...Өлтүрөм деп бычак ала чуркап... Ушу жерге кире качып кутулдум. Кудай жалгап фанераны түртсөм ачылып кетти. Болбосо мени түндө жиликтеп салмак...

КОРООШЫПЫРГЫЧ (таңгалып). Кантип баттыңыз? Бала менен...

КЫЗ. Башыңа күч келсе батат экенсиң да! Адегенде өзүм түшүп, анан баланы алдым. (Короо шыпыргыч жерде жаткан өлүүнү карап)

КОРООШЫПЫРГЫЧ. Ушу шаардыктар Кызык ... Мен бул подвалды тазалаганымды койбойм. Булар өлүүнү ыргытканын койбойт. Бул үйдүн артында контейнер турат. Ашып кетсе жүз метр басышат. Жок... өзү жашаган үйдүн подвалына ыргытышы керек! Үйдүн алды таза болсо өздөрүнө жакшы эмеспи.

КЫЗ. Ооба, ооба... Аның туура.

КОРООШЫПЫРГЫЧ (Кыздын тегерегин чачылган кагаз, пластик бөтөлкөлөрдү чогултуп лата). Сиз... Сиз кандай кыласыз? Кетесизби? Масы тарагандыр...

КЫЗ (коркуп кетет). Жок, жок... Ал бир ичсе, баса ичет... Жумалап көзү ачылбайт. Ушунда эле тура турайынчы.

КОРООШЫПЫРГЫЧ. Бара турган жериңиз жокпу? Бала менен кыйын го?!

КЫЗ. Төркүнүм жок. Томолой жетиммин. Эрим болсо КЫЗыл камчы. Өлөөр – тирилеримди билбей сабайт. Бир – эки күн баш калкалай турайынчы...

КОРООШЫПЫРГЫЧ. Мейлиңиз. Өзүңүз кыйналбасаңыз болду. Баягыда да ушинтип бир аял жашап кеткен. Аны да күйөөсү сабаптыр. Анын балдары чоң болчу. Сиз эмчектеги бала менен куурап каласыз го?.. Жүрүңүз биздикине.

КЫЗ (чочуп кетет). Жок... жок... ракмат! Ушу жерде эле тура турам. Эптеп чыдайм. Андан көрө айран – сүт , нан алып келип бересиңби? Бу жерди мен деле тазалап коем.

КОРООШЫПЫРГЫЧ. Убара болбой эле коюңуз. Беймарал отура бериңиз. Мен ишимди кылайын. (Шыпыргы калагын, баштыгын алып чыгыап кетет).

КЫЗ. Өх! (Куурчакка). Сен да коркуп кеттиңби? Мен бул жерден кууп чыгат деп корккон жокмун. Оюма андан да жаман нерсе келбедиби?! Оюнда кири жок таза жигит окшойт. (Бооруна кыскан куурчакты карайт). Муну эмне мынча кучактап алдым?.. Байкуш... чын эле бала болгондо, эмдигиче тумчугуп өлмөк... (Сырттан дабыш угулуп, Короо шыпыргыч кайра кирет. Колунда айран – сүт, нан. Кыз “баласын ” алдейлеп калат).

КОРООШЫПЫРГЫЧ. Кичине өзөк жалгап алыңыз. Мен бул короону шыпыра коюп, сабакка барышым керек. Анан базарга... апама барам. Апам ордуна мени коюп, өзү тиги Дордойго товарга барып келет. Күндө ушул иш кайталанат. Сааттын жебесиндей. Антпесек квартиранын акысын, менин контрагымды төлөй албай калабыз. Атам таксоват этет... Апама сиз жөнүндө айтайынчы. Бир нерсе ойлоштурар. Бала менен бул жерде турганыңыз болбойт ко. Кокус текшерип калса..

КЫЗ. Текшереби? Эмнеге?

КОРООШЫПЫРГЫЧ. Мурун текшерчү эмес. Азыр текшерип калды. Баары жанагы наркомандардын азабынан... Кылмыш да көбөйүп кетти шаарда. Ошого байланыштуу дешет. (Чыгып баратып) Балаңыз жоош окшойт...

КЫЗ. Ии-ии... жоош... жоош... (Жигит кеткенден кийин). Аябай жоош... (Чүпүрөк баланы өөп-өөп алат. Аны фуфайкага ороп жаткызып коюп, өзү өзөк жалгайт. Короо шыпыргыч кайра кирип шыпыргы, күрөгүн коюп, Кызга ачкыч берет).

КОРООШЫПЫРГЫЧ. Ичинен бекитип алыңыз. Мен сизге ишенейин. Жарыкты кааласаңыз өчүрүп коюңуз. Балаңыз бар экен... Болбосо мен сизди кууп чыгышым же милицияга билдиришим керек болчу. Эртең апам экөөбүз келебиз. Жакшы алыңыз. (Жигит кетет. Кыз эшикти ичинен илип алат. Жарыкты өчүрөт. Эки куурчакты эки жагына алып жата кетет).

КЫЗ. Мына, дагы үчөөбүз калдык. Курсак тойду. Көңүл кичине тынчыды эртеңке чейин. Бирок... Эртең апасы келсе эмне дейм?! Баласынын кебетесине караганда...Биз жакшы адамдарга туш болдук окшойт... (Кеч кирет.Сахна караңгы. Кыз уктап кетет. Шыбырт дабыш угулуп,терезенин фанери акырын ачылып, мышык секирип түшкөнсүйт. Мышыктын мыңлогону. Кыз чочуп ойгонуп, бир нерсе менен уруп кубалайт. Кайра жатат. Кайрадан бурчтан мышыктын мыелогону угулат. Кыз мышыкты кубалайт. Чарчаган, түнү менен уктабай уйкудан калган эме, эшиктин бектигине каниет кылып, куурчактарын кучактап уйкуга кетет. Бирде баланын ыйына, бирде мышыктын мыелогонуна окшош үн уйку – соонун ортосунда тынчтык бербейт. Кыз тыңшайт. Үн чыккан тарапка тап берип дагы кубалаган болот. Үн угула берет. Кыз турат. Жарыкты күйгүзөт. Терезенин түбүндөгү эски – ускунун үстүнөн оролгон бир нерсени алат. Чочуп бакырып жиберет. Бирок ошол замат оозун басып, эки жагын тыңшап, ороосун чечип, алсыз ыйлаган ымыркайды көрөт. Ороосун жаба салып, бооруна кысат).

КЫЗ. Бала!.. Таш боорлор! Сени да ыргытып кетиштиби? (Бая бала деп кучактап отурган чүпүрөк куурчагын жазып, баланын ороосун жаңыртып, кайра бооруна кысат). Кыз экен! Оо, Кудай! Оо, жараткан! Мени унутпай, ушу жерде корголоп отурганымды билип, бул ымыркайды караан болсун деп атайы жибердиңби? Жаштайынан кор болуп жатыны өспөй калды эле, өмүрү согончогу канабайт, бул шордуу бала жытын билбей өтпөсүн деп, мага боор ооруп белек кылдыңбы, Жараткан?! Куурчагым! Сен ак жолтой болдуң... Карачы, эми сени менен мобу кенедей Кыз ойнойт. Эми, менин жашоом башкача болот. Боорум менен жылсам да экөөңдү кор кылбай багып алам. Эми ушул ымыркай үчүн жашайм.

– Алдей, алдей, ак бөпөм,
Ак бешикке жат бөпөм... (Эшик кагылат. Кыз барып эшикти ачат. Короо шыпыргыч жигит кирет).

КОРООШЫПЫРГЫЧ. Кандай эс алдыңыз? Ой, мактап койсо... Бүгүн ыйлап калган го балаңыз!

КЫЗ. Эмчектен сүт чыкпай, ачка болуп ыйлап атат.

КОРООШЫПЫРГЫЧ. Апам сизди ээрчитип кел деди. Подвал ным, бала суукка урунуп калат дейт. Мерезсиң деп мени аябай урушту. Жүрүңүз.

(Короо шыпыргыч эшикти чоң ачат. Эшиктен жарык менен таза абага сахна толо түшөт. Кыз баланы бооруна бекем кысып, башын бийик көтөрүп сырттка ишенимдүү кадам таштайт).

ТАМАМ

 

© Бурул Калчабаева, 2012

 


Количество просмотров: 2487